Казак жазуучусу Сакен Сыбанбай: Муңдук

  • 12.04.2022
  • 2809

АҢГЕМЕ

І

Касиеттүү жердин кандай сырлары бар, айтор орошон ойлор чулгап, санааны сапырып, жан дүйнөңдү тарытып, муң басат. Эл арасындагы байыркы элдик уламыштарга канык болсок да, жаш жигиттин айтып берген мазмундуу баяны азыр гана болуп өткөндөй бизди ойго салды. Макулдашылгандай күмбөздөн үн-сөзсүз томсоро чыгып, унчукпаган боюнча кайра кайттык. Ар ким өз кыялы менен алек. Машинаны айдап келе жаткан Алибек легендарлуу каармандар алдынан чыга калчудай көздөрүн жолдон алган жок. Узак сапарда уктабай жол жүрүүсү үчүн аны сергек аңгеме менен серпилтмек үчүн кеп башын кандай баштаарымды билбей отурдум. Бара-бара мен да түптүз жолдо жаш баладай магдырай баштаганымды байкап:

– Айылга жакындап калдыкпы? – дедим өйдө карап.

– Бир аз чыдаңыз, узак эмес, – деди ал көтөрүңкү үн менен. Анын дагы эле ой токоюнда адашып кетип баратканын түшүнгөндө ары карай мен да унчуккан жокмун.

Ырас, өтө тездик менен келе жаткан машинабыз дароо ылдамдыгын азайтып, солго бурулду. Камыш баскан өзөндү бойлоп, андан өткөн соң, миңдеген чакырым аралыкты артыбызда калтырып, көздөгөн жерибизге кирип келдик.

Казактар үчүн айылдын орду ар дайым бөлөк ко, чиркин! Айрыкча үйүбүздүн, кеңсебиздин төрт дубалына камалып, төрт бурчтуу кашаада телмирген биз сыяктуулар анын кадырын асересе баалайт. Апасы менен сагынычын таратып, туугандары, коңшу-колоңдор менен бака-шака түшүп жүргөн Алибекке болду ай деген таризде: “Жатаарда төшөктү сыртка салдырчы” - дегеним да ошондон болчу. Ал тургай кечки тамакты да эшиктин алдындагы тапчанда отуруп ичсек деген ой бар эле, чиркей чиркин мазабызды алат деп тез айныдык.

Мына эми конок үйдө жатабыз. Жайкы керимсел термелген желге түбүндөгү жүзүм жалбырактарынын шыбырты тынбай, араң гана угулат. Аны чиркейдин зыңылдаган үнү кээде басып кетет. Калың бадалдын ичинен коңгуроо кагылып жаткандай. Алысыраак жактагы кууш арыкта бакалардын тою кызыганы байкалат. Коңшу үйдүн короосунда эшек айкырып баштады эле, анын артынан айылдын ары жагында дагы бири коштой баштады. Ал тынчтанып калганда, дагы бирөөсү эртеден кечке күнү бою чеккен азабын чыгарып, аңгырап кыйкырып жиберди.

- Уктайын деп төшөккө жаңы баш койгондо эшектердин кайым айтышы башталып кетти! Алибек менен кошо “алматылыктардан аңгеме угайын” деп төшөгү бизге катар салынган агасы Жаныбек экөөбүз ыракаттана күлүп алдык. Бирок аңгеме андан ары уланбай, бир топко чейин тым-тырс жаттык. Табият демине зар болуп, анда эс алууну эңсеген биздин мындай үнсүз калышыбыздан тажаган Жаныбек:

- Жанагы кызды тааныган жоксуң ээ, сен? – деп суроону капталдан узатты.

- Кайсы кыз? - Алибек капилеттен түшүнбөй калды.

- Биз чай ичип отурганда сүт сурап келген кызды айтам. Апам менен гана эмес, сиздер менен да жаркылдап учурашып жатпады беле. Жанагы бышык кызчы?

- Кызыксың, кичинекей кызды кайдан таанымак элем? Айылдан кеткениме жыйырма жылдан ашты. Каргадай бала түгүл, катарлашымды чаташтырбай таанысам ошого шүгүр дээрсиң.

- Бирок мунун туулгандан берки баяны менен кабардарсыз го дейм да...

- Кандай баян?

- Эми... унута электирсиң, бул Курышбайдын кызы го.

Алибек унчукпай калды. Баш кийимин алып, башын көтөрүп отурду.

- Аа, ошол кыз ошо беле? – деди анан. – Чоңоюп калыптыр ээ. Кайсы жылы болду эле ошол окуя?

- Бул кыз быйыл сегизинчиге көчтү. Анан кайсы жыл экенин эсептей бер. "Кудайым-ай! Убакыт деген зуулдайт ко, чиркин! – Ал чөнтөк телефонунун жарыгы менен жаздыгынын жогору жагына койгон тамекисин издей баштады.

- Экөөңөр табышмактатып эмне дедиңер? Кайсы кыз? Кандай окуя? Баягы наристе, махабат баяны эмеспи? – дедим тамашалап.

- Кайдагы махабат? – деди Алибек үстөлдү түртүп, сыртка сыгылып чыгып. - Негизинен бул окуяда сүйүү барбы, жокпу – анын өзү белгисиз.

- Анда мага да айтып бергилечи, эмне бар, эмне жогун аныктайлы.

- Айтам го. – Караңгыда сабагы жарк этти да, дароо пайда болгон жалын чок болуп бөтөнчө кызарды. – Азыр тамекимди тартып алайынчы.

Мен жаздыгымды кагып-кагып алып колтугума коюп, аңгеме угууга камданып, жамбаштай жата кеттим.

ІІ

Адегенде алсыз онтогондой болду. Бул жөн эле ачка мышыктын алсыз мыйоологонундай өлүмтүк үн. Башында көңүл бурган жок, бара-бара ылдамдаган соң эрксизден кулак түрдү. Жок, тым-тырс. Тарсылдатып кайрадан жумушуна киришти. Бир аздан кийин үн кайра чыкты. Сарайынын чатырын оңдоп жаткан Канат балканы колуна алган калыбында тыңшап турду. Ооба, бир үн бар. Жазыксыз жапа чеккен кичинекей күчүктүн кыңшылаганы сыяктуубу, кандай...

- Кулагыңды тикчийтип эмне турасың?

Дал жанынан чыккан дабыштан селт этип кеткен Канат балкасын колунан түшүрүп жибере жаздады. Ага муздак чалап алып келген жубайы Раушан экен. Райондук төрөт үйүндө акушер болуп иштейт. Ал кечээ эле бир айлык эмгек өргүүсүнө чыккан. “Суусадым, муздаткычтан айран алып келчи!” – деп ал жаңы эле сураган. Келгенин кандай байкабады?

- Тыңшачы, Раушан, эмненин үнү экенин билбейм, бирок түшүнүксүз үн чыгып жатат.

Чоң чыныга толтура куюлган муздак айранды жутуп, башын көтөрдү. Анан "Ох, ыракатын ай!" - деп аппак болуп калган оозунун тегерегин сүртүп жатканда жанагы добуш кайрадан чыкты. Бул жолу кулакка даана угулду.

- Сен уктуңбу...

- Тура тур! Тынч! - Раушандын таноолору керилип, көзү бакырайып, башы кыйшайган калыпта тыңшап калды. Кыңшылаган үн кайрадан угулганда чочуганын же таң калганын билбей күйөөсүн карады. - Бул бала! Наристенин үнү!

- Бала? – Аң-таң болгон Канат адегенде эч нерсе укпай турду.

- Эй, сенин акылың ордундабы? Кайдагы бала? Баланын үнү ушундай болобу?

- Жаңы төрөлгөн баланын ыңаалаган үнү деп жатам! Акушер сенсиңби же менби?! Раушандын сөзү ары ишенимдүү, ынанымдуу болгондуктан, үй-бүлө башчысынын жүзүндө бейгамдык калбады.

– Тиктеп тура бербей, кара, изде! Каякта жатты экен шордуу наристе?

Шатыдан секирип түшкөнү менен Канат эмнени жана каяктан издээрин билбей, өтө шашып калды. Дагы деле ал үндү тыңшап, аңдып турган аялынын:

- Ажаткана жакты карачы! Ылдам! – деген сөзүн угаары менен ал жакка карай жүгүрдү. Барып ары жак, бери жагын, ичин түгөл карап чыкты, эч нерсе жок.

Бир маалда жанагы үн дал жанынан чыккандай анык угулду. О, тобо! Бул мышык же күчүктүн эмес, ыйлаган наристенин үнү экенине акушердик жөндөмдүүлүгү жок болсо да анын көзү жетти. Бирок кайда? Жан жагына караган ал, зым тосмонун ары жагындагы кошуна үйдүн ажатканасын көрдү.

Дароо жетип барып, тосмодон ашып түшүп, аркы бетке өттү. Зым колу менен тизесин жырып канатканына караган жок. Жетип эле ажаткананын эшигин ачты. Ылдый жактагы тегерек тешикке үңүлдү. О, жараткан!

Бала майда курттарга толгон заңга көмүлгөн. Кудай гана сактаптыр, көмүлбөй башы гана калган. Быжылдап үйүлгөн кара чымындар, баланын бетин көрсөтпөйт. Алар анын жанын сурап жыбырап атканын кайдан билсин?

Канат дароо ажаткананы кулатуу керек деп чечти. Болбосо баланы алып чыгууга мүмкүн эмес. Ал болгон күчү менен түртүп, жүгүрүп келип ийини менен бир какты. Адегенде сынбагандай көрүнгөнү менен, жыгач болгондуктан акыры кара күчкө чыдай албай күрс жыгылды. Ачык калган заң толгон чуңкурдун четине жата калып төмөн жакка кол сунду – каап, балага жеткен жок! Эми кандай кылат? Чуңкурдун топурак бетинен буттарынын учтары бир аз илине тургандай тепкич казуу керек. Чуркап кеткен Раушанды күрөк менен арканга, иниси Саматты кошуналарга кабар бергенге жумшаганы менен ал эч кимди күтө албастыгын түшүндү. Анткени наристенин үнү алсырап, тумчугуп баратты. Дароо кулап түшкөн ажаткананын тактайын сындырып, анын учу менен дубалды чукуй баштады. Кудай, карасаң, эч качан күн көрбөгөн нымдуу топурак борпоң экен, согончогу илине турган үч басанакты батыраак жасап үлгүрдү. Ал тактайдын бир учун чуңкурдун аркы жээгине кадап, экинчи учун колтугуна тирей тепкич сыяктуу басанактар менен акырын ылдый жыла баштады. Таманы үчүнчү тепкичке тирелген соң, аны басып, акырын эңкейди. Ой, бала кайда? Жок! Канаттын жүрөгү шуу дей түштү, канчалык жийиркеничтүү болсо да, колун бокко салып аралаштырды. Күтүлбөгөн жерден...

Күтүлбөгөн жерден колуна бир нерсе урунду! Канаттын тулку бою дүр этип титиреп кетти. Жарык дүйнөгө келер-келбес тырмалаңдап жашоо үчүн күрөшүүгө мажбур болгон жандык кантип да болсо жашагысы келет! Күрөктөй кол менен быйтыйган кол бири-бирин бекем кармады. Аны сууруп чыкканда тумчугуп калган бала бакырып ыйлоого чамасы келген жок, алсыз гана кыңк этти.

Ошол кезде бул шумдуктуу окуяны уккандар чуркап жетип келишти. Раушан үйүндөгү медициналык каражаттардын баарын алып келди: шейшеп, даки, кебез, спирт, термометр... Ал тургай башкаларды мобилизацияласа керек, бирөө муздак суу алып келди, бирөө ысык суу алып келип, баланын үстү-башын ошол жерден жуушуп, колго илинген көйнөк-көнчөк менен ороп Саматтын автоунаасы менен төрөт үйүнө алып кетишти. Ошол учурда үстү-башынын дагы эле сасып турганын байкаган Канат, аялынын башка эмес акушер болгонуна биринчи жолу кубанып, жуунууга киришти.

ІІІ

Ажаткананын күрс кулап ойрону чыкканын терезеден көргөн Бадиша аны “каап” деп ээрдин тиштеди. «Жабылуу аяк жабылуу бойдон калышы керек эле. Эми булар ойдо жокто сырыбызды ачып, ойрон боло турган болду-ой. Ошолордун жыт издеген итче шимшип, таппаган балээси жок! – деп Канат менен Раушандын ата-энесинен бери эч кимди койбой баарын айтып алды. "Буларга эмне жетпейт?" Перзентсиз эмес беш баласы бар. Эми алтынчы кылып багып алабы? Балакетти алыска алып барып таштасам болмок экен, эч ким таба албай үнү өчүп калмак болчу. Бирок кайда алып бармакмын? Жөн эле кыңкылдап-сыңкылдап, бакырып-чакырып мазамды алса кантмекмин? Даана уят болмокмун да? Элге кайсы бетим менен айтмакмын?”

Ал бурчта төшөктө жаткан кызынын жанына келди. Ойгонгон экен. Өңү дагы эле бопбоз. Ээги титирейт. Дене табы көтөрүлүп, тердеп үнсүз жатат.

- Сен жакшы элесиңби? – Бадиша жай көңүлү менен суроо бергенсип кайра сүйлөдү.

– Өзүбүз бул дарыларды ичип жүрчүбүз. Эртең айыгып калыбыңа келесиң. Бирок эртең деген биз үчүн болобу же болбойбу ошол маселе! Булар (оң жактагы кошуна үйдү көрсөтүп) баарын билип койду. Районго алып кетишти. Керек болсо милицияга кабарлашкан чыгар. Канчалык жашырып-жапсак да акыры уятыбыз чыга турган болду.

Ырас, Аиданын ичи чоңойо баштаганынан апасы ага үйдөн чыгууга тыюу салган. Тилекке каршы, кызын эртерек мындай тартипке келтирип тарбиялабады, ошондо балким мындай шумдукка дуушар болмок эмес. Түнкүсүн кыдырганы көбөйгөн кыздын бейчеки жүрүшү акыры ушундай акыбалга алып келди. Боюна бүткөндөн кийин тыюу салганынан не пайда? Тыюу салды деп түйүлдүк өспөй турабы?

Алгач Аида сүйлөшкөн жигити менен жүргөн. Ал “доктурга барганың туура болот акча жагынан каралашайын, ал эми үй-бүлө куруу тууралуу оюңа да алуучу болбо, экөөбүз келишкен жокпуз” дептир. Бул болбой калган күйөө баланын эбин таап, энеси менен беттештирген экен, ал ат-тонун ала качып, кызыңыз менен туулган күн кечтеринде жолугуп, бир-эки жолу билгеним болбосо, жологон эмесмин деп бетпак Бадишанын өзүн дагы бет каратпаптыр.

Кап балам! Ким жеңерин көрөбүз деп тиштенген Бадиша жигитти көндүрүүнүн түрдүү амалдарын ойлонуштурганы менен эч биринен айла болбоптур. Эки ортодо көп убакыт өтүп, “боюнан алдырууга болбойт, өтө кеч, кызыңыз ден соолугуна зыян келтиргени мындай эле калсын, өмүрүнө коркунуч жаралышы мүмкүн” деп бул жактагы тааныш доктур айткан.

Айла жок, төрөөгө туура келди. Эки күйөөдөн ажырап, акырында кызы экөө гана калган, эл менен көп аралашпаган Бадишага бул сырды жашыруу кыйын болгон жок. Үйгө эч кимди киргизбей, Аиданы чыгарган жок. Мурун ооруканада иштеген аздыр-көптүр тажрыйбасына таянып, өзү төрөттү. Кош күнөөгө батып, дүйнө эшигин жаңыдан ачкан таза жан - периштедей кыз баланын тагдырын жан чыдагыс таш боордук менен алдын ала чечип койгон эле.

ІV

Дүйнөдө Курышбайдан өткөн шордуу, Курышбайдан бетер бейбак, Курышбайдан да ашып түшкөн бактысыз адам барбы? Мунун жообу өзгөлөргө белгисиз болушу мүмкүн, бирок Курышбай өзү анык билет – жок! Анткени бактысыз, бейбак, шордуу перзенти жок. Муну менен тең өскөн тургундардын алды: «Улуу уулу үйлөнөм деп чуркап жүрөт. Оу, ага да даярдык керек ко деп араң тыйып отурабыз” - дешип, мактануу менен айта турган даражага жетип калышкан.

Кеч болуп, үй-бүлөлүү жаш болгондордун өзү да бүгүнкү күндө “сен бар, мен бар” болуп, мектептеги ата-энелер жыйналышынан кача баштаган. Ал эми Курышбайга кудай андай бакыттын бирин да ыраа көрбөй жакынынын талкуусуна, жаттын табасына калтырды. Анткен менен Курекең жаратканга жалбаруудан танбады, мазарларды зыярат кылып, күмбөзгө түнөгөн. “Үф-сүф” десе жазылбай турган жара, айыкпай турган оору калбайт экен” дешкен эмчи, табыптар да алдын алып. Жубайы экөө шаардагы дарыгердин кароосунан өткөн. Жазып берген дарыларын дарттан куткарар дабаа санап болушунча ичишкен. Эл арасында көп балалуу үй-бүлөлөр менен жууркан алмаштыруу, көп балалуу баатыр энелердин түбүн ичүү, тектүү уруулардын аксакалдарынан бата алуу сыяктуу казактын ырым-жырымдарын да четте калтырган жок, жасады. Бирок эч кандай натыйжа болбоду.

Эт менен сөөктөн жаралган пенде эмеспи, эң момун, эң сабырдуу деген Курекеңдин нерв оорусу да кээде байкалып калчу. Токойдо мал жайып калган кезде тагдырына абдан нааразы болуп, капаланып күйүнчү. Жанын жеген кайгысы чыдатпай, өксүп ыйлап алчу.

«Кыл туяктуу малда да тукум бар карачы музоосуна жолосоң энеси кызганып өлүп кала жаздады. Бул жамандарга да урпак керек экен, бул бечаралар да өзүнөн чыккан эң кымбат жандык үчүн жанын кыйууга даяр. А менчи? Жыйырма жылдан ашык заңгыраган ээн үйгө жубайым экөөбүз гана кирип-чыгып келебиз. Орозомду ача калып эле малга кетем, ал күйпөлөңдөп үйдө калат. Же оңгон иш жок же алаксуу жок. Үйдүн ичинде ойногон, бүлдүргөн, чачып, чаңын асманга сапырган бала болбогондуктан баары жыйналуу, иреттүү турат.

Кусадан жарылып, өлүп кала жаздаган чыгар байкуш. Оо, Кудай, адам өз үйүнүн аңтар-теңтери чыгып, көпүрө болуп жатканын да аңдай турган күн келет экен да.

- Ой, бул тукумуң өскүрлөр каякта, эй! Ой, баланча, түкүнчө, тууй аты ким эле жанагы бузуктун, жыйнагыла энелердин баарын! О, эмнеси, эй! Ошондон атаң келсин!» деп Кудайдын куттуу күнүндө буркулдап жүргөн кошунасы Калима кандай бактылуу эле!

Кайрадан да ошол көңүлсүз көрүнүш. Уйлардын ар тарапка жайылып чыкканын бир аз кайрып койгон ал үзүлгөн кыялдарын кайра жамайт. Дагы да үн-сөзсүз тамагыбызды ичебиз. Бул табитиң тартканынан дейсиң. Үмүтү өчүп, кайыр сураган адамдын ырыскысы калмак беле? Кантсе да жашоонун мыйзамы, өлүмдүн камы да. Ошондо тирүү кезибизде кимге керекпиз, аны да билбейбиз. Анткени жубайларды эски доско караганда жакындаштыруунун ачкычы, орток бакыты – балалуу болуу экен го. Ал болбосо канчалык сүйсөң да, жардынын окуясы жарымында калат экен.

Бибишимди аяйм. Урпаксыз калганыбызга өзүн күнөөлөө менен, көз алдымда чөгүп барат. – Ай, бала төрөй турган бирөөнү таптым, сен эми бара бер деп кайсы күнү кууп чыгар экен деп жалтактоо менен ар кечте кайгырам. Кудай күбө, ошондой ойлор да келди го бул томолой башка. Бирок... кыйбадым байкушту. Перзент сүйгүсү келген аял биздин Бибиштей болот. Ал ар дайым элдин балдарына элжиреп, эркелетип турат. Базардан кийим, буюм сатып алгандарга карап кызыгат да үшкүрөт. Албетте, эл бай болгондон эмес, бар болгондон алат. Анткени баласы киет, баласы окуйт, баласы ойнойт, баласы жейт!

Баланын кубанычына керек, кызыгына керек, тою үчүн керек. Биз эмне? Тапкан-ташыганыбызды ким үчүн жыйнайбыз? Кимге дары ушул дүйнө? Эртең биз тукум курут болбойбузбу? Эй, муунткан өмүрдүн атасына наалат!  

Курышбайдын көз жашына жалгыз гана уйлар күбө. Жаныбарлар тилсиз жаратылганы кандай жакшы, эрмек таппай эригип отурган ээлерине жеткизип барбайт. Ал эми эл алдында Курекең сыр бербейт. Ушундай жалгыздык менен башталып, жеңилдик менен аяктаган алсыздыктардан кийин ооруну басып, муунткан азап да жеңилдеп калгандай сезилди.

Бир күнү көкүрөктөгү кар эрип, чери жазылгандай болуп, кечки жарыкта үйүнө кирип келгенде, аны эч качан түшүндө да көрбөгөн, такыр ойлобогон, кыялданууга да батпаган бакыт күтүп турду. Төркү бөлмөдөгү төшөктүн үстүндө кабагы карыш, таноосу таңырайган куурчактай бөбөк мемиреп уктап жатты. Анын жанында аялы балага тигилип отуруптур. Ага бурулуп караган Күрөкең жарынын жанарынан мурда-кийин сезбеген ажайып жаркын энелик мээримдин учкунун көрдү. Ошол жаркылдаган Бибишти өзгөчө кылып койгонсуп, андан көзүн ала албады. Бибигүл жеңүүчүм төрөдү!

Абалы отурган жайга бир аз каныгып, дасторкон башында ысык чай менен тамак жибитип, жүрөгү дүкүлдөп басылган соң да, буларга кошулуп шаттана албады. Ал анткени кубануудан коркту. Жарайт, баланы өзүбүздүн атыбызга каттатып коёбуз, ал эртең не апасы, не атасына окшош болбосо, алардын туугандарынын бири келип талашып тартышса эмне дейбиз?

Туура, ай. Сокур болуп төрөлгөн адам эч качан жарыкты издебейт, анткени ал жарыктын эмне экенин түшүнбөйт, жашоо менен байланышкан караңгылык деп билет. Ал эми көзү көрүп жүрүп, ойдо жокто жанарынан айрылса ал шордуу өмүр баки баягы жарык нурду эңсеп, тийип өтпөйбү? Курышбай менен аялы буга чейин ымыркайды өөп, эркелетип көргөн эмес. Эми бул периштени багырына басып, бакыттан башы айланып жүргөндө: «Алып келиңиз бери! Бул биздин балабыз!» - деп бирөө тикчиңдеп турса, нагыз шорлоп калуу ошондо болбойбу?

Бирок Канат менен Раушан жарыша сүйлөп, жабыла түшүндүрүп, мунун муңун бат эле басты. Бадиша кызы менен шаарга көчүп кетти. “Үйүмдү сатып алам дегендер болсо соодалаша бер” – деп аркы кошунасы Нышанбайга тапшырып кетиптир. Милицияга берилген арыз боюнча кылмыш иши козголгон экен, аксакалдар аны казак тууганчылык менен токтотуп, жаап салышкан. Буга кубанган Бадиша “баланы эч качан талашпайбыз” деп тил кат жазып калтырыптыр...

...Ошондон бери дүйнөдө Курышбайдан өткөн бай, Курышбайдан да жоомарт, Курышбайдан ашкан бактылуу адам жок!

V

- Алла Таала бирөөнү эбегейсиз дөөлөт берүү менен сынаса, ал эми бирөөнү укум-тукум берүү менен сынайт. Кээде ошол деле бирин мол кылып сыйлаганы менен, экинчисине абдан зар кылуу аркылуу пендесин оор сынактан өткөрөт экен. «Муңдук-Зарлык» дастанында Шаншар алтымыш аялынан бир да перзент көрбөй, хан башы менен кайгыга батып өтүп кеткени ошону түшүндүрөт. Мындай сынга экинин бири чыдай бербейт. Кыйынчылыктарга чыдап, сабырдуулуктун эң сонун үлгүсүн көрсөткөн ишенимдүү пенделерине Алла Таала акырында ылайыктуу соопторун кубанычтарын көп кылат, жакшылыктарды берет.

Агартуучунун көөнө поэзия сабактарынан жаралган насааттары эсимде кайрадан жаңырып келет. Алибек достун айылында жыргап-кууунап үч күн жаткан соң, кайрадан жолго чыкканбыз. Муңдук менен зарлык күмбөздөрүнүн тушуна токтоп, куран окудук. Алдыда узак сапар, Алматыдан алыс.

- Эмнени ойлонуп жатасыз? Терезеден караган бойдон терең ойго батып кеттим. Машинаны зорго айдагандардын эмес, жорго айдагандардын катарында эркин башкарып, майтарылбаган тизгинчи Алибек мага жылмая карап койду.

– Айта отуруңузчу.

– Чынын айтсам, эски дастан менен кечээги уккан жомогум аралашып кетти, – деп күлүп койдум. – Бир перзентке зар болгон Курышбайды карапайым, падыша дебесеңер баягы Шаншархан менен тагдырлаш дээр элем. Дастандагы жаңы төрөлгөн кош периштени – Муңдук кыз менен Зарлык уулун эч ойлонбостон сууга ыргытып жиберген ошол жез кемпирден бүгүнкү Бадишалардын бейнесин көрөм. Ал эми сууга чөктүрбөй, өлтүрбөй наристени аман алып калган, кайып эрен, кырк чилтендин ырайымы тийген бүгүнкү кайрымдуу адамдар – Канат менен Раушан деп айтсак ашыкча эмес чыгар?

Баарын чеберчилик менен уюштуруптурсуз, - деп күлдү ал.

– Ал өткөндө “бул окуяда сүйүү барбы, жокпу анын өзү белгисиз” деген элем, ага эмне дейсиз?” – деп сурайт.

- Мында махабат бар. Канат менен Раушандын жүрөгүндөгү адамдарга боорукердик, мээримдүүлүк – сүйүү эмей эмне? Баланы өлүмдөн куткарып калды, мындай караганда өз милдеттерин аткарышты, бүттү. “Ары жагын өзүңүздөр чечиңиздер” деп тыптынч тиричилигин жасап жүрө беришсе да аларга эч ким эч нерсе дей албайт эле. Бирок алар да бейкүнөө наристенин андан аркы тагдырына да жаны ачыды, аны өз баласынан да кем көрбөй асырап ала турган ата-эненин колуна тапшырды. Бул чечимдери менен алар айылдагы жалгыз балага зар болгон үй-бүлөгө кубаныч тартуулашты.

Ал эми Курышбай менен Бибигүлдүн мамилеси махабат эмеспи? Бала сүйүүгө болгон акыркы үмүтү таш капса да, ажырашпай, бири-бирин кыйышпады. Жок дегенде бул сыйлуу сезим. Кызды аябай жакшы көрүшөрүнө, жыйган-тергенин баарын оозуна кармап, балапандай алпештеп кам көрүшөрүнө эч күмөнүм жок.

Жолдун четинен май куюучу жай көрүндү. Биз анын так алдына келип тизгинди тарттык. Алибек сыртка чыгып кетип, май куюп, дүкөндөн тамеки, муздак суу алды.

– Машиненин карыны толду, эми өз ашканазаныбызды алдоонун камын ойлонуштуралы, – деди ордуна отуруп жатып.

– Көп узабай алдыбыздан кафе же ашкана чыгып калар.

- Айтмакчы, алиги кичинекей кыздын аты ким экен? – дедим, ушул убакка чейин анын атын билүүнү ойлобогонума таң калып.

Алибек авто-унаасын дүр эткизип от алдырды да, мага карап:

- Муңдук деди.

Казакчадан которгон Клара КУДАЙБЕРГЕНОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз