О`Шакир: Намазга жыгылдым. Неге?

  • 12.03.2022
  • 4426

Кеп мындай: мечитке адашканымдан барганым жок. Мамбетасан досум (Ибраев) өмүрүмдө намазга биринчи жолу жыгылганымды дүйнөгө мен кайрадан туулгандагыдай сыпаттаптыр. Жок, андай эмес. Адам бул өмүргө бир эле жолу туулат.

Жинди болуп туулдумбу, жинди бойдон өткүм бар. Кежир болуп туулдумбу, кежир бойдон жашайм. Эң башкысы, адам сыягынан айрылбай өтсөм болгону. Анымдан пенде баласы зыян деле тартпайт.

Кеп башкада... Кеп, караламан калктын калың агымы кайда баратат бүгүн? Мечитке! Тойканага! Театрга, музейге, китепканага каттаган киши аз. Илим-билимге баш урган калктардын катарына качан кошулабыз, билбейм! Жайнамазга жыгылганымдын башкы себеби эмне? Анын жообун түшүнүү өзүмө да кызык. Буга дейре какшап келгенимдей: итирейген интеллигенция калкты ээрчите албады. Ээрчитсе кана, театрга эл шыкалып калат эле го, китепкөйлөр арбып, улуттук адабиятыбыздын базары кайнап турбайт беле. Андай болбоду. Анан караламан калк кимди ээрчиди? Чала молдолорду!

Беш жыл мурда Чубак ажы менен Мамбетасан досум үчөөбүз бир жерден бак-бак сүйлөшүп, шар ооз жаным Чубак ажыны тилектештикке үндөдүм. “Таксыр, – дедим колунан кыса кармап, – келиңиз, мен элди мечитке үндөйүн, а сиз театрга, музейге, адабиятка үндөңүз! Улуттун аң-сезимин, сапатын ошондо өстүрөбүз!” – дегеним таксырларга табылбаган кеп болду. Экөө тең кубатташты. Чубак ажы эртеси эле “РухЭш” сайтына элди китепке үндөгөн макаласын жазды. Жарыяланды. Кийин да жазып бергенин жарыяладык. Ошондон бери Мамбетасан экөөбүз коом агартуу аракетиндебиз... Ыраматылык Чубак ажы тирүү болгондо, аны менен да коомду сынчыл ой жөндөмгө ээ кылар аракетибизди, өнөктөштүгүбүздү уланта бермекпиз...

Эми намазга жыгылганыма келели. Ушул жерден кунт коюңуз, окурман! Адатта, окуганын түшүнбөгөндөр толтура. Укканын мээсине сиңире албаган акма кулактар андан көп. Анан эле ким жинди? О`Шакир жинди. Мени жинди санагандар чыгат. Эми кептин ток этер жерин айтсам: чо-ооң жазуучу болгум келет. Нобель сыйлыгына жетүүгө эки-көзүм төрт. Жазуучу болуу үчүн мен жинди кайда гана барбадым, нени кылбадым. Чоң жазуучу болуш үчүн түрмөгө баргым келчү. Жер түбүнө кирип шахта казгандар менен карала-торала болуп жүргөндү кыялданчумун.

Баса, бойдок кезде чөнтөгүмө акча толсо эле сойкуканаларга жөнөчүмүн. Отуз жашыма чейин колоктоп бойдок жүрсөм, башка каякка барат элем... Азыркы Улуттук коопсуздук кызматында төшөк аңдыгандар болсо эмне ошондо. Бир жолу тасмага тартылып калбадым да, арман...

Көпчүлүк чыгармаларымдын каармандары өңчөй кыз-келиндер. Окуялардын көбү ошолордун оозунан жыйналган. Тагдыры аялуу ошол кургурлар менен муңдаша келсең, сырдаша келсең эле зөөкүр эркектердин кордугуна чыдабай ажырашып кеткени бар, тагдыры талкаланганы толтура. Айтору, кыргызда кыздын шору көп: маңдайынан сылап мээр салсаң эле буркурап боздоп беришет... Ошондон бери феминизм жана аялдар укугу боюнча маселеге келгенде четте карап тура албас болгом. Үй-бүлө институтун бекемдөө көйгөйү ошондо жаралды көөдөнүмдө...

Кыз-келиндердин таламын талашып, кыз-келиндерди коргоого жан үрөгүм келет. Дегеле жазуучу болгону жылуу-жумшак жашоону каалаган киши эмесмин өмүрүмдө. Үшүп-тоңгон тагдырларга жылуулук бергим келет. Кыскасы, коомдун дартын билбесең атаңдын башына жазуучусуңбу деген киши жок бизде...

Жазуучулук озуйпаны көбү элге акыл үйрөтүү деп түшүнөрүн көрүп жүрөм. Китеп дүкөндөргө башпаксаң, акын-жазуучулар текчелерге макулатура толтуруп салганын көрөсүң. Радио-телеге чыккан жазуучуларды тыңшасаң эле элге жазуучулугун колкоо кылышат. “Эл китеп окубайт, театрга барбайт, эл маданиятсыз” деген шекилде уңулдашат. Наалышат. Элди маданияттуу, окумал деңгээлге өстүрүү үчүн көчүк көтөрүп базар аралап китеп сатайын дебейт, илгерки эле союздун багуусуна көнүп, олчойгон гонорардын кыныгын алган калемгерлер журту азыр деле бийликтегилерден үмүт этип отургусу бар.

А мен жинди Ат-Башынын мал базарын аралап китеп сатып көрдүм. Эл китеп сатып алат экен көрсө. Тек, эл аралап китеп саткан, элге китеп жеткирген эле киши жок экен бизде. Чак түштө шам чырак көтөрүп Афина шаарын аралаган Диогенге окшоп мен дагы былтыр күзүндө мал базарда “Адам барбы?!” деп кыйкырык салдым. “Бар, эмне болду сага?! Сага биз мал көрүнүп атабызбы” дегендерге “Адам+” аттуу китебимди саттым.

– Бу китепте эмне жазылган? – дешти.

– Ичин ачсаңыз көрөсүз да. Чачыңызды тик тургузар шумдукту жазгамын, – десем, биринен бири озуп сатып алышты.

– Өзүң элге таанымал кишисиң, минтип жүргөнүң уят эмеспи, – деген тааныштар кезикти, туугандар кезикти боору түтпөгөн:

– Эл эмне дейт мунуңду көрсө? – дешти алар.

– Базарда уй же жылкы сатканыңарды уят деп ойлойсуңарбы? Эл эмне дейт экен деп мал сатпай коё аласыңбы?.. – Мен да кабыргасынан койдум суроону. Унчукпай калышат.

Базар аралап оокат кылгандын эмнеси уят, ошол сыңары китеп саткандын да уяты жок экенин акын-жазуучулар журту түшүнсө дегеним.

*     *     *

Эми жума намаз темасына кайра келели, азиз окурман. Адегенде мечитке жакындап калганда мээме бир ой шак келди: “Мечитке бут чечип кирет болуш керек баары. Анан ушунча агылган элдин арасынан бут кийимим алмашып кетсе канттим? Кантип табам?. А кокус батинкемди уурдап кетишсечи?.. Үйгө жылаңайлак кайтамбы?!”

*     *     *

Мамбетасан досум менен мечиттин алдынан жолукмакмын. Эки жакты карасам, ал көрүнбөйт. Агылган көпчүлүктүн арасында моюн созуп, Макемди издейм. Телефон чалдым. “Мына, келип калдым!” – деди. Ал келгенче мечиттин кире беришинде турсам, эки таксыр кобурашканы:

– Украиндер менен орустар кырылышып атат, ия... – деди бири.

– Капырлардын бири өлүп, бири калсын, – деди экинчиси.

Ичимен баш чайкадым. “Мусулман болбой куруп кал” – дедим... Адам өлүмү бул маңбаштарга кеп эмес тура.

*     *     *

Көп күттүрбөй Мамбетасан досум келип калды. Колунда бир эмес эки жайнамаз жүрөт. Бирин мага туулган күнүмө белекке ала келиптир. Экөөбүз намазга жыгылгандардын сабына кошулдук. Арапча бир ооз сөз түшүнбөгөндөн кийин ибадатты өз эне тилимде эле кылайын дедим. “Эл-жерибизге тынчтык бер, Кудай!” дедим. Ким муну туура эмес ибадат дей алат? “Украина менен орус элине сабыр бер, Кудай!” дедим. Ким муну туура эмес тилек дей алат? “Украиндер өз эркиндигине, өз эгемендигине жетүүгө насип буюрса экен, Кудай” дегенимди чекилик саноого болобу? Өз элибиздин эркиндигин, эгемендигин да тилендим жайнамазга чекемди тийгизип. Ушул ибадат-тилектеримдин кайсынысын жаман дей аласыңар, мусулманың да, бусулганың да...

*     *     *

Эми адабият маселесине келели эй. Эне тил маселесин көтөргөндөргө кезинде итатайым тутулчу менин даа. Мындан башка маселе калбагансып, тил маселесин коюп, элдин жашоо деңгээлине баш оорутушпайбы дечүмүн. Кийин карасам: тотугуш таксырлардын тили бузулду. Кыргыздын тилин чанып, түшүнүксүз арап тилин таңуулаганга өтүштү. Каадасын, наркын, салтын даа урганы жок. Ардандым. Улуттук ар-намысы жок эл ээрчиме, оома болуп кеткенин көрүп, жаздыкка баш коё албай туйлачу болдум. Ошентип түйшөлүп жүрүп, мечитке башпагууну ниет кылып жүрдүм эле, Мамбетасан досум себепчи болду ырас.

Рухий агартуу ишин мусулман коому менен аралашуусуз жүргүзүү мүмкүн эместигин түшүндүм. Эне тилибизди мусулман чөйрөсүнүн басымдуу бөлүгү чанбасын үчүн, мечитке каттап, ошол жактан улуттук иденттүүлүгүбүздү бекемдөөнүн эмнеси жаман деген бүтүмгө келатам. Молдокелерди сыртынан сындап, сыртынан сөкпөй, алардын жоон тобун аралашып, сынымды да, чынымды да ачык айтсам жаманбы? Исламдын интеллектуал катмары өсүп чыкса кыргызга жаманбы? Андыктан мечиттердин босогосун буйдалбай аттап эле агартуу ишин ачык жүргүзгөнүм кимге жаман деген ниеттемин, бурадар.

Жинди деген жинди да. Мен жиндини мындан ары жума намаз күндөрү Көк-Жардагы мечитке барганымды көрсөңөр таңгалбагыла. Жума наманга чейин да, жума намаздан кийин да ошол жерден китеп сатам. Болгондо да ЛГБТ тамасына арналган “Адам+” китебимди. Себеби бул темадан чочулаган молдокелер көп. Түшүнбөйт. Түшүнгүлөрү да жок. А мен түшүндүргүм бар. Алланын ыраазычылыгы үчүн О`Шакирдин башын кесип келген кишиге АКШнын жашыл долларын убада кылган таксырлар да бар экени белгилүү. Алар да келишсин. Агер эле О`Шакирдин башын кесип алган киши Алла Тааланын ыраазычылыгына ээ болору чын болсо, жума намаздан кезигишебиз... Мечит жөнүндө алдыда дагы кеп кылабыз. Арийне, бул мерте туулган күнүмдө жума намазга үндөгөн Мамбетасан досума терең ыраазычылык билдирем! Анын Макемдин белеги – сыз өтпөс, суу өтпөс жайнамазын мындан ары колтугума кысып алып, мечитке барып турам. Жинди деген жинди да...

Буга чейинки мусулмандык бир гана белгим бар эле, ал ата-энем сүннөт той берип, чочогумду кескени. Болду. Андыктан чала мусулман кишинин деле чала молдодон не айырмасы бар дегеним го...

(Уландысы бар)

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз