Антон Чехов: Палата №6

  • 02.02.2022
  • 2955

ПОВЕСТЬ

I

Оорукананын короосунда уйгак, чалкан жана жапайы кара куурай басып өзүнчө эле токойго айланган талаа менен курчалган чакан чарбалык имарат бар. Чатырын дат басып, мордун жарымы кулап, кире беришеги чөп баскан тепкичтери чирип, дубалынын шыбагы эзилип түшүп отуруп анын изи гана калган. Имараттын алдыңкы бети оорукананы карап, арткы бетин талаадан мык менен кагылган оорукананын бозоргон тосмосу бөлүп турат. Бул учтары өйдө карап урулган мыктар, тосмо менен кошумча имараттын өзү, бизде оорукана менен түрмөлөрдүн имараттарына гана мүнөздүү, адамдын маанайына өзөчө таасир берип, маанай чөгөрөр көрүнүшкө ээ болчу.

Чалканга чактырып алуудан коркпосоңор, анда келгиле, чарбалык имаратка баруучу кууш жол менен барып, ичинде эмне болгонун көрөлү. Биринчи эшикти ачып, коридорго киребиз. Бул жерде дубалдын түбүндө, мештин жанында ооруканадан чыккан таштандылар тоодой болуп үйүлүп жатат. Төшөктөр, эски жыртык халаттар, айрык дамбалдар, көк сызыктуу көйнөктөр, керексиз, эскирип, жыртылган бут кийимдер – ушул үйүлүп, бырышып, аралашып, чирип жаткан акыр-чикирлерден, адам каңылжаарын жарып муунткан жагымсыз жыт чыгып турат.

Мына ошол таштандылардын үстүндө качан болсо оозунан түтөгөн мүштөгү түшпөгөн, бир кездеги кызыл тасмаларынын өңү оңуп бозоро баштаган аскер шымчан отставкадагы солдат, кароолчу Никита жатат. Анын түнөрүңкү, жабыккан жүзү түктүйүп, ылдый көздөй салбыраган каштары, учу кызарган мурду ага талаа дөбөтүнүн кейпин берип, кыска бойлуу, тарамыштары көрүнгөн арык, бирок чымыр денеси, барскандай чоң муштумдары, анын кебетесине бир топ сүр берип турчу.

Ал карапайым, арамзалыгы жок, өз милдетин так аткарган, дүйнөдө баарынан да тартипти сүйгөн, ошондуктан тартип бузгандарды сөзсүз жазалоо керектигине терең ишенген, жүргөн-турганын анча аңдабаган, акылы чолок, маңыроо чалыш адамдардын катарына кирчү. Ал эч ойлонбостон бетке, көкүрөккө, далыга, колуна тийген нерселер менен урчу, ансыз бул жерде тартип болбойт деп ишенчү.

Андан ары сиз кире бериш бөлмөдөн тышкары, бүт имаратты ээлеген чоң, кенен бөлмөгө киресиз. Бул жердин дубалдары киргилт тарткан көк боёк менен сырдалып, шыбы тоок кепедей сапсары ыш баскан, – бул жерде меш кышында жакшы күйбөй түтөп, ис жыттанып сасып турары даана көрүнөт.

Ички бетинен орнотулган темир торлор терезелерди түрү суук көргөзөт. Полу бозоруп, чаңдан көрүнбөйт. Бөлмө кычкыл капуста, биликтен чыккан ыш, чычкан жана аммиак жыттанып, биринчи мүнөттө бул сасык жыт сага малканага киргендей таасир калтырат. Бөлмөдө буттары полго бекитилген керебеттер бар. Алардын үстүндө оорукананын көк сызыктуу халатын, эски модалуу кепка кийген адамдар жатат. Булар – жиндилер.

Алар бешөө. Бирөөсү гана жогорку даражалуу ак сөөктөрдөн, а калгандары майда-барат кызматтагы коомдун ылдыйкы катмарынан чыккандар болчу. Эшиктен киргенде эң биринчи керебетте узун бойлуу, арыкчырай, муруту жалтыраган адам жаңы эле ыйлап басылган немедей көздөрүн жашылдантып, алаканы менен жаак таянган боюнча кыймылдабай бир чекитти тиктеп олтурат. Ал күндүр-түндүр кайгыга батып, баш чайкап үшкүрүнүп, ачуу жылмайып олтурганы олтурган; бул адам сүйлөшүүлөргө сейрек катышат, адатта суроолорго жооп бербейт. Аш берсе да эмне жеп жатканы менен иши жоктой, ойлонбой жеп-ичет. Күр жөтөлүп, арыктап, жаактары кызарганына караганда, ал кургак учук оорусуна чалдыккандай.

Анын ары жагында кичинекей, жаны жай албаган, өтө кыймылдуу, чокчо сакал, негрдикиндей кара, тармал чачтуу чал жатат. Күндүз ал палатада терезеден терезеге ары-бери басып же керебетинде буттарын түрктөр сыяктуу мандаш токунуп отуруп алып, тынчы жок букачардай бышкырып, кыңылдап ырдап, каткырып-күлүп олтурганын көрөсүң. Түнкүсүн Кудайга сыйынуу үчүн турганда да баладай шайыр, жандуу мүнөзү калбайт, муштуму менен көкүрөгүн койгулап, эшикти сөөмөйү менен черткилейт. Бул, мындан жыйырма жыл илгери баш кийим тиккен ишканасы күйүп кеткенден кийин ушинтип жинди болуп калган еврей Моисейка.

№6чы палатанын бардык тургундарынын ичинен ага гана палатадан, ал тургай оорукананын короосунан көчөгө чыгууга уруксат берилген. Ал мындай артыкчылыкка көптөн бери ээ, кыязы, ооруканада көп жылдар бою жатканы, тынч, эч бир жанга зыяны жок, тамашакөй мүнөзү, көчөдө балдар менен иттердин курчоосунда жүргөнү көнүмүшкө айланып, бул шаардык келесоо маскарапоздун ушул сыймыкка жетишине себеп болсо керек.

Халатчан, күлкүлүү кепкачан, кээде бут кийимчен, кээде жылаңаяк, атүгүл кээ бир күндөрү шымы жок көчөгө чыгып, дарбазалардын алдына, отургучтарга олтуруп кайыр сурайт. Бир жерде ага квас, экинчисинде нан, үчүнчүсүндө тыйын беришет, ошондуктан ал көбүнчө курсагы тоюп, кампайып кайтат. Анын алып келгендеринин баарын Никита шыпырып алат. Солдат муну одоно, орой, бирок чын жүрөгү менен жасайт, чөнтөгүн оодарып жатып еврейди мындан кийин эч качан көчөгө чыгарбай турганын, ал үчүн көчөдөгү тартипти бузуу дүйнөдөгү эң жаманы экенине күбө катары Кудайды чакырат.

Моисейка бирөөгө кызмат кылганды жакшы көрөт. Эпилдеп, жолдошторуна суу алып келип берет, уктап жатып ачылып калгандардын үстүн жаап, ар бирине көчөдөн тыйын таап келип, жаңы калпак тигип берем деп убада кылат; ал сол жактагы бир ыптасы шал болгон кошунасын кашыктап тамактандырат. Муну ал боорукерчилик же кандайдыр бир адамгерчилик кылайын деген ой менен эмес, оң жагындагы кошунасы Громовду туурап, жана анын айтканына баш ийип жасайт.

Отуз үчтөр чамасындагы ак сөөк адам мурдагы сот аткаруучу, провинциялдык катчы Иван Дмитрич Громов куугунтук маниясынан жабыркайт. Ал көбүнчө төшөккө бүрүшүп жатат же көнүгүү жасагансып бурчтан бурчка басып жүрөт, бирок өтө сейрек отурат.

Ал кандайдыр бүдөмүк, белгисиз бир коркунучтуу нерселерди күтүп, дайыма толкунданып, тынсызданып, алда бир нерседен коркконсуп турат. Кире бериштеги болбогон шыбырт же короодогу капилеттен чыккан кыйкырык анын башын көтөрүп тыңшай башташы үчүн жетиштүү себеп: алар анын артынан ээрчип келатышкан жокпу? Алар аны издеп жатышкан жокпу? Ошол учурда анын жүзүнөн өтө тынчсыздануу, жийиркенүүнү көрсөң болот.

Мага анын узакка созулган коркуу сезими менен күрөшүп кыйналган жан дүйнөсүн күзгүдөгүдөй чагылдырып, дайыма кубарып, бактысыз көрүнгөн кең, бийик жаактуу жүзү жагат.

Анын жүзү кызык, оорулуу сыяктуу, бирок терең жана чын ыкласы менен азап чегүүлөрдөн улам жүзүнө түшкөн назик сызыктар жүзүн акылдуу, маданиятуу көргөзүп, көздөрүнөн жылуу жарык чачырап турат. Мага анын мүнөзү жагат, сылык, элпек жана Никитадан башкалардын баары менен мамиле түзүүдө өзгөчө назик. Кимдир-бирөө топчусун же кашыгын түшүрүп алса, ал ошол замат төшөгүнөн секирип туруп, аны алып берет. Ар күнү эртең менен жолдошторун кутман таңы менен куттуктайт, жатарда – бейпил түн каалайт.

Дайыма тынчсызданып, чыңалган абалынан тышкары анын жиндилиги мындан көрүнөт. Кээде кечинде халатына оронуп алып, бүткүл бою калтырап, тиштерин кычыратып, бурчтан бурчка, керебеттердин ортолорунда тез-тез баса баштайт. Дене табы катуу көтөрүлүп, безгек болгондой калтырайт. Күтүлбөгөн жерден токтоп, жолдошторун карап калганына караганда, өтө маанилүү бир нерсе айткысы келгени билинип турат, бирок алар аны укпай, түшүнбөй турганын түшүнүп, чыдабай башын чайкап алат да, кайрадан басып кетет. Бирок көп өтпөй бардык ойлорунан сүйлөйм деген каалоо үстөмдүк кылып, өзүнө эркиндик берип, кызууланып сүйлөй баштайт.

Анын сүйлөгөнү дайынсыз, делөөрүп жаткан сымал, тез жана дайыма эле түшүнүктүү эмес, бирок экинчи жагынан сөзүндө да, үнүндө да өтө жакшы бир нерсе угулуп турат. Ал сүйлөгөндө жинди экенин билесиң. Жиндидей сөздөрүн кагаз бетинде жеткирүү кыйын. Ал адамдын эки жүздүүлүгү, чындыкты тебелеген зордук-зомбулук, акыры жер жүзүндө боло турган керемет жашоо, ага зордукчулардын акылсыз, ырайымсыздыгын мүнөт сайын эстетип турган терезенин торлору жөнүндө айтат. Бул эски, бирок ырдалып бүтө элек ырлардын башаламан, ыңгайсыз аралашмасы болуп чыгат.

II

Мындан он эки-он беш жылдай илгери шаарда, чоң көчөдө атка минер Громов деген кадыр-барктуу, бакубат адам өз үйүндө жашачу. Анын эки уулу боло турган: Сергей жана Иван. Төртүнчү курстун студенти кезинде Сергей кургак учуктун тез өнүгүүчү түрү менен ооруп, каза болгон. Бул өлүм күтүлбөгөн жерден Громовдордун үй-бүлөсүнө түшкөн бактысыздыктын бүтүндөй сериясынын башталышы болуп калгансыды. Сергейди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп, бир жумадан кийин карыган атасы жасалма документ жасаган, уурулук кылган деген айып менен соттолуп, көп узабай түрмөнүн ооруканасында ич келтеден каза болду. Үйү жана бардык кыймылдуу мүлкү аукциондо сатылып, Иван Дмитрич жана анын апасы эч кандай каражатсыз калышкан.

Мурда атасынын көзү тирүүсүндө Иван Дмитрич Санкт-Петербургда жашап, университетте окуп жүргөндө үйүнөн айына алтымыштан жетимиш сомго чейин акча алып турчу, муктаждык деген эмне экенин ойлочу да эмес, бирок азыр жашоосун кескин өзгөртүүгө туура келди. Ал эртеден кечке болбогон тыйын үчүн сабак берип, кат алышуу менен алек болсо дагы, жарым-жартылай ачка жүрчү, анткени тапкан акчасынын баарына апасына тамак-аш камдап жөнөтчү. Иван Дмитрич мындай жашоого чыдай албады; ал маанайы чөгүп, жүдөп кетти, акыры университетти таштап, үйүнө кайтты. Анан бул жердеги шаарчада тааныштары аркылуу райондук мектепке мугалимдик кесипке орношуп, бирок кесиптештери менен тил табыша албай, окуучуларга жакпай, тез эле ал иштен баш тартты. Апасы каза болду. Алты ай нан, суу гана жеп, иш таппай бош жүрүп, анан сот аткаруучу кызматына кирген. Бул кызматты ал ооруп калганына байланыштуу кызматтан алынганга чейин иштеди.

Ал эч качан, атүгүл жаш студенттик жылдарында да дени сак адамдай элес калтырган эмес. Дайыма кубарып, арык эле, тез-тез суук тийчү, тамакты аз жеп, начар уктачу. Бир чөйчөк шарап башын айлантып, дайынын таппай делдиреп калчу. Дайыма элге аралашкысы келчү, бирок өзүнүн кыйкымчыл мүнөзүнөн, шектүүлүгүнөн эч ким менен жакындашчу эмес, достору да жок болчу. Ал ар дайым шаардыктар жөнүндө жек көрүү менен айтып, алардын одонолугу, сабатсыздыгы, мал сыяктуу жашоосу жийиркентерин көп кайталачу.

Ал өзүнүн тенор үнү менен бакылдап, кыжырдануусун же кубануу, таң калуусун билдирип, бирок дайыма чын жүрөгүнөн сүйлөчү. Мурда аны менен эмне тууралуу сүйлөшсөң да, ал бардыгын бир нерсеге алып барып такачу: шаарда жашоо супсак, кызыксыз, коом алдына койгон бийик максаттары жок, шаардыктар маанисиз шаан-шөкөттөргө толо жашоосун ар түрдүү зомбулук, одоно бузукулук, эки жүздүүлүк менен өткөзөт; шылуундар тоё жеп, жакшы кийинишет, а чынчылдар алардан калган күкүмдү термелеп жеп эптеп оокат кылышат; бизге мектептер, ак ниеттүү багытты карманышкан жергиликтүү гезиттер, театр, коомдук уюмдар жана интеллектуалдык күчтөрдүн биримдиги керек; коом ойгонуп өзүнүн учурдагы абалынан үрөйү учушу зарыл. Ал адамдарга карата чыгарган өкүмдөрүндө өтө эле коюу түстөрдү колдончу, эч кандай көлөкөлөрдү, башка түстөрдү таанычу эмес, бардыгын ак-кара, адамзатты чынчыл, арамза деп бөлчү; анда ортозар деген түшүнүк таптакыр болгон жок. Ал ар дайым аялдар жана сүйүү жөнүндө берилип, шыктануу жана ыракаттануу менен айтар эле, бирок ал өзү эч качан сүйүп көргөн жан эмес.

Шаарда ой-пикиринин өзгөчөлүгүнө, кыйкымчыл мүнөзүнө карабастан, аны жакшы көрүшчү, көзү жокто эркелетип Ваня дешчү. Анын тубаса назик, элпек, адептүү, адеп-ахлактык тазалыгы жана анын эскирген чапаны, оорулуу көрүнүшү, үй-бүлөсүндөгү бактысыздыктары ага болгон жакшы, жылуу, аёо сезимдерге дем берчү; анын үстүнө ал билимдүү жана көп окугандыктан, шаардыктардын пикири боюнча ал билбегени балээ жок, басып жүргөн маалымдама сөздүк сыяктуу болчу.

Ал көп окучу. Кээде клубда отуруп сакал-мурут баскан эриндерин бүлкүлдөтүп, журналдарды, китептерди барактаган болот; ошол учурда анын жайма-жай окубаганын, чайнаганга араң үлгүрүп жутканын жүзүнөн көрүүгө болор эле. Окуу анын ооруга айланган адаттарынын бири деп ойлош керек, анткени ал колуна тийгендин баарын, атүгүл былтыркы гезиттерди, календарларды да ач көздүк менен окуй турган. Үйүндө дайыма жатып алып окучу.

III

Иван Дмитрич бир жолу күздүн таңында кемселинин жакасын өйдө көтөрүп, шалпылдата ылай кечип, аллеяларды, короолорду аралап, кайсы бир соодагердин жаза кагазындагы өкүмдү аткартуу үчүн бара жаткан. Күндө эртең менен боло жүргөндөй эле анын маанайы пас болчу. Аллеялардын биринде кишенделип келе жаткан эки туткунду жана алар менен бирге куралчан төрт коштоочуну жолуктурду. Мурда деле Иван Дмитрич күнөөкөрлөр менен тез-тез жолугуп, ар бир жолугушууда аларга деген боорукердик сезими ойгонуп, өзүнчө эле ыңгайсыздана берчү, ал эми бул жолугушуу ага кандайдыр бир өзгөчө, кызыктай таасир калтырды. Эмнегедир күтүүсүздөн аны да ушинтип кишендеп, ылай жолдор менен түрмөгө алып кетиши мүмкүн деген ой кылт деди. Соодагерге жолугуп, үйүнө кайтып келе жатканда ал почтанын жанынан өзү жакшы тааныган милиция кызматкерине жолугуп учурашып, аны менен көчөдө бир нече кадам чогуу басып өткөн, эмнегедир бул да ага шектүү көрүнгөн. Үйүндө да ага колуна кишен салынган кылмышкерлер, мылтык кармаган солдаттар оюнан кетпей, түшүнүксүз психикалык тынчсыздануу анын китеп окуусуна, көңүлүн бир жерге топтоого тоскоол болгон. Ал кечинде үйүндө от жакпады, түнү менен уктабай, кишен салып, айдап барып түрмөгө камап салышы мүмкүн деп ойлой берди. Ал өзүнүн эч кандай күнөөсү жогуна, келечекте эч качан адам өлтүрбөсүнө, бирөөнүн мүлкүн өрттөбөсүнө, ууру кылбасына кепилдик бере алмак; бирок кокусунан, эрксизден кылмыш жасап алуу кыйынбы же жалаа жабууларга кабылуу, алтургай соттук жаңылыштыктар болбойт деп ким айталат? Элдин кылымдардан бери топтогон тажрыйбасы бекеринен жокчулук менен түрмө эртең эле башка түшпөйт деп эч ким кепилдик бере албасын эскертип жаткан жок да. Ал эми азыркы соттук териштирүүлөрдө сот адилеттигинин бузулушу өтө эле көп кезигет, бул жерде эч кандай айла-амалдын деле кереги жок.

Башка бирөөнүн азап-тозогуна кызматтык, иштиктүү мамиледе болгон адамдар, мисалы, соттор, милиция кызматкерлери, дарыгерлер, убакыттын өтүшү менен кардарларына формалдуу мамиле жасоо көнүмүш адатка айланат, канчалык каалап турса да бул адаттан чыгуу алар үчүн өтө оор; бул жагынан алар чарбасындагы малын союп, бирок алардын төгүлгөн канын байкабаган фермерлерден айырмасы жок. Жеке адамга формалдуу, жансыз мамиле кылып, күнөөсүз адамды мамлекеттик бардык укуктардан ажыратып, оор жумушка кесип жаткан сотторго бир гана нерсе керек: убакыт. Кээ бир формалдуулуктарды сактоого гана убакыт зарыл, ошон үчүн сотторго айлык төлөнөт, анан баары бүтөт. Андан соң кыйын болсоң адилеттикти жана коргоону темир жолдон эки жүз чакырым алыстыкта жайгашкан ушул кичинекей, кир шаардан издеп көр! Ал эми ар кандай зордук-зомбулуктар коом тарабынан акылга сыярлык, максатка ылайыктуу зарылчылык катары кабыл алынып, ар бир жасалган ырайымдуулук, мисалы, актоо, нааразылык, кекчил сезимдердин жарылуусуна себеп болуп турганда, адилеттүүлүк жөнүндө ойлоо күлкүлүү эмеспи?

Эртең менен Иван Дмитрич төшөктөн турганда эле чекесинен муздак тер чыгып, коркуп турду, эми ал аны ар бир мүнөттө кармап кетиши мүмкүн экенине бекем ишенди. «Кечээги жаман ойлор аны мынчалык көпкө калтырбай жатканына караганда, анда кандайдыр бир чындык бар окшойт» деп ойлоду. Чынында ал ойлор эч кандай себепсиз эле башына келе калышкан жок да.

Милиционер терезенин жанынан акырын басып өттү: бул бекеринен эмес. Бул жерде эки адам үйдүн жанына токтоп, унчукпай калышты. Эмне үчүн алар сүйлөшпөйт?

Эми Иван Дмитрич үчүн азаптуу күндөр жана түндөр башталды. Терезенин жанынан өтүп, короого киргендердин баары аны аңдып жүргөн тыңчыларга, детективдерге окшойт. Күндө түшкө маал милиция кызматкери көчө бойлоп кош ат чегилген араба менен өтчү; ал өзүнүн шаар четиндеги үй-жайынан полициянын штабын көздөй барчу, бирок ал өткөн сайын Иван Дмитричке арабасын өтө катуу айдап шашып бара жаткандай, жүзүндө кандайдыр бир өзгөчө сыр бардай сезилип: шаарда абдан маанилүү кылмышкер пайда болгонун жарыялоого шашып жатканы анык деп ойлочу. Иван Дмитрич ар бир коңгуроонун үнү чыгып, дарбазаны бирөөлөр каккан сайын бүткөн бою калтырап, үйүнө кокустан тааныбаган кишилер келсе алардан шек санап кыйналчу болду; полиция жана жандармдар менен жолукканда жылмайып, кайдыгер немедей ышкырып өтчү. Камалууну күтүп, түнү бою уктабады, бирок катуу коңурук тартып, уктап жаткандай түр көрсөтчү, анткени ошондой кылса кожойке аны уктап жатат деп ойломок. Эгер ал уктай албай жатса, анда ал кылмыш кылып, абийири кыйнап жатканын билдирип койбойбу – а бул кандай чоң далил! Фактылар жана туура логика аны бул коркуулардын баары куру сөз жана психопатия экенине, маселеге кенен көз караш менен карасаң камоодо, түрмөдө, түпкүлүгүндө коркунучтуу эч нерсе жок экенине, абийир тынч болсо баары жайында болоруна ынандырды. Бирок ал канчалык терең жана логикалуу ойлонгон сайын, жан дүйнөсүндөгү тынчсыздануу ошончолук күчтүү, азаптуу болуп калды.

Бул бир тың адам чытырман токойдон өзүнө жер тилкесин тазалап алгысы келген сыяктуу окуя болчу; балтасын канчалык шилтебесин токойдун суюлганы билинбей, калың токой ошол боюнча кала берген. Акыр аягы пайдасыз экенин түшүнүп, ой жүгүртүүдөн такыр баш тартты, өзүн үмүтсүздүк менен коркуунун кучагына салып берди.

Ал обочолонуп, адамдардан кача баштады. Кызмат ага чейин эле жийиркеничтүү болсо, эми ал үчүн адам чыдагыс азапка айланды. Ал кимдир-бирөөлөр аны алдап, чөнтөгүнө акча сала коюп, анан кармап кетет же өзү байкабай иш кагаздарынан ката кетирип, өкмөткө чоң зыян келтирип алышы мүмкүн деген ойдон сактана баштады. Кызыгы, анын ою эч качан азыркыдай ийкемдүү жана тапкыч болгон эмес, ал күн сайын өз эркиндигине, коопсуздугуна коркунуч жараткан миңдеген олуттуу себептерди ойлоп тапчу. Бирок экинчи жагынан тышкы дүйнөгө, атап айтканда, китептерге болгон кызыгуусу бир топ алсырап, эстутумун абдан өзгөртө баштаган.

Жазында кар эригенде көрүстөн жанындагы сайдан зордук-зомбулук менен өлтүрүлүп, чирий баштаган эки өлүктү – кемпир менен баланын сөөгүн табышкан. Шаарда ошол өлүктөр менен белгисиз киши өлтүргүчтөр жөнүндө дуулдаган сөздөр жүрдү. Иван Дмитрич аны өлтүрдү деп ойлошпосун үчүн көчөдө ары-бери жылмая басып, тааныштарына жолукканда өңү бир кубарып, бир кызарып, алсыздарды өлтүргөндөн жаман кылмыш жок деп ишендире баштады. Бирок минтип жалган айтып жүргөндөн тажады, бир аз ой жүгүрткөндөн кийин эң жакшысы кожоюндун жертөлөсүнө жашына туруу деп чечти. Жертөлөдө бир күн, бир түн, анан дагы бир күн отурду, катуу сууктан үшүгөндө караңгы киргиче чыдап, уурудай жашырынып, тымызын өз бөлмөсүнө жол тартты. Таң атканга чейин шырт эткен дабышты тыңшап бөлмөнүн ортосунда кыймылдабай турду. Таң эрте, күн чыга электе үй ээсине меш жасаган усталар келишти. Иван Дмитрич алардын ашканадагы мешти оңдогону келишкенин жакшы билчү, бирок ага алар усталардын кейпин кийген полиция кызматкерлериндей көрүндү. Ал үрөйү учуп, акырын батирден чыгып, жылаң баш жана кемселин кийбей көчөгө чуркады. Артынан иттердин арсылдап үргөнүн, бир жерде бир адамдын артынан кыйкырып жатканын эшитти, кулагы тынбай чуулдады. Иван Дмитричке анын артынан бүткүл дүйнөнүн кара күчтөрү топтолуп, артынан сая түшүп куугандай сезилди.

Аны кармап, үйгө алып келип, үй ээсин дарыгерге жөнөтүштү. Биз кийин сөз кылар доктор Андрей Ефимич башына муздак сууга чыланган чүпрөк басып, лавр-алча тамчыларын жазып берип, башын капалуу чайкап, үй ээсине мындан ары ал келбей турганын, анткени адамдардын жинди болуп кетүүсүнө тоскоол болбоо керектигин айтып чыгып кетти.

Жашоого жана үйдө дарыланууга шарты жок болгондуктан Иван Дмитрич көп өтпөй ооруканага жөнөтүлүп, ал жерде венерикалык оорулуулар үчүн палатага жаткырылды. Түнкүсүн уктабай, оорулуулардын тынчын ала бергендиктен, көп өтпөй Андрей Ефимичтин буйругу менен №6 палатага которулду.

Бир жылдан кийин шаардыктар Иван Дмитричти таптакыр унутуп, анын үй ээси бастырманын астындагы чанага таштаган китептерин балдар талап кетишти.

IV

Иван Дмитричтин сол жагындагы кошунасы, мен жогоруда айткандай, еврей Моисейка, ал эми оң жактагы кошунасы шишип кеткенсип семирген, дээрлик тоголок, маңыроо чалыш адам. Кыймылсыз жатып тамак жегенден башка иш кылбаган бул адам эчак эле ойлонуу, сезүү жөндөмүн жоготкон. Андан дайыма кандайдыр бир ачуу, тумчуктуруучу жыт чыгып турчу.

Анын артынан тазалап жүргөн Никита муштумун аябастан, аны күчүнүн бардыгынча катуу сабачу. Бул жерде коркунучтуу нерсе аны сабашканында эмес, – ага көнсө болот, кептин баары бул акылсыз жаныбар ур-токмокко үнү менен да, кыймылы менен да, көз карашы менен да жооп бербей, оор челек сыяктуу бир аз гана солкулдап турганында болчу.

№6 палатанын бешинчи жана акыркы жашоочусу бир кезде почта бөлүмүндө сорттоочу болуп иштеген кызматкер, кичинекей, арык сары чачтуу, боорукер, бирок жүзүнөн бир аз куулугу көрүнүп турган адам эле. Акылдуу, токтоо, ачык, шайыр караган көздөрүнө караганда, анын акылы ордунда сыяктуу, бирок ичинде жашырып жүргөн абдан маанилүү, жагымдуу сыры бардай сезилет. Анын жаздыгынын, төшөгүнүн астында эч кимге көрсөтпөй катып жүргөн нерсеси бар, аларды тартып же уурдап кетеби деп коркконунан эмес, уялганынан катып жүргөндөй. Кээде терезеге барат да, жолдошторуна артын салып, көкүрөгүнө бир нерсени илип, башын ылдый кылып карап калат; ушул маалда ага жакындасаңыз, ал уялып, көкүрөгүнөн бир нерсени жулуп алат. Бирок анын сыры көпкө деле сакталбайт.

-- Мени куттуктап койсоңуз болот, — дейт ал Иван Дмитричке, — мени экинчи даражадагы жылдыздуу Станиславка көргөзүштү. Экинчи даражадагы жылдыздуу чет өлкөлүктөргө гана берилет, бирок эмнегедир алар мага өзгөчө артыкчылык беришти, - дейт ал жылмайып, ийин куушуруп. – Моюнга алыш керек, мен муну күткөн эмесмин!

"Мен мындай нерселерди түшүнбөйм", – дейт Иван Дмитрич капаланып.

-- Бирок эртеби-кечпи эмнеге жетишеримди билесиңби? – деп улантат мурунку сорттоочу, көздөрүн куулук менен кымыңдатып. - Мен сөзсүз Швециянын «Алтын казык» жылдызын алам. Бул орденди тагынып жүрүү өтө сыймыктуу. Ак крест, кара тасма. Бул абдан кооз.

Башка эч жерде мындай бир калыпта өткөн тажатма жашоо болбос. Эртең менен шал менен семиз кишиден башка оорулуулар кире бериштеги чоң ваннада жуунуп, халаттарынын этектерине аарчынышат, андан кийин Никита башкы корпустан алып келген калай кружкалар менен чай ичишет. Ар бир адамга бир кружка берилет. Түшкө маал капуста шорпо, ботко жешет, кечинде түшкү тамактан калган ботко менен тамактанышат. Ортолорунда жатып, уктап, терезе карап, бурчтан бурчка басышат. Күн сайын ушундай. Алтургай мурдагы сорттоочу да баягы эле ордендери тууралуу айта берет.

№6 палатада жаңы адамдар сейрек кездешет. Дарыгерлер көптөн бери жаңы жиндилерди кабыл албай калышкан, ал эми бул дүйнөдө жиндиканаларды көргүсү келгендер аз. Чач тарач Семен Лазарич эки айда бир келет. Ал жиндилердин чачын кантип алат, Никита буга кантип жардам берет, мас болуп жылмайып кирген чачтарачты көрүшкөндө бейтаптар кандай абалда болот, биз ал тууралуу сөз кылбайбыз.

Чач тарачтан башка эч ким чарбалык имаратка кирбейт. Бейтаптарга күн сайын Никитаны гана көрүп туруу бактысы буюрган. Бирок жакында оорукананын имаратында бир кызыктай ушак тарады. Дарыгер №6 палатага келе баштады деген кеп чыкты.

V

Кызык ушак!

Доктор Андрей Ефимич Рагин өзгөчө бир сонун адам. Элдин айткандарына караганда, ал жаш кезинде абдан динчил болуп, өзүн руханий карьерага даярдаган. 1863-жылы гимназия курсун аяктагандан кийин теологиялык академияга тапшырууну көздөйт, бирок атасы медицина илимдеринин доктору жана хирург, ага каршы чыгып, эгер ал дин кызматына барса, аны уулум деп эсептебей турганын чечкиндүү билдириптир. Мунун канчалык чын экенин билбейм, бирок Андрей Ефимыч өзү эч качан медицинага, дегеле атайын илимге деген ышкысын сезбегенин бир нече жолу мойнуна алган.

Кандай болбосун ал медициналык курсту аяктагандан кийин, дин кызматына барган эмес. Ал такыбалыктан, азыркыдай эле медициналык карьерасынын башталышында эле алыс болуп, дин кызматкерине эч окшошчу эмес. Анын дыйканга окшогон, одоно, келбети, сурданган бетиндеги көгөрүп чыгып турган кан тамырлары, кишиге тике караган кичинекей жүлжүк көздөрү, кызыл муруну, коюу өскөн сакал-муруту, тасырайта таралган чачы, далдайган чымыр денеси, өзүн кармай албаган чукул мүнөзү, аны чоң жолдогу өз күчүнө ишенип, дөөгүрсүгөн мейманкана ээсине окшотуп турат. Узун бойлуу, кең далылуу, шадылуу колу менен бир муштаса жаның жаннатта болчудай. Бирок ал кадамын этият таштап, шыбырт чыгарбай жай басат. Тар коридордо жолугуп калсаң дайыма биринчи болуп токтоп, жол берет, сен күткөндөй бас менен күркүрөбөй, ичке, жумшак тенор үнү менен: «Кечиресиз!» дейт. Анын мойнунда кичинекей шишиги бар, ал катуу крахмалдуу жакаларды кийүүгө тоскоол болот, ошондуктан дайыма жумшак зыгыр буласынан же чыттан тигилген көйнөк кийет. Негизинен дарыгерлердей кийинбейт. Бир эле кийимин он жылдай моюнунан түшүрбөйт, көбүнчө жөөттөрдүн дүкөнүнөн сатып алган жаңы кийимдери деле мурдатан кийип жүргөндөй ушаланып, бырышып, эски көрүнөт. Бир эле кемсели менен оорулууларды кабыл алат, тамактанат, конокко барат, бирок бул анын сараңдыгынан эмес, сырткы көрүнүшүнө толук көңүл бөлүп, маани бербегендигинен.

Андрей Ефимич бул кызматка кирүү үчүн ушул шаарга келгенде «Кайрымдуулук мекемеси» абдан оор абалда болчу. Палатада, коридордо, оорукана короосунда сасык жыттан дем алуу кыйын эле. Ооруканада эмгектенгендер, медайымдар, алардын балдары оорулуулар менен палаталарда чогуу жатышчу. Алар таракандардан, канталалардан, чычкандардан жашоо жок деп нааразы болушкан. Бүтүндөй ооруканада эки гана скальпель бар, бир дагы термометр жок, а картөшкө ванналарда сакталчу. Кароолчу, чарба башчысы, фельдшер оорулууларды тоноп турушкан, ал эми эски дарыгер Андрей Ефимичтен мурунку башчы жөнүндө оорукананын спиртин тымызын сатып, өзүнө медайымдардан жана оорулуу аялдардан бүтүндөй гарем түзүп алганын айтышты.

Шаардыктар бул башаламандыктарды жакшы билишкен, жадагалса аларды көбүртүп-жабыртып айтып жүрүшчү, бирок аларга сабырдуулук менен мамиле кылышкан; кээси муну ооруканага кенже кызматкерлер менен дыйкандар барары менен гана акташа турган. Алар нааразы болбой койсо деле болот, анткени алар ооруканага караганда үйлөрүндө алда канча начар жашашат; аларды эмне, илбээсиндин эти менен багыш керек беле! Башкалары шаар, земствонун жардамысыз жакшы оорукананы кармай албайт дешти. Кудайга шүгүр, жаман болсо да ооруканабыз бар. Ал эми жаңы земство шаардын өз ооруканасы болгонуна байланыштуу, шаарда да, жакын жерде да ооруканаларды ачкан эмес.

Оорукананы бир сыйра карап чыккандан кийин Андрей Ефимыч бул мекеме адеп-ахлаксыз жана тургундардын ден соолугуна өтө зыяндуу деген жыйынтыкка келген. Анын пикиринде, эң туура чечим – оорулууларды үйлөрүнө чыгарып, оорукананы жабуу. Бирок бул үчүн өзүнүн гана эрки жетишсиз, жабууга аракеттенүү азырынча пайдасыз деп ойлоду; физикалык жана жан-дүйнөдөгү ыплас нерселердин бир жерден кубаласа, башка жерге өтө качмай адаты бар. Ошондуктан ал өзү бузулуп жок болушун гана күтүш керек. Анын үстүнө эл ооруканага келип, анда чыдап жатышса, демек, бул аларга керек, бул адатка айланган жалган көз караштар жана күнүмдүк ыплас, жийиркеничтүү нерселер, кара топурактагы кык убакыттын өтүшү менен баалуу жер семирткичке айланган сыяктуу, келечекте бир берекелүү иштерге айланышы мүмкүн. Жер бетинде түпкү булагында жаман нерсе болбогон, бир дагы жакшы нерсе жок.

Кызматка киришүү менен Андрей Ефимич мындагы башаламандыктарга өтө капаланып, аны жоюуга шымаланып киришүүгө шашкан жок. Болгону оорукананын эркектери менен медайымдарынан палаталарда түнөбөшүн суранып, шаймандарды сактоого дагы эки шкаф коюуну өтүндү. Кароолчу, чарба кожойкеси, фельдшер, хирург өз ордуларында калышты.

Андрей Ефимыч акылды жана чынчылдыкты абдан жакшы көрөт, бирок айланасында акылдуу, чынчыл жашоону уюштуруу үчүн анын мүнөзү жана өз укугуна ишеними жок болчу. Ал буйрук бергенди, тыюу салганды, талап кылганды билбейт эле. Эч качан үнүмдү катуу чыгарбайм, башкаруучулук маанайды колдонбойм деп ант бергендей сезилет. Ал үчүн «бер» же «алып кел» деп буйрук берүү кыйын. Ал ачка болгондо ашпозчуга: "Чай ичсем жакшы болот эле...", же: "Түшкү тамакты ичсемби" деп кайрылчу. Кароолчуга уурулукту токтот деп айтуу же аны кууп чыккыла, бул керексиз мителик кызматты таптакыр жоюу керек деген маселе көтөрүүгө эрки жетчү эмес. Андрей Ефимичти алдап, же ага кошомат кылышканда, же атайылап жаман, туура эмес мыйзам долбооруна кол коюуну сунушташканда, ысык сууга салган бөйөндөй кызарып, өзүн күнөөлүүдөй сезчү, бирок баары бир ага кол коюп берчү. Бейтаптар курсактары тойбой жатканына же медайымдардын оройлугуна даттанышканда, ал уялып, күнөөлүүдөй кобурачу:

- Макул, макул, кийин чечем... Түшүнбөстүк болуп жаткандыр...

Адегенде Андрей Ефимич абдан катуу иштеди. Оорулууларды күнүгө эртең мененден түшкү тамакка чейин кабыл алып, операция жасап, жадагалса акушердик практикага да барчу. Айымдар ал жөнүндө анын оорулууларды кунт коюп, өзгөчө балдардын, аялдардын ооруларын кыйын аныктарын айтышчу. Бирок убакыттын өтүшү менен бул иштин көңүлсүз, пайдасыздыгы тажатты. Бүгүн отуз бейтапты кабыл аласың, эртең карасаң отуз беши келет, бүрсүгүнү кырк болот, ошентип күндөн күнгө, жылдан жылга улана берет, бирок шаарда өлүм азайбайт, бейтаптар келгенин токтотпойт. Эртең мененден түшкү тамакка чейин келген кырк оорулууга олуттуу жардам көрсөтүүгө физикалык мүмкүнчүлүк жок, демек алдамчылык сөзсүз болот. Отчёттук жылы он эки миң оорулуу кабыл алынган, башкача айтканда, он эки миң адам жөн эле алданган. Оор оорулууларды палаталарга жаткырып, илим эрежеси менен мамиле кылуу такыр мүмкүн эмес, анткени эреже бар, бирок илим жок. Эгер сиз философияны таштап, башка дарыгерлердей эле эрежелерди таптак сактагыңыз келсе, анда биринчи кезекте кир толгон палата эмес, тазалык жана желдетип туруу, ачып кеткен капустадан жасалган шорпо эмес, даамдуу, пайдалуу тамактар, уурулар эмес, жакшы жардамчылар керек.

А эгер өлүм ар бир адамдын жашоосунун нормалдуу, мыйзамдуу аягы болсо, анда эмнеге адамдардын өлүмүн токтотуу керек? Кайсы бир соодагер же чиновник ашыкча беш-он жыл жашаганда эмне? Эгер биз медицина максатын дары-дармектер аркылуу адамдардын азаптарын жеңилдетүү деп билсек, анда эрксизден суроо туулат: а эмне үчүн аларды жеңилдетүү керек? Биринчиден, азап-кайгы адамды кемчиликсиздикке, өсүп-өнүгүүгө жетелейт дешет, экинчиден, эгер адамзат чындап эле таблетка жана тамчылар менен азапты жеңилдетүүнү үйрөнсө, анда ал ушул убакка чейин бардык кыйынчылыктардан коргоп, ал тургай бакыт тартуулап келген динден, философиядан таптакыр баш тартмак. Өлөр алдында Пушкин катуу азапты баштан өткөргөн, бечара Гейне бир нече жыл шал болуп төшөктө жаткан, анда эмне үчүн кайдагы бир Андрей Ефимичке же Матрена Саввишнага ооруганга болбосун, алардын ансыз да маанисиз бош жашоосу, азап-тозокту баштарынан өткөзбөсө, таптакыр кунарсыз, амеба жашоосуна окшошуп калмак.

Андрей Ефимич ушундай ойлорго батып, кол шилтеди да, ооруканага күндө келбей калды.

VI

Анын жашоосу ушинтип уланып келет. Көбүнчө эртең менен саат сегизде туруп, кийинип, чай ичет. Анан кабинетине кирип окуп отурат же ооруканага барат. Оорукананын тар, караңгы коридорунда, амбулаториялык оорулуулар кабыл алууну күтүп отурушкан болот. Алардын жанынан такалары кирпич полду тыкылдаткан эркектер менен медайымдар, халатчан арык бейтаптар ары-бери басып, жандарынан маркумдарды, кир, жуула элек идиш-аяктарды алып өтүшөт, балдар ыйлап, каалгалар ачылган сайын шамал согот. Андрей Ефимич мындай абал безгек, кургак учук, дегеле бардык бейтаптар үчүн оор экенин билет, бирок билгенде эмне? Кабыл алуу залында аны фельдшерге караганда сенаторго көбүрөк окшош, чачы кыркылган, таза жуунган, толмоч бети, жумшак жүрүм-туруму бар, жаңы, кенен бешмантчан, кичинекей, семиз киши Сергей Сергеевич тосуп алат. Шаарда ал эбегейсиз көп практикага ээ, ак галстук тагынып, өзүн такыр практикасы жок Андрей Ефимичке караганда билимдүү эсептейт. Кабыл алуу бөлмөсүндө бурчта, чоң икона, оор иконка лампасы, анын жанында ак жапкычтуу шам койгучтуу айнектелген шкаф турат; дубалдарында епископтордун портреттери, Святогорск монастырынын көрүнүшү, кургак көк гүлдөрдөн жасалган гүлчамбар илинген. Сергей Сергеевич динчил жана ал сулуулукту сүйөт. Сүрөттөрдү ошол алып келген, жекшемби күндөрү күтүү залында, бейтаптардын бири анын буйругу боюнча Иисустун урматына дубаны үн чыгарып окуйт, ал эми окуудан кийин Сергей Сергеевич өзү жыпар жыттуу зат түтөткүчтү алып, бардык бөлмөлөрдү кыдырып аластайт.

Оорулуулар көп, бирок убакыт аз, ошондуктан маселе бир гана кыска сурамжылоо жана кастор майы сыяктуу кандайдыр бир дарыларды берүү менен чектелет. Андрей Ефимич жаак таянып ойго батып, көнүмүш суроолорун берет. Анда-санда Сергей Сергеевич да колун ушалап, сөзгө аралашат:

“Биз Мээримдүү Теңирге аз сыйынабыз жана андан аз тиленебиз. Ооба! Ошондуктан ооруйбуз жана муктаждыкка кабылабыз”,— дейт ал.

Кабыл алуу учурунда Андрей Ефимыч эч операция жасабайт, ал бул адатын эчак таштап койгон, кандын көрүнүшү ага жагымсыз таасир тийгизет. Баланын тамагын кароо үчүн оозун ачыш керек болуп, бала кыйкырып, кичинекей колдору менен өзүн коргоп ыйлай баштаганда, кулагындагы ызы-чуудан башы айланып, көздөрүнөн жаш чыгып кетет. Дарыны жазып бергиче шашып, энесине баланы тез алып кет деп колун жаңдайт.

Кабыл алып жатып ал бат эле бейтаптардын уялчаактыгынан, алардын келесоолугунан, кереметтүү Сергей Сергеевичтин жакындыгынан, дубалдардагы портреттерден, жыйырма жылдан ашык убакыттан бери дайыма сурап келген өз суроолорунан тажап кетет. Анан беш-алты бейтапты кабыл алат да, кетип калат. Калгандарын фельдшер кабыл алат.

Кудайга шүгүр, жеке практикамды эбак эле токтотком, эми мага эч ким тоскоол болбойт деген жагымдуу ой менен Андрей Ефимич үйгө келгенден кийин дароо кабинетиндеги үстөлгө отуруп окуй баштайт. Ал ар дайым зор ыракат менен көп окуйт. Айлыгынын жарымы китеп сатып алууга жумшалат, ал эми батириндеги алты бөлмөнүн үчөө китеп менен эски журналдарга жык. Баарынан да тарых, философия боюнча эмгектерди жакшы көрөт. Медицина боюнча бир гана «Докторду» алат, аны дайыма аягынан баштап окуйт. Ар бир жолу окуу бир нече саат үзгүлтүксүз уланып, аны чарчатпайт. Ал бир кездеги Иван Дмитрич окугандай тез эмес, акырындык менен шашпай окуйт, өзүнө жаккан же түшүнбөгөн жерлерге көп токтойт. Китептин жанында дайыма арак куюлган графин турат, ал эми маринаддалган бадыраң же чыланган алма табаксыз эле чүпүрөк тасмалдын үстүндө жатат. Жарым саат сайын китептен көзүн албай, өзүнө бир чөйчөк арак куюп ичип, анан карабай туруп бадыраңды сыйпалап таап, чекесинен тиштеп жейт.

Саат үчтөрдө этияттык менен ашкананын эшигин көздөй барат да, жөтөлүп, мындай дейт:

- Дарюшка, мен тамактанып алсам болот эле...

Бир топ эле даамсыз жасалган кечки тамактан кийин Андрей Ефимич колдорун көкүрөгүнө алып бөлмөлөрүн аралап, ойлонуп басып жүрөт. Саат төрттү, анан бешти чабат, дагы эле ойлонот. Маал-маалы менен ашкананын эшиги кычырап, андан Дарюшканын уйкусу келген кызыл жүзү көрүнөт.

- Андрей Ефимич, сыра ичкенге убакыт боло элекпи? – тынчсызданып сурайт ал.

- Жок, али эрте... – деп жооп берет. – Коё турайын... бир аз коё турайын...

Кечке маал почта башчысы Михаил Аверянич келет, ал бүткүл шаардагы Андрей Ефимичти өз чөйрөсү менен жүдөтпөгөн жалгыз адам. Михаил Аверянич бир кезде абдан бай помещик болгон, атчан аскерде кызмат өтөгөн, бирок банкрот болуп, муктаждыктын айынан карыганда почтага кирген. Ал шайыр, ден-соолугу мыкты. Жарашыктуу муруту, адептүү жүрүм-туруму, катуу жагымдуу үнү бар. Боорукер, сезимтал, бирок ачуусу тез. Кокус почтага келгендердин бири ага каршы сүйлөп, пикирине макул болбой же жөн эле ар нерселерди айта баштаганда, Михаил Аверяничтин жүзү каракүрөң тартып, бүт денеси калтырап-титиреп, күркүрөгөн үн менен: «Үнүңдү жап!» деп кыйкырганга чейин барат... Ошондуктан почта бөлүмү көптөн бери «киргенге коркунучтуу» деген жаман атакты алган. Михаил Аверянич Андрей Ефимычты билими, жан-дилинин асылдуулугу үчүн урматтайт, жакшы көрөт, айта кетчү нерсе, ал башка карапайым адамдарга кол алдындагыларга мамиле кылгандай эле теңсинбей мамиле кылат.

- Мына, мен дагы келип калдым! – дейт Андрей Ефимичтин бөлмөсүнө кирип, -- Салам, кымбаттуум ! Мен сени тажаттым окшойт, ээ?

-- Тескерисинче, мен абдан кубанычтамын, - деп жооп берет дарыгер. – Сизди көргөнүмө дайыма кубанычтамын.

Достор кабинеттеги диванга олтуруп, бир азга унчукпай тамеки чегишет.

- Дарюшка, сыраны алып келсең кандай болор экен! — дейт Андрей Ефимыч.

Биринчи бөтөлкө унчукпай ичилет: дарыгер ойго батып, Михаил Аверянич шайыр, жандуу көз карашы менен, айта кеби бардай олтурат. Сөздү ар дайым дарыгер баштайт.

— Кандай өкүнүчтүү, — дейт ал жай жана акырын баш чайкап, маектешинин көзүнө карабай (ал эч качан сүйлөшүп жаткан адамдын көздөрүнө карабайт), — кандай гана өкүнүчтүү, урматтуу Михаил Аверянич, биздин шаарда акылдуу, кызыктуу маек кураганды билген эч ким жок. Бул биз үчүн чоң жоготуу. Интеллигенция деле адепсиздиктен өйдө көтөрүлбөйт. Анын өнүгүү деңгээли, мен сиздерди ишендиремин, төмөнкү класстын деңгээлинен жогору эмес.

- Эң туура. Мен бул оюңузга кошулам.

“Сиз өзүңүз билесиз, – атайылап сөзүнө маани берип, жай, токтоп-токтоп улантат дарыгер, – бул дүйнөдө адамдын акыл-эсинин эң жогорку рухий көрүнүштөрүнөн башкасынын баары маанисиз жана кызыксыз. Акыл айбан менен адам ортосуна кескин чек коюп, анын теңирге гана тиешелүүлүгүн кыйытып, ал тургай кандайдыр бир деңгээлде аны бизде жок өлбөстүккө алмаштырат. Ушунун негизинде акыл-эс ыракаттын жалгыз булагы десек болот. Айланабыздагы акылды көрбөйбүз, укпайбыз, демек, ыракаттан куру калганыбыз ошол. Ырас, бизде китептер бар, бирок бул жандуу баарлашуу менен такыр бирдей эмес. Эгер сиз мага анча деле ийгиликтүү эмес салыштырууга уруксат берсеңиз, анда китептер – бул ноталар, ал эми баарлашуу – бул ырдоо дээр элем”.

- Эң туура.

Бир азга тынчтык өкүм сүрөт. Дарюшка ашканадан чыгып, эч нерсеге түшүнбөгөн кейип менен алаканын бетине такап, эшиктин алдында тыңшап туруп калат.

- Эх! – Михаил Аверянич үшкүрөт. - Азыркылардан акыл чыгабы!

Анан ал Россияда мурда кандай көңүлдүү, кызыктуу, толук кандуу жашоо болгонун, Россиянын акылдуу интеллигенциясы ар-намыс, достук деген түшүнүктөрдү канчалык бийик койгонун айта баштайт. Ал кезде акчаны карызга эсептешпей беришкен, муктаж болгон досуна жардам кылып кол сунбоо уят деп эсептелген. Кандай гана жүрүштөр, окуялар, кагылышуулар, кандай гана жолдоштор, кандай гана аялдар болгон жок! Ал эми Кавказчы – кандай кереметтүү жер! Батальондун бир командиринин аялы, офицердин кийимин кийип, кечинде жол көрсөтүүчүсү жок тоого кетип калчу экен. Анын чоочун айылдардын биринде бир ханзаада менен ысык мамилеси болгон деп айтып жүрүшчү.

- Асман ээси, апакебай... – дейт Дарюшка үшкүрүп.

- Алар кандай ичишчү эле! Алардын жегендеричи! Алар эч нерседен тартынбаган либералдар эле!

Андрей Ефимич тыңшап олтургансыган менен, эч нерсе укпайт; ал сырасын ичип бир нерсе жөнүндө ойлонуп отура берет.

“Мен көбүнчө акылдуу адамдарга жолугууну, алар менен баарлашууну кыялданам”, – дейт ал күтүүсүздөн Михаил Аверяничтин сөзүн бөлүп. – Атам мага эң сонун билим бергени менен, алтымышынчы жылдардагы идеялардын таасиринде мени дарыгер кылган. Ошондо мен ага баш ийбегенимде, азыр акыл эмгегинин так борборунда жүрмөкмүн. Балким кайсы бир факультет мүчөсү болмокмун. Албетте, акыл да түбөлүктүү эмес убактылуу, бирок ага эмне үчүн тартылып турарымды жакшы билесиң. Жашоо – бул азабы арбын тузак. Ойчул адам эр жетип, жетилген аң-сезимге каныкканда өзүн эрксизден чыга албас капканга түшкөндөй сезет. Чынында анын эркинен тышкары, бул жашоого келишине кээ бир кокустуктар себеп болгон...

А эмне үчүн? Ал өз жашоосунун маанисин жана максатын билгиси бар, бул ага айтылбайт же айтылса да абсурддар айтылат. Ал тыкылдатат, бирок эч ким эшик ачпайт, ага өлүм да эркине каршы келет. Ошентип жалпы бактысыздыкка байланган адамдар чогулганда абактагыдай эле өздөрүн жеңил сезишет, ошондой эле жашоодо да талдоого, жалпылоого жакын адамдар чогулуп, эркин, жаңычыл идеялар менен алмашып убакыт өткөргөндө тузакты байкабасың. Бул жагынан акыл-эс алмаштыргыс ыракат берет десем жаңылышпайм.

-- Эң туура, калетсиз сөз.

Андрей Ефимыч маектешинин көзүн карабай, улам тынып акылдуу адамдар жана алар менен болгон баарлашуулары тууралуу сөз улантат, Михаил Аверянич аны кунт коюп угуп, макул:

— Туура.

- Жандын өлбөстүгүнө ишенбейсиңби? – деп сурайт почта башчысы күтүүсүздөн.

— Жок, урматтуу Михаил Аверянич, мен ишенбейм, ишенүүгө негиз да жок.

- Мойнума алсам, менде кээде күмөн ой жаралат. Бирок менде эч качан өлбөчүдөй сезим бар. Өзүмчө ойлоном, алжыган чал, өлөр кез келди! А жан дүйнөмдө бир добуш шыбырайт: ишенбе, өлбөйсүң!..

Саат ондон бир аз өткөндө Михаил Аверянич кетүүгө камынат. Кире бериште кемселин кийип жатып үшкүрүп мындай дейт:

- Тагдыр бизди кандай туңгуюкка кептеди! Эң жаман жери ушул жерде өлүү керек. Эх!..

– Туптуура сөз.

VII

Андрей Ефимич досун узаткандан кийин үстөлүнө отуруп, кайрадан окуй баштайт. Кечтин, анан түндүн жымжырттыгын эч кандай үн бузбай, убакыт китеп үстүндөгү доктур менен бирге токтоп, тоңуп бараткансыйт, дүйнөдө бул китеп менен жашыл калпакчан чырактан башка нерсе жоктой. Дарыгердин орой, одоно жүзү аз-аздан адамдын акыл-эс чабыты алдында баш ийип суктануудан улам жаркырап, алган ыракатынан элжиреп, нурданып, жылмаюуга толот. Оо, эмне үчүн адамга өлбөстүктү берген эмес? -- деп ойлойт ал.

-- Эгер мунун баары топуракка кирип акыры жер кыртышы менен кошо муздап, анан күндүн айланасында жер менен миллиондогон жылдар бою маани, максатсыз айланууга тийиш болгон соң, мээ борборун, анын бырыштарын, көрүү, сүйлөө жыргалчылыктарың, даанышмандыгыңдын баарын жаратып, анан шылдыңдагансып кайрадан ылайга айлантуунун эмне кереги бар?

Зат алмашуу! Бирок бул өлбөстүктүн жалганчы орун басары менен өзүңүздү сооротуу кандай коркоктук! Табиятта болуп жаткан аң-сезимсиз процесстер адамдын келесоолугунан да төмөн, анткени келесоолукта дагы эле болсо аң-сезим жана эрк бар, процесстерде андайлар таптакыр жок. Кадыр-баркына караганда өлүмдөн көбүрөк корккон коркок гана денеси өлгөндөн кийин жаны чөптө, ташта, бакада жашайт деп өзүн сооротот... Өзүнүн өлбөстүгүн зат алмашуудан көрүү, кымбат скрипка сынып, жараксыз болуп калган соң, анын кутусун кызыктуу келечек күтүп жатканын алдын ала айткан көзү ачыктык сыяктуу эле болбогон нерсе.

Саат кага баштаганда Андрей Ефимич отургучка жөлөнүп, бир аз ойлонуу үчүн көзүн жумат. Ал эми күтпөгөн жерден китептен окуган жакшы ойлордун таасири менен өткөнүнө, азыркы учуруна көз чаптырат. Өткөн күндөрдө жакшылыктуу деле эч нерсе жок, аны эстебей эле койгону жакшы. А азыр мурдагыдан айырмасы билинбейт.

Ал билет, анын ойлору күндүн айланасында муздак топурак менен бирге аралашып айланып жүргөн учурда, доктурдун батиринин жанындагы чоң имаратта ооруга жана физикалык ыпыластыкка чалдыккан адамдар кыйналып жатышат; балким, кимдир-бирөө ойгонуп, бүргө менен кармашып жаткандыр, бирөө катуу таңылган бинтке чыдабай онтосо, башка оорулуулар медсестралар менен карта ойноп, арак ичип жатышкандыр. Отчёттук жылда он эки миң адам алданган; бүт оорукананын иши, жыйырма жыл мурункудай эле уурулук, чыр-чатак, ушак, тууганчылык, одоно көзбоёчулук менен жүргүзүлөт, ал эми оорукана дагы эле адеп-ахлаксыз мекеме жана тургундардын ден соолугуна өтө зыяндуу. Ал №6 палатада Никита темир тор артындагы оорулууларды сабарын жана Моисейка күнүгө шаар кыдырып, садага чогултарын жакшы билчү.

Экинчи жагынан, ал акыркы жыйырма беш жыл ичинде медицинада жомоктогудай өзгөрүү болгонун жакшы түшүнөт. Университетте окуп жүргөндө ага медицина жакында алхимия менен метафизиканын тагдырына дуушар болчудай сезилчү, бирок азыр түнкүсүн окуп жатканда медицина аны таң калтырып, жадагалса ыракатка бөлөчү болду. Чынында кандай күтүүсүздөн болгон укмуштуудай революция! Антисептиктердин жардамы менен улуу Пирогов спецификалык жактан да мүмкүн эмес деп эсептеген операциялар жасалат. Жөнөкөй земстволук дарыгерлер тизе муундарын резекциялоону жасашат, буга окшогон жүз учурдан бир гана өлүм бар, ал эми таш оорусу майда-барат деп эсептелгендиктен, ал жөнүндө жазбай да калышты. Сифилисти түп тамырынан бери айыктырышат. Ал эми тукум куучулук теориясы, гипноз, Пастер менен Кохтун ачылыштары, статистика менен гигиеначы, ал эми биздин орус земство медицинасычы? Психиатрия, оорулардын азыркы классификациясы, ооруну аныктоо, дарылоо ыкмалары, – бул баштагыга салыштырганда, бүткүл Эльборустай саналат. Эми жиндилердин башына муздак суу куюшпайт, тынчтандыруучу көйнөк кийгизишпейт, ал тургай гезиттерде жазышкандай аларга оюн-шоок, тамашаларды көргөзүшөт. Андрей Ефимич азыркы көз караштар жана табит менен караганда №6 палата сыяктуу жийиркеничтүү нерсе, темир жолдон эки жүз чакырым алыстыкта, шаар башчысы жана бардык эл башында жүргөн майда кызматкерлери жарым-жартылай сабаттуу болгон шаарда гана болушу мүмкүн экенин билет. Алар дарыгерге оозуна эриген коргошун куюп койсо да эч кандай шексиз ишенген ыйык дин кызматчыга ишенгендей ишенишет. Башка жерде коомчулук жана гезиттер бул кичинекей Бастилияны эчак эле тыткылап жок кылышмак.

“Бирок андан эмне болуп кетти?” – деп сурайт өзүнөн Андрей Ефимич көзүн ачып.

– Мунун эмнеси бар? Антисептик да, Кох менен Пастер да, иштин маңызын такыр өзгөрткөн жок. Оору менен өлүм мурдагыдай эле. Жиндилер үчүн оюн-шоок, спектаклдер уюштурулат, бирок аларды дагы деле сыртка чыгарышпайт. Мунун баары куру сөз, эң жакшы Вена клиникасы менен менин ооруканамдын ортосунда эч кандай айырма жок”.

Бирок кайгы гана көралбастыкка окшош сезим анын кайдыгерлигине тоскоол болот. Бул чарчоодон го. Башы оордоп китепти көздөй кыйшая баштагандыктан эки колу менен жаак таянып ойлонуп калат:

“Мен зыяндуу ишке кызмат кылып, өзүм алдаган адамдардан айлык алам, чынчыл эмесмин. Бирок өзүм жалгыз эч ким эмесмин, болгону зарыл болгон коомдук жамандыктын бир бөлүкчөсүмүн: райондук аткаминерлердин баары мен сыяктуу эле зыяндуу, бекер айлык алышат... Демек, менин абийирсиздигим үчүн мен эмес, убакыт күнөөлүү... Эгерде эки жүз жылдан кийин төрөлсөм, башкача болмокмун”.

Саат үч болгондо жарыкты өчүрүп, уктоочу бөлмөсүнө кирет. Бирок анын уйкусу келбейт.

VIII

Мындан эки жыл мурда земство берешендик кылып, земство ооруканасы ачылганга чейин шаардык оорукананын медициналык персоналын чыңдоо максатында жыл сайын үч жүз сом жөлөкпул берүүнү чечкен, Андрей Ефимичке жардам көрсөтүү үчүн шаардык аймактык дарыгер Евгений Федорич Хоботов чакырылган. Бул дагы эле өтө жаш, отузга да чыга элек, жазы жаак, көздөрү жүлжүк, узун бойлуу, кара чачтуу жигит болчу. Сыягы анын ата-бабалары чет элдиктерден болсо керек. Ал шаарга чөнтөгүндө бир тыйын акчасы жок, кичинекей чемоданы, ашпозчум деп атаган өңү серт жаш келин менен келди. Аялдын эмчектеги баласы бар экен. Евгений Федорич маңдайында кыры бар шапке, кончу узун өтүк, а кышында кой терисинен тигилген чолок тон кийип жүрдү. Ал фельдшер Сергей Сергей жана казыначы менен ынак дос болуп кетти, эмнегедир башка чиновниктерди ак сөөктөр деп атап, алардан каччу. Анын батиринде болгону -- "1881-жылдагы Вена клиникасынын эң жаңы рецепттери” деген бир гана китеби бар эле. Оорулууларга барганда дайыма бул китепти өзү менен кошо ала жүрөт. Ал кечинде клубда бильярд ойночу, бирок картаны жактырчу эмес. Сүйлөшкөндө убара, уксус кошулган мантифолия, сизге көлөкө алып келет ж.б сыяктуу кооз сөздөрдү колдонуунун чебери эле.

Евгений Федорич ооруканада жумасына эки жолу келип, палаталарды кыдырып, бейтаптарды кабыл алат. Антисептиктердин жана кан соргон банкалардын таптакыр жоктугу аны бир топ кыжаалат кылды, бирок аларды алдырууну талап кылуу менен Андрей Ефимичти таарынтып алуудан коркуп, унчуга алган жок. Ал кесиптеши Андрей Ефимичти алчы-таасын жеген карган шылуун эсептейт, анын акчасы көп деп шектенип, ага тымызын көз артат. Анын ордун ал кубануу менен алмак.

IX

Бир күнү жаздын кечинде, марттын аягында, жердеги кар эрип, оорукана бакчасында кара чыйырчыктар сайраган маалда, дарыгер почта башчы досун дарбазага чейин узатканы чыкты. Дал ушул учурда еврей Моисейка шаардан кайыр сурап жүрүп, кайтып короого кирип келе жаткан. Ал жылаң баш, жылаңаяк бутуна гөлөш кийип алыптыр, колунда садагаларын салган кичинекей баштыгы бар. Титиреп үшүп алган:

- Мага бир тыйын берип койчу! – деди ал, дарыгерге карап жылмайып.

Эч качан баш тартууну билбеген Андрей Ефимич ага бир тыйын сунду.

"Кандай жаман деп ойлоду ал, анын эти жок кызыл балтырлары менен жылаңаяк буттарына көз жүгүртүп. Көлөчү да суу экен”.

Боору ооруган ошол эле убакта жийиркенген сыяктуу сезимдер менен ал еврейдин артынан анын таз башына, балтырына көз чаптырып, кошумча имаратка кирди. Дарыгер киргенде Никита үйүлгөн таштандыдан ыргып туруп, какайып калды.

– Салам, Никита, – деди Андрей Ефимич жумшак үн менен. - Бул жөөткө өтүк берип койсоң кантет, антпесе суук тийгизип алчудай.

- Макул, урматтуум. Мен аны башчыга билдирем.

- Сен менин атымдан сура. Мени суранды деп айт.

Коридордо палатанын эшиги ачык экен. Иван Дмитрич бир чыканагына таянып керебетте жаткан, бейтааныш адамдын үнүн угуп тынчсыздана баш көтөрүп, капысынан дарыгерди тааныды. Ачуусу келген өнө бою титиреп, ордунан ыргып туруп, кызарган, ачуулуу жүзү менен көздөрүн чакчайтып, бөлмөнүн ортосуна чуркап чыкты.

- Дарыгер келди! – деп кыйкырып, каткырды. – Акыры келди! Мырзалар, куттуктайбыз, дарыгер бизди өз катышуусу менен сыйлады! Каргыш тийген жылан! – Ал чаңырып, палатада мурда эч болуп көрбөгөндөй жинденип, жер тепкилеп жиберди. – Бул жыланды өлтүргүлө! Жок, өлтүрүү аздык кылат! Ажатканага чөктүрүп жибериш керек!

Муну уккан Андрей Ефимич коридордон палатага баш багып, акырын сурады:

– Кечиресиз, эмне кылган күнөөм үчүн?

- Эмне кылган күнөөң үчүнбү? – деп кыйкырды Иван Дмитрич ага коркунучтуу көз караш менен жакындап. - Эмне күнөөм бар дейсиңби? Ууру! – деди жийиркенип, түкүргүсү келгендей эриндерин камдап. – Көз боёмочу! Желдет!

— Тынчтаныңыз, — Андрей Ефимич кечирим сурагандай жылмайды. – Сизди ишендирип кетейин, мен эч качан эч нерсе уурдаган эмесмин, сиз өтө эле аша чаап жаткандайсыз. Көрүп турам, сиз мага ачууланып жатасыз. Тынчтаныңыз, мен сизден суранам, эгер мүмкүн болсо шашпай, жай түшүндүрүп бериңизчи: эмнеге ачууланып жатасыз?

- Эмнеге мени бул жерде кармайсыңар?

- Анткени сиз ооруп жатасыз.

- Ооба, ооруп жатам. Бирок ондогон, жүздөгөн жиндилер ээн-эркин жүрүшөт, анткени силер сабатсыздыгыңардан аларды соо адамдардан ажырата албайсыңар. Эмне үчүн мен жана бул байкуштар күнөөкөрдөй болуп отурушубуз керек мында? Сиз, фельдшер, кароолчу, баардык бейтапканаңыз бул жерде жаткан ар бирибизден моралдык жактан өлчөөсүз төмөнсүңөр, эмне үчүн биз отурабыз, силер отурбайсыңар? Логика кайда?

- Бул жерде моралдык мамиленин, логиканын эч кандай тиешеси жок. Мунун баары учурдан көз каранды. Камалгандар отурушат, камалбагандар ары-бери басып жүрүшөт, болду. Мен дарыгер болсом, сиз психикалык оорулуу экениңизде адеп-ахлак да, логика да жок, бул болгону кокустук.

«Мен бул болбогон сөздү түшүнбөйм...» Иван Дмитрич келесоодой кобуранып, керебетине барып отурду.

Никита дарыгердин көзүнчө тинтүүдөн уялган Моисейка керебетине нандын кесимдерин, кагаздарды, сөөктөрдү жайып, дагы эле титиреп үшүп, ивритче мукам үнү менен ырдап жаткансып бир нерсени тез-тез кобурап жатты. Дүкөн ачам деп кыялданса керек.

— Мени коё бер, — деди Иван Дмитрич үнү титиреп.

-- Мен андай кыла албайм.

-- Эмне үчүн? Неге?

-- Анткени бул менин колумда эмес. Өзүң ойлочу, мен сени коё бергенимден сага эмне пайда? Бар, кете бер. Баары бир шаардыктар же милиция кармап, кайра алып келишет.

— Ооба, ооба, чын... — деди Иван Дмитрич чекесинен ушалап. - Бул өтө жаман! Бирок мен эмне кылышым керек? Эмне?

Андрей Ефимичке Иван Дмитричтин үнү, анын жаш, акылдуу жүзү жакты. Ал жигитти эркелетип, тынчыткысы келди. Анын жанына керебетке отурду да, ойлонуп:

- Эмне кылам дейсиңби? Сиздин абалыңыздагы эң жакшы нерсе, бул жерден качуу. Тилекке каршы, бул пайдасыз. Сиз камаласыз. Коом өзүн кылмышкерлерден, психикалык жактан оорулуулардан, жалпысынан ыңгайсыз адамдардан коргой алса, анда ал жеңилгис. Сизге бир гана нерсе калды: бул жерде болушуңуз керек деген ой менен макул болуп, шартка көнүү.

- Анын кимге кереги бар?

- Түрмөлөр, жиндиканалар болгондон кийин аларда бирөө отуруш керек. Сиз болбосоңуз - мен, мен болбосом – дагы бирөө. Күтө тургула, качандыр бир убактарда, алыскы келечекте түрмөлөр менен жиндиканалар өз жашоосун токтотот, терезелерде темир тор, халаттар болбойт. Албетте, мындай учур эртеби-кечпи келет.

Иван Дмитрич мыскылдуу жылмайды.

– Тамаша кыласыз да, – деди ал көзүн жүлжүйтүп. - Сиз жана сиздин жардамчыңыз Никита сыяктуу мырзалардын келечекке эч кандай тиешеси жок, бирок ишениңиз, урматтуу мырзам, жакшы күндөр сөзсүз келет! Туура эмес сүйлөп жатат деп шылдыңдап күлө бергиле, бирок жаңы жашоонун таңы жаркырап, чындык жеңет, биздин көчөдө да майрам болот! Мен ага жетпейм, өлөм, бирок бирөөнүн чөбөрөлөрү аны көрөт. Аларды чын жүрөгүмдөн куттуктайм, кубанам, алар үчүн кубанам! Алга! Кудай колдосун, достор!

Көздөрү жайнаган Иван Дмитрич ордунан туруп, терезеге кол сунуп, толкундана улантты:

- Ушул темир торлор жоголсун деп силерге батамды берем! Жашасын чындык! Мен кубанычтамын!

-- Мен кубанууга эч кандай негиз таппай жатам, - деди Андрей Ефимич, ага Иван Дмитричтин кыймылы театрда ойноп жаткансып көрүндү, ошол эле учурда абдан жакты. – Түрмөлөр, жиндиканалар болбойт, сен айткан чындык жеңет, бирок эч нерсенин маңызы өзгөрбөйт, табият мыйзамдары ошол бойдон калат. Адамдар азыркыдай эле ооруп, карып, өлүшөт. Таңдын атышы жашооңду канчалык жарык кылбасын, акыры табытыңа мык кагылып, чуңкурга ыргытылатасың.

- А өлбөстүкчү?

- Ээ, коюңузчу!

- Сиз ишенбесеңиз, мен ишенем. Достоевскийдеби же Вольтердеби кимдир-бирөө айтат, эгер Кудай жок болсо, аны адамдар ойлоп табышмак деп. Ал эми өлбөстүк жок болсо, аны эртеби-кечпи адамзаттын улуу акылы ойлоп табат деп терең ишенем.

— Жакшы айттыңыз, — деди Андрей Ефимич ыракаттана жылмайып. - Ишенгениңиз жакшы. Мындай ишеним менен адам дубалга камалып жатса да, түбөлүк бактылуу жашайт. Сиз бир жерден билим алдыңыз беле?

- Ооба, мен университетте болчумун, бирок бүтө элекмин.

- Сиз ойлонгон, ойчул адамсыз. Кандай жагдайда болбосун, өзүңүздөн сооронуч таба аласыз. Жашоону түшүнүүгө умтулган эркин, терең ой жүгүртүү жана дүйнөнүн келесоо убаракерчилигин толук жек көрүү – бул адам эч качан билбеген эки пайда. А сиз үч темир тордун артында жашасаңыз да, аларга ээ боло аласыз. Диоген челектин ичинде жашаган, бирок ал жер жүзүндөгү бардык падышалардан бактылуу болгон.

— Диогениң келесоо экен, — деди Иван Дмитрич капаланып. – Сиз мага Диоген жөнүндө жана кандайдыр бир түшүнүү жөнүндө эмнени айтып жатасыз? – капысынан ачуусу келип ордунан ыргып турду. – Мен жашоону сүйөм, ага кумарланам! Менде куугунтук маниясы, тынымсыз азаптуу коркуу бар, бирок жашоого суусаган учурларым болот, анан акылымды жоготуп алуудан корком. Мен жашагым келет, аябай жашагым келет!

Ал толкунданып палатанын аркы башына басып өтүп, акырын үн менен мындай деди:

-- Кыялдана баштасам мага арбактар сыяктуу бир нерселер келет. Кандайдыр бир адамдар келип, алардын үндөрүн, кайсы бир музыканы угам, мен бир токойдо, деңиз жээгинде басып жүргөнсүйм, ушунчалык бир нерсе менен убараланып, аракеттенүүнү каалайм... Айтчыңызчы, эмне жаңылык бар? — деди Иван Дмитрич. – Деги эмне болуп жатат?

- Шаар жөнүндө билгиңиз келеби же жалпысынанбы?

- Мейли, алгач шаар тууралуу айтып бериңиз, анан жалпысынан.

-- Анда мындай. Шаарда адам тажагыдай, кызыктуу эч нерсе жок... Сүйлөшөргө киши жок, сүйлөсөң угар жан таппайсың. Жаңы адамдар жок. Айтмакчы, жакында эле жаш врач Хоботов келди.

- Ал мен бул жерге келе электе эле келген. Эмне, ал дагы уятысыз, орой адамдардын бириби?

- Ооба, маданиятсыз адам. Кызык, билесиңби... Байкасам, биздин борбордо психикалык жактан өсүү токтобогон сыяктуу кыймыл болууда, демек ал жерде чыныгы адамдар болуш керек да, бирок эмнегедир ал жактан бизге ушундай адамдарды жөнөтүшөт. Көргүң да келбейт. Бактысыз шаар!

– Ооба, чынында бактысыз шаар! – үшкүрдү Иван Дмитрич, анан адатынча каткырып алды. – А жалпысынан кандай? Гезит-журналдарда эмнени жазып жатышат?

Палатада караңгы боло баштады. Дарыгер ордунан туруп, чет өлкөлөрдөгү, Россиядагы гезит-журналдарда кандай багыттагы ой-пикирлерди чагылдырган макалалар чыккандыгы тууралуу айта баштады. Иван Дмитревич кунт коюп угуп, улам суроо берип, бирок капилеттен эле бир нерсе оюна түшкөндөй башын мыжыга кармап, дарыгерге далысын салып төшөгүнө ары карап жатып алды.

– Сизге эмне болду? – деди эч нерсе түшүнбөгөн Андрей Ефимыч.

– Эми сиз менден бир ооз сөз да укпайсыз! – орой жооп узатты Иван Дмитрич. – Мени өз жайыма коюңуз!

– Эмне үчүн?

– Мен сизге айтып жатпаймынбы: кетип калыңыз! Менде эмне ишиңиз бар?

Андрей Ефимыч ийин куушуруп, үшкүрүнүп чыгып кетти. Ал сыртка баратып кобурады:

– Никита, бул жерди тазалап койсо жаман болбос эле… Аябай жаман жыттанып кетиптир!

– Айтканыңыз аткарылат, улуу урматтуум!

“Кандай жагымдуу жигит! – деп ойлоду Андрей Ефимыч үйүнө баратып. – Бул жерде жашагандан бери сүйлөшүүгө татыктуу биринчи адам ушул жигит болду окшойт. Ал туура ой жүгүртүп, керектүү нерселерге кызыгат экен”.

Жатарда китеп окуп, Андрей Ефимычтын оюнан Иван Дмитрич кетпей койду, а эртең менен кечээ акылдуу, кызыктуу жигит менен таанышканын эстеп, биринчи эле ыңгайлуу учурдан пайдаланып ага дагы бир жолу барууну чечти.

X

Иван Дмитрич кечээгидей эле башын кармап, буттарын бүгүп алып бүрүшүп жаткан. Анын жүзү дарыгерге көрүнгөн жок.

– Саламатсызбы, досум, – деди Андрей Ефимыч. – Сиз ойгоосузбу?

– Биринчиден, мен сиздин досуңуз эмесмин, – деди Иван Дмитрич жаздыктан баш көтөрбөй, – а экинчиден, сиз бекер убара болбоңуз, мени бир ооз сөз айтканга да мажбурлай албайсыз.

– Кызык… – деп кобурады Андрей Ефимыч оңтойсузданып. – Кечээ биз жакшы сүйлөшүп эле, бир нерсеге таарынгансып ары карап жатып алдыңыз... Мүмкүн бир нерсени туура эмес айттым же сиздин пикириңизге дал келбеген сөз айтып алдым окшойт...

– Муну кара, мен эле болсом ишенип калат экемин! – деди Иван Дмитрич башын көтөрүп дарыгерге шектүү жылмайып. Анын көздөрү кызарып турган. – Тыңчылыгыңызды башка жерге барып жасап, башкаларды кыйнаңыз, а бул жерде кылар ишиңиз жок. Эмнеге келгениңизди кечээ эле билгем.

– Кызык фантазия! – жылмайды дарыгер. – Демек, мени тыңчы деп ойлогон турбайсызбы?

– Ооба, ошентип ойлоп жатам… Тыңчысыңбы же бул жерге мени текшерүү үчүн жаткырган доктурсуңбу, бул мага баары бир.

– Ах, кечирип коюңуз... сиз чынында эле апенди чалыш окшойсуз!

Доктур керебеттин жанындагы олтургучка олтуруп, жактырбагандай башын чайкады.

– Макул, сиздики туура деп коёлу, – деди ал. – Макул, мен сөзүңүздөн кармап, сизди полицияга өткөзүп бердим дейли. Сизди кармап барып камашат, анан соттошот. Бирок түрмөдө бул жердегиден жаман деп ойлойсузбу? Мейли сизди кесип, сүргүнгө айдашсын, ал жакта эмне бул жиндиканада жаткандан да жаман дейсизби? Менимче, мындан жаман болбойт... Анда эмнеден коркуп жатасыз?

Бул сөздөр Иван Дмитричке таасирин тийгизди көрүнөт. Ал баш көтөрүп олтурду.

Саат бешке жакындап Андрей Ефимыч адатта бөлмөсүндө ары-бери басып, Дарьюшка андан сыра ичүүгө убакыт болдубу деп сураган учур. Сыртта күн мемиреп, ачык.

– Мен тамактангандан кийин бир аз сейилдеп келейин деп чыккам, анан кайрыла кетейинчи дедим, – деди дарыгер. – Жаз келип калды.

– Азыр кайсы ай? Мартпы? – деп сурдады Иван Дмитрич.

– Ооба, марттын аягы болуп калды.

– Көчөлөрдө ылайбы?

– Жок, анча деле ылай жок. Бакчада жалгыз аяк жолдор кургак.

– Ушул кезде араба менен шаар сыртына чыксаң кандай жакшы, – деди жаңы эле ойгонгонсуп, кызарган көздөрүн ушалаган Иван Дмитрич, – анан үйгө, жылуу, ыңгайлуу бөлмөгө кирип алып жакшы дарыгерге көрүнүп, баш ооруңду дарылатсаң...Канчадан бери адамча жашай элекмин. А бул жерде кандай жаман? Адам чыдагыс абал!

Кечээги делебесин козгогон аңгемелешүүнүн таасиринен улам ал чарчагансып, сүйлөшүүгө көңүлү чаппады. Колдорунун манжаларын майда титирек басып, жүзүнөн башы катуу ооруп жатканы байкалат.

– Жылуу, ыңгайлуу бөлмө менен бул палатанын эч айырмасы жок, – деди Андрей Ефимыч. – Адамдын бейкуттугу, ишеними ага сырттан келбейт, ал анын өзүндө.

– Кандайча?

– Карапайым адам жакшы-жаманды башкалардан көрөт, а акылман аны өзүнөн издейт.

– Мындай философияңызды жылуу, жемиш багы жыттанган Грецияга барып айтыңыз, бул жерде ал климатка туура келбейт. Диоген тууралуу ким менен сүйлөштүм эле? Сизби?

– Ооба, кечээ күнү мени менен сүйлөшкөнсүз.

– Диоген жылуу бөлмөгө муктаж эмес болчу, ал жакта ансыз деле ысык. Челектен чыкпай апельсин менен оливкиңди жеп жата бер. Эгер ал Россияда жашаганда декабрды айтпай эле коёлу, май айында эле үйүнө кире качмак. Суукта тоңуп калмак болуш керек.

– Жок, андай эмес. Башка оорулар сыяктуу эле суукка да көнсө болот. Марк Аврелийдин мындай айтканы бар: "Оору - бул ооруу тууралуу илээшкек ой: бул ойду өзгөртүүгө аракет кылыңыз, аны четке кагыңыз, даттанууну токтотуңуз, ошондо оору жок болот." Бул акыйкат сөз. Даанышман же жөн эле ойлонгон, ойчул адам азап чегүүнү жек көрүүсү менен өзгөчөлөнөт, ал ар дайым кубанып жүрөт жана эч нерсеге таң калбайт.

- Демек, мен акмакмын, анткени азап чегем, нааразы болом, адамдын эки жүздүүлүгүнө таң калам.

- Сиздин бул айканыңыз бекер сөз. Эгер сиз жакшыраак ойлонуп көрсөңүз, анда бизди тынчсыздандырган тышкы нерселердин канчалык маанисиз экенин түшүнөсүз. Жашоону түшүнүүгө умтулуу керек, ошондон чыныгы ыракатты табасыз.

–Түшүнүү... – деди Иван Дмитрич көздөрүн жүлжүйтүп. - Тышкы, ички... Кечиресиз, мен эч нерсе түшүнгөн жокмун. Бир гана билгеним, - деди ордунан туруп, доктурду жактырбагандай карап, - Кудай мени жылуу кандан, нервден жаратканын жакшы билем, ооба! Ал эми ар бир органикалык тирүү клетка, эгер ал жашоого жөндөмдүү болсо, ар кандай дүүлүктүрүүчү нерселерге жооп бериши керек. Ошондуктан мен жооп кылам! Мен ооруга онтоо, көз жаш менен жооп берем, жамандыкка ачуулануу менен, жийиркеничтүү нерселерге жийиркенүү менен жооп кылам. Менимче, дал ушунун өзү жашоо деп аталат.

Организм өнүгүүсү канчалык төмөнкү деңгээлде болсо, ал ошончолук сезимталдыгы чабал болуп, дүүлүктүргүчтөргө ошончолук алсыз жооп берет, ал эми канчалык өнүгүүсү жогоруласа, чындыкты ошончолук күчтүү кабыл алат. Ушуну кантип билбей калдыңыз? Доктур болсоңуз да, ушундай майда-чүйдө нерселерди билбейсизби!

– Азап чегүүнү жек көрүп, дайыма ыраазы болуп, эч нерсеге таң калбоо үчүн мына мындай абалга жетүү керек, - Иван Дмитрич май басып шишиген семиз дыйканды көрсөттү, – же азап-тозокко бышып, анын кыйынчылыктарына чыдап, ага болгон сезимталдыкты биротоло жоготуу, башкача айтканда, жашоону токтотуу керек. Кечиресиз, мен даанышман же философ эмесмин, — сөзүн улантты Иван Дмитрич кызуу кандуулук менен, — мен бул нерселерге түшүнбөйм. Демек, бул тууралуу талкуулай албайм.

- Тескерисинче, сиз абдан жакшы ой жүгүртөт экенсиз.

-- Сиз айткан стоиктер эң сонун адамдар болгон, бирок алардын окуусу эки миң жыл мурда сенектикке кабылып, бир кадам да алдыга жылбай кыймылсыз калган, анткени алардын окуусу практикалык жана турмуштук маанилүүлүгүн жоготкон.

Ал өмүрүн жаттап окуу жана ар кандай окуулардан тийип-качып даам татуу менен өткөргөн азчылык үчүн гана ийгиликтүү болгон, көпчүлүгү аны түшүнгөн да эмес. Байлыкка, жашоо жыргалчылыгына кайдыгерликти, азап менен өлүмдү жек көрүүчүлүккө үгүттөгөн окуу басымдуу көпчүлүккө таптакыр түшүнүксүз болгон, анткени көпчүлүк жашоодо байлыкты да, жыргалчылыкты да эч качан билген эмес. Ал эми азапты жек көрүү алар үчүн жашоонун өзүн жек көрүү дегенди билдирген, анткени бүт адам баласынын жашоо маңызы ачарчылык, суук, таарыныч, жоготуу, гамлеттик өлүмдөн коркуу сезимдеринен турат. Бүткүл жашоо ушул сезимдерде: андан качсаң болот, жек көрсөң болот, бирок аны тоотпой коюуга болбойт. Ооба, дагы бир жолу кайталайм, стоиктердин окуусунун эч качан келечеги болгон эмес, бирок өзүңүздөр көргөндөй, кылымдын башынан бүгүнкү күнгө чейин күрөш, ооруга сезимталдык, кыжырданууга жооп берүү жөндөмү өнүгүп келет...

Иван Дмитрич капысынан ой учугун жоготуп, токтоп, кыжаалаттанып, чекесин ушалап койду.

"Мен маанилүү бир нерсе айтайын дегем, бирок адашып калдым, – деди ал. - Эмнени айтып жаттым эле? Ооба! Эстедим, стоиктердин бири жакынын кулчулуктан кун төлөп куткаруу үчүн өзүн кулчулукка саткан. Көрдүңүзбү, бул стоиктердин да терс окуяларга салкын мамиле кылбаганын айгинелейт, анткени жакыны үчүн өзүн курмандыкка чалуу сыяктуу чоң ишке баруу үчүн кайдыгерликти билбеген, боорукер жан керек. Билгендеримдин баарын бул түрмөдө унутуп калдым, болбосо дагы көптү эстеп айтып бермекмин. Баса, Христосту эле алалычы. Машаяк чындыкка ыйлап, жылмайып, кайгырып, ачууланып, жадагалса кусалыкка батуу менен жооп берген. Ал азапка жылмаюу менен барган эмес, өлүмдү жек көргөн жок, бирок Гефсиман багында сыйынып, бул ачуу уу куюлган чөйчөктүн жанынан өтүп кетишин тилеген.

Иван Дмитрич кайрадан каткырып алып отуруп калды.

"Мейли, адамдын бейкуттугу жана ыракаты сыртта эмес, өзүндө дейли”. “Азапты жерийли, эч нерсеге таң калбайлык. Бирок сиз муну эмненин негизинде айтып жатасыз? Сиз акылмансызбы? Философсузбу?

- Жок, мен философ эмесмин, бирок аны ар ким айта жүрүшү керек, анткени бул акылга сыярлык иш.

- Жок, айтыңызчы, эмне үчүн өзүңүздү агартуучулук, азапты жек көрүү ж.б.у.с. нерселерде билерман сезесиз. Качандыр бир кездерде азап тарттыңыз беле? Сизде азап жөнүндө кандайдыр түшүнүк барбы? Кечиресиз, сиз бала кезиңизде таяк жедиңиз беле?

-- Жок, ата-энем бирөөгө кол көтөргөндөрдү жек көрүшчү.

- А атам мени мыкаачылык менен сабачу. Атам геморрою бар, мурду узун, моюну саргайган кызматкер эле. Бирок сиз жөнүндө сүйлөшөлү. Өмүр бою сизге эч ким кол тийгизген эмес, эч ким коркуткан эмес, эч ким урган эмес. Сизде буканыкындай ден-соолук бар. Атаңыздын канатынын астында чоңоюп, анын эсебинен окуп, анан дароо эле майлуу кызматты ээлегенсиз. Жыйырма жылдан ашык иштегенге укугуңуз, шартыңыз болсо да, куурай башын сындырбай өзүңүз каалагандай жылуу, жарык, бекер батирде жашадыңыз, бардык ишиңизди кызматчы аткарып турду. Табиятыңыз боюнча жалкоо, борпоң адамсыз, ошондуктан өз жашооңузду эч нерсе капа кылбагандай түзүүгө аракет кылгансыз. Сиз өз ишиңизди фельдшерге, башка акмактарга тапшырдыңыз да, өзүңүз жылуу-жумшак отуруп, акча чогултуп, китеп окуп, ар кандай бийик сандырак ойлор менен асманда калкып (Иван Дмитрич доктурдун кызыл мурдуна карады), ичимдик шимип жыргап отурдуңуз. Бир сөз менен айтканда, сиз жашоону көргөн жоксуз, аны толук билбейсиз, чыныгы жашоо менен теориялык жактан гана таанышсыз. Сиз азапты жек көрөсүз, эч нерсеге таң калбайсыз, себеби: убаракерчилик, жашоого болгон сырткы-ички жек көрүү, азап менен өлүм, агартуу, чыныгы жыргалчылык – мунун баары орус жалкоосуна эң ылайыктуу философия. Мисалы, сиз күйөөсү аялын сабаганын көрүп турасыз. А эмне үчүн ага кийлигишмек элеңиз? Ура берсин, баары бир, экөө тең эртеби-кечпи өлөт. Анан калса сабаган адам, сабалган адамга эмес, өзүнө жаман кылат. Ичүү – акылсыздык, адепсиздик, бирок ичкен да өлөт, ичпеген да өлөт.

Бир аял тиштери ооруп келди... Ооруса эмне экен? Оору бул оору тууралуу илээшчек ой, анын үстүнө бул дүйнөдө оорубай жашай албайсың, баарыбыз өлөбүз, ошондуктан мени убара кылып, ойлонуума, арак ичкениме жолтоо болбой кете бериңиз...

Жаш жигит кеңеш сурап келди, кантип жашаш керек, эмне иш жасасам туура болот; жооп берерден мурун, башка киши ойлонмок, а сиздин жообуңуз даяр. Өзүңдү, турмушту түшүнүүгө жана чыныгы ыракат алууга умтул. Деги,бул фантастикалык "чыныгы ыракат" деген эмне? Жооп жок, албетте. Бул жерде бизди темир тор артында чиригиче кармашат, кыйнашат, бирок бул эң сонун, акылга сыярлык нерсе, анткени бул палата менен жылуу жайлуу кеңсенин айырмасы жок. Ыңгайлуу философия – кыла турган ишиңиз жок, абийириңиз таза, өзүңүздү даанышман сезесиз... Жок, мырза, бул философия, кенен ой жүгүртүү, ачык маанай эмес, бул жалкоолук, алдамчылык, барып турган келесоолук... Ооба! – Иван Дмитрич кайрадан ачууланды: – Сиз азапты, ооруну жек көрөсүз, сөөмөйүңүздү эшикке кыпчытсаңыз үнүңүздүн жетишинче бакырбаганыңызды көрөт элем!

- Балким кыйкырмак эмесмин, – деди Андрей Ефимич жумшак жылмайып.

- Ооба, албетте! Сиз капыстан шал оорусуна кабылсаңыз, же айталы, кайсы бир намыссыз акмак кызматтык даражасынан пайдаланып, сизди эл алдында кемсинтсе, жазасыз өтүп кетерин билсеңиз, ошондо балким башкаларды түшүнүүгө, чыныгы ыракатка үгүттөө кандай болорун билмексиз.

— Бул оригиналдуу, — деди Андрей Ефимич ыракаттана жылмайып, кол ушалап. - Сиздин жалпылоого болгон жөндөмүңүз мени абдан таң калтырды, сиз жаңы эле мага берген мүнөздөмө укмуш эми. Моюнга алышым керек, сиз менен сүйлөшүү мага чоң ыракат тартуулады. Мен сизди уктум, эми сиз да мени угуңуз...

XI

Бул сүйлөшүү дагы бир саатка жакын созулуп, Андрей Ефимичке терең таасир калтырды окшойт. Бул жерге ал күн сайын келе баштады. Бул жакка эртең менен, кечки тамактан кийин барчу, көбүнчө кеч киргенде аны Иван Дмитрич менен сүйлөшүп олтурганын көрүшчү. Адегенде Иван Дмитрич андан уялып, шектенип, жактырбаганын ачык билдирген, кийин ага көнүп, катаал мамилесин шылдыңдуу иронияга алмаштырган.

Көп өтпөй бүт ооруканага «Доктор Андрей Ефимич №6 палатага келе баштады» деген ушак тарады. Анын эмне үчүн ал жакка барганын, эмне үчүн бир нече саат отурганын, эмне тууралуу сүйлөшкөнүн, эмне үчүн рецепт жазбаганын эч ким – фельдшер да, Никита да, медайымдар да түшүнгөн жок... Анын кылыгы кызыктай көрүндү. Михаил Аверянич аны көп учурда үйдөн таппай калчу болду, буга чейин эч качан мындай болгон эмес, а Дарюшка капа болуп жүрдү, анткени дарыгер сыраны убагында ичпей, кээде кечки тамакка да кечигип келчү болгон.

Бир жолу июндун аягында доктор Хоботов Андрей Ефимичке кандайдыр бир иш боюнча келген. Аны үйүнөн таппай, ооруканага издеп жөнөдү, ал жерден ага карыя доктур жиндиге кеткенин айтышты. Кошумча имаратка кирип, кире бериште токтогон Хоботов төмөндөгү сөздөрдү укту:

-- Биз эч качан тил табыша албайбыз, сиз мени өз ишенимиңизге киргизе албайсыз, - деди Иван Дмитрич кызууланып. – Чыныгы жашоо менен такыр тааныш эмессиз, эч качан кыйналган эмессиз, болгону аракеч ичкилик чыкчу жерди айланчыктаган сыяктуу, башкалардын азабынын тегерегинде айланып келгенсиз, а мен туулган күнүмдөн бүгүнгө чейин тынымсыз кыйналып келем. Ошондуктан ачык эле айтам: мен өзүмдү сизден жогору жана бардык жагынан компетенттүү эсептейм. Мага акыл үйрөтөр сиз эмессиз.

-- Мен сизди өз ишенимиме киргизип алайын деген оюм жок, -- деди Андрей Ефимич акырын, аны түшүнгүсү келбегенине өкүнгөндөй. – Кеп анда эмес, досум. Сиз азап тарттыңыз, а мен тартпаптырмын. Азаптар менен кубанычтар келип кетме. Аларды Кудай алсын, аны мындай таштайлы. Ал эми сиз экөөбүз ой жүгүртөбүз, бири-бирибизден ойлонууга, ой жүгүртүүгө жөндөмдүү адамдарды көрөбүз, бул биздин көз караштарыбыз канчалык ар түрдүү болсо да, бизди бириктирет. Билсеңиз, досум, мен жалпы акылсыздыктан, келесоолуктан, дөдөйлүктөн кандай гана чарчадым, а сиз менен сүйлөшүү мага ар дайым кубаныч! Сиз акылдуусуз, сиз менен баарлашуудан ыракат алам.

Хоботов эшикти бир аз ачып, палатага көз жүгүрттү. Төшөк үстүндө Иван Дмитрич менен доктур Андрей Ефимич жанаша отурушкан. Доктур болсо кыймылсыз, баш шылкыйтып, жүзү кызарып, айласыз адамдай муңайым эле. Жинди калтырап, туталанып халатын кайра-кайра түзөп оронду. Хоботов ийин куушура жылмайып, Никитаны карады. Никита ийнин куушуруп койду.

Эртеси Хоботов кайрадан фельдшер менен бирге чарбалык имаратка келди. Экөө кире бериште тыңшап калышты.

-- Биздин абышка таптакыр алжыса керек! – деди Хоботов имараттан чыгып баратып.

- Кудайым, биздей күнөөкөрлөрүңө ырайым кыл! – Сергей Сергей үшкүрүндү, жаркыраган таза өтүгүн булгап албаш үчүн көлчүктөрдөн тырышчаактык менен айланып өтүп. – Чынын айтсам, урматтуу Евгений Федорич, мен муну көптөн бери күтүп жүргөм!

XII

Ошондон кийин Андрей Ефимич анын айланасында болгон кандайдыр бир сырдуу нерселерди байкай баштады. Дыйкандар, медайымдар, оорулуулар жолугушкан сайын ага кызыккандай, башкача көз караш менен карашып, анан шыбырашып калышат. Оорукана бакчасында жолуккан сайын жакшы көрүп, башынан сылап эркелетип жүргөн кароолчунун кызы Маша эмнегедир ал жылмайып жакындай баштаганда эле качып калды. Почта начальниги Михаил Аверяныч аны угуп олтуруп, баштагыдай: «Туура» деп кубаттагандын ордуна, өзүн оңтойсуз сезип: «Ооба, ооба, ооба...» деп кобурап, аны ойлуу, аягансып карайт. Эмнегедир досуна арак-сырасын ташта деп кеңеш берип, бирок сыпайы адам катары түз айта албай кыйытып, бирде аябай жакшы киши— батальондун командири тууралуу, бирде дагы бир жакшы адам – полктун дин кызматчысы жөнүндө, алардын ичип жүрүп ооруп калышканын, анан аракты таштап, толугу менен айыгып кетишкенин айтты. Андрей Ефимичтин кесиптеши Хоботов да эки-үч жолу келип кетти, ал дагы алкоголдук ичимдиктерден баш тартууга кеңеш берип, эч кандай себепсиз эле бромдуу калий ичүүнү сунуштады.

Август айында Андрей Ефимыч шаар башчысынан абдан маанилүү маселе боюнча келип кетүүсүн суранган кат алды. Кеңешке белгиленген убакытта келип, Андрей Ефимич ал жерден аскер командирин, кеңеш мүчөсү, райондук мектептин штаб башчысын, Хоботовду жана чымыр денелүү, ак чачтуу чоочун мырзаны жолуктурду. Аны дарыгер деп тааныштырышты. Бул айтууга кыйын, поляктардыкындай аты-жөнү бар дарыгер шаардан отуз верст алыстыкта, жылкы фермасында жашачу, азыр ал шаардан өтүп баратып кайрылган экен.

— Сиздин ишиңизге байланыштуу арыз түштү, мырза, — деп кайрылды бардыгы учурашып, үстөлгө олтургандан кийин Андрей Ефимичке кеңеш мүчөсү. — Евгений Федорич башкы корпус тар болгондуктан дарыкананы чарбалык имараттардын бирине которуу керек дейт. Бул албетте, көйгөй эмес, аны которууга болот, бирок негизги маселе, ал жерди оңдоо керек.

— Ооба, ремонтсуз иштей албайбыз, — деди Андрей Ефимич бир аз ойлонуп. Мисалы, чарбалык имараттын бир бурчун дарыкана үчүн ылайыкташтырууга, кеминде беш жүз сом керек. Чыгаша өтө эле көп.

Алар бир топко чейин унчукпай калышты.

– Мен мындан он жыл мурун билдиргем, — деп улантты Андрей Ефимич үнүн акырын чыгарып, — бул оорукананы азыркы абалы менен кармоо өтө эле кымбатка турат, аны оңдоого шаардын каражаты жетишсиз. Оорукана кыркынчы жылдары курулган, бирок ал учурда шарт башка болчу, каражат да жетишсиз эле. Шаар керексиз имараттарга, ашыкча кызматтарга өтө көп акча жумшайт. Бул акчага башка шарттарда эки үлгүлүү оорукананы кармап турууга болот деп ойлойм.

-- Анда эмесе башка тартипти орнотууну баштайлы! — деди кеңештин мүчөсү шайдоот.

— Буга чейин сунуш кылгам: медициналык пунктту Земствонун карамагына өткөрүү керек.

– Ооба, акчаны Земствого бергиле, алар уурдап, жеп кетишсин, –күлүп койду сары доктур.

– Ошондой эле болуп жүрбөйбү, – макул болду кеңеш мүчөсү, ал да күлүп койду.

Андрей Ефимич ак чачтуу доктурду тайсалдай карап, мындай деди:

-- Таза иштеш керек.

Алар кайрадан унчукпай калышты. Аңгыча чай алып келишти. Аскер командири эмнегедир абдан оңтойсузданып, үстөлдөн эңкейип Андрей Ефимичтин колуна колун тийгизип, ага мындай деп кайрылды:

– Сиз бизди таптакыр унуттуңуз. Бирок сиз кечилсиз да: карта ойнобойсуз, аялдарды жактырбайсыз. Биздей туугандардан тажасаңыз керек.

Олтургандардын баары бул шаарда татыктуу адамдын жашоосу кызыксыз экенин айта башташты.

Андрей Ефимич эч кимди карабай, жай, шашпай, шаардыктар өздөрүнүн кубат-күчүн, жүрөгүн, акылын картага, ушак-айыңга жумшап жатышканын чоң өкүнүч менен айтты. Театр да, музыка да жок, клубдагы акыркы бий кечесинде жыйырмадай айым, эки мырза болду. Жаштар бийлебейт, дайыма буфеттин айланасында топтошот же карта ойношот. Алар убакытты кызыктуу маектешүүлөр, китеп окуу менен өткөзүүнү билишпейт, каалашпайт дагы. Акыл эмгеги адамга тартуулаган ыракаттан пайдаланууну каалашпайт. Чынында бир гана акыл эмгеги кызык, керемет, а калгандары майда-барат маанисиз.

Хоботов кесиптешин кунт коюп угуп олтуруп, капысынан суроо узатты:

— Андрей Ефимич, бүгүн кайсы күн?

Жооп алгандан кийин ал ак чачтуу дарыгер экөө тең өздөрүнүн жөндөмсүздүгүн сезген экзамен алуучулардын үнү менен Андрей Ефимичтен бүгүн кайсы ай, бир жылда канча күн бар, №6 палатада укмуштуудай олуя жашаганы чынбы деп сурай башташты...

Акыркы суроого жооп берип жатып Андрей Ефимич кызарып мындай деди:

– Ооба, бул оорулуу, бирок кызыктуу жигит.

Андан башка суроолор берилген жок.

Залдан чыгып кемселдерин кийгенде аскер адамы колун анын ийнине коюп минтти:

— Карыдык көрүнөт, эс алууга убакыт келди!

Ал кеңештен чыкканда Андрей Ефимич бул анын акыл-эс жөндөмүн текшерүү үчүн дайындалган комиссия экенин түшүндү. Ал өзүнө берилген суроолорду эстеп, кызарып, эмнегедир өмүрүндө биринчи жолу медицинага жаны ачыды.

«Кудайым ай, — деп ойлоду ал, доктурлар аны кантип текшергенин эстеп, — алар жакында эле психиатриядан сабак алып, экзаменден өтүп келишпеди беле, мынча сабатсыздык кайдан чыкты? Алардын психиатрия жөнүндө караманча түшүнүктөрү жок!”

Анан өмүрүндө биринчи жолу таарынганын, ачууланганын сезди. Ошол эле күнү кечинде ага Михаил Аверяныч келди. Почта башчысы саламдашпай жанына келип, эки колунан кармап, толкунданган үн менен:

- Кымбатым, досум, менин ак ниетиме ишенгениңди, мени өзүңдүн досуң деп эсептей турганыңды далилде... Досум! — Андрей Ефимичти сүйлөтпөй толкунданып сөзүн улады: — Мен сени билимиң үчүн, жан дүйнөңдүн асылдыгы үчүн жакшы көрөм. Мени ук, кымбаттум. Илимдин эрежелери дарыгерлерди сенден чындыкты жашырууга милдеттендирет, бирок мен аскерий адам катары чындыкты кесе айтам: сен оорулуусуң! Кечиресиз, бирок бул чындык, муну тегеректегилердин баары көптөн бери байкаган. Азыр эле мага доктор Евгений Федорич ден-соолук үчүн эс алып, көңүл ачуу керектигин айтты. Эң туура! Эң сонун! Бул күндөрү мен эс алып, башка жактын абасы менен дем алганы чыгам. Менин досум экениңди далилде, чогуу кетели! Кеттик, илгеркини эске салалык.

Андрей Ефимич бир саамга ойлонгондон кийин: “Менин ден-соолугум жакшы”, - деди. - Мен бара албайм. Керек десең мен сага достугумду башка жол менен далилдеп берейин.

Эч максатсыз, китепсиз, Дарюшкасыз, ал берген сырасыз белгисиз бир жактарга баруу, жыйырма жылдан бери калыптанган турмуш тартибин кескин бузуу, – мындай идея ага адегенде жапайы, кур кыял сыяктуу көрүнгөн. Бирок ал шаардык кеңеште болгон маекти, шаардык кеңештен кайтып келгендеги оор маанайын эстеди, чындап эле акылсыз адамдар аны жинди деп ойлогон шаардан бир азга кетүүнү ойлоп жылмайып койду.

– Сиз каякка барайын дедиңиз эле?

– Москвага, Санкт-Петербургга, Варшавага... Мен Варшавада жашоомдун эң бактылуу беш жылын өткөрдүм. Кандай керемет шаар! Кеттик, досум!

XIII

Бир жумадан кийин Андрей Ефимичке эс алууну, башкача айтканда, отставкага кетүүнү сунуш кылышты, ал буга анчейин кайгырган жок, ал эми бир жумадан кийин Михаил Аверянич экөө почта арабасына отурушуп, эң жакынкы темир жол станциясын көздөй бара жатышты. Асман көпкөк, салкын, чайыттай ачык күндөр болчу. Эки күндө станцияга чейин эки жүз чакырым жол басып, жолдо эки жолу түнөштү. Почта бекеттеринде начар жуулган чөйчөктөр менен чай беришкенде же арабага аттарды кечиктирип чегишкенде, Михаил Аверянич бүт денеси калтырап, кызарып-татаргыча жинденип, кыйкырчу: «Сүйлөбө! Айтышпа!" Ал эми арабага олтурганда жаагы тынбай, Кавказ, Польша Королдугун кыдырып жүргөндөгү башынан өткөзгөн окуяларын айта баштачу. Канчалаган укмуштуу окуялар, кандай гана жолугушуулар болбоду! Ал бакылдап сүйлөп, ошол эле учурда ушунчалык көздөрүн таң калгандай бакырайтып ачкандыктан, аны калп айтып жатат десе болот. Анын үстүнө ал сүйлөгөндө Андрей Ефимичтин жүзүнө дем алып, так гана кулагына күлчү. Бул дарыгерди жагымсыз абалга калтырып, анын ой жүгүртүүсүнө, көңүл топтоосуна тоскоол болчу.

Алар акчаларын үнөмдөп, үчүнчү класстагы тамеки чекпегендер отурган вагонго белет алышты. Жүргүнчүлөрдүн жарымы жакшы адамдар экен. Михаил Аверяныч бардыгы менен тез эле таанышып, олтургучтан олтургучка жылып, бакылдап жүрдү. Мындай бузулган жолдор менен жүрүүгө болбойт. Айланаңдын баары алдамчылык! Атчан жол жүргөнгө жетеби: бир күндө жүз миль басып өтсөң да, өзүңүздү ден-соолугуң чың, сергек сезесиң. Ал эми бизде эгиндин түшүмү начар болгону, Пинск саздарын кургатып жибергендиктен. Жалпысынан тополоңдор коркунучтуу. Ал ушу сыяктуу тажатма кептери менен ээ-жаа бербей бакылдап сүйлөп, башкаларга сөз берген жок. Катуу күлкүлөр, ар кандай ишараттар коштолгон бул түгөнгүс жол Андрей Ефимичти чарчатып жиберди.

“Экөөбүздүн кимибиз жиндибиз? — деп ойлоду ал кыжырданып. Жүргүнчүлөрдүн тынчын албай тынч келе жаткан менби же өзүн бул жердегилердин баарынан акылдуу, кызыктуураакмын деп ойлоп, баарын тажаткан бул эгоистпи?”

Москвада Михаил Аверяныч погонсуз аскер кемсел, аскер шапкеси жана капталында кызыл тасмасы бар шым менен жүрдү. Көчөдө жоокерлер ага урмат кылып, баш кийимине кол тийгизип саламдашып жатышты. Эми Андрей Ефимичке ал бир кездеги өзүндөгү болгон нерселердин ичинен бардык жакшысын ысырап кылып, жаман жагын гана сактап жүргөн адамдай көрүндү. Ал таптакыр кереги жок болсо да, өзүнө кызмат кылдырганды жактырчу. Ширеңке анын жанындагы колун сунса жеткидей жердеги үстөлдө жатса да, ал аны көрмөксөн болуп, кызматчы жумшап алдырчу. Кызматчы кыздын көзүнчө ич кийимчен жүргөндөн тартынчу эмес. Кызматчыларга, атүгүл абышкаларга да сен деп кайрылып, аларга ачууланганда, аларды акмак, келесоо деп тилдечү. Анын минтип мырзасынганы Андрей Ефимичке жийиркеничтүү көрүндү...

Баарыдан мурда Михаил Аверянич жолдошун Иверскийдеги чиркөөгө алып барды. Көзүнө жаш алып, жалындуу дуба кылып, сыйынган соң терең үшкүрдү:

– Ишенбесең да, сыйынгандан кийин жан-дүйнөң тынчыйт. Сыйынып ал, ардактуум.

Андрей Ефимич уялып, иконага таазим этти, ал эми Михаил Аверянич эриндерин кыбыратып, башын ары-бери кыймылдатып, шыбырап дуба кылып, кайрадан көзүнөн жаш тегеренди. Андан кийин Кремлге барып, падыша-замбирек менен падыша коңгуроосун карап, ал тургай аларга манжаларын тийгизишти. Москва дарыясынын көрүнүшүнө суктанып, Куткаруучунун чиркөөсүнө, Румянцевдин музейине барышты.

Алар Тестовдо тамактанышты. Михаил Аверяныч муруттарын сылап, менюну көпкө карап, ресторандарда өзүн үйүндөй сезүүгө көнгөн гурмандын үнү менен мындай деди:

- Кана, периштем, көрөлүчү, бүгүн бизге кандай тамак тартуулайсың!

XIV

Дарыгер шаар аралап басты, турду, ар нерселерди көрдү, ичти, жеди, бирок барган сайын аны бир нерсе кыйнады: ал Михаил Аверяничтен тажай баштаган. Досунан алыстап, качкысы келди, бирок досу аны жанынан бир кадам узатпай, колдон келишинче көңүлүн ачууну өз милдети деп эсептеп алган болчу. Карай турган кызыктуу нерсе жок калганда, ал ар кандай окуяларды биринен сала бирин айтып, дарыгердин көңүлүн көтөрүп жатам деп ойлочу. Андрей Ефимич эки күн чыдады, бирок үчүнчү күнү досуна ооруп жатканын шылтоолоп, эртеден кечке үйдө калгысы келгенин билдирди.

– Андай болсо мен да эч жакка чыкпайм. Чынында, эс алуу керек, антпесе буттар да чарчады, – деди досу.

Андрей Ефимич диванга тескери карап жатып, Франция, Германияны эртеби-кечпи сөзсүз жеңери тууралуу, Москвада алдамчылар көп экенин, жылкынын сырткы келбетине карап анын артыкчылыгын баалоого болбостугу жөнүндө досунун айткандарын араң чыдап укту. Дарыгердин кулактары чуулдап, жүрөгү лакылдап тез-тез сого баштады, бирок сыпайгерчилигинен, досу анын жанынан кетишин же унчукпай коюусун суранууга батынбады. Бактыга жараша, Михаил Аверяныч бөлмөдө отургандан тажап, кечки тамактан кийин сейилдөөгө чыгып кетти.

Жалгыз калган Андрей Ефимич кадимкидей эс ала түштү. Диванда кыймылсыз жатып, бөлмөдө жалгыз экениңди түшүнүү кандай жагымдуу! Жалгыздыксыз чыныгы бакыт мүмкүн эмес! Жалгыздык эмне экенин билбеген периштелердин арасынан бузулду деген бир периште сыягы, жалгыздыкты каалагандыктан Кудайга чыккынчылык кылса керек. Андрей Ефимич акыркы күндөрдө эмне көрүп, эмне укканын эстегиси келди, бирок Михаил Аверянич оюнан чыкпай койду.

“Ал мени досум деп эсептеп, айкөлдүгүнөн мен үчүн атайын эмгек өргүүсүн алып, мени менен бул жакта жүрөт да”, – деп ойлоду дарыгер. “Бирок анын достук камкордугунан жаман эч нерсе жок көрүнөт. Анткени ал боорукер, кең пейил, шайыр болгону менен тажатма окшойт. Аябагандай тажатма экен. Дайыма акылдуу, жакшы сөздөрдү гана айткан адамдар болот, бирок алардын келесоо экенин сезип турасың”.

Кийинки күндөрү Андрей Ефимич ооруга шылтоолоп, бөлмөдөн чыккан жок. Ал досу сүйлөй баштаганда диванда тескери карап, зеригип жатчу, а досу жокто эс алып калат. Ал анын сунушуна макул болгон өзүнө да, күн сайын бабыры арбыган досуна да жини келчү; ал өз оюн башка, олуттуу, бийик нерселерге бура албады.

“Иван Дмитрич айткан чындык мага эми жетти көрүнөт”, — деп ойлоду ал өзүнүн майдачылдыгына ачууланып. - Бирок бул болбогон кеп... Үйгө барганда баары ордуна келет..."

Санкт-Петербургда деле эч нерсе өзгөргөн жок: ал күнү бою бөлмөдөн чыкпай, диванга жатып алып сыра ичүү үчүн гана туруп жатты. Михаил Аверяныч эми аны Варшавага барууга шаштыра баштады.

– Кымбаттум, менин ал жакта эмнем бар? — деди жалынган үн менен Андрей Ефимич. – Өзүңүз бара бериңиз, мен үйүмө кете берейин! Мен сизден суранам!

-- Эч качан андай болбойт! — деп нааразы болду Михаил Аверяныч. – Бул укмуштуу шаар. Жашоомдун эң бактылуу беш жылын ошол жерде өткөргөм.

Андрей Ефимичтин ага каршы болууга батынбай, моюнунан байланган иттей болуп аны менен Варшавага барууга мажбур болду. Бул жерде ал бөлмөдөн чыкпай, өзүнө, досуна, орусча түшүнүүдөн өжөрдүк менен баш тарткан кызматчыларга жинденип диванда жатты, ал эми Михаил Аверяныч адаттагыдай эле ден соолугу чың, күчтүү, шайыр болчу. Ал шаарды кыдырып эртеден кечке эски досторун издейт. Бир нече жолу түнөгөнү да келген жок. Бир жолу ошондой белгисиз жерде өткөргөн түндөн кийин, ал таңга маал катуу толкунданып, кызарып, чачтары таралбай саксайган боюнча келди. Ал көпкө чейин бурчтан бурчка, ичинен бирдемелерди кобурап басып жүрүп, анан токтой калып үн катты:

-- Баарынан мурда намысты сакташ керек! – Дагы бир аз басып, башын кармап, кайгылуу үн менен: - Ооба, эң биринчи намысты сактоо керек! Бул Вавилонго баруу оюма келген учурду каргыш алсын! Досум, – ал доктурга кайрылды, – Мени жек көрүңүз! Сөгүңүз! Мен утулуп калдым! Мага беш жүз сом берип туруңуз!

Андрей Ефимич беш жүз сомду санап, унчукпай досуна берди. Ал дагы эле уялып, өзүнө келалбай кызарып турган, өзүнчө кобуранып, эч кимге керексиз ант берип алды да, кепкасын кийип, сыртка чыкты. Эки сааттан кийин кайтып келип, жумшак олтургучка кулап түштү да, катуу үшкүрүп мындай деди:

- Намыс сакталды! Кеттик досум! Бул каргыш тийген шаарда бир мүнөт да калгым жок. Алдамчылар! Австриялык тыңчылар!

Достор шаарга кайтып келгенде, ноябрь айы эле, көчөлөрдө калың кар жаткан. Андрей Ефимичтин ордун доктур Хоботов ээлеген. Ал дагы эле эски ижарасында жашап, Андрей Ефимич келип, оорукананын бөлмөсүн бошотуп беришин күтүп жаткан. Ал ашпозчу атаган өңү серт аял эбак эле эски имараттын бир бөлмөсүндө жашай баштаптыр. Шаарда оорукананын айланасында жаңы ушактары тарады. Көрсө, кароолчу менен өңү серт аял уруша кетип, кароолчу анын алдына чөгөлөп, сойлоп кечирим сураган имиш.

Андрей Ефимич келген биринчи күнү эле ижарага үй издеди.

«Досум, — деди почта башчысы, — мени кечирип коюңуз, сиздин карамагыңызда эмне оокатыңыз бар?

Андрей Ефимич унчукпай чөнтөгүнөн акчасын алып санады да:

- Сексен алты сом.

— Мен бул жөнүндө сурап жаткан жокмун, — деди Михаил Аверянич уялыңкы, дарыгерди түшүнбөй. – Мен жалпы жонунан эмне мүлкүңүз бар деп сурап жатам?

- Мен сага айтып жатпаймынбы: сексен алты сом... Башка эч нерсем жок.

Михаил Аверяныч дарыгерди чынчыл жана асыл адам деп эсептегени менен, анын эң аз дегенде жыйырма миң сомдук каражаты бар деп шектенчү. Эми Андрей Ефимичтин кайырчыдан айырмасы жок экенин, жашоого эч нерсеси жогун билип, эмнегедир капысынан көзүнө жаш алып, досун кучактады.

XV

Андрей Ефимич кенже кызматкерлердин катмарына кирген аял Белованын үч терезелүү үйүндө жашай баштаган. Бул үйдө ашкананы эсепке албаганда үч гана бөлмө бар. Алардын ичинен терезеси көчөгө караган экөөндө дарыгер, үчүнчүсүндө, ашканада Дарюшка менен кожойке аял үч баласы, өзү турчу. Кээде үй ээсине түнөгөнү мас ойношу келип, түнү менен бакырып-өкүрүп, балдар менен Дарьяга тынчтык бербей, алардын үрөйүн учурчу. Ал ашканага олтуруп арак талап кылганда бөлмөнүн ичи тарый түшчү, догдур боору ооруп ыйлап жаткан балдарды өз жанына алып келип полго жаткырчу, бул ага чоң ыракат тартуулар эле.

Ал мурдагыдай эле саат сегизде туруп, чай ичкенден кийин эски китептерин, журналдарын окууга отура турган. Жаңысын сатып алууга акчасы жок. Китептер эски болгондуктанбы же чөйрө өзгөргөндөнбү, айтор, окуу аны баштагыдай өзүнө терең тартпай, чарчаганын сезчү. Убакытты текке кетирбөө үчүн китептеринин деталдуу каталогун түзүп, алардын мукабаларынын беттерине чаптай баштаган, бул түйшүктүү иш ага окуудан да кызыктуу көрүнөр эле. Бир кылка, түйшүктүү эмгек аны ойлорунан алаксытып, убакыт тез өтчү. Ал тургай ашканада Дарюшка менен картөшкө аарчып же кара күрүч тазалоо да ага кызыктуу. Ишемби, жекшемби күндөрү чиркөөгө барчу. Дубалдын жанында көзүн жумуп, чиркөө ырларын угуп, атасы, апасы, университет, дин жөнүндө ойлончу. Ошол учурда жан дүйнөсү ыракат алып, жыргалга батып, чиркөөдөн чыгып үйүнө кетип баратканда сыйынуунун ушунчалык тез аяктаганына өкүнчү.

Ал эки жолу ооруканага Иван Дмитрич менен сүйлөшүү үчүн барган. Бирок эки жолу Иван Дмитрич адаттан тыш толкунданып, жинденип чыкса болобу; ал эчак эле куру сөздөн тажап, аны өз жайына коюуну суранып, каргыш тийген бардык кара ниет адамдардан көргөн азаптары үчүн бир гана сыйлык күтөрүн – алардан жалгыз адам олтурчу камера сурай турганын айткан. Алар ага муну да ыраа көрүшпөйбү? Андрей Ефимич аны менен эки жолу тең коштошуп, бейпил түн тилегенде, ал кысыраңдап:

– Сени каргыш алсын! – деген эле.

Андрей Ефимич үчүнчү жолу барышы керекпи же жокпу, азыр аны билбейт. Ал баргысы келчү.

Мурда түштөн кийин тамактанган соң Андрей Ефимич бөлмөдөн-бөлмөгө басып, ойлонуп жүрчү, азыр кечки тамактан кечки чайга чейин эч нерсеге татыбаган майда-чүйдө ойлордон арыла албай, диванга ары карап жата берчү болгон. Жыйырма жылдан ашык иштегенине карабай пенсия да, жок дегенде жылына бир жолу берилчү жөлөкпул да чектеп беришпегенине ызаланып капа. Ырас, ал кызматын так аткарган жок, бирок бардык кызматкерлер абийирсизби, ак ниет болобу, айырмаланбай пенсия алышат. Заманбап адилеттүүлүктүн маңызы ушундай: наам, орден, пенсиялар моралдык сапаттарга, жөндөмдүүлүккө эмес, жалпысынан, кандай гана болбосун кызматта болгону үчүн ыйгарылат. Эмне үчүн бул эреженин жалгыз гана ага тиешеси жок? Анын такыр эле акчасы жок болчу. Дүкөндүн жанынан өткөндөн, үй ээсин карагандан уялчу болду. Ал сыра үчүн отуз эки сом карыз. Кожойке Белова айымга да карызы бар. Дарюшка акырындан эски көйнөктөрдү, китептерди сата баштады, ал үй ээсине доктур жакында көп акча алат деп калп айтчу болгон.

Ал саякаттап жүрүп жыйып алган миң сомун коротуп койгонуна жини келди. Ошол миң сомдун азыр кандай пайдасы тиет эле! Эл аны тынч калтырбагына да нааразы. Хоботов оорулуу кесиптешине анда-санда келүүнү милдетим деп эсептеген. Андрей Ефимичке ал бардык жагынан жийиркеничтүү көрүндү, анын курсагы токтугун чагылдырган майланышкан жүзү, кемсинтип чыккан үнү, «кесиптеш» деген сөзү, бийик өтүгү; эң жийиркеничтүүсү, ал Андрей Ефимичке жакшы мамиле кылууну өз милдетиндей эсептеп, аны чындап эле дарылап жатам деп ойлогону. Ар бир жолу келгенде бир бөтөлкө бромдуу калий, ышкын таблеткаларын ала келчү.

Ал эми Михаил Аверянич да досуна жолугуп, көңүлүн көтөрүп турууну өз милдети деп ойлочу. Андрей Ефимичтин жанына келген сайын ыңгайсызданып, калп күлүп, бүгүн анын кебетеси жакшы экенин, абалы жакшырып баратканын ишендире баштачу, ушундан улам досунун абалын үмүтсүз деп эсептейт деген жыйынтыкка келүүгө болот эле. Ал Варшавада алган карызын алигиче бере албай жүргөн, ошондуктан катуу уялып, өзүн ыңгайсыз сезип, чыңалган абалда жүрчү, ошол себептүү катуурак күлүп, күлкүлүү окуяларды айтып, өзүн алаксытууга аракеттенчү. Анын анекдоттору, аңгемелери дегеле түгөнбөстөй көрүнүп, Андрей Ефимичтин өзү үчүн да, азаптуу боло баштаган.

Ал келип сүйлөй баштаганда Андрей Ефимич диванга ары карап жатып, анын аңгемелерин тиштерин кычыратып, араң чыдап укчу. Анын жан дүйнөсүндө катмар-катмар кебээрдей болгон бир нерсе туруп, досу ар бир жолу келип кеткенден кийин уламдан улам калыңдап, өйдө көтөрүлүп кекиртегине кептеле баштаганын сезчү.

Мындай майда сезимдерди кубалоо үчүн ал өзү да, Хоботов да, Михаил Аверяныч да эртеби-кечпи, табиятта эч кандай из калтырбай өлөбүз деп ойлогонго ашыкчу. Миллион жылдан кийин космосто кандайдыр бир рух жер шарынын жанынан учуп өтөт деп элестетсек, анда ал чопону жана жылаңач таштарды гана көрөт. Баары – маданият да, адеп-ахлактык мыйзам да жок болот, ал тургай алардын ордуна уйгак да өспөйт. Андай болгон соң дүкөнгө карызы, эптеп-септеп адам сыягы бар орой, маданиятсыз Хоботов, Михаил Аверянычтын адам чыдагыс тажатма достугу эмнеге татымак? Мунун баары жалган жана куру сөздөр.

Бирок ага мындай ой жүгүртүүлөр жардам бербей калган. Ал миллион жылдан кийинки жер шарын элестетери менен жылаңач асканын артынан бийик өтүкчөн Хоботов пайда болуп же калп каткырган Михаил Аверьяныч чыга калчу, алтургай анын уялгансып чыккан шыбыры угулгансыйт: “Ал эми Варшавадан алган карызды, досум, жакынкы күндөрдө берем... Сөзсүз берем”.

XVI

Бир күнү кечки тамактан кийин Андрей Ефимич диванда жатканда Михаил Аверянич кирип келди. Ошол учурда Хоботов да бромдуу калийи менен пайда болгон. Андрей Ефимич ордунан туруп, эки колун диванга жөлөп олтура кетти.

— Бүгүн, кымбаттуум, — деп баштады Михаил Аверяныч,— өңүңүз кечээкиге караганда бир топ жакшы. Ооба, сиз азаматсыз! Кудайга шүгүр, азаматсыз!

“Убакыт келди, айыгууга убакыт келди, кесиптеш”, - деди Хоботов оозун чоң ачып эстеп. --Менимче, сиз өзүңүз да жата берип тажадыңыз окшойт.

- Биз жакшы болуп кетебиз! — деди көңүлдүү, Михаил Аверянич. Биз дагы жүз жыл жашайбыз! Дал ушундай!

“Жүз болбосо дагы, дагы жыйырма жыл ашыкча болбойт”, -- деп сооротту Хоботов. -- Эч нерсе эмес, эч нерсе эмес, кесиптеш, көңүлүңдү чөгөрбө... Залакасы тийбесин.

Биз өзүбүздү дагы көрсөтөбүз! Михаил Аверяныч күлүп, досунун тизесин таптап койду. – Биз өзүбүздү дагы көрсөтөбүз! Келерки жайда Кудай буюрса, Кавказга барып, ал жактын баарын ат менен айланып өтөбүз - гоп! гоп! гоп! А биз Кавказдан кайтып, балким той өткөзөбүз. Михаил Аверянич кытмырлана көз кысып койду. – Сизди үйлөнтөбүз, жан досум... үйлөнтөбүз...

Андрей Ефимич капысынан кекиртегине тоголоктошкон бир нерсенин тыгылып келатканын сезди, жүрөгү дүкүлдөп катуу сокту.

– Адепсиздик! — деди ал ордунан тез туруп, терезеге жөнөдү. – Адепсиз сөздөрдү айтып жатканыңыздарды түшүнбөйсүзбү?

Ал сөзүн акырын, сылыктык менен айтайын деген, бирок эркине каршы капысынан муштумдарын түйүп, башын бийик көтөрдү.

- Мени жайыма койгула! – өзүнө таандык эмес үн менен кызарып-татарып кыйкырды. – Чыгып кеткиле! Экөөң тең, экөөң тең жоголгула!

Михаил Аверяныч менен Хоботов орундарынан туруп, аны адегенде аң-таң калып, анан чочулай карап калышты.

- Экөөң тең чыккыла! – деп кыйкырды Андрей Ефимич. -- Акылсыз адамдар! Акылсыз адамдар! Мага достугуңдун да, дарыңдын да кереги жок, келесоолор! Адепсиздер! Шерменделер!

Хоботов менен Михаил Аверянич бири-бирин аң-таң боло карап, артка чегинип, кире беришке чыгышты. Андрей Ефимич бромдуу калийдин шишесин алып, алардын артынан ыргытты. Шише босогого тийип быркырап сынды.

- Чыгып кеткиле! – ыйламсыраган үн менен кире беришке чуркап чыкты. – Силерди каргыш алсын!

Меймандар кеткенден кийин Андрей Ефимич безгек болгондой калтырап, диванга жатып  көпкө кайталай берди:

- Акылсыз адамдар! Айбандар!

Ал тынчыгандан кийин ага эң биринчи эле байкуш Михаил Аверянич азыр абдан уялып, жүрөгү ооруп жатса керек, албетте, жаман иш болду деген ой келди. Буга чейин мындай эч качан болгон эмес. Акыл менен сыпайгерчилик кайда? Кайда, өзүңдү түшүнүү... философиялык кайдыгер мамиле?

Дарыгер уялганынан, өзүнө ыза болгонунан түнү бою уктабады, эртең менен саат ондо почтага барып, почта башчысынан кечирим сурады.

— Өткөн өттү, кеткен кетти, аны ойлобо, — деди Михаил Аверяныч жайдарлана анын колун жылуу кысып. – Ким эскини эстесе, көзү кашайсын. Любавкин! — деп капысынан ушунчалык катуу кыйкыргандыктан, почточулар менен почтого келген кардарлардын баары аны карап калышты. – Олтургуч алып кел. А сен күтө тур! – деп бакырды ал темир тордун арасынан өзүнө заказдык кат сунуп жаткан аялга. Менин бош эмесимди көрбөй жатасыңбы? Өткөндү эстебейли, — деди ал Андрей Ефимичке назик кайрылып. Отуруңуз, сизден кичи пейилдик менен суранам, досум.

Ал бир мүнөтчө тизесин сылап унчукпай олтурду да, анан мындай деди:

“Сизге таарынуу оюма да келген эмес. Оору бир тууганың эмес, түшүнөм. Сиздин талмаңыз бизди аябай коркутту, кечээ доктур экөөбүз сиз жөнүндө көпкө сүйлөштүк. Досум, эмне үчүн ооруну олуттуу кабыл алгың келбейт? Ушунуңуз туурабы? Дос катары, жашырбай ачыгын айканым үчүн кечиресиз, – деп шыбырады Михаил Аверяныч, - сиз эң жагымсыз чөйрөдө жашайсыз: тар, кир бөлмө, кам көргөн киши жок, дарыланууга акча табылбайт... Кымбаттуу досум, дарыгер экөөбүз чын жүрөктөн суранабыз, биздин кеңешке кулак салыңыз: ооруканага жатыңыз! Ден соолукка пайдалуу тамак-аш, кам көрүү, дарылоого бардык шарттар бар. Евгений Федорич, адеп-ахлаксыз, орой болсо да, өз ишин билет, ага толук ишенсе болот. Сизди жакшылап карайм деп мага сөз берди.

Андрей Ефимичке почто башчысынын ага чын ыклас менен боор ооруганы, капысынан жүзүндө пайда болгон жылтылдаган көз жашы катуу таасир берди.

- Урматтуум, бул сөзгө түк ишенбе! — деп шыбырады ал колун жүрөгүнө коюп. – Аларга ишенбе! Мунун баары жалган! Мен сопсоомун. Жалгыз оорум – жыйырма жыл ичинде бүт шаардан бир гана акылдуу адамды таптым, ал да жинди болуп чыкты. Эч оорум жок, жөн гана сормо айлампага түшүп калдым. Эми мага баары бир, баарына даярмын.

-- Ооруканага жатыңыз, досум.

-- Эми мага үңкүр болсо да баары бир.

— Мага сөз бериңиз, досум, сиз Евгений Федоричке бардык жагынан баш ийип, айтканын аткарасыз.

-- Мейли, сизге сөз берейин. Бирок дагы кайталайм, кымбаттуум, мен сормо айлампага кирип кеттим. Азыр бардыгы, жадагалса досторумдун чын ыкласы менен берген жардамы да мени бир эле нерсеге —өлүмүмө жакындатат. Мен өлүп баратам, аны моюга алуу үчүн менде акыл да, кайрат да жетиштүү.

-- Кымбаттуум, сиз айыгып кетесиз.

-- Жооткоткондо эмне? — Андрей Ефимич жактырбады. – Айрым адамдар өмүр аягында азыркы менин абалымды баштан өткөрбөйт. Эгер бөйрөгүң оорулуу, жүрөгүң чоңоюп кетиптир дешсе, дарыланасың. Же сен жиндисиң, же кылмышкерсиң дешсе, бир сөз менен айтканда, капыстан сага көңүл бура башташса, анда сиз кайра чыга албас катаал айлампага кирдим деп билиңиз. Чыгам деп аракет кылсаң, ого бетер чалынып чөгө баштайсың. Ошондуктан багынып бериңиз, анткени эч кандай аракет сизди сактап кала албайт. Мага ушундай сезилет.

Ал ортодо темир торлордун ары жагында эл толуп чыкты. Андрей Ефимич тоскоол болбоюн деп ордунан туруп коштошо баштады. Михаил Аверянич дагы бир жолу андан убадасын алып, сырткы эшикке чейин узатып койду.

Ошол эле күнү кечке жуук Андрей Ефимичке күтүүсүздөн чолок тон, бийик өтүк кийген Хоботов келип, кечээ эч нерсе болбогондой мындай деди:

-- Сизге иш менен келдим, кесиптеш. Мени менен барып кеңеш берүүнү каалайсызбы?

Андрей Ефимич Хоботов аны сейилдетип көңүл ачкысы келгендир же чындап эле ага акча табууга мүмкүнчүлүк бергени жаткандыр деп ойлоду. Кийинип, аны менен көчөгө чыкты. Ал кечээги күнөөсүнөн арылып, элдешүү болоруна сүйүнүп, жүрөгүндө кечээги тууралуу ооз ачпай, аны аягансыган Хоботовго ичинен ыраазы. Бул маданиятсыз адамдан мындай сыпайычылыкты күтүү кыйын эле.

- Бейтабыңыз кайда? — деди Андрей Ефимич.

- Ооруканада жатат. Мен сизге көптөн бери көрсөткүм келип жүрөт... Кызыктуу окуя.

Оорукананын короосуна кирип, башкы корпусту айланып өтүп, жиндилер жаткан канатка келишти. Мунун баарын эмнегедир унчукпай жасашты. Алар имаратка киргенде, Никита адатынча ордунан ыргып туруп, какайып калды.

“Бул жерде бирөөнүн өпкө оорусу өтүшүп кетиптир”, - Хоботов Андрей Ефимич менен палатага киришти. - Сиз бул жерде күтө туруңуз, мен азыр. Стетоскоп алып келе калайын.

Ал кетип калды.

XVII

Күн уясына олтуруп, иңир кирип калган. Иван Дмитрич керебетте жаздык менен жүзүн жаап алыптыр. Шал адам кыймылсыз, үн чыгарбай эриндерин бүлкүлдөтүп ыйлап отурду. Семиз киши менен мурдагы сорттоочу уктап жатышыптыр. Палатада тынч эле. Андрей Ефимич бош керебетке олтуруп, Иван Дмитричти күтө баштады. Арадан жарым сааттан ашык убакыт өткөндө Хоботовдун ордуна кимдир-бирөөнүн халатын, ич кийим, бут кийимин кучактап, Никита палатага кирди.

“Кийиниңиз, урматтуум, – деди ал акырын дарыгерге кайрылып. – Мына сиздин керебет, бул жакка келиңиз", -- деп кошумчалады ал бош, сыягы, жакында алып келген керебетти көрсөтүп. – Эч нерсе эмес, кудай буйруса айыгып кетесиз.

Андрей Ефимич баарын түшүндү. Ал унчукпастан, Никита көрсөткөн керебетке отурду. Никитанын күтүп турганын көрүп, жылаңачтанып чечинди. Андан уялды. Анан оорукананын кийимин кийсе, шымы чолоюп кыска, көйнөгү узун экен, а халат ышталган балык жыттанып турду.

— Кудай буюрса, сакайып кетесиз, — кайталады Никита.

Ал Андрей Ефимичтин кийимин кучактап, сыртка чыкты да, эшикти жаап койду.

“Баардык жерде бирдей...” — деп ойлоду Андрей Ефимич халатынын этек-жеңин кымтып, жаңы кийим менен ал өзүн камактагы адамдай сезди. "Бул маанилүү эмес... фрак болобу, атайын формалуу кийимби же бул халат болобу баары бир, бул маанилүү эмес..."

Бирок саатычы? Капталдагы чөнтөктөгүндөгү дептеричи? Тамекисичи? Никита анын кийимин кайда алып кетти? Эми балким, өлгөнгө чейин шым, чыптама, өтүк кийбей өтөр. Мунун баары эмнегедир таң калыштуу, алгачкы учурларда түшүнүксүз эле. Андрей Ефимич азыр да кенже кызматкер Белованын үйү менен № 6 палатанын ортосунда эч кандай айырма жогуна, бул дүйнөдө бардыгы куру сөз, куру убара экенине ишеними бек болчу, бирок ошол эле учурда колдору калтырап, буттары муздап жаткан. Ал көп өтпөй Иван Дмитрич ойгонуп, аны оорукананын кийими менен көрөрүн ойлогондо кирерге жер таппай айласы куруду. Ордунан туруп, ары-бери басып, кайра отурду.

Ал жарым саат, бир сааттан кийин тажай баштады; чын эле бул адамдар сыяктуу ушул жерде бир күн, бир жума, жадагалса жылдап жашаса болобу? Мына, отурду, ары-бери басып, кайра отурду. Макул, барып терезеден сыртка караса болот, кайра бурчтан бурчка басып кете алат. Андан арычы? Эстелик сыяктуу бир жерде, кыймылсыз отуруп ойлонобу? Жок, мындай болушу мүмкүн эмес. Андрей Ефимич керебетке жатты, бирок дароо ордунан туруп, чекесинен аккан муздак терди жеңи менен аарчыды, жүзү ышталган балык жыттанып жатканын сезди. Ал кайрадан туруп баса баштады.

– Бул кандайдыр бир түшүнбөстүк... – деди ал алакандарын эки жакка жайып. – Мен түшүндүрүшүм керек, бул жерде түшүнбөстүк бар...

Ушул убакта Иван Дмитрич ойгонду. Ордунан өйдө болуп, жаагын таянып олтурду. Түкүрдү. Анан ал дарыгерге кайдыгер көз жүгүрттү, кыязы, адегенде эч нерсеге түшүнгөн жок, бирок бат эле уйкусу ачылып, аны мыскылдай баштады.

– Аа, сизди да бул жерге тыгыштыбы! – деди ал бир көзүн жумуп, каргылданып уйкусу толук ачыла элек үн менен. – Абдан кубанычтамын. Сиз элдин канын ичип келгенсиз, эми алар да сиздин каныңызды ичет. Эң сонун!

— Бул кандайдыр бир түшүнбөстүк... — деди Андрей Ефимич Иван Дмитричтин сөзүнөн чочулап, ал ийинин куушуруп кайталады: «Бул түшүнбөстүк...

Иван Дмитрич кайрадан түкүрдү да, жатып алды.

-- Түбүң түшкөн жашоо! — күбүрөндү ал. – Бул жашоонун баарыдан да ачуу кордугу, өмүрүңдө көргөн азабың, тарткан шоруң үчүн сый-урмат көрүү же операдагыдай чоң салтанат менен эмес, өлүм менен бүткөнү; өлгөн соң адамды колу-бутунан көргө сүйрөп көмүп салышат. Болду! Мейли, эч нерсе эмес... Бирок тиги дүйнөдө бизге да майрам... Тиги дүйнөдөн бул жерге кайтып келип, бул сойлоочулардын жүрөк үшүн алам. Булардын чачтарын агартам.

Аңгыча Моисейка шаардан кайтып келип, дарыгерди көрүп, ага колун сунду.

- Мага бир тыйын берчи!

XVIII

Андрей Ефимич терезеге келип, талааны карады. Караңгы кирип, оң жактан муздак, кочкул кызыл ай чыгып келатты. Оорукананын тосмосунан анча алыс эмес, жүз метрден ашпаган жерде таш дубал менен курчалган бийик ак үй турган. Бул түрмө болчу.

"Мына бул айныгыс чындыктын өзү!" — деп ойлогон Андрей Ефимич чочуп кетти.

Ай дагы, түрмө дагы, тосмодогу мыктар дагы, алыскы сөөк заводдон жылтылдап көрүнгөн оттун жарыгы да коркунучтуу эле. Арт жактан үшкүрүк угулду. Андрей Ефимич артына бурулуп, көкүрөгүндө жаркыраган жылдыздар жана медалдарын тагынып, ага жылмайып, кытмырлана көз кысып турган адамды көрдү. Ага ал адам да коркунучтуу көрүндү.

Андрей Ефимич айда да, түрмөдө да өзгөчө эч нерсе жогуна, алтургай акыл-эси соо адамдар орден тагынарын, баары акыры топуракка айланып, жок болоруна өзүн ишендирип, бирок күтүүсүздөн үмүтү үзүлүп, темир торду эки колу менен кармап, бардык күчү менен тарткылай баштады. Бекем тор козголгон жок. Капылеттен келген коркунучтан коргоо издегендей Иван Дмитричтин керебетине барып отурду.

– Көңүлүм чөктү, досум, – андан жардам күткөндөй, чекесинен аккан муздак терин аарчыды. -- Жан дүйнөм жабыркап жатат.

— Сиз эми философия менен алектениңиз, — деди Иван Дмитрич шылдыңдап.

XVIII

– Кудайым ай, Кудайым... Ооба, ооба... Сиз бир жолу Россияда философия жок, бирок баары, чоңунан кичинесине чейин өздөрүн философ сезишет дегенсиз. Кантсе да алардын философиясынын эч кимге зыян жок, — деди Андрей Ефимич ыйламсырап, өзүнө аёо сезимин козгогусу келген үн менен. – Досум, бул эмне деген какшык күлкү? Турмуштун ызгаар-суугунда калган кичинекей адам кантип философ болбосун? Акылдуу, билимдүү, намыскөй, эркиндикти сүйгөн инсандын, Кудай жолунда, ыплас, келесоо шаарга дарыгер болуп баруудан бөлөк аргасы болбоду, өмүр бою банка, сүлүк, горчица! Алдамчылык, тайкысыздык, адепсиздик! Кудайым-ай!

-- Болбогон сөздү айтып жатасыз. Дарыгер болгондон жийиркенсеңиз министр болуп албайт белеңиз.

- Эч жерге жарабайбыз, эч жерге. Биз алсызбыз, кымбаттуум... Мен кайдыгер элем, жайдары, акыл-эстүү ой жүгүртчүмүн, анан жашоо мага бир эле катуу соккусун урганда, жүрөгүм сыздап, айламды таба албай калдым... жылдызым жерге түштү... Биз алсызбыз, биз бир шордуубуз... Сиз дагы, досум. Акылдуусуз, асылсыз, энеңиздин сүтү менен жакшы нерселерди сиңирип алдыңыз, бирок жашоого баш бакканда эле чарчадыңыз, чыдай алган жоксуз ооруп калдыңыз... Алсызсыз, алсызсыз!

Кеч киргенде Андрей Ефимичти коркуу менен таарынычтан башка дагы бир нерсе, кыйнап жатты. Акыры ал сыра менен тамеки чегүүнү эңсеп жатканын түшүндү.

- Мен бул жерде калбайм, досум, - деди ал. – Мен барып аларга айтайын... Мен кала албайм... Кала албайм...

Андрей Ефимич барып эшикти ачты, бирок ошол замат Никита ордунан ыргып туруп, анын жолун тороп калды.

- Кайда баратасыз? Сиз андай кыла албайсыз, кыла албайсыз! – деди ал. - Уктачу убак болду!

- Бирок мен бир мүнөткө, короону аралап келем! - Андрей Ефимич шашкалактай түштү.

- Болбойт, буйрук ошондой. Сиз өзүңүз деле билесиз да.

Никита эшикти тарс жаап, ага жөлөнүп алды.

-- Бирок мен бул жерден чыксам, анын зыяны кимге? — деп сурады Андрей Ефимич ийин куушуруп. - Түшүнбөйм! Никита, мен чыгышым керек! — деди ал калтыраган үн менен. - Мага сыртка чыгыш керек!

- Тополоң чыгарбаңыз, бул жакшы эмес! — деди Никита акыл айтып.

- Бул эмне деген кордук! — деп капысынан кыйкырып Иван Дмитрич ордунан ыргып турду. Анын бизди бул жерден чыгарбай коюуга кандай укугу бар? Алар бизди бул жерде кантип кармайт? Мыйзам эч кимди сотсуз эркинен ажыратууга мүмкүн эместигин ачык-айкын айтып турбайбы! Бул зомбулук! Өзүм билемдик!

- Албетте, өзүм билемдик! — деди Андрей Ефимич Иван Дмитричтин кыйкырыгынан кайраттанып. -- Мен чыгышым керек. Ал мени чыгарбай коюшка акысы жок! Коё бериңиз, мен сизге айтып жатам!

- Угуп жатасыңбы, келесоо, акмак? — деп кыйкырды Иван Дмитрич муштуму менен эшикти каккылап. - Эшикти ач, болбосо мен эшикти талкалайм! Жан алгыч!

- Ач! — деп кыйкырды Андрей Ефимич бүткөн бою титиреп. – Мен талап кылам!

- Сүйлөй бергиле! Никита эшиктин сыртынан жооп берди. – Кыйкырып алгыла!

- Жок дегенде барып Евгений Федоричти бул жакка чакырыңыз! Айт, мен анын келүүсүн суранып жатканымды... бир мүнөткө келип кетсин!

-- Эртең өздөрү келишет.

— Алар бизди эч качан чыгарбайт! -- Иван Дмитрич кайрадан сөзгө аралашты. — Бул жерде бизди чиритип жок кылышат! Оо, Кудайым, чын эле тиги дүйнөдө тозок жок, бул шылуундар жазасын албай кутулабы? Адилеттик кайда? Ач, жексур, тумчугуп баратам! –каргылдана кыйкырып, бүткүл денеси менен каалганы түрттү. - Башымды жарып салам! Мыкаачылар!

Никита эшикти тез ачып, эки колдоп түртүп, тизеси менен Андрей Ефимичти ичке тээп жиберди, анан колун шилтеп, бетке муштады. Андрей Ефимичке чоң туздуу толкун анын башынан ылдый каптап, керебетти карай агызып кеткендей сезилди. Чынында оозу туз даамдана түшкөн: сыягы тиштери канаса керек. Ал сүзүп бараткансып, колдорун булгалап, бирөөнүн керебетин кармап калды, ошол маалда Никита аркасынан дагы эки жолу урганын сезди.

Иван Дмитрич катуу кыйкырып жиберди. Никита аны да сабап жатса керек. Анан баары унчукпай калышты. Айдын алсыз, муздак нуру темир торлордун арасынан өтүп, полдо тор сымал көлөкө жатты. Коркунучтуу болчу. Андрей Ефимич демин ичине алып, дагы бир жолу таяк жегенден коркту. Кимдир-бирөө ороктун мизин көкүрөгүнө, ичине матыра тыгып, бир нече жолу айланткандай болду. Ооруга чыдабай жаздыкты тиштеп, тиштерин кычыратып, капысынан башына ушул башаламандыктын арасынан коркунучтуу, адам чыдагыс жылт эткен ой келди. Бул азапты ай жарыгында кара көлөкөдөй көрүнгөн ушул адамдар күн сайын, жылдар бою башынан өткөрүп келе жатса керек... Жыйырма жылдан ашык убакыттан бери муну билбей, билгиси да келбеген экен да? Ал билчү эмес, оору жөнүндө эч кандай түшүнүгү жок болчу, демек анын күнөөсү жок, бирок Никитадай өжөр, орой абийири аны төбөсүнөн бутунун манжаларына чейин муздатты. Ордунан ыргып турду, болгон күчү менен кыйкырып, мүмкүн болушунча тез чуркап Никитаны, кароолчу менен фельдшер Хоботовду, анан өзүн өлтүргүсү келди, бирок көөдөнүнөн бир да үн чыкпай, буттары баш ийбеди. Энтигип, көкүрөгүндөгү халатын, көйнөгүн айрып, эс-учун жоготуп керебетке жыгылды.

XIX

Эртеси эртең менен башы ооруп, кулагы чуулдап, бүт денеси жанчылгандай сезилди. Кечээги алсыздыгын эстегенден уялган жок. Кечээ эле коркок, айдан да корккон, өзүнөн мурда шек санабаган сезимдерин, ойлорун чын дилинен айтып жаткан. Мисалы, майда адамдын нааразычылыгы жөнүндө философиялык ойлор. Бирок азыр ага баары бир эле.

Тамак ичкен жок, кыймылсыз, унчукпай жатты.

“Мага баары бир, — деп ойлоду ал ага суроо берип жатышканда. – Мен жооп бербейм... Мага баары бир”.

Кечки тамактан кийин Михаил Аверянич келип бир салым чай менен бир фунт мармелад алып келди. Дарюшка да келип, керебеттин жанында бир сааттай аны капалуу тиктеп олтуруп кетти. Андан кийин дарыгер Хоботов келди. Ал бир бөтөлкө бромдуу калий алып келип, Никитага палатаны бир нерсе менен түтөтүп чыгууну буйруду.

Кечке жуук Андрей Ефимич мээсине кан куюлуп каза болду. Адегенде ал катуу чыйрыгып, кускусу келди. Бир жийиркеничтүү нерсе бүт денесине, атүгүл манжаларынын учуна чейин кирип, ашказандан башына чейин тарап, көздөрү менен кулактарына толуп чыккансыды. Көздөрү тунарды. Андрей Ефимич ага акыр заман келгенин түшүнүп, Иван Дмитрич, Михаил Аверянич жана миллиондогон адамдар өлбөстүккө ишенишкенин эстеди. Балким ал чын болуп калсачы? Бирок ал өлбөстүктү каалаган жок, ал жөнүндө бир саамга гана ойлоду. Анын жанынан кечээ эле китептен окуган, өзгөчө сулуу, көрктүү бир үйүр бугу чуркап өттү; тордун арасынан аял ага заказдуу кат кармаган колун сунду... Михаил Аверяныч бирдемелерди айткансыды. Анан баары жок болуп, Андрей Ефимич биротоло, түбөлүктүү жымжырттыкка сүңгүп жок болду.

Эркектер келип, аны буту-колунан кармап көтөрүп, чиркөөгө алып барышты. Ал жерде таң аткыча көзү ачылган боюнча айдын нуру тийип турган үстөл үстүндө жатты. Эртең менен Сергей Сергеевич келип чокунду да, мурдагы башчысынын көзүн жумду.

Бир күндөн кийин Андрей Ефимичтин сөөгү жерге берилди. Жаназада Михаил Аверяныч менен Дарюшка гана болду.

1892

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз