Михаил Зощенко: Акча

  • 05.05.2022
  • 3146

АҢГЕМЕ

Бул нерсе жаралгандан эле эң кубаттуу курал болуп келет. Ал бардык нерсени: жүрөктөн чыккан достукту, урматтоону, жалындаган сезимди, назик берилгендикти, айтып бүткүс сыйды, атак-даңк, көз карандысыздыкты, деги койчу, дүйнөдөгү бардык жакшы нерселерди оңой эле сатып алат.

Сатып алып эле тим болбой, ал адамды жомоктогудай өзгөртүүгө да жөндөмдүү. Мисалы, көздөрү жакшы көрбөгөн, астыңкы үч тиши жок ажаан катын акчага ээ болор менен кол жеткис сулууга айланып, анын тегерегинде бозоргон көз карашы менен бир аз жылуу мамилесине зарылган мыкты эркек таналар пайда болушат. Жарым эс, кирди-чыкты акылы бар, тили тантык, макоо чалыш неме макалдатып сүйлөгөн акылдуу жанга айланат. Жийиркеничтүү, суу куйду, алдамчы, арамза, акчалуу болор замат кол жеткис маанилүү адамга айланат. Мурду-башы жарылып, кулактары айрылган бир буту жок мунжу, бир заматта периштедей болгон сулуу болуп чыга келет.

Тарыхка кайрылсак, Рим империясында акчага муктаж Рим империясынын тандалма аскерлери падышанын тактысын сатыкка коюшат. Император болгусу келгендердин саны күткөндөн да көп болуп чыгат. Талапкерлердин аялдары тынчсызданышып, бир жерге тура албай туталанышканын элестетиңиз. Айлана кыйкырык менен өкүрүктөргө, онтоо менен үшкүрүктөргө, мушташ менен сөгүнүүлөргө толот. Анан эмне, эч кимге белгисиз кемпайдан эле бир заматта императордун аялы боло калыш жаманбы? Акыры топтон эки адам астыга озуп чыгышат. Шаар башчысы, бай адам Сульпициан императордун тактысы үчүн сегиз миллионго жакын акчасын сунуштайт. Бир топко жашы барып калган сенатор Дидий Юлиан андан да ашып түшүп, жүрөгүн мыкчый кармап, кырылдаган үнү менен ар бир аскерге 6250 динардан, бардыгы 13 миллион берерин айтат. Бул сумма сатуучулардын көңүлүнө төп келип, толкундоолордон алсыздана түшкөн Дидий Юлиан тактын ээси болуп калат.

–Сен бир акылы жок келесоо экенсиң, шашкалактабай эле 9 миллион берсең болбойт беле, -деп жемелейт аялы.

- Кокус утпай калсам сен мени бул дүйнөдө жашатмак белең, ошондон коркподумбу, - дейт тактынын жаңы ээси.

Бул дүйнөдөн аны аялы эмес, 60 күнгө жеткирбей баягы тактыны саткан аскерлер узатышты.

– Шүмшүктөр, мен силерге жакшы эле төлөбөдүм беле, - безилдеп кыйкырганына карабай, дагы бир жиндиге бошогон тактыны сатабыз деген ой менен бычактап салышты. Ошентип анын жаны адамдардын айбанчылыгына, уятсыздыгына нааразы болуп, даттанган боюнча кудайдын астына жөнөп кетти. Чындыгында эле 13 миллионун алып, 60 күн эле бийлик берип жанын кудайга жөнөтүү чоң айбанчылык болчу. Бирок өзү күнөөлүү да, император болуп эмне кылам дебейби.

Падыша тактысы да анча таң калыштуу эмес. Андан таң калыштуусу - чиркөөдө күнөөлөрдү жууп кетирүү үчүн ордерлерди чыгарып сата баштаганы болду. Булар аны жылмалап, индульгенция деп коюшту. Биз бул иш кантип башталганын анык билбейбиз. Жакырланып бараткан чиркөө кызматкерлеринин чогулушунда каткырыгы таш жарган көңүлдүү бир эргулдун башына келген ой болсо керек. Адегенде бирөө астыга чыгып, чиркөөнүн адам ыйлар финансалык абалы тууралуу доклад окуган чыгар. Ал абалдан чыгуунун жолун издешип, тамагы кырылдаган поп:

- Чиркөөгө киргендерден акча алсак кантет, - дейт акырын.

- Жоок, болбойт, чиркөөгө келбей коюшат, андан көрө кире бериште майда барат буюмдарды сатууга койсокчу?- дейт ийри тумшук поп.

- Ал да болбойт, майда бараттан кайсы жыргаган акча түшмөк эле, балким ыйык суу менен чачып, жолун ачып бергенибиз үчүн төлөтсөк кантет, - дейт үчүнчүсү.

- Андан көрө күнөөнү жууй турган ордер жасап саталык, күнөө кылдыңбы, төлөп квитанцияңды ал да күнөөңдөн арыла бер, - тамашалап каткырат төртүнчүсү.

Ызы-чуу менен талкуу кызып калганда бирөө:

- Бул кылганыбыз кудайга жагаар бекен? - десе кийинкиси:

- Биз ушул ишти кудай үчүн жасап жатпайбызбы, андан көрө эл бузулбадыбы, акчасын төлөбөй коюшабы деп корком.

Акыры добушка коюшуп бул ишти бекитишет. Бул чечим ийгиликтүү болду, канча кылымдан бери чиркөө ордерлерди сатып пайда көрүп келе жатат. Акчаң барбы, каалаган күнөөңдү жасай бер. Христостун жердеги өкүлү Лев Х аттуу дин атасы акчага өтө муктаж абалдан чыгууну ойлоп, сооданы кеңейтүү үчүн бир адамды дайындап, чиркөөнүн ыйыктыгына ишенген чет элдик бай адамдардын чөнтөгүн бир аз бошотуп келүүгө жиберет. Ал киши Тициан деген кечил адам эле. Бир ящикте өткөн учурдагы, ал эмес жасай элек күнөөлөрдөн тазалай турган ордерлерди толтуруп, экинчисинде андан түшкөн акчаларды шыкай салып, бүткүл герман жергесин кыдырып кызуу соода жүргүзөт. Бир күнү токойдон германдык рыцарь тосуп, азырынча жасала элек кылмышты кечирүүчү ордер сатып алат да, Тицианды сабап акчасын тартып алып баса бериптир.

Чындыгында чиркөө акча маселесине келгенде дайыма болуп көрбөгөндөй ач көздүгү менен айырмаланып келишкен. Ага өтө эле таң калуунун кереги деле жок. Эң чоң суммадагы акчалар чиркөөнүн, кечилканалардын жертөлөсүндө жыйналып келген. Ооба, мурдагы поптор азыркы майдаланып кеткен дин кызматкерлеринен бир топ эле айырмаланышчу. Алар тоё жеп, тоё ичкенди жактырган жалындуу жаш адамдар эле. Көпчүлүгү шпорлуу өтүк кийип, кылыч, тапанча тагынып, ат жалында болуп, саясат менен алпурушчу. Кенен жашоону сүйүшкөндүктөн тирүүсүнөн да, өлүгүнөн да акча өндүрүп алышчу.

Ошондуктан чиркөө жөнүндө кеп салсак ал анча деле таң калыштуу эмес. Акчанын айынан атактуу хансарай кызматкери, кавалер жана улуу даражалуу мырза Меньшиковдун куугунтук тууралуу окуу абдан кызык.

Баарынан да кызыгы, көрбөгөнү калбаган карт бөрү, төрт падышанын башын жуткан, уурулук кылып, пара алып бир нече ирет кармалып, айлакерлиги менен эки жолу кыйноо менен камактан кутулган, тажырыйбалуу кыянатчыл мырзанын болбогон эле жерден кармалып жок болушу. Анын кыйрашына жарыбаган эле кичинекей, акылга сыйбаган акчага байланышкан окуя себеп болду.

Император Петр II ал кезде болгону он эки жашта эле. Анын туулган күнүндө ой чабыттары тар, бирок жагынууну эч унутпаган Петербург көпөстөрү, императорго бир нече жүз кызылдай акчаны белек кылмай болушат. Тарых акчанын санын так айтпайт, бирок табакка салып жибергендерине караганда өтө деле аз эмес, өтө деле көп эмес, ченеми менен болсо керек. Кызматкер акча салынган табакты көтөрүп баратканда өз шоруна, капысынан улуу даражалуу Меньшиков мырза жолугуп калып жатпайбы.

- Эй келесоо, эмнени көтөрүп алгансың?- деп сураган болуш керек Меньшиков.

- Бул акча эле.

- Эмне болгон акча? Бери бер. - Акчаны алып мурдунун астынан күңкүлдөп койду.

- Император али жаш, акча эмне экенин биле элек.

Бирок бала-император акча эмне экенин эң сонун түшүнөт экен. Тарыхта акчаны Меньшиков алганын уккан император ага бакырган дешет:

- Мен сага император экенимди көрсөтөм! - дептир жини кайнаган мураскор.

Жазып коюуга татыктуу бул тарыхый сценка көз алдыбызга даана тартылат.

- Эй, сен эмне менин акчама кол салдың? Ошончолук эле куусуңбу? - дейт бала Меньшиковго.

- Улуу урматтуум, кайсы акча жөнүндө айтып жатасыз? Коюңузчу? Эч кандай акчаны көргөнүм жок.

- Ошондойбу? Алаарын алып алып, эч нерсе көрмөксөн болосуң? Ал акчаны сага эмес мага алып келе жатышкан.

- Аа, улуу урматтуум, көпөстөрдүн акчасын айтып жатасызбы?

- Ооба, дал ошону, император менмин, сен эмессиң. Көпөстөр ал акчаны мага алып келе жатышкан.

- Эми эстедим, билесизби, улуу урматтуум. Мен ал акчаны эч арам ойсуз эле Сиз чоңойгуча катып турайын деп ойлогом.

- Алып кел акчамды, апама айтпасам элеби. Мен император экенимди сага көрсөтөм! - деп кыйкырат бала.

Корккон Меньшиков жүгүргөн бойдон акчаны алып келгени баратып ойлойт. “Карасаң, бешиктен бели чыга элек жатып акча эмне экенин билгенин. Тимеле менден да жакшы түшүнөт тура, балээге кабыла электе акчасын кайрып бербесем болбос.”

Ошол күнү кечинде Меньшиков хансарайга келгенде аны кабыл албай коюшту. Бир нече күндөн кийин камакка алып, кайра кайрылгыс кылып түпкүрдөгү бир айылга айдап жиберишти.

Албетте, бул окуянын түпкү себеби терең эле. Бул хансарайдагы партиялардын ортосунда күрөштүн жыйынтыгы дечи, а бирок кыйроонун шылтоосу акчага байланыштуу болгону кызык. Тарых Меньшиков хансарайга кабыл албай коюшканда аябай эле чочуп калганын баяндайт. Анын императорго жазган каты биздин күндөргө чейин сакталыптыр. Ал катында жалынып-жалбарып кечирим сурап, алган акчасын ашыгы менен кайтарып берүүгө даярдыгын билдирген.

Хансарай албетте, акчаны Меньшиков мырза сунуштагандан биртоп эле ашык өндүрүп алды. Меньшиковду алган ордендеринен, наамдарынан, ээлик кылган жер аянттарынан ажыратышты. Толгон токой байлыгын бир нече жүз пуд алтын, он төрт миллион акчасын тартып алышты. Көрсө, падыша сарайында кызмат кылган кырк жыл ичинде улуу даражалуу князь жөн жүрбөптүр, жомоктогудай байлыкты чеберчилик менен улуп-жулуп уурдап, топтоп алган экен.

Эл айткандай уурунун кармалганына таба эмес, тобо. Бирок мунун баары падышанын тактысы, чиркөө, саясаттагы кыйроо, биз азыр айтып берчү нерсеге караганда түккө татыбайт. Биз азыр улуу даражалуу мыйзам акчага кандай сый мамиле кылганы тууралуу айтып берүүнү чечтик.

Тарыхта мындан өткөн укмуштуу нерсе алигиче жок. Ал эми тарыхта мындай айтылат. Аларда кылмыш үчүн жазалоо дээрлик жокко эсе болгон. Өлтүр же башкасын кыл. Күнөөкөр жаза ордуна акчалай айып төлөп койсо болгону. Айыпты алып колунан кысып коё беришчү. Балким кайрадан бат-бат келип турушун суранышкандыр. Кыскасы, бардыгы бул жагынан алып караганда эң сонун эле. Акчаң барбы, каалаган кылмышты жасай бер. Дегеле мындай гумандуу система бир гана Россияда эмес, бүт дүйнөдө бар эле. Бул нерсе кылымдардан бери келе жаткан. Болгону Россияда бир аз чектен ашыгыраак аракеттер жүрчү. Аны канына чейин сиңирип алышкан. Ал гана эмес атайын мыйзамдар кабыл алынып, кайсы кылмыш үчүн канча акча төлөө керектиги аныкталган. Кылмыш кодекси ресторандын менюсунан айырмасы жок эле.

“Русская правда” гезитине чыккан үзүндүлөрдү окуп көрөлүчү:

  • Эгерде сотко мурду-башы жарылган, көк ала болуп сабалган адам кайрылса, эч кандай күбө издөөнүн кереги жок, айыпкердин князка үч гривень айып төлөөөсү жетиштүү. Белгилей кетчү нерсе, ал кездеги гривень азыркы гривень менен бирдей күчкө ээ эмес эле. Азыркыдай гривендин баасы 30 тыйын болгондо мурду-башы жарылгандардын саны алда канча көп болмок. Ал кезде гривень салмагы фунттун үчтөн бирине барабар күмүштүн уютмасы боло турган.
  • Эгер кимдир-бирөөнүн колу жаралап, ошонун айынан колу куурап же түшүп калса, же болбосо бутуна, көзүнө, мурдуна зыян келтирсе, анда вира же жыйырма гривенди сотко, ал эми жабыркаган адамга 10 гривень төлөө кажет. Бул майда барат иштен князь жабыркалануучудан эки эсе көп пайда таап жатат, муну калыстык орноду деп айтууга ооз барбайт.
  • Кимдир-бирөө башка бирөөнүн манжаларынын бирин кесип салса - үч гривень айып, ал эми жабыркаган адамга - 10 гривень.

Кызыгы, бүтүндөй колунан ажырайбы же манжасынан ажырайбы, жабыркоочу бирдей өлчөмдө 10 гривень алса, князь манжалардан эмнегедир 7 гривень жоготуптур. Эми психологиянын ой-чуңкурун аралабай эле коёлук.

Бабаларыбыз эмне кылышты билишсе керек да. Бирок баарынан таңкалыштуусу: адам өлтүрүүнүн баасы, жөн эле мушташтын же моралдык жактан басмырлап, шылдыңдоонун баасынан дээрлик ашык эмес эле. Мына, адам өлтүрүүнүн прейскуранты. Бир аз башка нукка кеткенибизге кечирим сурай кетели, бирок бул өтө кызык жана элестүү. Ошол эле “Новгород шаарынын жылнамасында” жазылып калган “Русская правда” газетасынан алынган үзүндүлөрдөн келтирели:

  • Эгерде Новгород шаарында немис көпөсү өлтүрүлсө анын башы үчүн 10 гривень.

Чет элдик адистин башы үчүн коюлган шылдың менен барабар мындай төмөн бааны кийинчерээк 40 гривенге көтөрүштү эле, чет элдикти өлтүрүү бардыгынын эле чөнтөгүнө туура келе бербей, кымбатыраак болгонсуп калды, анкени бул жердешин мурунга мүйүз же табак менен бетке чапкандан биртоп эле көп болучу.

  • Эгерде княздын кызматындагы атчы же ашпозчу өлтүрүлсө, анын башы үчүн 40 гривень.
  • Эгерде княздын катчысын, сотун, сарай башчысын өлтүрсө, 12 гривень.

Байкасаңыз, интеллигенциянын өмүрү анча бааланбаптыр. Атчы менен ашпозчунун өмүрү алардыкынан биртоп эле жогору бааланыптыр. Бул баалар адамдын адамдык касиетин анчалык деле ылдый түшүрбөй, даражасына көп шек келтирчү эмес. Бирок колго алгыс жаман баалар да боло турган:

  • Эгерде жумушчуну өлтүрсө, 5 гривень.

Эгерде дыйканды өлтүрсө, 5 гривень.

Малай менен кулду өлтүрсө, 5 гривень.

Кээде жөнөкөй адамдын баасы көтөрүлгөн учурлар да болгон:

  • Кол өнөрчү же уз аял өлтүрүлсө, 12 гривень.
  • Бүлөнү багып жаткан киши өлтүрүлсө, 12т гривень.

Ууру кылгандар, тоногондор да ар кандай айыптарды төлөчү. Айыптардын суммасы 12 гривенден ашчу эмес. Ат уурулары менен өрт коюучулардын кылмыштарын гана бир башкача өзгөчөлөнгөн жаза менен жазалашып, кылмышкерди үйүнөн айдап чыгып, болгон мүлкүн талап кетишчү.

Жыйынтыктасак, акчалай айып бардык кылмыштардын бирден бир жазасы болгон десек болот. Албетте, жүз жылдардан бери иштеп келе жаткан мындай мыйзам, адамдардын аң-сезимине шумдуктай эле сиңген. Ким көп акчалуу болсо, ал өз тегерегиндегилердин мурдун таяк менен же башка нерсе менен жарып эле тим болбостон, каалаганын жасап, ал тургай өлтүрүп койсо дагы – мыйзам анын майда кызыкчылыктарын, жан дүйнөсүнүн каалаган талаптарын коргоп алчу. Биздин оюбузча азыркы кезде деле байлыкты астыңкы орунга койгон учурда ал бийик сезим, өзгөрүлбөй жашап келет.

Ооба, биздин өлкөдө революцияга чейин бай адамдардын кимиси болбосун эң эле оор айыптоолордон акчанын жардамы менен оңой эле кутулуп кеткенге мүмкүн эле. Бай, таасирүү күчтүү помещиктердин жасаган кылмыштары сыртка чыкпай эле жабылып калчу. Себеби пара жана байланыш ишти эч качан сотко чейин жеткирген эмес. Мисалы, болуп өткөн атактуу бир маанилүү окуяны алалычы. Калуганын губернатору Лопухин (1819-жыл) өз губернясындагы бардык кылмыш иштерин пара алып жаап келген. Ал алдамчы жана желтаман бир жолу жети миң сом алып киши өлтүргөн Хитров деген помещиктин ишин кыскартып койгон. Ошол сүйлөшүүлөр кандай жүргөнүн элестетип көрөлүчү!

- Кечирип коюңуз, - дегендир ак көңүл губернатор, - жети миңден аз болсо убара болбой эле койгонум оң.

- Беш миңге эле бүтүрсөңүз жакшы болот эле, - дейт помещик үшкүрүнүп.

- Лизет, - губернатор аялына кайрылат, - жаным, сенин эсиңдеби, баягы аюуга салып беришкендечи, ошондо канча алдык эле? Төрт миңби? Көрдүңбү, жаш жигит, дворянинди аюу бир аз эле кучагына кысып койгон үчүн төрт миң алганбыз. А сиздики кудай урбадыбы, киши өлтүрүү болуп жатпайбы! Эч кимди өлтүрбөсөңүз мен сизден акча сурамак да эмесмин. Өзүңдүн этиятсыздыгыңдан болуп жатпайбы.

- Болуптур, - дейт помещик, - макулмун, бирок ылдамдатсаңыз экен, антпесе сиздин куйруктарыңыз келе берип, тынчымды алып бүтүштү.

- Макул, - дейт губернатор акчаны катып.

Кыскасы, колунан баары келген губернатор чындыгында ал ишти токтотот. Жөнөкөй эле адамды же жалданма жумушчуну өлтүрсө балким жабылуу аяк жабылуу бойдон калмак, бирок помещик абайлабастан дворян тукумун өлтүрүп алып жатпайбы. Андыктан бул иш аягы чуулуу болуп, Петербургга чейин дүңгүрөйт.

Александр I Лопухиндин ишин сотко өткөрүүнү буюрду. Бул чуулгандуу иш бир жылдан ашык созулуп, эч жыйынтыксыз аяктады. Тактап айтканда, куйруксуз губернатордун тууганы Мамлекеттик кеңештин төрагасы болгондуктан, сенат аны менен мамилени бузгусу келген жок. Ошентип ал айбан губернатордун иши акырындан унуткарылды. Киши өлтүрүү боюнча иш да андан бетер унутулуп кала берди.

Улуу урматтуу мыйзам акчалуу кишилерге аяр жана сый мамиледе болуп, акча менен өзүнүн түрдүү кылмыштарын сатып алууга болсо, анда өзүңөр ойлонуп көрсөңөр, акчага жетүүгө болгон умтулуунун, аракеттин кандай маанилүү иш экенин. Чындыгында эле бул жагынан адамдар көп жетишкендикти жараткан. Бул иште алар фантазиясын акыркы чекке чейин жеткизишкен десек болот. Так ушул жерден алардын жандүйнөсүндө жарака түшөт. Бир жагынан алганда туура жана таза жашоо үчүн, жашоонун ойкума-кайкыма ар кандай жагымсыз жагдайларынан сак болуу үчүн көп акча топтоо керек, башка жагынан карасаң ал акчаларды табуу, дээрлик учурларда кылмыш менен байланышкан. Ошондуктан байкуш киши акчаны тоноп алаар замат, ал кылганын унутуп, уят менен абийир жөнүндө бийик сөздөрдү кобурап, ал жөнүндө мыйзам чыгарганга чейин барчу. Ага чейин байлыкка жетиш үчүн өз атасын жеңил эле мууздап салганга даяр эле.

Чындыгында акчага жанталашып умтулуу, башка эч кандай иштерди бир аз болсо дагы астына чыгарчу эмес. Башкача айтканда, акчага жетүүгө эч кандай иш тоскоол болушу мүмкүн эмес эле.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз