Адабий окуу сабагы

  • 15.04.2022
  • 2329

МЕКЕН

Мекен, бул – тил. Биз мекенимди сүйөм деп кыйкырганды жакшы көрөбүз. Бирок мекендин тилин билбейбиз, оорусун сезбейбиз. Тилиңди билбесең кайдагы мекен?

Мекен – эне. Энелерибиз оорубасын. Бирок биздин энелер мекенинин тилин билеби? Балдарына мекен тилин үйрөтө алышабы? Баарыбыздагы көйгөй ушул…

Мекен – менмин, менин досторум, мендей балдар. Бирок биз мекенге эркин дем алууну тартуулай алабызбы? Бул күмөн… Себеби мекендин тилин билбесек, кантип мекен тоё- тоё эркин дем алат? Өз мекенинин тилин билбегендерге мекендин кереги жок деп тартып алгысы келгендер көп.

Мекен – эне. Мекен – тил. Буга көңүл буралы.

Амира Доктурбек, 3-класс

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз