Кабардин эл жомогу: Чиркей менен дарак

  • 20.12.2021
  • 3458

Чиркей акең зыңылдап, кайдадыр учуп бараткан.

Аңгыча шамал келаткан кайсы бир тараптан.

Чиркейди алып жөнөдү, ой-бойго койбой арт жакка.

Жөн учурбай урмай болду жол боюнда даракка.

- Бүттүм! – деди чиркей, бирок кыйкырды бакка аңгыча:

- Качкын! Мен тийгенде омкорулуп калганча!..

Шуулдап келип, тийди шамал даракка,

Туш келгенден улам жарылган бутакка

Аман калган чиркей, барганда айтты ары жакка:

- Качсаң эгер кетпейт элең жарака...

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз