Салижан Жигитов: Адабият жана адабий сын

  • 13.04.2022
  • 3867

Бизде аракеттеги сынчылар аз. Кийинчерээк адабият илимине илээшип жүргөндөрдүн баарын эле сынчы деп атап алдык. Адабияттан илимдин докторлору да бир топ, ал эмес кандидаттар өтөле көбөйүп кетти десе да болот.

Бирок адабияттын аркасы менен өз ырыскысын таап жүргөндөрдүн көбү, б.а., илимпоздордун көбү сын жазганга шайы келбейт, бир тобунун таланты, бир тобунун темпераменти жок. Ошонун азабынан бизде сынчы катары аз эле киши аракет кылып жүрөт. Анын үстүнө динчилер динден кайткандай, мурдагы катуу чыккан сынчылар сындан кайтып жатат.

Бул дагы адабий сындын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизүүдө. Андыктан сынчыларды даярдоо маселеси келип чыгат. А жалаң сын менен жан багыш, албетте, аябагандай кыйын иш. Анүчүн кандидат болуш керек, кандидат болуш үчүн аспирантурага өтүш керек.

Ал эми аспирантурага ошол илимде иштей ала турган, илимий наамды актай ала турган жаштар кабыл алынып жатабы? Албетте, жок! Болсо да өтө сейрек. Көпчүлүгү аспирантурага кирбесе, адабият менен иши жок эле жүрө бере турган жандар. Бул, албетте, бири-бири менен бекем байланышкан татаал проблема: ан үчүн кыргыз филологиясы факультетине таланттуу улан-кыздарды тартыш керек, мектептерден адабий мыкты билим бериш керек ж.б.

Ошондой эле адабият маселелерин жалаң сынчылардын энчисине өткөрүп берип, «силер сындагыла, биз угалы» деп жазуучулардын кол куушуруп олтурушу да жакшы көрүнүш эмес.

Пушкинден баштап, бардык чоң жазуучулар сынчы болушкан. Горький сынчы болгон, Твардовскийдин сындары чыгып жатат. Жакында каттары жарык көрдү. 7000–8000дей кат жазган экен, ар бири чакан сын.

Биздин жазуучулар юбилейге карата бир таанышын мактап жатып калбаса, өзүн толкундаткан же кыжырын келтирген чыгармаларга басма сөз аркылуу ак сөз айтып чыгышпайт. Илгери А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков сын маселесине көңүл буруп, кадимкидей кол кабыш кылып турушкан, азыр Ч.Айтматов салмактуу сын макалаларды жазып жатат. Башка жазуучуларыбыз же колунан келбейби, же мойну жар бербейби, айтор, мындай коомдук ишке кол кабышы жок. Бу дагы бир кедерги.

Жалаң эле жазуучулар менен сынчылар бирин-бири мактап же жамандап тура берсе, а дагы бир туюк нерсеге айланат. Буга окурмандар да катышып, окуган китептери жөнүндө жазып турушса, жакшы болор эле. Тилекке каршы, биздин окурмандар өтөле ыкшоо. Натыйжада көп эле китептер коомдук пикирдин көңүл сыртында калып жатат. Алардын арасында чын эле сөз болууга татыктуулары да бар. (Минтип жалпы сөздү айта бергенге азыр аябагандай маш болуп кеттик, жалпы сөз менен дегеле баарын койбой сындап келебиз, конкреттүү бирөөнү атай келгенде эле мукактанып отуруп калабыз.) Мисалы, Токтосун Самудинов деген акын бар. Чыгармачылыгын абдан эле жупуну баштаган, биринчи ырлары дароо шак этип көзгө уруна койгон эмес. Кийинчерээк китептен китепке өсүп олтуруп, азыр кадимкидей тың жаза баштады, адал иштеп, ак жүрдү.

Ушул акын жөнүндө сөз айтып, жетишкен жактарын белгилеп, кемчиликтерин көргөзүп койгон сынчы болгон жок. А достук сезим, адал ниет менен айтылган сын акынга керек эле, чыгармачылыгына жардам, шык бермек. Өмүр бою тытынып чыгарма жазса, анан ак деген да, көк деген да сөз укпаса, андай жазуучуга чындыгында эле кыйын.

Орус жазуучулары сын көңүл бурбаса, окурмандар кат жазып жардам берип жатат деп каниет кылышат экен. А биздин окурмандардын абалын жогоруда айтып өттүк.

Ошентип, бизде бир топ жазуучулар ара жолдо калып жатат. Ошон үчүн иштеп жатсак баалабай жатышат деп өпкөлөгөн өктөөсү ичте жазуучулар көп, алардын ичинен сынчыларга таарынгандары бар. Мындай дооматтар адабиятчылар чогулган жерде, асыресе, чоң жыйындарда ачыкка чыгып жүрөт. Бул, албетте, мен ача койгон жаңылык эмес, Ф.Энгельс илгери эле: «Акындар мактоону, өзгөчө газета-журналдар аркылуу мактоону жакшы көрөт» – деп айтып койгон экен. Ар ким эле мактоону күтөт, сындан терең талдоону, омоктуу ойго салчу пикирди күткөн жазуучуну жолуктура элекмин. Ошого карабастан, таптакыр эле сөз укпай калуу кандайдыр бир вакуумга алып келери шексиз, кишини такыр эле ың-жыңсыз тынчтыкка бөлөп койсо, жинди болуп кете тургандыгын илим айтып жатпайбы!

Алыкул Осмонов: «Мен өлгөндөн кийин жакшы дегениңдин эмне кереги бар, тирүү кезимде жылуу сөз укпасам» – деп бекеринен жазбаса керек...

Жалпысынан алганда, куш учкан бийиктиктен серп салып караганда биздин сындагы кырдаал ушундай көрүнөбү деп ойлойм. Албетте, анын жалпы картинасын түзүү кыйын, анүчүн беш-алты жыл жылбай иштеш керек. Идеал боюнча сын акты ак, караны кара деп айтыш керек. Идеал боюнча! Дегеле адам баласы чындыкты айтыш керек, муну мойнундагы парз дейбиз го. Бирок реалдуу турмушта бул бир топ татаал маселе, сын дайым эле кара кылды как жарып, адилет сөзүн айтып турбайт. Аны биз адабиятыбыздын алакандай тарыхынан көп эле жолуктурабыз.

Сен айткан, кызмат даражасына, мансап наамына, ашына-кошуначылыгына карап мактоо мурда чындыгында эле көп болгон, азыр деле андан арылып кете элекпиз. «Качкан жоону катын саят» болуп, адабиятка тиешесиз касиеттери үчүн наам, сыйлык ж.б. алгандарды санап олтуруунун, менимче, бул жерде эч кандай кажети жок. Бирок бир моментке токтолуп кетүүгө туура келет. Бизде ошого жараша бүгүн эле көрүп, бүгүн эле биле калгансып, сынчы болуп эрдемсип чыга келгендер да көбөйүп кетти. А убагында кайда жүрдү эле? Ошол эле жерде, айрымдары дал ошолордун колтугунда!

Мен учурунда, республиканын мурдагы жетекчилери турганда эле, жаш сынчылардын республикалык кеңешмесинде орой көз чарай, конкреттүү мисалдар менен айтып чыккам. Ким сындалат: жалаң адабият менен алпурушуп, бир кызматта иштебегендер, же эптеп китеп чыгарып алган айылдык авторлор. Кыскасы, кызматта иштебегендерге сын кыргыйдай тиет. Анан ошолор сыяктуу эле жазып жаткан бирөө кызматтын башына келип калса, мактаганга сөз табылбайт. Анткени анын колунда бирдеме бар, жакшылыкка жакшылык менен жооп бере алат ж.б. деп.

Албетте, бул илдеттен арылышыбыз керек. Бирок арылуунун да албан кыйынчылыктары бар: ар кандай шылуун ар кандай шартка жараша өзгөрүп турат, алар азыр да башка бир формасын, башка бир ыгын табууга жандалбас кылып жатышат. Азыр да ошол мансабына жараша мактоо, же болбосо бир чыгарманы мактаса, анын эч бир кемчилигин айтпай кетүү, жок дегенде сыпайыкерчилик үчүн жөлөмөлөп: «Кокуй, эл эмне дейт» – деп сылап-сыйпап айтууну унуткан макалалардын чыгып жатыш фактылары бар.

Ал эми бир чыгарманы, асыресе, кызматтан түшүп калгандардын китептерин «соккусу» келсе, дегеле жылтыр эткен жагын көрбөй, «төө бастыга» алуу аракети бар. Андан да кутулушубуз керек. Кутулганда кантип кутулабыз: ошондой илдетти көрүп туруп көрмөксөн, билип туруп билмексен болбой. Ошону менен жазуучуга да, сынчыга да жардам беребиз. Алар бизди ошол учурда жаман көрөт, бирок өздөрүнүн тагдыры кейиштүү болбойт.

Азыр коомдук зор, болгондо да кескин өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Мындай өзгөрүүлөр тарыхта, анын ичинен кыргыз элинин тарыхында көп болгон. Болгон сайын жакшы, позитивдүү көрүнүштөр оргуп чыккан, ошол эле учурда айрым терс көрүнүштөр да илээшип жүргөн. Кыргыздар: «Эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт» – деп коюшат. Мунун мааниси бар. Мен айтар элем, эл дүрбөйт, эшек кошо дүрбөйт, ал гана эмес, алдыга чыгып алып, элдин үнүн басып коюуга аракет жасайт. Жалпы тарыхты алганда ушундай учурлар көп. Анын сыңарындай айрым демагогдор, ичинде кекенич-кээри барлар, майда мүдөөлүү ичи тарлар мына ушундай бурулуш мезгилдин оош-кыйышын пайдаланып калууга аракет жасап жатышат. Анткени ар бир бурулуш мезгил жеңил бүтүп, шар өтүп кетчү процесс эмес, көп факторлорго байланыштуу, өтө татаал процесс.

Бурулуш учурунда коомдун чыныгы мүчөлөрү, бизди туюндуруп, кийиндирип жаткан кишилер, өз өнөрүн жакшы өздөштүргөндөр унчукпай эле иштеп жатат, а айрым демагогдор, айрыкча профессионал арызчылар эл топтошкон жерде, ар кандай жыйындарда чыга калып, ага тон берип, үстөмдүк кылып кеткен учурлар да көп.

Адабиятыбызды алалы. Кээ бир жазуучулардын, айрыкча, мурдагы жетекчилерден ыдык көргөндөрдүн (андайлар бар), же болбосо ыдык жебей эле ошол учурда «жыргап» жүргөндөрдүн арасында кырдаалдан пайдаланып, өзү көралбаган, же жөн эле пикири келишпеген кишилерин «согуп» калууга, же болбосо ошонусу менен бирөөлөргө жагынып, мансапка жетүүгө аракет кылгандар бар.

Бирөө мөгдөп турса, аны ого бетер нары түртүп, кыбасын кандырууга аракет кылгандар жок эмес, бар. Бирок мындай нерселер бурулуш учурунда боло берет. Турмуш акылдуу, турмуш адилет: бир кишини, мейли миң кишини алдоого болот, бирок турмушту, элди эч качан алдоого мүмкүн эмес. Турмуш акыры ар адамды өз ордуна коёт, аны эл да, жетекчилер да көрөт, анан таз кейпин кайра киет, адал эмгеги менен ак жашаган азамат адам бойдон калат. Ак жеринен мүдүрүлгөндөр турат. Мындай көрүнүштөрдү өтөле драмалаштырып жиберүүгө да болбойт, ошол эле учурда айтпай коюуга да мүмкүн эмес.

Эмне үчүн биз, жөнөкөй адамдар – адал эмгек, ак ниет менен жашап, калыс, адилет болууга толук мүмкүнчүлүгү бар адамдар ошондой иштерге жол берүүгө тийишпиз. Айталы, адабияттагы жанагыдай көрүнүшкө: «Сыныңдын кайнап чыккан казаны таза эмес, сен кимдир бирөөдөн өч алганы, же кимдир бирөөгө жагынганы жатасың» – деп айтууга эмне үчүн тийиш эмеспиз. Айтууга акыбыз бар, милдеттүүбүз.

Менин оюмча, биз, адабиятчылар, чыгармачылык жактан ыкшоолук кылып, аз иштеп, аз жазып жатабыз. Убактыбыздын көпчүлүгү көр оокатка, адабияттын тегерегиндеги арзыбаган кеп-сөздөргө, принципсиз, группалык күрөштөргө, айтор, чыгармачылыкка тиешеси жок нерселерге кетип жаткандай. Экинчиден, баарыбыздын эле билимибизде көп өксүк бар. Баарыбыз тең эле айылда өстүк. Эне тилибизде миң жылдык, жок дегенде жүз жылдык илимий тажрыйба, интеллектуалдык багаж жок. Ошолорго жетиш үчүн орус тилин үйрөнүүгө туура келди. Бирок адабиятчыларыбыздын көпчүлүгү орус тилин ойдогудай билбейт. Ошон үчүн жалпы маданиятыбызда, айрыкча айтар элем, философиялык камылгабызда өтө көп өксүктөр бар.

Баарыбыз иштешибиз керек, окушубуз керек, акыл-ойду байытып турушубуз керек. Иштегенде да сан жагынан эмес, сапат жагынан иштешибиз керек. Бул жазуучуларга да түздөн-түз тиешелүү. Чыңгыз Айтматов чымырканып олтуруп беш жылда араң бир роман жазса, көп жазуучуларыбыз романды беш айдын ичинде эле шылып салып жатпайбы. Бардык жанрда ызылдатып тынбай жазгандар бар. Кээде мен өзүмчө ойлонуп кетем: ушу кээ бир жазуучулар жазгандан көрө жазбай эле койсо жакшы болот эле. Көпчүлүк сын макалаларда, китептерде ой азабы сезилбейт. Адам болгондон кийин, интеллигент, илимпоз болгондон кийин, ойлонуп жашаш керек ко.

Дүйнө жөнүндө, адабият, эл жөнүндө... өз тагдыры жөнүндө, акыры өзүнүн бир күнү өлө турганы жөнүндө ойлонуш керек ко?! Ошол өлө турганын ойлогон адам ыймандуу болот, боорукер, айкөл болот, анча-мынча нерселерди салыштырмалуу кабыл алат.

Адабиятчыларыбыздын көпчүлүгүндө сөз азабы сезилбейт: калемине биринчи урунган сөз менен урдуруп жаза беришет. Мен, маселең, кыргыз сынчыларынын макалаларын, китептерин окуп, стиль жагынан такыр алымсынбайм, тойбойм. Карап олтуруп оңдогум эле келе берет. Логикалык, стилдик, грамматикалык каталар кадам сайын учурайт.

Эми маселелердин көтөрүлүшүнө келгенде, биз орус сынчылары көтөрүп жаткан маселелердин жарымын да көтөрө элекпиз. Адабиятка байланышкан коомдук маселелер бар, адабияттын өзүнүн маселелери бар. Адабиятта азыркы турмуш кандай чагылдырылып жатат? Муну ойлонгонубуз барбы? Мисалы, биздин адабиятта айыл турмушу кандай жазылып жатат? Баарыбызга белгилүү, прозачыларыбыз бүт айылдан чыккан. Шаарда 30–40 жылдан бери турушат. Бирок жалаң гана айылды жазышат. Айылга болсо анда-санда конокко же отпускага барышат. Жолугушууга барышат, анда да конок болуп кайтышат.

А айыл турмушу түп-тамырынан бери өзгөрүлүп, коомдук өндүрүштө, салт-санаада, адеп-ахлакта башкача процесстер жүрүп жатат. Аларды биз прозадан же публицистикадан көрөбүзбү? Албетте, көрбөйбүз. Көпчүлүгү бала чагынан алган турмуштук таасирлердин, тажрыйбалардын тегерегинде айланып жүрүшөт. Береги эле казак жазуучулары айылга айлап-жылдап жатып алышып, жаңы чыгармаларды жазып жатышпайбы! Же болбосо, публицистика эмне үчүн өнүкпөй жаткандыгы жөнүндө ойлонгон эч ким жок. Балким, жандуу турмуш менен жазуучулардын катышы аз болуп жаткандыгынан болуп жүрбөсүн?

Жаза келсең, ойлоно келсең көтөрүлө элек маселе көп. Айрым учурда заказ боюнча, моюнга тагылган милдет боюнча жазып калууга туура келет. Мисалы, мен Шаршен Термечиковдун юбилейине карата доклад жазып көрсөм, биздин адабиятта юмор маселеси, анын табияты, проблемалары жөнүндө ойлонгон бир дагы адабиятчы жок экен. Же болбосо, азыркы драматургиябыздын өнүгүшү, анын турмуш менен байланышын жалпы союздук, дүйнөлүк адабияттын масштабына салып карап көргөн эч ким жок. Албетте, айрым макалалар бар. Мисалы, С.Байгазиевдин бир топ чыйрак жазылган макаласы жарык көрдү. Бир топ драматургдар чычалады. Айла жок, өзүнө карата айтылган сөзгө чычалабаган жазуучуларды азырынча көрө элекпиз. Бирок айтыш керек.

Ким өзүн өзү сыйлабаса, эч ким сыйлабайт. Сынчылык ыйман деген да ошол өзүн өзү сыйлоо. Ыймандуу сынчы адабияттын, коомдун, чындыктын мүдөөсүнөн чыгып жазат. Жазуучуга жардам берейин деген ниет менен жазат. Бир эле чындыкты бүгүн башка, эртең башка кылып айтып жүргөн сынчыларыбыз да бар. Жарма таарынычтан өч алгысы келип сын жазса, же бирөө конокко чакырып, же башка бир иштер менен милдеткер кылып койгондуктан мактап жазса, аны сынчы деп айтууга болобу?!

Албетте, принциптүүлүктүн да, принципсиздиктин да, баатырлыктын да, коркоктуктун да чеги бар. Турмушта ар кандай болот, баарын эле какайып бир жол менен кете бер деп айтыш кыйын. Принциптердин, көз караштардын өзгөрүп кетиши мүмкүн, бүгүн дос болуп, эртең кас болуп калышың мүмкүн. Адамдык мамилелер ар кандай болот. Бул эми жеке мамиледе болсо мейли, а бирок элге жарыя айтылып, макала болуп жазылып, китеп болуп чыгып кетсе, бул бир топ оор маселе да. «Кечээ мен эмне деп айттым эле, эл сокур эмес, дүлөй эмес, көрүп койсо эмне болот, угуп койсо эмне болот» – деп ойлонуш керек ко?!

Ар бир сынчы өзүн өзү сыйласа, өзүнүн эмоциялык жарылууларынан, же болбосо, кандайдыр бир антипатия, симпатиясынан улам жазбай, чындыкты издөө, бекемдөө үчүн жазат. Албетте, абсолюттук чындыкты айткандар бирин-экиндеп кездешет, бирок салыштырмалуу эле чындыкты айтып, ыйманды таза сактоого неге болбосун?!

Биз улут катары да жашпыз, жаш адабияттын өкүлүбүз. Жаңыдан чыгып келатабыз. Мына бизден дүйнөгө суурулуп чыккан Чыңгыз Айтматов болбодубу. Эми анын жолун жолдоп, артынан атылып чыккан прозаиктер жок болуп жатпайбы?! Чыгармасы орусча которулуп калса эле, аларды дүйнөлүк, жалпы союздук аренага чыкты деп айтууга болбойт да. Кээ бир жерлерде биздин адабият таанууну, сынды бийик даражада деп айтышат экен. Бирок биз бирөөлөр айтып койду эле деп дардаңдап кептей, ар убак жупуну болуп, бирдемени жасап, кыйратып ийсек дагы кыйраттык деп төш какпай, өзүбүзгө сын көз менен карап, талапты көп коюп, жасаганыбыздан жасай элегибиз көп деп турганыбыз жакшы го.

Жаштар арасынан, албетте, жакшы сынчылар чыкпай жатат. Дегеле жаштар дегенде кимди айтабыз? С.Кармышаковду жаш, жаш деп жүрүп карытып жибердик, андан кийинки А.Эркебаев ж.б. отуздан ашып кетти. Жаш сынчылардын ичинен суурулуп чыккан эч ким жок болгондуктан жаш сынчы деп кимди айтарыбызды билбей жатпайбызбы?! Ошондуктан бизден кийин келе тургандарга, өзүбүздүн мурасчыларыбызга кам көрүшүбүз керек. Биздин ордубузду баса турган, бизден ашып кете турган шакирттерди чыгарышыбыз керек. Эгер менин окуучум, менин шакиртим мени баспаса, менден ашып кетпесе, менин ишимди улантпаса, мен бул дүйнөдө эмне үчүн жашап жүрдүм?

Тилекке каршы, ошондой шакирттер атайын окуу жайларына, аспирантураларга кабыл алынбай жаткандыгын какшап айтып келатам.

P.S. Макала 1986-жылы журналист Алым Токтомушев менен маегинин негизинде даярдалган. («Кыргызстан маданияты», 4.12.1986). 2013, 8 (52)

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз