Лао МА: Сүйүү жараткан «1 юань жана 5 мао»

  • 27.01.2022
  • 2405

АҢГЕМЕ

Университетти бүткөнүбүздүн жыйырма жылдык мааракесине бирге окугандар чогулуп келдик. Салтанаттуу жыйындын алып баруучусу студенттик жылдардагы кызыктуу окуясын айтып бериши үчүн бир кишини сахнага чыгарууну чечти. Анан капысынан эле менин атым аталып, баардыгы кол чаап жиберишти.

Мен дароо көпчүлүк жөн гана көңүл ачкысы келип жатканын түшүндүм. Анткени мындагылардын баары менин эл алдына чыкканда өзүмдү жоготуп алактап каларымды жана сөзгө жоктугумдан улам ар кайсыны тантып айтарымды жакшы билишчү.

Сахнага чыгышымды талап кыла кол чаап күүлдөгөн көпчүлүк мени катуу толкундантты. Буттарым шилтөөдөн калып, бүткөн боюм калчылдап чыкты. Эс-акылым тумандай түштү. Безгек тийген немече ордумда титиреп турдум.

- Кана-а, бизге сүйлөп берчи!

- Бол, элдин алдына чык!

- Бутуң тушалып, тилиңди жутуп алдыңбы? - деген сыяктуу кыйкырыктар, ышкырык аралаш ызы-чуулар мага жаңы жыл алдындагы Чуньцзие темир жол бекетин эсиме салды.

- Мен, мен, мен, менин эң эстен чыкпаган окуям темир жол бекетинде болгон...

- Бизге темир жол бекетиндеги ишиңдин кереги жок, - деп кыйкырды элдин ичинен кимдир бирөө.

Капысынан эле мен өзүмдөгү күч-кубатты сезе калдым дагы үн күчөткүчкө эңкейе берип катуу кыйкырдым:

- Оозуңарды жапкыла! Бул мени менен жыйырма жылдан бери жашап келаткан сүйүү окуясы! Эми болсо мени кунт коюу менен уккула!

Бир заматта зал ичине мүрзөдөгүдөй жымжырттык орной түштү. Ички күчтүү сезимдеримден улам жүзүм албырып чыкты. Үнүм басыңкысына тартканы менен ишенимдүү чыга баштады:

- Өзүңөр билгендей, төртүнчү курста тартынчаактыгымдан жана түнттүгүмдөн эч кимге кошула албай жалгыз басар элем. Мындайлыгым үчүн эл мени шылдыңдап күлчү. Анын үстүнө менин боюм кодо, кебетем куник жана жардылыгымдан улам жупуну жүрчүмүн. Бирок азыр эми жашоо-турмушум оңолду, боюм дагы он сантиметрден ашык өстү. Дүйнөдө ушундай бир кереметтер болот экен, шайтан алгырдыкы!..

Капысынан эле эл дуулдап күлө баштады.

- Мен, мен, мен... Кү-күлбөгүлө, мен кекечтенип атам...

- Биз угуп атабыз, жакшы кекечтенет экенсиң, ха-ха-ха! - кайрадан бирөө тамаша ыргытты.

- Эмне күлөсүңөр, менин кебетем силердикиндей эле болуп турбайбы! Баарыбыз бир курактабыз, эч кимибиз бетибиздеги бырыштарды жашыра албайбыз. Чачыбыз агарган, түшкөн, курсагыбыз чыккан, тишибиз калбаган...

- Сен андан көрө бизге сүйүү тарыхыңды айтып бер! - деп кыйкырды группалаштарымдын бири тура калып.

- Болуптур анда, мен дароо эле эң негизгисинен баштайын. Так ошол университетти бүтүп, үйүмө кайтмакчы болгонумда мени эч ким узаткан эмес. Мен жалгыз элем. Ошол  эле күнү эмес, бүткүл студенттик күндөрүмдө жалгыз жүргөнүмдү билесиңер. Темир жол бекетинде туруп жок эле дегенде бир тааныш жүздү көрүүнү эңседим. Мага ошол эле жетиштүү болмок. Сокур сымал кайдадыр агылган элдин шары менен кете бергим келди. Ошентсе дагы акыры поюздун тепкичине бут койгонумда бир керемет иш болуп кетти... Менин ысымымды айтып чакырган кандайдыр бир кыздын шыңгыр кооз үнү кулагыма угулду. Эки жагыма элеңдей карап, калың элдин арасынан аны издей баштадым. Ал кире бериштеги белет текшерилчү жерде туруптур. Биздин ортобузду адамдар эле эмес, темир тосмо бөлүп турду. Ал дагы бир жолу менин атымды айтып кол булгалады. Мен ал тургай, ал кыздын атын дагы билчү эмесмин. Мага болгону аны менен бир курста окуганым белгилүү болучу. Кызды бир нече жолу китепканадан жана ашканадан көргөн болчумун. Ал абдан сулуу жана төрөпейил кыз эле. Жигиттер кыздын кагып салуусунан коркушуп мамиле түзмөк тургай, жакындай алышчу эмес. Ушул учурда ал мен сыяктуу эле жалгызсырап турса керек. Өзүмдүн тартынчаактыгымдан улам ага азыр дагы жакындай албай турдум. Ушул учурда кыздын атын билбегеним үчүн абдан өкүндүм. Төрт жыл ичинде эч бир кыздын көңүл буруусуна арзыбаган мен азыр кайтып баратканымда курстагы эң сулуу кыз алдымдан чыгып кол булгалап, атымды айтып жатканына такыр эле түшүнө албадым. Ошентсе да биз экөөбүз бири-бирибизден көзүбүздү тарта албай турдук. Менин жүрөгүм бирөө кубалап келаткансып дүпүрөй согуп, көзүмө жаш толуп чыкты. Бирдеме дейин дегеним менен оозума сөз келбеди. Кол булгалагандан башка эч нерсе кылууга эрким жетпей койду. Мына, жыйырма жыл убакыт өттү, мен дале болсо анын ошондогу шыңгыр үнү менен жаркын көз карашын унута албай келем. Өз жериме келип жумушка орношкондон кийин эч талыкпастан аны издей баштадым. Бирок кыздын аты-жөнүн билбегенимден кийин бул аракеттеримден эч кандай майнап чыккан жок. Мунумду байкаган тааныштарым менин акыл-эсим орунда экенинен шектенишип, шылдыңдап күлүп жүрүштү. Анткени менин издөө салганымдагы сүрөттөөм боюнча ал кыз периштеге окшош болучу. Мен акыры тааныштарымдын кеңешин угуп, дарыгерлерге көрүнө баштадым. Кызды унутуш үчүн дары да ичип көрдүм. Азыр ушул сахнада туруп өзүмдүн өтө көңүлсүз сүйүү тарыхымды силерге айтып берип атып, мен дагы бир жолу анын кандайдыр көзгө көрүнүп жоголгон закым эмес экенине, биз менен бирге окуган кадимки эле кыз экенине ишенгим келет. Же чындап эле акылымдан айныганмынбы? - деп мен үнүмдү көтөрүңкү чыгарып зал ичине көз жүгүрттүм.

- Жок, сенин акыл-эсиң ордунда эле! - деген аялдын шаңдуу үнү капысынан көпчүлүктүн арасынан чыгып, аял ордунан тура калды. - Мына менмин, сен ошол жыйырма жыл бою издеген кыз!

Курсташтар шатырата кол чабышып, аялдын сахнага чыгуусун сурана башташты. Алып баруучу өз милдетин унутпастан мени сүйдүрүп коюп, жыйырма жыл издеткен аялды сахнага алып чыкты.

Шаң күсөп араң отурган көрүүчүлөргө табыла бербей калды, алар залды баштарына көтөрүп, шатыра-шатман түшө шатырата кол чаап киришти.

- Жок! Бул ал эмес! Ал эмес! - деп кыйкырып жибердим сахнага дагдаңдай басып чыгып, алып баруучунун колунан үн күчөткүчтү алган толук аялды көрүп жүрөгүм түшүп.

- Ооба, бул менмин! Жыйырма жыл мурда сенин жүрөгүңдүн тынчтыгын уурдап кеткен кыздын өзүмүн! Эмне, коркуп кеттиңби? Мени алдагындай жаман көзүң менен карабагын! Мага мунуң жакпайт! - деген ал мени көздөй умтулду.

Көрүүчүлөр катуу каткырып, ышкыра башташты.

- Жок, жок, жок! Сен эмес болчусуң! Сен минтип тамашалаба!- деп араңдан зорго оозумду кыбыраттым.

- Сенин уятың да, жүрөгүң да жок экен, ХХХ! - деп ал менин атымды атап кайрылып, анан мындан жыйырма жыл мурунку окуяны айта баштады:

- Ооба, мындан жыйырма жыл мурда мен темир жол бекетинде атыңдан айтып чакырып, кол булгалаганым чын. Бирок мен буга башка максатта барганмын. Чынымды айтсам, элге сеникинен башка чындыкты айтып маанайыңды түшүргүм келген эмес. Ошентсе да андагы менин максатым сен ойлогондой эмес эле. Менин максатым - окууну бүтүп, жериңе кайтып бараткан сенден 1 юань жана 5 мао акчамды алып калуу болчу. Балким, сенин эсиңде бар чыгар, бир жолу ашканада тамактын кезегинде турсак, сен капчыгыңды унутуп калганыңды айтып калдың. Мен ойлонуп турбастан, сага карызга 1юань 5 мао акча карызга бердим. Сен мага ыраазычылыгыңды жакшылап билдиргениң менен акчамды кайтарып берген жоксуң! Акыры бүтүрүү кечебиз болгон күнү чыгынып өз акчамды сенден доолап, кайрып алмай болдум. Жатаканаңа барсам жаңы эле жолго чыгып кетипсиң, түз эле артыңан темир жол бекетин карай жөнөдүм. Бир нече мүнөткө гана кечиккенимден, жүргүнчүлөргө өткөрбөй коюшту. Мени досторум абдан сараңсың деп шылдыңдап жүрүшөт. Бирок кеп акчада эмес, кептин баары айтылган сөздүн аткарылышында. Сен мага акчаңды кайрып берем деп убада кылып коюп аныңды аткарган жоксуң!

Муну укканда жети өмүрүм жерге кирип кете жаздады. Капысынан көздөрүм караңгылап, көңүлүм айнып кетти. Өз боюм өзүмө баш ийбей калгансыды.

Ошол кечте мен өзүмдүн “сүйгөнүмө” 1 юань жана 5 мао акчасын кайтарып бердим.

Ал кыздын каякта, эмне кылып жашап жүргөнүнөн кабарым жок, эмдигиче ысымын да билбеймин. Миң алакетке салып өмүр бою коштоп жүргөн темир жол бекетиндеги жаркын элес ушинтип бир заматта эле аңгыраган боштукка таштап кеткени катуу тийди. Азыркыга чейин дал ошол кыздын айынан же аялдан, же баладан жок жалгыз жашап келатам.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз