Жылкычы ЖАПИЕВ: Бакалуу саз, таш үстүндөгү куш

  • 09.03.2022
  • 2326

Жан-жаныбарлар жашаш үчүн тамак жешеби же тамак жеш үчүн жашашабы?
Философдордун суроосу 

АҢГЕМЕ

Кыш аяктады. Жерге күндүн жылуу нуру жетип, тоң эриди. Бак-дарактардын бүчүрлөрү торсоюп, күн бузулбай турса бир жуманын аркы-берки жагында жалбырак ачып, анан гүлдѳп калат. Эски үйлөрдүн астанасындагы тирөөчтөрү, эшик-терезелери, жыгач устундары тике тийген күн нуруна ысып, бетиңди тийгизсең жыпжылуу болуп, бир жакшы маанай жаратат. Аңыздарда кылайган кар калбай, жер тоборсуп, буу көтөрүлүп, адыр-кырлардагы куураган эски чөп-чардын арасынан көк башын кылтыйтып, жаратылыш кайра жаӊырып атканын айгинелейт. Тоого уланган дѳңдѳрдѳ кар кетип-кетпей жатып байчечекейлер жыбырап чыгып калды. Күнгѳй тараптагы ала-телек жаткан карлардын да алдынан байчечекейлер моюн созот сыртка. Ѳзгѳчѳ саман үймөктүн түбүндө күнөстөп олтурган ушул кезде ченегис бир жыргал!

Күндүн жылуу нуру чекеңди жылытып, жонуңду күнгѳ тосуп жыргап отургуң келет. Анткен менен аба ырайы эртели-кеч али салкын. Күзү-кышы бою бодо малдардын үйүлгөн кыктары, чѳптѳрдүн, бакалдардын кашектери, акыр-чикирлердин үстү жагы кургап, мал-жан да жылуу сарайларга камалбай, сырттагы жыгач тосмолуу короолорго чыгарылды.

Жерден жаңы эле кылтыйган көк али кара малдын тишине илине элек, андыктан, майда жандыктардан башкасы дагы эле колду карап турат. Келгин куштардын алгачкылары ала жаздагы бороон-чапкынга аралаш алыскы жылуу жактан келишти салам айтып. Качан болбосун өз мекенин таштабаган, кыштыр-жайдыр эч жакка кетпеген таранчылар адаттагыдай топ-топ болуп учуп жүрүштү улам бир жерге конуп.

Күндөн күнгө аба жылый берди. Аңыздардан чыккан буу түтүн булатып бараткан паровоз сыяктуу талаанын бою менен кошо созулат. Түнкүсүн салкын болгону менен жаздын нымдуу топурак жыты кеңилжерди ѳрдѳп, табияттын ойгонуп келатканынан кабар берет. Туш-тараптын бардыгына жан кире баштады. Жайдын аптабы кетип, күз ѳтүп, күн сууп, кыш түшѳ баштаганда жерге жарык түшкѳндѳн кеч кирип, кѳз байланганга чейин жаны жай албай дыңылдап учуп жүргѳн тырсыйган денесиндеги суусу кетип, тулку бою купкургак болуп катып калган чымындар жаздын илеби сезилгени күн нурунан кубат алып, жан кирип, кыймылга келди. Адегенде ипичке буттары, анан муруттары кыймылдап, ѳңү ѳчүп, киргил айнектей бозоруп кѳрүнгѳн канаттары ѳңүнѳ кирип жылтырап, үч айдан ашыгыраак жаткан узак уйкудан ойгонушту.

Ошондой көп чымындардын бири үйдүн терезесинин кычыгында мешке жакын жылуу жерде кыштап чыкты. Кѳп чымындар сыяктуу эле жаз менен кошо кыймылга келип, жаны толук кирип-кире электе үйдүн ээлери бөлмөнү желдеткени терезесин ачканда ал чымын сыртка чыгып, адегенде алыс уча албай, алсыз канаттары дирилдеп барып, жерге кулап кетти. Кенен куюлган пайдубалдын кырына түшүп, ошерде күндүн нуру астында бир сааттай убакыт жатты. Күн нуру чымындын денесине кубат берди. Бир сааттын ары-бери жагында чымын канаттарын кагып учуп кетти. Үй ээлери жаратылыштын бир маклугу болгон бул бечераны байкашкан да, кѳрүшкѳн да жок, болбосо, кѳнгѳн адет менен тарс бир чаап ѳлтүрүп салмак. Чымындын ажалы жок экен, киши колдуу болбоду.  

Ал түптүз учуп барып үйүлгөн акыр-чикирдин үстүнө конду да айлап-айлап ачка жүргѳн кардын тойгузганы конгон жерин тили менен жанталаша шимип кирди. Ичке буттарын өзүнө оӊтойлото улам которултуп көпкө шимиди, буерден тапкан тамагы өтө ширин өӊдөндү. Балким жайдын толук кези болсо бул акыр-чикирге конмок да эместир, ачка кезде мунун табылып калганына да шүгүр!

Ага эч бир жан жолтоо болбоду. Улам которулуп, оӊдонуп коюп шимий берди.  Бир кезде жел жүрүп, беймарал тамактанып жаткан чымынды түрткүлѳп, канаттарын дирилдетип, тынчын алды. Буер ага турак боло албасын сезип, чымын аерден учуп кетти. Бул жолу анын канаттарынын дабышы дыңылдап, ары кубаттуу, тыӊ сезилди. Ойкуп-кайкып учуп барып кышы бою үйүлгөн додо кыктын үстүнө конду. Бул үймөк кык эки чоӊ уйдун, эки торпоктун жампалары, ага кулундуу бээ менен ончакты койдуку кошулган. Малдын ээлери эрте менен күн чыкпай сарай ичиндеги жылкы менен уйлардын, койлордун алдын күрөп, тамдын артына үйүп салышат. Анан жаз жакындаган ала-телек менен аны жашылча эккен короого чачып, жерди семиртет. Андан арткандарын кетмен менен четинен чаап, суу куюп, буттарына резина өтүк кийип тебелешип, эски чылапчын же жыгачтан жасалган калыпка салып, кышкыга тезек камдап алышат. Ага чейин бул үймөк чымын-чиркейлердин үйгүшкөн жайы болот. Канаттуулар да буерге байма бай учуп келишип, түшүп калган дандарды, курттарды терип жешет. Тооктор болсо үймөк кыктын түбүн айланта тытышып, ичинен сары, кызыл курттарды таап, жанындагылар анысын талашып, кукулуктап куушуп, тумшугуна тиштеген боюнча үйдү айлана жүгүрүп качышат. Үйдүн чоӊ-кичине ээлери тооктордун кыкты чачып салганын көрүп, аларды кубалап, кетмен-күрөк менен кайра жыйып, тегиздеп коюшат. Бирок тооктор кайра эле чууруп келип, эртеден кечке ошол кыктын түбүнөн чыкпайт.

Чымын улам секирип коюп башын албай кыкты шимий берди. Буер мурдагыдан да ширин өӊдөндү. Ал баш көтөрбөй, бул дүйнөнүн ыракатына баткан түрү бар. Ага мындан бөлөк эч нерсенин кереги жоктой, тирүүлүктүн жыргалынын жеткен чеги ушул болуп сезилди. Бир заматта өзүнө окшогон чымындар: чоӊу, майдасы, көгү, жашылы, ар түрдүүсү толуп кетти. Бирок булар канаттуулардай бирин бири куушпады, чокулашпады, жем талашпады. Кээде гана дыӊылдаган үн чыгарып, ар кими өз алдынча ырыскысынын даамын татып, ач көздүк менен иштери болбогондой. Бул үймөк кык мындай чымын-чиркейлердин канчасы  болсо да жүз, миӊ жылдар бою азыгына жете турганын түшүнүп жаткандай шекилди. Ошол жүздөгөн, миӊдеген жылдар бою бул  кыктын чети оюлбасын сезип, бардыгы топук этип тургандай.

Бир кезде шуулдап топ чымчыктардын учуп келаткан доошу чыкты. Кыктын үстүнө үйүлгөн чымын-чиркейлер көз ачып-жумгуча бир паста каякадыр житип кетишти. Качканга үлгүрбөй калган чымындарды таранчылар терип жеп салышты.

Алиги чымын көпчүлүк менен кошо учуп баратып, коопсуз жайга жеткенде тигилерден бөлүнүп, өзүнчө кетти. Ал бул ирет жайлуу жер тапты. Буер саз болучу. Суусу мол, жалбырактардын ширеси бир сонун экен. Канаттуулар келсе, саздын жээгине конушат, чөптүн жука, ичке жалбырагы таранчыны көтөрө албайт. Муну канаттуу куштар жакшы билет, “чулп” этип сууга түшүп кеткенден чочулашат. Андыктан, чымынга мындан ылайыктуу жай табылбас. Андан калса, учу суудан араӊ чыгып турган бул солкулдак чөптүн бир жалбырагы чымынга чоӊ ааламдай сезилет. Ал чөптүн ширесин башын көтөрбөй шимий берди. Мурдатан ушерге келсе болмок, эми буерден жөндөн-жөн  кете койбос. Учуп бараткан чымындарды ойкуп-кайкып кууп барып жеп койгон канаттуу душмандарынан алыс, мындай коопсуз жай оӊой менен табылбас.

Буер жаз-күз кургабайт, эски булактын көзү бүтөлүп калып, башаттын суусу агып кетпей, жерге жайылып сиӊип, тегерек-четинен бери былкылдап саз болуп калган. Андан калса айлана-тегереги отуз кадамдай болгон буер эӊкейиш келип, жогору тараптагы кардын суусу агып ушерге токтойт. Саздын көлөмү жыл өткөн сайын кеӊибесе, ал кичирейбейт. Буерди адамдар Бакалуу Саз деп аташат. Кар эрип, күн жылымык тарткандан баштап, түнкүсүн суунун үстү калдыркан болуп тоӊуп калганча бакалардын чардаганы тыйылбайт.

Саздын үстүн кар басып калганга чейин эле аба сууй баштаганда буердин бакалары саз түбүнө тереӊдеп, тоӊ жетпеген жерге кирип кетишет да күн жылыганда кайра тиричилиги уланат. Кийин баштарын суудан чыгарып, күн көтөрүлгөндөн баштап, күүгүм киргиче бака-шака түшүп, чурулдап, жандары тынбайт.

Бакалар канча бир жылдардан бери ушерди мекендеп, ушерден тукумдап, кеӊ ааламда мындан өткөн эӊ сонун, кооз, жагымдуу жайдын болбостугун ырга салышып, жар чакырып келишет. Алар бул киндиктеш жерди таштап, бөлөк жактарга кетишпейт, а чынында бөлөк жердин бар экенин билишпейт. Бул саз нечен жылдан бери ушерде жашаган бака тукумунун мекени. Кокус бир коркунуч чыга калган болсо, анда бакалар “шалп-шалп” этип секирип, суунун ичине кирип кетишет. О, көпкө чейин дымып кыймылсыз жатып, айлана-тегерек тынчыгандан кийин ар кайсы жерден баштарын акырын чыгарып, тостойгон көздөрүн ого бетер тостойтуп жан-жактарын карап, коопсуздукка ишенгенден соӊ тарбаӊдап секирип сырткы чыгышат.

Эми бир-эки жуманын аралыгында бакалар тукумдашат. Анан жыбыраган көнөк баштар чоӊоюп, бул саз ыр-күүгө толуп чыгат. Көнөк баш демекчи, алардын баштары денесинен чоӊ болуп, куйруктары кыска, кесилип калгандай көрүнөт. Булар суунун ичинен чыкпайт, чоӊойгуча суу ичинде болот, чөп-чардын тамырларын, суу курттарын жейт. Анан алдыӊкы эки колу, майрыйган эки арткы буттары өсүп чыкканда алар да ары-бери секиришип, жемин көбүнчө сырттан кармайт.

Азыр бакалар чурулдап ырдап, зикир чалган мезгили келе элек.Жазгы күн жаӊы эле жылып, кышты кыштай жер алдында жатышкан немелер эми баш көтөрүп, тоюнуунун аракетинде. Алар азыктанчу курт-кумурскалар деле аз, булар да кышкы уйкудан жаӊы ойгонушкан. Адамдар айткан жазгы үзүмчүлүк мезгили ушул. Андан калса узак уйкудан жаӊы ойгонушкан бакалардын өӊдөрү адаттагыдай жапжашыл болбой, күрөӊ чалыш келет. Кийин, тоюнуп, эт байлагандан соӊ өӊдөрү өзгөрүлүп кетет. Эттенип дегендей, бакалар семирип деле жыргатпайт, алардын өздөрүнүн жаратылышы арык болот, ошон үчүн адамдар: “Капырай баланча тарбайып, бакадай арыктаптыр” деп салыштырып айтат.

Ошол тарбайган бакалар бир топтон бери шамалдан чочулап, сууга кирип кетишкен. Азыр шамал токтоп, суунун үстү тыптынч мелмилдеп. Кээде гана леп эткен желге саздын чөбү билинер-билинбес ыргалып калбаса, бөлөк эч бир кыймыл жок. Анан, о, бир топ мезгилден соӊ бакалар саздын улам бир жагынан көрүнүп, турактарынын коопсуз экенине көздөрү жеткен соӊ туш-туштан лып-лып секирип тиричилигине өтүштү. Ошентип, бакалар саздын чөптөрүнө конгон чымын-чиркейлерге аӊчылык кыла баштады.

Көп бакалардын бири, бирок көлөмү жагынан кичирээк бир бака саздын чет тарабынан суу ичинен чыгып, алды жагын  тостоюп тиктеп туруп калды. Эки бакалоору гана бүлкүлдөбөсө, кыймылсыз катып калды. Ал ошентип көпкө олтурду. Алды жагындагы бир карыштай аралыктагы көк чөпкө конуп алып, анын ичке жалбырагын шимип аткан алиги чымындан көзү өтүп кетти. Чымын болсо эч нерсе менен иши жок беймарал. Бака бир канча жолу обдула турган болуп, кайра токтоп калып атты. Обдула турган болгондо оозун ачып алат. Анан токтогондо оозу да жабылат. Чымын ал баканы сезип койбоду, ал көк чөптүн ширесине өтө берилип алган.

Бака ошентип, обдулам менен кайра обдулбай, бакалоорун бүлкүлдөтүп, оозун ачып-жаап бир топ убакытын коротту. Бир кезде оозун ачкан бойдон чымынды көздөй секирди, бирок жеткен жок, “шалп” этип сууга түштү. Чымын чөптүн ширесинен башын  көз ирмемге көтөрүп алып, эч нерсе болбогондой кайрадан ширени шимип кирди. Бака ооналактап атып, оӊолуп алып, кайрадан бакалоорун бүлкүлдөтүп, көзүн тостойтуп тиктеп калды. Анан жылып, кургак жерге чыкты. Аерден да бир жак капталына жыгылып, боортоктоп атып оӊолду. Көрсө, баканын арткы бутунун бирөө жок, чолок экен. Бир кырсыкка кабылып ажырап калган окшойт. Бул маалда чымын бакадан качып, маӊдайындагы бөлөк чөпкө барып конуп, дароо эле ширесин шимип кирди. Бака  мойнун созуп, оозун ачып, чымындын артынан жылды. Эми чымынга жакын келип секирди эле, дагы бир аз жетпей калып жерге кулап түштү. Чымын аерден учуп, жанындагы чөпкө конду. Ага бака анчалык деле коркунучтуу сезилбеди, болбосо, бул шойкомдуу жерден алыстап кетмек. Чымын чөпкө жабышып калгансып башын албай даамдуу ширесине ыракаттанып аткандай сезилди. Бака чолок бутунун дүмүрүнө такандап, көчүгү менен жылып, эки көзү чымындан өтүп, оозун ачып, мойнун созуп, уламдан улам жакындап келатат. Мурда эки ирет алалбай калып, эми чукулдап барып, кол салмак болду. Чукулдан качырбаса, дагы жаза тайып кетсе анда эле бүттү, чымындан кол жууп кала турган.

Бака демин ичине тартып, чымынга бир сөөм калды. Чымын чөптүн таттуу ширесинен тилин тартып ала албай шимий берди. Бака бир обдулмак болуп, кайра токтоп калды. Дагы бир нукум жылып барса, анда жемин сөзсүз алат, буга баканын көзү жетип турду. Чымындан эки көзү өтүп, дагы бир аз жылды. Чымын канаттарын дирилдете кагып учуп кетмек болуп барып, башын ширеден тартпай кайра токтоп калды. Бул жакындап келаткан караан чымынга анчалык деле коркунучтуу сезилбеди. Бака эми мойнун созуп, оозун ачып, бир секирик жасаса, чымын баканын оозуна кирип кетмек. Бир, эки... Бака жемине чоюла түшүп секирип калды. Чымын баканын кериле ачылган оозуна кирер менен аӊырайган кыпкызыл оозу лып жабылып... Чымын жанатан бери ушул шойкомду атайылап күтүп тургансып, тилин чөптөн шак тартып алып, тик өйдө учуп келип, баканын жонуна конуп калды. Баканын лапшыйган оозуна аба толуп, өпкөсү көөп барып, абаны кайра бакалоорунан тышка чыгарып салды.

Бака жонундагы чымынды түшүрүп салам менен денесин бир силкип алды, чымын баканын чаарала муздак жонуна желимденип жабышып калгандай кыймылдап да койгон жок. Бака дагы эки-үч курдай силкинди, бирок ал силкинүү чымынга кымындай да сезилбеди, кербен тарткан төөнүн капталынан өйдөгө жөрмөлөп бараткан кумурска сыяктуу болуп. Анан чымын шимимекке тилин сунуп, баканын жонуна тийгизди, бирок ал көк чөптүн даамына окшобой калдыбы, башын кайра тартып алып, канатын дирилдетип, жанындагы чөптүн учуна конду да, алиги даамын таап алган соӊ кыймылдабай катып калды. Бакага эми абдан ыӊгайлуу шарт түзүлдү, ал секирбей этпей эле оозун ачып, мойнун лып созуп, чымынды жутуп койду. Көптөн берки аракети эми гана ишке ашты. Анан эки кадамдай жердеги чөптө конуп олтурган дагы бир чымынды көрүп калды да, адегенде бир секирик жасап жакындады. Али алыс болгондуктан чымын аны сезген жок. Бака дагы бир секирик жасап, буту жок капталына ооп барып, кайра оӊолуп, эки көзүн тостойтуп олтуруп калды. Ошо бойдон тостойгон көзүн жалдыратып, кыймыл жасабады. Адегенде тез-тез бүлкүлдөп аткан бакалоору бара-бара солгундап, бака катырылган жансыз немедей катты. Бирок ал чымынга али алыс болучу, чолок буттуу бул бака эмес, алты саны соо бака да буерге бир секирип жетмек эмес.

Тиги чымын беймарал олтурду эч нерседен капары жок. Балким бака жемине оӊой менен жете албасын туюп, өзүнүн майыптыгына ичи күйүп ушинтип тургандыр, же кыймыл жасабай, саз менен саз болуп, чөп менен чөп болуп тура берсе, анын бака экенин байкабаган чымын учуп келип, жансыз неме экен деп мойнун созсо жетчүдөй жерге конгонун күтүп олтургандыр демин ичине тартып. Бирок андай эмес экен, бака жемин аӊдыбаптыр, эки сөөмдөй аралыктагы алды жагында жаткан жоон жылан менен тиктешип туруптур. Жылан башын жерден бир аз көтөрүп, ал да кыймылсыз. Экөө биринен бири көзүн албайт чакчыйып. Баканын көзү чанагынан чыгып кете тургансып тостойгондон тостоюп жыландан бөлөк эч нерсени көрбөгөндөй, сезбегендей. Азыр ага сел каптап, өрт жалбырттап келатса да кыймылдаар түрү жок. Ал бул дүйнөдөгү өзүнө керектүү, керексиз да чоӊ-кичине нерселердин бардыгын бир паста унутуп салып, алдындагы жыландан башка эчтемени эч качан көрбөгөндөй. Узунунан жаткан бул жандыкты таӊгала тиктеп, тиктегенде да көзүн ирмеп койбой катып калганы таӊгалычтуу болду.

Жылан да баканы тиктегенден тиктеп туруп, бир кезде куйругу бир булактап алып, сүйрү, узун башынын учундагы оозун ачты. Оозу ачылганда жыландын башынын бары-жогу билинбей, денесинин бир чоӊ бөлүгү ооз болуп калды. Тили соймоӊдоп, апапак курч тиштери кыпкызыл  үӊүрөйгөн оозун ого бетер коркунучтуу көрсөттү. Бул коркунучтуу үӊүрөйгөн ооздон баканын жүрөгү түшүп калгандай. Ал да өзүнүн лапшыйган эби-сыны жок оозун ачса, балким жылан чочулап калат беле. Бирок бака оозун ачпады, жыландан көзүн албай тостоюп тиктеп турду.

Чымындар баканын айланасында ары-бери учуп, жонуна гана эмес, тумшугуна да конуп алды. Бака кыбыр этип койбой, жыландан көзүн ирмебейт. Эртеден бери бир чымынды жеш үчүн эмне айла-амалдарды жасабады дейсиӊ, эми мынтип алар тумшугуна өздөрү келип атса да эч бир кыймылсыз турганы кызык болду. Оозун ачып эле койсо, ызылдап ары-бери учкан чымындар өздөрү кирип кетчүдөй. Бирок бакага мынча чымындардын азыр бары-жогу сезилбеди, ошондуктан, алар эч нерседен коопсуз болуп жүрүштү баканын үстү-башынан түшпөй.

Ошентип, бака менен жылан бирин бири тиктешип, экөө теӊ кыймылсыз. Көздөрү биринен бири өтүп кетти. Эч бири ирмеген жок. Мындай тиктешүү экөөнүн арбашы болучу, бирин бири арбап аткан.  Бир кезде бака көчүгү менен жылып, жыланга жакындай баштады, бирок көзүн жыландан алган жок. Жылан  да бакадан көзүн албады, тиктегенден тиктешти.

Бака жылып отуруп, жыланга бир нукумдай калды. Экөөнүн көздөрү дагы эле арбашып атты. Бака улам жылып, жакындай берди. Экөөнүн аралыгы жарым нукумдай калганда бака бир чаӊырып алып, сийип жиберди. Жылан оозун кере ачкан бойдон дагы эле кыймылсыз. Баканын чаӊырып, сийип жибергени бул арбашкан көрүнүшкө эч кандай өзгөрүү жаратпады, ошо бойдон кайра үн чыгарган жок. Эми бака түптүз бойдон жыландын оозуна кирип баратты. Жылан оп тартып атты. Бака баш бакканда жыландын оозу дагы керилип, дагы чоӊоюп кеткендей болду. Анан жылан оп тартып баканы жута баштады. Бака улам нарылаган сайын, жыландын адегенде кекиртек тарабы, анан ичи тарсайып барып, бир кезде чолок баканын арткы жалгыз буту сунулуп, жыландын оозуна кирип, көрүнбөй калды.

Жылан о бир кезде аӊырайган оозун жаап, тарсайган ичин сүйрөп, сойлоп кетмей болуп, бирок денеси оор тартты окшойт, бир-эки жыйрылып барып кайра ыракыттана жатып калды.

Бу жыланга бүгүн оӊдой берди болду. Саздан жемин аӊдып, далай ирет келген, бирок азыркыдай жолу болбогон. Ырас, көп күн мурда, чээнден чыккандан кийин  ушерден бир көнөк башты жутканы бар. Андан бери оозуна бака тукумунан илине элек эле. Эми бул бака жыланга далайга азык болот, тамак издебей, көӊүлү жай болуп, адамдар айтмакчы, аш кылып сиӊирүү гана калды. Андан кийин дагы тагдырдын салганы тургандыр. Эмнеси болсо да жыландын көӊүлү жай, курсагы ток. Бир азга буерде жата турса, анан бир жагына жылып кетер. Жылбаса, ушул тегеректе байырлап калар. Жыландын бир жак капталы томпоюп, көзүн сүзүп, жаны жыргап жатып калды.

Асман ачык, чанда гана жеринде кебез сымал үзүк-үзүк ак булуттар каалгып жылат. Булуттардын ар жагы, асмандын өзү көпкөк. Күн ачык болгондо асман ушундай көгөрөт. Ошондой көк асман көмкөрүлгөн жерде күнчубактап карды кампайган жылан жатты беймарал. Ал эми булуттардын алдында, жерден чоӊ аркан бою өйдөдө бир куш канаттарын жайып, каалгый айланып жүрдү. Ал төмөндөп келгенде топ чымчыктар каалгыган кушту тегеректеп барып, жакындаганда туш-тушка чачылып кетишет. Ал куш чымчыктарды кууган жок, кууган менен учкаяк, шамдагай чымчыктарга жетпесин сезет, андыктан, ага бул топ-топ болуп кайкып учкан таранчылардын бары-жогу бирдей.

Таранчылар тиги айланган куштун сүрүнөн чочулап турушса да, анын жанынан ойкуп-кайкып учуп, куштун кыжырына тийип, өздөрүнүн шамдагайлыгын көрсөткүлөрү келгендей. Алар ойкуп-кайкып учушуп, куштун айланасынан кетпей коюшту. Бир кезде куш түптүз болуп керилген канаттарын тез-тез кагып, чымчыктарды качыра бергенде топ-топ болгон таранчылар чар учкандай чачырап кетти эле, куштун учтуу тырмактары абаны мыкчып кала берди. Куштун буга ызасы келсе керек, таранчылардын биринин соӊунан түштү. Таранчы жанталашып качып, төмөн, жерди көздөй учту. Куш канаттарын жыйып алып, артынан шамалдай шуулдап кудуду. Таранчы таш болуп томолонуп, бадалдын ичине кире качты. Куш жемине жетпей калып, кайкып келип жогору көтөрүлдү. Бул жолу куштун текөөрү таранчыны тебе албай калды, таранчынын амалы күч болду. Анан ал куш көккө атып чыгып, бадалдан көзү өтүп, кайрадан каалгып учту. Куштун өткүр көзү таранчы кире качкан бадалды ар бир талынан бери теше тиктеди. Тиктеген сайын жылуу кан чокугусу келди. Бир сөөмдөй аралыктан жемине жетпей калды. Таранчы бадалдан сыртка чыккан жок, азыр көзүнө илинсе эле кайра кудуп кирип, бадалдын арасынан таранчыны сүйрөп чыгып, жылуу кан чокуйт.

Ошентип, куш жерди тиктегенден тиктеп, жемин издеп көпкө айланып жүрдү. Таранчыны жер жутуп кеткенсип, бадалдан көрүнбөдү. Азыр эле топ-топ болуп учуп, улам кыжырына тийген чымчыктар да алда кайда качып, көрүнбөй калышты. Азыр бул чөлкөмдүн асманын ошол айланып учкан куш гана жалгыз ээлик этип, өзү хан, өзү бий. Ал ээн асмандан чочулабайт, андан калса карды ачкан кушка тамактан бөлөк эч нерсенин кереги жок, ачка куш баатыр да, алгыр келет.

Бадалдан издеген жеминин дайыны билинбей калды, куш эми аерден жер которуп, бөлөк тарапка өтмөй болду. Ал аӊгыча Бакалуу Саздын чет жагынан жыланды көзү чалды. Куш эми жыланды тиктеп, каалгып учту. Жылан кээде куйругу менен жерди чаап кыймыл жасайт. Анан кайра жатып калат. Куш асманда каалгып, үч-төрт айланды, эки көзү жердеги жыланды теше карап, анын тулку боюн: узуну менен туурасын, салмагын  ченегендей каректери кадалып калды.

Мындан бир аз эле мурда таранчыны кууп жетпей калып, ыза тарткан куш эми асманда көпкө айланбастан жерди көздөй шуулдап кудуп келип, эч нерседен капарсыз беймарал жаткан жыланды илди. Куштун курч тырмактары жыландын денесине бырч-бырч кирип, бекем мыкчып, кайра асманга атты. Салаӊдаган жылан башын көтөрүп, тилин соймоӊдотуп, кушту чакмак болду эле, куш курч, учтуу, катуу тумшугу менен жыландын көзү-башын чокулап жиберди. Жыланды башы кайра төмөнгө шалак этип, эми куйругу булгалактап, куштун буттарына чалынып, чапкылады. Куш жыландын туш келген жерин чокулай берди. Анан жыландын башы дагы жогору көтөрүлдү, куш жыланды ого бетер катуу мыкчып, башы-көзүн чокулап, тиштеген жерин үзүп-жулкуп сугунуп баратты. Жыландын башы кайра төмөн шалак этти. Бир аздан соӊ жылан мурдагыдай катуу туйлай албай, анын кыймылы солгундады. Куш жыланга курч тумшугун матырып чокуп, чокуган жерин үзүп сугунуп, учкан боюнча учуп кете берди. Анан ал тоо этегиндеги үйдөн чоӊ таштардын бирине барып конду. Ал буерге мурда да жемин алып келип жеп жүрсө керек, таш үстүндө кара күрөӊ тартып катып калган уюган кандын тактары, чымчыктардын, бактектердин чачылган жүндөрү, сөөк-саактар чачылып жаткан.

Куш илип келген жемин таш үстүнө таштады. Жыландын сойлоп кеткенге кубаты жетпеди. Куйрук жагы кез-кезде гана дирт-дирт этип калат. Куш сапсайган жүндүү эки буту менен жыланды чирене тээп, мойнун кейкейте жыландын этин чоё үзүп, эч нерседен капарсыз беймарал олтуруп жемин жеп кирди. Анан маал-маалы менен тумшугун ташка жанып-жанып алып, жыландын этин, терисин сыйрып, теӊ жарымын жеп койду. Жыландын денесинде жаны калбаганына көзү жеткен куш мыкчып турган тырмактарын чыгарып, канаттарын каккылап, дене боюн чоюп, олтуруп калды. Эми ал мурдагысындай чокуган жерин лакылдадып сугунбай, жумушак этин тандап жеп, токпейил тартып калды.

Бир топтон бери чычкандарды аӊдып, аӊдыганы менен ала албай, ачка жүргөн кушка бул жыландын баканы жутуп алып ооналактап жатып калганы оӊдой берди болду. Буга туш келбесе ким билет, дагы канчага чейин ачка калмак.

Лыкыя тойгон куштун денеси оор тартып калды, ал азыр мурдагысындай көкөлөп уча албайт, учса да алыстап кетпейт. Жемсөөсү жыландын этине толуп, өзүнүн салмагынан жемсөөдөгү жеми ашып кетти. Денесин араӊ көтөргүчө мынтип катуу тоюп алып, ушул кара таштын үстүндө олтуруу бул кушка көнүмүш адат. Эми бир топ убакыттан кийин төмөндөп түшүп, суусу тартылып, далайдан бери кургап калган чоӊ өзөндүн таманына жетип, аерден майда таштарды терип жейт, анан ошол майда таштар жемсөөдө ары-бери жылып, өйкөлүп, жыландын этин заматта сиӊирип салат. Муну куш жакшы билет, керектүү кезде ушуну жасайт.

Ошентип, куш тумшугун ташка жанып тазалап, чочоюп олтуруп, үргүлөй баштады. Азыр уйкудан бөлөк ага эч нерсенин кереги жок болучу. Жыландын жегенинен калганы дагы итапкан, каалаган убагында жей берет, демек, көӊүлү ток, кайгысы жок. Мындай беймарал мезгилди ал башынан  көп эле кечирди. Айтор тагдырына ыраазы боло турган жөнү бар. Эми бир нече күндөн кийин бул куш ургаачы түгөйүн тапкан соӊ түйшүгү башталат: экөөлөп уя салып, адегенде эртеден кечке тынбай салпактап учуп, жумуртка баскан түгөйүн, анан сары ооз балапандарын багат. Тынчы жок, тентек балапандары уядан кулап кетпес үчүн аларды саксактап карап, кыл менен уяга бекитип байлабаса болбойт. Балапандарга тамакты тегиз берүү керек, антпесе, сугалактары озунуп жеп коюп, момундары ачка калат.

Буерге бир кезде күн чакчыя тийди, жемсөөсү жылан этине толо куш учмак болуп, талпынып канат какты, бирок оор денесин көтөрө албай кайра тынч олтуруп калды. Ал өжөрлүккө салып учуп кетсе деле болмок, бирок жанын кыйнаган жок, дагы бир чай кайнамча убакыт өтсө, анан өзөндүн таманына жетип, майда кум таштарды терип жейт. Ошол майда кум таштар жемсѳѳдѳгү жылан этин ѳйкѳп, сүрүп денесине сиңирет. Ал эми төмөн жакка учуп кетүү жеӊил, бир күүлѳнүп алса тез эле барып калат, канат кагып, күч жумушабайт. Ошо бойдон куш үйдөй таштын үстүндө кѳзүн улам ачып-жумуп үргүлөп олтура берди. Кыясы ал буерде кѳпкѳ олтурмай болуп калды.

Ошол кезде ата-бала экөө үч күн мурда коктудагы башатка тегерете салган кылтактарына келатты. Бул башат чилдердин мекени, буерден кыштыр-жайдыр чил баласы үзүлбөйт.Башатка жака-белде жайгашкан жакын айылдан адамдар келип, тузак, кылтак тартып, дайым болбосо да буюрган күнү чил кармап алышат. Ал эми чилдер бири бирине абдан боорукер, бири кылтакка илинип калса, аны бошотуп алабыз менен чилдер ары-бери топурай беришип, жок эле дегенде дагы бири-экиси жанына тартылган кылтакка түшүп калат. Ошондуктан элде: “Чил боор” деген сөз айтылат.

Ата-бала экөө шайдоот келатышты. Бала он экиден он үчкө ооп, бой тартып келаткан кези. Атасы ашынган аӊчы эмес, бирок аӊ уулап көӊүл ачканды жактырат, бийик тоонун башындагы аркар-кулжага барып көрбөгөн, ал жакка барыш үчүн тиш каккан мергендерди ээрчип жүрүп аӊчылыктын сырларын үйрөнүү ажеп. Атасы жылына ашып кетсе эки-үч курдай бөксө тоолорго чыгып, кекилик, чил атат. Атканынан атпаганы көп. Апай бетте жайылып жүргөн кекиликтерге жакындап өӊүп барып, чачма мылтыгын сунуп “баӊ!” эттире басып калат. Кекиликтер пырпыраган бойдон кырды аша кайкып учуп кетишет. Мылтыктын үнү сүрдүү чыкканы менен көпчүлүк учурда жайнаган кекиликтерге чачылып чыккан бытыралардын бири да тийбей калат. Ошентип, кечке убара тартат, кекиликтер аны капкайдан көрүп, улам арылап качып кетишет. Бөкчөӊдөп, жашынып барса да кекилик, чилдер аны капкайдан билип коюшат. Учуп бараткан топко карай дагы атып калат, анда деле көп бытыралардын бири да тийбейт. Анан үйүнө кайтып баратканда башатка түшүп, чилдерге кылтак салат. Мингич атын ошерге тушап, өзү өйдө жөө кетчү. Анан мылтыгын асынып, атына минип, чарчап, карды да ачып, күн бата үйүнө келет. Баласы атасын алдынан тосуп чыгат. Атасы илбээсин атып алганда алда кайдан көрсөтүп, көӊүлү ачык, шайдоот келет.

- Ата, бул эмне?- дейт баласы.

- Кекилик,- дейт атасы баласына сунуп.

- Тирүү кармап алдыӊбы?- Бала колун артына катат чочулап.- Чокубайбы?

- Жок, атып алдым. Туптуура башка тийиптир. -Атасы аттан түшөт.

- Өлгөнбү?- деп сурайт бала тактап.

- Ооба, башка аттым.

- Мээлеппи?

- Мээлебесе ок өзү барып түз тийбейт да...

- Башка мээледиӊби?

- Ооба.

- Башка тийсе тырп өлүп калабы?

- Тырп өлөт.- Атасы атты казыкка байлап, үйгө бет алат.

- Ата, берсеӊ, бир кармап көрөйүн.

- Ме.- Атасы колундагы эки кекиликти сунду.

- Охо, ата, экөөбү?- деди бала таӊгала.- Охо... – Кѳзүн алайта карайт.

- Ооба. экөө.

- Экөөнү теӊ башка аттыӊбы?

- Экөөнү теӊ.

- Ок башка тийгенде башы ооруйт ко?- деди бала кабагын бүркөп.

- Ооруганын деле билбей калат.- Атасы ийнин күүшөп койду.

Бала бир паска ойлонуп туруп калды.

- Жүрү үйгө,- деди атасы токтой калып.

- А ооруганын эмне үчүн билбей калат?- деп сурады бала.

- Ошо, мээси чачырап кеткенде ойлонгонго чаркы жетпей калат.

- Киши деле ошентеби?

- Киши эмнеге антмек эле?- Атасы баласын карап калды.

- Кишини башка атса дейм...

- Кишини эмнеге атмак эле?

- Кокус атып алсачы...

- Билбейм. – Атасы муну айтып алып, кайра сөзүн оӊдоду.- Ооруйт да...

- Башка тийсе киши деле тырп өлөбү, ата?

- Өлөт. Башын талкалап, мээси чачырап кетсе мүрт өлөт.

- Ойлонгонго алы келбей калабы?

- Ошентет го...- Атасы арсар үн катты.

- Согуш болгондо ошентсе керек.

- Ошентет го.- Атасы үйдү көздөй кадам шилтеди.- Жүрү үйгѳ, кекиликти апаңа бер.

- Апа-а, атам кекилик атып келди, экѳѳ!- Бала үйгѳ жүгүрүп, алдыда кирип кетти.

Бул мурда болгон, баланын оюнда ушу калыптыр. Апасы кекиликтин жүнүн жулуп тазалап, казанга салып бышырган.

- Жапайы илбээсиндин эти, сорпосу дары болот, - деди атасы.

- Миңдин бири эмеспи,- деген апасы эрин коштоп.

Балага кекиликтин сорпосу да, эти да жакпады. Жемек тургай ооз тийбеди.

- Жыты бар экен, кускум келибатат,- деген баласы жүзүн жыйрып.

- Булар таза болот, тоонун чѳбүн жейт, булактын суусун ичет, булардай таза жандык болобу…- Атасынын бул айтканы баланын кулагынын сыртынан кетти.

«Бары бир этин жей албайм»-деди бала ичинен.

- Дары чѳп жешет, дары чѳптүн жыты ушундай болот,- деди атасы кайра.

Бул мурда болгон бир жолу. Баланын эсинде күнү бүгүндѳй турат.

 

Үч күн мурдакы тартылган кылтакка бир чил түшүп калыптыр. Тирүү экен, муунбаптыр. Ата менен баланы көрүп, канаттарын кагып пырпырап качууга далбас урду.  Мурда, былтыр күздө да бирөө түшкѳн болучу, бирок небак өлүп, кара, жашыл чымындар үйүлүп, курттап кеткенден башаттан алыс, төмөн-тѳмѳн жакка ыргытып жиберишкен. Эми муну түлкү жеп коёт деген атасы ошондо.

 Аттан адегенде учкашып келаткан бала жерге түштү, артынан атасы түштү.

- Ата, чокубайбы?- деди бала чилдин жанына турап калып. Баланын көздөрү жадырап, кубанып турганы жүзүнөн даана кѳрүнүп турду. 

- Чокубайт, бирок абайла, жапайы немеге ишенич жок, тумшугу менен көзүӊдү чокуп албасын.

- Көзгө чокуйбу?- деп бала кетенчиктеди.

- Кокус дейм да.- Бала чочуп калбасын деп атасы үнүн бейгам чыгарды.

- Ата, муну багып алса болобу тоокторго кошуп?- Бала колун сунуп чилди  көрсөттү.

- Булар жапайы, колго көнбөйт, өлүп калат.- Атасы өзүнүн билгенин айтты.

- Капаска салсачы?- деди бала.

- Ошо капастан ѳлүп калат ээн-эркин жүргѳн неме. Бошонсо учуп кетет. Чил багыптыр дегенди уккан эмесмин. Булардын мекени тоо.

- Карышкыр деле тоодо жүрѳт, аюу, илбирс… Зоопаркта сопсонун жашап жүрүшѳт ко? - Бала атасын суроолуу карады.

- Алар бѳлѳк…- Атасы эмне жооп айтарын билбей, бир паска токтоп калды. – Аларың деле амалы жок камоодо жүрүшѳт, бошонуп кете алышпайт. Бошонсо бир мүнѳткѳ токтобос… Андан калса алардын курсактарын тойгузуп, камап койсо жүрүшѳт да, кайда бармак эле? 

Бала түшүндүм дегенчилик маанайда оозун ачып, башын ийкеп койду. Анан атасы чилди кылтактан бошотуп, аттын канжыгасына байланган дорбого салып, оозун бууп койду.

- Ата, тумчугуп өлүп калбайбы?- деди бала атасы байкабай туура эмес иш жасаганын оӊдогун дегендей үн менен.

- Тумчукпайт, өлбөйт.- Атасы ишенимдүү айтты.

- Мойнун баштыктан чыгарып койбойсуӊбу?- Бала дагы эле тынчсызданып турду.

- Эчтеме болбойт,- деп атасы дорбону кайра канжыгага байлады. Анан экөөлөп кылтактарды оӊдоп, дагы эки-үчөөнү жаӊы тартты.

- Кеттик балам, кел учкаш,- деди атасы өзү атка минип, үзөнгүнү бошотуп.

Бала шоп этип учкашып алды. Экөө үн катпай келатышты. Ат кээде жердеги кыска көк чөпкө мойнун созуп, тишине илинбесе да улам кашылап баратат. Кырга жеткенде атасы:

- Баягы жактан кекиликтерди бир карап өтөлүбү?- деди.

- Макул, -деди бала сүйүнүп.

Анда атасы менен баласы керелден кечке кекиликтерди аӊдып жүрүп, аталбай коюшкан. Төрт жолу ок чыгарышып, бирок бир да кекиликке тийген эмес. Экөө теӊ мылтыкка айып тагышкан устага алып барып оңдотуп албаса түз тийбейт  экен дешип. Ошо бойдон үйгө куру кол кетип баратышып, кечке жуук бир коктунун ичинен алдынан качып чыккан коёнду атып алышып, мылтыкты кайра мактап калышкан түз эле экен деп.

Кырдан аша бергенде апай беттин этегинен жогору көздөй оттоп баратышкан кекиликтер буларды байкап калып кайкып учкан бойдон бөлөк кырды ашып кетишти.

- Кап, абайласак болмок экен,- деп койду атасы өкүнө.- Дегеле капкайдан көрүшөт андан калса...- Атасы качып кеткен кекиликтерди күнөөлөй айтты.

- Кекиликтердин артынан барабызбы?- деп сурады бала.

- Мейли, эми кырга чыкпай, аттан түшүп, аӊдып көрөлү,- деди атасы.

Алар ошол айткандай жасашты: кырга жетпей жерге түшүп, атты тушап, өздөрү мылтыкты сороӊдотуп асынбай, төмөн кармап, бөкчөӊдөп кырга чыгышты. Жаӊы эле тиги кырды ашып, качып келген кекиликтер сак турушса керек, дагы шуулдап учкан бойдон ары жактагы бөлөк кырды ашып кетишти.

- Кап....- Атасы сөзүнүн аягына чыкпай калды.

- Ата, тигине, бир кекилик,- деди бала үнүн акырын чыгарып таштын үстүндө үргүлөп олтурган кушту көрүп.

- Кана?- Атасы жан-жагы карады.

- Тигине, таштын үстүндө,- деди бала колун бооруна катып, сөөмөйүн чычайтып куш көрүп койбосун деген кыяста.

- А, көрдүм, кекилик эмес го,- деди атасы да шыбырап.

- Каргабы?- Бала да шыбырады.

- Билбейм.- Атасы баш чайкады.- Кекилик мынтип олтурчу эмес эле.

- Анда эмне?

Атасы эрдин түйрүп, ийнин какты.

- Мен атып көрөйүнбү?- деди бала атасын жалдырай карап.

- Мейлиӊ, мылтыктын кундагын ийниӊе бекем такап ат, бош кармасаӊ акырегиӊди оорута тебет, абайла,- деп атасы балага мылтыкты тууралап карматты.- Жакшылап мээлеп ат, шашпа.

- Билем, мурда деле атпадым беле,- деди бала мылтыкты акырегине бекем такап.

Анан бала сол көзүн жумуп, таштын үстүндө олтурган канаттууну мээледи.

- Кароолду көкүрөгүнө туурала, ошондо башына тиет, башына мээлесеӊ огуӊ жогору, асманга кетип калат. Машааны басканда көзүӊдү жумба, колуӊду калтыратпа,- деди атасы.

Бала атасы айткандай мылтыктын учундагы кароолду канаттуунун дал көкүрөгүнө келтирип, машааны басты. “Тарс” эткен үн менен кошо мылтыктын оозунан ак түтүн булап калды. Таштын үстүндө беймарал олтурган канаттуу жерге тырп этип кулап түштү. Бала атып алганына аябай кубанды, бети албырып чыкты.

- Азаматсыӊ!- деди атасы баланын саамайын сылап.

Бала ого бетер сүйүндү. Анан мылтыкты таштап, жүгүрүп барып, канаттууну көтөрүп, атасына алып келди.

- Башка тийиптир!- деди бала кубанычы көкүрөгүнө батпай.

Атасы канаттууну колуна алып:

- А, бул кекилик эмес, куш турбайбы, айтам да кекилик мынтип жалгыздап таштын үстүнө олтурбайт деп...

Баланын деми сууй түштү.

- Мунун этин жейби?- деп сурады бала.

- Билбейм, үйгө алып барсак анан көрөбүз да,- деди атасы.

Атасы бул куштун эти желбесин сонун билет, баласынын шагын сындырбайын деп ушинтип койду. Бала атып алганы кекилик эмес экенин билгенден кийин мурдагыдай сүйүнбөй, көкүрөгүндө бир бүдүр нерсе ачышып турду. Атасы берки канжыгасына куштун эки канатынан бууп, салпактатпай кыска байлап койду да:

- Кеттик анда,- деди.

Атасы ээрге минип, баласы учкашып, олжолору менен үйгө жөнөштү. Жол айылдын үстүндөгү дөӊдөгү мүрзөлөрдү аралап өтөт. Буер көп жылдардан бери мүрзө. Атасы бала кезинде эле айылдан өлгөн адамдарды ушерге көмүшчү. Азыр да ѳлгѳндѳрдү ушерге алып келишет. Айрым мүрзөлөр эскирип, кар-жамгырда тапталып, мал-жан тебелеп, жер менен жер болуп, үстүлѳрүн чѳп басып, түзөлүп калган. Кээлери гана кичинекей казан сыяктуу торсоюп, мүрзѳ экендигин айгинелеп тургандай. Алардын түпкүрүндѳ адамдардын сѳѳгү кѳмүлүп жаткандыгын ушул эле айылдын кийинки муундары жана бѳлѳк жактан келгендердин бардыгы эле биле бербейт. Дагы бир топ жыл ѳткѳндѳн кийин бул жерге соко түшүп, дыңы бузулуп, эгин айдалат, эски мүрзѳ экендигин ал кездин мууну билбей калат. Андан кийин айылдын эли дагы кѳбѳйгѳндѳ бул жерге үйлѳр салынат. Тирик-ѳлүк адамар менен кара жердин алакасы ушундай, ал алмустактан бери келаткан айныгыс салты. 

- Сенин чоӊ атаӊдын мүрзөсү тээтиги ченде болуш керек эле,- деп атасы колундагы камчысын бүктѳп, жаӊсай көрсөттү оӊ тарабына бурулуп.

Бала атасы көрсөткөн жакты карап калды.

- Ал сенин атаӊбы?- деп сурады.

- Ооба.

Канжыгада байланган торбо ичиндеги чил ѳзүнүн тирүүлүгүн айгинелегендей пырпырап жибергенде беймарал бараткан ат үркүп кетти.

- Так! Так!- деп атасы аттын оозун кере тартып токтотту. Учкашып келаткан бала атасынын белинен кучактап, денеси жабышып калды.

Жол бою бала ѳзү атып алган канжыгада байлануу куштун эти жегенге жарайбы же жарабас болду бекен деп ойлонуп келатты.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз