Грузин эл жомогу: Ким акылман

  • 19.05.2022
  • 2563

Өзүнүн билими менен акылына абдан сыймыктанган, көрүнгөнгө мактанган окумуштуу кайык жалдап дарыядан өтүп баратып калакчыдан сурайт:

- Сенин билимиң барбы, кайдан окудуң эле?

- Менин эч кандай билимим жок, урматтуум. Калак шилтеп, сууда сүзгөндү гана билем.

- Окубасаң, ойлоп таппасаң эч нерсеге жарабай бекер жашап жатыпсың да.

- Бекер деле жашаган жокмун, сизди суудан өткөрүп баратканым деле өзүнчө өнөр эмеспи!

- Ушу дагыбы?! Тапкан экенсиң өнөрдү.

Бул кайыкчыга катуу тийгендиктен окумуштууну жазаламай болот. Ал дарыянын ортосуна барганда кайыкты капысынан бир жагына кыйшайтып жиберет. Беймарал отурган окумуштуу сууга кулап, чабак урганды билбеген жаны чөгө баштайт. Жанталаша чабалактап жатып кайыкчыдан жардам сурайт. Ал бир аз маалкатып, окумуштуу суу жутуп, мына-мына чөккөнү калганда алып чыгат.

- Ии, эч нерсеге жарабаган, бекер жашап жүргөн ким экен? – деп сурайт кайыкчы окумуштуу эсине келгенде.

- Кечирип кой, куткаруучум! Мен он жолу окумуштуу, жүз ирет акылман болсом да сенин бир чеберчилигиңе жетпейт экем. Көрсө адамзатына ар бир өнөр кымбат турбайбы. Ушуга акылым жетпептир. А сеники жетиптир. Демек мен эмес эле сен акылман экенсиң.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз