Думан Рамазан: Көч

  • 29.03.2022
  • 2364

АҢГЕМЕ-ПРИТЧА

Кубарган куу талаанын чаңын учуруп, узундан-узун чубалжыган көч келет. Ат минген, төөгө жүк арткан, жөө-жалаң адамдардын көчү. Ушул көчтүн башчысы Малбука көсөм катарынан сегиз ат кошоктошо чегилген саябандуу алтын арабада жай каалгып, үргүлөп алды жакта келет. Жанындагы айдай сулуу жаш токолу арабанын терезесинен сырттагы дене-бою сымбаттуу жаш увазирге кумарлана да, уурдана да карайт. Шектүү шекшинет дегендей, күйөөсүнө акырын көз кыйыгын салып да коёт. Алдыларындагы дасторкондо кашкалдактын каны куюлган кумура менен алтын табакта кулжанын башы.

Андан кийинки алты ат кошоктошо чегилген саябандуу күмүш арабада көсөмдүн калган үч зайыбы үч жакка карап, бири-бирине лам деп ооз ачпай, томсоруп, тымырайып отурат.

Ал эми катарынан төрт ат кошоктошо чегилген саябандуу коло арабада көсөмдүн балдары бири-бири менен жаакташып, бирдемелерди талашып-тартышып, көч менен кошо барат. Келишкен аттарды минип, шөкөттөлгөн кийим кийген атчандар буларды туш-тушунан ороп, көчкө камыштай жапырыла жанашып, чачпактарын көтөрүп алган. Бул топтун болсо шаң-салтанаты да, түр-турпаты да, кийим-кечектери да кийинкилерден такыр башкача. Күлкүсү көпкө, төбөсү көккө жетип, жамажайлары жыйылбайт. Ууру мышыктай баратышынан кыйтырлык сезилип, көркөө карышкырлардай ал жак-бул жакка алаңдай караган көздөрүнөн аярлык менен арсыздыктын учкуну байкалат. Жан-жагында соот кийип, шаймандарын асынган күзөтчүлөр алда недей сүр кылып, шагырап барат.

Жамажайы эки кулагына жетип, кубанычы койнуна батпай бараткан ошол топтун соңунда болсо кара аламан калың букара. Алардын көздөрүнөн муң, жүздөрүнөн убайым, кебете-кешпиринен арыгандык, азгандык көрүнүп турат. Кабактары салыңкы тартып, кирпиктери каректерин жапкан. Баары да жүдөө, ач-жылаңач. Баштары салбырап, алга таштаган кадамдары болбой эле кайра артка кетет, нылдай оор дене-боюн араң сүйрөп, ордунан зорго-зорго козголот. 

Көчтүн бел ортосунда кула бээге минген даанышман кары менен күрөң тайга бекем отурган он үч жашар бала келет. Баланын таңдайы такылдап, оозу жабылчудай эмес. Ак чач аксакалга суроо артынан суроо жаадырат.

- Ата, биз өзү кайдан чыктык? – деди бала таңыркаган жүзү менен.

- Менин билишимче, биз Байыркыдан чыккан сыяктанабыз! – дейт даанышман карыя тартынбай сүйлөп.

- Ал кайсыл жакта?

- Ал арт жакта.

- Азыр кайсыл жерде келебиз?

- Жетер жерибиздин желке тушунда келебиз.

- Ошондо биз өзүбүз кайда баратабыз?

- Биз кайдан чыксак, кайра эле ошол жакка жол алган сыяктанабыз! – Бала карыяга таң кала тигилди. Анын кепке түшүнбөй калганы алаңдаган көзүнөн көрүнүп турат. Эсине бир нерсе келе калгандай оозуна күлкү уялады.

- Ата, сиз такыр эле билбейт окшойсуз ээ! Биз Бейишке бара жатат эмеспизби? Аны бөлөк-бөтөн эмес, көсөмдүн өзү айтканын укпадыңызбы?

- Ээ, анын кебине ишенсең, эртең эле Бейишке жетип барабыз да.

- Сиз эмне, ошондо көсөмгө ишенбейсизби?

- Мен эч кимге ишенбейм. Керек болсо, өзгө түгүл, өзүмө да ишенбейм!

Буга бала мыйыганын жылмайып койду.

- Өзүңүзгө кандайча ишенбейсиз, ата?

- Себеби чындыкты билсем да, айта албаймын!

- Эмне үчүн?

- Бир коркунучтан... Чындыкты айтып, аброй таппайсың!

- Неге?

- Анткени, чындыкты айтсаң, кимди болбосун ишендире албай калышың мүмкүн. Жеккөрүмчү болосуң. Тигини карачы! – деди даанышман карыя ары жакта эшек минип, тепеңдеп бара жаткан кийими жупуну, турпаты жүдөө бирөөгө кол жаңсай көрсөтүп. – Кандай акылдуу адам, билбегени жок. Кудай талант да берген. Өнөр десе – өнөрү бар. Өзүнө, өнөрүнө ишенет. Ошон үчүн эч кимди көзүнө илбейт. Керек болсо, ханга салам бербейт. Айтканынан кайтпайт. Чырылдап чындыкты гана айтат. Жалган сүйлөй албайт. Анан эмне болду – тепкинин астында гана жүрөт! Ал эми анабул жакты карачы! – деди даанышман кары алдыда ооздугун тарткан сайгүлүк минип, кымкап чапан жамынып, кундуз тебетейин кыйшайта кийген эткээл сары кишини көрсөтүп. – Башында бир чымчым мээси жок. Уятсыздыгы менен уурту майланган жеңил баа адам. Калптын казанын кайнатат. Жагымпоздугу менен аты чыгып, көшөкөрлөнгөн чечими элге тараган сарай акыны. Көсөм менен анын табакташтары ушундай акмактарды жакшы көрөт. Ушуларды колдоп, ушуларды көкөлөтүп отурат. Сый-ургалга ушуларды бөлөп, атак-даңкы бир баштарына жетерлик үйүп-төгүп, көкүрөктөрүн темир-тезекке шыкап коёт. Ошентип, алар ичкен-жегендерине курсант. Ары жагын бойлой да, ойлой да албайт. Эшек сыяктуу кулактары тикчийип турса да эсеп-чоту түгөл.

Бала күлүп жиберди.

- Ата, бул акылдуу адам тура! Акмагы тигиси го! – деди эшек минген акынга көзүнүн асты менен сүзө карап. – Чындыкты айтуудан өзүнө жакшылык келбешин билип туруп, билерман болуунун не кереги бар, байкуштун! Накта акмагы ошол го дейм!..

Даанышман карыя маңдайы ташка тийгендей, үнсүз-сөзсүз сустайып туруп калды. Өзүнөн өзү кысылып, буулуп, өңү өрт кеткендей кара сур тартып кетти. Баланы баласынтып күнөөлөй коюу да кыйын. Акыл айтып, маселенин маанисин түшүндүрүүнүн да ыңгайын таппады. Тек бар болгону: «Ичтен окуп турган балээлерсиңер» деди да, токтоду. Башкача айтууга тиш жарып, жаак ачпады. Терең дем алып, оор күрсүндү.

Баланын аны менен кайра иши болгон жок. Ой деңизине сүңгүп кетти. Анда-санда көз кыйыгы менен котур эшек минип келе жаткан Нагыз акынга бүшүркөй, ооздугу менен алышкан сайгүлүк үстүндө чиренип отурган Делдириш акынга кызыга карап коёт: «Чоңойгондо мен да сарай ырчысы болом. Ат тандап минип, кымкап чапан жамынып, кундуз тебетей кийем! – деди ичинен көбүрөп. – Эшек минип, тепеңдеп жүрүш акмактарга гана жарашат. Мен акмак болгум келбейт!..»

Ошол кезде арабасынан уйкулуу көзү менен эсинеп чыккан көчбашы Малбука көсөм эки көзүн акчыйта текедей кыйкырып калды. Доошу жер жарат.

- Бизди алдыда жаркын келечек, нурдуу күн күтүп турат! Анабул бийик тик аскалуу тоону көрдүңөрбү? – деди оозунан ак көбүгү чачырап. – Ошондон ашып түшсөк, ал жагы – жаннат багы!.. Кулпурган жапжашыл талаа, жайкалган мөмөлүү жемиш дарактары. Тоюнуп, эт байлайсыңар.

Саамал булагы – замзам суусу сыяктуу, ичкенде көздөрүң балбылдап жанып, беттериңе кызыл жүгүрөт. Учкан куш, жайнаган жаныбардын не бир түрү бар. Эмнесин айтасыңар, байлыкка белчеден батабыз, бакыттын бал даамын татабыз!.. Ары жагы эле Бейиш! Көп кечикпей ага да жетип барабыз! Эми болсо, калайык калк, маанайыңарды түшүрбөгүлө, көөдөнүңөрдү көтөргүлө, төбөңөрдү көккө созгула!..

Жашоодон түңүлүп, тиричиликтен оолактай баштаган караламан калк көсөмдүн жалындуу сөзүнө кулактарын түрүп, селт эте ага карашты. Көздөрүндө учкун, көөдөндөрүндө үмүт оту жылт этти. Бирок көпчүлүгүнүн көңүлдөрү алагды, жүрөктөрү күптү. Келечекке деген ишенимдери – күдүк да, күмөн да.

- Ата, айттым го, биз Байыркы жакка кайтып бара жаткан жокпуз, биз Бейишке карай кетип жатабыз! – деди бала карыяга менменсий. Мен да бирдеме билем дегендей, башындагы оңуп кеткен такыясын кыйшайта кийип, дердеңдеп коёт.

- Бейиштин айылы алыс, балам. Күнөөкөрлөр баштап келе жаткан көч эч убакта Бейишке жете албайт. Алдап-соолап айлаларын ашырып, кылмыштарын жашырып, калпты суудай агызып, жол бою жалгандын уругун сээп келет. Ушул жерде туруп Бейишти эңсешет. Ал мүмкүн эмес. Биз ай-күндүн аманында жолдон адаштык, балам. Адаштыргандар да көч башындагылар. Биз алдыга бараткан жокпуз, артка кайтып барабыз, - деди даанышман кары ыраң-башын бозортуп.

- Муну неге айтпайсыз, көсөмгө?

- Ээ, балам, ушул тапта көсөмдүн сөз угар түрү жок. Жанындагылардын калп мактоолорунан көзүн чел басып, кулагы бүтөлүп калган. Эч нерсени көрө да, эстей да албайт, көргүсү да, эстегиси да келбейт.

- Жанындагыларчы?

- Эй, балам, алар андай сөздөрдү көсөмгө жеткирбейт, дагы так айтсак, жеткире албайт! Кайра менин башымды жулат. Себеби, чындыкты айтуу да, эстетүү да оордун оору!.. Ал эми көсөм менен анын айлана-тегерегиндегилерге жалган сүйлөп, калп мактасаң гана жагасың. Бирок калптын казаны кайнабайт ко, узакка бара албайсың. Убактынча жолуң болушу ыктымал дечи, бирок түбөлүккө көшөгөң көгөрбөйт. Ушуну дилиңе бекем түйүп ал, балам!

- Ой, ата, сиз акыл үйрөткөндөн башка не билесиз?! Биз Бейишке баратабыз! Көсөмдүн өзү убада берди го, өз кулагым менен уктум го! – деди бала кебелбей.

- Сенин ошол көсөмүңдүн кебине мен ишенбейм. Көзүн бакырайтып туруп, бетин чымыратып да койбой, калп айтат. Жол баштоочуларыбыз күнөөкөрлөр болсо, Бейиш-Жайга кандай барабыз? Кантип барат элек!.. – деди карыя кабагын салып.

Көчтүн алды керилген аркан сымал узундан-узун созулуп жаткан аскалуу тоолорго таяп калды. Жакындаган сайын аткаминерлердин сабыры түгөп, көңүлдөрү чөктү. Тызылдап, ат үстүндө жөн эле ары-бери чапкылай баштады.

- Кана, жол бергиле, кана, мындай тургула! – деп коёт жасоолдор бири-бирине. – Алды менен көсөм өтсүн!.. Баарыбыз жабыла аракет кылып, көсөмдү аркы жакка аман-эсен өткөрүп алалы! Кана?.. Кана?..

Улуктардын буйругу боюнча көсөм отурган саябандуу алтын арабаны жерге тийгизбей жан сакчылар тик көтөрүп алып кетти. Кулап кетпесин дегендей, жан-жагынан этияттана курчаган аткошчулар жуптарын жазбастан жарганатча жарбаңдап, өлөрмандана энтелей түшөт. Алардын ою эле – ушундайда көсөмдүн көзүнө чалдыгып, төбөлөрүн көрсөтүп калуу. Ошентип, бийликтин бир баскычына кол сунуп, казандын бир туткасын кармоо.

Жан сакчылардын жан алып, жан берүүсүнүн аркасында, көсөмдүн саябан арабасы аскалуу кара тоонун башына чыкканда артта келе жаткан караламан калктын алды эми тоонун түбүнө илешти. Дал ошол замат көк асманды кара кочкул булуттар торлоп, түндүк тараптан салкын шамал жүрө баштады. Ана-мына дегиче көсөмдүн арабасы тоонун аркы тарабына өтүп, көрүнбөй калды. Аламан калктын өпкөлөрү көөп, тоо башына өлөрмандана өрмөлөп келет. Жүрүштөрү жай, кыймылдары араң-араң. Тик асканын боорлорун боортоктоп, эптеп гана бир-эки кадам шилтейт.

Бир убак тоо-таштын чаңын асманга көтөрүп, алай-дүлөй шамал жүрдү. Түндүк тарап түнөргөндөн түнөрүп, карарып, күңүрттөндү. Эне-Табият кеп укпас мүнөзүн көрсөтүп, түкүрүгүн чачырата ышкырып-башкырып кирди. Оппиримдеп араң келе жаткан калк жан-жактарын да коргоого буямасы келбей, көздөрүн да ача албай чаң-тозоңго көмүлүп калды.

Кара добул барган сайын күчөгөндөн күчөп, тоо башындагы таштарды да томолотуп кирди. Далай адам ат-маты, төө-мөөсү менен тик аскалардан учуп, жараат алганы жараат алып, өлгөнү өлүп жатты. Кай бирлеринин башы жарылып, мээлери чачырады, колу-буттары сынып, ооздору, жаактары талкаланды.

Ат үстүндө аман калбашын сезген даанышман кары менен бала да көлүгүнөн түшө калып, паана болор жер издешти. Минген адамынан кутулган бээ менен тай да бет келгендерди сүзө өтүп, төмөн карай чабагандап жөнөдү. Карыя баланы кош колу менен кучактап алган. Бир чоң таштын далдоосуна кирип, демдерин басты. Туш тараптан айгай салган, ызылдаган, тызылдаган, жардам сураган дооштор тыным албайт. Бирөөнү бирөө таанып, бирөөнү бирөө билгидей эмес. Бирөөнүн бирөөгө кайрылып каралашар дарманы жок. Баары өз баштарынын кайгайын жеп, ар ким өзүнө далдоо болор жай издеп сарсанаа дүрбөлөңүндө.

Баланын тиши тишине тийбей шыкылдап, дене-бою калч-калч этет. Карыянын бүт денесин суук аралай баштаса да, үшүгөнүнө карабай, чепкенин чечип, небересинин үстүнө жапты. Үстү-башын кумтулап, бооруна бекем кысып алды.

- Эй, Алла, мен ашарымды ашадым, жасарымды жасадым, мынабул жетим калган туягымды балээ-салээден сактай гөр! – деп кайта-кайта Жаратканга жалбарат.

Канча отургандары белгисиз, бир кезде добул да басаңдагандай болду. Калк да акырын-акырын көздөрүн ачып, баштарын көтөрдү. Ар-ар жерден кыңкыстаган, онтогон, бакырып-чакырган дооштор чыгат. Адамдардын өң-алети киши коркорлук. Беттери, жаактары чаң, ботала кир. Көздөрү гана болор-болбос жылтырайт. Кебете-кешпирлеринен ушунчалык бир чарчагандыктын белгиси көрүнөт. Баары да отурган жерлеринен сүйрөлүп араң-араң козголуп, үстү-баштарын акырын кагып-силкип кирди. Жан-жактарына карашып коёт. Ар кай жерде чачылган дүйнө-мүлк, баштары жарылып, колу-буту сынып, томолонуп жаткан жарадарлар. Бир далай адамды таштар жалпайта басып калган. Ары жакта жүк-мүгү менен оодарылып жаткан кары атан төө аянычтуу онтоп, алсыз тыбырчылайт. Анын жанында быт-чыты чыккан жыгач бешик жатат. Саал арыда кара казан көмкөрүлүп калган. Аны байкай калган даанышман карыя чочуп кетип:

- Ой, астапыр алла! Деги эл-журт аман болсо экен!.. – деп жиберди.

Аман калгандар эң алды менен аскалуу тоодон кулап мерт болгон, таш басып калган өлгөн-житкендер менен эми мындан ары өздөрү басып кете албас жарадарларды бир жерге чогулта баштады. Каза болгондордун сөөктөрүн тааныган тууган-уругу кошок кошуп, өкүрүк салып, көпчүлүк азан-казан, ызы-чууга түштү.

- Ээ, калайык, - деди даанышман карыя үнүн созуп, - азыр ыйлап-сыктай турган учур эмес. Эсиңерди жыйгыла, андан да убакыттан уттурбай, ары жакка өтүп кетүүнүн камын ойлойлук!.. Шейит болгондорду да өзүбүз менен кошо ала кетели. Аман-эсен ары жакка өткөн соң баарын да Жер-Эненин койнуна тапшырып, аруулап жууп, жерге берербиз! Азыр болсо болоттой чыңалып, жол камына киришелик!..

Көпчүлүк карыянын сөзүнө ынанып, ыйлап-сыктап атканын токтотуп, жыйнанып, ыргылжың боло ордуларынан козголду. Чарчап-чаалыккан калың букара болгон күчүн бойлоруна топтоп, өлбүрөп-сөлбүрөп, жогоруну карай кайра өмтөңдөп жөнөдү.

Атасы менен небереси да көпчүлүк менен көчтөн калбай аскалуу тоонун башына карай жогорулай берди. Баланын буту эки-үч жолу тайып, кулап кете да жаздады. Карылык жеңе баштаса да кайратынан кайтпаган демдүү атасынын аркасы менен аман калды. Өпкөлөрү көөп, көөдөндөрү алсырап, үстү-баштарынан кан аралаш ачуу тер суудай акты. «Көп менен көргөн – улуу той» дегендей, көпчүлүк бири-биринен анчалык ыраактабай, бири-бирин эш кыла ташбакадай тырбалаңдап келе берди.

Өлүп-талып, араң-араң тоодон ашып, аркы тарапка да бут ташталды. Баштары ооруп, балтырлары сыздап, өлбө жаным өлбөлөп зорго жетсе, ал жакта атка минерлер той өткөрүп атыптыр. Четинен кызара бөртүп, кызып да алышкан. Узундан узун дасторкон жайылган. Үстү дүйүм тамактарга толуп, арак-шарапка шыкалган. Табак-табак эт, казы-карта, жал, чучук. Караламан калктын кыйналып, ашуудан араң өткөнү менен алардын ныпым иши да жок. Аны ойлоого акылдары да жетпейт. Кутурган иттей кызылкөздөнүп, ооздорунан ак көбүк чыгып жинигип алган. Ырчыларды ырдатып, күүчүлөрдү черттирип койгон. Жандарында жарым жылаңач кыздар этек кагып, миң буралып бийлеп жүрөт. Арып-ачкан калк дасторконго даам татмакка ынтылган сайын алдуу-күчтүү, куралдуу сакчылар аларды ары түртүп, тамакка жолотор эмес.

- Биз калкты жол бербес ашуудан аман-эсен алып өттүк. Ошол үчүн той тойлоп жатабыз. Көсөмүбүздүн көрөгөчтүгү менен туура багытта жүрүп келебиз. Ага эч кимдин күдүктөнүүсү, күмөнсүрөөсү болбосун! Эми жолубуз оңолуп, жагдайыбыз жакшыра баштайт! – деди баш увазир кур бакача бакылдап.

- Курмандыктар болду да! – деди бирөө акырын мурду менен сүйлөп.

Баш увазир ага ала көзү менен атып ийе тургандай теше тиктеп:

- Курмандыксыз эч нерсе болбойт. Ансыз алга жылуу жок. Эң башкысы, алтын баштуу көсөмүбүздүн дени соо, башы аман. Кудайдан баарыбызды Бейишке баштап алып бара жаткан башчыбыздын амандыгын тилеңер. Бака баштуулардын бары эмне, жогу эмне – баары бир эмеспи?! – деди ал кебелбей.

Төрдүн төбөсүндө көсөм эч нерседен бейкапар баш мүлжүп атат. Колунда жалт-жулт эткен алтын бычак. Жүзүн ыржайтып, түлкүдөй ыржактай берет. Ойноктогон ойсуз жүзү менен жан-жагына уурдана тигилип, алдындагылардын эч кимисинен кыя өтпөй алдырттан байкап отурат. Дили баарын туюп, көзү баарын көрүп отурса да, эч нерсе сезбегендей, түк эч нерсе болбогондой жайбаракат жайлана түшкөн. Кул болбосоңор, пул болгула, курсагым тойсо болду дегендей жылуу-жумшак оозунун көмөкөйлөрүн каккылайт. Жымжырттык басат. Арып-тозуп, ак-жылаңач келе жаткан калк менен эч бир иши жоктой, башын жерге салып, аларга жогору карап коюуга да жарабайт.

Дал маңдайында оң тизесин баса отурган Делдириш акын кооздолуп сырдалган жыгач кеседеги муздак кымыздан ууртап коюп, көсөмгө арнаган ырын созуп отурат. Анда-санда домбрасын кагып-кагып жиберип, кыйкуулап обон салат.

Жакын калды арабыз,
Бейиш-Жайга барабыз,
Ал да Сиздин аркаңыз!
Ашуу бербес кар-муздан,
Алып өттү элди аман,
Ал да Сиздин аркаңыз!
Жер басып тирүү жүргөнүбүз,
Адам болуп өмүр сүргөнүбүз,
Ал да Сиздин аркаңыз! - деп калпты чындай, аксакты тыңдай кылып, булбулдай сайрайт. Уялып коёт деген анда түк жок, ырдаган сайын эргигенден эргип, жинин чакырган бакшыдай оолугат.

Мактоого көкөлөп мардайган көсөмдүн жүзүнөн оту жанып, көздөрү албырып күлүңдөйт. Мактаган сайын шыктанып, ары-бери копшоло берди. Көөдөнүн керип кербездене отуруп, анан боюн көккө көтөрөт.

Бала бир ары, бир бери жагына жалтаңдай карады. Кум учкан куу чөл, бетпак талаа. Чаң басып, тозоң учкан сайын талаа көркүнөн ажырап, жүдөп-жыдый түшкөн. Тегеректин баары куураган кара такыр, кылтыйган бир көк көрүнсө кана. Учкан куш, жүгүргөн жан-жаныбар түгөл житип кеткендей.

- Ата? – Бала атасынын этегинен тарта сүйлөдү. – Мынабул ашуудан эле ашып алсак, ырыска малынып, байлыкка белчеден көмүлөбүз дебеди беле көсөм, анысы кана эми?

- Ой, балам, дал ушундай болорун мен билгем, бирок аны айтпаган элем.

- Анда неге айтпадыңыз? Неге эскерткен жоксуз?!.

- Кимге?

- Кимге болчу эле – көсөмгө да. Мындай адашпайт элек ко?!

- Ээ, балам ай, ал менин көзүмдү эмне кылсын. Айтканды угат беле көөдөнү көктө жүргөн киши жердегилердин кебин...

Дал ошол учурда желке туштан аюудай айкырган баш увазирдин айгайын эшитти көпчүлүк:

- Мына бул жапжашыл мейкинге карагылачы! – Ал алдыдагы куу талааны көрсөттү кол жаңсап.

- Ие, кана, жапжашыл мейкиниң?! – Ызылдаган көпчүлүк ага суроолуу тигилди.

Түк эч нерсе түшүнбөгөн бала атасын карай башын бурду эле, атасы:

- Бул, атаңа наалаты, көзүңдү бакырайтып коюп жалган айтып атат. Анын калп экенин өзү да, мынабул коштоп жүргөн калк да жакшы билет. Бирок айла канча, мындай жалган сүйлөө биздин элде салтка айланганы качан. Эми ал салтты бузуу кыйын, кыйын, ов! Буга таң калуунун да кажети жок. Бара-бара сенин да этиң өлүп, боюң үйрөнүп кетет. Биз баарыбыз тең калп каткырып, жалган айтууга аябай көнүп калабыз!

- Тээтигил баш-аягына көз жетпеген калың токойду көрүп турган чыгарсыңар! – деди баш увазир таздын чачындай ар-ар жерде сопоюп көрүнгөн бириндеген тал-терекке камчысын жаңсай. – Ал жерде учкан куш менен жүгүргөн жаныбардын не бир түрү бар!

- Ие, көрүп турабыз, башаке! Кандай калың токой! Куштары менен жан-жаныбарларын айтсаңызчы! – деди баары аны кошоматтана коштой. – Кандай керемет!..

- Арыгы шаркырап аткан шаркыратманы көрүп турасыңарбы?

- Кайсы? Кай жерде? – Колдорун серепчилеп издеп кирди таңдайы кургап, тили катып, бир култум сууга зар болуп турган журт ошол жакка азыр эле шашып жетчүдөй кайраттана.

- Ана, анбул жакта! – Баш увазир көңүл жетсе да, көз жетпес алысты колу менен жаңсай көрсөттү.

- Ие, көрдүк, көрдүк! Көрүп атабыз! – деди көпчүлүк каздай дене-боюн каздарча созо.

Ошол замат ортого бою кодойгон жылмаңдаган бир жылтыр кара суурулуп чыгып:

- Суунун даамы кандай сонун, тим эле бал татыйт ко! – деди эле баш увазир ага күлүмсүрөй, өзүн мырзалыкка салып:

- Сен өз болоюн деп турган бала экенсиң, көпчүлүктүн арасында эмне кылып жүрөсүң? Кел, биздин дасторконго кел! Сенин ордуң бул жакта! Мындан кийин сен биз менен бирге жүрөсүң!..

Жылтыр каранын соңунан Нагыз акын буттарын тез-тез шилтеп, ортого – бет маңдайга чыкты. Жүзү карарып, туттугуп кеткен. Чоктой жанган оттуу жүзүнөн ок атылып аткандай учкун чачырайт.

- Ой, кысталактар, неге унчукпай турасыңар?! Кайдагы жашыл жайык, кайдагы калың токой, кайдагы жаныбар да, кайдагы канаттуу куш? Кайсы шаркыратманы көрүп турасыңар? Көзүңөрдү жакшы ачып карагылачы? Кубарган куу такырдан башка көк чөп жок ко, неге жалган сүйлөйсүңөр?! – деди баш увазирге тике карап. – Какыраган кара такырга алып келгениңерге уялгандын ордуна, жаннатка жеткиргендей дердеңдейсиңер да! Ага да карабай көз көрүнөө калп айтып турганыңар эмне?!.

Баш увазирдин кабагы салаңдап, көңүлү караңгылады. Колу-буту дирилдип силкинип, жин тийгендей калчылдап кирди. Башы калтырап, эриндери кыбырап, көзү алайып:

- Акмак! – деди кыйкырынып. – Сөзүңдөн кайт! Антпесең, жаныңды сууруп алам!

- Эй, бечара, - деди көпчүлүк үрпөйүп, - бир балээге учурабаса болор эле! Эмне кылат эми?!.

Ачуусу аябай келген мурч тилдүү Нагыз акын тилин тартар эмес. Колун шилтеп коюп, баш увазирге көзүнүн каректерин кадап сүйлөй берди:

- Эл кайгыдан кан жутуп атса, силердин той тойлоп атканыңар кандай?! Караламан калктын камын ким көрөт!?.. Ач-жылаңач, арып-ачып келет булар. Баарын көрүп-билип турасыңар го?!..

- Ой, атаңды!.. Сага жал бүтөйүн деген экен да! Элдин абалы жаман эмес! Ишенбесең, өздөрүнөн сурайлычы! – деди да, калкка бурулуп, - О, калайык, абалыңар кандай, чын эле ач-жылаңач, арып-ачып келе жатасыңарбы?

- Жок, башчы, ал не дегениңиз, абалыбыз өтө жакшы. Сиз сурагандан кийин абдан эле жакшырып калды, - деди бир кутуңбай. 

- Жегенибиз алдыбызда, жебегенибиз артыбызда! – деди дагы бир кыртыңбай.

- Тоюп, так секирип турабыз! – деди бир жыртыңбай.

- Мына, көрдүңбү! – деди баш увазир Нагыз акынга сумсая, кекээрдүү карап. – Сен деген жалган сүйлөйсүң! Чындыкты мынабул адамдар айтып атат ко?!.

- Чындыктан садага кеткирлер, алар кудай аткан суу жукпас калпычылар го?! Мен өз көзүм менен баарын көрүп келе жатам да! Булардын айтканы чылк калп! Силердин Бейишке баштап алып бара турганыңар да жалган!.

- Сенин оюңча биз кайда бара жатат экенбиз?

- Силер калкты тозокко баштап баратасыңар!

- Не деп атасың, иттин баласы!.. – Баш увазир колундагы булдурсун камчысы менен Нагыз акындын башына тартып-тартып жиберди.

Оозу-бетин кан жая берген Нагыз акын теңселип барып, боюн араң токтотуп калды. Башы айланып, көзү караңгылай баштады.

- Кана, эми эсиңе түшкөндүр, биз элди кайда баштап бараткан экенбиз? – деди баш увазир кыйкырына.

- Тозокко! – Акын каардуу үнү менен жооп берди.

- Бейишке, иттин баласы... Бейишке! – Баш увазир акынды дагы да бир-эки ирет камчы менен кулак талыштыра чаап-чаап жиберди да, чыдамсыздана кыйкырып жатты. – Бейишке, иттин баласы!.. Бейишке!..

- Бейиште силерге орун жок! Себеби, силер четтен калп айтып, жалган сүйлөйсүңөр! Баарың күнөөкөрсүңөр! Силер түз жолдон адаштыңар! Бейишке эмес, тозокко алып барар жолго түшүп алдыңар!

- Эй, мына бул абдан кутурайын деген экен, ээ! Мен сенин... азыр... үнүңдү өчүрөйүн!.. – Ызага буулуккан баш увазир белиндеги канжарын шарт сууруп алды да, акынды жүрөк тушка согуп жиберди. – Жаныңды тигил дүйнөдөн издейсиң, эми!

Нагыз акын чөгөлөй калып, анан бети менен жер сүзө кулап түштү. Канжардын кызыл канга боёлгон учу далысынан тешип чыкты. Ошондо да кыңк этип, үн чыгарган жок. Тек гана акырын «Мен гана Бейиш...» дегенге чамасы араң жетти. Ошол жаткан бойдон кыймыл кылбады...

- Чындык өлдү! – Чоң атасы небересинин башынан сылады. – Чындык барда, жалган байкап жүрөр эле, эми болсо, жалган кайкалап жүрө турган болду. Жалгандын таңы атып, жалгандын күнү тууду.

- Эми эмне кылабыз? – деди бала жооп күтүп.

- Эми кааласак да, каалабасак да, жалган менен жаныбыз бирге өмүр сүрүп калабыз! Айткандын жаны таттуу, эч кимдин да Нагыз акындын кейпин кийгиси келбеши белгилүү!.. – деди карыя ичи жарылып кете тургандай оор дем алып.

- Ал эми менин жалган айткым келбесечи?!

- Жалган айткың келбесе – үндөбө! Үндөбөгөндүн өзү да – акылмандыктын белгиси.

- Үндөбөй кандай өмүр сүрөбүз?!

- Өмүр сүргүң келсе, үндөмөк түгүл, жалган айтууга да үйрөнөсүң, уулум! Өмүр сага эмес, сен өмүргө көнүшөсүң! Бул өмүрдүн өзгөрбөс мыйзамы. Көнүшпөсөң көрдүң го, не болоруңду!..

Бала каткырып күлүп жиберди. Баш увазир ага карай камчысын кезеп, кыжынып жете келди.

- Эй, бокмурун, кимди мазактап, кимге ыржаңдап турасың! – деди балага шумкардай атырылып.

Баланын ыраң-башы кубарып, куту учту. Шашканынан:

- Көп тоюп алгандан көңүлүм айнып, күптү болуп турам! – деди курсагы курулдап атканына карабай. Алгачкы жолу жалган айтты.

- Аа, ошондойбу?! – Баш увазир кытмыр жылмайып ары бурулду.

Көпчүлүк болсо үндөбөй ичтен сызып, дагы жылып жөнөдү.

Калктын көз жашынан кара топурак баткакка айланып бара жатты...

Ошол кезде кайдан чыкканы, кайсыл жактан келгени белгисиз, бир алп кара куш көчтүн алдынан чыгып маңдайдагы жарылган ташка барып конду. Көздөрү ойноктоп, жан-жагына ойсоңдой каранды. Эч кандай коркунучтун жоктугун сезген сыяктуу. Уялаштарын чакыргандай бир-эки мертебе шаңшып доош чыгарды эле, кузгундар кара курттай жайнап кетти. Жемге үймөктөшкөндөй, топ-тобу менен учуп келип, ал жак-бул жакка моюн созо караштыра баштады. Алар бир той тойлоого жыйналгандай, баштары кылтылдап, чекир көздөрү жылтылдап, жаактары бүлтүлдөп, бөтөгөлөрү бүлкүлдөп, буттарын улам бийик-бийик сермеп, секирип-секирип коёт...

Казакчадан которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз