Касымалы Жантөшев: Эки жаш

  • 14.03.2022
  • 3902

Жол үстү

Элдин бетин көптөн бери көрбөгөнүмбү же мендеги айрым кубанычтардын күчтүүлүгүнөнбү, улам ойгонуп, кайра уктоо менен таңды араң атырдым. Мен турган убакта элдин бардыгы уйкунун тынчтык кучагында эле. Жалгыз гана Канабат станциясынын эмгектүү кыймылы, паровоздун кыйкырган үнү, жаңы төгүлгөн эгиндерди салган вагондорду маневр кылуу менен элди ойготуп, эмгекке чакыргандай, анда-санда чыккан кондукторлордун ышкырыгына баш ийип макул дегендей, «пуп-пу-уп» деп, паровоздор каршы-терши жүгүрүшөт.

Элдин бардыгы туруп, күндөгүдөй кесиптерине киришти. Самовардагы чайы кайнап, кызыл чайканалар да ачылды.

– Самоварчы аке! Битта чай!

– Мангаям битта чай!

– Навайчи аке!

– Лаппай?

– Нан бериң!

– Хуп... Э-э-э-э... нан таяр... Ун арзан... Битта нанымыз эки айрым таадан!..

– О, менин наныман хам алың! Я ыс-сык!

– О, апай! Юзимиңизден бир кило бериң!

– Хуп углым! Бу Анжанның юзими... Я ширин!

– Самаварчи ака!

– Лаппай?

– Яна битта чай!

– Хуп... Э... арзан чай... нанушта кылып калилар, – деп чуу-чуу үстүүстүнө күчөдү.

Канабат станциясы анчалык чоң станция болбосо да, тогуз жолдун тоому. Батыш тарабы бардык чоң шаарлар менен байланышкан темир жол сызыгы, чыгышы акыркы станция Жалал-Абад, Көк-Жаңгак; түштүгү Өзгөн, Куршаб райондору жана Алай районунун түндүк жагындагы элдер менен да байланышып кетет.

Кыж... кыж... Эл көп! Ар бир чайхана, ашкананын алдында бош орун жок; бири туруп кетсе, экинчиси келип, анын ордун баса калат. Күндүн нуру тоо башына жаңы гана чачырап, тоо башын алтын менен жапкандай кылып, экинчи бир көрк менен көрсөтүүдө...

Эртең мененки салкын жел, таза аба кандай? Көңүлдүн кирин кетирип, көйнөктүн кирин жуучудай, алда кандай бир кубанычка салып, көптөн сактаган сырыңды эриксиз айттырчудай, жүрөк каны соккон сайын тула бойду кытыгылайт.

– Элөөрүп эки жакты карануу менен чайды да жарытып ичпедиңиз же кездеше турган аянычтуу адамыңыз бар беле? – деп жанымда отурган келин жылмайып терс карай берди.

– Жок, – дедим. Бирок жок деген жалгыз ооз сөзүмө канааттанбадыбы же ишенбедиби, ажардуу жүзү, оттуу көзү менен мени бир карап, башын чайкап күлдү да:

– Ырас, убактысы жок болсо, жүрөк сырын жашыруу ар кимдин башында бар го, – деп колундагы чыныны оозуна карай көтөргөндө, жупжука эриндери ачылып, аппак тиштери чыныга тийди.

Келиндин мүчөсү келишкен, алыстан караганга аркар сыны бар, аркасындагы кундуздай жалтылдаган эки өрүм кара чачы көлөкөдө өскөн кайыңдын шагындай самсаалап толорсугунан өтүп турат. Акча кызыл нурдуу бетине кырдач мурун, кыйгач кашты эп кыйып, каухар ташка кал салып орноткондой болгон кош кара көзү, ажар көркүн арттырып, алда кимди эриксиз өзүнө тартат...

Ак жибек көйнөк, кызыл дукаба бешмант, кызыл жибек жоолук, бутундагы кара туфли, саргылт жибек байпак, омуроодогу кызыл шуру, ак седеп, тумарчалап жасалган күмүш илгек, колундагы кош билерик, алтын шакек, аркасындагы күмүш чач учтук сулуунун көркүн чыгарып, көрүнүшүн миң кубултат. Башкача кылып айтканда, күндүн нуру тоо башына жаңы чачыраган мезгилде, бетиндеги күмүш бубагын жаркылдатып, атыр жытын аңкытып, чыккан күнгө таазим кылгандай ийилип турган розанын кызыл гүлү кандай болсо, бул келин дал ошондой.

Ачык-айрымдыгы түштүктүн аялдарына окшобосо да, кыйылган эки каштын арасындагы билинер-билинбес болуп салынган кал бул келиндин түштүк аялдарынан экендигине күбө болуп турат.

– Сиз кайсы райондон болосуз?

– Сиз бара жаткан райондон.

– Атыңыз, фамилияңыз ким?

– Атты айткан менен эмне чыгат? «Миң кишинин атын билгенче бир кишинин сырын бил» деген эмеспи. Сырымды билсеңиз атымды да билерсиз, – деп ичилип жаткан чайдын кезегин мага сунду.

Ырас, кызыл гүлгө кимдин көзүнүн жоосу түшпөсүн! Чайханада олтургандардын көбүнүн көзү кызыл гүлдөй кубулжуган келинде эле. Анткени бул келин четте олтурган алар эмес, чай ичип бирге олтурган мага да табышмак болучу.

Көп кечикпедик. Күндүн нуру жер бетине тегиз чачыраган учурда автомобилге олтурдук. Чиркин автомобиль кандай! Айдаган шофёру келишсе, ийиктей таш имерилет ко! Руль шофёрдун колунда, автомобиль жолунда... кээде ойго, кээде кырга чыгып, бир эсе ойкуп-кайкып зырылдап, Өзгөн шаарынын түндүк тарабынагы НКВД атындагы колхозго карай салды. Оң тарабыбызда чыгыш-түштүктөн батыш-түндүккө карай арылдап агып жаткан Кара-Дарыя, мурунку мен көрүп жүргөндөй эмес, ак алтындын талаасына кара алтынды ташыгансып, аңтарылып ала салып шарылдоо менен тоонун топурагын ылдый карай сүргөндөй кара кочкул болуп кирген экен.

– Бул тарапка келбегениме беш жыл болду дедиңизби? – деди келин.

– Ооба, беш жыл болду!

– Ырас... Анда мени тааныбагандыгыңыз чын экен, – деп келин жылмайды да, астыңкы тиши менен үстүңкү ээрдин тиштей сыдырып, – көп жаңылык, көп жетишкендиктер болду. Ошону менен катар, көп кыйынчылыктарды да баштан өткөрдүк, – деди. Өңү жаш болсо да менден көрө көптү көргөн кишисинди.

Жолоочу жолунда болсо, курсагы ток болсо, пикирлешип ойноп-күлүп олтуруу өзүнчө бир сонун рахат ко! Тек мен ал рахатты ойлоп, жол кыскартуу үчүн аңгемелешким келбесе да, бул келиндин табышмактап айтпай койгон атын жана сырын билүүнү мурунтадан ойлосом да, сөздүн кыйшыңы келбеген. Мына, «миң кишинин атын билгенче, бир кишинин сырын бил» деген эмеспи, «сырымды билсеңиз атымды да билерсиз» деген сөзүнө «көп кыйынчылыктарды да баштан өткөрдүк» деген сөзү алдымдагы чоң сууга темир көпүрө сала койгондой болду.

– Жашыңыз жаш көрүнсө да, сөзүңүз көптү көргөн кишиникиндей. «Сөз сурамак ызаат, ат сурамак сүннөт», – деп илгерилер айтуучу эле. Биз илгерки кишилерден болбосок да, күн санап өсүп бара жаткан өлкөнүн жаштарыбыз. Демек, таанышпасак да, сиз менен пикир алышып, тажрыйбаны талкуулашып, башта өткөн кыйынчылыктарды айтышууну, мен өзүм алтындан кымбат, каухардан асыл көрөмүн, – деп мурунтан суроого камынып келе жаткан суроолорумду алдына тарттым.

– Ырас... ырас. Албетте, мен өзүмдүн башыман өткөргөн кыйынчылыктарды айтайын. Бирок менин башыман өткөн кыйынчылыктар айтууга жеңил, угууга оор. Ошондой болсо да айтайын. Тап күрөшүнөн чыккан окуяларды көп эле уккандырсыз, ошондой болсо да азыркы менин айта турганымды уксаңыз ашыктык кылбас, – деди.

– Жок... жок... Мүмкүн аздык кылар, – деп шашып да кеттим.

Менин шашканымды билди да, келин сүйкүмдүү жүз менен алкымын айдай жарк эттирип жылмая:

– Жарайт. Бирок сизге жакын олтурбасам машинанын табышы сөзүмдү угузбас, – деп мага карай ыктады.

Менин адатым бирөө айтып берген сөздү ката кетирбей тыңшоо болгондуктан, оң колумду аркасынан өткөрүп, кынала калдым.

Түйүндүү сыр

– Менин жашым ушул 1935-жылдын күзүндө жыйырма бирге жаңы толот. Бирок жашым жаш болсо да, өз башымдан далай кыйынчылыктарды өткөрдүм. Себеби мындай: 1929-жылдын күзү. Алай–Гүлчөнүн түндүк чыгыш тарабында Ажыке деген чоң жайлоо бар; азыркы күндө Алай районунун түндүк жана чыгыш тарабындагы колхозчулар малдарын жайлатып жүрүшөт. Мына ошол жайлоого чыккан биздин эл көчүп келип, кыштоодон алыскы ачыктарга коно башташты. Менин ата-энемин оокаты жармач болгондуктан, жайлоого чыгууну мурунтан эле билген эмес экен. Жай жайлоосу, кыш кыштоосу – бир жаман тамы болор эле. Атам мурунку убакта өз башына ээ болгон эмес. Жайы-кышы чааракерлик менен өмүрүн өткөрүп келген бир киши болучу.

1928-жылдан кийин гана чааракерликтен кутулуп, жер алып, өзүнчө тиричилик кылууга киришти. Бирок атам алдыртан барып, кадимки Кулу калпа жана ошол сыяктуу мурунку чааракер жүргөндөрүнүн кызматын кылыша коёт. Анда мен бой тартып, он төрттөн он бешке чыгып калган кезегим. Атамын малы жана кадыры жок болсо да, кадырлап салам айтуучулар көбөйө баштады. Алгыр тайганы, кыраан кушу, күлүк аты, бойго жеткен кызы бар жерге жуучу жибере берүүчү элдин адаты бар эле го? Дал ошол жуучулар ойдон да келет, кырдан да келет. Мурду менен тынып, буту менен баскан аялдардын бардыгы мени көрүүгө, сыноого келишет, бирок натыйжа аз. «Мен ак жүрөк кедеймин, ак жүрөк кедей кызын сатпайт, кызым чоңойгондо каалаганы менен кетет», – деп атам келген жуучулардын демин суутуп коёт. «Миң кылган менен Айнаштын пиримин; Айнашты келиндикке мага кыйгыла», – деп бир тууган таякем дагы келди. Агасынын сөзүнө энем көңүлдөнсө да, атам тарабынан жогорку жоопту угуп, таякем жолуна түшкөн.

Атам аркы-беркини терең ойлоп текшере албаган, коркок мүнөздүү, оомараак киши. Бирок атамдын бир мүнөзү – оюна келип бир айткан сөзүнөн кайта жануу кыйын эле. Ошонун натыйжасында мени эч кимге кудалабай жыйырма тогузунчу жылдын күзүнө жетти. Жайлоодон жаңы көчүп келип, ар кайсы жерге коно баштаган айыл көбөйдү.

Биздин аталаш туугандарыбыз жок болгондуктан, жакынсынган тууганыбыз Кулу калпа. Кулу калпанын тууганы биз эмес, Теңизбай, Тасма, кала берсе Ача жорудан таркаган уруулардын көбү кадырлап сыйлашат.

– Айнаш! Калпалардыкы көчүп келип конуп жатат. Жүр, барып үйлөрүн тигишип, курут жеп келели, – деп энем камына баштады.

Бала эмес, чоңго да колунда жоктун бардыгы сонун го? Чындыгында «курут» деген сөз мени кубандырды. Арыдан-бери жаман маасымы кийип, эски сарала чапанымды жонума иле, жоолугумду салына энем менен бирге, бактын арасындагы жол менен Калпанын айылына карай жөнөп калдык.

– Ой, кайда барасың? Үйгө мейман келип калды, – деген атамын табышы чыкты. Энем өкүнгөндөй Калпанын айылын бир карады да, кайра басты.

Мен келген кишиден жазганып, тыттын түбүнө тура калдым. Жаман жоолугумду бүркөнүп далдалансам да келген киши көзүн менден албады. Бирок бул келген киши мурунтан мага тааныш болсо да, мен үчүн бир ырайымсыз каргашадай сезилди. Мурунку курут үчүн ысыган боюм суу сепкендей муздады.

Жашы жетимиштерден ашып калган, чарчы бойлуу, сары чийкил, ак сакал адам. Упузун уюлушкан ак кашы жыртайган эки көзүн жаап калчудай болуп турат. Башында селде, үстүндө түлкүнүн бучкагынан курап, көк ноотудан тыштап жасаган ичик, ичинде пахтасын жукараак салдырып жасаткан кара трайке бешмант, кештелеген ак жоолугу менен бүйрө курчанган, чоң кара кер аттан түшүп, курак төшөк салынган чарпаяга отура кетти.

Биздин элдин шарты боюнча бойго жеткен кыздын айылдап басып жүрүшү чоң эрөөн го? Кыймылдасаң эле кырк түрдүү ушак чыгарат. Кечээ күнкү эрөө-төрөөсүз бара берүүчү Кулу калпанын айылына бүгүн барууга түрдүү себептер мүмкүндүк бербегендиктен, эриксиз үйгө кирүүгө туура келди. Энем чай кайнатып, тамак жасоого киришти. Атам ары жагындагы коондордон алып келип кесе баштады.

– Бали, азаматым, коонуң коон экен! Сенин колуң тийген коонго шекер төгүлүп кетеби же кудайдын берген насибиби? – деп атамды көтөрө чалып мактоо менен кесилген коондорду Кулу калпа жумшактай сугунууда.

– Э, Куке! Аман болсок, бул гана коон эмес, мындан сонунун дагы берип турам, – деп атам дагы көтөрүлүп, короздоно баштады.

Анткени атамдын экинчи кыялы ошондой эле. Ким озунуп мактап койсо, ал кишинин сөзү бузук болсо «түзүк» деп, ошол кишинин сөзүн аябай талашар эле.

Эптеп жасалган палоо бышып табакка салынды. Энемдин айтуусу боюнча көк чайды ачуу кылып демдедим. Палоо желип, чай ичилүү менен бирге, арадан бир канча сөздөр айтылып өттү. 1927–28-жылдардагы жер төңкөрүшүндө жер, суу, малынан ажырагандыгын, анда кай бир кишилердин жардамы аракасында мал-мүлкүнүн бир катарын жашырып калгандыгын, Совет өкмөтү тап душмандарга ырайым кылбай тургандыгын, жылдан жылга эмгекчилердин таасири күчөп бара жаткандыгын жана дагы... дагы... ушул сыяктуу өз башынан өткөргөн жана боло турган иштин биринен сала бирин тизмектетип, Кулу калпа санап өттү. Бирок Кулу калпадан менин күткөнүм ал эмес. Анткени атамды кадырлап, Кулу калпанын үчүнчү ирет келиши. Биринчи келгенде атам: «Мен десеңиз бул ишке киришпеңиз, калпам» – деп кайтарган. Экинчи келгенде: «Бала-чакага кеңешип ойлоноюн» – деп узаткан. Бирок андан кийин мына мындай иш болуп калды деп мен гана эмес, энеме да атам акыл салган эмес. Кулу калпанын эмне деп айтары мен үчүн жарык болсо да, атам эмне деп жооп берери мен үчүн караңгы.

– Кана, бата кылалы! Уруксат кылсаңар мен аттанайын, – деп колун жая: «Кудай мал берсин, баш берсин, узун өмүр жаш берсин, жалынмак бизден, жалгамак сизден, желени узарт, жергени көбөйт: ашуусу бийик тоодон сакта, агыны катуу суудан сакта; Кудай силерди кем кылбай абийир берсин!» – деп Кулу калпа батасын берди.

– Айтканыңыз келсин! – дешип атам менен энем Кулу калпанын батасына өтө кыйын сүйүнүп калышты. Айрыкча, атам дүнүйөсү түгөл, төрт түлүгү шай болгондой, кубанганынан чекеси да тердеп кетти.

Биздин кыргыз арасында бата алуу маселеси өтө кыйын эле го? Колунан келгени коюн союп, колунан келбегени колунда бар тамагын берип, айылдын ак сакалын же кадырлуу адамдарын чакырып бата алуу иши өтө кыйын барктуу жана кымбат эле. «Баланча киши түкүнчөлөрдү чакырып бата алыптыр» десе, «эми ага Кудай берет. Бечаранын иши оңолуптур» дешип эл чуулдап, күн мурун ой жоруу менен бата алган кишини магдыратып сала турган мурунку адатты билесиз го? Бирок бир канча чыгым менен чакырып батасын ала турган Кулу калпа, өзүнөн өзү келип, «шыйкырдуу» батасын бериши ата, энем үчүн өтө кымбат иш болду.

– Мен аттансам болот эле, – деп Кулу калпа алда кимге сөз акырын сала-сал кылды.

– Аткаралы, – деди да эмнедендир калдастагандай, атамдын эки бети тамылжып, таноолору кыпчылып, энеме астыртан бир карады да, шылкыя жерди тиктеди.

Мен болсом тамдын ички босогосуна жөлөнүп сөздөрүн тыңшоодомун. Деним таза, кулагым сак, бирок көзүмө эч нерсе көрүнбөгөндөй сезилет... Жүрөгүм дүпүлдөйт... Кээде кош сокбилектеп урган сокунун табышындай түкүлдөйт. Жүрөгүмдүн урганы элге угулуп калчудай анда-санда кийин болуп да коём.

– Кана, атты бери тартпайсыңбы, Жоке! – деп көптү көргөн Калпа күлүмсүрөп комдонуп койду.

– Ооба, – деди да ички сырын кимдендир жашырып отурган кишиче атам энемди алдыртан дагы бир карады да, Кулу калпага карап жылмайды.

Бирок атамдын бул жолку көз карашы менен жылмайышында кандай да болсо бир күнөөлүү ишти иштегендиги сезилип турат. «Кудай сүйгөн – куда, пайгамбар сүйгөн дос болот» деген. Алар да жаман адамдар эмес, илгертен журт атасы болуп келгендердин тукуму, мен десеңер шерменде кылбагыла. Мындан ары дагы жашап, силердин алдыңарга кадыр салып келерди Кудай билет. Ары тууган, ары ата-баладай болуп калдык эле. Ошондуктан мени тигилердин алдында абийир алгыдай кылгыла! Бая бир канча аксакалдар эмне деди, Жоке? Мына ошолордун сөзүнөн чыкпа, Жоке? Мырзайым балам, сен да ойлонгун! Ырас, өкмөттүн заң-законун эске албасак, иш бүтөбү? «Элиң бөрү болсо бөрү бол, түлкү болсо түлкү бол» деген эмеспи. Эбин таап, эки жолду тең кармабасак, жалгыз эле өкмөттүн жолу деп карышып калган менен ата-бабанын жорук-жосуну бузулбайбы? Ошондуктан эки жолду тең кармоо керек. Анткени азыркы заман мурункудай эмес, кылт этсең кырданбы, ойдонбу согот. Бирок ырысыбыз бар, Жоке! Сен ак жүрөк, кедей... Кедейге өкмөт жана өкмөт адамдары ишенет эмеспи?.. Демек, кеңешип иш кылсак, корко турган эч иш жок, – деп Кулу калпа дагы бир милдетин аткарып салгандай болду.

– Аныңыз ырас, Куке, – деп моюнундагы жүгү жеңилдей түшкөндөй, ичиндеги ысык демин катуу чыгаруу менен энеме карап жылмая: – Кукеме эмне жооп беребиз? – деди атам.

– Менде эмне кеп? – деп энем бир түрдүү аяныч көз караш менен мен жакка карады.

– Акыл берет десе, акмактын айтканын кара, – деп атам энемди алдыртан бир жекирип алды. Бирок энем унчукпады, унчугууга мүмкүн да эмес эле. Анткени мындай чоң иштерде эринен мурун бийлик кылып айта салуу аялдар үчүн мурун кыйын эле го?

Экинчиден, атамдын сырын энем билет. Эгерде энемдин айтканы атамдын оюндагыдай болбой калса, ошол эле жерде энемдин жонуна камчы ойноп кетүү да алыс эмес эле. Ошондуктан, атамдын өзүнө сала-сал кылып кутулуу энем үчүн чоң олжо болучу.

– Ырас, ырас... Мырзайым балам сенин ыгыңан чыгабы, Жоке? Мырзайым эмес, мен деле сенин ыгыңан чыгамбы? – деп Кулу калпа атамды дагы көтөрө чалып салды.

– Ошондой болсо да катын болгондон кийин киши акылдашкысы келет турбайбы, – деп күлгөндө атамдын оозу ыржайып, ээгиндеги суюк сакалы эрбеңдеп, арпанын кылканы сыяктанган суюк муруту тикеленип, бир нерсеге макул дегендей башы кошо секеңдеди.

– Анысы да бар, – деп карылыктын кайгысына баткандай катталып бырышкан бетин ого бетер бырыштырып, жаш чактагы курчунан ажыраган жыртак көзүн жума, Кулу калпа дагы каткырды. Энемдин мүнөзү мурункудан эч кандай өзгөрбөдү, кандайдыр терең кыялда.

– Башка жаңыртып айта турган кеп жок. Айтыла турган жооптун жайын өзүңүз байкадыңыз го, Куке? – деди атам.

– Ылайым кем болбогула! – деп алкай-алкай Кулу калпа аттанууга камынды. Бирок бул сөздөрдөн мен эч нерсени ачып түшүнө албай калдым.

Желдин болуп камгакты кайсы тарапка айдагандыгы түпсүз дениздей чечүүсүз табышмак болду да калды...

Биринчи түн

Кулу калпа небак аттанып кеткен. Энем кимдикинедир бир ишке кеткен. Атам коондорун аралап, бышканын үзүп, үйдүн жанына жыюу менен алек. Башыма жаздык коюп жатканыма төрт саат чамалары болду. Бирок ыйлоодон асты тыйыла албадым. Көздөн аккан жаш берметтей болуп томолонуп, жаздыка түшүп жок болууда...

Колго кирген тикенекти алууга ийне керек болсо, жүрөктүн башына кадалган тикенекти алууга эмне керек? Жан-жаныбарлардан уялгандай, зарланган үндөн зааркангандай акыркы нурун чача күн дагы өзүнүн уясына жашынган. Атам менен энем чарпаяга отуруп чай ичүү менен короосунан орун, өрүшүнөн жайыт алуучу малдарын эсептеп, көз алдыларына келтирүүдө эле.

– Айнаш, келип чай ич, – деди энем.

– Кел балам, чайың муздап калды, – деп атам да мага жаны ачыган кишисинди.

«Балам» деген атамдын сөзүнө эреркедимби же мендеги кайгынын оордугубу, эчкирип ыйлап жибердим. Бирок бул ыйлашым менин башымдагы кайгыны жеңилдетүүнүн ордуна кайра күчөттү. Атамдын ачуусу келди. Акырында атам катуу сөздөрүн айтуудан да тартынбады. Амал жок... Көздүн жашын сүртүмүш болуп, чай ичүүгө туура келди.

– Кедей тобунун жыйналышына барбайсызбы? – деди жаңы келген Эргеш аке.

– Мына, азыр барайын деп атам. Олтуруп чай ичкиле, – деп атам жанынан орун бошотту.

– Кечигип калдык көрүнөт, – деди узун бойлуу, ак жүздүү кара каш, кырдач мурун, эти толук жигит, кумгандагы сууга колун жууп, кештелүү көк ала шайы жоолугуна колун сүртүп, чай ичүүгө камынды. Бул жигит биздин айылдагы комсомол ячейкасынын катчысы Арзымат эле.

Аны менен бирге келген багжайган кара муруттуу, терең кабактуу, нооча бойлуу, москоол денелүү кара киши – партия ячейкасынын катчысы Эргеш. Ал атамын оң жагынан орун алып, сол колу менен көгөртө кырдырган ээгин кармап, алдыңкы эрдин тиштеп коюп, оң мурутун тили менен оозуна тартып, терең ойлуу көз караш менен мени байкап, анан алдыртан ата-энеме карашы менин эмне болгондугумду билүүгө кызыккандыгын көрсөткөнсүп турду.

«Эргеш ак деген киши ак, кара деген киши кара, ал ячейке баарын билет, кедей-кембагалга тартат, кара кылды как жаргандай, калыс сүйлөйт» – деп атам көп айтуучу. Чынында атам Эргешти сыйлоочу жана ячейка деп чочулачу. Бирок андан да атам Арзыматтан көп коркчу. Калп айткан менен болобу, ал убакта биздин айылда жети гана коммунист бар. Эргеш гана чала-моңол кат тааныйт, а башкасы сабатсыз. Анын үстүнө алардан кай бир эскичилик жоюла элек. А комсомолдордун көпчүлүгү кат тааныйт жана курч убактары. «Ушул Арзымат жакшы бала, бирок кишини кадырлоону, Калпа сыяктууларды сыйлоону жек көрөт, опурталдуу бала, кезитке чаптай салат» – деп атам көп айтчу жана Арзыматтан коркчу. Ошондуктан, атам менен энем эпилдеп аларга үйрүлүп өнтөлөшүүдө.

Энем куйган чайды атам Эргеш акеме берди да:

– Жыйналышта кандай кептер болот? – деп эмнедендир чочугандай, чөк түшкөн калыбы менен Эргеш акеме тигилди.

– Эмне жөнүндө кеп болору түшүнүктүү эмеспи? Өткөн жыйналышта айтылган эле го? – деп Арзымат озунгандай жооп бере салды.

– А-а-а... ал такыр көңүлдөн чыгып кеткен тура, – деп атам айыптуу кишиче желкесин кашый кетти.

– Ал ишти эсиңен чыгарышың жакшы эмес, Жоке. Өткөн жыйналышта кимди колхозго алуу, кимди албоо жөнүндө сүйлөшпөдүк беле? Фрунзеден келген ополдомочун менен партиянын райондук секретары: «колхозго бай, манаптардан кирбесин, алардын эч кимисин жашырбай айткыла» дебеди беле? Аны унутуп койгон экенсиң да? – деп Эргеш акем күлүп койду да. – Демек, ойлонбогонуң түшүнүктүү болду. Кулу калпаны деле колхозго алалы деп баягы күнкү сөзүңү кайра баштайт экенсиң да?

– Такыр түшүнбөйм. Кулу калпанын жерин гана эмес, малы-мүлкүн да өткөн жылы такыр алганбыз. Эми ал кедейден да жаман болуп калбадыбы? – деп атам андан аркы сөзүн угузбай күңгүрөнүп калды.

– Эй-й, Жоке, Жоке! «Каргайын десем жалгызсың, каргабайын десем жан койбогон байкушсуң», – деп эртегиде айтылгандайсың да... Балачаканын көзүнчө айтышпайын. Чабан достугуңузду кеңсаларга барганда көрөрбүз!? – деп Эргеш акем акырын гана күлүп койду. Бирок анын күлкүсү атама ачуусу келгендей какшыктуу күлкү эле.

Ошол убакта колхоз уюштуруу маселеси кызуу жүрүп жаткан. Ал жөнүндө Кулу калпа бир нече жолу атама келип, атамы бизден бөлүп, обочо сүйлөшүп жүргөнүн жакшы билем. «Сен баланчадайсың, түлөнчөдөйсүң дебестен, колхозго чогуу эле кирүү керек» – деп атам энеме сүйлөп калганын анда-санда угуп да калчумун: «Илгертен кодулашпаган айыл элек, эми деле кодулашып болбойт, аларды кубалаганда эмне пайда табат элек?» – деп атам баштаган кай бир кишилер айтышканын дагы угуп калар элем.

– Айнагүл, сен эмне капа болуп олтурасың? – деди Арзымат. Чындыгында Арзыматтын бул сөзү менин эмне болуп калгандыгымды билүү үчүн сөзгө катыштырууга аракет кылган амалы эле. Бирок мен жооп бере албадым. Жооп гана эмес, жүзүмдү көрсөтүп, алардын жүзүнө карай албадым жана кароого да бетим чыдабады. Толкундандым, сырымды айтууга атам, энемден айбыктым.

Атам, Эргеш, Арзымат – үчөө кеткен. Бирок алардын кандай туруп, качан кеткендигин билбей калыптырмын.

– Ыйлаба балам, эмнеге ыйлайсың? Жалгыз сен эмес, жалпы кыздын бардыгы ушул. Эл айтат, ата, эне көнөт; андан көрө Кудай ынтымак-ырашкер берип, ак жоолугуң башыңан түшпөй, этегиңен жалгаса болгону, – деп энем маган акыл айтып сооротууга киришти. Бирок энемдин бул сөздөрү мен үчүн ыраңы суук кара чаар жыландай учурады.

– Садагаң, эне! Атам экөөң ушунчалык ырайымсыз белеңер? Алдейлеп өстүрүп, аягында жалгыз кызыңарды душман деп билдиңерби? Атам экөөңдүн маңдайыңда турганымда, мен өзүмдү кызыл гүл деп билчү элем. Же гүлдү соолусун дедиңерби? Толуп жаткан элден ошого таңганыңар – болот кездикти сызга таштагандык болбойбу? – деп айтайын деген оюмдун акырына чыга албай ыйлап жибердим. Энем бир канча убакыт көзүнүн жашын төгүп туруп:

– Ырас, садагаң! Бирок атаң экөөбүздө кеп жок, иштин түбү Мамат корбашыдан, – деп энем дагы ыйлады.

Элдин бардыгы жаткан. Атам менен энем тыштагы чарпаянын үстүнө жатты. Мен үйгө жаттым. Бирок уйку жок. Көз алдымда Нурмат, эсимде Арзымат. Нурмат менин көз алдыма нечен түрдүү болуп көрүнүүдө, кээде алда кайдан элестөөдө. Бир эсе таш сыяктуу кучагымда. Бир эсе ыраңы суук кара чаар жылан сыяктуу ысык моюнума мупмуздак болуп оролуп, демимди кыстыктыргандай болот. Бир эсе ок жеген аюудай ачуу үнүн чыгарып, алда кайдан мага карап бакырат. Кээде уйпаланган кара сакалын кирпинин жүнүндөй кылып шилисин жыйырып, ээгин илгери сунуп, көзүн чанагынан чыгарып, кара чаар өңүн сурдантып, таноолорун кыпчылтып, тишин тишине басып кычыратып, шумдуктуу көрүнүш, заар дуу мүнөз менен аркаман кучактап күлөт. Төшөктөн башымды көтөрүп, бир аз олтурдум. Бирок кургак кыял, аргасыз армандын кучагынан бошоно албадым. Айла издедим... Эч ыгы жок...

Кичинекей жаман терезеден түшүп турган ай шооласы менен алыс барып, кичинекей кол сандыктын бетин жаркыратып турат. Үйдүн ичинин башка тарабы караңгы, бардык нерсе караңгынын тынчтык кучагында. Тынч ала албаган жалгыз гана мен...

Чапанымды желбегей жамынып, тышка чыктым. Тышка чыккандагы максатым: бир минута болсо да, райымсыз кыял дарыясы менен башыма түшкөн кыйынчылыктан кутулуу эле. Кайгырып камыкпа, бактылуу турмуштан үмүтүңдү үзбө; бүгүн ыйлаган үмүт, эртең күлө чыгар дегендей, асмандагы ай жымыңдап нурун чачып, уясына карай ык салууда. Алда кандай сырды жомоктоп баян кылгандай бактын башын ыргалтып, чөптүн башын сыдырып, бирден бирге соктуккан жарык айлуу, сары күздүн сыдырым соккон жели. Мен чыкканда эшиктин кычыраган табышы менен энем ойгонуп кетип:

– Эмне кылып жүрөсүң, балам? Же корктуңбу? – деди.

– Жок, тышка чыктым эле, – дедим.

Кайра үйгө кирдим, төшөккө жаттым. Дагы баягы Арзымат менен Нурматтын элеси. Нурмат менен Арзыматка карай кандуу кылычын сунгандай каргаша болгон үчүнчү элес, кадимки Мамат корбашыныкы. Нурмат менен Арзыматтын элесин алдыма тартып, жаш жанымды жалынга салып, балдыркандай билекти майыштырып жаш жүрөктүн башын эзип, кара көздөн кандуу жашты агызган Мамат корбашынын алыстан айттырган суук сөзү.

Жаркылдаган кыялым камоодо... жарык мүнөзүм караңгы... Жапаасыз жаш жан жалындуу чокто... Эс энөө, ой дарыя, тек кайык минип калтылдагансыймын. Аргасыз кыял дарыясына чумуп ыйлоо менен таңды араң атырдым дегенде автомобиль Кемпир-Абадга келип токтоду; арийне, автомобиль менен бирге келиндин сөзү да токтоду. Шоферлор машинага май куюп, суу куюп, анан чайканадан чай ичип жөнөгөнчө, бир канча убакыттын болору алар тарабынан маалымдалды. Мен түшө калып, бир кило жүзүм алып чыктым.

– Кана, анан эмне болду? – деп окуянын аягын угууга тырыштым. Анткенимдин себеби, келиндин жогорку сөзүнөн көп нерсени түшүнө албай калдым. Арзымат менен Нурматтын ким экендигин, артыкча «корбашы» деген аттар уламдан-улам менин жүрөгүмдү кытыгылоодо эле.

Арзыматтын биринчи каты

Эртең мененки чайды ичип, атам жумушуна кетти. Энем өрүктөн жасалган кагын күнгө жайып жатып:

– Э, Айнаш, менин көйнөгүмдүн калганын тигип бүтүрчү. Калпаныкына кийип баргыдай болоюн, – деди.

– Башым ооруп, бүткөн боюм салмактанып, жаным жер тартып турат, – дедим.

– Эмесе, тынч жатып тердечи. Кудай сактасын, ысытма чыгар, – деп энем короонун ичиндеги алманын түбүнө төшөк салып берди. Бирок кайгынын күүсүн тартып камыккандыгым болбосо, тынч алып уктаганым жок. Бир канча убакыт өттү. Энем Калпанын айылына кетээри менен Лайлыкан келди. Лайлыкандын жашы мени менен тең эле. Өткөн жылы сабатсыздар мектебинде окуганбыз. Бирок окумагыбыздан артыгыбызды чыгарып, айылдагылар ушак кылып жүрүшкөн. Ошондой болсо да, атам менен энемдин каршы болбогондугунан жана Эргеш менен Арзыматтын акылы боюнча төрт ай чамалуу окуп кат таанып калганбыз. Биздин кат тааныганыбызга атам кубанып да жүргөн. Анткени атам менен Эргеш, Арзыматтарды райондон келген кызматчылар жакшы көрүшүп, мактап жүрүшкөн. Чындыгында алардын мактоо алууга да акылары бар эле. Себеби ал учурда Өзгөн районундагы эл бой тарткан кыздарын эмес, эркек балдарын да мектепке бербей жүргөн учуру.

«Атасы төртүнчү... Атасы ак жүрөк кедей, большевиктин айтканын кылат... Атасы ал болгондон кийин кызы да ошол болот да» дешип, кай бир аялдар, айрыкча Кулу калпанын бала-чакасы какшыктап, шылдыңдуу көз менен карашар эле.

Көзү карагаттай болуп Лайлыкан кара торунун эң сулуусу, өңүнө жараша акыл-эси келишкен, кишичилиги артык кыз: «Сардалым, Кой көзүм, Даткайым» – деп айылдагы боз уландар ырга кошуп жүрүшчү. Лайлыкан менден сырын жашырбайт. Мен да Лайлыкандан сырымды жашырбайм. Жалгыз гана Арзымат жөнүндө болгон сырымды Лайлыканга айтпайм. Себеби бир тууган агасы жөнүндөгү болгон сырды айтууга бетим чыдачу эмес.

– Мына бул катты окучу, райондон келген имиш. «Ачпай бер» деген акемин сөзүн кыйбадым. Болбосо, сенден мурун ачып окумак элем, – деп кызыл конвертке салынган катты мага бере Лайлыкан моюнума асылып олтура кетти.

«Райондон имиш» деген сөз менин жүрөгүмө октой тийди. Себеби алдыртан кызын саткан кишилер, райондук милиция же сот тарабынан чакырылып, тергөөгө алынып, кай бирине сот өкүм кылгандарын жакшы билем. Ошондуктан, биздин окуя билинип калып, райондук мекемелер тарабынан чакырткан кагазбы деген кооп менде болбой койгон жок.

Конвертти акырын ачтым. Кызыл сыя менен жолдуу ак кагазга жазылып алты бүктөлгөн. Бүктөөсүн жаздым да каттын эмне деп жазылгандыгын окуудан мурун каттын баш-аягына басылган печаттын баржоктугун карадым да, кайра бүктөп катканча шашып, өзүм да кызарып, Лайлыкандан уялып кеткен экенмин.

– Кана, эмне деп жазылган экен? Ката салбай окусаң? – деп Лайлыкан колумдагы катты талашууга айланды.

Бирок каратып туруп катты Лайлыканга окутпай катып алуу мүмкүн эмес эле. Себеби Лайлыкан, биринчиден, теңтуш болсо, экинчиден, өз башыма түшкөн окуяны айтып, Лайлыкандан жардам суроо менин милдетим сыяктанды. Ошондуктан, уятымды коюп, агасынын жазган катын Лайлыканга окуп бердим. Мына, ошондогу Лайлыканга мен окуп берген Арзыматтын каты, – деп чөнтөгүнөн кызыл жибек жоолукка оролгон бир топ кагаздын ичинен бүктөөлөрү жыртылып, эскирип калган бир катты алып «окуңузчу» деп келин мага сунду. «Жаным Айнагүл! Менин катым эмес, кара жаның менен алек чыгарсың. Ошондой болсо дагы акылыңды токтотуп, акырына чыга оку. Түн күнгө, күн аптага, апта айга, ай жылга айланды, мендеги тилектин баары жалгыз сага байланды. Сен да ошондой чыгарсың? Буган күбө «сен мендик, мен сендик» деген убадаң. Убадаң убада, чын экенин билемин! Бирок жаным... Кандуу кыя, кардыккан үн көз алдымда элестейт. Биз өтчү кыя касаба, күрткү, кемерибиз жар, кечүүбүз күбүр... Анын себебин аныктап уктум. Бул маселе үчүн ата, энең айыптуу эмес экендигине көзүм жетти. Андай болсо, бул ишке ким айыптуу дээрсиң. Айыптуулар: күн санап социализмге карай өсүп бара жаткан биздин өлкөгө карай күрөш ачып, кылмышсыздын башын кесип жүргөн басмачы Мамат корбашы: «Жолдош менин Нурматыма кызын берсин, бербесе таарынбасын» – деп коркуткан айдыңдуу сөзү.

1918-жылдан бери Маматтын жан-жөкөрү, жакшы көргөн досу болуп, алсызды арбап, кузгун менен кумардаш, бөрү менен ортоктош болуп, канды көөкөргө куюп арак ордуна ичип келген карт зулум Нурмат, эки жаштын жалындуу тилегине каршы чыгып, жүрөгүнө кандуу тишин салмакчы болгондугу. «Мен Совет өкмөтүнүн ак ниеттүү адамымын» – деп оозу менен элди алдап, иш жүзүндө Мамат сыяктуу оозу кандуу бөрүнүн көөлүчүсү болгон Мааты, Адыл сыяктуу тарп аңдыган кузгундардын кылыгы. Алардын максаты, эки тизгинди тең кармап, алдыртан жойлоо менен эмгекчилердин канын соруп, илгерки дооранын сүрүү.

Алчы-таасы түгөнгөн өмүрүнүн акыркы доорун сүрүү үчүн эт менен челдин ортосунан жай издеген Кулу калпа сыяктуу карт түлкүнүн кайгоолдоткон амалы. Кулу калпанын максаты оң колу менен алыстан Маматты, жанынан Нурматты кармап, элдин үшүн алуу болсо, сол колу менен атаң сыяктуу кай бир билимсиз кедейди бетине кармап, эмгекчилердин көзүн будалоо. Кылымдар бою алдуулардан аш ордуна кан жуткан, суу ордуна кандуу жашка бетин жууган; таякты «май», молдону «пир» деп билген кай бир эмгекчилердин сезими керектүү даражага курчуп жетише электиги, кай бир эмгекчилер эскичиликтин кыянатчыл ооруларынан кутула албай келе жаткандыгы. Мисалы, атаң? Ким экенин тааныган сезимдүү болсо, алыстагы Маматтан коркуп, сени Нурматка туура тартабы? Дос менен душман ким экенин билсе, эмгиче Кулу калпага мурдунан жетелетеби? Жаным Айнаш! Акылга салып ойлонсоң, алды-артыңда эмненин бар-жоктугун байкаарсың. Түшүндүрөйүн деген оюмду чала-чарпы айттым. Бирок өзүң жөнүндө айта турганым башка. Акылга шерик эле десең, тосуп ук! Кош! Сүйгөнүң Арзымат».

– И, анан эмне болду, Айнагүл жеңе? – дедим.

– Мен бул катты окуп бердим, бирок Лайлыкан маган кайрат берип, акыл табышуунун ордуна кайра мага кошулуп алып ыйлады. Мен өзүмдүн оюмду жазып, Лайлыкандан Арзыматка берип жибердим.

Арзымат таарынган түн

Арадан бир канча күндөр өттү. Ал күндөр менин башыман жөн гана өтө койгон жок. Көздүн жашын көл кылып, көкүрөк кайгысын чер кылуу менен өттү. Менин колу-жолум байланды. Күн-түн дебей ата, энем кайтарууга алды. Көңүл чөгөт, көкүрөк жанат...

Арзымат экөөбүз бир канча ирет кезигүүгө убадалашсак да, тилекке жете албадык. Арзымат мурункудай келүүдөн такыр тыйылды. Арзыматтын келбөөнө себеп: биринчиден, элдин ушагы болсо, экинчиден, элдин ушагына ишенип алып, атамдын Арзымат менен урушкандыгы.

...Ай жарык. Элдин бардыгы оор уйкуга кирген. Биз чарпаяга жатканбыз. Менин төшөгүм энем жаккы четке жаңсай салынган. Анткени мен кайтаруудамын. Бир канча убакыт өттү. Бактын арасы менен бир жөө киши келип токтоду. Келген жөө киши акырын эңкейип биз жакты карады да, кайра бурулуп, арт жактарын карады.

Атам менен энемди карасам уктап жатат. Бирок мен алардын уктап жаткандыгына ишене албаймын. Кыймылдасам туюп, тура калсам буттан алчудай сезилет. Эчен ирет турууга баатырлык кылсам да, жүрөк чиркин баатырлык кыла албады. Оозумдун ичи кургап, жүрөгүм алып учууда. Жүрөгүмдүн урушу ата, энемди ойготуп коюучудай сезилет.

Колумду төшөктөн чыгарып, башымды акырын көтөрөйүн десем, тек менин табышым тоодон таш кулап келе жаткандай сезилет. Мен кыймылды лып токтотуп дагы ата, энемди караймын. Ушинтип бир канча убакыт, атам менен энемдин чыгарган демин тыңшоо менен болдум. Акыры төшөктөн эптеп суурулуп турдум. Көйнөкчөн, жылаңаяк, жылаң баш, ата-энемди улам жалтаңдап кароо менен сүйгөнүмө карай адымдадым.

Атам менен энем күндүз кечке картошка казып, жүгөрү чыгарып чарчагандыктарынанбы, тырп этпей уктоо менен болушту. Арзымат экөөбүз узак убакытка чейин сүйлөштүк. Бирок экөөбүздүн оюбуз эки башка чыгуу менен бир пикирге келише албадык. Акырында Арзымат мага таарынды. Мен Арзыматка таарындым.

– Чының менен качпайсыңбы? – деди Арзымат.

– Качар элем, бирок мүмкүндүк жок. Мен сени менен качып кетсем, мында калган ата, энемди Маматтар бир түнү келип өлтүрүп кетери сөзсүз.

– Демек, коркосуң?

– Коркомун. Эр издеп жүрүп, ата-энесин өлтүртүп алды дечү элдин ушагынан да корком.

– Андай болсо, сүйгөнүм жалган деп жашырбай айтууң керек. Жок, мен сени сүйөм! Сүйгөндө да жөнөкөй гана сүйбөйм, жүрөктүн назик тамырлары аркылуу сүйөм.

– Тек мунуң анчейин!

– Ишенбесең кантейин!

– Мүмкүн көңүлүң бузулган.

– Ишен! Жүрөккө тамга болуп «Арзымат» деген сенин атың урулган.

– Мейлиң, айткан тилимди албадың!

– Дагы ойлон, жаш жанды отко салбагын!

– Жанакыдан башка максатың жокпу?

– Максатым ошол: Нурматты өлтүр!

– Себеп?

– Ал экөөбүздүн душманыбыз.

– Жалгыз Нурматты өлтүргөндө душмандын бардыгы жоголо турган болсо, мен өлтүрөр элем. Бирок жалгыз Нурматты өлтүрүү менен эч иш бүтпөйт. «Бөрү жок десе бөрк алдынан, ууру жок десе жар алдынан чыгат» деген. Нурмат жалгыз гана эмес, алдыртан жылып жүргөн анын жолдоштору көп, мына ошолордун бардыгын жоготуу керек, – деп Арзымат көпкө чейин мага бурулуп турду да: – Башка сөзүңүз жокпу? – деди.

– Жок! –дедим.

– Андай болсо кошуңуз! Жолдошторум да зарыгып калды көрүнөт, – деп адымдай басып ары карата кетти.

Арийне... Арзымат таарынып кетти. Арзыматтын таарынып кеткенин жакшы билем. Бирок Арзыматтын таарынычысын кантип жазуу керек? Арзыматка берген убадамды кантип актоом керек? Арзыматтын жакасына жармашып, этегине эрмешип, кекенгенден кекти кантип алуу керек? Ойлоном... ойлоном... Эч амал таппадым. Көздүн жашын көл кылып ыйлап туруп турмуштан аша кечтим. Акырында мен өзүмдү унутуп коюп, эчкире ыйлап жыгылып кеткенимди дагы билбей калдым. Менин үнүмдү угуп атам менен энем жүгүрүп келди.

– Эмне, эмне болду? Эмне үчүн бул жерге келип жыгылдың? – деп элеңдеше атам менен энем мени көтөрүп төшөгүмө алып барышты.

– Көзүмө бирдеме көрүндүбү, билбейм. Бир топ кыздар келип, жүрү, ойнойлу дегенинен кетип бара жатып, жыгачка бир тийип, чочуганымдан бакырып жибердим, – дедим.

Албетте, атам менен энемди мындан башкача кылып ишендирүү кыйын эле. Атам менен энем бетиме суу бүркүштү, апаптады. Кепкирге от жагып, арча, адырашманды түтөтүп, ысырык кыла баштады. Башыман суу тегеретип чачышты.

– Албарстыбы?

– Жинби?

– Же пери болуп жүрбөсүн? – деп энем менен атамын чын эле эси чыга башташты.

Тойдун камылгасы

Арадан бир жума өттү. Базарга кеткен атам да келди. Атам өмүрүндө кубанбаган кубанычтар менен кубанган сыяктуу; мага деп алып келген сарпайыларды жазып энеме көрсөтө баштады. Мен сарпайыларды көргүм жок. Эмнегедир жүрөгүм оозума тыгылып, демим кыстыгып, жайылып жаткан башайы, шайылардын бардыгы менин көзүмө Нурмат сыяктанып көрүнөт. Атам жакын күндөрдүн ичинде боло турган той жөнүндө сүйлөшүү үчүн Кулу калпа менен Нурматка кетти. Энем болсо мага деген сарпайыларды тиктирүү үчүн айылдагы кыз, келиндерди жана жакын санашкан абысындарын чакырууга кетти.

– Сарпайыңыз кут болсун, сардалым! – деп тыштан Лайлыкан кирип келди. Бирок Лайлыкан сөздү тамаша сыяктуу кылып айтканы менен жүзүндө терең кайгынын белгиси бар эле.

– Арзымат келдиби? – дедим.

– Жок, жүрөгүм алып учат, кандай окуя болорун билбейм. Корком, – деп Лайлыкан жашып кетти.

– Бир, эки күндүн ичинде келер бекен?

– Билбейм, угушума караганда келе албаса керек.

– Эмне үчүн?

– Мурдаа күнү Жаасынын башынан атышкан имиш. Кечээ дагы атышыптыр, ошол кечеги атыштан бери басмачылардын артынан кууп жүрсө керек.

– Кимдер менен атышып жүргөн имиш?

– Мамат корбашы менен, – деди да Лайлыкан мени кармай калды. Себеби «Мамат корбашы» дегенде жүрөгүм оозума тыгыла түшүп, бакырып жибере жаздасам керек.

Лайлыкан экөөбүз ар кайсы сөздүн башын сүйлөшүп көпкө олтурдук. Бирок экөөбүздү тең кубаныч ордуна көкүрөгүбүздү кайгы чери, көзүбүздү жаштын сели каптады.

Арадан үч күн өттү. Мага арналган сарпайынын бардыгы тигилип бүткөн. «Эртең той түшөт, кудалар, кудагыйлар келишет. Айнагүлдүн сүйгөн күйөөсү Нурмат байбача келет» деген сөздөр айылдын арасын азан-казан түшүрүүдө. Атам той жөнүндөгү чоң камылгалары менен, энем жана айылдагы кыз, келин, кемпир-кесектер тойго арналган тамактарды бышыруу менен алек.

– Нурмат байбача, апей, байбача дебей батча дейбиз го? Эртең батча келгенде кандай сый менен келер экен?

– Кандай сый менен келсе да колунан келбейби?

– Анын үстүнө жаңыча, калың бербей сүйүшүп алып жатпайбы. Кыз калыңсыз болсо да каадасыз болбойт, бетинде кызылы болсо 32 мүдөөнү жер чийдирип эле келер!

– Баса десең, сүйүшпөй алганда деле он чакты карага бирөөнүн кызын алат эле го? Ошол он чакты каранын үчөө-төртөөнү жеңкетай кылып келбей өлүптүрбү?

– Кайсы ырчыны ырдатып келер экен?

– Ырчыдан мурун улак тарттырып келер бекен десең.

– Улак тарттырып келбей өлүптүрбү? Нурматтан жаман Жоробай деле той түшүрүп, барган күнү улак тарттырып барган.

– Улак тартып барганы кайсы, тартып барган улагын өздөрү таштай албай, кыздын тарабына тарттырып жибергени кайсы!

– Апий десең, «жаман күйөө» деп жеңелери шылдыңдаганда, курган Жоробайдын өлбөгөн төрт шыйрагы калган имиш! – дешип нан бышырып жаткан келин-кесектер боло турган той, келе турган күйөө, көрүлө турган сый жөнүндө өз ара кеп кылышууда.

Мен үчүн бул сүйлөнгөн сөздөр ок, күлкүлөр уудай сезилет. Минут убакыт өткөн сайын, Лайлыкан экөөбүздө жан жок, тынчтана албай шашабыз, улам кайталап тышка чыгабыз. Бирок Арзыматтын өзү гана эмес, көлөкөсү да бизге көрүнбөйт.

Лайлыкан аркылуу ар кайсы кишиден суратам, эч дайыны жок. Мындан үч күнү мурун Лайлыкан аркылуу Арзыматка кат бергемин, андан да жооп жок.

– Жеңе, Мамат корбашылар эмне болгонун билдиңби? – деп теңтуш бир жеңемен сурай салдым.

– Маматты эркин отряддар кууп, атышкан имиш. Басмачылардан экөө өлүп, доброотрядындагы бир комсомол баланын колуна ок жаңылган имиш.

– Кайсы эркин отряддар?

– Арзымат жүргөн! – деди жеңем. Лайлыкан ыйлап жиберди.

– Лайлыкан, сен бала болуп турасыңбы? Деги Арзымат аман бекен?

– Анысын билгеним жок, – деп жеңем Лайлыкандын ыйлаганын көрүп оозу ачылып, корко баштады.

Лайлыкан ыйлоо менен үйүн карай жөнөдү. Лайлыканга кошулуп мен да ыйламакчы элем, бирок эгер Арзымат аман-эсен болсо, эл алдында шерменде болуп, бардык сырыңар ачылбайбы деген мендеги суроолуу ой мүмкүндүк бербеди. Ошондой болсо да бушайман болуу менен ичимден гана сыздадым. Чиркин убакыт кандай? Турмуштун түрдүү учурунда түрдүү болуп сезилет ко? Арзымат тезирээк келсе экен десем, саат айдай, ай жылдай болуп созулгансыйт. Мен Арзымат менен качып кеткенче Нурмат келбей коё тургай эле десем, саат секунддан, күн минуттан ылдам жылып өтүп жаткансыйт.

Сыр ачылды

Кайгылуу жана талма оорулуу болуп кетүүм аркасында, зарыл болгон ишти сураганым болбосо Лайлыкандан башка теңтуш кыз, келиндер менен сүйлөшүүнү таптакыр койгомун. Ошондуктан, мурунку теңтуштарымдын бардыгы менден алыстап, мени ушактай баштады. «И, шоруң кайнагыр, кайсы алына чырайып унчукпайт экен? Теңине албай калганы болсо керек? Же Нурматты эл бийлеген эр, тактылуу хан дейт бекен? Эгер Нурматтан түзүгүрөөк же райондо окуп жүргөн окумуштуу күйөөсү болгондо, Курманжан даткача баарыбызды чакырып барып бутун ушалатмак экен», – деп чуулдаган ушак кулактын кужурун алат. Бирок кыз, келиндердин мындай ушак кылууга да акылары бар эле. Себеби «Кудаанын насиби экен, биздин Айнаш Нурматты сүйдү. Мен ак жүрөк кедей болгонумдан кийин сүйдүм деген кишисине берем да? Сүйгөн күйөөсүн сүйбө деп кантип айтам? Кыздуу эл менден үлгү алсын» – деген атамдын сөзү узун элдин учу, кыска элдин кыйырына жайылган. Атамдын бул сөздөрү Кулу калпа жана Нурматтар тарабынан миң кубултулуп эл арасына нык айтылды. Элдин бардыгы бул сөзгө кулак жапырып ишенди. Ишенбеске чаралары да жок эле. Анткени бул сөз жалган, иштин түйүнү мында жатат деп Кулу калпа, Нурмат, атам үчөө өлсө да айтпайт. Ал үчөөнөн башка бир киши да билбейт.

Күн эрте бешим. Мен бактын арасындамын, үйгө киргим жок. Эки, үч жолу чакырган энемдин тилин да албадым. Элөөрүп эки жакты карайм. Көздө жаш, көкүрөктө кайгы.

– Айнагүл! Балакет болуп, сени Нурмат алганы жаткандыгы жөнүндө газетке чыгыптыр, – деп бир газетти кармап Лайлыкан жүгүрүп келди. Бирок мен Лайлыкандын сөзүнө ишенбедим, газетти акырын алдым, мындан он чакты күн мурун чыккан «Ленинчил жаш» газети, бүгүнкү почта менен келген сыяктанат.

Газетке жазылган сөздү Лайлыкан экөөбүз тамтаңдатып окуп олтуруп аягына чыктык. Нурмат мени кандайча жол менен алганы жаткандыгын, атамдын Кулу калпага алдангандыгын, Маматтан корккондугун... Кыскасын айтканда, ийнеден жипке чейин жазылган, жазылган сөздөрдүн бардыгы туура, бардыгы чын. Бирок ким жазгандыгы белгисиз. «Ленинчил жаштын» бул номери айылдагы эл үчүн эң укмуштуу күтүлбөгөн окуянын сырын ачып олтургандыктан, колдон-колго, кат тааныбагандан кат тааныганга өтүп, жазылган сөздөр айылдын башынан аягына чейин жарыяланды.

– Капырай, ушундай кылып жатат деген кимдин оюнда бар эле? Байкуш Айнагүл эмне жүдөп камыгат десе, ушундай иш бар экен го?

– Баса, Нурматты кайдан сүйө койду экен дедим да.

– Мунун бардыгын кылып жүргөн Кулу калпа турбайбы?

– Жолдошто айып жокпу?

– Кептин бардыгы Жолдоштун билимсиздигинде, ошол билимсиздигинин аркасында досту душман деп, душманды дос деп билип жүргөндүгү, – дешип газетти окугандар күнөөнүн кимде экендигин териштире башташты.

– Газетке ким жазса да ылайым жакшылык көрбөй, тукуму курут болсун, – деп энем каргап-шилеп ыйлоодо.

Атам айласын таппай алактап, акыл суроо үчүн Кулу калпага алда качан чапкылап кеткен. Күн батып, түн кирди. Тойдун камын кылып, күйөөнү тосуп алабыз деп жүргөндөр газеттин кабарын уккандан кийин, муун-жүүндөрү бошоп, эмнедендир коркушкандай делдейишип, алда качан үйлөрүнө тарашкан. Үйдүн ичи караңгы. Бурчта бүрүшүп жаткан мен.

– Абакем аман-эсен экен. Сенин жазган катыңды алыптыр. «Бүгүн түнү барабыз. Бактын арасынан таап алсын дептир», – деди Лайлыкан.

Мен кубанганымдан ыйлап да жиберген экенмин. Башка сөз айтууга кубатым келбеди. Тек өзүмдүн кубанычымды билгизгендей. Лайлыканга жалынам-өбөм, жалынам-өбөм...

Эл жатар убакыт болду. Майда-чуйда буюмдарымдын бардыгын Лайлыкандан берип жибердим. Менин күчүм кетип, атамдын эмгеги менен табылган кийим болбосо да, мага деп арналып жасалган кийимдердин бардыгын кийдим. Кайсы жерге барсам дагы мен даяр, бирок Арзымат жок. Өтө шашып тынчсыздануу менен Арзыматты күтөм...

Мен жаңылган түн

Энем экөөбүз күндөгүдөй төшөктү салып жаттык. Бирок энем капа болуп ыйлоонун аркасында менин кийимчен жатканымды байкаган жок. Жаңы гана чыракты өчүрөйүн деп жатсам:

– Жатып алдыңарбы? – деп тыштан атам кирип келди. Бирок атамдын көрүнүшү алда кандай шумдуктуу, сабыры суз, кабагы бүркөө. Эчен ирет мукактанып, бир сөз айтууга табышын чыгарса да айта албады.

– Сен эмне селдейесиң? Жатпайсыңбы? – деди энем.

– Жатам, бирок кеп болуп калды,– деп атам иреге жакка олтура кетти.

– Эмне кеп? – деп энем чочуп тура калды. Атам көпкө чейин буулугуп турду да:

– Жалгыз кызым Айнашты жаркылдап, жайнап туруп элдин алдында той, тамаша менен узатамбы дедим эле. Бирок ал тилекке жетпей олтурам.

Кезитке чыккан иштер жөнүндө Кулу калпа, Нурмат менен кеңештим. Аман-эсен тынч калуу үчүн бир гана чара таптык. Ал чараны бүгүндөн калбай орундатуубуз керек. Эгер бүгүндөн калсак, иштин бардыгы ойрондолмок, – деп атам куурга укалаган насыбайынан чеге кетти.

– Кандай чара? – деди энем.

– Өзү сүйүп качты кылып, Айнашты бүгүн түнү аткарып берели, – деди атам. Атамдын бул сөзүн уккандан кийин мен өзүмдүн эмне болгонумду билбеймин...

Мен талып жыгылгандан кийин бир канчалык убакыт өтсө керек:

– Балам, Айнагүл! Турчу, менин абалымды карачы! Тогуз ай көтөрүп, толгонуп жүрүп таптым эле, сен мени азапка салбачы! – деп энемдин буркурап ыйлап турганы кулагыма шак эте түштү. Мен көзүмдү акырын ачтым.

Үйдүн ичи караңгылоо, жаман чырак жалкоолонгондой күйүп турат.

– Бери мени карачы! – деди энем. Энемдин бети кызылала, жүрөгүм оозума тыгыла түшүп:

– Эмне болду? – дедим.

– Атаң урду.

– Качан?

– Бая.

– Эмне үчүн?

– «Сен кызыңды бузуп жүргөн имишсиң» – дейт.

– Кандайча?

– Жана сен «Арзымат» деп жыгылып, ошол бойдон эсиңен танып калгандай болдуң. «Эмне үчүн Арзымат деп жыгылды кызың, бул кызың соо эмес.

Чыныңды айт, – деди атаң. Мен дагы билбейм, Нурматка куда боло электен мурун Арзымат экөө убадалашып жургөн имиш деген сөздү угам, бирок чынтөгүнүн билбейм дедим. Анда «кызың бузулуптур» деген Кулу калпанын сөзү чын турбайбы? Сен кызыңды жүзү кара кылып өстүргөн экенсиң. Жүзү кара, шерменде», – деп мени атаң урду. Амалым канча, туруп бердим. Сен аны билбей калдың! – деп энем дагы буркурап ыйлап жиберди. Мен Арзымат деп бакырганымды жана энемди атам урганын билбеймин. Менин эсим оогандыгына, жашырын сырдын Арзымат болуп ачылышына жана энемдин таяк жешине ишенгим келбеди эле, бирок энемдин бетинен агып турган кан ишендирди.

– Атам кайда кетти?

«Нурмат азыр келет, кызың кыңк дебей аттана турган болсун, андай болбой башка бир иш боло турган болсо, кызың экөөңү тең соём» деп эшикке чыгып кетти, – деди. Мен дагы эсимен танып «Арзымат» деп бакырып жиберсем керек.

– Садагаң Айнаш! Мени ая, мени кыйнаба! Карып калган чагымда мени бакытсыздандырба, – деп энем чыркырап башымды кучактай калганда, кайра көзүм ачыла түштү. Калтырап, титиреп, беттеринен ырайымсыз заарын чыгарып, көйнөк-штанчан, жылаңаяк, колуна союл кармап, тыштан атам кирип келип:

– Дагы Арзыматыңды козготуп жатасыңбы? – деп энемди баштан ары тартып жибергенде энем бет маңдайынан кулап кетти. Мен чыңыра атамды кармай калдым, бирок атам мага моюн бербей дагы үч-төрт чаап жиберди. Энемдин маңдайынан ылдый кан жошулуп ага баштады.

– Жүзү кара, шерменде, сенин бетиңди тилип, туз салайын! – деп атам дагы умтулду. Мен жалынып, жалбарып атамды кармадым. Бирок атам мага моюн бербеди, мени көмөлөтө түртүп жиберип, энемди чачтан сүйрөп тургузуп:

– Кызыңды Арзымат менен жөнөтөсүңбү, же Нурмат менен жөнөтөсүңбү? – деп калчылдады. Бирок энем унчукпады, шалак этип кайра жыгылып кетти. Атам бир канча убакыт калчылдап турду да, бычагын алып:

– Ачыгын айтасыңбы, жокпу? – деп энемди карай басты. Атама алым жетпей турган болгондон кийин, мен энемди гана калкалоого аракет кылдым. Бирок аракетим болбоду, атам мени алып ыргытып жиберип, энемдин кекиртегине бычагын такады. Мен чыңырып-чыңырып жибердим. Бирок атам мени эч кандай назарына албады. Чиркин жан укмуштуудай аянычтуу го?!

– Садагаң Айнаш! – деп эси ооп, кызылала болуп жатса да энем чыңырып жиберди. Мен өзүмдүн эмне болорумду билбей кетсем керек:

– Ата, ишен! Энем мени бузган жок. Бар деген Нурматыңа барайын. Эгер ишенбей энемди сыздата турган болсоң, мына мен азыр жарынып өлөм, – деп очоктун кырында турган бычакты алып жүрөгүмө такап, – ит сыяктантып тепкилегениң, эшек сыяктантып сабап жатканың, кой сыяктантып мууздаганы олтурганың өмүрлүк жарың, ата! Тогуз ай көтөрүп толгонуп, он эки мүчөсүн сыздатып, омурткаларын какшатып жүрүп мени тапкан – менин энем. Ак мамасын аймалап, алпештесе күлүп, көтөрсө сүйүп кучагыңда өскөн мен – эненин баласы, мен – эненин айы, күнү; мен – эненин жылдызы, жыттуу кызыл гүлү. Ырас, сиз атам! Мени багып өстүрүүдө сиздин эмгегиңиз кеткенин билем. Бирок, ата, жайкы саратандагы уйкунун таттуу кучагынан ыргып туруп, кышкы чилденин ырайымсыз суугунан заарканбай, баласы «ыңаалап» ыйлаганда, эне туруп ак мамасын аймалатканын танбассыз! Ырас... тана албайсыз!..

Ак чопого гүл тигип, жерден чыккан ысык башат менен сугарса, гүл эмне болор эле, ата? Муну өзүңүз чечиңиз! Чечип айтууга азыр кубатым жок. Сиз мергенчи... Энем жаралуу аркар... Мен аркардын баласы... Ырас, мен туюкка капталган аркардын баласы... алдым зоо, аркамда мергенчи, – деп сөзүмдүн акырын айталбай бүткөн боюм дирилдеп кетти. Атам жалдырап мени карады да калды...

Арадан бир минутча убакыт өттү. Атам колундагы бычагын ыргытып жиберип, мени көздөй басты да:

– Энеңдин тилине киргениң ыраспы? – деди.

– Жок, энем күнөөсүз. Күнөө менин өзүмдө.

– Кандайча өзүңдө?

– Күнөө менин өзүмдө, ата! Бирок айтууга мүмкүн эмес, мүмкүн мени өлтүрөм дээрсиз, – деп ыйлап жибердим. Менин боюмду баскан калтырак атамды дагы бийледи. Бирок атамдын көрүнүшү алда кандай коркунучтуу; көзү чанагынан чыгып, таноолору кыпчылып, муруттары тикеленип, моюну кержейип, далысы бүкчүйүп мага карап умтулгансып:

– Мен эч нерсеге түшүнбөйм... Сенде кандайча күнөө бардыгын маган түшүндүргүн, – деп чап билектен алып, колумдагы бычакты жулуп алды.

Менин жүрөгүм оозума тыгылып, бүткөн боюм мупмуздак боло түштү. Энем кызылала... Эссиз макулук... Жаткан бир таш сыяктуу. Атам бөрү... Мен байланган улак... Көз алдымда өлүм...

– Айтпайсыңарбы? – деп атам мени колдон алып төрдү көздөй силкип жиберди.

– Ата, ачууланба!.. Чындыгында күнөө менде дагы эмес... Өзүңүздө... Билесизби?.. Көп убактарда: «Мен ак жүрөк кедеймин, ак жүрөк кедей кызын сатпайт; кызым чоңойгондо каалаганы менен кетет» – дечү элеңиз. Бирок иш сиз айткандай болуп чыкпады... Ырас... Мен сиздин күйөө балаңыз Нурматка барам. Бирок мен аны менен бир күнү да өмүр сүрбөсүм ачык. Күлгөн өмүр ыйлайт, ыргалган гүл кыйрайт... Жалгыз кызыңа барып учурашып келип туруунун ордуна куураган мазарга барып, куран окуп келип турасыз. Эгер мына бул каттагы жазылган сөздөр чын болсо, барып куран окуп келип турасыз!..

– Ким жазган кат экен?

– Акмат.

– Саа ким берди?

– Райком комсомолдун катчысынан берип жибериптир.

– Райком комсомолдун?

– Ооба... Алар биздин ишибизди толук билиптир.

– Келе! – деп атам менин колумдагы катты жулуп алып, тышка жүгүрүп чыгып кетти.

Атам чыгып кеткенге жарым саатча убакыт болду. Энем бир аз эсин жыйып, тамга сүйөнүп ыйлап олтурат. Мен эмне кыларымды билбей жинди сыяктанам... Күткөнүм алыс... Атам менен Эргеш келди. Эргеш биздин айылдагы кедейлердин кемчилигин же кылмышын көрсө бетине айтчу. Эргеш – далай кыйынчылыктарды башынан өткөргөн, тажрыйбалуу киши. Айылдагы тап душмандар Эргешке каршы. Эргеш эки жолу басмачылардын колуна түшүп кутулган. Акырында үйүндө уктап жаткан жеринде басмачылар үстүнөн басып атып кеткен. Ок өлчөлүү жерге тийбей, кашка жиликти сындырып кеткендиктен, алты ай дегенде аман айыкты. Бирок Эргеш мурунку көркү менен келбетинен ажырап аксап басууга айланды. Ошондой болсо да, калыстык сөзүн кадимкидей айтуучу.

– Бул кылыгың жакшы эмес, Жоке! Жакшы эмес... «Аюу амандыкты тилейт, акмак жамандыкты тилейт» деген ушул. Мына бүгүнкү «Ленинчил жаш» газети менен мына бул каттын сөзү бир. Бая күнкү жыйналышта, кызыңды сатканы жаткан имишсиң десек, ыйлап олтуруп ишендирдиң эле. Мына, эми сыр ачылды. «Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат» деген ушул. Макул... Душман душмандыгын кылсын... Ырас, душман достук кылбайт, душмандыгын кылат. Ал эми душманга кошулуп сен эмне кылып жүрөсүң? Иш ушунда!.. – деп Эргеш аке катты атама окуп берип жемелей баштады.

Чындыгында бул катты Акмат жазбай, Эргеш акеге кеңешип Арзымат жазган. Бирок Акматтан келди кылып, атама мурунтан бере албай жүргөмүн. Анткени Акмат райондук кызматчы эле. Эгер Акматтан келди кылып берсек, атам Нурматтан кайтар бекен деген амал боло турган.

Атам менен Эргеш көпкө чейин сүйлөштү. Атама көпкө чейин Эргеш акенин сөзүн эриш көрүп отурса да, акырында жыгылды. Атамдын үчүнчү кыялы жаш балача ыйлап жиберүү болгондуктан, жаш балача ыйлап, солкулдап отурду да:

– Мен акмак... Мен акылсыз... Мен жүзү кара, алдамчы... Мен киши эмесмин, – деди.

– Ырас, сен киши эмессиң... Сендейлер менен адам баласы көбөйсө не болду, – деп энем да Эргеш акеме кошулуп алып атамы жемелей баштады.

– Ырас, мен итмин... Мен эми Нурматка Айнагүлдү бербеймин, керек кылса мендей итти өлтүрүп тынсын, – деп атам ыйлаган бойдон бүк түшүп жатып алды.

Эргеш акемдин баркын мурун анчалык этибар кылбай турганмын. А азыр аны дүйнөдө эч нерсеге теңегим келбейт. Менин жүрөгүмдөгү кайгыны Эргеш акем биротоло жойгондой сезилет... Бирок коркунуч дагы күчтүү... Мени Нурмат мурун келип алып кетеби, же Арзымат мурун келип алып кетеби? Арзымат мурун келсе, менин эми кетерим шексиз. Эгер Нурмат мурун келип калса, мен барбаймын десем, Нурмат алып кетем десе, атам бербеймин деп жулунса, ара жолдо кандайча окуялар болуп кетмек? Эрежелешип эпке келишеби, же кызыл кан төгүшөбү! Бул суроо мен үчүн түпсүз деңиз, кайнаган кара саз...

Түн ортосуна жакындап калган. Үйдүн ичи караңгы... Атам бизден канчалык мурун жатса да, эмнегедир уйкусу качкандай, анда-санда оорусу катуу адамча үшкүрүнүп да коёт. Энем болсо, атама таарынып мени менен бирге жаткан. Менде эч уйку жок. Кулагымды көтөрүп, күткөнүм Арзыматтын табышы... Үйдүн ичи тынчтыкта. Бирок мен үчүн тышта көп окуялар болуп жаткандай сезилет. Кээде аттуу адамдардын дүбүртү чыккансып, кээде эшик алдына жөө киши келип токтогондой болот.

Акыры энем менен атам уйкунун тынчтык кучагына кетти. Мен акырын эшикке чыктым. Дүйнө тынчтыкта... Жер бетин бөлөгөн күмүш нур жок. Түнөргөн түн жер бетин каптаган, кабак керген менен каалаганды көрө албайсың. Эки, үч минут өттүбү, жокпу, бактын арасынан аттуу адамдардын дабышы чыкты. Жүрөгүм жаш кулундай туйлап, эки-үч ирет эңкейип карасам да эч нерсе көрүнбөдү. Тек ооздугун чайнаган аттын, шыбырашкан адамдын табышы чыгат.

– Үйү жакка баралыбы?

– Баралы.

– Биздин келерибизди Айнагүл билди бекен?

– Биле элек болсо керек.

– Силер аттарды кармап тургула. Биз барып байкайлы.

– Чебердегиле, кокус бирөөнүн көзүнө чалынып калбайлы, – деген үндөр чыгуу менен мага карап жөө кишилердин табышы жакындай баштады.

Барган сайын жүрөгүм алып учат. Эки караан жакындап келе жатат. Мен акырын кетенчиктеп олтуруп эшикке жакындадым. Нурматтарбы же Арзыматтарбы? Көрдөй түндө көрүп таануу кыйын. Келе жаткан экөө мени карап коюп:

– Ой, тиги ким? Кокус башка бирөө болуп шерменде болбойлу?

– Ким билет.

– Айнагүлбү?

– Айнагүл болсо бери баспайт беле?

– Уялып жаткандыр, – дешип экөө бир минутча күбүрөшүп турду.

Бирок булардын сүйлөшкөнүнө караганда, Нурмат эстен чыгып, бүткөн боюмду Арзыматтын элеси бийлеп, коркунуч баскан жүрөктү кубаныч басып, балалыктын сүйүнүч жашы, көздүн кычыктарына толду. Себеби сүйлөшкөн экөөнүн бирөөнү үнүнөн тааныдым. Ал – Насыр. Насыр мурун Арзымат экөө келип чай ичип кетип жүрүшчү. Мындан бир ай мурун Арзыматтар менен бирге эркин отрядда иштейт деп да укканмын. Эмне үчүн Арзыматтын үнү угулбайт деген суроо менде болбой койгон жок. Бирок «Арзымат ары жагында, ал мени сынап турат» деген ой менде күчтүү эле. Ошондуктан бир-эки кадам илгери басып тура калдым.

– Эркекпи?

– Жок, энеси го?

– Энеси болсо мейли, жайын айтабыз.

– Жок, Айнагүл экен! – дешти.

Демек, булардын бул сөздөрүнө караганда, Арзыматтын жолдоштору экендигине шек кылбадым. Дагы илгери басып тура калдым. Бирөө башын көтөрүп:

– Айнагүл! – деди.

– Ыя!

– Бери басыңыз!

– Кимсиңер?

– Мен, Насыр. Бери бас, бери!

– Басыңыз батыраак. Эки жактан эл көрүп, туюп калбасын, – деп экөө туруп мага карап басты. Мен дагы аларга умтула басып:

– Жолдошторуң кайда? – дедим.

– Тиги жерде турушат, – деп экөө менин эки колумдан алышып, атка карап жүгүрө башташты.

– Келдиңерби? – деп атты кармап турган экөө аттарды туура тарта башташты. Бирок Арзымат көрүнбөйт.

– Арзымат кайда? – дедим.

– Арзыматтын кереги эмне? – деген жат үндөр кулагыма шак эте түшкөндө «ай» деп бакырып жибердим эле, чап кармай калышып, оозумду таңып жиберишти. Жарамсыз жалгыз күч менен жаадай болгон төртөөнө такоот кылуу кайда? Туйлаганыма койбой, атка туура өңөрүп алышып, чаап жүрүп калышты. Жолсуз талаа менен кетип бара жатышат. Кээде аңга капталып, кээде шалы айдаган жерге тыгылып, аттар араң эле жортот. Булар кимдер, мени кайда алып баратат? Белгисиз... Мен бөдөнө кыргыйдын чеңгелиндемин. Тырп этсем ныктап тырмагын батырууда... Кыргый ээси ким? Мени бошотобу, же кыргый качкы болот деп, башты жулуп кыргыйга мээлетеби?!..

Мени алып бара жаткан төртөөнүн бири – Насыр. Аны мурунтан эле тааныймын... Экинчиси Жума экен. Жуманы да мурун билүүчүмүн. Жуманын атасы бай болгон жана басмачыга кошулуп колго түшүп, жер, суу, мал-мүлкү опус болуп, өзү айдалып кеткен. Жума мага үйлөнүү аракети менен төрт-беш жолу жуучу жибергенин жакшы билем. Бирок иш Жуманын ойлогонундай болуп чыккан эмес. Берки экөөнү тааныбаймын, күндүз болсо бүшүркөөгө мүмкүн эле. Бир канча убакыт үнсүз жол жүрдүк. Бирок алдыбыздан айыл чыкпады. Уламдан-улам мен көрбөгөн быткылдар пайда болууда. Айылдан узагандан кийин оозумду чечип, атка дурустап өңөрүшкөн. Пайдасыз болгондуктан, мен дагы тыбырап туйлаганды койгонмун. Тек көз алдымда коркунучтуу элес, күткөнүм болочок.

– Туягында тура жок, жел менен тең ойногон азоо качааган дагы чалмага илинет экен го? – деди Жума.

– Жердеги качааган эмес, оболоп учкан ак туйгун да эр жигиттин торуна илинет эмеспи? – деп эки жигиттин бири күлүп койду.

– Ырас... ырас... Айнагүл ошол обологон ак туйгун эмес беле! Мына азыр торго чалынган туйгун, чалмага илинген качааган, туткундагы пенде, – деп жандай бастырып Насыр маган карады.

– Айнагүл кайдан пенде болсун? Айнагүл асмандагы ак булут го? Ак булутка ким кантип жетет эле? Жетүү кыйын го? – деп Жума Насырды укуп койгондой болду.

Бир канчалык жол баскандай болдук. Бирок кайда, эмнеге бара жатканым белгисиз. Төрт жигиттин көздөгөнү колунда, көңүлдөрү чак. Какшыктаган катаал сөздөрү менен кулагымды тындырышпады.

– Жүрөгүңүздүн урганы токтодубу? – деди Жума.

– Жок, – деп ачуум менеп жооп бергендей болдум. Бирок мурун эч унчуккан эмесмин.

– Ырас, жүрөгүңүздүн урганы токтобосун билем. Бирок камыгып, кайгырба. Камыгып кайгыргандан эч пайда жок. Барчу жерге барабыз, көлбөөрүп да жатарсыз, мына ошондо жүрөгүңүздүн урганы токтолот, – деп Жума атын такымга бир чаап, алдыга желе чыкты.

Менин жүрөгүм оозума тыгылды. Көз алдымда өлүм. Себеби Жуманын сөзүнүн акыры өлүмдөн башканы түшүндүрбөйт. Ырас, жүрөктүн урганы өлгөндө гана токтойт...

Асман тунук, жымыңдаган жылдыздар төгүлгөн берметтей быжырап, алда кимге аянычтуу көз менен карагандай болушат. Өзгөндүн түштүк чыгышындагы Кара-Кочкордун тоолору барган сайын мага карап кучагын ачкандай болот. Түштүктөгү Капчыгайдын тоолору, алыстагы Алдиярдын тоолору алда кимдин артынан көзөмөлдөшкөнсүп, кардуу чокуларын асманга созгонсуйт. Бардык табият түндүн тынчтык кучагында. Жалгыз эркинен ажыраган бакытсыз мен жана маган кошулуп арманын айткансыган кай бир чыркылдаган чымчыктар, ырайымсыз бирөөгө сүйгөн гүлүн тарттырып жибергенсишип үн чыгарышса, сары күздүн таң атар алдындагы салкын шамалы, чымчыктардын арманын баяндагансып согот. Көпкө чейин жол жүрүп, эки ак боз үйдүн алдынан чыкты. Бирок кадыр түн тоскондой эки үйдөн тең от чыгат.

– Ой, мейман келди, – деп Насыр утурлай бастырды.

– А, кудай, келип калышкан тура, – дешип үйдөн бир топ аял, эркектер жүгүрүп чыгышты.

– Жеңе, май алып чыгып келиндин оозуна сал! – деген үндөр чыкты.

Келин деген сөзгө али ишенбей таңдана жан-жагыма карадым. Үйгө отуз саржанча калганда, мени өңөргөн жигит аттан көтөрүп түшүрдү; алды-артыман аялдар тегеректеди.

– Жүгүнүп кой, садага, жүгүнүп кой. Булардын ичинде улуу абысындарың бар, – дешип катындар туш-туштап чуулдай башташты.

Албетте, мен эч нерсеге түшүнбөдүм. Ким, кандай абысын? Баарыдан мурда мени алдырып келген ким? Өз өмүрүмдү орток кылып, өмүрүнө орток болуучу менин жубайым ким? – деген суроолор алда качан желектей желбиреп көз алдыман өттү.

– Садагаң кетейин, уялып жатат.

– Уялба!.. Баарыбыз эле ушинтпедик беле?

– Жүгүнүп кой, садагаң! Ишарат кылып ийилип койсоң эле болот, – дешти. Бирок бүткөн боюм чымырап, көзүм караңгылады да калды.

– Жүгүнүп кой, уят эмеспи? Баарыбыз эле сендей болуп келгенбиз. Элдин айтканына көнгөнбүз, – деп бир катын ичимди артка түртө, кежигемден басып койгондо ийиле түштүм.

– Кудай жалгасын!

– Кем болбо, балам! Ак жоолугуң башыңан түшпөй, бактылуу болсоң болду, – дешип катындар чуулдап алкашты.

Көп убакыт өтпөй, мени үйгө алып жөнөштү. Алдыман бир катын чыгып, сөөмөйүнө илген майын оозума салып, бетимен өптү. Эшик ачылып, үйгө кирдик. Керегенин башында турган чөмүчтүн сабына пахта байлап, колума карматты да, сол тарапка олтургузушту. Катындардын эки көзү менде, мен да астыртан аларды кароодомун.

– Укканыбыздай эле сулуу экен!

– Өңүнө жараша мүчөсү да келишиптир!

– Көзү тик көрүнөт.

– Көзү тик болгондуктан качып келип олтурат да.

– О, кокуй! Көзү тик, бети калың кашка болбосо, жинди болгон кыз качабы?

– Ырас... Бирок кызда дагы айып жок, – дешип катындар өз ара шыбыраша башташты.

Мен болсом, колго түшкөн эриксиз туткун. Жалдыроодон башка жазыгым жок. Делинген сөздөн демөөр берери жок, тек кулак жапыруудамын. Караңгыны качырып, катаалдыкты куугандай болуп таң сүрдү.

– Коңшу кут болсун! – дешип уламдан-улам чала-була кийинип, бетиколун жуубай келе баштаган катындар көбөйдү. Тыштагы эркектердин табышы дагы күрдөөл тарта баштады.

– Салоом алейкум! Э, Нурмат байбача, куш боо бек болсун! – деген табыш чыкты. Бирок бул табыш он эки мүчөмдү тең жашытып, жаш жанды жалынга салып, балтыркандай бойду майыштырып, бетти жашка жуугузду. Асмандаган ак туйгун Нурмат «байбачанын» тууруна конгондугун эми билдим...

Мен жарадар болгон түн

Ааламга алтын нурун чачып, күн да чыккан. «Келинди келгенде көр, кемпирди өлгөндө көр» дегендер үйдүн ичин үч көтөрүүдө. Бири кетсе, бири келет... Тек жалпылдап ачылып жабылган эшиктин шору, бала келсе да тура калган менин шорум... Камыкпай кабак керип күлөр эч нерсе жок.

– Куданын кудурети... Илгери аркалыктын кыздары качып келип келин болот экен деген сөздү угар элек, эми качып келген кыздарды көрө баштадык.

– Мындан мурун бул жердеги кыздардан качып келгенин ким көрүптүр.

– Кыз качат экен десе, кандай кыздар качат болду экен деп таң калар элек, көрсө, тиги келин сыяктуу кыздар качат турбайбы?

– Илгери кызды шаани-шөкөт, сан-салтанат менен берер эле. Эмки кыздар көйнөк, штанчан эле келе калчу болгон тура.

– Куру наалыган кургак сөздү койсоңор, жеңе! Качан эле кыз бүткөндүн баары шаани-шөкөт, сан-салтанат менен берилүүчү эле? Ырас, байдын, манаптын, миң башы, казы, старчындардын кыздары шаани-шөкөт, сансалтанат менен берилүүчү. Кайсы жерде эле кедейдин кыздары шаанишөкөт, сан-салтанат менен берилүүчү эле?

– Сен ошондой келгендирсиң?

– Мен ошондой эле штан, көйнөкчөн жүгүрүп келгемин. Ата-энемдин, алган күйөөмдүн колунда жок болсо, ошондой келбегенде эмне кылмакчы элем?

– Биздин сөзгө сен эмне териктиң?

– Терикпей турган сөз айтып отурасыңарбы? «Таздын көөнү жок болсо да, кыздын көөнү жокпу» деген. Качып келсе да Айнагүлдүн көөнү жокпу? «Тогуз коргол ойносоң тактап ойно, алды-артыңды сактап ойно». Байкап сүйлөгүлө!.. Баятан берки сасык сөздүн теңи Айнагүл эмес, – деп оозуна келгенин оттоп отурган катындарды Тоту жеңем куюн ургандай кылып өттү.

Тоту жеңемдин сөзү отургандардын жүлүнүнө тийгендиктен, сөзгө конок беришпей, Тоту жеңеме каршы жаалаган сөздөр күч алды. Биринин сөзүн бири угуу жок, тек бет алдыларынча кажылдашуу менен күүгүмгө жакын тарашты.

Үйдүн ичи толтура эркек. Мен үч-төрт келин, кыз менен көшөгөнүн ичиндемин. Төрдө молдо, Адыл, Маты жана кырка тартып отурган бир топ чалдар. Иреге тарапта Жума, Насыр баш болгон бир топ жаштар.

– Кулназар акени чакырдыңарбы?

– Жатып алган экен, «кийинип азыр барайын» – деди.

– Бакирди чакырдыңарбы?

– Чакырдык.

– Каримди дагы чакырып койбой, – деп үйгө конок чакыруу менен Нурмат алек болууда.

– Эй, кудаа... Парвадигар! Бергениңе шүгүрчүлүк. Мындан мурун Нурмат байбачаныкына эл келгенин коюп калды эле, эми Кудайга миң мертебе шүгүрчүлүк кылыш керек, – деп молдо эмнегедир кубана «Кудайга» кулчулук кылды.

– Ак сөз, молдоке! Үйүңдө ак жоолукчаның жок болсо, береке дагы болбойт эмеспи? Бирок ак жоолукчандын дагы түзү ийги болсо, – деди Маты.

– Ырас, ырас... Айнагүл жаман чыга койбос!

– Нурмат акенин жаздыгынан болсо керек.

– Аккан арыктан суу агат эмеспи? Нурмат бала күнүнөн тартып байдын баласы болуп, байбача деген атакты алып келди. Азыр болсо бул... Өзүңөр сыяктуу адамдардан айланса болот. Болбосо Нурмат сыяктуулар айдалып Оролдо, динди эсинен чыгарбаганы Мамат менен жүрбөйбү? – деп Маты жанындагыларды карады. Бул сөздөр отургандар тарабынан далилденип кубатталды. Отургандардын бардыгы Нурматтын кара чечекейинде адамдар болгондуктан, бардык сөздөр эркин айтылууда.

– Маган каршыккан бирөө бар... Бирок ким экендигин биле албаймын. Эгер билинсе... – деп Нурмат кимгедир кыжынып койду.

– Аның чын... Бирок корко турган эч иш жок. Сенин коркконуң жанакы газетке чыккан иш болсо керек?.. Анын жайын өзүбүз табабыз. Ошонун жайын таба албасак, өлгөн экенбиз, – деп Адыл каткыра Матыны далыга кагып койду. Нурматтын көңүлү көтөрүлүп, кубанычы койнуна толду. Төрдүн төбөсүндөгү ак калпак, кара бешмант кийип, шайы жоолук менен бүйрө курчанып, малдаш урунуп олтурган – Маты. Матыдан мындайкы отурган – Адыл.

Адыл менен Матынын аталары мурун казы болуп келген. Ата-тегин жашырып «кедейбиз» деп жүргөндүктөн, экөө тең айыл арасындагы ишке катыша калышат. Түндүн бир канча убакыты болду. Казанга салынган тайдын эти желинип бүткөндөн кийин:

– Эмки сөз молдокеме берилсин, – деди Адыл.

– Жакшы болот, – деп молдо чыныга суу куйдуруп алды да, алакандай арапчалаган аятын окуп, чыныга дем салып: – Нурмат Ташмат баласы, Айнагүл Жолдош кызына теңиңди багыштадыңбы? – деп молдо Нурматка карады. Нурмат жылмайып турду да:

– Багыштадым! – деди.

– Айнагүл Жолдош кызы, Нурмат Ташмат баласына теңиңди багыштадыңбы? – деди молдо. Мен эч унчукпадым. – Багыштадым деп кой садагаң!

– Өзүнүн оозунан сөз чыкпаса, нике жүрбөйт, – деди молдо.

Мен бул сөзгө кубанып, оозумдан жел чыгарбаска тырыштым.

– Айтып кой, элдин бардыгы күтүп калды, – дешип жанымдагы кызкелиндер, айрыкча, Кундуз деген кемпир баш болуп жанымды коюшпады. Бирок мен унчукпадым. Отургандар мени менен алек болушуп, бир канча убакыт өткөрүштү.

– Молдоке, бул иш кандай болот? Шарыяттын жолу кең эмеспи? Мындан башкача кылып нике кыюуга болбойбу? – деп Адыл молдого көзүн кысып койду.

Отурган эл шашып калды. Анткени мурунку айткандарына караганда эми башкача шарыят табуу кыйын го дегенсип, бардыгы тең молдого тигилишти. Бирок молдо такалып турбады, сакалын сылап жылмайды да:

– Айнагүлдүн унчукпагандыгы – адам эмес, айбандан дагы ызаат кыламын дегендиги. Ошондуктан, үнүн чыгарып койсо да нике жүрөт, – деди молдо.

– Кана эмесе, үнүңдү чыгарып, же жөтөлүп кой, – деп олтургандар, айрыкча, күбө болуп жүргөн Адыл менен Кундуз жанымды жай алдырбады. Арийне, мен унчукпадым.

– Такыр унчукпай койгондукту шарыятта кандай деп чечет, молдоке? – деп сабыры суздук менен Маты молдого карады.

– Эң жакшы... себеби ызаат... Ошон үчүн зарылчылык аяттарынан бирин окуп койсок да нике жүрөт, – деди молдо. Мен бакыра талып калыпмын.

Үйдүн ичи караңгылоо, тек пахтанын майына жасаган чырактын түтүнү үйдүн ичиндеги абага өкүм сүргөндөй болот. Менин башымда Нурмат, аягымда эки келин отурат.

– Муздак сүзмө жутасыңбы? – деди бир келин.

– Жутам, – дедим. Башым көтөрүлбөй, бүткөн боюм жанчылгандай, тырп этүүгө каруум жоктой сезилет. Муздак сууга эзилген сүзмөдөн жутуп, келиндер менен тышка чыктым. Түн караңгы, мезгил таңга жуук.

– Садагаң Айнагүл, төшөгүңдү салып койдум, кирип жатып эс алчы, – деди бир келин.

– Жүр, экөөбүз жаталы. Нурмат акем болсо, тиги үйгө жатат, – деди экинчи келин.

Биз үйгө кирдик. Менин жанымдагы келин шыпылдап чечине баштагандан кийин, Нурмат мында жатат деп шек кылбадым. Чечинип жаттык. Бирок менин жаныма жаткан келинди: «Бери келип кайра барчы» – деп экинчи келин тышка чакырып кетти.

Бир аздан кийин эшик шарт эткенинен жаныма жаткан келинби деп карасам, жок, башка. Ала-сала караганымда ал кишиге да окшободу. Тек көлөкөлүү арчанын арасында турган карала топоз сыяктанды... Көзүн маган чигилтип, кырккандан чыккан сакалын кирпинин жүнүндөй тикчийтип, ээгин илгери сунуп, шилисин кержейтип, кара чаар өңүн күлүмсүрөтүп, маган карап басты. Мен чочуп төшөктөн кандай ыргып турганымды да билбей калдым.

– Айнаш! Нике кайып. Бул дагы болсо Кудайдын буйругу... «Жүгүргөн албайт, буюрган алат» деген ушул, – деп Нурмат уламдан-улам маган жакындоодо...

– Жок, маган жакындаба...

– Андай дебе, Айнаш...

– Баары бир... Мен сени менен өмүр сүрбөймүн...

– Себеби?

– Себебин айтып олтуруунун кереги жок...

– Эсиң бар, Айнаш. Ойлон, жаш жаныңа зыян келтирбе.

– Менин өмүрүм үчүн кайгырба...

– Балалык кылба, Айнаш! Мына мен сенин жарың, эмне деген буйругуңа мен даяр, – деп Нурмат көпкө чейин маган акыл айтып туруу менен алек болду. Мен Нурматты жаныма жакын жуутпадым... Бирок Нурмат – карт бөрү, мен – байланган улак... тек үйдүн ичин үч көтөрүп мен качып, ал кубалоодо...

Акыры Нурмат коркутмакчы кылды. Бирок менин коркпосумду дагы билди. Нурматтын мурунку көрүнүшү бүтүндөй өзгөрүлдү. Кара чаар өңү сурданып, ырайымсыз заардуу сөздөрү чыга баштады. Канжарын сууруп, уламдан-улам маган жакындайт. Менде эч кылар чара жок. Күткөнүм ач канжардын жүрөгүмө кадалышы...

– Сен эмес, сен өңдүүнүн нечендерин көргөнмүн, сен эмес, канын төккөмүн. Турмуш үчүн нечен күйүп, эчен отко жанганмын, сен гана эмес, далайдан кек алганмын. Сен өңдөнүп теңсинбеген сулуунун далайынын жүрөгүнө бул канжарды малганмын. Аке, үке жалынууну билбедиң, айлансам да акылыма көнбөдүң... Көнбөсүңдү мен да жакшы билемин, Арзыматты сүйгөнүңдү мен угуп, кез келер деп, намыс үчүн мен да чыдап жүргөнмүн.

Акыркы сөз: айтканыма көнөсүң... Жок, көнбөсөң... ач канжарга жүрөгүңдү эздирип, жазаң үчүн азыр менден өлөсүң, – деп Нурмат калтырап, титиреп келип канжарын шилтегенде, сол жаккы каруум тыз эте түштү...

– Кана, жооп бересиңби, жокпу? – деп Нурмат калтырап, көзүн чанагынан чыгарып алдымда турат.

Сол колумдун башынан ылдый шоргологон кан алтын денеде ажырагандагы акыркы сөзүн айткансып, кийиз бетине тыпылдап тамууда... Айтканыңдан кайтпа, сен менсиң, мени мыктап сакта дегенсип, жүрөгүм акыркы күчүн жыйып согууда.

– Айтканыңдын бардыгы чын «Нурматым»... Жүрөк биле айтканынан жылбасын, жүрөк билет Нурмат жакшылык кылбасын... Кулак билет сен жөнүндө укканын... Жакшы билем, Чыныгүлдүн сенден жаны чыкканын...

Ал Чыныгүл чырагы эле бирөөнүн, курманы болгон сени сүйбөс күнөөнүн. Ал Чыныгүл өсүп турган гүл эле! Ал Чыныгүл кыз бүткөндүн нуру эле... Ал Чыныгүл сырттаны эле кыздардын, сыймыгы эле уздардын, жылаажыны эле күлкүнүн, айнеги эле бозойдун, көркү эле айылдын, курманы болгон сен жүзү кара жайылдын!.. Мына мен дал ошол!.. Кегиң болсо алып кал; сен жүзү кара кумардан бир канып кал... Мына, жүрөк сенден кайра тартынбас сен дегенде бул жүрөктөн эч жакшылык артылбас... Сай канжарыңды, азоо жүрөк басылсын... Сай канжарыңды, кызыл акак бермет кандар чачылсын... Азоо жүрөк алып учпай тыйылсын чиркин өмүр чалгы тийген кызыл гүлдөй кыйылсын...

Баш ийбейин, кегим кетсин көңүлдө, азоо кыял, чалпоо жүрөк моюн сунсун өлүмгө... – деп мен да өмүрүмдүн акыркы каршылыгын көрсөттүм. Бирок кайдандыр Маты менен Адыл кирип келип, Нурматты алып чыгып кетишти. Мен өлүмдөн коркподум. Нурматтын артынан кошо чыгып, өлүп же өлтүргүм келет. Бирок каруум кеткен. Бойдо күч, муунда каруу жок, эшикке карай умтулган жерде жыгылдым да, калдым...

Көптөн кийин көзүмдү ачтым. Жан-жагымда кыз-келиндер коркушуп, мени карашат.

– Кудай албаган жамандын бул эмне кылганы? Бул дагы бирөөнүн кара чечекейдей көргөн чырагы...– деп кийимдеримди чечип, каруумдагы канжар тийген жеримди таңуу менен Кундуз алды-үстүмө түшүп жалынууда.

Күн чыкты... Нурмат, Адыл, Маты – үчөө үңкүңдөшүп сүйлөшүүдө. Айылдагылар кандайдыр коркунучту күтүүдө.

– Акең бир козусун союп, сени отко кийирем, жалгыз атымды мингизип чыгарам дейт, – деп Кундуз мени үпчүлөөдө. Барууга көңүл жок. Бирок кыз-келиндер колдон алып колтукташып, мени зордоп алып жөнөштү...

Мени күнөөлөгөн кат

Мен Нурматтыкына келгенден кийин, суудай агып, желдей сызып, төрт күн өттү. Мен болсом, кайгылуу жана каралуумун. Кайгылуу жана каралуу болуп отурганымдын себебин мына бул катты окуп түшүнүңүз! – деп Айнагүл маган калыңча бир дептерди сунду.

«Айнагүл! Өмүр желдей соксо, мен аткан октой зуулдап келем! Турмуш күлөт, мен каткырам! Жесек жесеп жеңиштүү кайттык. Элим мактайт, мен сүйүнөм, курбуларым кубанат. Тигине, айтканынан кайтпаган, адамгерчиликтин эң жогорку милдетин сактаган, ышкындай солкулдаган уландар, кызыл гүлдөй ыргалган кыз-келиндер! Мына ошолор менен киши – киши болуп, адамгерчилик менен киши адам болуп, анан адам өмүрдүн туткасы, турмуштун устасы болот тура!.. Албетте, адамгерчилик ушул экен деп, жүн учурган куюндай желп этип, жайкы күндүн булутундай үрпөң этип, кээде азоодой жалт берип, кээде кексөө түлкүдөй мант берип; жанындагыны көрө албай, алыстагыга көзүн салбай, өз өмүрүн кардуу бороондон өткөрүп, кыла турган ишинин баш-аягын таппай келе жаткандар дагы жок эмес... Мисалы, ким дээрсиң? Мисалы, өзүң. Мен аттанып жөнөгөндө, сенин ыйлап жыгылганың, ата-энеңдин алдас уруп, баш-аягыңа шам коюп, бардык ырымын жасап жүргөндөрүн көрүп турдум. Сенин ошол абалда калышың мен үчүн кыйын болсо да, менин жолдошторум үчүн күлкү болуп туюлду. Карарып кашы кыйылган, карагаттай көзү коюлган, таң атарда гүл ачкан кызгалдактын гүлүндөй кымча белге: мөмөдөй салбырап, жекендей ийилип боз улан моюн сунса, бирок селки боз уланды каркыттап болор ишти кылбаса, ким күлбөсүн?..

Мына, мен Жаасы, Кара-Кочкор, Кара-Кулжа, Капчыгай тоолоруна келип, ат арытканыма бир канча күндөр болду. Келгенден бери тыным албай күнү-түнү ат үстүндө, бел чечип жатуу жок, ат жалын кармап чырым эткен болобуз. Командирдин жообу боюнча, бүгүн ат өргүтүп жатабыз. Бирок мен кароолдомун. Атымды асканын алдына таштап, жарагымды алып, асказоонун башынан айлананы караймын. Аркайган аскалуу ак мөңгүлөр, менден тулкун жашыргансып, ар кайсы чокуларын гана көрсөткөн болот. Жогорку бир коктудан жалгыз аттуу адам көрүндү. Ал тарапта айыл болбогондуктан, аттуудан шек алып, командирге айттым...

– Кайда? – деди да, дүрбүсүн салып туруп: – Бул адам шектүү, муну кармап келгиле! – деди командир.

Командирдин буйругу боюнча эки комсомолецти алып жөнөп калдым. Албетте, командирдин буйругун орундатуу керек деген милдет биздин алдыбызда.

– Эгер жөнөкөй адам болсо эч коркунуч жок. Кокус жарактуу басмачы болсо кандай окуя, кандайча болуп аякталат? – деп жолдошторум мага карайт.

Көп кечикпей, аттуунун келе турган жолуна жеттик. Жалгыз аттуунун келер жолу – биз келген сайга келип кошула турган кокту. Коктунун бет маңдайындагы бадалдуу корумда бир жолдошум калды. Экинчи жолдошумду сайдын жогорку жагындагы зоонун түбүнө таштап, мен коктунун оозундагы өтөктөгү корумга чыктым.

Мына коктунун ичи көрүндү. Бир эмес, беш киши көрүндү. Бешөөнүн тең такымдарына кыскан мылтыктары, асынган тапанчалары, бирөөндө кылыч да бар. Бүткөн боюм дүр этти, бирок акылдан шашпай, даярдан дегендей кылып жолдошторума жаңдадым. Келе жатышат. Бирөө алдында. Төртөө артта окчун келет. Арткы төртөөнүн экөө маган тааныш. Маматтын жакшы көргөн жигиттеринен.

Өтүп кете берсин дегендей кылып жолдошторума ишарат бердим. Мына, алдындагы бирөө өттү. Тиги төртөө дагы менин тушумдан өтүп бара жатат. Албетте, булардын оңой менен колго түшпөстүгү белгилүү. Бирок кандай болсо дагы буларды колго түшүрүү керек. Бешөө тең сайдын таманына токтоду. Эки жакты көрсөтүшүп:

– Кайсы тарапта болду экен?

– Отряд бүгүн көрүнбөдү.

– Өзгөнгө кетти, же өргүп жатышат, – деп кандайдыр акыл курушат. Демек, буларды куткаруу болбойт.

Тарс! Тарс! Тарс!..

Үчөөбүз үч атып жибердик. Жалп этип экөө аттан кулап түштү. Дагы аттык... Бирөөнүн аты, бирөөнүн өзү жыгылды. Бешинчи киши соёдой болуп сай менен ылдый качты. Атына ок жаңылганы суунун боюндагы топ бадалга кире качты. Качкан басмачыны кубалоого мүмкүндүк болбоду. Анткени бадалга кире качкан басмачы кылт этсек чуу дегизе бир коёт. Биз атууга ыгы келбеди. Тек курулай ата берүү пайдасыздай болуп чыкты. Атпагыла дегенсип жолдошторума ишарат кылдым. Мылтык үнү бир аз токтолду.

Күн батууга жакын калды. Эгер түнгө калса, бадал арасындагы басмачынын кутулуп кетери сөзсүз. Бадалдагы басмачыдан ок чыкканда, өйүздөгү жолдошумдун аты жыгылды. Ал ат мурунку жерге турбай, мылтык үнү менен чочуп көрүнөөгө чыкты эле. Мылтык үнү чыккан сайын басмачылардын аттары тегеренип кетет. Бир боз ат келген жолуна салып кайра жөнөп калды. Албетте, айбан да болсо кайра жиберип, басмачыларга кабар салдырууга болбойт. Мен аттым. Мылтык үнү чыкканда боз ат тегеренип, тегеренип тура калып кишенеп жиберди. Төмөн биз келген тараптан эки удаа мылтык үнү чыкты.

– Биздикилер келе жатат! – деп атын окко учурган жолдошум кыйкырды. Мен унчукпа деп ишарат кылдым.

Үчөөбүздүн аңдыганыбыз бадал ичиндеги басмачы. Окко учкан үчөө жатат...

– Тигине биздикилер, – деп жогорку зоонун түбүндөгү жолдошум үн салды. Аңгыча тиги бадал арасынан мылтык үнү тарс эткенде жолдошум оң колун чапчый олтура калды. Билдим... Жолдошумдун колуна ок жаңылды.

Күн уясына карап кылкылдоодо. Төмөнкү кезеңдеги борчук таштын кычыгынан командир көрүндү. Сайдын таманындагы сулап жаткан үчөөнү жана аттарды көрдү. Бирок балдар кайда, жоо кайда дегенсип, дүрбүсү менен айландыра карайт. Мен командирге белги берүү үчүн мылтыгымдын учуна калпагымды сайып жогору көтөрдүм. Бадал ичиндеги басмачы тарс бир койду. Арийне, жоонун кайда экендигин командир дагы билди. Топ карагандын арасына келип, граната жарылды. Менин жолдошторумду жарадар кылып жана биздин баш бактырбай аңдып отурган басмачы сендиректеп, бадалдан чыга келип жыгылды.

Мен ордуман тура калдым. Маңдайдагы менин жолдошум дагы тура калды. Биз турганда айланага өңүп жетип калган жолдоштордун бардыгы тура калышып:

– Амансыңарбы? – дешти.

– Аманбыз, бирибиздин колубузга ок жаңылды, – деп мен жарадар болгон жолдошума карай жүгүрдүм.

Көп убакыт өткөрбөй басмачылар келген жолго салдык. Жарадар болгон жолдошубузду бир адам менен Өзгөнгө карай жөнөттүк.

– Чыныңды айт.

– Басмачылар кайда? Кайда бара жаттыңар эле?

– Силерге, – деп калтырайт колго түшкөн басмачы.

– Эмне үчүн?

– Кайда жатканыңарды чалуу үчүн.

– Басмачылар алыспы же жакынбы?

– Өлчөй барсаңар билесиңер, – дейт басмачы какшыктап. Ушинтип колго түшкөн басмачы оң жооп бербеди.

Бул басмачы бая төмөн карата соёдой болуп качып кеткен басмачы, төмөн качып бара жатып биздин жолдошторубузга кабылган эле. Алар атын ыргыта атып, өзүнүн оң колун жарадар кылып кармап келишкен.

– Жолдоштор! Миң кылган менен душман душмандыгын кылат. Канчалык саймедиресе да душман чынын айтпайт, – деди командир. Айтылган сөз түшүнүктүү болгондуктан, биз командирдин сөзүн жактадык.

Командирдин буйругу боюнча, бир канча жогорулап барып, аттарды чалдырып, өзүбүз тамактандык. Биз ат чалдырып отурган жер азыраак түзөң, суунун бою, мындан башка жердин бардыгы аскалуу зоо, корумдуу борчук. Уламдан-улам күн бүркөлүп, жымыңдаган жылдыздар асманды каптаган кара булуттун далдасына жашынууда.

– Балдар, күн бүркөлүп келет. Бирок күндүн бүркөгү биздин ишибизге тоскоолдук кылбас дейм? – деди командир бизге карап.

– Тоскоолдук кылбайт, – деген көпчүлүктүн үнү бири-бирибизге кубат кошту.

– Жолдош Арзымат! Аттар чалынды. Балдар тойду. Кайратыңды чыңдап, кадимки айткан жолдоруңду башта, – деген командирдин буйругун алдым.

– Жакшы болот! – деп атыма минип, алдыга түшүп жөнөп калдым.

Секелек, Кара-Кулжа, Капчыгайдын тоолору менден жашырын эмес. Бардык жердеги байлар кончу конуштар, мал жайылчу өрүштөр көз алдымда турат. Мындан беш жылы мурун ушул тоолордо көрүнгөн байлардын коюн, жылкысын багып, ар кайсы бай, байбичелердин заардуу тилин, кан какшаткан уулуу сөздөрүн угуп келгенмин. Бул тоолордун конушу, өрүшү быякка турсун, кайсы жерде кандай окуялар болгондугу дагы эсимде турат. Жалгыз гана жолтоо, шумурай булуттун сурдангандыгы, күмүрөй түндүн күндөгүдөй болбой тургандыгы... Болбосо мен ыйлачу жерлерди, шордуу Кубат койчу эчки айдаймын деп учуп өлчү зоону, карала койду карышкырга жедирип мен таяк жечү арчаны, байлар улак тартып шерине жечү жерди, «сокур чалга барбаймын» деп Салый муунуп өлчү конуштун бардыгын жолдошторума көрсөтпөс белем?

Бир канча жол жүрдүк. Жол татаал жана түн караңгы болгондуктан, каалаган жерге жете элекпиз.

– Эмнеге токтодуң, жолдош Арзымат? – деди командир.

– Ушул жер кысык. Эки тарабы зоо. Сайдын таманы калың корум. Бул корумдан караңгы түндө эмес, күндүз өтүү дагы кыйын, – дедим.

– Башка жагында жол жокпу?

– Мына бул сол тараптагы бийик бет менен чоң зоонун шилисине чыгып, анан ылдый түшүүгө болот. Андан ары жол жакшы.

– Аттар чыга алабы?

– Караңгыда аттарды чыгаруу кыйын болор.

– Эмесе, жөө чыгып жолду байкайлы! – деп командир баш болуп алты киши жөнөп калдык. Зорго зоонун шилисине чыктык.

– От!..

– Мына, басмачылар ушул жерде экен.

– Дароо ушул отту тегеректөө керек! – деди командир. Аттарга киши таштап, команда боюнча отту тегеректөө үчүн илгерилеп калдык.

Кабагын бүркөгөн кара булут тарап, ак берметтей жаркырап асман жылдызы көрүндү. Таң кабарын айткансып, чыгыштан чолпон нурун чачты. Таң сакчысы кээ бир чымчык үн салды. Сайдын суугу шарылдап, туш-тараптан түркүм булак сайга карап атылат. Дагы эле от балбылдап күйүп жатат. Бирок от жээгинде эч адам көрүнбөйт. Таң сүрө делинген жерлерге жеттик. Командирдин белгисин күтүүдөбүз. Уламдан-улам жер жарылып ак, кара таанылды. Бирок биз күткөн басмачылар бул жерден чыкпады. Бул от басмачылардын амал менен жагып кеткен оту экендиги маалым болду. Көп кечикпей аттарды алдырып минип, басмачылардын изин куудук.

– Булар биз келе электен мурун кеткен, – деди командир.

– Кечүүдөгү жана саздагы издерге караганда, кечинде кетишкен көрүнөт, – дедим.

Шашкеге чейин из кууп, өзөндүн башына чыктык, эч нерсе билинбейт. Басмачылардын изи чыгыштагы кырга карап капталдап кетти. Биз бул изге салбай, түштүккө карап чалкалаган кокту менен тоонун чокусуна карап жөнөдүк. Аттарды жөө жетелеп, коктунун таманы менен араң дегенде чокуга чыктык. Командир экөөбүз чокунун так найзадай төбөсүнө чыктык. Мына, бардык жер көрүндү. Алда кимди жашыргансып, кай бир кокту, жыбыттын таманы көрүнбөйт. Бул чокудан жөнөсөң Капчыгайга, андан ары Алайга барууга да болот. Түштүк чыгышка жөнөсөң Ой-Тал – АлайКууга барасың. Эгер чыгышка бет алсаң, Арпага барууга да болот. Бирок биз жер кыдырган саякатчы же жер өлчөгөн ченчи эмеспиз го! Командир дүрбүсүн алды да бардык жерди карады. Акырында төмөнкү чоң өзөндүн ичин карап туруп:

– Көзүм талып кетти. Тетиги төмөнкү секиде бир нерсе кыбырайт. Эмне экендигин ажырата албадым. Сен карачы! – деп командир дүрбүсүн мага берди.

– Кайсы жерде?

– Үч суунун куйганы көрүндүбү?

– Көрүндү!

– Ошондон ары сары журт турабы?

– Турат.

– Ошол журттан аркы секиде эмне бар экен?

– Киши.

– Жөөбү?

– Ооба, ордунан турду! Ылдый басты. Тигине, оттоп турган атына келди.

– Кана, – деп командир дүрбүсүн алып карады.

Ал киши атын минип, бери келет. Командир экөөбүз тең алмай-телмей карап турабыз. Аңгыча болбой, түндө биз келген тараптан эки аттуу чыкты. Аттарды далдага кармоого жана эч кимге көрүнбөскө командир тарабынан буйрук болду. Басмачылар менен биздин из ажыраган жерге келип, эки адам токтолду. Аттан түшүп, издерди карашты. Акыры биздин изге салып экөө жөнөдү. Тиги сайдагы жалгыз атчан дагы жогорулап келе жатат. Бизде кыймыл жок. Эки аттуу тердеп-кургап, биз турган жерге жакын келип калды. Биз болсок бардык ишке даярбыз. Мына, жонго чыгууга аз калышты.

– Бүгүн эртең менен кеткен из көрүнөт.

– Кээ бир жерде орус такалуу аттын изи бар экен.

– Алардын атында орус такалуусу жок дейсиңби?

– Ким билет.

– Биздин отряд көргөн жок го дейм?

– Көрсө коёт беле?

– Бу отряддар кайда болду экен?

– Кечеги биз жиберген киши айтып барды го, «тетиги төмөн сайда жатат» деп.

– Чын эле отряддар бул жерге кайдан келсин.

– Бул жерге ким келет? Кудай ишин оңдогон «кыдыр», барам «колдогон» Мамат гана келет да.

– Ырас, ырас... – дешип, ташка көчүгүн коюп, келген тарабын карап отура калышты.

Командирдин жандоосу боюнча булардын артындагы ташка жамынып турган балдар жылып жетип калышты.

– Көтөр колуңарды!

– Унчукпагыла!

– Кыймылдабагыла!

– А-а-а.. айланайындар!..

– Биз силерге келе жатабыз...

– Эмне үчүн?

– Силердин отрядга жардам кылуу үчүн...

– Ыракмат жардамыңарга, – деп командир опус кылууга буюрду.

Экөөнүн жанынан бир бардаңке, бир беш атар, эки тапанча, эки жүзгө жакын түрдүү ок жана алтын, күмүш акча чыкты. Бул экөөнүн бири – Оштун түрмөсүнөн качып чыккан эски басмачы, экинчиси – Ош районунан качып чыккан эски миң башы Мырзакулбек. Ал эми бул экөөнүн чөнтөгүнөн чыккан «дубай-салам Мамат корбашыга» деген каттар. Ал каттардын сөзүн бул жерге кыпчып отуруунун сиз үчүн кереги жок чыгар, Айнагүл? Колго түшкөн эки адамдан сыр сурап отуруп чарчадык. Чын сырыбыз деп айтымыш болгон сөздөрүнө ишенүү кыйын. Капкайдагы качкындардын бизге келип кабылышы, кечиндеги беш басмачынын кагылышы, тетиги адамдын жалгыз отурушу кокус иш эмес. Күн кеч бешим. Биз ташка жабышып, таш арасындагы таш сыяктанабыз. Маңдайыбыздагы алыскы кырдан бир адам көрүндү. Колундагы таякпы же жаракпы, ажырата албадык. Ал жалгыз адам, алды менен жашырынган адам сыяктанса да, бара-бара ташка чыгып айланасын карады. Ана, жалгыз эмес, үчөө, төртөө, бешөө болду. Биз издегендер ошолор экенине шек кылбадык.

Күн батууга жакын калганда, баягы жөө адамдар аттуу болуп, сайдагы жалгыз адамга түшүп келишти. Бардыгы отуз ашуун адам, жалгыз аттуу менен амандаша, бардыгы тең бери жаккы каптал менен түндүккө карап жөнөп калышты. Биз буйдалбадык. Кырдын бери бети менен басмачылардын алды жана артын курчоого жөнөдүк. Мына, быяктан кечээ кечинде Өзгөнгө кеткен жолдошубуз бир канча адам менен келип бизге кошулду. Биз үчкө бөлүндүк. Биринчи бөлүк басмачылардын алдын тороого кетип барат. Экинчи бөлүк жыбыт ылдый түшүп, басмачылардын артынан чыгууга, үчүнчү топ кыр менен барып, дал төбөсүнөн чыгууга бара жатат. Күн кылкылдап батып бара жатат. Алдыңкы топ болжогон жерге жаңы жетти. Арткы топ душмандын артынан келе жатышат. Эт жүрөк түрсүлдөп, алда кандай алып учат. Күткөнүбүз команда...

Командасыз ок чыгаруу кыйын го? Болбосо карачы! Тептегиз бетте бара жаткан басмачылардын эчөөнү түшүрөр элем? Басмачылар тегиз беттен ары чыга бергенде алдыңкы топтон тарс этип мылтык үнү чыкты. Басмачылар жалт кайра качып, мылтык үндөрүн чыгарышты. Мына биз дагы пулемётту кармадык.

– Таштагыла жарагыңарды!..

– Көтөр колуңарды!..

– Жаныңардан үмүт кылсаңар, бирден чубап бери баскыла!

Тил албаска чаралары канча? Себеби такыр курчап алдык. Баш ийбесе баары бир өлөрүнө көздөрү жетет.

– Атпагыла, жан соога! – деп экөө-үчөө кыйкырып жиберди. Атуу токтолду. Жарактарын жана аттарын таштап, бирден чубап басмачылар келишти.

Тиги бир адам көйнөк, штанчан, жыңайлак, жылаңбаш атка таңылып турат. Үч-төрт бала жүгүрүп бардык. Бир кулагы кесилип, бир көзү чукулган бир киши. Бети-башы кызылала кан, ким экендигин таануу кыйын.

– Сен кимсиң?

– Мен...

– Атың ким?

– Ысмайыл...

– Ай! Шордуу, Ысмайыл, – деп жанымдагы жолдошторумдун бардыгы тең көздөрүнө жаш алып, орундарынан тегеренип кетишти.

Ысмайыл жашынан жетим өсүп, далайдын колунда малай жана чааракер болуп келген шордуу эле. Бирок өзүнүн зиректиги аркасында сабатсыздыгын жоюп, партия катарына кирген. Эки жылдан бери айыл советинин катчысы болуп келген. Басмачылар менен күрөшүүдө Ысмайыл көп баатырлык кылган. Ошондуктан, качып жүргөн басмачылардын жана колго түшкөн басмачылардын кай бири Ысмайылга мурунтадан эле каршы болучу. Ысмайылдын колго түшкөндүгүнө бүгүн эки күн болгон. Эки күндөн бери Ысмайылды өлтүрбөй кыйнап алып жүргөндөрүнүн себеби мындай болот: Ысмайылдын бойго жеткен карындашы бар эле. Ошол карындашын басмачылар алмак болушат. Жана айыл советинин төрагасы менен партия уюмунун катчысын өлтүрмөк болушат. Бирок басмачылардын көздөгөн адамдары колго илинбейт. «Жогорку үч адамды таап бер, кутуласың» – дейт басмачылар. Ага Ысмайыл көнбөйт. Үч адам өлгөнчө мен өлөйүн деп, басмачыларга сырын айтпайт. Ошондуктан, басмачылар Ысмайылдын кулагын кесип, көзүн чукуйт. Кыйнап жүрүп таптырып алабыз деген басмачылардын үмүтү чорт кесилип, Нурмат баштаган бир тобу окко учту.

Мен Нурматтын атын миндим. Дагы эки бала ат селбип минип, үчөөбүз Ысмайылды сарпоочтодук. Калган жолдоштор колго түшкөн басмачыларды айдап, Өзгөнгө келдик. Бирок Айнагүл, биз айдап келген кишилерди карачы. Көзүң менен көрбөсөң да, көңүл менен жүгүртүп байкап көрчү! Булар кимдер? Булар – байлар, манаптар... Кулак болгондор, кулак болорун билип качкандар... 27–28-жылдары жер-суусу менен малы-мүлкү опус болгондор... Биз үчүн жакшылык ойлобой, бардык жүзү каралыкты ойлоп жүргөндөр. «Колхозго ала берели» – деп атаң Жолдош айтып жүргөндөр да жок эмес.

Мына, Айнагүл, айылдан аттангандан берки аткарган иштерим ушул сыяктуу болуп келет. Жан аябай душмандар менен күрөшүп келебиз. Сени Нурмат алат экен деп капалануунун ордуна Эргеш акенин акылы боюнча, кайрат кылып, душмандарга каршы күрөштү күчөтүү үчүн алардын чириктерин чукуп, «Ленинчил жаш» газетасына жаздым. Райондук органдарга билдирдим. Эмне үчүн ушинеттим? Сени Нурматтын чеңгелинен куткаруу үчүн!.. Сени эски турмуш, дин чириктин кучагынан бошотуу үчүн. Сени менен дешкен шертти, айтышкан убаданы иш жүзүнө ашыруу үчүн!.. Сени менен кол кармашып, жыргалдуу турмуштун көркү, шайыр жаштардын шаанилүүсү, мисалдагы маанилүүсү, курбулар үлгүсү, күрөштүн өртү болуу үчүн!.. Сен бул тилекти тилештиңби? Жок!?. Себеби сен өз жоргосун өзү кудуткан, тилектештик милдетти унуткан; душманга күлө багып, чырагына май тамызган, айтышкан убада, дешкен шерттен жанган, ак ишти кара деп танган уятсыз, намыссыз, жүзү карасың...

Эгер уятсыз болбосоң, болгон чындыкты алдыңа барган милициялар менен тергөөчүдөн жашырасыңбы!? Эгер сен намыссыз болбосоң «жалганчы», «ушакчы» деп мени каралап, райондук кызматчылардын алдында менин бетиме көө жаап, душмандын бетине көшөгө тартып калкалап каласыңбы? Эгер сен жүзү кара болбосоң, газетке чыккан материал, Арзыматтын берген арызы жалган, Нурматты сүйөм, Нурматка тием деп тергөөчүгө арыз бересиңби? Болуптур... Өз күнүңдү өзүң көр... Өлчөгөн өмүрүңдү өзүң сүр! Сен тарткан көшөгөнү жыртып, сен калкалаган душманды биз талкалаганда сүйлөшөрбүз!..

Кош!.. Тергөөчүлөрдүн алдында мени «ушакчы», «жалганчы» деп күнөөлөпсүң, эми Нурматымды өлтүргөн кан ичер деп күнөөлө! Кат жазуучу: Арзымат».

– Мына, Арзыматтын каты ушундай жазылган, – деп кандайдыр терең убай менен Айнагүл үшкүрдү да, каттын башы түшүнүктүү жана чоң кубанычка салды. Бирок каттын акыры чоң күйүнүч. Айрыкча «уятсыз, намыссыз, жүзү кара» деген үч ооз сөзү денем үчүн уу, жүрөгүм үчүн атылган ок болду. Мен ыйладым... Ойлодум... Баары бир, эч нерсени чечип түшүнө албадым. Тек анын күнөөлөгөнүн ар түрдүү кылып жоруган болом.

Менин катым

Күндөн күнгө менин ал-абалым начарлады. Дене солуп, жүрөк муздады. Айланадагы кишилер жат, турмуш суз көрүнө баштады. Менин көрө турган күнүм, иче турган суум түгөнгөн сыяктанат. Бутумдун башы муздап, колдун башы чымырап, жүрөк уруудан тыйылчудай сезилет. Алда кимдин ардактап баккан кызыл гүлү, кезексиз керимселге учурап, каардуу сууктун капшабына кетчүдөй болот. Мен төшөк тартып жатканыма бүгүн беш күн болду. Эч жерим оорубайт, бирок мен өзүмө да, элге да оорудай сезилем...

Шордуу энем мени оору деп угуп көрүүгө бүгүн келиптир. Бирок энемдин жүзүнө карабадым. «Айнаш, жакшысыңбы? Эмнең, ооруйт?» деген суроосуна да жооп бербедим. Энем үчүн өлүм оозундагы киши сыяктанып көрүндүм. Айылдагы тамырчылар тамырымды кармап, табыптар тамак берет. Эмчилер эмдеп, домчулар домдойт. Түзөлүүнүн ордуна кайра начарладым. «Келиндин аягынан, койчунун таягынан» деген. Кара жолтой, кара бет болдуң, үзөңгүдөн бутуң түшө электе, эшиктен үйгө башың кире электе эриңди жалмадың. Сен кара жолтой эки беттин отуна так салбадың, же эки ооз кошок кошуп элдин көңүлүн албадың» деген Нурматтын ага, жеңелеринин сөзүн алда нечен ирет уктум. Албетте, мындай турмушка чыдоо кыйын го? Эки жолу качууну ойлондум. Бирок качканда кайда барам? Канчалык ойлонсом да жолум туюк...

Барар тоо, басар жол менин көзүмө көрүнбөдү. Миң кайтара ойлонсом да, өлүүдөн башка чара калбагандай сыяктанат. Бирок өлүмдөн мурда Арзыматка бир кат жазуу менин бүтүн турпатымды бийледи. Бул үйдө менден башка адам жок. Бул үйгө турууга акылуу Нурматтын иниси Калбаймат. Бирок Калбаймат менин алдыма чакырмайынча кирбейт. Нурмат менден мурун үч аял алган. Эң мурунку аялын туубайт деп коё берет. 1917–19-жылдары Нурмат басмачы болуп, даңкы чыгып турганда, Чыныгүл деген кызды зордук менен алат. Бирок Чыныгүл Нурматты чанып жуутпагандан кийин, Нурмат аны өлтүрүп коёт. 1920-жылы дагы бирөөнүн кызын зордук эсеби алат. Ал дагы Нурматты теңсинбейт, далай кордукту көрүп жүрүп, акыры 1928-жылы чыгып кетет. Андан дагы бала калбайт.

Эшикти ичинен бекиттим. Кабырчыктан калем жасап, кара боёкту сууга чылап, Арзыматка кат жаза баштадым.

...«Жаным, Арзымат!!! Мына бул кат жазып олтурган ак кагаз эмес, жүрөгүмдүн ички чели, мына бул кара сыя эмес, жүрөктөгү күйгөн кандын аккан сели!.. Мени көрбө, чалгы тийип солуп бараткан гүлдү көр, мени сураба, мөңгүдөгү музду сура... Мени сынаба, далкы баскан тузду сына!.. Сени уул, мени кыз төрөгөн энелерде не айып?.. Айып менде... Башында тилиңди албадым... Күндө бери каратып көзүңдүн курчун алган, жаш жүрөгүңө жалындуу чокту салган, көз ымдашып каш серпкен, убадасын орундабай терс кеткен – мен... моюнума алам, мен – уятсыз...

Эмгекчинин кыздары эркин ойноп, сүйгөнүнө барып, турмушка жаңылык салып, душманга каршы жарагын алып, эски салт, дин кагып бараткан кезде, жарганаттай жармашып душмандын үйүндө олтурган мен... Ырас, моюнума алам, мен – намыссыз!.. Каштай тунук сууга кара боёк салса, суу карарбайбы? Демек, жогорку эки далил менен менин жүзүм кара болбосо да карарбайбы? Анткени мындан башка далилди таба албадым. Сиз айткан тергөөчү менен милицияларды мен көргөнүм жок. Ушуга ишениңиз! Жана мен арыз дагы бергеним жок. Айта турган арман көп болсо да айтпаймын. Айткан менен да сиз үчүн пайдасыз чыгар... мейли... Аргасыз арман, чексиз кордуктар ичке кете берсин.

Сизден суранар жалгыз тилегим: эмки кошула турган жарыңыз жакшы болсун... Ылайым жакшы болсун! Жалын сөздүү, жайдары мүнөздүү, акылга кенен, бардык урматыңызга шай, кулун сындуу кумар көз болсун! Жесекчи кыбалуу кыраакы болбосо, жол чалынабы да, мүнүшкөрү жарашпаса, шумкар кыраан чыгып салынабы? Дал ушундай! Эр жигиттин алганы жарашпаса, алка жакасы ак болобу да, көңүлү сергек сак болобу? Ою эргип, акылы толобу да, элине эмгеги сиңип бак конобу? «Көптү көргөндөн сөз оку, көөнөрбөс кылып бөз току» деген эмеспи. Карап койсо «көрдү» деп, күлүп койсо «сүйдү» деп, бири-бирине жабыша калчулар аял-эркек арасында жок эмес. Бирок алар адамдын өмүрү теңдешсиз асыл жана кымбат экендигин билгендер го? Андайларга эмне, жыл маалына жеткирбей онду карап күлөр, онду сүйөр. Бирок ошондой сүйүүнүн, ошондой өмүр сүрүүнүн кимге кандай баркы бар? Жел учурган эбелектен не айырмасы бар?

Адам адамгерчилик менен бирин бири сүйүш деген нерсе теңдеши жок асыл нерсе го! Бирок учкаяк ойлуу, жеңил кыялдуу адамдарга сүйүшүүнүн не баркы бар. «Сүйөмүн» деп жалган айтып адамгерчилигин сатуу андай адамдар үчүн ашкан эрдик, чын адамгерчилик болуп сезилет го? Экөөбүздүн ортобуздагы сүйүшүүнүн сулуу жиби үзүлбөйт го дечү элем, душмандар тарабынан үзүлгөн экен. Чындыкты чымчып текшерет го дечү элем, чымчып эмес, күрөктөп да текшербепсиз. Бирок чындыгына жетер деген үмүт... Кошуңуз! Узартып жазууга дарман жок. Уламдан-улам жүрөк салкын согуп дене муздайт. Алда кандай суук көр көзүмө элестейт, Айнагүл» – деп катты жазып бүтүрдүм. Бирок кимден кантип берип жиберүү керек?

Душмандын бети ачылды

Эшикке чыгып, эки жакты карасам, эч ким көрүнбөйт. Айылдагы балачаканын бардыгы жогорку айылдагы тойго кетишкен. Жалгыз гана Тоту жеңем үйүнүн жанында бирдеме кылып жүргөндөй көрүндү.

– Айнагүл! Калбаймат үйдөбү? – деди Тоту жеңем.

– Жок.

– Берки үйдө ким бар экен?

– Эч ким жок, – дедим.

Кандайдыр шашкан адамча, кимдендир жашырынгансып эки жакты карай, Тоту жеңем келатат. Карим акем да тору атын минип, төмөн карата жөнөп калды.

– Тоту жеңе, Карим акем кайда барат?

– Кулу калпадан бир чейрек буудай алмак эле, ошого бара жатат.

– Жеңекебайым, ушул катты Лайлыканга жаздым эле, ала барып берип коёр бекен?

– Ала барып берсе эмне болот эле? Жанында эмеспи? Ой, Сааданын атасы! Бери келе кетчи! Карим акем теминип-кагына бастырып келип: – Эмне чакырдың? – деди.

– Мына бул катты Мырзакулдун кызы Лайлыканга берип койчу.

– Бул эмне кат экен?

– Эмне кат болор эле? Теңтушуна амандыгын билдирип жазгандыр да... Эч кимге көрсөтпөй Лайлыкандын өзүнө берип кой, – деди Тоту жеңем.

Тоту жеңем экөөбүз үйгө кирдик. Нурматтын канжары тийген жерим ырбап кетип, эмгиче айыга элек. Тоту жеңем бака жалбырак алып келип, жанчып тартты.

– Садагаң Айнагүл! Сага бирдеме айтайын деп эле коркуп айталбай жүрөмүн, – деди Тоту жеңем.

– Эмне айтайын дедиңиз эле? Кимден коркосуз?

– Нурматтын жакындарынан жана Маты менен Адылдан.

– Эмне үчүн?

– Иш көп садагаң! Ал иштерди бул айылдагылардын бардыгы сенден жана башка элден жашырып жүрөт. Аларга кошулуп акең экөөбүздү дагы Кудай уруп жүрдү. Бирок сенин ал-абалыңды көрүп туруп жүрөк чыдабады.

– Садагаң жеңеке, айтчы батыраак. Ал кандай иш эле?

– Сени Нурмат өлтүрөм деп жатканда, Адыл менен Маты келди беле?

– Ооба.

– Алар кайдан, эмне үчүн келип калганын билесиңби?

– Жок.

– Эмесе иш мындай, садагаң: Нурматтын эски басмачылыгын, Мамат корбашы менен байланыштуулугун, сени зордук кылып алганы жатканын жана дагы... дагы... башкаларын көрсөтүп, Арзымат тергөөчүгө арыз берет имиш...

– Ии...

– Дал ошол кездерде бул окуялардын бардыгы борбордун кезитине жазылып келип калат имиш...

– Анан?

– Анан райондук тергөөчү үч милиция менен атаңдыкына келет.

– Качан?

– Сени Нурмат мында алдырып келген түнү.

– Ошентип, тергөөчүлөр атаңды тергөөгө алат. Атаң болгон чындыктын бардыгын айтып берет. Бирок сенин кайда кеткениңди билишпейт. «Зайыбыңды ушунчалык урупсуң, балким, кызыңды өлтүрүп салган чыгарсың, аны ким билсин», – дешип тергөөчү атаңды камакка алат. Сени Нурмат алдырып келип иике кыйдырып жаткандыгы ошол эле түнү узун кулактар аркылуу районго маалим болот. Тергөөчү дагы баягы жолдоштору менен жөнөп калат. Тергөөчүлөр райондон жөнөгөндө Матынын досу Ашыр деген ат өлтүрө келип, Матыга кабар кылат. Маты менен Адыл чапкылап Нурматка келет. Алар келгенде Нурмат дал сени өлтүрмөк болуп жаткан болот.

– Анан эмне болот? – дедим. Бүткөн боюм калтырап барат.

– Анан алар Нурматты аттап-тондоп качырып жиберет. Маты менен Адылдын амалы боюнча «отко кийиребиз» демиш болуп, сени желмогуз кемпир Кундуз үйүнө алып кетет. Сенин алдыңа олпок, үстүңө үпчү болгонунун себеби ушул болучу, – деди да, Тоту жеңем акырын шыкаалап эки жакты карап: – Сен Кундуздукуна кетериң менен тергөөчүлөр келди. Нурматтын үйү кайсы? Өзү үйүндөбү? – деди тергөөчү. «Кече кечке жуук Куршабга кетти эле» – деди Маты. «Бирөөдөн аласа акчам бар, ошол тийсе, Ошко барып базарлап келем дегендей кылды эле», – деп жыртык казанды тап тешиктегенсип, Адыл Матынын сөзүн бышыктады. «Жумушуңуздар болсо, түшүңүздөр» – деп тергөөчүлөрдү түшүрүп үйгө кийиришти. Аңгыча Маты кой союп, Адыл чай кайнаттырып, бүлүнүп калышты. Маты менен Адыл катын-калач, бала-чаканын бардыгын жүрүү-туруудан тыйышты.

Тергөөчүлөр Нурматтын аялын тергөөгө ала башташты. «Азыркы заманда ар ким өзү билет, карыны сүйөмбү, жашты сүйөмбү, ал менин ишим. Газетке чыккан кабар жана районго берген Арзыматтын арызы таптакыр жалган. Атамдын айтканы дагы жалган. Себеби атам ашкан оома, келесоо киши. Арзыматты сүймөк турсун, Арзыматты сүйүү деген ой башыма да кирген эмес. Арзымат маган каршы. Себеби ал «мага тий» дегенде мен болбой койгонмун. Ошондуктан сүйгөн күйөөм Нурматка каршы жана мага каршы Арзымат түрдүү шумдуктарын чыгарып жүрөт. Ишенбесеңиздер арыз жазып берейин. Ал эми Нурмат болсо башынан бери жакшылык көрбөгөн кедей. Басмачы болмок турсун, басмачыга каршы күрөш ачып келген. Ишенбесеңиздер мына, эзилген кедей Маты менен Адылдан сураңыздар», – дебедиби.

– Ким?

– Нурматтын жаңы алган аялы!

– Садагаң жеңеке! Нурматтын кандайча аялы?

– Сени Кундуз отко кийирем деп алып кетери менен Насирдин аялын алып келип, сенин ордуңа отургузуша коюшкан болучу.

– Ошол Насирдин колуктусу: атым Айнагүл, Нурматтын аялымын дедиби уялбай?

– Ооба, андай жандими жүзүкаралар уялабы? Маты менен Адылдын айтканын айтып, үйрөткөнүн орундатат эмеспи?

– Анан эмне кылды тергөөчүлөр?

– Акең экөөбүз ойлодук: «Эми тергөөчүлөр Маты менен Адылдын кайырмагына илинди го» – деп, жок, илинишпеди. Чай да ичпей, эт да жебей аттанып кетишти. Бирок алардын мындайча кетишинде терең сыр бар эле.

Тергөөчүлөр кетери менен Маты, Адыл экөө тең районго чапкылап кетишти. Бирок алар жөн гана кетпей, айылдагылардын заманасын алдыүстүн кылды. «Кимде ким мындай-андай деп сөз чыгара турган болсо, мал-мүлкүнөн ажыратып, башын өлүмгө жиберебиз. Жанынан үмүт кылгандар жана кудайдан ыйман тилегендер оозунан жел чыгарбасын» – деп бардыгыбызды чогултуп алып кекетишти. Ошондуктан коркуп, болгон ишти акең экөөбүз сага айта албай жүрбөдүкпү, садагаң!.. - деп Тоту жеңем сөзүн бүтүрдү.

Мен жалынып-жалбарып жатып, Тоту жеңемин улуу баласын Арзыматка жибердим. Алда кандай кара булут калдайып, каран түн түшүрчүдөй сезилет. Эки бетимен эки өөп, Тоту жеңемдин ыйлап кеткенине караганда тек жанымдан үмүт аз. Анткени карч алышар убакыт, кан төгүшөр мезгил менин алдымда турат. Күн батууга жакын калды. Мен үйгө кирсем, үйгө кирип, тышка чыксам тышка чыгып, Калбаймат мени аңдууда. Үйдүн ичиндегилер эмне үчүндүр камылга көрүп жатышат. Мен качууга канчалык аракет кылсам да, мүмкүндүк болбоду. Жайкы гүлдөй ыргалган жаш өмүрүм баткан күн менен кошо батуучудай болот. Бастырманын астында эки ат турат. Калбаймат экөөнү тең токуду. Албетте, ал эки аттын бири мен үчүн токулгандыгы ашкере. Күн баткан кезде эки жараган ат минип, Насир менен Жума келди. Бирок бул экөөнүн келишинен мендеги мурунку коркунуч ого бетер көбөйдү.

– И... таажеңе кандай, жакшы турасыңарбы? Кайгы-капаң жокпу? – деп Насир мени колдон жетелеп, үйгө алып кирди.

– Айнагүл сыяктуу таажеңеңдин капасы болбой коёбу? Нурмат сыяктуу таякеңе кайгырып камыкпайбы? – деп Жума төр жакка барып олтурду.

Бирок экөөнүн эрин тиштеп, каш кагып, көз ымдаштарына караганда, кандайдыр чоң укмуш болору сезилип турат.

– Таажеңем өңүнөн азып калыптыр...

– Өлгөндөн да тирүүнүн күйүтү жаман эмеспи. Бирок андай доорду башыңан өткөрбөсөң билбейсиң да, – деп Жума Насирге кашын серпип койду. Анын бул какшыгы Арзымат жөнүндө экенин түшүндүм.

– Отурсаң таажеңе! Тагам өлгөндөн бери капа болуп жүрөсүң. Эрмектешип бир аз көңүлүңдү ачайын деп келдим, – деп тамашага шоотуп, Насир мени эшикке чыгарбады.

Эл жатар убакыт болду. Бирок тышта алда кандай окуялар болуп жаткан сыяктанат. Күн батары менен уктап калуучу Ташматтын (Нурматтын агасы) баласынын үнү чыгат. Кимдердир шыбыр-күбүр сүйлөшүп, ары-бери жүрүү-туруудан тыйылбайт. Тоту жеңемдин бая бир айткан сөздөрү уламдан-улам чындыкка жакындап келет. Адыл менен Маты Нурмат өлгөндөн бери качып жок, себеби ал экөөнү райондук органдар издеп калган. «Адыл менен Маты Кашкарга качып кетиптир» деген сөз элдин башынан аягына жайылган. Бирок Тоту жеңемдин айтууна караганда, ал экөө бүгүн бир шумдукту баштамак. Адыл менен Матынын шумдугунан мурун качууга аракет кылсам дагы, акидей асылып, ач кенедей жабышып тургандардан көз жазгыра албадым. Үйдө отургандар, тышта жүргөндөр, менин ары-бери басканымды гана эмес, көз карашымды да аңдууда.

– Жеңе, кийимдериңди кий, биз үчүн бул жердин ыңгайы кетти. Ошондуктан Капчыгай, Алай-Куу тарапка барып оокат кылалы деп жатабыз, – деди да, Калбаймат эки чоң куржунду алып, тышка чыгып кетти.

– Бул дурус акыл, – деди Насир.

– Албетте... Өлгөндөн калгандар өз тиричилигин кылалы дегенди ким жаман көрөт эле, – деп Жума Насирге көз ымдады.

– Баса десең, кийин, таажеңе, – деп Насир керегенин башындагы чапанымды алды.

– Жок, Насир жээним! Талкан чайнап берип баланы алдаган убактың өтүп кетти. Мен сени Арзыматтын тилектеши экен деп ойлоочу элем. Ал оюм бошко чыкты.

– Кандайча?

– Кандайча экенин менден өзүң жакшы билесиң?

– Какшыктабаңыз сулуу таажеңем?!.

– Какшык эмес, «жакшы жээним»?! Сен Нурматтын бир тууган жээни экениңди, Жума досуң экенин эми жакшы билдим. Силердин кылган кылыктарыңар башка адамдарга чыгарылбасын да эми сездим. Эми Жума экөөңө алдатпаймын. Мүмкүн, башым кесилип, каным төгүлөр. Бирок алдануу болбойт. Мүмкүн, канды кечип өлөрмүн. Бирок Кашкарыңа барып, азап чегип, зар-кайгыда өлбөсмүн, «жакшы жээним»!..

– Ким айтты сага Кашкарга барабыз деп? – деди Жума.

– Сен, – дедим. Үйдөгү олтургандар эмне үчүндүр селдее түшүштү. Жума алдыртадан Калбайматты карады. Отургандардын сыры ачылып, сыйкы бузулгандай боло түштү.

– Кана, даяр болдуңарбы? Эл аягы басылып, элдин бардыгы кызык уйкуга кирди, – деп Маты менен Адыл сырттан кирип келишти.

– Кайда жөнөмөкчүсүңөр?

– Сенин азабыңан!..

– Кайда?

– Кашкарга!..

– Ушунча киши бир кишинин азабынан коркобу? Кашкар эли чакырган жоктур?.. Айрыкча «тагим гадай» деген алдамчылар үчүн кашкардагыңар палоосун суутуп, чыгарып турган эмес чыгар?

– Аны убагында көрө жатарбыз, – деп Маты чап менин оозумду басты.

Башкалары колума жырым байлоо салды. Эки минутча убакыт өттү. Бардыгы тең айылдын жогору жагындагы кокту менен Кашкарга бет алып жөнөп калышты. Кашкарга карап бет алгандар жыйырма. Мени менен жыйырма бир. Адыл, Маты үй-бүлөсү менен, Нурматтын агасы, катыны, кызы менен, Жума энеси менен. Мен шордууга ээ болуп бара жаткан – Калбаймат. Насир болсо бизди узатып бара жатат. Булардын көзүнөн учканы – Кытай чети... Көздөп бара жаткан жери – Кашкар шаарынын чыгыш түндүгүндөгү черик эли. Мени Жума өңөргөн, бирок туйлаган кишини Жума жөн өңөрөбү? «Өлсөң өлүгүңдү Арзымат тапкыс кылам» – деп койчо өңөргөн. «Туйлаба» деп эки-үч ирет ээрге катуу ныктап койду. Уламдан-улам дем ала албай, барган сайын көзүм караңгылап, эсим оогансып баратат. Коктуну жогору карата өрдөй бергенде алдыбыздан мылтык үнү чыкты. Кетип бара жаткандардын бардыгы тең дыр берип оң тарапка качып калды. Бирок бул тараптан дагы мылтык үнү чыкты. Мен Жуманын колунан чыгып, жерге барып катуу тийдим...

Коркунучтуу кат

Күндөн күн, жумадан жума озуп, бир канча күндөр өттү. Адам эмес айбанга, кала берсе курт-кумурскага жана түрдүү өсүмдүккө кыш кабарын айткан саргылт сары күз кетип, мөңгүнү ээк алдынан көрсөткөн кыш келген. Ачык талаа актан чапан жамынып, аскалуу тоолор ак мөңгүгө айланган. Мен жаткан бөлмөнүн түштүк тарабы чоң-чоң көп терезе, күндүз эмес түнкүсүн да жарык болуп турат. Керебетте жатып, терезеден ары карасаңыз түрдүү жыгачтар көрүнөт. Бирок жайындагы жашылданган, күзүндөгү саргарган жалбырактан бөлөк эчтемеси жок. Тек залим кыштын зарпына чыдабай, ак бубактан тон кийгенсип, бактар арбайган бутактарын көрсөткөн болот. Батыш тараптагы терезени карасаң, Өзгөн шаарынын ортосундагы мунара турат. Ал мунарага көз токтотуп карасаң, алда кандай сырдуу жомокту баяндагансып, илгерки бир кылымдагы кул менен күңдөрдүн көз жашында жуурулуп, кандарынан жаралып, демдерине бышырылгансып, асманга карап боюн созот.

Узун кулактардын укканына, уламалардын айтканына караганда, «Ош менен Жалал-Абад шаарынан мурун Өзгөн шаары жаралган экен. Бул шаарда хандар куунап, кулдар куурап өткөн экен. Ошол хандардын бири ушул мунараны кул, күңдөргө салдырыптыр» дешип эл ылакап кылышат. «Жок, андай эмес, Өзгөндө пайгамбарым турган экен. Ошол пайгамбарым өзү үстүнө чыгып, баласы жерден кыш алып ыргытып берип турат. «Балам, мунара бүткөнчө эки жакты карабагын» – деп атасы баласына айтат. Бир күнү бала көтөрүп бир катын өтүп бара жатса, пайгамбардын баласы карап коёт. Мына ошол замат эле баласынын ыргыткан кышы атасына жетпей калат. Ошентип катындын кесепетинен пайгамбарымдын мунарасынын төбөсү бүтпөй калат экен» дешип динчилер кеп кылышат. Бирок мунаранын курулушун карасаң, баласы менен пайгамбарды элестетпейт. Ал мунара өз доорунун эриксиз уздарын, колу, буту чор болгон, ийиндери жоор болгон күң, кулдарын эске салып, ар адамдын оюна жараша элес берет.

Докторлордун айтуусу боюнча бөлмө ичине ары-бери басып турам. Түпсүз күлүк ойлор биринен сала бири өтүп жатты. Көз алдымда мунара жаңы гана курулуп жаткандай көрүнөт. Кулдар зарлап, күңдөр ыйлап, мунаранын кышын, ташын, ылайын жасап, зулумдардын катаалына малынып жаткандай болот. Мына ошол сыяктуу ойду:

– Мына жаным! Сиңа хат бар, койкаңа рахатланип отургачта укырсың. Дераза алдында күп утырырга ярамый, ато прастудица этарсың али, – деген Гафифа сестранын сөзү бузду.

Кызыл гүлдөй ыргалган өмүрүмдүн кыйылбай калышына себеп болгон жана жанымдай ысык көргөн Эргеш менен Тоту эле. Үчүнчүсү ушул Гафифа сестра. Мен керебетке олтуруп, катты окумакчы болдум. Бирок колум калтырап конвертти ача албадым. Конвертти жүз айландырып карасам дагы «Айнагүлгө» дегенден башка сыртына эчтеме жазылбаган. Бул кат кимден болду экен деген суроо оюмдан он кайталап өттү. Эгер атам менен Арзыматтын каты болсо, окубай гана айрып салуудан башка тазасы жок, ал экөө үчүн кыла турган жакшылыгымдын чамасы да жок. Өткөн жума күнү Арзыматтан кат келген. Бирок ал катты окубай гана айрып, Гафифа аркылуу жообун бергемин. Демек, андагы берген жообума караганда, эми Арзымат кат жазууга мүмкүн эмес эле. Катты ачып карасам, ким жазгандыгы белгисиз. Акырын көз жүргүртсөм ал кат мындай деп жазылган. «Жолдош Айнагүл! «Тулпарды тогунда сынаба, ачында сына, ай-ааламдагы элдердин кашында сына!»

«Эр жигитти эл ичинде сынаба, эл четинде сына, канжыгадан баш чечишкен, карыдан кан кечишкен жоо бетинде сына!» «Карышкырды сынасаң улак байлап кой, чычканды сынасаң каптагы унга капкан салып кой!..» деген экен. Сизге сыр көрсөтүү үчүн, болбосо бүкмөлөгөн сөздү айтып, чечендигимди көрсөтүү үчүн бул катты жазып отурганым жок. Бул катты жазууга
төмөнкү иштер себеп болду: кече күнү Маты, Адыл, Жума, Насир, Ташмат жана Калбайматтарга сот өкүмү болду. Албетте, мындай өкүмгө кубанарсыз. Бирок коркунуч дагы күчтүү... Кээ бир материалдарга караганда, сизди ошол ооруканадан барып өлтүрүүгө аракет кылып жүргөн киши бар имиш. Бул иштин чын-төгүнүн билүү үчүн аракет кылып жатабыз. Бирок сак болуңуз! Башка ооруну көрүмүш болуп барып сизге кол салбасын... Кошунуз!..» деген.

Мына бул катты ким жазгандыгы дайынсыз. Бирок ким жазса ал жазсын, мага тилектеш! Менин душманым жок эмес. Айрыкча Маты, Адылдарга сот өкүмүнүн болушу менин душмандарымды көбөйтпөсө, азайтпайт. «Мени өлтүрүүгө аракет кылып жүргөндөр ким?» деген суроо көз алдымда. Бул суроону ар кимге алып барып жабыштырам. Бирок чын же жалгандыгы дайынсыз. Балким, мени өлтүрүүгө Арзымат аракет кылып жүргөндүр деген кооп дагы менде жок эмес. Себеби мындай: Тоту жеңемин улуу баласы барып берген кабары боюнча Арзымат баш болгон эркин отряд чыгат. Бул отряд күн бата келип, эч адамга билинбей Нурматтын айылын тегеректеп калат. Маты, Адыл жана башкалары үй бүлөсү менен мени зордук кылып алып бара жатканда, атышып колго түшүшөт. Бирок кандай атышып, кантип колго түшүргөндүгү эмгиче маган табышмак. Анткени Матылар качып калганда, жанын куткаруу үчүн Жума мени таштап жиберет. Бирок мен жерге катуу тийгендиктен эсим ооп калат. Мени кош аттап, докторго алып келишет. Эртеси түштө эсиме келем. Мен эсимди жыйып, эки жагымды карасам, ак кийинген чоочун адамдар турат. Аларга катар Арзыматтын тургандыгын көрдүм. Мен чочуп башымды көтөрүүгө аракет кылганымда:

– Куркмагыз, куркарга ярамый. Биз сизниң гумириңизни тилийбиз, – деп бир татар аял көкүрөгүмдөн басып жаткыра, эки жагымды кымтылады. Ал аял Гафифа сестра экен. Докторлордун суроосуна жараша жооп бердим. Сол жакы жетим кабыргам сынып, үч-төрт кабыргам маталып калгандыгы жана төбөм айрылгандыгы докторлор тарабынан маалым болду. Арзымат кетер-кеткенче сүйлөп же ордунан кыймылдабады. Арзыматтын көрүнүшү эмне үчүндүр мен үчүн табышмак. Мен болсом Арзыматты тике карай албадым. Арзыматтан уялганымды же таарынгандыгымды өзүм да билбейм. Докторлор мага тамак беришти, дары беришти жана кабыргама, төбөмө дары сүйкөп таңышты. Арзыматты байкап турам. Бир сөз айтчудай болсо дагы айталбады.

Акыры чыгып бара жатып бурулду да:

– Айнагүл! Айта турган сөзүң жокпу? Менин... болсо... айта турган сөзүм жок, – деди. Бирок мага тике карай албады. Демек, бул өңдүү суроого жок деп жооп берүүдөн башка мүмкүндүгү жок го?

– Жок...

– Жок деген сөздү угамбы дедим эле, уктум! – деди да Арзымат чыгып кетти.

«Сен калкалаган душманды биз талкалаганда сүйлөшө жатарбыз деген сөзү эсимде. Демек, мен калкалабасам дагы калкаладың деген душманды талкалаганда, айтары ушул экен го деген ой менин жүрөгүмдүн терең жеринен орун алды. Анын үстүнө бир кана Таажы деген кемпир келип сүйлөшүп отурду да: «Айнагүлдү алганча энемди алам. Айнагүлдү тирүү койгончо өлгөнүм жакшы» деп Арзымат айтты, – деп бир канча сөздүн башын чатып кеткен. Мына бул окуяларга караганда, Арзымат мага каршы аракет кылып жүрүү дагы мүмкүн деген менин коркунучум чоң эле. Эл жатууга жакындап калды. Мен Гафифаны чакырып алдым, катты окуп берип жана болгон окуяны айттым. Гафифа өзүнүн акылын айтты да, менин үстүмө бейтааныш кишини кийирбөөгө убада берип, дежурный болуп турган бөлмөсүнө кетти.

Караңгыда кара кийген киши

Электр болбогондуктан, палатанын ичи караңгы. Түрдүү оору менен ооругандар түрдүүчө табыш чыгарып, түрдүү машакаттарды тартууда. Санаа санга бөлүнүп, сары убайымга түшүү менен уктай албадым. Алда кимдер терезеден карап тургандай сезилип, керебет кырч этсе, эшиктен бирөө кирип келе жаткансып, жүрөгүм болк этет. Бирок уламданулам мемиреп барам. Кара неме чүмкөнгөн бир киши эшиктен акырын кирди. Мага жакындап аягыма келди да, акырын бетим ачты. Жалт карасам Арзымат, жүрөгүм оозума тыгылып, керебеттен тура калдым.

– Качпа сулуу!.. Качканда барар жериң жок, – деп Арзымат көзүн чанагынан чыгарат.

– Арзымат! Сен мени өлтүрөсүң. Бирок менин күнөөмдү мойнума коюп өлтүргүн, – деп жан-жагыма карадым. Бирок экөөбүздөн башка адам былк этпейт.

– Кылган күнөөңдү эмгиче биле элексиңби? Уятсыз, намыссыз жүзү кара!.. – деп Арзымат канжарын сууруп алып, оң тарабыма ургандай болду. Мен жан соогалап, бакыра терезеден аттап тышка чыга качтым. Артымдан Арзымат дагы келет. Менде дарман жок. Кыйкырган менен үнүм чыкпайт. Тек жыгыла-тура, жан далбасалап качып келем.

– Башыңды кесип байланып кетем! – деп Арзымат артымдан кууп келет. Акыры кутулууга мүмкүндүк болбоду. Арзымат аркамдан өтүп, чачтан алып: – Кер маралдай керилип, көрүүгө качып кутулуучу сен эмес. Кекенгендей кек албай куткарып жиберүүчү мен эмес. Өмүрүңдүн акыры, арманыңды айтып кал! – деп канжарын жүрөгүмө такады. Бирок арманды айтууга тил келбеди. Тил келсе да айтууга Арзымат мүмкүндүк бербеди. Канжарын толгой кармап сайганда, буралып барып гана жыгылгандай болдум. Арзымат айтканымды укпай, артына кылчайып бурулбай кетти да калды.

Айлананы карап кимдендир жардам сурайм. Алдейлеп өстүргөн энемди чакырам. Эч ким жок. Күнүң бүттү, сууң түгөндү дегенсип, алыста бактын арасынан суу шылдырап агат...

– Жаным Айнагүл! Нарсага мынча терлагансиң? Алла бир жириң аурамы ни? – деп Гафифа башымды көтөрүп ойготту.

Палатанын ичи тынч алган сыяктуу. Таң атып калган. Мен аябай тердеп кыйналганмын. Жүрөгүм алып учуп, уктагым келбеди. Муздак чай жуттум да, көргөн түшүмдү Гафифага айта күндү чыгардым.

Жүйөөлөшкөндө

Күндүзгү саат эки чамалары болду. Бүгүн ооруларды кирип көрө турган күн болгондуктан, кирип-чыгып жаткандар көп. Бирок мурункудай эмес, элди аз кийирип, тез чыгарып жатышат. Мени болсо, жалпы палатадан жалгыз палатага кийришкен. Мурункуга караганда эч коркунуч жок. Бирок аябай эригүүдөмүн.

– Жаным Айнагүл! Сени көрарга бир матур йигит келди. Комсомол костюм билан маузер, наган тагынган.

– Ким экен?

– Фамилиясын сурамадым. Бир сүз билан айтканда, военный. Ниндийдир яриширин ишлар сурарга килса кирак.

– Кирсин. Бирок өзүңүз байкап туруңуз, – дедим.

– Ярый жаным! Балки руксат кылса янында турармын, – деп Гафифа чыгып кетти.

Эшик ачылганда жалт карасам – Арзымат! Жүрөгүм оозума тыгылды. Түндөгү түш көргөндөгү иштерим көзүмө элестеди. Арзымат жылмайып жерди карады да:

– Сакайдыңызбы? Кайгы-капасыз турасызбы? – деди. Муунум муунума тийбей калтыроо менен:

– Жакшы, – дедим.

– Өңүң эмне бузула түштү, жаным?

– Билбеймин.

– Же менин келишимди жактырбадыңбы?

– Ооба.

– Эмне үчүн?

– Эмне үчүн экенин билерсиз?..

– Эгер ал болсо билем, жаным!..

– Кайсы болсо?

– «Уятсыз, намыссыз, жүзү кара» деген үч ооз сөз болсо!..

– Андан башка болсочу? Жок, балким, унутуп калсам айтыңыз?

– Чыныңды айт.

– Чын, комсомолдук сөзүм!..

– Комсомолго жабышпа.

– Эмне үчүн?

– Эмне үчүн келдиң?

– Өзүң жөнүндө айткан каталыктарымды айтып, бир ооз кечирим суроого келдим.

– Чын сырыңды айт.

– Чыным, жаным!..

– Мени өлтүрүү үчүн келген жоксуңбу?

– Кандайча?

– Кандайча жол менен өлтүрүүнү өзүңүз билерсиз. Сиз үчүн жамандык кылган болсом мойнума коюңуз. Жок, менин айтканыма турсаңыз, мына бул катты окуңуз, – деп кечеги катты сундум. Арзымат катты карап турду да:

– Жаным! Бул катты мен жазгамын, – деди.

– Мына орундыкка утырып сүйлашигиз! – деп Гафифа Арзыматка орундук алып келди.

– Кече сизге катты ким берди эле? – дедим.

– Мына шул йигит узи бирган иди, – деди да Гафифа чыгып кетти.

Барган сайын бүткөн боюм чымырап, чекем тердеп, чабалдык кылгансып, катты Арзыматтын алдына суна койгонума уялып барам эмне үчүндүр, Арзымат да ыңгайсызданууда. Палатанын ичи тынчтыкта. Арзымат да жерди карап унчукпайт, мен да жерди карап унчуга албадым. Он минута чамасы болгондо:

– Жаным, Айнаш! – деди Арзымат. Бирок мен унчукпагандыктан Арзымат дагы тим болду. Көптөн кийин:

– Айнаш! Ата-энең тойго кетип, сен үйдө калып, айлуу түндү паана кылып, экөөбүз антташкан түндөр эсимде! – деди.

– Менин дагы эсимде, – деп зорго гана айттым.

– Ырас... Ал түндү өлгөнчө унутушпайбыз го дечү элем.

– Эми унуттуңузбу?

– Жок, жаным! Унутканым жок. Бирок душмандар унуттурууга аракет кылышты.

– Ошол үчүн «уятсыз, намыссыз, жүзү кара» деп тилдедиңизби?

– Ооба... Тилдедим, жаным! Бул каталыгымды кечиргин. Бирок жаным, тилдегенимдин чындыгы да бар. Барган адамдар «кезиктик, текшердик, мына арызы» десе ишенүүгө болобу?

– Болот...

– Демек, мен ойлодум: ата, энесин аяп, чындап бузулган экен, душманды калкалап менден көңүлү бурулган экен деп. Ал эми чындыгына келгенде иш башкача болуп чыкты. Өзүңүздүн тергөөчүгө берген жообуңуз жана соттун сурагындагы болгон окуядан жана жазган катыңыздан улам иштин жайын толук түшүндүм.

– Туура. Бирок «сыныктын жаманы кыйшык таңылганы, жигиттин жаманы оозунан жаңылганы» дептир, – дедим.

Арзымат экөөбүз унчукпай дагы көпкө олтурдук. Айлана тынчтыкта, андасанда гана оорулуулардын онтогон табышы коңшулаш палатадан угулат. Чындыгында Арзыматты коркутуп жана уялтып олтурган жерим жок. Кайра өзүм уялып, эмне деп айтарымды билбей тек Арзыматты гана жыгылыштуу кишисинтем. Чындыгын алганда, менде дагы ката, кемчиликтер көп эле...

Барган сайын Арзымат экөөбүздүн ортобуздагы көз караш жылуу тартат. Экөөбүздүн ортобузда кандайдыр эки кубат пайда болуп, биринбири тарткандай сезилет. Жашынбак ойногон жароокеримсинип, алда кайдан Алай тоосу башын көрсөтүп, терезеден карап тургандай болот. Бүткөн боюм чымырап, бетим ысып тамылжып, жүрөгүм алып учат. Душмандардын кылган кылыгын унут, Арзыматыңды мурдагыдай сүй дегенсип, азоо жүрөк тык-тык урат...

– Айнаш, тап душмандардын кыянаты аркасында далай кыйынчылыктарга кез болдук. Бирок ал кыйынчылыктарды кыйраттык...

– Туура!

– Ошондуктан...

– Ошондуктан?..

– Баштан өткөргөн кемчиликтерибизди кечиришели!

– Албетте, сиз кечирсеңиз мен неге кечирбейин.

– Кечирдим, жаным!

– Мен дагы!...

– Колуңузду кармоого болобу?

– Өзүңүздөн башкага колумду карматпагандыгыма... – дегенимде бүткөн боюмду чымыратып, имере кучактап, Арзымат бетимен өптү, – дегенде автомобиль аркырап айылга кирип барды.

– Мына, биздин колхоз ушул, 1930-жылы уюшулган. Ошондон бери мен башкармамын. Колхоздун жетишкендигин маган айттырбай өз көзүңүз менен көрүңүз, – деди Айнагүл.

– Эң жакшы болот! – дедим.

– Ал эми тиги Кызыл Туу алган кызыл-тазыл болсо бактылуу заманыбыздын болоттой жетилген уул, кыз, келиндери Эл аралык жаштар күнүн майрамдап жүргөндөгүсү. Туу көтөрүп бара жаткан кыз комсомол уюштуруучубуз. Анын эки жагындагы Арзымат менен Эргеш акем! – дегенде биз дагы алардын тушуна жеттик. Мен Эргеш жана Арзымат менен тааныштым.

– Кадырлуу жолдоштор, мен Канабатка барып, тапшырган кызматыңыздарды орундатып келдим. Эгин төгүү планыбыз 105 % толгондугун угузуу менен майрамыңыздарды куттуктаймын! – деп Айнагүл сөзүн бүтүрдү.

Тотуй токсон кулпурган кыз-келиндер, тобурчактай булкунган уландар Айнагүлдүн сөзүн каршы алып кол чаап, кубанычтуу обон ырдап, шаңдуу жүрүш менен арымдарын кере таштап, алга кадамдашты.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз