Келечекте гений болор көчөт кыздын сынчыл ой жөндөмү

  • 02.03.2022
  • 2831

Бүгүн кыргыз адабият сабагы. Күн мурунтан эжейибиз эртең ачык сабак болот, балдарыңыздарга ак кофта, галстук тагып жөнөтүңүздөр деп ата-энелерибизге тапшырма берди.

Күткөн күн келди. Сабак башталды. Эжей, апалар майрамына карата ар бирибиз чакан сөз жазып, аны класста окуп берерибизди айтты.  Анда  апама арнаган сөздөрүмдү окуп берейин.

“Апа, дайыма сен менен мактанамын,
Апа, мен сени Меккеге алып барамын” деген ыр бар го, мен бул ырды сизге ырдабаймын. Кааласаңыз Меккеге өзүңүз барасыз. Сиз азыр Меккеден дагы кооз өз мекениңиздесиз.  Мен дайыма сизди мактабаймын, мактоосуз эле мактоого ылайыктуусуз. Бул ыр мага маанисиз ырдай сезиле берет. Же айрым классташтарым айткандай,  апам мени карайт, жуунтат, тамак берет, оюнчук алып берет, мен чоңойгондо сөйкө, шакек, алтын алып беремин дебеймин. Мен кыргыз маданиятын көтөргөн адам боломун. Ушул сөздөрдү жазып жатканымда элесиме Марат, Айжан, Канат кошулду. Төртөөбүз төрт түрдүү апабызды куттуктадык.

Марат:

– Дүйнөдөгү эң сулуу сенсиң, апа. Майрамыңыз менен. Бул гүлдү сиз үчүн алдым.

Айжан:

– Мама, майрамыңыз менен! Мен сизге ыр ырдап беремин.

Кезек мага келди. Эмне дээримди билбей калдым. Апамдын айтуусунда мени апам тогуз ай көтөргөн эмес, гинекологдун берген  датасынан бир ай ашып, чачым узун  өсүп кетип, көзүмдү ачып төрөлүпмүн. Анан ошол узун чачымды тайенем кыркыптыр. Мен муну менен эмнени айткым келет? Мени тогуз айдан ашык көтөргөн апакем, сен менин, бөбөктөрүмдүн эң мыкты апасысың. Сен боорукерсиң. Сен бизге гана эмес балдар үйүндөгү, көчөдө ойногон балдарга көңүл буруп, аларга мээримиңди төккөн апасың. Эсиңдеби, бир жолу балдар үйүнөн Акбар деген баланы үйгө алып келгенсиң. Күндүзү жуунтуп, ойнотуп, кийим алып  берип биздей карагансың. Түнү кетемин деп ыйлаганда кеч болгонуна карабай, 3 жаштагы баланын оюн угуп жеткиргенсиң. Бул сенин мыкты апалыгың. Апа,  күлүп жүргөнүңүз биз үчүн бакыт. Оорубаңыз.

Канат: Жаным апам, мен сизди абдан жакшы көрөмүн. Майрамыңыз менен! Өз колум менен жасаган белегимди кабыл алыңыз. Эч качан кайгырбаңыз. Чоңойгондо мен сизди багамын. Улуу, бийик адам боломун.

Бизге бөлүнгөн убакыт аяктады. Анда достор, апаларыбызга ден соолук, өмүр тилейли. Биз тилибизди, мекенибизди ыйык туткан адам болгонго аракет кылалы.

Дүйнөдөгү бардык апалар аман болсун!

Амира Догтурбек, 3-класс. Туңгуч.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз