О`Шакир: Намазга жыгылдым. Неге? (Уландысы)

  • 30.03.2022
  • 2927

Жума намазга барганым далайын уу-дуу түшүргөнүн туюп, кыргыздын акыл аңында жаткан бир мандемге түшүндүм. Улуттук өксүк комплексибизден оңой менен арылар эмеспиз. Өтө аянычтуусу ушул.

Мен эми ар кандай деңгээлдеги акыл чөйчөккө ээ караламан көпчүлүккө жеткиликтүү түшүндүрүүгө аракет кылайын. Эки жагына тең карайын. Бир тарабы чыкты: “... таңгалдым... О`Шакир аң-сезиминен тайкыланып, динге кул боло түшкөнүнө”. Кээси телефон чалды: “Йе, кокуй, тиги жакка өтүп кеттиңби?! Дин тарабына...”

Экинчи тарабы чыкты: “Иншалла, Сизге ыраазыбыз! Аллах ыраазы болсун”. Кээси жазып атат, “адашкан пендесин Алла акыры мечитке алып келет”. Кээси минтет: “Күнөөңүз толуп кеткен болсо, туура кылдыңыз”.

Э тобоо дедим эки тарабына тең. Шордуу кыргыздын бейаң сезимине, тамырына эбак доо кеткени ушу го! Бул синдром – улуттун өксүк комплекси эмей эмне?! Массанын эки тарабынын тең психологиясында кыргыздын бөлүнүп-жарылуучулукка жедеп көнүп бүткөн адети го бул дагы. Кан-жанына сиңип калган бөлүнүүчүлүк менен кубаттуу улут боло албай келатканыбыз ушул эмеспи! Кыргыз кыргызды душман санап келген тарых бизден дале обочо кете элек тура. Азыр деле чабышып жатып калчудай. Эс-акылдуу элдер тарыхтан сабак алат экен, а бизчи?!

Йе, жолуң болгур, кыргыз, менин мечитке барган-барбаганым менен эмне ишиң бар? Бири – мечитке барганымды кыргыздын душманы тарапка өтүп кеткендей санаса, бири – мечитке барганымды Алланы ыраазы кылар кадамдай түшүнгөнүнө күрсүнүп отурам. Кейип отурам! Мечитке мен Алланы ыраазы кылуу үчүн барганым жок. Алла-Таала О`Шакирге окшогондордун биринин да ыраазчылыгын муктаж эмес. Кудайды таануу үчүн мага мечитке баруунун деле кереги жок. Кудайды жүрөгүбүздөн гана таанууга мүмкүн. Ушунча болуп намаз окуган мусулмандардын арасында бирөө-жарым бар бекен Кудайды мечиттен тааныган?

Мен барсам, калың катмарлуу диний философияны таанууга баргандырмын, бирок Алла-тааланы ыраазы кылуу же аны таануу үчүн барганым жок. Тек гана орток баалуулуктарыбызды, ой-тилектерибизди тең бөлүшкөн кыйышкыс досторум бар. Алардын айрымдары: Абдывахап Нурбаев, Искендер Ормон, Касым Өмүракунов. Беш маал намазынан жазбаган ушул ардактуу досторумдун арасында Мамбетасан Ибраев досум менен мечитке бир мерте барып койгонума кыскача токтоло кетейин эми.

Жашоого көзкараштарыбыз ар башка болсо да аты аталган жан достор менен дүйнөгө болгон мамилебиз окшош. Чоң айырмабыз – алар мечитке каттагандар. Өзүм болсо өмүрү каттаган эмесмин. Мечиттин босогосун эзели аттабагам. А достуктун тамыры эмнеде? Мына ушул маселеге келгенде рухий коом агартуу жолунда жүргөн Абдывахап, Искендер, Мамбетасан, Касым аттуу досторумдан өмүр соңуна, акырет күнгө чейин ажырагым жок.

Арийне, достуктун тамыры эмнеде? Мөмөлүү дарактын тамырына суу жетпей соолугандай, достуктун тамырына азык берер, аздектеп алаар камкордук керек дейм. Мөмөлүү даракты кандай бапестей алсаң, анын тамыр-бутагы ошончо жайылып, мөмөсү да аракетиңден көз каранды го. Достук деле ошолдур. Аттары аталган досторум менен тилек, пикир бөлүшүп, ой-идеяларды талашып, кубаныч-кайгыбызды бөлүшкөн теңшерик насиптин тамырына доо кетирип алуудан сак болгонум ийги дейм...

Эмне үчүн театр, музей, көркөм искусстводон алган рухий ыракатымды досторума маашырланып баяндап берем, аларды да театрга үндөйм. Кээде аларды театрга чакырам да, а эмнеге досторум мечитке каттап рухий ыракат алганына маашырланбашым керек, эмнеге барбашым керек? Алар менин баалуулугумду урматтап, сыйлап турганына урмат-сый көрсөтүүнүн бир жолу – алардын рухий ыракатын мен да жүрөгүмдөн сызылтып сезсем дейм. Алар менен намазга бирге жыгылганым өзүм үчүн, досторум үчүн гана. Бул тек гана дүйнө таануум үчүн... Азырынча.

Аныгында, кас-душмандарыбыз менен болгон мамиледен сак болгубуз келет, а бирок достор менен болгон мамиледе андан да сактык керек экенин таназар албайбыз. Себеби, достун көңүлүн кылт эткен кенедей катачылыгыңдан бузуп алуу тез эле...

Алыскы душмандан аяр болгондой, жакын санаалаш достордон андан бетер аяр болууну көптөрү эске албайт. Анан эле достук мамилени кантип үзүп алганына акылдары айраң...

Жогоруда аты аталган досторум менен театр, музейге бирге барып, көркөм дөөлөт, көркөм адабиятты кеп кылгандай эле неге ислам дөөлөтүндөгү асыл баалуулуктарды орток дасмиябызга жайып бөлүшсөк болбойт? Дин таануу кеменгерлигине жеткени бар, жетпегени бар. Ушул апастан андасамды жыйынтыктасам дейм. Бир курдай адатыбызча дасторкон четинде аңгеме-дүкөн куруп отурабыз. Кебибиз: келечекте бизди нелер күтүп турат, учурдун көңүл көйү эмне...

Абдывахап менен Искендер досум өздөрү менен бирге ээрчите келген диний билими терең жаш жигиттерди тааныштырып калышты. Диний билимдерин Египет, Турциядан тереңдеткен ошол жигиттерди тыңдап отуруп, арттагы жаштардын багытына көңүлүм абыдан курсант болду. Сөз кезеги келгенде ошол жигиттер айтат: “Коммунисттер тыйуу салып келген доордон кийин бизде диний аалымдар жокко эсе болчу, ошондо Чубак ажы Жалилов менен Абдышүкүр Нарматовдон бөлөк ислам динин жетик түшүндүрөр инсандар жок, биз алардын кээ бир баянын ыйлап отуруп угар элек. Азыр ойлосок, ошол кездеги бизге укмуш көрүнгөн бул эки ажынын деңгээли башталгыч класстын мугалимдериндей экен. Аны эми гана аңдадык. Алардын диний билимдин тереңинде жаткан маселелерге тиштери өтпөчү экен. Азыр болсо Кыргызстандагы диний чөйрөдө жогорку класстын деңгээлиндеги ислам интеллектуалдарынын кыртышы пайда болуп калды”, – дегенин угуп, азыркы диний фанаттардын калың массасын агартып-көгөртөр диний катмар жетилип калганын угуп, кулагым сүйүндү.

Албетте, Чубак ажы менен Абдышүкүр ажынын мууну кезинде өздөрүнүн деңгээлинде кыргызга ислам динин таанытып келсе, эмики кезең алардан да бийик деңгээлдеги диний чөйрөнүн калыптануусу. Бул маселеге келгенде, түрдүү агымдагы диний уюмдардын орток баалуулугуна көпүрө болор, кыргыздын дүйнө таанымы менен ислам дөөлөтүн карама-каршы тирештирбеген мусулман коомун калыптоо баарыбыз үчүн маанилүү...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз