Мусулман дүйнөсүндөгү авторитаризм жана артта калууну эмне менен түшүндүрсө болот?

  • 16.03.2022
  • 4989

Сан-Диего мамлекеттик университетинин саясат таануу илиминин профессору Ахмет Куру авторитаризм өкүм сүргөн жана калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн 50 өлкөдөгү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү талдаган.

Курунун “Islam, Authoritarianism, and Underdevelopment: A Global and Historical Comparison” (“Ислам, авторитаризм жана начар өнүгүү: глобалдык жана тарыхый салыштыруу”) аттуу бул китеби (Кембридж университетинин басмасы, 2019), эки академиялык сыйлыкка ээ болгон. Китеп тогуз тилге которулган.

CAA Network платформасына курган маегинде Ахмет Куру мусулмандар коомчулугунун өнүгө албай жаткан себебин жана алардын агартуучулукка басым кылганы менен тарыхта калган “алтын доорун” кандай факторлор менен түшүндүрсө болорун айтып берди.

– Сиздин китебиңиздин негизги аргументи мусулмандар көпчүлүктү түзгөн коомдордун артта калышы мусулман диний лидерлери (аалымдар) мамлекеттин ажырагыс бөлүгү болгондугу менен түшүндүрүлөт. Муну тактап бере аласызбы? Сиздин аргументиңиз Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкага багытталганбы? Мисалы, Борбор Азиянын байистүү (светтик) өлкөлөрүндө мындай уламалар менен мамлекеттин биримдиги жоктой же түздөн-түз колдонулбагандай?

– Менин китебимди Евразиянын, өзгөчө Борбор Азиянын айрым аймактарындагы окурмандарга тааныштыруу мүмкүнчүлүгүн берген маегиңиз үчүн алдын ала ыракмат айтам.

Борбор Азия – мусулмандардын 9-11-кылымдар аралыгында илимде жана экономикада ийгиликтерди багынткан “алтын доорунда” чечүүчү роль ойногон чөлкөм.

Менин китебимде аль-Фараби, аль-Хорезми, Ибн Сина, Бируни жана башка мусулман полиматтары философияга, математикага, медицинага, оптикага жана илимдин башка ар кандай тармактарына чоң салым кошкондугу тууралуу кеңири баяндалып, алар жашап өткөн мезгил сүрөттөлгөн. “Алтын доордо” мусулман коомчулугу континенттер аралык соода жүргүзүүгө жетишкен, финансылык институттарды өнүктүргөн. Чек жана алмаштыруу векселдерин жүргүзгөн экономикалык ишкерлердин динамикалык классы түптөлгөн. Мусулмандар өнүгүүгө кадам таштаган кезде Батыш Европа илимий жана экономикалык жактан кыйла артта болгон.

Менин китебимде Борбор Азияда, Жакынкы Чыгышта жана Түндүк Африкада 9–11-кылымдар аралыгында болуп өткөн илимий жана экономикалык өнүгүүнүн эки өзгөчөлүгү баса белгиленген.

Биринчиден, бул өнүгүүгө ар кандай диний чөйрөдөгү адамдардын: сунний жана шиий мусулмандары, агностиктер, христиандар, еврейлер ж.б. топтордун биргелешкен аракети түрткү болду.

Албетте, мусулмандар үстөмдүк кылып турган, бирок башкалар менен да кызматташып, алардан көп нерсе үйрөнүшкөн. Экинчиден, бул мезгилде ислам аалымдары (уламалар) менен мамлекеттик бийлик органдарынын ортосунда кандайдыр бир деңгээлде бөлүнүү болгон.

Абу Ханифа, Малик, Шафии, Ибн Ханбал сыяктуу алдыңкы инсандар баш болгон уламалардын басымдуу бөлүгү мамлекеттик кызматчы болуудан баш тарткан. Дин менен мамлекеттин минтип бөлүнүшү “алтын доордун” философиялык динамизмине олуттуу салым кошкон.

Ошого карабастан, 11-кылымдан кийин Борбор Азияда, Иранда жана Иракта көп баскычтуу кайра жаралуу процесстери жүргөн. Ошол кездеги экономикалык кризис жер кирешелерин бөлүштүрүүнүн мамлекеттик борборлоштурулган системасынын, “ыкта” системасынын институтташтырылышын шарттады.

Ошол эле учурда ашынган шииттик күчтөрдөн улам катуу алсыраган Багдаддагы Аббасид халифтери сунний султандары менен уламаларды биригүүгө чакырышты. Бул чакырык кээ бир шииттерди, рационалист теологдорду (мутазилийлер) жана философторду “динден чыккандар” деп бөлүп, аларды өлүм жазасына тартууну да камтыган. Чакырыкты Орто Азия, Иран, Ирак жана Анадолунун көпчүлүк бөлүгүндө жаңы пайда болуп, үстөмдүгү артып бараткан түрк аскер күчтөрү — Селжук империясы кабыл алган. Мурда көзкарандысыз ислам аалымдарын каржылап келген соодагерлердин социалдык ролу селжуктар тарабынан чектелип, жарым феодалдык “ыкта” системасы кеңейтилген.

Селжуктардын улуу вазири Низам ал-Мүлк каржы боштугун Низамия аталган бир катар медреселерди негиздеп, толтурган. Бул медреселер мурда бири-бирине атаандаш болгон фыкх жана акыйда (ишеним) мектептерин синтездөө менен суннийлик таза ынанымдын (ортодоксия) түптөлүшүнө көмөктөшкөн. Ал аалымдар шииттерге жана башка алсыз ишенимдеги топторго каршы мамлекетти колдогон сунний уламаларды чыгарууга кызмат кылышкан. Демек, мен “аалымдар жана мамлекет альянсы” деп атаган нерсе 11-кылымда Орто Азияда, Иранда жана Иракта селжуктардын тушунда пайда болгон. 11-кылымдан 14-кылымга чейин селжуктардын “аалымдар жана мамлекет альянсынын” модели Сирия, Египет жана Түндүк Африкадагы башка сунний мамлекеттерине, өзгөчө Мамлюк империясына тараган.

15–18-кылымдар аралыгында Осмон, Сефевид, Могол империялары аалымдар жана мамлекет альянстарынын өз алдынча версияларын түзүшкөн. Бул империялар аскердик жактан күчтүү болгон, бирок алар алгачкы мусулмандардын интеллектуалдык жана экономикалык динамизмин жандандыра алган эмес, анткени ага чейин философторду жана маргинал соодагерлерди жок кылышкан. Анын үстүнө, алар жүз жылга чейин басма технологиясын кабыл албай коюшкан.

19–20-кылымдарда Осмон империясында, Египетте жана колониялык аймактардан чыккан көптөгөн реформаторлор “аалымдар жана мамлекет альянсы” мусулман коомчулугунун өнүгүшүнө тоскоол болгонун моюнга алышкан.

Аларды реформалоо аракеттери үч негизги себеп боюнча ишке ашкан эмес. Биринчиси – аалымдардын каршылыгы. Падышалык Орусияда Исмаил Гаспринский жана башка жадидчилер мусулмандардын билим берүү системасын реформалоого аракет кылганда катуу каршылыкка кабылган. Экинчи себеп – бүткүл мусулман дүйнөсүнүн колонияланышы. Эгемендик болбосо, өнүгүүгө чындап жете албайсың. Үчүнчү жана акыркы себеп – реформачылардын саясый каталары. Осмон империясы, Республикалык Түркия сыяктуу эгемен өлкөлөрдө да реформаторлор авторитардык модернизация саясатын коргоп, аалымдарды бюрократтарга алмаштырган. Бул реформаторлор интеллектуалдык класстын же экономикалык ишкерлер арасында таптын пайда болушуна чындап дем берген эмес.

Көрүнүп тургандай, Борбор Азия мусулмандардын алгачкы “алтын доорун”, 11-кылымдан кийинки “аалымдар жана мамлекет альянсы” пайда болушун жана уламанын таасирине каршы күрөшүүгө багытталган заманбап реформа аракеттерин талдоо абдан маанилүү.

Борбор Азиядагы байистүү беш республика жана Азербайжандагы аалымдар расмий ролго ээ эмес деген сөзүңүзгө кошулам. Бирок менин анализим бул секулярдык республикалар үчүн дагы деле актуалдуу. Менин китебим саясый, диний, интеллектуалдык жана экономикалык класстар өз алдынча иштей ала турган жана эч кимиси башкаларга үстөмдүк кыла албаган системаны сунуштайт. Мындай система чыгармачыл интеллигенцияны жана динамикалуу экономикалык ишкерлерди таптап чыгарат. Бирок бул алты секулярдык республикада мамлекеттик борборлоштурулган системалар бар. Алардын аалымдары өз алдынча эмес; тескерисинче, аалымдар бул республикалардын дээрлик бардыгында мамлекеттик кызматкерлер. Андан тышкары, алардын көбүндө өзгөчө мунай жана жаратылыш газына, ошондой эле ижара акысына таянган экономикалык системалар калыптаган. Демек, светтик режимге ээ болгонуна карабастан, бул республикаларда дин менен мамлекеттин чыныгы бөлүнүүсү да, динамикалуу интеллигенция жана экономикалык ишкерлер пайда боло турган система да жок.

– Сиз мусулмандардын алгачкы илимий жетишкендиктери тууралуу айттыңыз. Фред Старрдын “Жоголгон агартуу” аттуу эмгеги өтмүштөгү көптөгөн мусулман интеллигенттерин өзүнүкү катары эсептеген борбор азиялыктардын көпчүлүгү үчүн абдан баалуу китеп. Ошондон берки интеллектуалдык жактан алсыроо көбүнчө монголдордун чабуулу менен түшүндүрүлөт. Кээ бир окумуштуулар монголдордун тушунда да олуттуу илимий иштер жасалган деп эсептешет. Китебиңизде монголдордун чабуулунун ролу жөнүндө эмне айтылат?

– Менин китебимде 12-14 кылымдар аралыгындагы монголдордун чабуулу жана крест жортуулдары, алардын шаарларды талкалап, көптөгөн мусулмандарды кантип өлтүргөнүн талдаган атайын бөлүм бар. “Аалымдар жана мамлекет альянсына” монголдор да, кресттүүлөр да терс таасирин тийгизген. Бир жагынан Египетте Айюбилер, андан кийин Мамлюктар жана Мароккода (Андалусияда) Бербер династияларынан башка көпчүлүк мусулман мамлекеттеринин кулашы альянсты алсыраткан. Экинчи жагынан, монголдордун жана крест жортуулдарынын коркунучтары көптөгөн мусулмандарды баскынчыларга каршы аскерий мамлекеттен да, баскын жана кыргындын оор шарттарынын маанисин түшүндүргөн аалымдардан да коргоочу издөөгө түрткөн. Мындан тышкары, кресттүүлөрдүн “диний согушка” басым жасашы мусулмандар арасында да ушундай сезимдерди жаратып, “аалымдар жана мамлекет альянсын” бекемдеп, күч-кубатын арттырган.

Сиз баса белгилегендей, монголдордун чабуулу экономика жана илимдин өнүгүшүнө кедергисин тийгизген. Бирок Евразияны саясый жактан бириктирүү аркылуу мусулман соодагерлерине кандайдыр бир мүмкүнчүлүктөрдү бергенин да айта кетүү керек. Монголдор жаратылыш илимдерине кандайдыр бир салым кошкон. Айталы, Марагадагы (Азербайжан) обсерваторияга колдоо көрсөтүшкөн.

Анткен менен жалпысынан алганда, монголдор да, кресттүүлөр да көптөгөн мусулман шаарларында соода жана илимий иштерди аксаткан. Монгол баскынчылары Борбор Азиядагы ирригациялык системаларды талкалап, көчмөн малчылыкты өнүктүрүү менен өзгөчө зыян келтирген. 1999-жылы Түркмөнстандын Көне-Үргенч (Köneürgenç) калаасына баргам, андагы эл азыркы күнгө чейин шаарды монголдор талкалап салганын аңыз кылып айтышат.

– Эми азыркы учурга келсек. Сиз Орус империясынын тушундагы жадиддер тууралуу айтып өттүңүз. Борбор Азия айрыкча, Татарстан Орусиянын интеллектуалдык жана маданий таасиринен улам кызыктуу мисал болуп бере алат. Бирок 20-кылымдын башында жадид катары бардык жеке инсандар жана азыркы Борбор Азиянын эгемендүү республикалары анча прогресске жетишпегени, тескерисинче алар коррупция, жакырчылык, билимсиздик, зордук-зомбулук өңдүү көйгөйлөрдү жеңе албай жатканы айтылып келет. Китепте сиз Батыш колониализми бир кезде Европа өлкөлөрүнө күнкор болгон мусулман коомчулугунун көйгөйлөрүнүн түпкү себеби деген жүйөгө макул эмес экениңизди өзгөчө белгилепсиз. Бул кырдаалда орус колониализминин ролу кандай? Колонизаторлуктун айрымдар айткан артыкчылыктарын Борбор Азияда көрөсүзбү? Советтер Союзу (империялык Орусия эмес) мектептерди куруп, китептерди которуп, университеттерден билим алууга мүмкүнчүлүк берген. Батыш колониализми мындан кескин түрдө айырмаланганбы?

– Биринчиден, авторитаризм жана анын айынан артта калуу Борбор Азияда гана эмес, башка мусулман өлкөлөрүндө да бар. Бүгүнкү күндө калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн 50 өлкөнүн ичинен бешөө гана шайлоо демократиясына ээ. Мусулмандар басымдуу өлкөлөрдө өнүгүп-өсүү темпи өтө жай. Муну социалдык-экономикалык критерийлерден улам көрүүгө болот, мисалы, ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) көлөмү, адам өмүрүнүн узактыгы, билим берүү жана сабаттуулук деңгээли дүйнөлүк орточо көрсөткүчкө салыштырмалуу төмөн.

Бул көйгөйлөрдүн келип чыгышына эки белгилүү түшүндүрмө бар: Айрымдар буга Исламды күнөөлөшөт. Бирок менин китебимде бул ой жаңылыш экени чечмеленген. Исламды прогресске тоскоолдук катары айыптоо жана биз сөз кылган мусулмандардын алгачкы илимий жана социалдык-экономикалык жетишкендиктерин жокко чыгарууга барабар.

Калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн 50 өлкө бири-биринен саясый режим жана социалдык-экономикалык шарттары жагынан айырмаланып турат.

Өнүгүү процесси жай жүрүп жатканына колониализмди айыптагандар да бар. Сиз туура белгиледиңиз, менин китебимде бул аргумент сынга алынган. Хронологиялык жактан алганда, мусулман дүйнөсүнүн илимий жана экономикалык стагнациясы 18-кылымда Батыш державалары же Орусия тарабынан мусулман жерлерин колониялаштырууга чейин эле башталган.

Салыштыруу үчүн айта кетели, Азиядагы жана Латын Америкасындагы мусулман эмес постколониалдык өлкөлөр өнүгүүгө же демократияга эрте жетишти. Бул өлкөнүн колониялык өтмүшү өнүгүүгө жана демократиялык коомго тоскоол боло албасын көргөзүп турат.

Батыш жана орус колонизаторлугуна менин көз карашым албетте терс. Китепте мен колонизаторлор Американын, Африканын жана Азиянын ресурстарын кантип пайдаланышканын документтештиргем. Алар миллиондогон африкалыктарды кул кылышкан жана миллиондогон америкалыктардын канын төккөн. Жалпы мусулман дүйнөсүнө терс таасири көбүрөөк тийген. Колонизаторлор кээ бир мектептерди жана университеттерди курган күндө да, ар дайым өз кызыкчылыктарын биринчи орунга коюшкан.

– Сиздин китебиңизде зордук-зомбулук өзүнчө маселе. Кээ бир мусулмандар басымдуулук кылган өлкөлөрдө саясый зомбулуктун тез-тез болуп турушун эмне менен түшүндүрөсүз? Тагыраак айтканда, Борбор Азиянын өкмөттөрү ар кандай башаламандык жана зордук-зомбулук үчүн жалпысынан исламчыларды күнөөлөп келет. Режимдер диндин саясатташып, бийликти колго алышынан коркот. Айрым саясый топтор дин аркылуу аз камсыз болгон жарандардын колдоосуна ээ болобу деп кооптонушат. Демек, ар кандай ички саясый күрөш көбүнчө айрым диний жамааттарга кол салуу менен коштолот. Бул маселе боюнча эмне дейт элеңиз?

– Зордук-зомбулук – бул адам баласынын көйгөйү. Биз жөн гана колониализм жөнүндө сүйлөштүк: Батыш жана орус колониализми зордук-зомбулукка негизделген. Тарыхта Британ империясы 171 өлкөнү басып алган же кыргын салган. Азыркы учурда АКШнын аскерий чыгашалары жалпы дүйнөлүк аскерий чыгашалардын үчтөн биринен көбүн түзөт.

Дүйнөдө 1980-жылдарга чейин фашисттик жана коммунисттик топтор активдүү болгонун да айта кетели. Ошого карабай, коммунизм идеясы кыйрагандан кийин исламчыл топтор дүйнөдөгү террордук иш-аракеттердин негизги аткаруучуларына айланган. Анын үстүнө, акыркы жылдары мусулмандар басымдуу жашаган өлкөлөрдө жарандык согуштар болду. Бул зордук-зомбулук менен исламдын ортосундагы байланышты бекемдеди.

Бир жагынан бул туура эмес түшүнүк. Ислам башка диндер сыяктуу эле тынчтык жолу менен же зордук-зомбулук менен чечмелениши мүмкүн. Саясый зордук-зомбулукка көптөгөн себептер, анын ичинде социалдык-экономикалык көйгөйлөр жана авторитардык режимдер да түрткү болорун эстен чыгарбашыбыз керек. Башка өңүттөн карасак, исламдын айрым жоромолдору жихаддык салафизм зомбулук менен байланышкан. Тынчтыкты сүйгөн мусулмандар бул радикалдык жоромолдорго каршы чыгышы абзел.

Орто Азия өлкөлөрүндө, ошондой эле Франция сыяктуу кээ бир светтик республикаларда биз эки нерсени айырмалай билишибиз керек. Алардын бири – терроризмге каршы мыйзам чегинде чындап чара көрүү. Террорчулук менен күрөшүү мамлекеттик органдардын милдети. Экинчиси – коомдук чөйрөдө диний ишмердүүлүккө каршы секулярдык көз караш жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу эрки. Менин биринчи китебим - “Секуляризм жана динге карата мамлекеттик саясат” (2009), француз жана (мурдагы) түрк секуляризмине карата сынчыл маанайда жазылган. Ал Франциядагы жана (мурдагы) Түркиядагы “бекем секуляризм” кээ бир мусулман диний символдорун коомдук чөйрөдөн кантип чыгарып салганын, ал эми Кошмо Штаттардагы “пассивдүү секуляризм” диндердин коомчулукка ачык болушуна жол бере турганын изилдейт. Мен дагы эле Америка тибиндеги динге ылайыктуу секуляризм – демократия жана адам укуктары үчүн жакшыраак деп ойлойм.

– Акырында, мусулман коомдорундагы секуляризмдин келечегин кандай көрөсүз? Аалымдар жана мамлекет альянсына жаш муундардын көз карашы кандай? Талкуу катары ала турган сурамжылоолор барбы? Ислам дининде кандайдыр бир реформа жүргүзүү перспективасына кандай карайсыз?

– Бардык татаал суроолоруңуз үчүн чоң ыракмат. Ушуга кыскача жооп берейин. Эгерде светтик түшүнүктү дин менен мамлекет ортосундагы конституциялык бөлүнүү катары кабыл алсак, бул диндин да, мамлекеттин да кызыкчылыгы үчүн зарыл нерсе. Алардын ортосундагы союз коррупцияны, адилетсиздикти жана авторитаризмди пайда кылат.

Эгерде светтик жашоо образы жөнүндө айта турган болсок, акыркы изилдөөлөр Түркияда, Иранда жана бир катар араб өлкөлөрүндө жаштар барган сайын байистүү болууга умтулуп, диндарлар азайып баратканын көрсөткөн. Мындай окуялар ар кандай деңгээлдеги исламчыл өкмөттөр бийликте турган кезде болуп жатат. Чындыгында бул эки көрүнүш бири-бирине байланышкан: жаштар исламчыл режимдерге каршы реакция кылууда жана аларды кайсы бир деңгээлде коомдогу көйгөйлөр үчүн күнөөлөшүүдө.

Мен Исламды бардык көйгөйлөрдүн чечими катары көрсөткөн исламчыл көз караштын ийгиликсиз болгонун моюнга алууну сунуштайт элем. Ислам дин катары заманбап коомдордун адептүүлүгүнө салым кошо алат. Бирок ислам, мусулмандардын социалдык-экономикалык жана саясый көйгөйлөрүнүн баарын чече турган долбоор эмес. Кыскасы, исламды мамлекеттен бөлүү үчүн реформа керек.

8–11-кылымдарда ислам аалымдары менен мамлекеттик бийликтердин ортосунда белгилүү бир деңгээлде бөлүнүү болгон. Эгерде мусулмандар ошол доордун көп түрдүүлүгүнөн жана жаратмандыгынан сабак алса, анда илимий жана экономикалык жетишкендиктерин дагы бир жолу кайталашы мүмкүн. Мен мусулмандарга батыш моделдерин толук тууроого чакырбайм; тескерисинче, мен аларга өздөрүнүн ачык-айрым, динамизм жана өндүрүмдүүлүк сыяктуу тарыхын кайрадан кабыл алууну сунуш кылмакмын.

Которгон Жумадыл МАМАТЖАН

Маектин түпнускасын мында>>>>

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз