Жылкычы Жапиев: Прерия ээлери

  • 28.01.2022
  • 2617

- Бул жерлерди орустун кулактары алып койгон.

- Качан?

- Эл үркүп кеткенден кийин...

- Мындан башка дагы кайсы жерлер алынды?

- ... толуп жатат.

(Мукай ЭЛЕБАЕВ, “Кыйын кезең”)

ПОВЕСТЬ

Индейлердин кеңирсиген кең талаасында эмне гана жок дейсиң; адырлар, тоолор, шаркырап аккан көк кашка өзөндөр, токойлор, жемиштин түркүндөрү, чөбү тизеге оролгон шалбаалар, көлдөр, алтыны мол кумдуу чаптар, кайберендер,  илбээсин куштун түрлөрү, жырткычтар... санай келсек жер үстүндөгү  жандуулар менен жансыздардын тукумун бүтүндөй ушерден тапса болот.  Булардын бардыгына ушул чөлкөмдү ата-бабасынан бери жердеп келген индейлердин уруулары ээлик этет. Тоголок жердин бөлөк тарабы менен алардын байланышы жок эле. Согушса да, сыйлашса да жең ичинде боло турган. Өздөрүнүн мекенин төрт тараптан көк мухит курчап турганын билишчү.

Кийинчерээк бул жерге кеме менен ак адамдар келе баштады. Алар бат

атылчу мылтык, оттуу суу, түркүн таттуу тамактарды, кийимдерди апкелип, көбүнчө аң терилерине алмашып алышчу. Кемелер көбүнчө күздө келип, ушерде кыштап, анан жазды чыгарып кетишчү. Кетип баратканда жергиликтүү эл менен эки-үч күн майрамдашат; ичет, жешет, кемедегилер оттуу суунун түркүндөрүн жайнатып салат, жергиликтүүлөр беш-алты жерге улуу от жагып, торопой куйкалашат. Бул салтанатка катышкандардан  соо киши болбойт, баары мас ылжып, жыгылып калгандар көп, кучакташып, ажырашалбай жүргөндөр андан көп. Бири бирине эстеликке белек бергендер бар; кетип бараткандар канжа, кыры далдайган шляпаларды, саат, канжар, кайчы сыяктууларды таштайт; жергиликтүүлөр колунда болгондорун: алтын, лаал, каухар, аң терилерин беришип, кыйла убакытка коштошот.  Мас болуп, убагында кете албай калган актар кийинки жаздагы кеме менен мекенине кайтат. Ага чейин бу жапайы элдин арасында жүрүп жүдөп, зеригип, жинди болуп кала жаздашчу.

Булардан кийин, көп мезгил кийин ак адамдар улам келип-кетип атып,  ушул жапайы аймакты бешөө жердеп калды. Кеме токтогон жээктен анча алыс эмес жерге жыгачтарды кайчылаштырып алачык жасашты, үстүнө бамбук жаап, жергиликтүү элдин шартына аргасыз моюн сунушту.

Мындай жерде жашап көрбөгөндөргө адеп кызык сезилди. Көз кайкыган каралжын деӊиздин толкундарына суктанып, өмүр бою ээндиктин кучагынан чыккылары келбейт, жаӊы конуштун экзотикасына көздөрү тойбой, көӊүлдөрү көтөрүлүп, ырыхатка батып турушту. Ошентип, жыргап-куунап жашап, кеӊирсип жатканда бир күнү деӊизде катуу толкун жүрүп, жыгач алачыктарын жууп салды. Актардан эң жаш бирөөсүнүн денеси ошондо толкун кайра кайтканда каралжын деӊизге жутулуп кошо кеткен. Анын сөөгүн бир нече күнү катары менен издешти, бирок таптакыр дайны билинбеди, деӊиз жаныбарлары жеп койсо керек деп акыры шүк болушту.

Ошол чоӊ толкунда буердегилердин бардыгы жок болмок, биринин жыйырмага толуп-толбогон уулу үйдө тамак жасоого калып, берки тѳртѳѳ мылтыктарын көтөрүп, аӊ уулоого кетишкен. Ал эми бул улуу прериянын ой-чуӊкурунда жапайы жаныбарлардын, илбээсиндердин түрлөрү жомоктогудай көп. Топ-топ болуп, үйүр-үйүр жайылып жүргөн кайберен тукумдарын жырткычтар гана тынчын албаса, алардын жашоосу беймарал эле. Аӊчылар өздөрүнө керектүүлөрдү тандап атып алышчу. Ага анчалык убаракерчилик деле жок, ээн-жайкын жайылып жүргөндөрдү четинен ата бергин. Ырас, ал кайберендер адамдардан коркуп качып кетишет, бирок кулак жаӊырткан мындай тарсылдактар чанда-чанда гана чыкчу, себеби, бул чөлкөмдөгү индейлер адетте аӊчылыкка жаа, найза, айбалта менен чыга турган.

Деӊиз толкунунун апаатынан кийин келгиндер үйлөрүн жээктен ыраак,  толкун жетпеген бийик дөӊгө көчүрүштү. Ончакты кадам жерде өзөн агат. Өзөн суусу анча чоӊ болбогон менен эки жээги чытырман токой. Шамалдан жыгылып каршы-терши жаткан карт жыгачтар куурап, отуну даяр. Айрым жерлерде жоон дарактардын кыйла убакыт мурда балтанын мизи тийген дүмүрлөрү көрүнөт. Кыясы, бир кездерде бул жерди индейлердин уруусу байырлап, отун үчүн  же жол салып кыйышкан окшойт.

Токойдо күндүзү түркүн канаттуулар сайрап, азар-базар, чуру-чуу. Далай убакыт деӊиздин толкунунан бөлөк жандуу нерсенин добушун укпаган буларга жаӊы конуш аябай жакты. Болгону түндөсү чиркейлер таттуу кан соргону биринен бири өтүп, ашыгып, жанталашып тынчын алат экен. Күндүзү чиркейлердин бири-экиси гана дыӊылдап келип  калбаса, чытырман токойдо быгып жата беришет.        

Келгиндердин биринин жыйырмага келип калган уулу бар болучу, берки экөө үй-бүлөсүн тиякка, мекенине таштап келген, эгерде бул жак жайлуу болуп калса, анда көчүрүп келишмек, жок, жакпай турган болсо, өздөрү артка кайтмак, ал эми дагы бирөө жаш бала. Деӊиздин чоӊ толкуну миӊ гүлүнүн бири ачыла элек бир уулду жалмап кеткенден кийин ушул тѳрт адам калды.

Атасы көпкө чейин күндө деӊиз жээгине келип, каралжын тартып учу-кыйырына көз жетпеген ошол суудан баласы чыгып келчүдөй көзү талыгыча тиктеп турар эле. Анан бир кезде күндүн нуру чагылышкан суу үстүнөн тээ капкайдан, горизонттун деӊиз менен ашташкан четинен баласынын бел курчоосуна чейинки жылаӊач карааны көрүнөт. Адеп көргөндө ата баласын чакырып кыйкырып, деӊизди кечип жөнөгөн. Жоон санына чейин суу кечип барып, башын өйдө көтөрсө, уулунун карааны жоголуп калып, суунун үстүндө күндүн нуру ойноп, майда толкундар бирин бири куушуп келатыптыр.

Деңиз жээгине адеп келип жүргөнүндө уулунун карааны күндө болбосо да, күн алыс көрүнө турган. Атасы аны көрөр менен уулу бөлөк жакка бурулуп кетчүдөй сезилип, кыйкырган бойдон колун булгалап, суу кечип жүгүрчү. Бара-бара уулу сейрек көрүнчү болду. Анан уулун тээ көзү жеткен жерде жүгүрүп келаткан толкун менен кошо келээр деген ишенич артып кайра жээкке чыгып, күтүп олтура берет. Андай толкундан жүзү, беш жүзү, миңи жээкке жетип, кайра кайтат, бирок уулу суу ичинен кургак жерге чыкпай койду.

Горизонттон уулунун бел кырчоосуна чейин суудан чыгып турганын көргөн күнү шериктерине айтып келгенде алар:

- Бир жерди тиктеген адамдын көзү каргыганда оюнда турган нерсенин карааны көрүнө берет, адам жалган көрүнүшкө берилген болот,- деп айтышкан.

Ата алардын айткандарына баш ийкеген менен оюнда баласы тирүү деп жүрдү. Анан убакыт өткөн сайын ошол көрүнгөн караан баласынын арбагы деп ойлоду. Кийин ал уулунун караанын көрүүгө деӊизди саат-сааты менен тиктеп жүрдү, бирок уулу караанын бир да көрсөтпөй койду. Акыры ал жалган кубулуш экенине түшүндү. Ошентип, уулунан ажырагандан кийин кайра мекенине кетүүнү чечти.

- Сен азыр кетпегин, Кэйси. Уулуӊдун кабарын энеси укса, ага кыйын болот. Жок дегенде сөөгүн алып барсаӊ бир жөн эле. Азыр кеткениӊ эрте,- дешти шериктери.

Ал шериктеринин акылына макул болуп кетпей калды. Бул жерде канча убакытка жүрөрүн өзү да билбейт. Бир күнү олтуруп-олтуруп, көз алдына өз жерине кетип бараткан элес келди.Ал түшкөн чоң кеме жээкке жакындап калыптыр. Жерде кемени күткөн эл көп экен.Алыстан, капкайдан уулунун энеси Лаураны тааныды, аял алыстан көрүнүш үчүн жакасы гүл сыяктуу бүйүрүлүп кооз тигилген узун ак көйнөгүн кийип, колуна бир байлам ак жоолук алып, жээкке жакындап келаткан кемеден көзүн албай туруптур. Аял эрин алыстан көрүп, колундагы жоолугун булгалап, аппак тиштерин күнгө чагылтып жылмаят. Эрин көргөнгө кубанып, анан көпкөк болгон эки көзү палубада турган жүздөгөн адамдарды кыдырата карап, уулун издейт. Кеме жээкке жеткиче уулу каютадан чыкпай олтургандыр деп ойлоду. Балким мухиттин ары жагынан алып келаткан жүктөрү көп болуп, ошо менен убара чегип жүргөндүр. Эмнеси болсо да аман-эсен келгендери жакшы болду. Эми эри менен уулун эч качан кайра алыска жибербейт, куса болуп өлүп кала жаздады. Баарынан да эки кызы атасы менен агасын сагынгандарын айтпа! Түн сайын түштөрүнө кирип, эртеӊ мененки тамак ичип олтургандарында бир айтып, бир койбойт, эки айтып, эки койбойт. Түштөрүн энеси жакшылыкка жоруганда бардыгы сүйүнөт.

Лауранын арт жагында турган эки кызын атасы эми көрдү. Алардын да колдорунда ак жоолуктары бар экен. Анан энеси менен эки кызы жаркып күлүп, Лаура эӊкейип, кыздардын кулактарына бирдемелерди шыбырайт. Кыздар колдорундагы ак жоолуктарын булгалап, атасы менен бир тууганы түшкөн кеменин жээкке тез жетишин чыдамдары кетип күтөт.

Кеме жээкке келип токтогондо пристандагы эл деӊиздей толкуп чыкты. Кэйси көпчүлүк жүргүнчүлөр менен жерге түштү. Лаурадан мурда эки кызы жүгүрүп жетип, атасынын мойнунан кучактап, көздөрүнөн кубанычтын жашы куюлуп кетти. Кэйси да ыйлап жиберди.

- Билл кайда? Уулум келдиби?- деп адегенде Лаура сурады...

Кэйси андан аркысын элестеткен жок, элестетүүгө кудурети жетпеди, дагы бир аз болгондо шолоктоп ыйлап жибермек. Ырас, шериктеринин көзүнчө үнүн чыгарбаганы менен көзүнөн жашы тыйылмак эмес. Ал башын булкуп алып, көзүн ушалады. Анан өзүн өзү кыйнап, элеси улам аласалып атып, алыскы мекениндеги балалык кезин эстеди. Эч бир түйшүгү жок балалык куракка эмне жетсин! Кэйсинин көӊүлү чөгүп, капаланып турганда ошол бала кезин эсине салганга аракет жасачу.

Ал бир сонун эмес беле! Шаарга көчүп келе электе булар жашаган посёлоктогу үйлөрүнүн жанынан шар суу акчу. Жайдын күнү балдар чогулуп, узун тактайларга олтуруп, суунун агымы менен эки-үч чакырымга чейин жарыша сүзүп барышчу. Суунун шар агымында кетип баратып, учкашкан балдар байкабай туура эмес кыймыл жасап алышканда тактайдын алдыӊкы тумшугу сууга кирди дегиче казандай болгон таштарга такалып, устундун көчүгүн суунун агымы айландырып кетип, катарлаша куушуп келаткандарга тоскоол болот, анан балдар ызы-чуу түшүп талашып, жарыш кайра башталат.

Булардын оюнун  чоӊ кишилер да кызыгып карап турар эле. Эркек балдар менен теӊ жарышып, оюнга кыздардан Ровена менен Деви катышчу. Экөө теӊ толугунан келген, сөөк-саактуу кыздар болучу. Үйлөрү бир топ ыраак болсо да экөө тактайдын эки учунан көтөрүп алып, жумуштары чыгып калбаса, өзөнгө күндө келишет. Балдардын жарышпайм дегенине болбой, коркок деп намыстарына тийип, ызасына тийишет.

- Силердики кайык, биздики кеме. Бул кеме менен биз кааласак алыскы деӊиздерде, океандарда сүзүп, саякаттап кете беребиз,- дешет суунун жээгинде олтуруп.- Биз алыска саякатка кетип баратканда силер келесиӊер бизди кошуп алгыла деп бутубузга жыгылып, биз силерди кошпойбуз, себеби, силер эркек бала болсоңор да коркоксуӊар, күчүӊөр жок, бышык эмессиӊер, деӊиздин толкунуна туруштук бере албайсыӊар. Силерди кошуп алып, азабыӊарды тарта албайбыз.- Экөө муну айтып, шарактап күлүп калышат.

- Ой баракелде ай,- дейт балдардын ичинен намысына келген бири,- тапкан экенсиӊер кайраттуу, күчтүү, эр жүрөк матросторду. Силердин бир эмес, миӊ кемеӊер болсо да деӊизге чыкканда башыӊар айланып, каякка барарыӊарды билбей, толкун кемеӊерди туш келди айдап кетип калат. Ошондо бул аймакка эле эмес, бүтүндөй Британияга силердин жоголуп кеткениӊер туурасында кабар кетет. Ошондо мен ачык деӊизге чыгып, силерди таап келем, а силер болсо тамак-аш, сууӊар жок,  эсиӊер ооп калган болосуӊар. Эсиӊерге келгенде менин мойнуман кучактап ыракмат айтып, жер менен бастырбай, колуӊарга көтөрүп аласыӊар.Анан... анан мени сүйүп каласыӊар...

- Ой, андай кыйын болсоӊ кел, жарышалы, кимибиз чыгып келсек, мөөрөй ошонуку болот, анан мындай мактаныч сөзүӊдү коёсуӊ,- дейт кыздар.

Ошондой күндөрдүн биринде бул кыздар менен Кэйси жарыша кеткен. Шериги ал күнү келбей калып, Жон деген баланы кошуп алган. Жон буердегилерден кырдуу, эки жашка улуу. Өзү абдан жоош, уялчаак, бирок карылуу, суунун шар агымынан тактайын шыргый менен күчкө салып түртүп, эч качан жыгылбастан оӊой эле өтүп кетчү. Анын кара күчүнө көп балдар суктанышат, атүгүл Жонго шерик болгусу келгендер четтен чыга турган.

Анан алар тактайларын катар коюп, бир убакытта алга жүткүнүштү. Адегенде кыздар алдыга чыкты. Жон узун шыргыйы менен өздөрүнүн тактайын суунун шар аккан агымына бурду эле булардын тактайынын куйрук жагы кыздардын тактайын түртүп өтүп, алдыга чыгып кетти. Жон менен Кэйси экөө эки шыргый менен суунун түбүндөгү таштарды таяна түртүп, алдыга умтула беришти. Бир кезде Кэйси артына кылчайып караса, кыздар сууга кулап кетип, тактайы жайдак калыптыр. Кыздардын узун чачтарынан суу салаалап агып, чыт көйнөктөрү денелерине жабышып, Деви жээкке чыгып, Ровена самын таштарга тайгаланып, жыгылып-туруп атыптыр. Ал ташка бутун кокустатып алган окшоду. Кэйси колундагы шыргыйды жээкке ыргытып жиберип, өзү тактайдан секирип түшүп, суунун шарын жиреп, Ровенага колун сунду. Кэйси секирип кеткенде тактайдын теӊ салмагы жоголуп, оодарылып кетип, Жон канчалык жанталашканы менен сууга кулап түштү. Адегенде ал эмнеге жыгылып кеткенин түшүнө албай, сууга агып бараткан тактайды кармап, жээкке ыргытты, анан кыздардын тактайын сыртка чыгарды.

- Жон, бери кел!- деди Кэйси суунун шарындагы  Ровенаны белинен кармап. Ровена эрдин бекем тиштеп, үнсүз.

- Кел, бир жагынан колтукта, экөөлөп жээкке чыгаралы. Абайла,- деди Кэйси.

Жон экөөлөп Ровенаны жээке чыгарышып, көк чөпкө олтургузушту. Деви курдашынын жанына жетип келди. Ровенанын тизесинен ылдый жагынан териси сыйрылып, канталап кетиптир. Кыз тиштенип чыдап олтурду.

- Эмне болду?- деди Деви чебелектеп.

Ровена дагы эле эрдин бекем тиштеп, көзүнүн жашы чачынан сарыккан сууга кошулуп, жаагынан ылдый тамчылап, кыздын кыйналып турганы байкалды.

- Бутум,- деди Ровена ый аралаш.

- Сынган жокпу?- деп сурады Кэйси.

- Билбейм.- Ровенанын оюна эми бутум сынып калган экен деген ой кетти. Ага бутунун териси сыйрылган жеринен сынып калгандай сезилди.

Кэйси эңкейип, кыздын бутун кармалап көрдү, сынган, сынбаганын айырмалап биле албады, анан кыздын көңүлүн чөгөрбөйүн деген ой менен:

- Сынбаптыр, териси эле сыйрылып калган тура,- деп койду.

- Ошондой бекен?- деди кыз. Үнү ишеним арткандай чыкты.

- Ооба,- деди Жон жанына басып келип, ал да эңкейип карап.- Териси сыйрылып калыптыр.- Анан Ровенанын жаш куюлган көзүн бир саам тиктеп туруп, кыздын жүзүнөн өөп койду. Кыз Жонду көкүрөккө түрттү бетин аарчып. Жондун оозуна кыздын көз жашынын ачуу даамы келди.

- Доктур чакырып келейин,- деди Жон.

- Мейлиң,- деди Кэйси.

Ойноп жаткан балдар-кыздардын бардыгы Ровенаны тегеректеп калышты.

- Жон, ыракмат, догдурга мен өзүм барам,- деди Ровена ордунан козголуп. Ал жанында турган Кэйсинин колун кармап таканчыктап ордунан турду.- Сен убара болбо Жон, ыракмат, мени Кэйси алып барсын, мына, колун кармап алдым.

Посёлокту көздөй бет алган Жон эки-үч кадам шилтеп барып токтоп калды. Ал эмне айтарын билбей бирде кызды, бирде жардашып тургандарды карады, бирок көкүрөгү сууй түшкөнүн элес алган жок. Анын оюнда догдурду ээрчитип келүүдөн бөлөк эч нерсе жок болучу. Жон ошентип, тил-ооздон калган немедей жалдырап туруп калды.

- Анда Кэйси экөөбүз жеткирели,- деди Деви. Анан келип, Ровенанын бир колтугунан жөлөдү.

- Ыракмат, Деви,- деди Ровена курдашына,- Кэйси экөөбүз деле барабыз, бутум сынбаса керек, мына, жерди таканчыктап турам.- Ровена турган жерин акырын тээп койду.

- Өзүң бил,- деп Деви кетенчиктеп кетти.- Биз ашыкча болуп атсак керек…

Девинин бул сөзү Жондун чучугун куйкалап кеткендей болду, анын көкүрөгүнүн башында кайдан-жайдан келген томолок, ысык бир нерсе орноп туруп калды.

Ровена бир колу менен Кэйсини колтуктап, алиги канталаган бутун сылтып, посёлокту көздөй бет алышты. Жанатан бери жардашып тургандар оюндарын улантпай, тактайларын көтөрүп, үй-үйлөрүнө тарады.

- Сен убара болуп калдың го?- деди кыз бир кезде.

- Жок, эмнеге убара балмок элем,- деп жооп узатты Кэйси бейгам.

- Өзүмдүн бутум ооруп атса Жон жинди немеден бетер бетимен өөп… -Ровена эмне дээр экен деп Кэйсини карап койду.

Кэйси унчуккан жок, мурдагы калыбынан жаспай кете берди.

- Сен менин айтканымды уккан жоксуңбу?- деп кыз токтоп калды.

Кэйси да токтоду.

- Эмнени?- деди ал.

- Жонду айтам,- деди Ровена.

- А, Жонбу?- Кэйси сөзүн андан ары улаган жок.

- Ошону айтам, мени эмне үчүн өпкөнүн айтам,- деди Ровена.

- Эмне үчүн өөптүр?- деп сурады Кэйси.

- Кайдан билем, эңкейип өптү өзүмдүн бутум ооруп атса…

- Аяган го сени,- деп айтты Кэйси.

- Аяса эле өбө береби? –Ровена жактырбагандай күлдү.

- Ал ошенткенди туура көрсө керек.- Кэйсинин үнү бейгам чыкты.

- Мага бооруң ооруп, сен деле өпсөң болот эле да анда.- Кыз токтоп калды.

Кэйси да токтоду.

- Мен анткен жокмун,- деди Кэйси.

- Эмнеге антпедиң?- деп сурады кыз.

- Билбейм, өпкөн жокмун. Жөндөн жөн эле өбө беремби.- Кэйси оюндагысын айтты.

Анан экөө үн катышпай жолун улай берди. Догдур орто жашап калган мурутчан, кыркма сакал эркек киши экен, кыздын бутун ары-бери жагынан кармалап көрдү да ак дары сыйпап, таңып койду. Коркунучтуу эч нерсе жок, териси сыйрылып кетиптир, үч күндөн кийин кайра келип, таңдырып кетесиң, сууга тийгизбесең эки жумада айыгып, сыйрылган териси бүтөлөт деп айтты.

- Сынбаганы жакшы болуптур,- деди Кэйси сыртка чыкканда кызга.

- Сен ага кубандыңбы?- деп сурады Ровена.

- Ооба, кубанбасам деле… сынбаганы жакшы болду.- Кэйсинин үнү дагы бейгам чыкты.

- Сынсачы?- деди кыз токтой калып.

- Кереги жок анын, анда катуу оорумак…

- Менин бутум ооруйт эле да, сен ооруну сезмек эмессиң.

- Кой, катуу ооруган жаман. Мен, маселен… канды карап тура албайм. Жүрѳгүм айланып, кускум келет. Сенчи?

Кыз мыйыгынан күлүп койду унчукпай.

Ушерге келгенде Кэйси өткөндөгү ошол окуяны элестегени үзүлдү. Ал кыздын эмне үчүн күлүп койгонун түшүнгөн эмес. Аны Ровена шылдыңдап сүйлөгөндөй сезилген. Кийин деле Ровена менен далай сүйлөшүп, чогуу ойноп жүрүштү, бирок себебин сураган жок.

Бара-бара Ровена мурдагыдай болбой, Кэйсиден алыстай берди. Булар чоңоюп бойго жетип калганда мектептен келатышып, адамдын анатомиясы боюнча өткөн сабак жөнүндө сөз болуп кетти.

- Эй, сен, сары ооз,- деди Ровена жакын басып келип Кэйсиге,- ушул сабакты жакшылап окугун, кыздар канды көргөндө эмне үчүн сенчилеп жүрѳгү айланбаганын билесиң. Уктуңбу?

- Уктум,- деген Кэйси эчтеме түшүнбөсө деле.

…Кэйси ушуларды эстеп, өзүнчө ууртунан жылмайып койду.

Бул төртөөнүн экөөсү мурда буерге эки ирет келип, жердин шарты менен  тааныш болуп калган. Таанып-билгени буларга анча деле ишенич алып келбеген, эӊ башкы таянычы тобокел болучу. «Тобокелде кайгы жок» дейт эмеспи.

Ошол тобокелчилер кумдуу бир өзөндүн жээгинен тобокелге салып, алтын чайкоону баштады. Аердеги кумда алтын көп болучу, ал эми алтын чайкоо оңой-олтоң жумуш эмес. Кумдан жылт-жулт эткен да майда кебек алтындарды бөлүп алгыча болбой, суу менен кошо чууруп кетет.

Алтынды мынтип чайкап алгандарына индейлер таң калышкан жок, тескерисинче, аларга жылтырак кебектердин көбүрөөк чогулуп калган ыкмасын көрсөтүштү.

- Биз күндө чайкабайбыз, алтын алуу өтө оор экен, биздин негизги жумушубуз жашылча айдоо. Аздан соң жер айдап, дыйканчылык менен алектенебиз, муну бош болуп калган учурларда  кызыкчылык үчүн гана чайкайбыз,- дешти индейлерге.

Индейлер актардын сөзүнө ишеништи, баланча жердин кумунда алтын көп кездешет деп айтышты. Бирок булар индейлер айткан тарапка барышкан жок, буердин алтыны деле бизге жетет, тиякка барсак анда индейлер булар дыйканчылык эмес эле алтын чайкап жүрүшкөн экен деп ойлоп, бизди өлтүрүп, же майып кылып тапкан алтыныбызды тартып алышат дешти өздөрүнчө. Андыктан, индейлерден оолак болуп, сырыбызды ачпайлы деген ойго токтолушту.

Күндөрдүн бириндей эле төртөө тизеден суу кечип, алтын чайкап атышкан болучу. Ончакты кадам жерде Кэйси атып келген торопойдун эти куйкаланып бышып аткан. Бир кезде туш-туштан индейлер: чоңдору, балдары, аялдар болуп жыйырмадан көбү пайда болду. Алтын чайкап атышкандар колдорундагы калай табактарын таштап, суудан чыгып туруп калышты. Индейлер буларга унчуккан жок. Эркек индейлердин шуңшуйган баш кийимдериндеги парандалардын түркүн канаттары тикчийип, колдорундагы узун таяктарды ийинден ашыра кѳтѳрүп алышыптыр. Балдарынын айрымдарында кыска келтектер. Аялдар ымыркайларын бооруна кысып, кичирээктерин жетелеп, алар да токтоп калышты. Алтын чайкап аткандар булардын кайдан келгендерине таң. Эч бир шыбыш, добуш угулбай, жер жарылып чыга келишкендей болду.

Эркектерден экѳѳ ийнине арта салган союлдарын колдоруна алып, торопойдун бүтүн бойдон отко какталып бышып аткан очокко үңүлүп калышты. Артынан калгандары келди. Анан мурда келген эркектердин бири Кэйсиге кайрылып, оң колунун сѳѳмѳйүн чычайтып, сол колунун сѳѳмѳйү менен ортосунан кескен сыяктуу белги кѳрсѳттү. Кэйси муну дароо түшүндү, ал макулдугун билгизип, башын ийкеди эле индей колундагы узун таяк менен  торопойдун этин очоктон алып чыкмай болду. Кэйси темир шиш менен торопойду капортосунан сайып, сабын индейге карматты. Индей этти жерде жаткан устун жыгачтын үстүнѳ алып чыгып койду да, белиндеги курдан кере карыш келген шапты кынынан сууруп чыгып, этти тең экиге бөлүп, кѳѳдѳн жагын кайра күйүп турган очоктун үстүндөгү тор темирдин үстүнө коюп,  эки санын, омурткалар менен биригип турган кабыргаларды аралата колундагы таякты сыртына чыгара сайып, анан экөө таяктын эки учунан кармап, ийинге салып, кѳтѳрүп кетип калышты. Жардашып карап турган индейлердин баары экѳѳнүн артынан ээрчип жѳнѳдү. Булар кеткенден кийин Кэйсинин жанына берки үч шериги келип, эттин жарымын берип салганын туура болгонун, антпесе чатак чыгып кетишин каалабаганын айтышты. Индейлер эгерде Кэйсиге кол сала турган болсо, анда булар мылтык менен коргонмок болучу. Кудай жалгап, иштин бардыгы тынч ѳтүп кетти. Тѳртѳѳнѳ чочконун жарым эти далайга жетет. Тойгуча жеп, калганын ачуу калемпир, туз сиңирип туруп ыштап коюшат, бузулбайт, даамына чыга түшѳт.

Кѳптѳн бери индейлер кѳрүнбѳй калды. Торопойдун жарым этин алышкандан кийин буларды дагы кайрылат деп ойлошкон. Кээде эки-үчтѳн жүргѳн индейлер ѳтүп калышчу, бир жумадан бери алардын аягы тыйылып калды, балким ѳгүнкүлѳр бѳлѳк жакка жер которуп баратышкан окшойт.

Келгиндер индейлерден азырынча зыян кѳрѳ элек, бардык маселелер тынч чечилип калып атат. Мелтиреп, учу-кыйрына кѳз жетпей созулган талаа, ой-кырлар, шалбаалар, саванналар, дегинкиси буерде жер абдан кенен экен. Дыйканчылыкка ылайыктуу ээн жаткан жерлер андан кѳп. Алар дың бойдон жатат, ѳмүрү бетине соконун тиши түшкѳн эмес. Аба ырайы да абдан жакшы, Кэйсинин мекенине караганда буер кургак, кербендердей убап-чубаган нымдуу, коргошундай оор булуттар жок. Жамгыры жылуу, тияктагыдай жумалап күнү-түнү тынбай жааганын кѳрүшѳ элек, жарым күн-бир күн жаап, анан чайыттай ачылып кетет экен. Асманы да бир башкача тунук, булуту жок, кѳпкѳк. Эмнеси болсо да буер тѳртѳѳнѳ жагып калды. Азырынча алтын чайкаган жумуштары оор болуп турат, бара-бара оңолуп алышса, анда бѳлѳктѳрдү жалдап иштетип, ѳздѳрү кѳз-баш болуп калмак.

Кечке тырбалаңдап иштешип, кечинде бут тартаарга алдары келбей калат. Тѳртѳѳнүн бири кезек менен үйдѳ калып, тамак бышырат. Ал күнү ашпозчу алтын чайкоого чыкпайт, үч маал тамак даярдайт. Тизеден кечке суу кечип иштегенге караганда ашпозчулук алда канча жеңил, эс алгыч күн болуп эсептелет. Ал эми тамак кѳпчүлүк мезгилде кайберендердин же илбээсиндердин этинен жасалат. Кээде эттен жадашканда балык кармашат. Буердин ѳзѳнүнѳн балык кармоо иттен оңой, майкенин баш жагын бууп туруп, күбүрлѳргѳ салып туруп кайра тартып алса, жок эле дегенде үч-тѳрт балык кошо чыгат. Кѳпчүлүк учурда балыкты ѳз майына кууруп жеше турган. Андан ашкан даамдуу тамак болбос!     

Бир күнү эртең менен ойгонушса, асманда сур булуттар самсаалап, аба ным тартып, жамгыр жаачудай болуп калыптыр. Тамактанганча балким асман ачылып кетээр дешти, бирок андай болгон жок, асман ого бетер карарып-түнѳрүп, бир кезде шамал келди. Мындай учурда алтын чайкап кереги жок, баары тең үйдѳ калмай болду. Ѳзѳндүн жээгиндеги алтын чайкагыч аспаптарын, табактарын үйгѳ алып келип коюшту.

Шамал күчѳгѳндѳн күчѳдү, бир кезде шамалга аралаш кара жамгыр тѳгүп кирди. Булар буга чейин чакалап куйган мынчалык жамгырды кѳрѳ элек болучу. Атүгүл мындай жаан булардын жамгырлуу деп аталган ѳз мекенинде да болбогон. Түркүктѳрү балбан жыгачтардан жасалган алачыкты дѳңсѳѳгѳ кѳчүрбѳгѳндѳ түз жерден сел алып кетмек экен.

Алачыктын түп жагынан суу кирген жок, айланасын терең казып, топурак менен кѳмүп салгандары ырас болуптур. Үстүнѳн адегенде тамган тамчы бир топ суу кылып жиберди эле, бамбук камыштары нымдашып, бири бирине тыкыс жатып калганда кудай жалгап тамчы токтоп калды. Алачык ичине керебеттин боюндай бийиктикте жыгачтан нар жасашкан, тѳртѳѳнүн жаткан жери ошер. Нар экиге бѳлүнүп, ортодо тѳрт буттуу үстѳл, аны да токойдогу жыгачтардан сомдоп жасап алышкан. Талдын солкулдак чырпыктарынан эки олтургуч согушкан, дагы бирди жарым-жартылай согуп келип, колдору тийбей, ошол бойдон бүтпѳй үстѳлдүн алдында жатат. Мындай сокмо олтургучтар Кейсинин мекениндеги үйүндѳ бар болучу, ага олтургандар буттарын сунуп коюп, акырын термеле беришчү.

Кѳз ачырбай куйган кара жамгыр эки сааттан кийин бир аз бастап барып, анан токтоп калды. Күн чайыттай ачылып, кылайган булуту жок кѳпкѳк асманды карап эле тургуң келет. Алачыктын тѳмѳн жагындагы илгертен бери индейлер ары-бери ѳткѳн жолдун нугун жамгырдын суусу жеп кетти; тизеден аң болуп, буерден мурда чоң суу аккандай из калтырды.  

Алар кара нѳшѳрдүн шылтоосу менен бүгүн эс алмай болду. Суу болгон буюмдарын сыртка алып чыгып, алачыктын үстүнѳ жайып коюшту. Асман ачык болгону менен күндүн нурунун али анчалык табы жок, катуу жамгырдан кийин аба салкын бойдон. Бир-эки сааттан кийин асмандагы аба жылыган соң жерге күндүн ысык илеби жетет.

Тѳртѳѳ сыртта олтурушкан, экѳѳ очок тутандырып, экѳѳсү бир топ күн мурда атып алышкан эчкинин этин туурап, тамак жасаганга киришкен. Анан тѳмѳндѳгү кокту жактан иттин үргѳнү угулуду. Бардыгы кулак түрүп калышты. Аңчылыкта жүргѳн индейлер кээде тайгандарын, иттерин ээрчитип алып ѳтүп калышчу. Кара нѳшѳрдѳн жашынган кайберендер эми сыртка чыкканда аларды аңдып жүргөн аңчылар окшойт. Индейлер кѳбүнчѳ жаа менен аң уулашат, жебенин учу ийнедей ѳткүр келип, тийген кайберендин денесине терең сайылып калат. Жебенин боорунда ноочо бар, аерден кан сыртка тоскоолсуз агып, кайберен бат эле кансырап жыгылат. Анан аңчылар белине тагылган курч канжарларын кындан алып чыгып, эки-үчѳѳлѳп бир заматта терисин сыйрып, шала-шалаа бузуп салышат. Андай кезде аңчылардын иттери тилдерин салаңдатып, шилекейин чубуртуп, куйруктарын чычайта булгалап, тикирейип тиктеп турушат. Ээлери адегенде шыйрактарын, башын кесип ыргытып коюшканда иттер жүгүрүп жетип, баса жыгылып сѳѳк менен алектенип калышат. Анан кайберендин ичин жарып, ичеги-карындарын оодарып таштаганда  иттер биринен бири кыскана ырылдашып, туш-туштан тытмалап жеп киришет. Индейлер болсо кайберендин ичин тазалагандан кийин этин бузбастан узун баканды бел ортосунан ашыра сайып, эки учунан ийиндешип кѳтѳрүп кетип калышат.

Иттердин үнү чыккан коктудан адегенде адамдардын баштары кѳрүндү, бирок индейлерге окшобой, баш кийимдери бѳлѳкчѳ экен. Балким индейлер ѳздѳрүнүн баш кийимдерин кийбей, ыңгайлуусуна карап, европалык адамдарча кийинип алышкандыр. Алар үчѳѳ экен, ээрчиткен иттери экѳѳ. Кебетелерине караганда сѳѳк-саактуу, далылары кенен, жондорунда байланган жүктѳрү бар, колдорунда таяк, индейлерге окшобойт. Ээрчиткен иттери да чоң. Индейлерде да чоң иттер болот, бирок алардын тукумдары бѳлѳк.

Келаткандар алачыкты кѳздѳй түз бурулушту. Ѳздѳрүнчѳ бирдемелерди сүйлѳшкѳндѳй болду, бирок сѳздѳрү угулган жок, үндѳрүндѳгү артикуляция тааныштай сезилди. Тѳртѳѳ тең орундарынан тура калышып, тигилерден кѳз айрыбай карап калышты. Алар жакындап келишсе ѳңдѳрү европалыктар экен.

- Hello!- деди келаткандардын бири токтой калып.

- Hello!- деп беркилер жарыша жооп беришти.

Ушул саламдашуу эки жакка тең дүйнѳ кайра жаралгандай таасир калтырды. Учу-кыйрына кѳз жетпеген мындай ээн жерде бир тилде сүйлѳгѳндүн ѳзү эле күтүүсүз жерден асмандан түшкѳн бир туугандай таасир калтырды.

- English?- деди келгендердин бири.

- English. English,- дешти тѳртѳѳ жарыша.

Анан келгендер жондоруна кѳтѳргѳн жүктѳрүн жерге коюп, экѳѳ тамеки күйгүзүп тартышты. Папиростон тигилерге сунушту эле тѳртѳѳ тең чылым тартпай тургандарын айтышты. Булардын бардыгы, ата-бабаларынын изи түшпѳгѳн бѳлѳк материктен жолугушкан жетѳѳ тең алыскы Британия аралдарынын бир шаарынын тургундары экен. Мынтип ойго келбес жактан жолугушуп турганын карачы, мындай нерсе үч уктасаң түшүңѳ кирбей турган окуя эмеспи!

- Качан келдиңер эле бул жакка?- деген суроо берилди адегенде.

- Эки айдан ашты,- деди келгендердин бири.

- Каерге токтодуңар?

- Жүрѳбүз ушинтип кѳчүп-конуп. Туруктуу жерибиз жок. Кыдырып келетебыз. Ылайыктуу жай табылса отурукташып калсакпы дейбиз.Ѳзүңѳрчү?

- Бизби? Биздин келгенибизге төрт ай болду. Мурда деңизге жакын жерде болчубуз, тээтиякта,- деп Кэйси деңиз тарапка кол шилтеп айтты.- Аерден катуу бороондогу толкунга кабылып, ушерге кѳчүп келгенбиз.- Толкун баламды алып кетти дегенди айткан жок.

- О, анда силер буерлик болуп калган турбайсыңарбы…

- Кѳрѳбүз го… Балким кайтып кетебиз. Азырынча чечиле элек,- деди Чарли.

Ал алдуу-күчтүү, москолунан келген жигит, кыркма сакалы менен кыска муруту ѳз курагынан улуу кѳрсѳтѳт. Жашы отуз беште, бир караган адамга кырк беш-кырк жетидегидей кѳрүнѳт. Ал буердеги тѳртѳѳнүн жашы боюнча үчүнчүсү. Эң жашы Том, ал жыйырмадан жаңы эле ашкан, ѳңүңѳ караганда андан жаш кѳрүнѳт. Том адеп келгенде бир айдын жүзү боло электе кайра мекенине кеткиси келген, бирок берки үчѳѳ аны айындырып коюшкан. Калбаска Томдун чарасы деле жок болучу, анын ата-энеси ажырашып кетип, бала энеси менен калган. Атасы Африкага кѳчүп, энеси балык кармаган баржада иштеп жүрүп, бир катуу толкунда баржа коңторулуп, ичиндегилердин бардыгы сууга чѳгүп кетишкен. Ошентип, Томдун коколой башы калып, кѳрүнгѳндүн колун карап жүргѳндѳ Чарли бул жакка ээрчитип келген. Чарли менен эч кандай туугандык байланышы жок, анын баласы экөө таанышып калып, үйлѳрүнѳ көп келип, ар кандай жумуштарына жардамдашчу. Чарли бул алыс тарапка жѳнѳй турган болгондо Том мен да барамын деп ээрчип келген. Экѳѳ ата-баладай мамиледе. Кораблден адеп таанышканда бул экѳѳнү Кэйси менен Хастон ата-бала экен деп ойлошкон. Анан жѳн-жайын Чарли түшүндүрүп берген. Билл экөө теңтуш катары мамилелери жакшы эле.

Тиги үчѳѳ бүгүн ушерге ѳргүмѳй болуп, мынтип жаңы тааныш күткѳндѳрүнѳ эки тарап тең кубанып турду. Баарынан да бир шаарда туулуп-ѳскѳндѳрүн карабайсыңбы! Балким бала кездеринде бирде болбосо да бирде жолугушкандыр, бирге ойноп калышы да мүмкүн. Канткен менен бири бирине ылым санап, кандайдыр бир жакындык ортодо жанып турду.

Кийинки келгендер мындан ончакты күн мурда жер кезип жүрүп, алтын чайкаган португалдарга жолукканын, аерде үч күн бирге болуп, коштошкондо кѳздѳрүнѳ жаш алып ажырашкандарын айтышты. Португалдар беш-алты адам экен, үй-бүлѳлүүлѳрү жыгачтан кынап үй кѳтѳрүп алыптыр. Бой келгендер ѳздѳрүнчѳ үй салышып, бѳлѳк жашайт экен. Бардыгы алтын чайкоо менен алектенип, бир нече жерлерге ээлик этишкендерин айтышты.

- Ондон ашык зинжи кулдары бар экен, кара жумушту ошолор аткарышат, аларды ичкен тамак-ашына чегерип жалдап алышыптыр,- дешти келгендер.

- Зинжилерди Африкадан алып келип сатышат деп уккам. Аларды тияктан  португалдар менен датчандар, немистер алып келет экен. Арзан баага берип  кетет имиш. Ал эми зинжилер ошонусуна ыраазы. Жалаң эле зинжилерди эмес, кээде кулдардын арасында сарылар, актар деле кездешет дейт. -Чарли укканын айтты.

- Каерден, качан сатат экен?- деп сурады Хастон.

- Тияктан, Европадан келген кораблдер,- деди жаңы келгендердин бири.

Томдон бѳлѳк үчѳѳнѳ ушундай арзан кулдардан үчтѳн-тѳрттѳн сатып ала турган экен деген ой кетти. Бирок андай кулдарды жалдап иштетиш үчүн булардын ѳндүрүш иштеринин кѳлѳмүн кеңитүү керек, ансыз кулдарды жалдоо чыгымы кѳп болуп, ѳзүн актабай калышы мүмкүн.

- Ал португалдар буерден алыспы?- деп сурады Чарли.

- Далай жер, алыс. Биз андан бери ончакты күн жол жүрүп келдик,- деди жаңы келгендердин жээрде сакалчаны. – Ѳзүңѳрдүн кесибиңер эмне?

- Биз деле алтын чайкайбыз, бирок силер айткан португалдардай бай эмеспиз, кулдарыбыз жок, ѳзүбүз, мына тѳртѳѳбүз иштейбиз,- деп айтты Чарли жолдошторун көрсөтүп.

- Кийин, ишиңер жүрүшүп, алтыныңар кѳбѳйгѳндѳ силер да кул жалдайсыңар,- деди жээрде сакал күлүп.- Ошондой даражага жеткиле.

- Ыракмат,- дешти беркилер баш ийкеп.

Эки тарап сѳз арасында таанышып ѳтүштү. Жаңы келгендер ошол португалдыктардан кайсы бир ээн талаадан индейлер эки үй-бүлѳ немистерди ѳлтүрүп кеткендерин укканын айтышты. Булардын ортосундагы чатак алтын чайкоодон чыгыптыр. Индейлер алтыны кѳп жерди кѳрүп, аерге алтын чайкоого керектүү нерселерин алып келип коюп, ал ортодо жумушу чыгып калып, эки жумага жакын келе албай калышат. Ошол күндѳрү немистердин эки үй-бүлѳсү кѳчүп келип, отурукташып калат да даяр куралдарды пайдаланып, алтын чайкоого киришет. Эки жума ѳтүп, индейлер келсе, немистер ээлеп алган болот. Индейлер буер биздики дейт, тигилер биздики дейт. Ошентип, чатак башталат. Индейлер союлдары, учуна бычак байланган узун шыргыйлары менен жапырып киргенде немистердин эки эркеги мылтыктарын алып чыгып, үч индейди атып салат. Индейлер ѳлүктѳрүн кѳтѳрѳ качып кутулат. Анын эртеси түн ортосу оой индейлер шек алдырбай келип, немистердин эки үй-бүлѳсүн бүтүндѳй ѳлтүрүп кетишет. Бир үй-бүлѳдѳгү эрди-катынга кошуп, он жашар баласы менен эки жаштагы кызды, экинчи үй бүлѳдѳгү үч жаштагы эгиз баланы ата-энелери менен бардыгы болуп тогуз адамды мууздап салышат.

Жаңы келгендердин бул жаңылыгы Кэйсилерди чочутуп койду. Эгерде булар макул болушса, ушерде калуусун суранмай болушту, себеби, канчалык кѳп болушса, ошончолук коопсуз болобуз деп ойлошту. Андан калса жаңы келгендердин туруктуу же болжоп бараткан жери жок экен, далайдан бери жол жүргѳндѳн жадагандай түрлѳрү бар.

Эртеси Кэйси аларга сѳз салды:

- Эгерде силерге жагып калса, буерге калсаңар болот, биз менен чогуу,- деди.

- Биз силерге жүк болгубуз келбейт, буерге калган күндѳ биздин колубуздан эмне келмек эле? Биз алтын чайкаганды билбейбиз,- деди меймандардын кыркма сакалдуусу. Анын муруту, жаактарындагы сакал-бакалдары чачындай сапсары болгону менен ээгиндеги кылдарды ак чалып калган экен.

- Эмнеге жүк болмок элеңер? Биз менен кошулуп иштей бересиңер, биз эмне, тияктан алтын чайкап жүрүптүрбүзбү? Ушерге келип үйрѳнүп жатабыз, али толук ѳздѳштүрө албай койдук,- деди Кэйси.- Ѳзүңѳр билгиле, жердеш болгондон кийин биздин сунушубуз ушундай…

- Мунуңарга ыракмат, биз ыраазыбыз. Бир шаардын тургундары экенбиз, бизге деле жакшы болмок, чогуу жүргѳнүбүз…

- Биздин да оюбуз ошондой. Ар кимибиз ѳзүбүз иштеп тапканга ээбиз. Биз силерден пайда кѳрѳлү деген тырмактай да оюбуз жок. Баарыбыздын укугубуз бирдей… туура айтамбы? – Кэйси олтургандарды тегерете карап койду сырдуу күлүп.

- Туура, биздин укугубуз бирдей, буердеги индейлер менен зинжи кулдардан башкасынын,- деди меймандардын бири. Булар үчѳѳ тең сакал-муруттарын коё беришиптир, далайдан бери жол жүрүп келаткан немелердин кырып, тазалаганга деле убакыттары болбогон окшойт.- Канча бир кылымдардан бери бул жапайылар башка материктен кабары жок, ѳздѳрү менен ѳздѳрү бир казандын ичинде кайнаган турмуштан кантип жадашпаганына таңмын. Алардын түшүнүгүндѳ булар жашаган материктен бѳлѳк кургак жер жок болуу керек. Тыш дүйнѳ менен байланышы болбогондон кийин кусалыктан жадап, ѳлүп калса деле болот да…

- Кийин бул учу-кыйрына кѳз жетпеген ээн талаада биздин Британиянын  шаарларындай кабаттуу үйлѳр салынып, кѳп шаарлар курулат, заводдор-фабрикалар иштейт. Биздин урпактар бул жапайы элге цвилизация алып келет,- деди Кэйси.

- Туура,- деп анын сѳзүн Чарли коштоп кетти,- бул эл ушул бойдон калса бирин бири тытып, тукум курут болушат бир кезде. Бул – бир жагы, экинчиси, Европада жер тарып баратат, ал эми кудайдын адамзат үчүн жаратып берген момундай байлыгы мол талаанын пайдаланылбай ээн жатканы кудайдын өзүнө деле жакпаса керек. Чынбы?

- Чын,- дешти тургандар.

Бул сѳздѳн кийин алардын ойлорунда өздөрүн буердеги жапайы адамдардын келечегинин  кызматында жүргөндөй сезишти. Канча бир мезгил каралжын мухит үстүндѳ табияттын катаал бороон-чапкынына туруштук берип, асман-жерди бүкүлү жутуп салчудай чапчыган жалаң коркунучтан бүткөн кара сур толкундардын арасынан суурулуп чыгып, ушул ээн жаткан жапайы жерге жетип келген кайратына сыймыктанышты. Канчалаган кемелер бороондуу толкунда быт-чыты чыгып талкаланып, аңтарылып, кемелер менен кошо менменсиген капитандар, матростор, деңиз каракчылары, сүткор  соодагерлер,  качкын-бозгундар, жөн-жай адамдар  сууга  чѳгүп, деңиздин жырткычтарына табылбас жем болду, сѳѳктѳрү жерге берилбей, жаназасы окулбай калды, деңиз мыйзамы ушундай болот! Ал мыйзамды бузуу, оңдоо эч кимдин колунан келбес. Алардын ар бири өздөрүнчө чоңбу же кичинеби, айтор алдыдагы максатты кѳздѳп баратышып оо дүйнө кетишти, тагдырдын жазмышы ошол экен, жандары жаннаттан жай алсын!

Дагы бир күн ѳргүшкѳндѳн кийин тиги үчѳѳ «жергиликтүүлѳр» менен кош айтышып, жол улады. Бу бѳтѳн жерден балким кайра жолугушабыз же жолукпай  каларбыз, а балким туз буюрса туулуп-ѳскѳн мекенибизден көрүшүп каларбыз, кудай бизге ѳмүр берсе деп коштошту.

Андан соң бир айга чукул мезгил ѳтүп кетти. Тѳртѳѳнүн күн тартиби ѳзгѳрүлгѳн жок: үчѳѳ алтын чайкаганга чыгышат, бири тамак жасап үйдѳ калат. Күн ѳткѳн сайын алардын тажрыйбасы артып, оңтойлуу ыкмаларды таба баштады. Бирок ѳздѳрү каалагандай чоң кѳлѳмдѳгү кымбат металлды чогулта алышпады. Азабы менен мээнети кѳп болуп, жыйынтыгы кѳздү кубанта албай койгондон улам алар бѳлѳк жакка, кумдун арасында жылтырагы кѳбүрѳѳк жерге кѳчмѳй болду. Анүчүн Кэйсини чалгындоого жиберишти.

Кэйси күндѳ жер чалып, кечкурун келет. Барган, кѳргѳн жерлери жакпай койду: алтын чайкоого оңтойлуу жай табылса, жашай турган шарты ылайык келбейт, шарты келсе, иштей турган жайдан ѳтѳ ыраак, ары-бери жарым күн жол жүрүш керек.

Тѳртүнчү күнү бир ажайып жайга туш болду, кумду уучтап, алаканга салып кѳрсѳ арасында жылт-жулт эткен алтындар колго жабышып, азыркысынан алда канча кѳп сезилди. Жүз кадамга жетпеген жерде шибер чѳп ѳсүп, кыртышы катуу ѳңдѳндү, андан жыйырма кадамча араакта шылдырап бир чоң кулак кѳк кашка суу агып жатат. Буер Кэйсиге бейиштин тѳрүндѳй сезилди. Ал каерге алачык куруп, очок жасаш керектигин, бул алтыны кѳп жайда ишти каерден баштоону болжоп чыкты. Кечикпей эртең  кѳчүп келүү керек, оңдуу жайгашып алышса, алтынды мол чогултуп алчудай көрүндү. Анан ѳнѳктѳштѳрү менен сүйлѳшүп, бир аз мезгилге мекенине барып келет. Барар менен адеп чиркѳѳгѳ кирип, кеч болсо да уулуна жаназа окутат. Денесинен ажырап калган уулунун көпөлөк жаны жай таппай, кѳз мелжиген чеги  жок мухиттин үстүндѳ ары-бери учуп-күйүп жүргѳндүр. Акыры ал да бир жерге жай алуусу керек да!

Ырас, Лаурага кыйын болот, бирок эртеби, кечпи, баары бир уулунун дайын-отун билиши керек. Чиркѳѳгѳ Биллдин энеси да барат, эки карындашы экѳѳ тең катышат жаназага. Үй-бүлө чогулуп, кудайга зыярат этишет, кудайдын уулу Иисус Машаяктан кыямат кайым сурагында жеңилдик берүүсүн өтүнүшөт. Анан бир аз мезгил ѳткѳрүп, аларды буякка  кѳчүрүп келүү керек, бирок Лаура каршы болот, барбайм деп чыгат. Балким ѳзүм кайра келип, үй салып, короо-жайды ирээттеп, бардыгын даярдап коюп анан кѳчүрүп келермин. Ошенткеним туура болоор. Антпесем катаал шартты кѳрбѳгѳн немелер кыйналып калышат, канткен менен шаар турмушуна кѳнүп калышпадыбы. Бул жактан беш-алты жылча алтын топтоп, анан кайра ѳз жерибизге кетип калабыз. Акчабыз, байлыгыбыз жетиштүү болот. Келгенден кийин шаар четинен көп жер сатып алып, бара-бара аерди кеңитип, чарбак куруп,  кыштак салабыз. Кийин, мен карыганда аердин баарына Билл ээлик этмек, тагдыры ушул экен, үйдѳ кала бер десем болбой ээрчип келбедиби. Ѳзүнүн ажалына келген турбайбы байкушум. Эмнеси болсо да бир канатыман айрылдым, ага ишеничим чоң эле, үмүтүм таш каап калды. Деңиздин коркунучтуу түпсүз тереңине чѳгүп кетти үмүтүм. Эми ал аерден чыгып келбейт, адам баласы ѳмүрүндѳ кѳп эле нерселерди унутуп коёт, бирок канымдан жаралган Биллди ѳзүм ѳлмѳйүн унутпасмын. Эми аны менен кыяматтын катаал күнүндѳгү сурактан гана бир кѳрѳм, ага чейин эч качан жолукпаймын. Кудай адамдарды ошол кыяматтын сурагында кездештиргенине шүгүр деш керек! Ага чейин канча мезгил бар, аны Кудайдан бѳлѳк эч ким билбес. О, Жараткан, бизге окшогон күнѳѳлѳрү башынан ашкан адамзат үчүн ѳз жанын аябаган Иисус Машаяк, баардык касиеттүүлѳр, мен баарыңарга башымды ийем, силерге сыйынам, тобо келтирем! 

Кэйси кайтып келатып ушуларды ойлоду. Анан алтыны кѳп жай таап алганына кубанды, ал кубанычты кѳкүрѳгүндѳ уялап калган баласынын кайгысы улам ѳчүрүп, басып турду. Ошонүчүн элде кайгы менен кубаныч экѳѳ эриш-аркак жүрѳт деп айтылса керек.

Үчѳѳ бүгүн жумуштарын эртелеп аяктап, кетип калыптыр. Кечке муздак суу кечип жүрүштүн да ѳзү оңой эмес, андан калса мээнети кѳп, түшүмү аз ушул жерге байланып калышкансып тырбалаңдап жүрѳ беришпей, бѳлѳк жайга мурда эле кетип калышса болмок экен. «Бара-бара кѳсѳм болот» деген ушул да. Мейли, азыр да кеч эмес, убактыбыз кѳп. Аны эч ким чектебейт. Ѳзүбүз ѳзүбүзгѳ ээбиз, кайда барсак эркинбиз. Бирок бу ээн-жайкын жаткан жерге үй-жайдан, кызматтан кечип келгенден кийин жалкоолукка жолдош болбой колдон  келишинче тынбай иштѳѳ шарт. Алтыны көп жаңы жайды кѳрүшкѳндѳ өзгөчө Хастон кубанар, Чарли да мурда эле бул жакка келе бербей деп айтат. Том болсо али жаш, ал азыр байлыктын баркын анча биле элек.

Күндүн ысыгына талыкшыган немелер алачыкка кирип уктап калышса керек, болбосо, Кэйсини капкайдан тосуп чыгышмак. Бул жайга келишкени үч нерсе менен гана убара: жумуш, тамак, уйку. Бѳлѳк эч нерсе жок, адегенде жердин кооздугуна суктанышып, айлана-тегерекке кѳз чаптырып, ырыхатка бата тиктеп, кѳкүрѳктѳрүн кере-кере дем алып, аркы-беркилерди сүйлѳшүп кѳпкѳ олтурушчу. Кийин көп нерселерден кызыктары тарап кеткенсиди, айлана-чѳйрѳ мурдагыдай таасир бербей калды, алтындан бөлөккө кайдыгер болуп калышкандай, ѳзгѳчѳ, Биллден ажырагандан кийин.

Кэйси алачыкка аттап… ошол аттаган боюнча туруп калды! Хастон  чалкасынан астанада жерде, берки Чарли менен Том экѳѳ нарда үстѳмѳн түшүп жатат канга чыланып. Кэйси эчтеме ойлонбой, үчѳѳнү тең жулкулдатты кыйкырганга чамасы келбей, бирок тигилер кайткыс сапарга кетип калыптыр. Эмне болуп кеткенине түшүнбѳй ал кыйла убакытка катып турду. О, кѳптѳн кийин эсине келип, буларды индейлер ѳлтүрүп кеткен экен деген ойго келди. Алачыктын тегерегинде азыр да индейлер аңдып тургандай сезилди. Бул жайдан качпаса болбойт, бирок Кэйси жалгыз кайда барат? Кудайдын каргышына калган бу ээн талаада баш калкалаганга кайдан жай табат? Аялы менен эки кызы бирдей каршы болбоду беле, ошондо кѳгѳрбѳй алардын тилдерин алып койгондо эмне, мындай балакетке туш келмек эмес, Билл да тирүү жүрмөк. Адам балакетти ѳз башына ѳзү үйүп алып, анан башка бирѳѳлѳрдү, көбүнчө шайтанды күнѳѳлѳйт.

Үчѳѳнүн ѳлүктѳрүн ачык асман астына ээн таштап кетүүгѳ болбос, бѳлѳк нерсе колунан келбесе да жок дегенде жерди казып, сѳѳктѳрдү жашырып койбосо, христиандык милдетти мындай кой, дегеле адамгерчиликке жатпас. Эми кимге барып, кимден жардам сурамак? Баягы үч жердеши азыр келсе эмне! Бу каргыш тийгир жерде жакын арада эч ким жок жырткычтардан бѳлѳк. Кудайдын каарына калган индейлер ошолордун эң коркунучтуу ана башы, жырткыч айбандарды алдап, из жашырып же чочутуп кутулуп кетсең  болот, асти индейлердей жырткычтарды ким кѳрүптүр, алар ѳтѳ куу, мыкаачы, кара мүртѳз.

Нечен тозок менен чогулткан алтындарын калтырбай шыпырып кетишиптир. Атайын аңдып жүрүшкѳнү анык болду. Индейлердин кѳптѳн бери кѳрүнбѳй калганы актар эрте-кеч бизден шекшип калбасын деген амалдары болуу керек. Алар мындай кара иштерин биринчи ирет жасабаган окшойт, ѳйдѳ-тѳмѳн кыдырып жүрүп, кѳрүп, багып, анан тоноп кеткенге кѳнүшкөн экен. Баягы үч мекендештер айткан эки үй-бүлѳ немистерди индейлер алтыны үчүн ѳлтүргѳн турбайбы. Кэйси ушуларды ойлоду.

Анын башына нелер келип, нелер кетти… Денеси ѳзүнүкү эмес сыяктуу сезилди. Кѳкүрѳгү бош калды, жарык дүйнѳнүн бары-жогу билинбеди, бул ээн прерияда ѳзү адам баласы экенин унутуп салды…  колуна күрѳк кармап, жерди казып кирди. Кум аралаш жердин кыртышы жумушак экен, тез эле кенен-чонон ор казып салды. Анан үч ѳлүктү бирден сүйрѳп келип, орго катары менен жаткырып, бир нече жолу чокунуп, адегенде үстүлөрүнө калыңдап чырпыктардан төшөп, топурактан үч уучтап, үчѳѳнүн үстүнѳ сээп, кайра чокунуп, күрѳк менен үйүлгѳн топуракты шилеп, кѳмүп кирди.

Ал бир топко чейин башын кѳтѳрбѳй, топуракты шилей берди, шилей берди… Сѳѳктѳрдүн үстүнѳ кере карыш топурак үйүлгѳндѳн кийин бир маалда токтоп калды, Кэйси чарчаган деле эмес, оюна балким булар тирүүдүр, катуу жарадар болушкандыр, тамыры кагып жатышы деле мүмкүн, а мен аларды тирүүлѳй кѳмүп жаткан жокмунбу деген арсар суроо келди. Ошо менен күрѳгүн жерге таштап, кѳрдү тиктеп олтуруп калды. Эгерде азыр кѳр ичиндегилер кыймылга келип, туруп кетсе Кэйси кубанмак тургай, корккондон жүрѳгү жарылып ѳлүп калмак. Ушуну ойлоду. Анан кайра тура калып, жин ургандай жанталашып тездеп кѳмүп кирди. Ага азыр ѳлүктѳр тура калчудай сезилип кетти. Ал ого бетер күчѳп, чаңызгытып кѳмѳ берди. Чекесиндеги мѳлтүлдѳгѳн тердин ачуу тамчылары эки кашынын учтарынан айланып агып, кѳзүнѳ киргенде кир, топурак билеги менен улам сүртүп коюп, баш кѳтѳрбѳй иштей берди. Ачуу тер жаак ылдый сакалын аралап, андан кѳйнѳгүнѳ, шымына тамып, топуракка аралашып, кѳкүрѳгү илээшкен баткак болуп калды. Кэйси аны элес алган жок.

Кѳмгѳнгѳ караганда ага кѳрдү тезирээк казып койгондой туюлду. Анын оюна эч нерсе кирбей, күрѳк менен топуракты шилегенден бѳлѳк максаты жок болучу. Денеси чарчаганды унутуп салган. Кѳмкѳрүлгѳн кѳк асман менен дѳмпѳйгѳн кѳр экѳѳнүн алдында кѳз кайкыткан улуу талаада тирүү жандан ѳзү  жалгыз калгандай сезди…

Бир кезде кѳр кѳмүлүп бүттү, жаңы казылган топурак дүмпүйүп үйүлүп турду. Кэйси дагы чокунуп алып, жерге олтурду. Бул жолу да оюна эч нерсе келген жок, кѳкүрѳгү бош болучу аңгырап. Анан барып чарчаганын сезди, күрѳк кармап, карышып калган колдору ѳзүнѳн ѳзү калтырап чыкты. Ал калтыракты  токтотууга аракет жасап, алаканын ушалап, манжаларын кайчылаштырып кырчылдатты, анан коё бергенде эки колу тең кайра калтырап, ээсинин эркине баш ийбеди, токтобой койду. Эмнеге мынтип калтыраганын оюна албады, аны ойлоого кудурети жок болучу.

Түнү ал сыртта олтурду, алачыктын ичине кирүүгѳ эрдиги жетпеди, олтуруп таң атырмай болду. Бул актардын ичинен бирѳѳсү калбады беле деп ант ургур индейлер түнү кайра келип, ѳзүн да сулкуйтуп ѳлтүрүп кетиши ыктымал. Канткен менен сактыкта кордук жок деп алачыктын жабуусуна сойлотуп каткан мылтыгын жанына алды. Жер жайнаган индейлерге  мылтыкчан  жалгыз адам канчага туруштук бермек эле, антсе да мылтыктын сүрү оңой эмес, даап катыла албай коюштары мүмкүн.    

  Бир аз олтургандан кийин барып ѳлѳрчѳ чарчаганын сезди. Колу-буту, денеси талыкшып, бели сыздап чыкты. Оюна нелер келип, нелер кеткен жок! Түндүн бир убагында үргүлѳй баштады, үргүлѳп кеткенде жаны жыргай түшѳт, анан шырп эткен дабышка чочуп кетип, кѳзүн ачып, жан-жагын карайт. Айдын жарыгындагы караандардын бардыгы бѳгүп жаткан индейлер болуп, азыр секирип келип баса калчудай сезилди. Кѳзүн күчкѳ салып ачат, кирпиктери желимделип калгандай кайра жумулат. Ошентип, уйку-соонун ортосунда олтуруп, кѳзү уйкуга кетсе да сезиминдеги чочулоо, коркунуч тараган жок.

Таңга жуук Кэйсинин денеси уйкуга туруштук бере албай, кѳшүлүп уктап кетти. Ойгонгондо күн аркан бою кѳтѳрүлүп, ысыктан тердеп чыгыптыр. Кѳзүн ачар менен денесин коркунуч кайра ээлеп, жан-жагын карады индейлер келип калгандай. Октолуу мылтыгы жанында жатыптыр, мылтыкты жерден шарт ала коюп, ордунан тура калды. Тегеректен эч бир жандык кѳрүнбѳдү. Анан мылтыгын суна кармап, алачыкты айлана басты, индейлер алачыктын далдоосунда аңдып турушкандай сезилди. Алачыкты айланып, кайра мурдагы ордуна келди, кудай жалгап индейлер жок экен. Денесин коркунуч чылк каптап турса да, тукум курут болгурлардын жоктугу сүйүнтүп койду. Бул сүйүнүчтүн кѳлѳмү ѳтѳ аз болсо да Кэйсиге арка-жѳлѳк болгонун ал акыл калчап туйбаганы менен денесине таасир берди. Анан барып, ал кечээги күндү эстеди. Эстеп, кѳңүлү күн бузуларда асманды боз чалган оор булуттардай түнѳрѳ түштү. Кайрадан алачыкты айлана басып баратып, ѳтүгүнүн таманына катуу нерсе урунуп калды. Кэйси таш экен деп бут алдын караса, канжа жатыптыр! Аны колуна албай, буту менен оодара тээп койду эле канжанын оозу ѳйдѳ карап калды. Эңкейип колуна алса, канжа эки-үч күн мейман болуп кеткен баягы үч жердештеринин жээрде сакалчаныкы экенин жаспай тааныды! «Кетип баратышканда жоготуп салышса керек» деген ой кѳкүрѳгүнѳн жылжып ѳттү. «Бирок андан бери буерден канча ирет баспадык, бирибиз болбосо, бирибиз кѳрмѳкпүз» деген ой кайра жылжып келип, кѳкүрѳккѳ такалып калды!

Анан ал турган жерине сыңар тизелеп олтуруп, канжаны ары-бери салып карады. Канжа ошол жээрде сакалчандыкы экенине кѳзү анык жетти. Бир бүдѳмүк шек менен алачыкка кирди. Жерден мылтыктын атылган окторунун беш-алты жезин кѳрдү! Бул жездер да баягы үчѳѳнүн мылтыктарыныкы экенин  баамдады! «Демек, ал үчѳѳ каракчылар турбайбы!» Денеси корккондон калтырап чыкты! Эми алар качан да болсун, мейли күн, мейли түнүбү, Кэйсини таап, атып салышары турган иш.

Кэйси адегенде алактап, башы оогон жакка качмай болду. Алачыктан сыртка атып чыгып, жүз кадамдай жүгүрүп барды. Аяктары жерге тийип-тийбей, ѳзүнүн салмагын сезген жок, камгак учуп бараткандай болду. Жүгүрүп баратып, оюн топтоп, тык токтой калды да кайра артына, алачыкка келип, ѳзүнүн кийимдерин, Чарлинин тонун, анан үч жуп ѳтүктү, жууркан, ийдиш-аяктардан алып, бардыгын бир кишилик кичинекей чатырга ороп, кѳтѳрүп кѳрдү. Жүк жеңилдей сезилди. Кэйси алтын чайкаган ийдиштеринен кошту эле булар оор болуп калды. Бирин алып, бирин таштап кетүүгѳ болбойт, же бардыгын алуу керек, болбосо, жарым-жартылайы менен алтын чайкалбайт, эч пайдасы жок артык баш жүк болот. Буларсыз кудайдын каргышына калган ушул ээн жерде кантип күн кѳрмѳк? Эми кайдан болсо да каражат топтоп, кайра мекенине кетпесе болбойт, бул турушу менен ал бир күнү буерде ачкадан ѳлүп тынат. Ишеничтүү шерик таппаса, жалгыз жүрүүгѳ болбойт, балким алтын чайкаган бул ийдиштердин эртели-кеч кереги тийип калса, ушерден келип алып кетермин деген ниети менен кумдуу жерди казып,  жашырып салууну ойлоду.

Денесинен коркунуч тарабай, шырп эткен дабышты сезип, ар нерседен сак турганда адамдардын кобурашкан үндѳрүн угуп, башын ѳйдѳ кѳтѳрсѳ, ончакты индейлер жакын келип калыптыр. Кэйси шашып калды, мылтыгын кийим-кечелерине кошуп таңып салган. Антпегенде мылтык сунуп, ок атып, бул жапайы аборигендерди бирден терип коймок, ок жебей калгандары качып кутулмак, эмнеси болсо да  алдырарда жаздырар деген ушул, эми жапайыларга чындап жем болору калды.

Кэйсинин бүткѳн бою калтырап, башы маң болуп туруп калды, корккондон кѳчүгү бүлкүлдѳп, алаасы сууланып, багалек ылдай ѳтүк ичине куюлуп кетти. Кэйси аны сезген жок. Мынча жапайыларга куралы жок каршылык кѳрсѳтѳ албас, алар заматта аны тытып, жеп кетет! Бул жапайылардын колуна түшкѳндѳн кѳрѳ үч шериги менен кошо атылып кеткенде жаны кыйналмак эмес экен! Эми каршылык кѳрсѳткѳндѳн эч майнап чыкпайт.

Индейлер ѳздѳрүнчѳ бирдемелерди айтып, жети-сегизи окчунураак токтоп калды, чың денелери күнгѳ тоттугуп майланышып, булчуңдары буркуюп, саадак асынган экѳѳ Кэйсиге келип, кол сунуп учурашты. Анан алачык тарапты кѳрсѳтүп, бирдемелерди айтты, Кэйси бул жапайылардын эмне айтып турганын кайдан түшүнсүн! Анан алар жаңдап, бири алачыктын арт жагындагы кѳмүлгѳн кѳрдү кѳрсѳттү бул эмне деген кыяста. Кэйси жапайылардын оюн түшүндү да тигилерди алачыктын ичине алып кирип, кыпкызыл болуп жерде катып калган кандарды, анан мылтыктын окторунун жездерин алып кѳргѳздү.  

Жапайылар ѳздѳрүнчѳ бирдемелерди бакылдап сүйлѳшүп, мылтыктын жездерин алып,  ары-бери салып карагандан кийин дагы бирдемелерди бакылдашып айтышты. Алар сүйлѳшүп жатканда улам Кэйсини карап, ага бирдемелерди түшүндүрүп жатышкандай белги беришти. Анан жапайылардын бири колундагы мылтыктын жезин ѳйдѳ кѳтѳрүп, жыттап койду да бул баягы үч ак адамдардыкы экенин билдирди. Кэйси туура түшүндү, анан ал сѳѳмѳйүн, ортонун жана аты жогун чычайта кѳрсѳтүп, кѳтѳргѳн жүктѳрү, мылтыктары бар экенин айтып, үч шеригин атып салып, чогулткан алтындарды алып кетишкенин билдирди. Индейлер ал үч каракчы жер кыдырып, актар менен мамиле түзүп, булардын ал-ахыбалдарын изилдеп билишкен соң аларды  ѳлтүрүп, жыйган алтындарын тоноп алып жүрүшкѳнүн түшүндүрүштү. Анан  индейлер актарды ѳлтүрүп, алтындарын алып кетип жатат деп жалган ушак таратып жүргѳндѳрүн айтышты. Кэйсинин бул үч ак адамдардан шекшиген божомолу туура чыкты. Эми биз ал үчѳѳнү оңой эле колго түшүрүп алабыз, сенин ѳчүңдү алып беребиз, силер, тѳртѳѳңѳр жакшы ак кишисиңер, мындан кѳп күн мурда биздин балдарыбыз ачка болуп ыйлап жатканда силер бизге унчукпастан бышып аткан этиңердин жарымын бергенсиңер, биз ал жакшылыгыңарды эч качан унутпайбыз, колдон келген жардамыбызды аябайбыз дешти. Кэйси индейлердин мындай мамилесине кубанып калды.

Анан индейлер Кэйсиден эми кайда барасың деп сурашты. Кэйси билбейм, бара турган жерим жок деди. Анда сен бизге кошул, биз менен бирге бол дешти индейлер. Кэйси эмне жооп айтарын билбей, ийнин куушуруп туруп калды. Индейлер ѳздѳрүнчѳ кужулдашып, чатырын кандуу жерден бѳлѳк жайга кѳчүрүп берели дешти. Кэйси буга макул болду, алиги ѳзү кѳрүп келген алтыны кѳбүрѳѳк жайга бара турганын билдирди. Индейлер керектүү буюмдарды бѳлүп кѳтѳрүп, Кэйси кѳрсѳткѳн жерге алып барышып, заматтын ичинде алачык жасап, ортого тактай орнотуп, эки тарабына эки нарды коюп беришти.

Кэйси булардын жардамына аябай ыраазы болду. Кѳкүрѳгү ачышып, ыйлагысы келди. Бул индей адамдарын мекендешпиз деп сый кѳргѳзүп коноктошкон алиги үчѳѳнѳ салыштырып болбой турганына кѳзү жетти. Кѳрсѳ, жырткычтар дал ошол ылым санашкан өздөрүнүн актары турбайбы. Жердеш экенбиз деп алардын келгенине сүйүнүп, атүгүл ѳздѳрү менен бирге туралы деп айтышкан. Ошондо мекендештери буерде калганда Кэйси да ѳлүп тынмак экен. Алардын  кетип калганы Кэйсинин ажалынын жоктугу турбайбы.  

Индейлер Кэйсинин алачыгын орнотуп, бардыгын даярдап беришти. Мунусу Кэйсиге жакшы болду, ал эми өзүнө кандаш каргыш тийгир ак адамдардын коркунучу ач бөрүдөн да ашып түшкѳн ушул ээн жерде канткенде жалгыз жашап, күн кѳрѳт? Ушул маселе Кэйсинин оюна келгенде кѳкүрѳгүндѳгү кубаныч менен ыраазылык заматта жер жутуп кеткендей жок болуп, анын ордун кайра коркунуч ээлеп алды. Бирок анысын индейлерге билдирбеди.

Ошону менен индейлер бир топко чейин өздөрүнчө кужулдашып туруп, кетип калышты. Алардын эмне айтып, эмне койгонун Кэйси түшүнбѳдү.

Күн бүгүн кыпкызыл табактай болуп батышты кѳздѳй демейдегиден тез жылып баратты. Индейлер түш оой кетишкен, күн бат эле ылдыйлап кетти. Эми  караңгы түн түшѳт, ал эми караңгыда ээн жерде эмнелер гана болбойт дейсиң, жырткыч айбандар дүпүлдѳгѳн мылтыктын үнүнѳн жанталашып алыс качып кетишет, индейлерге ѳзүң тийишпесең булар сени менен иши жок, демек, эң коркунучтуу нерсе келгин ак адамдар. Мурда бул ээн жердин байлыктарынан пайда табууну кѳздѳгѳндѳр келсе, кийинки кездерде Жер шарынын ар тарабынан: ѳзгѳчѳ, Европадан кылмыш жасап качкандар, каракчылар, шылуундар, уурулар, түрмѳчүлѳр, жалкоолор толуп кетти. Ушундан улам талоончулук күчѳдү. Ак адамдар биринен бири чочулап турушту.

Күн бата Кэйсиге эт кѳтѳрүп, үч индей келди. Анан алар очок жасап, Кэйсинин казанын асып, эт бышырды. Кэйси ыраазы болгонунан кѳз жашын араң токтотуп турду эрдин кесе тиштеп, берерге эчтеме таппай койду, бере турган деле эчтемеси жок болучу.

Казандагы эт бир кайнаганда индейлердин бири аны сыртка чыгарып, алдыларына койду. Ысык ѳткѳнү эле болбосо бул чийки этти Кэйси жемек тургай жытынан кускусу келди. Жей албай турганын билдирди. Индейлер эттен ѳздѳрүнѳ тууралап кесип алышып, калганын кайра казанга салып, от жагып, муну эми ѳзүң билгендей бышырып жегин дешти.

Үч индей адамы буерге Кэйси менен бирге түнѳп чыгабыз, сени ээн жерге жалгыз калтыра албайбыз, сен жакшы адам экенсиң, ѳзүбүзгѳ чакырсак кѳнбѳй койбодуңбу дешти.

Кэйсинин алачыгынан индей адамдары үзүлбѳй, аны жалгызсыратпай, ѳзгѳчѳ түнкүсүн тээк болушту. Адегенде Кэйси чочулап жүрдү, бул индейлердин оюнда эмне бар болду дегендей, анан бара-бара бири бирине ишенич артып, илгертен бери булар менен бирге жүргѳндѳй кѳнүп кетти. Индейлердин тѳрт үй-бүлѳсү Кэйсиге кошуна болуп, катарына алачыктарын орнотуп, кѳчүп келишти.

Бир нече күндѳн кийин Кэйси алтын чайкаган шаймандарын алып чыгып, ишке киришти. Индейлер ага жардамчы болду. Күнүгѳ канча адам иштесе алтынды тепетең бѳлүштүрүп алышат. Буга бардыгы ыраазы. Кэйсинин мындай адилеттүүлүгү индейлерге жакты, алар аны ѳздѳрүнѳ башчылыкка макулдугун сурашты эле, Кэйси тигилердин кѳңүлүн калтырбай макул болду. Ошондон кийин индейлер бардык нерселерди Кэйси менен макулдашып, анан иш башташат.

Бир күнү индейлердин дагы беш-алтоосу күн чыга келип калышты. Кѳтѳргѳн мылтыктары бар. Кэйси бул куралдар баягы үч жердештериники экенин дароо тааныды. Тигилер жок кезде мылтыктарын алып коюшкан экен деп ойлоду. Анан жондоруна кѳтѳргѳн асма куржундардын ичинде итапкан алтын бар экен, Кэйси баштыктардан улам баягыда шериктерин ѳлтүрүп, карактап алып кетишкен өздөрүнүн алтыны экенин кѳрдү. Андан бѳлѳк дагы муштумдай баштыкта алтын бар экен, алиги үчөө булардын да ээлерин ѳлтүрүшкѳн окшойт.

Индейлер ошол үчѳѳнү уктап жаткан жеринен союп салып, болгон-бүткѳн буюмдарын кѳтѳрүп келишиптир. Анан алар Кэйсинин кѳрсѳткѳнү боюнча ѳз алтынын ѳзүнѳ берип, калгандарын ортого салышты. Эгерде сага кимдир бирѳѳлѳр зыян тийгизсе, биз аларды опоңой эле таап коёбуз, соо калтырбайбыз, ѳчүңдү алып беребиз, сага эч ким тийбейт, ѳзүбүз эч кимге зыян келтирбейбиз, бирѳѳлѳр катылса, анда ѳз убалы ѳзүнѳ, индейлер ушундай калыс, адилет, бирѳѳлѳрдүн кѳзүн карабаган эркин жүргѳн калк дешти.

Кэйси  алардан алиги үч каракчыны кантип таап, кантип ѳлтүргѳндѳрүн такып сурабады, дегеле алар жѳнүндѳ эстегиси келбеди. Болгону ошол каракчылар шериктерин ѳлтүрүп кеткендиги ичин кейитип турду. Шериктеринин ѳлүмүн эстегенде ага ушул оор окуя кѳкүрѳгүн туз куйгандай ачыштырып, ой-санаасына андан башка эч нерсе келбей кала турган. Ырас, адегенде уулу Билл түшѳт эсине. Анын ѳлүмүнѳ ѳзүн күнѳѳлүү сезет. Билл тирүү болгондо деле бул үч каракчы баары бир атып салмак экен деп ѳзүн жооткотот. Балким тирүү калмак дейт кайра. Айтор кандай ойлосо да кудай уулуна ошол жыйырма жашты гана берсе керек, андан кѳп буюрбаган окшойт. Ушул ою аны тагдырга моюн сундурат, анан ичинен кудайга жалынып, уулунун бул дүйнѳдѳ эч кандай күнѳѳсү жок экенин айтып, тиги дүйнѳдѳ бейиштен жай берүүсүн суранат.

Кэйси индейлер менен камыр-жумур болуп кетти. Арадан эки ай кѳзгѳ кѳрүнбѳгѳн ѳмүр сыяктуу билинбей жылып ѳттү. Бул мезгилдин ичинде Кэйсинин турмушунда эч ѳзгѳрүү болгон жок, күн сайын адат болуп калган кѳртирлик: алтын чайкамай, тамак жасамай, күн бата уктамай. Эртеси да ушул, анын эртеси да… Түнүндѳ экиден индей күзѳттѳ турат. Алар ѳздѳрүн келгин ак адамдардан коргойт. Түрдүү бат атма мылтыктары бар ак адамдар бара-бара кѳбѳйдү. Анан алар жер-жерлерге ээлик этип, аерге киши жолотпой коргоого алышты.

Бир күнү кош аттуу араба минген тѳрт ак адам катар орнотулган алачыктын алдына келип токтоп калышты. Аттар ысыкта ылоолойт, майда чымындар кѳзү-башына кирип тынчтык бербейт. Узун кыл куйруктарын булгалап, денесин коргойт. Келген адамдардын бардыгынын баштарында далдайган кырбылуу тик турма цлиндр калпак, жеңсиз кара-кѳк кемсел, ак кѳйнѳк, кемселге ѳңдѳш галифе шым, кончтуу ѳтүк кийишкен. Бирѳѳнүн чыйралган калың мурутунун учтары кулагын кѳздѳй ийилип, желим менен жабыштырып койгондой кѳрүнѳт. Экѳѳнүн бакенбарды жаагына түшкѳн, бирѳѳсү, эң жашы болуу керек, анын сакал-муруту таптаза кырылган ѳңдүү.

Ошол жашы аттардын вожусун арабанын кайчылаш жыгачына ороп, тѳртѳѳ тең жерге түшүп, Кэйси менен бирге иштеп аткан индейлердин жанына келишти. Бардыгы жумушун токтотуп, тигилерди карап калышты. Ак адамдар индейлердин ар бир кыймылына кѳз жүгүртүп тиктеп турушту. Алиги чыйралган мурутчан башындагы калпакты оңдогон болуп сол жагына бир аз кыйшайтып:

- Бул жер мындан ары биздики, силер башка, каалаган жагыңарга кеткиле,- деди кармагычында ажыдардын башынын сүрөтү түшүрүлгөн кооз күрѳң таягын ѳйдѳ кѳтѳрүп, бет алды тарапты кѳрсѳтө.

Индейлердин кѳздѳрү жалжылдап, Кэйсини карап калышты.

- Эмне үчүн силердики болот?- деп сурады Кэйси.

Келген ак адамдардын бардыгы Кэйсини жалт карап калышты.

- Сен кимсиң?- деп сурады узун мурут.

- Мен Кэйси Дэвид деген болом,- деди Кэйси.

- Кайдан келдиң?- Узун муруттан башкасы үн каткан жок. Демек, булардын башчысы ушул болуу керек деген ой кетти Кэйси менен индейлерге.

- Британиянын жаранымын. Бул жайга келгениме бир жылга чукулдап калды.

- Бу жапайылар сенин кулдарыңбы?- деди индейлерди кыдырата карап мурутчан.

- Жок, булар менин ѳнѳктѳштѳрүм, шериктерим.

Узун мурут муну укканда мыйыгынан күлүп алды:

- Кайдан жүрүп шерик болуп калгансыңар? Кулдарым деп чыныңды айтпайсыңбы. Кул жумушаганга биздин эч каршылыгыбыз жок.

- Булар кул эмес, ѳнѳктѳштѳрүм,- деди Кэйси дагы тактап.

- Анда бул ѳнѳктѳштѳрүң менен бул жерди бошоткула, буердин ээси менмин.- Узун мурут башындагы калпакты дагы оңдоп койду.

- Кандайча?- деди Кэйси кѳзүн алайтып

- Ошондой, урматтуу Кэйси Дэ…- Узун мурут артын таппай мукактанып калды.

- Дэвид,- деп Кэйси улап кетти.

- … урматтуу Дэвид,- деп мурут  кайталады.

Анан ал жан чѳнтѳгүнѳн бир барак кагаз алып чыгып, бүктѳмүн ачып, Кэйсиге сунду. Кэйси кагазды алып, кѳз жүгүртүп окуду. Анда Миссури жээгинен баштап, Аскалуу Тоого чейинки созулган жер: анын ичиндеги токойлор, суулар, талаалар, шалбаалар, жапайы айбандар, жер үстүндѳгү жана жер алдындагы кендер, суудагы балыктар, бардыгы мистер Карстон  Дэвиске таандык деп жазылып, анан мѳѳр басылып, окуганга мүмкүн болбогон кол коюлуптур.

- Бул Миссисипи жана Миссуриге таандык чѳлкѳмдүн башчысынын буйругу,- деди Карстон Дэвис башын койкоңдотуп.- Түшүнүктүү болоду го деп ойлойм.

Кэйси кагазды ээсине кайтарып берди да:

- Аны бул чѳлкѳмдүн башчылыгына ким дайындаган?- деп сурады.

- Британиянын королу. Анын буйругусуз жер берилбейт эмеспи. Муну урматтуу Дэвид, Британиянын жараны болсоң жакшы түшүнсѳң керек. – Узун мурут башын ийкеп койду. Бул кыймылы ѳз сѳзүн ырастаганыбы же ызылдаган чымындан коргондубу, түшүнүксүз болду.

- Ооба, Британиянын жаранымын,- деди Кэйси.

- Ошондуктан түшүнүктүү болду деп ойлойм. Бул индей кулдарың менен буерде кала турган болсоңор анда биз келишим түзѳбүз, буерден ѳндүргѳн кирешеңердин келишимде кѳрсѳтүлгѳн бѳлүгүн ай сайын бизге салыкка берип турасыңар. Жок, буга кѳнбѳсѳңѳр анда буга чейинки ѳндүргѳн кирешеңердин тиешелүү бѳлүгүн тѳлѳп коюп, бѳлѳк жакка кете берсеңер уруксат.- Узун мурут башын дагы ийкеп алды.

- Булар кулдар эмес, шериктерим,- деди Кэйси индейлерди тегерете карап.

- Мейли, бизге баары бир, салык тѳлѳп турсаңар болду. Кул жумушагандардардын салыгы бѳлѳктѳр менен бирдей ѳлчѳмдѳ. Кул жумушоо, жумушобоо менен биздин ишибиз болбойт, ал ар кимдин эрки.

 Кэйси түштүк тарапка кол жаңсап:

- Тиги тарапта да индейлер бар, алардын тагдыры кандай болот?- деп сурады.

- Каалашса, биздин талаптарыбызды аткарса кала беришсин, жок дешсе кѳчүктѳрүнѳ шамал,- деди узун мурут бүт денеси менен сүлк-сүлк күлүп.- Алар да сенин кулдарыңбы? Бу жапайылардын көбү сенин кулдарың болсо керек.

Кэйси бул мырзалар менен айтышып-тартышкандан эч майнап чыкпасын түшүндү. Булардын талаптарына каршылык этсе, анда Кэйсини индейлерине кошуп тырайта-тырайта атып салып кетип каларына кѳзү жетип турду.

- Биз силердин талабыңарга макулбуз, эч жакка кетпейбиз, силер менен келишим түзүп, ушул жерде калалы. Макулдашкан салыгыңарды тѳлѳп туралы,- деди Кэйси.

- Биз макулбуз, анда бүгүнкүгѳ чейинки салыгыңарды тѳлѳп койсоңор болот,- деди мурутчан компоюп.

Кэйси бул жайга жакында эле келишкенин, каракчылар үч шеригин ѳлтүрүп, тапкан-ташыгандарын тоноп кеткенин, ал ортодо чоң толкунда уулунан ажырап калганын, ѳзүнүн башы коколой жалгыз калганда ушул индейлердин тукуму келип жардамдашып жатканын, азыр буларды эш тутуп турганын айтып берди

Бул ак мырзалар ошол каракчылар туурасында угушуптур, атүгүл индейлердин бир тукуму ал үч каракчыны союп салгандарын билишет экен. Элге тынчтык бербей, каракчылык менен шугулданган ал акмактарды ѳлтүрүп салгандары сооп болуптур, алардын жоруктары ак адамдарды бир топ жаманаттыга салып кетти, аларды индейлер эмес, ак адамдар ѳздѳрү ѳлтүргѳндѳ жакшы болмок, жапайылардын оюнда биздин адилеттүүлүгүбүз дагы бир ирет баса белгиленмек дешти. Анан ошол үчѳѳнү тирүүлѳй кармап, актар менен индейлердин кѳзүнчѳ дарга асып жазаламак болуп издѳѳ салып баштаганда индейлер алардан мурда ѳлтүрүп кетишкенин айтышты. Кэйси каракчылардын түбүнѳ жеткен ушул индейлер экенин жашырып койду.

Узун мурутчанды коштоп жүрүшкѳндөр Кэйсиге кѳңүл айтып, мындай оор кырдаалда биздин жардамыбыз ушул болсун дешип, буга чейинки салыктан бошотуп, мындан аркысына келишим түзмѳк болуп, жакынкы күндѳрдѳ келишим кагазын алып келебиз деп кош айтышып, иштери чыр-чатаксыз аяктаганга ыраазычылык билдирип, узун мурутту коштоп жүргѳндѳрдүн бири аны арабага колтуктап олтургузуп,  жүрүп кетишти.

Тигилер бир топ узагыча Кэйси менен индейлер карап турушту. Анан Кэйси алардын кимдер экенин, эмнеге келишкенин ырааты менен айтып берди. Келгин ак адамдардын буерге ээлик этип атканына индейлер таң калышты. Бул чѳлкѳм индейлердин Пауни уруусунун Кандуу Из деген уругуна таандык экенин, ѳздѳрү ошол уруудан болорун айтышты. Керек болсо, кокту-колоттогу, талаала, тоо-таштардагы индейлердин Пауни уруусуна кабар берип, чатак баштап, эч кандай салык тѳлѳбѳйбүз, аларга согуш жарыялайбыз  деп чыгышты.

Кэйси келген актардын куралчан аскерлери бар экенин, каршы чыккандарды куралдары менен кырып саларын, алар менен күчкѳ салып кармашкандан индейлер чоң жоготууга учурап каларын эскертти. Анан түндүн бир оокумуна чейин акыл калчашып, эртең бул жерден башка жакка ооп кетишмей болду. Бул акылды Кэйси айтты. Адеп укканда индейлер мындай сунушка түшүнбѳй калды. Тиги ак адамдар кайрылып келгиче күтѳбүз деп убадалашпадык беле, келгенден кийин таарынычыбызды ачык айтып туруп кѳчѳлү дешти. Эгерде аларды күтѳ турган болсок, анда алар бизге кѳп салык салып, чогуу бойдон бизди барымтага кармап, кул катары пайдаланат, алардын талабына каршы чыксак баарыбызды атып салат деди Кэйси. Кеткенден бѳлѳк айла жок деп айтты. Найза, саадак, чочмор, аркан менен кармаш салабыз деп бат атма мылтыкчандардан бѳѳдѳ кырылгандан кѳрѳ тигилерге билинбей акырын көчүп кетүү керек, же салыгын тѳлѳп берип, сен жакшы-мен жакшы деп жан багып жата берүү эп. Кэйси ахыбалды түшүндүргѳн соң актардын карамагына ѳтүүгѳ индейлер бир ооздон каршы чыгышты. Бирок убадалашкан күндү күтпөй кетип жаткандарына аң-таң калышты. Кейсинин сөзгө турбаганына өздөрүнчө жооп таппай коюшту.

Эртеси  кѳчүшкѳн жок. Кэйси менен мамилелеш индейлер жакын арадагы уруулаштарына кабар жеткиришип, кѳчѳ тургандарын билдиришкенде алардын ичинин каршы чыккандар болду. Актар менен ѳлбѳгѳн жерде калабыз, эч жакка кѳчпѳйбүз, салык тѳлѳбѳйбүз, актар ѳздѳрү келген жагына кете беришсин деп чыгышты. Анан кайрадан талаш-тартыш башталды, ар ким ар кандай пикир кармады. Бирок акыры кѳчѳ турган болушту. Индейлердин бири актардын мынтип жерге ээлик этиши Кэйсинин ойлоп тапкан амалы болуп жүрбѳсүн деген оюн айтты эле индейлер туш-туштан жаалап, аны ит талагандай абалга жеткиришти. Ал уруулаштарынын жемесин үн катпай укту; ак да, кѳк да дебеди, болгону эки-үч курдай сербегей мурутун жанып койду. Тигилердин оюна макулдугун же макул эместигин билдирбеди. Ошону менен эки күндүн ичинде индейлер бул талаштуу жерден кѳчүп кетмей болушту. Чечим ушундай кабыл алынды.

Индейлер унааларына жүктѳрүн артып, боюнда бар келиндер менен жаш балдарды аттарга, качырларга мингизип, арабасы барлары аттарын кошуп, алду-күчтүү жигиттер жүк артылган качырларды жетелеп, ата-бабаларынан бери жердеп келген бул чѳлкѳмдү таштап, убай-чубай жолго чыгышты. Алар алиги мурутчан ак адамга тийиштүү болгон Аскалуу Тоодон ары кетмей болушту, ошояктагы ээн жерге жайгашабыз дешти. Аерге чейин бери жагы үч-тѳрт күндүк жол, жетиш оңой эмес, жол татаал, ат кече алгыс күргүчтѳп аккан суулар, муз каптаган ашуулар, кѳк тиреген аскалар, кѳз кайкыткан аптаптуу талаалар, сормо саздар, айтор тозоктун жолунан кем калбас.

Аскалуу Тоо ѳрѳѳнүндѳгү дайрадан ѳтүү оңой болгон жок, суу тартылсын деген ой менен бир апта күтүп жатышты. Бирок суунун тартылар түрү жок, кара кочкул болуп ѳгүздѳй таштарды күлдүрѳтүп агызып,  кайра күчѳп бараткандай. Алдуу-күчтүү жаш жигиттердин бири балбан деген атына минип, дайраны байкап кѳрмѳй болду. Ат адегенде түрүлүп аккан кочкул суудан чочулап, артка кетенчиктеди, жигит аттын тизгинин кагып, жылан боор камчысы менен соорусуна басып-басып алды эле ат жүткүнүп, сууга кирди. Кирген эле жерден суу аттын ээр токумуна чыга түштү, ат артка бурулмак болду эле жигит кайрадан тизгинин кагып, сооруга камчы салды. Ат сууну жиреп алдыга жүткүндү, суунун шары аттын кѳчүгүн улам буруп, узун кыл куйругу суу үстүндѳ кылак-кылак этет. Ал башын койкойто кѳтѳрүп, кулагына суу кирип кетпестин амалын жасайт.

- Артка кайрыл!- деп кыйкырды жээкте тургандардын бири.

- Артка кайрыл!- деп кыйкырды Кэйси.

Суунун күркүрѳгѳн шарынан жигит аны уккан жок. Ат аркы ѳйүзгѳ жете албай турганын сезип, кѳчүгүн суунун агымы менен буруп, артка кайрылмай болду. Бул жолу үстүндѳгү жигит атка каршылык кѳрсѳтпѳй, ѳз жайына койду. Ат башын койкойтуп, артка кадамын эми шилтегенде чоң таш күлдүрттѳп келип жыга койду. Ат тизелей түштү. Кайра атып турмай болгондо дагы бир таш тийип, оңдурбай салды. Аттын буту сынган сыяктанды, ал сууну чапчыганы менен ордунан тура албады, аласалып, суу менен кошо аңтарылып агып жѳнѳдү. Үстүндѳгү балбан жигит бирде суунун үстүнѳн, бирде алдынан кѳрүнүп, ат менен кошо ал да аңтарылып-теңтерилип агып баратты. Жээкте жардашып тургандардан бири да сууга даап кире албады, жээктеп тѳмѳн карай суу менен жарышып далай жерге чейин жүгүрүп барышты. Анан дайра эки кууш асканын ортосуна оргуштап кирип кеткенде бардыгы токтоп калды. Андан ары сууну ээрчип бара алыша турган эмес, ат менен балбан жигит ошол кууш асканын ичине кирип кеткен бойдон жоголду.

Индейлер бул коогалаңдуу дайрадан ѳтѳ албай тургандарына кѳзү жеткен соң суу тартылгыча ушерде калмак болду; жүктѳрүн чечип, кийин кайра жыйнаганга оңой болсун үчүн жасаган алачыктарын күндүн аптабы менен шамалдан коргогонго ылайыктап, үстүн жеңил-желпи жаап коюшту.

Актар бир күнү болбосо, бир күнү келип кууп чыккыча деп ушерде ѳргүп калышты. Ал ортодо бир айча мезгил өттү, бирок эч ким алардын тынчын алган жок. Суу тартылганда деле аркы ѳйүзгѳ ѳтүшпѳдү.

- Баягы актар келип, бизди таппай калгандыр,- деди бир күнү индейлердин бири Кэйсиге.

- Келе беришсин,- деп койду Кэйси бейгам.

- Жок экенибизди көрүп, таң калышкандыр,- деди индей.

- А эмнеге таң калмак эле?- деп сурады Кэйси.

- Убадага турбаган немелер деп…

Кэйси кол шилтеп койду үнсүз. Индей сөздү андан ары улабады, бирок тигилер менен сөз алышкан соң аларды күтпөй, же кабар берип койбой көчүп кеткендерине жооп таба албай ичинен бушайман боюнча калды.

Кэйсинин үй-бүлѳсүнѳ кусалыгы аябай артты. Үй-бүлѳсү түшүнѳн кетпей койду. Уулу Биллдин өлгөнүн маркумдун энеси менен эки карындашынан жашырып жүрүп буерде өмүрү өтүп кетмей болду. Андан калса цвилизациядан кымындай түшүнүгү жок жапайы аборигендердин арасында табият жаралгандан бери адам аттуунун изи түшпөгөн мындай жапайы жерде жашоо да оңой эмес экен. Бул аборигендер Кэйсиге канчалык жакындашпасын, Кэйси да алардын мамилесине, чын пейилден жасаган жардамына ыраазы болгону менен баары бир ортодо көзгө көрүнбөгөн, түбү жок терең жик турду. Ал жикти Кэйси канча аракет эткени менен бүтөй ала турган эмес, буга Кэйси өзүн күнөөлөй албайт, буга индейлердин баёолугу менен дүйнөлүк цвилизация күнөөлүү болуп турду, ушул экөө бир кулакка жетпеген билектей болгон суунун эч качан бирикпеген эки жээги сыяктуу карама каршы багыттан жанбай койду. Эгерде ал билектей суунун бир жак жээгин уратсаң эки жээктин аралыгы улам алыстагандан алыстай берет. Ортодо суу болбогондо анда жээк да болмок эмес. Цвилизациянын өңү-түсү болбогондой эки жээкти бириктирбей турган суу өңсүз-түссүз, ал эми салмагы оор. Цвилизациянын пайдасы менен зыяны бирөөлөргө жеңил да, бирөөлөргө оор тийди, бири пайда тапса, экинчиси зыян тартты.

Индейлерге келип-кетип турушкан мурдагы актар жакшы эле, алардын чыр-чатагы болчу эмес, ичишчү, жешчү, анан актардан керектүү товарларды алып, алар сурагандарын берип, тигилер кайра артка кетип, булар жеринде калып, бири бирине жамандык санабаган. Бир курдай актардын алмашканга товарлары жетпей калып, эмдиги жылы эсептешебиз деп индейлерден чоң кемеге аң терилерди, асыл таштарды, бугу-маралдын мүйүздөрүн, дары чөптөрдү, айтор керектүүлөрүнүн бардыгын сылай жүктөп кеткен бойдон кайрылбаган. Ал кемедегилер кийин деле каттап, индейлер менен соода жасап жүрүштү, бирок улам жаңы жээкке келишип, индейлердин бөлөк тукумдары менен мамиле түзүштү. Карыз берген индейлер тигилерди көпкө күттү, келип калат деп акыйып жол карашты, ал эми актар болсо ошол кеме жолдо баратып, катуу толкунга кабылып, кыйроого учурап, жээкке чыккан эч кими болбоду, бардыгын акулалар жеп кетиптир деген сөз таратып жиберишти. Муну уккан индейлер өздөрүнүн чыгым тарткандарын ойлошкон жок, ошол кемедеги актарга боору ачып, алардын жанына жаннаттан орун берегөр деп кудайынан суранышып, курмандык чалышкан. Булар актар менен мамиле түзгөндөрүнө сыймык этишчү. Жердин бөлөк учунда жашаган бул ак адамдар индейлерге жардам бериш үчүн өмүрүн тобокелге салып, бороон-чапкынга кайыл болуп, кыйраганы каралжын мухит үстүндө  кыйрап калып, суу кудайы колдогон ажалы жоктор бул жерге жетип келгенин аборигендер эрдик катары баалай турган. Чынында эрдик болучу.

Мурдагы, тээ илгерки актарды индейдердин карылары башкача айтат; алар ак ниет, адилет, сылык, берешен эле, кыясы, актардын бөлөк тукумунан окшойт, азыркылар менен салыштырып болбойт дешет. Анда актарды күн жылып, деңиздин музу эригенден баштап күтүшө турган. Алардын келишине  колдо болгондорун жыйнап, актарга керектүүлөрүнүн бардыгын таап берүүгө аракеттенишчү, аларды капалантпай, ортодон кокус таарыныч чыкса, бардыгы актардын таламын талаша турган. Ошол актар сыйлуу, барктуу жана сөөлөттүү эле.

Азыр болсо бир ууч индейлердин ишениминен кетпеген Кэйси калды. Анын уулун деңиз жутуп салып, үч шеригин актар атып өлтүрбөгөндө ушул жапайылар менен мамиле түзмөк эмес, булардан оолак жүрмөк. Жапайы немелердин ойлорунда эмне бар экенин түшүнүп болбойт, айрымдары ак кишинин этин жесе бейишке чыгат деген түшүнүктө жүргөндөрүн укканы бар, бирок далили жок.

Кэйси индейлер менен андан бери эки жолу журт которду. Биринде курал-жаракчан ондон ашуун ак адамдар келип, Британиянын королдук канцеляриясы тарабынан мөөр басып бекитилген кагазды көрсөтүшүп, ай-уйду укпастан мылтык сунуп, жайлуу турагынан кууп чыгышкан.  

  Жер тарыгандан тарый берди, суусу мол, шалбаасы кенен дыйканчылыкка ылайыктуу аймактар түгүл кук эткен кузгун, как эткен карга токтобой, шамал жүргөндө чаңы көккө сапырылып, учу-кыйрына көз жетпеген чөлдүү прерия да актардын энчисине басылды. Индейлер уруу-уруу болуп тоо таянып кетишти. Алар ата-бабасынан бери жердеп келген мекенин актардан бошотууга нечен ирет кол салышты, ортодо кармаш катуу болду, актарды коргоп, согушка атайын даярдалган куралдуу аскерлер индейлерди кырып жиберди, жергиликтүүлөр көп чыгымга учурады, туруштук бере албай, актарга баш ийип беришти. Багынганга көнбөгөндөр тоону мекендеп калышты, баш калкалаганга башка жер буларды батыра албай койду. Ушул чеги жок Улуу Тоонун табияты өтө татаал; Кыргын Өрөөн, Кандуу Өрөөн, Каргыш Тоо, Барса Келбес, Ажалдуу Өрөөн, Оттуу Кокту... Илгертен аталышы ушундай, индейлердин далай мууну ушул өрөөндөр жөнүндөгү болумуштарды угуп чоңойгон.

Болумуштардын окуясы кайсы мезгилге туш экенин эч ким билбейт. Алардын бири мындай: Адам десең адам эмес, маймыл десең маймыл эмес, эки аяктуу тартайган түрү суук жаныбарлар жер үстүн кара таандай каптап кетет. Булар бөлөк планетадан куулгандар имиш. Алар пайда болгондон эле туш келген жандууларды жалмап, кырып-жоюп жиберет. Индейдердин кичине-чоңуна карабай, чыңырткан бойдон тирүүлөй колун кол, санын сан жулуп, сулп жутуп салышат. Булардан качып кутулууга болбой калды, мынтип отурса жер үстүндөгү жаныбарларды бат эле тукум курут кырып салчудай.

Индейлер жаа тартып, айбалта чаап айбат көрсөтүштү, тигилер бирин-экин чыгымга учурабаса, жалаңкычтарга эч ким түт келер эмес.Анан индейлер бул желмогуздардын оттон коркорун билип, туш-туштан жалындатып от кармап кууп, тоого камашат. Ал эми тоо жалама аска, андан ары учкан куштан бөлөк жандык өтө албайт.Желмогуздар кокту-кокту, өрөөн-өрөөнгө түшүп качып беришти. Индейлер от кармап, айкырык салып, артынан кууп, тигилер аскага барып такалганда артка кайтпасын деп коктулардын оозуна улуу от жагышат. Желмогуздар асканын түбүнө тыгылууга аргасыз болуп, ачкадан  бирин бири жеп киришет. Бирок мынча көп коктунун оозуна такай от жагып туруу индейлерге кыйын болду, анан алар кеңешип туруп, желмогуздар тыгылган коктулардын бардыгына өрт коюшат. Ошентип, тоо ичин бүтүндөй өрт каптайт. Жылдап күйгөн ошол улуу өрткө куйкаланып, желмогуздар жок болот.

Андан бери канча мезгил өткөнүн эч ким билбейт. Кыргын Өрөөн, Кандуу Өрөөн, Каргыш Тоо, Барса Келбес, Ажалдуу Өрөөн, Оттуу Кокту деп ошол окуядан калган дешет. Бул коктулардын тоо менен ашташында кагырагын  аппак сөөктөр күнү бүгүн да жатат, алар ошондогу желмогуздардыкыбы, кайберендердикиби, адамдардыкыбы, белгисиз. Индейдер бир кездерде тукумун коргоп калуу үчүн желмогуздарды өрттөп жоготушкан ушул коктуларга эми өздөрү кирип, баш калкалоого кириптер болду. Эгерде актар от коюп жиберсе булар тукум курут болоору шексиз. Бирок актар анткен жок, алардын мөөр басылган кагаздары бир кездеги индейлердин отунан да күчтүү эле, ал кагаздардын артында бат атма мылтыктарын кезеп, куралдуу жоокерлер турган.

Кэйси бир-эки курдай өзүнө шерик болуп жүргөн индейлердин таламын талашып, актар менен кайым айтышканга чейин барды, аягында анын кандаштары өзүн баш кылып, буерде турганыңардын бардыгын тырайта атып салабыз, бизге эч кандай жооп болбойт деп ачык айтышкандан кийин көчүгүн кысып калган.

Актар менен анын мамилеси болбой, кийин аларга кездешкенден качып жүрдү. Индей шериктери да аны туура түшүнүп, Кэйсини актардан катып калды, биринчиден, Кэйсини аяшса, негизгиси – өздөрүнүн коопсуздугун ойлошту, куралчандар менен айтыша кетсе, кесепети тийип, биз бөөдө өлүмгө дуушар болбойлу дешти. Муну индейлер Кэйсиге билдиришпеди көңүлүн ооруткусу келбей.

Ал ортодо Кэйси ооруп калды. Ордунан өйдө турса башы айланып, жаны жер тартып, асман, жердин бардыгы бир ордунда турбай айланкөчөк болуп жатты. Индейлер анын дартын шайтандар менен байланыштырды. Түндөсү от жагышып, үстүнөн Кэйсини аттатышты, анан өздөрү ары-бери атташты, кичинекей балдарды от менен аласташты. Жабышкан шайтандар отко күйүп, оттон аман калгандары качып, кесел адам оорусунан айыгып кетет дешти.

Кэйсини оттон аттатып атышканда териден тигилген төбөсү бийик баш кийимине куштун түркүн түскө боёлгон узун-кыска канаттарын сайып, үстүнө кызыл-тазылы көп кабат-кабат көйнөк кийип, бир колуна шалдырактар  тагылган таяк кармап, бир колуна арча түтөтүп, бетине арстандын кебин кийген шаман оорулууга кайрылып бадик айтып турду.

Аян берип, кулагыма үн угулат:

- Кеселдүүнүн сөөгү бекем болсун десең,

Жардамчы кыл периштени кара канат!

Аян берип, кулагыма үн угулат:

- Кеселдүүнүн каны тез жүрсүн десең,

Жардамчы кыл периштени көгүш канат!

Аян берип, кулагыма үн угулат:

- Кеселдүү демин терең алсын десең,

Жардамчы кыл периштени аппак канат!

Аян берип, кулагыма үн угулат:

- Кеселдүү жүрөгү ысык болсун десең,

Жардамчы кыл периштени кызыл канат!

(Оорулууга кайрылып)

Чыда, чыда, аздан соң дарт арылат!

Чакырыгым, асман-жерди уч аралап:

- Ойгонгула, периштелер кара канат,

Жер үстүндө периштелер, кара канат!

Чакырыгым, асман-жерди уч аралап:

- Жооп бергиле, периштелер көгүш канат,

Суу ичинде периштелер, көгүш канат!

Чакырыгым, асман-жерди уч аралап:

- Тургула, периштелер аппак канат,

Үйү шамал периштелер, аппак канат!

Чакырыгым, асман-жерди уч аралап:

- Жолго камын, периштелер кызыл канат,

Үйлөрү от периштелер кызыл канат!

( Оорулууга кайрылып)

Чыда, чыда, дарт денеден чыгып жатат![1]

Шамандан бадиги далайга уланды. Анан анын үнүн угушкан жер үстүндө жашаган кара канат, суу ичинде жашаган көгүш канат, шамалда жашаган аппак канат, от ичинде жашаган кызыл канат периштелер келип, кеселдүүнүн дартын бирлери жердин көз жетпеген тарабына, бирлери суу астына, бирлери асмандагы шамалга, бирлери жалындаган отко алып кетти.

 Ошондон кийин Кэйси бир аз жакшы болуп барып, кайра жыгылды. Индейдер дагы от жагып, аттатышты. Мында да Кэйси бир аз оңолуп, кайра ооруп калды. Индейлер эми оттон үчүнчү ирет аттатмай болушту, ушунусунда илешкендердин бардыгынан кутулуп, оорулуу какыс айыгып кетет деп эсептешти, бу жолу айыкпаса анда төртүнчүсүндө оорулуунун өзүн өрттөп салууга мажбур болушат, булардын ишениминде ушундай айтылат, муну аткарбаса, анда индейлердин бул уруусунун чоң-кичинесинен бери шайтан ээлик этип, айыкпас кеселге туш болуп, кырылып калат. Тилекке каршы, Кэйси үчүнчү жолу от аттагандан кийин айыгып кетпеди, мурдагыларында бир-эки күнгө жакшы болуп калчу, бу жолкусунда антпеди, эч кандай жылыш билинбеди. Эми индейлер айла жок анын өзүн өрттөп салышат. Бул алардын атам замандан бери келаткан ишеними, муну аткарбаса, анда өздөрү кудайдын каарына калат. Кудайдын каарына калган уруу оңолбойт, кудай буларга кайра ишеним бербейт, ырайым этпейт.

Индейлер төртүнчү отту качан жагышарын Кэйсиге айтышпады, булардын салтын билбегени бир жагынан жакшы болду. Бөлөк диндеги бул ак адам тигилердин даярдыгын шекшип калса, дартынан арылбай туруп көз жазгырып качып кетиши мүмкүн, анда эле шайтандары буерде кала берет, же жондоруна мылтык асынган актарына билдирип койсо, канткен менен денедеги кандары бир эмеспи, алар индейдердин Кандуу Из уруусунун бул тобун бат эле кырып салышат.

Индейлер төртүнчү отту айдын сапсары,тептегерек болуп толгон түнү жакмай болду. Кэйсини тирүүлөй отко түртүшүп, денеси толук күйгөндөн кийин күлүн көккө сапырып,ошол түнү шайтандардан арылат. Толгон айдын жарыгында шайтандар кача албайт, айдын нурлары көрүп коёт, анын толушуна алты күн калды. Алты күндөн кийин буюрса шайтан-шабырлардан кутулушат. Ак адамдан жаны бейиштен орун алат.

Кэйси жакшы адам эле, индейлер ага ишенич артып, көп курдай акыл сурашкан, ушулардын таламын талашып жүрүп актарга жек көрүндү. Ал үч шеригинен ажырап, ээн талаа, эрме чөлдө коколой башы жалгыз калганда ушул индейлер тээк болуп беришкен, анан алар өз тобуна кошуп алышкандан бери чогуу жүрүшөт, ачка-токту, азап-тозокту бирге тартышты. Кубанычтары да болду, бирок андай сезим буларда абдан аз кездешти.Эми мынтип ооруп калды. Индейлер үчүн Кэйсинин азыркы тагдыры өтө оор болуп турду, бирок кудайдын буйругу ушундай экен, аны аткарбай коюуга такыр мүмкүн эмес. Актардан тапкан жалгыз шерикти ажалдан алып калганга кудуреттери жетпеди, аракеттерин кудай кабыл алган жок. Андай болгондон кийин айдын толгонун гана күтүү калды, калганынын бардыгы дапдаяр.

Ооругандан бери Кэйсини өзүнчө бир чакан алачыкка бөлүп коюшкан. Тамактан өксү болгон жок, кээде акырын жылып сыртка чыгат, буерде олтурганда көбүнесе үй-бүлөсү эске түшөт. Андай кезде индейлер да жолтоо болбой  жанына жолобойт. Кэйси көпкө олтурат, кээде күн баткыча олтуруп калат, күнү бою үй-бүлөсүн ойлойт. Ойдун түбүнө жетпей койду, ойлогон сайын анысы узара, чоюла берет. Ошол бүтпөс ою менен алышып олтурганда жанына беш-алтыдагы индей бала келип, сөөмөйүн соруп жалдырап тиктеп калды.

- Кел, Улуксак, мындай олтур,- деп Кэйси дөңгөчтүн бир учун жаңсады.

Бала келип олтурду. Бирдеме айта турган болуп, эки көзү Кэйсиден өтүп кетти. Кэйси аны сезди.

- Эмне айтайын дедиң эле, айт,- деди Кэйси баладан көзүн албай.

Бала сөөмөйүн оозунан чыгарып, дөңгөчтөн өйдө туруп, Кэйсинин маңдайына келип, тике карап:

- Ай толгондо от жагып, сени өрттөйт, коркпойсуңбу?

Кэйси эмне дээрин билбей аңырайып нес болуп калды. Жүрөгү шуу эте түштү.

- Ким айтты?- деди баладан көзүн албай.

- Ямпас, Иктоми... –Бала жан-жагын карап, андан ары улабады.

- Эмнеге?- Кэйси ордунан тура калды. Анын оюна куйкалап жешет экен деген келди.

Бала билбейм дегенчелик эрдин түйрүп, эки далысын какты.

Кэйсинин ичи аңырайып бошой түштү. Дене бою калтырап, сүйлөгөнгө чамасы жетпей, баладан бирдеме сурайын деди, бирок үнү буулуп, сөз чыккан жок. Кэйси алдастап турду. Ал оорусун унутуп койду, мурдагыдай үч бүктөлбөй, түптүз болуп калды. Анысын өзү байкабады. Көкүрөгүнө качыш керек, кетиш керек деген орноду.  

- Улуксак, бас бери!- Аркы алачыктын оозунда турган аял балага кыйкырды. Ал баланын энеси болучу, бала жүгүргөн бойдон жетип барды. Энеси баланы желкеден алып, үйдүн ичине итерди. Итерип атып:

- Жанына жолобогула, шайтаны жугат деп айтпадык беле!- деп алкынды.

Ал Кэйсиге угулган жок.

Оорулууну отту үч ирет аттаткандан кийин кеселинен айыкпаса, анда төртүнчүсүндө өзүн өрттөп саларын Кэйси билбеген, ага айтышкан эмес, жашырышкан. Кэйсинин дартындай кеселдер индейлерде чанда кездеше турган, алар тез эле айыгып кетишчү. Бир кеселге төртүнчү жолу от жакканды бул уруудагы индейлердин ортоңку менен кийинки мууну көргөн эмес, улуу муундун өкүлдөрү эки-үч ирет күбө болгондорун айтып жүрүшөт.

Кэйси жер кезип кеткиси келди. Бул жапайылар менен жакындашып болбойт экен, табияттары бөлөк болгондон кийин тагдырды бириктириш өзүнө өлүм тилеген менен барабар окшойт. Индейдердин Кэйсиге жасаган мамилелери анын жалгыз калганы себеп болбоптур, аларды кызыктырган бул ак адамды отко тирүүлөй куйкалап курмандыкка чалыш экени Кэйсиге эми жетти. Мурда үй-бүлөсүн, туулуп-өскөн жерин, курбуларын, алыскы мекенинде калган жаш курагын эстеп, бирине кубанып, бирине ичи ачышса, азыр бардык кубаныч менен өкүнүч жандын таттуулугуна жетпей турганына түшүндү. Жалыны алоологон от, от ичинде колу-буту байланып, денеси дирт-дирт этип шишке сайылгын али тирүү ак адам, асманда тегерек сары ай, отту тегеректеп зикир чалган индейлер. Алар салтанаттарда кийип чыгуучу  кызыл-тазыл кооз кийимдерин кийип, жарактарын тагынып, баш кийимдерине парандалардын түркүн түстөгү канаттарын сайып, кулактарына, таноолоруна жалтырак-жултурак нерселерин шалдырата илип алышып, добулбастарын кагып, ирээтсиз жапайы кыйкырып салып, отту айлана басып жүрүшөт. Оттогу дене куйкалангандан кийин индейлер колуна тийген жерин кесип, көө баскан ысык этти үйлөп жеп, сөөктөрүн өчө элек отко ыргытып жиберип, асмандагы тегерек айды карап, курмандыгыбызды кабыл этегөр деп кудайга жалынып, анан үй-үйлөрүнө тарап кетишти.

Кэйсинин көзүнө ушулар көрүндү. Биз Кызыл Из тукумунанбыз деген ушул индейлер Пауни аттуу чоң уруунун бир бөлүгү, ал чоң уруу бир нече аталыкка бөлүнүп, буерде ак адамдар көбөйүп, жерге ээлик болуп алышкандан кийин бардыгы туш-тушка: тоо-таштардын, узун-туурасы чексиз прериянын мурда адам баласынын изи түшпөгөн тараптарына сиңип кетишкен. Эми алар эч убакта кайра мурдагысындай уруу-уруу болуп чогуу жашабай тургандыгын Кэйси аларга бир нече жолу айткан, бирок индейлер буга ынанган эмес. Кайра биригип, ар бир уруу өз аймактарына кайтып келе тургандарына ишенип, ошол ишеничтерин туу тутуп, мурдагы кайсы бир заманда өткөн бабаларынын эрдиктерине сыймыктанып, алар жөнүндө узун сабак ыр айтышат. Ал окуялар качан болгонун эч ким билбейт, ырларда индейлер кудайдын сүйгөн пендеси катары эсептелет, анан кайдан-жайдан жоо келип, чатак салып, беймарал жаткан индейлердин кырылганы кырылып, тирүү калгандары качып, алыс жактарга сай-сайлап тарап кетишет. Көрүнгөн элге кул, күң болуп жүргөндө Деганавид менен Гайавет деген эки баатыр чыгып, жер жүзүндөгү индей урууларын бириктирип аскер курап, баскынчыларды кууп чыгып, индейлер ата-бабасынын жерине кайтып келет.

Ыр ушуну баяндайт. Муну баштан аяк толук билген ырчыны жолуктурбаганын индейлер өздөрү айтып жүрөт. Кээ бирлери азыркы келген ак адамдарды кошуп ырдайт. Ак адамдар индейлердин ата-буваларынан бери жердеп келаткан мекенинен ажыратканын айтышат. Ырды укканда Кэйси сөз өзүнө тийип, ырчы аны сөөмөйү менен көкүрөккө сайып көрсөтүп жаткандай сезет. Эртедир-кечтир Улуу Британияга жол түшүп, Мекенине аман-эсен жетсе королдук канцеляриясына кат жолдоп, индейлерге жасалып жаткан зордукчулукка каршы маселе көтөрүүнү ойлоп жүрөт. Муну индейлерге айткан, индейлер ага чоң ишенич артышкан, анан ал кеселдеп калып, үч жолку дубадан ылаажы болбогондон кийин тигилер үмүттөрүнөн ажырай түшкөн.

Жан өтө таттуу экен. Кэйси оорусун заматта унутту. Мурдагы соо кезиндей болбосо да тың басып калганын индейлер дароо байкады. Аны  адеп шаман көрдү, бир жуманын ары-бери жагында кеселман айыгып кетерин мурда эле айтканын, үчүнчү ирет от жагышканда денесине жабышкан шайтандар жалынга чызылдап куйкаланып атканын өз көзү менен көргөнүн бир айтып бир, эки айтып эки койбоду.

Кэйсинин сакайып баратканына индейлер чындап сүйүндү. Кесепеттүү шайтандарга дубанын күчү жетпей, эм-дому түшпөй койгондо ай тептегерек болуп толгон кезде төртүнчү ирет от жагышып, ал отко Кэйсинин өзүн өрттөмөк болгондорун, бул ишеним кудуреттүү кудайдын шарты экенин айтып беришти.  Кудай булардын суранычын кабыл этип, ак түстүү досу дартынан кутулуп, азыр жашап турган дүйнөнү алмаштырбай, булар менен жер үстүндө калганынын  урматына эки торопойду куйкалашып, арак-шараптарын жайнатып, улуу отту тегеректеп ырдап, бийлешти. Бул жолу шаман менен Кэйси ардактуу орунга олтуруп, сый көрүштү. Шамандын дубасы, өзү, дегеле турган турпаты менен сырдуу, касиеттүү, сыйкырдуу сезилип, башкалардын көзүнө көрүнбөгөн нерселерди көрүп турганы, асмандагы төрт түстүү периштелер менен байланышы болгондугу индейдерди таң калтырды. Кэйси болсо индей бала айткан оттун жандырмагына эми түшүндү.

Ал ушул учурдан пайдаланып, Мекенине кетүүнү чечти. Оорусунан тыңыбаганын, корккондон ушундай абалда экенин билип турду, буерде калса асманда ай толгондо суроо-сопкутсуз өрттөп салышарын сезди. Ошентип, тезинен жолго камынды. Индейлердин шаан-шөкөт менен узатабыз дегенине көнбөдү, канчалык тез кетсем, кайра ошончо тез келемин деп ишендирди.

Индейлер Кэйсиге тийиштүү алтындан бөлөк асыл таштарды, аң терилерди, дагы толгон токой буюмдарды үч качырга сылай жүктөп, курал-жаракчан он беш жалоондой жигиттер аны Кыргын Өрөөндөн коштоп чыгышты.

Индейлердин жаш-карысы дебей далай жерге чейин жөө-жалаң узатып  келип, көздөрүнө жаш алып, кучакташып, ийин тийиштирип коштошуп артка кайтышты.

Кеме токтогон жээкке кечкурун жетишти, эртең  күндүз сапарга чыгат экен, узатып келген жигиттер Кэйсинин жүктөрүн кемеге салып, түнү бирге болуп, эртеси кол булгалап ажырашты.

Ошо бойдон Кэйси кайрылып келбеди, үй-бүлөсүнө аман-эсен бардыбы, жокпу, индейлерге кабар жетпеди. Британиянын королдук канцеляриясы дүйнөлүк картада  Америка деп аталган материктин түндүк тарабын атам замандан бери мекендеп келген калктын мүдөөсүнө ылайык жер укугун коргогон мыйзам жарыялаган жок. Учу-кыйрына куш учуп жетпеген прерияга  өңдөрү ак, кара, сары адамдар толуп чыкты. Ошолор жер ээлери болуп калды. Териси кызыл өң индейлер сүрүлүп, азайып, түгөнүп барат.

2013-14-ж.

 

[1] Бул индей шамандарынын дубасы.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз