Аваз Жокей: Алданган алдамчы

  • 03.01.2022
  • 2539

(сатиралык аңгеме)

... Сатып алуучу Алдарбектин эки кабат тамын карап баш чайкады: 

– Таа-ак, баары жакшы экен. Бирок... Бирок ого эле кымбат сурадыңыз! Ушунчалык кымбат тамды биринчи көрүшүм!

– Кымбат эмес, абдан туура баа!

– Коюңузчу! Мен бүт кыдырып чыкпадымбы. Мындай тамдар, атүгүл шаардын чок ортосунда эки эсе арзан.

– Анан эмне?.. Ошолордон эле албайт белеңиз?

– Шаар сыртынан алсам дегем, абасы таза, ызы-чуусу жок... Сиздин тамыңыз абдан ылайыктуу экен. Бирок...

– Ооба. Менин тамым кымбат. Анын чо-ооң себеби бар...

– Айта бериңиз. Бу жерде экөөбүздөн башка киши жок...

– Сиз каякта иштейсиз?

– Эмне болду?

– Жөн эле...

– Мен базарга товар ташыйм. Коммерсантмын. Сырттан товар алып келем.

– Аа... жакшы. Аткезчилик кылат экенсиз да?

– Эми... шартка жараша. Беш КамАЗым бар...

– Анда сизге “крыша” керек экен... Салык, бажы дегендерден коргой турган.

– Аа... жакшы болот эле... “крыша” абдан керек. Жогортон бирөө көз салып, калкалап турса...

– Анда, бери караңыз. Оң жактагы үч кабат тамды көрдүңүзбү?

– Ооба, көрбөгөндө... Абдан жашы салыныптыр. Кимдики?

– Маткабылов Алимжан деген улуу урматтуу кишиники.

– Ким дедиңиз?.. Тааныш фамилия экен... Коё туруңуз... Тиги министрдин эмнеси болот ошондо?.. Каарман Алимжановичтин атасыбы?

– Ооба, так өзүн таптыңыз!

– Та-аак... Ошондо бул жерде ички иштер министринин атасы жашайбы?

– Ооба! Туптуура! Мына, башкы себеби ушул... билсеңиз...

– Коё туруңуз... Макул, сиздин тамды алдым дейлик. Анан?

– Анан ошол. Кыргызда айтат эмеспи: “конуш албай, кошуна ал” деп...

– Аа... ошондой деңиз... Ооба, эми түшүндүм. Кантип жакындашам анан?

– Оңой эле, акырындап... ал киши менен мүмкүн, куда болуп аласыз, же өкүл ата коёсуз, уулуңузга, же кызыңызга... Жакындашуунун жолдору көп кыргызда. Ошентип министр менен жек-жаат болуп, туугандашып аласыз. Анан Каарман Алимжанович сизге өзгөчө адамдар үчүн жасаткан өзгөчө визиткасын берет, бүттү, сизге эч ким “кың” деп да тийише албайт. Бардык жерде жолуңуз шыдыр, чек аранын баары ачык болот. Түшүндүңүз да!  Мына, ушундай, кымбат баалуу тамдын жашыруун сыры.

– Укмуш экен... Мен анда ойлоноюн...

– Убакыт тар. Канча ойлоносуз?..

– Беш-он...

– Күнбү?!

– Ой жок! Мен анча ойлонбойм! Беш-он мүнөт эле?

– Туура, убакыт тар... А то, бу кишиге кошуна болом дегендер четтен чыгат...

– Мен ойлондум. Эмесе!.. Келе колуңузду! Тамыңызды мен алдым!

Экөө кол алышты.

– Абдан туура чечим. Чечкиндүү адам экенсиз. Анда, алгач акчасын...

– Ооба, албетте!

– Анда жүрүңүз үйгө, сиздин үйгө... ха-ха!.. Эсептешелик... ха-ха!..

Каткыра колтукташып үйгө киришет...

*     *     *

Арадан алты ай өтөт. Экөө күтүлбөгөн жерден, көчөдөн жолугушат. Сатып алуучу саламга келбей кыйкырат:

– Ой, бул эмне кылганың? Ушундай да болобу? Бул деген алдамчылык...

– Кудай сактай көр! Кыйкырбаңыз... абайлап айтыңыз. Эмне болду?

– Эмне болду дейт уялбай... Тигил министриң кечээ түшүп калбадыбы! Иши суракта дейт...

– Ай-ай... жаман болгон экен... Ким билиптир мындай болуп кетерин?

– Сиз билсеңиз керек... күн мурдатан...

– Кудай акы! Коюңузчу! Кайдан билмек элем? Ажо мага акылдашпайт да... Же жонум менен сезгендей, мени эмне, чочко деп ойлойсузбу? Абайлаңыз, жаман сөз менен оскарбить этсеңиз 128-статья менен кетесиз...

– Ыя?.. Жо-жок, андай ой таптакыр жок. Албетте, мында сиздин эч кандай тиешеңиз деңизчи... Бирок...

– Эмне бирок? Аны жумуштан мен алган жокмун. Доону жогору жакка, өкмөткө коюңуз.

– Эмне деп?.. Болочок өкүл кудамды эмнеге кызматтан алдыңар деппи?!

– Демек, айталбайсыз! Бүттү, эми, бул жерде күнөө сизде эмес, күнөө менде эмес... күнөө “сүйүүдө” дегендей...

– Эмне-е?..

– Тамаша, дос, тамаша!.. Андан көрө дальше план кандай?

– Сатайын дегем ал тамды... Баасы чыкпай жатат, мурунку баадан эки эсе арзан сурасам да өтпөй турат.

– Мм-м... ошондойбу? Анда мага сатыңыз.

– Койчу! Чын элеби?.. Сиз кайра аласызбы?

– Ооба.

– Канчага?

– Мен саткан баадан жүз миңге кемитесиз.

– Тү ата! Ошончо кемби? Кудайдан корксоңуз боло?!

– Бу заманда кудайдан корккон ким бар?! Баары бир сиз аны саталбайсыз.

– Ошондойбу?..

– Ошондой. Андан көрө жүрүңүз, тигил сейил бакка барып шашпай сүйлөшөлүк.

Экөө ээрчишип кетишет.

*     *     *

Шаардын көчөлөрүнүн бири. Чоң “Лексус” машинасы акырын келип эски тамдын жанына токтойт. Машинеден Алдарбек түшөт. Колунда портфель. Тамдын боорунда “Сатылат” деген жарнак илинүү. Алдарбек кадага кадалган топчуну басат, коңгуроо шыңгырайт. Көпкө күттүрбөй үй ээси чыгат. Алдарбек учурашат.

– Та-аак, сатасызбы?.. Үйүңүз эски окшойт... Канча сурайсыз?

– Кымбат сурайм... Жарым миллион!..

– Чын элеби?.. Жок, болбойт! Эч мүмкүн эмес. Ушундай баа менен ушу кылымда да саталбайсыз!

– А мен жакын арада сатам деп ойлойм...  

– Кантип? Өз сөзүңүзгө отчёт бере аласызбы?

– Албетте, берем.

Алдарбек колундагы портфелди көрсөтөт:

– Менде акча жетиштүү. Сиз ойлобоңуз, жөн эле кыдырып жүрөт деп. Керек болсо мындай тамдан бешөөнү сатып алам. А бирок сиз мага реальный бааны айтыңыз.

– Мен айткан баа абдан реалдуу. Бери караңыз, сиздин канча автоунааңыз бар?

–Үчөө. Алардын мында кандай тиешеси бар?

– Тиешеси абдан бар. Демек, бензин түтпөйт экен да?

– Ой, айтпаңыз! Үчөө тең крокодилден кем эмес...

– Азыр мен сизге бир нерсе көрсөтөм, аны сиз эч кимге айтпайм деп убада бересиз!

– Макул. Эч кимге айтпайм!..  Кызык, ал эмне болду экен?

– Анда жүрүңүз, үйгө кирелик.

Үй ээси эки жагын карап калиткасын кулпулайт. Үй жакка басышат. Чакан жашыруун бөлмөгө киришет. Үй ээси эски шифоньерди көрсөтөт:

– Мынабу шкафты караңыз. Өзгөчө бирдемесин байкадыңызбы?

– Жок... Кадимки эле илгерки кийим илген шкаф...

Үй ээси шкафтын эшигин ачат, ичине колун салып бир нерсени басат. Шкафтын капталынан байкалбаган, чакан, кол кенен баткыдай төрт чарчы тешик ачылат. Ичинен кадимки эле самоордукуна окшогон чорго көрүнөт.

– Бул эмне деп ойлойсуз?

– Эмне болмок эле? Чорго! Суу агызган кран...

Үй ээси стакан алып кранды ачат, саргыч түстөгү суюктук куюлат. Кайра жаап, стаканды Алдарбекке берет, ал жыттап көрөт.

 – Ой бул бензин го!..

– Чүшш-ш!... Акырын, кыйкырбаңыз. Ооба, бул деген бензин.

Алдарбекти колтуктап терезеге алып келип пардасын ачат.

– Сиз мынабу биздин үйдүн жанындагы автозаправканы көрдүңүз да?

– Албетте. Кээде машинеме ушул жерден бензин куйдурам.

– Алдагы стакандагы ушул автозаправканын бензини. Муну өзүмдөн башка эч ким билбейт! Төрт жылдан бери колдонуп келатам...

– Төрт жылдан бери бекер бензинби?! Атүгүл, аялыңыз да билбейби?

– Кудай сактасын! Аялым билсе – бүткөнү да! Эч ким билбейт!

– Укмуш го! Кантип кошуп алдыңыз?

– Анын таржымалы узун... Албетте, алгач мээни иштеттим, анан көптөгөн эмгек жана каражат жумшадым... Кыскасын айтканда, автозаправка курулуп башталганда бензин сакталуучу чоң цистернанын түбүн тешип чыпалактай ичке түтүк коштум. Албетте, жер астынан, аны эч ким көрбөгөндөй жана байкабагандай кылдым. Мунун баарын түнкүсүн жасадым, жарым ай тынбай, образдуу айтканда, башым менен жер каздым!

– Ой-бой-ой! Сиз жеткен... жанагы... эме... турбайсызбы...

– Ооба, "Заманың бөрү болсо бөрү бол..." дейт. Эми сиз менден ашкан “эме” болосуз... Анткени сизде үч машине бар да. Мен болсо бир эле машинеге куюп жүрдүм...

- Гарантия барбы?

- Эмне?..

- Кепилдик... Гарантия?..

- Аа... Албетте бар... Мм... Пока бензин түгөнмөйүнчө... Ха-ха!..

- Жакшы экен... Бекер бензин...

– Таа-ак, тамдын сыры ушундай. Эми эмне кылсак? Азыр эсептешесизби же... башка сатып алуучуну күтөйүнбү?

– Жо-жок!.. Эч кимди күтпөйсүз... Иш бүттү, сүйлөштүк! Мына акча!..

Алдарбек колундагы портфелди ачып бир баштык акча алып чыгат, сатуучунун колуна карматат. Кол кысышат. Үй ээси эскертет:

– Сиз алгач, бир-эки ай абайлап, чактап куюңуз, тигилер байкап калбасын...

– Макул... Түшүндүм. Рахмат эскерткениңизге...

*     *     *

Ошентип Алдакең бекер бензинге жеткенине кудуңдап, сатуучу эскерткендей бир эле машинесине чактап куюп жүрдү... Эки ай тынбай жыргады. Кайсы бир күнү демейдегидей эле чоргону ачып чакасын тоссо беш-алты литр куюлду да, бензин токтоп калды. Жүрөгү түштү: “Кудай сакта! Кошулган түтүктү таап алыштыбы?..” Заматта кооптуу ойлор чулгады. Милийсалар келип калбасын деп эшик-терезелерин кулпулап, жылчык койбой караңгылады. Бирок баары тынч, автозаправка мурдагыдай эле күнү-түнү иштеп жатты. "Кызык. Бул эмнеси?.." Алдарбек дагы үч күн  күттү. Эч ким келген жок. Кран да какшып калгансып бир да тамчы жок...

Алдарбек бир күнү кечке чоргону карап отурду, ойго батты... Бир оокумда селт этти, кандайдыр бир күдүк ой башын көзөп өттү, көкүрөк тушу “зырп” этип, жүрөгү булкуп алды, түрсүлдөгөнү кулагына даана угулуп атты... Ордунан бүргөдөй секирип туруп, чоргого кошулган түтүктүн кирген жагын издей баштады. Шкафты жылдыра салып, чоң бычак менен дубалды чукулады. Түтүк карашыбактын астында экен, жогору жакка, шыпка кириптир... Тышкы дубалга шаты коюп шашып чыкса, чатырчанын чердакка кирген эшиги жабык, кулпу салынып турат.

Үй ээси ачкыч тууралуу ооз ачкан эмес. Кайра жерге түшүп машинесинен монтировка алып келди. Заматта, машыккан ууруларча кулпуну жулуп алды. Эңкейип жапыс эшиктен кирери менен... көзүң жамандыкты көрбөсүн, ооба, өзү шекшигендей болуп чыкты!.. Ортодо эки жүз литрлик желим бочка турат. Ичи бопбош! Тиги аферисттин куйган бензини түгөнсө керек... Түтүк бочканын түбүнө дыкаттык менен кошулуптур. “Жайлаптыр, саббакка! Өлтүрдү, саббакка! Неңди урайын!..” Алып сатар Алдарбек ашата сөгүнүп атты... Ушул убакка дейре өзүн өтө акылдуумун деген... Далайларды сызга олтургузуп келген... Бирок өмүрү аны эч ким минтип “лох” кылган эмес!..

Аябай албууттанды Алдарбек, ызырынды, онтолоду, чачын жулду, башын бочкага койгулады... Бир маалда жүрөк тушун мыкчыды, экинчи колу менен бочканы кармады, тизелери бүгүлүп, жүзү кубарып баратты... Жанында жаткан бош канистрге эптеп көчүк басты. Кудай жалгап уюлдук телефону чөнтөгүндө экен, "тезжардамга" чалды,  дайынын айтты... Бочкага жөлөндү... анан, анан эсинен танды...

... Эртеси эсине келип көзүн ачса, ээн бөлмөдө жатат. Эч ким жок. Алгач акталган шыпка карады, анан темир керебеттин жанында салаңдап илинген желим бөтөлкөнү көрдү. Андан түтүк аркылуу сарыккан саргыч суюктук сол колунун кан тамырына тамчылап куюлуп атыптыр... Алдарбек көзүн жумуп онтолоп жиберди...

Ошол маалда палатага ак халатчан медайым кирип, кубанычтуу жылмайды:

– Эсиңизге келдиңизби? Эми акыбалыңыз бир калыпка түштү, кыймылдабай тынч жатыңыз. "Тез жардам" эмканага өз убагында жеткизди, дагы он эле мүнөт кечиккенде, сизди сактап калыш кыйын болмок...

Анда Алдакең онтолоп, медайымга кабагын бүркөп, катаал карады да, анан араң сүйлөсө да, айтып турганы:

– Бензинди мага эмес... бочкага куюш керек!.. Уктуңузбу?.. Бочкага... Мага куйбагыла! Тезинен бочкага куйгула!..

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз