Чыңгыз Айтматов: Бүбүсара Бейшеналиева

  • 08.04.2022
  • 6257

Акырет кеткен көп эле көйкашка замандаштарыбыздын күйүтүн тарттык, анын ичинде Бүбүсара Бейшеналиевадан ажыраганыбызда кабыргам айрыкча кайышты. Буга көп себептер бар.

Баарыдан мурда ал эл таалайына чанда бир туш келер табылгыс жан эле. Менин оюмда, кыргыз элинин маданий жактан дүркүрөп өркөнү өскөн бүткүл соңку жаңы доорунда Бүбүсара Бейшеналиева анын айдың тунук асманында балбылдап жанып чыккан улуттук биринчи жылдыз болду. Айтор, аны ар дайым эстеп, ойлой жүргөнгө жалпы мааниде болсун, жеке мааниде болсун, мен үчүн олуттуу, терең көп эле жүйөлөр табылат.

Ойлоп отурсам, кээде мага көзү өткөн замандаштарды эскерүү сыяпаты тек бир аргасыз амалдай көрүнүп кетет. Анткени эскерме деген кантсе да эскерме да, ал баары бир адамдын тирүү кезиндеги түп насилин, жандуу элесин түгөл тартып бере алмак беле. Ошентсе да пенде болгон соң өткөн-кеткенди эстебей жүрө албайт экенсиң. Демек, эскерме деген өткөн өмүрдүн өктөөсү, ошондуктан ал көп учурда бир жактуу болуп калышы мүмкүн. Бирок кээде ошол эскермелердин өзүн тамызгыдай дүрт эткизе жандантып жибере турган жаңы бир нерселерди да айтып коюшуң ажеп эмес.

Мен болсо Бүбүсара Бейшеналиеваны биринчи мерте иш үстүнөн кандайча болуп көрдүм эле, адегенде ошону айтып берсемби дейм. Албетте, мен аны буга чейин, студент кезимде эле билчүмүн, сахнада эчен курдай көргөм, атпай кыргыз журту, дегеле өнөр баркын билген адамдар аны канчалык урматтаса, мен да ошончолук урматтачумун.

Бул 1959-жылы жай айында болгон иш. Чакан делегация менен Кыргызстандан Кронштадттын аскерий деңизчилерине мейманга бара турган болуп калдык. Ал жерден бизге делегациянын мүчөсү катары Бүбүсара Бейшеналиева кошулмакчы экен. Бирок Ленинградга келип түшкөнүбүздө анын айтылуу «Чолпон» балети боюнча фильмге тартылып жатканы, андыктан биз менен бирге болууга чолоосу тийбей турганы анык болду. Бул балет ал кезде кыргыз опера жана балет театрынын башкы спектакли эле, эл аваз кылып, абдан ооматы жүрүп турган чагы эле.

Айтмакчы, ал бүгүн деле биздин театрдын классикалык репертуарынан түшө элек. Режиссер Р.Тихомиров ал кезде «Ленфильм» студиясында «Чолпон» фильм-спектаклин тартып жаткан, иш абдан кызып, кычап турган маал экен.

Кыскасы, Бүбүсара Бейшеналиева чолоосу жоктугунан биздин делегация менен чогуу боло албай турганын укканыбызда абдан өкүндүк. Бирок аңгыча болбой эле биз токтогон мейманканага ал өзү келип калды. Көрсө, оңдой берди болуп, бир-эки күнгө колу бошой калыптыр, биз менен бирге жүрүп, Кронштадтка барарын, андан соң студияга кайтаарын айтты. Буга баары кубанып калды.

Ошентип, түгөл баарыбыз Кронштадттын аскерий деңизчилерине барып жолугушуу өткөрдүк, невалыктардын сыяпатын көрдүк. Оңтою келип тургандыктан, «Ленфильм» студиясында болуп, биз үчүн эми бүгүн кымбат табериктей болуп калган ошол айтылуу фильм кандайча тартылганын адеп өз көзүм менен көрдүм. Окуянын эң кызык жери – Айдайдын бирде түрү суук жез кемпир болуп, кайра андан көз тойбос көзөл болуп кубулган учуру тартылып жаткан экен. Эмеле жылдызы жайнап, ажарына акылы төп келип, жүзүнөн сүйкүмү төгүлө, көптүн бириндей болуп биздин арабызда жүргөн Бүбүсара Бейшеналиева кулис артына кирип кетип, бир оокумда кайра чыкты да, камеранын алдына келип, баш-оту менен таптакыр башка дүйнөгө аралашып кетти. Көз алдымда болуп жаткан бул көрүнүш, арийне, мен суктанып, таңданбай коё албай турган анык кереметтин өзү эле.

Бүбүсаранын өнөрү мага ошондо эс тандыргыдай эле таасир калтырды. Арийне, мен мунун улуу бийчинин аткарып жаткан актердук оюну экенин түшүнүп турдум деңизчи, бирок көз алдыңда, илме кайып иш сыяктуу минтип кадимки эле адамдан сахналык кейипкерге айланып, андан ары дагы башка тейге келип кубулуп турса кантип таңданбай коё аласың. Ар бир адамдын өмүрүндө тарыхый күнү, жылдыздуу сааты болот дешет, ушул мааниде алганда бул мен үчүн тарыхый учур эле.

Балеттеги ушул бир үзүм окуяны Бүбүсара Бейшеналиева өзгөчө бир эргүү менен аткарды, кийин фильм тартылып бүткөн соң биз аны көпкө чейин талкуулап, ой бөлүшүп, өнөр табияты жайында узак аңгеме-дүкөн курдук.

Калп айткан менен болобу, мурда мен балет дегенге сыртымды салып чанбаганым менен, ага анчейин деле ыкласым тартыла берчү эмес. Балким, бул менин жаш кезимде алган тарбияман чыгар, анткени биз адамдын табышкерлиги, бүйрөлүгү жана тиричиликке тирикарактыгы көбүрөөк баркталып, көбүрөөк бааланган учурда бой тартып, торолуп калбадыкпы. Ал кезде, айрыкча согуш мезгилинде жана согуштан кийинки жылдарда искусство, жан дүйнөнүн торбосу бөксөбү же толобу, бул жагы анчалык аздектеле берчү эмес. Кейпи, мунун баары менин балет жөнүндөгү түшүнүгүмө аздыр-көптүр таасирин тийгизген болуш керек. Албетте, мындан эчтеме деле өзгөрүп кеткен эмес, балет өнөрү менсиз деле, менин ага кандай мамиле жасаганыма карабастан, өз жөнү менен жашап, өз жолу менен өйдөлөп өсө бермек.

Бүбүсара Бейшеналиева балет дүйнөсүндө дал ошол жылдарда пайда болду. Булардын баарын айтып жатканым, эстен кеткис дал ошол күндүн шарапаты менен, биздин көз алдыбызда тартылган дал ошол фильмдеги Бүбүсара Бейшеналиеванын адамды суктанткан өнөрүнүн таасири аркасында менин балет жөнүндөгү билип-баккан баштагы түшүнүктөрүмдө кандайдыр бир байкаларлык бурулуштар болуп өттү, мына ушуну айткым келет.

Кийин мен бул фильмди эчен курдай көрдүм. Азыр да «Чолпон» фильминин ар түрдүү үзүндүлөрү бир картинадан экинчи картинага өтүп, маал-маалы менен эски журттун көзүндөй жылуу учурап, көзгө чалдыга калат. Ар бир ирет мына ушул үзүндүлөрдү көргөн сайын, мен Ленинграддан ошол жайды, ошол күндү эстейм...

Искусство жагына келчү болсок, жогоруда айтылган сөздү улагым келет. Менин балетке куштарлыгым артылып, ага «коошо» башташым дал ушул образ аркылуу – Бүбүсаранын өнөрү аркасында болду. Кеп жок, ал сахнанын таалайы үчүн тагдыр өзү жараткан урумдан ашкан бийчи эле.

Өмүрүмдө таланты таш жарып, улуу аталган далай эле аткаруучуларды, бийчилерди көрдүм, балким, бул менин жеке ыкласыман улам чыккан кептир, бирок мени мынчалык толкундатып, жан-жүрөгүмө өчпөс изин калтыра алар башка бир керемет талантты мындан ары, мүмкүн, эч качан көрбөстүрмүн.

Бүбүсара Бейшеналиева өз иши, өз кесиби, өз өнөрү дегенде жанын төшөп берген адам эле. Ошондон улам Ленинградда Ваганов атындагы окуу жайына киргенден тартып, анын бүткүл аң-сезимдүү өмүрү чыпчыргасы менен бүт бойдон сахна үчүн сарп болду.

Кыргыз театрына Бүбүсара беш көкүл чагында келген, үйрөнчүк болуп жүргөн ошол кезинен сакталып калган бир үзүм кинокадр бар. Кызын көргөнү айылдан ат арытып келген апасын утурлап Бүбүсара театрдан, кейпи түз эле репетициядан болсо керек, чуркап чыгат. Ошол күндөн тартып өмүрүнүн соңку күнүнө чейин ал сахнадан бөлүнгөн эмес, өзүн балетсиз, театрсыз күнү өтпөстөй көргөн. Албетте, өз ишин өзгөртүп, ага жараша тагдырын да кошо өзгөртүп, өмүрүн башкача жыйынтыктай алганга анын мүмкүнчүлүгү бар эле, бирок искусствону жаны менен бирге бүткөнсүп сезгендиктен, ал сахнага берилген бойдон калды, бул болсо анын адамдык насыл-наркын, жан дүйнөсүнүн асылдыгын далилдеп турат.

Кээ бирде ойлоно калам, бу искусство деген дүйнөдө, анын ар кайсы чөлкөмүндө, айталы, адабиятта, театрда, балетте, операда ар түрдүү аткаруучулар, кесипкерлик камылгасы жетиштүү, кыскасы, өз ишин жакшы билген эчен бир адамдар бар. Ошентсе да мага көп учурда бул дүйнөнүн эң башкы нерсеси – искусствону искусство атантып, адамдын көңүл кушун кылтактап, аны аруу кылып, тазартып турган касиет башын байлап, дилин берген ыкласмандык, искусствонун күчүнө жана муратына айныбай ишенген кайтпас медил жетишпей жаткансып кетет.

Майдабы же чоңбу, айтор, маданияттын ар кайсы чөйрөлөрүнөн жулунган жуйкурлукту азыр деле аз кездештирбейсиң, аны тыптыйпыл кылып тыйып да сала албайсың. Бул жагынан алганда эсеп-кысап кылмагы ар бир адамдын өзүнө багыныңкы, ар ким өз абийирине жооп бергени лаазым. А мен болсо кыйналып искусство менен адабиятты кара жемсөө үчүн пайдаланып жаткандарды көрүп, балким, бул баарыбызга тийген жалпы туюк тумоо болуп жүрбөсүн деп камсыга, көңүлүм кыроолонуп, кыжаалат болгондо Бүбүсара Бейшеналиеваны эстейм да, анын кандай актриса, өз искусствосунун кандай сүрөткери, дегеле кандай адам болгонун ойлоп, өзүмө андан рухий жөлөк таап, кадимкидей чыйралып, демдене түшөм.

Бул өзү айтып түшүнтө алгыс бир кызык сезим: мындайынан караганда, кесип туткан ишибиз эки башка, а бирок алардын тамырлары келип бириккен өзөгү бирөө, ар түрдүү өнөр менен арбалышкан адамдарды ич ара жакындатып, жамаат кылган искусствонун башаты бир, көркөм ойдун көрөңгөсү бир.

Бул боюнча көңүлдө калган таасирлерди бөлүшүп, алардын чоо-жайын чечмелеп дагы далай сөз айтсак болор эле. Бирок менин жеке баамымда Бүбүсара Бейшеналиеванын образын музыкада гана ажарына жеткирип ачып берүү мүмкүн сыяктанат. Ал эми сөз өнөрүндө, ал турсун кимибиз болбойлу, тилибизден мөөрүбүз көрүнүп, калемибизден көөрүбүз төгүлүп турган күндө да буга жетишүү кыйын, не дегенде адамдын көнүл-көмөкөйүндө көлкүлдөп турган ой-сезимдин баарын эле сөз менен айтып бере албайсың.

Андыктан Бүбүсаранын келбет-сынын, адамдык ажарын бир болсо музыкада гана кемелине келтире көрсөтүүгө болот.

Учкул мезгил закымдап өтүп жатат, андан бери канча жыл кайып болду. Турмуш деген турмуш, анын арыбаган ташпиши, күйпөлөктөткөн күнүмдүк абыгерчилиги бүтмөк беле. Мунун баары адамды күймөлтүп, ары-бери калчап алагды кылат, каруу күчүн алып, өткөн-кеткен көп ишин унуттурат. Ошондо да Бүбүсара Бейшеналиеванын өнөрүн өз көзү менен көрүп, ага куштары байланган көп адамдар үчүн, алардын ичинде мен үчүн анын элеси эч качан чыкпас деп ойлойм.

Караң калгыр, балет деген көз үчүн жаралган өнөр болбой калса эмне... Деген менен кайрият, эми минтип кинофильмдер тартылып, балеттен бир ирет аткарылса экинчи кайра кайталанбас кайрыктарын «кармап» калууга, сактап калууга мүмкүндүк болуп олтурат.

Бий дегениң бир карасаң баарынын эле колунан келе турган иш сыяктуу көрүнөт. Айтору, ар бир адам өз алдынча бирдеме ырдай алгандай эле эптеп бирдеме бийлей алат эмеспи. Эгер ушуга таянсак, анда бий өнөрү деле ар кимдин колунан келер жумуш болууга тийиш. Бирок бул бир караганда гана ушундай... Азыркы балет өз короосунан арылап чыкканга, жаңы өнүмдөрдү табууга астейдил кирише баштады. Кала берсе классикалык адабий-көркөм чыгармаларды балет тейине салып, сахнага алып чыкканга аракеттенип жатышат. Бул канчалык түрдө оңунан чыгат, кандай өтөлгө берет, келечекте өнүгүп-өсүп кетерине омоктуу огожосу барбы, жокпу, ал жагын азырынча айтуу кыйын.

Бирок балет изденип жатат, өзүнүн жаңы көрүнүштөрүн жана формаларын тапкысы келип жатат. Менин бекем ишенген нерсем бу: кандай учурда болбосун балеттин эбак табылган, эбак таанылган негизи – классикалык балет, классикалык жанрлар, классикалык сюжеттер бар, алар өзгөрбөй калат. Буга улуттук балеттин көп жактарын кошуп, өркүндөтсө болот. Ушул мааниде айтканда, мен үчүн Бүбүсара Бейшеналиева – классикалык кебелбес образ.

Менин ыкыбалыма балеттин насили асыл, руху бийик, урумдан ашкан улуу (көзү ачык) көзөлүн көрүп-билүүнүн бактысы туш келгенине курсантмын. Албетте, Бүбүсара Бейшеналиеванын башка да ролдору болгон, анын чыгармачылыгын үргүлжү караганыбыз абзел: репертуарын, жалпы жетишкендиктерин. Бирок «Чолпон» балетиндеги Айдайдын партиясы, менимче, анын искусстводо жеткен эң бийик оролу болду.

“Ала-Тоо”, май, 2016

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз