Антон Чехов: Ионыч

  • 10.02.2022
  • 3746

АҢГЕМЕ

Губерниялык С. шаарына келгендер бул жердеги турмуштун бир жактуу эрикме экенине наалый баштаганда, ага актангансыган жергиликтүү тургундар тескерисинче, С. шаарында баары сонун экенин, анда китепкана, театр, клуб барын, үлпөт кечелер өтөрүн, анан да таанышууга ыктай турган акылдуу, кызыктуу, жагымдуу үй-бүлөлөр барын айтышчу. Эң эле билимдүү, таланттуу бүлө катары Туркиндердин үй-бүлөсүн көрсөтүшөр эле.   

Булар башкы көчөдө, губернатордун жанындагы менчик үйдө жашашчу. Туркин, Иван Петрович өзү эткээл, кара чачтуу, жаагын бойлото коё берген сакалы бар келбеттүү адам, кайрымдуулук иретинде үйүндө ар кандай оюндарды коюп турар эле, өзү картаң генералдарды ойноп, жөтөлгөнүн абдан күлкү кылганга маш болчу. Ал анекдот, куйкум тамаша, макалдарды абдан көп билчү, тамашалашканга, чымчылап тийишкенге уста эле, карап турсаң кебете кепшири да түшүнүксүз, же тамашалап, же олуттуу айтканын билбейсиң. Аялы арык чырай, келбети жагымдуу, pince-nez (тегерек көз айнекчен) тагынган айым Вера Иосифовна повесть, романдарды жазчу, аны келген конокторуна жан дили менен окуп бергенди жакшы көрчү. Алардын жапжаш кызы Екатерина Ивановна болсо роялда ойночу. Кыскасы, бул үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү кандайдыр бир талантка ээ эле. Туркиндер келген конокторду кучак жая тосуп, өз таланттарын аларга куунак маанай менен чын жүрөктөн тартуулашчу. Алардын таш үйү кенен, жайкысын салкын, терезелердин теңи жазында булбул сайраган көлөкөсү коюу эски бакты карачу. Коноктор үйдө отурганда ашканадан бычактардын такылдаганы угулуп, бүт короо куурулуп жаткан пияз жыттанып, бул дайыма берекелүү, даамдуу кечки тамактан кабар берчү.

Мындагылар жаңы эле айылдык врач болуп дайындалып, С. шаарынан тогуз чакырым алыстагы Дялижге жайгашкан доктор Старцев Дмитрий Ионычка да интеллигент адам катары Туркиндер менен таанышып алыңыз дешкен. Анан бир жолу аны кышында көчөдөн Иван Петрович менен тааныштырышкан. Аба ырайы, театр, келте оорусу туурасында кеп салышып, Иван Петрович аны конокко чакырган. Кийинчерек жазында, Вознесение майрамында бейтаптарды кабыл алып бүткөн соң Старцев бир аз алаксып, сейилдеп, анан анча мынча буюм-тайым сатып алганы шаарга жөнөдү. Шашпай жөө (өзүнүн аты жок эле) басып, кайсы бир ырдын:

мен али турмуш кесесинен көз жаш иче элекмин... деген сабын кыңылдап баратты.

Шаарга келип түштөндү, бакта сейилдеп жүрүп Иван Петровичтин конокко чакырганы эсине түштү да Туркиндерге барып таанышып, алардын эмне адамдар экенин көрө кетмей болду.  

— Саламатсызбы, мархамат, — деди аны кире бериштен тосуп алган Иван Петрович. — Сиздей жагымдуу мейманды көргөнүмө абдан кубанычтуумун. Жүрүңүз, сизди жубайым менен тааныштырайын.

- Мен бу кишиге айттым, Верочка, - деди ал докторду аялына тааныштырып, - өзүңүздүн ооруканадан чыкпай отурганга сиздин эч кандай римдик укугуңуз жок, эс алаар бош убактыңызды коомго арнаңыз дедим. Туура айтамбы, жаным?   

— Мына бул жакка отуруңуз, — деди Вера Иосифовна мейманды жанына отургузуп. — Сиз менин көңүлүмдү ала берсеңиз болот. Күйөөм кызганчаак, бул накта Отелло, бирок өзүбүздү эч нерсе байкабагандай алып жүргөнгө аракет кылабыз. 

— Ах сен, эрке жөжөм десе... — назик күбүрөгөн Иван Петрович аны маңдайынан өөп койду. — Сиз абдан убагында келдиңиз, — деди ал кайрадан конокко кайрылып, — менин жубайым чоң роман жазып бүттү, бүгүн аны окуп берет.

— Жанчик, — деди Вера Иосифовна күйөөсүнө, — dites que lon nous donne du thé (чай апкелгиле деп койчу – франц).

Старцевге Екатерина Ивановнаны тааныштырышты, бул арыкчырай, ыйманы ысык, апасына куюп койгондой окшош кыз экен. Жалжылдаган баёо көз карашы баланыкындай, бели да бир тутам ичке, турган турпаты назик, кош алмасы тирсие тирелип бойго жеткен, дени чың, жаз жөнүндө, чыныгы жазды бериле сүйлөгөн сулуу кыз эле. Анан кыям, бал, конфет, даамы ооздо эриген печенье менен чай ичишти. Кечке жуук бирин-серинден коноктор келе башташты, алардын ар бирин көздөрү күлмүңдөгөн Иван Петрович кире бериштен тосуп алып жатты:

— Саламатсызбы, мархамат.

Кийин келгендердин баары конок бөлмөгө чогулуп, олуттуу жүздөрү менен ойлуу отурушту, анткени Вера Иосифовна өз романын окуп жатты. Ал: «Аяз күчөгөндөн күчөдү...», - деп баштаптыр. Терезелердин баары аңкайта ачык эле, ашканадан бычактардын такылдаганы угулуп, куурулган пияздын жыты келип турду... Мамыктай жумшак, терең креслодо магдырап отурган өзүнчө ыракат эле, иңир чалган конок бөлмөдөгү чырактар мээримдүү жумшак нур чачып, көчө жактан үндөр, шарактаган күлкү угулуп, короодогу сирендин аңкыган жыты мурунга урган жайкы кечте аяздын кандайча күчөп баратканын, уясына отурар күндүн муздак нурлары кар баскан мейкиндикке жана жолдо жалгыз кетип бараткан жолоочуга кандайча тийип жатканын түшүнүү кыйын эле; Вера Иосифовна өз кыштагында мектеп, оорукана, китепкана курган жаш, сулуу графиня жөнүндө жана ал жер кезип жүргөн сүрөтчүнү кантип сүйүп калганы туурасындагы романын окуп жатты. Ал дегеле жашоодо эч качан болбос нерселер туурасында окуп жатса да аны угуп отуруунун өзү жагымдуу, жайлуу болчу, коноктор бейкапар, жан жыргаткан ойлордун кучагына малына, эч ким ордунан козголгусу келбей, магдыраган сезимдерге балкып отурушту.

— Түзүк... — акырын үн катты Иван Петрович.

Угуп отурса да ойлору алда кайда кезип жүргөн коноктордун бири аны угулар угулмаксан кубаттап койду:

— Ооба... чын эле...         

Бир саат, эки саат өттү. Жакын жерде жайгашкан шаардык сейил бакта оркестр ойноп, хор ырдап жатты. Вера Иосифовна дептерин жапканда отургандар беш мүнөттөй унчукпай, хор ырдап аткан «Лучинушканы» тыңшап калышты, романда жок бул ыр дегеле турмушта болбогон нерселерди жеткирип жаткандай эле. 

— Сиз чыгармаларыңызды журналдарга бастырасызбы? — деди Старцев Вера Иосифовнадан.

— Жок, — деди ал, — мен эч кайда бербейм. Жазам да шкафыма катам. Бастыруунун эмне кереги бар? – деди ал. – Бизде жан бакканга каражатыбыз жетиштүү.

Отургандар эмнегедир тегиз үшкүрүп алышты.

— Эми сен бирдеме ойноп бер, Котик, — деди Иван Петрович кызынан сурана.

Роялдын капкагын ачып, даяр жаткан ноталарды жая салышты. Екатерина Ивановна отурду да эки колу менен клавишаларды урду, анан күчүнүн болушунча дагы урду, кайра дагы, дагы урду, ийиндери менен көкүрөгү титиреп кирди, ал бир эле жерди өжөрлөнө ургулай берди, тимеле клавишаны роялдын ичине кага киргизип жибермейинче токтобочудай. Конок бөлмө каңгыр-куңгур добушка толду; пол да, эмеректер да баары калдыр-шулдур түшүп калды... Екатерина Ивановна дал ушул татаалдыгы менен кызык, чубалжыган узун, тажатма татаал бир пассажды ойноп жатты, аны угуп отуруп Старцев бийик тоодон тынымсыз таш кулап жатканын элестетти, батыраак эле токтосо деп тиледи. Ошол маалда чыңалуудан жүзү албырган, кайраттуу, чечкиндүү, кулпурган чачы маңдайын жапкан Екатерина Ивановна ага абдан жагып да турду. Дялиждеги оорулар менен мужиктер арасында өткөн кыштан кийин конок бөлмөдө отуруп мына бул жаш, сулуу, аруулугу шек жаратпаган айжаркын жанды, кулак кужурун алган тажатма болсо да маданияттуу добуштарды угуп отуруу ушунчалык жагымдуу, бир башкача жыргал эле...

— Жарайсың да, Котик, бүгүн сен тимеле укмуш башкача ойнодуң го, — деди көзүнөн жашы кылгырган Иван Петрович кызы ойногонун бүтүп ордунан турганда. — Өлүп кал, Денис, мындан артык жаза албайсың.

Баары кызды тегеректеп куттуктап, суктанып, мындай музыканы көптөн бери угушпаганын айтып, ал болсо ууртунан жылмая мактоолорду угуп, туруш-турпатын бийлеп алган салтанатка балкып турганы.

— Мыкты! Укмуш!

— Сонун!— деди көпчүлүктүн шаңына ыктаган Старцев да. — Сиз музыкага кайдан окудуңуз эле? — деди ал Екатерина Ивановнага. — Консерваториядабы?

— Жок, мен консерваторияга эми кирейин дейм, азырынча бул жерде эле, Завловская айымдан сабак алып жатам.

— Сиз бул жердеги гимназиянын курсун аяктадыңыз беле?

— О жок! — кызы үчүн жооп бере салды Вера Иосифовна. — Биз мугалимдерди үйгө чакырганбыз, а гимназияда же институтта терс таасир деген болушу ыктымал да, туурабы? Бойго жеткен кыз энесинин гана таасири астында болушу керек.

— А мен консерваторияга баары бир барам, — деди Екатерина Ивановна.

— Жок, Котик апасын гана жакшы көрөт. Котик апасы менен атасын капа кылбайт ээ?

— Жок, барам дедимби, барам! — деди Екатерина Ивановна, анан кылыктана жер тепкилеп да койду.

Кечки тамактын үстүндө болсо өз талантын эми Иван Петрович көрсөтүп отурду. Ал көздөрү менен гана күлүп, анекдот айтып, элдин баарын куйкум тамашага салды, күлкүлүү бир табышмактарды берип, алардын жообун кайра өзү таап, чоңдуу, тезүк, тыраң ыраазымын деп өзүнүн азилдешкенге кайра-кайра машыга берип такшалган өзгөчө тилинде гана сүйлөп жатты, бул ага адат болуп калса да керек...   

Бирок баары муну менен гана бүтүп калган жок. Курсактары ток, ыраазы болгон коноктор кире бериште топурап өзүлөрүнүн пальтолору менен таяктарын алып жатканда алардын жанында малай Павлуша, же биердегилер Пава дешчү он төрт жаштардагы чачы тегиз кыркылган болтойгон балакай айланчыктап жүрдү.

— Кана, Пава, көрсөтүп койчу! — деди ага Иван Петрович.

Пава позага тура калып, колдорун жогору көтөрдү да кайгылуу добуш менен:

— Өлүп кал, шордуу! – деди.

Баары каткырып калышты.

«Кызык экен», — деп ойлоп койду көчөгө чыгып баратып Старцев.

Ал кайра ресторанга кирип пиво ичти да Дялижди көздөй жөө кетти. Жол бою:

Сенин үнүң мага назик жана кумарлуу... деп ырдап баратты.

Тогуз чакырымды жөө басып уйкуга жатканы менен ал чарчоо дегенди түк сезген жок, тескерисинче, дагы жыйырма чакырымды ыракаттана басып өтүүгө даяр эле.

«Түзүк...» — деген эсине түшүп кетти уктап баратып, анан күлүп койду.

II

Старцев Туркиндердикине баргысы келгени менен ооруканада иши чачтан көп, ныпым бош убакыт таба албады. Ошентип көшөрө иштеп жалгыз жашаган бир жылдан ашуун убактысы өттү; анан бир күнү ага шаардан көгүш конвертке салынган кат келди...

Вера Иосифовна эчактан бери шакыйдан жабыркап жаны кыйналып жүргөн, бирок Котик консерваторияга кетем деп күн сайын коркута баштаганы талмасы ого бетер күчөп, бат-баттан кармай баштады. Туркиндердин үйүнө келбеген шаардык дарыгерлер калган жок; анан акыры кезек айылдык дарыгерге да жетти. Вера Иосифовна ага жан кейиткен узун кат жазып, анын мүшкүлүн жеңилдетип кетишин өтүнүптүр. Старцев дароо эле жетип келип, ошондон кийин Туркиндердикине бат-баттан каттачу болду... Ал чынында эле Вера Иосифовнага кичине жардам кылгансыды, ошондон улам ал келген коноктордун баарына Старцевдин колу жеңил, өзгөчө дарыгер экенин айтып мактай баштаган. Бирок ал Туркиндердикине Вера Иосифовнанын шакыйын айыктыруу үчүн гана келбеген...

Майрам күн болчу. Екатерина Ивановна роялда өзүнүн узундан узун эриктирме көнүгүүлөрүн ойноп бүтүп, анан ашканага киришти да чай ичип көпкө отурушту. Иван Петрович демейдегидей эле күлкүлүү бирдемелерди бабырап отурду. Бир оокумда эшиктин коңгуроосу басылды, кожоюн кире беришке чыгып, келген кайсы бир мейманды тосуп алышы керек эле. Старцев жагдайдан дароо пайдалана койду да катуу толкундануу менен Екатерина Ивановнага шыбырады:

— Кудай акы, сизден жалбарып суранам, мени кыйнабаңызчы, жүрүңүзчү, бакка чыгалы!

Кыз ийнин куушурду, ага эмне керектигин таптакыр түшүнбөгөнсүп таңдангандай түр көрсөттү, бирок ордунан туруп жөнөдү.

— Сиз эки-үч саат роялда ойнойсуз, - деди ал кыздын артынан ээрчип, — анан апаңыз менен отурасыз, ошондуктан сиз менен сүйлөшүүгө эч ылаажы болбой атат. Мага жок дегенде чейрек саатыңызды арнап коюңузчу, суранам...

Күз жакындагандыктан эски бактын ичи маанай түшкүдөй суз, жымжырт, аллеядан жааган карарган жалбырактар бут алдында жайнайт. Эрте эле иңир кире баштаган.

— Сизди көрбөй калганыма бир жума болду, — кебин улантты Старцев, — мунун мен үчүн кандай азап экенин билсеңиз кана! Отуралычы. Мени угуңузчу.

Экөөнүн тең бакта жакшы көргөн жери боло турган, бул бутак шагы кенен жайылган эски клёндун астындагы отургуч. Азыр да ошого келип отурушту. 

— Эмне айтайын дедиңиз? — кургак, кайдыгер сурады Екатерина Ивановна.

— Мен сизди бир жума бою көрбөдүм, үнүңүздү бир жумадан бери уга элекмин. Үнүңүздү абдан уккум келет. Сүйлөй бериңиз.

Кыз аны аруулугу, көздөрүнүн, жүзүнүн баёолугу менен суктандырып турду. Жадагалса, келбетине куп жарашкан көйнөгү, туруш-турпатынын жупунулугу, ийкемдүү баёо кыймылы аны өзгөчө көрсөтүп турду. Бирок ошол эле маалда мындай баёолугуна карабай, кыз ага абдан акылдуу, жаш туруп эрте жетилгендей сезилди. Старцев аны менен адабият, искусство, дегеле эмне туурасында болбосун сүйлөшүп, ага жашоодогу арманын же башкаларга карата сынын айта берчү, бирок мындай олуттуу сүйлөшүү учурунда кыз күтүлбөгөн жерден өзүнөн өзү күлүп жиберип, же үйгө кире каччу. Ал бардык шаардык кыздардай эле китепти көп окучу (С. шаарында дегеле китеп окуган адамдар аз, ошондуктан жергиликтүү китепканачылар айткандай, эгерде жаш жөөттөр анан кыздар болбогондо китепкана небак жабылмак). Бул Старцевге абдан жакчу, ал дайыма толкундануу менен кыздан акыркы күндөрү кайсы китепти окуганын сурачу, кыз окугандарын айтып берип жатканда ынтаасын коё уга турган.    

— Биз көрүшпөй калган бул апта ичинде эмнени окудуңуз? — деп сурады ал. — Айтыңызчы, өтүнөм сизден.

— Писемскийди окудум.

— Кайсы чыгармасын?

— «Миң жанын», — деди Котик. — Писемкийдин аты абдан күлкүлүү экен: Алексей Феофилактыч!

— Сиз кайда? — жүрөгү түшө сурады Старцев, кыз күтүлбөгөн жерден тура калып үйүнө жөнөгөндө. — Мен сиз менен сүйлөшүшүм керек, сизге баарын айтышым керек... Жок дегенде беш мүнөт отуруңузчу мени менен! Жалынып суранам!

Кыз бирдеме айтчудай токтоп калды, анан анын колундагы бүктөлгөн катты олдоксон сунду да чуркаган бойдон үйүнө кирип кетип кайра роялга отурду.

«Бүгүн, түнкү он бирде, — деп окуду Старцев, — көрүстөндө, Деметтинин эстелигинин жанында болуңуз».

«Ушу кантип болсун, — деп ойлоду ал эсине келе. — Мында көрүстөндүн кандай тиешеси бар? Бул эмнеси?»

Котик аны жөн эле шакабалап атканы түшүнүктүү эле. Түн ичинде тээ шаар тышындагы көрүстөнгө жолугушууга кел деген кимдин оюна келет, жөн эле көчөдөн же шаардагы бактан жолукса болбойбу? Ашыктыктын айынан үшкүргөнү, кыздан кат алганы, келесоодой болуп түн ортосунда көрүстөнгө темселеп барганы, айтор жадагалса, гимназисттер бир жери менен күлөр жоруктарды жасаганы эми ага, кадыры бийик, салабаттуу земство докторуна жарашабы? Мындай ашыктык аны эмнеге алып барат? Достору укса эмне дейт? Клубдагы үстөлдөр жанында айланып жүрүп Старцев ушуларды ойлоду, анан саат он жарымдарда күтүлбөгөн жерден көрүстөнгө жөнөдү. Анын эки ат кошулган арабасы, баркыт чыптама кийген арабакечи Пантелеймон бар эле.

Ай жарыгын чачыратып турду. Айлана бейкут, жылуу эле, бирок күз илеби келип турду. Шаардан чыга берердеги мал сойгон жерде иттердин улуганы угулат. Старцев аттарын шаар четине калтырды да өзү көрүстөнгө жөө кетти. «Апендичилик ар кимде бар эмеспи, — ойлоду ал. — андай Котикте да бар окшойт — ким билсин? — балким ал тамашасы жок эле чынында келип калар», — деген таттуу, бирок үмүтсүз ойго алдырды, ушул эле ой аны эңги-деңги кылып турду.

Жарым чакырымдай талаа менен басты. Көрүстөн алыстан дүпүйгөн токойдой же чоң калың бактай карарат. Тигине, ак таштан жасалган тосмосу менен дарбазасы көрүндү... Ай жарыгында дарбазадагы: «Ар кимге убакты саат келет...» деген жазуу окулуп турат. Старцев ичкери кирери менен адегенде эле көзүнө ак кресттер менен кенен аллея бойлой тизилген эстеликтер, алардан жана теректерден түшкөн узун кара көлөкөлөр урунду. Тегеректин баары тээ алыска дейре ак-кара түскө малынып турду, уйкусураган дарактардын ийилген бутактары агарат. Бул жерде талаадагыдан көрө жарыгыраактай сезилди. Клёндун бака таман жалбырактары аллеянын сары кумунда, таш бетинде кескин өзгөчөлөнүп, эстеликтердеги жазуулар даана көрүндү. Старцевди таң калдырганы ал эч нерсеге окшобогон, айдын жарыгы жумшак тийип, кудум өзүнүн бешиги тургандай, тирүүлүк жашоо жок, болбой да турган, бирок карарган ар бир теректе, ар бир мүрзөдө тынч, сонун, түбөлүк жашоону убада кылган кандайдыр купуя сыры ачык сезилген дүйнөнү көрдү, мындайды ал эми көрө албастыр. Тунжураган жымжырттыкта жылтыр муздак таштар менен куураган гүлдөрдөн күзгү жалбырактардын жыты менен кошо кечиримдүүлүк, кайгынын илеби келип тургансыйт.

Теребел кулак-мурун кескендей жымжырт, ээн; асмандан баарына кайдыгер жылдыздар кайдыгер титиреп, буга Старцевдин кычырата баскан кадамы коошпогондой. Качан чиркөөнүн сааты кага баштаганда гана ал өзүн бул жерге түбөлүк көмүлгөн өлүктөй элестетти, кимдир-бирөө аны карап тургандай сезилди, бул жанды тынчтандырган бейкуттук же тынчылык эмес, кайгы-муңга баткан өлүү жашоо, жаналакетке түшкөн аргасыздык экенин бир мүнөттөй ойлонуп калды...

Өйдө жагына периште коюлган сааткана түрүндөгү Деметтинин эстелигинин таржымалы: бул жерде кай бир заманда италияндык опера өтүп баратып, ырчы айымдардын бири каза болгон экен да, сөөгүн ушул жерге жашырып, ушул эстеликти орнотушкан экен. Аны эми шаарда ким эстептир дейсиң, бирок кире бериштеги илме чырак айдын шооласына жылтырап турганына караганда ал кыязы, күйүп турат окшоду.      

Тегеректе шырт эткен жан жок. Жарым түндө бул жерге ким келмек? Бирок айдын жарыгы ышкысын козгогон Старцев кыялында кыз менен айкалыша кучакташып өбүшкөнүн элестете, аны ашыгып күттү. Эстелик жанында жарым сааттай отурду анан туруп капталдагы аллея менен басты, колуна шляпасын кармаган бойдон бул жердеги мүрзөлөрдө бир кезде түнкүсүн азаптуу ышкыга берилип махабат отуна күйгөн канчалаган татынакай аялдар, кыздар жатканын ойлоп баратты. Чын эле эне жаратылыш адам пендесинин үстүнөн кандай гана шылдыңдаарын аңдоо кандай өкүнүчтүү! Ушундай ойго малынган Старцев эмне каалаганын, эмне болсо ошол болсун, ал махабат күсөп турганын айтып кыйкыргысы келди. Эми көзүнө ак мармар таштар сымбаты келишкен апакай кылаңдаган денелерге айланып, алар бактардын артына ыйбаа кыла жашынып тургансыды, алардын жылуулугун сезгендей, зарыга күтүүсү ого бетер азапка айланды...        

Бир маалда көшөгө жабылгансып ай булуттардын арасына кирип кетти да теребел тегиз караңгылыкка чөктү. Старцев дарбазаны араң тапты, күзгү түн көзгө сайгыс караңгы эле, ал аттарын калтырып кеткен чолок көчөнү издеп, дагы бир жарым сааттай тегеренип жүрдү.

— Мен чарчадым, бутумда араң турам, — деди ал Пантелеймонго.

Анан арабага ыракаттана отуруп ойлоп койду:

«Ох ата, семирбеш керек эле да!».

III

Эртеси кечинде ал кыздын колун сураганы Туркиндердикине жөнөдү. Бирок ыңгайы болбоду, Екатерина Ивановнаны бөлмөсүндө чачтарач анын чачын асемдеп аткан экен. Кыз клубдагы бий кечесине жөнөп туруптур.

Дагы ашканада узакка чай ичип отурууга туура келди. Коноктун ойлуу тартып эриккенин байкаган Иван Петрович аны алаксытыш үчүн төш чөнтөгүнөн каттарды алып, немис башкаруучунун күлкүлүү бир катын окуп берди.

«Булар кызына септи жакшы эле берсе керек», — элегей угуп жаткан Старцев ушинтип ойлоду.

Уйкусуз өткөргөн түндөн кийин таттуу бир уктатуучу нерсе ичиргенсип анын тула бою талыкшып; жан дүйнөсү бүдөмүк тартса да көңүлү шат, ошол эле маалда башынын кандайдыр бир муздак, оор үзүмү ага акыл айтып жатты:

«Кеч болуп кала электе токтотсоңчу! Бул кыз сенин теңиңби? Ал эрке өскөн, кылтыйма мүнөз, түшкө чейин уктайт, сен болсо бир дьяктын уулусуң, кыштак дарыгерисиң...»

«Эмне экен? — ойлоду ал. — Мейли да».

«Эгерде сен ага үйлөнөр болсоң, анда анын туугандары сени земстводогу кызматыңды таштатып, шаарда жашаганга аргасыз кылышат».

«Эмне экен? — ойлоду ал. — Шаарда болсо шаарда да. Сеп беришсе калган шартты түзүп алабыз да...»

Ошол маалда балга кийчү көкүрөгүндө ачык тилими бар көйнөгүн кийген супсулуу, татынакай Екатерина Ивановна кирип келди, кызды көргөн Старцев суктанганынан оозуна сөз кирбей, тилден калгансыды, жалдырап карап гана күлө берди.

Кыз коштошо баштады, ал да ордунан козголду, бул жерде калгандын эми ага кереги деле жок болчу, ошондуктан үйгө барайын, бейтаптар да күтүп калды деди.

— Мейли эмесе, эмне кылабыз, — деди Иван Петрович, — жөнөңүз, баса Котикти ала кетип клубга таштай кетсеңиз.

Короодо жамгыр шыбыргактап, көзгө сайгыс караңгы болгондуктан Пантелеймондун кыркырай жөтөлгөнүнөн гана аттардын кайда турганын билсе болор эле. Арабанын чатырын өйдө көтөрүштү. 

— Мен килемден басып баратам, сен да калпты айтып баратасың, - деди бирдемени күбүрөгөн Иван Петрович кызын арабага отургузуп, — ал да калп айтып келатат... Айда! Кошкула, мархамат!

Жөнөп кетишти.

— Мен кечээ көрүстөндө болдум, — баштады Старцев. — Сиздин бул кылганыңыз жакшы эмес, кичине аясаңыз болмок мени...

— Сиз көрүстөндө болдуңузбу?

— Ооба, сизди ал жакта эки саатка чейин күттүм. Кыйналып кеттим...

— Эгерде тамашаны түшүнбөсөңүз, анда кыйнала бериңиз.

Ашыгына ушинтип амалкөйлүк менен тамашалаганына жана аны ушунчалык катуу сүйүп жатышканына ыраазы болгон Екатерина Ивановна каткырып жиберди да анан күтпөгөн жерден кыйкырды. Анткени так ушул учурда аттар клубдун дарбазасын көздөй кескин бурулгандыктан араба бир жагына оой кыйшайып кетти. Старцев Екатерина Ивановнаны белинен кучактап алды; кыз болсо коркуп кетип ага жабышты эле, ал өзүн кармай албай кыздын эриндеринен, ээгинен аймалай өпкүлөп, кучагына ого бетер бекемирек кысты.

— Жетишет, — деди кыз кургак бурк этип.

Бир ирмемден кийин бошой түшкөн арабаны карап клубдун жарык кире беришинен сакчы Пантелеймонго жагымсыз үнү менен бакырып коё берди:

— Эмне туруп калдың, карга? Бошот жолду, жөнө!

Старцев үйүнө кетти, бирок бат эле кайра кайтты. Бирөөдөн сурап алган фракты кийип, мойнуна кыкыйта байланган галстугу улам жакасынан ылдый жылмышкан Старцев түн жарымында клубдун конок бөлмөсүндө Екатерина Ивановнага токтоно албай бадылдап сүйлөп отурду:

— О, эч качан сүйүп көрбөгөндөр эмнени билмек! Менимче, махабатты эч ким так сүрөттөп бере албас, мындай назик, шат, жанды кыйнаган сезимди деги сүрөттөп болобу, сүйүүнү жок дегенде бир эле жолу башынан өткөргөн адам аны сөз менен айтып бере албас. Деги эле мунун эмне кереги бар? Чечендиктин не кереги бар? Менин сүйүүм чексиз... Суранам, жалбарам сизден, — деп жиберди Старцев, — мага күйөөгө чыгыңызчы!

— Дмитрий Ионыч, — деди ойлоно түшкөн Екатерина Ивановна абдан олуттуу. — Дмитрий Ионыч, мен сизге урматыңыз үчүн абдан ыраазымын, сизди абдан сыйлайм, бирок... — кыз ордунан туруп сөзүн улантты, — бирок кечиресиз, аялыңыз боло албайм. Олуттуу сүйлөшөлү. Дмитрий Ионыч, билесизби, өмүрүмдө искусствону баарынан артык көрөм, музыкага жанымды берүүгө даярмын, мен ага бүт өмүрүмдү арнагым келет. Мен артист болсом дейм, атак-даңк, ийгилик, эркиндикти каалайм, сиз болсо менин ушул шаарда калып, эч бир пайдасы жок, маңыздан куржалак, мен эчак тажап бүткөн жашоону улантуумду каалайсызбы. Аял бол дейсизби? О жок, кечиресиз! Адам эң жогорку, жаркырап жанган максатка умтулууга тийиш, ал эми үй-бүлөлүк жашоо кол-бутумду бир өмүргө тушап салмак. Дмитрий Ионыч (кыз акырын жылмайды, анткени «Дмитрий Ионыч» деп атып «Алексей Феофилактыч» дегенин эстеди), Дмитрий Ионыч, сиз ак көңүл, асыл, акылдуу адамсыз, баарынан мыктысыз... — көздөрүнө жылтыраган жаш кылгыра түштү, — мен сизге бүт жүрөгүм менен тилектешмин, бирок... бирок сиз түшүнөсүз...

Кыз ыйлап жибербес үчүн тескери бурулду да конок бөлмөдөн чыгып кетти.

Старцевдин опкоолжуп соккон жүрөгү ордуна келди. Клубдан сыртка чыгары менен адегенде мойнун кыскан катуу галстукту шыпырды да төшүн кенен жая кере-кере дем алды. Кыз анын намысына тийгени үчүн бир аз оңтойсуздана уялып турду, - ал кыздан баш тартат деп күткөн эмес, анткени бүткүл арман кыялдары, жаны кыйналганы, үмүттөрү акыры келип аягы оюн сүйүүчүлөрдүн койгон кичинекей спектаклдегидей минтип келесоолук менен бүтөрүнө ишенбеди. Өзүнө өзү боор ооруп, бөөдө кеткен махабаты үчүн өзүн аяп, шолоктоп ыйлагысы келди, кол чатыры менен Пантелеймондун жайык далысына болгон жаалы менен тартып жибергенге кайыл эле.

Үч күн иши колунан түшүп, тамак, уйку дегенди унутту, анан Екатерина Ивановна Москвага консерваторияга окууга кетиптир деген имишти укканда биротоло жаны тынчып, мурдакы калыбындагы жашоосуна түштү. 

Кийин темселеп көрүстөнгө барганын, шаарды түрө кыдырып фрак издегенин эстеген сайын ыкшоо кериле кобурап:

— Абдан түйшүк тарткан турбаймынбы, көрсө! – деп койчу болду.

IV

Төрт жыл өттү. Старцевдин шаардагы иши кыйла кеңейген. Күн сайын эртең менен Дялиждеги ооруканада сыркоолорду шаша-буша кабыл алып, анан баягыдай кош дөңгөлөк эмес, жылаажындары шыңгыраган үч ат чегилген араба менен шаардагы бейтаптарга жөнөр эле да, үйүнө дайыма кеч кайтчу. Кыйла толуп, салабаттуу, жөө басканды жактыра берчү эмес, анткени деми кыстыгат. Ат кошчусу Пантелеймон да семирип, туурасына өскөн сайын ал да үшкүрүп, өзүнүн армандуу жашоосуна нараазыланчу болду: арабакеч болуп жүрүп эзилип бүттү да!

Старцев көптөрдүн үйүнө барып, ар кандай адамдар менен ымалалашып, бирок алардын эч кимисине жакындап, тыгыз мамиле күткөн жок. Анткени карапайым адамдар өзүлөрүнүн сөзү, турмушка болгон көз карашы менен, алтургай, тышкы кебетелери менен анын итиркейин келтирчү. Муну ал тажрыйбасынан билет, кээде мисалы, бирөө менен карта чабышып же ичип отурасың, ал тыш келбети жагымдуу, акылы деле жетик адамдай көрүнөт, анан эле тиш өтпөгөн бирдемелер туурасында, айталы, саясат же илимди сүйлөшө келсең, ошол замат туюкка кептелет же акыл парасатына шайкеш келесоо чалыш мокок бир философиясын айтат дейсиң, кол шилтеп басып кеткенден башка аргаң калбайт. Бир жолу Старцев акылы зирек, эркин ой жүгүртөт деген бирөө менен аңгемелешмек болду, ага кудайга шүгүр, адамзат алдыга адымдап баратат, бара-бара паспорттун деле кереги болбойт, өлүм жазасы да жоголот деди эле, тиги ишенбегендей аны жүлжүйө карап: «Демек, анда ар ким эле көчөдө баратып кимди болбосун союп салса болот экен да?» десе болобу. Кээде Старцев коомчулуктун арасында же башкалар менен тамак ичип отуруп эмгектенүү керектигин, эмгексиз жашоо болбосун айтканда, башкалар муну жеме катары кабылдап, ачуулана баштачу да мазени ала талашып кирчү. Анан алардын бири да эч жерде иштебегендиктен, эч нерсе менен дегеле алектенбеген кыпкызыл бекерпоздор болгондуктан, алар менен эмне туурасында сүйлөшүүнү ойлоп табуу да кыйын эле. Андыктан Старцев ар кандай сүйлөшүүдөн качып калган, тамагын да унчукпай ичип, винт ойносо да чурк этпей ойноп, туруп кетет. Кээде бирөөнүн үйүндө үй-бүлөлүк майрамдын үстүнөн чыгып калчу, аны баары тамакка чакырышчу, ал отуруп дың деп ооз ачпай табакка тигилген бойдон тамагын жей берчү. Бул убакта бери жактагылардын сөздөрү ага таптакыр кызыксыз, ныпым чындыгы жок, түккө турбаган кептер, ал итиркейи келип каны кызсы да унчукчу эмес, ошондуктан мындай жүрүм-туруму үчүн шаардагылар ал эч качан поляк болбосо да ага «кекирейген поляк» деп ат коюп алышкан.

Ал концерт, кино деген көңүл ачуулардан оолактаганы менен карта чабышканга дилгир болчу, күн сайын кечинде кеминде үч сааттай ыракаттана ойнор эле. Анын бара-бара сезилбей, көнүмүшкө айланткан дагы бир көңүл ачар нерсеси – кечинде отуруп алып шыкай берип чөнтөктөрүнө толгон, сары, жашыл, атыр, сирке, чиркөө түтөткүчү, балык май жыттанган майда кагаздарды алып чыгып санап отурчу, аларды ал күн бою бүт чөнтөктөрүнө сала берип жетимиш сомго чейин жетип барчу; анан алардын саны бир нече жүзгө жеткенде Старцев өз ара насыя Коомуна алып барып, өзүнүн учурдагы эсебине салып койчу.

Екатерина Ивановна кеткенден кийинки төрт жыл ичинде ал Туркиндердикинде болгону эки ирет эле шакыйдан жабыр тартып дарыланып келаткан Вера Иосифовнанын чакыруусу менен болду. Екатерина Ивановна жай келген сайын ата-энесине конокко келип учурашып турду, бирок ал аны бир жолу да көргөн жок, экөөнүн жолу кесилишпеди.

Ошентип төрт жыл өттү. Жылуу, мемиреген тынч күндөрдүн биринде ага ооруканага бир кат алып келип беришти. Вера Иосифовна Дмитрий Ионычка аны абдан сагынганын айтып, бир келип акыбалын жеңилдетип кетүүнү сураныптыр, баса бүгүн туулган күнү экенин да эскертиптир. Каттын аягында: «Апамдын өтүнүчүнө мен, К. да кошулам» деген кошумча жазуу да бар экен.

Старцев ойлонуп, кечинде Туркиндердикине жөнөдү.

— А, саламатсызбы, мархамат! — Иван Петрович баягыдай эле көздөрү күлүңдөп тосуп алды. — Бонжур (француз сөзү) этиңиз.

Чачтары агарып, кыйла картая түшкөн Вера Иосифовна Старцевдин колун кысып, жасалма үшкүрдү:

— Доктор, сиз мени карагыңыз да келбей калыптыр го, үйгө да келбедиңиз, кыязы, сизге картаң көрүнөм окшойт. Бирок мына жаш бийкеч келди, балким ал бактылуу болор.

Котик кандай болуп калды экен? Ал жышыла арыктап, өңү кубарып, ого бетер ажарлуу, сымбаттуу болуп кетиптир, ал эми Котик эмес, Екатерина Ивановна болчу; андагы баягыдай балалык таза баёолук жок эле. Көз караштары, жүргөн турганы да кандайдыр бир жаңы. Бир нерседен ийменгендей, күнөөлүүдөй жалтактап, өз үйүндө өзүн жаттай сезди.

— Канча жыл, канча кыш өттү! — деди ал Старцевге кол сунуп, жүрөгү дүкүлдөп соккону байкалып турду; анан кызыгуу менен анын жүзүнө тигиле карап улантты: — Абдан толуп кетиптирсиз го! Күнгө тотугуп, салабаттуу да экенсиз, бирок анча деле өзгөрбөптүрсүз.

Кыз ага азыр деле жагып, абдан жагып турду, бирок ага бирдеме  жетишпегендей болду же тескерисинче, бирдеме артыкча болуп жаткандайбы, - мунун эмне экенин ал айта алмак эмес, бирок түшүнүксүз нерсе анын мурдакы сезимине жолтоо болду. Ага кыздын кубарган өңү, башкача көз карашы, алсыз жылмайганы, үнү, анан бир аздан кийин кийген көйнөгү, отурган креслосуна чейин, дегеле өзү аз жерден үйлөнүп кала жаздаган кыздын өтмүш турмушу да жакпай баратты. Ал мындан төрт жыл илгери жүрөгүн жаралап убайымга салган сүйүүсүн, кыялдарын, үмүттөрүн эстеп, өзүн ыңгайсыз сезди. 

Таттуу токоч менен чай ичишти. Анан Вера Иосифовна көнүмүш адатына салып жазган романын окуп, дегеле жашоодо болбогон нерселер туурасында окуп, Старцев анын бубак баскан алмадай келишимдүү башын карап, качан бүтөрүн тажай күттү.

“Повесттерди жазуу колунан келбегендер зээнсиз эмес, - деп ойлоду ал. – Аларды жазып, бирок анысын жашыра албагандар зээнсиз”.

— Жаман эмес, — деди Иван Петрович. Анан Екатерина Ивановна роялда отуруп каңгырата көпкө чейин ойноду, ал бүткөндө баары жабыла узакка алкап, өнөрүнө суктанганын билдиришти. 

«Буга үйлөнбөй калганым ырас эле болгон экен», — ойлоду Старцев.

Кыз болсо аны улам карап, кыязы, качан бакка чакырарын күттү окшойт, бирок ал унчуккан жок.

— Келиңизчи сүйлөшөлү, — деди ал Старцевге жакын келип. — Кандай жашап атасыз? Эмне болууда, иштериңиз кандай? Ушул күндөрү сиз жөнүндө ойлодум, — улантты ал туталангандай, — сизге кат жазайын дегем, өзүм эле сиздикине Дялижге барсамбы дегем, бирок ал оюман кайттым, — сиз эми мага кандай мамиле кыларыңызды кудай гана билбесе... Бүгүн сизди абдан толкундана күттүм. Суранам, жүрүңүзчү, бакка баралы. Алар бакка чыгып, төрт жыл мурда отурган эски клёндун астындагы баягы отургучка отурушту. Караңгы эле.

— Кандай жашап атасыз? — сурады Екатерина Ивановна.

— Акырындап, кыбырап жашап атабыз, — жооп айтты Старцев.

Айтаарга башка сөз тапкан жок. Унчукпай калышты.

— Мен толкунданып турам, — деди Екатерина Ивановна колу менен бетин баса, — бирок сиз мага көңүл бурбаңыз. Үйгө келгени өзүмдү абдан жакшы сезип, баарын көргөнүмө абдан кубанычтамын, көнө албай да турам. Эскерүүлөр ушунчалык толтура дейсиз! Сиз менен таң атканча сүйлөшсөк да кебибиз бүтпөйт ко дегем.

Эми Старцев кыздын жүзүн, жылтыраган көздөрүн жакындан көрүп, ал караңгыда бөлмөдөгүгө караганда баягы балалык баёолугу кайра келгендей, кыйла жаш да көрүндү. Кыз чынында эле өзүн бир кезде жалындап, ушунчалык бериле назик сүйгөн бактысыз адамды жакындан көрүп, түшүнгүсү келгендей ага баёо кызыгуу менен тигилип; кыздын көздөрү ага ошол махабаты үчүн ыраазычылык айтып жатты. Өткөн иштин баарын Старцев да аки-чүкүсүнөн бери эстеди, көрүстөндү кантип кыдырганын, анан таң атаар алдынан чарчап-чаалыга үйгө кайтканын эстеп, бир оокумда шаабайы сууп, өткөндү аяды. Көөдөнүн жылт эткен от ысытып чыкты.

— Мен сизди клубдагы кечеге узатып барганым эсиңиздеби? — деди ал. — Жаан төгүп, капкараңгы болуп турбады беле...

Көөдөнүндөгү от улам күчөп, эми сүйлөгүсү, жашоого нараазылана арманын төккүсү келди.

— Эх! — деди ал улутуна. — Мына сиз кантип жашап атасың деп менден сурап жатасыз. Бул жерде биз кантип жашап атабыз? Кайдагы жашоо. Картайып, семирип, чөгүп баратабыз. Күн түнгө алмашат — сутка өтөт, эч кандай таасири, маңызы жок кунарсыз бир жашоо өтүүдө... Күндүзү пайда издемей, кечинде клубга бармай, картачылардын, араккорлордун, бакырчаактардын чөйрөсүнө аралашмай, аларды көрөйүн деген көзүм жок. Мунун эмнеси жакшы?

— Бирок сиздин ишиңиз, жашоодо асыл максатыңыз бар да. Сиз бейтапканаңыз туурасында айтканды абдан жакшы көрчү элеңиз. Мен ошондо бала экенмин да, өзүмдү улуу пианистка деп ойлоптурмун. Эми айымдардын баары эле роялда ойногонду билет, көрсө, мен деле башкалардай ойноп жүрүптүрмүн, өзгөчө бир касиет деле менде болбогон экен. Мен апам жазуучу болгондой эле пианистка экенмин. Ошондуктан ал кезде сизди түшүнбөптүрмүн, бирок кийин Москвада жүрүп сизди көп ойлодум. Чынында ойлогонум эле сиз болдуңуз. Дарыгер болгон, жабыр тарткандарга жардам берген, элге кызмат кылган кандай бакыт. Кандай бакыт! — эреркей кайталады Екатерина Ивановна. — Москвада жүрүп ойлогонумда сиз мага ушунчалык идеалдуу, бийик сезилчүсүз...

Старцев күн сайын чөнтөгүнөн ыракаттануу менен алып чыкчу кагаздарды эстеп, ичиндеги от ошол замат жалп өчтү. Ал үйгө кирмекке ордунан туруп, кыз аны колтуктап алды.

— Сиз өмүрүмдө билгендердин ичинен мыкты адамсыз, - улантты кыз. -  Биз эми жолугушуп турабыз да э, чынбы? Мага убада бериңизчи. Мен эми пианистка эмесмин, эми бул жагынан түк адашпайм, сиздин алдыңызда ойнобойм да, музыка туурасында да бир ооз сүйлөбөйм.

Үйгө киргенден соң Старцев кечки жарыкта анын жүзүн, муңайым, ыраазычылык толгон, өзүн сынай караган көздөрүн көрүп, тынчсыздангандай бир сезимге кабылды да кайрадан ойлоду:  

«Ошондо жакшы эле буга үйлөнбөй калган экенмин».

Ойлоду да коштошо баштады.

— Сиз кечки тамакты ичпей кеткенге эч кандай римдик укугуңуз жок, — деди аны узаткан Иван Петрович. — Бул сиз тараптан өтө кайчылаш иш болуп калды. Кана, көрсөтүп койчу! — деди ал кире бериштеги Павага.

Баягыдай балакай эмес, эми кер муруту бар жаш жигитке айланган Пава позага туруп, колун жогору көтөрө кайгылуу үн менен айтты:

— Өлүп кал, шордуу!

Мунун баары Старцевдин итиркейин келтирди. Арабага отуруп атып бир кезде көзүнө сүйкүм, кымбат көрүнгөн мобул карарган үйдү, бакты карап, ошол замат баарын эстеди - Вера Иосифовнанын романдарын, Котиктин чуусу артык ойнун, Иван Петровичтин тапандыгын, Паванын кайгылуу позасын эстеп, бүткүл шаар боюнча таланттуу адамдар ушунчалык зээнсиз болсо, анда шаар кандай болушу керек деп ойлоду.

Үч күндөн кийин Пава ага Екатерина Ивановнадан кат жеткирип келди.

«Сиз биздикине келбедиңиз го. Эмне үчүн? — деп жазыптыр ал. — Сиздин мамилеңиз бизге өзгөрүп калдыбы деп чочулайм; минтип ойлогон сайын корком. Келип көңүлүмдү тынчтандырып, баары жакшы экенин айтып кетсеңиз. Сиз менен сүйлөшкүм келет. Сиздин Е. И.»

Ал катты окуп, анан ойлонуп Павага айтты:

— Досум, мени бүгүн келе албайт, иши абдан көп деп койчу. Үч күндөн кийин келет де.

Бирок үч күн өттү, бир жума өттү, ал барганга чыгынган жок. Бир жолу Туркиндердин үйүнүн жанынан өтүп баратып, келем дегенин эстеди, бир мүнөткө кирсемби деди, бирок ойлонуп туруп кирбей кете берди. Ошол бойдон Туркиндердин үйүнө барбады.

V

Дагы бир нече жыл өттү. Старцев ого бетер толуп, семирди, кышылдап араң дем алат, басканда башын чалкалай көтөрө басчу болду. Баарынан да үч ат чегилген жылаажындуу арабасында келатканы өзүнчө бир шаң, томпоюп кыпкызыл болуп чалкалай келатат, далысы эттүү арабакечи Пантелеймон да так кожоюнундай семирип алган, жыгачтай колдорун алдыга сунган бойдон баратып, утурлай келаткандарга «Оңго чык!» деп кыйкырса, тимеле арабада адам эмей эле, бутпарас кудай келаткандай сүрү бир артык.

Анын шаардагы иши кыйла кеңирип, дем алганга чолосу жок, бирок мээнетинин үзүрү кайтканы бул: шаарда эки имараты, эки үйү бар, дагы жакшыраак бир үй алсамбы деп ойлонуп, карап жүргөн чагы, ич ара насыя Коомундагылар ага сатыкка коюлган үйлөрдүн кайсы бирин айтаары менен эле ал ошол үйгө шак жетип барат да бардык бөлмөлөрдү кыдырат, ал жерде ага таң калып жүрөгү түшө караган аялдарга, балдарга көңүл да бурбай, улам бир эшикти таягы менен сайгылай уруп:

— Бул кабинетпи? Бул уктоочу бөлмөбү? А бул жакта эмне? – деп сурай берет.

Күшүлдөй оор дем алып, маңдайынан чыбырчыктаган терин улам сүрүп коёт.

Үлгүрө албай, түйшүгү башынан ашып турса да земстводогу иш ордун түк бошоткусу жок; ачкөздүгү ашынып, тиги жакта да, бул жакта да иштесем дейт. Дялиждегилер да, шаардагылар да аны эми жөн эле Ионыч деп алышкан, — «Ионыч кайда баратат болду экен?» же: «Консилиумга Ионычты чакырыш керек ко?» деп калышат.

Кекиртегин май басып кеткендиктен анын үнү да өзгөрүп, чыйылдап ичке, кескин чыкчу болду. Мүнөзү да оорлошуп, ар кимге зиркилдеп, сиркеси суу көтөрбөйт. Бейтаптарды кабыл алып жатканда ачууланат, таягы менен полду ургулай, чыйылдаган жагымсыз доошу менен:

— Суроолорго гана жооп бериңиз! Сүйлөшпөңүз! – куйкасы курушат да турат.

Коколой башы жалгыз жашайт. Жашоодон эригип, эч нерсеге деле кызыкпайт.

Дялижде жашаган мезгилде анын көңүлүн шат кылган бир гана, кыязы, акыркы да кубанычы Котикке болгон сүйүүсү эле. Кечинде ал клубга барып ар ким менен карта чабышат, андан кийин чоң үстөлгө отуруп кечки тамакты жалгыз ичет. Аны бул жердеги таанымал болуп калган эң тажрийбалуу эски кызматкер малай Иван тейлейт. Ага шараптын лафит №17 делинген эң өзгөчө мыкты сортунан беришет, анан бул жердегилердин баары – клубдун чоңдору, ашпоз жана малай көзүн карап турушат, анткени ага эмне жагарын жакшы билишет, ошондуктан анын көңүлүн алууга болгон аракетин жумшашат, антпесе ачуусу келип, таягы менен полду ургулап кириши турган кеп.

Кечки тамакты ичип атып ал кез-кезде кайрыла калып, бирөөлөрдүн сөзүнө аралашып калат:

— Эмне дейсиздер? Ия, кимди айтып жатасыздар?

Кээде кошуна үстөлдө отургандар Туркиндерди кеп кылып калышса ал:

— Кайсы Туркиндерди айтып жатасыңар? Аа, алиги кызы фортепьянада ойногон немелерби?

Ал туурасында айта турган баян ушул.

Туркиндерчи? Иван Петрович картайган жок, түк өзгөргөн да жок, баягыдай эле шайыр тамашларын, анекдотторун айтып шайдоот жүрөт; Вера Иосифовна болсо мурдагыдай эле келген конокторго жазган романын жан дили менен окуп берет. Ал эми Котик күнүнө төрт сааттай роялда ойнойт. Ал кыйла карый түшкөн, ооруп да жүрөт, ошондуктан жылда күзүндө энеси менен Крымга кетет. Иван Петрович аларды вокзалдан узатып жатып, поезд ордунан жылганда көз жашын сүртөт да:

— Кошуңуздар, мархамат! – деп кыйкырып кала берет.

А. П. Чехов, 1898

Которгон Бахтияр ШАМАТОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз