Тайир Аширбай: Кичинекей аңгемелер

  • 03.02.2022
  • 2278

ЖАМГЫР

Жалгыз тамчылуу жамгыр жаады. Аттиң ай, кол чатырымды унутуп калыпмын.

ТҮШ

Түндө түшүмө өзүм кирдим. Кудум өңүмдөгүдөй өзүмдү өзүм тааныган жокмун.

ГҮЛ

Туулган күнүмө эң жакын досум гүл көтөрүп келди.

- Кайдан апкелдиң ? - деп сурадым.

- Мүрзөдөн, - деп жооп берди ал.

АНЫН ЫСЫМЫ

Маркумду акыркы сапарга узатышкандардын бүт баары "Ыраматылык жакшы адам эле" деп айтышты. Анын ысымы, лакап аты "Жаманбай" эле...

КОТОРМО

Өзүн өзү "Улуу акын" эсептеген калемгердин ырлары Өпкөнүн тилине опоңой оодарылды. А бирок, Жүрөктүн тилине эмнегедир которулбады...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз