Чечен эл жомогу: Катынды башынан

  • 25.03.2022
  • 2520

Бятар деген жигит кыйын чыгат. Башкасын айтпаганда да анын аты аламандан байге бербейт, тайгандары алгыр чыгып, аңдан эч качан куру келбейт. Бятардын даңкы чыгат. Бир гана ылайыктуу кыз чыкпагандыктан көпкө чейин колоктоп бойдок жүрөт. Мындан тажаган күндөрдүн биринде колукту издеп жөнөйт.

Көп жол басып, ашуу ашып бир кыштакка жеткенде өргүмөй болот. Көчө толо үйдүн арасынан эң заңгыраганына түшөт. Атын мамыга байлап үйгө кире бергиче болбой ичкериде ызы-чуу угулуп, бир заматта аял эркекти кууп чыгып, эшикти бекитип алат. Бятарды байкаган Темарко аттуу үй ээси уялымыш этип, үйгө мейман келгенин эшик сыртынан аялына айтып, ал айкырып жатып акыры экөөнү үйгө киргизет, конокко сыйын көргөзүмүш этет. Бятар колукту издеп жүргөнүн айтат, Темарко ага жардам бермей болуп мындай дейт:

- Эртең күн чыга кыштактын кыздары кудукка сууга барышат, ошол жерден аларды сына, арасынан кимдир-бирөөсүн жактырып калсаң ала качууңа жардам берем.

Бятар макул болот. Сүйлөшүлгөн боюнча экөө күн чыга келип, кудукка жакын бактын арасына жашынат. Кыздар суу алып кете башташат. Бирок Бятар бир да кызды жактырбайт. Жолу болбогонун түшүнүп кетмекчи болгондо бир кыз келет, Бятар аны дароо жактырып, ала качмай болот. Бирок Темарко бул бийкеч өз кызы экенин, алчу болсо энесин тартып ажаан чыгарын, анан өзү сыяктуу өмүр бою кор болорун айтып каршы чыгат. Бирок Бятардай өткүр жигит жактырганын албай калчубу: атка секирип минип, кызды улактай бөктөрүп, атасынын көзүнчө ала качат. Кыз өкүрөт-бакырыт, чапкылайт, чапчылайт, бирок Бятар көңүл бөлбөйт. Ал кең талааны кесип чаап баратып, ээрчий чуркап бараткан тайгандарына буюрат:

- Алдыдан учкан бир эле чымчыкты куткарсаңар өлдүңөр!

Тайгандар канчалык күлүк болсо да, асмандай уча качкан кушту кармай алышпайт. Жинденген Бятар ишенимдүү иттерине жебе кадайт. Бара түшкөндө жолу катаал, бийик ашуу жолугат. Бятар алдындагы аргымагына буюрат:

- Мүдүрүлсөң же тердечү болсоң өлдүң!

Аргымак канча кыйын болсо да, бийик ашууга чыккыча көл-шал түшөт, ал аз келгенсип мүдүрүлөт. Бятар курч канжары менен сүйүктүү атын колтукка саят. Анан ашуудан түшүп баратканда коркконунан тынчыган колуктусуна арттан ээрчүүнү буюрат, экинчи катуу үн чыгарса көргүлүктүү көрөрүн эскертет. Ошол бойдон Бятарга аялы турмушта бир да жолу үнүн көтөрүп катуу айтпайт, тил алчаак аялга Бятар да катуу кетпейт.

Мындан улам экөөнүн үйүнө ынтымак, ырыс-кешик, бакыт уялайт. Бятар кайындарынын алдына түшүп барат, алар да күйөө баласынын эшик төрүн көрүп, жаштардын жакшы жашап жатканына, ырыс чакырган ынтымагына суктанышат. Темарко кызын аялына үлгү катары көрсөтчү болот. Бир күнү аялы анын алдына бир куураган, бир суу чырпыкты коюп, сындырууну буюрат. Темарко кургак жыгачты оңой эле сындырат. Суу чырпыкты канча ийсе да сындыра албайт. Ошондо аялы анын колунан чырпыкты жулуп алып:

- Катынды башынан, баланы жашынан дейт! – деп жондон ары бир салат.

Эркеги менен аялынын ортосунда ынтымагы жок үй-бүлөлөрдү Кудайым өзүң сактай көр!

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз