Эсенбай Нурушев: Махабатка мактал сөз

  • 08.05.2022
  • 3140

Акындардын арзуусу: Эростон эсхатологияга

АДАБИЙ-ФИЛОСОФИЯЛЫК ЭССЕ

Ошентип, кеп сүйүү лирикасы тууралуу болгону атат. Дале болсо Омор акынды дагы бир жолу ортого тартып алгым келип туру. «Сен жөнүндө поэмасында» мындай бир саптары бар:

Кайда гана кор болбогон бул өмүр,
Кимден гана калбай жүргөн бу көңүл?!
Сүрү таттуу унуткарган бардыгын,
Сүйүү деген бир керемет түгөнгүр.

Жаш-карыбы баары бирдей тартылаар,
Жаш куракка карабаган салты бар.
Сүйүү керек алоолонуп өрттөнүп,
Ал антпесең өрттөп ийер анты бар.

Анты катуу кашайгыр бу керемет сезим деги ошондо өзү эмне? Анын кандайдыр бир аныктамасы, жаш-карыга бирдей төп келер түшүндүрмөсү барбы?

Азыркы нейробиология буга мындайча жооп тапты: ургаачыбы, эркекпи, ким бирөөгө ышкы оту жанып калган адамдын баш мээси өзгөчө бир гормон – допамин (dopamin) бөлүп чыгара баштайт. Допамин – дофамин деп да айтылат – ырахат гормону, ал жаш куракка карабайт, тирүүлүктүн жыргалын ким кандай сезет, ошого жараша болот. Сүйүү ошо гормондон жаралат, муну коомдук илимде жуп болуп алакалашуу, социалдык мамиле, байланыш түзүү муктаждыгы дешет. (The Journal of Sexual Medicine. V. 7 (11). 2010).

Демек, илимпоздорго ишенсек, махабат – биологиялык касиет болуп чыгат. Биология иштеп турганда аял менен эркек бир-бирине магниттей тартыла берет, ал ымаланы ким кандай формада ишке ашырат, ага кандай мазмун берет – бул барып келип адамдардын өзүнө жараша болот дешет.

Жарайт, бирок ошо ысык ымала, жалындуу сезим канчага созулат? Өмүр бою өтпөгөн, өчпөгөн махабат болобу?

Буга чейин илимий чөйрөдө арзышкан адамдардын ортосундагы ысык сезимдер ашып барса он беш айга араң жетет, анан убакыт өткөн сайын баштагы табынан кайтып, муздай баштайт деген пикир үстөмдүк кылып келген эле. Мунун чын-төгүнүн текшерип чыгуу үчүн Нью-Йорктогу Стони Брук институтундагы профессорлор жыйырма жылдан ашык бирге жашаган түгөйлөрдүн мээсин изилдеп көрүп, допаминдин деңгээли төмөндөй электигин, алардын сезимдеринде деле жаңыдан гана сүйүшүп-күйүшүп жүргөн жаштардай эле алоо илеп бар экенин аныкташкан.«Биздин бул ачылышыбыз сүйүү сезими бат өчөт деген карапайым түшүнүк чоң жаңылыштык экенин ырастады, -деп билдирген изилдөө иштеринин жетекчиси профессор Артур Арон. – Адам адашат, жалган айтат, бирок анын мээси эч качан жаңылбайт, калп айтпайт, ал аң-сезимдеги кыбыр эткен бардык кыймылды, өзгөрүүнү сканердей тап кармап, так сактап калат. Биз ушуга таянып, кайтпас махабат адамда болот деп так кесе айта алабыз»( The Sundy Times).

Ошентсе да башы ачылбаган айрым суроо-соболдор калат. Мисалы, эмне үчүн жалындап, акыл-эстен тангыдай болуп, «парктын ичи жалаң гүл да, жалаң кыз, сендейди мен кайдан гана таба алдым?! » (Омор акын), же болбосо «сенден сулуу болсо дагы алганым, сендей мага бу дүйнөдөн табылбайт» (Анатай акын) дегендей ак эткенден так этирген сезимге кабылып, анан улам жаш өйдөлөгөн соң барып эле «жаш кезгидей ынак сүйүү жок экен, отуз жаштын улам аркы жагында» (Алыкул акын) болуп, махабаттан көңүл калган учурлар турмушта арбын жолугат?

Буга илимпоздор мындай жооп беришет: өчпөс махабат, арийне, массалык көрүнүш эмес. Ал баарына эле буйруй бербейт, тетирисинче, сейрек кезигет, бирок болот. Махабат чынында эле акылга сыйбаган, аңдап-түшүнө алгыс, сырдуу жана сыйкырдуу келет. Же сен андан коркушуң керек, же ага жан дилиң менен ачылышың керек. Экинчисине караганда биринчиси реалдуу турмушта көп кезигет.

Айныбас махабат сейрек көрүнүш экени, чанда жолугары кала берсе байыркы мифтерде да баяндалат. Мисалы, Еврипиддин «Алкеста» трагедиясында үч Мойра – тагдырдын кудайлары — Фессалиянын падышасы Адметке эрдиги үчүн узак өмүр берүүнү чечет, бирок бир шарт коюлат: ажалы жакын калганда анын ордуна ким бирөө өлүшү керек болот. Адметтин өмүрүн узартканы анын аялы Алкеста буга өз эрки менен макул болуп, жанын кыят. Адам пендесине мүнөздүү келбеген мындай жосунга жана эрдикке таң калган Кудайлар өздөрүнүн өзгөргүс өкүмүнөн баш тартып, Алкестаны кайра тирилткенге аргасыз болушат. Башка бир вариантта Алкестаны тозоктун оозунан Геракл куткарып, күйөөсүнө кайтарып берет.

Ал эми Орфей жөнүндөгү мифте сүйүү ырларынын күчү даңазаланат. Орфей лирада (хордофон) ойногондо жапайы жандыктар анын буйругун аткарып, дарактар жана аскалар козголуп, түп орду менен жылып, бийлеп турган. Ага Эвридика аттуу бийке өзгөчө шык жана эргүү берген. Капыстан аны жылан чагып, каза болгондо Орфей күйүтүнө чыдабай, шумдуктай бир ыр чыгарат. Аны укканда Өлүм өзү күчүнөн тайып, акыреттин – Аиддин — кара күчтөр кайтарган эшиктери ачылат. Эвридика тирилип, Орфей жер алдына кирип, сүйгөн бийкесин жарык дүйнөгө баштап жөнөйт, бирок максатына жетпей калат. Анткени караңгы дүйнөдөн жарыкчылыкка чыкканга чейин артыңды карабайсың деген Кудайлардын шартын бузуп, ээрчип келаткан бийкесине кылчайып карап алат. Эвридика кайра өлөт, Орфей болсо жер безип, тентип кетет, акыры аны вакхандар – бузуку аялдар — тытмалап өлтүрүшөт. Ошентип, анын артында сүйүү ырларынын өлбөс-өчпөс күчү жөнүндөгү аңыз кептер калат, алар кийин барып диний маанидеги парафилософиялык агымга – орфизмге айланат.

Христиан дининде ыйык делинген апостолдордун бири: «Качандыр бир кезде адамдын эң акыркы душманы – өлүм жеңилет»,- деп айткан имиш. Муну өйдөкү мифтердин аңытына салганда, балким, ошол апостол сүйүүнүн өлгөн адамды да тирилтип жибергидей күчү болот деп ишенген байыркы түшүнүктөрдү эске алганбы дегендей кыяз келет.

Айтмакчы, эллин доорундагы эзелки гректер сүйүүнүн бир нече түрүн белгилешкен экен. Тикелей эркек менен аялдын мамилесине байланышкандарын «эрос», «людус» жана «прагма» деп бөлүшкөн. Биринчиси – жан кумарын, дене лазатын башкы орунга койот, муну жер бетинде адам тукумун уулантуунун жолу катары карайт. Эрос – сүйүүнүн кудайы, Афродитанын жардамчысы. Гесиод аны такылеттик кудайлардын эң сулуусу деп атаган жана ал баарын акылдан адаштырып койорун белгилеген («Теогония«).

Людус (лат. ludus) – көңүл черин жаза турган сүйүү. Биздин кыргызда да мунун аныктамалары бар: сыпаасы – көңүлдөш, одоносу – ойнош. Мындайда махабат сезими жасалма, үстүрт болот, эки тарап тең бир-биринин көзүнө чөп сала берет.

Ал эми «прагма» дегени болсо карандай акылдан турган, пайданы, өзүнө ыңтайлуу жагдайды же башка бир максатты, көбүнесе жакшы мүдөөнү көздөгөн сүйүү. Прагмада жалындаган сезим болбойт, бирок үй-бүлө бир топ эле бекем болот.

Биздин кыргызда күйдүм-сүйдүм иши негизинен байыркы гректердин ушу «прагмасы» менен бааланат, атүгүл ата салтка айланган «элдик философия» десек болот.

Өзүм билген бир икая. Бир кызды университеттин экинчи курсунда жайкы каникулда айылга барганда коңшу кыштактан бир жигит ала качып кетет. Мурда көрбөгөн-билбеген неме окшойт, сотко берем, антем-минтем маанисинде жер тепкилеп, чатак салат. Акыры эптеп үйгө киргизишет, жаңкы кыз дале азармандан-безерман болумуш этип, эки колу менен бетин басып, соолуктап ыйлап отуруп, кандай немелер экен дегендей кылтыйып көзүнүн кыйыгы менен үй ичине көз чаптырат. Байкаса, турмуштары бир топ эле тың сыякты, атүгүл байгер турат шекилди, калса калып деле калчудай жер экен деп ойлойт ичинен. Ошентип, ошо жерге келин болуп калат. Азыр небере-чебере таап, ошо күйөөсү менен жашайт. Ичинде калган арманы деле жок өңдөнөт.

Буга окшогон икаялар четинен чыгат. Салижан агайдын бир поэмасында мындай саптар бар:

Бейгам адам аны да, муну сүйүп,
көп нерсени кур бекер ыйык кылат.
Башка түшсө түйшүктүү тиричилик,
сүйүү эмес, үмүттү унуттурат.

Ал эми мен – оокатка чара барбы –
эстей бербей эскини шуу үшкүрүп,
кажаң-кажаң карч уруп кара жанды
токоч таап жеп жүрөм, шүгүрчүлүк!

«Прагманын» ток этер маңызы ушул.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз