Аллахберди Үмөталиев: Карантинде катын кыйын

  • 05.04.2020
  • 3630

АҢГЕМЕ

Аялымдын чыныгы жүзүн бет кап тагынганда билдим. Өмүрүмдө мындай кор болом деп ойлободум эле. Үй карантининин ичинде, бөлмө карантини кылып мени бир бөлмөгө балдарга жугат, өзүнчө жат деп бөлүп коюшту. Макул болуп бөлмөдөн чыкпай терезени карасам, машинем турат мени карап көзүн кысып, чыкпайсыңбы, шаарды бир айланып келели, - деп. Башымды чайкап коём, болбойт деп. Үйдө жатсам, азык-түлүккө, дары-дармекке мени жөнөтүшөт. Жукса да сага жуксун, биз аман бололу деп.

Чыгып баратканда бет кап, кол кап, көз айнек кийгизишип, колума антисептик берип жөнөтүшөт. Лифтке түшкөндөн тартып супермаркет дүкөнүнө барып келгенче кнопка менен ручка аттуунун баарына антисептик чачып келдим. Кнопка деген аябай көбөйүп кетиптир. Акча алсаң да, берсең да кассовый аппарат, автомат, банкомат дегендей. Көчөгө чыксам, менден башканын баары эле көчөдө жүргөнсүйт. Бала-чака, кары-жаш дебей кеңири басып жүрүшөт. Ар жакта эки жаш кучакташып болушпайт. Алар мага акыркы ирет коштошуп жатышкандай сезилди. Уялып карай албай басып кеттим. Өзүмдү үйдө бекер эле, кысылып карантинден коркуп отургандай сездим. Үйгө кирсем, атмосфера башка.

- Келдиңби? Кийимиңдин баарын чеч. Колуңду самындап жуу. Ваннага кирип бир сыйра чайканып ал. Тамагыңды чайка. Тишиңди жуу. Сен да чачыңды алышың керек экен. Келе, өзүм эле устара менен тасырайтып алып берем. Анан спирт менен бир сыйра аарчып туруп, мазь менен майлап коём. 

- Мен эмне, сага чач алдыргыдай артист же ырчы белем. Алар ар кандай образда жүрүшөт. Аларга жарашат.

- Таажы вирус ошол жакта калып калышы мүмкүн экен, - деп аялым мени жактырбагандай карады.

- Корона башта болуп жатпайбы. Жок ай, чачыма тийбе, ансыз да агарып баратат. Азайып да кетти.

- Эмне, сенин чачыңды мени азайтты, агартты дегени турасыңбы. Өзүңдөн көр. Мени укпасаң, мындан ары сага тамак жок, өзүң жасап же. Үйдө бекер отурасың. Мындан ары сага чай да куюп бербейм. Идиш-аякты да жуубайм. Кириңди да жуубайм. Баарын өзүң жасайсың, - деп жаман көзү менен карап: - Билесиңби, баягында мен жаңы келин болуп келгенде... – деп келатканда:

- Билем, билем. Болуптур, өзүм жасайм, - дедим шашыла.

Оо кокуй, жанагы «эркек кечирбейт, бирок унутат, аял кечирет, бирок унутпайт» деген чын экен. Ичимден шашпа сени, карантин да бүтөр дедим. Дагы от алып кете электе деп студенттик күндөрдү элестетип тамак жасап кирдим.

Тамакты жедим, идиш-аякты жуудум. Андан соң, кийимдеримди автоматка салдым. Азыр эмне, баардык шарт бар. Аялдар эмне эле болуп жатышат. Өткөндө Европага бекер алып барыптырмын. Ошол жактан келгенден бери айныды менин аялым да. Европага баргандан көрө жайлоого тоого алып барсам болмок экен, Жаңыл аяштын жыйырма уй сааганын көргөндө бул окуяга туш болмок эмесмин. Өз үйүмө өзүм батпай калдым. Жасаганым жакпайт. Биротоло эле жаш баладай кылып жумшап алды. “Телефонду алып келчи. Пультту алып берчи. Тигини тигил жакка коюп кой. Муну бул жакка алып барып кой. Белиме массаж жаса. Эми бутума массаж жаса”.

А мен айткандарын жасап чуркап жүрөм. Анан эле;

- Эл ун алып жатканда каякта жүрдүң? Эмнени жейбиз, азык-түлүк да түгөнүүдө. Менин шашлык жегим келип жатат. Шашлык алып келип бер, - дейт.

- Азыр болбойт, коменданттык саат, – десем,

- Урганым жок саатын. Сага тийгенден көрө, милицияга тийсем болмок экен, пропускасы жанында, - деп мени күйгүздү.

Аялым кандай экенин канча жыл бирге жашап, байкабаптырмын. Үйдөн чыгып кетип калайын дейм. Азыр бирөөнүкүнө да бара албайсың. Тууганга да, доско да барганга болбойт. Барсаң эле карантинден качып келди деп билип алат. Азыр эч ким конок күтпөйт. Өз үйүңдөн башка вариант жок. Ойлоп көрсөм, бара турган жерим жок экен. Ошон үчун телевизордон «үйдө бол», «үйдө бол» деп какшап жаткан турбайбы. Турист болуп чет өлкөгө да кете албайсың. Путевка алып санаторияга да бара албайсың. Ооруканага да барып жөн-жай жата албайсың. Ойлоп коём, баягында эле таластык курсташыма үйлөнүп алсам болмок экен, Өтмөктөн ары өтүп алып таза аба жутуп Таласта жүрмөк экем деп ойлонгуча болбой эле;

- Келе ачкычты, шашлыкка өзүм барып алып келем, карантинге карабайм, - деп жол тандабас машинемди айдаган боюнча кетти.

Бат эле телефонго бирөө чалып;

- Гуля сиздин аялыңызбы, бат келбесеңиз болбойт. Аялыңыз чектен чыгып кетти. МАИ кызматкерлерине баш ийбей карантинге коюлган блокпостту сүзүп, шлагбаумду талкалады. Бат келип калыңыз. Эч кимди укпай жатат, - деп чалышты.

- Азыр барам. Мына чыгып жатам.

Кайдан дагы машине айдаганды үйрөтүп койдум эле. Жөн эле отурса болмок. Эми эмне болот. Өзүм күнөөлүүмүн. Айтканынын баарын жасай берип, кутуруп кеткен го.  Жок, жок, ал менин аялым эмес болуш керек. Ал машине айдай албайт дегиче көкүрөгүм кысылып, этим ысып, дем ала албай энтигип бакырып жибердим. Ойгонуп кетсем, түшүм экен.

- Кудай сакта. Айланайын кудай, шайтандан сакта, аты жаман вирустан сакта. Карантин бүтүп аман эле болсок экен, - деп карасам, аялымдын бир буту көкүрөгүмдө турат. Өзүм болсо муздак тер басып кыйналып атыптырмын. Көрсө, коронавирус кыйнабай эле катыновирус кыйнап жатыптыр.

- Ээ катын, чек арадан өтүп кетиптирсиз, көкүрөгүм сиздин бутуңузга тийип калыптыр, алып коёсузбу карантин бүткөнчө?!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз