Лао МА: Келин

  • 28.02.2024
  • 2903

АҢГЕМЕ

I

Бул келин биздин аталаш инилерибиздин келини. Туугандарым мени “Саньшацзы” (маңыроо) деп чакырышат. А бирок чындыгында мен анчалык деле аңкоо эмесмин. Келиним менен иним бул тууралуу билишет.

Келиним - шаарда чоңойгон, интеллигент кыз. Ал менин айылдык иниме турмушка чыкты. Бирок иним кийинчерек “шаардык” болуп кетти. Себеби, университетке окууга тапшырды. Келиним инимди “Сянбалао” (“айылдык”) деп чакырат. Эмнеге минтерин жакшы түшүнө бербеймин. Университетте окуган жылдары достору ушинтип чакырышкан сыяктуу.

II

Келиним абдан сулуу. Болгону, үнү өтө эле шаңкылдап катуу чыгат. Эгерде узакка тыңшасаң, дүлөй болуп калышың ажеп эмес.

Ал иниме турмушка чыкканына абдан өкүнөт. Үйлөнүү тою күнү эле бактысыз болуп отурганы эсимде. Ошол күнү келинимдин кабак-кашы бүркөлүп отурган.

Биздин туугандарыбыз куттуктаганы келишкенде жактырбаган тейде бетин басып алганы эсимде. Ал тургай бул келин кайын энесинин алдында да жүгүнгөн эмес.

Иним колуктусун узакка чейин эпке келтиргенден кийин гана араң баш ийкеп саламдашымыш болду.

Кийин келиним иниме турмушка чыгарда көзү көрбөй калганын айтты. Мен анын жымшык көздөрүн жакшылап карап, алар жакшы эле көрөрүн түшүндүм. Көздөрү бүтүк болсо да, сокур эмес эле.

III

Жеңем келининин үч көнүмүш адаты бар экенин айтат: биринчиси – акча үчүн ыйлоо, экинчиси – дайым уктабай жүрүү, үчүнчүсү – жасануу.

Акыркы адатынан башкасын жеңем туура айтты деген ойдомун.

Келинибиз шаардык, текебер кыз.

Адатта ал аз сүйлөйт, бирок мага келгенде сүйлөөк болуп чыга келет. Ал мени абдан акылдуусуң дейт.

Келиним кедей жашоосуна күң-мыңк болуп, чоң шаарда акчасыз жашоо кыйын экенин көп айтат.

Келиним көп акча иштеп таппайт. Ал абдан кедей, атүгүл, машине менен батир сатып алуу үчүн насыя алууларына туура келет. Келинимдин колдорунда, мойнунда жакшынакай эле чынжырчасы жана шакектери бар. Келиним алардын баасы түккө турбайт дейт. Шакектериндеги таштар атүгүл кандайдыр бир “кара...га” жетпейт имиш. Мен өзүм да “карасын” анчалык түшүнө бербеймин.

Кандай болгон күндө да келиниме оңой эмес. Мен ага 10 юань берип турмакмын, бирок менде да акча жок эмеспи.

Келиниме шаарга караганда жашоо арзан болгон кыштакка барып жашоого кеңеш да бердим. Бирок ал капысынан эле ачуусу келип, башыма бир чаап мындай деди: “Бардыгы сени “кеңкелес” дешет, көрсө, сен чындап эле келесоо экенсиң!”.

IV

Келиним жылына бир жолу кайната-кайненесинин алдына барып келет. Алар алыста жашайт эмеспи. Кыштакка чейин бир саатча жол жүрүү керек.

Жыл сайын, күз майрамында же жаңы жылда иним менен анын аялы бизге мейманчылап келишет.

Келиним интеллигент кыз. Ал үй жумуштарын такыр жасай албайт. Айрыкча, бардык үй-бүлөгө тамак кайнатуучу чоң казанды көргөндө ордунда катып калат. Бирок жылуу мешти көрөрү менен үстүндө жатып уктоо үчүн чуркап барат.

Жеңем эртеден кечке чейин тамак жасоо менен убара. Ашканада дайым ысык болуп турат. Кайнак буунун илебинен эч нерсе көрүнбөйт. Бир жолу келиним шорпосу бар идишти тепсеп алды. Шорпонун муздактыгы абийир болду. Болбосо, келиним бутсуз калмак.

V

Келинибиз ата-энесине үч же беш күнгө гана келип кетет. Андан кийин иним аялын кайра шаарга алып кетет. Күз майрамы маалында биздин айыл ар түркүн мөмө-жемишке толгон алтын бакка айланат.

Келиним айылга келген сайын бош баштыктарды кошо ала келет. Кайтып кетерде баштыктардын ичи дан менен ар кайсы жемиштерге толуп калат.

Жеңем келинин анча сүйүңкүрөй бербейт. Бир жолу келини тууралуу анын сараңдыгын жана кайненесине эч качан эчтеке бербегенин айтып жатыптыр.

Мен келиниме кайненесинин ошол сөздөрүн айттым. Ал катуу ачууланып, мындай деди: “Аны уга көрбө! Кайненем шаарга келген сайын ага 5 юань беремин. Ишенбесең, өзүнөн сура!”.

Мен албетте, жеңемден эчтеке сураган жокмун, келиним деле калп айтпаган чыгар.

VI

Келиним интеллигенттердин баарында кездешкен уйкусуздук оорусу менен жабыркайт. 

Кыштакка келген сайын мештин үстүндө түшкө чейин уктап жатат. Айылда адамдар эрте ойгонушат. Жерге жарык түшөрү менен аялдар тамак жасай башташат. Бул маалда жеңем келинин ойготпос үчүн үйдө ууру сыяктуу басып жүрөт. Ал эмес чүчкүрүүдөн да коркот.

Бир жолу жеңемдин учуп-күйүп эшик тарапка чуркап баратканын көрдүм. Байкуш аял короонун эң четки жагына барып катуу жөтөлүп алып, кайра үйгө кирди.

Келиним узакка чейин уктап тургандан кийин дайым бир гана сөздү айтат: “Ах, башымдын ооруганын айт! Көздөрүм кайрадан шишип калыптыр!”.

Мен аны жыйырма жылдан бери тааныймын жана анын ар бир таңы ушул сөздөрдөн башталарын да билемин. А эмне себептен башы такай оорурун чынын айтсам, билбеймин. Көздөрү шишибейт, алар дайым ушундай.

VII

Келиним иниме "айылдык" деген ат ойлоп тапкандан мурун, биз баарыбыз аны “Хуцзы” ("жолборс") деп атачубуз. Биз кичинекей чагыбызда балдардын баары анын артынан чуркап, “жолборс ага” дешчү элек. Байкем менен жеңем улуу жолборсун абдан жакшы көрүшөт. Ал чындап эле абдан күчтүү. Ал эч качан бирөөгө жемин жедирген эмес. Ал бир мүнөз жигит жана колуктусунан башка эч кимден коркпойт.

Келинибиз кудум буурчактын тамырындай болгон ичке неме. Көздөрүнүн бүтүктүгүнөн, анысы дээрлик көрүнбөйт. Бирок бул анын сулуулугун бузбастан, кайра ажарын арттырат. Келиним абдан назик жан. Кээде мага иним аны чертип эле койсо, сынып калчудай сезилет.

Бирок анын мындай назиктигине карабастан, бир сөз менен биздин жолборс агабызды тыйып коё алат. Эгерде ал чыгыш десе, агам эч качан батыш деп айта албайт. Эгерде келин жакшы десе, агам эч качан жаман дей албайт. Кызык бекен? Мүмкүн, мен чындап эле кеңкелестирмин. Бирок мен аларды чындап эле түшүнө албаймын.

VIII

Өткөн жылы келиним кайрадан кайнатасыныкына келди. Аны көрөрүм менен келиним бат картайып кеткенин түшүндүм. Иним анын минтип тез эле ментинен тайып кеткенин бизге түшүндүрүп берди. Көрсө, ал көзүнө операция жасатыптыр. Бирок көзү чоңойгону менен бетинде көптөгөн бырыштар пайда болуптур.

Жеңем келини жасанып кийингенди жакшы көрөрүн айткан. Мен буга макул эмесмин. Менимче, келин бала эч качан жасанганды жактырган эмес. Бул анын таралбаган чачтарынан көрүнүп турат. Ал эми кийимичи... Балким, акчанын тартыштыгынан жакшы кийими жок чыгар. Шымдары кыска жана тар келип, жеңсиз көйнөгүнүн эскилигинен курсагы көрүнүп турат. Өткөн жылы да айылга ушул эле көйнөгү менен келген. Жеңем айылдаштарынын келини тууралуу айткан жагымсыз сөздөрүнөн жерге кирип кете жаздаганын айтып берген.

Жаз майрамы убагында атам экөөбүз шаарга жер семирткич алып келгени бардык. Керектүү нерселерибизди алгандан кийин атама келинибизге бара кетүүнү айттым. Атам мындан так кесе баш тартты. Бирок мен келинибизди сагынганымды айтып туруп алдым. Акырында атам макул болуп, келиндин үйүнө чогуу жөнөп калдык.

Келинибиз биз сыяктуу туугандарын кубануу менен тосуп алып, азиз меймандары үчүн дайыма жасачу даамдуу тамагын даярдарын айтты.

Келиним бир нече сааттан кийин араң дегенде бизди үстөлгө чакырды. Атам экөөбүз анын ошол эң даамдуу тамагым деген куурулган картөшкөсүн тез эле жеп койдук. Чынын айтсам, мен жакшы тойбой калып кошумча тамак сурадым. Бирок ал кечки үлүшүбүздү да кошо жегенибизди айтып терс жооп берди.

Үйгө кайткан жолдо атамдан келинибиздин эмнеге мындай таңгаларлык адам экенин сурадым. Атам мага элдин көзүнчө мындай маңыроо суроо беришиме тыюу салып, биздин айылдык, түркөй адамдар экенибизди, маданият деген эмне экенин билбестигибизди кошумчалады.

Орусчадан оодарган Назгүл ОСМОНОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз