Чыңгыз Айтматов: Ауэзов жөнүндө сөз

  • 09.02.2022
  • 3818

Жыл өткөн сайын көзүбүз жетип, ынанып жатпайбызбы: бул жалганда баары өтүп, баары өзгөрүп турат. Жазмыштагы жан бүткөндүн баарына түгөл таандык бул мыйзам кала берсе алда качан көзү өтүп, аты-жөнү урпактардын эсинде жүргөн маркумдарга карата айтканда да маанисин жоготпойт.

Алар үчүн убакыт, арийне кыйыр түрдө – биздин аң-сезимибиз аркылуу өтүп жатат, алар үчүн тарых да ушинтип уланып жатат. Мындай деп айтканым, мезгил аттуу фактордун эч кимдин кадыр көңүлүнө карабаган, эгерим өзгөрбөс жана шексиз болбой койбос мерездик жайы бар. Башкача айтканда, ал баарын өз ордуна коюп, өткөндүн тарыхына, санжыра-санатына, качандыр бир мартаба көрүнгөн каадалуу иштерге, тигил же бул адамга, тигил же бул окуяга байланыштуу айтылган официалдуу жана жеке мүнөздөгү ой-пикирлерге, берилген бааларга алымча-кошумча кийирип турат.

Мезгилдин мына ушул мыйзам ченеми бүткүл ыраатынан жана калбаатынан жанбаган шексиздиги менен айрыкча адабиятта жана искусстводо, жазуучулар менен чыгармалардын тагдырында кашкайып таасын көрүнөт. Неге дегенде улам кийинки урпактар ким болбосун, эмне болбосун анын баарын муундардын рухий тажрыйбасындагы жаңы баскычтын талаптарына, өнүгүүнүн алдыда турган түйүндүү маселелерин акылга салып, аңтарып карап чыгуунун муктаждыгынан улам келип чыккан жаңыча чен-өлчөмдөргө ылайык сыноого коюп, сынынан өткөрүп турат. Биз демейде, акыйкат деп атап койчу тарыхый объективдүүлүктүн өзү дал ушул күч.

Бир кезде тоодой болуп көрүнгөн бараандуу ысымдар, айланып мезгил өтсө, кадимки кол жетчү дөңсөөдөй болуп пасайып кеткен күтүүсүз кокустуктар ушундан келип чыгат. Андыктан, бул ачуу чындыкка тен берип, моюн сунбаска чара жок. Ырас, кээде мындан башкача да болушу ыктымал. Башкача айтканда, урпактар күтүүсүз жерден капкалуу казына таап алгандай көзү бар кезинде анчейин баркталбай калган же таанылбай кеткен чоң талантты ачып алышы мүмкүн. Мындайлар да болот. Бирок сейрек болот. Буга караганда бир учурда көкөлөтө макталып, сый-урматтын мамыгына бөлөнгөн бараандуу көрүнүштөр сыйынан тайып, жели чыккан шар сымал бөксөрүп кеткен учурлар көбүрөөк жолугат.

Бирок кеп аңыты мында эмес. Бул өңдүү кокустуктар кантсе да турмуштун туткасы боло албайт. Чындыктан жаралган чындык, жер катмарынын силкинүүсүнөн пайда болгон туу чокулар, заман өзү жараткан азамат уулдар болот. Буга калганда башкача чен бирдиги керек. Мына эстеп көрсөк, Ауэзовдун арабыздан кеткенине а-бу дегиче канча бир жылдын жүзү болуп калыптыр. Баягы унутулбас кезеңдердей аны менен маңдай-тескей олтуруп, масылет салып, маек курбай калганыбызга көп болду. Ошондогу өзөк өрттөгөн кайгыбыз да аз-аздап унутулуп, ага көнүп калгансыдык. Андай экен, бүгүн биз Мухтар Ауэзов сымбат-сыры күбүлбөй муундардын сынынан өтүп, тарых алдында зоболосу ого бетер бийиктеди деп кесе бүтүм чыгарып айта алабыз. Бул мезгилдин ичинде Мухтар Ауэзовдун ысымы, анын чыгармалары жеке бир адамдын өмүр таржымалынан жалпы элдин тарых таржымалына өсүп чыкты. Ушу тапта Мухтар Ауэзов менен казак эли деген сөз бир түшүнүктүн туюнтмасы болуп калды.

Ушу тапта М.Ауэзовдун ысымы казак элинин бүгүнкү маданиятын, анын руху менен акыл-эсин туюнтуп, улуттук сыймыктын туусу болуп калды. Ушу тапта ХХ кылымдын классиктери деген сыпаттама түшүнүктө Мухтар Ауэзовдун да ысымы бар. Кеп оролу мына ушул жөнүндө болмок.

Мен бул жерде доклад жасайын деп жатканым жок. Бар болгону жүрөктүн каалоосунан улам чыгармачылык жактан Ауэзовдун иниси жана жолун туткан шакирти катары жумурда жүргөн кебимди, анын улуулугуна башымды ийип, тен берген терең ыраатымды журт алдында угуза айтып, Ауэзов тууралуу айрым ойлорумду бөлүшүп, кээ бир фактыларды айта кетсемби деп кана турам.

Мухтар Ауэзовдун улуулугу жөнүндө айтканда, мен анын улуттук аң-сезимдин, казак элинин философиясы менен образдуу дүйнө туюмунун терең кыртышынан угутун жарып, тарыхый жактан тамырын түптөп өнүп чыккан талантынын, коомдук жаңы идеялар менен сүрөткердик ойдун байманасын ташыткан азыркы замандын көрүнүктүү окуясына – Октябрь революциясына ыкыбалы туш келген таланттын, өз доорунун турмуштук тажрыйбасы менен кошо бардык мезгилдердеги орток тажрыйбанын түп мааниси – адамзаттын эңсеген эң башкы идеяларын өзүнө сиңирип, жакшылык менен жамандыктын дүйнөлүк ажытына ой чаптырып, көз таштаган бийиктикке чапчаң көтөрүлүп чыга алган таланттын эволюциясын эске алып олтурам.

Мухтар Ауэзовдун залкарлыгы дал ушунда, анын чыгармачылыгынын нарк-насили да ушунда. Казак элинин тагдыры жайында кеп салып, казак элинин турмушун сүрөттөп жазуу менен Ауэзовдун ою адам болмушунун маңызын универсалдуу маанидеги масштабдарда аңдап билди. «Эңлик-Кебектен» тартып монументалдуу «Абайды» көздөй кадуулап жүрүп олтурган өзүнүн чыгармачылык жолунда жазуучу бизге дал ушулар жайында өлбөс-өчпөс санатын калтырды. Андыктан, Ауэзовду ал өзү талашсыз түрдө татыктуу болгон наам менен атай турган маалы келди. Мухтар Ауэзов – биздин күндөрдүн улуу гуманисти. Буга анын бүткүл өмүр жолу, залкар тоодой чыгармачылыгы күбө.

ХХ кылымдагы басма ишинин теңдешсиз жыйнагында – адамзаттын бардык мезгилдердеги көркөм акыл-оюнун шедеврлеринен: алгачкы жазма даректерден, Шумердин чопо табличкаларынан, байыркы Египеттин папирустарынан, Вавилон менен Акада жазууларынан тарта сан-миңдеген жылдардын катмарланган чыпкасынан сарыгып өтүп, бардык кылымдар менен доорлорду басып, жер – жер болуп жаралгандан берки маданияттар менен цивилизациялар аркылуу бизге келип жеткен, тарых өзү тандап, ылгап элегинен өткөргөн көөнөргүс көркөм эстетикалык мурастардан түзүлгөн бүткүл дүйнөлүк адабият китепканасынын 250 томунда – Данте менен Шекспирдин, Толстой менен Томас Манндын, Горький менен Шолоховдун катарында – дүйнөлүк адабияттын 250 томунун 2 тому биздин Мухтар Ауэзовго ыйгарылгандыгы жөнөкөй бир кокустук эмес! Мындай орун классик атанган ар кандай эле адамдын энчисине тие бербейт. Муну мен казак элинин жалпы адамзаттын көркөм дөөлөтүнө кошкон салымы деп эсептейм.

Ал турсун мен муну түрк тилине кирген өткөндөгү бардык көчмөн элдердин салымы деп айтар элем. «Абай жолу» эпопеясы – бул биздин көркөм жана социалдык энциклопедиябыз, жалпы мандатыбыз, көз кайкыткан Евроазиянын мейкининде жашап келген бардык мезгилибиз жөнүндө, өткөндүн мукураган муң-зарлуу тарыхында эмне көрүп, эмне баксак, ошонун баары жөнүндө, көчмөн маданиятыбыздын, поэтикалык улуу сөзүбүздүн түбүн түптөп, тирүүлүктүн асылдык жана ымандык зыйнатын ылгап, бу дүйнөдө не таанып, нени билсек, ошонун баары жөнүндө жарнакташып, берген жалпы отчётубуз. Булардын баары Мухтар Ауэзовдун чыгармачылыгында, анын прозалары менен драмаларында, баарыдан мурда Россиянын революциячыл тагдырына жазылган социалдык добулдун жакындап калган шоокумун даана туйдуруп турган «Абайда» таасын көрүндү.

Ушул кыяпаттан айтканда, Ауэзов биздин жалпы маанидеги көркөм тарыхый ойдун дүйнөлүк чабытына алып чыкты. Кең ааламга көз чаптырып караш үчүн, башка элдердин баамына урунуп байкалыш үчүн, адам рухунун кадырын кастарлап, алар менен үн алыша, үзөңгүлөш жүрүш үчүн – рухий кароол дөбөгө ээ болуу зарыл. Мухтар Ауэзов биз үчүн дал ошондой бараат чыккан бараандуу бийик чоку. Демек, өзүбүздүн ким экендигибизди, кандай даражада тургандыгыбызды да М.Ауэзовдун бийиктигинен баалап, ал аркылуу башка маданият, башка элдер менен алака түзүп, алыш-бериш жасай алабыз.

Бүгүн дал мына ушулар жөнүндө айта турган маал келди. Бүгүн дал мына ушулар менен дүйнө жамаатынын алдында сыймыктанар чак келди. Анткени Ауэзовду мусап тутуп, андан өзүбүздүн акыл-эсибизди, ар-намысыбызды жана рухубуздун ажайып көркүн көрүп, ал аркылуу дарек-дайыныбызды башка элдерге маалым кылып, алардын алдында баркыбызды Мустакемдей алдык. Ауэзов аркылуу биз ойдун куралы катары, биздин тарыхый салт-санааларыбыздын казына кампасы катары түрк тилдеринин мүмкүнчүлүгүн дүйнө элине таанытып, анын байлыгы менен күчүн көрсөтө алдык. Андыктан Ауэзовдун эмгегин, анын чыгармачыл ой-чабытын мөөр чөбүндөй сейрек жана теңдешсиз деп айтканга биздин толук жүйөбүз бар. Бул жерде мен «Абай жолу» үчилтигинин тарыхыйлыгын, масштабдуулугун, а болбосо эпикалык залкарлыгын гана айтып жатканым жок. Бул ансыз деле белгилүү, төтөн көңүлгө түйөр нерсе, романдын башкы каарманы – Абай Кунанбаев азыркы туштагы реалисттик адабияттын айбары бийик, алп образдарынын катарында шаңкайып алда-кайдан көрүнүп тургандыгында. Ал эми романдын урумда жок керемети, кайталангыстыгы болсо ракета сымал ааламдын айдыңын көздөй Ауэзов өзүнө жол ачып, «Абайды» анын түбөлүк орбитасына чабыттатып, кеңири чөлкөмдө кара аттын кашкасындай кылып таанытып, муну менен кошо бирдей эки ачылыш жасап, кош бирдей милдеттин өтөлүнө чыгып жатканында.

Ауэзов Абайдын адамдык арбайын бийик көтөрүп, даңаза кылса, Абай өз кезегинде ойчул жана акын катары казак элин Урумга угузуп, даңаза кылып турат. Мунун баары эгиздин жубундай болгон жарашыгынан жанбай, телегей журтка тең орток энчиге айланып, кайда гана жашабасын, кайсы гана тилде сүйлөбөсүн, кандай гана обондо ырдабасын сөз кудурети жан-жарандын баарын баш коштуруп, боордош кылып, санаалаштык сезимин жаратып, ар бир пендезаттын жандүйнөсүнө жаңырыктап шоокум салган, ага түшүнүктүү, жакын турган түбөлүктүү сезимдер менен түшүнүктөргө барып тогошот. Болмушту көркөмдүк жактан аңдап-билүүнүн керемет күчү мына ушунда эмеспи. Абай менен Ауэзов менин түшүнүгүмдө бир-биринен ажырабас адамдар.

Учурдан пайдаланып, жазуучунун ушул сабактары мени эмнеге үйрөткөнүн айта кетким келет. От материянын тулкусуна жердигинен эле кошо бүткөн сыңары улуу акындын чыгармачылыгында да жеринен эле элдин үнү кошо бүтөөрүн шарттаган өзүнчө бир мыйзам болорун мен дал Ауэзовдон улам түшүндүм. Дээринде кошо жашап, канында кошо кайнаган нерсенин баары, адамдардын акыл-эсинде, жан-жүрөгүндө, дүйнө туюмунда тургандын баары акындын өнөрүндө өзүнүн эң бийик туюнтмасын табат. Акын дегениң таң-тамашада, кыйын кысталышта эл чогулуп, эл жыйылып турчу өзүнчө эле бир граждандык аянтка айлангандай болот.

Ошондуктан эгер акындын ырлары элдин жандүйнөсү менен үмүт-тилегин ибараттап турса, эгер акындын ырларында Ата Мекен даңкталып, анын тарыхы баяндалса,эгер акындын ыры адамды бешиктеги кезинен тартып, өмүрүнүн эң соңку күнүнө чейин, ал баралына келип иштесе ишке тойбой, сүйсө сүйүүгө канбай, күчкө келип, күр болуп турган чагында да, турмуштун ачуу-таттуу тузун татып, акылы ааламды калчап, адам рухунун түбөлүк өлбөстүгүн, тирликтин маанисин тамыр кармаган табыптай туюнуп, тажрыйбага карк болуп турган чагында да, кыскасы, өмүр жолунун бардык учурларында коштоп жүрүп отурса, анда акыл-эстин көзөлү жана сыймыгы, ата-бабаларыбыздан келаткан тилибиздин кутманы жана байманасы аталган ыр жашасын. Кайсы тилде болбосун аны ким биринчи ойлоп тапса да сөздүн пири – туңгуч ыр жашасын, эртеңки күндө дүйнөгө келе турган ыр жашасын...

Ауэзовдун «Абай жолун», анын маанисин ар ким өз алдынча көрүп, өз алдынча түшүнгөнгө акылуу. Мен болсо аны жогоруда айтып өткөнүмдөй түшүнөм. Өзү үчүн гана жашап жана өз үйүнөн чыкпаган бир да бир адабият улуу атана албастыгын Ауэзов эң жакшы билген. Орус реализминин тажрыйбасына, европалыктарча ойлоонун келберсиген кеңдигине жана маданиятына жазуучунун канчалык канык болгондугун анын бүткүл чыгармачылыгы ырастап турат. Бул жерде Ауэзовду көңүлгө тута туруп, мындай деп айтуу жөндүү болор эле: орус классикалык адабияты, орус совет адабияты биз үчүн чеберчиликтин жана идеялык бийиктиктин тунук башаты болгон жана болуп жатат.

Мен баяраакта көзү өткөн маркумдар үчүн да мезгил өтүп жатат, аты-жөнү урпактардын эсинде жашап жүргөндөр үчүн да тарых уланып жатат деп айт канымда, аларды сөздүн көркү үчүн айтканым жок. Жазуучунун жетимиш жылдык мүчөлүнөн берки он жылдыктардын ичинде Ауэзовдун чыгармачылыгы кең-кесири изилденди, толукталып, өнүктүрүлдү. Ауэзовдун алгачкы жана керемет чыгармаларынын бири «Дүрбөлөң заман» повести анын көзү өткөн соң биринчи мертебе орус тилинде жарыяланды. Менин баамымда бул биз үчүн чоң жана принциптүү окуя болду. Мунун өзү совет адабиятынын өнүгүшүндөгү туура жолдорду партия адаттагысындай эле айныбай көрүп жатканына кепил боло алат.

«Дүрбөлөң заман» жайында мен өз учурунда азыноолак пикиримди айткан элем. Чебердиги, көркөмдүк күчү жагынан алганда повесть чыгаандык менен жазылган. Бул саам мен Ауэзовдун ушул чыгармасынын саясый маанисин айтсамбы дейм. «Дүрбөлөң заман» – Россия империясынын бардык аймактарында социалисттик революциянын болбой койбосу шексиз экендигин көрсөткөн дагы бир далил, социалисттик интернационализм элдердин ортосундагы мамилелердин өнүгүшүндөгү жалгыз туура жол болгонун ырастап, биздин турмуштун таламын жактаган дагы бир далил. Ушуга байланыштуу мага бул жерде «Дүрбөлөң заманга» жазган баш сөздө айткан оюмду кайталап коюунун ыңгайы келип турат окшойт. Эгер Октябрь революциясы болбосо, көчмөн казактар менен кыргыздардын андан аркы тагдыры эмне болорун ойлоп көрсөң үшүң качат. Айтууга оозум барбайт, мүмкүн, биз болбос белек. Ал эми түбөлүк өмүр сүргүсү келбеген эл барбы? Ошондуктан жалгыз ушу нерсе үчүн эле – Октябрь революциясынын Россияда көз жарып, империялык колониянын сөөгүн сөпөт кылып, ошол аркылуу биздин элибизди кумда изи, сайда саны калбай тукум курут болуудан куткарып калгандыгы үчүн гана мен өлөр-өлгөнчө даңктап өтүүгө даярмын жана балдарымдын балдарына уркубуздун башатын Октябрдан баштап санагыла! – деп осуят айтаар элем.

Деген менен акыркы жылдарда биз Ауэзовдун көркөм санжырасынан ачкан жаңылыктардын эсеби «Дүрбөлөң заман» менен эле бүтпөйт. Айтылуу «Караш-караш окуясы» жана «Көк серек» повесттери киноэкрандан экинчи өмүрүн тапты. Эгерде, ар нерсени өз аты менен атоо керек болсо, бул чыгармалар кино өнөрүнүн табиятына жана мыйзамдарына ылайык нукура таланттуулук менен тартылды деп айтууга тийишпиз. Ошон үчүн алар советтик кинематографтын соңку кездеги эң мыкты жетишкендиктеринин катарына кирип олтурат.

Кыргыз кинематографисттеринин бул окуяга тикеден-тике тиешеси болгондуктан, мага бул тууралуу айтуу андан бетер жагымдуу. Кыргыз искусствосунун көрүнүктүү ишмерлери – Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Сүймөнкул Чокморов Ауэзовдун чыгармалары боюнча тартылган фильмдерге бүткүл жан-жигерин, кайталангыс чеберчилигин сарпташып, жалпы баарыбызга бирдей кымбат көрүнгөн Мухтар Ауэзовдун алдындагы өздөрүнүн инилик сүйүүсүн жана таазимин билдиришти. Эгер Мухтар Ауэзовдун кыргыз маданиятына жасаган өзгөчө бир ыкластуу мамилесин жана анын алдында сиңирген өлчөөсүз эмгегин эске алсак, анда казак эли менен бирге эле аны өз уулу, өз жазуучусу, өзүнүн көрүнүктүү өкүлү катары эсептеген атпай кыргыз журтунун көңүл жүйөөсү да толук мыйзамдуу.

Муну мен дале болсо сыпаалык үчүн айтып жатканым жок. Ауэзов жамаатташ кыргыз адабиятына канчалык көп убактын бөлүп, көңүлүн буруп, жардам көрсөткөнү жумурай-журтка маалым. Элдин оозеки поэтикалык чыгармачылыгына текеберлик менен карап, жүнү тескери айланган мамиленин айынан кыргыздын улуу эпосу «Манаска» обу жок айыптоолор тагылып, кыйын-кысмак күн түшкөндө Ауэзовдун таш жарган билимине таянып, анын принциптүүлүгү жана тандырбас далил-жүйөлөрүн арка тутуп, коомчулук элдин ушул өлбөс-өчпөс көркөм казынасын кол тийгизбей коргоп калгандыгын биз баарыбыз билебиз. Ауэзовдун ошондогу атуулдук азаматтыгын, жазуучулук эрдигин биздин эл эч качан унутпайт.

Кыргыз кинематографисттери Ауэзовдун ысымын ыйбаа туткан ыраазылык сезимден, анын алдында өздөрүн милдеткер сезген боордоштук парзынан улам анын чыгармаларына кайрылышты. Ауэзов коомдук процесстердин маңызын кең-кесири карап, чыгармачылык жүйөдөн туруп түшүнгөн. Ал элдердин ортосундагы нукура мамыр мамилелердин мыяткери болгон. Улуттук маданияттардын бардык саралуу, прогрессивдүү жана өнөгөлүү жактарын орток энчи катары өзүнө сиңирип, ошол эле учурда ар түрдүү тилдердин жана маданий өзгөчөлүктөрдүн оожалып өсүшүнө кеңири мейкиндик ачып жаткан совет коомунун бирдиктүү маданиятын түзүп жатып деп айткан ал, биз өзүбүздүн улуттук жактан тектештигибизди – тарыхый жактан калыптанган этникалык, лингвистикалык жана маданий жалпылыктарыбызды эсептен чыгарып салууга акыбыз жок. Тескерисинче, казактар менен кыргыздарга бактылуу тагдырдын барактарын ачып берген социализмдин жаңы шарттарында аларды революцияга чейинки мезгилде энчибизге түшкөн рухий кенемтенин ордун тезирээк толуктоо үчүн, искусство жана адабият жагынан күчтөрүбүздү бириктирүүдө бири-бирибизге жардамдашуу үчүн пайдаланууга тийишпиз.

Өңгөнү билбейм, мен өзүм ауэзовдук ушул салттардын, ауэзовдук ушул осуяттардын, интернационалдуулукту ауэзовчо түшүнүүнүн жалындуу тарапкеримин. Андыктан Калтай Мухамеджанов экөөбүз азыркы туштагы казак-кыргыз интеллигенциясынын турмушунан алып, «Фудзиямадагы кадыр түн» аттуу пьеса жазганыбызда, биз муну ар бирибиздин кыларга ишибиз, саларга кушубуз жоктугунан эмес, Ауэзовдун осуяттарын тажрыйбада, иш жүзүндө орундатуу ниетинен улам жасадык.

Биздин күндөрдө, биздин коомдун шартында тигил же бул улуттук адабият интеллектуалдык жактан кандай өрүшкө, не деген көркөм бийиктиктерге, не деген рухий өркүндөөгө жетише аларын Мухтар Ауэзовдун тажрыйбасы тана алгыстай кылып далилдеп турат. Ошол үчүн биз совет адабиятынын өрмөк жиптей бир өзөккө байланып бараткан өнүгүү жолун чет элдик айрым чилистендер айтып жаткандай сай-сайлап, ажырап бөлүнүү же болбосо улуттук тилдердин жугу калбай монолингвизмге жутулуп баратышы катары эмес, көп түрдүү жана көп тилдүү социалисттик маданияттардын идеялык саясый бүтүндүгү катары түшүнөбүз, себеби ар бир тилде бүтүндөй бир элдердин кылымдардан бери кыярбай келаткан турмуштук тажрыйбасы, илгери үмүтү менен арзуу тилектери катылып жатат.

Тил деген – бул элдин автопортрети макалдуу. Ар бир тил өз жөнү менен, ордунда турганы менен улуу, ар бир тил жалпы адамзаттык нарк-зыйнаттардын кампасындагы кымбат баалуу жана кайталангыс казына. Муну биз – лениндик улут саясатынын салтында тарбияланган адамдар ушундайча түшүнөбүз.

Сүрөткер менен эл – эки өркөч тоодой өзөктөш, эгиз нерсе. Талантты эл жаратат, анын чебер өкүлдөрү түзгөн бардык көрөсөн иштердин баалоочусу да, сактоочусу да ошол эл. Булардын байланышы тутумдаш: сүрөткер – элдин рухий жөлөгү болсо, эл – сүрөткердин рухий тиреги болот. Орус элинин улуттук аң-сезими болбогондо Пушкин – Пушкин болмок беле да, грузин тили, грузин эли болбосо Шота Руставелинин дарек-даңкы ушул күнгө чейин жетет беле. Анын сыңарындай, азыркы казак эли болбогондо, совет коому болбогондо, Ауэзов канчалык чыгаан болгон күндө да, анын атак-даңкы менен улуулугу азыркыдай бийик угумга айланмак эмес. Ушул мааниде айтканда, Мухтар Ауэзов бактылуу жаралган адам. Анткени анын ысмы юбилейлик даталарда гана эмес, ташпиши көп күнүмдүк турмушта деле канчалык сүймөнчүк, жалпы элдик мээримдүү медил менен аталып жүргөнүнө, казак элинин рухий турмушунда азыр Ауэзов кандай орунду ээлеп турганына биз баарыбыз күбөкербиз.

Жер бетинде казак тили менен казак эли жашап турганда Мухтар Ауэзовдун ысымы да жашай бермек. Адамдар бул турмушта китеп окуп турганда Мухтар Ауэзовдун ысымы да доорон сүрө бермек...

1977-жыл.

«Мухтар Ауэзов жана Кыргызстан» аттуу «Турар» басмасынан жарыкка чыккан китептен алынды.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз