Өзбек жазуучусу Манзура Абдуллаеванын чакан аңгемелери

  • 29.01.2022
  • 3319

Манзура АБДУЛЛАЕВА 1994-жылы 30-октябрда Наманган облусунун Төрөкоргон районунда төрөлгөн. Наманган мамлекеттик университетин бүтүргөн. Өзбекстан Жазуучулар союзунун “Талант мектеби–VIII” семинарынын катышуучусу. Наманган мамлекеттик университетинин докторанты.

М.Абдуллаева Өзбекстан Жаштар союзунун жана Навои атындагы мамлекеттик стипендиянын, “Узбекистон белгиси” (“Өзбекстан белгиси”) төш белгисинин, Зульфия атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. 2019-жылда "Жылдын айымы" республикалык конкурсунун жеңүүчүсү.

Өзбекстан Жазуучулар союзунун мүчөсү, өзбек, орус жана англис тилдеринде “Окшошумду эч таппайсың”, “Үмүт менен дүйнөгө келдим”, “Сиз менен жолукмайынча”, “Күн эртең келет”, “Кумган”, “Бала көз”, “Исхакхан Ибрат – көп кырдуу чыгармачылыктын ээси”, “Окугандарым жана билгендерим”, “The sun will definitely return”, “Sponger”, “Хонзодабегим” аттуу 12 прозалык жана илимий-популярдуу китептери жарык көргөн.  

ТАНДОО

– Ата, апамды жакшы көрөсүзбү же мениби? – деп сурады Муниса бала бакчанын дарбазасынан чыгып.

Самат бир аз тынчсыздангандай башка жакка тиктеп, тамагына бирдеме тыгылгандай болуп...

– Апаңды, – деп жооп берди.

– Эмне үчүн? – суроолуу тигилди кызы.

– Сени дүйнөгө келтиргени үчүн...

ТАГДЫР

Ал көрүстөндөн корккону үчүн ал жакка өмүр бою кадам баскан жок. Атасы өлгөндө да, энеси өлгөндө да, аялы өлгөндө да барбады. Бирок адамдар аны баары бир алып барып коюшту.

ЧЫНДЫК

Эртең менен көзүн ачса, сүрөтүн маңдайына илип коюшуптур. Шайтанды көргөн кишидей катуу чочуп кетти.

"ОКШОШТУК МЫЙЗАМЫ"

– Оо, шамал, эгер сен чындыгында эр жүрөк жана күчтүү болсоң, анда менин саман алачыгымды эмес, кошунам Байбөрүнүн эбегейсиз чоң имаратын талкалап салмаксың, – деди Жанмамат сууктан бүрүшүп.

– Мен жасай албайм, – деп шамал жылмайып койду. – Мен алсыздарга гана кол сала алам. Эгер менин азаптарыман кутулгуң келсе, Байбөрүнүкүнө окшогон эбегейсиз чоң имарат кур!

– Уятың жок экен!

– Бул базар экономикасы.

МЫНАКЕЙ!

Шакасым гүл менен кыздын жүрөгүнө жол тапмакчы эле, болбоду. Кимдир-бирөө буга чейин бул жолду акча менен тапкан экен.

АРМАН

Дарак эми гана жаңы бышкан мөмөсүн көргүсү келген эле, эл аны үзүп кетти.

"ЖАҢЫ" СЫНАК

Жеңүүчү аныкталды. Андан кийин жарышка даярдык күчөдү.

АТТИҢ

Ал түрмөдөгү досун сагынганы үчүн да уурулук жасады.

УУРДАЛГАН ГҮЛ

– Мен кеттим. Сизге бакыт каалайм, – деди аял.

Эркек бир сөз айталбады.

Аялдын карегинен жаш сызып турду...

ДАЛИЛ

Бала дайыма терезени карап, атасынын келишин күтчү. Бирок бир күнү үйдүн жертөлөсүнөн аварияга учураган сары машиненин сүрөтүн таап, алгач бардыгына түшүндү. Ошондон кийин ал бүт үмүтүн үздү.

САТЫП АЛЫНГАН БЕЛЕК

Ханзадасын күтүп, чыдамы кеткен ханбийке аны өзү издеп барды жана акыры кайырчы менен баш кошту.

ОДА

Ал бүгүн да көчөдөгү ашыктарына арнап жазган ырын окуп, аялынын ыраазычылык сөзүн укту.

КАЛЕМ КАШ БААТЫРЛАР

– Эркектер кылыч менен жете албаган жеңишти кайраттуу, айлакер аялдар калем менен багынткан, – деди тарыхчы аалым окуучуларын темага кызыктырып.

– Кантип? – деди шакирттери бир жаңылык уккандай таң калышып.

– Кантмек эле. Кашына калем койду да.

КАРАМА-КАРШЫЛЫК

Күйөө менен колукту бири-бирине шакекке көз койгондой мас эле. Алар бири-бирине абдан окшош эле. Бир гана айырманы эсепке албаганда. Айырмасы, күйөө бала эл арасында өзүн бактылуу сезсе, а колукту болсо жалгыз калганда...

Өзбек тилинен которгон Нодирбек ЮЛДАШЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз