Сергей Есенин: Кара киши[i]

  • 04.04.2022
  • 2621

ПОЭМА

Досум, ай досум,
Мен абдан, абдан оорулуумун.
Өзүм билбейм, кайдандыгын бул оорунун.
Же шамал ышкырууда,
Элсиз калган бош талаада.
Же мээмди арак маң кылууда,
Талыкшыган токой сымал сентябрда.

Кагылууда канатындай чымчыктын,
Башымда кулактарым.
Моюнумда отурат ал соксоюп,
Салаңдатып буттарын[ii].
Кара киши[iii],
Кара, кара,
Кара киши
Керебетимде отурат,
Кара киши
Түнү  уйкумду качырат.

Кара киши
Күчөтүп улам кара ниет басмырлашын,
Түрү суук китепке
Чуркатып манжаларын,
Өлгөндөргө ыйман айткан кечилче
Дилге матап коркунучун, кусалыгын
Өмүрүн окуйт кандайдыр митайымдын.
Кара киши,
Кара, кара!

“Уккун, уккун,- деп
Ал мага күңкүлдөйт:
- Китепте көп жакшы ойлорум
жана дагы пландарым[iv].
Ушул адам
өлкөсүндө жашаган,
Эң бир жийиркеничтүү
Бүлүндүргүч, наадандардын[v].

Декабрда бул өлкөдө
Кар укмуштай таптаза.
Куюн кардан жип ийрийт,
Бороон улуйт шаңдана.
Ал киши бир шылуун болчу
Эң бир бийик даражада.

Сымбаттуу эле ал өзү,
Акын болчу анан дагы.
Чоң таланты болбосо да,
Карылуу эле жазгандары.
Бир аялды кырктардагы,
Жаман кыз атаганы бар эле,
жана атаган жан ардагы[vi].

Бакыт деп билчү эле ал,
Акыл зирегин, кол эбин.
Жашоого эпсиз жандар
Бактысыз дайым, билемин.
Бул да эч нерсе эмес,
Жалган, бузук жаңдоолор
Билем көп азап берерин.

Бороондордо, добулдарда,
Жашоо ызгаарына согулганда.
Жоготууларга учурап,
Көңүлгө кайгы чогулганда.
Дүйнөлүк бийик искусство,
Сезилет жылмайыңкы, жупуну да”.

“Кара киши!
Сен буга барбайсың!
Кызматта эмессиң да,
Суучул болуп жашайсың[vii].
Чыр пейил акындын
Жашоосу менен ишим не.
Суранам, окуп бер же айтып бер
Менден бөлөк кишиге[viii]”.

Кара киши
Кусундуга карагандай,
Карайт мага жийиркене.
Айткысы келип, экенимди
Ууру, уятсыз бир неме,
Экенимди наадан да,
Бирөөлөрдү талап-тоноп
Алаарымды анан да[ix].

. . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . .

Досум ай, досум,
Мен аябай оорулуумун.
Билбейм кайдандыгын бул оорунун.
Же шамал ышкырууда,
Элсиз калган бош талаада.
Же мээмди арак маң кылууда,
Талыкшыган токой сымал сентябрда[x].

Түн аяздуу.
Кесилиште жымжырттык[xi].
Досту да, мейманды да
Күтпөгөн
Терезеде жалгыздык[xii].
Бүткүл түздүк жабылган,
Себеленме аки таштай ак карга.
Карайм курчап келген атчандардай
Айланадагы бактарга.

Каяктандыр ыйлап турду
Түнкү шумдуктуу чымчык.
Жыгач атчандар
Тынчтык бузуп туяк урду[xiii].
Мына кайрадан кара неме
Түртүп өйдө цилиндр калпагын,
Үстүмө келип отурду,
Олдоксон оңдоп чапанын.

“Уккун, уккун! - деп кырылдайт,
Тик бага карап жүзүмө,
Улам-улам жакындайт,
Өбөктөй түшүп үстүмө.
– Көрбөгөм митаамдардын
Минтип акылсыз жана
Керексиз түрдө
Уйкусуздуктан кыйналганын”[xiv].

Ах жөн койгун, ката кетти!
Азыр айлуу кеч эмеспи[xv].
Тойгонго эмне керек деги
Үргүлөтмө мирикага?[xvi]
Чайпай басып жоон санын
келер сага “ал” тымызын.
Кулак төшөр лирикаңа,
Билбей отсуз, жансыздыгын[xvii].

Эх, сүйөмүн акындарды!
Ой-сөз баккан кызык жанды.
Алардан мен табам дайым
Жүрөгүмө жакындарды, -
Бетин бүдүр баскан кызга,
Чачы узун, куник акын жанашып,
Дүйнө жөнүн айтып жатат,
Жыныстык жактан бошоп баратып[xviii].

Билбеймин, жок жадымда,
Кайсы бир айылда,
Балким Калугада,
А балким Рязанда
Жашачу эле бир бала
Карапайым үй-бүлөдө.
Чачы куйкул, көзү болсо
Асман түстүү көкмөк өңдө...[xix]

Мынакей ал чоңойду
Акын болду анан дагы.
Чоң таланты болбосо да,
Омоктуудай жазгандары.
Бир аялды кырктардагы,
Жаман кыз деп атаган ал,
Анан дагы  жан ардагы.

“Кара киши!
Сен баркы жок меймансың.
Мындай даңкың эбактан
Туш тарапка жайгансың”.
Мен каардуу, ачуулуумун
Шилтенет анан таягым
Анын суук тумшугуна,
Көздөрүнүн ортосуна...[xx]

. . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . .

...Ай да өлдү,
Терезеден таң көгөрдү.
Эх сен, түн!
Эмне кылып салгансың?
Турам цилиндр калпакчан[xxi]
Эч ким жок жанымда
Жалгызмын...
Сынган күзгү жана да...

1925-жыл.

[i] “Кара киши” поэмасы акындын акыркы чыгармасы (өлөрүнө бир күн калганда жазылган сегиз гана саптан турган коштошуу ырын эске албаганда) болуп саналат. Негизинен бул поэманын биринчи вариантын акын 1922-1923-жылдары Америкада жүргөнүндө жазган. Бирок ал абдан көлөмдүү жана кабыл алууга оор болгондуктан автор жөнөкөйлөштүрүү аркылуу кыскартууну чечкен. Ошондон кийин да аны түшүнүүнүн кыйындыгы, кайманалуулугу, кайгылуулугу окурманды оор ойлорго дуушарлантпай койбойт.  Ошентип поэманын биринчи варианты жазылып бүткөндөн кийин да анын үстүнөн акын дагы эки жыл иштеп, азыркы биздин колубуздагы чакан вариантын калтырган. Чыгарма акындын көзү тирүүсүндө жарык көргөн эмес. Тактап айтканда, автор 1925-жылдын 28-декабрында жан кыйса, поэма “Новый мир” журналынын январь айындагы номурунда жарык көрөт. Жакында эле жаш акындын трагедиялуу өлүмүн оор кабыл алган коомчулукка поэма катуу таасир эткен.

[ii] Көп түшүнүксүз (ал тургай жөөлүгөндөй сезилет) бул сап поэма жарык көргөндөн тарта ушул убакка чейин бүтпөгөн талашка жем таштап келет. Кээ бир адабиятчылар бул образды Л.Кэролланын “Алиса кереметтер өлкөсүндө” жомогундагы Алисанын сыйкырдуу козу карындын таасиринде моюнунун узарып кетиши менен байланыштырышат. Ошондой эле түпкү кол жазмадагы “ночи” сөзүнүн “ч” тамгасы “г” болуп жаңылыш көчүрүлгөндүктөн чыгармага “ноги” деген сөз кокусунан кирип кеткен, болбосо “буттун” бул сапка эч кандай тиешеси жок, ал түпкү текстте “на шее ночи” болчу деп келишет. Бирок мындай пикирге каршы чыгуучулардын жүйөсү боюнча Есенин сыяктуу каймана ойдун улуу чебери мындай “жалпак жана жөнөкөй” маанини колдонмок эмес экен. В. И. Баранов бул сөздүн жандырмагын образдуу чечмелейт: “ Баш – чымчык, моюн – анын буттары”. Ал эми А.А.Волков образдагы жанаша маанини өзөгү алсыз дарак менен салыштырат.

[iii]  Дүйнөлүктү айтпаганда да орус адабиятында автордун ички түйшөлүүчү ойлорун жана өзү менен өзү сүйлөшүүсүн чагылдыруучу кара кишинин образы жаңылык эмес (Пушкиндин “Моцарт жана Сальери” поэмасы,  “Достоевскийдин “Түгөйү”, Чеховдун “Кара монахы” ж.б. чыгармалар бар). Бирок ушул сыяктуу бир дагы чыгармада Есенин сыяктуу кара киши менен бетме-бет жалгыз калып кыйналган лирикалык каарман жок. Ал өлүмгө же башка жаман иштерге азгырган, өзүнүн тең жарымы болгон кара киши менен болгон кармашын, андан улам жан дүйнөсүнүн жабыркашын бул поэмасында элестүү сүрөттөйт. «Кара киши» бир гана  Есениндин чыгармачылыгындагы же орус поэзиясындагы эң табышмактуу, ар тараптуу кабыл алынып, көп жактуу түшүнүлгөн чыгарма эмес, ал бүткүл дүйнөлүк адабиятта эң сырдуу поэма болуп саналат. Окурманына кайманалуу да, ачык да сыр төккөн бул поэмасы жазылып бүткөндөн бир жарым ай өткөн соң акын өз жанын кыйган.

[iv] Үчүнчү-төртүнчү бөлүмдөрдө кара кишинин максаты айкындала баштайт. Ал акындын өткөн жашоосун талдап чыгып, аны шылуундугу менен митаамдыгы үчүн күнөөлөйт, мындан улам Тагдыр китеби түрү суук жазылганын айтып жемелейт. Башында бул китепти жакшы жазуу планы болгонун, ал тургай өмүр жолу баянын укмуштай сонун баяндоону кыялданганын эскертет. Бирок акын дале болсо каталары менен күнөөлөрүн моюнга көп ала бербегендигинен улам кара киши жемелеген адам өзү экенин көп көргөзө бербейт.

[v] Бул саптарда акын революционер замандаштары жөнүндө сөз кылганы даана көрүнүп турат. Жыйырманчы кылымдын жыйырманчы жылдарында жаңы түзүлүп келе жаткан Совет өлкөсүн “жакшы ойлору жана пландары” бар экенин айтса да, бүлүнтүүчү көп наадандыктарды жасаган большевиктер башкарышканы акынды ушундай саптарды жаратууга түрткөн.

[vi] Бул саптар америкалык бийчи Айседора Дункан жөнүндө. Америкадан келип Совет жарандыгын алган, өзүнөн он сегиз жаш улуу бул айымга Есенин 1922-жылы май айында үйлөнгөн. Акын анын Европа өлкөлөрү менен Америкага жасаган бир жылдан ашкан гастролунда коштоп жүргөн. Бийчинин акчасына жыргап жашагыдай шарт түзүлсө да Есенинди туулган жерге болгон кусасы тынчыткан эмес. Муну акындын досторуна жазган каттары тастыктайт. Бири-биринин тилин билбеген (Айседора орусча отуз гана сөз билген, Сергейдин англисчеси андан да төмөн деңгээлде эле) эки жылдык жубайлык жашоодон кийин ортолорунан ынтымак кеткендиктен акын аны таштап (башка маалыматтарда экөө бирге келген соң ажырашышкан) Орусияга кайтып келген.

[vii] “Суучул болуп жашайсың” деп оодарылган “Живешь водолазовой” сөзүн орус адабиятчылары маанисине жараша эки түрдүү чечмелеп жүрүшөт. Биринчилер бөтөн бирөөлөрдүн жан дүйнөсүнө “чөмкүп”кийлигишүүнү акын ушул сөз менен билдирген деп түшүнүшсө, экинчилер ага ХХ кылымдын башындагы чиркөө кызматкерин (священник) билдирген жаргон сөз катары карашат.

[viii] Поэманын тогузунчу бөлүгүндө (куплети) биз лирикалык каармандын чакырылбаган конок менен сүйлөшүүдөн баш тартканын көрөбүз. Мындай аракети менен ал Кара киши айтып бере турган коркунучтуу жомокту укпоого тырышат. Ал кайсы бир “чыр пейил акындын жашоосу” өзүнүкү экенин билип турса да, ага талдоо жүргүзүүдөн коркуп, бул боюнча башкаларга кайрылуусун өтүнөт. Бирок мындай аракеттеринен майнап чыкпасын өзү да жакшы түшүнүп турат. Андыктан кара өңдөгү коногу “суучул” сымал жан дүйнөсүнө сүңгүп кирип, абийиринде катылган жан сырларын ачыкка чыгарарынан коркуп, ал тургай аларды башка кишиге айтып берүүсүнө кайыл болот, аны менен жакындашуудан качат.

[ix] Бул саптарда акындын уурулукка барарын, кимдир-бирөөлөрдү талап-тоноп алаарын моюнга алып жатканы таң калуу жаратат. Бирок бара-бара чыгарманын жүрүшүндө ошол кимдир-бирөө өзү экени, өзүнө-өзү ушундай жаман мамиле кылары, өзүн-өзү талап-тонору ачыкталат.

[x] Есенин поэмасынын таасирдүү жаңырышынын маанилүү жана негизги каражаты катары кайталоолорду колдонот. Бул поэманын экинчи бөлүмү башталганын да тастыктайт. Кайталоо адатта окуянын же абалдын маанилүүлүгүн билдирип, ага көңүл буруу керек экенин кыйытат.  

[xi] Поэманын экинчи бөлүмүнүн башталышындагы түнкү кесилиштин сүрөтү бардык мейкиндиктер менен мезгилдерди бириктирген христиан символу крести эске салганы менен, кесилиште таза эмес күчтөр менен азгырыктар да байырларын эскертет.  Бул эки белгини Сергей Есенин кичинесинде карапайым адамдын зирек баласы катары көңүлүнө сиңирген. Ушундан улам да бул саптарда акын ошол карама-каршы таасирлерди бириктиргендиктен лирикалык каармандын ой жүгүртүүсү глобалдык метафизикалык мааниге ээ болот.

[xii] Досту да, мейманды да Күтпөгөн Терезеде жалгыздык...

“Терезе” сөзү орус тилинин жаралыш теги (этимологиясы) боюнча көздү (око-окошка) билдирет. Бул үйдүн жарык түшүп турган терезеси. Түнкү терезени карагандардын бардыгы өзүнүн чагылышын көргөн күзгүнү эстейт. Ушундай жол менен поэмада Кара киши чынында эле акындын өзү экени кыйытылып, кийинки саптарда бул болжол улам дааналана берет.

[xiii] Акындын коркунучу тереңдей берет. Эми ага ал тургай айланадагы бак-дарактар да курчаган атчан жоого окшошот. Кышкы түндө шумдуктуу чымчык сайрайт, жыгач атчандар туяк уруп киришет. Жалгыздыгы, уйкусуздугу жан эзет. Ушинтип негизги коркунуч болуп саналган кара кишинин келишине даяр болуп калат, ал тургай аны өзү чакыргансыйт.

[xiv] Күтүлгөндөй эле кара киши кирип келет. Ал мурункуга караганда тике карап жүзүнө, өбөктөй түшүп, үстүнө копол жана уятсыз мамиле кылат. Кыйноосун тереңдетет. Ал тургай “митаамдардын уйкусуздуктан кыйналганын биринчи көрүшүм” деп шылдыңдайт.

[xv] Бул саптарда акын кара кишини өзүнө-өзү чакырганын мойнуна алгансыйт.

[xvi] Мирика - курамында мом заты арбын бадал. Жалбырактары менен мөмөсү эмендикине окшош. Поэмадагы үргүлөтмөлүүлүгү боюнча маалыматтар табылбаган анын орусча медвежья лапа жана восковница деген да аттары бар (кыргызча атын таба албадык).

[xvii] Бул саптарда сөз Айседора Дункан жөнүндө болгонун адабият изилдөөчүлөр айтышат. 

[xviii] Кээ бир адабий сынчылар “чачы узун куник акын”  Сергей Есениндин өзү деп эсептешет. Бирок Есениндин келишимдүү жигит болгонун эске салган башка адабиятчылар (эгер эле акын өзүн өзү куник санабаса) бул каарман акын К.Бальмонт экенин болжошот.

[xix] Бул бөлүмдө акын өзү жөнүндө сөз кылып жатканы ачык көрүнүп турат. Анткени ал Рязан облусунун бир айылында төрөлгөн. Каармандын келбети “куйкул чачтуу... көзү көкмөк өңдө” экени, карапайым үй-бүлөдө” төрөлгөнү да муну тастыктап турат.

[xx] Экинчи бөлүмдүн аягында автор “баркы жок мейманы” болуп саналган кара кишиден таягы менен эки көздүн ортосуна чаап жок кылуу менен арылат, поэманы да аяктайт. Кара киши жок болгондон кийин айтарга да эч нерсе калбайт. Жазар ою калбаганы акындын трагедиясы болуп саналат.

[xxi] Поэманын башталышындагы жана ортосундагы Кара кишинин башындагы цилиндр калпакты эми акындын өзү кийип калганы автор менен башкы каармандын бир эле адам экенин тастыктайт. Сынган күзгү да таяк менен эки көздүн ортосуна чаап, акын өзүнө-өзү кол салганын каймана түрдө билдирип турат. “Ай өлүп, таң көгөрүп” жаңы күн чыкканы менен убакыт өтө кайра эле түн кирип кара киши кайра келмек да, акын өзү менен өзү алышкан азаптуу түн башталмак. Ушинтип өзүнөн өзү качып кутула албагандан кийин акындын жан кыйгандан башка аргасы калбаса керек.

Котормочудан

Ошентип бир далайдан бери алектенип жүргөн айтылуу акындын белгилүү поэмасынын котормосуна акыркы чекитти койдум. Мындан улам кандайдыр жеңилденүү менен бирге түшүнүксүз коңултактоону сездим. Көптөн бери катуу берилүү менен үстүнөн ойлонуп көнө түшкөндүкү болсо керек. Чынын айтсам, бул ишке байкабай киришип алып (башында эргүүнүн күчү менен тереңдеп кетипмин) абдан кыйналдым. Айнып таштап коё да жаздадым. Улуу акындын колунан жаралган классика оңой эмес да. Башында поэма түшүнүксүз да, жөнөкөй да сезилип, “ата баркы менен кыз өтөт”  болуп улуу акындын даңкынын сүрөөсүндө ушул убакка жеткендей сезилген. Анан тереңдеп кирген сайын мааниси ачылды. Жакшылап түшүнүш үчүн бул чыгарма боюнча көптөгөн адабияттарды окуп чыгууга туура келди, мындай аракетимдин ишке пайдасы тийди. Улуу акын ар бир саптын артына маани жашырганына, ар бир сөздү жөн жазбаганына көзүм жетти. Аларды ачып бере алдымбы деп дале болсо түйшөлөм. Аны өзүң талдарсың, азиз окурман. Окурманга түшүнүктүү болсун үчүн ошол окуган адабияттарга таянып айрым саптарга шилтемелерди бере кеттим. Ашыкча болбос. Сизге кандай таасир этет билбейм, бирок мен ойду каймана билдириш боюнча жакшы сабак алдым.

Ар дайым саламатта болуп, жакшылыкка ыракаттанып жашаңыз, ардактуу окурманым!

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз