Илгери бир кытай аткаминери Вьетнамга келип, бүткүл дүйнө жүзү боюнча сүрөттү эң тез тарткан адам өзү экенин айтып мактанат.
Муну уккан Кин аттуу вьетнам аткаминерге мындай дейт:
- Таксыр, мен да сүрөттү тез тартам. Келиңиз, мелдешели. Экөөбүздүн кимибиз кайын экенбиз.
- Жарайт! Мен кагылган коңгуроонун үнү басылгыча кандайдыр бир жаныбардын сүрөтүн тарта салам. А сенчи? – дейт текебер кытай кербездене сүйлөп.
- Кайсы жаныбардын? – деп сурайт Кин.
- Кайсы жаныбар болсо да!
- Канча жаныбарды? – кайра сурайт Кин.
- Бир жаныбарды.
- Бир жаныбар да кеппи! Мен он жаныбарды тартам, - дейт Кин ишенимдүү.
Бирок аткаминер буга ишенбейт. Ошентип мелдеш башталат. Экөөнө май боёк, калем, кагаз алып келишет. Кытай калемди колго алып камданат, Кин жөн турат. Мелдеш башталып, коңгуроо кагылат. Кин дароо эки колун тең боёкко мала калып кагаздын бетин тырмап жибергенде анда ийрелеңдеген он из калат. Кытай бир заматта чымчыктын сүрөтүн тарта салып, Кинден сурайт:
- Бул эмнең?
- Көрбөй турасызбы? Ажыдаарлар! – дейт Кин кебелбей.
- Хе-хе-хе! Тапкан экенсиң ажыдаарды? – күлүп жиберет кытай.
- Бизче ажыдаар, силерче сөөлжан, - дейт Кин ишенимдүү.
- Кандайча? – түшүнбөй калат аткаминер.
- Жөн гана силер, кытайлар, топурак арасында жашаган сөөлжандар өзүңөр сыйынган ажыдаарлар экенин билбейсиңер. Андай болбогон күндө да мен коңгуроонун үнү басылгыча он сөөлжандын, демек он жаныбардын сүрөтүн тарттым, - дейт Кин мөөрөйү үстөм болгонуна бакылдап. Анын сөзү жөндүү болгондуктан аткаминердин жеңилүүнү моюнга албаска аргасы калбайт.
Ошондон кийин эл шамдагай иштеген кишиге “Кин сөөлжан тарткандай тез кыймылдайт” деп мүнөздөмө берчү болот.
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR