Михаил Зощенко: Аристократка

  • 09.06.2021
  • 3138

АҢГЕМЕ

Досторум, мен шляпачан катындарды көбеле жактыра бербейм. Эгерде аялдын башында шляпасы, бутунда жибек байпагы, же колтугуна көтөргөн үксүгүй күчүгү, же оозунда алтын тиши болсо, андай ак сөөк ургаачыны мен дегеле катын ордуна көрбөйм.

Кезинде мен бир аристократ айымга кызыккан жайым болгон. Аны менен сейилдеп, театрга да алып баргам. Балекеттин баары ошол театрдан башталды. Анткени анын нукура идеологиясы так ошол театрдан ачык көрүндү.

Аны менен үйдүн короосунан жолугушуп калдым. Чогулуш болуп аткан. Карасам эле ойсоңдогон бирөө турат, жибек чулкийчен, оозунда алтын тиши жылтырайт.

- Сен, - дедим, - жаран айым, кайсы жактансың, кайсы номурдан?

- Мен, - дейт, - жетинчиденмин.

- Мархамат, анда беймарал жашай бериңиз, - дедим.

Бирок ал мага ошол замат иттей жагып калды. Бат-баттан барчу болдум. Баягы жетинчи номурга да. Кээде расмий адам катары барам. Кандайсыз анан айым жаран, дааратканадагы суу түтүк бузулган жокпу дейм. Иштеп турабы деп сурап коём.

- Ооба, иштеп турат, - дейт.   

Өзү болсо жумшак жоолукка оронуп алган, деле оозунан мыңк эткен бир сөз чыкпайт. Көзү менен гана тегиздеп жайлап атканы. Оозунда тиши да жылтырайт. Бир айдай барып жүрдүм эле - көнө түштү. Баштагыдай суз эмес, түзүгүрөк жооп бере баштады, суу түтүк иштеп жатат, ыракмат сизге, Григорий Иванович дечү болду.      

Ошентип ымалабыз келишти, чогуу сейилдеп басчу болдук. Көчөгө чыгабыз, ал дароо  чыканагыман алат. Аны колтуктап алам да чортон балыктай сүйрөлүп кете берем. Эмне сөз айтаарымды да билбейм, бир туруп элден уялам.    

Бир жолу ал мага минтет:

- Эмнеле дейт, мени көчө кыдыртып эле айландыра бересиз? Башым да тегеренип кетчү болду. Бийлиги бар мырзадай болуп, маселен, мени театрга деле чыкырып койбойт белеңиз.

- Болот, - дедим.    

Так ошол күндүн эртеси партиялык баштапкы уюм операга билеттерди берип калса болобу. Бирөөн өзүм алдым, экинчисин болсо слесарь Васька марттык кылып жөн эле бере салды.  

Билеттерди карабай калыптырмын, экөө эки башка экен. Меники боюнча ылдый жакта отуруш керек экен, ал эми Васьканыкы болсо тээ өйдө жакта болуп чыкты.  

Анан театрга барбайлыбы. Барып отурдук. Айым менин ордума, мен болсо Васьканын ордуна отурдук. Мен отурган жерден же бирдеме көрүнсөчү. Тосмодон ары эңкейип анын караанын гана эптеп көрүп аттым.

Отура берип эриктим да ылдый түштүм. Карасам эле – антракт. Тиги айым да антракка чыгып калыптыр. Дароо жанына жетип бардым.

— Саламатсызбы.

— Саламатсызбы.

— Кызык, — дедим, — бул жерде суу түтүк кандай иштейт болду экен?

— Билбейм, — дейт.

Өзү болсо жорголоп буфетке кирип баратат. Артынан бардым. Буфеттин ичин карамыш болуп улам тамак сатчу жагын карап коёт. Ал жакта идиш туруптур. Идиштин ичинде толтура таттуу токоч.

Мен болсо айымдын жанында каздай какаңдап, сөөлөт салган буржуйдай чимирилип турам.

— Эгер, — дедим ага, — токочтон бирди жегиңиз келип турса, түк тартынбаңыз. Мен төлөп коём.

— Мерси, — дейт.

Анан эле ойсоңдой басып идишке жетти да токочтун майлуусунан шап бирди ала коюп апылдатып кирди. Жанымда жарыбаган акча бар. Көп болсо үч токочко жетээр. Тиги токоч жеп атат, мен болсо жанталаша чөнтөктөрүмдү сыйпалап, канча акчам бар экенин эсептеп атам. Эптеген эле тыйыным бар экен. 

Майлуусун жеп салып, артынан дагы бирди алды. Мен тимеле каркылдап ийдим. Бирок унчукпай турам. Өзүм аял менен жүрсөм, акчам жок болгону кандай деп буржуйчасынан намыстана да түштүм.

Аны тимеле короздой койкоңдоп айланып жүрөм, ал болсо шыңкылдап каткырат, жагымдуу бирдеме айтса экен деп турат да.

Мен:

— Театрга кирип отура турган маал болуп калды окшойт? Балким коңгуроо чалышкандыр? – дедим. Ал:

– Жок, - дейт.

Ошентти да карасам, үчүнчү токочко кол сунган жүрөт.

Мен чыдабай кетип:

— Ач карынга көп болуп кетпейби? Кусуп жүрбөңүз, - дедим.

Ал:

— Жок, — дейт, — биз көнүп калганбыз.

Ошентти да төртүнчүсүн шып ала койду. Мына ошондо каным башыма тээп кетти.

— Ордуна кой! — деп бакырып жибердим.

Жүрөгү түшүп калды. Оозу ачылды. Алтын тиши жылтырайт. Менин болсо тизгиним тимеле куйругума келип такалып калгансыды. Бүттү дедим, эми баары бир аны менен чогуу сейилдемек кайда.  

— Кой ордуна, — дедим, — неңдиурайынды!

Ал токочту ордуна койду. Мен кожоюндан сурадым:

— Желген үч токочтун акчасы канча болот?

Кожоюн болсо деле камырап койбойт – өлүмүш болуп атат да.

— Сизден, — дейт, — желген төрт токочтун акысы мынча болот.

— Кандайча төрт токочтун? —дедим. – Төртүнчүсү табакта жатпайбы!

— Жок, — дейт, — табакта жатканы менен чети тиштелген, бармактын да изи түшүп калган.

— Кандайча тиштелген, — дедим, – кудайды карасаңыз боло. Сиздин фантазияңыз күлкүнү келтирет.

Кожоюн болсо дагы эле камырабайт — көзүн акшыңдата колун тиякка, биякка сереңдетет.

Анан албетте, эл чогула калды. Эксперттер чыкты. Бири тиштелген десе, экинчиси - жок, тиштелген эмес дейт.

Мен болсо чөнтөктөрүмдү түгөл аңтардым, албетте, аяктагы ыпыр-сыпырдын баары полго чачылды – эл каткырып эле жатып калды. Менин болсо күлгөнгө шайым жок. Акча эсептеп атам.  

Эсептеп көрсөм, туура төрт токочко жетет экен. Түү энең, чатак салбай эле койсом болмок экен дедим.

Төлөдүм да айымга кайрылдым:

— Жеп түгөтүңүз, жаран айым, - дедим. - Акысы төлөнгөн.

Айым болсо ордунан жылбайт. Жегенден тартынып турат.

Ошентип турсак жалактаган бирөө келе калды да:

— Келе, мен жеп салайын, - дейт.

Анан шак эле токочту жалмап ийсе болобу айбан. Менин акчама жеди да.

Театрга кайра келип отурдук. Операны аягына дейре көрдүк да үйгө жөнөдүк. Аял үйүнүн жанына келгенде мага минтти:

— Чочкодой иш кылганыңыз жетишет. Жанында сокур тыйыны жоктор айым менен жүргөндүн балекетин алабы.

Мен болсо:

— Бакыт акчада эмес, жаран айым, - дедим. – Катуу айтсам кечирип коюңуз.

Ошентип экөөбүз кош айтыштык. Мага деги ак сөөк айымдар таптакыр жакпайт.

Кыргызчалаган Бахтияр ШАМАТОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз