Өзбек жаш калемгерлеринин чакан аңгемелери

  • 01.02.2022
  • 3389

Темурмалик УКТАМОВ: Тарбия

Мектептин каршысындагы үй. Атасы эми тили чыккан баласына бир сөздү үйрөтүп жатты:

– Апаңды сөгүп бер-чи балам, бир сөгүп бер...

Андан бери далай жылдар өттү. Мектептин маңдайындагы ушул эле үйдө атасы баласын жемелеп отурат:

– Акмак, энени да сөгөт бекен...

Аслиддин МУСТАФА: Кардар жана уста

— Мага эшик жасап бер-чи, — деди кардар жыгач устага. – Сулуу болушу шарт эмес, бирок бекем болушу керек. Мейли, ага караган эл экинчи ирет карабасын. Эң негизгиси, аны эч ким ачалбасын.

— Макул, анда. Аны каерге орнотосуң? Үйгөбү же короогобу?

—Жүрөгүмө, – деп жооп берди кардар.

Нодир КУЛМАТОВ: Акыбет

Коңшу үйдөн баланын ыйы угулду.

Айылда:

— Тынччылыкпы?

Шаарда:

— Тынчтык барбы?

Лобар ЖАББОР: Реформа

"Эгемендик доорунда кеңири реформалар түп-тамырынан бери жакшыртылган иштер, болуп көрбөгөндөй пландар ишке ашырылды. Өлкөбүз дүйнөдөгү эң өнүккөн мамлекеттердин катарына кирип, эл аралык стандарттарга жооп берген продукциялары менен чет элдиктерди таң калтырууда..."

Профессор чогулушта шыктануу менен сүйлөп жатканда жарык өчүп калды. Сыртта жамгыр катуу жаап, коридорго суу толуп кетти.  Жыйындар залынын чатырынан суу өтүп жатты...

Нигора МУХАММАД: Жардам

– Уулум, муну ал. Ишим жакшы эмес дедиң эле. Анчалык көп болбосо да, бир керегиңе жарайт, – деп апасы баласынын чөнтөгүнө пенсиясынын акчасын салып койду.

Баласы үйдөн чыгып, бир кучак кып-кызыл гүлдөрдү сатып алды да, сүйгөн кызына карай шашты.

Аржумандбегим: Кезек

– Менин энем!

– Жок!! Менин энем!!

Неберелеринин жан дили менен энесин талашып жатканын көзүнө жаш алып убайымдуу карап отурган Халима эненин кыялы уулунун чечкиндүү үнү менен тарап кетти:

– Апа, кеттик. Келиниңиз бардык нерселериңизди даярдап коюптур, бул айда агамдын кезеги эле...

Нилуфар УЛУГБЕКОВНА: Ыракат

– Шаарда 8 бөлмөлүү үй бар. Жыргап, ойноп жашап жүрөм да. Айылда жүрөмбү, иним, сага окшоп талаада чөп чаап. Сени алып кетейин десем, барбайсың. Бул айылда эмне бар?

– Эмнеге “үй бар, бөлмө бар” дейсиң? "Менин үйүм" деп айтпайсың?

– Ээ, азыр батирде, иним.

– Айылда эмнем бар экендигин айтайынбы. Сегиз бөлмөлүү болбосо да, сеникиндей сонун болбосо да, айылда өзүмдүн үйүм бар!

Сухроб АЗИМИЙ: Кусалык

– Ой, карачы, бул бала кандай татынакай экен! Көз тийбесин! Шапкесинин жарашканын айтпайсыңбы!?

– Жасантып кайда алып баратасың бул баланы? – деп сурады автобуста сүйлөшүп бараткан аял жанындагы аялдын баласын колуна алып.

– Атасынын алдына баратабыз. Аны көргөнүбүзгө көп убакыт болду. Ал бизди абдан сагынган, - деди аялдын суроосуна жылмайып жооп берди.

- Иштеген жери силерден алыспы? Күнү бою колу бошобойт ко. Жашоо эмнеге гана мажбурлабайт. Мейли, баласын сагынат, тез-тез алып барып тур. Көрүп аябай кубанат.

- Аа, албетте. Ошондой...

Автобус бир аз жүргөндөн кийин балалуу аял:

– Шопур байке, көрүстөндүн алдына токтоңуз. Бизди түшүрүп кетиңиз. Бара турган жерибизге жеттик, — деди да жанындагы аял менен “жакшы жетип алыңыз” деп коштошту.

Нурияхоним: Үй-бүлө

Кең короо, бир үй, эки шакек, ЗАГС күбөлүгү, төрт бала, он беш жылдык өмүр... Арабызда эч нерсе жок дейт ал кишим!

Кобилбек ЗИЁ: Амал

Ал куптан маалы болуп калганыктан, үстөл үстүндөгү ачкыч жана кулпусун алып, светти өчүрүп, “Алкоголдук ичимдиктер жана тамеки өнүмдөрү” дүкөнүн жаап, мечитти көздөй жөнөдү...

Эзоза ИСМАТОВА: Билдирүү

– Чай ичесиңби же кофе?

– Кофе.

– Кайсынысынан?

– Сени менен бирге иче турганынан!

Эркин ШОНАЗАРОВ: Жасалмалык

Жаныбарлардын терисинен кымбат баалуу кийимдерди кийген камкор адамдардын тобу "Жаныбарларды сактайлы" деп жазылган баннерлерди көтөрүп көчөнү толтуруп басып баратышат.

Дилобар АСЛИДДИН кызы: Эшик

Эжемдин дагы көзү көгөргөн. Бул жолу да эшикти сүзүп алыптыр.

– Болду, эми, - деди апам. - Аны менен жашабайсың. Ажырашасың.

Эжем жооп берди:

– Жок, ал эшик – менин жашоом.

Нуриддин ЗИЁ: Күтүү

Ал «атаң кар жааганда келет», – деди баласына.

Жаз болчу...

Ал «кар жааганда келет атаң», – деди баласына.

Жай келди...

Ал «атаңды кар жааганда тосуп алабыз», – деди.

Күз эле...

"Атаңды Аяз ата алып келет", – деди.

Кыш болчу...

Байкуш жетимдикте токсон жыл Аяз ата жана карды күттү...

Өзбек тилинен которгон Нодирбек ЮЛДАШЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз