Абдыкерим Муратов: Күзгүлүү шифоньер

  • 10.01.2022
  • 2705

АҢГЕМЕ

Эски үйдүн бетмаңдайына жаңы там салып, ага мурдагы үйдөн ырыскылуу бир нерселер калган болсо ташып келели, болбосо дубалдардын арасында калып, таштандыга кетет да деген ой менен балалыгым өткөн үйдүн далисин аралап, андан туура жактагы бөлмөгө баш бактым. Жарыкты тамызып эле дендароо болуп катып калдым. Атам турат. Мени карап жылмайып коёт. Күзгүдө турат. А күзгү шифоньердин бетинде. Карынын жүзүнө окшоп бир кездеги тунук күзгүнү каршы-терши чийимдер басып калыптыр. Ананчы, ошондо атам азыркы менин жашымда эле. Мен атамдын ошол кездеги жашына жеттим.

«Келдиңби» деди атам. Унчуга албадым. Атамдан уялып кеттимби, күнкарамадай бир аз башымды ийген болдум. «Билесиңби, бул шифоньерге кантип жеткенди?» Атам эми мага дадил карап, суроосуна жооп күтүп турду...

*     *     *

Билбегендечи? Анда колхоздордун ооматы башынан ашып турган кез. Тамеки сарайга бир күнү эле раис баш болуп, бир короо активдер машиналарда келип токтоду. «Келди» дешти баары. «Келди!». Күтүп жүргөн нерселер келди. Биз, бир айдан кийин мектепке барабыз, окуу ачылат деп күтүп аткан балдар, сарай алдына атып чыктык. Биринчи эле раистин «Вилисинин» артынан удаа келген машинадан жапжаңы бир мотоциклди түшүрүштү. Биз болсо аны «татырак» дейт элек, мындайларда жүргөндөрдү айылдын таалайы артынан төгүлүп бараткан эркелериндей сезип, жаныңдан татырап, чаң ызгытып өтүп кетсе, ушундай да бактылуу адамдар болот экен ээ деп карап калчубуз. Ошол меники болсо экен деп заводдун майы жыттанган мотоциклдин коляскасын кармалап, «Урал» деген жазууларын кайра-кайра окуп турганда бизден үч жаштай чоңураак Бакир деген бала келип, «ары тургула, тийбегиле» деп бизден кызганып коргоп кирди. Анын анткен жөнү бар. Бул буюмдарды колхоз сыйлыкка бергени алып келди. Он күндүн ичинде ким эң көп тамеки тизип, мамлекетке өткөрсө, биринчи сыйлык катары «Урал» мотоцикли коюлат экен дегенин угуп атканбыз. Бакир болсо карындашы Зина, атасы Ували, апасы Алпа болуп качан болбосун биринчиликти бербейт. Ували ата согушта немистерде туткун болуп кеткен аскерлердин катарында болуп калып, уруштан кийин түрмөгө кесилип, ошол жактан орус аял алып, үч балалуу болуп, бир кызы апасында калып, бир уул, бир кызды ээрчитип келе берип, ушул Алпа эжени алган. Бакирдин өз аты Володя болсо да, эч ким анын орус атын айтпайт, мындай айтууга айыл ичинде тыюу салынган. Ошол Бакир менен Зина экөө эле беш баланын ишин кылып, тамеки үзүүдө болсун, тамеки тизүүдө болсун, алдына адам салбайт. Күчүчү? Тамекинин таңгактарын бир өзү көтөрүп, телешкага чыгарып берет. Ошон үчүн да балдардын баары «Урал» мотоциклинен көзүбүз өтүп турганы менен Бакирден талаша албайт элек.

Анан жарданып тургандар калган сыйлыктарды бир-бирден машинадан түшүрө баштады. Биз, бир айдан кийин мектепке барабыз, окуу ачылат деп күтүп аткан балдар, окууну да унутуп жалтыр-жултуру көп, пружиналуу керебетти, «Киргизия» деген татынакай аты бар, өзү эле токко сайып, ичине суу куюп койсоң, кирди жууй берүүчү машинаны, идиш-аякты тизип коюучу сервантты, айылда экиби-үчпү кишиде гана бар өзү эле баарын көрсөтө берчү телевизорду, чайды бир паста кайната койчу, бирок анын чайын кемпирлер жактыра бербеген төрт көздүү газ очогун карап эсибиз ооду. Бир убакта эки велосипедди түшүрдү. Балдардын баары ошолорду оромоттоп калды. Аларга бир эле мен барбадым. Анын себеби эки жума мурда эле атам жыйырма төрт маркасындагы велосипедди сатып келип берип, мен аны тебе албай, үйрөнөйүн деп эшикте сүйрөп жүрсөм, үйгө таятам келе жаткан экен, ал мени дөңүрөөк жерге алып барып шайтан арабама отургузуп кармап туруп тебе алат деп ойлогонбу, коё берсе болобу, кыйкырган бойдон рулга ээ боло албай барып, кошунанын кашаасын сүзүп токтоп, ошондон бул жаныбарга жолой албай калгам.

Анан эле кийинки бир машинадан «көтөр», «көтөр», «көтөрлөшүп» бир нерсени түшүрүп жатты. Шифоньер экен. Килтейген оор шифоньер экен. Кыз-келиндер аны ороп, эшиктерин ачып-жаап атканда, дагы «көтөр», «көтөр» деп атып, «күзгүсү бар экен», «күзгүсүн этият кылгыла» деп калышты. Эми экинчиси – күзгүсү бар шифоньер түштү. Аны көтөрүп тургузуп коюшту. Мен жүгүрүп эле алдына бардым. Күзгүсүнөн тамекинин ширеси баскан кулактарымдын четин, карарган бети-башымды, ысык тамак ичпей, энем айткандай суук тамекиде иштеп сууктаган ыраңымды көрдүм. Күзгүнү кармайын деп колумду узаттым эле шире жабышкан колдорум иттин арткы шыйрагындай сороң эте түштү эле колума апам ийне менен чапкандай кайра тартып алдым.

– Жактыбы? – Үн чыккандан күзгүнү карай калсам атам жылмайып туруптур. Кырдач мурду, адамды теше тиктеген өткүр көздөрү, оңуп кеткен, жеңинен оодалары чыгып турган эски купайкеси... кийиздери түлөгөн учу кайкы калпагы... Бир гана узун бою күзгүгө сыйбай калыптыр... 

– Ыы, – дедим.

– «Ыы» дебей, толук сүйлөбөйсүңбү?

– Жакты.

Алып келгендерди түшүрүп, тамеки сарайдын бир четине көздү күйгүзүп тизип коюп, Аран раис жарышта он күн бою кимдер канча жиптен тамеки өткөзсө, канча кило болорун, ошолорго кайсыл сыйлыктар берилерин шашпай айтып берип, тамекичелердин даттарын да дасормолдой блокнотуна эринбей бир-бирден тактап жазып алды да, жолго түштү.

*     *     *

Эртеси эле он күндүк жарыш башталды. «Жок, эртеси эле эмес, жарыш үч күндөн кийин башталды, ортодо эки күн жалпы колхоз боюнча дем алыш берилди» деди күзгүдөгү атам жай гана. Балким, ошондойдур, мен бала элем да, унутуп калган чыгармын. Ооба, эстедим! Тамекинин бити өлсүн деп биз аэроплан деп койчу «Кукурузный» деген самолёттор аңызга дары чаччу. Аларды Парганадан келет дешчү, эки-үч саат көрүнбөй калса, чоң балдар «учкучтар Парганага пиво ичип, кебеб жегени кетти» дешип калар эле. Дары сээп атканда бригадир баш болуп бизди аңызга жөнөтчү эмес, уруксат бергенде дале талаа сасык жыттанып турар эле. Болбой эле иш башталып кетет. Себеби жарыш да, социалисттик мелдештен артта калбоо керек.

Кыскасы, жарыш башталды. Менин болсо караганым эле – күзгүлүү шифоньер. Кароолчу менен бригадир бардык сыйлыктардын үстүн жаптырып койгон экен, булардын мындай кылган кылыктарына раистин кыжабасы кайнап, «ачып коюшсун, эл көрүп, көзү күйүп турсун» деп шоопурунан айттырып ийиптир, ошол замат белектер жаркырап ачылып, беттери сүрүлүп, тим эле «мени ал», «мага жет» дегендей көз ымдап туруп калды дешти сугатчылар.

Мотоциклге жетүү үчүн күнүгө жүз жиптен тизиш керек да, анын жалпы салмагы беш жүз кило болушу ылаазым. Ага жетүүгө биздин чама-чарк келбейт. Апамдын болсо эсидарди кир жуугуч машинада, балдардын кирин жууп оңуп калат элек. Үйдө тамак-аш, отун-суу менен алек болгон энем болсо, сүт тарта турган сепараторуна эле жеткиле, жаныңарды кыйнабай деп эң төмөнкү сыйлыкты мелжейт.

Жарыштын биринчи күнү. Жатардагы убада боюнча эжем, иним, карындашым – төртөөбүз ата-апабызга айтпай, таң ата электе турдук да, тамеки салынуучу идиштерибизди – төрт бурчтуу, узун-туурасы бир кулачтан келген, бурчтарына бири-бирине байлоо үчүн бекитилген үч карыштай бышык жиптери бар таарларыбызды колтукка кыстарып аңызга жөнөдүк. Иле-шире караңгыда эч ким көрүнбөйт. Төрт-Күлгө, тамеки палыбызга жеткенде Көк-Белден, куду жолдун өзүнөн адегенде жаркырап барып, анан күмүш табакты жер үстүнө бирөө коюп койгонсуп Күн чыга келди. Оолугуп алган биз ага чейин тамекилердин үчүнчү үзүмүн баштап жөөктөрүбүздүн башынан кыйла узай түшкөнбүз. Жол менен бирин-серин тамеки үзүүгө бараткандар түнкү уурулардай шыбырт алдырбай өтө баштады.

Үзүп-тизген тамекилерди түш оой, эсепчиге өткөрсөк, жетимиш алты жип, үч жүз жетимиш тогуз кила араң чыкты. Өлүп-талып иштегенибиз менен күзгүлүү шифоньерге жетүү үчүн дагы төрт жип,  жыйырма бир кила тамеки керек. Он күн күн сайын сексен жип, төрт жүз кила тамеки үзүлүп, тизилсе гана күзгүлүү шифоньерге ээ болобуз.

Тизген тамекилерди рамкеге иле коюп, балдар бакчасын тегеректей коомай отуруп, даш казанга Жакып ака бышырган умач ашыбызды бир таш кеседен ичип, этектерибизди колтугубузга кыстара коюп, түштөн кийин кайра талаага – тамеки үзүүгө жөнөдүк. Сарайдын жанынан өтүп баратып адатымча дагы бир жолу – күзгүлүү шифоньердин жанына барып, анын күзгүсүнөн өзүмдү дагы бир жолу кайра-кайра үзүлө карап, бозоргон жүзүм менен ишим жок, сулуулугума там бере сыраңдап секирип, мака талааны тилип өткөн жалгыз аяк жол менен шашып бараткан бир туугандарыма чымын-куюн болуп жеттим.

Бул күнү үзүүдөн эң акыры чыктык. Ошондо да тамеки түйүндөрүн ташыган тракторчу Мустафа ака чиркегичиндеги жүктөлгөн өлүктөй оор таар идиштердин эң үстүнө чыгып алып, аскерден кийе келген модалуу чаар шапкесин булгалап кайра-кайра чакыргандан кийин жыйнала баштап, жол көрүнбөй күүгүм басканда араң ишибизди токтоттук. Түнкү тизимди да он экиден оогондо араң токтотуп, эртеси түштө үзүп-тизгендерди тарттырсак дагы эле үч жип, он төрт кило жетпей калды.

«Ошондо мен эмне дедим, эсиңдеби» деди күзгүдөгү басөөлөт атам.

– Эсимде. Күзгүсү болбосо күзгүсү жогуна эле жетели да дедиңиз.

«Эсиңде калган экен, күзгүлүү шифоньерге жетүү үчүн сексен жип өткөрүү керек болсо, күзгүсү жогуна күнүнө жетимиш бештен гана өткөрмөкпүз, жаныңарды кыйнабалыгачы, жарыш бүтсө, Ноокатка пул берип жөнөтөм» дегем деп атам дагы ошол күндү эстетти.

Чын эле, атам ошенткен. Жарыш бүткөндө силерди Ноокатка жиберем деген. А Ноокат биз үчүн кол жеткис жай. Базардын ичине кирип, бир уучтан беш тыйындык майда мантыны өзбекче жазылуулары бар эски китепке салдырып жеп, короз кантты шимирип, ара-арасында «Буратино» лимонадын ууртап коюп, «Балли, балли» деп дар башында жүргөн ала чапан баланы тамаша кылып, маскарпоздун кылыктарына күлүп турсаң... Эх, ошондой эле кылсакпы, жанды кыйнабай?..

Ооба, күзгүсү жок болсо эмне? Мен эртеси сааркы үзүүдөн келип, сыйлыкка аталган буюмдар турган бурчка дагы өттүм. Күзгүсү жок шифоньер менен күзгүлүү шифоньер катар турат. Күзгүсү жок шифоньерди дүкөндөн пулун төлөп коюп, алып кетчү кардардан бетер эшиктерин ачып ичин карадым. Эки эшиктүү: бир эшигинин ичинде аш табактын бетиндей күзгүсү бар экен, таза, жапжаңы күзгү, анан узун тыш кийимдерди иле турган бир топ вешелкалар бакандай жыгачка өткөрүлүп турат, булардын үстүндө тумак, допу, калпак коюп коё турган көзү бар; экинчи эшикти ачканда катарлаша алты тартмасы турат, ар бир тартмасы өзүнчө көйнөк-көнчөктү, шейшепти, байпак-сайпакты бүктөп салып коё турганга ылайыктуу экен. А түгүл жаныма жакын келе калган эжем эң астын ача салып, бул жерге мен бут кийимдеримди салам деп ээлеп алды. Сырты болсо жалтырайт. Ошол жалтырактан өзүң даана көрүнөсүң. Бир айыбы эле сыртында адам боюндай күзгүсү жок. Болбой эле күзгүлүү шифоньерди имерчиктей бердим да, ары бир, бери бир жылып өзүмдүн шире баскан кийимдеримди, туурул-туурул жарылган беттеримди, таманы ичине кыйшайып турган керзи өтүгүмдү, башында ак-кара болуп кооздолгон, эми ага сары алтынга боёлгон өзбек топумду, тизеси оо бери бир кыйла чыгып калган пахталуу шымымды, бүчүлөрү ыргып, жоголуп, жакалары далдайып калган, эки жыл мектепке форма деп кийип, эми астынан киндигим көрүнүп турган балдар менен ишпион ойногондо «ок өтпөс» кастимимди – баарын бир-бирден карап чыктым. Адам өзүн күзгүдөн караган кандай ырахат. Анан калса өз боюңдай жапжаңы, дагы бир нече күндөн кийин сенин үйүңө барып калар, сеники болуп калар күзгүдөн. Мындай килтейген күзгүнү Ноокаттын универмагынын экинчи кабатына чыгып баратып гана көрөр элек.

Ой менен болуп атып чочуп кеттим. Эски шифоньердин күзгүсүндөгү атаман үн чыкты: «Мен ошондо сенин кыздарга окшоп күзгүлүү шифоньерди жактырып турганыңды билип, аябай кыйналдым, эми эмне каламын деп апаңа айттым, апаң өлсөк-талсак да ушуга эптеп жетели деди».

Мурдагыдан да катуу иштедик. Уйку бетин көрбөй калдык. Тамеки үзүп баратып эле жөөктүн ичинде кесекти башыбызга жаздап чырым этип алабыз да, кайра чочуп тура калып үзүүбүзгө киришебиз. Суусасак, кир көйнөктүн курсак тушун арыктагы азот жыттуу суунун бетине коюп, ошол көйнөк аркылуу «чыпкалап» жутуп алабыз. Суугубуз ашып, көздөрүбүздүн агы көгөрүп кетти. Үйдө калган энеме да бир түйүн түшүрүп бердик, кирди-чыкты катын-калачтар, кичине үкаларыбыз менен энем да он-он беш жип тамеки тизип берет. Бул бизге кыйла огожо болду. Жарыштын жетинчи күнү келгенде күзгүлүү шифоньерге «Адалат депутаттын балдары жетиптир», «Бекташ менен Бегматтарга буйруптур», «Жо-ок, Мурзакулдар алат экен», «Андай эмес эле, Буркандын балдары жетип атыптыр, ошолор алат экен» дегендей сөздөр тарап, ичимди бир күйгүздү.

Бир күн түнкү тизимден эл тарай баштаганда уйкулуу көзүмдү пар ачып күзгүлүү шифоньерге бардым. Жыгачтары жалтырайт, күзгүсү жубардай болуп ушунчалык жагымуу, кармап ийдим. Күрөң ыраңдуу, кооз сызыктары бар бетинен эки-үч жолу сыладым. Анан күзгүсүнө карап жалынып ийдим: «Биз жарышта сага жетеличи, биздин тамекилер тез үзүлүп, тез тизилип, сексенден түшпөсүнчү, оо, шифоньер, сен биздики болчу?!» Шифоньер мелтейип, үн катпайт, же бар дебейт, же жок дебейт.

Эртеси эсепчи Тойгонбай каткан нандарды өкүртө туурап, умач аш ичип отурсам жаныма келди да: «Мага жардам берип, канаф жүгүрүшүп коёсуңбу, түш убагында жарым саат жүгүрөсүң, ошол жетет, эл аябай көп тизип жетише албай жатабыз, ордуна беш жип тамеки жазып берем», - дебеспи. Көктөн издегеним жерден табылды, ансыз дале кызыгып жиптерди өзүбүз жүгүрүп алчубуз, же эсепчи жетишпей атса, өзүбүз эле даярдап кетчүбүз. Канаф жүгүрүү дегенибиз, заводдон канаф жиптер түргөк-түргөк болуп келет, а тамеки сарайда болсо, ошолорду ажыратып, үч-төрт кадам жерге бир барып, мыкка илип келип, кайра-кайра барып отуруп, ажыратып чыгабыз да, анын учун кесип, ийнеге сайылган тамекилерди өткөрүп, рамкеге кургатуу үчүн илүүгө даярдайбыз. Бул иш адегенде оңой көрүнгөнү менен оңбогондой оор экен: ары-бери каттап отуруп, бутуң түшүп калганы аз келгенсип, колдоруңду жиптер тилип, кабарсытып, ачыштыра баштайт. Чыдадым. Күзгүлүү шифоньер колго тийсе болду, койдун майын сүйкөп жакшы кылып албай жаным жокпу мектеп ачылганга дейре деймин.

Ошентип жүрүп күзгүлүү шифоньерге жеттик. Аны атамдар Мамыразак, Ташполот, Мамыр аба, дагы эки-үч киши менен үйгө кара машинага салып, абайлап алып барышты, мен болсо аларды ээрчип жүрөм, жамажайым эки кулагыма жете улактай так секирип. Шифоньерди туура үйдүн кире берсең эле көрүнө калчу оропара текчедеги жүктөрдү алып, мейрабын бузуп, текчени жаңы буюм бата тургандай кылып тегиздеп, сыйбай калган эки бутунун астына калыңдап чаткал коюп тургузуп берди.

«Анан сен ошол күзгү алдынан кетпей калдың» деди атам күзгүдөн шылдыңдай карап.

Ооба, атайын күзгүгө көрүнүү үчүн үйгө кирем. Окуу ачылганда күзгүнүн асты талаш болуп калат, бирибизден бирибиз бой ашыра карашып, күзгү астында кезектешип калабыз. Өмүр бою ушундай күзгү астында сакал алып жүргөнсүп атам да «Спутник» лезвиясы менен үч-төрт кашык ылымылык суу куюлган калай күрүшкөсүн көтөрүнүп ушунда келип калат. Мурдалары он күндө бир алынган сакал эми күн алыс алынчу болду.

Күзгүдөгү атам күлүп жиберди. Аппак, бир да курту жок маржандай тегиз акакталган тиштери кашкая көрүндү.

– Сизди чакырып атат, Ошко барып, ашарчыларга майда-чүйдө алып келет экенсиңер, - деген үн оюмду бузуп ийди. Жылып кеттим. Күзгүдөгү адам да көрүнбөй калды.  

*     *     *

Оштон кеч келдим. Келсем, үй бузулуп, дубалдар кесекке айланып, ал кесектерди балдар жаңы үйгө ташып аткан экен.

– Шифоньер кана, күзгүлүү шифоньер кана? – Үнүм дирилдеп, тамагын буулуп чыкты.

Бирөө отункана жакка кол жаңсады. Көмүр-сөмүр, дөңгөчтөр, эски дөңгөлөктөр, дагы башка ашкел-дашкел жаткан отунканага эчак көзү өткөн атамды бирөө алып барып таштагандай аттап-буттап жетип барсам, кайрадан атам күзгүгө келе калды. Баягы турпаты жок. Өң-алеттен кеткендей, бүт ноода боюнан, денесинин тышынан гана эмес ичинен да жыйылып чыккан ачуусу бетине жармаша калгандай...

Мен күзгүдөгү атамды кармадым. Атам да мени кармады...

Мен күзгүдөгү атамдын бетин аарчыдам. Атам да менин бетимди аарчыды...

2021-жыл, 6-9-январь

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз