Аваз Жокей: Үнсүз кыйкырык

  • 02.05.2022
  • 2135

АҢГЕМЕ 

Биринчи жолу жаш келиндин боюна бүттү. Бул өзгөчө түйүлдүк эле. Келечекте адамдардын жыргалчылыгы үчүн жаралган көсөмдөрдүн көсөмү болмок. Ал энесинин курсагында жатып эне тилин түшүнө баштаган... Байыркы шумерлердин ыйык жазуусунда мындай бала эки миң жылда бир гана туулары, анан ал отуз үч жашынан тартып бүткүл дүйнөнү башкарып, адамзатты жакшы жашоого, жыргал заманга алып келери айтылыптыр...

Бирок болочок апасы аны кайдан билсин? Көр турмуштун айынан башка өлкөгө жөнөмөк болду. “Бөтөн эл, бөтөн жер, күнү-түнү баш көтөрбөй иштейм, бала жолтоо болот” деп чечти. Врачка барды. Беш миң сом берди. Боюнан алдырды...

... Эски чакага ыргытылды, өзүнө окшош, бирок эбак муздап калган кызыл эт түйүлдүктөр арасында үшүгөн алсыз денесин кыймылдата албай жатты. Ал күтүүсүз келип жашап өткөн жарым мүнөттүк өмүрүн үнсүз кыйкырууга жумшады, айтайын дегенин айталбай кетти...

01.05.2022. Бишкек.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз