Кеңеш Жусупов: Сүйүү рейси

  • 10.03.2022
  • 2600

АҢГЕМЕ

...«Эмнеден ойгонуп кеттим?» — деп ойлонду Мукамбет. Сааттанбы? Саат беш. Коңгуроо урчу жерине жете элек. Али эки саат бар. Автобус аэропортко жыйырма беш минута жүрөт. Эсептелүү.

Ал терезе жапкычты сыдырды.

Таңдын билинээр-билинбес шооласы. Таң шоокуму — күндүн увертюрасы. Күн себелептир. Булуттар сүрүлүптүр. Эки-үч саргыч жылдыздар үлпүлдөп өчө элек. Мукамбет кыялында жылдыздарга жеткен адам боло калып, «ийне жоготтум, ийне жоготтум» деп, колго урунган жылдыздардын ар бирин чакмак таштай кармалап, аралаштырып ойногусу келди.

Чырагын өчүрбөй, сааттын жебесинин «чык-чыктап» какканына тунжурай, эскиси жеткен жууркандын учун жыттап, жылуусунда мемиреди.

Бүгүн Мукамбет алыскы тоо арасындагы шаарга барат. Асылканы тосуп чыгат. Дөңсөөдөн кызыл жоолугун булгалайт...

Кечээ шаар менен коштошподубу! Дайыма бир жакка жөнөрдө вокзалдын жанындагы бийик асма көпүрөгө барат. Өмүр сыяктуу кыйырсыз жарыш рельсалардагы вагондорду чиркеген аппак буулуу поезддерди, перрондогу опур-топурду узатат. Алыстагы поезддин түнкү жарыгын ээрчип карайт. Андан кайтып, шаардын сыртына чейин созулган бактуу арыкты бойлоду. Машиналарды алдынан чубаткан тоннелге келди. «Мазар тереги» менен коштошту. Ошол жерде ал биринчи сапар кызга жолуккан. Сүйүүнүн музейиндей дүпүйгөн эки ача терек.

Акыры шаардын жарыктары өчкөндө үйгө жеткен. Сулк жыгылган...

Мукамбет жесир кемпирге калтырган оокаттарын табыштаган.

Сүйрөлгөн көк сумкасын көтөрүп, жакын арадагы автобус токтоочу жерде турду. Шаар жаандан кийин чыйрыгып калгансыйт.

Карган адамдар тротуарларды шыпырып жүрүшөт. Суу сепкен машина асфальт жолдон бир сыйра жүрүп кетиптир.

Автобуста эл аз. Эртең мененки адамдар сөздөрүн жазгы күндүн нуруна, бактагы булбулга берип коюшкандай, эч үн катышпайт. Төгөрөктүн төрт бурчуна кетүүчү жолоочулар тоонун жытын, гүлүн, таңдын атышын, жаздын үлпөтүн, кубатын адамдарга кошо ала кетишет.

Бирин-серин түшкөн учкучтар гана кобурап баратышты.

Автобустун дөңгөлөгү көлчүк сапырат. Көлчүктөрдөгү булуттар жарылат. Жаанда калган айнектен узата кеткен троллейбустун зымдары куду жүрөктүн кардиограммасына окшоп чубалжыйт. Аларда көз жашындай тамчылар чуркап жүрүшөт...

Ал туура бир саат эрте келди.

Алыскы чоң шаарларга кетүүчү жолоочулар нөөмөт менен чемодандарын таразаларга өткөрүп жатышты. Мукамбет бурчтагы отургучту издеди. Кужу-кужунун арасында тааныш да, тааныш эмес да адамдарды ал биле турган. Узун бойлуу баскетболчулар чогулуп, жандарындагы келишимдүү сулуу кыздар менен көңүлдүү. Мукамбет мезгилинде ушулар сыяктуу мелдешке жөнөчү. Эми аларды да, тренерин да таанымаксан болуп отурбайбы! Артисттер жүрдү. Булардын жер кыдырганы түгөнбөйт. Ичин ачып койду. Соодагерлер. Көптүн арасынан бөлүнүп турду. Белдерин буушкан, окшош топучандар таңылчактарынан көздөрүн алышпайт. Кээлеринин билеттери жок экен. Кассаны тегеректеше, алда эмнелерди айтып, суранып-тиленип жатышат. Эки-үч солдат оозун боёнгон экиленген кыздар менен турушту.

«19унчу рейс боюнча уча турган жүргүнчүлөрдүн эсине!» — Аялдын үнү залга жаңырды. Зал паска жымырай түштү,— Сиздердин рейсиңиздер Москва убактысы боюнча саат жетиге чейин токтотулат!»...

Бул башка жакка кетүүчү самолёт. Кокус менин самолётум да кармалбасын деген чочулоо келди. Мукамбет сыртка чыкты. Күн чыгышты карады. Ай, таң... Балекет күндү тоскон тоонун ары тарабында... «Күн! — деди жолоочу,— ач койнуңду! Мен сага баратамын! Сага — Асылканга!"

Ордун эч ким ээлебептир. Диктор дагы бир багытка самолётко түшүүнү кулактандырды. Жүргүнчүлөр топурап чубай баштады. Залдагылар суюлду.

Залга кире бериште маршруттар алиппедегидей тамгалар менен жазылып илинүү. Самолёттор дүйнөнүн бардык тарабына катташат.

Мукамбет киоскадан газета сатып келди. Жанына сулуу кыз пайда болуптур. «Куштай экен, — деди ал.— Мен көрбөгөн сулуу куштай», Карай берди. Кыз ордунан турду. Куш учуп кетти. «Мейлиң, — деди ичинен кейип,—өз баркыңды көтөргүң келеби? Коркпо! Менин да ойлоно турганым бар...» Ордунан турган кызга Асылкандын жазган каттарынан үзүндү улап айтып кирди. Сахнада Эсхил менен Шекспирден монолог айтып жаткансыды: «Мен сени сүйөм! Уктуңбу! Мен жөнүндө ойлочу! Бул азбы?! Сенин ооруңду, ошол мүнөзүңдү сүйөмүн. Сага сүйүүмдү беремин. Сага жүрөгүмдү беремин. Сен эч качан оору жөнүңдө ойлобо! Өзүңдүн жаман оюңду жеңчи! Менин колумда күн бар. Ал сен! Ал сен! Сен ал ошону!..»

Кыздын өзүнө кайрылды. "Ай, сулуу кыз көрдүңбү!?" Мукамбет Асылканга баратат. Көрүнгөн сулууну карай бермек беле!?

Кайсы бир бейтааныш жолоочу кассага чакырылды. Азыркы аялдын үнү негедир тааныш угулду. Кандайдыр уккан музыка сыңары. Ким эле? Аялдын үнүнө көңүл бурду. «Ошол! — деди ичинен,— ошол!..» Мукамбет төрт бурчтуу, айнектелген диспетчердин бөлмөсүнө барды. «Ошол! Өзгөрдү бекен?» — деди ичинен. Катар отурган аялдардан таанышын издеди.

Таанышы көзгө урунбады. Мукамбет аялдарды «сенсиңбилеп» суроолуу тиктеди.

- Он төртүнчү рейс качан учат? — деди Мукамбет. Сулуу кыздан өтүп, эң четтеги күйпөлөңдөп жатканына карады.

Аял башын көтөрдү. «Ошол! Тааныбайсыңбы? Тааныйсыңбы!» — деди ал өзүнө өзү, аялга тигиле.

Аял тааныды. Жылмайды. Кадимкисиндей башын элпек, жагымдуу, жарашыктуу ийкеп, салам берди.

- О! Саламатсыңбы, Мукамбет!..

- Жакшымын, Фарида...

Мукамбет аялдын ичке, арык манжаларын кыса, өтө тездик менен ойлонду: көзү баягыдай. Арыктаптыр.

- Сени бул жерден жолуктурам деп эч качан ойлогон эмесмин.— Сөздү биринчи баштады Мукамбет.— Көргөндө сүйүндүм. Чын, адегенде денем кичине чымырай түштү. Анан басылды. Ишенесиңби, ушуга!?..

- Сага дайыма ишенчүмүн. Өзүмө ишенчү эмесмин...

«Кээ китептегидей жасалма сүйлөйсүң — деп ойлоду Мукамбет,— кыялкеч көрүнөйүн дегениңби? Сени билемин го... Ушинтчүсүң.

Асылкан бөлөк. Китепти деле көп окубаган. Күндү сүйлөсө күндүн илеби келчү. Таңды сүйлөсө таңдый жели урчу. Булакты сүйлөсө, булактын шылдыраганы угулчу. Жасалмаланчу эмес... Ах, бул дүйнөдө жасалмаланбаса... Нукура болсо...»

- Стюардессамын... Учамын. Менин миссиям ушу.— Аял залды көрсөттү. - Бүгүн эриккенимен курдаштарыма жардам берейин деп келгемин.

- Көп жерди көрөт экенсиң...

— Ооба...

- Бүгүн мени узатасыңбы?..

- Макул. Кыздарга айтып келейин.

Мукамбет элди аралап бараткан Фариданын басканын, кыздар менен сүйлөшкөнүн көрдү. Кыздар болсо, Мукамбетке жапырт кызыга тиктешти. «Мейлиңер, карай бергиле! Аялдардын көздөрүнөн уялбай калганмын!» — деп айткысы келди Мукамбет аларга.

«Он төртүнчү рейс боюнча учуучу жүргүнчүлөрдүн эсине!»...

Мукамбет залдын ортосуна тык токтоду.

«Сиздердин рейс...»

Ал рейстин кайрадан бир саатка калтырылганына сүйүнүп да кетпей, жөн гана куп дегенсип, бирөөнү узаткан бейкапар кишидей болду.

- Сени дайыма узатканда ушул бурчтагы столго олтурчубуз ээ?! Так ушундай! Сени да ушул жерден күтчүмүн...— деди Фарида ресторанга кирип олтургандан кийин.

«Ичимди ысыткың келеби? — деп ойлоду Мукамбет жыйрылып,— сен жөнүндө жамандык ойлогондугум жарабас! Сүйүүмдүн күбөсүсүң. Сага ушул роль тийиптир. Жасалма сулуулугуңду эмес, өз сүйүүмдү самайм, көргүм келет. Эстейин дейм. Кантсе да ал мен жашаган өмүр эмеспи!.. Сен ошол өмүрдү кайра алып келчи. Сен мага менин сүйүүм жөнүндө фильм коюп берчи...

- Дайыма шампан иччү элек...

«Сүйүүдөн көңүлүм калды. Аялды жек көрөм, дешет кээлери,— ойго чөмүлдү Мукамбет.— Бекер текеберленишет. Аялзатына кир жугузбай, аны аяп, ага жаман ойлобой, кээде капасына да, кайгысына да чыдап, баардык жакшылыгына, үлпөтүнө, эч баа коё албай, ичиңден ыраазы болгонуңа не жетсин!.. Эй, эркек, алар сенин сүйүүңдү түбөлүк, өлбөстүн отуна окшотуп ташып жүрүшөт. Алар өзүлөрүнүн асылдыгын, ыйык экендигин билишет болду бекен?..»

Официант кыз заказ алды.

Мукамбет сулуулугу али кетпеген, бейтааныш эркектерди бир каратууга аргасыз кылып өзүнө тарткан, столдогу салфетканын кагазын бырыштырып, ойлонуппу, алаксыппы, көз ирмебей тунжураган Фаридага дагы бир ирет көз кыйытты...

«Сенсиң! — деди Мукамбет өз ичинде, андан көзүн албай.— Сенсиң мага биринчи сүйүү дегенди берген. Узатып, күтүп да жүргөн сен болчусуң. Сенсиң шаардагы алыска кеткен поезддерди, тоолорду, айды жарыша тиктешкен. Сенсиң арыктын жээгинде түнү бою кыялданып, бактын арасынан айды батканга чейин узаткан. Сенсиң мен рингден жеңиш менен келгенде гүл тапшырчу. Ах, сенсиң! Мен машинанын катастрофасынан белим кыймылдабай үч ай жаткандан кийин, «биз дос бойдон кала берелик!» деп келген да сен болуп чыкпадыңбы!.. Далай күн ыйлаганмын... күнү да, түнү да издеп сени. Мына ошол сенсиң!..»

- Өзүң жөнүндө айтчы! — деди Мукамбет.

Фарида шамал тийген теректей селт деди.

— Эмнесин!..— деди ал мукактана. Улутунду. Күйөөм менен ажырашып кеттик. Телевидениеден бийлегенимди таштап, стюардесса болдум. Англис тилин үйрөндүм. Прагага чейин бардым. Эми эл аралык трассага чыксамбы дейм... Дагы эмнени айтайын...

«Сен, — деди Мукамбет ичтен,— сен жашооңду башка бирөөлөргө кор кылбай, өз алдыңча турмуш куруп кеткениң жакшы эле. Мен да сен үчүн жооп беремин... Сенин да сүйүүңдү мен катып жүрбөймүнбү!..»

- Фарида!..— деди Мукамбет аста. Суусун жутту,— Сүйүүңдү эстейсиңби?!

Ал башын чайкады.

«А карангүн,— деди жигит ичинен,—ошондойсуңбу?..»

- Эмнеге ойлогуң келбейт? Ошончо жаманбы?! Кандай адам сүйүүсүн, сонун жашоосун, өмүрүн ойлогонду жек көрсүн! Сенин ааламдан, өзүң экинчи жаралгыс ааламдан, кичинекей өмүрүңдү зарп кылып чукулап алган алтының эмеспи! Өмүр бою өстүргөн чынар терегиң эмеспи? Кантип андай күндөрдү өчүрүп салсын! Ошол күндү сен жашадың да. Сага ошол күндөр сүйүү, жашоо, сулуулук эмне экенин айтып бергендир. Ал күндөрсүз сулуулукту, сүйүүнү, өмүрүңдүн баркын кантип сезээр элең?..

Радиодон аялдын үнү угулду. Башка рейс.

— Сени киши болбой калат дешкен...

«А! — деди Мукамбет оюнда.— Сенин менден качканың да ошол тура! Мейлиң!..»

- Сегиз ай гипсте жаттым... Эки айда бастым... Калганын санаторияларда болдум... Жакында кайттым. Досум — жан жолдошум таягымды таштадым...

- Эмне кесип кыласың?..

— Баягы бокс. Ажырабайм андан. Алыска баратамын. Тренер болом ал жерден...

- Сени эч ким узаткан жокпу?

—. Жок. Мени тосуп алат.

- Сен... аны... сүйөсүңбү? — деди аял көптөн кийин.

«Аны кайдан билесиң? Мен сага аял тосуп чыгат дедимби?»

- Сүйөмүн... Өтө көп милдеттүүмүн... баратамын...

Официантка шампанды ачты.

- Эмне үчүн ичели? — деди Фарида рюмкаларда кайнаган шампанды көзүнө чейин жеткирип. Рюмканын ары жагынан кубулуп көздөрү бакырайды.

- Сен биринчи айтчу элең...

- Кел ошол кыз үчүн ичели.

- Мейли!..

Анан: «Өмүр бою ичкен шарапты Асылканга арнап ичип жүрбөсөм» — деди ал ичинен ант бере.

- Ал жөнүңдө айтчы...

- Мен эч кимге айта элекмин... Өзүн эмес, анын ыры... Күнү... Жеңиши жөнүндө...

Тамекинин түтүнү гүлдүн үстүндө жаандан кийики тоонун булутундай уюду.

- Асылкан жөнүңдө кимге болсо да айткым келчү... Бактыга жараша айта элекмин...— деди Мукамбет. — Сен ооруканага келгенден кийин сүйүү тамам болду дегем. Эмнеге жашырайын... Түндөрү жаздыктын алдында ыйладым... Анын үстүнө адам катарына кошуларым арсар эле. Кесибимден айрылганмын... Ушинтип жаттым...

- Сөзүңдү бөлөйүн, кечирип кой! Кел! — Аял ичип жиберди.

Столдун үстүндө натюрморт: жара тилинген алма, чала аачылган апельсин, бычак, жанаша роза гүлдөрү...

- Айтсаң...

- Күн аябай жылыганда ооруканадагылардын тыңдарын бакка чыгарышты. Тыңый баштаганмын... Ачык жерде кырка жатчубуз. Мен өңдүүлөр асмандагы жылдызды санап, булуттарды, жаанды эрмектечүбүз. Канткен менен абдан көңүлсүз эле...

Күндөрдүн биринде нянка кат сунду. Мага жазылыптыр. Сенсиң го деп ойлодум. Кимден болмок? Башым катты. Асылкан дептир. А дегенде жооп жазбадым. Каты келе берди. Ооруканада адамдар айлап-жылдап көпкө жатышат. Эрмектеп кат жаза беришмейи бар. Көңүл койсом, айрып койчу каттар эместей. Жаш баланын катына окшош. Тирүүлүккө каңдай ишенсең, каттын актыгына ошондой ишенесиң. Калпы жок такыр. Мени адегенде Асылкандардын бөлмөсүнө катарлаш жаткырыптыр. Онтогондорум, кыйкыргандарым даана угулчу экен. Бактын түбүнө келгенде Асылкан терезеден бак арасында жатканыбызды кечке карачу. Анын деле эрмеги биз болобуз да. Отурганга араң жарачу. Баса алчу эмес. Экинчи катардагы терезеден күлүп турчу. Терезеге жөлөп койгон куурчактай. Кээде, чыны, торго камалган чымчык катары ойлоп кетчүмүн. Айылдагы аялдардын сонун мүнөздөрүн, сулуулугун, акылын, уурдап келгенсиген кыштактын момун кызы. Ушундай жашоонун таккан мүшкүлүнө кейибеген адамды биринчи көрдүм.

Мен дайыма «Жерден асманга» деп конвертке жазчумун. Ал «Асмандан жерге» дечү. Ошол күнү жамгыр себелеп кеткен. Терезеден ыр созулду. «Асылкан» дедим адеп укканда. Асылкан гана ушинтип ырдамак. Биз ырга кулак түрдүк. Жаткандар элеңдеп, бутактардын башынан, булуттардан, учу көрүнгөн тоодон ыр издедик. Мында барысы бар эле: балалык, кыштактын кечи, тоодогу гүлдөрдүн, арчалардын жыты, өлүмгө багынбоо, биздин оорукана — көз алдыга келчү.

Оорулуу кыздын ырында ушунча кубат болорун билдим. Оорубасам мынчалыкты сезбес да, туйбас да элем. Өмүрдүн, жарыкчылыктын, күндүн, эркиндиктин баркын билбес элем. Бара-бара Асылкандын ырысыз жашай албачудай болдум.

Деңизге түшкөн чардактай бир күнү Асылкан жоголду. Нянка операция болгонун айтты. Керебеттерди кармап таканчыктап туруп калгамын. Эртесинде Асылканга бардым. Эс алыптыр. Башын терезеге буруп жатат. Мени көпкө ишенбей карады. Алсыз колу менен чекемдеги терди сүрттү.

 

- Өзүң келдиңби? Мен терезеге жеткиче жата турбайсыңбы?

Операцияда оң тизесинен ылдый кесип салыптыр.

- Жакында кетесиңби? — деди.

- Тыңысам санаторияга жиберет,— дедим.

- Андан келгенде кайда барасың?

- Билбейм, — деп чынымды айтып.— Барар жерим жок, - дедим.

- Фарида келеби? — деди сени сурап.

- Жок,— дедим.

- Ушундай да жан болобу, кайда барарын билбеген.

Кан-сөлү качкан жумшак колун сыладым.

— Жеңиш дегенди билесиңби? — деди.

— Билем,— дедим.— Кантип билбейин?! Жеңиш менен өттү өмүрүм. Бала кезимден бери рингден жетимиш алты жолу жеңиш менен түшкөмүн.

- Билбейт турбайсыңбы жеңишти...

- Кандай жеңишти айтасың?

- Улуу жеңишти. Адамдын жеке, улуу жеңишин... Өзүн-өзү жеңүүнү...

Андайды билбейт экемин. Аппак, алсыз, бирок жеңишти билген кызга таңдандым.

- Сенин ырыңды бактагы жаткандар сагынышты...

- Чынбы? — деди.

- Чын.

- Өзү жөнүндө ойлобогон киши өтө бактылуу ээ? Башка ойлончу нерселер азбы?! Өзүңдөн мурун башкаларды, бакты, жаанды, айды, күндү ойлочу. Макулбу? — деди.

- Аңда эмне!?.

- Өзүңдү канчалык казсаң да бакытты таба албайсың. Бакыт жалгыз өзүңдө болбойт. Башка адамдан, күндөн, айдан, суунун шарынан, а түгүл чымчыктын үнүнөн, көпөлөктүн учушунан да бакыт табасың. Ошону көрөсүң, кубанасың. Билееиңби, кээде терезеден учкан булуттарды, куштарды тиктеп деле бактылуумун деп бакыргың келет. Мен жер үстүндөгү эч жерде жазылбаган, айтылбаган сүйүүмдү үрөндөй чачып кетсем дейм. Тоолорго, күнгө, чөптөргө, сууларга, атын билбеген адамдарга. Эч ким билбесин. Ошонусу жакшы. Жетишет, кичинекей адамга. Жерди кайра жарата албайм. Тоону омкорбойм. Анткени күчүм жетпейт. Менин күчүм ошолорду сүйгөнгө гана жетет. Адамдарды, жерди, күндү сүйгөнүмдү эч ким билбей калсын. А мен аларды сүйгөнүмө ыраазымын...

Жумшарып калган чачынан сылап, меңдүү жазы чекесинен сүйдүм...

Мукамбет сөзүн токтотту. Аялдын үнү угулду. Рейс бөлөк тарапка.

«Сен жеткен орой элең, — деди аял ичинен бир кездерде өзү балача эркелеткен жигитке суктана.— Аябай сонун болупсуң. Такыр өзгөрүпсүң. Биз качан жер, күн жөнүндө мынчалык сүйлөшчү элек?! Биз качан жеңиш жөнүндө сүйлөшчү элек. Оору сени өзгөртүп жибердиби?! Эки жыл ичинде ушунчалык өзгөртөбү адамды?!»

- Бат эле түштүктөгү санаторияга жиберишти мени. Күнүгө кат жаздым. Асылкандын каты бара-бара токтоду. Не жаман ой кетти билбейм!? «Бутум жок, эркекке тең эмесмин» дейби?! Айтчы, аял эмессиңби, ошондой жаман ой келе калабы аялга? Анан эмнеге кат жазбайт?.. Алты айдан кийин келсем Асылкан айлына кетиптир... Телеграмма жибердим. Кызыл жоолукту булгап, дөбөдө турамын дечү...

«Ушунун барын мага айтып жатасыңбы? — деп ойлонду аял, сөзгө бабыр эркекке бериле,— эмнеге терип-тепчип кобурап жатасың? Мага кереги барбы мунуңдун? Антсем да, курган жаным, уккум келет... Мейлиң айта бер... Өзүңдүн айткың келип турат. Сагынсаң керек... Сагынары бар жакшы...»

Терезеден жаңыдан старт алган самолёттор балдардын оюнчугу сыңары тырнактай.

«Адеп көргөндө эле эмнеге таанымаксан болуп калбадың экен?! Ошенткениң жакшы эмес беле мен үчүн... Мени күйүткө салып кетейин дегениңби? Жакшылыгың ушубу?..» деген ойлордон кийин:—Ах!..— деди аялдын жашыгыраак үнү.

Муну Мукамбет укпады. Ал «чын» дегенсип, кадимкисиндей, талаада ойноп, эмне көрсө ошону апасына сүйлөгөн баладай адил эле.

Бул сапар Мукамбеттин рейси жарыяланды.

Залда кымкуут басылып, эл абдан азайып калыптыр. Перронго эл аз чыкты.

«Кел эми коштошолук кезек келсе»[1].

Мукамбет...— деди аял муңайым жагымдуу чакырып,— өөп коёюн... Кел...

Мукамбет бетин тосо берди «Мен бир жакка кетерде өбүшчүбүз» — деп аялдын демине тартылып баратып ойлонду ал.

– Кечир... бардыгын, макулбу?..— Аял шыбырап койду,— мендейди... Кечирчи ээ?!

Заматта эркекти алсыздык бийлеп кетти. Ал шарт бурулуп, бүгүнкү самолётко алган билетин кассага тапшырып, эртеңки күнгө алмаштыргысы келди. Өзүнүн алгачкы сүйгөнүнө жолукса, эмне күнөө болмокчу!? Чыккынчылык эмес да!..

Ошол маалда, самолёттун арасынан кызыл жоолугун булгалап дегдеңдеген Асылкандын булуттай элеси учуп жетти. Ал аны чакырып жатты...

Жигиттин сапары карып, кызга колун көтөрдү.

Самолёт эбелектей кош канат экен. Кыргызстандын четиндеги шаарга жөнөчү чымбыттай самолётко май, суу, жүк ташуучу машиналардын жанындагы кичинекей аянтча тийиптир.

Мукамбет алты-жети киши менен самолётко келди. Жасанган аял жүргүнчүлөрдүн билеттерин көңүлсүз карамыш этти. Самолёт тез от алды. Старт аянтчасына түшүп күүлөндү. А дегенде тамдардын кочкул тунукелери, бактар, көчөлөр калып, бара-бара шаардын чет жакасынан бери даана тартылды. Бактуу шаар... Сүйүүнүн, күндүн, үмүттүн шаары.

Самолёт күндү көздөй бет алды. Жер бетине жаз келгени талаадан, тоолордон, бактардан билинип турду. Күндүн нурлары самолёттун канаттарына, талаанын бетине, алыстан аккан сууга чагылышты. Жашыл тоолордун узак агымы күндүн нуруна кошулуп, жерди каптады. Ошол жашыл жер — деңиз, андагы тоолор — айсбергдер калкып жүрүштү.

Ай табият, ушу сенин ырахатыңан Мукамбет баарына тобокел деп, чөп чаап, эгин оруп, жер сугарып, жер айдап, тоолорду мекендеген, пейли тунук дыйкан болгусу келип кетти.

«Эмне үчүн мунун бардыгын мурда байкабагам? — деп өзүн жемеледи ал. Терезеден көзүн албады.— Канча сапар учсам да эч убакта жерди мынча эмне байкаган эмесмин. Өмүр, жашоо, өкүнүч, эрдик, өлүм жердин бетинде турбайбы! Түрмө-түрмө күндүн кызгылт нуру, таңдын атышы, көгүлтүр талаада булбулдун безеленгени, деле бардык сулуулук — жер бетинде экен. Мына сенин ырыскың, пешенеңдин байлыгы, адам!.. Ушул сени дүйнөгө сугалак кылган, суктанткан. Сени акча суктантпайт... Сенин өмүрүң, кубанычың, кайгы-капаң, тиричилигиң ушулар... Сенин өмүрүң ушулар менен эсептелет...»

Мукамбет чөнтөгүндөгү ардакталып катылган каттарды кармалады. Каттар аялдын жылуу, назик, сүйкүмдүү илебин берди. Кагаздардын сыртына «Асмандан жерге” деп жазылган. Ана ошол асман. Кат жиберген адамдын мекени... Дүйнө көрүнүп турат... Жер сенин тулку денеңдей... Ушул асманда, булутта түнөктөп, Асылкан жерди көздөй күн нуру сыңары ак сүйүүсүн, ырын адамдарга чачкан...

Дүйнөдөн укпаган кичинекей үзүндү симфония Мукамбеттин жүрөгүндө жылжып, кубула чыкты. Жерде каз-каз туруп, булуттарга чейин жеткен алп адам болду. Ал күңгүрөнүп тоолорду, булуттарды көчүрүп кыйкырып турду ааламга: «Мен баарын жеңдим! Өмүрдү жеңдим! Өлүмдү жеңдим! Ооруну жеңдим! Сүйүүнү жеңдим! Жалгыздыкты, жаманчылыкты, коркоктукту жеңдим. Өзүмдү жеңдим!..»

Ошонусуна адам да!— жетине албай сүйүндү ал. Ичи ысып күлдү. Кайдандыр жеңиштин маршын укту.  Ааламдан кичинекей адамга улуу марш берилди. Улуу симфониянын аккордуна окшош эле күтпөй келген үзүндү, кичинекей өмүр, шаар менен капчыгайдын ортосуна чейинки созулган өмүр. Мукамбет муну эч нерсеге салыштыра албады. Жеңиш согушсуз, куралсыз, айыгышуусуз, өзү багынып кирип келгенсиди. Өлүмсүз, кайгысыз бүткөнсүдү... О, бирок жеңишке адам өмүр бою тырмаңдап даярданган эмеспи! Жеке кармашып келет тынбай. Ал жеңишке качан келээрин билбеген. Адамдын кичинекей жеңиши да! Адамдын улуу жеңиши да! Өмүргө тете чанда келчү жеңиш!..

Ар бир элдин узак тарыхы бар сыяктуу, ар бир адамдын да узак тарыхы бар. Ар бир элдин улуу жеңиштери да, жеңилиштери да бар сыяктуу ар бир жер баскан адамдын улуу жеңиштери, жеңилиштери бар...

«Мен Асылкан айткан жеңишти билбейт турбайымбы! — деди Мукамбет ичинен,— кайсы бир жолдошторум акчалуу, үйлүү, машиналуу... Мен үчүн ошолордуку жеңишпи? Жок, жеңишке жатпайт!..»

Анан кайсы?..

Анан ою өзүнүн жеңиштерине түштү. Төрт бурчтуу ринг. Анын эки бурчтарында кызыл, жашыл жиптер байланган. Адамдарды судья урушка жиберет.

Бокс!

Жеңиш керек!.. Атаандаштын көзүн, кирпигин, кадамын теше карайсың! Кандай да болсо жеңиш керек! Акыркы күчүңдү жумша!.. Акыркы сапар... Ур!.. Бол!.. Жеңиш керек!..

Ошондо сен марли менен оролгон төрт бурч аркандын ичинде тыбырап, чуркап, секирип, жулунуп жан таштайсың!.. Барысын жеңиш үчүн гана жанталашып иштейсиң!

Жеңиш!!!

О, сенин колуңду көтөрүп, адамдарга көрсөтүшөт. Көргүлө жеңишке жетишкен адамды!.. Мына, жеңишке жеткен адам менмин дейсиң!..

«Ах,— деди Мукамбет,— жеңишти билбейт экенмин. Булар мен үчүн, деле адамзат үчүн — түбөлүк жеңиш эмес, аттиң!..»

Самолёт булуттарды кесип, тоолордун үстүнө жакындады. Дарыялуу өрөөндү бойлоду. Тигине, капчыгайдын шаарчасы...

Кыштак чети. Мукамбет аэропортко жакыныраак дөңсөөлөрдү издеди.

Самолёт тоо түбүндөгү али асфальттала элек боз талаадагы жалгыз тамдуу аэродромго көпөлөктөй конду.

Мукамбет жерге түшүп, тоолорго: «Жеңиштүүмүн!» — деп бет ала кадам таштады.

Кыштак жактагы дөңсөөнү карады...

— А-а-аа!..

Кызыл жоолук жалындай өрттөнүп желбиреди.

[1] Д. С. Пушкинден.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз