Аваз Жокей: Кышкы көпөлөк (Жаңы жылдык маанай)

  • 25.12.2021
  • 2634

АҢГЕМЕ

Чолуш чыкыроон суукту сезген да жок. Алдынан чыккандарга көңүл бурбай башын салаңдатып илкип-калкып келатты. Колундагы оролгон кендир арканды кармалап өзүнчө сүйлөнүп да коёт: “Кыска эмеспи? Дагы эки-үч карыш узунурак болсо ээ? Мурда өлүп көрбөсөң ушул да... Тажрыйбаcы бар бирөөгө кеңешип албай... Эх, Чоке, сага күлөр киши жок, кимден кеңеш сурамак элең?.. Капырай, о дүйнөгө кетүү оңой эмес окшойт... Эх, өлүп кайра тирилсем э, бизнес кылып китеп жазмакмын өлүүнүн оңой жолдору тууралуу. Мага окшогондор көпкө кыйналбайт эле... Кой эми, урушта туруш жок, кай жерге асылсам? Киши жок жерге баруу керек. Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт эмеспи. Чын эле, үйдөгүлөр таппай калса дурус эле болмок, кыйналбай, чыгаша чыгарбай... Жокчулук жондон ныгырып турганда... Же алгач дагы кредит алсамбы? Мени кишидей кылып көмсүн да... Бирок улам кредитти жабам деп ала берип ушуга жетпедимби... Анын баарын ким төлөйт? Өкмөт өлгөндөрдүн алган кредиттерин жаап салса жакшы болмок... Дагы эки чарчы метр жерди бекер берип... “Кепини бекер болсо өлмөй бар” дегендей, о дүйнөгө кеткиси келгендердин саны көбөймөк... Өкмөттүн пенсиясына, бүджетке үнөм болмок... Бу деген Кытайдын карызынан кутулганга аз да болсо өбөлгө да... А эгер, терең көлгө чөксөм, суу түбүндө жата берет элем көрүнбөй.  Жакын аралыкта көл барбы? Ооба, өйдө жакта суу сактагыч бар эмеспи!.. Бирок  ал жакка жетиш үчүн машина керек... Такси эң кеминде 200-300 сом алат... Кайдагы акча?.. Суу да муздак... Ансыз да араң жан бөйрөктөрүмө суук тийгизип алсам... Экинчиден, кайыкты кайдан тапмак элем?..  Ошондуктан, асынып эле өлгөн жакшы... Туура! Шаардын түштүк тарабында эбактан бери  курулуп бүтпөгөн төрөт үйдүн жаңы имараты бар эмеспи... Ээн, эч ким жолтоо болбойт. Кийин асынып өлүптүр деп молдо жаназа окубай коюшу мүмкүн, а так, Чолуш ооруканадан өлүптүр деген аты калат. Бирок төрөт үйүндө өлүптүр деген жаманаттысы да бар... Эми азыр орун жок, төрөт үйү деле дарылап жатпайбы!.. Ээ эмне болсо ошо болсун. Бир жолун табышар... Менден кийин маа десе топон суу каптасын!.. Зыйнатымды айылдагы акем, атамдын иниси мойнуна алаар... Колунда анча-мынча малы бар эмеспи, элден уялса да эптеп көөмп коёр... Атам ага жаш кезинде жардам бериптир го бутуна тургуча...”

Оюнун быт-чытын чыгарып капылеттен бирөө жөөлөп өттү...

– Эй!.. Көзү жок эшш!..

Ачуусу чукул болсо да Чолуш аягына чыгара сөгүнүүгө даабады.

– Ой, кечиресиз агай!.. – деди коңгуроодой назик үн.

Чокеңдин жүрөк тушу зырп этти...

Маңдайында жаз күнүндөй жадыраган, узун бойлуу, мүчөсү келишкен, эки өрүм узун капкара чачтарын ийининен ылдый коё берген, ак пальто кийген перидей сулуу кыз көгүлтүр көздөрү менен жадырап-жайнап жылмая карап турду. Чолуштун эси эңгиреп барып оңолду, колундагы арканды койнуна ката салды...

– Арыбаңыз агай!? Келе жаткан Жаңы жылыңыз кут болсун! Жаңы жылда ишиңиз алга жылып, өзүңүз сак-саламатта болуңуз! Үй-бүлөңүз менен бактылуу жашаңыз! Ооба, Сиз бактылуу болосуз! – деди асмандан түшкөн Пери жылмайып.

– Ээ... качан?.. Кимсиз? Эстей албай турам... Кечиресиз, тиги... кудачасызбы?.. – деп Чокең оюна келгенин айта салды.

Мээнин ичиндеги дат баскан “жесткий диск” кылдырап кыймылга келди, далбастап эсинде калган кыз-келиндердин тизмесин экрандан өткөрүп жатты...

– Убара болбоңуз! Сиз мени тааныбайсыз. Демек, Сиз жетимиш жетинчи болдуңуз! Куттуктайм! Бактылуу экенсиз!..

– Албетте, Сизге окшогон Пери куттуктап жатса, мен бактылуу болбогондо, анан ким?.. –Чокең белин түзөп, баш кийимин оңдоп, мойнунда салаңдаган эски галстугун өйдө жылдырды.

– Сизге сыйкырдуу керемет сандар туш келди, эки жети – жетимиш жети! Ошондуктан Сиз бактылуусуз!

– Ага, демек мага 77 сом бересизби же долларбы?.. Андан ашык болсо каршы эмесмин, ыздачын деле берем, – Чолуш тамаша-чындап жылмайып алакандарын ушалады.

– Андай эмес, агай, жакшы жышаан бар: Жаңы жыл алдында 77 кишини куттуктасаңыз сөзсүз бактылуу болосуз. Ашса андан бетер жакшы. Мен, мынакей, Сизди кошкондо 77 кишини куттуктап койдум. Демек, мен да бактылуу болом!

– Аа... Ошондойбу?.. А мен... тиги, гумжардам берет экен деп...

– Капаланбаңыз, Сизди сөзсүз чоң жакшылык күтөт!

– Билесизби? Толук бактылуу болуш үчүн мага канча керек? Та-аак... азыр мага бир... бир жарым... жок, эки миң сом... ой, тоюс, үч миң доллар жетпей турат, честное слово, эсептеп чыктым! Доллар жок болсо мейли, сом менен деле ала берем, курс боюнча... жүз элүү миң сом эле... Тамаша кылам, чоң кыз, жүз элүү сом эле берип туруңуз?!

– Агай, Сиз да бүгүн 77 кишиге чын ыкласыңыз менен салам берип, жылмайып куттуктасаңыз, жакында жашооңузда жакшы жаңылыктар күтүлөт! Уктуңузбу?.. Жакшы каалоо, жакшы ойду сөзсүз “4Ж” менен бекемдеңиз!

– Аның эмне, алтыным?

– “4Ж” деген жашоонун заманбап формуласы: Жагымдуу Жылмаюу Жакшылык Жаратат деп чечмеленет! Мейлиңиз, агай, кеттим! Унутпаңыз, 77 кишини куттуктаңыз! Жылмайыңыз!.. – деп Пери кыз күтпөгөн жерден Чокеңдин чогойнодой сакал баскан бетинен чоп эте өптү да, андан ары балеттеги бийчи кыздарга окшоп аяктары жерге тийбей эл арасына сиңип кетти.

Чолуш эси эңгиреп туруп калды. “Кышкы көпөлөк!.. Укмуш... Учуп кетти, ээ? Кышкы көпөлөк!.. Өңүмбү же түшүмбү?.. Балким, элүү сом эле сурасам берет беле?.. Эхх, эмнеси болсо да керемет кыз экен! Жомоктогу Пери өптү десем ким ишенет? Акыркы жолу кайсы аялзат бетимден өптү эле?.. Чынын айтсам, эсимде жок... А-а, эстедим, жети жыл мурда, мен кыркка чыкканда апам өппөдү беле?! Карачы... эми, бул бийкеч өптү... Бирок шашып кетип калды, толкундантып, делебени козгоп салып... Жыпар жытын аңкытып... Эх! Кайран жаштыгым, кайдасың?.. Эхх!.. Ой ата, кайда болмок элең? Сайдасың!.. Эми, эки-үч күндөн бери жуулбаган бетимди таптакыр жуубай койсомбу?.. Уят ко... Чынында сакал-мурутумду саксайтып кантип басып жүрөм?  Бомжго айланып баратамбы?..”

Чокең жаагын сыйпалап көпкө турду. Ары-бери баскандар түрткүлөбөсө, санаага батып тура бермек. Эки жагын элеңдеп эмнеге келгенин эстеди, койнуна колун салып арканды алып чыкты...

“Баса, кат жазып калтыруу керек да, табышмактуу өлүм кылбай... Киши колдуу болдубу деп ойлобосун үйдөгүлөр. Эмне деп жазсам? Болгонун болгондой элеби? Карызга белчеден батып, банктардан качып деппи? Анда катыным каргайт да: “Көрүңдө өкүрүп жаткыр! Эми карыздарды ким төлөйт? Кредитти кимге калтырдың, балдарыңабы?..” деп. Анын айтаары бышык. Чын эле, балдарыма убал го?.. Ии–и, баса, тиги, өзүм берип коюп, кайра алалбай жүргөн карыз акчалар эмне болот? Беш-алты миң болсо да акча да... Ошол бойдон алынбай калабы?.. Ал иттериң “ырас болду” дешип, жыргап арак ичип майрамдашат да... А чынында мага ким кейийт? Балдарым, апам... дагы ким бар?.. Аа-а, ооба, мүмкүн кошунам Коргонбай. Ал байкуш чын ниеттен өкүрүп ыйласа керек. Бирөөдөн карыз алсам да башын далай ирет жазып сообуна калганымды кантип унутсун?.. Ии кара баскыр! Өлүп эле калсаңчы!.. (Чолуш өзүн өзү “тарс” эте чекеге чапты). Баарынан да апам байкуш, анан, төшөктөн турбай жаткан атам кантет?.. Тү-ү, ата!.. Аларчы? Аларды адамдай кылып тиги дүйнөгө ким узатат? Өлүп бараткансып жулкунуп, безочередь о дүйнөгө кетип калганым кудайга да жакпайт ко? Кой, эсим барда этегимди жаба турайын! Ойлонбой туруп жамандыка барганым натура иш. А тигилерди... доочуларды эмне кылам? Ээ бир айласын табаармын... Жаз бар, күз бар дегендей, кутулат элем да... Корккондо эмне?.. Анын үстүнө ушундай суукта муздак көрдө кантип жатмак элем? Жаз болсо да бир жөн. А чынында, жайында өлгөн жакшы го, күн ысыкта көрдүн ичи салкын, тердебейсиң... Же биротоло күз маалына калтырсамбы? Бышыкчылык, мал семиз... Бир сыйра май чайнап  алышсын үйдөгүлөр. “Кедейдин бир тойгону, байыганы!” дегендей. А бирок, өзүм жебей каламбы?..”

Өлсө жашоодогу көптөгөн жакшы нерселерден куру каларын ойлоп оор үшкүрдү Чолуш, өзүнө боору ооруду. Кылгырган көз жашын сүртүп, башын көтөрүп себелеп жааган карга бетин тосту. Перини эстеди... Терең дем алып, белин түзөп, күчкө салып жылмайды. “Жашоо керемет!.. Эсиңе кел, Чоке! Эсиңе кел! Жашоо бир келет...”

Чолуш чечкиндүү кыймыл менен колундагы арканды күчтөнүп туруп урнага  ыргытты, өйдө карап муздак абадан кере-кере жутту!..

“Анда эмне кылсам? Перинин айтканын аткарайын. Баса, Жаңы жыл качан эле? Эки-үч күн бар го дейм... Же эртеңби?.. Кой, анда убакытты коротпой азыр эле баштай берейин. Аракет кылсаң, берекет! Салам айткандан менин эмнем кемийт?! Же менден акы сурамак беле? Эң кыйыны, жылмаюу экен. Анан, “4Ж”ны унутпа, Чоке! Тобокелчи тоо ашчы беле?! Баштадым! Үч... эки... би-ир!.. Кеттик!”

–Ээ... сала-мат-сызбы?! Жа... жа... жаңы жылыңыз менен! Жо-жо-жок, жөн эле... тааныш эмеспиз... “4Ж” менен жашаңыз... Эмне? Уже, төрт аялыңыз барбы?.. Я, де?.. Тамашакөй экенсиз... Салоомалейкум! Жанагы... эме... Жашооңуз “4Ж” болсун! Жаңы жылыңыз менен келе жаткан! Саламатсыңбы!? “4Ж”... Жаңы жылың... келе жаткан... кут болсун!... Салам жигит! Жаңы жылың менен!.. Мен сизге тийишкен жокмун... Соо элемин... Кечээтен бери ичелекмин... Эмне, барбы?.. Шиш, өзүңө! Карасаң муну, атаңды... Эмне дедим?.. Кой, сөгүнбөш керек... Канчоо болду? Бешөө... Өх!.. Салам айтыш деле оңой эмес окшойт... Салоомалейкум!? Жооп жок... тултуйган челек! Сөгүнбө, Чоке!.. Эми эптеп чыдайын, баштаган соң аягына чыгайын... Алтоо болду... Жети... Он... Жакшы... Он үч... Он тогуз... Жаңы жылыңыз менен келе жаткан!.. “4Ж” менен жашаңыз!.. А мейли, бир аял жакшы... Меники да бирөө... Жетет ошол, жетөөгө татыйт!

...Чолуш ошентип Перинин “инструкциясын” сактап чын ыкласы менен алдынан чыккандарга тегиз салам айтып, куттуктап келе берди. Өтө кылдат эсептеп, жаңылбоого аракет жасады. Эл калың эмеспи деп базарга кирди.

Кире бериште бирөө турат, колун өйдө көтөрүп булгалап, өңгөчү үзүлгүчө кыйкырып:

–Лотерея алгыла, лотерея!.. Арзан, болгону 50 сом! Жаңы жылдык лотерея алгыла! Жүз миң сомго дейре утасыңар!.. Акыркысы калды!..

“Акыркысы дейби?.. Мүмкүн ушунусу утуп калар!.. Жанагы Перинин айтуусу боюнча азыр жолум болот...”

Чолуш чөнтөктөрүн шаша аңтарып туура 50 сом чогултту.

–Ме, жигит, ошол акыркысын мага берчи!

–Бактылуу билетти өз колуңуз менен алыңыз... Эми мына бу жерин акырын сүртүңүз... Та–ак, сүрттүңүзбү?.. Таа–ак... Эмне деп жазылып турат?.. “Эмкиде сөзсүз утасыз” деппи? Капаланбаңыз, байке, чын эле, эмкиде сөзсүз утасыз... Эми мындай туруңуз, жолтоо болбоңуз...

Сатуучу ишин улантып кыйкыра берди:

–Эл-журт лотерея алгыла!.. Лотерея!.. Келиңиздер... акыркысы калды... жүз миңге чейин утасыңар!.. Акыркысы калды!..

Чолуш утпаган лотереясын кармалап көпкө турду. “Жол бошот!”–деп бирөө кыйкырып түртүп кеткенде гана эсине келе, четке чыга берди.

“Оңбогон шылуундун “акыркы” лотереясы түгөнбөйт турбайбы?.. Мага окшогон “лохтор” ала берет экен да?.. Эмне кылсам? Уланта берсемби салам айтканды?.. Кайрадан келесоо кишиче көрүнгөндү куттуктай берейинби?.. Баштаган ишимдин аягына чыгайын... Пери жолугуп сураса, тиги шылуунга таарынып кетип калдым деп кантип айтам? Кой, уят да!”

–Саламатсызбы?!. Жаңы жылыңыз менен келе жаткан!.. Үйүңүзгө “4Ж”  келсин! Салам, карындаш!.. Келе жаткан Жаңы жылың менен!.. Жок, жөн эле... Жүз грамм?.. Жүз грамм эмес “4Ж” келсин үйүңө... Төрт жүз грамм эмес... Ким жинди? Менби? Ии, ооба, сеники туура, соо болсом көрүнгөнгө салам айтат белем?.. Арыбаңыз?!.  Чоң жигит келе жаткан Жаңы жылың кут болсун!.. Үйүңө “4Ж” орносун!..

...Чолуш базарды тегиз кыдыргыча каш карайды. Улам жылмая берип жаактары карышты, тили күрмөөгө келбей калды. Аягында мас кишидей булдуруктап 70-кишини куттуктаса, анысы коркуп качып кетти. Үйүнө жакындап астынан чыккандарды, тааныштарын, кошуналарын... баарын куттуктады. Демейде салам айтсаң да байкабаган Чолушту таң кала карашты, бирок жылмая жооп беришти баары.

Күтүлбөгөн жерден көптөн бери үн катпаган эски “Нокиасы” шыңгыраганда Чолуш чоочуп кетти.

–Але, але, Чолуш Акжолович, сизби? – аялдын үнү чаңкылдады.

–Я?.. Ооба!.. Мен...

–Але, Чолуш агай, бул мен, Сайракан, бухгалтер... Офистен...

–Ии, ооба, тааныдым... Кандайсың?.. Кайдан?...

–Деректир, Асан Кадырович айтты, 4-январдан баштап жумушка чыксын, заказдар түшө баштады дейт. Түшүндүңүзбү? Унутпаңыз! Анан, аванс алат белеңиз? Он миң сом жетеби?.. Жумушка келсеңиз аласыз, – деп чаңкылдады бир жылдан бери иштебеген ишкананын эсепчиси. Үнү тим эле май айында сайраган булбулдукундай.

–Ооба-ооба, уктум, түшүндүм... Рахмат, ардагым! Келе жаткан Жаңы жылың менен куттуктайм!  Э, Сайраш, азыр эле барсам... эме... аванс...

“Тү-тү-тү...”

–Каа-ап, өчүрүп салды телефонду... Самыраң болгур Сайракан!..  

Чолуш жини келе сүйлөндү.

–Ой, кой, сөгүнбөйүн. Элдин баарына чалса Сайрашта кайдан убакыт болсун?.. – деп кайра эсепчи аялды аяды өзүнчө.

–Жумушка чыгат экенмин да... Чын элеби, ыя? – деди Чолуш уккан кулагына ишенбей.

Маанайы кадыресе көтөрүлдү.

...Үйүнө кирбей алгач короодогу мончосуна кирди. Шашпай бети-колун самындап жууп, сакал-мурутун алды. Чачын тарап, атырдан себинип, анан үйүнүн эшигин ачып-ачпай жатып кыйкырды:

–Салам, сага Эркем! Келе жаткан Жаңы жылың менен куттуктайм! Сага ар дайым “4Ж” каалайм! Сен 75–сиң!..

–Ии де, андан көрө “99” каалайм дебейсиңби?..– деп Эркеси эки бөйрөгүн таянып тосуп алды.

–А неге “99”?

–Ар качандан бир качан бир шаригиң кем деп айтчу элең... Дагы тоюп келген тура!

–И-ий, жаным, каяктагы арак, же сен акча бердиң беле? Деги, бир, оң сүйлөп тосуп алган күнүң болобу, ардагым?.. – деп ачуусун басты, атүгүл, чочугансып жылмайды.

Демейде атырыла сүйлөп, ашата сөкчү күйөөсүнөн мындай жоошуткан жоопту күтпөгөн Эркетайы эси ооп карап калды. Кебетеси да башкача, чачы таралган, сакал–муруту алынган, атүгүл атыр жыттанат.

–Отур, чай ич! Чарчагандай түрүң бар? – деди аялы да күтүүсүздөн жумшарып.

–Ошентсең, берекем... Чай элеби? – деди Чолуш да шашпай отуруп жатып.

–Башка эмне? Беш бармак бар беле? – деп аялы жинденип барып оңолду. –Чай, нан жана сууга бышырылган картөшкө...

–Э мейли, бүгүнчө буюруганын жеп туралы... Эртең...

Чолуш кайра унчукпай калды.

–Эртең эмне?.. – Аялы акырын сурады.

–Эртеңби?.. Эртең Жаңы жыл дейт ко? – деди Чолуш жылмайып. –Атам менен апам кандай, бирдеме шам-шум этиштиби?

–Акыркы сары майга койдун ич майын аралаштырып буламык жасап бердим.

–Жакшы кылыпсың... Балдар кайда?...

Кичүү кызы жүгүрүп келип атасын кучактады.

–Аа, кызым, Жаңы жылың менен, алтыным, келе жаткан Жаңы жыл Жаңы бакыт-таалай алып келсин! Сени дайыма “4Ж” жандап жүрсүн! Муйдуңдан бир жыттатып койчу? Ох!.. Жытыңдан! Сенин номуруң “76”!.. Байкең кана?

–Тики тамда телевизол көлүп отулат...

Аңгыча уулу жүгүрүп кирип, колундагы эки лотерея билетин көрсөтүп:

–Ата! Апа! Жүргүлө! Өткөндө сиз алып келген “Үй бүлөлүк лотерея” азыр ойнотулат!.. – деп кубанычтуу кыйкырды.

Баары сыналгыны тигиле карашып, алып баруучунун айткан ар бир сөздөрүнө кунт коё, билеттердин номурунда жазылган ар бир санды карап отурушту. Тилекке каршы, эки билет тең утушка жакындаган жок. Баарынын ындыны өчө түштү. Эркеси Чолушка бурк этти.

–Буга 200 сом коротуп, андан көрө жарым кил уйдун боорун албайт белең?

Чолуш жооп берген жок. Баласынын бетинен өөп:

–Сени да келе жаткан Жаңы жылың менен куттуктайм! Сеники “77” болду!.. Бактылуу болосуң! Сага да “4Ж” каалайм! – деди.

–Эмне дедиңиз?! Мага 4G менен иштеген планшет, же смартфон сатып бересизби?.. Класс! Ура-аа! Рахмат ата!..

–Буюруса, балам...

Ордунан туруп төркү тамга кирди. Керебетте тилден калып турбай жаткан атасын карады, унчукпай оор үшкүрдү. Эңкейип бетине эрдин тийгизди. “Эртеңки Жаңы жылың менен ата, Жаңы жылда жакшы болуп кет, ылайым!” деп шыбырады. Атасы бир калыпта, унчукпай көздөрүн жумган бойдон кыймылсыз жатты. Диванда уктап жаткан апасын ойготкон жок. Аяды. “Ооруган оорулуу эмес, ооруганды караган оорулуу” дегендей, апасы өзү араң басып жүрсө да эки жылдан бери абышкасын карайт.

Чолуш нымданышкан көздөрүн сүртүп, короого чыкты. Ары-бери басты. Жүрөгү кысылып чыкты. Негедир жанагы урнага таштап салган кендир аркан ойго түштү. Терең дем алып, асманды карады, ак көпөлөктөрдү көрдү, Перини издеди. Үмүттүн учкуну кайрадан жылт этти. Муздак абадан дембе-дем жутту. Жүрөгү калыбына келгенсиди.

Аңгыча дарбазаны бирөө тарсылдатты. Чолуштун жүрөгү болк дей түштү! Дагы бир доочу келдиби?..

Заарканып жатып сурады:

–Ким?...

–Кечиресиз, бул кимдин үйү болду экен?

Таң калды... Ушундай сылык доочулар да болобу? Дарбазага жакын келип, көчө жакты карады. Жолтандабас машиненин жанында бирөө турат. Тааныш эмес. Айдоочусу да бар окшойт.

–Үй ээси менмин, атым Чолуш.

–Саламатсызбы? Биз Акжол аттуу аксакалды издеп жүрөбүз. 

–Акжол?.. Ал менин атам.

–Ырас болбодубу, шашып жүргөндө... Келе жаткан Жаңы жылыңыз менен! Ал кишиге жолугайын дедим эле.

–Рахмат. Өзүңүздү да... Атам ооруп төшөктө.

–Аа... сүйлөшсөкчү?

– Туралбайт, сүйлөй албайт. Атам инсульт алган.

Чоочун киши саамга ойлоно түштү.

–Эмне кылсак?.. Анда үйгө кирип сиз менен сүйлөшсөкчү, кандай дейсиз?

–Кирбей эле ушул жерден бүтүрбөйлүкбү?

–Болбойт ко, көчөдөн...

–Эмне?.. Тынчылыкпы?

–Ооба, кам санабаңыз. Менин атым Абдылда, атайын Россиядан келатам, атаңызга сөзсүз жолугуп, жок дегенде көрүп кетейин.

–Жүрүңүз...

Чолуш дарбазаны ачып тиги кишиге жол берди.

Үйгө, атасы жаткан бөлмөгө киргизди. Абдылда унчукпай үй ичин тегерете карап, Акжол аксакалга акырын салам айтты. Ал киши алик албады, көзүн да ачпады. Керебет четинде отурган апасы бөтөн адамдан чоочуркап ооз учунан жооп берди.

Экөө кайрадан конок бөлмөгө кирип, узун дивандан орун алышты.

Үйдөгүлөр “дагы бирөө карызын доолап келдиби?” дегенсип, бүшүркөп карап турушту. Аларга “тиги тамга баргыла!” дегендей ишарат кылды Чолуш.

–Жок-жок, жолтоо болушпайт. Тим коюңуз... – деди Абдылда.

Уюлдук телефону менен бирөөгө чалды.

–Канат! Портфелди алып келчи!..

Олбурлуу айдоочу каракүрөң булгаары портфелди алып келип Абдылдага берди да, кайра чыгып кетти.

–Азамат Маратович сиздерге салам айтты! Сиз билесизби, ал киши ким экенин? – деди Абдылда.

Тили күрмөөгө келбей чоочулаган Чолуш башын чайкады.

–Акжол аксакалга ушул аманатты өз колуң менен тапшырып келесиң, деди. Анда эмесе бул портфелдин ичиндегини жана шефтин жазган катын сиздин колуңузга беришим керек. Паспортуңуз барбы?.. Апкелиңиз.

Чолуш шашкалактап чөнтөктөрүн аңтарып, паспортун алып чыкты. Абдылда шашпай портфелди ачып, оозун ылдый каратып ичиндегилерин стол үстүнө жайната төгүп салды... Үй ичи буркурап, банктан чыккан акчанын жагымдуу жытына буркурап чыкты!..

Үй ичинде жымжырттык өкүм сүрдү.

–Ээ... Абдылда, бул эмне?.. – Чолуш көздөрүн алайтып араң үн катты.

–Катты окусаңыз түшүнөсүз... Мына бу кагазга колуңузду коюп бериңиз.

Апкаарып колдору калтыраса да, Чолуш керектүү кагазына эптеп кол койду. Абдылда стол үстүндө үйүлгөн акчаларды, паспортту, Чолушту жана үй бүлөсүн алаканына батпаган уюлка-телефону менен сүрөткө тартып алды.

–Макул анда... Тапшырманы аткардым, эми кетейин. Капа этпеңиздер, шашып жүрөм. Жумуштар көп...

Абдылда кайрадан төркү тамга кирди, Акжол атанын абалына дагы бир сыйра байкоо жүргүзүп, ал кишини да сүрөткө тартып алды.

–Азамат Маратовичке салам айта барам, мүмкүн Акжол атаны Россиянын мыкты врачтарына көрсөтөт.

–Жакшы болот эле... Тамак... Чай ичип кетиңиз? – деп эси оогон Эркетайына карады Чолуш.

–Рахмат. Эмки келгенде...

Аялы шашып барып ашканадан нан алып келди. Абдылда четинен сындырып ооз тийди да, Чолуш менен чогуу сыртка чыкты...

Коногун узатып коюп үйгө кирсе Эркетайы балдарын кучактап дале отурат, стол үстүндөгү жайнаган акчаны карап кыймылдагандан коркуп. Чолуш да эмне дээрин билбей, стол үстүнөн көзүн албай карап калды... Жымжырттыкты кызы бузду.

–Ата... ата, эми мага белесепет сатып белесиз ээ?

–А мага планшет жана смартфондун акыркысын?.. – деди уулу.

Атасы жооп табалбай башын ийкеди.

–Жүрөгүм опколжуп атат... Эртең эле келип кайра дооласа эмне дейбиз? – Эркетай күйөөсүнө суроолуу карады. –Же эки-үч айдан кийин катачылык кетти, жаңылыппыз деп доолап келсечи? Үй-жайдан таптакыр ажырап калбайбызбы?..

–Азыр, шашпа, катты окуп көрөлүчү...

Чолуш акчалардын арасында жаткан конвертти алып ачты. Бир сыйра көз жүгүрттү. Катты тикесинен турган бойдон окуй баштады:

 “Ардактуу Акжол ата, арыбаңыз?! Менин атым Азамат, атамдын аты Марат. Сиз менин аты-жөнүмдү да унутуп койсоңуз керек. Мен сиз менен 1990–жылы Москвадан таанышкам. Анда мен МГУда 3-курста окуп жүргөм. Билесиз, ал кез кымгуут, башаламан мезгил эле. Жетишпегендик өкүм сүргөн мезгил. Акчанын азабынан аябай кыйналып, окуумду таштап, Кыргызстанга кетүүгө камынып калгам. Жол киреге да акчам жок. Москвадагы “Казан” темир жол вокзалына күнүгө келем, кайрымдуу тааныш бирөө-жарым чыгып калабы деп... Жардам бергендер болбоду. Баары эле ар кандай себептерди айтып баш тартышат. Же мени бир шылуун деп ойлоштубу?.. Ошол 11-март күнү жолум болуп сизди жолуктурдум. Сыртыңыздан байкадым, кийингениңизден жана баскан–турганыңыздан үмүтүм артты. Таанышкан соң, ачка экенимди байкап ресторанга киргизип ысык тамак алып бердиңиз. Шашпай сүйлөштүк, менин таржымалымды кунт коюп уктуңуз. Сиз Москвага иш боюнча командировкага келип, кайра кетип баратыпсыз. Иштеген жериңизди айткансыз, бирок эсимде жок. Окууну таштап үйгө кетип баратканымды укканда эле баш чайкадыңыз. Ошондо сиздин айткан ар бир сөзүңүз эсимде: “Мен сени Кыргызстанга алып кете алам. Бирок, үйгө барып эмне иш кыласың? Азыр бардык жерде абал кыйын. Же айылыңа барып жумушсуздардын санын көбөйтөйүн дедиңби? Менин тилимди алсаң, сен окууңду уланта бер. Эптеп бүтүрүп аласың, андан ары жакшы жумуш табасың. Анткени МГУнун диплому менен каалаган жерде иштеп кетесиң. Кыргызстанга да сага окшогон жаш адистер кийин суудай керек болот. Кыскасын айтканда, азыр, мына, арткан акчамды берип турайын... Кийин, эгер кыйналсаң уялбай эле кайрылып тур. Акча жагынан жардам бергенге мүмкүнчүлүк бар. Тартынбагын!” деп колума бир тутам акча карматтыңыз. “Кат жазып, телефон чалып тур” дедиңиз.

Ошондогу Сиздин берген жардамыңыз жана айткан сөздөрүңүз мени аябай шыктандырды, кайрат, күч берди. Мен кайрадан окуумду уланттым. Эки эселенген дем менен кириштим. Сизге уят болбоюн дедим. Жакшы окудум. Жогорулатылган стипендияга жеттим. Университетти артыкчылык диплом менен бүтүрдүм. Россиянын нефть жана газ тармактарында көп жыл иштедим. Азыр болсо, “Сургутнефтегаз” компаниясында башкы директор болуп эмгектенем. Баары жакшы. Үй бүлөлүүмүн. Жыл сайын Сизге барып жолугайын дейм, бирок, жумуштун көптүгүнөн мүмкүнчүлүк болбой жүрөт. Убагында кабарлашпай койгонум үчүн Сизден миң мертебе кечирим сурайм. Жайында үй бүлөм менен барып калсам, Сизге сөзсүз жолугам. Ата-энем менен тааныштырам. Эми, Абдылда аттуу жардамчымдан берип жиберген Жаңы жылдык белегимди, азырынча, аз да болсо көптөй көрүп алып туруңуз! Чын жүрөктөн тартуу кылам! Жаңы Жыл Сизге жана Сиздин жакындарыңызга жалаң жакшылыктарды алып келсин!

Сизди ар дайым сыйлап, Сиздин “бакма” уулуңуз Азамат Марат уулу.

Россия, Сургут ш. 21.12.21-ж.”

Катты окуп бүтүп Чолуш толкунданып, бир жылмайып, бир мостоюп, сүйлөй албай аялы менен балдарын жалдырап карай берди, ошол эле маалда ыйлагысы да келди... Кубанган балдары келип атасын кучакташты. Кылгырган көз жашын көрсөтпөй, атасы эңкейип балдарын баштарынан жыттады. Колуна бетаарчы карматкан Эркетайын өптү. Өзү да таң калды, жубайынын көз жашын аарчыды...

Жабыла төркү тамга кирип чоң атаны жана чоң апаны кучактап, беттеринен өөп, дагы бир ирет келе жаткан Жаңы жылы менен куттукташты. Балдарынын бул кубанычтарын сураштырбай эле чоң апа да улам жылмайып, жетиналбай алкай берди. Акжол ата да негедир акырын көзүн ачып, кайра жумду, уктап жаткандай чукуранып бирдеме айткансыды!..

...Бул түнү үйдөгүлөрдүн баары бейкапар кызуу укташты. Түнү бою жагымдуу түштөрдү көрүшүп, жүздөрүндө кээде жылмаюулар пайда болуп жатты.

Чолуш да уйку арасынан улам жылмая берди.

...Түшүндө Перини көрдү. Негедир экөө аппак көпөлөктөрдүн арасында, гүлдөгөн бак ичинде каалгып учуп жүрүптүр...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз