Кабардин эл жомогу: Мелдештин шарты

  • 07.03.2022
  • 1959

Бир жигит тойдо кызуулугу менен мактанат:

- Керек болсо мен бүт деңизди жутуп салам!

- Бул мүмкүн эмес! Эч ким деңизди жута албайт. Сен биртке ичкен ачкылыңа өзүң жутулганы калыпсың, эсиңе кел, - жолдоштору күлүшөт.

- Сөз берем: деңизди соолута сором! Келгиле, мелдешип коёлу! Эгер деңизди бүт иче албасам, анда атымды алгыла!

- Ичип кетсең биз атыбыздан түшүп берели, - достору анын мелдештен утуларын бөркүндөй көрүшүп, оңой олжого сүйүнүп кол ушалашты.

Мелдешти эртеңки күнгө белгилеп, коноктор жай-жайына тарары менен чеки иш кылганын түшүнгөн жигиттин көңүлү чөктү. Анткени деңизди бүт ичиш мүмкүн эмес эле. Таң атып, мелдеш өтөр убак жакындаган сайын жигиттин кабагы түшүп, башы ылдый салбырады. Чындап эле жакшы көргөн атынан айрылганы калганына көз жетти. Муңга батып отурган жигитти көрүп кошунасы эмне болгонун сурады.

- Сен сурабасаң, мен айтпайт болчумун. Ойлонбой сүйлөгөн онтобой ооруга жолугары чын экен. Кыскасы, кызуулукка салып тилимди агытканымдын айынан атымдан айрылганы калдым, - деп болгон ишти айтты.

- Ошо да кеп бекен! Аткарылышы мүмкүн эмес ишке жасалышы мүмкүн болбогон шарт коюш керек. Сен аларга: “Мен бүт деңизди гана ичем деп убада бергем. Бирок иче баштаганымда башка дарыялардын да суулары кошулгандыктан көп болуп кеткидей. Андыктан убадамды аткара албай калчудаймын, ошон үчүн силер дарыялардын суусун токтото тургула”, - деп айт.

Муну укканда абдан сүйүнгөн жигит мелдеш өтөрдө өз шартын койду:

- Мен азыр деңизди иче баштайм, силер болсо дарыяларды токтото тургула, болбосо түгөтө албайм.

- Дарыяларды токтотуу мүмкүн эмес да эй! – деп алар алакан жайышты.

- Мен силерге дарыяларды эмес деңизди гана түгөтө ичем деп убада бергем, а силер аны аткарыш үчүн мага шарт түзүшүңөр керек.

Жигиттер ары-бери кетип, жеңилүүнү моюнга алышты.  

Биздин каарман ошондон кийин ашыкча ичип, көбүртө сүйлөмөйүн койду.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз