Генри Марш: Зыян келтирбе

  • 02.06.2022
  • 3239

Өмүр, өлүм жана нейрохирургия тууралуу окуялар

Кыргызчалаган Азиза СУЛАЙМАН

Ката кетирип алган учурда же тааныш эмес көрүнүшкө туш болгон кезде биз "Пенде деген жаңылат, адашат" деген сөз менен өзүбүздү жоошутабыз. Бирок ошол сөз тажрыйбасыз бирөөнүн курмандыгы болгон кишини жоошута алабы? А жардам бере албай калган дарыгердичи?

Биз "дарыгер деген адашпайт" дегенге ишенгибиз келет. Операция бөлмөсүндөгү дарыгер баарынан күчтүү, эч качан чарчабайт, эч качан өзүн жаман сезбейт, кыжырданбайт жана башка ойлорго алаксыбайт. Бирок чындыгында нейрохирург болуштун өзү кандай? Сенин бир эле иш-аракетиңден жалгыз гана бейтаптын өмүрү эмес, анын жекелиги: ой жүгүртүү жана ойлоп табуу жөндөмдүүлүгү, кайгы-кубанычы көзкаранды экенин билүүнүн өзү кандай абалга кептейт?

Эртеби-кечпи баары бир ар бир нейрохирург мындай суроолорду өзүнө бербей койбойт, себеби кандай операция болбосун ал тобокелчилик менен байланыштуу. Дүйнөгө белгилүү британиялык нейрохирург Генри Марш бул суроолордун үстүндө бүтүндөй карьерасы бүткөнчө ойлонгон. Анын ойлорунун натыйжасы – кызыктуу, өтө ачык жана өткүр окуялар менен берилген китепти жараткан. Андагы эң башкы идеяны эки кыска сөзгө батырып берсек болот: "Зыян келтирбе".

ДҮЙНӨЛҮК БЕСТСЕЛЛЕР. БУЛ КИТЕП 17 ТИЛГЕ КОТОРУЛГАН

Бул китеп Кейтке арналат, ансыз бул китеп жазылбай калмак

Зыян келтирбе...

Б.д.ч. 460-жыл, Кос аралы, баардык жерде Гиппократка таандык экендиги көрсөтүлөт

Ар бир хирург маал-маалы менен сыйынып, дуба кылган чакан көрүстөндү жүрөгүнүн түпкүрүндө алып жүрөт – ал көрүстөн ийгиликсиз иш-аракеттеринин себептерин издесе болор ачуу кайгы-муң менен өкүнүчтөрдүн жыйылган борбору.
Рене Лериш, «Хирургиянын философиясы», 1951 жыл

Баш сөз

Катуу ооруп, ооруканада көзүбүздү ачкан абалга туш болгон кезде бүтүндөй келечегибиз коркунучтуу операциядан көзкаранды экенин ойлогон биз, дарыгерге толугу менен ишеним артууга мажбурбуз, антпесе жашоо андан дагы татаалдашат. Медиктердин сыйкырдуу жөндөмдүүлүктөрүнө кээде гана ишеним артканыбыз таң калычтуу эмес, мындай ишеним коркуу сезимдерин жеңүүнүн мыкты ыкмасы. Эгер операция ийгиликтүү өтсө, хирург – чыныгы баатыр, а эгер ийгиликтүү болбой калса, хирург – кылмышкер.

Албетте, чыныгы көрүнүш мындай элестетүүлөрдөн таптакыр айырмаланат. Дарыгерлер – биз жана башкалар сыяктуу эле кадимки адамдар. Ооруканаларда болгон окуялардын көпчүлүгү ийгиликтүү же бактысыз кокустуктардан көзкаранды. Операция ийгиликтүү өтүшү же өтпөй калуусу дарыгерлерден азырак көзкаранды. Операцияны кайсы учурда жасабай койгон оң экенин билүү операция жасоону билүүдөн кем эмес маанилүү, ошол эле учурда бул жөндөмдүүлүктү өздөштүрүү алда канча татаал.

Нейрохирургдардын жашоосун кызыксыз, зериктирме дешке болбойт, кээде бул кесип ичиңди канааттандырган терең ыракат тартуулайт, бирок ал үчүн төлөшүң керек. Эч ким катачылыктын алдын ала албайт, андыктан ошол кетирилген каталардын кесепетин эстен чыгарбай тажрыйба тутуп жашоого туура келет. Көрүп турган нерселерди адамгерчиликтүү касиетти жоготпогонго аракет кылып, ар тараптуу баалоого үйрөнүү керек. Бул китепте мисал келтирилген окуяларда менин (айрым учурда ийгиликсиз дагы), хирургдук кесип талап кылган зарыл обочолонуу менен эмпатиянын арасында жана нерселерге карата реалдуу көз караш менен үмүттүн арасындагы алтын аралыкты табууга кылган аракеттерим тууралуу сөз болот. Албетте, адамдардын нейрохирургдарга, дегеле дарыгерлерге карата ишенимин жокко чыгаргым келбейт, бирок көп учурда техникалык мүнөздөгү эмес, адамдык факторго байланыштуу кандай кыйынчылыктарга дуушар болорубузду түшүнүүгө ушул китебим жардам берет деп үмүттөнөм.

1. Пинеалома

Аралык мээнин чокусундагы эпифизде жай өөрчүгөн сейрек кездешчү шишик.

Көп учурда баш сөөктү ачып, мээге бычак тийгизгенге мажбур болом. Бул иш-аракетти ушунчалык жек көрөм. Диатермиялык кычкачтын жардамы менен мээни тышынан каптаган татынакай кан тамырларды кысып кыпчыйм да, өтө чоң эмес скальпель менен кесип алам. Ачылган тешикке вакуум соргучунун ичке учун сойлотом. Мээ килкилдек түзүлүштө болгондуктан вакуум соргуч баардык нейрохирургдардын негизги шайманы болуп эсептелет. Андан соң операциялык микроскоп аркылуу мээнин назик ак ткандарын аралай акырындык менен шишикти издеп жөнөйм. Соргучтун учу адамдын ой жүгүртүүсүн, эмоциясын, аң-сезимин аралай өтүп баратканын жана эстутум менен акыл-эс ушул килкилдек бир эттен турарын ойлогондо кызыктай сезимге кептелесиң, аны жөн эле кабыл алуунун өзү оор. Көз алдымда көрүп турган нерселердин баары албетте, бул – материя, бирок мен бир нерсени эң сонун түшүнөм: жерден жаза тайсам же туура эмес чекитке тийип алсам, тагыраак айтканда, мээнин функционалдык маанилүү алкагына жаңылыш кыймыл келтирсем эле, кийинки күнү операция жыйынтыгын баалоо үчүн ден соолугун калыптандырып жаткандардын бөлмөсүнө кирерим менен бет маңдайыман майып болуп калган бейтапты жолуктурам.

Баш сөөккө жасалган операциянын өзү эле чоң тобокелчилик. Азыркы жаңы технологиянын жардамы менен болгону белгилүү чекте гана тобокелчиликти азайтууга шарт түзүлдү. Баш сөөктүн мээ алкагына операция жасоодо бейтаптын мээсине карай багытталган инфракызыл камералары бар (Жер планетасын айланган спутниктер сымал) GPS сыяктуу компьютердик системаны колдоно алам. Ал камералар тоголок шарик түрүндө хирургиялык шаймандардын учтарына бекитилип, шаймандарды кошо көрсөтөт. Камералар туташтырылган компьютердин экранынан операцияга чейин жасалган томограмма менен салыштырылган бейтаптын мээсинде шаймандар жайгашкан абал көрүнүп турат. Бейтапка уктатуучу дары бербей, анын кесилчү жерине гана анестезия берип жасаган операциялар да болот. Мындай операциялар мээнин ар кандай жерин электроддордун жардамы менен стимулдаштырып, функционалдык маанилүү зоналарын аныктоого мүмкүнчүлүк түзөт. Операция жүрүшүндө мээге эч бир зыян келтирбөө үчүн анестезиолог бейтапка ар кандай кыймыл-аракеттерди аткарууга көрсөтмө берип турат. Борбордук мээден дагы эң алсыз сүйрү мээге жасалган операция учурунда шал болуп калуу коркунучун эскерткен белгилерди алдын ала билүү үчүн электрдик өбөлгө түзүүчү ыкманы колдоно алам.

Ошентсе да заманбап технологияларга карабастан нейрохирургия баары бир бейтаптын ден соолугу үчүн чоң тобокелчилик бойдон кала берет, ал эми борбордук мээ менен сүйрү мээнин ткандарына шаймандар кирген учурда квалификация жана тажрыйба мурдагыдай эле биринчи ролду ойнойт. Демек, кайсы учурда токтотушум керектигин сөзсүз так билишим керек. Колдон келсе көп учурда оорунун табигый жол аркылуу жоголуп кетүүсүнө шарт түзүп, хирургиялык кийлигишүүдөн баш тартуу кажет. Мындан тышкары, биздин күчүбүз жетпеген эң негизги учурду дагы эстен чыгарбоо зарыл: ийгиликтүү операция адамдын кадимки эле жолду болушу же болбой калышынан көзкаранды экенин канчалык көп тажрыйба алган сайын ошончолук терең түшүнүп келем.

*      *     *

Менин иш тажрыйбамда операция жасалуусу зарыл болгон эпифиздеги шишикке чалдыккан бейтап кездешкен. XVII кылымда жашап өткөн философ Декарт дуализмдин жактоочусу болгон, анын ынанымына ылайык жан дүйнө менен тулку бой же дене таптакыр эки башка нерсе, болгондо да ал жан дүйнөнү эпифизге киргизет. Ал так ушул жерде материалдык мээ кандайдыр бир сыйкырдуу, мистикалуу түрдө аң-сезимге жана материалдык эмес жан дүйнөгө байланыштуу таасирин тийгизерин айтат. Менин бейтаптарымдын мээ сүрөттөлүшүн операция учурунда компьютердин экранынан карап жаткан түрлөрүн көрүп ал философ эмне демек, айта албайм (а мындай көрүнүш кесилген жерге гана анестезия берилген учурда кездешет).  

Эпифиздеги шишик – сейрек кездешчү оору. Ал түбү кайыр шишик болушу да мүмкүн, ошол эле учурда залалдуу шишик болушу ыктымал. Кайырдуу шишик болсо, дарылоо сөзсүз зарыл эмес. Ал эми залалдуу шишик болсо, аны нурдантуу жана химиятерапия жардамы менен дарылашат, анткен менен ал баары бир өлүмгө алып келиши мүмкүн. Мурда мындай шишиктерге операция жасалчу эмес, бирок микрохирургиядагы заманбап ыкмалардын пайда болушу менен тамырдагы жагдай өзгөрдү. Эми болсо да андай шишиктерге операция сөзсүз зарыл болуп калды. Эң оболу мындай операция биопсия жүргүзүп, шишиктин түрүн аныктап, андан соң бейтапты кантип дарылоо керектигин түшүнүү үчүн керек. Эпифиз мээнин терең жеринде жайгашкан, ошондуктан мындай операция хирургдардын өздөрү айтмакчы – чыныгы сыноо. Нейрохирургдар мээдеги эпифизде жайгашкан шишиктин көрүнүшүн тоонун бийик чокусун багынтууну эңсеген альпинисттер сымал бир эле учурда кабатыр болуп да, коркуп да карашат.

Сөз болуп жаткан бейтап, айтмакчы, ал ири ишкананын жетекчиси болчу, өлүмгө алып барар ооруга чалдыкканын, эми ал өз жашоосуна бийлик жүргүзүүгө күчү жетпестигин кыйынчылык менен аңдаган. Ал түнкүсүн уйку бербей, чыдатпай ооруткан баш оору 2008-жылдагы каржылык кризистен улам бир топ сандагы кызматкерлерди жумуштан кыскартууга мажбур болгон кырдаалга байланыштуу стресстен деп ойлогон. А чынында ал эпифиздеги курч гидроцефалия менен бириккен шишик оорусуна чалдыккан. Шишик ортоңку мээдеги сүйрү мээ суюктугунун айлануусуна тоскоодук жаратып, анын натыйжасында, айланбай топтоло берген суюктук баш сөөктөгү мээнин кан басымынын жогорулашына алып келген. Аны дарылабаганда ал киши көрүүсүнөн ажырамак жана саналуу жуманын ичинде көз жуммак.

Операцияга чейин ал экөөбүздүн ортодо бир нече жолу оор сүйлөшүүлөр болду. Мен ага өлүм менен инсультту кошо камтыган операцияга байланыштуу тобокелчиликтерди түшүндүрдүм, жыйынтыгында операциядан баш тарткан учурда пайда болор тобокелчиликтер тууралуу сөз болгон жок. Ал "окклюзивдик гидроцефалия", "эндоскопиялык вентрикулостомия", "пинеалома", "пинаёбластома" деген сыяктуу узун терминдер колунда болсо эле кырдаалды көзөмөлдөп, өмүрүн сактап калчудай менин айткандарымдын баардыгын смартфонго жаздырып жатты. Анын тынчсызданганы менен кошо бир жума мурда жасалган ийгиликсиз операциядан калган көңүлүмдөгү жагымсыз так, эми бул операцияны коркуу сезимдерим менен жасай турганымды айгинелеп койду.

Операция жасалар күндүн алдында кечинде бейтап менен жолуктум. Адатта бейтаптар менен сүйлөшкөн учурда кез келер тобокелчиликтерге басым жасабаганга аракет кылам, себеби алар ансыз деле операцияга чейинки баарлашууларда көп жолу айтылат. Мен бейтаптардын көңүлүн көтөрүп, тынчсызданууларын басаңдатууга аракет кылам, натыйжада өзүм алардан өтүп кабатырланам. Эгер алдын ала бейтапка операциянын коркунучун, күтүлбөгөн жагдайлар пайда болору мүмкүн экенин айтып койгон учурда оор операцияны жасоо алда канча оңой. Бул учурда эгер чындап эле кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетсе, балким кыйналып, өзүңдү менчелик күнөөлүү сезбейт чыгарсың.

Бейтаптын жубайы жанында отурду. Анын жүзү коркунучтан боппоз болуп кеткен.

– Бул катардагы операция, - дедим жалган оптимизм менен.

– Бирок шишик залалдуу болушу мүмкүн да, туурабы? – деди жубайы.

Каалабасам дагы айласыздан ошондой болушу мүмкүн дедим. Операция учурунда ткандын үлгүсүн ала турганымды жана аны атайын адистер дароо изилдөөгө алышарын түшүндүрдүм. Эгер шишиктин түбү кайырдуу болсо анда баарын толугу менен кыруунун кажети жок. А эгер биз герминома аталган нерсе менен алпурушууга мажбур болсок, анда аны алып салуунун деле зарылчылыгы болбойт. Аны толугу менен айыктырууну нурдантуу терапиясынын жардамы менен ишке ашыруу мүмкүн.

– Демек, эгер бул рак да, герминома да болбой калса, анда операция коркунучсуз болот экен да, - деди бейтаптын аялы, бирок анын үнү ишенимсиз чыкты.

Мен аларды коркутуп албоо үчүн ылайыктуу сөз тандап бир топко унчукпадым.

– Ооба, эгер шишикти толугу менен кырып, алып таштоого мажбур болбосом, коркунуч белгилүү өлчөмдө азаят.

Биз дагы бир аз сүйлөштүк, андан соң аларга бейпил түн каалап, үйдү көздөй жөнөдүм.

Эртеси эртең менен ойгонуп алып, ордумдан турбастан бир жума мурда бир кызга жасаган операциямды ойлоп жаттым. Анын сүйрү мээсинде алтынчы, жетинчи омурткаларынын арасында шишик бар болчу, анан ал операциядан кийин наркоздон бир ыптасы кыймылдабай ойгонду, эмне болгонун азыркыга чейин түшүнө албайм, анткени операция учурунда эч кандай жаңылыштык болгон эмес. Балким шишиктин болушунча көп бөлүгүн алып салганга аракет кылган чыгармын. Өзүмө да өтө катуу ишенсем керек. Жолум болбой калат деген коркунучту жетиштүү сезбесем керек. Эми кийинки эпифиздеги шишикке жасалар операция ийгиликтүү өтүшүн жан дилим менен баарынан мурда кааладым. Баардыгы жакшы өтүп, баардыгы бактылуу жана узак жашаса, ал эми мен өзүмдү күнөөлүү сезбей мурдагыдай калыбыма кайтып келсем деп эңседим.

Канчалык катуу өкүнүп, алдыдагы операция канчалык мыкты деңгээлде өтсө да бир ыптасы кыймылдабай калган кызга келтирилген зыяндын ордун толтурууга күчүм жетпесин жакшы түшүнүп турдум. Минтип кабатыр тынчсызданганым кыз менен анын үй-бүлөсү туш болгон абалдын жанында эч нерсеге татыбайт. Кийинки операция менин күчтүү үмүттөнгөнүмдөн же бир жума мурда жасалган операция ийгиликсиз өткөнүнөн улам жакшы өтөт дегенге эч кандай негиз жок эле. Эпифиздеги шишике жасалар операциянын жүрүшү, андагы шишик залалдуу болобу же жокпу, аны алып сала аламбы, же ал бейтаптын мээсине жабышкан бойдон калып, кырдаал жагымсыз абалга кептелеби, мунун баары көп жагынан менден көзкаранды эмес болчу. Ошол эле учурда убакыттын өтүшү менен байкуш кызга келтирген зыянымдан улам тарткан азабым унутуларын да билип турдум. Бир капталы иштебей, көздөрүн жалдыратып жаткан кыздын элеси канаган жарааттан айыгып, тырык бойдон бүтүп жүрөктө кала берет. Бул окуя дагы бир ийгиликсиз тажрыйбамдын тизмесин толуктайт. Бир кезде француз хирургу Лериш айткандай, ар бир хирург өзү менен кошо көтөрүп жүргөн көрүстөндөгү дагы бир мүрзөнү пайда кылат.

Эреже болуп калгандай, баардык эле операцияны баштагандан кийин башта коркуп жаткан сезимдердин изи да калбайт. Мен скальпелди мурдагыдай жардамчы медайымдын колунан эмес, эмгек жана коопсуздукту коргоо нормалары талап кылгандай метал идиштин өзүнөн алам да, хирургиялык жөндөмүмдүн негизинде ишенимдүү түрдө бейтаптын башындагы терисин так кыймыл-аракет менен бычак мизин жүгүртүп кесип алам. Кесилген жерден кан чыгат, мен процесске толугу менен киришем, ушул учурдан баштап баардык нерсе менин көзөмөлүм алдында жүрүп жатканын сезем. Негизи эле процесс ушундай түрдө жүрөт. Бирок бул жолу баары башкача болуп чыкты. Мындан мурдагы операция өзүмө болгон ишенимдүүлүгүмдү тебелеп-тепсеп салгандыктан, операция жасалчу бөлмөгө мындан ары эмне болот деген коркунуч менен кирдим. Адаттагыдай медайым менен мага жардам берген улук ординатор Майкка кеп салып, операцияны жайбаракат сүйлөшүп баштагандын ордуна мен керебеттин жамынгыларын оңдоп-түздөп, бейтаптын башын үнсүз тазалап баштадым.

Майк менен бир топ убакыттан бери жакшы таанышпыз, ал бир нече айдан бери мага операцияга ассистенттик кылат. Хирург болуп иштеген отуз жылдык тажрыйбамда көптөгөн ординаторлорду көрдүм, алардын көпчүлүгү менен мамилем жакшы, эч болбоду дегенде жакшы мамиледе болгонума ишенгим келет. Мен аларды операция жасоого үйрөтүшүм керек, ошондуктан алардын ар бир аракети, жоопкерчилиги менин мойнумда. Алар өз кезегинде мага жардам берип, колдошу керек, зарыл учурда дем-күч да бериши кажет. Көп учурда алар мага жагат деп ойлогон нерселерди гана айтышат. Бирок биздин ортобузда кээде жанаша биригип алып душманга каршы согушкан солдаттардай жакын мамилелер болор эле. Дал ушул мамилени пенсияга чыккандан кийин сагынам.

– Эмне болду, шеф? – деди Майк.

– Нейрохирург оор басырыктуу жана медицина илиминин рационалдуу үлгүсү болууга тийиш деген идеянын өзү болбогон кеп, - дедим күңкүлдөй. - Айрыкча мага таптакыр ылайык келбейт. Өткөн жумадагы шайтан алгыр операциядан кийин жаным тынч албай, отуз жыл мурдагыдай кабатырмын. Анын үстүнө пенсияга чыгар дарыгерлерге тиешелүү болгондой кайдыгер да эмесмин.

– Пенсияга чыгышыңызды чыдамсыздык менен күтүп жатам, - деди Майк.

Азыр карьерам соңуна чыгып бараткандыктан бул тамаша, улук ординаторлордун арасында адаттагы көрүнүшкө айланган. Бүгүн практикант дарыгерлер ооруканадагы ваканттык орундардан да көп болгон үчүн сыноо стажын өтөгөндөрдү өздөрүнүн келечеги олуттуу түрдө ойлонтору бышык.

– Эмне болсо да операциядан кийин аз эле убакыт өттү. Бейтаптын сакайып кетишинен үмүт бар, - деди Майк.

– Ишенбейм.

– Эч качан толук ишенүүгө болбойт...

– Туура, мунуңа кошулам.

Биз ары каратып отурган абалда жайгаштырылган наркоз алдындагы бейтаптын аркасында сүйлөшүп жаттык. Майк анын кежигесиндеги кууш сызыкты кырып бүттү.

– Бычак, - дедим медайым Агнессага.

Ал кармап турган метал идиштен бычакты алып, тез кыймыл менен бейтаптын кежигесиндеги терисин экиге ажыратып кестим. Майк топтолгон канды вакуум соргуч менен сордуруп алды. Андан соң баш сөөктү бургулап тешип алуу үчүн моюн булчуңдарын түртүп жылдырдым.

– Эң сонун! – деди Майк.

Акыры баштын териси кесилип, булчуңдар жылдырылып, сөөк тешилип, мээнин жумшак катмарлары ачылып, түрүлүп (хирургиялык иш-аракетти сүрөттөө үчүн медиктер байыркы атайын тилди колдонушат), операциялык микроскоп коюлду. Мен болсо операция жасоочу орундукка ыңгайлаша отурдум. Мээдеги башка шишиктерге салыштырмалуу эпифиздеги шишикке операция жасоо үчүн мээни кесүүнүн зарылчылыгы жок. Мээнин жумшак катмары (борбордук жана сүйрү мээни каптаган баш сөөктүн так алдында жайгашкан мембрана) ачылган соң мээнин алдыңкы бөлүгүнөн жогорку бөлүгүн ажыраткан кууш ичке жылчыкты табуу керек. Бул процесс узун кууш өтмөк менен сойлоп бараткандай туюлат. Болжол менен жети сантиметрдей (микроскоп менен жүз эсе терең көрүнөт) биз көздөп бараткан кара жолтой шишик жайгашкан.

Ошентип, көз алдыма баардык маанилүү функцияларды көзөмөлдөп, бизди аң-сезимдүү түрдө тирүү алып жүргөн сырдуу, мистикалуу аймак болгон баш сөөктүн борбору – мээ ачылат. Анын алдында сүрдүү собордун аркасы сымал борбордук мээнин терең кан тамырлары (мээнин ички кан тамырлары) жогорулап көрүнүп баштайт, алардын артынан эле Розенталия негизги кан тамыры, андан соң Гален кан тамыры микроскоптун жарыгынан күңгүрт көгүш түстө учурайт. Мындан улам мээнин анатомиялык түзүлүшү нейрохирургдардын кастарлуу калтырак сезимин чакыруусу бекеринен эмес.

Аталган кан тамырлардын баары мээден өтө көп кан бөлүп чыгарат, ал эми аларга келтирилген "кылт эткен" эле жаракат бейтапты өлүмгө алып келет. Так менин алдымда чыбырчык кызыл түстө шишик турат, ал эми анын алдында мээнин түтүктөй таралган үстүңкү катмары жайгашкан, ага келтирилген залал бейтапты комага түшүрөт. Каптал беттеринде көздүн көрүүсү үчүн жооп берген мээ аймагын кан менен камсыз кылган мээнин арткы артериялары бар. Алды жакта шишиктен бир катар алыстыкта (шишикти алып салгандан кийин ачылуучу ак дубалдар менен узай кеткен коридордун төрүндөгү каалга сымал) үчүнчү карынча жайгашкан.

Бул аталыштардын баары дарыгер үчүн көркөм угулат. Алар заманбап микроскоптун оптикасы менен айкалышканда мындай операция нейрохирургиядагы эң сонун көрүнүшкө айланат. Албетте, эгер баары ойдогудай өтсө. Шишикке карай кеткен жолумду бир катар кан тамырлар тосуп турат, аларды кесишим керек. Ошол эле учурда ал кан тамырдардын кайсынысын кесүүгө болот, кайсынысын кесүүгө таптакыр мүмкүн эмес экенин так билишим зарыл. Ушул көз ирмемде мен баардык билимимди унутуп калгандай, тажрыйбамды калтырбай сарптап салгандай болом. Кан тамырларды кесүү үчүн ажыратып жатканда дайыма коркуу сезиминен калтырап чыгам. Ошентсе да ар бир хирург карьерасынын башында катуу толкунданууну күнүмдүк иш-аракет катары кабыл алууга үйрөнөт. Ага көңүл бурбастан операцияны уланатат. Операция башталгандан бир жарым сааттан кийин акыры шишикке жеттим. Лабораторияга анализ үчүн жөнөтүлчү шишиктин өтө чоң эмес бөлүгүн кырып алгандан соң операциялык отургучтун жөлөнгүчүнө оор үшкүрө чалкалап, Майкка мындай дедим:

– Эми биз күтө турушубуз керек.

Операция ортосундагы тыныгуу дайыма эле жеңил өтпөйт. Мен эртерек ишке киришүүнү каалап тынчсыздандым. Лабораториядагы кесиптештеримдин отчётуна ылайык шишик бир эле учурда залалсыз, операция жасоого мүмкүн болорунан үмүттөндүм. Бейтап аман-эсен көзүн ачып, мен анын жубайына операциядан кийин чыгып "баары жакшы" деген сөздү айтууну бүтүндөй жан дилим менен тилендим.

Кырк беш мүнөт өткөндөн кийин чыдамым түгөндү, операция жасалып жаткан үстөлдөн отургучумду артка жылдырдым да, стерилденген халатым менен кол кабымды чечпестен жакын турган телефонго карай жөнөдүм. Лабораторияга чалып дарыгер-патологду линияга чакырдым. Кайсы бир убакыттан кийин ал трубканы көтөрдү.

– Үлгү кана?! – деп кыйкырдым. – Кандай чыкты? Эмне экен?

– Кармалып калганыбыз үчүн кечирим сурайм. Мен имараттын экинчи башында болчумун, - деди дарыгер кам санабастан.

– Шишиктин жыйынтыгы кандай чыкты дейм?!

– Ооба, ооба. Так-так. Мен аны мына азыр эле карап аткам. Аха! Залалдуу эмес, түбү кайырдуу пинеалома экенинен шегим жок.

– Эң сонун, ыракмат!

Аны токтоосуз түрдө кечирдим да, ишти улантуу үчүн даяр операция үстөлүнө кайттым.

– Кана эмесе, кеттикпи андан ары!

Колумду кайра жууп келип, отургучка отурдум да чыканактарымды үстөлгө жайгаштырып ишти уланттым. Мээдеги шишиктер бири-биринен айырмаланып уникалдуу келет. Айрымдары таштай катуу. Башкалары килкилдек сымал жумшак. Дагы бири как кургак, андан башкасы канга толуп көлкүлдөп, андагы кан операция маалында бейтап кансырап үзүлүп кетиши да ыктымал болгондой деңгээлде ушунчалык көп. Шишиктердин кайсы бири буурчактын кабыгынан шыпырылып түшкөндөй оңой алынат, айрымдары мээнин ткандарына, анын кан тамырларына чапталып бекем жабышып калат. Шишикти алып баштаганга чейин анын кандай абалда болорун биле албайсың. Бул кишинин шишиги хирургдар айтмакчы эпке келгич болуп чыкты, анын үстүнө ал мээнин ткандарына анчалык бекем жабышпаптыр. Мен аны тегерегиндеги соо ткандарга залака тийгизип албаганга аракеттенип шашпай чекесинен кырып баштадым. Арадан үч саат өткөндөн кийин шишиктин көп бөлүгүн тазалап салганымды ишенимдүү айта алдым.

Эпифиздеги шишик өтө сейрек кездешкен көрүнүш болгондуктан операция жүрүшүн көрүү үчүн бир кесиптешим келди. Болду болбоду ал мага бир аз суктанды. Далымдан көз салып байкап турган ал:

– Жаман эмес жүрүп жаткандай, - деди.

– Азырынча ошондой, - дедим.

– Күтүлбөгөн учурда гана иш тетирисинен кетет, - деди да өзүнө, операциялык бөлмөсүнө карай кетти.

*     *     *

Мен мээнин башка түзүлүшүнө залака келтирбей туруп шишиктин көп бөлүгүн тазалап бүткөнгө чейин операция уланды. Майкка кесилген тиликти тигүү мүмкүнчүлүгүн бердим да, өзүм бир айланып келүүнү чечтим. Мен караган бир нече бейтаптар бар эле, алардын арасында бир жума мурда колумдан бир ыптасы иштебеген жаш келин да бар. Палатага киргенимде ал жалгыз экен. Орду толгус чоң зыянды өз колуң менен келтирген адамга жакындаганда көзгө көрүнбөгөн кандайдыр бир күч сени ага жолотпой түртүп, ал жаткан бөлмөнүн каалгасын ачууга тоскоолдук кылгандай (эшиктин туткасы коргошундан куюлгандай оор сезилет), керебетке жакындоого жол бербей, жүзүңө калп болсо да жылмаюу жаратууга жасаган аракетиңе жолтоо болгондой туюлат. Мындай учурда өзүңдү кандай алып жүрүшүңдү да билбейсиң. Хирург каардуу душманга айланат, жадагалса кылмышкер да болуп чыгат. Эч болбоду дегенде компетентсиз дарыгер атыгат. Ал мындан ары баары колунан келген баатыр эмес. Эң оңой жол үн-сөз дебестен ал адамдын жанынан тез кыя өтүп кетүү.

Мен палатага кирип келиндин жанындагы отургучка барып отурдум.

– Кандай болуп калдыңыз? – бул суроо кыйынчылык менен оозумдан чыкты.

Керебеттеги келин бети-башын үрпөйтө жүйрүй, соо колу менен кыймылдабай калган оң колун көргөздү, андан кийин аны көтөрүп кайра коё берди, тиги колу керебетке шалак эте кулап түштү.

– Мен операциядан кийинки мындай симптомдорго туш болгом. Бейтаптар кийин сакайып кетишкен, албетте, ал үчүн бир топ убакыт керек. Сиздин айыгып кетишиңизге толук ишенем.

– Операция алдында мен сизге ишенгем, - деди ал. – Эмне үчүн азыр дагы сизге кайра ишенишим керек?

Дароо жооп таба албай бутумдун башын тиктедим.

– Бирок мен сизге ишенем, - деди ал бир аздан кийин кошумчалай, бирок ал муну мага боору ооруганынан улам гана айтса керек.

Мен операция жасалып жаткан бөлмөгө кайтып келдим. Операция үстөлүнөн керебетке которулган бейтап анестезиядан ойгонуптур. Медайым бөлмөдөгү кан менен жерде жаткан бейтаптын кырылган чачтарын тазалаганча жаңы ойгонгон бейтап караңгылаган көздөрү менен айланасына көз жүгүрттү. Анестезиологдор менен дагы башка медкызматкерлер бири-бири менен бака-шака сүйлөшүп, бейтапты интенсивдүү терапия бөлүмүнө которуу үчүн ага туташтырылган көп сандаган түтүкчөлөр менен сымдарды бейтаптын ар тарабынан курчап алып кайра орнотушуп, даярдап жатышты. Эгер бейтаптын абалы начар болсо алар сөзсүз бири-бири менен сүйлөшпөстөн үнсүз тынчтыкта иштешмек. Медайымдар арабада жаткан шаймандарды тазалап, колдонулган сүлгү, жамынгы, түтүк, сымдарды таштанды баштыгына салып жатышты. Санитарлардын бири бөлмөнү кийнки бейтапка жасалчу операцияга даярдоо үчүн кан болгон полду тазалап жуушту.

– Анын абалы жакшы! – деди Майк кубанычтуу үн менен бөлмөнү жаңырта.

Мен бейтаптын жубайын издеп жөнөдүм. Ал интенсивдүү терапия бөлүмүнө карай кеткен коридордо күтүп отуруптур. Ага жакындаганда анын жүзүнөн үмүт аралаш коркунучту көрдүм.

– Баары биз күткөндөн да жакшы ишке ашты, - дедим бир калыптагы олуттуу үн менен күйкөлөктөбөгөн таланттуу хирургдун бет кабын тагынып жатып. Бирок андан кийин кармана албай ага жакын бардым да ийинине колумду койдум. Ал дагы колумдун үстүнө колун коюп, экөөбүз бири-бирибизди караган учурда көз жашымды токтотконго араң аракет кылып, анын көзүндө пайда болгон жашты көрдүм. Ушул көз ирмемде өзүмдү бир аз убакытка жеңүүчү сездим.

– Баары жакшы болот деп ойлойм, - дедим акыры.

2. Аневризма

Кан тамырдын же жүрөк көңдөйүнүн капталы жукарып чоюлуп кеткен коркунучтуу кеңейүү.

Нейрохирургия мээ жана омуртка ооруларына чалдыккан бейтаптарды оперативдүү дарылоо дегенди түшүндүрөт. Мындай көйгөйлөр өтө аз болгондуктан нейрохирургдар нейрохирургия бөлүмдөрү менен теңдеш, башка медициналык кесиптин өкүлдөрүнө салыштырмалуу аз санда кездешет.

Медициналык окуу жайдын студенти болуп жүргөндө мээге жасалган операцияга бир да жолу катышкан эмесмин. Ал кезде нейрохирургиялык операция бөлүмүнө бизди киргизчү эмес. Бул жай өтө эле бийик, золоболуу жер катары эсептелип, катардагы студенттер үчүн ылайыксыз деп каралчу. Бир жолу жалпы хирургиянын коридорунан өтүп баратып нейрохирургиялык операция бөлүмүнүн каалгасындагы кичинекей терезеден ичинде болуп жаткандарды бир көзүм менен көрүп калуу бактысына туш болдум. Терезеден операция үстөлүндө жаадай ийилтип жылаңач отургузулган аялды көрдүм. Картаң жана укмуштуудай узун бойлуу нейрохирург (анын жүзү хирургиялык беткап менен жабылган, ал эми башында жарык берүүчү лампа тагылган) аялдын артында турду. Ал килейген чоң колдору менен аялдын кырылган таз башына антисептик катары йод сүйкөп жатыптыр. Ошондогу көз алдымдагы көрүнүш коркунучтуу бир тасманы элестеткен.

Үч жылдан кийин так ошол нейрохирургиялык операция бөлүмүндө бир аял бейтаптын мээ артериясындагы аневризмага операция жасаган ооруканадагы жаш нейрохирургдун жанында пайда болдум. Ал учурда дарыгердин дипломун алганыма бир жарым жыл болгон. Бул аралыкта тандаган кесибиме өкүнгөнгө да жетишкем. Анда мен интенсивдүү терапия бөлүмүндө ординатор болчумун. Зеригип отурганымды байкаган анестезиологдордун бири операциялык бөлмөгө келип мээсине операция жасалчу бейтапты даярдоо ишине жардам берүүмдү сунуштады.

Бул операция мен мурда-кийин көргөн бир дагы операцияга окшош эмес эле. Адатта операция жүрүшүндө хирургдар терини канатып узун кылып кесип, теринин ичиндеги сыйгалак органдар менен иш алып барышат. Ал эми нейрохирург бул операцияны баштын каптал жагынан тешилип, кичинекей жылчык аркылуу киргизилген атайын микроскоптун жардамы менен жасады. Ал мээдеги баардык кан тамырларды көзөмөлдөй билген жогорку чектеги так микроскопиялык шаймандарды гана колдонду.

Аневризма аба толтурулган өтө чоң эмес шарды элестетет. Мээнин артериясынын капталында пайда болгон аневризма башка ткандарды кошо кысып жарылып да кетиши мүмкүн, натыйжада мээге кан куюлуп кетет. Операциянын максаты аневризманын тегерегине ал жарылып кетпеши үчүн кичинекей, бир канча миллиметр болгон ийилчээк тетикти айландыра орнотуу болуп эсептелет. Кууш мейкиндикте операция жасап жаткан хирург ийилчээк тетикти орнотордон мурда, аневризманы тегерегиндеги ткандардан жана кан тамырлардан ажыратууга аракеттенип, аны кокустан жарып алышы да мүмкүн, бул өтө кооптуу тобокелчилик. Аневризманын кабыгы абдан жука келет, аны дайыма артериялык кан катуу тээп турат. Анын кабыгы ушунчалык үлбүрөп жука болгондуктан кээде ичиндеги дирилдеген кочкул кызыл канды да көрүүгө болот, алар микроскоптон оргуштап өтө эле коркунучтуу көрүнөт. Эгер хирург аневризманы бууп алганга чейин жарып алса, анда бейтап тез арада көз жумат же кеңири инсультка кабылат, мындай абалга кептелген бейтап үчүн өлүм өтө жаман эмес альтернатива катары каралып калат.

Операция жасалган бөлмөдөгү медкызматкерлер үнсүз иштеп жатышты. Адаттагы тамаша аралаш сөздөрдүн бири да угулган жок. Нейрохирургдар аневризмага жасалган операция жарылып кетпөөсү үчүн алдын алып жаткан бомбага окшоштурушат, анткен менен азыркы учурга таптакыр башка эр жүрөктүүлүк талап кылынат, себеби тобокелчиликке дарыгердин эмес бейтаптын өмүрү салынат. Мен күбө болгон операция адистердин жайбаракат бир калыпта иштеп жаткан ишин эмес, мергенчиликти эске салып турду, мында олжо катары шишик мээленип жаткан. Менин алдымда чыныгы куугун болду: хирург бейтаптын мээсине акырын жол ачып, "эч нерседен кабарсыз" аневризмага карай уурданып, чочутуп албастын айласын көрүп кире баштады. Андан соң кульминациялык учурга кезек келди. Хирург аневризманы чап кармап, капканга салып, ийилчээк тетиктин жардамы менен зыянсыздандырды, демек бейтаптын өмүрүн сактап калды. Мындай операция, биздин жашоодогу маанилүү роль ойногон адамдын сезимдери менен аң-сезимин алып жүргөн сырдуу мээнин түбүндө жасалганын эстен чыгарбоо зарыл. Мээ – табияттын табышмагы, ал мен үчүн түнкү жылдыздар менен бизди курчаган бүтүндөй Аалам сыяктуу улуу болуп эсептелет. Бул операция өтө көрктүү, ошол эле учурда коркунучтуу. Чеберчилик коштолгон терең маани менен маңыздуу түрдө аткарылды. Мага "Нейрохирургдун таптак аткарган ишине тең келер башка кесип болду бекен?" деген ой келди. Ошол учурда өмүр бою алектенүүнү каалаган ишимди тапкандай кызыктай сезимге туш болдум. Бул мындайча айтканда бир көрүп сүйүп калуу болчу.

Операция ийгиликтүү өттү: аневризма зыянсыздандырылды, ал эми кан куюлуп кетүү жана инфаркт коркунучу болгон жок. Операция жасалып жаткан бөлмөдөгү атмосфера дароо өзгөрүлдү; кубанычтуу жеңил абал пайда болду. Кечинде жумуштан кийин үйгө барып жубайыма нейрохирург болорумду айттым. Ал бир аз таң калып, мен көп убакыттар бою медицина тармагынын кайсы агымы менен кетеримди чече албай келгем, анткен менен жубайым оюмду колдогондой болду. Ошол учурда экөөбүздүн бирибиз дагы нейрохирургиянын магниттей тарткан кумары, чыңалткан иш убактысы жана ушул кесиптен жаралган чоң күмөн саноолор жыйырма жылдан кийин биздин үй-бүлөлүк союзга чекит коёрун элестете да алган эмеспиз.

Ошол эстен кеткис күндөн бери отуз жыл өттү. Ал аралыкта мен аневризмага жүздөгөн операцияларды жасадым, кайра үйлөндүм, пенсияга чыгууну ойлондум. Дем алыш күндөрдүн биринде ооруканага жөнөдүм. Кезектеги аневризмага ийиличээк тетикти коюшум керек эле. Куйкалаган ысык күн мээлүүн тартып, түштүк Лондондун үстүндө кара булуттар каптап турду. Түнү менен чакалап жамгыр төккөн. Жолдо авто-авто-унаалар аз, баары эле бул дем алышта шаар четине чыгып кеткендей. Суу аккан арыктар нөшөрлөгөн жамгырдан улам ашып-ташып жолго чейин куюлуп, жумушка келе жаткан медкызматкерлердин көпчүлүгү көлчүктөгөн жолдогу суулардан секирип өтүп жатышты.

Азыр аневризмага операцияны чанда гана жасайм. Эми көп сандаган хирургиялык кийлигишүүлөрдөн улам топтогон тажрыйбаларым техникалык өнүгүүнүн натыйжасында дээрлик керексиз болуп калды. Бүгүнкү күндө ачык операцияга муктаждык жок. Азыркы учурда дарыгер-радиолог (хирург эмес) бир эле шилтем менен бейтаптын организмине кашка жилик артериясына түшүүчү түтүктү сойлотуп жиберет, андан соң жогору карай аневризмага багыт алат. Бул ыкма албетте, салттуу операциядан караганда бейтап үчүн оор сыноо. Мындан улам нейрохиругия мурдагыдай эместигин айтсак болот, баарынан мурда бул өзгөрүү бейтаптарга пайда алып келер тепкичке көтөрүлдү. Азыр жумушум мээдеги шишиктерге гана байланышкан: глиома, менингиома же невринома, "ома" мүчөсү бизге байыркы грек тилинен мурас калган, ал шишик деген маанини түшүндүрөт, ал эми жогоруда саналган терминдердин биринчи бөлүгү шишиктердин өөрчүүсүнө карата аталган клеткалардын ар түрдүүлүгүн билдирет. Ошентсе да кээде аневризманы кадимки ыкмалар менен жеңип чыгуу мүмкүн эмес, андыктан айрым учурда эртең менен мурда өтө жакшы тааныш, кабатырланган тынчсызданууларымды көзөмөлдөгөн абал менен жумушка барууга мажбурмун.

Эртең менен жумуш дайыма кыска чогулуш менен башталат. Жыйырма жылдан бери мындай жыйналышты бат-баттан өткөрөм. Бул идеянын жаралышына "Блюз Хилл стрит" аттуу полициялар тууралуу сериал түрткү болгон. Бул сериалда харизмалуу сержант күн сайын эртең менен кол алдындагыларды полициянын жаңырган сиреналуу авто-авто-унаалары менен жол кайгуул кызматына жолго чыгарардан мурда аларга эрежелерди, инструкцияларды, насыяттарды окуп, таратып берет. Так ошол мезгилде өкмөт сыноодогу дарыгерлердин саатын акылга сыйбагандай кыскартууну чечкен. Себебин медиктер чарчап, ашыкча чыңалып кеткендиктен бейтаптардын өмүрү коркунучка кептелери менен түшүндүрүшкөн. Анткен менен сыноодогу дарыгерлер ишеним артууга болор натыйжалуу кызматкерлердин катарын толуктоонун ордуна (алар түнкүсүн узак, жакшы эс алып уктоого мүмкүнчүлүк алышты) эми алар сиркеси суу көтөрбөгөн ишенимсиз кызматкерлер. Менимче алардын мындай абалы алардын кезектешип иштеп баштаганы, кандайдыр бир деңгээлде өздөрүн коллективге тиешелүү эместей сезүүсү, жалпы иштин маанилүүлүгүн туйбоосу менен байланыштуу. Мурда сыноодогу дарыгерлер күнү-түнү иштеген кезде мындай көйгөйлөр жаралчу эмес. Келип түшкөн бейтаптар жана аларды дарылоо процесси талкуулап, күн сайын эртең менен өткөрүлчү жыйын аркылуу сыноодогу дарыгерлер билим-тажрыйба топтоп, алардын жумушка болгон мурдагы күчтүү духу аз да болсо кайтып келет деп үмүттөнгөм.

Эртең мененки чогулуш баарына жагат. Ал чогулуштар оорукана алдына коюлган максаттарды, жаңы клиникалык протоколдорду талкуулаган жетекчинин кызыксыз, тажатма жыйындарына окшошпойт. Нейрохирургия бөлүмүнүн эртең мененки жыйыны таптакыр башкача, өзгөлөрдөн айырмалуу. Күн сайын эртең менен саат сегизде биз караңгылатылган рентгенология бөлмөсүндө чогулабыз. Ал жерден бактысыз бейтаптарыбыздын мээ сүрөттөрүн талкуулайбыз. Талкуулар күлкү коштолгон талаш-тартыштар менен жүрөт. Ошондой эле оорулардын бейнесин карап жатып бейтаптарды тамашага көп алаарыбызды да моюнга алыш керек.

Биздин бет маңдайыбызда бир катар компьютерлер менен аппак дубалда өзүнүн кадимки көрүнүшүнөн бир нече эсе чоңойтулуп көрсөтүлгөн кара-ак түстөгү мээнин сүрөттөрү чагылдырылып турат. Бул сүрөттөр акыркы суткада тез жардам менен биздин ооруканага жеткирилген бейтаптарга таандык. Алардын көпчүлүгү мээге куюлган кандын курмандыктары болушкан, айрымдары мээсиндеги шишикти жаңы билишти. Ал эми азыр биз энергияга толгон, жумуш дегенде эки көзү төрт бир калыптагы оор басырыктуу, ошол эле учурда какшыкты жактырган шайыр дарыгерлер ошол бейтаптардын кайгысынан кубанычтуу бир учурду табуунун жаналакетин көрүп жаткан кезибиз. Бизден кичүү дарыгерлер оорулардын бейнесин, адамдардын азап тартуусу түбөлүккө түгөнбөй тургандай жылдан жылга, күндөн күнгө кайталанган кокустан жаралган катастрофалардын жана өтө жаман трагедиялардын бейнесин маалымдап жатышты.

Ошол күнү мен адаттагыдай эле баарынын артында бурчта отургам. Алдымдагы биринчи катарга сыноодогу дарыгерлер отурушту, алардын алды жагынан улук ординаторлор орун алышты. Бүгүн кабыл алуу жана каттоого алуу жеринде кичүү жаш дарыгерлердин ичинен ким нөөмөттө болгонун сурадым.

– Убактылуу дарыгер, - деди ординаторлордун бири. – Жана ал эчак үйүнө тайып кеткен.

– Жума күнү шашылыш чалууларга дээрлик беш дарыгер жооп берди, - деди кесиптештеримдин бири. – Беш дарыгер! Ар бир төрт сааттан ашык убакыт бою алар тез жардам көрсөтүү милдетин бири-бирине түртүп жатышты! Бул деген башаламандык да...

– Биз үчүн бир нерсе барбы? – дедим.

Кичүү дарыгерлердин бири ордунан туруп, бөлмөнүн алды жагындагы үстөлдөгү компьютер жакка жөнөдү.

– Аял киши, отуз эки жашта. Бүгүн ага операция жасоо күнү белгиленген. Аны баш оорусу тынчсыздандырган, ал томографиядан өткөрүлдү.

Ал сүйлөп жатканда дубалдагы жарыктан чоңойтулган сүрөттөр көрсөтүлө баштады.

Жаш ординаторлорду карап алардын биринин да ысымы эсимде жогун ойлоп ыңгайсыз болдум. Мен башкы дарыгер болуп кызматка келген кезде эки гана ординатор бар болчу. Азыр алар сегиз. Мурда алар менен жакындан таанышып, алардын карьерасынын өнүгүшүнө кызыкчумун, бирок азыр алар бир бейтап экинчисин алмаштырган сыяктуу эле тез келип, тез кетишет. Алдыда отурган ординатор кыздардын биринин да ысымы эсимде жогун айтып кечирим сурап, дубалда чагылдырылган мээнин көрүнүшүн сүрөттөп беришин сурандым.

– Альцгеймер! – караңгы бөлмөнүн бурчунан оңтойсуз тамашасы менен бирөө кыйкырды.

Ординатор кыз ысымы Эмили экенин айтты.

– Бул баш мээнин КТ сүрөтү, - деди ал.

– Ооба, биз ошондой экенин баарыбыз эң сонун көрүп турабыз. Бирок бул сүрөттөн эмнени түшүнсө болот?

Ортодо ыңгайсыздык жараткан жымжырттык өкүм сүрдү.

Бир аздан кийин боорум ооруду. Ордуман туруп дубалдагы сүрөттү көрсөттүм. Мээдеги кан тамырлар көп жагынан сөңгөктөн улам узаган сайын ичкерген дарактын бутактарына окшош экенин түшүндүрдүм. Мээнин бир артериясында жайгашкан өтө чоң эмес дөмпөйгөн шишикке "биздин дарагыбыздын бир бутагындагы уулуу жемишке" отургандардын көңүлүн бурдум, анан Эмилини сынай карадым.

– Аневризмабы? – деди ал ишенимсиз үн менен.

– Оң каптал мээдеги артериядагы аневризма.

Аялдын тынчын алган баш оору өтө катуу болбогонун, ал аневризманын себебинен эместигин түшүндүрдүм, андыктан аневризманы эрте көрүп калганыбыз бактыбызга буйруган экен.

– Кийинки сынакты ким тапшырат? – Бурулуп улук ординаторлорду карадым. Алардын ар бири сыноо мөөнөтүнөн кийин нейрохирургия боюнча улуттук сынак тапшырышат. Аларды ошол сынакка даярдоо үчүн буга окшогон сурамжылоо сынактарын өткөрүп турганга аракет кылам.

– Бул диаметри жети миллиметр болгон жарылбаган аневризма, - деди эң тажрыйбалуу улук ординатор Фиона. – Анын жарылып кетүү ыктымалдуулугу тиешелүү изилдөөлөргө ылайык жылына нөл бүтүн ондон беш пайызды түзөт.

– А эгер ал баары бир жарылып кетсе эмне болот?

– Он беш пайыздык учурда тез арадагы өлүмгө учурайт, ал эми мындай абалдагы бейтаптардын отуз пайызы бир нече аптадан кийин кан куюлуп кетүүнүн натыйжасында көз жумат. Кийинчирек көз жумуп калуу ыктымалдуулугу жылына төрт пайызды түзөт.

– Статистика менен тааныш болгонуң абдан жакшы. Бирок мындай учурда не кыла алабыз?

– Аневризманы зыянсыздандыра алышабы, жокпу – радиологдордон сурап, билебиз.

– Мен билдим. Алар зыянсыздандыруу мүмкүн эместигин айтышты. Аневризманын диагностикасы, аны дарылоо иши менен алектенген интервенциондук радиолог – дарыгер-рентгенологдор мага аневризманын туура эмес формада экенин жана аны дарылоо үчүн хирургиялык кийлигишүү зарыл дешти.

– Сиз операция жасай аласыз...

– Бирок жасашым керекпи?

– Билбейм.

Ал туура айтты. Мен дагы билмек эмесмин. Эгер эч нерсе кылбай койсо бейтап мээге куюлуп кеткен кандан улам инсультка чалдыгат же өлүмгө учурайт. Ошол эле учурда бейтап аневризма жарылып кеткенге чейин бир топ жыл жашап, андан соң башка себептер менен көз жумушу да мүмкүн.

Ал учурда бейтап аял өзүн жакшы сезип калган, дарыгерлерге кайрылууга мажбур кылган баш оорусу аневризмага кымындай да тиешеси жок болчу, башынын ооруганы акырындык менен айыгып калган. Биз аневризманы кокустан эле таап алдык. Эгер операция жасалар болсо ал инсультка алып келет, эч болбоду дегенде майыптыкка дуушар кылат, тобокелчилик болжол менен төрт-беш пайызды түзөт. Ошентип бул операция кандайдыр бир кийлигишүү тобокелчилигинен айырмаланбаган жашоо үчүн дагы тобокелчиликтүү коркунуч менен коштолуп турду. Бирок эч нерсе жасабай койсо анда ал аял өмүр бою кайсы учур болбосун аны өлтүрүп коёр аневризма деген желмогуз мээсинде бар экенин ойлоп жашоого мажбур болот.

– Эмне кылабыз дедим?

– Бул бейтаптын өзү менен сүйлөшүп көрөлүбү?

*     *     *

Бул аялды эң биринчи жолу бир нече апта мурда амбулатордук бөлүмдөн кабыл алдым. Бейтапты мага аны дарылап жаткан компьютердик томографиядан өткөрүүгө буйрутма берген дарыгери жөнөттү. Бирок ал бейтап тууралуу жарылбаган аневризмасы менен отуз эки жаш курагынан башка эч нерсе айткан эмес. Стилдүү кийинген, узун кара чачтуу, төбөсүнө коюлган күндөн коргоочу көз айнекчен аял жалгыз келди. Ал амбулатордук бейтаптарды кабыл алчу кунарсыз бөлмөдөгү мен отурган үстөлдүн жанындагы отургучка отурду, кымбат баалуу дизайнерлик сумкасын жерге коюп тынчсыздана мага карады.

Белгилүү себептер менен кармалып калганыбыз үчүн кечирим сурадым да, сөздү баштаардан мурда бир топко унчукпадым. Анын үй-бүлөлүк абалы же дагы башка жеке темаларга тиешелүү түз суроолордон баштагым келген жок; мындай сөз анын жакында өлөрүн айтып жатканымдай туюлмак. Андыктан анын баш ооруусу тууралуу дагы бир жолу суроону чечтим.

Бейтап аял баш оорусун ийне-жибине чейин айтып берип, эми азыр жакшы болуп калганын билдирди. Чындыгында ошондой болчу, анын баш оорусу эч кандай коркунуч туудурмак эмес.

Эгер баш оорулардын себеби олуттуу болсо анда алардын мүнөзү боюнча тез эле анык болмок. Томографиянын жакшы жыйынтыгы ал аялды тынчтандырат деген үмүттө үй-бүлөлүк дарыгер тарабынан өткөрүлгөн жалпы текшерүү таптакыр эле башка жаңы көйгөйдү пайда кылып, эми ал аялды будуң-чаңга түшүрдү. Ал бул ишке байланыштуу көбүрөк маалымат алуу үчүн интернеттин баарын казды, жыйынтыгында албетте, күтүлбөгөн бир учурда жарылып кетер, жайлатылган кыймылдагы бомба баш мээсинде барын аныктады. Бейтап аялга менин кабыл алуумда узак апталар бою күтүүгө туура келди.

Мен ага компьютерден мээнин ангиограммасын көрсөтүп, аневризманын көлөмү өтө кичинекей экенин, балким ал эч качан жарылбасын түшүндүрдүм. Чоң көлөмдөгү аневризмалар гана адам баласынын өмүрүнө коркунуч алып келерин, аларга ойлонулбастан операция жасалышы зарылдыгын айттым. Аны менен эле бирге азыркы жасалар операция кийин аневризма жарылып кете тургандай эле коркунуч болгон инсультка да дуушар кылышы ыктымал экенин маалымдадым.

– Операциядан башка эч нерсе жардам бербейби?

Дарылоонун бир гана жалгыз жолу – хирургиялык кийлигишүү экенин түшүндүрдүм. Мындагы тек көйгөй аны жасаш керекпи же жокпу, ошонун белгисиздиги.

– Операциянын тобокелчилиги канчалык?

Төрттөн беш пайызга чейинки ыктымалдуулукта операциядан кийин көз жумарын же майып болуп каларын айтканымда ал ыйлап жиберди.

– А эгер операция жасабай эле койсочу? – деди көз жашын аарчый.

– Сиз карылыктан эле көз жумасыз, ал эми аневризма болсо ордунда кала берет.

– Мага сизди өлкөдөгү эң мыкты нейрохирургдардын бири экениңизди айтышты, - деди бейтаптардын адаттагы коркунучка багынбоого аракет кылган баёо ишеними менен.

– Эми, бирок мен антип айтмак эмесмин. Бирок тажрыйбамдын мол экенин ишенимдүү айта алам. Ошондой эле колумдан келгендин баарын жасаганга убада берем. Сиздин кийинки абалыңыз боюнча жоопкерчиликти мойнума алуудан коркпойм, бирок операция жасаш керекпи, жокпу – аны сиз чечесиз. Ишенип коюңуз, эгер эмне кылыш керек экенин өзүм билгенимде, анда сизге биринчи кезекте айтмакмын.

– А эгер сиз менин ордумда болсоңуз кандай кылат элеңиз?

Дароо жооп бербестен тыным жасадым. Себеби жашым алтымыш бирге келип калды, өмүрүмдүн көп бөлүгүн артка таштадым, анын ичинен эң мыкты жылдарды башыман өткөрдүм. Анын үстүнө жаш курагыбыз андан караганда мен аз жашаарымды айгинелеп турган, ошондуктан операциядан баш тарткан учурдагы аневризманын жарылып кетүү тобокелчилиги мен үчүн төмөн болчу, ал эми операция жасоого байланыштуу тобокелчилик салыштырмалуу жогору эле.

– Мен аневризманы дарылабайт болчумун, - дедим акыры. – Бирок аны эсимден чыгаруу да оор болмок.

– Мага операцияны сиз жасашыңызды каалайм, - деди ал. – Башымдагы нерсе менен жашагым келбейт. – Ал колу менен башын көрсөттү.

– Сиз чечимди азыр эле чыгарууга милдеттүү эмессиз. Үйүңүзгө барыңыз, ойлонуңуз, үй-бүлөңүз менен кеңешиңиз.

– Жок, мен баарын чечтим.

Мен бир азга унчукпай отурдум, себеби операцияга байланышкан тобокелчиликтин баарын ал түшүндүбү, жокпу – толук ишене албадым. Аны менен эле катар эгер баарын кайра кайталап түшүндүрүп берсем чечимин өзгөртөрүнөн дагы күмөн санадым. Акыры биз оорукананын лабиринт сымал коридорлору аркылуу жолго чыктык да катчымдын бөлмөсүн карай операция жасала турчу күндү белгилөө үчүн бет алдык.

*     *     *

Үч жума өткөн соң жекшемби күнү кечинде адаттагыдай кийинки күнү операция жасала турган бейтаптар жана жогорудагы бейтап аял менен жолугушуу үчүн ооруканага жөнөдүм. Ооруканага баргым келбей, маанайым жок, тынсыздануу сезимдери каптап алды: күндүн көп бөлүгүн алсыз сезимдерге байланып өткөрдүм, себеби бейтап менен бетме-бет келип анын кабатырланган абалына ортоктош болууга мажбур элем.

Ар бир жекшемби сайын велосипед менен ооруканага баратканда мени жаман сезимдер курчап алат. Алар операциянын канчалык деңгээлде оор экенине карабастан жаралат, андай сезимдерди үй шарттарын жумуш шартына алмаштыруумдун өзү эле пайда кылып салат. Мындай кечки жолугушуулар мен көп жылдан бери уюштуруп келе жаткан адаттагы көрүнүшкө айланган. Ошентсе да ушунча жылдан бери баары бир ага көнө албадым, ооруканга кеткен тынч, кичинекей жол аркылуу велосипед менен келе жаткандагы коркуу сезимдеринен, коркунуч каптаган бүлгүндүү мүшкүлдөн арылган жокмун. Бирок бейтаптар менен жолугушуп, алар менен сүйлөшүп, дүйшөмбү күнү болор операцияга тиешелүү маселелерди талкуулагандан кийин коркуу сезимдери дароо жоголот. Ошондо гана үйгө көтөрүңкү маанайда, кийинки күндүн көп бөлүгүн операция жасалчу бөлмөдө өткөрүүгө даяр экенимди сезе жайбаракат кайтам.

Бейтап айымды эң көп киши жаткырылган бөлмөдөн таптым. Аны менен кошо жолдошу да келсе керек, эми экөө менен бирдей баарлашууга мүмкүнчүлүгүм болот деп үмүттөнүп келгем, бирок жолдошу балдары жалгыз калгандыктан кетип калган экен. Биз алдыдагы операция тууралуу сүйлөштүк. Чечим кабыл алынган, андыктан тобокелчиликтер менен коркунучга кайра кайтуунун зарылчылыгын көргөн жокмун, ошентсе да маалымат макулдугу кагазына кол койдуруп жатканда аларды эске салууга туура келди.

– Сиз уктап эс аласыз деп үмүт кылам, азыркы кырдаалда бул абдан маанилүү. А мен сизге убада берем: өзүм сөзсүз уктап эс алам, - дедим.

Операция жасалчу күндүн алдында кечинде баардык бейтаптарга айткан бул тамашама бейтап айым жооп катары жылмайды. Ал менимче түшүндү: эртең операция күтүп турганда тынчтык, жымжырттык биринчи орунда турат.

Андан кийин дүйшөмбүдө дагы операция күтүп турган эки бейтап менен жолугушуп, операциянын майда-чүйдөсүнө чейин сүйлөштүк. Экөө тең маалымат макулдук кагазына кол коюп, мага ишенерин айтышты. Тынчсыздануу албетте, жугуштуу болушу мүмкүн, бирок өзүңө болгон ишеним дагы ошондой болушу ыктымал, себеби ооруканадан сыртка чыкканымда бейтаптардын ишеними мага кандай күч-кубат бергенин сездим. Ошол учурда өзүмдү кеменин капитанындай туйдум: баары жайында, баары ийне-жибине чейин даярдалган, кеме сүзүүгө (эртеңки операцияга) даяр турду. Мындай деңиз метафоралары менен тамашалаша элестеткен бойдон үйдү карай жөнөдүм.

*     *     *

Эртең мененки жыйналыштан кийин операция алдында бейтаптарга анестезия жасалчу бөлмөгө бет алдым. Бейтап айым медициналык сүйрөмө керебетте жатыптыр.

– Кутман таң! – Үнүмдү болушунча жайбаракат, өктөм чыгарууга аракет кылдым. – Жакшы эс алдыңызбы?

– Ооба, - деди ал бир калыпта. – Түндө жакшы уктадым.

– Баары жакшы болот. – Ага үмүт бергим келди.

Кайрадан ойлонуп баштадым: ал күтүлүп жаткан тобокелчиликти жакшылап терең түшүндү бекен? Балким ал өтө эр жүрөк чыгар, балким аркы-беркини жакшы аңдабаган чыгар. А балким ал мен айткандардын баарын кулагынын сыртынан кетиргендир.

Операцияга ылайыкталган халатты кийдим. Кийинүүчү бөлмөдөн операция жасоого даярданган кесиптештеримдин бирине жолугуп, андан бүгүнкүгө эмне пландалганына кызыктым.

– Омурткага гана бир нече операция жасалат. А сиздики болсо аневризма, туурабы?

– Жарылбаган аневризмага операция жасоодогу негизги көйгөй, эгер бейтап майып болуп көзүн ачса, анда хирург эч кимди күнөөлөй албайт, өзүнөн башка, - дедим. - Себеби операцияга чейин бейтаптын абалы эң сонун деңгээлде болот. Ал эми жарылып кеткен аневризма болсо анда ал бейтапка зыянын хирургдан мурда эле тийгизген болот.

– Ооба, ошондой деңизчи. Бирок жарылбаган аневризманы зыянсыздандыруу салыштырмалуу жеңилирээк.

Операция бөлмөсүнө кирдим. Мага ассистенттик кылчу улук ординатор Жефф бейтап айымды операция үстөлүнө отургузуп жатыптыр (Биздин нейрохирургия бөлүмүнүн өзгөчөлүгү: биз АКШнын хирургдары үчүн арналган бир жылдык окутуучу программаны өткөрчүбүз. Алардын бири Жефф. Башка америкалык сыноодогу дарыгерлер сыяктуу ал дагы мыкты жөндөмдөргө ээ). Ал операция учурунда таптакыр кыймылсыз абалда туруш үчүн бейтаптын башын шарнирлүү алкакка бекитилген үч казыкка жайгаштырды.

Мен бейтапка чачынын көп бөлүгүнө тийбейбиз деп сөз бердим, анан Жефф баштын алдыңкы маңдай бөлүгүн кырып баштады. Баштагы чачтын баарын кырып салуу операциядан кийинки инфекциянын алдын алат дегенге эч кандай далил жок. А мурда мындай манипуляция сөзсүз жасалышы шарт эле, натыйжада, бейтап абактагы адамга окшошуп чыга келчү. Анын чыныгы себеби, эми менин жеке оюм боюнча, албетте, бул тууралуу эч ким ачык айтпайт, чачын кырып салуу бейтапты өз бетинчелигинен ажыратат, мындай жагдайда мээге операция жасоо хирург үчүн алдаканча жеңил болот.

Чач алынып бүткөндөн кийин биз атайын раковинада колубузду жакшылап жууп, дезинфекциялайбыз. Колкап менен беткаптарыбызды кийген соң операция үстөлүнө кайтып, ишти баштайбыз. Алгачкы он мүнөт же ушул убакытка жакын мөөнөттөр бейтаптын башын антисептикалык аралашма менен сүртүп, стерилденген сүлгү менен ороп (баштын операция жасалчу жери гана ачык калыш керек), медкызматкер менен биргеликте керектүү шайман, жабдыктарды даярдоого сарпталат.

– Бычак, - дедим медкызматкер Ирвинге, андан соң бөлмөнүн аркы башындагы анестезиологго кыйкырдым: - Мен ишке кириштим.

Ошентип биз баштадык.

Баш сөөктү бор жана пневматикалык бургу шайманы менен ачып, кесилген жердеги кыйшыктарды атайын жылмалагыч машинка менен түздөөгө жарым саат кетти.

– Жарыкты алгыла, микроскоп менен операциялык отургучту алып келгиле! –эмоционалдык абалдан улам эмес, шаймандардын, жабдыктардын зыңылдаган үндөрүнөн мени укпай калышпасын деп кыйкырып жаттым.

Операция жасоого арналган заманбап бинокулярдык микроскоп – эң мыкты шаймандардын бири, мен дайыма колдонгон бул шайманды аябай жакшы көрөм (өз ишин сүйгөн мыкты уста шаймандарын да сүйөт). Ал жүз миң фунттан ашык баада турат, төрт тонналык салмакты түзөт, бирок ага карабастан каршы салмактын жардамы менен идеалдуу түрдөгү тең салмактуулукта турат. Аны жайгаштырып жатканда бейтаптын башына багытталып кызыгуусун арттырган турна сымал төмөн ийилет. Бейтаптын мээсин көрөр микроскоптун бинокулярдык сабы туура коюлган каршы салмактан улам куштун жүнүндөй жеңил, манжамдын бир эле башкаруусу аны кыймылга келтирет. Ал көрүнүштү чоңойтуп гана тим болбостон күндөй тийген ксенон жарыгы менен жаркыратып көргөзөт.

Эки санитар микроскоптун оордугунан улам ийилип, аны эңкейе эки жагынан жай түртүп операция жасалып жаткан үстөлгө жакындатып келишти, мен бийиктигин жана аралыгын жөнгө салууга мүмкүн болгон чыканактарды кошо жайгаштыруучу атайын отургучка отурдум. Ушул учурда мени кастарлуу сезимдер коштолгон толкундануу сезими каптайт. Мен отуз жыл мурда өмүрүмдө алгачкы жолу аневризманы көргөн кубанычтуу сезимдеримден толугу менен кутула элекмин. Өзүмдү атка минип алып жомоктогудай жырткычтын артынан куугунтукка түшкөн орто кылымдагы согуш аскериндей сезе баштайм. А чынында: микроскоп бейтаптын мээсине тушталып, багытталган учурда көз алдымда ачылган көрүнүш кандайдыр бир деңгээлде сыйкырдуу, оорукананын кунарсыз коридорлору, комиссиялар, кагаз иштери, инструкциялар камтылган сырткы дүйнөгө караганда алда канча ачык, жарык, даана жана түшүнүктүү. Микроскоптун кымбат оптикасы менин толкундануумду ого бетер күчөтүп, тереңдик менен дааналыктын укмуштуудай сезимдерин жаратат. Бул өтө эле жекече сезимдер. Албетте, катарыбызда микроскопко туташтырылган видаёмонитор аркылуу операция жүрүшүнө көз салган бригада бар. Жанымда микроскоптун кайталап көрсөткөн бир көзү аркылуу менин кыймылымды байкоого алган ассистент турат. Бирок ага карабастан оорукананын бүтүндөй коридорунда клиникалык практиканын стандарттарына арналып илинген, команда жана кесиптештер менен иш алып баруунун маанилүүлүгүн баса белгилеген плакаттарга карабастан, операция мен үчүн дайыма жалгыз салгылашуу болуп эсептелет.

– Кана эмесе, Жефф, ишти колго алалы. Мага шпателди бериңизчи, - дедим Ирвинге.

Эки нейрохирургиялык шпателдин бирин: ичке саптуу, учу ийилген темир шайманды тандадым дагы бейтаптын маңдайына, мээсине киргиздим. Мээни акырындык менен баш сөөктөн ажыратып көтөрүп, ортодо кууш көңдөй пайда болуш үчүн абайлай миллиметрден миллиметрге жылдырып, аневризмага жетүү үчүн жол ачтым. Микроскоп менен көп жылдан бери иштеп келе жаткандыктан ал менин тулку боюмдун бир бөлүгүнө айланган. Микроскоп аркылуу караганда чындап эле өзүм кошо бейтаптын мээсине кирип бараткандай болом, ал эми микроскоптун учтары өзүмдүн манжаларым сыяктуу сезилет.

Мен Жеффке уйку артериясын көрсөтүп, Ирвинден микроскоптук бычакты беришин өтүндүм да, өмүрдү сактоого көмөктөшкөн магистралдык кан тамырды курчаган мээнин желе сымал чырмалышкан челин акырындык менен кесип баштадым.

– Укмуштуудай көрүнүш! – деди суктанган Жефф.

Чындыгында ошондой, себеби биз аневризманы жарылып кеткенге чейин операция жасап жатпайбызбы, ошондуктан мээнин ички түзүлүшү эч кандай зыянга учурабаган тейде жалжылдап, таптаза болуп көзгө сонун көрүнөт.

– Дагы бир шпатель, - дедим.

Эми эки шпатель менен куралданып, мээнин желе сымал жука чел кабыктары менен байланышкан маңдай менен чыкый мээнин учтарын бири-биринен ажыратам. Желе сымал чел кабык аркылуу кеткен жүлүн суюктугу тоо суусундай тунук болуп микроскоптун жарыгынан күмүш түстө чагылышат. Ушундай көз жоосун алган кооздуктар аркылуу кичинекей майда кан тамырлар, артериол менен чырмалыша капталган сыйдаң сары мээнин үстүңкү катмарын көрө алам, ал көрүнүш космостон көрүнгөн ири дарыянын салаалап куйган жерин элестетет. Эки мээнин ортосунда жаткан кочкул кызгылт көк түстөгү жаркылдаган кан тамырлар ортоңку мээнин артериясына түшөт, андан соң мен аневризмага жолуга турган тарапты карай кетишет.

– Укмуш! – деди дагы бир жолу суктанган Жефф.

– Мурда жүлүн суюктугун эгер анда кан же инфекциянын калдыктары болбосо Жин сыяктуу тунук болот дешчү, - дедим. – Менимче бүгүнкү күндө ага карата алкоголго тиешелүү болбогон башка сөздү колдонуш керек.

Бир аздан кийин ортоңку мээнин артериясына жетип барам. Чындыгында анын калыңдыгы миллиметр гана, бирок микроскоп аркылуу караганда күлгүн кызыл түстөгү жоон терек коркунучтуу согуп жаткандай көрүнөт. Артериянын так сабында жайгашкан аневризманын түнөгүн табуу үчүн ошол жоон теректей көрүнгөн артерияны жээктей эки мээнин ортосундагы тар капчыгай (Сильвиев жолу аталат) аркылуу жылып өтүшүм керек.

Жарылып кеткен аневризма учурунда ортоңку мээдеги артерияны бөлүп алуу оңойго турбайт, ал процесс өтө кыбыраган тейде жүрөт, себеби кан куюлуп кеткендиктен эки мээнин бөлүктөрү бири-бири менен жабышып калат. Аларды ажыратуу көп күчтү талап кылган оор жумуш, аны менен бирге операция учурунда аневризма экинчи жолу да жарылып кетиши мүмкүн.

Ошентип, микроскоп бычагы менен эки мээнин бөлүктөрүн бири-биринен ажыратып, аларды четке түртүп, бириктирип турган желе сымал ичке чел кабыктын жиптерин кесип, экинчи колумда кармаган вакуум соргучу менен мээде пайда болгон ашыкча суюктукту сордуруп алам.

Адам мээсинде бир нече кан тамырлар топтолгон, аларга коркуп кетип мээнин нормалдуу кан айлануусун бузуп же болуп жаткан нерселерге тоскоолдук жараткан кандын толуп кетүүсүнө алып келген кокустуктан пайда болгон зыяндарды келтирип албаш үчүн кылдат болууга болгон күч аракетимди жумшайм.

Кээде бул процесс ушунчалык оор, чыңалууну жараткада же өмүргө коркунуч туудурганда колдорумду отургучтун атайын текчесине коюп, кыска тыным жасап, терең дем алып, операция жасалып жаткан мээни кунт коюп карап чыгам. Мына бул кан тамырларга оролгон килкилдеген май менен белоктон турган этти караганда мээмдеги жаралган ойлор дагы кантип эле так ушундай нерседен турсун. Анын жообу албетте, ошол эле: ооба, ушундай нерседен турат. Анткен менен ал ойдун өзү ушунчалык сандырак, ушунчалык акылга сыйбас сезилгендиктен кайрадан операцияга кайтуудан башка жол табылбайт.

Бул манипуляция бүгүн эмнегедир жеңил өтүп жатты. Маңдай менен чыкый мээнин бөлүктөрүн бири-биринен толугу менен ажыратыш үчүн көргөн аракетим кийимдин сыдырмасын сыдырып жаткандай эле оңой болду. Ушундай түрдө бир аз гана убакыт өтүп, биздин көз алдыбызга курчап турган мээнин ткандарынан бошотулган аневризма чыга келди, аны менен бирге микроскоптун ксенон жарыгына чагылган кочкул кызгылт түстөгү кан тамыр көрүндү.

– Мына эмесе, карачы, ал өзү бизден оозун бууп коюуну суранды, туурабы? – дедим Жеффке. Мени кубаныч сезимдери каптап алды, себеби эми бир аз жеңилдесе болот.

Жумуштун эң тобокелчиликтүү бөлүгү артта калды. Эгер операция учурунда аневризмага жеткенге чейин ал жарылып кетсе, куюлган канды токтотуу өтө оор. Бул учурда мээ шишип, артериядагы кан фонтан сымал атып чыгат да, тешилген баш сөөктүн ичи оргуштаган айлампа канга айланат, мээнин ушундай абалында аневризмага жетүүгө аргасыз аракет кыласың. Мындай жаман көрүнүштү микроскоптун чоңойтулуп көрсөткөн айнеги аркылуу караганда оозу-мурдуңа кан кирип, өзүң ошол айлампага чөгүп бара жаткандай сезилет. Жүрөктөн бөлүнүп чыккан кандын бир бөлүгү мээге куюлат, эгер жарылып кеткен кан тамырдан чыккан канды убагында токтотпосо саналуу мүнөттөр ичинде бейтап эң баалуу суюктуктун литрлеген көлөмүн жоготот. Жарылып кеткен аневризмадан аман калган бейтаптар өтө аз.

– Кана эмесе, эми бекитүүчү тетиктерди көрөлүбү, - дедим.

Ирвин аневризманы бекитүүчү жаркыраган титан тетиктер салынган металл жайма идишти сунду. Алар мүмкүн болгон түрдүү формада жана көлөмдө болот, андыктан кандай гана аневризма болбосун төп келген вариантын тандап алса болот. Мен микроскоп аркылуу аневризманы карадым, андан кийин бекитүүчү тетикти, кайра аневризманы.

– Алты миллиметр, бекем тартылган, тик бурчтуу, - дедим Ирвинге.

Ал мен айткан бекитүүчү тетикти алып чыгып, аппликаторго жайгаштырды. Аппликатор -эки учу бири-бирине туташкан, пружиналуу кармай турган сабы бар татаал шайман. Бекитүүчү тетик анын учуна жайгаштырылган соң, хирургдун жумушу анын сабындагы пружинаны бекем кысып, бекитүүчү тетикти ачышы керек да, аневризманын алкымына алып барып орнотушу керек, андан соң тетик аневризманы артериядан ажыратып бууп калышы үчүн пружинаны жай коё бериши керек. Ушундайча аневризмада мындан ары кан топтолбой калат. Пружина калыбына жыйрылып келген учурда бекитүүчү тетик андан бошонуп бекилген жеринде калат, ошондо аппликаторду чыгарып ала берсе болот, ал эми бекитүүчү тетик аневризманы бууган бойдон өмүр бою ошол жерде калат.

Мындайча айтканда таёрия боюнча ушундай болушу керек, мен мурда жасаган буга окшогон жүздөгөн операция учурунда так ушундай болгон.

Аневризма баардык жагынан эч кандай өзгөчөлөнбөй, катардагыдай эле көрүнгөндүктөн мен отургучтан туруп, ишти аягына чыгаруусуна Жеффке уруксат бердим. Ассистенттеримдин баардыгы аневризма деген азгырыкка мен сыяктуу эле кызыгуу менен мамиле кылышат. Мындай операцияларды жасайм дегенден алардын эки көзү төрт, бирок азыр бекитүүчү тетик коюу менен ачык операция жасоонун ордуна көп учурда атайын баллон же спиралды орнотуу менен жасалган эндоскопиялык кийлигишүүгө жүгүрүшөт, андыктан аларга зарыл болгон билим-тажрыйбаларды берүүгө менде мүмкүнчүлүк жок. Аларга берер жалгыз нерсем өзүмдүн жеке көзөмөлүм алдында мындай сейрек операциянын эң жөнөкөй бөлүгүн, – аневризманы бекитүүнү гана аткарууга уруксат берүү.

Жефф отургучка ыңгайлаша отургандан кийин медайым ага бекитүүчү тетик тагылган аппликаторду сунду, Жефф болсо "эч нерседен кабарсыз" жаткан аневризмага аны акырындык менен жакындатты. Микроскоптун кошумча экранынан аневризманын жанында ишенимсиз тегеренип жүргөн бекитүүчү тетикти тынчсыздануу менен карап турдум. Эч нерсе болгон жок. Сыноодогу дарыгерди үйрөтүү – баарын өзүң жасаганга караганда жүз эсе оор жана кыжырдантма жумуш.

Арадан бир канча убакыт өткөн соң (саналуу секунддар өтсө керек, бирок мага түбөлүктөй сезилди) муну мындан ары кароого чыдамым жетпесин түшүндүм.

– Сен өтө эле көпкө кармалып жатасың. Кечирип кой, бирок ишти өзүм бүтүргөнгө мажбурмун.

Жефф унчукпастан отургучтан өйдө турду. Айрыкча мындай учурда сыноодогу хирургдун жетекчиликке каяша айтуусу алаңгазарлык көрүнүш болмок, андыктан ал үн деген жок, анан биз кайрадан орун алмаштык.

Мен аппликаторду алып, аны аневризманын айланасына орнотуп, пружинанын сабын кыстым. Эч нерсе болгон жок.

– Энеңди урайын, тетик ачылбай жатат!

– Менде да ушундай көйгөй болбодубу, - деди Жефф, бир аз таарынган үн менен.

– Энеңди урайын! Мейли, башка тетик бергилечи.

Бул жолу бекитүүчү тетик моюн сунуп берди, мен анын ачылган оозун аневризманын алкымына кийгиздим. Аппликатордун сабын коё бердим, бекитүүчү тетик аневризманын алкымын бууп, орношту. Аневризма болсо жеңилген бойдон кысылып, буулуп калды, эми жогорку басымда айланган артериялык канга анын кирүүгө мүмкүнчүлүгү болбойт. Мен жеңилдей түшүп үшкүрдүм, кезектеги аневризманы ийгиликтүү жок кылганда дайыма ушундай кылам. Анткен менен азыр төбө чачым тик турган коркунучка кептелдим; бул аппликатор биринчисинен өткөн олуттуу көйгөйлүү болуп чыкты. Бекитүүчү тетик аневризманын оозун бууп орноп калгандан кийин аппликатордон чыкпай калды. Кичинекей аневризманы ортоңку мээнин артериясынан жулуп алуу тобокелчилигине туш болуп, кан куюлуп кетүү коркунучуна кептелген бойдон отургучта отурган калыбымдан кыймылдабай, колумду абада асып турдум. Эгер аневризма энелик артериядан үзүлүп кетсе, анда канды токтотуунун бир гана жолу ал артерияны алып салуу болуп саналат, албетте, бул учур инсульт менен аяктайт. Мен колумду жылдырбай кармап турууга болгон күчүмдү жумшап сөгүнүп жаттым.

– Эми эмне кыл дейсиңер? – кимге экени белгисиз эле кыйкырып жаттым.

Мен үчүн узак мөөнөткө созулган бир нече секунддан кийин бул абалдан чыгуунун жалгыз жолу – бекитүүчү тетикти алып салуу деген ойго келдим. Албетте, аневризманы чоң тобокелчиликке салдым, жарылып кетүүсү толук мүмкүн эле. Аппликатордун сабын кайра бекем кыстым, жүрөгүмдү опкоолжуткан көз ирмемден кийин бекитүүчү тетиктин оозу кайра шарт ачылды. Аневризма ошол замат көөп, көз ачып жумганча артериялык канга толуп, жашоого кайтып келди. Менимче ал мына-мына жарылууга даярданып, мени шылдыңдап ойноп жатат, бирок андай болгон жок. Отургучка чалкаладым да, жаалдана сөгүнүп, кайра бери болуп тетикти бөлмөнүн аркы башына ыргытып жибердим.

– Мурда бир да жолу мындай болгон эмес! – кыжырдандым, анан көз ачып жумганча кайра өзүмө келип, Ирвинге тамашалай кайрылдым: - Шайманды жерге ыргытып жибергеним карьерам боюнча үчүнчү жолу гана кайталанып жатат.

Дагы бир аппликаторду табыш үчүн бир нече мүнөт күткөнгө туура келди. Жараксыз болуп чыккан биринчи эки аппликатордун тийишкен тоголок учу эмнегедир өтө бекем жабышкан абалда экен. Ошондо гана отуз жыл мурун мен ишине байкоо салып, анын жетекчилиги алдында тажрыйба топтоп, сыноосунан өткөн хирургдун бир жолу ушундай көйгөйгө кабылганы тууралуу айтканын эстедим. Бирок анын бейтабы меникине караганда жолсуз болгон. Ал аппликаторду колдонор алдында дайыма текшерген мен билген жалгыз хирург болчу.

Дарыгерлер медицинадагы "илим жана искусство" жөнүндө айтып бергенди жактырат. Бул нерсени мен дайыма жасалма көйрөңдүк деп эсептеп келгем, жасаган ишимди өтө маанилүү практикалык өнөр деп билем. Аневризманы бекитүү – көп жылды талап кылган жөндөм. Атүгүл аневризма бошотулуп, бекитүүгө даяр болуп калса да, операциянын эң кооптуу учуру артта калып, баары бир хирургдун алдында аневрзима түнөк тапкан артерияга залака келтирбөө үчүн бекитүүчү тетикти аневризманын алкымына кандай жагдайда орноштуруу керектигин так аныктоо жоопкерчилиги турат.

Ал эми мына бул аневризма дээрлик коркунуч туудурбагандай түр көрсөтүп, ошентсе да, нервим ордунан жакшы эле козголгондой болду, андыктан ассистентке операцияны улантууга уруксат бере албайм, жаңы аппликаторду колдонуп, аневризманын оозун бууп ишти өзүм улантам. Ушул жерден дагы бир көйгөй жаралды: бекитүүчү тетик аневризманын негизин толук жаппай тургандай формада экен, анын өтө чоң эмес бөлүгү тетиктин четинен чыгып, калганын айкын көрүп турдум.

– Толук жаппай калды, - деди жардам бергиси келген Жефф.

– Көрүп жатам! – деп бир тийдим.

Кезектеги калчылдаткан учур. Оңтойлуу абалда жайгаштыруу үчүн бекитүүчү тетикти бир аз ачып, кичине жылдырыш керек, бирок тетикти кайра ачкан учурда аневризма жарылып, микроскоптон көрүнгөн, дат мага чачырап тиер фонтандай атырылган канга туш болушум мүмкүн. Бир жагынан аневризманын негизи жакшы бекитилбей калса, бейтаптын мээсинде баары бир кан куюлуу коркунучу бар кооптуу жагдай кала берет.

Белгилүү англиялык хирург мындай деген: “Мыкты хирургдун нерви болоттой бекем, жүрөгү арстандыкындай тайманбас, колдору айымдардыкындай назик болушу керек”. А менде булардын бири да жок. Андыктан бекитүүчү тетикти кандай болсо ошондой калтырып, акыры бул операцияны аягына чыгарууну каалаган жеңилгис эңсөөм менен күрөшүүдөн башка аргам жок.

– Жакшыраак – жакшынын душманы, - деген сөздү адатта операцияны спорттук мелдеш катары караган ассистенттериме көп айтам. Алар мага аневризмага бекитүүчү тетикти мындан да жакшы жайгаштырарымды айтканды жакшы көрүшөт, - натыйжада операция учурунда жарылып кеткен аневризманын кесепетин алар тартышпайт. А эгер чындап ушундай көрүнүш болуп кетсе, жетекчиңдин жан талаша оргуштаган канды токтотууга далбас урганын карап турган андан бетер кызык. Мен сыноодогу дарыгер кезимде мындай көрүнүш мага ыракат тартуулачу. Себеби операциядан кийин текшерүүгө алып жүргөн мезгилде ошол хирургдун колунан майып болгон бейтаптарга кез келген учурда хирургдун жан дүйнөсүн талкалоочу көтөрө алгыс оор, өзүн күнөөлүү сезүү сезимине ассистенттер же сыноодогу дарыгерлер туш болбойт да.

– Макул эми, - дедим акыры, жанымдагы уялып кеткен ассистентке карай, бирок ошол эле учурда жылдар бою жасаган жүздөгөн аневризмаларды катарынан тизмектей оюман өткөрүп, андан тышкары бир топ хирургдар сыяктуу эле тажрыйба менен кошо белгилүү бир эр жүрөктүүлүк дагы топтолгону оюма келди. Тажрыбайсыз хирургдар ашыкча кылдаттык менен иштешет, узак мөөнөттүү практикадан кийин гана башында мүмкүн эместей оор сезилгендин көпчүлүгү колуңдан келерин түшүнөсүң.

Акырындык менен бекитүүчү тетикти ачып, аны аневризманын алкымын айландыра жай жылдырдым.

– Дагы деле бир аз калып калды, - деди Жефф.

Кээде мындай кырдаалда ийгиликсиз жасалган аневризмалар өтмүштүн элестери сымал көз алдымдан чууруп өтөт. Жүздөр, ысымдар, кайгыга муунган туугандары, мен көп жыл мурда араңдан зорго унуткандын баары кайрадан эске түшөт.

Операцияны эртерек аяктоону эңсеген каалоом менен кошо, өтмүштүн элестери чогулуп, менин ишиме көз салып тургандай туюлган, аң-сезимимдин кайсы бир жеринде орун алган, кан куюлуп кетүүдөн жаралган коркуу сезимдеринен арылуунун жан алекетин көрүп, алар менен күрөшүп, тетикти дагы бир жолу жылдырыш керекпи же жакшысы тийбей койгон оңбу, – чечим чыгарам. Таразанын бир жагына салынган коркуу менен кооптонууга экинчи жагындагы башка нерсени болжолдогон муздак элес тең турат.

Бекитүүчү тетикти үчүнчү жолу оңдодум. Эми ал идеалдуу бекигендей болду.

– Бүттү, - дедим.

– Сонун! – деди сүйүнгөн Жефф. Анын үнүнөн кайгырган ноталар сезилип турду. Себеби бекитүүчү тетикти өз алдынча коё албай калбадыбы.

*     *     *

Жеффти тешилип ачылган баш сөөктү бекитип тигүүсү үчүн калтырып, операция бөлмөсү менен чектеш хирургдардын эс алчу бөлмөсүнө кирдим да, бир нече жыл мурда сатып алган кызыл булгаары диванга жата кеттим. Бул жолу да кезектегидей эле жашообуздагы көп нерселер күтүлбөгөн кокустуктар менен аныкталып калары жөнүндө дагы ойлондум. Баш сөөккө жасалган баардык операциядан кийин бейтаптын мээсине кандайдыр бир залака келтирилген жокпу, – текшерүү үчүн анестезиолог бейтапты дароо ойготот. Кандай гана оор операция болбосун ар бир нейрохирург операциядан кийинки анестезиологдун жумушу бүткөнгө чейин чыдамсыздык менен күтөт, атүгүл азыркыдай баары жакшы өткөнү белгилүү болсо дагы баары бир тынчсызданат. Бейтап эң сонун абалда көзүн ачты; аны бир сыйра карап алып ооруканадан чыктым.

Кара булут каптап, түнөргөн асман алдында велосипедди айланта тээп үйгө баратып, мурдагы мезгилдерде аневризмага ийгиликтүү жасалган операциялардан кийин курчап алган кубанычтын кичине гана бир бөлүгүн сезгендей болдум. Жаш кезимде ийгиликтүү операциядан соң кайра жаралгандай, бул дүйнөгө жаңы туулгандай жандана түшчүмүн. Өзүм операция жасаган бейтаптарды ассистентим менен кыдырып көрүп жүргөн учурда алардан уккан ыраазычылыктардан өзүмдү кезектеги согуштук салгылашты жеңген генералдай сезчүмүн. Бирок отуз жыл ичинде ушунчалык көп трагедияга күбө болдум, көп ката кетирдим, ошондуктан мен үчүн шаттанып кубануу өткөн чакта калды, ошентсе да акыры бул операциянын ийгиликтүү аяктаганына ичимден сүйүндүм. Аз жерден туш болуп кала жаздаган бүлгүндөн буйтап өттүм, эми бейтаптын өмүрүнө коркунуч жок. Мындай терең, ички дүйнөңө жарык чачып нурданткан өтө бийик сезимге, мелдеше алам, хирургдардан тышкары, аз гана киши туш болот. Психологиялык изилдөөлөр жеке бактыңа жетүүнүн эң оңой жолу – айланаңдагыларды бактылуу кылуу экенин көрсөткөн. Мен ийгиликтүү жасалган операциялар аркылуу бир топ бейтаптарды бактылуу кылгам, бирок ошол эле учурда жолум болбогон учурлар да аз эмес. Ичиңди ачыштырган кайгыдан улам кээде терең депрессияга түшпөгөн бир дагы нейрохирургду таба албайт болушуңуз керек.

Ошол эле күнү кечке маал эртең менен операция жасалган бейтапты көрүү үчүн кайра ооруканага келдим. Анын көздөрүнүн алдындагы көгөргөн жерлери менен шишиген маңдайын көрдүм. Адатта мындай операцияны башынан өткөргөн бейтаптарда бул көрүнүш бир нече күндөн кийин айыгат. Ал керебетте отуруптур. Бейтап аял өзүн аябай жаман сезгенин жана башы ооруганын айтты.

Мен анын көгөргөн жерлери менен операциядан кийинки ооруган башына анчалык деле маани бербегеним үчүн жанында отурган жолдошу мени жек көрө карады. Балким анын ооруган жерлерине көбүрөк көңүл бурсам болмок, бирок операция аз жерден таш-талканы чыгып, бүлгүнгө учурап кала жаздагандыктан мындай болор-болбос ыңгайсыздыктарды олуттуу карай алган жокмун.

Бейтап айымга операциянын ийгиликтүү өткөндүгүн, жакында сөзсүз жакшы болорун айттым. Операцияга чейин анын жолдошу менен баарлашууга мүмкүнчүлүгүм болгон эмес (эреже катары баардык маанилүү учурларды кандай болсо дагы бейтаптын жакындары менен баарлашып, талкуулаганга аракет кылам), ошондуктан ал мындай операцияларды кандай кооптуу жагдайлар коштоору тууралуу бейтап айымдын өзүнөн дагы аз кабардар болсо керек.

Хирургдун улуу жеңиши жана жетишкендиги – дарыгерди тез унутуп сакайып кеткен бейтаптар. Ийгиликтүү операциядан кийин алгач баардык адамдар хирургга чексиз ыраазы болушат. Бирок эгер ал адамдардын ыраазычылыгы түгөнбөй улана берсе, анда көйгөй чечилген жок дегенди түшүндүрөт, себеби ал адам кийин биздин кызматка муктаж болуудан коркуп, сактанат. Мурдагы мындай бейтаптарыбыз биз каардуу жаратман же башкалардын тагдырын чечкен элдешкис күч болгонсуп, биздин көңүлүбүздү алып туруш керек деп ойлошот. Алар бизге белектерди алып келип, куттуктоо каттарын жөнөтүп турушат. Алар бизди баатыр дешет, кээде Кудайга да салыштырып жиберишет.

Ошондой эле биз үчүн эң чоң ийгилик – бейтаптардын үйүнө чыгып, мурдагы жашоосуна кайтып баруулары, биз менен эч качан көрүшпөөсү. Албетте, алар бизге чексиз ыраазы, мындан шек санабай койсо да болот, бирок ийгиликтүү операциядан кийинки кубаныч менен кошо ооруга байланышкан коркунучтуу көрүнүштү да өмүр бою жүрөгүбүзгө калтырып кетишет. Балким алар кайрадан көзүн ачып сакайып кетишкени канчалык ийгиликтүү болгонун, операциянын канчалык коркунучтуу жана кооптуулугун эч качан билбей калышат чыгар. Ал эми хирург операция учурунда тозоктун жанынан кыл менен өтүп, аз убакытка бейишти сезгенге үлгүрдү.

3. Гемангиобластома

Кан тамырлардан башталган жүлүн же сүйрү мээдеги шишик

Мен жумушка көтөрүңкү маанайда келдим. Күн тартибинде кан тамырлардын топтолушунан келип чыккан, шишиктин сейрек түрү – сүйрү мээдеги гемангиобластома бар болчу. Бул шишик залалсыз, түбү кайырдуу, демек аны хирургиялык кийлигишүү аркылуу дарыласа болот, бирок эгер эч нерсе кылбай, тийбей койсо, бейтаптын өлүмүнө алып келет. Операция учурунда өтө чоң эмес кооп жаратышы ыктымал: шишикке кылдат мамиле жасабаган учурда кан куюлуп кетиши мүмкүн, ошентсе да мындай операцияда ийгиликтүү натыйжанын ыктымалдуулугу жогору. Буга окшогон операцияларды нейрохирургдар жакшы көрүшөт: алардын ар бири техникалык мүнөздөгү татаал тапшырмаларды алып жүрөт, ал эми ийгиликтүү жыйынтыкка ээ болгон учурда ыраазы болгон бейтапка туш болосуң.

Ошол бейтап бир нече күн мурда мага амбулатордук кабыл алууга келген. Акыркы бир нече ай бою аны башынын катуу оорусу кыйнап келген. Ал тармал чачтуу, бети кызгылт тарткан кырк жаштагы бухгалтер болчу. Кызарган жүзү аны уялып, тартынып тургандай көрсөтөт. Аны менен сүйлөшүп, өзүм кошо тартынган сезимдерге туш болуп, ыңгайсызданып жатып кырдаалдын оор жагдайларын толук жеткирүү кыйын болду. Кийин гана анын бетиндеги кызгылт түс кандагы жогорку курамдагы эритроциттерди камтыган полицитемияга байланыштуу экенин түшүндүм. Өөрчүп бараткан шишик эритроциттердин кемиктин ичиндеги майлуу ткандарда көбөйүүсүн шарттаган.

– Өзүңүздүн мээңиз чагылдырылган сүрөттү көрөсүзбү? – дедим, баардык бейтаптардан сурагандай эле суроону берип.

– Ооба... – деп ишенимсиз үн катты.

Шишик кичинекей капкара ийри жыландарга толтурулгандай көрүнүп, анын себеби кооптуу коркунуч туудурган кан тамырларга тынымсыз аккан кандын агымында эле. Сүрөттөгү мүнөздүк белгилерди көрүп, суудай каптаган энтузиазмга көмүлдүм, анткени ал көрүнүш алдыда өтө кызыктуу жана татаал операция күтүп жатканын айгинелеп турган. Мен сүрөттөгү көрүнүштү түшүндүргөнчө бейтап коркуу сезимдери менен мониторду карады. Андан тышкары биз анын тынчын алган симптомдорду да талкууладык.

– Мурда анчалык деле катуу ооруган эмесмин, - деди ал муңайымдуу. – Эми карабайсызбы.

– Бул шишик залалдуу эместигине, дарыласа болоруна дээрлик ишенип турам, - дедим.

Мээдеги шишиктердин көпчүлүгү залалдуу, дарылоого мүмкүн эмес түргө кирет; андыктан бейтаптар менен баарлашууда аларды тынчтандырып, кабатыр кылбай үмүттөндүргүм келген каалоом менен көбүнчө күрөшүүгө муктажмын. Себеби кээде алардын үмүтүн актай албаган учурда операция алдында өтө эле оптимисттик маанайда болгонум үчүн катуу өкүнүүгө дуушар болом.

Шишикти залалдуу эмес деп эсептейм, демек ошондой экенин бейтапка айттым. Андан соң операцияга байланыштуу тобокелчиликтер тууралуу түшүндүрмөнү берип, хирургиялык кийлигишүү жасалбай турган учур менен ортого чыгар кооптуу учурду салыштырып көрүүсүн айттым. Эгер шишикке тийбей, операция жасабай койсо анда ал бир нече айдан кийин көз жумаарын бейтапка түшүндүрдүм.

"Маалыматка негизделген макулдук" таёриясында баары жөнөкөй көрүнөт: хирург бейтапка операциянын терс жактары менен пайдалуу тарабын түшүндүрөт, андан соң бейтап дүкөнгө барып жайнаган тиш щёткалар ичинен ылайыктуусун тандап алуудан караганда жеңил болгон, жеке көз карашы боюнча оптималдуу чечимди оор басырыктуулук менен кабыл алат. Бирок иш жүзүндө мунун баары башкача. Бейтаптар коркуп турганы аз келгенсип, маселенин эмнеде жатканын да таптакыр түшүнө беришпейт. Алар хирургдун жетиштүү деңгээлде компетенттүү экенин кайдан билет? Алар хирургду сыйкырдуу жөндөмдүүлүккө ээ ыйык киши катары эсептеп, андан үмүттөнүп, коркуу сезимдерин жеңгенге аракет кылышат.

Мен бейтапка өтө чоң эмес (бир-эки пайыз) кооптуу учур бар экенин, эгер операция ойдогудай болбосо, же ал көз жумат, же инсультка кабыларын айттым. Чындыгында так статистиканы билчү эмесмин, себеби буга окшогон саналуу гана учурга туш болгом: бул сыяктуу чоң шишиктер өтө эле сейрек кездешет. Операциясыз баары бир мүмкүн эмес экенин өзүм так билгенден кийин бейтапты ашыкча кабатырлантып, коркутканды жек көрөм. Бир нерсени айтышым мүмкүн: эч нерсе кылбай коюуга караганда операция жасоо туура жол. Көп жылдык тажрыйбамдан кийин операция жасаш керекпи же жокпу деген тандоого туш болгон учурда кыйналбайм. Ал эми жаш хирург мындан да олуттуу карама-каршылыктарга учурашы ыктымал. Эгер татаал кырдаалдарды баштан өткөрбөсө кантип жөндөмдүүлүктөр калыптанат? А бирок кайсы бир кесиптешиңдин тажрыйбасы сага караганда арбын болсочу?

Эгер бейтаптар рационалдуу ой жүгүртө алышса, алар сөзсүз хирургдан буга окшогон операциялардын канчасын жасаганын сурашмак. Бирок иш тажрыйбама ылайык, мындай суроону дээрлик эч ким бербейт. Хирургдун тажрыйбасыз жана өз ишин начар билерин элестетүүнүн өзү коркунучтуу, ошондуктан ага жөн гана ишеним артып тим болуу эң оңой. Бир аздан кийин эле анын бычагы алдында жатар бейтап үчүн хирургга сын-пикир менен мамиле кылуу өтө оор. Мага операция жасашкан учурда дагы мени операция кылган кесиптештеримдин алдында өтө толкунданып, коркунучка туш болгонума аябай таң калгам. Ошол эле учурда кесиптештеримдин да коркуп жатканын жакшы түшүнгөм: кесиптешиңди дарылап жатканда адаттагы кесипкөйлүгүңдүн изи да калбайт. Андыктан кандай хирург болбосун ал башка бир хирургга операция жасаганды жек көрөрүнө таң калбай деле койсо болот.

Мындай түрдөгү операциядан жүз кишинин ичинен бир-экөөсү көз жумат же майып болуп калат деген түшүндүрмөлөрүмдү бейтап унчукпай укту. Ал башын ийкей баардык эле бейтаптар айткан сөздү айтты:

– Баардык эле операция кооптуу эмеспи.

Эгер ага операциянын кооптуулугу мисалы беш, он беш же атүгүл элүү пайызды түзөт десем ал операциядан баш тартат беле? Мындан төмөн тобокелчиликти көрсөткөн башка хирургду издөөнү чечет беле? Эгер мен баарлашуу учурунда бир да жолу тамашалай сүйлөшпөсөм башкача чечим кабыл алат беле?

Бейтаптан суроолору барбы деп сурадым, бирок ал баш чайкады. Үстөлдөн калемди алып, сары кагазга басылып чыгарылган узун, толтура жазуулары бар, анын ичине бейтаптын ички органдарын мыйзамдуу түрдө колдонууга макулдук берүү бөлүмү кошо камтылган форманы окуп чыгып кол коюусун өтүндүм. Ал аны окуган жок, мага туш болгон бейтаптардын бири да окуган эмес. Ошентип ага операция кийинки дүйшөмбүгө белгиленгенин айттым.

*     *     *

– Бейтапка киши жөнөттүңөрбү? – дедим дүйшөмбү күнү эртең менен операция жасалчу бөлмөгө кирип.

– Жок, - деди анестезиологдун ассистенти Ю-Нок. – Кандын анализинин жыйынтыктары жок болуп жатат.

– Бирок бейтапты ооруканага эки күн мурда эле жаткырышпады беле.

Корей улутундагы жакшынакай Ю-Нок ыңгайсыздана жылмайды, бирок эч нерсе дебеди.

– Канды бүгүн эртең менен саат алтыда кайра экинчи жолу анализге жөнөтүштү, - деди бөлмөгө кирген анестезиолог. – Биринчи анализдин жыйынтыктары эскирип, оорулардын бейнеси электрондук системасына салынган, ал болсо бүгүн иштебей калыптыр, анан ооруканада жаңы компьютердик система ишке киргизилди. Эми бейтаптын номуру өзгөрүп кетип, кечээ жасалган кандын анализинин жыйынтыктарын таппай койдук.

– Мен качан ишти баштасам болот? – Мындай кечиктирүүгө нааразы болдум, анын үстүнө оор операция күтүп турган.

Операция өз убагынан кечикпей башталганы абдан маанилүү. Баардыгы ойдогудай даяр болушу керек, хирургиялык шейшептер өз ордунда коюлуп, шаймандар катарынан тизилип турушу кажет: бул көрүнүш операция алдындагы коркуу сезимин жеңгенге жардам берет.

– Эң эле аз дегенде бир сааттан кийин даяр болуп калат.

Мен биринчи кабатта илинип турган iCLIP - жаңы компьютердик системасы бейтаптарды бир нече мүнөттөргө гана күттүрө турганы жазылган дубал гезитти эстеттим.

Анестезиолог күлүп калды. Мен операция жасалчу бөлмөдөн чыктым. Бир нече жыл мурун мындай көрүнүшкө кабылганда ачууланып, кырдаалды эртерек жөнгө салууларын талап кылып жинденчүмүн. Бирок кийинчирек жинденген ачуум аргасыз моюн сунууга алмашты; мага болгону толугу менен алсыздыгымды кабыл алууга туура келди. Болгону чоң заманбап ооруканадагы жаңы компьютердик программага туш болгон кезектеги дарыгер болчумун.

Жардамчыларымды каттоо жериндеги текченин жанынан таптым, ал жерден күнөөлүүдөй жылмая компьютерди чукулап отурган жаш жигитти көрдүм. Ал артында да, алдында да көк жазуу менен "iCLIP Администратору" деп кооз жазылган ак түстөгү жука чыптама кийип алыптыр.

Мен улук ординатор Фионаны суроолуу тиктедим.

– Биз администратордон кандын жыйынтыгын таап көрүүсүн сурандык, бирок азырынча табыла элек, - деди Фиона.

– Анда тиги байкуш бейтаптан кечирим сурап келет окшойм, - дедим үшкүрө. Операция алдында эртең менен бейтаптар менен сүйлөшкөндү жек көрөм. Алар коркуу сезимдерин туйган тирүү адамдар экенин эскерткен ойлорго кабылгым келбейт, алардан кем калбаган деңгээлде өзүмдүн да толкунданганымды сездирип алчудай тартынам.

– Мен ага баарын түшүндүрүп айттым, - деди Фиона, бактыга жараша.

Ординаторлорду калтырып иш бөлмөмө кайра келдим. Ал жерден катчы Гейлден башка, жаңы келип түшкөн бейтаптарга бош орун табуу татаал тапшырмасы жүктөлгөн башкы медайым Жулияга да кезиктим. Жаткыра турган орундар дайыма жетишсиз болгондуктан Жулия жаңы бейтаптарды жаткыруу үчүн бейтаптардын бирин алып кетүүгө башка бөлүмдөгү адисти көндүрүү аракетин көрүп, бир күн кечке телефондон ажырабайт.

– Карасаңыз! – Гейл iCLIPтин башкы бетин сөөмөйү менен көрсөттү.

Ал жерден, Гейл бат-баттан төмөн өткөрүп жаткан тизменин арасынан "Өлгөндөн кийин чыгаруу", "Өлүмдү жокко чыгаруу", "Туулгандыгы тууралуу оңдоо жүргүзүү" (алардын ар биринде өзүнө тиешелүү белгилери бар) сыяктуу кызыктай баш жазууларды көрдүм.

– Дайыма бир нерсе керек болгондо ушул кызыктай жаман тизмени ачып анын арасынан издөөгө туура келет, - деди кабагын чытыган Гейл.

Аны ошол кызыктай тизме менен жалгыз калтырып кагаз иштериме кириштим. Бирок акыры мага телефон чалып, бейтап менен анестезиологдор иштеп жатышканын кабарлашты.

Мен кийимимди алмаштырып, тепкич менен көтөрүлүп Фионага келип кошулдум. Жалпы наркоз берилген бейтапты операция бөлмөсүнө алып баратышты. Бейтап жаткан керебет менен кошо тамчылатчу дары коюлган сүйрөмө темирди, бейтаптын абалын көзөмөлгө алчу жабдууларды бирге кармай сүйрөп эки анестезиолог, эки санитар, Ю-Нок коштоп баратты. А сүйрөмө керебет менен чогуу чубалжыган мүмкүн болгон баардык түтүктөр менен сымдарды көрсө болот. Бейтаптын бетине көзүн коргоп жана анестетиктин түтүгү менен бет булчуңдарын көзөмөлдөгөн сымдарды кармап туруучу жабышчаак малаам (пластырь) узун-узун тартылып жармаштырылган. Ушундайча тирүү адамдын операция жасалчу объектте айлануусу менин кабыл алуумдагы өзгөрүүлөргө толугу менен ылайык келип турду. Коркуу сезими суу менен жуугандай жоголуп, анын ордун бекем жана кубанычтуу кунт коюп көңүл буруучулук ээледи.

Шишик мээнин түпкү бөлүгүнө барып такалгандыктан чоң кан жоготуу коркунучу бар эле, ошондуктан мен бейтапты мындайча, жөнөкөй тил менен айтканда, отургузуп алып операция кылууну чечтим. Ал үчүн бейтаптын башы операция жасалчу үстөлгө карматылган атайын баш сөөктү кармоочу фиксаторго бекитилет. Андан соң операция жасалчу үстөл экиге бүктөлүп, жарымы бейтаптын тулку боюн отурган калыбында тик кармоо үчүн жогору көтөрүлөт. Мындай ыкма операция жүрүшүндөгү кан жоготууну азайтууга жардам берет, андан тышкары, шишикке оңой жетүү үчүн шарт түзөт. Бирок ошол эле учурда жаңы коркунуч туулат: отурган бейтаптын венадагы кан басымы бөлмөдөгү атмосфералык басымдан төмөн болуп, кокус ири кан тамыр зыянга учураса анда жүрөк аба соруп баштайт да, өтө коркунучтуу кесепеттерге дуушар кылат. Башка операциялар сыяктуу эле баары тобокелчиликке туура баа берүүдөн, татаал жабдуулар менен так иш алып баруудан, дарыгердик курамдын тажрыйбасынан жана эң жөнөкөй ийгиликтин жылмаюусунан көзкаранды. Фиона экөөбүз анестезиолог, санитарлардын жана Ю-Ноктун жардамы менен бейтапты отургуздук. Уйкуда жаткан дээрлик өлүк денени ылайыктуу тик абалга келтирип, башын оңтойлуу кылып алдыга ийилтип, колдору менен буттарын бүгүлбөгөндөй жайгаштырып, бейтапка туташтырылган түтүктөр менен сымдардын чырмалышкан жерлери жокпу, текшерип чыгуу үчүн жарым саат кетти.

– Кана эмесе, баштадыкпы? - дедим.

Операция кынтыксыз өттү. Биз дээрлик бир тамчы кан жоготкон жокпуз. Гемангиобластома – толук бойдон бир эле алып салынар нейрохирургиядагы жалгыз шишик. Аны жарым-жарымдан кесип отурган учурда өтө чоң кан жоготуу болмок. Башка баардык шишиктер акырындык менен чечкесинен алынат. Алгач борбордук бөлүгү кесилип же сордурулат, кийин калган бөлүгү мээден алыс ары карай тазаланат, ушундай түрдө мээге келтирилген коркунучтун деңгээли азайтылат. Гемангиобластомада болсо мээ менен шишиктин ортосунан канал ачууга туура келет: кууш өтмөк пайда кылуу үчүн мээ каптап турган чел кабыгынан бир нече миллиметрге жылдырылат. Мээден шишиктин сырткы катмарына карай алып барган көптөгөн кан тамырларды тосуп коюу зарыл, аны менен бирге мээге зыян келтирбөөгө өтө кылдат болуш керек. Мунун баары жакындатылган микроскоп жардамы менен жасалат. Кан тамырлар канчалык кичинекей, ичке болбосун, эгер алар жарылып кетсе чыныгы ташкын пайда болот. Жүрөк бөлүп чыгарган кандын бир бөлүгүнүн баары мээге барып куюларын эстен чыгарбоо кажет. Ой жүгүртүү – ушундай энергияны көп сарптоочу процесс. Эгер бүт нерсе ырбабай, ойдогудай өтсө, шишик тегерегиндеги ткандардан бошонуп, хирург аны бейтаптын мээсинен сууруп чыгат.

– Алып чыктым! – дедим салтанаттуу, операция жасалчу үстөлдүн аркы бетиндеги анестезиологго кан болгон шишикти анатомиялык кычкачтын башына кыпчып, башыман өйдө көтөрө силкилдете көргөзүп. Шишик көлөмү тырмагымдай болчу, буга чейинки кабатырланууларыбыз менен түйшөлө жасаган ишибизге анын көрүнүшү эч эле татыбайт.

*     *     *

Иш күнүм соңуна чыккан соң операция жасалган бейтаптардын бөлмөсүн карай жөнөдүм. Бүгүн операция жасалган бейтап мен ойлогондон да жакшы абалда экен, күчкө толуп, өзүн сергек сезгени көрүнүп турду. Жанында керебет четиндеги жубайы экөө мага терең ыраазычылык билдиришти.

– Мына ушинтип жолубуз болуп, ийгилик жылмайды, - дедим, бирок алар менин кебимди калп сыпайыкерчиликтен улам айтылып жаткандай кабыл алышты. Чындыгында кайсы бир деңгээлде ошондой эле болчу.

Эреже болуп калгандай колумду спирт гели менен майлап, бөлмөдөн чыкканымда ошол күнү нөөмөттө турган улук ординатор Жеймске жолугуп калдым.

– Сиз бүгүн нөөмөттөгү дарыгер болушуңуз керек, - деди таң калтырып.

– Ошондойбу? Болуптур анда, эмнең бар?

– Жергиликтүү ооруканалардын бирине кырк алты жаштагы эркек киши чыкый сөөгүнүн оң бөлүгүндөгү тромба менен түшкөн, болжолдоого караганда тромба ашказанга карай улануусу ыктымал. Бул АВТК болушу мүмкүн. ГГШ – беш. Ал бейтапты алып келишкенде сүйлөп жаткан.

АВТК – артерия веналык тубаса кемтик. Ал кан тамырлардын патологиялык топтолушунан пайда болот, жалпы кан куюлууга алып келиши мүмкүн (көп учурда ушундай). ГГШ – глазго кома шкаласы бейтаптын аң-сезими канчалык деңгээлде зыянга учурагандыгын аныктоо үчүн колдонулат. Бул шкала боюнча беш балл бейтап комада, өлүмгө жакын экенин түшүндүрөт.

Жеймс бейтаптын жапа чеккен жери чагылдырылган сүрөттөрдү көрүп көрбөгөнүн, бейтап жасалма дем алдырчу аппаратка туташтырылганбы сурадым.

– Ооба, - деди Жеймс. – Сүрөттөрдү көрдүм, бейтап жасалма дем алдырчу аппаратта.

Эми эмне кылайын деп жатканын сурадым. Жеймс эң тажрыйбалуу ординаторлордун бири болгондуктан мындай кырдаалды жөндөп кетерин билчүмүн.

– Ал бейтапты токтоосуз бул жакка алдыртыш керек, - деди. – Бейтапта өтө чоң эмес гидроцефалия бар, ошон үчүн дренаж түтүгүн коюп, андан соң АВТКга тийбей тромбду алып салам. АВТК өтө эле чоң кийлигишүүнү талап кылат.

– Анда ишке кириш. Аны сактап калса болот. Эртерек бул жерге алып келишсин. Ал жактагы дарыгерлерге түшүндүр, эгер ыкчам жеткире алышпаса, алып келүүнүн пайдасы жок. Алар "өтө кооптуу абалдагы, өлүм алдындагы бейтапты жеткирүү" деген сыйкыр сөздү колдонууга туура келет, ошондо гана "Тез жардам" ыкчам жеткирет.

– Бүттү, баары аткарылды, - деди ыраазы болгон Жеймс.

– Эң сонун! Ушундай темп менен иштей бер.

Андан соң тепкич менен төмөн түшүп иш бөлмөмө кеттим.

*     *     *

Үйгө велосипед менен жөнөдүм. Жолдон керектүү азык-түлүк алууга дүкөнгө кайрылдым. Эки кызымдын кичүүсү Кэтрин үйгө бир нече күнгө келген, анан ал бизге кечки тамакка даамдуу бир нерсе жасап берем дегенинен керектүү азык-түлүгүн алып барып берейин дедим. Азык-түлүктөрдү корзинкеге салып, кассанын оозуна кезекке турдум.

"А сиз бүгүн эмне иш кылдыңыз?" – алдымда турган адамдардан сурагым келди. Салтанаттуу күндү соңуна чыгарган мендей таланттуу нейрохирургдун кезек күтүп турганына жиним келди. Бирок кайра ойлондум: жумушумдун ушунчалык жогору баалануусунун жалгыз себеби, адам өмүрүнүн маанилүүлүгү, анын ичинде мына бул алдымда кезек күткөн адамдардын да өмүрү кирет. Жаман ойлорумдан уялып, өзүмдү кайра жемеледим. Андан тышкары, жакында картайып, пенсияга чыгам, анан менин ойлорум менен эч ким эсептешпейт. Ошого азыртадан даярдануу туура го дейм.

Ойлорумду телефондун шыңгыраган үнү бузду. Тынчсыздандым: балким бүгүн шишигин алып салган бейтапка бирдеме болгонун кабарлоого улук ординатор чалып жатсачы. Бирок анын ордуна (бир жагынан телефонго жооп берүүгө аракеттенип, экинчи жагынан азык-түлүктөрдү касса алдындагы транспортерге коюу менен алпуруштум) чоочун үн:

– Сиз бүгүнкү нөөмөттөгү нейрохирургсузбу?

Баардык шашылыш чалууларга эреже боюнча нөөмөттөгү ординатор жооп берет, ошол үчүн кооптонуп жооп бердим:

– Ооба.

– Мен шашылыш жардам бөлүмүндөгү кичи дарыгерлердин бири болом. – Башкы дарыгер бир бейтап боюнча сизге чалуума буйрук берди. Сиздин нөөмөттөгү ординатор пейжерге жооп бербей жатат.

Мен ачууланып кеттим. Эгер иш ушунчалык шашылыш болсо анда эмне үчүн "шашылыштагы" дарыгер өзү мага түз чалган жок? Эгер кесиптешиңе чалсаң жок дегенде жөнөкөй эле этикетти сакташ керек да!

– Эмнегедир ишене албай турам, - дедим мурдумдун алдынан бурк эте, чачылып кеткен мандариндер менен таттуу токочторду салыштырып жатып. Алар өздөрүнүн "шашылышына" жамынып, бейтапты бизге түртүп коюуну каалашса керек. – Мен азыр эле аны менен он мүнөт мурун сүйлөшкөм.

Бирок мени уккандай болгон жок.

– Бул эркек киши алтымыш жети жашта, курчуп кеткен өнөкөт... – деп баштады ал.

Мен анын сөзүн бөлүп Фионага чалуусун айттым: ал бүгүн нөөмөттө эмес болсо да ооруканадан чыга электигин билчүмүн. Анан телефонду өчүрүп, айран таң кала тиктеген кассиршага күнөөлүү жылмая төлөм жасоого кириштим.

Дүкөндөн кабатырланып чыктым. А балким бейтаптын абалы чындап эле оор болсочу, а Жеймс болсо кандайдыр бир себептер менен пейжерге жооп бербей калсачы... Мен Фионанын чөнтөк телефонуна чалып, кырдаалды түшүндүрүп кабатырланып жатканымды айттым. "Шашылыштагы" кызматкерлер адаттагыдай эле бейтаптардан кутулуунун аракетин көргөндөй сезилбейт, а мүмкүн оор кырдаал тууралуу кеп болуп жатат?

Фиона жарым сааттан кийин кайра чалды.

– Бул өтө эле күлкүлүү көрүнүш, – деди күлкүсүн араң кармаган Фиона. – Жеймс чалууга болгон билдирүүнү алыптыр. Мен чалганда ал шашылыш жардам бөлүмүнө баратыптыр. А бейтапка эч нерсе деле болбоптур, анын жашы алтымыш жети эмес сексен бирде экен; алар абалы жакшы экенин көрсөткөн сүрөттөрдү башкасына алмашытырып алышкан.

– Шайтан алгырлар.

Үйгө жетейин деп калганда жамгыр башталды. Үстүмдү спорттук кийимге алмаштырып, үйдүн жанындагы сейил багын араладым. Дене тарбия – альцгеймер оорусун алдын алат дешет. Сейил багын бир айланып чыкканча эле кайрадан телефондун шыңгырагы угулду.

– Шайтан алгырдыкы! – дедим дагы бир ирет, чөнтөгүмдөн алып чыкканда колумдан сыйгаланып түшүп кеткен телефонго.

– Бул Жеймс. Канды токтото албай жатам, - кир жерде жаткан түтүктөн тааныш үн угулду.

– Эмне болду? – дедим телефонду жерден алаарым менен.

– Мен тромбду алып салдым, ал жерге дренаж түтүгүн койдум, бирок ички бөлүктөн өтө көп кан кетип жатат.

– Кабатыр болбо. Ал жерге кан соруучу марлиден болушунча арбын кой да, тыным жаса. Чай ич. Чайдан башка бир да нерсе канды эң мыкты деңгээлде токтото албайт. Мен жарым сааттан кийин барып калам.

Ошентип сейил бактан денемди тарбиялаган соң душка түшүп, кайрадан ооруканага жөнөдүм, бул жолу велосипед менен эмес авто-авто-унаамды айдап чыктым, анткени жамгыр төгүп жаткан. Караңгы кирип, катуу шамал башталды, атүгүл түндүккө кар да жаап койгон, болбосо азыр апрель айы. Жеткирүү кызматынын авто-авто-унаа токтотулуучу кир жайга келип токтодум. Бирок бул жерге башка авто-унаалардын токтоосуна тыюу салынган. Анткен менен биздин авто-унаа токтотуучу жай өтө эле алыс, а бул жерден операция жасалчу бөлмөгө колуңду созсоң жетесиң.

Мен операция бөлмөсүнө баш бакканда операция жасалчу керебеттин четиндеги Жеймс бейтаптын башын таңып жатыптыр. Жеймстин халатынын алды жагы канга боёлуп, буту турган жерде кочкул кызыл кан көлчүктөйт. Көрүнүп тургандай операция аяктаган.

– Баары жакшыбы? – дедим.

– Ооба, баары ойдогудай. Бирок жакшы эле убакыт короду.

– А сен канды эртерек токтотуу үчүн чай ичтиңби?

– Эмии... чай дегенге болбойт, бирок ичтим, - деди жанындагы үстөлдө турган пластик бөтөлкөдөгү кока-коланы көрсөтүп.

– Анда кандын көпкө токтобогонуна таң калбаса да болот, - дедим тамашалай, операция бөлмөсүндөгүлөрдүн баары күлдү. Баарынын көңүлү жайдары: операция бүттү, эми үйгө барса болот. А мен түндө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган бейтапты текшерип коюуну чечтим, стандарттык процедура ушундай.

Интенсивдүү терапия бөлүмүндөгү бир апта өтө эле чыңалуу менен өттү, бөлмөдө жаткан бир бейтаптан башкасынын баары эсине келе элек. Алардын баары өчүп күйгөн жарыктар менен изумруд экрандуу аппаратка чубалжыган толтура түтүк сымдар менен туташтырылып, керебетте чалкасынан жатышкан. Ар бир бейтапты бирден медайым карайт, ал эми бөлмөнүн ортосунда бир топ кызматкер иш алып барган компьютерлер орнотулган чоң үстөл жайгаштырылган. Ал жердеги кызматкерлердин айрымдары телефон менен сүйлөшүп, компьютер менен иштесе, айрымдары жандандыруу бөлүмүндө биринин артынан бири пайда болгон түгөнбөс тапшырмалардын ортосунан тыным жасап шашып-бушуп кофе ичип жатышты.

Эртең менен операция жасалган эркек ошолордун арасындагы эсин жоготпогон жалгыз бейтап. Ал керебетте отуруп, жүзү мурдагыдай эле кыпкызыл, бирок өзү сергек көрүндү.

– Өзүңүздү кандай сезип жатасыз? – дедим.

– Эң сонун, - деди, чарчаңкы түр менен жылмая.

– Азамат! – Менимче, мыкты жасалган иш үчүн хирургдарды гана эмес, операцияны баштарынан өткөргөн бейтаптарды да алкоо керек.

– Бизде ушундай согуштагыдай, - дедим медкызматкерлердин кам көрүүсү алдында жаткан бейтаптарды көргөзө. Арасынан саналуусу гана жашап кетет, эгер жашап кете алышса, албетте, кандай гана мээге келтирилген зыян болбосун аны көтөрүү оор.

– Бүгүн түнкүсүн бир аз кыйналасыз, жакшы уктай албашыңыз мүмкүн, - дедим.

Ал баш ийкеди. Мен жайдары абалда жеңилдеп, авто-унаа токтоочу жайды карай сыртка чыктым. Авто-унаамдын маңдайкы айнегинде чоң билдирүү чапталып турганын көрдүм. "Сизге блокиратор бекитип кетишти", - деген жазуу бар экен. Андан кийин төмөн жагында мени кайдыгерликке күнөөлөшүп, оорукананын айланасындагы эрежелерди сактабаган кош көңүл мамилемди ж.б. жазышыптыр, ал эми эң аягында коопсуздук кызматына кайрылып, ири суммадагы айыппулду төлөшүм керектиги айтылыптыр.

– Мен мындан ары чыдай албайм!

Ачууга муунуп турдум. Тегерегимдеги темир колонналарга үнүмдүн болушунча айкырып, авто-унаамды айланып жүрө бердим. Бир маалда айраң таң калтырган көрүнүштү байкадым. Авто-унаамдын бир да дөңгөлөгүнө блокиратор бекитилбептир. Жинимди келтирген билдирүүнү кайра башынан окуп, эки илеп белгиси баса коюлуп "Кийинки дагы бир жолкуга чейин бекитилбейт" деп кол менен жазылган жазууну таптым.

Мен үйгө ачууланып да, бир четинен ыраазы болуп да кайттым.

4. Мелодрама

Курч интрига жараткан жана ашыкча эмоционалдуу, ошол эле учурда соңу хеппи-энд менен аяктаган драма.

Жакында эле мени "Холби Сити" телесерилынын үстүндө иштеген сценаристтер менен жолугушууга чакырышты. Мен Лондондун аркы башында жайгашкан бекетке жетип, ал жерден Уимблдон – Борхем Вуд поёздине отуруп, андан ары шаар четиндеги көрктүү мейманкананы карай бет алдым, жолугушуу ошол жерде болмок. Килейген чоң үстөлдү тегеректей жыйырмадан кем эмес киши отурду. Алар Холби Ситидеги ойдон чыгарылган ооруканада нейрохиругиялык бөлүм зарылбы же жокпу деп тартышып жатышкан экен, анан менден мээге жасалчу катардагы операция тууралуу айтып берүүмдү суранышты. Тыным албастан дээрлик бир саат сүйлөдүм, бул нерсе мен үчүн оор деле эмес. Анткен менен ишимдин кайгылуу, жагымсыз жагдайларына көбүрөк басым жасап койдум окшойт.

– Бирок сиздин запаста көрүүчүлөрдүн купулуна толор, аягы жакшы бүткөн окуяларыңыз да сөзсүз болушу керек, - деди отургандардын бири, дароо Меланини эстедим.

– Эмесе мындай, - деп баштадым. – Бир топ жыл мурда мына-мына көз жаруу алдында турган бир аялга операция жасадым...

Ошол шаршемби күнү үч бейтапка операция жасамакмын. Эки аялга мээсиндеги шишикке, бир жигиттин омуртка сөөктөрүндөгү чуркусуна (грыжа) операция жасалмак. Күн тартиби боюнча биринчи кезекте көрүүсү акыркы учурда өтө начарлап, жыйырма сегиз жаштагы айым бейтап Меланиге операция жасоо белгиленген. Аны бизге шейшемби күнү түштөн кийин акушердик бөлүмдөн шашылыш которушту (Меланинин отуз жети апталык боюнда бар болчу). Томография мээсинде шишик барын көрсөттү. Шейшемби күнү нөөмөттө мен тургандыктан аны мага алып келишти. Меланини биринчи көргөнүмдө коридордон бир ийинине колун коюп, бир колуна дипломат кармаган күйөөсү коштоп келиптир. Бир нерсени сүзүп алуудан коркуп, оң колун алдыга булгалай, ал эми экинчи колун көрүүсүн жоготкондой эле ичиндеги ымыркайын да жоготуп алуудан коркуп, курсагын кармап келатты. Мен аларды нейрохирургия бөлүмүнө киргизип, мындан аркы иш-аракетти талкуулоо үчүн бир аздан кийин келеримди айттым.

Томография мээнин түпкүрүндөгү түрк ээрчеси сымал менингиоманы аныктап чыкты (тагыраак айтсак, адамдын сүйрү жана борбордук мээсин каптаган чел кабыктардагы мембранада өөрчүйт). Менингиома көрүү нервдерин кысып, аларды көздөн мээни карай жылдырып баштаган. Мындай шишик көп учурда залалдуу болбойт, жай темпте өөрчүйт. Бирок алардын айрымдарында эстрогендин рецепторлору болгондуктан кош бойлуу учурунда эстрогендин организмдеги деңгээли жогору көтөрүлөр болсо, шишик өтө тез өөрчүйт. Мелани туш болгон абал ушундай көрүнүшкө дал келет. Шишик түйүлдүккө эч коркунуч алып келбейт, бирок шишикти өз убагында алып салбаса энеси толугу менен сокур болот. А бул саналуу күндөрдө ишке ашмак. Мындай диагноздогу операциянын процедурасы калыптуу, бирок көрүүсү начарласа, операция кайра аны калыбына келтирет дегенге кепилдик жок. Мындан тышкары, операциядан кийин көрүүсү кайра начарлап кетиши ыктымал. Ушундай эле операция жасалган бейтаптарымдын бири таптакыр көрбөй калган. Албетте, ал операцияга чейин эле көрбөй келген, бирок Мелани туш болгон кырдаал дагы ошондой көрүнүшкө окшош болчу.

Бир сааттан кийин бөлмөгө киргенимде керебетте отурган Мелани менен бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө которулган учурда керектүү документтерди толтуруп жаткан жанындагы медайымды көрдүм. Меланинин күйөөсү айласы куругандай түр менен отургучта отуруптур. Мен алардын жанына жакын барып, керебеттин четине отуруп, мунун баары кантип, эмнеден башталганын сурадым.

– Бул абалга үч жума мурда туш болдум. Жакында эне болчулардын курсунан келатып авто-унаамдын бир капталын үйүбүздүн гаражына чийип алдым. Кантип эле кенен жерден чийип алганымды түшүнбөйм, бирок үч күндөн кийин сол көзүм начар көрүп баштады.

Ал сүйлөп жатканда көздөрү ары-бери кыймылдап, тыбырап, көз карашы көрүүсүнөн ажыраган башкалардыкындай эле бир чекиттен жылган жок.

– Ошондон бери начарлагандан начарлай берди, - деди ал.

– Сиздин көзүңүздү текшеришим керек, - дедим, андан соң мени көрүп турабы, сурадым.

– Ооба, бирок тумандашып жатат.

Колумду алдыга созуп, манжаларымды жуумп, Меланиден канча манжамды көргөнүн сурадым.

– Айта албайм. – Анын үнүнөн айласы түгөнгөн муңайым угулду. – Мен көргөн жокмун...

Мен иш бөлмөмө барып, дарыгерлер бейтаптардын көзүнө жарык берчү фонарик – офтальмоскопту алып келүүгө кеттим. Офтальмоскоптун шкаласын түздөп, Меланинин сол көзүнүн торуна туштай жарык бердим.

– Бет маңдайыңызды түз караңыз, - дедим. – Жарыкты карабаңыз, антпесе карегиңиз кичирейип көрүнөт.

Акындар айтат – көз жан дүйнөнүн күзгүсү, бирок медицинада көз – мээнин күзгүсү: көздүн торун карап чыгуу менен көзгө түзмө-түз байланышкан мээнин абалын болжолдуу аныктаса болот. Көздүн ичке, кичинекей кан тамырлары мээнин кан тамырларынын абалын так көрсөтөт. Бактыга жараша, көрүү нервинин учтары тордун кан тамырларына салыштырмалуу зыянга учурабагандай, соо көрүндү. Демек, операция Меланинин көрүүсүн гана сактап калбастан, анын жакшыруусуна да жардам бериши ыктымал.

– Көрүнүш жаман эмес, - дедим оң көзүн текшерген соң.

– Баламчы! Балама эмне болот? – деди Мелани, өзүнүн көрүүсүнөн да баласынын тагдыры тынчсыздандырып.

Мен анын колунан алып балага эч кандай зыян келбестигин айттым. Акушерлер менен сүйлөшөм, мен шишикти алып саларым менен алар дароо ымыркайды кесарево аркылуу төрөтүп алышат. Экинчи ирет жасалчу анестезиясыз баарын ишке ашырса болот. Операция көздүн көрүүсүн калыбына келтиреринен үмүт кылдым, бирок ага кепилдик бере албастыгымды айттым. Ошол эле учурда операциядан кийин Мелани өмүр бою көзү көрбөй калышы мүмкүн экенин да билдирдим. Баардыгы операцияга чейин белгисиз шишиктин канчалык деңгээлде көрүү нервдерине жакын жайгашкандыгынан көзкаранды. Бир эле нерсени так айттым: операция жасалбаса Мелани таптакыр көрбөй калат. Андан тышкары Украина, Судан сыяктуу жакыр өлкөлөрдөн убагында дарыланбагандан улам көзү көрбөй, ушундай эле шишикке туш болгон бир топ бейтаптарга операция жасаганымды кошумчаладым. Мен бейтаптан маалымат макулдук формасына кол коюусун өтүндүм. Жолдошу эңкейип, Меланиге ручканы кармоого жардам берди. Ал түшүнүксүз бирдемени кагаз бетине чиймеледи.

*     *     *

Кийинки күнү эртең менен ошол кезде мени менен чогуу иштешкен улук ординатор Патрик менен бирге операцияны жасадым. Операция күтүлгөндөй эле толкундануу сезимдерин жаратты. А операция жасалчу бөлмөнүн оозунда, коридордо ымыркай үчүн керектүү жандандыруу шаймандарынын топтомун даярдап алып акушер, педиатр жана медайымдардын чакан армиясы турду. Дарыгерлер менен медайымдар мындай драмалык учурлардан ыракат алышат, ошондуктан эртең мененки көрүнүш майрамдын атмосферасына толуп турду. Анын үстүнө кунарсыз нейрохирургиялык операция бөлүмүндө жаңы өмүрдүн жаралаары укмуштуу сезилди. Биздин бригада дагы ал учурду чыдамсыздык менен күттү. Бир гана кабатыр болчу нерсе (айрыкча мени, Меланини жана анын күйөөсүн) көзүнүн көрүүсүн сактап калуу колдон келеби же ал өмүр бою сокур бойдон калабы.

Меланини операциялык сүйрөмө керебет менен күйөөсүнүн коштоосунда алып келишти, шейшеп менен жабылган курсагы дөңчө сымал сыймыктангандай бийик көтөрүлүп турду. Күйөөсү көз жашын араң токтотуп, анестезия бөлмөсүнө кире бериштен Меланини өптү. Андан соң медайымдардын бири жолдошун сыртка чыгарып кетти.

Жудит жалпы анестезияны бергенден кийин Меланини бир капталына оодардык, андан кийин Жудит чоң ийне менен белине процедура жасап, бейтаптын сүйрү мээсиндеги суюктукту сордуруу үчүн катетер түтүгүн орноштурду. Бул ыкма баш сөөктөгү мейкиндикти бир нече миллиметрге бошотуп, операция жасоого мага шарт түзөт.

Бейтаптын чачы кырылган соң Патрик экөөбүз баштын маңдайкы бөлүгүн узунунан ийри-буйру тилдик. Кесилген теринин эки капталын кан кетип калбашы үчүн бекем, бирдей кармап баштын терисинде жайгашкан кан тамырларды кыстырып, эки четине бекитүүчү желим тетиктерди койдук. Анан Меланинин маңдайындагы терисин төмөн сыйрып, анестезия түтүгү карматылып, бетине жармашытырылган жабышчаак малаанын үстүнө тескерисинен жайдык. Операциянын башында эле Патрикке айттым:

– Бул бейтап жаш жана сулуу. Андыктан кийин тырыктар билинбегендей кылалы.

Мен ага кантип байкалбагандай кылып көздүн орбитасынын жанынан баш сөөктү бир эле жолу тешип, андан соң Жильи аталган ичке сым түрүндөгү араа (сырткы көрүнүшүнөн сыр же тоңгон майды кесүүчү кыл сымга окшош, болгону андан сапаттуураак; анын жардамы менен стандарттык механикалык шаймандардан караганда сөөктү ичке тилик менен кесип алса болот) менен оң көздүн үстүндөгү тешикти керектүү өлчөмгө чейин кеңейтиш керектигин көрсөттүм. Жильи араасы менен иштеп жаткан учурду алыстан караганда жаман көрүнөт: кесип жатканда майдаланган сөөктөр менен кошо кандын ичке агымы чачырап бүркүлөт, ал эми араанын өзү кычыраган жагымсыз үн чыгарат. Бирок Патрикке түшүндүргөндөй эле ошонун баары натыйжалуу көрүнүш үчүн татыйт, себеби натыйжада кынтыксыз кесилген ичке тилик гана жаралат.

Патрик сөөктүн бир өөнүн, жазылыгы үч сантиметрдей, андан көп эмес жерин кесип болгон соң мен анын ордуна отуруп, Меланинин баш сөөгүнүн ички бөлүгүн пневматикалык дрель менен жылмаладым. Баш сөөктүн түбү эки-үч миллиметр бийиктиктеги микроскопиялык тоо кыркаларын элестеткен майда бүдүрлөргө толду. Аларды аралап жатып мээдеги кошумча мейкиндикти бошоттум, себеби шишикке жеткен учурда аларды баш сөөктүн каптал дубалдарынан алыс жылдырбаганга мүмкүнчүлүк түзөт. Патриктен мээнин чел кабыктарын кайчы менен кесип, жол ачуусун айттым. Белдеги дренаж өз ишин аткарды: сүйрү мээдеги суюктук сордурулган соң боз-көгүш түстөгү мээнин чел кабыгы жыйрылып, баш сөөктөн ажырады. Патрик аны хирургиялык кычкач менен кыпчып көтөрүп, мээге кирүүгө жол ачып, кесе баштады. Патрик жапалдаш бойлуу, чечкиндүү жана армян тектүү ачык-айрым американец.

– Бул мокок экен. Кеспей эле эзип жатат, - деди ал, мээнин чел кабыгын ажыратууга аракет кылып. – Башкасын бергилечи.

Операция учурунда жардам берүүчү медайым Мария башка кайчы берди. Патрик мээнин маңдайкы оң каптал бөлүгүн жылаңачтап, катуу чел кабыкты кесип, аны жогору түрттү.

Окумуштуулар азыркыга чейин адамдын маңдайкы оң каптал мээ бөлүгү кандай роль ойнойт – аныкташа элек. Чындап эле ал жерге келтирилген майда зыяндардан адамдар кээде эч кандай жапа чекпейт, бирок катуу залакага учураса "личносттун өзгөрүлүүсү" деген жалпы аталышка кирген жүрүм-турумдун бир катар бузулуусуна тушугат. Так ошол көрүнүшкө Мелани да учурашы ыктымал болчу, бирок анын ыктымалдуулугу аз болгондуктан, шишикке жетүүгө аракет кылуу менен маңдайкы мээнин оң бөлүгүн бир нече миллиметрге жылдырып жатып мээнин үстүңкү катмарына зыян келтирер болсок, эң көп дегенде эле бейтапты айыккыс эпилепке кабылтмакпыз. Белге жасалган дренаждан жана баш сөөктүн түбүн жылмалоодон кийин жакшы белги катары хирургдар айтмакчы, Меланинин мээси "асылып" турду, демек Патрик экөөбүздүн мындан аркы ишибиз үчүн мээнин алдыңкы катмарында бош мейкиндик калды.

– Операцияга эң сонун шарт түзүлдү! – дедим кыйкыра Жудитке. Ал операциялык үстөлдүн аркы бетинде монитор, прибор, Меланиге туташтырылган түтүк, сымдардын алдында отурган. Операция учурунда анестезиологдор көрө ала турган жалгыз жер бул – бейтаптын таманы. Азыркы учурда Жудит Меланинин гана эмес энеси сыяктуу жалпы наркоздо жаткан төрөлө элек ымыркайдын да өмүрү үчүн жоопкерчилик алып отурат.

– Эң жакшы, - деди ал.

– Микроскопту алып келгиле да Патрикке ретракторду бергилечи, - дедим.

Оор микроскоп бейтаптын баш жагына орнотулуп, Патрик операция жасоочу отургучка жайгашкан соң, Мария ага толтура ретракторлорду тизип алдына сунду. Патрик алардын ичинен бирин тандады. Мен тынчсызданган абалда микроскоптун экинчи экранынан операциянын жүрүшүн байкап жаттым.

Патрикке мээнин маңдайкы бөлүгүнө ретракторду кылдат жайгаштырып, аны менен кошо вакуум соргуч менен сүйрү мээдеги суюктукту сордуруп алуусун айттым. Ал акырын бир нече миллиметрге мээни өйдө көтөрдү.

Андан соң шынаа сөөгүнүн кичи канатын таап, анын жээги менен шынаа сөөгүнүн алдыңкы өскөн жерине (бул абдан маанилүү сөөктүк элементтер, алар баш сөөккө жасалган операция учурунда хирургдарга туура багыт алууга жардам берет) жеткенче жыла берүүсүн айттым. Патрик Меланинин мээсин акырын жогору көтөрдү.

– Жанагы нерв ушулбу? – деди Патрик.

Ал дал ошол нерв болчу, болгондо да чоюлуп жаман көрүнүп турду. Кыпкызыл чаар аралаш шишик даана көрүндү, анын үстүндө бозомук ак түстөгү жазылыгы бир нече миллиметр ак сызык – майышып, чоюлуп калган көрүү нерви узатасынан жатыптыр.

– Эми ишке өзүм киришкеним оң дейм, - дедим. – Кечирип кой, бирок ымыркай менен олуттуу көйгөйгө дуушар болгон бул бейтап машыгууга ылайыктуу эмес.

– Албетте, - Патрик кичипейилдик менен операциялык отургучтан туруп орун бошотту.

Көрүү нервинин сол жагындагы шишикти тез кесип алдым. Ал соргучтун жардамы менен бат эле тазаланды, негизи мындай шишиктер жумшак болуп, оңой алынат. Оң колумдагы вакуум соргучу менен сол колумдагы диатермикалык кычкачтын жардамы аркылуу шишиктин көлөмүн кичирейтүүгө көп убакыт кеткен жок. Акырындык менен көрүү нервине карата шишиктин басымын бошоңдоттум. Бактыга жараша шишик көрүү нервине жабышпаптыр. Болжол менен түйшүктүү бир сааттан кийин оң-сол мээдеги көрүү нервдеринин көркөмдүү көрүнүшүнө катарлаш алардын хиазм аталган бириккен жерлери кошо чыга келди. Эми алар тазаланган шишиктен кийин эки жакка талтайып чоюлуп, үлбүрөгөн, назик, кичинекей аппак шымдай көрүндү. Нервдердин эки тарбынан тең мээни кан менен камсыздаган уйку артериясын көрсө болот, андан ары карай организмдин гормоналдык системасын жөнгө салган буурчак данындай көлөмдөгү маанилүү без болгон гипофизди мээ менен байланыштырган гипоталамус воронкасын же куйгучун көрүүгө болот. Гипофиз түрк ээрчеси аталган кичинекей көңдөйдө, так көрүү нервинин алдында жайгашкан, бул шишик түрк ээрчесинин менингиомасы деген аталышка ээ болуп калган.

– Бүттү! Келгиле эми эртерек тиге салалы, акушерлер ымыркайды союп алышсын, - дедим бөлмөдөгү баардык кызматкерлерге, ал эми Патриктин кулагына бейтаптын көрүүсү жакшырып кетсе керек деп үмүттөнүп жатканымды шыбырадым.

Ошентип Патрик экөөбүз Меланинин башын тигип, кесиптештерибизге төрөттү кабыл алууга даярдадык. Операция бөлмөсүнөн чыкканыбызда алдыбыздан ымыркайларды жасалма дем алдырчу аппараттары менен кошо башка жабдыктарын сүйрөгөн педиатрларды жолуктурдук.

Мен иш бөлмөмдө кайсы бир кагаздарды бүтүрүп, бир аз кофе ичүү үчүн алаксып кеттим. Патрик болсо кесарево процессине көз салуу үчүн операция бөлмөсүндө калды.

Ал мага болжол менен бир саат өткөндө чалды. Үстөлдө катчыма кат жаздырып отургам.

– Баары жакшы. Ал жандандыруу бөлмөсүндө, ымыркай да өзү менен чогуу.

– Ал көрүп жатабы?

– Бир нерсе айтууга али эрте. Анын каректери бир аз жай ылдамдыкта...

Ичимен тааныш коркуу сезими туйлап өттү. Каректер тиешелүү түрдө жарыкка жооп бербей жатканы анестезиянын убактылуу калдыктарынан болушу мүмкүн. Бирок ошол эле учурда операция бир караганда ойдогудай өткөндөй, нервдер калыбына келтирилгис зыянга учурап, Мелани сокур болуп калышы да ыктымал.

– Азыр үмүттөнүп күтүүдөн башка эч нерсе кыла албайбыз, - дедим.

– Кийинки бейтап операция бөлмөсүндө, - деди Патрик. – Баштайбызбы?

Мен иш бөлмөмдөн чыгып, операция бөлмөсүн карай жөнөдүм.

*     *     *

Ошол күнгө белгиленген экинчи бейтап чыкый мээсиндеги заладуу глиома: мээнин өзүндөгү ткандарда жайгашкан рак шишиги менен кайрылган элүү жаштагы аял. Аны бир жума мурда амбулатордук бөлүмдөн кабыл алгам. Ал бейтап жолдошу менен чогуу келди. Акыркы апталарда чаржайыт, унутчаак болуп калганын айтканда күйөөсү колунан кармап отурду. Аларга мээнин томографиясы залалдуу шишик экенин аныктаганын түшүндүрдүм.

– Атам мээсиндеги залалдуу шишиктен улам каза болгон, - деди бейтап. – Анын абалы кантип күндөн күнгө начарлагынын, акырындык менен өлүп баратканын карап отуруу эң жаман, коркунучтуу көрүнүш. Эгер ошондой абал менде да кайталанар болсо, дарылануудан баш тартайын деп чечтим.

– Бул жердеги негизги көйгөй - сиз кандай чечим кабыл алсаңыз да баары бир өзүңүз айткан акыбалдан качып кутулбайсыз. Эгер операция жасай турган болсок кырдаалды ийгиликтүү жөндөп кетсек, анда сиз да узак өмүр сүрөсүз. Бирок эч нерсе кылбай койсоңуз анда саналуу гана айлык өмүрүңүз калат.

Менин божомолдоом өтө эле оптимистик деңгээлде болуп кетти окшойт. Себеби томография сүйлөө үчүн жооптуу болгон мээнин чыкый бөлүгүндөгү активдүү түрдө өөрчүп бараткан залалдуу жаман шишикти көрсөтпөдүбү. Менин иш-аракеттериме карабастан бейтаптын бир нече айдан көбүрөк жашап кетүүсү күмөн болчу, бирок үмүт деген үмүт, ал үзүлбөйт. Какыраган статистикага каршы чыгып узак өмүр сүрүп кеткен бейтаптар да жок эмес, тилекке каршы алардын саны өтө аз.

Биз сүйлөшүп операцияны жасоого макулдаштык. Негизги ишти Патрик жасад, а мен ассистенттин милдетин аткардым. Патрик баш сөөктүн калканын араң ачканы менен операция дээрлик жакшы өттү. Ал жерден шишиктин дагы чоңоюп кеткенин байкадык. Мындан эки жума мурда алынган сүрөттөргө салыштырмалуу аябай өөрчүп кетиптир. Шишикти колубуздан келишинче тазаладык, кырдаал ортоңку мээнин бутакташкан артериясын шишик чырмап, каптап кеткенин көргөн учурда кыйындады. Менин көз карашым боюнча бейтапка олуттуу зыян келтирген жокпуз, ошол эле учурда ишибизден алгылыктуу деле майнап чыккан жок.

– Кандай божомолдор бар, шеф? – деди Патрик мээнин катуу чел кабыгын тигип жатып, мен тигиштин бош жиптерин кесип жаткам.

– Бир нече ай, андан көпкө жетпейт. – Мен бейтаптын атасы жана өзүнүн ойлору жөнүндө айткандарын айтып бердим. Анан: - Эч нерсе кылбай отура берүү кыйын. Бирок билесиңби, өлүм кээде эң жаман жолдой сезилбей калат, жай кыйнаган, создуктурулган өлүмдөн караганда тез үзүлүп кетүү көбүрөк жагымдуу болушу мүмкүн, - дедим.

Патрик эч нерсе деген жок, унчукпастан мээнин чел кабыгын тигүүнү улантты. Кээде биз кесиптештерибиз менен операциядан канчалык деңгээлде пайда тиерин же эч нерсе деле өзгөрбөй турганын так билген нейрохирургдардан залалдуу жаман шишик табылса эмне кылмак элек, талкуулап калабыз. Мен дайыма өзүмө өзүм кол салууга эр жүрөктүүлүк кылмакмын деген жооптуу айтам. Бирок мындай кырдаалга чындап туш болмойунча эч качан кандай чечим кабыл алаарыңды так билбейсиң.

Биз бейтаптын башын тигип бүткөндө эч кандай коркунучтун белгилери байкалган эмес. Жудит бейтапты интенсивдүү терапия бөлүмүнө алып кетти, мен операциянын отчётун толтуруу үчүн отурдум. Бир нече мүнөттөн кийин Жудит операция бөлмөсүнө баш бакты.

– Генри, ал эсине келбей жатат, сол кареги оң карегинен чоң экени даана көрүнүп турат. Эмне кылабыз?

Мен мурдумдун учунан сөгүнүп алып жандандыруу бөлүмүнө жөнөдүм. Бейтаптар жаткан бөлмөнүн бир бурчунан Меланини көрдүм (керебетинин жанында ымыркайдын бешиги туруптур), бирок бүгүн операция жасалган экинчи бейтапка шашып бараткандыктан токтобой өтүп кеттим. Бир колум менен акырын көз жапкагын көтөрдүм. Сол кареги капкара болуп килейип, чоңоюп кетиптир.

– Томография жасаганыбыз оң го дейм, - дедим бул бейтапты угаары менен жүгүрүп келген Патрикке.

Жудит бейтапка кайра наркоз берип, жасалма дем алдырчу аппаратка туташтыруу үчүн трахеяга түтүктү киргизүүгө кам көрө баштады. Мен Патрикке рентгенологдорго барып томографияга аял бейтапты алып келерибизди кабар беришин, азыр алар эмне менен алек экенине көңүл бурбай коюшун айттым. Санитарларды күткүм да келген жок. Патрик үстөлгө барып телефонду көтөрдү, Жудит болсо медайымдар менен чогуу бейтапты көзөмөлдөчү аппараттан ажыратышты, баарыбыз шашылган бойдон бейтапты жандандыруу бөлүмүнөн компьютердик томография бөлүмүнө алып жөнөдүк. Радиологдордун жардамы менен бейтапты томографка жаткырдык. Мен рентген нурларынан коргоочу коргошун айнеги менен тосулган оператордук жерге келдим.

Компьютердин мониторунан биринин артынан бири тартылып жаткан мээнин кошулган жерлерин, акырындап шишик турган жерге жылып бараткан сүрөттөрдү толкунданып өтө чыдамсыздык менен карап турдум. Акыры операция жасалган жер менен анын айланасындагы жерлерде мээнин терең ткандарынан катуу куюлуп кеткен канды көрдүм. Экинчи жолку операция жасоо мүмкүн эместиги анык болду. Бул бейтап аял бир аздан кийин көз жумат: анын мээси операциядан кийинки кан куюлууга, мындай операциядагы "сейрек, бирок күтүлгөн" ырбап кетүүгө дуушар болгон.

Мен трубканы көтөрүп күйөөсүнүн номурун тердим:

– Кечиресиз, бирок суук кабар айтууга мажбурмун...

Хирургдардын эс алчу бөлмөсүнө барып, терезеден көрүнгөн көк асманды тиктеп диванга жата кеттим. Бейтаптын күйөөсү менен кызын күтүп жаттым.

Бир сааттан кийин алар менен интенсивдүү терапия бөлүмүнүн чакан кабыл алуусунда сүйлөшүп отурдум. Экөө кучакташып катуу ыйлашты. Мен операция жасаган халатчан бул көрүнүштү муңдуу карап турдум.

Бейтап аялдын көзү өтөрүнө аз убакыт калгандыктан аны кошуна бөлмөгө жаткызышты. Ал жалгыздыкта жатты. Аны менен коштоштуруу үчүн жолдошу менен кызын алып келдим. Алар керебеттин бир учуна отурушту. Башынын таңылган жерлеринен кан болгон чачтары көрүнүп турган бейтаптын эс-учу жок болчу. Жанында анын өмүрүн убактылуу узартып турган жасалма дем алдырчу аппарат кышылдап иштеп жатты.

– Ал бизди чындап эле укпайбы? – кызы менден сурады.

Бейтаптын терең комада жатканын жана ал бир нерсени уга алса да баары бир эч нерсе түшүнбөй турганын айттым. Сүйлөөсүнө жооп берер мээге кан куюлуп кеткен.

– Апам ооруканада калышы керекпи? Үйгө чыгарып кетсек болбойбу?

Кийинки жыйырма төрт саатка жетиши күмөн экенин түшүндүрдүм. Анын мээси өлөт, андан соң жасалма дем алдырчу аппаратты өчүрүшөт.

– Апаңды бизден ажыратып кетишти! Бул күтүүсүз соккуга биз даяр эмес болчубуз. Анын калган чектелүү өмүрүндө бир топ нерселерди жасайбыз дебедик беле, эсиңдеби? – айласы куруган күйөөсү кызына бурулуп көзүнө жаш алды. – Биз даяр эмес болчубуз...

Ушуларды айтып жаткан атасы кызынын колун коё берген жок.

– Мен сизге ишенгем, - деди бейтаптын күйөөсү мага бурулуп, - жана мурдагыдай эле ишенем. Анын мындан ары ойгонбой турганына толук ишенесизби? А эгер ал эсине келип калсачы, анан биз жанында болбой калсакчы? Ал коркуп кетет да. Бирок акыркы жумаларда бизге ашыкча жүк болгусу келбегенин көп айтып калган.

– Бирок жакшы көргөн адамыңды кандай болсо да жакшы көрүп, сүйө бересиң да, - дедим, анан ал кайрадан өксүрүп ыйлап кирди.

Биз дагы бир топко сүйлөштүк. Акыры ошентип кетишим керектигин, болбосо өзүм кошо ыйлап жибереримди айттым. Атасы менен кызы мөлтүрөгөн көз жаштарынын арасынан жылмайышты. Кетип баратып, бейтап аялдын атасы сыяктуу кыйнаган өлүмгө туш болгусу келбеген каалоосун, атайылап болбосо дагы, аткарганымды ойлодум.

*     *     *

Операция бөлмөсүнө кайтып келгенимде биздин ошол күнкү акыркы, үчүнчү бейтаптын омуртка сөөгүндөгү чуркусун алып операция жасап, андан кийин канды токтото албай жаткан Патриктин жанына келдим. Аны тамаша аралаштыра урушуп, андан соң колумду жууп, канды токтоттум. Операцияны бүтүрүп, тилинген жерин тиккенден кийин Меланини көрүү үчүн интенсивдүү терапия бөлүмүнө жөнөдүм. Ал көшүлүп тынч уйкуда экен, ал эми ымыркай уулу жанындагы керебетте уктап жатыптыр.

Меланинин каректери жарыкка жооп кайтарып жатканын жана анын абалы жакшы экенин билдиришти. Ымыркай жаткан керебетти кубанычтуу жылмайган бир нече медайымдар тегеректеп, ымыркайды элжирей карап жатышты.

Бакытка мас, ичи-тышына батпай кубанган Меланинин күйөөсү жаныма жүгүрүп келди.

– Жубайым кайрадан көрүп баштады! Сиз укмушту жараттыңыз, доктор Марш! Келинчегим операциядан кийин ойгонору менен эле ымыркайыбызды көрдү! Дээрлик толугу менен көрүп калганын айтат. Биздин уулубуздун да дени-карды соо буйруса! Биз сизге чексиз ыраазыбыз!

"Эмне деген күн, ушундай да күн болот экен да", - деп ойлондум жолдон үйгө баратып. – Эмне деген күн...

Ошол кезде эсимден чыгып калган ушул учурду "Холби Ситинин" сценаристтерине айтып бергенимде мейманканадагы тегерек үстөлдө отургандардын баары таң калып, суктанышты. Алар кийин Меланинин окуясын сериалда колдонуштубу, жокпу –билейм.

5. Тригеминалдык невралгия

Үчтүк нерв иннервациясы зонасындагы, көбүнчө беттин бир тарабында пайда болчу, катуу оору менен мүнөздөлгөн оору.

Бир жолу бейтаптын баш сөөгүн ачып, мээсинин чел кабыгын кесип аларым менен жүрөк түшүргөн көрүнүшкө туш болдум, бейтаптын мээси кочкул кызыл канга боёлгон кабык менен капталып калыптыр, мындай көрүнүштүн болушу мүмкүн эмес болчу. Демек өтө чоң ыктымалдуулукта операция учурунда кандайдыр бир ката кетирилген. Уламдан улам күчүн жоготкон эски операциялык жарыктын лампасынан эмне кылып жатканымды араңдан зорго көрүп жаткам. Мунун болжолдонгон кесепети ушунчалык коркунучтуу болгондуктан өзүм дагы, кесиптешим дагы ал тууралуу элестеткибиз келген эмес. Мен болгон күч аракетим менен ичимдеги дүрбөлөңдү басууга аракеттендим.

Тригеминалдык невралгиядан улам пайда болгон бетиндеги оорудан жабыркаган бир аялга операция жасагам, болбосо анын дарыгери бул ооруну операция кылууга болбойт деген. Улуттук жаңылыктарга сюжет даярдоо үчүн операция жүрүшүн журналисттер тартып жатышты. Мындан тышкары, менин кыймыл-аракетиме операция үстөлүнүн так үстүндөгү төбөсүнөн, айнек чатырдан көктөгү Теңир сымал көз салган бир топ дарыгерлер менен медайымдар да карап турушту. Ал жердеги шыптар менен бөлмөнүн төбөлөрүнүн көпчүлүгүнөн жарака кетип, көчөгө караган операция жасалып жаткан бөлмөнүн терезесинен кароосуз калган имарат менен талкаланган техниканын үстүнө жаап жаткан карды көрүүгө болот эле. Мен жасаган операцияларга көп учурда көрүүчүлөр катышат, ошондуктан бир нерсе ойдогудай ишке ашпаса, чыдамым жетпей кетет. Бирок бул жолу баарынын жаман болду. Ошол маалда ички сезимдерим менен абалыма туура келбеген нейрохирургдун өзүнө ишенген оор басырыктуу калыбынан жазбай туруп берүүгө мажбур болдум.

Бул иш 1995-жылы Украинада болгон. Үй жайымдан эки миң миль алыстыкта, эч кандай расмий уруксаты жок эле, а балким легалсыз, мыйзамсыз түрдө байкуш аялдын башына бул өлкөдө бир да жолу жасалып көрбөгөн операцияны, бир нече күн мурда өзүм менен кошо Лондондон ала келген колдонулган жабдуулардын жардамы менен жасадым. Мага ошол ооруканадагы нейрохирургия боюнча башкы адистин Би-Би-Синин дүйнөлүк кызматына берген маегине ылайык шизофрения менен жабыркаган, анчейин белгилүү эмес, жаш дарыгер ассистенттик кылды. Ал операциядан бир тыйын албаганым аз келгенсип, өзүмө кыйла эле март болууга туура келди.

Колумдун калтырагын басууга аракеттенип жатып мурдумдун учунан күбүрөндүм: "Мен бул жерде эмне кылып жүрөм? Ушунун баары мага зарыл беле?"

*     *     *

Мен алгачкы жолу Киевге 1992-жылдын кышында баргам. Андагы сапарым күтүүсүздөн болгон. Ал кезде консультация берчү дарыгер болуп иштегениме беш жыл болуп калган, бейтап кардарларым да жетиштүү болчу. Советтер Союзу тараганына беш ай өткөн. Күндөрдүн биринде Украинада кандайдыр бир медициналык жабдууларды сатмакчы болгон англиялык жеке ишкер Киевдеги иш сапарында өзүн коштоп жүрүүсүнө макул нейрохирургду издеп мен иштеп жүргөн ооруканага байланышат. Киевде белгилүү нейрохирургиялык оорукана бар, мына ошол жакка ал өзү менен кошо бир нече британиялык нейрохирургдарды алып барууну көздөйт, себеби нейрохирургдар мээге жасалчу заманбап операциялар тууралуу лекция окуп, ага зарыл жабдуулар боюнча маалымат беришмек. Мындай суроо-талапка таң калган телефонистка, чалууну менин катчыма, баардык көйгөйдү чечүүгө жөндөмдүү адамдык баардык сапаттарга ээ Гейлге байланыштырат. Иш бөлмөмдө отургам, бир маалда каалгадан Гейлдин башы көрүндү.

– Кийинки бейшемби күнү Украинага барасызбы?

– Албетте, жок. Иш көп. Бейшемби күнү клиника да бар.

– Бара бериңиз. Россияга кызыгарыңызды көп айтчу элеңиз го, а өзүңүз ал жакта бир да жолу болгон эмессиз.

Адатта белгиленген датадагы амбулатордук бейтаптарды кабыл алууну жылдырып койсом баарынан көп ачуусу келгени эле Гейл болчу, себеби кайгыланган, атүгүл ачууланган бейтаптардын чалууларына жооп берип, аларга кайрадан жаңы датаны белгилөөгө мажбур болор эле. Ошондуктан анын кеңешине көңүл бурганым дурус болчу.

Ошентип, эки кесиптешим менен мындан ары эгемендүү өлкөгө айланган Украинаны көздөй сапарга чыктым. Советтер Союзу таркаганга чейин ал бир да жолу өз алдынча мамлекет болбогондуктан азыр аны көзкарандысыз мамлекет катары кароо кыйын болду. Бир нерсе гана айкын көрүндү: өлкө толугу менен башаламандыкка көмүлдү, экономикасы кыйроо чегинде турган. Заводдор жабылып, көптөгөн жарандар жумушсуз калышкан. Мен барган ооруканалардын абалы коркунучтуу түш сыяктуу элестеди.

Биз Киевге эртең менен эрте Москвадан чыккан түнкү поёзд менен бардык. Киев жайгашкан Днепр кең дарыясындагы көпүрөдөн өтүп, батыш жээктин чукул имерилишине жакындай бергенде чыгып келе жаткан күнгө чагылышкан Киев-Печерск лаврасынын алтын түстүү төбөлөрүн көрдүк. Бул көрүнүш биз түндө кыя өткөн кунарсыз темир жолдор менен бекеттерге, шаар четиндеги томсоргон көп кабаттуу үйлөргө карама-каршы келген суктанарлык кооздукту тартуулап турду. Биз боппош, кар баскан платформалардагы мага түшүнүксүз кулактандыруулар угулган, жакшы жарык бербеген станцияларга маал-маалы менен токтоп, Россия аймагын түндүктөн түштүккө карай кесип өткөнчө мен купенин керебеттеринин биринде жука жамынгыны жамынган бойдон эски рельстин шакылдаган ыргактагы үндөрүнө термелип, бир уктап, бир ойгонуп келе жаттым.

Баардыгы таң калычтуу жана кызыктай сезилди, ошол эле учурда тааныштай туюлат, балким мен мурда көп окуган орус адабий китептеринен улам болсо керек. Москвада бир нече саат эле болдук. Бул убакыт күүгүмдө кар жамынган Кызыл аянтты көрүп келүү үчүн жетиштүү болду. Мага белгисиз себептерден улам ураган коммунисттик коомго карабастан Кызыл аянттын мунарасынын башында мурдагыдай бекем болбосо да ылдырагандай кызыл желек желбиреп туруптур. Мейманканадагы кереметтүү кечки тамактанууга кирүү үчүн алгач куралдуу күзөтчүлөрдүн үч посттунан сүрүлүп, айрылары аз калган жука килем салынган, тамтыгы чыккан узун коридордон, чет өлкөлүктөрдөн акча жасап калууга ашыккан укмуштуудай сулуу кыздардын жоон тобунан өтүш керек. Чет өлкөлүктөрдүн эмне үчүн бааланарын түшүнүү үчүн рубль тутумунун куну түшүп, чөнтөгүбүздөгү саналуу жүз долларлар жакырчылыкка кептелген орустарга бизди миллионерлердей көрсөтүп турарын билүү жетиштүү.

Киевге келгенибизде бизди баардык ири ооруканалар үчүн наалатка айланган түгөнгүс коридорлору бар, көрүнүшү өтө начар, килейген чоң Нейрохирургиялык улуттук изилдөө институтуна алып келишти. Жетишсиз жарыктан улам коридорлор күңгүрт эле.

Дубалдарда советтик нейрохирургиянын золоболуу жетишкендиктерин айгинелеп турган сүрдүү плакаттар илинген. Ашпозчунун баш кийими (мурда советтик хирургдар баштарынан түшүрбөчү) сымал ак баш кийимчен эркектердин каармандыкты чагылдырган чыбырчык ак-кара сүрөттөрү менен орок-балка, кызыл жылдыз, шыктандырган чакырыктар, Улуу Ата мекендик согуш кезиндеги кадрлар кезектешип орун алган. Бирок имараттын сырткы көрүнүшүнөн тартып дубалдардагы сүрөттөргө чейин, аны менен кошо арзан тамекинин түтүнүнө аралашкан кандайдыр жүрөк айландырган дезинфекциялоочу каражаттын жытынан бузулган аба, баардыгы эскилиги жетип, тамтыгы чыгып калгандай көрүндү. Бизди Улуттук нейрохирургия изилдөө институтунун директору, улгайып калган, айбаттуу киши академик Ромодановдун иш бөлмөсүнө алып келишти. Анын бою узун, башы чоң, үстүнө кекиртегине чейин бүчүлөнгөн ак халат кийип алыптыр. Анткен менен ал деле курчап турган коридорлор сымал эскилиги жетип, тамтыгы чыккандай көрүндү (ошол жолугушуудан бир нече айдан кийин анын көзү өтүп кетти). Бизди тааныштырышты (котормочунун жардамы менен сүйлөштүк), анан баардыгыбыз жыйын өтчү чоң үстөлгө тегеректей отурдук.

– Силер эмне келдиңер? – деди ал кабагын бүркөй. – Турист катарыбы? Биздин көйгөйлөрдү көрүп тамаша курганыбы? Биз аябай, аябай оор кырдаалды башыбыздан өткөрүп жатабыз.

Биз болушунча дипломатиялык жол менен жооп бергенге аракет жасадык: достугубузду, кесиптик, эл аралык кызматташуубузду эскерттик. Академиктин жүзүнөн биздин айткандарга кымындай да ынанбаганы көрүнүп турду, албетте, аныкы толугу менен туура болчу.

Андан соң жардамчыларынын бири бизге атактуу институтту көрсөттү.

– Бул дүйнөдөгү эң ири нейрохирургиялык оорукана, - деди бизге. – Сегиз бөлүм, беш кабат жана төрт жүз бейтап орундары бар.

Таң калдым: менин нейрохирургиялык бөлүмүмдө, болгону элүү гана орун бар. Анын үстүнө мен иштеген жер Англиядагы нейрохирургиялык эң ири оорукана эсептелет. Биз тепкич менен бир жогору, бир төмөн түшүп, түгөнбөгөн коридорлор аркылуу бири-бирине эки тамчыдай опокшош бөлүмдөрдү кезеги менен көрүп чыктык.

Биринчи кабаттан баштадык.

– Бул арткы баш сөөктүн чукурундагы шишиктер бөлүмү, - дешти.

Ал бөлүмдүн кызматкерлери биз менен учурашып, сүрөткө түшүү үчүн жакын келишти. Мага бул жерде жасалган операциялардын түрлөрүнүн баарын айтып беришти, бирок конкреттүү берилген суроомо так эмес, үстүртөн гана жоопторду алып жаттым.

Ушундай эле көрүнүш оорукананын калган жети бөлүмүндө кайталанды. Операция бөлмөсүн көрүүгө болор бекенин сураганымда ал жак оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабык дешти. Ошентип кеткенче бир да бейтапты көрө алган жокпуз.

Биз даярдап барган лекцияларыбызды окудук. Аудиториядан берилген суроолор биз түшүндүрүүгө аракет кылгандарыбыздын баарына каршы берилип, түшүнбөстүктөрдү жаратты. Шаабай сууй мейманканага кайттык. Бул жерде да Москвадагыдай эле кадам сайын жакшынакай жаш кыздар кезигип жатты. Мага булар тажрыйбалуу сойкулар эмес, а бир аз акча табууну көздөгөн кадимки эле кыздар экенин айтышты. Ал учурда батыштан келген бизнесмен менен болгон бир түн орточо айлык маянадан да кымбат турчу. Айлабыз куруган бойдон алардын сулуулугуна суктана кыя өтүп кеттик да, андан соң аба майдандан сатып алган вискини ичүү үчүн мейманкананын бир бөлмөсүнө чогулдук. Биз өз көзүбүз менен көргөндөр оорукананы тааныштыруу учурунда айтылгандардын ортосундагы сюрреалисттик карама-каршы чындыктардан улам чындап башыбыз маң отуруп калдык.

Кийинки күнү шаардын батыш аймагындагы шашылыш жардам көрсөтүү ооруканасына бардым. Ал жерде жаракаттарды кантип дарылашарын көргүм келерин түшүндүрдүм, ошондо гана мени коштоп жүргөндөр кыйылып макул болушту. Биз кечке жуук жетип бардык, шаарга күүгүм кирип калган. Оорукана сегиз жүз орунга эсептелген, он кабаттуу имараттан курулуптур. Анын салынганына он жыл болсо да, сыртынан кароосуз жайдай көрүндү. Кароосуз эски курулуштун үстүнө себелеп, көгүш тарткан асмандан кар жаап жатты. Биз баардык эле советтик имараттарды курчаган килейген, калың, эмне үчүн коюлганы түшүнүксүз түтүктөрдү айланып оорукананын оозгу эшигине бет алдык. Имараттын каптал бурчунда чаржайыт тизилген, эскилиги жеткен цинк темир текчелерде арзан косметикалар менен арзан арактардын кунарсыз түрлөрү үйүлүп ачык базар иштеп жатат. Тегерегинде тамтыгы чыккан "Лада", "Москвич", "Волга" авто-унаалары турат. Баардыгы бозоргон, кир, көзгө комсоо көрүндү. Кийин угушума караганда, ошол жердеги байкуш соодагерлерден мыйзамсыз салык чогултуу башкы дарыгердин маанилүү милдеттеринин бири болгон, андан сырткары саламаттык сактоо боюнча шаардык башкармалыгынын аткаминерлери үчүн кирешенин жаман эмес кошумча булагы болгон.

Ооруканада электр энергиясы боюнча да көйгөй бар болчу, көпчүлүк бөлүгүн көзгө сайса көрүнгүс караңгылык каптап турган. Тегерегинин баары аммиак жыттанат: ооруканада дезинфекциялоочу каражат түгөнүп, жууп-тазалоо үчүн жалгыз аммиактан башка эч нерсе калбаптыр. Ооруканада бейтап эмес дарыгер жоктой сумсайып бош. Мени операция жасалчу бөлмөлөрдүн бирине алып барышты. Жаңы эле жардыруу болгондой элес калтырган чоң терезелүү, кенен бөлмө экен. Операция бөлмөсүнүн күңгүрт терезесинен көчөдөгү лапылдап жааган кардан улам пайда болгон калың күрткүнү көрдүм. Операция кызуу жүрүп жаткан. Хирург бир топ жылдар мурун кокустуктан улам (мага ошентип айтышты) моюнунан ылдый жагы иштебей шал болуп калган эркек бейтапты "операция кылып" жаткан. Үстөлдө таштандыдан терип келгендей эски, таш талканы чыккан бир катар хирургиялык шаймандар жатат. Гүлдүү эски шейшеп жамынган бейтап капталынан жатты. Хирург омуртка каналы аркылуу муздак туз аралашмасын жеткирчү бир нече чоң ийнелерди анын омуртка белине сайып койду. Көрүнүшкө караганда бул процедура кара куш мээнин калыбына келүүсүн шарттайт. Карап тургандар бейтаптын туз аралашмасына жооп катары бутун кыймылдатканын терең дем алып, кубанычтуу үшкүрө кабыл алышты: бул көрүнүш алардын пикири боюнча дарылоо, демек, жардам берет дегендин далили.

Баарынан караңгы кунарсыз коридор менен кетип баратканымда артымдан күлмүңдөгөн жаш жигит жүгүрүп келди. Ал менин көзүмчө шал кишиге "операция жасаган" хирург экен.

– Бул нейрохирургия бөлүмү, - деди ал чала-бучук англис тилинде. – Бизде бул жерде шашылыш нейрохирургиялык үч бөлүм бар. Менин аты-жөнүм Игорь Курилец, омуртка хирургиясынын шашылыш бөлүмүнүн башчысы болом.

Мен узун, кызыксыз аңгемеге өзүмдү даярдай баштадым. Киевде болгон кыска убакыт ичинде мен бөлүмдөр менен бейтап орундарынын тажатып жиберген аталыштарынын саналып өтүүсүнө, кайсы гана оорукананын администрациясы болбосун ырысы жок конокторду тосуп алган мүмкүн болгон баардык жетишкендиктердин тизмектеле айтылган санына көнүп калгам. Муну менен алар келген конокторду шашылыш нейрохирургия чөйрөсү боюнча Украина башка өлкөлөрдөн кем калышпай турганына, атүгүл алдыга озуп чыгарына ынандырабыз деп үмүттөнүшөт.

– Бул жердеги абалдын баары жаман! – деди ал.

Игорь мага дароо жагып калды. Академик Ромодановду эске албаганда, Игорь Киевдеги иш сапарымда жолуккан украиналык медицинанын, тагыраагы нейрохирургиянын азыркы абалы өтө начар экенин ачык айткан жалгыз дарыгер болду. Советтер Союзу курал-жарак менен ракета өндүрүү боюнча өзүнө теңдүүнү билчү эмес, бирок анын саламаттык сактоо тармагы артта калган. Миңдеген профессорлордун ысымы камтылган золобосу бийик аталыштарга ээ институттарга карабастан иш жүзүндө андай институттардан тажрыйбасыз, билими төмөн, тамтыгы чыккан жабдуулар менен жабдылган ооруканаларга туш болууга туура келчү. Советтер Союзу ("Союз кезинде" деп айтканды жакшы көрүшөт) - бул "ракеталуу Жогорку Вольта" (Жогорку Вольта – ошол кездеги Африкадагы эң жакыр өлкө). Киевде мен таанышкан укмуштуудай намыскөй, мекенчил, көрө албастык менен тартынчаактыкты кошо ала жүргөн дарыгерлердин көпчүлүгү ачык эле көрүнүп турган нерсени четке кагып турууга өздөрүн милдеттүүбүз деп эсептешчү. Падышанын жылаңач экенин айтууга эрки жеткен Игорь сыяктуу адамдарды жактырышчу эмес. Сын-пикирди дайыма ооздуктаган совет бийлиги жарандарын башка цивилизацияланган дүйнө менен болгон байланышын максималдуу түрдө үзүү үчүн бар күчүн жумшаган. Советтер Союзу таркагандан кийин Украинаны мурда башкарып жүргөн эле кишилер башкарууну улантышкан, бирок өлкө жана анын жашоочулары батыш менен чыгыш-европалык медицинанын ортосундагы чоң ажырым сыяктуу узак сырткы дүйнө менен байланышып, кез келе башташкан.

Киевден кетерден мурун Саламаттык сактоо министрлигинде жолугушууда болдум. Баланча департаменттин, баланча катчысы эби-сыны жок, бети кыпкызыл аткаминерлердин бири үстөлдү айланып келип мага визиттик картасын берди. Анда баланча-түкүнчө наамдары жазылыптыр. Мен бир нерсени байкадым: аткаминер канчалык жогорку кызматта турса, анын ошончолук көп наамдары менен милдеттери болот, анын баарын тизмектеп чыгыш үчүн бир нече визиттик карта керектелет. Ал эми бул аткаминерде бир эле жалгыз визиттик картасы бар экен, демек ал анчалык деле маанилүү киши эмес деп бүтүм чыгарып койдум.

Көп өтпөй жолугушуу учурундагы сүйлөшүүлөргө кызыгуум жоголду. Анын үстүнө ар бир сөздү котормочу аркылуу өткөрүш керек эле, мени бул нерсе кыйнап жиберди. Арзан фанер жыгачтарынан (көпчүлүк советтик иш бөлмөлөрүнө ушундай мүнөздөмө тиешелүү) жасалган бөлмөнүн бийик терезелеринен жакшынакай кооз сейил багы көрүнүп турду. Кайрадан кар жаай баштады. Милиция автобусунан боз түстөгү форма кийген, тишине чейин куралданган омондор немис овчарка иттери менен шатырай түшө башташты. Адамдар менен кошо иттер да энтузиазмга чөмүлүп алгандай туюлду. Министрликке бара жаткан жолдон украиналык улуттук партия уюштурган парламент имаратынын жанында өтүп жаткан митингди көрдүк, демек милицияларды алдыда жакшы эле кагылыш күтүп турат. Мени Киевге чакырган англиялык жеке ишкер, омондор – мейманканада аңчылык кылган кыздардын сутенерлору экенин кулагыма шыбырады.

Эл аралык деңгээлдеги мындан аркы кызматташуу тууралуу бири-бирине байланышы жок, маанисиз сүйлөшүүлөр өз нугу менен жүрүп жатты. Сүйлөшүү соңунда Лондондон өз иш жеримден украиналык нейрохирургду кабыл алууга ынтызарлык менен даяр экенимди билдирдим. Бирок бир эле талапкерге макул экенимди кошумчаладым, ал "Тез жардам" жергиликтүү ооруканасынын омуртка жаракаттарын дарылоо боюнча кунарсыз бөлүмдүн башчысы Курильц эле. Ал өзү кийин мага айткандай, менин чакыруум анын кызматтык ордунан төмөндөшүнө себеп болгон: советтик медицина майыптар менен шалдарды анчейин кызыктырбайт. Игорду өлкөдөн чыгарарына көзүм жетпеди, бирок аракет кылып көрүү ошого татыктуу болчу. Анын үстүнө эгер мына бул эки жүздүү картаң профессорлорду чакырсам, "мени кудай урсун" деген принципти карманып алдым. Аткаминерлер айраң таң калып отуруп калышты.

Кийинки күнү Москва аркылуу кайра Лондонго кайтып келдим.

*     *     *

Арадан бир жыл өттү. Киевден кеткен күнү ойлонгон чоң үмүттөрүмдү дээрлик унуткарып койгом. Анан эле күтүлбөгөн бир күнү академик Ромодановдун Игорду Лондондо кабыл алып, ага заманбап нейрохирургиянын жетишкендиктерин көрсөтүүмдү суранган каты кошо тиркелген Игордон жаңы жылдык куттуктоо телеграммасы келди.

Игорь украиналык саламаттык сактоо башкармалыгынын ардактуу жетекчилиги тарабынан нааразычылыктар менен бут тосууларга туш болгондо мен үчүн кадимки туризм сыяктуу эле башталган иш сапар олуттуу көйгөйгө айланды.

Лондондогу үч айлык иш сапарынан соң үйүнө кайткан Игорь академик Ромодановдун көзү өтүп кеткенин билет. Жаңы колдоочу жана коргоочуну (украиналык коомдогу сөзсүз зарыл болгон жашоо шарты, ошондой эле "крыша" деген аталыш менен да белгилүү) эртерек табуунун ордуна Игорь украиналык нейрохирургия али көзүн ача элек түйүлдүк абалында экенин, бул тармакка революция жасоо зарылдыгын коомго ачык жарыялаганга өткөн. Маркум академик Ромодановдун "креслосу" үчүн катуу күрөштүн башталышы менен ал жердеги кырдаал курчуйт. Бул кызмат чоң батир жана жеке айдоочусу менен авто-унаа сыяктуу бир катар олжолуу ыңгайлуулуктарды камтыган. Игордун жетекчиси да ал орунга жылып барууга аракет көргөн, бирок анын мүмкүнчүлүктөрү Игордун тайманбастыгынан улам көз алдында эрий баштайт.

Кийинки бир нече жыл Игорь үчүн чындап эле оңой болгон жок: ал жетекчилик кылган бөлүмдөрдү батыш стандарттарына ылайык жакшыртуу укугу үчүн дайыма күрөшүүгө мажбур болгон. Андан тышкары бир катар баш тартуулар болуп, сөгүштөр берилип, тинтүүлөр жүргүзүлгөн, атүгүл телефон аркылуу коркутуулар да болгон. Кайсы бир убакыт бою Игорь ар бир түндү ар башка бөлмөдө өткөрүп калган. Ал баарына кантип турушутук берип, жеңип чыкканын элестете да албайм.

Игорго жардам берейин деген каалоом ага пайдасын тийгизбей эле үстөкө-босток көйгөйлөрдү жаратканын түшүндүм. Бирок Игорду тагдырдын тайгүлүк ташына жалгыз калтыргым келбеди. Ошондуктан аны дайыма "кара санатайлар" бурчка такаган мезгилде бөлүмүн жаап салабыз же анын кол алдындагыларды иштен чыгарабыз деген учурда, колуман келген баардык жардамымды аяган жокмун. Бирок моюнга алыш керек, жакшы эле узак, коопсуз жерде туруп алып жардам көрсөтүүгө аргасыз болчумун. Эгер Киевге барар болсом жергиликтүү жогорку кызматтагы аткаминерлер менен кандай жагымсыз түшүнбөстүктөр болбосун баары бир үйүмө кайтарымды билчүмүн. Игордун жардамы менен украиналык гезиттерге макалалар жаздым, атүгүл пресс-конференцияларды да өткөрүп жүрдүм. Киевге мүмкүн болгон, мейли бир-эки жолу колдонулган болсо да, медициналык жабдыктарды алып келчүмүн. Игордун ординаторлорун тажрыйбам менен бөлүшүү үчүн өзүм менен кошо Лондонго ала кетчүмүн. Украинада мурда кийин бир да жолу жасалбаган мээге карата операцияларды жасадым. Артка кылчайып, өтө жаман шартта жасалган операцияларды, каршылык көрсөткөн медицина тармагындагы эпке келгис аткаминерлерди эстеп, ошондо жасаган иш-аракеттеримди акылга сыйгыс кандайдыр бир түш сыяктуу кабыл алам. Ошол кезде, кийин айрылууга мажбур болгон, өзүмө болгон ишенимим менен көзкарандысыздыгымды таптакыр колдонбошум керек эле.

Айтмакчы, тригеминалдык невралгияга жасалган операция ийгиликсиз башталганына жана менин ички дүрбөлөңүмө карабастан баары жогорку деңгээлде ойдогудай жыйынтыкталган. Эртеси операция жасаткан аял көп жылдан бери кыйнаган оорудан биринчи ирет жабыркабай, өзүн жакшы сезип калганы тууралуу баяндалган репортажды украиналык көрүүчүлөр көрүштү. Мен досумдун үйүнө калтырган авто-унаамды алып кетүү үчүн батыш Польшага учуп кеттим. Анын үйүнө операцияга керектүү микроскопту алып келгем, ал эми Игорь мени жабдыктарым менен кошо ала кетүү үчүн Украинадан Польшага эски жүк ташуучу авто-унаасы менен келген.

Аба майданына бараткан жолдон Киевдин борборунда жайгашкан Бессараб базарына кайрылуу үчүн бурулуш жасадык. Бессараб базары – лондондук Ковент-Гардендин же париждик Ле-Альдын (XIX кылымдагы тосмолору чоюндан тургузулган айнек чатырлуу, чоң, тегерек имарат) киевдик аналогу. Төмөн жагында абдан эле энергиялуу, бирок меймандос келген гүлдүү жоолукчан аялдар жер-жемиш, туздалган азыктарды сатып отурган базар жайгашкан. Ушул жерде гүл сатылчу өтмөк да бар (украиналыктар баардык маанилүү учурда бири-бирине гүл беришет), андан тышкары жаңы эттер жана чочколордун баштары тизилип, туштары болсо жогорудан төмөн салаңдай илинген эт сатылчу өтмөк да бар. Бул жерге украиналыктардын типтүү сулуулугу таандык болчу: толук жетилбеген (кемчиликтүү), илээнди (одоно балиттик), бирок заманбап супермаркеттердин пайда болушу менен акырындап жоголуп бараткан шакылдаган шатыра-шатман атмосфера бийлеп турчу.

Бессараб базарынын азыркыга чейин жабылбай иштеп турганынын жалгыз себеби, анын туристтик аттракционго айланганында деп түшүндүрдү Игорь. Анан ал кокустан эле жандана түшүп, балык саткан текчелердин бирине үңүлө калды.

– Булар өтө сейрек! – Ал колу менен текченин айнегинен жыландай узун сүрсүтүлгөн үч балыкты (угорь) көрсөттү.

Игорь алардын бирин сатып алып мага белек катары тартуулады. Буркураган жытын айтпай эле коёюн.

– Мындайды күнүгө эле көрө бербейсиң, - деди Игорь сыймыктануу менен. – Булар деген Кызыл китепке киргизилген да!

– Дагы эмне деген Кызыл китеп?

– Жоголуп бараткан жан-жаныбарлардын тизмесин камтыган китеп. Угорь балыктары башка жерде жок. Сизге алардын бири туш болуп калганы жакшы болуптур, - деди ал өзүнө өтө ыраазы болуп.

– Бирок Игорь, а эгер бул украиналык акыркы угорь болсочу? – мен качандыр бир кездерде Украинанын алыскы көлдөрүндө жалтырап сүзүп жүргөн, эми болсо өлүп, сүрсүтүлгөн бойдон "ЖорЖио Армани" деген жазуусу бар полиэтилен баштыкта жаткан жыландай узун, жаратылыштын жакшынакай жандыгын карадым.

Игордун колунан баштыкты алып, каршылык көрсөтпөстөн чемоданыма салдым.

Лондонго келгенден бир нече күндөн кийин сүрсүтүлгөн угорь балыгын жегенге көңүлүм тартпагандыктан үйүмдүн арка тарабындагы бакча тарапка таштадым, эртең менен жойлогон бир түлкүнү ошол тараптан көрүп калам, балким анын табитине туура келер деп ойлодум. Эртеси эле угорь жок болду, бирок кийин аны тилекке каршы, бир бадалдын түбүнөн таптым. Жадагалса түлкү да мындай сый тамактан баш тарткан экен. Ал байкуш жандыкты, украиналык акыркы угорь балыгын бакчамдын этегинде өскөн гүлдүү бадалдын түбүнө жер казып көмүүдөн башка аргам калган жок.

6. Angor Animi

Жакын арада же бир көз ирмемден кийин өлөрүңө толук ынануу, өлүмдөн корккон адаттагы сезимдерден же өлүмдү каалаган сезимдерден айырмаланган өтө катуу коркунучка дуушар болуу.

Алгачкы жолу Киевге украиналыктарга жардам бергим келгендиктен эмес (бирок азыр алар менен жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери кызматташам), кызыгуумдан улам эле барган сыяктуу дарыгерлик кесипти да сүйгөнүмдөн эмес, турмуш шарттын олуттуу кыйынчылыктарынан улам тандап калгам.

Жыйырма бирге чыкканга чейин ата-энем менен алган билимим салган жолду басып келе бергем. Ал кезде мен сыяктуу адамдар, алар үчүн дайыма жумуш табылат деп кебелбей жүрүшчү, болгону эмне менен алектенгиң келет, ошону аныктап алышың керек. Мен атайын жеңилдиктер берилген белгилүү жеке мектепти бүтүргөм. Ал жерден латын, грек, англис тилдерин жана тарыхты көп жыл окудум. Мектепти бүтүргөн соң өзүмө эки жылдык каникул уюштурдум, андан кийин бир нече ай мамлекеттик архивде иштедим, ал жерден убактымды орто кылымдарга таандык үрп-адаттар, каада-салттарга арналган документтерди редакциялоо менен өткөрдүм (бул жумушка атам көптөгөн тааныш-билиштерин салып киргизген), андан соң бир жылдай Батыш Африканын алыскы бир бурчунда ыктыярчы катары англис адабиятынан сабак бердим. Ушулардан кийин гана Оксфордко тапшырып, саясат, философия, экономика илимдери менен терең тааныштым.

Академиялык же административдик карьераны түзүү маңдайыма жазылса керек. Бул жылдар аралыгында так илимдер боюнча дээрлик түшүнүгүм жок болчу. Пруссиялык кыштакта айылдык дарыгер болуп иштеген таятамдын таятасын эске албаганда, биздин үй-бүлөдө так илимдер же медицина менен байланышкан эч ким жок. Атам улуту боюнча англичан; укук коргоочу, адвокат, профессор. Апам болсо немис улутунан, фашисттик Германиядан качып келген. Эгер немис кыздарынын Бирикмесинин (жаштар уюму, гитлерюгенданын аялдарга таандык аналогу) катарына кирүүдөн баш тартпаганда балким филолог болмок, ошол себептен улам аны жогорку окуу жайына кабыл алышпай койгон. Жалгыз гана пруссиялык дарыгерден башка менин ата-тегим атам тараптагылар да, апам тараптагылар да мугалим болушкан же молдо, же соодагер (бирок тайкем 1940-жылы атып түшүрүлгөнгө чейин учкуч-истребитель болуп кызмат өтөгөн).

Оксфорддо сүйүүгө туш болдум, жоопсуз сүйүүгө. Үмүтүм үзүлүп, өзүмө боорум ооруп атамды терең кайгырткан бойдон университетти таштадым. "Беш жеңил ит" тасмасындагы Аляскага кетип калган Жек Николсондой түндүктөгү шахта шаарчаларынын бирине барып санитарлыкка орноштум. Ал жакта жарым жыл жүрдүм, эртеден кечке бейтаптарды операция үстөлүнө, кайра каталкага жаткырып ташып, дубалдар менен шаймандарды жууп, анестезиологдорго жардам берип жарым жылымды өткөрдүм.

Көмүрдүн тунмасынан карайып катуу кирдеген деңиз жээгинен бир нече миль алыстыктагы Уансбек өзөн суусунун жээгинде жайгашкан эски, жарымы кароосуз, темир быдыр чатырлуу жугуштуу ооруулар ооруканасынан кичинекей кепедей бир бөлмөнү алып жашадым. Бөлмөмдүн терезесинен тээ алыстан килейген чоң көмүр станциясы, деңиздин абасына аралашып, буркураган аппак түтүндүү буу чыгарган заңкайган бийик түтүк моорлору менен көрүнөр эле. Түнкүсүн ал жакта машиналык залдын артындагы тоодой үйүлгөн көмүрдүн үстүнөн салаңдап илинген электр жарык бергичтери күйүп турат, анан мен ошол жылдыздуу асман алдында иштеген бульдозерлерди карагандан ыракат алчумун. Атүгүл бул көрүнүштү тозок менен бейиштин аралашмасы атап, графоманиянын ачык эле белгилери байкалган ыр да жазгам. Жаш кезде боло берер ташкындаган күчтүү эмоцияларга толуп, курчап турган дүйнөнү бир эле учурда кандай кыпкызыл, аппак кардай апакай кабыл алчумун, мен катышкан операциялар анчалык деле канга боёлгон учур менен коштолгон жок, кыш болсо дээрлик кар жаабай эле жеңил өттү.

Мен көтөрө алгыс жалгыздыктан жабыркадым. Азыр го түшүнөм, ал кезде адамзаттык кыйналуу жана ооруулар топтолгон бейтапканада иштөө менен жеке бактысыздыгымдан, балким өспүрүмдүк тынчсыздануумдан, жоопсуз сүйүүмдүн азабынан кутулуп, айыгуунун аракетин көрсөм керек деп ойлойм. Бул эми жакшы болсун деген ниет менен ошол учурга чейин жашоомду чечип келген байкуш атама каршы жасаган, адатта көп кездешчү кадамдардын бири болчу да. Алты ай өткөндөн кийин үйгө кайтууну эңседим; үй-бүлөмө, кесиптик карьерама, бирок атам эмес, өзүм тандагандай карьерам боюнча багыт алгым келди. Жарым жылдай хирургдардын жанында жүрүп дал ушул медицина багытын тандоону чечтим. Көзөмөл алдындагы күч колдонуу, адамдарга жардам берүү мүнөзүнө ээ медицина тармагы көңүлүмө жагып, төп келип турду. Хирургдук кесип болсо укмуштай кызыктуу, эртеңки күн үчүн кабатыр болбогондой ишенимдүү сезилди. Ал бир гана кол менен эмес, баш менен иштөөнү талап кылчу, андан тышкары, кандайдыр бир бийликке эгедер кылып, социалдык статусту ыйгарып турар эле. Кандай болгон күндө да чыныгы өзүмдү сегиз жылдан кийин, сыноодогу дарыгер кезде, жанагы аневризмага жасалган алгачкы операцияга күбө болгон учурда таптым.

Бир жыл сабакка барбаганыма карабастан мага Оксфордго кайтууга уруксат беришти, Оксфордду аяктадым. Андан кийин мени лондондук медициналык окуу жайлардын ичинен табигый-так илимдер тармагы боюнча билими жок студенттерди алган жалгыз университет кабыл алды. Калган башка университеттерден баш тартуу алып, Королдук университеттин медициналык мектебине чалдым, алар мени маектешүүгө чакырышты.

Маектешүүнү медициналык мектептин катчысы, түтүктүү чылым тарткан, картаң шотландец өткөрдү. Бир нече жумадан кийин пенсияга чыкмак экен. Ал мени тамаша иретинде, же карьерасын соңуна чыгышын майрамдоо үчүн гана окууга өткөрдү, же балким дагы башка нерсе тууралуу ойлонгондур. Ал менден кайырмак менен балык уулоо жагабы жокпу, сурады. Мен жакпайт дедим. Ал медицинаны илим же искусство катары эмес, өнөр катары кароо керек деди. Жылдар өткөндөн кийин мен да ошондой көз карашта болуп калдым. Маектешүү беш мүнөткө созулду, кийин катчы үч жумадан кийин окууга келе беришимди айтты.

Ошол кезден кийин медициналык жогорку окуу жайларга кабыл алуу өтө катуу тартипте өттү. Менин билишимче, азыркы мен иштеген лондондук ири ооруканага караштуу медициналык мектеп келечектеги дарыгерлерди тандоо үчүн атайын чакырылган актёрлор менен оюн уюштуруп, бир топ ыкмаларды колдонушат. Толкунданып, кыжырданган талапкерлер жаман кабарды көтөрө билүүгө жөндөмдүү болушу керек, мисалы, азыр эле анын мышыгын авто-унаа тебелеп кеткенин актёрго айтып кабарлайт. Эгер талапкер буга окшогон окуяларга олуттуу мамиле жасай албаса, анда талапкерди кабыл алуудан дароо баш тартышат экен. Менимче, мындай процедура мен өткөн маектешүүдөн кандайдыр бир деңгээлде жакшы экени бүгүнкүгө чейин далилденбесе керек. Бирок анткен менен актёрлор чындап эле ийгиликтүү талапкерлерди тандоого жардам бергени көрүнүп турат.  

Мен медициналык бакалавриаттын даярдоо бөлүмүнө тапшырдым. Ал жерден бир жылга эсептелген тездетилген программа боюнча так илимдерди окутушат. Андан кийин студенттер медициналык жогорку окуу жайлар үчүн стандарт болгон беш жылдык программага киришет. Кийинки жылы даярдоо бөлүмүн жабуу пландалып, андыктан кафедра өзүнчө бир сазга айланып бараткан. Бизге лекция окуган мугалимдердин арасында апендичалыш, ачуусу келип жинденген илимий кызматкерлер бар болчу, кыскасы, алардын көпчүлүгү жаңы иштеп баштагандар, кийин тез эле башка кызматка өтүп кетишчү. Ошолордун бири атактуу илимди жайылтуучулардан болуп кетти, дагы башкасы натыйжада, пэр болуп, Улуу Британиянын Консерватиялык партиясынын төрагасына айланды. Мындан тышкары бизге жакында пенсияга чыгар картаң профессорлор да сабак берчү. Алардын да башкалары даярдоо курсунун ала-була ар түрдүү студенттерине болгон жактырбаган мамилесин жашырышчу эмес: мисалы, мени менен чогуу биржа кызматкери, сауд хан бийкеси, "Форд" жүк ташуучу авто-унаасын сатуучусу, андан тышкары табигый-так илимдер боюнча начар баага окуган жаш студенттер (алардын бири алган бааларын оңдотуп да алчу экен) дагы окушкан. Биология сабагынан чоң коёндорду союп, химия сабагынан химикаттарды аралаштырып, физикадан түшүнүксүз лекцияларды угуп күндөр өтүп жатты. Айрым лекторлор шыктандырса айрымдары күлкү келтирчү. Өтө чыңалган, туруксуз атмосфера бар эле. Баардыгыбыз дарыгер болууну самачубуз, бирок көпчүлүгүбүз кандайдыр бир себептерден улам өзүбүздү жолу болбогон ийгиликсиз адамдар катары эсептечүбүз, бирок калп айтпасам, бүтүрүү экзаменин баары тапшырып, өтүп кетишкен.

Андан кийинки эки жыл таёриялык даярдык үчүн кетти: анатомия, физиология, биохимия жана фармакология, андан соң үч жыл ооруканадагы практикалык билимге арналды. Анатомия курсунан өтүү үчүн бизди чакан топторго бөлүштүрүп, ар бирибизге бальзамдалган өлүктөрдү бөлүп коюшту, биз аларды үч жыл бою акырындык менен ар бир бөлүгүн изилдеп чыктык. Бул өлүктөр башында анчалык деле кызыктыруучу көрүнгөн эмес, бирок жыл аягында боор оорутар көрүнүшкө айланышты. Биз иштеген өлүктөр имараттын эң үстүнкү чатыр кабатында бийик шыптуу, кеңири мейкиндикти ээлеген чоң, узун залда сакталчу. Узун залдын эки тарабында тең тизиле коюлган узун туурасынан кескиленген өлүктөрдү жашырган, жашыл кендир менен жабылып каталкалар турат. Бөлмөдө формальдегиддин жыты жыттанат.

Анатомиядан алгачкы сабакка кирер алдында өлүк союу боюнча жапжаңы китептерибиз менен катуу кендирге оролгон хирургиялык шаймандарыбызды кучактап узун залга алып кирчү тепкич менен тизилип турдук. Акыры каалга салтанаттуу ачылып, эч кимдин колу тие элек, өзүбүзгө бөлүнгөн өлүктөр менен таанышууга бет алдык. Тамыры тээ жүз жылдарга чейин барып такалган салттуу медициналык билимдин түзүлүшү мына ушундай, азыр дээрлик мындан толугу менен баш тартышты. Кандай гана хирируг болбосун чыныгы практикага туш болгондо адамдын анатомиясын кайра башынан изилдеп чыгууга мажбур. Себеби студент кездеги бальзамдалган боппоз өлүктөр менен изилденген анатомия ичи канга толгон тирүү адамдын денесинен айырмаланат. Өлүктөрдү изилдөө аркылуу биз ээ болгон билим, балким, чектелген баалуулукту алып жүрүшү мүмкүн. Бирок экинчи тарабынан бул ыкма бизди адаттагы жашоодон ооруу-сыркоо, өлүмдөрдүн дүйнөсүнө өтүүбүзгө, ошол дүйнөгө көнүгүүгө жол ачуучу маанилүү тажрыйба эле. Мындан тышкары, чоң залдагы сабак активдүү социалдык карым-катнашты түзөр эле: студенттерден турган топтордун баары өзүнө тиешелүү өлүктөрдү тегеректей, андагы өлүк ткандарды ажыратып, бөлүү менен алардын аттарын, кан тамыр, сөөк, ички органдардын аталыштарын семичкедей чаккан деңгээлде жатташ үчүн изилдешчү. Мага адамдын колунун түзүлүшү айрыкча жакчу. Түрдүү деңгээлде ачылып, союлган адамдын кесилген колдору салынган полиэтилен баштыктар ар бирибиздин алдыбызда жатчу. Мен аларга Везалийге окшоп түрдүү майда түстүү сүрөттөрдү чиймелегенди жактырчумун.

Мурда практика өткөн ооруканага, сыноодогу дарыгердин узун халатын кийип (медик-студенттер кыска халат кийишчү), өзүмдү өтө маанилүү киши сезип, 1979-жылы кирип бардым. Кийин башка ооруканадагы студенттер узун, ал эми сыноодогу дарыгерлер кыска халат кийерин билдим. Өз ыйгарым укугумдун символу катары төш чөнтөгүмө пейжер (биз өз арабызда аны "ышкырык" дечүбүз), каптал чөнтөгүмө стетоскоп, кан токтотчу резинка, фармакологиялык справочник салып алам. Медициналык мектепти бүтүргөн соң интерн катары, тагыраагы, ар жак-бер жакка чуркоочу бала катары бир жыл, анын жарым жылын хирургиялык бөлүмдө, дагы жарымын терапевт бөлүмүндө иштешиң керек. Эгер дарыгер, анын ичинен хирург болууну самап, жалпы практикадагы дарыгер болууну каалабасаң, анда студент кезде практика өтөгөн клиникага жумушка илешүүгө аракет кылышың керек. Себеби ал жердеги башкы дарыгердик курам сени эстеп калышы зарыл, ошолордун колдоосунан сенин медицинадагы келечегиң толугу менен көзкаранды болот.

Мен хирург болууну каалагам, мындайча айтканда, хирург болорума ишенгем, ошондуктан билим алган жериме караштуу клиникадагы хирургиялык бригададан өзүмө баштан эле орун даярдадым. Ал бригадалык топ, дарыгер-консультант, улук ординатор, кичи ординатор жана интернден турчу. Мен эки кишинин ордунда иштечүмүн, тагыраак айтканда, кадимки беш иш күнүнөн тышкары, ар бир экинчи түн сайын нөөмөттө калып, ар бир экинчи дем алыш күндөрү жумушка чыкчумун. Ошентип жалпысынан ооруканада жумасына 128 саат болом. Пейжерди болсо өзүмдүн жол көрсөтчүмдөн алдым. Ал киши мага жетекчиликке кантип жагуу керек, өлүм алдындагы бейтаптарга кантип жардам берүү керектиги жөнүндө бир-эки өтө маанилүү кеңеш берди, анын айткандары бир да лекцияларда, китептерде айтылган эмес. Мен ушундай узак сааттар бою өкүм сүргөн өзүмдү өтө маанилүү туйдурган сезимдерден ыракат алам. Чындыгында милдеттерим анчалык деле маанилүү эмес болчу. Күндөп, түндөп жаңы бейтаптарды каттайм, кандын анализин алам, мүмкүн болгон баардык формаларды толтурам, жоголуп кеткен рентген сүрөттөрүн издейм. Уйкумду кандыруу кыйын болчу, анын үстүнө түнкүсүн улам бир жумуштар менен ойгото бергенине көнүп да калгам. Убакыттын өтүшү менен операция жасоого катышып, ассистенттик кылып жүрдүм. Хирургдар казып бүткөнчө бейтаптын ачылган ич көңдөйүн ретрактордун жардамы менен бир нече сааттар бою ордумдан кыймылдабай кармоого туура келчү. Азыр, отуз жыл өткөн соң ошондогу өзүмдү маанилүү кызматкер катары сезгеним күлкүмдү келтирет.

Ооруканадагы көптөгөн кичи дарыгердик курамдын мүчөсү болгон мага абдан жакчу, бирок хирургия бөлүмүнүн интерни болуп канчалык көпкө иштеген сайын келечектеги медициналык карьерамды эмне кыларымды ошончолук аз түшүнө баштадым. Реалдуу операциялар мен санитар болуп иштеп жүргөн мезгилде үстүртөн көргөндөрүмө шайкеш келбеди. Кандай операция болбосун баарына мүнөздүү жагымсыз жыттанган ички органдар, сфинктерлер, организмдеги суюктуктар мен үчүн чогуу иштешкен көпчүлүк хирургдар сыяктуу эле жаман көрүнүп, өздөрүнөн алыс түртүп турду. Бирок моюнга алыш керек, менин хирург болушума чоң салым кошкон бир топ устат-хирургдар дагы, албетте, болду. Алар мени операция учурундагы ийкемдүү иштеген колдору менен гана эмес, бейтаптарга жасаган жылуу мамилелери аркылуу шыктандырышты. Студент кезде интерн болуп иштеп жүргөн учурда бир дагы нейрохирургиялык операцияга катышуу буйруган жок. Нейрохирургиянын операция жасоочу бөлүмү дайыма тыюу салынган жер болчу, ал тууралуу адамдар өтө толкундануу, тынчсыздануу менен чочулай сөз кылышар эле.

Интернатуранын кийинки алты айын Лондондун түштүгүндөгү эски ооруканада өткөрдүм. XIX кылымда ал оорукананын имараты түрмө болгон экен, ошон үчүн азыркыга чейин эле жергиликтүү тургундар арасында жаман айың-кептер арылбайт. Бул оорукана британиялыктардын баардык жерде ата мекендик саламаттык сактоо системасына болгон сыймыгын аша чапкандык кылып көрсөткөн ооруканалардын бири эле. Бейтаптар эки тарабына жыйырмадан керебет коюлган килейген чоң бөлмөдө мал сыяктуу тыгылып жатышчу. Травматология бөлүмү биринчи кабатта болчу, ал эми интенсивдүү терапия бөлүмү болсо так ошонун үстүндө жайгашкан, бирок лифт жалгыз. Ал жакка жетүү үчүн башкы коридор менен жарым миль басып өтүш керек. Эгер бейтапты травматологиядан реанимацияга шашылыш жеткирүү керек болсо бул тапшырманы нөөмөттөгү интерндин мойнуна жүктөшчү. Ал байкуш санитар менен кошо бейтап жаткан койканы түртүп, лифтке түшүү үчүн бир башынан экинчи башына бүтүндөй оорукананы коридор аркылуу айланып өтөт, андан соң экинчи кабатта да ушундай эле аралыкты басып өтүү турат. Мен баарын тез аткарганга аракет кылчумун. Жолуман чыккандарды шашылыш четке чыгарып, күркүрөгөн чоң лифтти чакырып коюуларын алыстан кыйкырып суранып, кырдаалдын шашылыш экенин билдире драматизмди уюштуруп жиберчүмүн. Бул көрүнүштүн клиникалык зарылчылыгы бар беле билбейм, бирок телесериалдарда дал ушундай ишке ашырылчу, мындай нерсе мага жагар эле. Түнкүсүн жарытылуу уктаганга мүмкүнчүлүк жок, бирок бул жердин дарыгерлерге арналган ашканасы менен мага дайыма жегенге бирдемелерди берген испаниялык меймандос айым иштеген бары жаман эмес болчу. Атүгүл оорукананын башкы имаратынын жанында көк чөптүү аянты да бар болчу. Ал жерден биз кесиптештерибиз менен бош сааттарыбызда крикет ойноп калчубуз.

Иш көп: бул жерден мага хирургия бөлүмүндөгүгө караганда чоңурак жоопкерчиликтерди жүктөштү, анан да мени азырак көзөмөлгө алышты. Көптөгөн пайдалуу практикалык тажрыйбаларды тез эле өздөштүрдүм, бирок алар дайыма жагымдуу боло берчү эмес. Мен дарыгердик иерархиянын эң төмөнкү баскычында элем. Менин милдеттериме жаңы келген баардык бейтаптарды биринчи текшерүүдөн өткөрүү кирчү (эреже катары алар бизге шашылыш абалда келип түшкөн травматология бөлүмүнөн кийин келишчү), андан тышкары бөлмөлөрдө жаткан бейтаптарды да текшерүү менин жумушум болчу. Бейтаптарды алгач өзүм текшербей туруп аларга байланыштуу суроолор боюнча жогорку жактагы дарыгерлерге чалууга болбойт экенин тез түшүндүм. Бул катаны нөөмөткө чыккан биринчи эле күнү кетирдим, мага чалган медайымдардын айткан бейтабы боюнча ординатордон кеңеш сурай коёюн десем эле жооп ордуна жамгырдай жааган тил уктум. Ошентип, эч кандай тажрыйбасыз эле катуу толкунданган бойдон ар бир жаңы түшкөн бейтапты текшерип, андан ары эмне кылыш керектигин чечүүгө аракет кыла баштадым. Кырдаал чындап эле олуттуу болгондо гана жетекчиликке чалчумун.

Бир жолу түндө дем ала албай жаткан орто жаштагы эркек кишини карап, текшерүүгө чакырып калышты, мындай учурлар толуп калган бейтап бөлмөлөрүндө көп эле болчу. Мен кушеткамдан ыргып туруп, ак халатымды үстүмө шарт кийдим (мен кийимчен эле жатып алчумун, анткени бир-эки саат катары менен уктоо дээрлик болчу эмес, түн ортосунда кабыл алуу жерине же бейтаптардын бөлмөсүнө улам-улам чакыра беришчү). Тынчсызданган, коңурук тарткан, кыңкыстаган караандар көрүнгөн эки тарабына жыйырмадан койка коюлган, узун, караңгы бөлмөгө кирдим. Бөлмөнүн так ортосундагы үстөлдө бүлбүлдөп жарык берген жалгыз лампанын алдында документтерди тиктей, эки медайым отуруптур. Алар текшериш керек болгон бейтапты көрсөтүштү.

– Ал кечээ ИМ болжолдонгон диагнозу менен келип түшкөн, - деди медайымдардын бири, ИМ деп инфаркт миокарданы айтып.

Тиги киши керебетке боюн түздөй сүйөнүп отуруптур. Ал аябай коркуп жаткандай көрүндү. Анын тамыры бат-баттан согуп, дем алуусу тездеген абалда болуп жатты. Мен анын көкүрөгүнө стетоскопту алып барып, жүрөгүнүн согушун текшерип, дем алуусу, дем чыгаруусун тыңшадым. Жүрөктүн согушун көрсөткөн ЭКГ – электрокардиограмма жасадым. Ал мага нормалдуудай эле көрүндү. Ошондуктан бейтапты тынчтандырып, жүрөгүндө эч кандай олуттуу көйгөй жок экенин айттым.

– Доктор, бир жерим жакшы болбой турат. Билип турам.

– Баары жакшы эле, сиз болгону катуу кабатырланып жибердиңиз, - дедим бир аз кыжырым келе, анткени эртерек эле керебетиме барып уктагым келди.

Ал аргасыздан артымдан артка бурулган мени карап калды. Мен тынчсызданган караандар жаткан эки койканын жанынан өткөнчө угулган анын кыйналган дем алуусу азыркыга чейин мени жемелеп, зекигендей кулагыман кетпей угулат. Мен каалгага жеткенче эле бөлмөгө өлүктөй жымжырттыкты орноткон анын тынчып калган дем алуусу азыркыга чейин угулат. Дүрбөлөңгө түшкөн мен ал жаткан керебетке жүгүрүп бардым, бирок ал жерден шалдайып калган денеге туш болдум.

– Тезинен башкы дарыгерди чакыргыла! – деп кыйкырдым медайымдарга, анан бейтаптын жүрөгүнө укалоо жасай баштадым.

Бир нече мүнөттөрдөн кийин бейтаптардын бөлмөсүнө уйкулуу көздөрү менен кесиптешим кирип келди. Биз жарым сааттай бейтаптын жүрөгүн кайрадан соктуруунун аракетин көрдүк. Ординатор анын ЭКГсын карады.

– Карынча тахикардиясы, - деди ал кабагын чытый. – Сен байкаган жоксуңбу? Мага дароо эле чалышың керек болчу.

Мен эч нерсе деген жокмун.

Мурда бул сезимди angor animi дешчү (латынчадан которгондо "жан дүйнөнүн азап чегүүсү"). Бул сезимге кээде жүрөгү кармап, бир нече секунд гана өмүрү калган адамдар дуушар болушат. Атүгүл азыр отуз жыл өтсө дагы, мен аркамды салып бурулган учурда жүзүнөн кетпей катыган ошол көз жумган кишинин аргасыз абалын даана көрүп турам.

*     *     *

Жумуш сейректикти бирок кайгылуу кунарсыздыкты камтыган дайымкы чыңалууну талап кылчу. Ошондуктан студенттик жылдарымда жандай жакын досторум болгон оттой жанган энтузиазм менен альтуризмди тез эле жоготтум. Ал кезде бейтаптарга карата кайгыны көтөрүү жеңил болчу, себеби алар менен андан ары эмне болот, жооп берчү эмесмин. Жоопкерчилик менен кошо ийгиликсиздикке туш болуу коркунучу да бирге жүрөт, ал эми бейтаптар ийгиликтүү операция учурунда сыймыктанууга себеп болгондой эле толкундануунун, кабатыр болуунун, стресстин да булагы болуп калат. Эми мен өлүм менен күн сайын кез келип, көбүнчө ийгиликсиз жандандыруудан, кээде ичиндеги кан куюлуудан улам кан жоготууга дуушар болуп көз жумгандар болду. Жүрөккө жасалган жандандыруу биринчи жардамы реалдуу жашоодо биз телевизордон көрүп көнүп калган көрүнүштөн кыйла айырмаланат. Көп учурда жандандыруу иш-аракеттери боор оорурлук көрүнүшкө ээ, адамды жашоого кайтаруу үчүн ааёсуз ыкмалардын колдонулушу менен кабыргалардын сынып кетүүсү да бар, айрыкча бул учур тынч өлүмүнө жакшылыкча эле жол бошотуп койгуң келген улгайган кишилерге таандык.

Акырындык менен корс тартып, бекем боло баштадым (баардык дарыгерлер ушундай болуп калышат), бейтаптарды мен сыяктуу аялуу, өтө маанилүү жаш дарыгерлерден кескин айырмаланган башка рассадагы жандардай кабылдаганга өттүм. Бүгүн дарыгердик ишмердүүлүгүмдүн аякташына жакындаган сайын кесипкөйлүк солгундай баштайт. Мен азыр ийгиликсиздикке учуроодон мурдагыдай коркпойм, себеби анын болор нерсе экенине көндүм, ал нерседен чыккан коркунучту анчалык катуу сезбейм, андан тышкары башыман өткөргөн катачылыктарымдан көптү үйрөндүм (кандай болгон күндө да үйрөнгөнүмө үмүттөнөм). Эми өзүмө бир аз алсыз болууга, кесипкөй бекемдигимди бошоңдотууга уруксат бере алам. Анын үстүнө карылык таман алдымда турат, мындан ары бейтаптарым сыяктуу эле эттен жана кандан турарымды четке кага албайм, ошолордой эле аялуумун. Демек азыр бейтаптарым үчүн мурдагыдан да эки эсе кабатырланат экемин, себеби жакында өзүм дагы өмүрүм үчүн күрөшүп ошол бейтаптардай төшөктө жатып калышым ыктымал.

Интернатурага бөлүнгөн бир жыл аяктап, Лондондун түндүгүндөгү өзүмдүн мурдагы клиникама кайтып, интенсивдүү терапия бөлүмүнө улук ординатор болуп кирдим. Максатка карай умтулганым күн санап жоголуп баратканына карабастан хирургдукту үйрөнүп чыгам деп чечтим, жандандыруу бөлүмүндө иштөө мен үчүн ошол максатыма жетүүгө биринчи кадамдай көрүндү. Ал жердеги милдеттерим кагаз иштерин бүтүрүү, тамчылатма дары коюу, кандын анализин алуу, андан соң убакыттын өтүшү менен көкүрөк дренаждарын орнотуу же моюн венасына тамчылатма дарыны туташтыруу сыяктуу кызыктуу инвазивдик процедураларды ишке ашырууга өттүм. Дал ушул интенсивдик терапия бөлүмүндө иштеп жүрүп шыктандырып, көзүмдү ачкан аневризмага жасалган операцияга туш болдум.

Эмне менен алектенгим келерин түшүнгөнүмдө жашоо жеңилдеди. Бир нече күндөн кийин ошол аневризманы бекиткен нейрохирург менен жолугуп, мен дагы нейрохирург болгум келерин айттым. Ал өзү иштеген бөлүмдөгү жакында бошочу ординаторлук орунга арыз таштоомду айтты. Сыноодогу дарыгер болуп жүргөн кезде кол алдында иштеген жалпы практикадагы башкы хирургдардын бири менен да сүйлөштүм. Таң каларлык кең пейилдик сапатка ээ ал киши (ал менин кудайымдай көргөн устат-хирургдарымдын катарына кирчү) дароо эле өлкөдөгү көрүнүктүү эки нейрохирург менен карьерамды пландап баштоомо, өзүмдү алардын келечектеги кесиптеши катары тааныштыруума шарт түзгөн жолугушуумду уюштуруп салды. Ал кезде нейрохирургия жаңыдан өнүгүп, жалпы Бириккен Королдукта бул тармакка тиешелүү жүздөн ашпаган гана дарыгер бар болчу. Ал эки хирургдун бири, маңдайы жарык киши, Ист-Энддеги Королдук ооруканада иштечү. Анын иш бөлмөсүнө киргенимде, чылым чегип отуруптур, дубалдардын боору жарыш авто-унааларынын сүрөттөрү менен кооздолгон (билишимче ал "Формула-1" пилоттору менен иштеген). Мен ага нейрохирург болгум келген терең каалоомду айттым.

– Сиздин жубайыңыз бул чечимиңизге кандай карады? – деди биринчи эле.

– Ал жакшы идея катары эле карайт деп ойлойм.

– А менин биринчи аялым мындай жашоого чыдабады, мен аны ылайыктуу башкасына алмаштырууга мажбур болдум. Нейрохирургияны үйрөнүү билсеңиз, жашоону татаалдантат.

Арадан бир нече жума өткөн соң экинчи белгилүү нейрохирург менен сүйлөшүү үчүн Саутгемптонго бардым. Ал дагы мени жылуу тосуп алды. Кашка баш болуп бараткан саргыч чачтуу, саргыч муруттуу бул киши нейрохирургдан да шайыр фермерге окшошуп турду. Бейтаптардын оору бейнелери жайылып жаткан толтура папкалар жыйылган үстөлдүн аркы башында отурган экен, дээрлик байкалбайт. Ал кишиге нейрохирург болгум келген ойлорумду айтып, пикир бөлүштүм.

– Бул боюнча жубайыңыз эмне деди? – деп сурады.

Мен кабатырлана турган эч нерсе жогун айттым. Ал бир аз унчукпай турду.

– Операция – иштин жеңил бөлүгү, - деди ал акыры. – Менин жашыма келгенде түшүнө баштайсың, негизги кыйынчылык – туура чечим кабыл алуу.

7. Менингиома

Борбордук жана аралык мээнин желе сымал чел кабыктарынан өөрчүгөн түбү кайырдуу шишик; ал жай өөрчүйт, симптомдору жакын жаткан нерв талчаларына болгон басымдан улам шартталат.

Дүйшөмбү күнү саат жетиде шатырап төккөн жамгыр үнүнөн ойгондум. Февраль болчу. Уктоочу бөлмөнүн терезесинен бүркөлгөн күндү карадым. Алдыда мени бир топ операция күтүп жатты. Бирок оорукана кайра эле бейтаптарга толуп, бош орун жок, тизмедегилердин баардыгына операция жасалышынан күмөн санадым. Кечке жуук жок дегенде бир бейтаптан кечирим суроо күтүп турганы белгилүү. Ал ачка, кабатырланган абалда интенсивдик терапия бөлүмүнөн орун бошосо керек деп үмүттөнүп, операция жасалышынан эки көзү төрт болуп отурат. Тилекке каршы, аны бүгүн да кубандыра албайм.

Мага каршы чыккандай үтүрөйгөн аба ырайын, шамал менен жамгырды, ооруканадагы жетишпеген орундарды тилдеп велосипедчен жумушка жөнөдүм. Эртең мененки чогулушка кечигип барып, эң татаал тапшырмалардын бири – мээнин сүрөтүнүн интерпретациясында алдына киши салдырбаган, мени бир нече жолу катачылыктардан куткарган мыкты кесиптешим нейрорентгенологдун жанына барып отуруп калдым. Бүгүн түнү нөөмөттө болгон ординатор Энтониден жаңы келип түшкөн бейтаптар тууралуу маалымат берүүсүн сурандым. Ал бөлмөнүн алды жагында менин келишимди күтүп компьютерде отурган. Энтони хирургдарда сейрек кездешчү куулук-шумдугу жок жаш дарыгер болчу. Анткен менен мындай сапатты нейрохирургдар жылдар өтүп, тажрыйбанын топтолушу менен жоготушат.

– Эч кандай деле олуттуу нерсе болгон жок, - деп жооп берди.

Кабагымды чытый карап, ачуум келе эң жөнөкөй, күнүмдүк олуттуу эмес учурлар адатта эң маанилүү көйгөй болуп чыга келерин айттым.

Айткандарым Энтониге катуу тийгенсиди, ошол замат кайра кармана албаганыма өкүндүм.

– Токсон алты жаштагы аял үйүнөн жыгылып баштаган, - деп баштады ал. – Аорта клапанында күчтүү стеноз бар, жүрөгүндөгү чууну жанында жөн турсаң деле угасың. Ал сол тараптуу гемипарезден жабыркайт, баса албайт, бирок акыл-эси жайында.

Алдыңкы катарда отурган жаш дарыгерлердин биринен кандай диагоноз коймогун сурадым.

– Мындай курактагы бейтаптын бир эле жерин дарыламакпыз, ал – өнөкөт субдуралдык гематома, - деди ал ишенимдүү түрдө.

Аорта стенозунун болушу эмнеден кабар берерин сурадым.

– Ал деген жалпы анестезия, бул бейтапты өлүмгө алып келет дегенди түшүндүрөт.

Мен Энтониден сүрөттөрдү көрсөтүүсүн сурандым. Ал компьютерге бурулуп бир катар жашыруун сандарды терди, бирок экрандан бөлүмгө келип түшкөн көпчүлүк бейтаптарды жөнөтчү жергиликтүү оорукана менен бизди байланыштырчу программанын башкы бети ачылганча бир нече мүнөт өтүп кетти. Ал компьютер менен алышканча, башка жаш дарыгерлер ооруканада колдонулган компьютердик программаларды тамашага сала биздин бейтаптын сүрөттөрүн тапканга жардамдашып жиберишти:

– Сүрөттөрдү жөнөтчү могу программанын бети жок... Энтони, программаны жаңылатып көрсөң. Жок, "Көрүнүш" деген баскычты бас, анан "Плитка". Иштебейт окшойт. Солго алып келсең. Болбойт. Башкы бетке кайтып көрчү...

Акыры узакка созулган күрөштөн кийин мээнин сүрөттөрү бет маңдайыбыздагы дубалдан чыга келди. Ал сүрөттөрдөн оң жарым шарды жешилүүгө дуушар кылган баш сөөктөрү менен мээнин үстүңкү катмарынын ортосундагы ичке суюктукту көрүүгө болот.

Нейрохирургиядагы эң кеңири жайылган өтө кооптуу учурлардын бири өнөкөт субдуралдык гематомага чалдыккан кезектеги кары киши. Мээнин калган бөлүгүнүн көрүнүшү анчейин жаман эмес: ал токсон алты жаштагы көпчүлүк адамдардыкына караганда азырак деңгээлде кургап калыптыр.

– Атам Альцгеймер оорусунан көз жумган, - дедим сыноодогу жаш дарыгерлерге. – Анын мээси сүрөттөрдөн швейцар сырындай көрүнгөн: тешик-тешик болуп, бүтүн жери аз калган.

– Кана эми, Энтони, - дедим талкууну улантып, - көйгөй эмнеде?

– Көйгөй этикалык мүнөздө. Бул бейтап карылар үйүнө барганча өлгөнүм артык дейт.

– Аныкы да кандайдыр бир деңгээлде туура. Силер психогериатрикалык бөлүмдө же карылар үйүндө иштеп көрдүңөр беле?

– Жок.

Мен психогериатрикалык бөлүмдө кичи медкызматкер болуп иштегенимди айттым. Сийдиги токтобогон жыжыңдуу жыйырма алты кары кишини кароо – оңой эмес. Калктын орточо жаш курагы барган сайын көбөйгөндүктөн, ММКлар карылар үйүндө жасалган терс мамилелерди, чыр-чатактарды бат-баттан чагылдырып, кабар берүүгө өтөт. 2050-жылы алтымыш жылдын босогосу Европанын үчтөн бир бөлүгүн ашат. Жалпы хирургия бөлүмүндөгү биринчи жетекчим, эң сонун киши эле, ал деменция илдетинен улам өмүр соңун карылар үйүндө өткөргөн. Кызынын айтымында, ал өлгүсү келгендигин дайыма айта берчү, бирок өтө эле ден соолугу мыкты болчу, андыктан бир кылымдан ашык жашап койду. Жаш кезинде дайыма эртең менен муздак ваннаны колдончу.

– Бирок биз анын өлүп калуусуна жол бере албайбыз да, - менин жымсалдай айткан сөздөрүмдү арткы катарда отурган ординаторлордун бири бөлүп жиберди.

– Эмне үчүн жол бере албайбыз? – дедим таң кала. – Эгер өзү каалса.

– Мүмкүн ал депрессиядан улам айтып жатсачы? Балким ал кайра бул оюнан кайтат.

Бул маселеге дагы бир канча убакыт бөлдүк. Мен мындай талкуулар, эгер адам жаш болсо, баардыгы али алдыда жатса (албетте, өзүн-өзү өлтүрүп салышпаса), көргөнүнөн көрө элеги көп болсо адилеттүү болорун, бирок үйүнө кайтып барганда бактылуу болору күмөн токсон алты жаштагы адамга мындай талкуулар ылайыктуу эмес деген пикиримди билдирдим.

Энтониден, бул бейтап аял операциядан кийин үйүнө барып, өз алдынча жашачу ыктымалдуулугу канчалык экенин сурадым.

– Анын жашында ыктымалдуулук өтө төмөн, - деди. – Менимче, үйүнө бир аз убакытка кайтып барышы мүмкүн, бирок эртеби-кечпи баары бир карылар үйүнө түшөт. Албетте, эгер ага чейин артериялык стеноз кол салып ийбесе.

– Ошондо кандай кылдык? – дедим бөлмөдө отургандардан. Оңтойсуз жымжырттык. Мен бир мүнөттөй күтүп турдум.

– Анын жалгыз тууганы анын жээни. Ал бүгүн бир аз кечирээк келет, - деди Энтони.

– Демек, кандай чечим кабыл алсак дагы, баары бир анын жээнин күтүүгө туура келет.

Рентгенолог кесиптешим мага эңкейе кулагыма шыбырады:

– Мындай учурлар мага дайыма кызык. Жаштар, - кичи дарыгерлер отурган тарапты башын жаңсай көрсөттү, - баардыгы ушундай учурда операция жасоону каалашат, өтө кызыктуу, олуттуу учурларга туш болобуз деп үмүттөнүшөт. Аларды түшүнсө болот, али жаштар. Бирок мындай катардагы окуяларды талкууга алуу мени көбүрөк кызыктырат.

– Кезегинде мен да мына булардай болчумун, - дедим.

– Эми бул аялга эмне болот деп ойлойсуз? – деди ал.

– Түшүнүгүм да жок. Ал менин бейтабым эмес.

Отургандарга карап, мындай дедим:

– Биздин он мүнөтүбүз калды. Менин бүгүнкү бейтаптарымдын бирин карап көрбөйлүбү?

Энтониге бейтаптын аты-жөнүн айттым, ал тиешелүү мээнин сүрөтүн дубалга чыгарды, бул жолу көпкө созулбай, убарасыз тез эле чыкты. Сүрөттө мээнин сол бөлүгүн кысып турган чоң шишик, түбү кайырдуу менингиома чагылдырылып турган.

– Бул бейтап аял сексен беш жашта, - деп баштадым. – Отуз эки жыл мурда, мен жаңы эле нейрохирургияга келген кезде (силердин көпчүлүгүңөр ал кезде жаңыдан жөргөлөп жүргөн болсоңор керек), мындай курактагы бейтаптарга операция жасачу эмеспиз. Жетмиш жашка келген бейтаптардын баары мээге жасалчу операция үчүн өтө эле кары деп эсептелчү. Азыр андай жаш курактык чектөөлөр жок.

Андан соң бул бейтаптын ооруканага келиши тууралуу кыскача баяндама бердим.

*     *     *

Миссис Сигрэйв амбулатордук бөлүмгө бир нече жума мурда кайрылган. Бул жогорку деңгээлдеги интелегент айым (анын көзү өтүп кеткен күйөөсү таланттуу дарыгер болгон) андан кем калышпаган интелегенттүү орто жашап калган үч баласы менен чогуу келди, эки кыз, бир эркек баласы бар экен. Мен кошуна бөлмөдөн отургуч алып келүү үчүн чыктым. Орто бойлуу, ак баскан узун чачтуу тыкан кийинген, өз курагынан кыйла жаш көрүнгөн бейтап жазуу үстөлүмдүн жанына отурду, балдары бет маңдайыман орун алышты: сыпайы өңдөнгөн, бирок чечкиндүү көздөр курчады. Маңдайкы мээ бөлүгүнө байланыштуу көйгөйлөрү бар көпчүлүк кишилердей ал дагы өз башына түшкөн кыйынчылыктарын жакшы сезген жок, атүгүл андай оорусу барынан кабары жоктой.

Өзүмдү тааныштырып, жардам бергиси келген, жакшылык каалаган дарыгер катары, ошол эле учурда эмоционалдык көйгөйлөрдүн алдын алуу менен абайлай миссис Сигрэйвден компьютердик томографияга түшүүгө эмне түрткү болгонун айтып берүүсүн өтүндүм.

– Өзүм жапжакшынакай элемин! – деди ал үнүн өктөм чыгарып. – Жолдошум Сент-Эннзде гинекология бөлүмүнүн профессору болгон. Сиз таанычуңуз беле?

Тааныбасымды айттым. Медицина тармагына ал пенсияга кеткенден кийин келсем керек.

– Булардын, - бейтап аял балдарын башы менен жаңсай көрсөттү, - рулга отурушума уруксат бербегенине ачуум келет. Мен авто-унаасыз жүрө албайм! Бул сексизм эмей эмне. Эгер эркек болгонумда булар мага авто-унаа башкаруума тыюу салышпайт болчу.

– Бирок сиз сексен бешке келип калбадыңызбы...

– Менин жаш курагымдын бул жерге эч кандай тиешеси жок!

– Андан тышкары кеп мээңиздеги шишикте да, - деп кошумчаладым, үстөлүмдө турган компьютердин мониторун көрсөтүп. – Сизге мээңиздин сүрөтүн көрсөтүштүбү?

– Жок, - деди ал. – Кана, көрөйүнчү, кызык болуп жатат.

Ал мээни кысып турган грейпфруттун көлөмүндөй килейген шишикти ойлуу тиктеп турду.

– Бирок мен чындап эле авто-унаасы жок жүрө албайм.

– Эгер сиз мага уруксат берсеңиз балдарыңызга бир суроо берейин.

Алардан акыркы айларда миссис Сигрэйв кандай кыйынчылыктарга туш болгонун сурадым. Апасынын көзүнчө анын көйгөйлөрүн айтуу алар үчүн кыйынга турса керек, анын үстүнө апасы алардын сөзүн улам-улам бөлүп, айтылгандарды четке кагып, эки сөзүнүн биринде эле авто-унаа башкарууга уруксат беришпегенин айтып жатты. Ал ортодо балдарынын айткандарынан улам апасынын унутчаак болуп калганын так түшүндүм. Алгач алар адаттагыдай эле унутчаактыгын улгайган жашына байланыштырышкан, бирок миссис Сигрэйвдин эстутуму тездик менен начарлай баштаган, ошондон кийин дарыгер-гериатр компьютердик томографига түшүүгө жолдомо берген. Мээсиндеги шишик дээрлик сейрек кездешет, бирок деменция илдетине мүнөздүү себептердин бири. Бул шишиктен улам алгачкы көйгөлөр жаралган учурда ал өтө чоң көлөмгө чейин өсүп кеткен. Шишиктен тышкары бейтап айымдын Альцгеймер менен да жабыркай тургандыгынан кабар берген ыктымалдуулук бар болчу, ошондуктан мен айткандай, операция акыбалынын жакшырышына кепилдик боло албайт эле. Атүгүл операциядан кийин миссис Сигрэйвдин абалы азыркыдан да начарлап кетүү коркунучу турган. Аны менен катар бейтаптын симптомдору чындап эле ошол шишиктен улам пайда болдубу, жокпу – аныктоо үчүн хирургиялык кийлигишүү зарыл. Мен аларга түшүндүргөндөй, бул жердеги маселе операциядан кийин анын абалы канчалык начарлап кетерин сүрөттөр аркылуу айтуу мүмкүн эмес. Баардыгы менингиоманын мээнин үстүңкү катмарына өтө катуу чапталып калганбы же жокпу, ошондон көзкаранды болчу, мээден шишикти ажыратып алуу оорбу, жеңилби – алдын ала билүүгө болбойт эле. Эгер шишик чоңоюп кетсе, мээ жабыркап калган болот, натыйжада бир ыптасы шал болуу менен аяктайт. Бейтап сүйлөй албай калат, ар бир жарым шар дененин каршы тарабындагы бөлүгүн көзөмөлдөйт, ал эми сүйлөө борбору дал ошол сол жарым шарынан орун алган.

– А шишиктин мээге чейин өсүп кеткен жагына тийбей берки жагын гана алып салса болбойбу? – деди кыздарынын бири.

Андай кылууга болбостугун түшүндүрдүм. Адатта менингиомалар өтө жыш жайгашкан ткандардан түзүлөт, эгер шишиктин катуу чел кабыгын тийбей калтырса, мээге жасаган басымы жоголбойт, демек бейтаптын абалы да жакшырбайт. Шишик кайра эле өсүшү мүмкүн.

– Макул, айтсаңыз, шишик дайыма эле мээге жабышып өсөбү? – деди экинчи кызы.

– Болжолдуу түрдө айта алам, анын ыктымалдуулугу жыйырма пайызды түзөт.

– Демек төрттөн бир ыктымалдуулукта анын абалы начарлап кетиши мүмкүн экен да?

Чынында коркунуч андан жогору болчу. Баш сөөк көңдөйүн ачкан учурда, айрыкча бейтап улгайган жашка келген болсо, өлүмгө дуушар кылар кан куюлуп кетүү же инфекция жок эле дегенде бир, эки пайыздык коркунучту түзөт. Бир нерсени так айтуу мүмкүн болсо керек: операциядан баш тарткан учурда миссис Сигрэйвдин абалы акырындык менен начарлайт. Ага улай бейтаптын ден соолугундагы өзгөрүүлөрдү өзү байкабай, жаш курагын эске алуу менен операциядан баш тартып, ал көз жумганга чейин абалынын начарлашына моюн сунуу өтө жаман чечим болорун кесе айттым.

Кыздарынын бири хирургиялык кийлигишүүсүз дарылоонун башка жолу барбы деди. Миссис Сигрэйвдин авто-унаа айдоого уруксат беришпегени бул адилетсиздик экенин улам-улам айткан, тыйылбаган нааразычылыгына көңүл бурбастан, мындай түрдөгү шишик үчүн химиятерапия менен нурлантуу терапиясы натыйжа бербесин түшүндүрдүм. Бейтап айым сүйлөшүүбүздүн жүрүшүнө көңүл бурбастыгы көрүнүп турду.

– Эгер кеп сиздин апаңыз тууралуу болуп жатса эмне кылмаксыз? – деди миссис Сигрэйвдин уулу.

Айта турган жообума ишенимдүү боло албай бир аз кыйылып турдум. Дал ушул суроону ар бир бейтап өз хирургуна бериши керек, бирок алардын көпчүлүгү дарыгер өзү үчүн бейтаптарга берген кеңештен мыктысын тандайт дегенден коркуп унчугушпайт.

Акыры мен жай жооп бердим.

– Эгер баардыгыбызга, - мен отурган төртөөнү жаңсай көрсөттүм, - ал өз алдынчалыгын жоготуп, карылар үйүнө туш болуу коркунучу алдында тургандай сезилсе, анда аны операция жасатууга көндүрмөкмүн. – Кырдаал өтө оор, белгисиз экенин кошумчаладым. Ийгиликке гана үмүттөнүүгө туура келет. Мен терезеге жөлөнүп, ал жерден оорукананын авто-унаа токтотуучу жайынын артында созулуп жаткан чоң муниципалдык көрүстөндү бул жерге келгендер көрөт болду бекен деп ойлондум.

Сүйлөшүү соңунда азыр эле чечим кабыл алуу зарыл эместигин баса белгиледим. Аларга катчымдын телефон номерин берип, бир чечимге келгенде кабар берип коюуларын өтүндүм. Алар чыккан соң ашыкча үч отургучту сыртка чыгарып, кабыл алууда күтүп отурган кийинки бейтапты чакырдым.

Бир нече күндөн кийин катчым Гейл, алардын операция жасатабыз деп чечишкенин айтты (апасын канча убакыт бою көндүрүштү билбейм).

Миссис Сигрэйвди алгачкы кабыл алуудан үч жумадан кийин ооруканага жаткырдык. Бирок операция жасаларга бир күн калганда, кечинде анестезиолог (жаш, тажрыйбасыз) эхокардиограмма жасатууну талап кылды.

– Улгайган жашына байланыштуу жүрөгүндө кандайдыр бир көйгөйлөр болушу мүмкүн, - деди анестезиолог, анткен менен бейтаптын жүрөк кан тамыр ооруларына байланыштуу кандайдыр бир белгилери деле жок эле.

Менин көз карашымда эхокардиограмма жасатуунун эч зарылчылыгы жок болчу. Бирок мен анезтезиологияда минималдык гана билимге ээ болгондуктан талашып-тартышуу деңгээлинде эмес элем. Ординаторлордон кардиологдорду изилдөөлөрүн эртең менен эрте аткаруусуна көндүрүүсүн өтүндүм. Ошентип операция жасоонун ордуна бир күндүмдүн жарымын ачуум келе күбүрөнүп хирургдардын эс алчу бөлмөсүндө бүркөлгөн күндү терезеден карап, эхокардиограмманын даяр болушун күтүү менен өткөрдүм. Ара-тородо көгүчкөндөр ары-бери учуп, кээде Хитроуга карай кеткен булуттар аркылуу учуп бараткан учактарды да көрүп турдум.

Ординаторлорумдун суранганына карабастан эхокардиографиянын жыйынтыктары кечки төрттө чыкты. Операция жөн эле бир нече саатты алып, иш убактысы бүткөндө шашылыш учурдан башка операция жасоого уруксат берилбегендиктен, ачууланган кызынын коштоосунда операция бөлмөсүнүн босогосунан ыйлагысы келип, капаланган бейтап айымга бүгүн операция жасалбай калганын түшүндүрдүм. Кийинки операция жасалчу күнү миссис Сигрэйв тизмеден биринчи болуп орун алаарына убада бердим, кызы апасын бейтаптардын бөлмөсүнө алып кетти, мен маанайсыз бойдон велосипедиме минип, үйгө жөнөдүм. Операцияны башка күнгө жылдыруу, чоң ыктымалдуулукта, ошол күнгө белгиленген да бир операцияны башка күнгө жылдырууга мажбур экенимди түшүндүрөт.

*     *     *

Миссис Сигрейвди биз ординаторлор менен чогуу талкуулаган эртең мененки чогулуштан кийин дароо операция бөлмөсүнүн жанындагы каттоого алчу жерге бардым. Ал жерде анестезиолог туруптур, эхокардиограмма жасоого мажбурлаган анестезиолог эмес, башкасы, анын жанында мени кайгыра караган ассистентим Майк да бар экен.

– Өткөн жумада миссис Сигрейвден алынган мазок өсүп келаткан МРЗСтин барын көрсөттү, - деди. – Операциядан кийин бир сааттай бөлмөнү дезинфекициялоого туура келет. Эгер бул бейтапты биринчилерден кылып тизмеге киргизсек, калган бейтаптарга операция жасап жетишпейбиз, ошондуктан мен аны күндүн аягына жылдырдым.

– Бирок мен ага биринчилерден кылып операция кыларыма убада берип койгомун. Эми убаданы бузууга туура келет окшойт. Анткен менен мунун эч пайдасы жок. Алар МРЗСке мазокту операцияга чейин алышып, жыйынтыгын ушунча күндөн кийин чыгарышабы? Эгер биз графикти бузбай операцияны өткөн жумада жасасак, бир сааттык дезинфекция жасоого мажбур болбойт элек да, туурабы?

– Миссис Сигрэйвдин кызы кечээ кечинде бизди сотко берем деп коркутту. Ал бизде, бул жакта башаламан экенин айтты.

– Аныкы туура, бирок сот жардам бере албаса керек.

– Жардам бере албайт ко, - деди Майк. – Аны менен болгону баардыгын өзүнөн чыгарат, болду. Анан мындан да катуу кабатырланууга дуушар кылат.

– Ошондо азыр бизде кайсы себептен улам башаламандык болуп жатат?

– Анестезиолог келип, операцияны жылдырыш керек экенин айтты.

– О кудай, эмнеге?

– Акыркы операцияны күндүн аягына койгонубуз үчүн, кечки саат бешке чейин жетише албаганыбыз үчүн.

– Ал өзү эмне деген анестезиолог?

– Билбейм. Арык чырай блондинка. Жаңы келген окшойт.

Мен анестезиологдордун иш бөлмөсүнө жөнөдүм. Бүгүнкү биринчи бейтапты күтүп, дубалга сүйөнө анестезиолог Рейчел менен анын ассистенти желим сткандан кофе ичип жатышыптыр.

– Эмне себептен бүгүнкү акыркы операция жылдырылып калды? – дедим.

Рейчел чындап эле декретке чыккан ассистентимдин ордуна жаңы келген. Биз бир нече күн чогуу иштеп калганбыз, ал мага компетенттүү, жагымдуу көрүнгөн.

– Мен чоң менингиоманы кечки саат төрттө баштабайм, - деди ал мага бурулуп. – Бүгүн кечинде балдарымды карай турган эч ким жок.

– Бирок биз аны жылдыра албайбыз, - дедим моюн бербей. – Аны ансыз деле бир жолу жылдырганбыз!

– Билбейм, мен ал операцияга катыша албайм.

– Анда башка кесиптештериңизден суранып көрүңүз да, - дедим.

– Алар макул болоруна көзүм жетпейт, бул анчалык шашылыш учур эмес, - деди шашпай, чечкиндүү түрдө.

Бир азга оозуман кебим түшүп туруп калдым. Бир нече жыл мурда мындай учурду элестетүү кыйын болчу. Адатта операцияны кечке чейин калтырбаганга аракет кылам, бирок мурда кармалып калсак, баардыгы түшүнүү менен мамиле жасачу. Дарыгерлер жумушта канча убакыт калышканын эсептешчү эмес, биз болгону зарыл нерселердин баары аткарылмайын иштей берчүбүз. Жиним кайнап, ачууланып, анестезиологдун бетине жакшы эле айкыргым келди (эгер мурдагыдай заман болгондо сөзсүз ошентмекмин):

– Шайтан алгырдыкы! Сиз мындан ары эч качан мени менен иштебейсиз!

Бирок бул болбогон коркутуу экенин түшүнүп турдум: азыр операция учурунда анестезия менен ким алек болору менден көзкаранды эмес. Андан тышкары, хирургдардын мындай мамилеси жазасыз калбайт. Кээде билимдүү эски муундун өкүлдөрүнө суктанып кетем, толуп чыккан чыңалуудан арылуу үчүн алар ичиндеги буктарын чыгарып алышчу, коркутуп-үркүтүүлөрдөн, эл алдындагы сөгүштөн коркпостон ачууланып же өздөрүн убактылуу адепсиз алып жүрүүгө жол бере алышчу.

Мен унчукпастан бурулдум да, көйгөйдү чечүүнүн жолун ойлонуп коридор менен бараттым. Бейтаптардын орундары үчүн жооптуу кызматкер мени издеп жүргөн Жулия алдымдан чыгары менен көйгөйдү чечүүнүн бир жолу табылды.

– Биз бүгүн эс алчу бөлмөгө омурткасына жасалчу операция үчүн эки бейтапты жаткыздык, бирок кийин аларды жаткырууга орун жок. Түндө шашылыш абалда өтө көп бейтап келип түштү. Кандай кылабыз? – деди ал айласы түгөнүп.

Жулия колуна, кабыл алып, чыгарып же башка жакка которуш керек болгон бейтаптардын узун тизмеси менен башка ооруканалардагы орундар үчүн жооптуу адистердин телефон номурлары жазылган журналды көтөрүп алыптыр. Ушундай эле стресске кабылган адистер баардык жерде орундар жетишсиз болгондуктан тиги эки бейтапты кабыл алууга макул болушпаса керек.

– Операциядан кийин бейтаптарды жаткырууга орун жок болсо анда аларга операция жасай албайм да, туурабы? – ичимден жымыңдадым, себеби бүгүнкү акыркы операцияны эртерек баштап, бешке чейин бүтүрсө болот. – Ал эки бейтапты үйүнө чыгара туруу керек. Анын үстүнө азырынча аларда коркунучтуу деле эч нерсе жок.

Ошентип, бүгүнкү бейтаптардын тизмеси ийгиликтүү кыскарды. Коркунучтуу операцияга даярдоо үчүн түнү менен ачка кармаган байкуш эки бейтапты сооротуу иретинде аларга таттуу чай беришет, анан үйлөрүнө узатып коюшат.

Мен бүгүнкүгө операциясы белгиленген бейтаптар күтүп жаткан бөлмөгө кыйылып кирип бардым. Ооруканада дайыма орун жетишпейт, бейтаптарды көбүнчө так операция болор күнү эртең менен кабыл алышат. Менчик ооруканалар үчүн бул стандарттык практика, себеби ал жакта ар бир бейтап үчүн бош орун табылат. Мен иштеген бош орун тартыш, муниципалдык ооруканада баары башкача. Бейтаптар күткөн чакан ашканадай бөлмөгө киргенимде февралдын нөшөрүнө ным болуп, андагы жамгырдын тамчылары кыпчылган тар бөлмөдөн тез эле бууланып, сырткы кийимчен он беш бейтапты көрдүм. Алардын ар бирин олуттуу операция күтүп жаткан. Майк, бүгүнкү тизме боюнча биринчи кезектеги (миссис Сигрэйвди түштөн кийинкиге жылдырышкан) бейтаптын алдында тизелеп, маалымат макулдук формасы жөнүндө айтып жатыптыр. Майктын үнү жоон болгондуктан айткандарын башка бейтаптар да угушса керек.

– Операция белгилүү тобокелчиликтер менен байланыштуу экенин сизге эскертип коюшум керек, алардын ичине инсульт, кан куюлуп кетүү, олуттуу инфекциялар жана өлүм да кирет.

Ал бейтапка калем менен маалымат макулдугунун формасын сунду. Бейтап киши документти карап койбостон шарт эле колун койду.

Омурткасына операция жасалчу эки бейтап аялдан кечирим сурадым, аларга түндө шашылыш бир нече бейтап түшкөнүн түшүндүрдүм. Экөө тең сыпайы баш ийкешти: түшүнөбүз дешкендей болду, ошентсе да биринин жүзү ыйламсырап турганын байкадым.

– Биз сиздерге болушунча эртерек операция жасоого аракет кылабыз, - сөз бердим. – Бирок азырынча кайсы маалда операция жасарыбызды так айта албайм.

Бейтаптарга белгиленген операция жылдырылганын айтуу, адамдарга рак илдетине чалдыкканын, алар жакын арада көз жумарын айткандай эле жек көрөм. Бир да тамчы күнөөм жок жерден башкалардын катачылыгы үчүн кечирим суроого мажбур болгонум ачуумду келтирет. Бирок бейтаптарга эч нерсе түшүндүрбөй, байкуштарды үйүнө жөнөтүп жиберүүгө да болбойт.

Тизме боюнча биринчи кезектеги бет тарабындагы оорудан жабыркаган эркек бейтап менен бир-эки ооз сүйлөшүп, кийин бөлмөнүн бир бурчунда кызы менен кезек күтүп отурган миссис Сигрэйвге кайрылдым.

– Өткөн жумада болгон окуя үчүн кечирим сурайм, - дедим. – Андан тышкары сиздин бүгүнкү тизмеден биринчи болбой калганыңыз үчүн да кечирим сурайм, бирок түштөн кийин сиздин шишигиңиз менен кош айтышабыз, убада берем.

Алар ишенбегендей мени карашты.

– Эмне дейбиз, үмүт кылалы эми, - деди кызы суз жүзү менен.

Тар бөлмөдө отурган баардык бейтаптарга бурулдум.

– Булардын баары үчүн кечирим сурайм, - дедим кичинекей бөлмөнү колум менен жаңсай көрсөтүп. – Азыр бизде таптакыр бош орун жок.

Бийликке, оорукана жетекчилигине карата ичимдеги кайнаган кыжырымдан сөгүнгүм келип, өзүмдү араң кармадым. Биздин өлкөдөгү бейтаптар нааразычылыгын өтө эле сейрек учурда ачык билдирерин көрүп бул жолу да таң калдым. Ошентип Майк экөөбүз операция бөлүмүнө жөнөдүк.

– Кандай дейсиң, кечирим суроолор жетиштүү элеби?

– Жетиштүү эле деп ойлойм.

*     *     *

Эми, тизме боюнча биринчи кезекте нейроваскулярдык декомпрессия (так ушундай операцияны Киевде журналисттер тартышкан) деп аталган операция турган. Бейтап көп жылдан бери тригеминалдык невралгиядан жабыркап, ал колдонгон кадимки оору бастырчу дары-дармектердин таасири күн санап кайта баштаган. Тригеминалдык невралгия – анын курмандыктары бетинин бир тарабындагы кыйнаган оору менен жабыркаган сейрек кездешчү илдет. Бул ооруга чалдыккан бейтаптардын айтымында, ооруган жериң, бетиңдин бир тарабы күчтүү разряддагы ток менен ургандай болот же чоктой ысык кызытылган бычак менен сайгандай сезилет. Өткөн замандарда үчтүк невралгияны эффективдүү айыктырууну үйрөнгөнгө чейин айрым адамдар жан чыдагыс оорудан өз каалоолору менен бул дүйнөдөн кош айтышкан. Мен бул операцияны 1990-жылдардын башында Украинада, эл алдында жасаган учурда, бейтаптардын айрымдары чындап эле ушул оорудан улам жанын кыйууга даяр болушканын моюндарына алышкан, себеби оору бастырчу дары-дармек сатып алууга мүмкүнчүлүктөрү жок болгон.

Операция мындайча жүрөт: кулак түбүнөн тешилген баш сөөктүн өтө чоң эмес тешиги аркылуу мээнин бир тарабын ачып, сезимтал үчтүк нервге басым жасаган артерияны кылдаттык менен жылдыруу керек. Дал ошол артериянын жасаган басымынан улам жан чыдагыс оору пайда болот, анткен менен алардын конкреттүү түрдө келип чыгышынын механизмдери толук изилдене элек. Бул жердеги иш өтө кылдаттыкты талап кылат, бирок эмне кылыш керектигин так билсең анчалык деле кыйынчылыгы жок. Ошентсе да Майк бейтапты маалымат макулдук формасы менен коркутуп туура кылган, мен деле ал бейтапты амбулатордук бөлүмдө кабыл алганда ыктымалдуу тобокелчиликтерди айткам, бир нече жолу жасалган мындай операциянын ичинен менде бир эле жолу олуттуу ырбап кетүү болгон.

Баш сөөктү ачып алгандан кийин операциялык микроскоптун жардамы менен үчтүк нервге кеткен жолду килейген чоң нервдин тосуп турганын көрдүм. Каракуш мээ көпүрөсүнүн бурчунда жайгашкан нервге карай жылып бараткан маалда кара жолтой вена жарылып, кара кочкул сыя кан оргуштап каптай баштады. Мен тереңдиги алты-жети сантиметрдей диаметри эки сантиметр оозгу тешик аркылуу, өтө маанилүү нервдер менен артериялардан бир канча эле миллиметр узак жерде операцияны жүргүзүп жаткам. Чубуруп аккан кан баарын тосуп, куюлган канды токтотмойунча булутка кирип кеткен пилот сымал эч нерсени көрбөстөн ишти улантууга туура келди.

– Соргучту күчөткүлө! – дедим медайымга, ал арада микроскопиялык соргучтун жардамы менен кан сордуруп, кайсы жерден кан агып жатканын табууга аракеттендим.

Бейтаптын өмүрү кооптуу абалга кептелгени бул жакта калсын, канды токтотуу баарынан кыйын болду. Куюлган кандын булагын таап, ал жерге кан токтотуучу марли коюп, микроскопиялык шаймандардын учу менен бекем басып, венанын бүтөлүшүн күтүш керек.

– Веналык кан куюлуу менен алпурушкан учурда оор басырыктуулукту жоготууга болбойт, - дедим Майкка, тынчсыздануу менен микроскоптон ташкындаган канды карап.

Бирок бул сөздү айткандан кийин кайра өзүм өлүм менен аяктаса эмне болот деген ойго кептелип, кабатырландым. Бул операция мындай операциялардын ичинен өлүм менен аяктаган экинчи учур болмок. Жыйырма жыл мурда кайталана берген тригеминалдык невралгия менен жабыркаган кары кишиге операция жасадым. Ал бир нече жумадан кийин операциянын айынан инсультка кабылып көз жумган.

Жыйырма мүнөттөн кийин жан талашкан аракетиме карабастан соргуч туташтырылган идиш кырына чейин венадан аккан кара кочкул канга толду. Нөөмөттөгү медайым Женни аны алмаштырып, жаңысын, башка бош идишти алып келгенге мажбур болду. Бейтап организминдеги жүгүргөн канынын төрттөн бир бөлүгүн жоготту. Бирок акыры вена бүтөлүп, куюлган кан токтоду. Зыянга учураган венаны шаймандардын жардамы менен бекем кысып, колумду кыймылдатпаганга аракет кылдым. Албетте, куюлган кан үчүн аябай тынчсыздандым, бирок андан да көп эми миссис Сигрэйвди операция кылууга убакыт жетпейт деген ойдон кутула албадым. Ага жасалчу операцияны экинчи ирет жылдырууга туура келерин, кары бейтап менен кызынын алдында кайрадан түшүндүрмө береримди ойлоп, жаным жай албады. Убакыттын тардыгы шаштымды кетирерин түшүнсөм да, кан толугу менен токтогонуна ынануу үчүн чектелген убакыттан дагы көп убакыт бөлүүнү чечтим. Эгер биз баш сөөктү жаап, тигип салгандан кийин кайра кан куюлуп кетсе, сөзсүз өлүм менен жыйынтыкталат. Саат жебеси экини көрсөткөн маалда кан куюлган жер бүтөлгөнүнө толук ишендим.

– Келгиле эми, кийинки бейтапты чакыралы, - дедим анестезиологго. – Сиздин ординаторуңуз тажрыйбалуу, ошондуктан бул бейтапты толук бүткөнчө ал экинчи бейтапты даярдай берсе болот.

– Бул мүмкүн эмес, - деди, - биздин бир эле жардамчыбыз бар.

– Шайтан алгырдыкы, кийинки бейтапка киши жибергилечи, кыйынбы эмне ушунчалык?

– Жетекчилик жаңы эреже иштеп чыккан. Ага ылайык операция үстөлүндөгү бейтап менен иш толук бүтмөйүнчө экинчи бейтапка киришүүгө болбойт. Бул кооптуу.

Мурда бул нерсе эч кандай көйгөй жаратпаганын айтып күңкүлдөдүм.

– Айла жок, буга баш ийүүгө туура келет. Кандай болгон күндө да сиз операцияны реалдуу пландашыңыз керек эле.

Мен бул типтүү эмес, адаттан тыш кан куюлуу экенин, аны алдын ала билүү мүмкүн эместигин түшүндүрсөм деле болмок. Эгер операцияларды күтүлбөгөн кырдаалдарды эске алуу менен пландасам, анда көпчүлүк бейтаптарга жардам бере албастыгымды айтсам деле болмок. Бирок унчукпадым. Көрүнүп тургандай эми миссис Сигрэйвге жасалчу операцияны бир сааттан кийин гана баштай алабыз. Андан тышкары, саат бешке чейин бүтүрүшүм керек болсо, анда операцияны шашып жасашым керек, а мен мындайды жек көрөм. Эгер операция саат бештен өтүп кетсе, анда кызматкерлер калууга мажбур болот, бирок дайыма эле минте берсек кийин иш күнүнүн аягында операция баштоо кыйынга турат. Кыскасы, операцияны жылдырыш керек деген ой мени катуу тынчсыздандырды.

Биз биринчи бейтапты бүтүрдүк, анестезиолог аны ойготуу үчүн ишке киришти.

– Эми кийинки бейтапты алып келе берсек болот деп ойлойм, - деди ал медайымдардын бирине, медайым экинчи бейтапка жөнөдү.

Миссис Сигрэйв операция үстөлүнө дароо даяр боло калбасын билгендиктен кагаз иштеримди бүтүрүү үчүн иш бөлмөмө чыгып кеттим. Жыйырма мүнөттөн кийин анестезиологдор бейтап менен иштеп жатканын көрөм деген ой менен операция бөлмөсүнө кайттым. Тилекке каршы, ал жерден анестезиологдун жардамчысынан башка эч кимди көргөн жокмун.

Бейтапка эмне болгонун сурадым, бирок ал ийин куушурду. Мен миссис Сигрэйвге эмне болгонун билүү үчүн эс алчу бөлмөнү карай жөнөдүм.

– Миссис Сигрэйв кана? – дедим медайымдан.

– Аны кийинтип жатышат.

– Ушунча убакыттан бери кийинтип бүтө алышпадыбы?

– Бизге уруксат берилген жок.

– Кандайча? – дедим кыжырдана. – Ким уруксат бериши керек эле?

– Мамлекет.

– Мамлекет?!

– Ооба. Мамлекет операциялык көйнөкчөн эки башка жыныстагы бейтаптардын бир бөлмөдө болуусуна тыюу салат.

– Анда эмне үчүн халат берип коюшпайт?

– Биз мындай сунушту мурда эле киргизгенбиз. Бирок оорукана жетекчилиги мамлекет буга уруксат бербестигин айткан.

– Ошондо мен эмне кылышым керек? Премьер-министрге даттанышым керекпи?

Медайым жылмайды.

– А мынакей бейтап да келатат, - деди майыптардын отургучунда кызы менен келаткан миссис Сигрэйвди көрүп. Бейтаптын үстүндө жана айтылган көйнөк бар экен, анысы жамбаштарын араң эле жааптыр, андыктан мамлекеттин айткандары туура эле окшойт.

– Апам ажатканадан кийинүүгө мажбур болду, - деди көздөрүн артка ирмелеген кызы.

– Билем. Операция болор күнү келип түшкөн бейтаптарыбыз үчүн бизде атайын шарттар каралган эмес, - деп түшүндүрдүм. – Кандай болсо да эми биз шашылышыбыз керек. Апаңызды операция бөлмөсүнө өзүм жеткирем.

Майыптардын отургучун шашыла түртүп, коридор менен жөнөдүм. Колуна миссис Сигрэйвдин медициналык картасын кармап аркамдан медайым жүгүрүп келе жатты.

Саат үч болуп калган, анестезиологдун түрүнөн нааразы экендиги көрүнүп турду.

– Баарын өзүм жасайм, - дедим аны тынчтандыруу үчүн. – Башынан аягына чейин.

Майктын капаланып турганы ачык эле байкалды. Себеби бир аз мурда баардык негизги ишти өзүң жасайсың, а мен ассистенттик кылам деп сөз бергем. Эми ассистенттин ролун өзү аткаруу алдында турат.

– Баары адаттагыдай эле көрүнгөнсүйт. Операция жеңил өтөт, - дедим, Рейчел бул калпка ишенерине көзүм жеткен жок. Хирургдун айткандарына ишенген анестезиологдор аз.

Ошентип, үч жарымда ишке кириштик.

*     *     *

Майк болттордун жардамы менен бейтаптын башын операциялык үстөлгө бекитип, сол капталындагы чачтарын кыра баштады.

– Аягы кандай бүтөрү белгисиз ушундай операциялар да болот, - дедим Рейчел угуп калбасын деп Майктын кулагына шыбырай. – Бул бейтап өлүмгө дуушар кылган кан куюлуп кетүүгө да туш болушу мүмкүн. Шишик чыкпагандай болуп мээге жабышып калышы да мүмкүн, операция бир нече саатка созулуп, натыйжада бейтаптын мээси жаман бир этке окшоп, ал майып болуп калышы да мүмкүн. Же шишик өзү сыйгаланып түшүп, операция үстөлүнө өзү эле топ эте кулап калышы да ыктымал.

Скальпель, тешкич, кыскыч шаймандар менен куралданып, бейиши болгур таланттуу гинекологдун жесиринин башын акырындап ача баштадык. Кырк мүнөттөн кийин менингиома кыскан мээге жетүү үчүн чакан кайчы менен мээнин чел кабыгын кестик.

– Көптү үмүттөндүргөндөй көрүнөт, - деди Майк, өзү операция жасай албаганына өкүнгөн нааразычылыгын жашырып.

– Ооба, - дедим. – Өтө деле кан чыккан жок, көйгөйсүз эле ажырачудай.

Метал вакуум соргучун алып, шишикке жакындадым. Мээни каптаган шишиктин улам бир катмары алынганча соргучтан "чолп" эттирген жагымсыз үн чыгып жатты.

– Мына сага! – деди Майк.

Бир нече мүнөттөн кийин Рейчелге кубанычтуу кыйкырдым:

– Баш сөөктү ачууга кырк мүнөт. Шишикти алып салууга он мүнөт. Анын үстүнө шишиктин баарын тазалап салдык, мээнин көрүнүшү эң сонун!

– Жакшы, - деди ал, бирок мени араң кечирди болуш керек.

Баш сөөктү тигүүгө Майкты калтырып, өзүм операция боюнча отчёт жазуу үчүн бурчка отурдум. Дагы кырк мүнөт операцияны аягына чейин толук чыгарууга сарпталды. Саат так беште миссис Грэйвди интенсивдүү терапия бөлүмүнө алып кетишти.

Майк экөөбүз операция бөлмөсүнөн чыгып бейтаптарды кыдырууга бет алдык. Азыр эле операция жасалган эки бейтаптан тышкары, бөлүмдө омурткаларына жасалган операциядан кийин калыбына келүү үчүн бир нече бейтаптар жаткан, аларга операция мындан эки күн мурда жасалгандыктан кыдырып чыгуу көп деле убакыт алган жок, андан чыгып жандандыруу бөлүмүнө жөнөдүк. Операциядан кийин бейтаптарды текшерүү, дарыгерлер айтмакчы "акыл-эси жайында, багыт алууга толугу менен жөндөмдүү, ГГШ – 15 балл" экенине ынануу баардык нейрохирургдардын иш күнүнүн маанилүү бөлүгү.

Миссис Сигрэйв тамчылатчу дарылар, шприцтик куйма соргуч, күйүп жанган мониторлор менен курчалып башы кичине көтөрүлгөн абалда жатыптыр. Мындай көп сандаган заманбап аппаратураларды көрүп кандайдыр бир катачылык болуп кетерине ишенүү кыйын, бирок бул жердеги маанилүү жалгыз нерсе – операциядан кийинки кан куюлуудан улам комага түшүп кетпеши үчүн бейтапты ар бир он беш мүнөттө ойготуп туруу зарыл. Медайым аялдын сөөктүн күкүмдөрү аралашкан кан чачтарын тазалап жатыптыр. Мен операцияны шашып бүтүргөндүктөн миссис Сигрэйвдин чачын жууп, фен менен кургатууну унутуп калыптырмын, адатта бейтаптарга ушундай кылам.

– Баары ойдогудай өттү, - дедим миссис Сигрейвге акырын эңкейип

Ал колумду кармап, бекем кысып:

– Ыракмат, - деди. – Аялдын үнү анестезия түтүгүнөн улам кырылдап калыптыр.

– Шишикти түп тамырынан бери толугу менен алып салдык, түбү кайырдуу чыкты.

Ошол эле бөлмөдөгү дагы бир койкада жаткан тригеминалдык невралгия боюнча операция жасалган эркекке карай бурулдум. Ал уктап жаткан. Аны акырын түрткүлөп ойготтум. Ал көзүн ачып, эки жагын айланта тиктеп, анан мени карады.

– Бетиңиз кандай болуп калды?

Ал колун көтөрүп жаак тарабын акырын сыйпалады. Мурда ушундай эле түрдө колу менен акырын тийип койгон учурда жан чыдагыс ооруну пайда кылчу.

Андан соң ал таңыркай жаагын кайра бекем басты.

– Оорубай калыптыр, - деди кубанычтуу үн менен жылмайып. – Кандай сонун!

– Операция жакшы өттү, - дедим. – Нервди кыскан артериядан улам бетиңиз ооруй берген. Эми айыктым дей берсеңиз болот.

Ага куюлуп кеткен жаман кан агуу туурасында айтуунун зарылчылыгы жок деп ойлодум.

*     *     *

Мен бүтпөй калган кагаздар бар бекен текшерүү үчүн иш бөлмөмө келдим, бирок бул жолу Гейл баарын бүтүрүп коюптур. Бүгүнкү күн жаман эмес өттү. Мен оор басырыктуулугумду жоготкон жокмун. Баардык операцияга жетиштим. Паталогия кайырдуу болуп чыкты. Эки операцияны эртең менен эле жылдырып коюуга жолум болду, натыйжада бейтаптар жөн эле убакыт коротуп кечке күтүшкөн жок. Операция жасалган бейтаптардын абалы туруктуу. Мындан башка хирургга эмне керек?

Ооруканадан чыгып түнкү нөөмөткө келаткан Энтониге жолугуп калдым. Андан өнөкөт субдураль гематомасы менен жабыркаган, өлгүсү келген кары кишге эмне болгонун сурадым.

– Ага операция жасашса керек, - деп бейтаптардын бөлмөсүн карай кетти, а мен күүгүм тартып калган сыртты карай жөнөдүм. Миссис Сигрэйвдин кызы оорукананын эшиги алдындагы, мен велосипедимди байлап койгон тосмодо тамеки тартып туруптур.

– Баары кандай өттү? – деди ал мени көрүп.

– Ойдогудай. Ал биринчи бир нече күн бир аз унутчаак болушу мүмкүн, бирок тез арада айыгып кетет деген ойдомун.

– Иш мыкты аткарылды! – деди ал мактап.

Мен ага негизинен баары ийгиликтен көзкаранды болгонун айттым, бирок ал ишенбеди көрүнөт. Операция ийгиликтүү жыйынтыкталган учурда буга эч ким ишенбейт.

– Кечээ сиздин ординаторлоруңуздун бирине кыйкырганым үчүн кечирим сурайм... – деп баштады ал.

– Оюңузга албаңыз, - дедим кубанычтуу. – Мен дагы бир кездерде бейтаптын ачууланган жакынынын терисин жамынып көргөм.

8. Хориоидпапиллома

Аралык мээдеги суюктукту пайда кылчу мээ карынчаларынын чиеленген кан тамырларындагы түбү кайырдуу шишик.

Отуз жыл мурда британиялык ооруканалардын баардыгында узак иш күнүнөн кийин бир стакандан тартып алганга же бош убактыларында түнкү нөөмөттү кыскартуу үчүн көңүл ачып, тамеки тартып, бөлмө бурчунда жайгашкан оюн автоматтары менен ойноо үчүн кичи медкызматкерлерге арналган бар болор эле.

Ал кезде дипломду төрт ай мурда эле алгам, гинекология бөлүмүндө интерн болуп иштеп жүргөм. Мени нейрохирург болууга ынандырган, эстен кеткис ошол операцияга чейин жарым жыл калган. Бир жолу кечинде бардын текчесинде сыра ичип, кесиптештер менен аркы-беркини сүйлөшүп тургам, биз өзүнө-өзү корстон жаш дарыгерлерге таандык мүнөздө бейтаптарды, алардын ооруларын талкуулап жаттык. Балким, мен деле үйүмө аялым Хилари менен үч айлык уулум Уильямга шашылбаганым үчүн кандайдыр бир деңгээлде өзүмдү күнөөлүү сезсем керек. Кокустан эле пейжериме тышкы номурдан кат келди. Жакынкы телефонго барып Хилариге чалдым. Ал уулубуз оор абалда жергиликтүү ооруканалардын бирине жаткырылганын, мээсинде бир нерсе барын ыйламсырай кабарлады.

Метро станциясына октой учуп жеткенимди, андан кийин аялдамадан түшүп, караңгы, боппош Бэлхем көчөсү менен учуп барганым азыркыга чейин эсимде. Кыштын кечтеринин бири болчу. Жергиликтүү ооруканага кирип бардым. Бейтаптардын жымжырт бөлмөсүндө көзүн ачпай онтоп жаткан уулумду колуна кармап, ыйга муунган Хиларини көрдүм, жанында менин келишимди күтүп жаткан педиатр туруптур. Ал Уильямда курч гидроцефалия бар экенин, эртең Грейт-Ормонд-стриттеги балдар ооруканасына томографияга түшүрүү үчүн которушарын айтты.

Кийинки бир жума бою аялым экөөбүз кызыктай дүйнөдө калкып жүрдүк; жанындай көргөн баласынын өмүрү үчүн кабатырланган адам кабылган дүйнөдө жүрдүк. Сырткы дүйнө көзгө көрүнбөй, андагы адамдар туман сыяктуу сезилген дүйнөдө жүрдүк. Биздин реалдуулугубуздагы жалгыз нерсе – сүйүүгө толгон үмүт коштолгон коркунуч эле.

Уильямды жума күнү кечинде томографияга жөнөтүштү. Мен дарыгер болгондуктан мага томографиялык лабораториянын оператордук бөлмөсүндө көз салып турууга уруксат беришти, ал эми Уильямды караган ординатор кандайдыр бир себептерден айкалышып отуруп, Хиларинин мектеп чагындагы досу болуп чыкты. Эки радиологдун кичинекей бала менен эч иши жоктой бири-бири менен кечээги көңүл ачуу кечеси тууралуу шаңдуу сүйлөшкөнү кызыктай көрүндү. Уулум томографтын килейген чоң темир токочунда оромолго оролуп жатат, жанында эмне кылар айласын таппай кыйналган апасы отурат. Компьютердин мониторунан Уильямдын башынан өтүп жаткан сканерден биринин артынан бири улам көрүнгөн сүрөттөрдү карайм. Ал сүрөттөрдөн курч гидроцефалия менен мээнин так борборундагы шишикти көрүүгө болот эле.

Томографиядан кийин Уильямды бейтаптар жатчу бөлмөгө алып келишти. Аны хирург бир аздан кийин карай турганын айтышты. Уильям эсин жоготуп жатканы ачык көрүнүп турган же мага ошондой сезилди, бирок хирургдун жардамчысы томографияга түшөр алдында берилген тынчтандырчу дарыдан улам уктап жатат деп койду. Айланага караңгы кирип, түн жакындап келатты. Акыры бизге хирургдун дүйшөмбүдөн эртерек келе албай турганын кабарлашты. Эмне болуп жатканын жакшы түшүнүп түшүнбөй ошол учурда аңгыраган оорукананын бош коридорунда мен иштеген ооруканадагы нейрохирург сыяктуу карматпас хирургду табуунун аракетин көрүп жанталашып жүрө бердим. Акыры чыдамым түгөнүп аялым менен Уильямды калтырдым да, үйүмдө тынчсызданып күтүп отурган ата-энемдин көзүнчө уулума бир нерсе болсо ошол оорукана менен соттошоорумду айтып, кармана албай отургучтарды талкалап жибердим.

Мен кырдаалды жөнгө салуунун ийгиликсиз аракетин көрүп жүргөн маалда хирург акыры келип Уильямды көрүп, Хиларини бейтап бөлмөсүнөн сыртка узатыптыр. Басымды төмөндөтүү үчүн шишикти шашылыш сордуруп алчу түтүктү Уильямдын башындагы эмгеги аркылуу жайгаштырган, натыйжасында жөнү жок коркпоптурмун. Ал шишикти беш күндөн кийин ала тургандарын айтышты, бул күндөр биз үчүн чыныгы кыйноо болду.

Операция жасалардан бир күн мурда авто-унаам менен жумуштан үйгө бара жаткам. Үйгө жетериме саналуу метр калган, ошол учурда так алдыман кара мышык чуркап чыкты, токтотконго үлгүрбөй тепсеп кеттим. Ага чейин андан кийин бир дагы жаныбарды тепсеп кеткен учурга туш болгон жокмун. Байкуш жандыкка эмне болгонун көрүү үчүн авто-унаадан түштүм. Мышык арыкта жатыптыр. Кыштын ачык асманын жарык кылган айды бош тиктеген көздөрү менен оозунун ачылып калганына караганда өлүп калгандай. Ошол замат Уильямдын билегине тагылган мышыктын сүрөтү бар билерикти эстедим. Балдар ооруканасы болгондуктан ал жакта буга окшогон сүрөттүү нерселерди жакшы көрүшчү. Өзүм ырым-жырымга ишенбегеним менен мындай шайкештикти көрүп денем дүркүрөдү.

Уильямга ишемби күнү эртең менен операция жасашты. Операция учурундагы түбөлүккө созулгандай убакыт ичинде Хилари экөөбүз Лондондун борборун тынымсыз айланып жүрө бердик. Бул нерсе мен үчүн чоң тажрыйба. Хирург болуп иштеп жүргөндө операция жасалып жаткан бейтаптын жакындарына канчалык оор экенин эң жакшы билчүмүн.

Операция ийгиликтүү аяктады. Уильямдын өмүрү сакталып калды. Анын мээсиндеги шишик залалдуу эмес, түбү кайырдуу хориоидпапиллома болуп чыкты, бирок ага чейинки патологдун отчётунда залалдуу шишик деп көрсөтүлгөн. Мындай жаштагы кичинекей балдарда кездешкен шишиктин түбү кайырдуу болушу өтө сейрек кездешерин, кайырдуу болсо да өтө чоң тобокелчилик коштоп жүрөрүн кийин билдим.

Жылдар өтүп, балдар нейрохирургу болуп сыноодо жүргөн кезимде уулума операция жасалган жерден көз алдымда кан жоготуудан улам кичинекей бала көз жумду. Уильямга операция жасаган тиги устат-хирургдун бул жолкусунда ошондой эле шишикти алып салуу колунан келбеди.

Коркуп тынчсызданган, ачууланган, кыжырданган жакындар – баардык эле хирург үчүн оор жүк, бирок жакындардын ролун өзүм ойноп калууга мажбур болгондуктан алар менин медициналык билимимдин эң маанилүү бир бөлүгүнө айланды. Сыноодо жүргөн жаш дарыгерлерге күлүп айтып калам, дарыгерлер чыдап койсо болот.

9. Лейкотомия

Мээнин ак нерв талчаларынын хирургиялык кесилүүсү; өзгөчө учур – фронталдык лоботомия.

Операция бөлмөсүнө тиешелүү хирургдарга арналган эс алуу бөлмөсүнүн болгону биз үчүн сонун болду негизи. Ал жерде эски ооруканадан көчүп келгенибизде мен сатып алган кызыл эки диван турат. Биз оорукананын башкы имаратына жаңы көчүп келгенде нейрохирургия бөлүмүнө арналып үчүнчү кабат бүт бөлүнүп берилген. Бирок убакыттын өтүшү менен жетекчилик бизге бөлүнгөн бир катар бөлмөлөрдү алып койду. Операция жасалчу бөлмөлөрдүн бирин бариатрикалык хирургия (өтө чоң деңгээлдеги ашыкча салмактуу кишилер үчүн) кылып коюшту. Коридорлор менен бөлмөлөр чоочун жүздөргө толуп кетти, андан тышкары каталка менен алынып келинген өтө чоң эмес кит сымал бейтаптарга толо баштады. Биз өзүбүздү үйдөгүдөй сезбей калдык. Мен сырттан караган кишиге чоочуркаган, расмий кишидей көрүнгөнсүп жаман болчумун. Адатта мындай көрүнүш заманбап ири ооруканаларда учурайт эмеспи.

Бир жолу ординатор өз алдынча операция баштаганга чейин мен эс алуу бөлмөсүндө китеп окуп отургам. Тегерегибиздин баары чоочун адамдарга толуп кеткендиктен эшикти ачкыч менен бекитип калганбыз. Бирок отурарым менен эшикти бирөө такылдатып, туткасын шакылдатты. Укмаксан болуп отура бердим, канчалык көңүл бурбамыш болгон сайын ошончолук өзүмдү акылсыз сездим. Акыры каалганы талкалап, колуна сэндвич кармаган төрт дарыгер кирип келишти, алардын бирин дагы тааныбайм. Эмне кыларымды билбей дивандан өйдө болдум.

– Бул нейрохирургдун бөлмөсү! – өзүмдү ыксыз текеберленген кишидей туйсам да кыйкырдым. – Силерди бул жакка эч ким чакырган жок!

Алар таңыркай карашты.

– Баардык бөлмөлөр биргеликте колдонууга арналарын жетекчилик айткан, - деди алардын бири мени жеп жиберчүдөй.

– Жетекчилик биз менен бул нерсени талкуулаган эмес, - дедим. – Эгер силердин жеке иш бөлмөңөр болуп, ал жакка уруксатсыз бирөө-жарым кирип барса жакшы көрөт белеңер?

– Биз хирургбуз, - деди бири ийин куушура. Алар акыры чыгышты, мен дагы ачуум келип ал жерде отура албагандыктан кошо чыктым. Бирок мен нейрохирург бөлүмүнөн калган кичинекей бир жерди коргоп калууга чындап кириштим.

Мен операция бөлмөсүнө ординатордон эстафетаны алдым. Учур абдан татаал экен. Шишикти алып жатып кокусунан оң беттеги нервге зыян келтирип алдым. Балким бул нерсе эртеби-кечпи болор нерсе го: мындай ырбап кетүү азыркы жасалып жаткан операция үчүн типтүү эсептелет, бирок кыжаалаттанган абалым менен андай тобокелчиликтүү операцияны жасоого жол бербешим керек экенин түшүндүм. Ошентип, эртеси бейтап бөлмөлөрүн кыдыруу учурунда ошол бейтаптын бетиндеги шалдан улам кыйшайып калган жүзүн көрүп уялганымдан жерге кирип кетким келди. Бир эле нерсе сооротуп турган: ошол окуядан кийин бизди, кесиптештерибизди эс алчу бөлмөдөн – кичинекей биздин оазисибизден эч ким тынчыбызды албай калды, бирок хирургдардын көпчүлүгү мени жаман көрүп калышканынан шегим жок.

Кандайдыр бир эч кимге белгисиз себептерден улам операция жасалчу блоктордун, анын ичинде кызыл дивандар турган бөлмөнүн терезелери жерден эки метр бийиктикте болчу. Отурган адам ал аркылуу бир эле нерсени көрчү: анда-санда булуттарды жарып өткөн Хитроу тарапты карай багыт алган учактар сызган көк асман; ал жактан көбүнчө көгүчкөндөрдү көрүүгө болот. Кээде чайкаларды, эң эле сейрек учурда бүркүттөр учуп калат. Дивандардын узунурагына ыңгайлуу жайланышып медициналык журналдарды окуп бир топ сааттарды өткөрдүм. Кээде кийинки операцияны күтүп карайлаткан уйку менен күрөшүп, бийик терезелер аркылуу көгүш тарткан күңгүрт булуттарга көз салчумун. Акыркы жылдары операциялардын ортосундагы аралык барган сайын узаргандан узарып барат. Себеби операция жасалган бейтап жатар бош орун барына толук ынанмайын кийинки операцияны баштамай жок, ал эми бош орундар көп учурда жетишпейт. Ишибиздин максималдуу түрдө жакшыруусуна багытталган өкмөт менен жетекчиликтин бүтпөгөн сунуштары, пландары, зекиген жемелери "музыкалык талаштуу отургучтар" оюнуна (кишилер музыка коштоосунда бир же бир нече отургучту тегеректеп айланышат, отургучка биринчи отурууга аракет кылыша турган оюн) окшоп кетти (болгондо да музыкасы дайыма өзгөрүп, ал эми реформанын акыркы серияларына байланыштуу оркестрди да өзгөртүп жиберишти): орундарга караганда бейтаптардын саны көп. Андыктан көгүчкөндөр ары-бери учкан бүркөлгөн асманды тиктеп дагы көпкө жатууга туура келет.

*     *     *

Мен кийинки операциянын башталышын күтүп, окуган китебим менен кошо үлгүрөй диванда жаткам. Ошол күнү операция жасаган кесиптештеримдин бири дагы, кийинки бейтапты наркозго киргизишерин күтүп креслада отурган.

– Бизге дайыма саламаттык сактоо тармагы түп тамыры менен өзгөрүүгө муктаж экенин айтышат. Анын баары Стаффорддо көз жумган бейтаптан кийин айтылып калбадыбы. Бул эмне деген көз боёмочулук! Баардык нерсе рулда ким болсо ошондон көзкаранды да, - деди ал.

Мен студент кезде мурда Лондонду курчаган психиатрия ооруканаларынын бириндеги психогериатрия бөлүмүндө кичи медкызматкер болуп бир нече ай иштегенимди эстедим. Ал жердеги бейтаптардын көпчүлүгү өөрчүгөн деменциядан жабыркашчу. Алардын айрымдары мээнин дегенеративдик ооруларынан, айрымдары шизофрениядан улам келип түшкөн: ал бейтаптар ооруканада кайгылуу аяктаган өмүрүнүн көп бөлүгүн өткөрүшчү. Кош жыжың менен жабыркаган, бир бөлмөдө жаткан жыйырма алты кары киши күтүп турган жумушка саат жетиде туруп баруу зарылчылыгы, алардын сакал-мурутун алып, тамак ичирип, заарасын ушаттырып, шымын шымдап, гериатрикалык кур менен отургучка курчоо милдетин моюнга алгандай эле кандайдыр бир деңгээлде катуу мүнөздү пайда кылды. Ал жактан мен кезиккен кичи медкызматкерлер менен медайымдар үчүн мындай жумуш абдан жагымсыз эле. Айрымдары чыдамкай, боорукер болчу. Айрыкча Вест-Индиден келген Винс Херли аттуу медкызматкер эсимде. Жумуш – начар, арыздануу – жарыбайт, ошондуктан ар бир адамдын, анын ичинде менин да ак көңүл боорукердигимдин чеги бар.

XIX кылымда түрмөдөгүдөй бекем тартиби менен айырмаланган бул оорукана курулган учурда анын жанаша жайгашкан аймагы айдоо жери болгон, ал жерге бейтаптарды иштөөгө мажбур кылышкан деп айтып беришкен. Бирок мен какыраган талаадан башка эч нерсе көргөн жокмун. Эми айыл-чарба иштеринин ордуна бейтаптарга эмгек терапиясын жазып беришип калган. Жумасына эки жолу орто жаштардагы толугунан келген үч эмгек терапевт-дарыгер айым кем акыл карылардан турган чубалжыган ийри-буйру катарды оорукананы курчаган талаага алып чыгышчу. 1976-жылдары эле. Айлананын баары как кургак. Ал жердеги топурактын өңү күрөң-сары тартып, ал эми бейтаптардын өңү кызыл тартып турар эле. Себеби алардын көбү күнгө чыкканда беттин териси катуу таасирленген нейролептикалык "Аминазин" аттуу дарыны ичишчү. Бейтаптарга футбол ойной турган топту берип, эмне оюна келсе ошону жасай беришсин деп бош таштап коюшчу. Ошондуктан алардын көпчүлүгү жөн эле белгисиз бир жерди тиктеп отура беришчү. Үч эмгек терапевти да бир орун таап отурушчу. Алардын арасында өзгөчө кем акыл бир бейтап бар эле (көп жыл мурда ага лобэктомия "өпкөнүн бир бөлүгү алынат" жасашкан), ал сааттар бою бир орундан жылбай отура берчү. Коштоп жүргөн терапевт айымдардын бири саргайган чөпкө көчүк басып, ыңгайлуу жайгашып алып ал бейтапты аркага сүйөнгүч кылып жөлөнүп алчу да кийим токуп отура берчү. Бейтаптын аты Сидни. Ал жыныс мүчөсүнүн чоңдугу менен атактуу болчу. Менин биринчи эле иш күнүмдө кичи медкызматкерлер бейтаптарды жуундуруу маалында ваннада кыймылсыз жаткан Сиднинин аспабын баалап коюум үчүн мени чакырышкан.

Дал ушул жерде иштеп жүргөн кезде мен сыноодон өтүп, кийин башкы нейрохирург болгон белгилүү нейрохирургиялык оорукананын атын уктум. XX кылымдын 50-жылдары бейтаптардын көпчүлүгү, алардын ичинде мен караган бейтаптар да бар, кем акыл Сидни да бар, аларды ошол нейрохирургиялык ооруканага жөнөтүшчү. Ал жерден префронталдуу лоботомия же лейкотомия катары белгилүү психохирургиялык кийлигишүү ишке ашырылчу. Ошол жылдары мындай ыкма шизофренияны дарылоонун атактуу жолу болчу, себеби бул ыкма дүүлүккөн, галлюцинацияланган шизофрениктерди оор басырыктуу бактылуу адамдарга айлантат деп эсептелчү. Бул операцияда мээнин маңдайкы бөлүгү атайын формадагы бычактын жардамы менен кыя кесилет, бирок туура эмес болуп калса оңдоого таптакыр мүмкүн эмес. Бактыга жараша, мындай операциялар "Аминазин" сыяктуу дарылардын чыгышы менен маанисин жоготту.

Менимче эң оор тийгени лобэктомиясы бар бейтаптар, алар соолуп калгандай шалдырап, баарына кайдыгер, сырттан караган кишиге зомбидей көрүнөт. Алардын оору бейнесин жашыруун карап жатып операциядан кийинки отчёттун жок экенин көрүп таң калдым. Лобэктомия жасоо белгиленген баардык бейтаптардын картасында кыска гана жазуу бар болчу: "Лобэктомияга жарактуу. Аткинсон-Морлиге которулат". Андан кийинки жазуу: "Аткинсон-Морлиден которулган. Тигиш жиптери он күндөн кийин алынат". Бүттү, мындан башка эч нерсе жок. Айрым медициналык карталарда бир жыл өткөндөн кийин жазылган сейрек жазуулар бар. Мисалы: "Текшерүүгө чакырдык. Башка бейтаптар менен мушташат. Башындагы жарылып кеткен жерлери тигилди". Ооруканага алгачкы келип түшкөндө жазылган (эреже катары катуу психоздон улам эсин жоготуу) жазуудан башка эч нерсе жок, а бул жердегилердин көпчүлүгү он жылдан ашык убакыттан бери ушул жерде жатат.

Мындан эки жыл мурун мен сыяктуу бир студент ушул сыяктуу психатриялык ооруканалардын биринде кичи медкызматкер болуп иштеп жүргөндө ал жердеги кызматкерлерди бейтаптарга жасаган орой мамилелери үчүн күнөөлөп чыккан. Маалымат каражаттарында күм-жам пайда болуп, жооп катары тиешелүү психатриялык жардам көрсөтүү боюнча Королдук комиссия түзүлгөн. Ошондон улам оорукана кызматкерлери башында мага өтө шек саноо менен мамиле кылышчу. Мен алардын артынан түшүп, тыңчылык кылууга эч кандай каалоом жогуна кесиптештерди ынандыруу үчүн мага убакыт талап кылынды. Ошентсе да баары бир менден бир нерсе жашырышса керек деп ойлойм, бирок мен иштеп жүргөн убакыт аралыгында бейтаптарга карата ачык жасалган зомбулук мамилеге туш болгон жокмун.

Бир жолу эртең менен кезектеги тиши жок чалды буламык менен тамактандырып жаткан маалда ашканага күтүүсүздөн жетекчи кирип келип, мага түштөн кийин үйүңө бара бер деди, бир дагы конкреттүү себебин айткан жок. Ал өзү менен кошо мурда кийилген костюмдар менен ич кийимдер салынган капты көтөрүп келди. Баардык бейтаптар жыжыңдан жабыркашчу, ошондуктан алар дайыма түнкү көйнөк кийип жүрүшөр эле: тазалыкты сактап бат-баттан алмаштыруу үчүн мындай кийим медкызматкерлерге жеңил. Бирок ошол күнү мага жана башка кичи медкызматкерлерге бейтаптардын түнкү көйнөгүн ич кийимдер менен костюмдарга алмаштыруу буйругу берилди. Ошентип биз байкуш кем акыл бейтаптарга аларга чейин бирөөлөр кийген, бул кары кишилерге илгичке илип койгондой эле шалбырап калган костюмдарды кийгизип, аларды кайра гериатрикалык креслага отургузуп, мен үйгө кетип калдым. Бирок эртең менен (график боюнча түнкү нөөмөттө болчумун) бейтаптар кайра эле түнкү көйнөкчөн отурушканын, баары мурдагы калыбына келип калганын көрдүм.

– Кечээ Королдук комиссия келди, - деди күлүмсүрөгөн Винс. – Костюмдар ага чоң таасир калтырды. Жетекчи сени ашыкча сүйлөп жибербесин деп ошол үчүн үйүңө жөнөтүп ийди.

Медициналык узак карьерамда таанышкан адамдардын ичинен Винс өзгөчө терең сезимдерди калтырган. Анын үмүтсүз оорулуу бейтаптарыбызга жасаган жароокер, сылык мамилесин көрүп аябай таң калчумун. Кээде ал кем акыл бейтаптардын биринин артына туруп алып гериатрикалык креслага колу менен таянып бир нерселерди токтобой сүйлөп анан оор дем алып:

– Бул жерде өзү эмне болуп жатат? Жок, мен бул жерде эмне болуп жатканын билгим келет! – дей берер эле.

Аны көргөн биз бир каткырып күлүп, күнүмдүк иштерибиз менен алек болуп кетчүбүз: бейтаптарга тамак берип, жуунтуп, заарасын ушаттырып, заңдатып, анан күндүн аягында уктоого жаткырчубуз.

Андан бери отуз жыл өттү. Тиги оорукана ошол эле ордунда турат, бирок ага жанаша жаткан жерлер сатылып кетти, азыр ал жерде баардык талапка жооп берген гольф-клуб жайгашкан. Мен караган бейтаптардын баары эбак бул дүйнө менен кош айтышса керек.

*     *     *

– Эмне окуп жатасыз? – деди кесиптешим, тиземде бети ачык жаткан китепти карап.

– Анчейин түшүнүктүү эмес мээ жөнүндө бир нерсе. Америкалык психолог, обсессивдик-компульсивдик бузулууну топтук терапиянын жардамы менен дарылоо тармагы боюнча адис жазыптыр. Анын методикасынын негизин кванттык механика менен айкалышкан буддалык медитация түзөт.

Ал бышкырды:

– Эмне деген сандырактык! Айтмакчы, сиз мурда ОКБ менен жабыркаган бейтаптарды операция кылбадыңыз беле?

Чындап эле. Мага ал бейтап менин жол көрсөтчүмдөн калган, бирок буга окшогон операциядан чоң кубаныч менен баш тартмакмын. Операция жүрүшү мындай эле: caudate nucleus жана мээ буткул бөлүгү өтө чоң эмес түрдө кесилет, бирок өтө кылдат болуу кажет. Психиатр операция чындап эле жардам берет деди. Ал эми мага биз ой келди жасап жаткандай сезилди, бирок ОКБ менен жабыркаган бейтаптардын заманбап жогорку технологиялык функционалдык томографиясы мээнин дал ушул жери оорунун келип чыгышына жооптуу экенин көрсөттү. Калифорнияда психохирургияга тыюу салган мыйзам ишке кирген, ошондуктан тынбай колун жууй берүү каалоосун (кирден коркуу – ОКБ менен жабыркаган адамдарда көп кездешкен көйгөйлөрдүн бири) башкара албай, өз өмүрүнө кол салууга чейин баргысы келген штаттын айласыз тургундары дарылануу үчүн Англияга учуп келишчү. Алардын бири, анын башынын бир жерин тешип коюуга уруксат берчү маалымат макулдук формасына кол коюуга мен сунган калемди алаардан мурда калп айтпасам, үч жуп кол капты кабаттап кийген. Ушинтип кесиптешиме психохирургиядагы тажрыйбам тууралуу айткан маалда бөлмөгө медайым кирип келди.

– Мистер Марш, - деди ал жактырбагандай (диванга халатымды чечпей эле отургам), - кийинки бейтап шишигинин оң жагында экенин айтып жатат, ал эми маалымат макулдук формасында мээнин сол жагына жасалчу операция жөнүндө сөз болуп жатат.

– О Кудай! – дедим. – Анын шишиги сол төбөсүндө, ошондуктан оң менен сол жагын алмаштырып жатат. Сиз да билип койсоңуз ашыктык кылбайт, бул синдромду Герстман синдрому дейт. Анан дагы бир нерсе, бейтап - кайсы жерин операция кыларыбызды сурай турган эң акыркы киши. Ал толугу менен макулдугун берген. Аны менен жеке өзүм кечээ кечинде сүйлөшкөм. Анын үй-бүлөсү менен дагы. Баштай берелиби эми.

– Айрымдар Герстман синдрому жок дешет, - деди бул тармакта кенен маалыматы бар кесиптешим.

– Ал бейтап менен кайра дагы бир жолу сүйлөшүп коёсуз го дейм, - деп туруп алды медайым.

– Күлкү келерлик иш, - күңкүлдөй дивандан турдум.

Биздин санитар Коуб жасалып бүткөн операциядан кийин кан болгон жерди жууп жаткан операция бөлмөсү аркылуу анестезия бөлмөсүнө кирдим. Жолдон адаттагыдай эле тоодой үйүлгөн таштанды көрдүм: операция үстөлүндө баасы бир нече миң фунттук бир жолу колдонулчу хирургиялык шаймандар чачылып жатат. Булардын баары бир капка салынып утилизацияга жөнөтүлөт. Мен кирип барган учурда бейтап каталкада жатыптыр.

– Мистер Смит, кутман таң! – дедим. – Мага башыңыздын оң тарабын операция кылышым керектигин айтышты го.

– Мистер Марш, келгениңиз үчүн ыракмат! Мен көйгөйдүн баары оң жагымда деп ойлогом, - деди ишенимсиз кыбылжыган үн менен.

– Чындап эле сиз денеңиздин оң жагынан алсыздыкты сезип жатасыз. Бирок дал ушул нерсе шишик сол жакта экенин билдирет. Көрдүңүзбү, мээде баары тескерисинче.

– О!

– Мен албетте, мээңиздин оң тарабына операция жасай берем, эгер жаса десеңиз. Бирок чечимди мен чыгарсам кантет?

– Жок-жок, - деди күлүп. – Сиз чыгарыңыз.

– Эмесе сол тарапта калдык, - дедим сөздү жыйынтыктап.

Мен бөлмөдөн чыктым. Медайым анестезиолгго операцияны баштай бергиле деп кабар бериши керек. Мен болсо булгаары кызыл диваныма кайтып келдим.

Кырк мүнөттөн кийин бейтапка наркоз берилгенин айтты. Ассистентиме операцияны менсиз баштай бер дедим. Сыноодогу убакыт өтө узак болбогондуктан жаш дарыгерлерге катардагы эле базалык хирургиялык практика жетишпейт, ошондуктан аларга башты ачып, кайра тигүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө өзүмдү милдеттүүдөй сезем. Бул иштер нейрохирургиялык операциядагы эң жөнөкөй жана коопсуз баскычтар, анткен менен баарын өзүм жасаганды жактырам. Практиканттардын ишине көз салып жатып өз колум менен операция жасагандан да көбүрөк толкунданам. Ошондуктан операциялык блоктон чыгып кетем, албетте, ординаторлорум эң жөнөкөй учурларды жасап жатышса, ал эми иш бөлмөмдө бүтпөгөн кагаз иштери үйүлүп жатат. Мындан улам кайра эле кызыл диваныма келип эс алуудан башка жолум жок.

Ординаторлор ишти баштаган адаттагы жөнөкөй учурларда мен операция бөлмөгө кирем, иштеп жаткан сыноодогу дарыгерди көз кыйыгым менен бир карап, колумду жууганга киришем, андан соң бейтаптын ачылган башынан кийинки операциянын татаал баскычтары башталат. Кайсы бир убакыттан кийин колума тийген бийлик ординатордун тажрыйбалуулугу менен кырдаалдын татаалдыгынан көзкаранды.

– Кандай жүрүп жатат? – дейм адатта. Анан көз айнегим менен хирургиялык бет кабымды кийгенден кийин операциялык жараатты караганга өтөм.

– Баары жайында мистер Марш, - дейт адатта практикант. Себеби алар кийлигишүүмдү каалашпайт, бирок ишти андан ары мен улантышым керектигин жакшы түшүнүшөт.

– Менин жардамым кереги жок экенине толук ишенесизби? – үмүттүү сурайм, бирок баары бир баардыгы жайында экенин айтышат.

Эгер көз карашым боюнча баары чындап эле жайында болсо анда операциялык бөлмөдөн чыгам дагы, андан бир нече метр алыстыктагы эс алчу бөлмөнү карай бет алам.

*     *     *

Мен диванга ыңгайлуу жайланышып, кайрадан китепти колум алдым. Тажрыйба топтоп жаткан нейрохирург катары "мээ менен аң-сезимдин табышмагы" деген темадагы талкууларды дайыма чаташкан баш айлантмачылык катары эсептечүмүн, атүгүл бекер эле убакыт коротуу катары кабыл алам. Мен бул жерден эч качан өзгөчө деле табышмакты көргөн эмесмин, мени болгону шамал сыяктуу ээн эркиндей туюлган аң-сезимим; сүрөттөлгөн операция жүрүп жаткан учурда китеп окууга аракет кылып, бирок анын ордуна төбөмдө калкыган булуттарга көңүл бурган аң-сезимим; азыркы учурда мына бул сөздөрдү жаратып жаткан аң-сезимим дайыма суктандырып, таң калтырып келген. А чынында аң-сезим мээден туруп, ал жерде бир катар электрохимиялык өз ара аракеттер жүз миллиарддаган нерв клеткаларынын ортосунда жүрөт эмеспи. Колума кармаган китептин автору да мээ менен аң-сезимдин табышмагына ишенип, ага суктанган киши окшойт. Бирок китептеги бир катар таёрияларда камтылган: функционализм, эпифеноменализм, заманбап материализм, дуалисттик интеракционизм – же бул интеракциондук дуализмби деген сыяктуу жерлерин окуп баштаганда дароо уйкуга кеттим. Бир аздан кийин медайым келип операция бөлүмүндөгү иштерге кезек келгенин айтып ойготту.

10. Травма

Тышкы таасирлердин натыйжасында организмдин бир жерине залака келтирүү; психикалык травманын (психологиялык) кесепети.

Жумушка эрте келгендиктен башкалардын келишин күтүүгө туура келди. Ак халаттардын доору бүткөн, азыр анын ордуна кичи медкызматкерлер серпилмелүү спорттук форма же түндө нөөмөттө болсо хирургиялык костюмдарды кийишет, бул костюмдар медициналык сериалдардан улам атактуу болуп кеткен.

– Түндө бир эле бейтап түштү, - деди компьютерде отурган нөөмөттөгү ординатор. Ал жаштарга мүнөздүү энтузизмга толгон башка ординаторлордон өтө айырмаланып турат. Маалыматты кыжыры келип, жактырбагандай айтты. Жаңы учурду айтып берүүгө анын кезеги келгенде атмосфера чыңалып чыкчу. Ал эмне үчүн нейрохирургияны тандап алганын түшүнө алган жокмун.

– Кырк жаштагы эркек киши, - сөзүн улады. – Өткөн түнү шайтан арабадан кулап түшкөн. Аны полиция таап алган.

– Велосипедденби? – дедим

– Ооба. Сиз сыяктуу ал дагы башына шлем кийген эмес. – Мени жактырбагандай тиктеди.

Андан соң ал клавиатурадан бирдемелерди басты эле, караңгылыктагы ак жарык дубалдан көз алдыбызга бейтаптын мээсинин томографиясынын сүрөттөрү биринин артынан бири чыга баштады.

– Айтсам ишенбейсиңер, - дагы бир ординатор сөзгө аралашты. – Мен кечээ кечинде чалуу түшкөндө нөөмөттө болчумун. Алар сүрөттөрдү дискке жаздырышты, бирок жанагы өкмөттүн сандырак дарыгердик сыр деген немесинен улам эки такси чакырышты. Эки такси! Бирөөсү сандырак дисктер үчүң, экинчиси сыр сөз жазылган кагаздарга. Ушунун баары шашылыш чалуунун күтүп турганына карабастан жасалды! Кантип эле ушунчалык кем акылдык болсун?

Бизге бейтап жөнүндө айтып жаткан ординатор кыздан башка баардыгы күлүштү. Ал биз тынчтанганча унчукпай күтүп отурду.

– Полициянын маалыматына ылайык, аны жаңы таап алган кезде сүйлөп жаткан, - деди ординатор. – Бирок аны ооруканага жеткиришкенде талмасы кармап, аны жасалма дем алдырчу аппаратка туташтырышты. Андан соң томография жасалды.

– Бул бейтаптыкы баары каныгып бүтүптүр! – арткы катарда отурган бирөө кыйкырды, биз дубалда чагылдырылган сүрөттөрдү изилдегенче.

– Жашабайт ко дейм, - деди кокустан эле нөөмөттөгү ординатор кыз.

Мен аябай таң калдым: мурда бул кыз бейтаптарды дарылоого жулкунуп киришчү, атүгүл жагымсыз прогноз берилген бейтаптарга да көңүл кош карачу эмес.

Алдыңкы катарда отурган жаш дарыгерлерге бир сыйра көз жүгүртүп, биздин бөлүмгө жакында эле келген, бирок бир айдан кийин башка жакка которулар кара чачтуу кызга кайрылдым:

– Кана эмесе, сүрөттө бир топ жарааттар турат. Келиңиз, канчасын таба аласыз, көрөлү.

– Маңдайкы сөөк сынып кеткен, сынган сөөк да мээни басып кирген.

– Эми мээге эмне болот?

– Ал жакта кан турат, демек бейтапта контузия бар.

– Туура. Сол жактагы контузия ушунчалык күчтүү болгондуктан алдыңкы бөлүктүн жарылышы дешет. Демек мээнин бул бөлүгүнө залака келтирилген. Ал эми оң тарабычы?

– Ал жагы да контузия, бирок анчалык күчтүү эмес.

– Белгилүү болгондой бейтап алгач сүйлөп жаткан, демек теориялык жактан алганда тез эле айыгат. Бирок кээде белгилүү бир убакыттан кийин өөрчүгөн интрапаренхиматоздук кан куюлуу болушу мүмкүн, сүрөттөрдө да көрүнүп тургандай мээ катуу жабыркаган. Ошондо кандай прогноз бересиз? – дедим ординаторго.

– Өтө жакшы эмес.

– Канчалык деңгээлде жакшы эмес? – дедим болбой эле. – Элүү пайыздыкпы? Токсонбу?

– Ал сакайып кетиши мүмкүн.

– Коюңузчу. Маңдайкы бөлүгү эки жеринен жарылып жатса. Анын кымындай да мүмкүнчүлүгү жок. Эгер куюлуп кеткен канды токтотуу үчүн операция жасасак, анда ал өмүр бою шал бойдон калат, сүйлөй албайт, андан тышкары да көптөгөн коркунучтуу өзгөрүүлөргө туш болушу ыктымал. Эгер операция жасабасак, тез жана тынч көз жумат.

– Эми, жакындары колубуздан келгендин баарын жасашыбызды кааласа керек. Бул алардын тандоосу, - деди ал.

Жакындарынын чечими анын айткандарынан көзкаранды экенин түшүндүрдүм. Эгер ал: "Биз бейтаптын жаракат алган мээ бөлүгүн алып салып, операция жасап, өмүрүн сактап калабыз" десе анда жакындары сөзсүз операция жасашыбызды каалайт. Анын ордуна: "Операциядан кийин мурдагыдай толук кандуу жашоого кайтып келерине бир да мүмкүнчүлүк жок. Ал өмүр бою майып бойдон калат. Ал ушундай жашоону жашагысы келеби?" дей турган болсо, жакындары таптакыр башка пикирде болушу мүмкүн. Себеби дарыгердин сураганы бул: "Өмүрүнүн акырына чейин майып бойдон калган адамды багууга даяр болгончо аны жакшы көрөсүзбү?", жакындарында башка жол калбайт. Буга окшогон учурлардын көбүнчөсүндө баары бир операция жасайбыз. Бул нерсе чындыкты айтканга караганда жеңил жана кыйноого салган сүйлөшүүдөн куткарат. Бейтап операция жасалчу бөлмөдөн тирүү чыкса хирург операция ийгиликтүү өттү деп эсептейт. Бирок алар менен бир нече жылдан кийин жолукканда (өзүм жолугуп турам) операция эң жаман жаңылыш чечим болгонун түшүнөсүң.

Бөлмөдө бир азга жымжырттык өкүм сүрө калды.

– Операция жасалат деп чечилди, - деди ординатор суз гана.

Көрсө ал бейтапты кесиптештеримдин бирине өткөрүп беришиптир. Англис медицинасында жазылбаган мындай эреже бар: сени менен бирдей кызматтык деңгээлдеги кесиптешиңди ачык сындаба, анын чечиминен күмөн жаратпа, андыктан мен унчуккан жокмун. Нейрохирургдардын көпчүлүгү жашы өткөн сайын консервативдүү көз карашты карманып калышат, жаш кездегиге салыштырмалуу операция жасоону сейрек сунушташат. Менин башыма да бул нерсе түшкөн, бирок тажрыйба топтоп, хирургиялык жол менен дарылоонун чектелүү жактарын жакшы аңдап калганымдан улам эмес, бейтаптын мурдагыдай толук кандуу жашоосу толугу менен талкаланган болсо ал адамдын өлүшүнө жол бериш керектигин моюнга алганымдан улам ошондой көз караштамын. Албетте, келечекти алдын ала айтууга үйрөнө элекмин, бирок азыр мени башкалардын пикири азыраак кызыктырат. Бул жердеги башкы көйгөй ал ыктымалдуулук канчалык деңгээлде талкаланганын так айта албаганымда. Келечек дайыма белгисиз эмеспи. Баарынан жеңили хирургиялык дарылоонун натыйжасы мээсинен олуттуу жаракат алып, тирүү калган көпчүлүк бейтаптардын өмүрүнө толугу менен каршы келерин ойлонбой туруп операция жасап салуу.

Чогулуштан кийин баарыбыз оорукананын тиешелүү жактарына тарадык. Операция бөлмөсү – бейтаптардын бөлмөсүнө, иш бөлмөлөргө, кимдир-бирөөсү амбулатордук бөлүмдү карай кетти. Мен коридордо рентген бөлүмүн карай нейрорадиолог кесиптешим менен бараттым. Нейрорадиологдор иш күнүнүн көпчүлүк бөлүгүн борбордук жана арка мээнин сүрөттөрүн изилдөө менен өткөрүшөт, бирок бейтаптар менен бетме-бет байланышпайт. Менин оюмча бул кесиптешим карьерасын нейрохирург катары баштаса керек, бирок өтө эле муун-жүүнү бош боорукер нейрорадиолог болуп калган.

– Менин жубайым психитар, - деди ал. – Бир убактарда мээсинен жаракат алган бейтаптар жаткан бөлүмдө сыноодо болгон. Ушул жерден сиздин айткандарыңызга кошулам: алардын көпчүлүгүнүн жашоосу өтө кейиштүү. Эгер нейрохирургдар мээсинен олуттуу жаракат алган бейтаптардын андан аркы жашоосуна көз салса, анда толугу менен ишенем, алар операцияга бейтаптарды кылдат ойлонуп тандашмак.

Иш бөлмөмө келсем Гейл биздин оорукананын бир базасына кире албай компьютерге наалаттарын жаадырып жатыптыр.

Мен анын үстөлү үстүндө, клавиатуранын жанында жаткан одоно ачык түстөгү, ыксыз жазылган кагазды көрдүм. Текст "Сертификат..." деп башталыптыр. Андан ары окуп Гейл кандайдыр бир семинарга катышып келгенин билдим.

– Бул дагы эмне болуп кетти? – дедим.

– Милдеттүү кошумча билим. Жөн эле убакыт коротуу. Жападан жалгыз дурус учур - кесиптештериңиздин биринин семинар бүткөнчө пайдалуу эч нерсе айта албаган лекторду шылдыңдай күлгөнү болду. Ал лектор мурда той-топурларды, кечелерди уюштуруу менен алектенгенин кийин билдим, ошондуктан өзүнүн айткандарына өзү түшүнгөн жок. Ага болгону эмне айтыш керектигин үйрөтүп коюшкан. Бүгүн сиздин да семинарыңыз бар, унуткан жоксузбу? – деди Гейл тамашалай жактырбагандай түр көрсөтүп. – Ал семинар баардык кызматкерлер үчүн милдеттүү, анын ичинен консультант-дарыгердер үчүн дагы.

– Чын элеби? – дедим, бирок башкы дарыгерден бир нече жума мурда кат алганымды эстедим. Ал катта жазылгандай бул мыйзам боюнча милдеттүү семинарга катышпаганым жетекчиликке чейин жетип калыптыр. Жетекчиликтин мындай катты жазганга убакыт тапканына караганда семинар чындап эле өтө маанилүү болсо керек.

Ошентип августтун тийип турган күнүн карай сыртка чыгып, оорукананын жайнаган авто-унаа токтотуучу жайын аралап, чакан жүк сүйрөөчүү авто-унаага бекитилген таштанды челектерин аз жерден жөөлөп кете жаздап, акыры илимий изилдөө борборуна жеттим. Килейген чоң бирок шалкылдаган, бутумдун алдындагы тактайлары былкылдап араң турган имаратка ачуум менен кирип барып сандырак семинар өтүп жаткан бөлмөгө жөнөдүм. Кечигип бардым. Ал жердеги парталарда сустайып, томсоргон кыркка жакын киши отуруптур. Аудиторияга ар түрдүү катмар чогулуптур: медайымдар, медкызматкерлер, пол жуугучтар, санитарлар, администраторлор жана дарыгерлер. Мен отургучту алып, баарынан арттагы бурчка отурдум. Саргыч сакалын тегиз кыркып, чачын шыпыртып салган жаш лектор мага келип семинарга тиешелүү материалдар салынган папканы сунду. Мен өзүмдү мектеп окуучусундай сезип, папканы колума алуудан баш тарттым. Ал оор үшкүрүп унчукпастан папканы жаныма, жерге коюп, өз ордун карай, илинген тактанын жанынан барды да угуучуларды карай бери бурулду.

Расписание боюнча семинар үч саатка созулат, ошондуктан уктап алыш үчүн ыңгайлуурак жайланыштым. Практикада сыноодо жүргөн кезимде ушунчалык көп иштегенге мажбур болгондуктан кайсы жерде, кандай шартта болбосун уктоонун пайдалуу искусствосун жакшы эле өздөштүргөм.

Бир жарым сааттан кийин лектор чакан тыныгуу жарыялады. Андан кийин өрткө каршы коопсуздук, кардарлар менен иштөөнүн негизги принциптери тууралуу билмекпиз. Бөлмөдөн чыгып баратып лекция учурунда тил алып өчүрүп койгон уюлдук телефонума кат келгенин көрдүм. Бейтаптарымдын бири өлүм алдында жатыптыр, башкы медайым анын жакындары мени менен сүйлөшкүсү келишкенин айтуу үчүн чалыптыр. Мен ооруканага кайтып бардым.

Ал көкүрөк рагы менен жабыркаган кырк жаштардагы аял болчу. Метастаздардан улам анын мээсинде шишик пайда болгон. Бир жума мурда сыноодогу дарыгерлердин бири ал шишикти алып салган, бирок эч кандай коркунучсуз өткөн операциядан эки күндөн кийин бейтап инсультка дуушар болгон. Эми азыр өлүм алдында жатат. Бир нече күн мурда бул туурасында анын үй-бүлөсү менен эч ким сүйлөшпөгөнүн төбө чачым тик туруп билдим. Операция жасаган хирург менин жардамчым сыяктуу эле эмгек өргүүсүндө болчу. Мен башка операциялар менен алектенип, ал эми кезектешип иштеген толгон токой кичи дарыгерлердин бири да ал бейтаптын жакындары менен сүйлөшүп койбоптур. Пайдасыз семинарды унуткарып, алар менен жолугушууну эртең мененки саат тогузга белгиледим.

Алты кишилик бейтаптын бөлмөсүнө киргенимде бейтаптын жолдошун, карыган энесин көрдүм. Алар бири-бирине дээрлик жанаша жайгаштырылган керебеттердин арасынан араң өтүп бейтап жаткан керебеттин жанында отурушуптур. Аял эсин жоготкон абалда жатат, дем алуусу оор, үзүл-кесил. Керебеттердин арасы алтымыш сантиметрди гана түзгөн кууш бөлмөдө бул аялдын акырындык менен өлүп баратканын көрүүгө мажбур болгон дагы беш бейтап жаткан.

Бейтаптарды бири-биринен кылбырчык тосмо мата менен ажыратып турган мындай тар бөлмөдө, анын үстүнө башкалардын көзүнчө бейтаптарга, жакындарына суук кабарды угузганды жек көрөм. Ошондой эле бейтаптар, саламаттык сактоо министрлигиндеги чиновниктер айтмакчы "кардарлар" жана алардын жакындары менен тикемен тик туруп сүйлөшкөндү да жек көрөм. Бирок бөлмөдө башка бош отургуч жок, тилекке каршы, өлүп бараткан бейтап менен анын үй-бүлөсүнүн алдында тикчийип туруп баарлашууга туура келди. Керебетке отуруп алсам ылайыксыз болчудай, анын үстүнө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы бул нерсеге тыюу салат.

– Мен сиздер менен мурдараак сүйлөшө албай калганым үчүн өкүнүчтөмүн. Бул айым операциядан кийин инсультка туш болгон. Шишик мээдеги чоң артериялардын бирине өсүп кеткен. Мындай учурда шишик ийгиликтүү алынса да бир нече күндөн кийин бейтап инсультка кабылышы толук ыктымал.

Бейтаптын күйөөсү менен апасы үн-сөз дебей мени карап отурушту.

- Эми эмне болот? – деди акыры апасы.

– Эми, - чечкинсиз баштадым, - ал менимче... – Мен дагы такалып туруп калдым, анан башка бейтаптар да мени угуп жатканын билип, үнүмдү жай чыгардым. Атүгүл бир азга өлүмгө ылайыктуу сөз тандап ойлонуп да жибердим. – Менимче, ал көз жумат, бирок канча убакыттан кийин так айта албайм.

Апасы ыйлап кирди.

– Ата-энелер баарынан мурда балдарынан өтүп көбүрөк жашоодон коркушат, -дедим.

– Ал менин жалгыз балам эле, - деди кары аял көз жашын көлдөтүп.

Мен эңкейип анын ийининен таптадым:

– Абдан өкүнүчтөмүн.

– Бул сиздин күнөөңүз эмес.

Мындан башка айтар эч нерсе жок болчу. Бир нече мүнөттөн кийин сыртка чыгып башкы медайымды издеп жөнөдүм.

– Миссис Т. өлүп баратат. Аны башка өзүнчө бөлмөгө жаткырсак болобу? – дедим.

– Билем. Ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Бирок ал үчүн толтура бейтаптарды алмаштырышыбыз керек, бизде таптакыр бош орундар жетишпей жатат.

– Эртең менен кардарларга карата камкордук менен мамиле кылууга арналган семинарда болдум.

Медайым бышкырды.

– Мына бизде ушундай эч нерсеге жараксыз суу кечпеген камкордук, - деди кайгыра. – Мурда жакшыраак болчу.

– Бирок бейтаптар бул жер башка жергиликтүү ооруканаларга караганда жакшы дешет, - дедим.

Ал эч нерсе деген жок. Дайымкыдай эле шашкан бойдон кетти.

*     *     *

Мен илимий изилдөө борборуна кайтып бардым. Семинардын экинчи бөлүгү башталыптыр. Экранда кардарлар менен иштөөнүн принциптери жана аларга кам көрүү жөнүндө чоң слайд турат.

"Эффективдүү кайрылуу, - дегенди окудум. – Майда-чүйдөлөргө көңүл буруу. Тез реакция кылуу". Ошондой эле бизге боорукер, кайгыга ортоктош болууга кеңеш беришти.

– Сиздер кебелбестик менен оор басырыктуулукту сактап калышыңыздар керек, - деди бизге Крис аттуу лектор. – ачык, так ойлонуп, кунт коюп көңүл буруп, концентрацияны жоготпош керек. Эмоцияңыздар жүрүм-турумуңуздарга таасирин тийгизет.

Анын айткандарын угуп отуруп эмне деген кызыктай абал дедим; өлүм-өмүр, кырсыктар, сансыз катастрофалар, кризистик кырдаалдар менен күрөшүп, өз колумдан кан жоготуп көз жумган бейтаптарды кездештирген, ачуулуу сөздөр коштолгон кесиптештер менен болгон талаш-тартыштарга туш болгон, бейтаптын туугандары менен болгон жагымсыз сүйлөшүүлөрдү баштан өткөргөн, баарын таштап кетип калгың келген өкүнүүлөргө дуушар, ошол эле учурда төбөңдү көккө жеткирген кубанычтар коштолгон отуз жылдан кийин, бир кадимки нейрохирургдун типтүү карьерасы эсептелген отуз жылдан кийин мына бул жаш жигиттин, мурда кечелерди уюштурган чоочун жигиттин мага кайгыга ортоктош, боорукер, оор басырыктуу болууга үйрөтүүсү эмне деген кызык көрүнүш! Колдон колго өтүп кезек менен берилген журналга колумду койгондон кийин, аны менен кайгыны тең бөлүшүү жана өзүн өзү башкара билүү боюнча билим алганымды, одоно жүрүм-турумдардын классификациясын окуп чыкканымды, андан тышкары өрткө каршы коопсуздук техникаларын жана азыр эле унутуп, эсимден чыгып кеткенге үлгүргөн дагы башка нерселерди үйрөнгөнүмдү тастыктаган болуп Кристин мен али бүтө элекмин деген кыйкырыгына карабастан бөлмөдөн чыгып кеттим.

*     *     *

Эртеси күнү эртең менен Гейлге билим берүүчү семинар тууралуу айтып жатканымда иш бөлмөмө тынчсызданып, көздөрү алайган жаш дарыгер кирип келди. Ал хирургиялык кийлигишүүлөр талап кылынбаган, мээсинен илдетке чалдыккан бейтаптар жаткан неврология бөлүмүндө иштечү. Ал бөлүмдө склероз, Паркинсон оорулары үстөмдүк кылат, кээде кызыктай, табышмактуу, дарылоого мүмкүң болбогон илдеттер учурайт. Аларды неврологдор өтө кызыктуу учур катары баалашып, сейрек кездешчү көпөлөктөдү чогулткандай эле атайын журналдарга берилүү менен отчёт берип жазышат.

– Сизди алагды кылганым үчүн кечирим сурайм... – деп баштады ал.

– Эч нерсе эмес, - дедим. Үстөл үстүндө, калганы жерде үйүлүп жаткан илдет бейнелер салынган папкаларды колум менен жаңсай көрсөтүп: - Мына булардан мени алагды кылган бирөө болсо кубанычта болмокмун, - дедим.

– Дем алыш күнү бизге өөрчүгөң дисфазиясы бар элүү тогуз жаштагы бейтап аял түшкөн. Андан кийин ал эсин жоготуп, талмасы кармап калды. Ал эми алынган сүрөттөрү болсо аныкы ADEM КЖЭ сыяктуу көрүнүп жатат.

– КЖЭ? Эмнегедир мындайды хирургияда бар экенин эстей албай жатам.

– Курч жайылган энцефаломиелит, - деди. – Башкача айтканда, борбордук жана кара куш мээнин өлүмгө чейин жеткирчү коркунучтуу, кокусунан ырбап кетүүсү.

Мен ага операциянын жардамы тийбесе керек деп түшүндүрдүм.

– Ооба, бирок бүгүн ал эс-учун жоготуп койду, анан да сол кареги жарылып кетти. Томография болсо жайылып кеткен шишикти көрсөтүп жатат. Балким баш сөөктүн ичиндеги артыкча басымдан арылтсак ашыкча болбос деп ойлодук.

Мен компьютердин клавиатурасын бери тарттым. Бейтаптын мээси шишип, башындагы катуу басымдан улам өлүм алдында жаткандай угулду, анткени мээ, мындайча айтканда, баш көңдөйүнөн башка эч жакка чыга албайт. "Жарылып кеткен" карек (бир көздүн кареги аябай чоңоюп, жарыкка реакция кылбай калган учурда айтылат) иштин тез арада өлүм менен аякташынын биринчи белгиси болчу. Ал эми бейтаптын эсин жоготуп коюшу, өзүнө келбей жатышы, кыска убакыт ичинде башындагы басымды азайтпаса бир нече сааттын ичинде же андан да аз убакыт аралыгында көз жумат дегенди түшүндүрөт.

Сүрөттөргө ылайык бүтүндөй мээ, айрыкча сол жарым шары карайып, катуу шишиптир, медиктердин тили менен айтканда бул мээ шишиги деп аталат. Ал шишик организмдин КЖЭге таасир этишине себеп болгон, бирок анын баштапкы себеби белгисиз.

Мээнин айрым жерлерин алып салса болот, андан адам майып болбойт. Бирок мээнин шишиген жеринин баарын алса, анда бейтап толугу менен шал болуп, сүйлөмөк турсун түшүнбөй да калат.

– Декомпрессивдик краниотомия кылсак кандай болот? – деди дарыгер. Мындай операцияда шишиген мээге кошумча мейкиндик ачып берүү үчүн баш сөөктүн жогорку бөлүгү алынып салынат. Бул операция бейтаптын өмүрүн сактайт, бирок кийин бейтапты эч кандай деле жакшылык күтпөгөн соң анын баш сөөгүн кесип салуунун пайдасын деле көрө алган жокмун. – Ал айыгып кетиши мүмкүн.

– Кантип эле?

– Эми балким...

Бейтаптын мээси сүрөттөрүн кайгыруу менен карап бир аз унчукпадым. Бул бейтап экөөбүз теңтуш экенибизди байкадым.

– Бүгүн операция жасабайм, - дедим акыры, - бирок бул аялдын тагдырына тоскоол болбошу керек.

Мен бүгүн операция жасай турган кесиптештерим менен сүйлөшүп көрөм деп убада бердим. Бир нече телефон чалуудан кийин кагаз иштеримди кайрадан колго алдым. Операция одоно жана жөнөкөй болчу, бирок отчётторду окуп, түгөнбөгөн каттарды жаздыртуунун ордуна аны мен чоң кубаныч менен өзүм эле жасамакмын. Башка хирургдар сыяктуу жасагым келген жалгыз нерсе бул – операция жасоо.

Бир аз убакыт өткөн соң кесиптешимдин иши кандай жүрүп жатканын көрүп келейин деп операция жасалчу бөлмөнү карай бет алдым.

Көргөн көзүмө ишене албай таң калдым; операция бөлмөсүнүн кире беришинен орун алган анестезия бөлмөсүнүн жарыгы өчүк турат. Бул өтө эле кызыктай таң калычтуу көрүнүш. Мен эшикти түртүп кирип эле туруп калдым: анестезияны күтүп бейтаптар жаткан каталкада өлүк жатат. Жансыз сөөктүн тегерегинин баары, башы менен кошо шейшеп менен оролуп, жип менен байланыптыр. Көрүнүш орто кылымдардагы өлүм бийин чагылдырган гравюраны элестетти.

Тынчсызданган бойдон белгисиз сөөктүн жанынан өтүп, кесиптешим медайымдар, анестезиологдор менен биргеликте КЖЭси бар бейтап аялга жасап жатышкан операция бөлмөсүнө баш бактым. Кантип эле операция үстөлүнөн бирөө өлүп калды деген суроого башым катты. Тиги жансыз сөөк кайдан келди? Операция жүрүп жаткан маалда көз жумган бейтаптар өтө сейрек кездешет. Бүтүндөй карьерам боюнча ар бир хирург үчүн азап болгон мындай учурга төрт гана жолу дуушар болдум. Ага кошул-ташыл болуп мындай учурдан кийин операция бөлмөсүндө өтө жаман оор атмосфера жаралат. Кээде медайымдар ыйлап да калышчу, өзүм деле араң карманчумун, айрыкча жаш баланын көз жумганы эң жаман. Ал эми азыр бул бригада жандуу да, шаңдуу иштеп жатышат, алар мени ичтеринен шылдыңдап жаткандай да туюлду. Бирок баары бир тиги өлүк кайдан келип калганын сурай албадым. Эгер чындап эле операция үстөлүндө кимдир-бирөө көз жумган болсочу деп башкалардын сезимине туз сээп, жараатын тырмагым келген жок. Ошол үчүн көңул бурбаганга аракет кылдым. Анын ордуна кесиптешимен декомпрессивдик краниотомияны кандайча жасай турганын сурадым.

Ал жаркырап тийип турган жарык лампалардын алдында жаткан бейтаптын жанында турду. Чачы кырылып алыныптыр, эми болсо хирург күрөң йод түрүндөгү антисептик менен башын тазалап жатат.

– Кеңири кош фронталдык краниотомия жасайм, - деди.

Ал баш сөөктүн алдыңкы бөлүгүн араалап, мээнин сыртка чыгышына жол ачмак. Андан кийин кесилген баш терини кайра ордуна тигип коюшат, эгер бейтап жашап кетсе, анда бир нече күндөн кийин шишик ылдыйлаганда баш сөөктөн кесилип алынган сөөктү бирөө-жарымы алмаштырып коёт.

Мээнин эки жарым шарын бири-биринен ажыратып турган мээ чел кабыгынын бир бөлүгү болгон ай формалуу кабатын эмне кыларын сурадым. Себеби ал кабат ачылган баш көңдөйдөн суурулуп чыккан бейтаптын мээсине залака келтириши мүмкүн. Кесиптешим менен минтип сүйлөшүп жаткан учурда да бизден бир нече метр аралыкта, анестезиянын караңгы бөлмөсүндө жаткан өлүктү эсимен чыгара албай койдум.

– Алдын ала веналык синусту кесип салып, аны экиге ажыратам, - деди кесиптешим.

Ушундай түрдө сөз уланып жатты. Акыры оюмду топтоп өлүктү сурадым.

– Аа, - деди күлүп, ага кошулуп бөлмөдөгүлөрдүн баары күлдү, - сиз байкаптырсыз да! Ал деген жандандыруу бөлүмүнөн келген органдардын донору, баштан алган жаракаттан улам көз жумган. Тагырагы, донордон калган калдыктар. Эки күн мурда түшкөн тиги велосипедчи. Операция жасалганына карабастан жашап кете алган жок. Балким бул дагы бир жакшылык үчүндүр. Трансплантологдордун бригадасы бул донордун үстүндө өткөн түнү кыйлага чейин иштешти. Жүрөк, өпкө, боор, бөйрөктөр – дагы көп нерсесин алышты, баары жарактуу абалда экен. Трансплантологдор ыраазы болушту. Алар кеч бүтүштү, ал эми санитарларда кезектешүү учуру болчу, ошондуктан сөөктү бул жерден алып кетүүгө колдору тийген жок.

11. Эпендимома

Борбордук нерв системасындагы шишик ал мээнин карынчаларын каптаган глиаль клеткаларынан пайда болот.

Ал күнгө белгиленген операциялар аз болчу. Бирок мени толтура кагаздар күтүп жаткан, Гейл дагы үстөлүмө коркунучтуу жыйылган папкаларды үйүп коюптур, муну коюп жатып ал мыйыгынан жылмайса керек. Биз аны менен дайыма бири-бирибиздин иш үстөлгө байкатпай кагаздарды үйүп коюу менен согуша беребиз. Оорукана жетекчилигинен келген электрондук почтанын көпчүлүгүн Гейлге көргөзбөй өчүрүп салгам. Ар түрдүү корреспонденциялардын арасында линкольншир ооруканасынын дарыгеринен келген кат да бар экен. Мен акыркы он жылда үч жолу операция жасаган жаш бейтап кыз боюнча кеңеш сураптыр ал. Кыздын мээсиндеги шишик эпендимома деп аталат; улам улам пайда боло берчү, ар жолкусунда барган сайын агрессивдүү, залалдуу шишик. Бейтап кыз мүмкүн болгон баардык нурдантуу, химиотерапиянын түрлөрүнөн өтүп чыкты. Эми болсо башын катуу ооруткан кезектеги шишик кайталанган учурда аны илдеттин терминалдык баскычындагы бейтап катары ооруканага жаткырышкан. Дарыгердин менден өтүнүчү анын акыркы сүрөтүн көрүп, дагы эмне кылса болорун сураган. Себеби ал кыздын жакындары кыздын өмүрүнүн акыркы күндөрүн жашап жатканын кабыл алуудан баш тартышкан.

Ушул жылдар аралыгында мен Хелен менен жакындан тааныш болуп калдым, ага катуу боорум ооручу. Балким бул жаңылыш болгон чыгар. Себеби кыз дайыма кулпурган абалда жүрчү, жаман оорусу менен да эң сонун күрөштү. Кээде өзүмөн сурап калам: а мүмкүн ошол себептен улам сакайып кетүү ыктымалдуулугун реалдуу эмес баалагандыр. Кээде моюнга албай баш тартуу жакшы жол болуп чыга келет. Хелендин жакындары колунан келишинче кам көрүштү. Алар менен жолуккан сайын өтө эле ашыкча ыраазычылыктарын билдирип, жалооруган үмүттүү көздөрү менен карашар эле, бул учурда өзүмдү мылтык кезелип бурчка такалган кишидей сезчүмүн.

"Башка ооруканадагы нейрохирург жакындарына, - деп линкольнширдик дарыгер каттын аягына кошуптур, - эгер дагы бир ирет шишикке операция жасалса, анда фотодинамикалык терапиянын жардамы менен дарыласа болот дептир. Жакындары бейтап кыз фотодинамикалык терапия алуусу үчүн сизден операция жасашыңызды жалбарып өтүнүп жатышат". Катка Хелендин акыркы томографиялык сүрөттөрү тиркелиптир. Адаттагыдай эле кыйналып-кысталып атып аны компьютерден ачтым. Сүрөттөрдө мээнин оң жагындагы чыкый бөлүгүндө жайылган шишик көрүнүп турат. Теориялык жактан карай турган болсок, бул жерге операция жасасам болот, бирок операция ийгиликтүү өтсө да Хелендин өмүрү мыктаса бир нече жума же бир нече айга гана узарат. Хелендин жакындарын бекер эле үмүттөндүрүп коюшканы айдан ачык болду. Жакында эле белгилүү болгондой, фотодинамикалык терапия анчалык деле жардам бербейт, ошондуктан аны жөн койбой сунушташканына ачууландым. Кыскасы, башка жол жок экенин жакындары кабыл алышпайт, менин бир билгеним: алар эмне болсо баарына макул, атүгүл бул нерсе кыздын өмүрүн саналуу аптага гана узарта алса дагы. Эч кандай энтузиазмсыз, көңүлкош гана ординаторлордун бирине чалып, бейтап кызды биздин ооруканага которууну уюштуруусун сурандым.

Өз агымы менен агып келип кеч кирген иш күндүн аралыгында бейтап кызга байланыштуу бир нече телефон чалууларга жана билдирүүлөргө жооп бердим. Андан тышкары анын бир ооруканадан экинчи ооруканага которулушу боюнча кандайдыр бир көйгөйлөрдүн жаралганынан да кабардар болдум. Хелен эс учун жоготкон абалда жатканын, аны жеткирүү учурунда жасалма дем алдырчу аппаратка туташтыруу керектигин, ал эми келип түшкөн маалда интенсивдүү терапия бөлүмүнө жаткыруу шарт экенин айтышты. Бул бөлүмдө болсо бош орун жок эле. Мен линкольнширдик дарыгерге аларга жакын оорукананын нейрохирургия бөлүмү менен сүйлөшүп көрүүсүн сунуштадым, бирок кесиптештериме ичер суусу түгөнүп бараткан бейтапты операция кылуу идеясы жакпаарын түшүнүп турдум, бирок бир жагынан алар Хелендин жакындарын таанышпайт деп өзүмдү ынандырдым. Андан соң кайра бейтаптын абалы жакшырып калганын айтышты, натыйжада жандандыруу бөлүмүнөн бош орун бөлүү зарылчылыгы туулган жок. Мен кайра ординаторума чалдым, ал бейтап бөлмөсүндө бош орун барын, Хеленди кабыл алсак болорун айтты. Кечки саат ондо линкольншир ооруканасынан кайрадан чалышты: бейтап орундарына жооптуу медайым бизде бош орун жогун айтыптыр.

Жинимдин кайнап баратканын сездим, ошол замат бейтаптарды кабыл алчу медайым менен сүйлөшүп, бош орунду жеке өзүм таап келүү үчүн оорукананы көздөй жөнөдүм. Биз аны менен көп жылдан бери чогуу иштейбиз, андыктан ал медайымды өз ишине так адис катары билчүмүн. Аны кабыл алчу жайдан таптым.

– Эмне үчүн биз Линкольнширдеги бейтапты кабыл албай жатабыз? – дедим.

– Аябай өкүнүчтөмүн доктор Марш, бирок биз лондондук "Тез жардам" башка бейтапты алып кетишин күтүп жатабыз. Орун бошомоюнча жаңы бейтапты кабыл ала албайбыз.

– Бирок аны бизден жүздөгөн миль алыстыктагы ооруканадан алып келишет да! – Аз жерден кыйкырып жибере жаздадым. – Эгер сиз бул оюңуздан кайтпасаңыз, анда аны житиген каран түн ортосунда алып келишет!

Медайым коркуп кеткен көздөрү менен карады, ал азыр ыйлап жиберет деп мен да кабатырландым.

– Болгону аларга чалып бизге алып келе бергиле деп коёсузбу. – Мен болушунча жай айтканга аракет кылдым. – Эгер көйгөй жаралса мени айтыңыз, менин мажбурлаганымды айтыңыз.

Ал башын ийкеди, бирок эч нерсе деген жок. Аны жаңы бейтаптарды кабыл алууга байланыштуу кандайдыр бир ички протоклодорду бузуу зарылчылыгы капаландырганы белгилүү болчу. Аны да катуу таарынтып албайын деп азыр эми эмне кыларын сураган жокмун. Ошондуктан ооруканадан чыгып үйүмгө кеттим. Мурда буга окшогон кырдаалдар ойго да келчү эмес: дайыма бош орун табылчу, анын үстүнө көрсөтмө берип, талашып-тартышууга деле эч ким батынчу эмес.

Түн ортосунда акыры Хеленди биздин ооруканага алып келишти. Эртең менен жумушка келип эле аны менен көрүшпөй, дароо чогулушка кирдим. Аны кайсы бейтап бөлмөсүнө жаткырышканын да эч ким билбейт болчу. Нөөмөттөгү ординатордон Хелендин томографиялык сүрөттөрүн экранга чыгаруусун сурандым да, отургандарга бул учурду кыскача баяндап, тааныштырдым.

– Кандай ойлойсуңар, эмне үчүн мен бул үмүтсүз учурду колго алууну чечтим? – дедим. Эч ким жооп берген жок. Ошондуктан Хелендин ичер суусу түгөнүп баратканын кабыл алгысы келбеген жакындары жөнүндө айтып бердим.

Жай өөрчүгөн шишикте (рак) качан токтош керектигин түшүнүү кыйын. Бейтаптар менен алардын жакындары реалдуулук менен байланышын үзүшөт, алар дарылоону өмүр бою уланта берсе болот деп ойлоп башташат, аларга мунун акыр-аягы жоктой сезилет, өлүмдү улам жылдырып койсо болот деп үмүттөнүшөт. Алар жашоого жармашып алышат. Чогулушта отургандарга ушуга окшош дагы бир учурду айтып бердим. Ал экстракорпоралдык бойго бүтүрүү жолу менен төрөлгөн үч жашар үй-бүлөдөгү жалгыз бала болчу. Мен анын залалдуу эпендимомасын ийгиликтүү тазалап салдым, андан кийин ал нурдантуу терапиясынан өттү. Эки жылдан кийин шишик кайрадан пайда болуп, аны кайрадан операция жасадым. Эпендимомада шишик улам жаңыра берет. Көп өтпөй шишик дагы кайталанды, бул жолу шишик мээнин терең жеринен чыгыптыр. Мен кезектеги операцияны жасоодон баш тарттым, себеби аны жасоонун мааниси деле жок болчу. Кырдаалды кабыл алуудан баш тарткан ата-энеси менен өтө оор сүйлөшүү болду. Алар башка нейрохирургду табышты. Ал кийинки бир жыл аралыгында үч ирет операция жасады, бирок бала баары бир көз жумду. Атүгүл баланын ата-энеси мени кайдыгерликке күнөөлөп соттошууну да каалашкан. Педиатрия менен алектенбей калганымдын бирден бир себеби ушул. Сүйүү өтө эле өзүмчүл болушу мүмкүн дедим отурган практиканттарга.

– Ошондо эмне үчүн бул операцияга макул болдуңуз? Сизди сотко беришет деп коркуп жатасызбы? – деди отургандардын бири.

Бирок мен сотко берет же бербейт деп ойлонгон да эмесмин. Мени коркоктук кылдым же жөн эле жалкоолук кылып эриндим деген ой тынчсыздандырды. Балким мен Хелендин жакындары менен бул жолу да сүйлөшүүнү, аларга Хелендин ичер суусу түгөнгөнүн айтууну каалабаганым үчүн операция жасагандырмын. Андан тышкары, онкологдор жаңы чыккан кымбат баалуу дары-дармек бейтаптын өмүрүн бир нече айга узартса чоң ийгилик деп эсептешет.

– Фотодинамикалык терапия деген эмне? – деди бири.

– Бул шишикти лазер менен нурдантып дарылоо жолу, - деди кесиптешим Фрэнсис. – Ал болгону бир миллиметрге чейин эле кирет, ошондуктан дээрлик пайда алып келбейт. Азыркы учурда бул ыкманы сунуштоо өтө күмөндүү. Менимче сиз жеңил ойлуулук кылып жатасыз, - деди мени карап. – Бул бейтаптын төртүнчү операциясы, андан кийин нурдантуу терапиясы бар, шишик саналуу апталардан кийин кайра өсүп чыгат, кесилген сөөктүн орду ырбашы мүмкүн, натыйжада аны толугу менен алып салууга туура келет, демек кыздын башында чоң тешик калат. Ал башындагы "козу карындар" менен жай жана кыйналып өлөт.

Мындай сценарий чындап эле болушу мүмкүн болчу. Мен артта отурган ординаторлорго бурулуп, кимдир-бирөөсү fungus cerebriге туш болбогонун сурадым. Эч ким туш болбоптур, мындан ары дагы эч ким туш болбосун деп үмүттөндүм. Мындай ырбап кетүүгө өзүм бир эле жолу дуушар болгом (Украинада). Залалдуу шишикти тазалоо операциясынан кийин баш сөөктүн кесилген өөнүн алып салуу зарыл, себеби ага инфекция кирип ырбайт, бирок аны башка нерсе менен алмаштырууга да болбойт, натыйжада баш сөөктүн тешилген жери аркылуу өтүп, ырбаган шишиктен улам бейтапты өтө жаман, кыйнаган, коркунучтуу өлүм күтөт. Бул көрүнүштөгү бейтап башындагы быдырлардан улам фантастикалык тасмалардагы каармандарга окшошуп калат. Мындагы өлүм, жабык баш көңдөйүнүн ичиндеги тез көтөрүлгөн басым сыяктуу бат эле келбейт, бейтап кыйналып жатып көз жумат.

– А баш сөөктүн кесилген жерин металл пластина менен жапса болбойбу? – деди ординаторлордун бири.

– Ага дагы инфекция кирип ырбап кетиши ыктымал, - дедим.

– А эмне үчүн ырбаган сөөктүн өөнүн ошол жеринде калтырса болбойт? – деди кайра эле моюн бербей.

– Башынан ириң агып туруш үчүнбү? Бейтап өз үйүндө болсо да бир жөн, бейтаптардын бөлмөсүндө мындай ачык инфекцияга эч качан жол берилиши мүмкүн эмес, - деди сөзгө аралашкан Фрэнсис. – Кана эмесе, сизде баары жакшы болот деп үмүттөнөм. Бирок кабыл алган чечимиңиз акылсыздык деген оюмдан кайткан жокмун. Жөн гана "жок" деп коюңуз.

*     *     *

Хеленге ошол эле күнү операция жасадым. Баш сөөгүн ачкандан кийин чырмалышып түйдөк болуп калган шишик каптаган чала жан мээ менен кан тамырларды көрдүм, аларга анчалык деле жардам бере албайт болчумун. Ординаторго баш теринин союлган жерин тигишип, алсыздык кылып бул операцияга макул болуп койгонума катуу өкүндүм. Оюмду анестезиолог бузуп жиберди:

– Жетекчилердин бири келди. Бизде бош орун жоктугуна карабастан бейтапты кабыл алганыңыз үчүн, дегеле бул операцияга макул болгонуңуз үчүн аябай ачууланды.

– Анын иши канча, - дедим күңкүлдөй. – Клиникалык чечимдерди бул жерде ал эмес, мен кабыл алам. Мүмкүн ал бейтаптын жакындары менен сүйлөшүп, аларга Хелендин өлөр күнү келгенин кабарлайт чыгар же бизде бош орун жогун өзү барып айткысы бардыр?

Ачуумдан муунум калчылдап, колдорум титиреди. Айла жок өзүмдү колго алып операцияны улантууга туура келди.

Союлган жер тигилген соң ординатор экөөбүз артка барып, кыздын башын кароого өттүк.

– Жашап кетиши күмөн, чынбы? – деди медицинанын драмалык жана трагедиялык учурларынан ыракат алаар курактагы жаш ординатор.

– Сен дагы баштын ичиндеги козу карын эмне экенин көрө элексиң, - дедим.

Андан соң мен атайын "жаман кабар угузууга" ылайыкталган бөлмөдөн бейтаптын жакындары менен жолугуштум. Аларды курулай үмүттөрдөн арылтуу үчүн болгон аракетимди жумшадым. Негизи муну операцияга чейин жасаш керек болчу, ошондуктан өзүмдү жактырбай турдум. Аларга бул операция, кырдаалды жакшы жакка өзгөртпөйт деген ойдо экенимди, натыйжада баары бир Хеленди өлүм күтүп турганын түшүндүрдүм.

– Бул жолкусунда сиз операция жасабай эле коюуну туура көргөнүңүздү билем, - деди Хелендин байкеси. – Бирок биз сизге ушунчалык ыраазы экенибизди билип коюңуз. Бир дагы дарыгер бизди уккусу келген жок. Хелен дагы жакында бул дүйнө менен кош айтышарын билет. Болгону ал бул учурду бир аз создуктургусу келет, болгону ошол.

Ал сүйлөп жатканда терезеден жаздын жаркыраган таңын байкадым, атүгүл кунарсыз оорукананын алды дагы жадырап тургандай көрүндү.

– Эмесе мындай, эгер жолу болуп калса буйруса дагы бир нече ай жашайт, - деп үмүт менен каардуу чындыктын ортосундагы алтын аралыкты табууга тырышып, бир нече мүнөт мурун айтылгандарга өкүнүп, ал соккуну бир аз жумшартууга аракеттендим.

Чакан диванда бири-бирине жабышып, кыпчылып отурган Хелендин жакындарын кичинекей бөлмөдө калтырып, сыртка шаштым. Оорукананын кунарсыз коридорунда баратып, биз жашоону канчалык бекем мыкчып кармап, ага жабышып алаарыбызды, андай кылбасак кайгы-капанын канчалык аз болмогун дагы бир жолу ойлодум. Үмүтсүз жашоо өтө кыйын, бирок үмүт акырында баарыбызды жөн эле алдап кетиши мүмкүн да.

*     *     *

Эртең менен андан дагы кырдаал начарлап кетти. Таңкы чогулушта адаттагыдай эч ким тамашалашкан жок. Алгач биздин бөлүмгө жеткирүү учурунда кармалып калып, жолдон көз жумган эркек бейтаптын кырдаалын талдоого алдык, бирок жолдон тоскоолдуктар болбогондо анын өмүрүн сактап калууга болот эле. Андан кийинки кезек катуу куюлуп кеткен кандан улам мээсинин өлүмү аныкталган аял бейтапка жетти. Биз анын сүрөттөрүн кабагыбызды чытып изилдөөгө алдык.

– Бул өлүк мээ, - деди кесиптештеримдин бири кичи дарыгерлерге түшүндүрүп. –Көрдүңөрбү мээ күңгүрт айнек сыяктуу көрүнүп турат.

Акырында асынып алууга аракет кылган сексен жаштагы чалдын учурун карадык, жыйынтыгында анын мээси гипоксикалык жаракат алган.

– Депрессияга дуушар кылбаган башка нерсе жокпу? – деди бирөө, бирок андай учур жок болчу, ошентип чогулуш аяктады.

Коридордон мени издеп жүргөн дарыгер-невролог менен кез келдим. Ал үчтүк костюм кийип койкоюп турган (ал костюм заманбап дарыгерлер үчүн өтө сейрек), бирок адаттагыдай шайыр эмес, маанайы пас, чечкинсиз көрүндү.

– Бир бейтапты көрүп бере аласызбы? – деди.

– Албетте, - дедим ынтызаарлык менен, себеби өзүмө көбүрөк бейтап алууга дайыма аракет кылам. Анын шишиги түбү кайырдуу болсо керек деп үмүттөндүм, бирок бул дарыгердин жүзүнөн андай байкалбайт.

– Сүрөттөр системага жүктөлдү, - деди. Биз иш бөлмөгө келип, неврология бөлүмүнүн ординатору компьютердин экранынан ачып берген томограмманы көрдүк.

– Тилекке каршы, бул бейтап отуз эки гана жашта, - деди невролог.

– О Кудай! – дедим. Сүрөттөн маңдайкы мээдеги килейген чоң залалдуу шишик чыга келди. – Эмне деген апта бул өзү?!

Биз убактылуу бейтаптарды жаткырчу бөлмөгө келдик. Ал жерде парда менен тартылган керебетте бейтап айым жаткан. Мээнин сүрөтүн жыйырма мүнөт мурда гана алышкан экен, ошондуктан невролог бейтапка иштин чоо-жайын эми айтты. Бул эки баланын энеси болуп калган келин бир нече жумадан бери башынын катуу ооруганынан кыйналып келген. Жанында күйөөсү отуруптур. Көздөрү ыйдан кызарып, шишип калыптыр.

Мен керебеттин чечкесине отуруп, кандай түрдөгү дарылоо зарыл экенин келинге болушунча түшүнүктүү кылып айттым. Ага кичине болсо да үмүт бергенге аракеттендим, бирок ошол эле учурда аны толугу менен дарылоого болчудай түр көрсөткүм келген жок. Баардык дарыгерлер билет: ушул сыяктуу кыйноого салган сүйлөшүүлөр учурунда, айрыкча бейтап күтүлбөгөн жаман кабарды укканда, ал айтылгандардын айрымдарын гана түшүнөт. Бейтапка баш ооруну басаңдатуучу страёиддерди жазып берип, операцияны жакынкы дүйшөмбү күнүнө белгилеп, кайгыга муунган күйөөсүнө кийинки келгениңерде дагы бир жолу кырдаалды түшүндүрөм деп убада кылып, аларды үйүнө жөнөттүм. Чынын айтсам, кимге болбосун дарылоого мүмкүн эмес шишигиң бар дегенди угузуу өтө оор, анан дагы дароо үйүнө жөнөтүп жиберүү кыйын, бирок башка жол жок.

Кийинки күнү эртең менен анын томограммасын чогулушка салдым. Кара-ак түстөгү сүрөт биздин бет маңдайыбызга чыга келди.

Баарына бул бейтап тууралуу маалымат берип болуп, эң жаш сыноодогу дарыгер Дэвидге кайрылдым. Томографиядан кийин бейтап менен жолугуш керек болсо, кечээ өзүм туш болгондой абалга кез келсе эмне кылмак экенин сурадым. Ал бейтапка эмне деп айтмак?

Өзүнө ишенимдүү, ынтызаарлуу адаттагы Дэвид унчукпай отурду.

– Кана, - дедим. – Сен ал бейтапка бир нерсе дешиң керек. Мурда мындайды жасап көрбөдүң беле.

– Э-э-э, эми... – Ал ылайыктуу сөз табууга аракеттенди. – Мен ага сүрөттөрдөн масс-эффектүү э-э-э... аномалиялык түзүлүштү көргөнүбүздү айтмакмын...

– Эми аныңды алар кантип түшүнмөк эле, айтсаң?

– Мен аларга мунун эмне экенин аныктоо үчүн операция жасашыбыз керек демекмин...

– Бирок бул калп. Мунун эмне экенин эң жакшы билебиз да. Бул жыйынтыгы өлүм менен аяктай турган өтө жаман залалдуу шишик! Муну сен бейтапка айтуудан коркуп жатасың! Бирок ал сенин көз карашыңан эле иштин жаман экенин түшүнөт. Эгер шишик залалдуу эмес болсо, сен жылмаюу менен сүйлөшмөксүң. Кана, ошондо сен ага эмне деп айтасың?

Дэвид эч нерсе деген жок, жарым караңгы бөлмөдө кайрадан жымжырттык өкүм сүрдү.

– Ооба, тапшырма жеңил эмес, - дедим бир аз жумшак үн менен. – Ошондуктан силерден сурап жатам.

Эгер жаман кабарды айтыш керек болсо мен аны туура жеткире алдымбы, жокпу – эч качан аныктай албайм. Бейтаптар ал кабарды уккандан кийин мага чалып "Мистер Марш менин жакында өлөрүмдү кабарлаганыңыз аябай жакты, жеткиликтүү айттыңыз" же "Мистер Марш жакшы айтпай койдуңуз" дешпейт. Ошондуктан болгону өтө көп чырпыкты сындырып албаганыма гана үмүттөнөм.

Хирург дайыма чындыкты айтыш керек, бирок бейтаптын акыркы үмүтүн үзбөшү кажет. Аң-сезимдүү оптимизм менен реалдуу көз караштын ортосундагы алтын аралыкты табуу кээде ушунчалык кыйын. Шишиктер залалдуулук деңгээли боюнча айырмаланат, андыктан бейтапка эмне болорун алдын ала биле албайсың. Ушундай эле оору менен узак өмүр сүргөндөр бар. Бирок бул укмуштуудай дарылоонун жыйынтыгындагы учур эмес, болгону статистикалык көрсөткүч. Ошондуктан бейтаптарыма дайыма айтам, эгер ийгилик алар тарапта болсо анда дагы көп жыл өмүр сүрүшөт, эгер ийгилик жылмайбаса, анда азыраак жашаганга мажбур. Мен аларга шишик кайрадан жаңырса анда кайталап дарыласа болорун түшүндүрөм. Мындан тышкары, сууга чөгүп баратып саманды кармаганга аракет кылган сыяктуу болсо дагы, дарылоонун жаңы ыкмалары пайда болот деген үмүт бар. Анын үстүнө бейтаптар жакындары менен биргеликте илдети тууралуу маалыматты интернеттен казып чыгып таап алышат, ошондуктан бүгүнкү күндө кам көрүп жалган айтуу мүмкүн эмес. Кандай болгон күндө да эртеби-кечпи, бейтаптардын көбү Хеленге окшоп артка кайткыс чекитине жетишет. Бул учур келип жеткендигин кабыл алуу бейтап үчүн да, дарыгер үчүн да өтө оор.

Мунун баарын отургандарга жеткирүүгө аракет кылганча караңгылатылган бөлмөдө бир далайга жымжырттык өкүм сүрдү, бирок айтайын деген оюмду алар чындап эле түшүнүштүбү же жокпу биле алган жокмун.

*     *     *

Чогулуштан кийин Хеленди көрүү үчүн бейтаптардын бөлмөсүнө баш бактым. Жаныма башкы медайым Мэри келди.

– Жакындары реалдуу көз караш менен кароодон баш тартып жатышат. – Ал чектеш турган эшикти көрсөттү, ал жакта Хелен жаткан. – Кыздын көз жумары айкын эмеспи, бирок алар муну каалабай жатышат.

– Кандай план бар? – дедим.

– Кыздын үй-бүлөсү аны терминалдык баскычтагы оору катары дарылап, ооруну басаңдатчу күчтүү дары-дармекти колдонуубузга жол беришпейт, ошондуктан биз кызды үйүнө чыгаруу үчүн социалдык кызмат, Хелендин үй-бүлөлүк дарыгери менен сүйлөшүп, макулдашуу аракеттерин көрүп жатабыз.

– А тигиши эмне болду? – Мен кайра суроомдун жообунан коркуп турдум.

– Каалаган учурда сөгүлүп кетчүдөй көрүнүп турат.

Мен бир үшкүрүп алып бөлмөгө кирдим. Жакындары жок экенин көрүп жеңилдей түштүм. Хелен капталынан терезе тарапты карап жаткандыктан керебетти айланып өтүп бет маңдайына чөк түшүп, согончокторума отурдум. Кыз мени бакыракай кара көздөрү менен карап, жай жылмайды. Башынын оң жагы шишип кетиптир. Таңылган жерин чечкенден жарытылуу деле пайда чыкпагандыктан ошол боюнча калтырып, тийген жокмун. Таңылган жердин алдында баардык хирургдар үчүн коркунучтуу көрүнүш болгон: идеалдуу кесилип, кайра тигилген, бирок тигилген жиптери чырт сөгүлүп кеткен аңырайган жараат бар эле.

– Саламатсызбы, мистер Марш, - деди.

Ылайыктуу сөз табуу мага кыйын болду.

– Өзүңүздү кандай сезип жатасыз? – дедим акыры.

– Жакшы эле. Башым бир аз ооруганы болбосо. – Хелендин үнү жай чыкты, сөздөрү сол тарабындагы шалдан улам булдурап угулду. – Мени дагы бир жолу операция кылганыңыз үчүн ыракмат.

– Мүмкүнчүлүк болор замат сизди үйүңүзгө чыгарышат. Сурагыңыз келген дагы бир нерсе барбы?

Бул суроону бергенден кийин дароо тура качкым келди, бирок ар бир дарыгер буга окшогон оор сүйлөшүүгө чыдоого мажбур. Хелен эч нерсе айткан жок, ошондуктан аны калтырып, операция жасалчу бөлмөнү карай жөнөдүм.

12. Глиобластома

Глиаль клеткаларынан өөрчүп чыккан мээнин эң агрессивдүү шишиги.

Өлүм – нейрохирургдун ажырагыс жолдошу болгондугуна карабастан, мен аны менен дээрлик түзмө-түз кез келбейм. Бейтаптарымдын өлүмү дайыма өз бетинче, кыйыр түрдө өтөт. Көпчүлүк учурда баштан алган оор жаракаттан же кан куюлуп кетүүдөн улам аргасыз өлүмгө моюн сунулат. Мындай бейтаптар бизге комада, эс-учун билбеген абалда түшөт. Алар кең, жарык интенсивдүү терапия бөлмөсүндө жасалма дем алдырчу аппарат жардамы менен бир канча убакытка жашоодо кармалышат дагы, эсине келбеген бойдон бул дүйнөдөн кете беришет. Өлүм акырын жана тынч келет. Дарыгер мээнин өлгөнүн тастыктаган соң жасалма дем алдырчу аппарат өчүрүлөт. Мындай учурларда өлүм алдындагы сөз же акыркы дем алуу деген түшүнүк болбойт; болгону аппараттын бир нече баскычтары гана бар, ошолорду басып коёсуң, бүттү, аппарат менен кошо өмүр токтойт. Эгер кардиомонитор ошол учурда туташтырылган бойдон калса (адатта аны алып салышат), анын экранынан кислород жоктугуна карабай тырышып согуп жаткан жүрөктүн олку-солку болуп улам басаңдап баратканын көрүүгө болот. Бир нече мүнөттөрдөн кийин толук жымжырттыкта токтойт, ошондо монитордон түз сызыкты көрүүгө болот. Медайымдар жансыз бейтаптын денесинен көп сандаган түтүктөрдү, сымдарды ажыратып алышат, андан кийин эки санитар өлүк жаткырчу арабаны узун шейшеп салып түртүп келишип, сөөктү салып, үстүн жаап, өлүкканага алып кетишет. Эгер бейтаптын органдары трансплантацияга жарактуу болсо, анда жасалма дем алдырчу аппарат мээнин өлүмү тастыкталса да өчүрүлбөйт. Сөөктү түндө операция жасалчу бөлмөгө жеткиришет. Дарыгерлер керектүү органдарын чыгарып алышкандан кийин гана жасалма дем алдырчу аппарат өчүрүлөт, анан өлүктү алып кетиш үчүн санитарларды чакырышат.

Менин дарылоого мүмкүн болбогон шишикке чалдыккан бейтаптарым үйүнөн көз жумушат, же хосписте, же жергиликтүү ооруканалардын биринде. Бул нерсе биздин бөлүмдө өтө сейрек, анын үстүнө бейтап эс учун билбеген абалда болот да, андайлар мээси өлүп калгандан улам көз жумушат. Өлүмгө байланыштуу маселе талкууга алынар болсо анда бейтаптын өзү менен эмес, бир гана анын жакындары менен сүйлөшүлөт. Өлүм менен дээрлик эч качан бетме-бет келе элекмин, бирок ал кээде капыстан үстүмөн чыгат.

Кичи дарыгер болуп иштеп жүргөн кезде баары башкача болчу: мен күн сайын көз жумган бейтаптар жана өлүм менен тыгыз алакада болчумун. Диплом алгандан кийин интерн болуп келген биринчи жылы күн-түнгө карабастан жаткан жеримен тургузуп, кезектеги оорулуунун өлүмүн тастыктоого чакырышчу.

Жаш, дени-карды сак, аппак халат кийген мен, оорукананын бири-биринен айырмаланбаган бош коридорлорун басып өтүп, караңгы бейтап бөлмөсүнө кирип, медайым көрсөткөн парда тартылган керебеттин жанына барам. Ага жакын эле жаткан бейтаптарды даана көрчүмүн, айрыкча жүдөгөн, карыган бейтаптар көзгө дароо чалдыкчу. Алар корккондон уктабай жатышса керек, андан тышкары, кийинки жашоолорун ойлоп, эртерек эле айыгып, ушул ооруканадан тез кутулуудан эки көздөрү төрт болсо керек.

Керебет түбүндөгү бүлбүлдөгөн жарыктан араң көрүнүп, парданын артында жаткан бейтап баардык эле ооруканадагы жансыз бейтаптан эч айырмаланбайт. Алар, адатта, карыгандар, ооруканада кийилчү көйнөкчөн, жүздөрү сапсары, арыктап шылынган, буту менен колдорунун учтары кыпкызыл, өздөрү кыймылсыз абалда жатышат. Мен жүрөгү толугу менен токтоп калганына ынануу үчүн бейтаптын уктоочу көйнөгүн өйдө түрүп, дем чыкпаган көкүрөгүнө стетоскопту койдум, андан соң каректердин капкара болуп, кыймылсыз экенине, кеңейгендигине жана жарыкка кичирейбегенине ынануу үчүн өлүк көздү кичине ачып жарык берчү калемдин башын алып бардым. Андан кийин медайымдар отурган постко барып бейтаптын илдеттер бейнесине белги калтырдым: "Өлүмү тастыкталды" же ушул сыяктуу бир сөз жазылат, а кээде "Жаткан жериң жайлуу болсун" дегенди да кошуп койчумун. Ошентип, ал жерге кол коюп, нөөмөттөгү дарыгердин бөлмөсүндө турган керебетиме кайтам. Ушундайча мен өлүмүн тастыктаган бейтаптардын көпчүлүгү мага тааныш эмес болчу: түнкүсүн ар түрдүү дарыгерлердин бригадасына тиешелүү бейтап бөлмөлөрүнө жооптуу болчумун, алардын биринде бир күн бою өзүм иштечүмүн. Мунун баары көп жыл мурда болгон, ал кезде баардык жерде сөөктөрдү көп союуга машыктыра беришчү. Бейтаптарды союу учурунда алар менен жакшы тааныш, күндүзү өзү жооптуу, илдеттин соңку баскычына жеке өзү күбө болгон дарыгер салттуу түрдө бизди карачу. Мен өлүк сойгонду жек көрчүмүн, ошондуктан дайыма жолобогонго аракеттенчүмүн. Менин кесиптик четтөөмдүн өз чектери бар болчу.

Бир жыл интерн болуп иштеген соң жалпы хирургия тармагынан тажрыйба топтоого өттүм. Мени жандандыруу бөлүмүнө жөнөтүштү. Ал жерге кырсыктан жабыркагандарды алып келишчү, бул жердеги өлүм кайгылуу жана оор түрдө ишке ашар эле. Жүрөктөрү кармап, менин көз алдымда өлгөн бейтаптар азыркыга чейин эсимде. Кызыл өңгөчтүн вена варикозунан кансырап, аябай кыйналган эркек кишинин өмүрүн сактоого түнү менен күрөшүп, бирок сактай албаганым дагы деле көз алдымда. Ал кансыраган абалдан баштап акыркы мүнөтүнө чейин мени жалооруй тиктеп, толук эс-учу менен жатты. Мен ок жеп өлгөн, авто-унаа кырсыгынан, ток урган, инфаркттан, астмадан, рак илдетинен ушунчалык кыйналып, жаны жанчылып көз жумган адамдарды көрдүм.

Мындан тышкары ооруканага жетпей кете бергендер, аларды "Тез жардам" үзүлүп кеткен абалда алып келген учурлар да көп. Сыноодогу дарыгер катары мага көчөдөн инфаркт же инсульт болуп жыгылган байкуштардын өлүмүн тастыктоону тапшырышчу. Мындай учурда мага кийим-кечечен жансыз денелер келер эле. Алардын жүрөгүн стетоскоп менен тыңшап текшерүү үчүн кийимин чечүүгө туура келчү, бул көрүнүш оорукананын окшош көйнөгүн кийген бейтаптардын өлүмүн тастыктоодон кескин айырмалуу. Мен үчүн бул абал байкуштарды чечиндирип, шылдыңдап жаткандай сезилчү, ошондуктан дайыма кийимдерин чечип жатып алардан кечирим сурагым келчү, бирок өлүктөргө баары бир эмеспи. Кийимдин көп нерсени өзгөрткөнү ушунчалык таң калычтуу.

*     *     *

Бир нече күн жубайым менен эс алайын деп жума күнү кечинде авто-унаа менен Лондондон чыгып кеттим. Кычыраган кыш болгондуктан жол жээгиндеги аппак кар баскан бак-дарактарга суктанып баратканымда телефонум шыңгырады. Жакын жерде жол кайгуул авто-унаалары көрүнбөгөндүктөн телефонду алдым. Ким экенин дароо тааный алган жокмун.

– Ким? – дедим.

Ким экенин түшүнө элегимде эле ал сүйлөп баштады:

– Биз азыр эле сиздин бейтап Г.Дэвидди кабыл алдык. Аны үйүнөн алып келишти.

– Оф, - бир үшкүрүнүп алып жол жээгине бурулуп токтодум.

– Аныкы өөрчүгөн гемипарез болуп чыкты. Ошондой эле күчөгөн уйкучулук да байкалды, бирок стероиддердин жардамы менен кырдаал кыйла жакшырды: ал кайрадан жанданып тамашалап сүйлөп баштады.

Мен Дэвидди жакшы таанычумун. Ага эң алгачкы жолу он эки жыл мурда операция жасагам, анда мээнин оң бөлүгүндөгү өзгөчө шишиктердин бири түбү кайырдуу астроцитоманы тазалагам. Бул шишиктер тикеден-тике мээнин ткандарынан пайда болот. Алар алгач жай өөрчүп, кээде гана эпилепсиялык эс жоготууларга учуратат, бирок акыры залалдуу шишикке айланып, өлүмгө алып келген глиобластоманы чакырат. Бул процесс көп жылды алат, ошондуктан ар бир конкреттүү учурда бейтаптын канча өмүрү калганын айтуу мүмкүн эмес. Кээде шишик кичинекей болсо хирургиялык кийлигишүүнүн жардамы менен толук тазаласа болот. Бирок көпчүлүк бейтаптар, айрыкча жаштар, күтүлбөгөн өлүмдүн күтүп турганына баш ийүүгө мажбур. Мындай учурда бейтаптын диагнозун угузуу кыйын. Эгер оптимизм менен реализмдин ортосундагы зарыл балансты сактабаса анда дарыгер бейтапты бүлгүнгө түшүрүп, анын үмүтүн үзүү тобокелчилигине барат (канчалык аракеттенсем да менде көбүнчө ушундай болот) же баары жакшы деп коюп шишик залалдууга айланып кетип, бейтап саналуу өмүрү калганын билген учурда жалганчылыкка, компетентсиздигине күнөөлөнөт. Анткен менен Дэвид канчалык оор болсо да, белгисиз болсо дагы дайыма чындыкты билгиси келерин мага ачык айткан.

Дэвид эң биринчи жолу эсин жоготуп жыгылып, мээсинде шишик бары белгилүү болгондо отуз жашта болчу. Бул узун бойлуу (жүз сексен сантиметрден узун) жигит башкаруу тармагы боюнча консультант болуп ийгиликтүү иш алып барчу, чуркоо менен машыгып, велосипед тебүүгө кызыкчу. Ал үй-бүлөлүү эле, кичинекей балдары өсүп келатышкан. Ал ушунчалык жылдыздуу, чечкиндүү жигит болчу, баардык нерсени тамашага айландырып ийчү. Атүгүл мен анын баш сөөгүн ачып шишикти чукуп баштаганымда да тамашалаганын токтоткон эмес. Операция бир жердеги анестезия менен жүргүзүлгөндүктөн Дэвид ойгоо болчу. Биз экөөбүз тең ал операциянын жардамы менен толук сакайып кеткен бактылуу бейтаптардын катарын толуктайт деп үмүттөнгөнбүз, бирок үч жылдан кийин жасалган томография шишиктин кайра пайда болгонун көрсөттү. Ошол кезде амбулатордук бөлүмдө менин бет маңдайымда отурган Дэвидге шишиктин кайрадан пайда болушу аны өлүмгө алып барарын угузганым күнү бүгүнкүдөй эсимде. Анын көздөрү жашка толуп, бирок тамагын бууган жашын кулк жутуп, бир нече көз ирмемге башын салып, жөн эле бир чекитти тиктеп отурган. Андан кийин биз мындан аркы дарылоо иштери ага кошумча убакытты утууга жардам берерин талкуулаганбыз. Кийинки бир нече жыл аралыгында ага эки ирет операция жасадым, кайра бизге түшкөн жакынкы учурга чейин нурдантуу жана химиотерапиянын жардамы менен түзүк жашоого кайтууга мүмкүнчүлүгү болду. Ушундай эле диагноз коюлган башка бейтаптарга салыштырмалуу дарыгерлер айтмакчы, Дэвид "эң жакшы карманды". Ушул жылдар ичинде Дэвид жана анын жубайы экөө менен башка бейтаптарга караганда жакын мамилелеш болуп, алардын оору менен күрөшкөнүн, ооруга байланыштуу маселелерди чечкиндүүлүк менен көтөрүшкөнүн көрүп аларга урмат менен таазим кылар элем.

– Бул жерде эми колубуздан келер деле эч нерсе калган жок деп ойлойм, - деди мага чалган дарыгер, - бирок бейтап сүрөттөрдү карап көрүшүңүздү суранды. Ал сизге катуу ишенет. Сүрөттөрдү башка нейрохирургга көрсөттүм, бирок ал өтө деле ынтызаарлык менен караган жок.

– Мен бир нече күнгө өлкөдөн эртең эрте менен учуп кетем, - дедим. – Мага сүрөттөрдү электрондук почтадан жөнөтүп жибериңиз, кийинки аптада карайм.

– Макул. Ошондой кылабыз. Ыракмат.

Кар жаай баштады. Кайра жолго чыккан учурда ичимде тынчтык бербеген уйгу-туйгу сезимдер пайда болду. Бактыга жараша Дэвидди жаткырган ооруканадан алыс узай элек болчумун.

– Бир жагынан ал ооруканага Дэвиддин өлүмүн угузуу үчүн баргым келген жок, - дедим өзүмө. – Мен шаар четинде жубайым менен эс алгым келген эң сонун дем алыш күндөрүн өткөрүп жиберүүнү да каалаган жокмун.

Көкүрөгүм тынч албай койду.

– А бирок мен өлүм алдында жатсам, - дедим өзүмө, - ушунча жыл бою ишенген дарыгерим мени көргөнү келишин каалабайт белем?.. Бирок чындап эле ага өлүүгө убакыт келгенин айткым келбей жатты...

Акыры жиним келип, чечкинсиз түрдө трассанын кийинки бурулушунан артка кайрылдым. Бет алдыман килейген чоң авто-унаа токтотчу жайдын ортосунан аскадай болуп оорукана чыга келди. Маанайым пас абалда түгөнбөгөн узун коридор менен кетип бараттым. Ал улам сайын узарып бараткандай туюлду, бирок кептин баары өлүм алдында жаткан бейтаптар менен болгон сүйлөшүүдөн тартынып турганымда болсо керек. Мен дагы бир жолу оорукананы, анын ушунчалык катаал трагедияларды жашырган кунарсыз, адамгерчиликсиз дубалдарын аёосуз жек көрүп кеттим.

Канткен менен алтынчы кабатка алып бараткан лифт мен иштеген ооруканадагыдай кол жуушумду эскерткен жок. Бирок лифт ачылып жабыларын эскерткен үн адаттагыдан да кулагыма жаман угулду.

Мен акыры бөлүмгө жеттим. Ал жерден медайымдар постундан Дэвидди көрдүм: ал медайымдардын курчоосунда туруптур. Дэвид сол тарабындагы алсыздыктан улам бир жагына кыйшайган, ошондуктан бирөөлөрдүн жөлөк-таянычына муктаж эле.

Телефондон сүйлөшкөн дарыгер да алыс эмес жерде болуп чыкты. Ал мени карай басты.

- Баардыгы мени сыйкырчысың дешет! Сизге чаларым менен мына он беш мүнөт ичинде пайда боло калдыңыз!

Мени көрүп таң калып да, сүйүнүп да кеткен Дэвидди карай жөнөдүм.

- Дагы сизби! – деди кыйкырып.

– Ооба. Сүрөттөрдү көрүп келейин.

Мени жакынкы компьютердин бирине алып барышты.

Дэвидди караган дарыгер айым менен мурда жолуккан эмесмин, Дэвиддин илдети боюнча кат аркылуу гана жазышчубуз. Азыр аны көрүп жакшы киши экенин дароо түшүндүм.

– Мен түбү кайырдуу глиомага чалдыккан баардык бейтаптарды карайм, - деди кичине кабак түйүп. – Кыймылдуу нейрондор жана склероз илдеттери менен иштешүү кыйла жеңил. Ал эми глиоманын эрте баскычындагы бейтаптар жаш, көпчүлүгүнүн балдары бар, а менин колуман келгени эле бул: "бар дагы, өл..." Балдарым Дэвиддин балдары менен тең, алар бир мектепке барышат. Эмоцияларга алдырбай аларга көңүл кош кароо өтө оор.

Экранда пайда болгон сүрөттү карадым. Ал жерден шишик ракка айланып мээнин түбүн карай кеткени көрүнүп турду. Шишик Хелендики сымал мээнин оң жагында болгондуктан Дэвиддин когнитивдик функцияларынын көпчүлүк бөлүгү бүтүн бойдон турган.

– Эмне дейбиз, мен дагы бир ирет операция жасай алам, - дедим, - бирок жарытылуу деле убакытты узарта албасак керек. Эң көп – бир нече ай. Ал эми бул убакыт өмүрдү эмес, өлүмдү узартууга тете. Калган убакыт жалган үмүт менен суугарылат, анын үстүнө операция дагы өзүнө белгилүү бир тобокелчиликти камтыйт. Дэвид чындыкты уккусу келерин дайыма айтчу.

Мен башка бейтаптар тууралуу ойлондум, мисалы Хеленди, ушундай эле кырдаалда мен ага операция жасагам, себеби алар чындыктын бетин кароодон баш тартышкан, андан кийин тандаган чечимиме канчалык катуу өкүнгөнүмдү ойлодум. Бейтапка башка үмүт жок экенин, колубуздан келгенин жасаганыбызды, эми тынч гана бул дүйнө менен коштошуу мезгили келгенин айтуу дайыма оор. Мындан тышкары, меники туура эмес болуп калбасын деп күмөн санайсың. А балким укмуш бир нерсе болуп кетет, балким операция жасап көрүш керек? Буга окшогон ойлор кош психозго чейин алып келет, бул учурда дарыгер да, бейтап да реалдуулукту моюнга алгылары келбейт.

Мен сүрөттөрдү карап чыкканча, Дэвидди мындан бир күн мурун жаткырышкан бир кишилик бейтап бөлмөсүнө алып келишти. Ал ооруканага эс учун билбей, бир капталы иштебей келип түшкөн, бирок стероиддердин олчойгон порциясы аны жашоого убактылуу кайтарды.

Дэвид жаткан керебеттин жанында анын жубайы менен эки медайым турган бөлмөгө кирдим. Жарыкты жандырыша элек болчу, андыктан күүгүм каптап, бөлмөнү караңгылык бийлеп турду. Терезеден батып бараткан күндү, бир нече кабат төмөндө оорукананын авто-унаа токтотуучу жайын, анын жанынан бир катар үйлөрдү, бак дарактарды, ошондой эле жаап жаткан карды көрүүгө болот.

Дэвид чалкасынан жатыптыр. Мен киргенде шарт эле мага бурулду. Мен бир аз тынчсыздандым.

– Мен сүрөттөрдү көрдүм... Сизге дайыма чындыкты айтам деп убада бергем, билесиз.

Ушул жерден Дэвид мени карабай жатканын байкадым, анан барып анын сол жагында турганым мээме жетти, дал ушул тарабы шишик менен жабыркаган эмес беле. Анын оң жак мээси иштебей калгандыктан ал мени көрө албайт. Ошондуктан керебетти айланып өтүп, чөк түшүп жанына отурдум. Өлүп бараткан бейтаптын алдында тикеңден тик туруу оорукананын упузун таш боор коридорлору сыяктуу адамгерчиликке жатпас эле. Бир нече көз ирмемге бири-бирибизди карап турдук.

– Мен дагы бир жолу операция жасасам болот. – Мен ар бир сөзүмдү ичимен сыгып чыгарып жаткандай жай айттым. – Бирок бул сизге бир ай гана берет, мыктаса эки ай... Мындай кырдаалга туш болгон адамдарга бир нече жолу операция жасагам... Адатта кийин жасаганыма өкүнчүмүн.

Дэвид дагы жай жооп берди:

– Түшүндүм. Баары начар жакка ооп баратат. Мен... бир нерсени ишке ашырып коюшум керек эле, бирок эми... болду ал жасалды...

Көп жылдык тажрыйбамдан улам бир нерсени түшүндүм: жаман кабар угузуп жатканда болушунча кыска сүйлөшүң керек. Мындай баарлашуулар табиятынан жай жана кыйноо менен жүрөт, ошондуктан ыңгайсыз жымжырттыктын ордун толтуруу үчүн бир нерселерди айтып жибербеске өзүмдү дайыма токтотуу аракетинде болом. Азыр мурдагыга салыштырмалуу жакшы эле күчүм жетип калды деп ойлойм, бирок Дэвид мени караган учурда өзүмдүн бул жеке эрежемди сактоо өтө оор болду. Мен ага, эгер ал, үй-бүлө мүчөлөрүмдүн бири болгондо ага операция жасалышын каалабастыгымды айттым.

– Кана эмесе, - дедим өзүмдү топтоп, - сиздин өмүрүңүздү жакшынакай бир нече жылга узарта алдым деген үмүттөмүн...

Дэвид мурда чуркоо жарыштарына жана велоспортко катышчу, ошондуктан колдору да албеттүү болчу. Анын күчтүү колдору менен учурашканда өзүмдү ыңгайсыз сезер элем.

– Сизди дарылоо мен үчүн чоң сыймык, - дедим да өйдө болуп жатып кошумчаладым: - Бул бир аз ылайыксыз келиши мүмкүн, бирок колумдан келгени ушул эле, - "Сизге ийгилик каалайм!".

Ошентип "кош болуңуз" деген сөздү айта албадым, себеби экөөбүз тең акыркы жолу көрүшүп жатканыбызды түшүнүп турганбыз.

Мага Дэвиддин жубайы жакын келди: анын көздөрү жашка толуп турган эле. Аны бир нече секунд бекем кучактап, бөлмөдөн чыгып кеттим.

Дэвиддин дарыгери артымдан кошо чыкты.

– Келгениңиз үчүн чоң ыракмат. Бул көп нерсени жеңилдетет. Биз аны үйүнө чыгарып, паллиативдик кам көрүүнү уюштуруп беребиз, - деди.

Мен аргасыз колумду шилтей, артка мас кишидей, эмоцияларга мас болгон кишидей кетенчиктедим.

– Мен бактылуумун, - дедим. – Биздин сүйлөшкөнүбүз жакшы болду, эгер муну сүйлөшүү деп атаганга болсо...

"Менин убактым келгенде Дэвид сыяктуу, ушундай болуп эр жүрөктүүлүктү, бекемдикти сактоого күчүм жетер бекен?" – деп оорукананын асфальттталган авто-унаа токтотчу жайына баратып өзүмдөн сурадым. Кар дагы деле жаап жатты, анан кайрадан оорукананы канчалык жек көрө турганымды ойлодум.

Мен эмоцияларга буулуп, авто-унаамды от алдырып ордумдан жылдым. Көп өтпөй тыгынга кабылдым; ал жердеги авто-унааларды, рулда отурган адамдарды балдарын жетим калтырып, аялын жесир кылып бул дүйнөдөн узап бараткан жакшы, татыктуу кишинин өлүмүнө күнөөлүүдөй ачуум менен тилдеп баштадым. Рулду муштумдап кыйкырып, бакырып, ыйлап жаттым. Мен өзүмдөн өзүм уялдым, Дэвиддин өмүрүн сактап кала албаганым үчүн эмес (ал мындан артык мыкты дарылоону сурай албайт болчу), а кесиптик бекемдигимди жоготуп койгонум үчүн уялдым. Дэвиддин оор басырыктуулугу жана мен сырттан гана алсыз карап тургандагы, анын үй-бүлөсү тарткан азап-тозоктун алдында менин жан дүйнөмдүн кыйналуусу орой жана татыксыз көрүндү.

13. Инфаркт

Органдын же ткандын кан жетпей калган чакан бөлүгүнүн өлүмтүккө чалдыгуусу.

Америкадагы ооруканалардын бириндеги нейрохирургия бөлүмүндө коомдук башталыштарда сабак берген кезектеги сапарым учурунда "Мен кетирген эң чоң каталар" аттуу лекция окудум. Ал лекцияны окушума, адамзаттын ой жүгүртүүсү канчалык чектелүү экендиги, биз когнитивдик жан тартуудан канчалык жабыркай турганыбыз тууралуу мыкты көз караштагы 2011-жылы жарыяланган Дэниель Канемандын "Жай ойлон, тез чечим чыгар" аттуу китеби шыктандырган. Узакка созулган карьерамда кетирген айрым каталарым жөнүндө ойлонгондо, ката кетирүүнүн өзү эң баштан эле адамдын мээсинен орун алгандыгы мени жеңилдетет. Ушул жылдар аралыгында жол берген айрым каталарды кечиреримди түшүндүм.

Баардыгы ката кетирет, биз муну эң жакшы билебиз. Бул жердеги башкы көйгөй, катаны дарыгер кетирсе анда анын кесепети бейтап үчүн катастрофалык деңгээлде болушу мүмкүн. Бейтаптар операциядан кийин жабыркап же көз жумса хирургдардын көпчүлүгү (бул жерде да сейрек кездешкендери бар) терең депрессияга кабылып, өздөрүн жек көрүшөт, эгер андан кийин иш соттук териштирүүлөргө өтүп кетсе, жек көрүүсү андан бетер күчөйт. Хирург үчүн өзүнүн жана айланасындагылардын алдында ката кетиргенин моюнуна алуу абдан оор, ошондуктан ал болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп өз катасын жашырууга же башка бирөөгө оодарууга аракет кылат. Аны менен бирге карьерамдын аяктап баратканынан улам мурда кетирилген баардык каталар менен бөлүшүшүм керектигин ачык түшүнө баштадым. Ошондо, сыноодогу дарыгерлерим, практиканттарым ал каталарды кайталабайт деп үмүттөнөм.

Канемандын китебин окуп чыккандан кийин өзүмдүн баардык олуттуу каталарымды эскерем деп алдыма максат койдум. Бир нече ай бою күн сайын эртең менен жакын жердеги сейил багына чуркоого чыгардан мурун, керебетимде жатып алып карьерам жөнүндө ойлончумун. Минтип ойлонуу жагымсыз иш. Канчалык өткөндү ойлонгон сайын ошончолук каталарым суу бетине калкып чыкты. Алардын көпчүлүгү бир топ жылга кол тийгис болуп бекем көмүлүп калган экен. Андан тышкары эстегендеримди дароо жазып калбасам кийин унутам деген чечимге келдим. Албетте, алардын айрымдарын эч качан унутпайм, себеби алар мен үчүн өтө жагымсыз кесепеттер менен байланыштуу эле.

Америкалык кесиптештеримдин алдында лекция окуп жатканда аудиторияда чымын үнү угулчудай жымжырттык эле. Бир да ооз суроо берилген жок. Менимче аларды менин ойлонбой айткан ачыктыгым эмес, компетентсиздигим таң калтырса керек.

Хирургдар өз каталары тууралуу, "илдеттер жана өлүмдөр" темасына арналган, каталардын алдын алуу, ал каталардан кандай сабак алса болорун талкуулоочу үзгүлтүксүз жыйындарда айтып бериши керек деген пикирлер бар. Бирок Америкада да өз бөлүмүмдө да мен катышкан андай жыйындар болбогон эле чогулуштарга окшошчу, андагы дарыгерлер өз ара сын-пикирге обочолонуу менен мамиле кылышчу. Медиктер кетирген каталарын кесиптештери менен ачык талкуулашы керек деген сөздөр байма-бай айтылганы менен иш жүзүндө ачык айтуу өтө кыйын. Тек дарыгерлер бири-бирин жек көрсө же бири-бири менен аёосуз атаандашкан учурда гана алар бири-бирин ачык сындашат. Бирок мындай учурда да көбүнчө бетине эмес, артынан сөз кылышат.

Лекцияда мен айткан, эч качан эсимден кетпеген каталарымдын бири биздин жабылаарга аз калган эски ооруканабызга келип түшкөн жаш жигитке байланыштуу. Ал кездеги ординаторум – Сиэтлдан бир жылга стажировканын алкагында жөнөтүлгөн американец, мени издеп таап, бейтаптын сүрөттөрүн карап көрүүмдү суранды.

Иш бөлмөмдөн чыгып, сүрөттөрдү кароочу бөлмөгө өттүк. Ал убак цифралык революция баштала элек кез, бейтаптардын баардык томограммалары чоң фотопленка барактарынан турчу. Жууп жайып койгон кир сыяктуу мээнин сүрөттөрү да хромдолгон темир алкактарга илинчү. Алкактардын подшипниктери болгондуктан сүрөттөрдү бир бирден кылдаттык менен оңой жылдырып көрсө болот. Ал кездеги системанын баары антиквардык "Роллс-Ройсту" эске салат, эчак модадан чыккан, бирок татынакай. Сүрөттөргө түзүк бирөө жооптуу болсо (а менде ошол кезде түзүк бирөө иштечү) анда, азыр кесиптик жашоомдун көп бөлүгү көзкаранды болгон компьютерге караганда бул системага толугу менен ишеним артса болот. Ординатор бир нече сүрөттөрдү көрсөттү.

– Сент-Ричардс ооруканасына денесинин сол тарабы шал абалда отуз эки жаштагы эркек киши келип түшкөн, - деди.

Сүрөттөрдө мээнин оң тарабындагы карайган чоң жер көрүнүп турду.

Чындыгында, адамдын колунда балка жүрсө кагылбаган мыктар көрүнө берет. Нейрохирургдар да мээнин сүрөттөрүн караганда, алардын ою боюнча операция жасалышы керек болгон көйгөйлөрдү табат, тилекке каршы, мен да алардын катарындамын.

Сүрөттөрдү бир сыйра көз жүгүртүп карап (ошол учурда амбулатордук кабыл алууга кечигип жаткам), ординатордун алып салууга мүмкүн болбогон шишик деген оюна кошулдум. Бул жерде жасай турган жумуш: биопсия-операциясы болчу; мында шишиктин үлгүсү чымчылып алынат да, лабораторияга анализге жөнөтүлөт. Бейтапты биздин ооруканага текшерилүүгө алып келинишин айттым. Артка кылчайып караганымда ошондо шалаакылык кылганымды түшүнөм. Мен бейтап тууралуу көп суроо беришим керек эле, эгер мага тагыраак маалымат беришкенде (бейтап үчүнчү кишинин колунан келгендиктен ушундай да болушу ыктымал), балким, сүрөттөрдү жакшыраак көңүл буруп карамакмын же биздин нейрорадиологдун пикирин сурамакмын.

Ошентип ал бейтапты нейрохирургия бөлүмүнө которушту. Ординаторум тиешелүү биопсияны жасады, мында бир саатка жетпеген убакытта минималдык хирургиялык кийлигишүү менен коопсуз операция ишке ашат, ал жерде бейтаптын баш сөөгү бир сантиметрче тешилет. Лабораториядан анализ жыйынтыктары келди, көрсө бул эч кандай шишик эмес эле мээнин инфаркты болуп чыкты: бул киши инсульт алыптыр. Анын жаш курагы үчүн өтө сейрек кездешчү көрүнүш. Азыр ойлосом сүрөттөн деле инфарктты көргөн экенмин, болгону аны туура эмес түшүнүпмүн. Мен катуу уялдым, бирок анчалык деле кабатыр болгон жокмун, ал катачылык аябай деле коркунучтуу көрүнгөн эмес, анын үстүнө мээнин инфаркты залалдуу шишикке караганда жакшы эле варианттай туюлган. Оорунун себебин аныктоо үчүн бейтапты кайра жергиликтүү ооруканага артка жөнөтүштү. Мен ал тууралуу мындан ары укпайм го деп ойлогом.

Эки жылдан кийин кары кишинин калчылдаган колу менен жазылган узун каттын көчүрмөсү колума тийди. Ал кат ооруканага түшкөн экен, андан соң даттанууларды кароо бөлүмүнөн мага жөнөтүшүптүр, айтмакчы, ал бөлүмдү жаңы келген директор "даттанууларды кароо, кызматкерлердин жумушунун сапатын жогорулатуу" деп өзгөрткөн. Колумдагы катта бейтаптын атасы операциядан кийин бир нече айдан соң көз жумган уулунун өлүмүнө мени күнөөлөптүр. Ал киши дал ошол операция өлүмгө себеп болгонун ишенимдүү айтыптыр.

Даттануулар камтылган кат алганда дайыма катуу кабатырланам. Мен жыйынтыгы коркунучтуу кесепеттерге дуушар кылчу ондогон чечимдерди күн сайын кабыл алам. Бейтаптарым мага аябай ишеним артышат, демек мен да өзүмө ишенишим керек. Ансыз деле жар үстүндөгү кыл учу менен бараткандай кылдаттыкты талап кылган мээдеги оор операцияларды жасоо - мени мурунку бейтаптарды болушунча эрте чыгарып, тезинен жаңыларын кабыл алууга мажбурлаган кырдаалдын дайымкы көрсөткөн басымынан андан бетер кыйындап кетет. Буга окшогон кат алганда же бейтаптын мени сотко берейин деп жатканы тууралуу юристтен билдирүү алганда күн сайын мен басып жүргөн кылдын алдындагы жар канчалык терең экенин түшүнөм. Ошол учурда чоочун, коркунучтуу бир дүйнөгө мына-мына түшүп кетчүдөй туюлат. Адаттагы ролдор карама-каршы ролдорго алмашкан дүйнөгө түшүп кетчүдөй сезилет. Ал дүйнөдө мен сыяктуу түзүк костюм кийген, ушундай эле ишенимдүү манерада сүйлөгөн камырабас (ушул нерсе мени андан бетер чөк түшүрөт) юристтердин айтканы менен иш кылган бейтап алдында алсыз жардамга муктаж кишиге айланам. Бейтаптардын бөлмөсүн кыдыруу учурунда, операция бөлмөдө баш сөөктү ачып жатканда тешип өткүс чопкут калкандай кызмат кылган аброюм менен өзүмө болгон ишенимимди жоготкондой абалга кептелем.

Көз жумган бейтаптын илдет бейнесинен, анын өлүмүнө, мен жаңылыш түрдө шишик деп ойлогон биринчи инсульт учурунда мээнин кан тамырларынын жабыркашынан улам келип чыккан кайталанган инсульт себепкер болгонун билдим. Биопсия ылайыксыз жана ашыкча болгон, бирок анын бул ишке тиешеси да жок болчу. Мен өзүмдү коргоого багытталган кечирим сураган, түшүндүрмө берген, аргументтер камтылган бир катар каттарды жаздым, аларды оорукана жетекчилиги үчүнчү кишинин атынан кайрадан жазып, директордун колу менен бейтаптын атасына жөнөттү. Бирок түшүндүрмөлөрүм ал кишини канааттандырган жок; ал өз даттануусу боюнча жыйын уюштурулуусун талап кылды. Ошентип бир нече айдан кийин тиешелүү түрдө ал жыйын уюштурулду. Жыйынды мен мурда-кийин көрбөгөн, белгилүү болуп тургандай аталган кырдаалдан да толук кабары жок, даттанууларды кароо, кызматкерлердин жумуш сапатын жогорулатуу бөлүмүнүн кызматкери, орто жаштагы жарашыктуу кийинген аял жүргүздү. Көз жумган эркек бейтаптын ата-энеси ачууланган каарын төгүп, бет маңдайымда отурушту. Алар, уулу менин компетентсиздигимден улам көз жумганына бекем ынанып турушкан.

Бейтаптын ата-энеси менен үмүтүм үзүлгөн абалда, алардын каардуу ачуусунан тайсалдап сүйлөштүм. Алардан кечирим суроого аракет кылдым, ошол эле учурда операция канчалык жаңылыш болбосун бейтаптын өлүмүнө эч кедергисин тийгизиши мүмкүн эмес экенин жеткирүүнүн айласын көрдүм. Мындай жыйындарга бир да жолу катышып көргөн эмесмин, ошондуктан айткандарым ынанымсыз угулду. Даттанууларды кароо бөлүмүндөгү аял сөзүмдү бөлүп, бейтаптын атасына сөз берди.

Мен аргасыз кайра отуруп, оор жоготууга дуушар болгон тиги кишинин мага чачыраткан кайгысы менен ачуусун чыдай алгыс узак убакыт бою (мага ошондой сезилди) уктум. Ошол жыйынга катышкан дагы бир администратор кийин мага айткандай, даттанууларды кароо бөлүмүндөгү кызматкер, баардыгынын ою боюнча мен гана күнөөлүү болгон, кары кишинин кайгы-муңун угуп жатып көзүнө жаш да алыптыр. Ал жыйын, уулунун көз жумганына эки жыл толуп, атасы анын көрүстөнүнө эң биринчилерден болуп барып келген күнү уюштурулганын кийин билдим. Акыры даттанууларды кароо бөлүмүндөгү аял менин кете беришимди айтты. Мен тебеленген, чачыранды сезимдерим менен бөлмөдөн чыгып кеттим.

Ошону менен баары бүттү деп ойлогом, бирок бир нече жума өткөндөн кийин Жаңы жылга бир күн калганда ачык асманда пайда болгон чагылгандай телефонума чалуу келди: мени менен башкы дарыгер сүйлөшкүсү келиптир. Ал бул кызматка, Саламаттык сактоо улуттук кызматы фондунун биздин филиалындагы каржылык кыйынчылыктарына байланыштуу жакында эле отурган. Андан мурункусун уяткаруу менен күтүүсүз жумуштан чыгарып жиберишкен. Жаңы жетекчи менен ал эми эле келгенде үстүртөн гана таанышканга жетишкем. Мен карьерам боюнча жолуккан баардык башкы дарыгерлер (азыркы учурда алардын сегизинчиси алмашты) жаңы кызматка отурганда оорукананын бүт бөлүмдөрүн дароо кыдырышат, бирок ошондон кийин аларды эч ким көрбөйт, албетте олуттуу көйгөй жаралып калбаса. Бул жетекчи дагы алардын катарынан кем калган жок. Болжолумда, натыйжалуу башкаруу деген ушул окшобойбу.

– Жаңы жылда сиз менен жолугушуп сүйлөшөрүбүздү алдын ала эскертип жатам, - деди.

– Кандай себеп менен? – Ошол замат кабатырландым.

– Анын себебин жолугушканда билесиз.

– Жарыктык, анда эмне үчүн сиз мага чалып жатасыз?

– Сизге эскертип коюш үчүн.

Мени абдыраткан, коркуу сезимдери каптады. Дал ушул максат менен мага чалышса керек.

– Эми мен бул маалымат менен эмне кылышым керек? Эмне тууралуу алдын ала эскертип коёюн деп жатасыз? Билесизби, мен бул жердеги ишке тоюп бүттүм, - даттануу менен кошумчаладым, - анан кетүү жөнүндө да ойлонуп баштадым.

– Ошондойбу, биз ага жол бере албайбыз, - деди.

– Анда эмне, кандай маселе болуп жатат, айтпайсызбы! – деп кыйкырдым.

– Маселе жакында эле даттанууларды кароо боюнча өткөн жыйын тууралуу, бирок биз жолугушканга чейин кенен айта албайм.

Ал бир нерселерди кошумчалагандан баш тарткандыктан, маегибиз ошентип аяктады.

– Жаңы жылың менен, - дедим телефонго күңкүлдөй.

Жолугушуу январь айынын биринде болмок, жаңы жылдык майрамдоолордун көпчүлүк бөлүгүн ошол туурасында ойлонуп өткөрдүм. Балким мен сыртыман бетке айткан, тайманбас көрүнүшүм мүмкүн, бирок жетекчиликтен аябай корком, атүгүл таптакыр мен сыйлабаган Саламаттык сактоо улуттук кызматынан дагы. Жетекчиликке болгон жек көрүү менен коркуу сезимдери жарым кылым мурда, кымбат, жеке мектепте окуп жүргөндө жаралса керек деп ойлойм. Башкы дарыгер менен жолугушам деген ой келер замат басынткан коркуу сезимдери каптап алат.

Ал ортодо жолугушуу белгиленген күнгө чейин сол көзүмө кан куюлуп, көз торчомду катмарынан ажыратуу боюнча операцияга жатышым керек болчу. Болжолу көрүүмдүн начарлаганынан улам бир нече жумадан кийин үйдөн, тепкичтен кулап түштүм. Жаңы эле гипсти чечишкенде оң көзүмдүн торчосу жарылып, кайра эс алуумду узартууга туура келди. Мен жумушка чыккан кезде башкы дарыгер телефон сүйлөшүүбүздү дагы, мени дагы унутуп калгандай сезилди. Украинага болгон кезектеги иш сапарымдан кийин, мен жокто толуп кеткен кагаздарымды ирээтке келтирип иш бөлмөмдө отургам.

– Бизде кайрадан көйгөй жаралды! – деп кыйкырды Гейл, биздин бөлмөнү ажыратып турган каалганын ачылган оозунан. – Башкы дарыгердин катчысы чалды. Сизди башкы дарыгер жана анын хирургия боюнча орун басары менен жолугушууга эртең саат сегизге чакырып жатышат.

Бул жолу сөз эмне жөнүндө болорун эң жакшы түшүнүп тургам. Мындан эки күн мурун эртең мененки чогулушка кечигип баратып, үчүнчү кабатка жүгүрүп чыгып эле нейрохирургия бөлүмүнүн айымдар бөлмөсүнүн каалгасында бир жарым метрдей килейген плакат илинип турганын көрүп, таң калдым. Ал плакатта үркүтүүчү кызыл-кара түстө "Кирүүгө болбойт" деген олчойгон белги түшүрүлүптүр, алдында андан бетер коркуткан көрсөтмө турат: "Шашылыш себептерсиз кирүүгө болбойт. Айрым бейтаптардан жугуштуу оорулар катталды".

Жиним келген бойдон артка бурулуп, адатта чогулуш өтчү бөлмөгө сүрөттөрдү кароо үчүн кирдим. Кичи дарыгерлер тиги плакатты сөз кылып жатышыптыр. Көрсө бөлүмдө өтө деле кооптуу болбогон, мурда ичеги-карын сасык тумоосу аталган норовирус табылган экен. Кесиптешим Фрэнсис тиги плакатты колуна силкилдетип көтөрүп, аны илинип турган жеринен жулуп алды.

– Эми ушундай да акмакчылык болобу, айтсаңар?! – деди. – Администрациядагы бир акылсыз мына бу плакатты аял бейтаптардын бөлмөсүнө илип коюптур. Эми эмне биз бейтаптарды карабай таштап коёбузбу?

– Ой тентексиз да! – дедим. – Эми жетекчиликтен бирди көрбөсөңүз болду.

Чогулуштан кийин иш бөлмөмө келип санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын жетекчилигине плакатка карата даттануу катын жазып электрондук почта аркылуу жөнөттүм. Эми ал плакатты мени жулуп алды деп күнөөлөп жатышканынан шек санабай эле койсо болот.

Ошентип, эртең мененки так саат сегизде кичине толкунданып, бирок акырына чейин коргонууга даярданып алып, лабиринтти элестеткен оорукананын так жүрөгүнөн орун алган административдик имаратты карай түгөнбөгөн коридорлор аркылуу жөнөдүм. Мен корпоративдик стратегия боюнча менеджердин жана анын орун басарынын кеңсесинин жанынан өттүм, андан кийин корпоративдик өнүктүрүү боюнча убактылуу менеджердин, башкаруучу директордун, бизнес-пландоо боюнча директордун, клиникалык тобокелчиликтер боюнча директордун, дагы аталыштары эсимден чыгып кеткен бир топ бөлүмдөрдүн жетекчилеринин кеңселерин басып өттүм, булардын дээрлик баардыгы кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасы өтө кымбат консалтинг компанияларынын сунуштары менен ачылса керек эле. Мен даттанууларды кароо жана кызматкерлердин жумуш сапатын жогорулатуу бөлүмүнүн аталышы дагы өзгөртүлгөндүгүн байкадым, эми ал: "даттануу жана ыраазычылык билдирүү бөлүмү" болуп калыптыр.

Башкы дарыгердин кеңсеси бир нече бөлмөдөн турат: биринчисинде катчысы отурат, ал аркылуу бир башында чакан үстөл, ал эми экинчи башында жыйындар өтчү чоң үстөл жайгашкан кенен бөлмөгө өтөсүң. "Бул жер мен Украинадан жолуккан мурдагы коммунисттик "аппаратчиктердин" жана профессорлордун иш бөлмөсүнө окшош экен" деген ой келди. Бирок башкы дарыгер постсоветтик кесиптештерине окшоп коркутуп-үркүтүүгө же мактоого алууга умтулган жок. Анын ордуна иш бөлмөсүнө кофе ичүүгө чакырды. (Бирок украиналык эң меймандос профессорлор мени таң атпай арак менен сыйлашчу). Көп өтпөй бизге хирургия боюнча орун басар кошулду, ал дээрлик жолугушуунун аягына чейин унчуккан жок, бирок мага болгон жек көрүүсүн жана башкы дарыгерге болгон сый-урматын билдирип отурду. Адаттагы кичи пейилдиктерден соң санитардык-эпидемиологиялык кызматтын плакаты жөнүндө маселе козголду.

– Бул ирет баардыгын инструкция боюнча жасадым: санитардык-эпидемиологиялык кызматынын жетекчилигине расмий кат жолдодум, - дедим баса белгилеп.

– Аны абийирге шек келтирген кат катары кабыл алышты. Сиз оорукананы концентрациондук лагерь деп атадыңыз.

– Эми, фонддун бардык кызматкерлерине көчүрмөнү мен тараткан жокмун да, - дедим.

– Сизди таратты дедимби? – деди башкы дарыгер, мектеп директорунун каардуу үнү менен.

– Мен "концентрациондук лагерь" деген терминди колдонгонум үчүн өкүнүчтөмүн, - чечкинсиз сөз баштадым. – Бул акылсыздык жана бир аз чектен ашып кетти. Мен анын ордуна "түрмө" дегенди колдонушум керек эле.

– Бирок плакатты сиз айрыган жоксузбу?

– Жок, мен айрыган жокмун.

Ал таң калды. Ортодо жымжырттык. Кесиптешимди эч качан сатпайт болчумун.

– Мындан башка бизде былтыркы даттануу боюнча өткөрүлгөн жыйынга байланыштуу дагы бир көйгөй бар болчу.

– Ооба, сиздин фонддун даттанууларды кароо боюнча бөлүмү бейтап көз жумган күнү жыйын уюштура коюптур.

– "Сиздин фонд" эмес, Генри, - деди башкы дарыгер. – Биздин.

– Буга окшогон жыйындарды өткөрүү үчүн өлгөн адамды эскерүү күнү эң ылайыксыз учур. Эскерүү күнүндө пайда болгон эмоционалдык реакцияларга туш болгон эмес белеңиз. Мындай күнү айрыкча аза күткөн жакындарына сөз жеткирүү өтө оор.

– Аныңызга кошулам. Бизде жакында эле дагы ушундай жыйын болуп өттү э? – ал хирургия боюнча орун басарына кайрылды.

– Андан тышкары сиздин фонддун өкүлдөрү даттануунун маани-маңызын түшүндүрүп, мени менен алдын ала жолугуп сүйлөшүп коюшкан жок, - дедим.

– Биздин фонддун, - дагы бир жолу оңдоду. – Бирок сиздики туура: процедуранын өзү алдын ала жолугуп сүйлөшүүнү камтыйт...

– Эмне дейбиз, процедура сакталган жок, бирок жыйында туура эмес сүйлөп койгон болсом кечирим сурайм. Бирок билесизби, өлгөн бейтаптын ата-энесинин бет маңдайында отурган кандай экенин, болгондо да баласын сен өлтүргөнүнө бекем ынанып алышкан ата-эненин жанында. Андан да кыйыны, абсурддук негизде күүнөөлөнгөнүң, мейли мен диагноздон адашып, маанси жок операция жасап алсам дагы.

Башкы дарыгер унчуккан жок.

– Мен сиздин жумушуңузду жасай алмак эмесмин, - деп акыры үн катты.

– А мен сиздин жумушуңузду, - дедим.

Мени түшүнгөнүнө ага болгон ыраазычылыгым кокустан ойгонуп кетти. Мен ошол учурда мамлекет тарабынан коюлган баардык тапшырмалар, жеке кызыкчылыктарын ойлогон саясат, гезит беттериндеги ызы-чуулуу макалалар, атка минерлер, клиникалык катачылыктар, каржы көйгөйлөрү, нааразы бейтаптардын ассоциациясы, профсоюздар, соттук териштирүүлөр, даттануулар жана башкы дарыгер иштешүүгө мажбур болгон өзүнө-өзү ишенген койкоң дарыгерлер жөнүндө ойлондум. Алардын бул кызматта орточо эсеп менен төрт жыл гана кармалып тургандыктары таң калычтуу эмес.

Бир нече көз ирмемге бири-бирибизди унчукпай карап турдук.

– Бирок сиздин коомчулук менен байланыш бөлүмүңүз ишин эң жаман аткарып жатат, - сөзүмдү бүтүрдүм.

– Сизден суранар жалгыз нерсе: мурдагыдай эле талашсыз талантыңызды биздин фонддун атынан колдонушуңуз, - деди.

– Биз сизди процедураны сакташыңызды каалайбыз... – бул жолугушууга өз салымын кошууга милдеттүүдөй хирургия боюнча орун басар кошумчалады.

Жолугушуудан кийин оорукананын лабиринти менен артка, иш бөлмөмө кайттым. Ошол күнү коомчулук менен байланышуу бөлүмүнө плакаттын жакшыраак вариантын сунуштаган электрондук кат жөнөттүм. Кат "Бизге сиздерден ЖАРДАМ КЕРЕК..." деп башталган, бирок ошону менен жообу келген жок.

Бир нече аптадан кийин башкы дарыгерди фонддун каржылык көйгөйлөрү жаралган жакка которушту. Албетте, ал жакта дагы мамлекеттин, саламаттык сактоо министрлиги менен каржы министрлигинин атка минерлеринин атынан бар күчү менен иштөөнү улантты. Ал жерде эки жылдай кармалды. Бир нече айдан кийин жаңы барган жеринен абдан чоң стресстик жүктөн улам ооруп калганына байланыштуу эс алуу өргүүсүн алганын уктум, анан эмнегедир ага боорум ооруду.

13. Невротмезис

Перифериялык нервдин анатомиялык толук жарылуусу, бул учурда жабыркаган функциялар калыбына келбейт.

Июль айынын күтүүсүздөн ысыган алгачкы күндөрүндө велосипед менен таңкы чогулушка ооруканага бараткам. Анын алдында арткы бакчама аарынын үч уюгун кароо үчүн кайрылдым. Аарылар уюктан биринин артынан бири учуп, талыкпай иштеп жатышкан экен. Болжолу сейил бакта жакында эле гүл ачкан лимондун дарагына баратышса керек. Жайдын аягында даамдуу бал чогултуп жатканымды кыялданган бойдон велосипедимди тээп жөнөдүм.

Мен бир нече мүнөткө кечигип бардым. Ординаторлордун бири аудиторияга жаңы бейтапты тааныштырып жатыптыр:

– Биринчи бейтап – жергиликтүү ооруканалардын биринде күзөтчү болуп иштеген алтымыш эки жаштагы эркек. Жалгыз жашайт, жакын туугандары жок. Дезориентация абалында үйүнөн табылган. Жумушка чыкпагандыктан кесиптештери кабатырланып үйүнө барышканда көрүп калышкан. Денесинин оң капталынын бир топ жери көгөрүп калган. Кесиптештеринин айтымында, өткөн үч жума бою абдан кыйналып сүйлөгөн.

– Ал жаңы келип түшкөндө карадың беле? – дедим, бирок эртең мененки чогулушта бейтаптарды тааныштырган ординаторлордун иш күнү эрте аяктаганына байланыштуу келип түшкөн бейтаптарды алдын ала эч качан көрүшпөй турганын түшүнгөм.

– Карагам. Андан ачык көрүнгөн дисфазия байкалган, ошондой эле денесинин оң капталы бир аз алсыз болчу.

– Ошондо кандай диагноз коюлду?

– Сүйлөө речине тоскоолдук жаратып, жакында эле башталган, өөрчүп бараткан неврологиялык бузулуу. Денесинин оң капталындагы көгөргөн жерлери бейтаптын оң жакка жыгыла бергенинен кабар берет, демек өөрчүгөн көйгөй анын мээсинин сол бөлүгүндө, чыкый бөлүгүндө болушу ыктымал.

– Туура, абдан жакшы. Кандай түрдөгү көйгөй болуп жатат?

– МФГ да болушу мүмкүн, субдураль гематома да болушу мүмкүн.

– Туура божомол. Келгиле эми, сүрөттөрдү карап көрөлү.

Ординатор компьютер менен алышканча биздин алдыбызга байкуш бейтаптын мээсинин сүрөттөрү чыга баштады. Сүрөттөрдөн мээнин сол бөлүгүндөгү залалдуу түзүлүш даана көрүнүп турду.

– МФГ окшойт, - деди бирөө.

Ошол күнкү чогулушка эки студент медик да катышып отурушкан. Ординатор аларга бурулду, бөлмөдө медициналык иерархия боюнча андан төмөн адамдардын отурганынан ыракат алды болушу керек.

– МФГ, - деди ординатор үйрөтчү интоннация менен, - бул мультиформдук глиобластома. Мээдеги өтө залалдуу баштапкы шишик.

– Анан да өлүмгө алып келчү шишик, - деп кошумчаладым студенттердин кубанычына. – Бул курактагы адам мындай шишик менен саналуу гана ай жашайт, болбосо бир нече жума. Эгер шишикти четинен тазалоого багытталган хирургиялык кийлигишүү, нурдантуу аркылуу дарылай турса, анда мындай терапия бейтаптын өмүрүн бир гана айга узарта алат. Бирок анын сүйлөө речин кайра калыбына келтирүү баары бир мүмкүн эмес.

– Кана эми Жеймс, - улук ординаторлордун бирине кайрылдым. – Диагноз коюлду. Сунуштар кандай? Кайсы учурлар абдан маанилүү?

– Бул бейтаптыкы биз дарылай албаган залалдуу шишик. Ал стероиддерге карабастан шал болуп калды. Колубуздан келген жалгыз нерсе бул – биопсия жасап, радиологго жөнөтүү.

– Ооба, бирок бул учурда чындап эмне маанилүү?

Жеймс ойлонуп калды. Анын жообун күтпөстөн маанилүү нерсе бул – анын жакындарынын жоктугу экенин айттым. Бейтапты карай турган эч кими жок. Биз кандай чечим кабыл алсак да анын саналуу айлык өмүрү калды, ал эми жакындарынын жоктугуна байланыштуу саналуу айлар бою ал гериатрикалык бөлмөдө бир байкуштун күнүн көрөт. Бирок Жеймстин айтканы туура экенин кошумчаладым: баарынан ылайыктуусу, биз расмий диагнозду койгондон кийин бейтапты жергиликтүү ооруканалардын бирине кайра жөнөтүү керек, демек биз тезирээк биопсия жасап, андан соң аны онкологдорго өткөрүп берүү зарыл. Мындан кийин бизге, алар бейтаптын тарткан азабын создуктурбай, акыл-эстүүлүк менен иш кылышат деп үмүттөнүү гана калат. Бирок биз азыр эле сүрөттөрдүн негизинде диагнозун аныктап койдук, демек кандай операция жасалбасын ал маанисиз.

Чөнтөгүмөн флешка алып чыгып компьютердин жанына бардым.

– Азыр мен силерге мээнин таң калычтуу томограммасын көрсөтөм, бул сүрөттөр Украинага болгон акыркы иш сапарымда жасалган, - деп баштаганымда эле кичи кесиптештеримдин бири сөзүмдү бөлдү.

– Кечирим сурайм, - деди, - кичи медкызматкерлердин жумуш саатына жооптуу администратор, биз менен ординаторлордун нөөмөттөгү жаңы күн тартибин талкуулоого кичи пейилдик менен макул болгон, а анын бош убактысы саат тогузга чейин эле экен, андан кийин башка жолугушуусу бар. Ал азыр бул жерге мына-мына келип калат.

Мен мээнин украиналык килейген шишигинин сүрөтүн көрсөтө албай калганыма маанайым чөгө түштү, бирок менде башка жол жок болчу.

Администратор кечигип жатты. Биз аны күтүп отурганча, мен операция жасалчу бөлмөгө кирип чыкканга да жетиштим. Бүгүн жалгыз бир эле бейтапка операция белгиленген. Ал адаттагы омуртка чуркусунан (грыжа) пайда болуп ырбап кеткен остаёхондрозу бар жаш жигит болчу. Бейтап анестезия жасалчу бөлмөдө каталкада жаткан.

Мен аны биринчи жолу алты ай мурун текшергем. Бул жаш жигит программист болуп иштечү, тоого арналган велосипед тебүү менен алектенчү. Ал кайсы бир улуттук мелдешке даярданып жаткан мезгилде сол бутунун куян бөлүгү (жүлүндөн чыккан ири нерв) оорутуп баштаган. Анын себебин МРТ куймулчак нервинин түбү кысып турган омуртка чуркусу экенин көрсөттү. Чурку анын машыгуусуна тоскоолдук жараткандыктан ал өтө кайгыруу менен мелдешке катышуудан баш тартууга мажбур болгон. Ошентсе да операция үстөлүнө жатуу аны аябай коркуткандыктан, жакшы болуп каламбы деп бир аз күтө турууну чечкен. Бирок жакшы болуп кеткен жок, аргасыз операцияга макул болду.

– Кутман таң! – мен өзүнө ишенген хирургдун үнү менен учураштым. Өзүмө болгон ишенимдүүлүгүм жасалма эмес болчу, анткени операция катардагы жөнөкөй операциялардын бири. Бейтаптардын көпчүлүгү операция алдында мени менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө адатта кубанышат, бирок бул жигит эмнегедир өлүм алдында жаткандай эле коркуп алыптыр.

Ага эңкейип, колунан таптай операция эң жөнөкөй болорун айттым. Биз, дарыгерлер ар бир операция алдында бейтаптарды ыктымалдуу тобокелчиликтер тууралуу кабардар кылууга милдеттүү экенибизди, бирок бул операцияда ырбап кетүүнүн ыктымалдуулугу жокко эсе экенин түшүндүрдүм. Эгер мени алты ай бою остаёхондроз тынчсыздандырса, мен ойлонбой туруп операцияга макул болмокмун дедим. Албетте, анчалык деле кубанмак эмесмин, бирок макул болмокмун, анткен менен көпчүлүк дарыгерлер сыяктуу эле мен коркоктун коркогумун.

Бейтаптын көңүлүн тынчтандыра алдымбы, жокпу – билбейм. Операция чынында жөнөкөй болчу, бирок мага чейин бул жаш жигит менен ординатор сүйлөшүп койгон, ал эми баардык ординаторлор, айрыкча Штаттарда окугандар, маалымат макулдук формасын татаалдантып жиберишет, бейтаптарды өтө эле аз ыктымалдуулуктагы ырбап кетүүлөрдүн узун тизмесин көрсөтүп коркутуп салышат, ал тизменин арасынан өлүмдү да эскерткенди унутушпайт. Мен деле ошол тобокелчиликтерди санап өтмөкмүн, бирок омурткалардын ортосундагы чуркуну хирургиялык жол менен алуу учурунда нервге залака келтирүү же паралич сыяктуу олуттуу ырбап кетүүлөр өтө сейрек кездешерин баса белгилемекмин.

Мен бөлмөдөн чыктым: кичи дарыгер кызматкерлердин администратор менен жолугушуусуна катышышым керек болчу.

– Бир аздан кийин келем, - операция бөлмөсүнөн чыгып баратып ординатордун аркасынан айттым, бирок келгенимдин зарылчылыгы деле жок болсо керек, себеби ординатор буга чейин мындай операцияларды өз алдынча жасап көргөн.

Чогулуш өтчү жерге кайтып келдим. Жаш, кишини тажатып жиберген, чачы хна менен боёлуп тармалдатылган көлөмдүү келген администратор аял менен кесиптештерим мени күтүп отурушуптур. Ал аял боюн көтөрүп сүйлөп жатты.

– Жаңы күн тартибин сиз тастыкташыңыз зарыл, - деди.

– Сиз эмнени сунуштайын деп турасыз? – деди кесиптештеримдин бири.

– Европалык парламенттин күн тартиптер жөнүндө директивасына ылайык ординаторлоруңуз мындан ары нөөмөттө кала алышпайт. Нөөмөт үчүн берилген бөлмөлөр жабылат. Биз ординаторлордун иш графигин текшердик: учурда алардын баары абдан көп иштеп жатышат. Алардын сегиз сааттан уктоого мүмкүнчүлүктөрү болуш керек, анын ичинен алты саатында аларды эч ким ойготпогондой кепилдик берилиши шарт. Ал үчүн бир гана уюмдун эсебинен кезектешип иштөө ишке ашырылышы зарыл.

Кесиптештерим ордуларынан тынчсыздана козголуп, биринин артынан бири нааразычылыктарын билдирип башташты.

– Башка ооруканалар кезектешип иштеп көрүшпөдү беле, баардыгы мындай графиктен нааразы болушкан, - деди бирөө. – Бул иш тартиби үзгүлтүксүз медициналык кароо түшүнүгүн жок кылат. Дарыгерлер бири-бирин бир күндө эки-үч жолу алмаштырат. Түнкүсүн иштеген ординаторлор дээрлик бир дагы бейтапты тааныбай калышат, бейтаптар да аларды тааныбаган болуп чыгат. Баардыгы бул көрүнүштү кооптуу деп эсептешет. Мындан тышкары, сааттарды кыскартуу кичи дарыгерлердин аз тажрыйба топтоосуна жол ачат, а бул эки эсе кооптуу. Атүгүл Хирургдардын Королдук коллегиясынын президенти да кезектешип иштөөгө каршы пикирин билдирген.

– Биз мыйзамды сактоого мажбурбуз, - деди администратор аял.

– Мындан башка жолу жокпу? – дедим. – Биз эмне үчүн жайбаракат иштей албайбыз? Кичи дарыгерлер Европа директивасынан баш тартып, жумасына кырк сегиз сааттан көп иштөөнү каалашат. Эгер директивадан жарым-жартылай баш тартсак, анда бул нерсеге жетсе болот. Директиванын эрежелерин эч ким сактагысы келбейт. Франциядагы жана Германиядагы кесиптештер, ага эч ким деле маани бербей турганын айтышат. Ал эми Ирландия аны дарыгерлери үчүн таптакыр эле жокко чыгарган.

– Бизде башка жол жок, - деди администратор. – Анын үстүнө директивадан жарым-жартылай баш тартуу өтүнүчүн тапшыруу мөөнөтү өткөн жумада бүтүп калган.

– Бирок бизге өткөн жумада эле тапшырса болот деп айтышпадыбы! – мен моюн бербедим.

– Ал баары бир жардам бербейт болчу, - деген жоопту уктум. – Фонд, эч ким директиваны сактоодон баш тартпайт деп чечти.

– Бирок муну биз менен талкуулап да коюшкан жок ко. Кантип эле бейтаптар үчүн жакшы болсун деген биздин пикирибиз эч нерсеге татыбасын?

Бир нерсе анык болчу: нааразычылыгым администраторду кызыктырып да койбойт, атүгүл акыркы берген суроомо жооп берген жок. Ачуум келип, сыноодогу хирургдардын жумасына кырк сегиз гана саат иштегени кандай кесепеттерди алып келерин түшүндүргөнгө өттүм.

– Сиз ой пикириңизди кат түрүндө билдирип, мага электрондук почтама жөнөтүп жибериңиз. – Ал жарым сөзүмдөн токтотту. Ошентип ушуну менен жолугушуу бүттү.

Ординатор ишке киришкен операция бөлмөсүнө кайттым. Ал буга чейин мындай операцияны жасаган. Таланттуу сыноодогу дарыгер болбосо да, абийирдүү, боорукер ординаторлордун бири болчу. Медайымдар аны аябай жакшы көрүшчү. Ага өз алдынча операцияны баштоого уруксат берүү менен эч кандай тобокелчиликке барбай турганымдан күмөнүм жок эле, балким операцияны баштан аяк менин жардамымсыз бүтүрүүгө деле уруксат бермекмин. Бирок бейтаптын катуу коркконунан улам тез-тезден кийимимди алмаштырып, операция бөлмөсүнө кирип бардым. Башка учур болгондо ординатордун ар бир кыймылын көзөмөлдөп эмес, тек гана ага жардам берүүгө даяр болуп, бөлмөдө кызыл диван менен бирге калмакмын.

Омурткаларга жасалчу баардык эле операциялар сыяктуу, бул бейтап да ачык көгүш түстөгү стерилденген шейшеп жабылып, операция үстөлүндө көмкөрөсүнөн жатыптыр. Йод сүйкөлүп, саргарып, үстүнөн операциялык лампа жарык берип турган бел жагындагы түз сызык жери гана ачык турат. Ал түз сызыктын ортосунда темир ретракторлор менен эки жакка керилип ачылган далынын кочкул кызыл булчуңдары менен териден өткөн жети сантиметрлик кесик бар.

– Эмне үчүн мынчалык чоң кесилген? – дедим ачуулана, сөзүмдү этибарга албаган администраторго жиним тарай элек болчу. – Мен кантип кескенимди көргөн жок белең? Эмне үчүн мынчалык чоң сөөк кыпчыгычтарын колдонуп жатасың? L5/S1 дискасы үчүн булар туура келбейт.

Менин нааразычылыгыма карабастан кабатырланчу эч нерсе жок болчу: операция жаңы эле башталган, сүрөттөр катардагы чуркуну көрсөткөн, ал эми ординатор болсо омуртка кыпчып калган куймулчак нервин бошотуучу операциянын эң татаал жерине жете элек.

Колумду жууп келип, ординатор менен орун алмаштым.

– Мен көрөйүн.

Кычкачты алып, кесилген жерди карап баштадым. Он сантиметрче узундуктагы бир жиптин калыңдыгындай келген, жалтыраган ак жип көрүндү.

– О, ыйык сокурлар! – жарылып кеттим. – Сен куймулчак нервине залака келтирип салган турбайсыңбы!

Колумдагы кычкачты ыргытып, операция үстөлүнөн шарт турдум да, бөлмөнүн аркы бурчуна жиним менен басып кеттим. Ыйлагым келди. Чындыгында, бул сыяктуу техникалык катачылыктар хирургияда өтө сейрек кездешчү көрүнүш. Операция учурунда кетирилген көпчүлүк катачылыктарды айрым учурда байкоо кыйын, мунун жанында андай каталар ката деп деле эсептелбейт. Нейрохирургиядагы отуз жылдык карьерам боюнча мындай катастрофага туш келген эмесмин, бирок ушундайлар да болорун уккам.

Өзүмдү операция үстөлүнө кайтып барууга мажбурлап, кан толгон кесикти ал жерден дагы эмнеси чыгып калат деген коркунуч менен кароону кайра уланттым. Бир аздан соң ординатор анатомия менен алмаштырып алганын түшүндүм; ал омуртканы ич жагынан эмес, омуртка каналынын сырткы капталынан ачып алыптыр. Ошол замат ал куймулчак нервине туш болгон, бирок ага кантип зыян келтирип алганын түшүнгөн жокмун. Ал таптакыр түшүнүксүз ката кетирди, айрыкча буга чейин ушул сыяктуу ондогон операцияларды көргөнүн, ошондой эле менин көзөмөлүмсүз өз алдынча бир топ операция жасаганын эске алганда.

– Менимче сен нервди кесип салдың – толук невротмезис, - дедим тилсиз ординаторума. – Эми кызыл ашыгы биротоло шал болуп, ал өмүрүнүн акырына чейин аксап калат. Бул функциянын олуттуу бузулушу, ал мындан ары чуркай албайт же тегиз эмес жерден баса албайт. Мына эми сага тоодогу велосипед жарышы.

Операцияны өлүмтүк жымжырттыкта бүтүрдүк.

Мен омурткага тиешелүү тарабынан жетип, эптүүлүк менен омуртка аралык дискти эч кандай көйгөйсүз ордуна койдум. Анестезия бөлүмүндө мени коркунучтуу көздөрү менен жалооруй тиктеген бейтапка убада бергендей эле жөнөкөй жана тез жасалчу операция.

Операция бөлмөсүнөн чыктым, артыман коридор менен анестезиолог Жудит кошо чыкты.

– Бул эң жаман учур, - деди үшкүрүп. – Жаш да экен. Ага эмне дейсиз эми?

– Чындыкты айтам. Болжолумда нерв толугу менен бөлүнбөй калган. Андай болсо ал сакайып кете алат, бирок ал үчүн бир топ ай жумшалат. Чынын айтсам, ага ийгилик жылмайарынан күмөнүм бар, бирок үмүт эң акырында өлөт эмеспи...

Жаныбыздан кесиптештеримдин бири өтүп бараткан экен, ага болгон окуяны айттым.

– Шайтан алгырдыкы! – деди. – Жаман болгон экен. Ал сотко берет дейсизби?

– Операцияны баштоого ординаторго уруксат берүүмө жетиштүү негиздерим болгон деп ойлойм: ал мындайларды мурда жасап көргөн да. Бирок мен жаңылышыптырмын. Анын тажрыйбасы мен ойлогондон да аз экен. Бул чынында өтө орой ката... Бир жагынан караганда, анын кылганына мен жооп беришим керек болуп калат.

– Баары бир фонд менен соттошот, демек кимдин күнөөлүү экендиги маанилүү эмес.

– Бирок мен анын жөндөмдүүлүктөрүн ашыкча баалап ийипмин. Бул менин күнөөм. Анын үстүнө бейтап да баарына мени күнөөлөйт. Ал шайтан алгыр фондго эмес, мага ишенген. Эгер ал сакайбаса, мени сотко беришин айтам.

Кесиптешимдин жүзү таң калганынан чапталыша түштү. Адатта дарыгерлер соттук териштирүүлөргө умтулбайт.

– Мен фонддун алдында эмес, бейтаптын алдында жооп берем, Башкы медициналык кеңештин бизге, дарыгерлерге кайра-кайра айтканы да ушундай эмеспи? – дедим. – Эгер бейтап башка бирөөнүн күнөөсүнөн майып болсо, ал каржылык компенсация алууга укуктуу, туурабы? Бул жердеги тагдыр тамашасы, администратор менен болгон акылсыз жолугушуу болбогондо мен операцияга эрте барып киришмекмин, мунун баары болмок эмес. Баардыгына администраторду ушунчалык күнөөлөгүм келет, - дедим. – Бирок күнөөлөй албайм.

Эми операциянын жүрүшү тууралуу отчёт жазыш керек болчу. Эгер операция учурунда бир нерсе туура эмес кетсе, калп айтуу баарынан жеңил. Баары бүткөндөн кийин кайсы жеринен ката кеткенин эч ким текшере албайт. Чындыкка коошкон ар кандай шылтоолорду тапса болот. Анын үстүнө бейтаптарга операция жүрүшүндө нервге залака келиши мүмкүн экенин эскертишет, бирок мен эч качан мындай учурга туш болгон эмесмин. Мен бир аты-жыты белгилүү нейрохирургду тааныйм, ал азыр пенсияда. Ал операция жүрүшүндө кетирген мындан да орой катаны отчётунда жашырып койгон, ал эми анын бейтабы жогорку кызматтагы төбөсү көрүнгөн киши болгон. Канткен менен отчётумда болгонун болгондой баяндадым.

Операция бөлмөсүнөн чыктым. Отуз мүнөттөн кийин сакайуу процессиндеги бейтаптардын бөлмөсүнөн чыгып келеткан Жудитке кезигип калдым.

– Ойгондубу? – дедим.

– Ооба. Буту менен кыймылдап жатат... – деди, үмүттүү кубанган үнү менен.

– Кептин баары бүт бутунда эмес, анын кызыл ашыгында, - дедим муңайынкы.

Мен бейтапка кирдим. Ал жаңы эле көзүн ачкандыктан, менин айткандарымды толук эсине сактай албаса керек, ошондуктан кыскача сүйлөдүм. Эң жаман божомолдорум тастыкталды: ал сол таманын көтөрө алган жок. Тамандардын асылып турушу, ординаторго айткандай эле, эң олуттуу көйгөй жана толук кандуу жашоого тоскоол болот.

Эки сааттан кийин бейтап бөлмөсүнө кайра келдим. Жигит толугу менен анестезиядан өзүнө келип калыптыр. Анын кабатырланган жубайы жанында отурган экен.

– Операция натыйжада, катардагы, жөнөкөй операциялардан болуп чыккан жок, - дедим. – Сол таманды карай кеткен нервдердин бири зыянга учурады, ошондуктан азыр таманыңызды көтөрө албайсыз. Буттун иштөөсү алдыда дагы калыптанышы мүмкүн, бирок мен эч нерсеге кепилдик бере албайм. Кайра калыбына келсе дагы, ал көп убакытты алат, бир топ ай керектелет.

– Бирок ал калыбына келиши керек да э? – жигит кабатырлана сурады.

Мен эч нерсе айта албай турганымды кайталадым. Ага берер жалгыз убадам бул – мындан ары да чындыкты айтуу. Мен өзүмдү жаман сезип турдум.

Ал эмне дээрин билбестен, өзүн жакшылап колго ала албай унчукпай гана башын ийкеди. Бөлмөдөн чыгар алдында колума спирт гелин бекем сыгып алдым дагы, "ачуу менен көз жаш көпкө күттүрбөйт" деп ойлодум.

Иш бөлмөмө келип тоодой үйүлгөн дээрлик маанисиз кагаздарымды караганга өттүм. Жазма үстөлүмдүн үстүндө бир бейтаптын жубайы берген чоң кутудагы таттуу туруптур. Аны кошуна бөлмөдө отурган Гейлге алып бардым, ал мага караганда таттууну жакшы көрөт. Анын иш бөлмөсүндө терезе болгондуктан сыртта чакалап төгүп жаткан жамгырды көрдүм. Кургап кеткен жерди суугарган жамгырдын жагымдуу жыты келип турду.

– Таттуудан алыңыз, - дедим.

Үйгө ошол тынчсызданган бойдон кеттим.

"Эмне үчүн азыркыга чейин сыноодогулар менен алпурушуп жүрөм? – деп өзүмдү жемелей ачуум менен педалды тээп бараттым. – Эмне үчүн баардык операцияларды өзүм эле жасай бербейм? Эгер сыноодогулардын программасын шайтан алгыр атка минерлер менен саясатчылар түзсө, эмне үчүн сыноодогулар операция жасоого даярбы, жокпу – мен чечишим керек? Бөлүмгө келип түшкөн бейтаптарды баары бир өзүм кароого туура келет, себеби заманбап жаш дарыгерлерге тажрыйба жетишпейт, анын үстүнө алар ооруканада көп болушпайт. Эми мындан ары эч кимди окутпайм, үйрөтпөйм, - деген ойдон кийин жеңилдей түштүм. – Үйрөтүү өтө тобокелчиликтүү. Азыр дарыгерлер толтура болгондуктан кээде түнкүсүн ооруканга келүү кыйынга турбайт... Өлкөдө ар дайым акча жетишпейт, а медициналык тажрыйбанын жетишсиздигине эмне үчүн чыдабайбыз? Мага десе тажрыйбасыз дарыгерлердин бүтүндөй бир мууну жаралсын. Келечеги өлүп кетсин, көйгөйүн өзү чечип алсын – мен эч кимге карыз эмесмин. Жетекчилиги дагы, өкмөтү дагы, акылсыз чыгымдары менен кошо акмак саясатчылары дагы, шайтан алгыр саламаттык сактоо министрлигинин аткаминерлери дагы өлүп кетсин. Баарына наалат".

14. Медуллобластома

Бала чакта өөрчүй турган залалдуу шишик.

Бир топ жыл мурун Даррен аттуу он эки жаштагы балага операция жасагам, ал өспүрүм медуллобластома деген залалдуу шишикке кабылган. Шишик мээнин гидроцефалиясына (мээнин карынчаларына ашыкча суюктук толуп кеткен учур) дуушар кылып, улам көйгөй жарата берген, ошентсе да медуллобластоманы толугу менен алып салууга мүмкүнчүлүгүм болду. Бир нече жума өткөндөн кийин Даррендин башында кала турган дренаж түтүгү – шунтту орнотуу үчүн операция жасадым. Уулум Уильям да шишик тазалангандан кийин так ушундай эле операцияга тушуккан. Ошондон бери Уильямдын абалы жакшы, бирок Даррендин башындагы шунт бир топ ирет тыгылып калгандыктан (көп учураган көйгөй), ага бир катар операция жасоого туура келген. Баланы нурдантуу, химиотерапия жардамы менен дарылатышты. Арадан жыл өткөн сайын ооруну жеңгендей сезилген. Шунтка байланыштуу көйгөйлөрдөн башка Дарренде жагымсыз учурлар кездешкен жок. Ал мектепти аяктап, бухгалтердик иш жагына университетке тапшырды.

Даррен үйүнөн алыс, окууда жүргөн маалда башы катуу ооруп баштаган. Аны ооруканага, мен көзүмө жасалган операциядан кийин үйдө жаткан учурда алып келишти. Сүрөттөр шишиктин кайра кайтып келгендигин көрсөттү. Буга окшогон шишиктер көп учурда жаңырып чыга берет, бирок адатта мындай көрүнүш операциядан кийинки биринчи жылдары пайда болот. Сегиз жылдан кийин Даррен кабылган, шишиктин жаңыланып чыгуусу өтө сейрек кездешчү абал, мындайды эч ким күткөн эмес. Медуллобластоманын жаңырып чыгуусу – качып кутулгус өлүм менен аяктайт, бирок андан аркы дарылоо балким бир же ашып кетсе эки жылга өлүмдү жылдыра алат. Дарренге менсиз эле нейрохирург кесиптештеримдин бири операция жасамай болду, бирок операция эртеси жасалат деген күнү кечинде шишикке кан куюлуп кетиптир. Мындай учур кээде залалдуу шишиктерде кездешет, бирок аны алдын ала айтууга, билүүгө мүмкүн эмес. Кыскасы, фаталдуу кан куюлуп кеткенге чейин Дарренге ийгиликтүү операция жасалган күндө да, ал баары бир көпкө жашабайт болчу. Кан куюлуп кеткен маалда апасы жанында экен. Баланы интенсивдүү терапия бөлүмүнө жайгаштырышкан, бирок ал учурда мээ өлүп калган, андыктан бир нече күндөн кийин жасалма дем алдырчу аппаратты өчүрүштү.

Бул жылдар аралыгында Даррен жана анын апасы менен жакшы эле тааныш болуп калгам. Жумушка чыкканда анын көз жумганын угуп, кайгырдым, бирок Даррен мындай өлүмгө дуушар болгон бейтаптарымдын биринчиси эмес. Мага белгилүү болгондой, Дарренди нейрохирургия бөлүмүнө жаткырышкандан кийин ага тиешелүү дарылоо жана жардамдар көрсөтүлгөн, бирок апасы эмнегедир уулунун өлүмүнө операцияны создуктуруп жиберген менин кесиптешим күнөөлүү деп ойлоптур. Андан жолугушууну өтүнгөн кат алдым. Аны өзүмдүн иш бөлмөмдө кабыл алууну чечтим: амбулатордук бөлүмдүн кунарсыз бөлмөсүнөн жолуккум келген жок. Аялды бөлмөмө чакырып, бет маңдайына отурдум. Ал ыйлап жатып, уулунун өлүмү жөнүндө айтып баштады.

– Уулум кокустан эле башын кармап отура калып, "Апа, апа, жардам бер!" деп кыйкырды, - деди сыздаган жүрөгүн кармай бышактап.

Бир жолу шишиктен өлүп бараткан бейтап дагы мени жардамга чакыра баштаган. Ошондо өзүмдү ушунчалык алсыз сезгем. "Өз балаң жардамга чакырып, бирок ага жардам бере албагандыгыңды билгенчелик жамандык жок" деген ой кетти.

– Уулума операция жасалыш керектигин билгем, бирок алар мени уккусу келишкен жок, - деди.

Даррендин апасы болгон окуяны кайра-кайра айтып берди. Кырк беш мүнөт өткөндөн кийин айласыздан колумду силкилдете:

– Ошондо сиз менден эмне каалайсыз?! Мен ал жерде жок болчумун да, - дедим.

– Бул сиздин күнөөңүз эмес экенин билем, бирок бир катар суроолорго жооп аламбы деп үмүттөнгөм.

Мен ага кан куюлуп кетерин эч ким алдын ала билбей турганын, операциянын эртеси күнгө белгиленгени туура эле экенин түшүндүрдүм. Дарренди караган дарыгерлер менен медайымдар анын өлүмүнө абдан кайгырып жатышканын кошумчаладым.

– Алар муну уулумду аппараттан ажыратарда айтышты, - деди Даррендин апасы дирилдеген үнү менен. – Алар жасалма дем алдырчу аппараттын пайдасы жок эле иштеп жатканына абдан өкүнүп жатышканын билдиришти. Бирок аларга акча төлөнүп, алар жумуш үчүн айлык алышат!

Аял ушунчалык ачууланып, бөлмөдөн чуркап чыгып кетти. Аркасынан жөнөдүм (көчөдө түштөн кийинки күн тийип туруптур), аны башкы кириштин бет маңдайындагы авто-унаа токтотуучу жайдын жанынан таптым.

– Үнүмдү катуу чыгарганым үчүн кечириңиз, - кечирим сурадым. – Мунун баары мен үчүн да оор.

– Даррендин өлүмүн укканда аябай ачууланасыз деп ойлогом, - деди көңүлү калгандай үн менен. – Билем, сизге да бул оңой эмес... – Ал колу менен имаратты көрсөтө жаңсады. – Сиздин оорукананын алдында милдеттериңиз бар.

– Мен эч кимди жаап-жашырайын деген оюм жок. Мага бул жер жакпайт, эч качан ага берилген эмесмин.

Сөзүбүздү улантып, оорукананын башкы имаратына алып барчу айнек жана болоттон жасалган автоматтык эшикти көздөй бастык. Адамдар биринин артынан бири кирип-чыгып, мындан улам бул жер темир жол бекетин элестетип турду.

Даррендин апасын кайра бөлмөмө алып келдим. Жолдон келатып амбулатордук бөлүмдүн кире беришинен өттүк, анын каалгасында коркутуп-үркүтүүчү эскертүү илинген. Мен аны бир жолу радио берүүдөн сындап, жагымсыз учурга да дуушар болгом. "Бул фонд" деп жазылат билдирүүдө, "агрессивдүү жана зомбулук көрсөткөн бейтаптардан баш тартуу саясатын карманат...". Кандай гана тамаша. Бул билдирүү оорукана жетекчилигинин бейтаптарга болгон ишенбестигин чагылдырат, эми ушундай ишенбөөчүлүк, бирок бул жолу ооруканага болгон ишенбөөчүлүк Даррендин апасын ээлеп турган.

Ал бөлмөдөн сумкасын алып, башка эч нерсе айтпастан чыгып кетти. Мен болсо бейтап бөлмөлөрүн карай жөнөдүм. Тепкичтен ординаторго кезигип калдым.

– Мен азыр Даррендин апасы менен жолуктум, - дедим. – Сүйлөшүү жеңил болгон жок.

– Ал, бейтап жигит көз жумар алдында жандандыруу бөлүмүндө да бир топ ызы-чуу чыгарган. Мээ өлүп калса да жасалма дем алдырчу аппаратты өчүрүүгө каршы болду. Мен ага каршылыгым жок болчу, бирок айрым анестезиологдор дем алыш күндүн алдында болбой коюшту, медайымдардын бири дээрлик өлүк бейтапты кароодон баш тартты.

– Мдаа...

Бир топ жыл мурда уулумду мээсиндеги шишиктен улам ооруканага жаткырган учурда, аны кароого милдеттүү дарыгердин камырабастыгынан (ошондо мага ушундай көрүнгөн) уулум аз жерден өлүп кала жаздап, өзүмдүн да катуу ачууланганымды эстедим. Ошондой эле нейрохирург болгондон кийин, мээсинде чоң шишиги бар кичинекей кызды операция кылганым да эсимде. Ал шишик кан тамырлардан түйдөктөшүп калгандыктан (кээде ушундай) операция учурунда канды токтото албадым. Операция, кыздын башынан аккан кан менен аккан канды кайра ички венага куйган байкуш анестезиологум Жудиттин ортосундагы ылдамдыктын аёосуз жарышы болду. Ал ортодо мен канды токтотууга жасаган аракетим натыйжада курулай жумшалган күч болуп чыкты.

Бейтап, узун кызгылт сары чачтуу кичинекей сулуу кыз кансырап өлдү. Ал операция үстөлүнөн көз жумду. Заманбап хирургияда өтө сейрек кездешчү көрүнүш. Ийгиликсиз операцияны жыйынтыктаганча, кичинекей өлүк кыздын тешилген башын кайра тигип чыкканча операция бөлмөсүндө чымындын үнү угулчудай жымжырттык өкүм сүрдү. Бул жерге тиешелүү адаттагы үндөр: кызматкерлердин сүйлөшүүлөрү, жасалма дем алдырчу аппараттын кышылдагы, бейтаптын абалын көзөмөлдөөчү анестезиолог колдонгон шаймандардын кыйч-куйч үндөрү заматта тымтырс боло түштү. Баардыгы бири-биринин көзүн карагандан айбыгып: бул ирет жолубуз болбоду, айланабызда өлүм айланып жүрдү. Байкуш кыздын башын тигип жатып үй-бүлөсүнө эмне айтаарымды ойлондум.

Кыздын апасы күтүп турган балдар бөлүмүнө өзүмдү көтөрүлүүгө мажбурладым. Ал мынчалык жаман кабарды угууга даяр эмес болчу. Айтчу сөздөрүмдү оозумдан араң чыгардым, бирок болгон көрүнүштү сүрөттөп бере алдым. Аял кандай кабыл алаарын элестете алган эмесмин, бирок ал мага жакын келип, өзү азыр эле кызын жоготуп турса да, азаптуу абалымдан сооротуп мени кучактады.

Дарыгерлер өз катасы үчүн жооп бериши керек, себеби бийлик бурмалап жиберет. Арыздануу процедуралары, сот процесстери, тергөө комиссиялары, жазалоо жана компенсациялар боюнча атайын процедуралар болууга тийиш. Ошол эле учурда, сиз кетирген катаңызды жашырбасаңыз же четке какпасаңыз, ал эми бейтаптар жана алардын жакындары ийгиликсиз операцияга ичиңиз ачышып жатканын көрсө анда (эгер жолуңуз болуп) сиз эң чоң белек – кечиримдүүлүккө ээ болосуз. Менин билишимче Даррендин апасы эч кимге жол ачкан жок, бирок ал ушуну менен акыркы күндөрү уулун караган дарыгерлерди кечире албаса, анда уулунун өлүм алдындагы кыйкырыгы аны өмүр бою коштоп жүрөт.

15. Аденома гипофиза

Гипофиздин түбү кайырдуу шишиги.

Улук дарыгерликти 1987-жылы алдым. Ал кезде кыйла тажрыйбалуу адис болуп калгам. Мурда стажировкадан өткөн ооруканадагы улук хирургдун орун басары кылып дайындашты мени, ал хирургдун карьерасы акырындап аягына чыгып бара жаткан, ошондуктан көпчүлүк операцияларды мага берчү. Улук дарыгер болгондон тартып бейтаптарга жоопкерчилигиң да жогорулайт. Артка кылчайып ойлонор болсоң, стажировкада жүргөн мезгилиң эң сонун убак болгонун түшүнөсүң. Сыноодо жүргөн учурда кетирген бүт каталарың сени көзөмөлдөгөн улук дарыгердин мойнуна түшөт. Жаш өткөн сайын алар үчүн мен жооп берер көпчүлүк сыноодогу дарыгерлердин өзүнө болгон ашыкча ишенимдүүлүгү кыжырымды келтире баштады, бирок убагында мен дагы ошолордой болгом. Улук дарыгер болгондо баары өзгөрөт.

Жаңы кызматтагы алгачкы бир нече ай жагымсыз окуяларсыз өттү. Андан кийин мага акромегалиясы бар бейтап келип түштү. Бул илдетти гипофиздеги кичинекей шишик чакырат, натыйжада өсүү гормонунун ашыкча бөлүнүшү болот. Кол, бут, баш сөөктөрүнүн, ички органдардын көлөмү чоңоёт, зат алмашуу бузулат, алдыңкы жаак чоңоюп, беттин формасы өзгөрөт, таман менен кол чеңгелдери калактай калдайып калат. Мага түшкөн бейтап анчейин өзгөрүүгө дуушар болгон жок. Анын үстүнө көп учурда өзгөрүүлөр жай, акырындык менен жүрөт, ошондуктан бир нече жыл бою бейтаптын өзү да, анын жакындары да өзгөрүүлөрдү байкашпайт. Ал адам оорусу тууралуу билгенде гана алдыңкы жаагы оор тартып, чоңоюп кеткенин байкайт. Жыйынтыгында өсүү гормондорунун көбөйүшүнөн улам жүрөк оорусу пайда болот, дал ушуга байланыштуу бейтапты операция кылабыз. Операция мурун көңдөйү аркылуу жасалат. Анткени гипофиз мурун көңдөйүнүн үстүндөгү мээнин алдында жайгашат. Негизи бул катардагы, жөнөкөй хирургиялык кийлигишүү. Аны менен катар гипофиздин жанында эки чоң артерия болот, эгер хирург кылдаттыктан жаза тайса, операция жүрүшүндө аларга доо кетирип алышы ыктымал.

Ал бейтап биринчи кабыл алууга аялы жана үч кызы менен келди. Теги италиялыктардан болгон бул үй-бүлө операциясыз болбойт дегенди укканда катуу түйшөлүштү. Бул үй-бүлө бири-бирин сыйлаган, ынтымактуу очок экени көрүнүп турду. Бирок абдан кабатыр болушканына карабастан менин компетенттүүлүгүмдөн шек санашкан жок. Бейтаптын өзү болсо аябай эле жакшы киши экен: мен аны менен операция болор күнү кечинде жолугушуп сүйлөштүм, биз бир топко баарлаштык. Бейтап толугу менен сага ишенип турса өзүңдү эң сонун сезесиң. Эртеси операция жасадым: баары жакшы өттү. Анестезиядан кийин ал киши жакшы абалда көзүн ачты. Ошол эле күнү кечинде аялы, кыздары келип мени мактоолорго көмүп, мен дагы аларды сыймыктануу менен кабыл алдым. Кийинки күнү манжалары шишигендей көрүнгөн акромегалиянын белгилери тарай баштады. Ал бейтапты чыгарар күнү, бейшемби күнү эртең менен бейтаптын бөлмөсүнө баш бактым.

Аны менен сүйлөшө баштаганымда анын жүзү өзгөргөн жок, ал мени сумсайган жүзү менен гана жалдырай тиктеди. Ошол замат керебетте жансыз жаткан оң колун байкадым. Мага медайымдардын бири жүгүрүп келди.

– Биз сизди издеп жүргөнбүз, - деди. – Бир мүнөт мурда эле инсультка кабылды окшойт деп турабыз.

Бейтап экөөбүз бири-бирибизди түшүнбөгөндөй тиктештик. Мен болуп жаткандарга ишенгим келбеди, ал болсо эч нерсе аңдаган жок. Мени коркуу сезимдери менен өкүнүчтүн катуу толкуну каптады. Буркан-шаркан эмоцияма карабастан өзүмдү колго алып, бейтапты баары жакшы болот деп ишендирүүгө аракеттендим (бирок ал айткандарымдын бирин да түшүнгөн жок). Андан кийин мээге жасалган томограмма сол жарым шардагы инсультту тастыктады. Инсульт операциянын натыйжасында пайда болду окшойт. Бейтапта афазия күч алып, сүйлөй албай калчудай. Бул көрүнүш аны эч кабатырлантпагандай туюлду. Ал азыр кандай акыбалга кептелгенин аңдаген жок, тилсиз жандыкка айланган кызыктай жымжырт дүйнөдө жатса керек.

Ушундай эле коркунучтуу абалга мен алып келген бейтаптар кокустан эсиме түштү. Башында аневризмасы бар кишиге ординатор кезимде өз алдымча операция жасагам. Дагы бир киши мээдеги кан тамырлардын патологиясына учураган. Операциядан үч күн өткөндөн кийин инсульт каптаган азыркы бейтаптан айырмаланып тиги эки бейтап операция бөлмөсүнөн эле чыкпай калышкан. Анда жайылган инсульт көз алдымда пайда болуп, өөрчүгөн. Ал экөө мени коркунуч, ачуулуу көздөрү менен жымжырттыкта жүрөктүн үшүн алчудай тиктешкен (алар сүйлөй дагы, башканын айткандарын түшүнө да албай калышкан). Экинчи бейтап менен болгон учурда, эртең менен жумушка келип, анын психологиялык травманы көтөрө албагансып жүрөгү токтогонун укканда ушунчалык катуу жеңилдегем. Жандандыруу бөлүмүнүн кызматкерлери аны жашоого кайтарууга болгон күчүн жумшашты, бирок майнап чыкпай турганы белгилүү болчу, ошондуктан баарын токтотуп тынчтык менен аны коё берүүлөрүн айттым. Биринчи бейтаптын кийинки тагдыры тууралуу эч нерсе биле алган жокмун, бир билгеним анын аман калганы.

Анткен менен италиялык бул бейтап болгону айран-таң калгандай эле бир калыпта жаткан: анын жүзүнөн жашоонун бир да белгиси байкалган жок. Ошол күнү анын жакындары менен болгон узакка созулган эмоциялар коштолгон жолугушуу болду. Анда көз жаштар менен бири-бирибизди соороткон кучакташуулар болду. Тилден калып, тагыраагы айтылгандарды гана эмес, өзүнүн эмне ойлогонун билбей калуусун түшүндүрүү жана аны аңдап билүүнүн өзү эле оор.

Жайылган инсульттан кийин адам мээнин кансыроосунан көз жумат, бирок бейтаптын абалы кырк сегиз саат бою туруктуу бойдон сакталды, ошондуктан анын үй-бүлөсүнө кийинки күнү кечинде ал жашайт дедим. Бирок ал сүйлөп кете алабы, билбейт болчумун. Кыскасы, ыктымалдуулук өтө төмөн эле. Эки күндөн кийин түнкү саат бирде бейтаптын абалы кескин начарлап кетти.

Мага жаш, тажрыйбасыз жана аябай тынчсызданган ординатор чалды:

– Ал эсин жоготуп койду, эки көзүнүн каректери тең жарылып кетти!

– Эгер эки кареги тең жарылып кетсе, анда каракуш мээсинин конусу бар. Ал өлөт. Биз эч нерсе кыла албайбыз, - дедим. Каракуш мээсинин конусу деп, тиш жуугуч пастасындай болуп идишинен сыгылып чыккан сыяктуу, мээ дагы баш сөөктүн тешиги аркылуу сыртты көздөй сыгылат, натыйжада баш сөөктөгү басым аябай көтөрүлүп, мээнин керилген бөлүгү конустун формасын алат. Бул процесс фаталдуу жана түзөлтүлгүс.

Ооруканага барбай турганымды телефондон күңкүлдөй керебетиме барып жаттым. Бирок уктай алган жокмун. Аргасыз авто-унаама барып да, жайдын жамгыры менен кошо ооруканага жөнөдүм. Боппош оорукананын коридору бейтаптын жакындарынын кыйкырыгынан жаңырып, алардын арасында үч жашар кыз небереси да бар. Мен аларды чогултуп, бет маңдайына отургучка отурдум. Андан кийин кырдаалды түшүндүрүп, терең кайгыруумду билдирдим. Бейтаптын аялы тиземди кучактап өмүрүн сактап кал деп жалбарды. Мага түбөлүктүү туюлган ушундай оор көрүнүш жарым сааттай созулду. Акыры алар бейтаптын өлүмүнө баш ийишти, а балким алар бейтаптын тилсиз жашаган кемтик жашоосунан караганда өлгөнү артык экенине баш ийишкендир.

Операциядан кийин инсульттан улам көз жумган дагы бир бейтапты эстедим. Мен анын жакындарына болгон окуяны, кырдаалды түшүндүрүп, кечирим сураганча алар бир ооз сүйлөбөстөн мени тиктеп отурушту. Атасынын өлүмүнө мени күнөөлөп, жек көрүп турушканы белгилүү болчу.

Ал эми бул үй-бүлөнүн мүчөлөрү өтө боорукер, сылык-сыпайылыктары менен айырмаланып турушту. Италиялыктын кызы мени күнөөлөбөй, атасы мага акырына чейин ишенгендигин айтты. Ошентип акыры биз коштоштук. Кыздарынын бири мага ыйлаган чоң кара көздөрү менен бакырая караган үч жашар балакайды көтөрүп келди.

– Кел Мария, уктаар алдында дарыгерди өөп, ыракмат де.

Биздин жаактарыбыз тийишкенде кичинекей кыз кубанычтуу күлдү.

– Жакшы укта Мария, түнүң бейпил болсун, - дедим.

Болуп жаткандардын баарына күбө болгон ординатор бейтаптын жакындары менен болгон оор сүйлөшүүдөн куткарып калганыма ыраазчылыгын билдирди.

– Нейрохирургия – эң жаман иш. Таштап сал, - дедим да сыртка жөнөдүм.

Коридорго чыкканымда телефон автоматынын жанында турган бейтаптын аялын көрдүм.

– Менин жолдошумду эстеп туруңуз, убак убагы менен ойлоп коюңуз. – Ал мага колун сунду. – Дуба кылган учурда аны да эскерип коюңуз, - деди.

– Операциядан кийин көз жумган баардык бейтаптарым эсимде, - дедим, андан кийин кетип баратып ичимен: "Эстебей коё алсам кана" дедим.

Бул бейтаптын өлүмү мага жеңилдик алып келди. Эгер ал аман калса, баштан аяк майып болмок. Ал албетте, операциядан улам көз жумду, бирок менден кеткен кезектеги катачылыгымдан улам өлгөн жок. Ал эмне үчүн инсультка дуушар болгонунан кымындай да түшүнүгүм жок. Ошондуктан бул жолу өзүмдү теориялык жактан болсо да күнөөсүз сездим. Ошентсе да үйгө жеткенимде караңгылыкта тыпырап жааган жамгырды карап, авто-унаамдан көпкө түшпөй отура бердим.

16. Эмпиема

Дене көңдөйүндө топтолгон ириң.

Бир калыптагы адаттагы күндөрдүн бири: шишиги бар бейтаптын краниотомиясы жана омурткага жасалчу катардагы эки операция күтүп турган. Тизме боюнча биринчи кезекте толук кесип салууга мүмкүн болбогон мээнин оң бөлүгүндөгү глиомасы бар жаш жигитке операция жасалмак. Мен ал жигитти беш жыл мурда операция кылгам, абалы туруктуу бойдон өзгөрбөй келген, андан кийин диспансердик байкоонун алкагында мээге жасалган томограмма шишиктин кайра кайтып келгенин көрсөттү. Анын өмүрүн дагы бир жылга узартууга ишенгибиз келген жаңы операция зарыл болчу. Бейтап бойдок жана маалымат технологиясы тармагында жеке бизнеси бар эле. Амбулатордук бөлүмдө жолугушканда биз бат эле тил табышып кеткенбиз, ошондуктан ал хирургиялык кийлигишүүнүн зарылчылыгы тууралуу кабарды таң каларлык оор басырыктуулук менен кабыл алды.

– Дагы бир жолку операция өмүрүңүздү бир нече жылга узартат деп үмүттөнөбүз. Бирок андан да аз болушу мүмкүн. Мен эч нерсени убада кыла албайм... Анын үстүнө операциянын өзү да белгилүү тобокелчиликтерди алып жүрөт.

– Албетте, албетте, мистер Марш сиз алдын ала билбейсиз да.

Операция бир жерге жасалган анестезия менен өтүп жатты. Ошондуктан менин кыймыл-аракетим дененин сол тарабынын шал болуп калуусуна кедергисин тийгизбей турганын ошол замат көзөмөлдөй алууга мүмкүнчүлүгүм бар, ал үчүн бейтаптын өзүнөн суроо жетиштүү. Бир жерге гана берилген анестезия менен операция жасай турганымды укканда адатта адамдар таңыркай түшүшөт. Бирок мээнин өзү ооруну сезбейт, ал эми оору мээнин ичинен жаралган сезим. Бейтаптар, мен алардын мээсине тийип жатканымды сезиш үчүн аларга дагы бир башка жерден мээ керек болмок. Ошондуктан ооруну сезер баштын жалгыз бөлүгү бул тери, булчуңдар жана мээни курчаган башка ткандар, мындан улам бейтап аң-сезимдүү түрдө көзүн ачкан учурда эле бир жерге берилген анестезия аркылуу операция жасай алам. Андан тышкары адамдын мээсинде "Бул жерди кес" жана "Бул жерди кескенге болбойт" деген пунктир жазуулар көрсөтүлбөйт, ал эми шишиктер көбүнчө аздыр көптүр мээнин соо ткандарына окшош, ошондуктан аларды оңой эле зыянга учуратып алса болот. Бул бейтаптын шишиги кыймылдоо борборунан алыс эмес жерде, дененин сол жагын көзөмөлдөөчү оң тарапта. Ага ылайык мээге зыян келтирбей турганымдын жалгыз кепилдиги бейтапты уктатпай ойгоо кармоо. Бир жерге гана берилген анестезия менен операция жасоо сиз ойлогондон да жөнөкөй, албетте, бейтап эмнени күтүш керектигин так билсе хирургиялык бригадага, анын ичинен биринчи кезекте операция жүрүшү боюнча өмүрлүк функцияларын көзөмөлгө алган анестезиологго толугу менен ишенсе баары ойдогудай.

Жаш жигит эң сонун карманды: мен шишик менен алпурушканча ага биринчи операциядан бери тааныш анестезиологум Жудит менен сүйлөшүп жатты. Алар эски досторчо баарлашып, бири-бирине туугандары, жакындары тууралуу айтып, эмгек өргүүсүндө кайда барышканын сөз кылышып, тамак-аш рецептери (жигиттин тамак жасаганды жакшы көргөнү белгилүү болду) менен бөлүшүп жатышты. Ал ортодо бейтаптын башындагы вакуум соргуч жана диатермикалык кычкачтар менен ката кетирип албаганыма ынануу үчүн Жудит ар бир саналуу мүнөттөр сайын жигитке сол кол, сол бутун көтөрүүсүн айтып жатты.

Ошентип, операция чындап жеңил болду. Ординатордун омурткага белгиленген кийинки эки операцияны жасаганын көзөмөлдөп, интенсивдүү терапия бөлүмүнө баш бактым. Өзүн жакшы сезген бейтап медайым менен жакшы маанайда сүйлөшүп атыптыр. Мен ооруканадан чыгып Лондондун борборуна жөнөдүм, ал жерде юристтер менен болгон жолугушуу болмок.

Бүктөлмө велосипедди өзүм менен бирге алып Ватерлоо бекетине чейин поёздге отурдум. Күн аябай суук болуп кетти, таштай муздак жамгыр да жаап, шаар бозомук тартып туман каптады. Бекеттен велосипед менен чыгып Флит-стриттеги сот имаратын карай багыт алдым. Ал жерден үч жыл мурун жасаган операциям боюнча юристтер менен жолугушмакмын. Ошол операциядан кийин бейтап аял субдураль эпиома делген стрептокок инфекциясына учурайт, аны мен эң баштан эле байкаган эмесмин. Мурда бир да жолу операциядан кийинки мынчалык коркунучтуу инфекцияга туш болгон эмесмин, атүгүл нейрохирург кесиптештеримден да андайды укпагам. Операция эң жакшы өткөн, жадакалса кандайдыр бир ырбап кетет деп ойлогон эмесмин, ошондуктан ал инфекциянын алгачкы белгилерине көңүл бурбады. Бейтап аман калды, бирок инфекция кечигип аныкталгандыктан ал баштан аяк майып болуп, өмүрүн аягына чейин ушундай абалда калары белгилүү болду. Бул тууралуу уккандарым мени бир топ жума кыйнап жүрдү.

Мрамордон жасалгаланган кеңири мейкиндиктеги фойеге кирип текченин аркы башындагы администраторго аты-жөнүмдү айттым, андан кийин мени кабыл алуу бөлмөсүнө узатышты. Көп өтпөй жакшы тааныган нейрохирург кесиптешим кошулду, ал ушул ишке байланыштуу медиктерди коргоо Кеңешин кабардар кылып жүргөн.

Мен ага ушунчалык жаман катаны кандайча кетиргенимди айтып бердим.

Жекшемби күнү эртең менен шашылыш келип түшкөн бейтапты караган учурда чөнтөк телефонума бейтаптын күйөөсү чалды. Мен анын айткандарына алгылыктуу маани берген жокмун, олуттуу инфекцияны катардагы ырбап кетүүлөрдүн бири катары кабыл алдым. Мен эч качан телефон сүйлөшүүнүн негизинде диагноз коюуга жол бербешим керек болчу, бирок ошол учурда колум бош эмес болчу. Анын үстүнө жыйырма жылдын ичинде операциядан кийинки мынчалык чоң инфекцияга туш болгон эмесмин.

– Сиздин ордуңузда баардыгы болуп калышы мүмкүн болчу, анын ичинде мен дагы, - деди кесиптешим мага дем берип.

Бизге медиктерди коргоо Кеңешинин эки юристи келип кошулду. Алар өздөрүн өтө сыпайыкерчилик менен алып жүрүштү, бирок жылмайышкан жок. Мага алар чыңалып тургандай көрүндү, бирок өзүмдү аябай күнөөлүү сезип тургандан улам ошондой көрүнсө керек. Мен өзүмдүн жаназама келгендей эле сезип жаттым.

Биз биринчи кабаттын алдындагы бөлмөгө түштүк. Ал жерде бизди менден жашыраак өтө сылык адвокат күтүп жатыптыр. Анын иш бөлмөсүнүн дубалдарын латын тамгалары кооздоп туруптур. Эмне жазылганы эсимде жок: ал учурда аны эстеп калар акыбалда эмес элем.

Кофе алып келишти, юрист аял иш боюнча документтер салынган папкаларды биринин артынан бирин алып чыгып жатты.

– Бир эле телефон чалуу ушунчалык жагымсыз учурду жаратканы таң калаарлык, - дедим, аны карап отуруп муңайым менен, ал мени карап жылмайды.

– Эмнеден чыгарыбызды алгач түшүндүрүп коюушум керек, - деди жай үн менен королдук адвокат. – Менимче, коргонуу өтө оор...

– Толугу менен сизге кошулам, - дедим сөзүн бөлүп.

Жолугушуу бир саатка созулду. Бул ишти утуп чыгуу мүмкүн болбой турганы жан кейиткен тейде айкын болду.

Жолугушуунун соңунда адвокат кесиптешимди сыртка чыга туруусун өтүндү.

– Мистер Марш, сиз калсаңыз болот, - деди.

Элүү жыл мурда жасаган бейбаштыгым үчүн мектеп директорунун иш бөлмөсүнүн алдында коркуп турганымды эстедим. Адвокат өзүн тажрыйбалуу кесипкөй деңгээлде алып жүрөрүн, ишке тиешелүү гана сүйлөй турганын билсем дагы, баары бир ичимдеги уялган жана корккон сезимдеримди башкара албадым.

Кесиптешим сыртка чыккандан кийин адвокат мага бурулду.

– Сиз өзүңүздү коргочу бир нерсе айта албайсыз го дейм, - деди күнөөлүүдөй жылмайып.

– Билем. Бул кетирген катамды актоого болбой турганын башында эле сезгем.

– Бул иш дагы бир убакытка созулат, - деди юрист консультанттардын бири. Юрист, мен бейтаптарга жаман кабарды угузарда айткан менин интонациямдай үн менен айтты.

– Эч нерсе эмес. – Үнүмдү өктөм жана эркек кишинин эр жүрөктүүлүгүндөй чыгарганга аракет кылдым. – Мен буга баш ийип бүттүм. Нейрохирургия деген ушундай. Мен болгону байкуш аялды майып кылып койгонума өкүнөм, анын кесепетинен эми сиздерге миллион фунт стерлинг төлөөгө туура келет.

– Ошол үчүн биз бул жерге чогулуп отурабыз, - деди юрист консультант.

Үчөө тең мени боору ооруган тейде, жалооруй карашты, бирок бир аз суроолуу тиктешти. Балким алар мени ыйлап жиберет деп күтүшкөн чыгар. Кимдир-бирөөнүн мага боору ооруганы адаттан тыш көрүнүш болуп, өзүмдү аябай ыңгайсыз сездим.

– Анда менин катамдын каржылык кесепетин талкуулооңуздар үчүн сиздерди жалгыз калтырайын. – Мен кол баштыгым менен бүктөлмө велосипедимди алдым.

– Жүрүңүз, мен сизди эшикке чейин узатып коёюн, - деди адвокат. Ал кесиптик сылыктыгын өжөрлүк менен көрсөтүп, лифтке чейин узатып чыкты. Мен өзүмдү мындай мамилеге татыктуу эместей туйдум.

Биз кол алышып коштоштук. Ал тынчтык жолу менен жөнгө салынчу маселенин баасын талкуулоо үчүн бөлмөнү карай кетти.

Кесиптешим кире бериштеги чоң залда күтүп отуруптур.

– Баарынан мурда мени жеке компетентсиздигим кыйнап жатат, - дедим. Биз велосипедимди жанымда сүйрөп алып Флит-стрит менен бараттык. – Ойлоп көрсөң, чындап эле жаныңа жай бербеген сезимдер. Мен нейрохирургмун, кандай болгон учурда да башка бирөөнүн жашоосун бузууга жана ката кетирүүгө туура келет. Бирок баары бир дайыма өзүмдү жаман сезем. Анын үстүнө оорукана үчүн да бул каталар кымбат турат.

Эртең менен жаан-чачын болору айтылган эмес, ошондуктан экөөбүз тең ылайыксыз кийинип алыптырбыз. Ватерлоо көпүрөсүнөн өтүп калганда костюмдарыбыз майда жибине чейин суу болуп калды. Жаандын суусу бетимден агып, жаактарым тоңуп кетти.

– Мындай нерселерге баш ийиш керектигин түшүнөм, - дедим оңтойсуздана. – Бирок өзүң майып кылган бейтапты көрүп, анын качандыр бир кезде сага ишенген жакындары менен бетме-бет келиш үчүн күн сайын (кээде бир нече ай) өзүңдү кайра-кайра кыйнап, бейтап бөлмөсүнө кирүү кандай экенин нейрохирургдан башка эч ким, эч ким түшүнбөйт.

– Айрым хирургдар жөн гана бейтап бөлмөсүнө кирбей коюушат.

– Бейтаптын жакындарына мени сотко берүүлөрүн өзүм айткам. Мен аларга кечирилгис, жаман ката кетиргенимди айттым. Адаттан тыш көрүнүш, туурабы. Натыйжада биздин ортобузда кандай жапайы угулса дагы, достук мамиле сакталып калды. Мен ошентип ойлойм. Бирок алардан мен тууралуу жакшы пикирди кантип күтмөк элем, туурабы?

– Нейрохирург болуп иштесең көк чөптө дайыма эле жайкалып жата албайсың, - деди кесиптешим. – Бир жерде дайыма кезектеги катастрофа күтүп турат.

Биз, дем алыш күндөрүн түштүк жакта өткөрүү үчүн чогулушуп, бири-бири менен кол алыша кучакташып, анан ар кимиси өз тарабын карай кетип жаткан адамдар үймөктөшкөн Ватерлоо бекетине жеттик.

Ошондо бул ишти тынчтык жолу менен жөнгө салуунун баасын сурай алган эмесмин. Эки жыл өткөндөн кийин гана сумма алты миллион фунтту түзгөнүн билдим.

*     *     *

Ошол күнү кечинде ооруканага кайтып, эртең менен операция жасалган жаш жигитти көрүү үчүн интенсивдүү терапия бөлүмүнө кирдим, мен үчүн бул убакыт аралыгы түбөлүккө созулгандай болду. Операция жаман эмес өткөн, бирок экөөбүз тең аны дарылабаганымды билип, эртеби-кечпи шишик кайрадан жаңырат. Башы таңылган бейтап керебетте отуруптур.

– Бейтаптын абалы жакшы, - деди аны караган, керебеттин жанында байкоо кагазын толтуруп жаткан медайым.

– Кайрадан менин өмүрүм сиздин колуңузда болуп калды, мистер Марш, - деди бейтап мени чыңалуу менен карап. – Сизге терең ыраазымын.

Ал дагы бир нерсе кошумчалайын деди эле, бирок мен сөөмөйүмдү эриниме кезедим.

– Тс-с-с, - дедим, чыгып баратып. – Мен сизге эртең келем.

17. Карцинома

Эпителий ткандарынан келип чыккан залалдуу шишик.

Ишемби күнү ооруканада жаткан апама барып келдим. Апам жаткан онкологиялык бөлүм он биринчи кабатта болчу, анын керебети панорамалык чоң терезенин бет маңдайына коюлгандыктан парламент имараты менен Вестминстер көпүрөсүн даана көрүүгө болот. Сыртта болсо жазгы жаркыраган күн тийип турат. Алдыбыздан агып жаткан Темза жылмаланган болоттой болуп, күн нурун чагылыштырып көзүмдү уялтып жатты. Төмөндөгү шаар өзүнүн аёосуз так чиймелери менен көңүлдү чөгөрөт, мындай эбегейсиз чоң имараттар өлүм алдындагы адам үчүн ылайыксыз көрүнүш болсо керек деген ой кетти.

Апам бул жердеги медкызматкерлердин абдан ачык маанай менен жакшы мамиле жасашарын, бирок өтө эле көп жумуш жүктөлгөндүгүн, ошондуктан бардык жерде чаржайыт жумуш жүрөрүн айтты. Анын салыштырганга жөнү бар, себеби бир топ жыл мурун да ушул жерде жаткан. Ал ушуларды айтып, эки күндөн бери алмашылбаган шейшебин көрсөттү. Ал арызданганды жек көрөр эле, бирок эки күндөн бери эхограмма жасайбыз деп ачка кармап жатканын мойнуна алды, эхограмманын зарылчылыгы деле жок болчу. Азыр эми сарыктын белгилери пайда боло баштаса, демек жыйырма жыл мурун дарыланган көкүрөк рак клеткалары боорго өтүп баратканын көрсөтүп турган.

Биздин тагдырыбызды чечкен дарыянын аркы өйүзүндөгү имаратта отургандарды караган апамдын айтканы боюнча, ажаатканага баруу мүмкүнчүлүгү кырдаалды аз да болсо жеңилдетти. Ал фашисттик Германияда чоңойгон (1939-жылы ал жактан качып келген) жана мыйзамга баш ийген жаран бойдон калгандыгына карабастан өкмөткө дайыма ишенбөөчүлүк көрсөтүп турар эле.

Апам өз айткандарынан кийин жүзү бозоруп кетти. Бетиндеги сөөктөрү кыймылдап, чапташа түштү, анын арык тулку боюнан өзүмдү көбүрөк көрдүм. Көптөр анын төрт баласынын ичинен мен апама көбүрөк окшош экенимди айтышчу. Толук кандуу жашоого карата анын запасында дагы бир нече ай бар деп үмүттөнүүдөн башка жол жок эле.

Биз өмүрүнүн калган күндөрүн кандайча өткөргүсү келгенин сүйлөштүк, бирок бир чечимге келген жокпуз. Апам мен билген адамдардын ичинен эң бекем, эр жүрөк болчу, жашоону реалдуу көз караш менен карачу, бирок бирибиз да өлүм жөнүндө түз айтууга күчүбүз жетчү эмес.

Ошол дем алыш күндөрү нөөмөттөгү дарыгер мен болгондуктан жөнөкөй эмес көйгөйлөр боюнча таптакыр тажрыйбасыз, жаңы ординатор мага кайра-кайра чала берди. Бул көйгөйлөр клиникалык мүнөздө эмес болчу, алар көбүнчө ооруканадагы жетишпеген орундарга байланыштуу эле.

Дүйшөмбү күнү дарегиме эртерек чыгарганга шашып жатат деген нааразы бейтаптардан даттануулар келе баштады. Алардын бири омурткасына жасалган жөнөкөй операциядан кийин дайымкы сийдик катетери менен үйүнө барууну каалабаган көп сүйлөгөн чал болчу. Бизде кийинки күнү операция жасалчу бейтапка орун жок, мен ал чалга операциядан кийин дароо үйүнө барса башка бейтап үчүн чоң жардам берген болорун түшүндүрдүм. Үч күндөн кийин деле ал бейтап бөлмөсүнөн чыккан жок, ал эми улук медайым болсо айткандарымды сынга алды (болбосо мен максималдуу эле сылык болуп, сөзүмдү тандап сүйлөгөндөй эле болгом).

Ал ооруканадан чыгуудан баш тарткандыктан тригеминалдык невралгия менен катуу жабыркаган аялга жасалчу операцияны жылдырууга мажбур болдум. Анысы аз келгенсип улук медайым кечирим сурашымды талап кылды, анын оюнча бейтап өзү чыгууну каалабаса аны кыйноого болбойт. Ошентип, тишимди кычыраткан бойдон ал бейтаптан кечирим сурадым. Ал кубануу менен кабыл алды.

– Ооба, түшүнөм, доктор. Мурда ашкана жабдыктарын жасоо менен алектенчүмүн, анан кээде буйрутмаларды убагында бүтүрүүгө жетипшпейт элем. Ошондо мен дагы адамдардын көңүлүн калтырууну жаман көрчүмүн.

Мен болсо мээге жасалган операция менен ашкана жабдыктарын жасоо эки башка нерсе экени тууралуу бир нерселерди айткан болдум да бөлмөдөн чыктым, балкону менен терезесинен сырттагы бакчага чыгып кетчү бөлмөдөн чыктым. Алыстан Эпсомдун асман тиреген имараттары көрүндү. Ал кезде, ошондон үч жыл өткөндөн кийин жабылган, эски ооруканада иштеп жүргөм. Эгер ал бейтап мен отургузган ар түркүн нарцисс гүлдөрү өскөн бакчасы бар өзүнчө бөлмөдө эмес, заманбап ооруканалардын бөлүмүнө тиешелүү бөлмөдө жатса ал көпкө кармалбай дароо үйүнө чыгып кетүүнү кааламак болуш керек.

*     *     *

Эки күндөн кийин Глазгодогу медициналык чогулушка бардым. Ал жерден апама дарылоого мүмкүн болбогон рак илдетинин диагнозун акыры коюшту, андан соң өлүүгө үйгө жөнөтүштү. Анын жаш курагында, анан да рактын мынчалык оор түрүндө химиотерапия тууралуу сөз да болбойт болчу, апам деле көнмөк эмес, бирок атам үчүн оор сокку болду.

Глазгодон кайтып келип ата-энемдикине бардым. Алар ашканада отурушуптур. Боордогу жетишсиздиктен улам апамдын бетинин териси акыркы жолугушуубуздан да катуу саргая түшүптүр. Апам кыйналып, арыктап кетиптир, бирок кайратынан тайган жок.

– Силерди таштагым келбейт, - деди муңая. – Бирок өлүм менен баары бүтпөсө керек.

Атам сексен алтыга таяп калган (ал деменция менен жабыркап баштаган, ошол оорудан улам сегиз жылдан кийин көз жумду), ал бизди эмне болуп жатканын түшүнбөгөн сыяктуу бош көз караштары менен карады. Анын элүү жаштагы уулу, жакында бул дүйнө менен кош айтышар аялына ыйлап жатканын түшүнбөгөндөй карап жатты.

Бир нече күндүн ичинде апамдын абалы кескин начарлап, эки жумадан кийин түбөлүккө кете берди. Апам акыркы деми чыкканга чейин өзүн бекем кармап, акыл-эсинен ажыраган жок. Тамашакөйлүгү аны эч эле өзгөрткөн жок.

Ал акырындык менен алсырап, акыры бир күн кечке биринчи кабаттагы музыкалык бөлмөдөгү керебетте жатты. Күн сайын кечинде апамды колума көтөрүп алып экинчи кабатка чыгам, ал учурда жепжеңил болуп калган. Бирок ушул дагы ал үчүн оор жүк болуп жаткандай сезилгендиктен мени менен жана карындаштарымдын бири (ал медайым) менен сүйлөшкөндөн кийин атам менен акыркы кырк жыл бою бөлүшкөн уктоочу бөлмөдө калмай болду. Апам ушул жерден башка жерде өлгүсү келген жок. Бул гаёргиандык стилдеги, өтө ачык эмес жашыл түстүү жыгач тактайлар менен жасалгаланган жайлуу бөлмө. Мында ачык камин бар, анын үстүндөгү текчелерде апамдын коллекциялаган чопо чымчыктары менен жумурткалары тизилип турар эле. Бийик терезелер, айрыкча азыркы мезгил үчүн эң сонун көрүнүштү чагылдырган сейил бакты карап турат. Сол жакта дем алыш күндөрү апам сыйынып барып турган жана ал көз жумгандан кийин жаназасы окулар жергиликтүү чиркөө көрүнөт.

Күнүгө эртең менен, кечинде эжем экөөбүз апамды кароо үчүн ата-энемдин үйүнө барып жаттык. Алгачкы күндөрү апама ажааткана менен жуунучу бөлмөгө чейин жетүүгө жардам берип жүрдүм, ал жерден эжем жуунтат. Бирок көп өтпөй апам ошол кичинекей аралыкты да басып өтүүгө алы келбей калды. Ошондуктан жергиликтүү ооруканалардын биринен берилген ташып жүрүүчү атайын унитазга отургузуп жаттым. Эжем эң сонун багуучу болду. Ар бир кыймыл-аракетти апам менен назик жана жай талкуулайт. Бирок акыры биздин көз алдыбызда бир топ кишилер өлбөдүбү, өзүм дагы гериатрия бөлүмүндө кичи медкызматкер болуп иштеп калдым. Ичибизди ачыштырган эмоцияларга карабастан, апамды кароо оорчулук жараткан жок, кадимки эле көрүнүштөй болду. Биздин кабатырланбаганыбыздан эмес, жок, биз жакында апабыздан айрыларыбызды эң жакшы түшүнүп турдук. Менимче, биз туйган сезимдерди күчтүү сүйүү деп гана айтууга болот, адатта сүйүүнү коштоп жүргөн жашыруун карасантай ойлор, убаракерчиликтер, өзүмчүлдүктөр аралашпаган таза, тунук сүйүү сезимдери эле.

– Ушунчалык сүйүүнү дароо сезүүгө көнбөй жатам, - деди апам көз жумаарынан эки күн мурун. – Тагдырга ыраазычылыгымды билдиргенден тажабайм.

Анын айткандарында калет жок болчу. Биздин дагы учурубуз келгенде ушундай төгөрөгү төп келген өлүм буйруса бактылуу эле болмокпуз. Узак өмүр сүргөндөн кийин өзүңдүн үйүңдө бул дүйнө менен кош айтышуу баарына эле буйруй бербесе керек. Кыйналбай, тез жана ооруну сезбей, балдарыңдын маңдайында, сени сүйгөн үй-бүлөңдүн кучагында көз жумуу идеалдуу өлүм болсо керек. Апам көз жумардан бир күн мурун күтүлбөгөн жерден баардык үй-бүлө мүчөлөрү чогулудук: балдары, неберелери, атүгүл чөбөрөлөрү бир үйдө отурдук. Андан тышкары, анын эки эски курбусу да келишти. Апамдын кубанычына ортоктош болуп, кечки отурушубуз өлүм алдындагы эскерүүгө айланды. Апам экинчи кабаттагы уктоочу бөлмөдө жатканда, биз тамактануучу үстөлгө чогулуп, анын басып өткөн өмүр жолун эскерип, ал азырынча тирүү болсо, анын элесине ичип отурдук. Менин болочоктогу жубайым Кейт жасаган кечки тамактан ыракаттанып, даам сыздык. Кейт менен (биринчи жубайым менен болгон кайгылуу ажырашуудан кийин кайгырган апамды кубандырып) бир нече ай мурун эле таанышкам. Ал он жети кишиге тамак жасарын укканда бир аз таңыркады, себеби ага чейин төрт-беш кишилик гана үстөл даярдоосун өтүнгөн элем.

*     *     *

Ар бир күн акыркы күн болуп калышы ыктымал эле. Күн сайын эртең менен ата-энемдин үйүнө келгенде апам дайыма:

– Мен дагы деле ушул жердемин, - деп тосуп алчу.

Бир жолу апама бейпил түн каалап, эми эртең менен көрүшөбүз дегенимде, жылмая мындай деди:

– Тирүү же өлүү.

Менимче, мындай көрүнүш адамдар кунарсыз ооруканаларда же хоспистерде көз жумган азыркы заманбап дүйнөдө өтө сейрек кездешет. Ооба, өлүм алдындагы бейтаптардын камын көргөн камкор дарыгерлер бар, бирок алар артка бурулуп сыртка чыгары менен жүздөрүндөгү камкордук дароо жоголот.

Өлүмгө кандай карасак да баары бир өлүм оңой эмес. Денебиз бизди баары бир кыйноосуз коё бербейт. Ыйга муунган жакындарга жөн гана бир нече сөз айтып, анан акыркы демди чыгарууга болбойт. Эгер өлүм дароо келбесе, мисалы, муунткан учурдагыдай же комадагыдай болбосо, анда адам акырындык менен соолуй баштайт. Дене муздап, тери менен көз кочкул сары түскө өтөт, боор иштебей калса үн начарлайт, эң акырында кашыңды көтөргөнгө да алың жетпей, анан жөн гана өлүм төшөгүндө жатып каласың, бир гана чыгарган алсыз демиң сенин ушул жерде экениңди билдирип турат. Бара-бара таанылбай баштайсың; башкалардан айырмалаган, бир гана сага тиешелүү жүзүң ажарын жоготот. Баш сөөктүн барын билдирген тери гана калат. Эми сиз дагы жаактары чап жабышып, кургап калган, бири-биринен айырмаланбаган окшош кийимчен башка карылардай эле көрүнөсүз. Интерн болуп иштеп жүргөн кезде көп кары кишилерди көрдүм, анда мени таң атпай алардын өлүмүн тастыктоо үчүн чакырышчу, мен кунарсыз, караңгы, бош коридорлорду аралай бейтап бөлмөсүн карай жөнөчүмүн.

Апам өлүм алдында таанылгыс болуп калды. Аны акыркы жолу көз жумар күнү эртең менен жумушка баратып көрдүм. Андан мурунку күнү ата-энемдин үйүндө, уктоочу бөлмөнүн жанындагы атамдын иш бөлмөсүндө жерде түнөгөм. Ачылган эшиктен апамдын кышылдаган демин даана угуп жаттым. Ага таңкы саат төрттө кирип, суу же морфин берейин дегенимде башын чайкады. Анын үзүл-кесил деми гана болбосо, дээрлик өлүктөй эле көрүндү. Биротоло кетерден мурда апамдын (анын бет кабынын) колун кармап: "Сен бул жердесиң" дедим. Ал жай гана башын ийкеди. Ошол күнү эртең менен апамды кантип караганым эсимде жок, бирок бул маанилүү деле болбосо керек. Апам менен көп жолу коштошконго жетишкем.

Көп өтпөй түштөн кийин (кезектеги тажатма чогулушта отургам) мага эжем чалды: бир нече мүнөттөр мурун апам бул дүйнөдөн кеткенин. Апамдын деми уламдан улам жеңилдей чыгып, акыры угулбай калганда, анын керебетин тегеректеген жакындары апамдын көз жумганын аңдашканын эжем жай үн менен кайгыра айтып берди.

Мен анын денеси менен коштошууну каалаган жокмун: эми ал болгону маанисиз бир кабыкка айланды. Мен "дене" деп жатам, анткен менен мээни деле ушундайча айта алам. Апамдын керебетинде отуруп бул тууралуу көп ойлонгом: бири-бири менен өз ара сан жеткис түрдө чырмалышкан миллиондогон нерв клеткалары апамдын мээсин түзүп, анын "Мен" деген өздүктүгүн жаратып, андан соң белгисиздикке эрип жок болот. Ошол күнү эртең мененки анын көрүнүшүн эстедим: ичине кирип, чапталышкан жаактары, жүдөгөн кебетеси, кыймылдай да, сүйлөй да албаган, атүгүл көзүн ачууга алы келбеген абалы көз алдыма. Суу берейин дегенимде гана баш чайкаган. Өлүп бараткан рак клеткалары талкаланган дененин ичинде дагы деле руху бар болчу. Өлүмдү создуктургусу келбегендей суудан баш тартканы менен анын өздүктүгү дагы деле бул дүйнөдө жашап жаткан. Эми ошол нерв клеткаларынын баары өлдү. Өз ара алакадагы миллиондогон нейрондордон турган татаал системаны алып жүргөн апам да көзүн түбөлүккө жумду. Кол менен кармап көрүүгө болор материя, башкача айтканда мээ - ой жүгүртүүнү жаратып, кабыл алууга жөндөмдүү экени неврологияда сезүү тутумунун сыры деп аталат, анын себебин түшүндүрүүгө азырынча эч ким жакын кадам таштай элек. Апам өлүм алдында жатканда анын чыныгы өздүктүгү же руху мурдагыдай эле өлүм алдындагы бет каптын алдында жашырылып турганын кандайдыр бир күч менен сездим.

Жакшы өлүмдүн өзү кандай болуш керек? Албетте, оорутпаган, бирок өлүм бир топ аспектилерди камтыйт, алардын бирөөсү гана физикалык жактан оору болуп саналат. Көпчүлүк дарыгерлердей эле мен дагы өлүмдүн ар кандай түсүн көрдүм, менимче апамдын жолу болду деп ишенимдүү айта алам. Өз өлүмүм тууралуу ойлонуп, оорутпаган, тез түрдө өз ажалым менен көз жумсам деген ой келет. Мисалы, уктап жаткан учурда кармаган жүрөк оорусу же инсульт. Анткен менен мындай жакшы өлүмгө туш болбой калышым да ыктымал экенин түшүнөм. Ошондой эле балким келечектен үмүтүмдү үзүп, өткөн күндөрдү гана эскерип жашап калган бактысыздыкка дуушар болушум да ыктымал. Апам адам өлгөндөн кийинки кандайдыр бир жашоого ишенчү, бирок мен башка көз караштамын. Эгер мен учуру келгенде кыйналбаган тез өлүмгө жетпесем, анда мени жеке жашоомо берилген акыркы баа гана соорото алат. Апамдай болуп өлүм алдында бир да өкүнгөн нерсем болбойт деп ишенгим келет. Апам өлүм алдында жатканда, эсин жоготуп кайра өзүнө келген учурда, өзүнүн эне тили – немис тилинде мындай дечү:

– Мен эң жакшы өмүр кечирдим. Биз айтыла тургандардын баарын айттык.

18. Акинетикалык мутизм

Сүйлөө, кыймылдоо жана эмоционалдык реакциялардан ажыраган синдром.

Неврологиялык жактан караганда жан дүйнөнүн болушу күмөндүү; биз сүйлөп, сезип жаткандын баары нерв клеткаларынын ортосундагы электрохимиялык импульстар алмашуусу. Ички туюм, сезим, ойлор, башка бирөөгө болгон сүйүүбүз, үмүттөрүбүз, амбицияларыбыз, коркуу сезимдерибиз жана биздин жек көрүүлөрүбүз - булардын баары мээ менен кошо өлөт. Көпчүлүк адамдар мындай көз карашка кошулбайт, себеби бул көз караш тиги дүйнөнү гана жокко чыгарбастан, адамдын ойлорун электрохимиялык өз ара алакага жетелеп, адамга жансыз машинанын гана ролун калтырат. Бирок ал адамдар терең жаңылышат: чындыгында мындай көз караш, материяны кандайдыр бир сырдуу, биз табышмагын жандыра албаган сыйкырдуу деңгээлге жеткирет. Ар бир адамдын мээсинде болжол менен жүз миллиарддаган нерв клеткалары бар. Алардын ар бири ой жүгүртүүнүн бир бөлүкчөсүн алып жүрөбү? Өзүңдү жана айланаңдагыларды аңдап билүү үчүн канча клетка керек? А ооруну сезүү үчүнчү? Же ой жүгүртүү менен аң-сезим баардык клеткалар бир бүтүндүктү түзгөн электрохимиялык импульска байланыштуубу? Үлүлдөрдүн кымындай да аң-сезими болобу? Аларды бирөө былчылдатып тебелеп кетсе ооруну сезишеби? Эч ким билбейт.

Таланттуу, адаттан тыш ой жүгүрткөн невролог биз таанышкандан тартып мага бир топ бейтаптарды жөнөтөр эле. Бир жолу өз алдынча кыймылдай албаган, өнөкөт вегетативдик абалдагы аялды карап берүүмдү өтүндү. Мен аны бир жыл мурда операция кылгам, болгондо да шашылыш учур болчу. Ал аялдын артерия-веналык мальформациясы жарылып кетип, өмүрүнө катуу коркунуч алып келген мээсине кан куюлган. Операция оңой болгон жок, бейтаптын өмүрүн сактап калганым менен куюлган кандан улам мээге келтирилген зыянды калыбына келтирүүгө күчүм жеткен эмес. Ал аял операцияга чейин эле комага түшүп, бир топ жума өткөндөн кийин да ойгонгон жок. Операция жасалгандан бир нече жумадан кийин аялды жашаган жери боюнча ооруканага которушту. Аны караган невролог эми менден карыларды дарылоо үйүндө жатып, көзүн ачкан ошол аялды көрүп берүүмдү өтүндү. Бейтапты ал жакка которушканга чейин мен, алгачкы кансыроонун кечигип калган кесепети болгон мээнин гидроцефалиясы менен күрөшүүсү үчүн шунт орнотком.

Шунтту орнотуу үчүн эң жөнөкөй хирургиялык кийлигишүү жумшаларына карабастан (адатта мындай операцияларды кичи дарыгерлерге тапшырам), бул операцияны жакшы эстеп калдым, себеби өзүмдүн нейрохирургиялык бөлүмүмдө эмес, башка ооруканада жасадым. Мен дээрлик эч качан өзүмдүн операциялык бөлмөмдөн сырткаркы жерлерде операция жасабайм, албетте, чет өлкөлүк учурларды эске албаганда. Керектүү шаймандар менен бир ординаторумду алып бейтап аял жаткан ооруканага жөнөдүм. Негизи мээге операция жасалбаган жерге улук нейрохирургдун келүүсү ал жердеги кызматкерлердин кызыгуусун жараткан маанилүү учур болсо керек деп аябай менменсинип элестеткем. Бирок айласы куруган үй-бүлөдөн башка менин келгенимди эч ким байкаган жок. Ошол күнү жок болуп чыккан невролог, бейтаптын үй-бүлөсүн, операциядан кийин бейтап аң-сезимине кайтат деп ынандырыптыр. Мен андай оптимисттик ойдо эмес болчумун, бул оюмду үй-бүлөсүнө да айттым. Алар менен сүйлөшкөндөн кийин кызматкерлер баарын даярдап коюшту деген операция бөлмөсүнө түштүм.

Медайымдар менен анестезиологдор мени кайдыгерлик менен тосуп алышты. Анысы аз келгенсип бейтапты алып келишкенче эки саат күттүм. Акыры бейтап операция бөлмөсүнөн орун алган соң, хирургиялык бригада өлүктөй жымжырттыкта көңүлсүз ишке киришти. Бул кырдаал мен иштеп көнүп калган атмосферадан таптакыр айырмаланып турду: операция бөлмөмдөгүлөрдүн баары шатыра-шатман иш алып барышчу. Алардын мындай мамилеси операциянын маанисиз экенине, жөн эле пайдасыз коротулган убакыт экенине байланыштуубу же алар дайыма ушундай иштешеби, түшүнбөдүм. Кандай болсо да операцияны бүтүрүп, бейтаптын үй-бүлөсүнүн алдында отчёт берип, Лондонго кайттым.

Арадан айлар өтүп, орнотулган шунт бейтаптын абалына таасир бербегени белгилүү болду. Невролог шунттун иштеп жатканы түзүкпү, тыгылып калган жери жокпу – карап беришимди каалады. Мен жөн гана карап бериш үчүн аялды "Тез жардам" авто-унаасы менен ушунчалык алыс аралыктан алып келүүнүн өзү таш боордуктай көрүнгөндүктөн бейтап жаткан карыларды дарылоо үйүнө барууга (жардам бере албастыгымды билгендиктен баргым келбесе дагы) макул болдум.

Өнөкөт вегетативдик абалдагы бейтаптардын көздөрү ачык болгондуктан дени-карды соодой көрүнөт, бирок алар айланасында болуп жаткандарга жооп кайтарышпайт. Кимдир-бирөө алардын аң-сезими жайында дешет, бирок ал аң-сезимдин эч кандай белгилери байкалбайт. Алар эч ким жашабаган, ээнсиреген үй сыяктуу дененин бош кабыгына айланышат. Ошентсе да мээнин функционалдык томографиясын колдонуу менен жүргүзүлгөн акыркы изилдөөлөр дайыма эле мындай болбостугун көрсөттү. Айрым бейтаптардын мээсинде кандайдыр бир реакция жоктугуна карабастан, белгилүү бир активдүүлүк байкалган, алар кайсы бир деңгээлде сырткы дүйнөдө болуп жаткандарды аңдап биле алышат. Ошол эле учурда эмне себептен мындай экени да түшүнүксүз. Алар учу-кыйыры жок түш көрүү абалында болушабы? Бейиштеби же тозоктобу? Же алар өздөрү да аңдабаган тегерегиндеги дүйнөнүн кичине бир бөлүгүн сактап, аны элес-булас гана элестетишеби?

Акыркы жылдары сотто мындай бейтаптардын (өз алдынча ичип, жей албаган) өмүрүнө колдоо көрсөтүү максатка ылайыктуубу же алардын тынч өлүмүнө жол бериш керекпи деген маселеге арналган бир нече резонанстуу иштер каралган. Сот, айрым учурларда бейтапты кароону токтотуу ылайыктуу деген чечим кабыл алган. Бирок өлүм дароо келбейт: биздин абсурд мыйзамыбыз бейтаптардын ачкачылыктан, суусоодон улам жай өлүшүн талап кылат, мындай өлүм негизи бир нече күнгө созулат.

Кечки саат сегизде амбулатордук бөлүмдөгү иштеримди бүтүрүп, Лондондон чыгып кеттим. Көчөдө күздүн күүгүм кечи өкүм сүрүп турган. Неврологдун үйүнө жеткенимде кеч кирип; карыларды дарылоо үйү, мындан бир нече миль алыстыктагы бийик дарактар менен курчалган жакшынакай чоң үй экен, ал жерге чейин неврологдун авто-унаасы менен бардык. Ал авто-унаасын токтоткон учурда айлананы толук караңгы каптаган.

Биз куураган жалбырактар жаткан теннис кортунун жанынан өтүп баратканда, бак-дарактардын арасынан жолго чейин шооласын чачыраткан терезеден көрүнгөн жарыктарды карадым. Дарылоо үйүн католик кечил аялдары жетектечү, ал эми үйдүн өзү мээсинен олуттуу жаракат алган бейтаптарга арналган. Үй ичи таза, тыкан экен, ал эми кызматкерлер камкор, меймандос болуп чыкты. Бир жыл мурда шнут орнотуу боюнча мен операция жасаган оорукана менен айырмасы асман менен жердей. Теңирчил католик кечил аялдары, неврлог окумуштуулардын, адамдын турпаты анын мээсинин физикалык иштөөсүнөн көзкаранды деген көз караштарына кошулбайт. Тескерисинче, адамдын түбү-кыйыры жок жан дүйнөсүнүн барына болгон көп кылымдык ишеним, аларга, вегетативдик абалдагы бейтаптар жана алардын үй-бүлөсү үчүн меймандостук ушундай үйдү жаратууга жол ачты.

Католик айым менен бирге жайылган тепкич менен көтөрүлдүк. Бул килейген чоң үй эң башта кимге тиешелүү деп ойлонуп келе жаттым, балким Эдуард VII доорундагы бир капиталистке же үй кызматчыларынын бүтүндөй армиясына ээлик кылган бир ак сөөккө тиешелүү болгондур. Ал мындай көлөмдүү ээлигинен ажырап жатканда кандай абалга туш болгону мага кызык. Биз килем төшөлгөн экинчи кабаттын кең коридору менен бараттык. Эки тарабында тең бейтаптардын бөлмөлөрү, алардын эшиктери ачык болгондуктан кыймылсыз жаткан бейтаптарды көрдүм. Ар бир эшиктин жанында бейтаптын аты-жөнү эмаль менен жазылган тактайчалар илинген. Алардын ар бири бул дарылоо үйүндө өлгөнгө чейин көп жылдык өмүрүн өткөрүшөт, ошондуктан алар кадимки ооруканалардагы кагаздарга эмес, жеке тактайчага ээ болууга татыктуу. Ал бейтаптардын арасынан бери дегенде өзүмдүн беш бейтабымдын аты-жөнүн окуп, үстүмө муздак суу куйгандай эле болдум.

Кезинде мен сыноодон өткөн, алдында башымды ийип турууга татыктуу улук нейрохирургдардын бири рыцардык наамга чейин жеткен атактуу хирург тууралуу бир окуя айтып берген эле:

– Угуу нервиндеги шишикти тазалоо үчүн ал распаторду (баш сөөктү ачуучу бул шайман) колдончу. Көпчүлүк хирургдар бир топ саатта жасачу операцияны ал отуз, кырк мүнөттө эле бүтүрчү. Барган сайын мындай ыкма ийгиликсиз учурларга алып келди. Угуу нервиндеги чоң шишик менен келген бир аял эсимде. Ага ушундай ыкма менен операция жасоодо анын омуртка артериясын кесип алгандыктан бейтап аялга кан куюлуп кетти. Аялдын оңбой калганы белгилүү болчу. Мен кесилген жерди тиктим, эмне кыла алмак элең. Бейтаптардын абалы тууралуу маалымдоо үчүн ал хирургга күн сайын кечки саат сегизде телефон чалчумун. Ошентип ага чалып, ошол учурда биз дарылаган бейтаптардын тизмеси боюнча маалымат берип, акырында угуу нервиндеги шишиги бар аялды айттым. Анын аты миссис Б. болчу, азыркыга чейин эсимде. Мен миссис Б.ны жоготуп алуу алдында турабыз дедим же ушул сыяктуу бир нерсе. "Миссис Б? - деди ал. – Ким ал?". Ал бул бейтапты эчак эсинен чыгарып коюптур. Менин дагы ошондой тандап эсиме тута турган эс тутумум болсо кана, - деди ойлуу тиктеген устатым. Анан:

- Улуу хирургдардын эс тутуму көп учурда начар болот, - деп кошумчалады.

Мен жакшы хирург болсом керек деп үмүттөнөм. Бирок улуу хирургдукка жетүүгө албетте, дагы көп бар. Мен ийгиликтеримди эмес, ийгиликсиз учурларымды эстеп калам, кантсе да мага ушундай ойлонгон жагат. Бирок бул жерде, мына бул дарылоо үйүндө мен унуткарып койгон бир нече мурдагы бейтаптарым жатат. Айрымдарына эч кандай жардам бере албайт болчумун, бирок бир адамдын өмүрүнө, стажёрлор айтмакчы, жаман оюм жок бирок шалаакылыгымдан балта чаап алгам.

Көп жыл мурун жаштык демим менен аягына чейин жакшы ойлонулбаган, чоң шишикти тазалоо боюнча операцияны жасадым. Операция он сегиз саатка созулду. Түнкү саат экиде бейтаптын базилярдык артериясын (мээ түтүгүн кан менен камсыздайт) олдоксондук менен жарып алдым, ошентип ал бейтап ойгонбой калды. Азыр мен анын бозоруп, тырышып керебетте жаткан турпатын көрдүм. Эгер эшиктин жанындагы аты-жөнү жазылган эмаль тактайча болбогондо аны эч качан таанымак эмесмин.

Мен көрөр бейтап кыймылсыз, үн-сөзсүз жатыптыр, буттары менен колдору катып калган, көздөрү бир чекитти гана тиктеп, ачык. Ал жергиликтүү гезиттердин биринде журналист болчу. Жашоого тойбой, дымактуу чагында башына кан куюлуп кеткен жаракатка чалдыгып, ал эми аны калыбына келтирүү менин колуман келмек эмес. Дубалда ошол каргашалуу окуяга чейинки бул бейтаптын сүрөттөрү илинип турат: ал сүрөттөрдө бейтап аял бактылуу жылмайганын көрсө болот. Убагы менен бейтап аял созолонгон, кыңкыстаган үн чыгарат. Шунтту текшерүүгө саналуу мүнөттөр кетти: баш териси аркылуу ийне сайып, шунттун түзүк иштегенин аныктадым. Мен ага башка эч жардам бере албайт болчумун.

Бейтап бир манжасы менен кыймылдап, атүгүл атайын каражаттын жардамы Морзе азбукасын колдонуп сүйлөшө алат экен. Жанында кабагын чытый кунт коюп карап медайым отурду. Ал кыңкыстаган үндү мага которуп берип жатты. Медайым бейтаптын шунтту сураганын айтып, мага ыраазычылыгын билдирип, бейпил түн каалап чыгып кетти.

Ушул жерде анын апасы да турган, ал мени менен кошо чыгып, зериктирме маекти баштады. Апасы, Морзе азбукасынын жардамы менен кызы жөнөткөн каттар тууралуу айтып, ал каттарды медайымдардын бири которуп берген. Бирок анын кызы чындап эле медайымдардын айтканын айттыбы?

Албетте, муну билүү мүмкүн эмес. Бейтаптын апасы белгисиздик менен үмүтсүз сүйүү лабиринтинде адашып, өтө жаман абалга кептелди, себеби кызы бир эле учурда тирүү да, өлүк дагы. Чындап эле кыймылсыз, эмоциядан ажыраган бет каптын артында жандуу аң-сезим барбы? Чындап бейтап шал болуп калган тулку боюнун тегерегинде болуп жаткандарды кайсы бир деңгээлде түшүнөбү? Бейтаптын каттарын медайымдар атайылап эле ойлорунан чыгарып коюшабы же андай эмеспи? Балким аларды жеке ишенимдери адаштырып жүрбөсүн? Качандыр бир кезде бул суроолордун жоопторун таба алабызбы?

19. Гибрис

Бой көтөрүүчүлүк же өзүнө бекем ишенүүчүлүк; (байыркы грек маданиятында) чектен ашкан намыскөйлүк же кудайлардын ачуусун келтирген аларга карата чакырыктар.

Жумушка барар алдында операция бөлүмдүн кызматкерлерине таттуу сатып алуу үчүн Уимблдонго кайрылдым. Ошол жерден бир күн кечке жетер (узакка созулган операция турган), жок дегенде түнкү саат бирге чейин жетчүдөй өзүмдүн музыкалык коллекциямды, дисктерди тандап алдым. Улук дарыгердик наамды алганыма төрт гана жыл болгон, бирок мага белгилүү айрым нейрохирургдарга салыштырмалуу жетиштүү деңгээлде эле клиникалык тажрыйбага ээ болгом. Ал күнкү бейтап элүүгө жашы чамалап калган, бир аз бүкүрөйгөн, таяк менен баскан, көз айнек тагынган мектеп мугалими болчу. Аны томография жасоого көрсөтмө берген невролог карап көрүп, андан соң бейтапты мага жөнөттү. Ал кезде эски ооруканада иштечүбүз. Мен ал бейтапты терезесинен ак кайыңдар көрүнгөн бөлмөдө кабыл алдым. Кээде бул кайыңдардын арасынан өз иши менен жүгүрүп бараткан жергиликтүү түлкүлөрдүн биринин ойлуу тиктеген көздөрүн көрүп калчумун. Бейтап аялы, баласы менен чогуу келди. Ал үчөөнү жазуу үстөлүнүн жанына отургузуп, бейтап өзү менен кошо ала келген сүрөттөрдү дубалда илинген негатоскопко жайгаштырдым. Компьютер дооруна чейин али көп бар болчу.

Сүрөттөн эмне көрөрүмдү алдын ала билгем, бирок баш сөөктүн түбүнөн өскөн шишиктин көлөмү мени таң калтырды. Мээнин бүт түтүктөрү жана баш сөөктүн баардык нервдери, угуу, кыймылдоо, бет бөлүгүндөгү сезүү, жутуу, сүйлөө рефлекстерине жооп берчү нервдер коркунучтуу жаман массага тушугуптур. Бул чоң петрокливалдык менингиома экендиги айкын болчу. Мурда мындай көлөмдөгү шишиктерди китептерден гана көргөм. Кийин буга окшогон бир топ учурларга Украинада жүргөндө, өлкөнүн ар кай жеринен коркунучтуу шишиктери менен пикиримди билүү үчүн келген бейтаптарды көргөндө туш болдум. Ал ортодо чыдамсыздык менен тынчсыздануунун ортосунда бөлүнүп жаттым.

Мен үстөлгө келип отуруп сурадым:

– Сиздерге айтып бериштиби?

– Невролог шишиктин залалдуу эместигин айтты, аны тазалоо керекпи, жокпу, өзүңүз билесиз деди.

– Ооба, ал залалдуу эмес, бирок анын көлөмү эбегейсиз чоң. Кыскасы, мындай шишиктер абдан жай өөрчүйт, демек шишик көп жыл мурда пайда болгон. Томограмманы эмне себептен жасаттыңыз?

Белгилүү болгондой, ал акыркы жылдары басыгы начарлаганын байкаган, андан тышкары, сол кулагынын угуусу да төмөндөгөн.

– Бирок аны калтырып койсо эмне болот? – деди бейтаптын уулу.

Сөзүмдү кылдат тандап, шишик акырындык менен дагы чоңоёрун, а бейтаптын абалы акырындап начарлай берерин айттым.

– Ден соолугума байланыштуу пенсияга эрте чыгайын деп чечтим, - деди бейтап, пландары менен бөлүшүп.

Операция белгилүү бир тобокелчиликтер менен коштолорун айттым.

– Кандай тобокелчиликтер? – деди кабатырланган уулу.

Тобокелчилик абдан олуттуу экенин түшүндүрдүм. Шишиктин жанында ушунчалык көп мээ түзүлүшү болгондуктан, операция учурунда кокустук болуп кетсе дүлөйлүккө, бет булчуңдарынын шал болуп, кан куюлуп, өлүмгө алып келүүсү ыктымал болчу. Операция өзүнө эмнелерди камтый турганын сүрөттөп бердим.

Кайсы бир убакытка үчөө тең үн-сөз дебей унчукпай отуруп калышты.

– Мен Штаттардагы Б. профессор менен байланыштым, - деди акыры уулу. – Ал операция жасаш керек деди жана ал өзү жасай турганын айтты.

Мен эмне деп жооп беришимди билген жокмун. Улук дарыгерликти жаңы эле баштагам, менден тажрыйбалуу кесиптештерим аз эмес экенин жакшы түшүнчүмүн. Ал жылдарда бет маңдайымда отурган бейтаптыкындай шишиктерди тааныштырып, мен жетишкен ийгиликтерден алда канча жогорку деңгээлдеги жыйынтыктарын көрсөтүп, конференцияларда негизги докладдарды окуган эл аралык даражадагы белгилүү нейрохирургдарга суктанып жүргөн кезим.

– Бирок жүз миң доллар төлөш керек, - деди бейтаптын жубайы. – Биз мынча акчаны таба албайбыз.

Уулу мени уялып кеткенсип карады:

– Бизге М. профессордун өлкөдөгү эң мыкты нейрохирург экенин айтышты. Бул боюнча анын пикирин билип көрөбүз.

Мен өзүмдү басынткандай сездим. Бирок кайсы хирург болбосун ал үчүн бул операция өтө оор болорун билип турдум.

– Жакшы пикир, - дедим. – Анын бул боюнча пикирине мен дагы кызыкдармын.

Алар бөлмөдөн чыгып кетишти, мен амбулатордук оорулууларды кабыл алууну уланттым.

*     *     *

– Линияда М. профессор, - деди иш бөлмөмө баш баккан Гейл, эки жума өткөндөн кийин.

Мен трубканы көтөрдүм. Өзүнө ишенген, өктөм чыккан үн угулду. Ординатура жылдарымда М. профессор менен бир нече жолу кездешкем: анын изин бир топ стажёрлор баскысы келген татыктуу хирург болчу. Анын өзүнө болгон ишенимдүүлүгү аны эч качан алдабагандай көрүнчү. Ал жакында пенсияга чыга турганын уктум.

– А, Генри! – деди. – Жанагы петрокливалдыгы бар киши. Аны кесиш керек. Жутуусунда көйгөй жарала баштаган, андыктан аспирациялык пневмония болгону убакыттын суроосу, ал анын өмүрүнө чекит коюлат дегенди түшүндүрөт. Бул операция жаш мушкер үчүн ылайыктуу. Мен аларга операцияны сен жасашың керектигин түшүндүрдүм.

– Чоң ыракмат, профессор, - дедим таң калып, бирок абдан ыраазы болдум, себеби ал кезде Рим папасынын ырайымындай эле болгон нерсени алгам.

Ошентип, операция жасоого баарын даярдадым, операция узакка созуларын эскерттим. Бул окуя көп жыл мурда болгон. Ал кезде ооруканалар таптакыр башкача болчу. Мен өтүнөр жалгыз нерсе - операция бөлүмүнүн кызматкерлери менен анестезиологдорду адаттагыдан көпкө кармалышарын эскертип коюу болчу. Бул боюнча эч кимден уруксат алынчу эмес. Операция – мээге жасалчу олуттуу операция же америкалык ординатор айтмакчы "Чоң сенсация" – аз эле жерден тойго айланып кете жаздады.

Бейтаптын баш сөөгүн ачып жатып биз, америкалык белгилүү нейрохирургдарды сөз кылып баштадык.

– Б. профессор чындыгында эң мыкты хирург, иштин жөнүн билет, - деди ординаторум. – Бирок ал азыркы жумушуна келгенге чейин мурда аны стажёрлор кантип аташчу билесизби? Аны касапчы дешчү, себеби ушундай оор операцияларда жөндөмдүүлүгүн машыктырып жатып бир топ бейтаптардын өмүрүнө балта чапкан. Анын колунан мурдагыдай эле өтө жаман ырбап кетүүлөр болот. Бирок көрүнүшкө карасак, ал бул боюнча анчейин деле кабатырланбайт окшойт.

Чындап эле нейрохирургиядагы ачуу чындык – оор операцияларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн чоң практика талап кылынат, демек башында бейтаптар шал болуп калган көп сандаган катачылыктар кетет. Ушул ишти өжөрлөнүп улантee үчүн бир аз психопат болуш керек деп ойлойм, эч болбосо бетиң бетондой болушу зарыл. Ак көңүл, боорукер дарыгер кайсы бир учурда жеңилип берип, табиятка эрегишип жол жүрүүдөн баш тартат жана жөнөкөй учурлар менен чектелет. Мурдагы жетекчим айтмакчы, ал аябай боорукер болчу, качандыр бир кезде менин уулума операция жасаган хирург: "Эгер бейтаптын маңдайына майып болуу жазылса, жакшысы аны мен эмес Кудай өзү жазасын".

– Штаттарда, - сөзүн улады ординатор, - биз бир аз чечкиндүү иш-аракет кылабыз, бирок бизде саламаттык сактоо коммерциялык негизде, эч ким өз катасын моюнга алууга жол бере албайт.

Операция алгач эң сонун жүрдү. Биз жайдан, бөлүк-бөлүк менен шишикти тазаладык. Анан түн ортосунда он беш сааттан кийин шишиктен эч нерсе калган жок, болгондо да баш сөөктөгү баардык нервдер бир кылы кымырабай ошол бойдон калды. Мен чыныгы улуу нейрохирургдардын катарына кошулганымды акырындык менен сезе баштадым. Саат сайын же ар бир эки саат сайын кызматтык бөлмөгө чыгып, медайымдарга кошулуп өзүм сатып келген таттуулардан, жер-жемиштерден даам татып, андан кийин тамеки тартам (тамекини бир нече жыл өткөндөн кийин гана таштадым). Жандуу атмосфера жаралды. Операция бөлмөсүндө музыка тынбай ойноп: эртең менен өзүм менен кошо Баха менен "АББАдан" баштап африкалык ырларга чейин жазылган аудиодисктерди ала келгем. Эски ооруканада операция учурунда дээрлик дайыма музыка укчумун. Ошентсе да кесиптештерим музыкалык түрмөктөрүмдүн айрымдарын кызыктай дешкени менен жалпысынан аларга да жакчу, айрыкча "жыйынтыктоочу музыка" атаган бөлүк көпчүлүккө жакчу. Бейтаптын башын тигип жатып Чак Берри, Би Би Кинг сыяктуу тез ырдалган рок же блюз жанрын койчубуз.

Ошону менен эле операцияны токтотуп, шишиктин акыркы бөлүгүнө тийбей коюу керек болчу, бирок шишиктин баарын толугу менен тазалаганымды сыймыктануу менен жар салгым келди. Конференцияларда доклад окуган жылдыз нейрохирургдар көрсөткөн операциядан кийинки сүрөттөрдө шишиктин калдыктары эч качан болбойт. Ошол кезде тобокелчилик менен коштолсо да дал ушул нерсеге жетишим керек деп ойлогом.

Шишиктин акыркысын тазалап жатып базилярдык артериянын төйнөгүчтөй калыңдыктагы кичинекей бир бутагын жулуп алдым. Ичке агым менен сызылып артериялык кан жогору атып чыкты. Бул катастрофа экенин дароо түшүндүм. Агып жаткан кан өтө деле коркунучтуу көрүнгөн жок, аны токтотуу да оорчулук жаратпады, бирок мээ түтүгүнө келтирилген зыян өтө олуттуу болчу. Базилярдык артерия мээнин калган бөлүктөрүн иштеткен мээ түтүкчөсүнүн жашоосун камсыздайт. Жыйынтыгында бейтап ойгонбоду. Ошентип жети жыл өткөндөн кийин ал бейтапты карыларды дарылоо үйүнөн көрдүм.

Операциядан кийин жандандыруу бөлүмүндө бир нече жума эсине келбей уктаган бейтапты күн сайын көрүү канчалык оор болгонуна токтолуп отурбайын. Чынында ал кездеги окуялар жакшы эсимде жок, алардын ордун менин тикеден тике тиешем бар башка трагедиялар ээледи. Бирок анын жакындары менен болгон жан кыйнаган бир топ оор сүйлөшүүлөрдү, аны менен катар жакшы күндөрдүн биринде бейтап көзүн ачып калат чыгар деп үмүттөнгөнүбүздү унуткан эмесмин.

Мындай нерсе бир гана нейрохирургияда болушу мүмкүн, ар бир нейрохирург ушундай тажрыйбага туш болгон. Эгер сөз жалпы хирургия жөнүндө болсо, анда бейтап өлөт же жашап кетет, бирок ооруканада айлар бою жатып калбайт. Биз мындай учурларды арабызда талкуулабайбыз, тек гана мындайды укканда оор үшкүрүп, баш ийкейбиз. Баары бир сенин сезимдериң кимдир-бирөөгө тааныш экенин аңдайсың. Айрымдар буга окшогон трагедияларды эсинен чыгарып, алардан бат эле кутулат, бирок андайлар аз. Балким дал ошондойлорго улуу нейрохирург болуу маңдайларына жазылса керек.

Ошентип акыры байкуш кишини жашаган жери боюнча жергиликтүү ооруканага которушту; ал мурдагыдай эле комада болчу, жасалма дем алдырчу аппаратсыз дем алып калган. Кийинчирек аны азыр жаткан дарылоо үйүнө которушкан. Так ушул бейтапты акинетикалык мутизм менен жабыркаган бейтапты көргөнү барганда араң тааныгам.

Кийинки жылдары ушундай учурлар болгондо (бактыга жараша өтө сейрек учурачу) мен мындай шишикке операция жасалбайт деп калдым, натыйжада бейтап башка ооруканага кайрылчу же чоң шишикке өтө деле жардам бербеген нурдантуу терапиясы менен дарыланчу. Ошол жылдары жубайым менен эки айрым жолго түштүк, эски оорукана жабылды. Билбейм, ал учурда булар туурасында өзүмө отчёт бердимби, жокпу, бирок так ошол кезде көңүлүм сынып, кайгыга чөмүлө түшкөм. Аз болсо да акылдуураак ой жүгүрткөнгө өткөм.

Ошентип, мурдагы эр жүрөктүүлүгүм акырындык менен кайтып келди; өзүмдүн куру намыскөйлүгүмдүн трагедиялуу кесепетинен сабак алдым. Натыйжада буга окшогон шишиктер менен иштегенде жакшы жыйынтыкка ээ боло баштадым. Эми мындай зарылчылык жаралса, мен бир нече баскыч менен операция жасаганга өткөм. Операцияны бир нече жумага бөлүштүрүп жасайм. Мындай операцияны кесиптештеримдин бири менен биргеликте кылам, ал экөөбүз бири-бирибизди саат сайын алмаштырабыз. Эгер операция техникалык жактан өтө татаал көрүнсө, анда шишикти акырына чейин тазалганга аракет кылбайм. Андан тышкары операцияны жети-сегиз сааттан ашык создуктурганга көп учурда жол бербей калдым.

Ошентсе да бул жердеги көйгөй мындай шишиктердин өтө сейрек кездешкендигинде. Тажрыйбасыздыкты көрмөксөнгө салган, оор учурларды нейрохирургдар тажрыйбалууларга берүүнү көп каалабаган Улуу Британияда биздин айрым америкалык кесиптештерибиздей болуп, бир да хирург мындай тажрыйба топтой албайт. Америкада бейтаптар көп, демек мындай шишиги бар бейтаптар да арбын. Андан тышкары, бул жердеги бейтаптар Улуу Британиядагыларга караганда дарыгерлерге көп ишене беришпейт. Алар өздөрүн муктаж катары эмес, керектөөчү катары алып жүрүшкөндүктөн көп учурда операцияны тажрыйбалуу хирургдун жасашын талап кылышат.

Жыйырма жылдык тажрыйбадан кийин бул иште эксперт болуп калдым, бирок узак жана татаал жолду басып өтүүгө туура келди. Алардын ичинен көптөгөн көйгөйлөргө туш болдум, бирок бирөө дагы биринчи алган тажрыйбамдай жаман кесепетке учураткан жок. Бир топ жыл мурун ушундай эле шишиги бар белгилүү рок-музыканттын эжесин операция кылдым. Бир нече жумадан кийин ал толугу менен (операция өтө жөнөкөй болбосо дагы) сакайып кетти. Анын байкеси жеке кайрымдуулук фондунан ири суммадагы акча каражатын менин эсебиме бөлд. Ал каражат кийин Украинадагы жана башка жерлердеги ишмердүүлүгүмө жумшалды. Ушундайча, мен азыр ошол көп жыл мурун жасалган жаман кесепеттүү операция адамдарга пайдасын тийгизди дей алам.

Ошол күнү өзүмө эки сабак алдым. Биринчиси: тажрыйбалуу хирург баш тарткан операцияны жасабаш керек. Экинчиси: конференциядагы докладдарга жөндүү сын көз караш менен кароо керек. Андан тышкары, ошол учурдан тартып операция учурунда музыка укканды жек көрөм.

20. Фотопсия

Көздүн торчосуна тийген механикалык таасирлерден улам келип чыккан көздөгү жарыктар.

Бейтаптар гана ооруйт. Бул маанилүү сабакты медик-студент болгондо дароо үйрөнөсүң. Сен кокустан эле оорулардын жана өлүмдүн коркунучтуу дүйнөсүнө кошуласың, бул жерден көптөгөн жаман оорулар кичинекей эле симптомдордон пайда болорун билесиң. Тиш жуугуч щеткадагы кан лейкемияны, моюндагы кичинекей дөмпөк өөрчүп келаткан ракты билдириши мүмкүн, ал эми мурда анчейин билинбеген кал залалдуу меланома болуп чыгышы ыктымал. Көпчүлүк медик-студенттердин жашоосунда, өзүн-өзү сактоо максатында оорулар дарыгерлерге эмес, бейтаптарга гана жугат дегенди түшүнгөнчө, мүмкүн болгон оорулардын баарын элестетип, өздөрүнөн таап чыккан кыска мезгил болот (мен лейкемия менен төрт күн ооругам). Милдеттүү болгон мындай обочолонуу, сыноодон өтүп баштаганда жана бейтаптарга карата жагымсыз, жаман нерселерди жасаган маалда курчуйт. Баардыгы анализге кан алуудан жана тамырга куйма дары сайуудан башталат, бирок убакыт өткөн сайын (эгер хирургдукта окусаң) кишинин денесин кесүү, анын ички органдарын кармалоо сыяктуу радикалдуу процедураларга өсүп жетет. Эгер дарыгер бейтаптын кыйналганын жана коркконун өзүнүкүндөй кабыл алса, анда хирург бул ишти эч качан аткара алмак эмес. Андан тышкары карьералык тепкич менен жогорулаган жоопкерчилик, бейтаптын кыйналуусуна алып келген ката кетирип алуу коркунучун өзү менен ала жүрөт. Ушундайча бейтаптар эмпатиянын гана эмес, коркуу сезимдеринин да чордону болушат. Бейтаптардын кийинки тагдырына жоопкерчилик албаган учурда, аларды жеңил түшүнөсүң жана жаның катуу кейибейт.

Ал эми дарыгерлер өздөрү ооруп калганда оорунун алгачкы белгилерин байкабайт экен: алар үчүн адаттагы ролун таштап, бейтапка айлануу кыйын. Медиктер өз илдеттерин кечигип билишет деп эсептелет. Мен көзүмдөгү жарыкка анчейин маани берген эмесмин. Ал жарыктар эмгек өргүүсүнөн кийин жумушка чыкканымда сентябрда башталды. Мен оорукананын заводдогу жаркыраган лампалары бар коридорунан күн сайын өткөндө сол көзүмдөн дароо кичинекей жарык пайда болуп, кайра жоголгонун байкадым. Ал жарык араң байкалчу. А эки жумадан кийин биротоло көрүнбөй калды. Бирок бир нече жума өткөн соң сол көзүмдүн төмөн жагынан жаркыраган ийри сызык пайда болуп, кайра жоголуп кеткенине көңүл бурдум. Мени бул көрүнүш бир аз тынчсыздандырганы менен ага олуттуу караган жокмун. Анткен менен көзүндөгү анчейин байкалбаган бузулуулар мээсиндеги шишик болуп чыккан бейтаптар оюман кетпеди. Акыры мунун баарын кезектеги жагымсыз учур үчүн мени суракка алыш керек болгон жетекчилик менен белгиленген жолугушуудан улам пайда болгон стресске байланыштырдым.

Бир жолу кечинде авто-унаа башкарып баратканымда сол көзүмдөн фейерверктей жарыктар тез-тезден чагылышып баштады. Үйгө келгенимде көзүмө кара бир нерсе куюп койгондой болду. Бул эми оорутпаса да олуттуу симптом болчу. Студент кезимде офтальмологго кызыккан эмесмин, ошондуктан эмне болгонун жакшы түшүнбөдүм, бирок бир нече мүнөттөй интернет чукулап, көзүмдүн айнек сымал сыйрылуусу экенин билдим. Башкача айтканда, айнек сымал дене (чечекейден кийин эле капталган тунук килкилдек масса) көз алмасынан жылып кеткен экен. Алысты көрө албаганымдын себебинен айнек сымал дененин сыйрылуусу көз торчосунун сыйрылуусуна алып келмек экен, ал эми көз торчосунун сыйрылуусу сол көзүмдү сокур кылмак.

Кесибимдин эң жакшы жери заматта медициналык жардамды алаласың. Катардагы бейтаптар башынан өткөргөн азаптарга, узун кезекке туруу, терапевтин кабыл алуусун күтүү же өзүңдүн үй-бүлөлүк дарыгериңе анын бош убактысын таап чалуу сыяктуу кыйынчылыктарга туш болбойсуң. Мен офтальмолог кесиптешиме чалдым, ал кийинки күнү, жекшембиде эртең менен эрте кабыл алмай болду. Ошентип эртеси биз иштеген ооруканага бардым. Бош көчөлөр менен авто-унаада бараттым, ал ортодо сол көзүм кара кочкул кандан улам тумандашып кетти. Офтальмолог карап чыгып, көзүмдүн торчосу сыйрылып баштаганын айтты. Колумда даяр медициналык камсыздандыруу болгондуктан дүйшөмбүгө Лондондун борборундагы жеке ооруканалардын бириндеги витраёретиналдык хирургия боюнча адистин текшерүүсүнөн өтүү белгиленди.

Ал учурда көз торчосунун сыйрылуусу күтүлбөгөн жерден болушу мүмкүн экенин билдим. Торчо көз алмасынан, ным дубалдан сыйрылып түшкөн кагаздай эле, жылмышып кетет. Түндө караңгы уктоочу бөлмөдө, көйгөй жараткан көзүмдү жумуп-ачып, бир нерсени көргөнүн текшерип, сокур болуп каламбы же жокпу деп болжоп, терезеден көрүнгөн түнкү асманды тиктеп, аялым Кейттин жанында ойгоо жаттым (ал мени менен кошо кабатыр). Акыры уктап калганыма өзүм таң калдым. Эртең менен көзүмдүн көрүүсү жакшырып калыптыр (витраёретиналдык хирургдун кабыл алуусуна түштөн кийинкиге жазылгам).

Хирург дагы башка адамдардай эле ооруга чалдыгат, бирок анын абалы жасай турган операциясына кедергисин тийгизеби, жокпу – баалоо кыйын. Өзүңдү жакшы сезбей жатканыңан эле акыркы мүнөттөрдө операцияны жылдырып салган болбойт, бирок бир четинен ооруп жаткан хирургга операция жасатууну деле эч ким каалабаса керек. Чарчаңкы абалым операция жасоого эч тоскоолдук жаратпасын мурда эле түшүнгөм, себеби операция учурунда көңүлүмдү кунт койдурган катуу дүүлүгүү болот. Уйкусуздуктун кесепеттерине карата жүргүзүлгөн изилдөөлөр, жетиштүү уктабаган адамдар, тапшырма зериктирме болгон учурда гана ката кетиришерин аныктаган. Ал эми хирургия мейли катардагы жөнөкөй учур болсун, мейли татаал болсун, баары бир эч качан зериктирме болбойт. Ал күнү кабатырланган абалымды унутуп, күндөгүдөй эле иштеп жаттым (баарынан кызыгы операция бир жерге жасалган анестезия менен жүрүп жаткан жана көйгөй мээнин борбордук көрүүсүнө байланыштуу болчу). Кесилген баш сөөккө жеткенде гана жакында өзүм да бейтаптын ролунда болорум эсиме кокустан түштү.

Коркуу сезимдерине кептелген бойдон ооруканадан чыгып, таксиге отуруп, Лондондун борбордук бөлүгүндөгү Харли-стритте жайгашкан клиникага жетип бардым.

*     *     *

Хирург менден жаш экен, бирок анын мага жасаган мамилесинен өзүмдү көрдүм. Ал сылык-сыпайы иш билгилик менен, ошол эле учурда чындап жардам бергиси келген, бирок анын эмоцияларына бейтаптар "басым" көрсөткөнүн каалабаган дарыгерлерде боло турган токтоолук менен сүйлөп жатты. Ага өзүндөй эле хирургду операция кылуу жагымсыз экенин түшүндүм. Эгер кесиптештериңдин бирине сени дарылоосун сурансаң ал бир эле учурда комплимент катары да, каргыш катары да тийиши мүмкүн. Бейтап кесиптешиң болгон учурда баардык эле хирург тынчсызданат. Бул иррационалдуу сезим, эгер бир нерсе ойдогудай болбосо кесиптештериңдин башка бейтаптарга салыштырмалуу нааразычылык билдирүү ыктымалдуулугу төмөн, анткени хирургдар дарыгерлердин кадимки адамдардай эле ката кетириши мүмкүн экенин, операция жыйынтыгы толугу менен алардан көзкаранды эместигин жакшы билишет. Ал эми кесиптешине операция жасаган хирург бул иррационалдуу сезимге адаттагы обочолонуу тууралуу сөз да болбошу керектигинен улам туш болот, ал өзүн таптакыр алсыз сезет. Бейтап кесиптеши аны колунан баары келген кудуреттүү деп эсептебестигин билет.

Офтальмолог көзүмдүн торчосун кайра дагы карап чыкты. Бул ирет көзүмдөгү жарык аябай жаркырап, атүгүл селт этип да кеттим.

– Торчонун алдында суюктук топтоло баштаптыр, - деди. – Сизге эртең эрте менен операция жасайм.

Жыйырма мүнөттөн кийин катуу тынчсызданып ооруканадан чыктым. Метрого же таксиге отуруунун ордуна, карьерамды айласыз жыйынтыктоого мажбур болгонумдан баштап (торчосу сыйрылып кеткендиктен карьерасын токтоткон эки хирургду билчүмүн), сокур болуп калганга чейин (бул дагы ыктымалдуу болчу, себеби оң көзүмдөн торчонун сыйрылуусунун баштапкы белгилери аныкталган) биринин артынан бири келген ойлор менен алпурушуп жатып алты милдик аралыкты жөө басып үйүмө жеттим. Башымдагы ойлордун кандай жүргөнү эсимде жок, бирок үйгө жеткенимде катуу кабатырланбай, көйгөйгө моюн сунуп, жеңилдей түшкөнүмдү байкадым. Баардык натыйжага даярдандым, ошентсе да жакшылыктан үмүт үзгөн жокмун. Клиникадан чөнтөк телефонумду өчүрүп койгонумду унутуп калыптырмын, үйгө келип эле мага байланыша албай жамандыкты болжолдогон Кейтти көрүп өзүмдү тилдедим.

Эртең менен ооруканадан мени акылы курч, шатыраган администратор тосуп алды. Кагаз иштерин заматта жайгарып, мени бейтап бөлмөсүнө узатышты. Санитарлар менен тейлөөчү кызматкерлер кара чыптама кийип, коридорлор менен бейтап бөлмөлөрүндө килем салыныптыр, ал эми баардык жердеги жарыктар өтө жаркырабай, мээлүүн, басаңкы абалда. Хирург сол көзүмдү дагы бир жолу текшерип, айнек сымал денени газ менен алмаштырган витрэктомия жасаларын айтты. Бул операция учурунда көздүн алмасына бир нече калың ийнелер сайылып, алар аркылуу айнек сымал денени толугу менен алып салышат, андан соң муздатылган криозонддун жардамы менен торчону өз ордуна отургузушат. Мындан кийин көздүн алмасы азот кычкылы менен толтурулат, ал кычкыл операциядан кийин бир нече жума бою көздүн торчосун кармайт.

– Операцияны бир эле жерге анестезия берүү менен ошол эле учурда жалпы анестезия аркылуу да жасаса болот, - дегенинен, анын кичине арсар болуп турганы байкалды. Анын бир жерге анестезия берүү менен операция жасагысы келбегени анык болчу, анын үстүнө өзүм деле ал идеяны жактырбай тургам, анткен менен ойгоо жаткан бир топ бейтаптардын башын ачып алып чукуганымды эстеп, өзүмдү коркок сездим.

– Жалпы анестезия, - десем, хирург жеңилдей түштү, андан соң анестезиолог, ал эшиктин сыртында кулагын төшөп тыңшап турса керек, заматта биз отурган бөлмөгө учуп кирди да, мага туура келер анестетикти тезинен текшерди.

Жарым саат өткөндөн кийин кызыктай болгон бейтаптар кийчү бешмантчан (алар түшүнүксүз себептер менен алды жагынан эмес, артынан байланат, ошондуктан жамбаштарың дайыма көрүнүп турат), бир жолу кийилчү ич кийимчен, аппак антиэмболикалык байпакчан жана чоюлган сүйрөмө бут кийимчен медайымдардын коштоосунда операция бөлмөсүнө кирдим. Ушул учурда күлкүмдү араң тыйдым. Мен операция бөлмөсүнө өзү башкарган чакан королдугу бар, маанилүү хирург катары миң жолу киргем, эми бешмант менен бир жолу кийилчү ич кийимчен бейтаптын ордунда пайда болуп отурам.

*     *     *

Мен бейтап болуп калуудан дайыма коркчумун, бирок элүү алтымда баары бир болдум, аны менен бирге бул коркунучту жакшы эле көтөрдүм. Себеби бейтаптарыма салыштырмалуу жолум болгонун түшүндүм: мээдеги шишиктен өткөн жаман эмне болушу мүмкүн? Башкалар мындан да жаман кыйноону баштарынан өткөрүп жатса мага арызданып, кайгырганды ким коюптур? Жеке медициналык камсыздандыруумдун болгону да белгилүү бир деңгээлде роль ойносо керек, мамлекеттик ооруканадагы көпчүлүк бейтаптар туш болгон жеке чектердин бузулуусуна жана кадыр-барктын жоголуусуна же ага шек келүүсүнө дуушар болбодум. Мен өзүнчө бир кишилик бейтап бөлмөсүндө жаттым, дээрлик мейманканадагыдай, жерге төшөлгөн килеми, ажаатканасы бар. Бул факторлор ар бир бейтап үчүн маанилүү. Белгилүү болгондой, Улуттук саламаттык сактоо кызматын, анын аткаминерлерин, администратор, түзүүчүлөрүн бул кызыктырбайт. Мындай учурларды дарыгерлер, өздөрү бейтап болгондо гана ойлонушат, мамлекеттик ооруканалардагы бейтаптар дээрлик тынчтыкка үмүт артышпасын, ал эми түзүк түнкү уйкуну болсо унутууга мажбур экенин түшүнүшөт.

Мага жалпы анестезия жасашты. Бир сааттан кийин көзүм таңылган боюнча бейтап бөлмөсүндө эсиме келдим. Ооруну сезген жокмун. Сол көзүмдө ойногон фантастикалык жарыктардын шоусун карап, бир күн кечке улам уйкуга чөмүлүп, кайра ойгонуп шалдырап жаттым. Көзүмдөгү жарык көрүнүштөр морфиндин таасиринен улам күчөдү. Мен түнкү чөлдүн үстүндө караңгыда учуп бараткандай, ал эми алыста менин алды жагымда оттор күйүп-жанып жаткандай. Көп жыл мурда Батыш Африкадан көргөн жылдыздуу асман алдында саваннаны бойлой кууп, Сахара тараптан соккон шамал аркылуу узун дубалдай күйгөн өрттү эстедим.

Хирург өзү иштеген мамлекеттик ооруканага бара жатып таң заардан мага кирди. Ал мени процедуралык бөлмөгө алып барып сол көзүмдүн таңуусун чечти. Көзүмө сыя төгүлгөндөй так гана көрүндү, өзүмдү суунун алдында жүргөндөй туйдум.

– Алдыга эңкейип, саатты сол көзүңүзгө жакын алып барыңыз, - деди. – Бир нерсе көрдүңүзбү?

– Саатымдын сандары менен жебелери деңиздин тегиз бетинен көрүнгөн айга окшоп ийри-буйру болуп, чоңойтулган өлчөмдө көрүндү.

– Ооба, - дедим.

– Жакшы, - деп сүйүнүп кетти. – Сиз көрө аласыз.

*     *     *

Кийинки бир нече жума бою сол көзүм сокур болуп жүрдү. Анын ичиндеги газ көбүк алгач чоң планетанын горизонтун элестетип, ал аркылуу сырткы дүйнөнү болор болбос гана айырмаладым. Бирок ал акырындык менен кичирейип, көзүмдүн көрүүсү жай калыбына жай келе баштады. Көздүн ички катмары табитсиз жасалган гель жарык бергичине окшоду: башымды бурган сайын ичиндеги көбүк акырын ары-бери жылат. Бир ай бою операция жасай алган жокмун, бирок операциядан бир жумадан кийин өтө каалабасам дагы амбулатордук бейтаптарды кабыл ала баштадым. Бул жумуш мени зериктирип жиберди. Сол көзүмдү деңиз каракчыларындай байлап алгам, анткен менен өзүмдү ыңгайсыз сездим, себеби бейтаптар өзүмдүн да соо эместигимди көрүштү да. Операциядан бир нече күндөн кийин кара таңууну көзүмө байлап алып, хирург-офтальмологдун кабыл алуусуна бардым, ал мени башкача көз караш менен тосуп алды.

– Көйрөң, - ал менин көрүнүшүмө ушундай баа берди, бирок көзүмдүн алмасынын абалын көрүп канааттанды.

Саналуу жуманын ичинде толугу менен сакайдым, бирок виктрэктомиянын кесепетинен көзүмдүн айнек чел кабыгы акырындап бузулуп бараткан, аны алмаштырыш керек болчу. Бул жөнөкөй, катардагы операцияны үч айдан кийин жасаттым. Андан кийинки дем алыш күндөрүн тез жардам бөлүмүндө нөөмөттө туруу менен өткөрдүм.

*     *     *

Эгер дем алыш күнү түштөн кийин жамгыр жаабаса тепкичтен кулабап, бутумду сындырбайт элем. Балким көзүм жакшы калыбына келе элек чыгар. Иш көп болгон ишембинин түнүнө караганда жекшемби таңы тынч башталды. Түн ортосунда инсультка кабылган орто жаштагы эркекке операция жасоого туура келди, анткени нөөмөттөгү ординатор бизге жаңы келип, жардамга муктаж болчу. Бул салыштырмалуу жөнөкөй операция ойдогудай өттү. Эртең менен кичине чарчаңкы абалда үйүмдүн арткы бакчасындагы иштер менен алек болдум.

Андан соң бакчадагы таштандылар салынган мүшөктү салып, шаардык акыр-чикир ыргытуучу жайга жөнөдүм. Ал жерден дем алыш күндүн адаттагы тартибине катышуу кезегин күтүп турган жеңил авто-унаалардын катарына кошулдум. Адамдар толгон-токой таштандыларын качандыр бир кезде келечекте архаёлогдор табар биздин цивилизациянын издерин: сынык кресло, идиш жуугуч машина, эски магнитафондор, колонкалар, картон кутулар, керебет, матрастар, өз доорун сүрүп бүткөн чөп кескич машиналар, бөбөк коляскалары, компьютер, телевизор, жарык бергичтер, журналдар, гипсокартондун кесиктери, ушул сыяктууларды чоң контейнерлерге ыргытып жатышты. Мындай жердеги адамдардын кебетеси дайыма күнөөлүүдөй: алар бири-биринин көзүн кароодон айбыгышат (коомдук ажаатканадагы эркектер сыяктуу). Эртерек бул жерден кетиш үчүн комфортабелдүү, жалтыраган авто-унааларына кайтууга шашылат. Мен дагы өзүмдү оор жүктөн кутулгандай сезип, таштанды жайынан чыгып кеттим. Жолдон сыйлык катары бакчаларга арналган базарга кайрыла кетүүнү чечтим. Бакчама отургузганга ылайыктуусун издеп, көркөмдүү гүлдөр менен бадалдарды кыдырып жүргөнүмдө жаан башталды. Заматта пайда болгон кара булут көз ачып жумганча базардын үстүн каптап, жолу болбогон алчулардын баарын далдоого качырып, жамгыр төгүп жиберди. А бу дегиче жандуу базар бошой түштү. Көчөттөрдүн арасында жалгыз мен калдым. Чөнтөк телефонум чырылдады. Бул нөөмөттөгү ординатор Роб болчу.

– Тынчыңызды алганыма кечирим сурайм, - (дайыма стажёрлер мага чалганда ушул керексиз этикет сөздөн башташат), - бирок сиз менен бир бейтапты кеңешсем болобу?

– Ооба, албетте, - дедим, көчөттөр коюлган жердеги складка жаандан шашып.

– Отуз төрт жаштагы эркек киши, көпүрөдөн кулап кеткен...

– Өзү секириптирби?

– Ооба. Анык болгондой, ал катуу депрессия менен жабыркаган.

Ал киши жерге башы же буту менен кулаганын сурадым. Буту менен түшкөндө тамандарын, омурткаларын сындырышат, натыйжада, адатта, өмүр бою шал болуп калышат, эгер башы менен түшсө көз жумушат.

–Буту менен түшүптүр, бирок башы менен да тийген. Политравма бар. Жамбаш сөөгү, чоң жото жилиги сынган, андан тышкары башынан катуу жаракат алган.

– Сүрөттөр кандай чыкты?

– Сол чыкый бөлүгүнө кан куюлуп, базалдык цистерналар бузулган. Сол кареги шишип, беш сааттан бери эч нерсеге реакция бербей жатат.

– Мотордук реакциясычы кандай?

– Жок, эгер "Тез жардам" дарыгерине ишене болсок.

– Анан эмне кылайын дейсиң?

Роб ашыкча бир нерсе айтып албайын деп тартынып, создуктурду.

– Менимче, баш сөөктүн ичиндеги басымды карасак болот.

– Кандай абал күтүп турат, оюң кандай?

– Өтө жакшы эмес.

Мен баарынан жакшысы бейтапка тынч өлүүгө жол берүү керектигин айттым. Биз эмне кылсак да ал баары бир көз жумат, бирок кандайдыр бир сыйкыр менен аман калса, анда өмүрүнүн акырына чейин майып бойдон калат. Робдон анын жакындары менен көрүшүп көрүшпөгөнүн сурадым.

– Жок, бирок алар бир аздан кийин келишет.

– Анда аларга кырдаалды түшүндүр.

Биз сүйлөшкөнчө жаан басылып, булуттар арасынан күндүн башы көрүндү. Көчөттөрдөгү жаандын тамчылары күн нуруна чагылышып жатты. Алчулар дүкөндөрдөн жайнап чыга башташты, алар базардын өтмөктөрүнө түшүп, акыры бир нерсе тандоо үчүн кыдырып башташты. Мен өзүмө жылдыздын формасындай кичинекей ак гүлдүү, чачыга окшош бадал сатып алдым. Аны авто-унаама жайгаштырып, үйдү карай жөнөдүм.

Албетте, мен ал байкушту операция кылып, балким өмүрүн сактап калмакмын, бирок кандай кыйынчылык менен? Сатып келген бадалымды отургузуу үчүн жер казып жатып ушул ойдун тегерегинде ойлондум. Акыры баары бир чыдабай бейтапты жана анын сүрөттөрүн көрүү үчүн ооруканага бардым. Ал бейтап өзүн өзү өлтүргүч болсо дагы, телефон сүйлөшүүгө гана таянып, ага өлүм өкүмүн чыгарып койгум келген жок.

Нөшөрлөгөн жамгырдан улам бут кийимим суу болуптур. Ооруканага барар алдында жакында эле жаңы таман салынганын алмаштырып кийдим.

Роб сүрөттөрдү кароочу караңгы бөлмөдө экен. Ал жаңы бейтаптын мээсинин томограммасын экранга чыгарды.

– Эмне дейбиз, - дедим сүрөттү карап. – Ал өзүн талкалаптыр.

Мен сүрөттөрдүн, Роб телефондон айткандан да жаман акыбалда экенин көрүп жеңилдей түштүм. Мээнин сол бөлүгү калыбына келгис болуп жанчылып, шишиктен улам мээ капкара болуп кеткен, бирок ак тактар бар, компьютердик томограммадагы кандын өңү так ушундай көрүнөт. Мээ аябай шишигендиктен операциядан кийин бул бейтаптын көз жумары жүз пайызга белгилүү болчу.

– Дарыгердин карьерасынын эки чоң жакшы жагы бар, - дедим Робго. – Биринчиси, сенде укмуштуудай сансыз көп окуялар топтоло берет, айрымдары тамашалуу, көпчүлүгү өтө жаман.

Ага мындан көп жыл мурун мен дарылаган дагы бир өзүн-өзү өлтүргүч бейтап жөнүндө айтып бердим. Ал метронун алдына секирип кеткен жыйырмадан жаңы ашкан татынкай кыз болчу.

– Ал кызга бир тараптуу гемипельвэктомия жасоого туура келди, башкача айтканда, бир буту жамбашына чейин толугу менен кесилди. Поёзд буту менен санын тебелеп кетсе керек. Андан тышкары, баш сөөгүнөн да жаракат кеткен, ошондуктан ампутациядан кийин бизге алып келишкен эле. Биз башын калыбына келтирдик. Бир нече күндөн кийин кыз акырындык менен өзүнө келди. Ага бутун жоготконун айтышканы эсимде. Ал мындайча жооп берген: "Шайтан алгырдыкы. Жакшы эместей угулат ко". Башында ал кубанычтуу маанайда эле жүргөн, себеби поёздге боюн таштоого эмне себеп болгонун эстей элек болчу. Бирок башындагы жаракаттан айыккан соң өткөндөрү эсине түшө баштады. Ал кайрадан депрессия менен аргасыздыктын көлүнө чөмүлдү. Акыры анын ата-энеси ооруканага келүүгө жарап, алардын жүрүм-турумунан кыз эмне үчүн өзүн-өзү өлтүргүсү келгени түшүнүктүү болгон. Өтө кайгылуу көрүнүш болчу.

– Анан ага эмне болду?

– Билбейм. Аны башка ооруканага которушкан, андан кийин ал кыз тууралуу эч нерсе уккан жокмун.

– Медициналык карьеранын экинчи жакшы жагы кайсы? – деди сыпайылык менен Роб.

– Болгону эгер өзүң ооруп калсаң, кайсы жерден кантип жакшы дарыланса болорун билесиң. – Мен колумду сүрөттөргө жаңсадым. – Ата-энеси менен сүйлөшүп келейин.

Мен өтө жаркыраган, бирок кунарсыз коридор менен интенсивдүү терапия бөлүмүнө жөнөдүм. Жаңы ооруканага эч көнө албадым. Ал күчөтүлгөн режимдеги түрмөнү элестетчү. Эшиктер магнит картасы менен гана ачылчу, эгер алар бир мүнөттөн ашык ачык турса, сигнализация иштеп кетчү. Бактыга жараша, азыр ошол кулак тундурган динамиктердин көбү же өздөрүнөн өздөрү, же биздин жардам менен иштебей калган. Алгачкы бир нече ай жаңы имаратта жаагы басылбаган сигнализациянын ачуу үнү менен күн өткөрдүк, белгилүү болгондой бош орун жок, толтура оорукана үчүн эң ылайыксыз вариант. Мен жандандыруу бөлүмүнө кирдим, дубалдардын жанында ар кандай жабдыктар менен жасалма дем алдырчу аппараттарга туташтырлып, эс-учун билбеген бейтаптар жаткан койкалар, ар бир бейтаптын тушунда бирден медайым.

Жакында түшкөн бейтапты сураганымда медайымдар көрсөткөн койкага бардым. Байкуш өзүн-өзү өлтүргүч бейтап өтө эле семиз экен, аны көрүп таң калдым. Эмнегедир бул бейтаптын семиздигин элестетип көрбөптүрмүн. Бутунун аягынан башы көрүнбөгөн семиз экен. Болгону анын таза шейшеп жарым-жартылай жабылган тоодой курсагы менен баш тарабындагы кызыл жарыктар күйүп-өчкөн индикатор, монитор гана көрүнүп турду. Керебеттин жанындагы отургучта кары киши отуруптур. Мени көрүп ордунан турду. Өзүмдү тааныштыргандан кийин кол алыштык.

– Сиз атасы болосузбу? – дедим.

– Ооба, - деди токтоолук менен.

– Абдан өкүнүчтөмүн, бирок биз эч кандай жардам бере албайбыз.

Мен атасына анын уулу жакынкы жыйырма төрт саатта көз жумарын түшүндүрдүм. Чал эч нерсе деген жок, унчукпастан гана башын ийкегиледи. Анын жүзүнөн эч нерсе байкалбады, же ал абдан эле обочолонуп кеткен, же окуяга ишене албадыбы, билбейм. Ошону менен уулунун жүзүн көрө албадым, биздин алдыбызда өлүм алдында жаткан, аянычтуу бул үймөк кандай трагедияны катып жатканы да мага белгисиз болчу.

Үйгө келип, былтыр курулган мансарддык кабатка чыктым. Ал жерде кайра кайтып келген Крон илдетинен жаңы айыккан Кейт диванда жаткан. Тепкичти өз колум менен карагайдан жасагам, баскычтарын да кырып, тегиздеп, жалтырата жылмалагам. Буга чейин бир жолу Кейт тайып кетип ушул тепкичтен жыгылып түшкөндүктөн эки жагына тосмо кармооч жасаш керектигин чечкенбиз. Биз, кандай тобокелчилик болбосун андан өзүн максималдуу коргогонго аракет кылган, азыркы заманбап дүйнөдө көп кездешкен, коопсуздук техникаларына анчейин көңүл бурчу эмеспиз, бирок кармооч ашыктык кылбайт деген пикирге келгенбиз. Мен базардан сатып келген бадалды акыры отургузуу үчүн ар бир баскычын өз колум менен жылмалаган тепкичтен ылдый түшүп бараттым. Жаңы таман салынган ботинкем жылмалак карагайдан тайып кетип, боюмду токтото албай төмөн карай тоголондум. Кырс эткен сөөктүн үнү угулду.

Буттун сыныгы – оорута турган жаракат, бирок оорууга чыдоо жеңил болду, согуштагы аскерлер деле жараат алган учурда ооруну дароо сезбейт эмеспи, бир нече убакыт өткөндөн кийин гана сезиле баштайт. Жон териңди сактоонун камын көрүп жатып, ооруну деле унутуп каласың.

– Энеңди урайын. Бутумду сындырып алдым! – деп кыйкырдым.

Алгач Кейт мени тамашалап жатат деп ойлоду. Тепкичтин этегинде буттарым асманды карап, жерде жатканымды көргөндө гана жүгүрдү. Мен бутумду оңдоп, түшүргөнгө аракет кылдым, бирок ооруганынан эсимди жоготуп коё жаздадым, ошондуктан Кейт кошуналарды чакырып келе калды, алар мени авто-унаанын арткы отургучуна отургузуп, өзүм иштеген оорукананын "Тез жардам" бөлүмүнө жеткиришти. Мага майыптардын креслосун таап келишти, көп өтпөй каттоого алчу жердеги чакан кезекке кошулдум. Ок өткөрбөчүдөй болгон айнектин ары жагында ачуулуу көрүнгөн эки аял отуруптур. Бутумдун ооруганынан тишимди бекем тиштеп, кезегимди сабырдуулук менен күтүп отурдум. Акыры катточу жайдын бет маңдайына жеттим.

– Аты-жөнүңүз? – деди.

– Генри Марш.

– Туулган жылыңыз?

– Бешинчи март, 1950-жыл. Негизи мен бул жерде нейрохирург болуп иштейм.

– Тутунган диниңиз? – ал көз ирмеп да койбостон суроосун улантты.

– Атеист, - дедим бир аз мурчуя, бирок менин ооруканамда баардык бейтаптарга бирдей мамиле жасалат эмеспи деп өзүмдү кайра жоошуттум.

Стандарттык сурамжылоо кайсы бир убакытка созулду, андан кийин таманымдын муундары тайып кеткенин, аны ордуна салыш керектигин ылдам аныктай салган медайым сактап калды. Бул ишти тез эле жасашты, анын үстүнө ички венага сайылган морфин, мидазолама жана энтонокстан улам ооруткан жок. Дарылар таасир берип, уйкуга кеткенге чейин эсимде калган акыркы көрүнүш – бутума алаксып жаткан медайымды, жакында эле жаңы сатып алган жашыл вельвет шымымды колундагы чоң кайчысы менен кеспегенге көндүрүүгө кылган аракет болчу.

Көзүм тумандап, акырындык менен эсиме келе баштадым. Илгери мындай ооруну сездирбеген дары-дармектер жокто буту-колу сынгандар кантти экен деп ойлоп жатып көзүмдү толугу менен ачканымды, мен жаткан каталканын жанындагы ортопед кесиптешимди көрдүм. Ага ооруканага келе жатканда чалып койгом.

– Сиздин муундарыңыз чыгып, сынып кеткен, - деди. – Сөөгүңүздү жакшы салышыптыр, бирок ичинен бекемдөө үчүн операция керек. Сизге операцияны эртең эрте менен жеке ооруканадан жасасам болот.

– Менин камсыздандыруу полисим бар, - дедим. – Жакшы, анда ошондой кылалы.

– Анда жеке "Тез жардам" чакырыш керек, - деди медайым.

– Кабатыр болбоңуз, - деди кесиптешим. – Өзүм жеткирем.

Ошентип мени тез жардам бөлүмүнөн майыптардын отургучу менен сүйрөп чыгарышып, бутумдун артындагы узун гипс шакшак менен кошо кесиптешимдин кызыл, спорттук "Мерседес" авто-унаасына отургузушту. Ал эртең сөөгүмдүн сыныктарын тиешелүү түрдө орду ордуна коюу үчүн мени мындан үч миль алыстыктагы жеке ооруканага жеткиришмек. Ортопед кесиптешим, "сен дарыгерсиң, мен айткан эрежелерди баары бир сактабайсың, операциядан кийин эле ооруган бутуңа күч келтиресиң" деп ооруканада дагы беш күн калышыма мажбурлады. Ошентип, кийинки бир жума бою көкөлөтө асылган бир бутум менен терезеден көрүнгөн жакшынакай даракты карап, Вудхаусту окуп жатып, Улуттук саламаттыкты сактоо кызматынын рынокко багытталды делген көпчүлүк өкмөттүк реформалары, чындыгында, мамлекеттик менен жеке медицинанын ортосундагы ажырым айырмачылыкты барган сайын күчөтүп жатканын ойлондум. Убагы менен жакшы маанайдагы дарыгерлердин кошуна бөлмөдөгү бейтаптарга кирип, акыбалдарын сурашканын угуп жаттым.

Ооруканадан чыгар күнү эртең менен амбулатордук бейтаптарды кабыл алуу бөлүмүнө түштүм, ал жерден бутумдун гипсин алмаштырышмак. Көп сандаган бейтаптардын келип, кеткенине көз жүгүрттүм.

Олуттуу түрдө каралжын костюм кийген кесиптештерим кезектеги бейтапты узатып, кайра жаңысын алып кирип, улам иш бөлмөлөрүнөн көрүнөт. Алардын айрымдары менен тааныш болчумун. Бейтаптын көйнөгүн кийип, бутума шакшак тагылганымды көрүп, таңыркашты. Көпчүлүгү жылуу сөздөрүн айтып, жыгылып кеткен окуяма мени менен кошо күлүштү. Өзгөчө кокурайган бир кесиптешим мени көрүп, бир азга катып калды.

– Сол кызыл ашыгымдын муундары чыгып, сынып кетти, - деп түшүндүрдүм.

– Кудай, - деди, бутумду сындырып, бейтапка айланып калганыма кербезденгендей текеберленген үн менен, анан иш бөлмөсүнө кирип кетти.

Мени процедуралык бөлмөгө чакырышты, ал жерден ортопед кесиптешим эски таңууну чечип, кызыл ашыгымдын эки жагынан тигилген жерин кылдаттык менен карап чыкты. Ал тигишти көрүп ыраазы болду да жаңы шакшак койду. Ошол учурда мындай медицинаны мен нейрохирург катары туш болгон медицинадан бөлүп турган ажырым тууралуу ойлоп, сарсанаа болдум.

– Билесизби, мен бейтаптар менен мынчалык жакын эмесмин, - дедим. – Албетте, операция учурунда гана колум тийбесе. Оору бейнелери, сүрөттөр, жакындары менен болгон узак жана оор сүйлөшүүлөр, бул жердегидей эмес. Бул жерде жагымдуураак.

– Ооба, нейрохирургия деген ошондой – кунарсыз караңгылык.

– Ошол учурда биздин салтанаттуу жеңиштерибиз эч нерсе менен салыштырылбайт... – деп баштаганымда ал менин философиялык пикиримди бөлүп жиберди.

– Кийинки бир нече жума бою бутту дайыма жогору көтөрүлгөн абалда кармашыңыз керек, анткени катуу шишийт.

Биз коштоштук. Мен кийимдеримди алып бөлмөдөн аксаңдай чыктым.

Бир нече жума өткөндөн кийин айнек сымал денеме кан куюлуп, оң көзүмдүн торчосу жарылып кетти, бирок сол көзүмө караганда жеңил дарыланды. Саналуу күндөн кийин жумушка кайтып келдим. Бейтаптарыма салыштырмалуу жолум болду. Андыктан кесиптештериме терең жана бир аз иррационалдуу ыраазы болдум. Эми бул сезим баары ойдогудай өткөн бейтаптардын баарына эле тиешелүү болсо керек.

21. Астроцитома

Глия клеткаларынан пайда болгон мээдеги шишик, залалдуулугу боюнча баардык деңгээлде кездешет.

Биз тригеминалдык невралгияга чалдыккан бейтапка ийгиликтүү операция жасагандан кийин Игорь мени дагы Украинага чыдамсыздык менен кайра-кайра чакырды. Ал мээдеги оор шишиктерден турган бир катар операцияларды жасашымды өтүндү, айтымында мындай операцияларды украиналык улук кесиптештери жасай албайт. Мен анын энтузиазмына кошула алган жокмун, ага да муну айттым, бирок Украинага болгон кийинки сапарымда тамтыгы чыккан коридордо Игордун иш бөлмөсүнүн оозунда тизилген чоң кезекти көрдүм. Мээсиндеги коркунучтуу шишиктери бар бейтаптар мени менен жолугууну күтүп турушкан экен.

Мен ошол жылдары бир нече ирет болгон Игордун иш бөлмөсүндө, амбулатордук бейтаптарды кабыл алуу мен мурда кийин көргөн учурларга эч окшобогон, кызыктай көрүнүш болчу. Игордун атагы барган сайын алыска тарады. Ага консультатцияга кирүү үчүн бейтаптар Украинанын төрт бурчунан агылып келе башташкан.

Кабыл алууга карата алдын ала жазылуу деген жок: бейтаптар каалаган учурда келишчү, анын үстүнө, көрүнүп тургандай бир күн кечке күткөнгө да даяр болушчу. Мен келген күндөрү кезек күткөндөр Игордун иш бөлмөсүнүн оозунан тартып, бүтүндөй коридор менен төмөн карай узарып, аягы бурулуштан көрүнбөй калчу.

Биз эртең мененки саат сегизде ишке киришип, эс албастан түн ортосуна чейин иштечүбүз. Бөлмөдө бир эле учурда жакындары менен кошо бир нече бейтап болор эле, айрымдары кийимчен, айрымдары кийимсиз. Бизден интервью алган журналисттер менен телевизионщиктердин командасы да кошо ошол бөлмөдө отурган учурлар болчу, айрыкча бийлик менен жетекчилик Игорго каршы чыккан маалда көп болушчу. Үстөл үстүндө үндөрү бир да мүнөткө тыйылбаган үч телефон турар эле. Бөлмөдө жети-сегиз кишиден аз болгон учур сейрек. Мындай башаламандык кыжырымды келтиргендиктен, алдын ала жазылууну уюштурчу деп башында Игорду урушуп жүрдүм. Бирок ал "мындай системаны Украинада эч ким сактабайт, андан көрө адамдардын каалаган учурда келгени дурус" деп түшүндүрдү.

Игорь бейтаптарга катуу мамиле жасачу, кээде белгилүү бир деңгээлде аларга боору ооручу. Мен орус тилин да, украин тилин да билбегендиктен Игорь которуп бергенче алардын сүйлөшкөндөрүн божомолдоп отургандан башка аргам жок болчу, көп учурда божомолдорум туура эмес чыкчу. Бейтаптар өздөрү менен кошо мээсинин сүрөттөрүн ала келишчү, аки-чүкүсү жок эле дароо операция жасаганга болобу, жокпу сурашчу.

Англия медицинасында чечим кабыл алаардан мурда алгач жакшылап ойлонулат, сөзсүз бейтаптын оору бейнеси каралат, бейтап баштан-аяк текшерилет, андан кийин томограмма сүрөттөрү колго алынат. Бул жерде узак процесс тескерисинен аңтарылып, бир нече мүнөткө гана батырылат, ал секунддарга деле созулса таң калбайсың. Мен өзүмдү бир ишаратынан, гладиатордук салгылашууларда жеңилген жоокердин тагдыры көзкаранды болгон император Нерон сезип кеттим.

Сүрөттөрдүн сапаты адаттагыдай эле начар болгондуктан кырдаал татаалданып кетет. Ал жерде эмне чагылдырылганын түшүнүү кыйын, ушунчалык көп чечимди тез кабыл алгандан тынчсызданчумун, себеби бир чечимден бейтаптын өлүмү же өмүрү көзкаранды.

Кезектеги жолу келгенимде 1998-жылдын жай мезгили. Ал учурда Игордун саламаттык сактоо министрлигиндеги көп сандаган душмандары, мындан бир жыл мурда британиялык элчини кабыл алган оорукананын башкы дарыгерине басым көрсөтүшкөнү белгилүү болду. Биринчи келген күнү башкы дарыгер мага операциялык бөлмөгө кирүүгө тыюу салганын жана мени менен жолугушуудан баш тартканын билдим. Чындыгында бул жаңылык мага белгилүү бир деңгээлде жеңилдик алып келди, себеби колго алышым керек болгон учурлар күмөн жараткан, мындай ылайыксыз шартта операция жасоодон коркуп тургам.

Операция бөлмөсүнө кирүүгө мага тыюу салынган кабар тез эле гезиттердин биринчи бетине чыгып, эртеси ооруканада журналисттер адаттагыдан да көбөйдү. Түшкө жакын тигил же бул шишикти операция жасоого болор-болбосун ойлонуп, украиналык телеканалдын өкүлүнө маек куруп жатканымда, хирургиялык бөлүмдүн башчысы келип, тартуучу топтун мүчөлөрүнүн баарын оорукананын аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылды. Анын көзүндөгү килейген калың көз айнегине айкалышкан башындагы өзгөчө бийик "ашпозчунун" калпагы хирургдун түрүн ыксыз көрсөтүп турду. Мындан улам ага олуттуу мамиле кылуу кыйын болчу. Биз имараттан чыгып, маекти көчөдөн уланттык.

Мен бир аз мурда эле кабыл алып, ичимдеги уйгу-туйгу сезимиме карабастан операция жасоого макул болгон аял бейтаптан да интервью алышты. Андан мени операция бөлмөсүнө киргизбей жатышканына кандай карай турганын сурашты. Людмила Киевге, белгилүү профессор-нейрохирургдун кабыл алуусуна илинип калуу үчүн өлкөнүн түштүгүнөн келген. Акыркы айларда ал барган сайын бутуна араң туруп, томография болсо мээнин түпкүрүндөгү көйгөйлүү шишик: төртүнчү карынчадагы эпендимоманы көрсөткөн, бул шишиктин түбү кайырдуу болгону менен көп учурда бейтапты өлүмгө алып келет. Бул аялга жашаган шаарында операция жасоо жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес эле. Ал белгиленген убакытта кабыл алууга келген, бирок профессор кармалып жаткан. Сүрөттөрдү анын ординаторлору карап чыгышкан.

– Эгер жашагыңыз келсе, профессорду күтпөстөн кете бериңиз, - деди алардын бири. – Дарыгер Курильцке кайрылып көрүңүз. Анын батышта байланыштары бар, балким ал жардам бере алат. Эгер профессорго операция жасатсаңыз, анда көз жумасыз.

Ал тез эле кетип калды, бир нече күндөн кийин аны Игордун иш бөлмөсүнөн көрдүм.

Ошол кечте экөөбүздү тең кечки жаңылыктардан көрсөтүштү.

– Эмнени каалайсыз? - деди Людмиладан журналист.

– Мен жашагым келет, - деди ал бир калыпта.

Оор жана опурталдуу операцияны пландаштырып, аны менен кошо кылдаттык менен өлчөнгөн тобокелчиликти өзүңө алып жатканда жардам бергиң келген каалоого туруштук берүү кыйын, айрыкча муну менменсинген профессорго баш ийбей жасап жатсаң өтө оор. Эртеси эртең менен Людмила менен кезиккенде, эгер ал кааласа Лондонго келүүсүн уюштуруп берейин, ошол жактан операция жасайм деген сунуштан башка жол таба алган жокмун. Күтүлгөндөй эле ал макул болду.

Кийинки күнү Таняны биринчи жолу көрдүм. Игорь ооруканага сегиз жарымда эле чыгып кетели деген, бирок мен уктап калыптырмын. Жолго чыкканыбызда анын эмне үчүн мынча эрте шаштырганын түшүндүм: киевдик жол тыгын жарым сааттык жолду бир жарым сааттык машакатка айлантты. Ашмалтайы чыгып, кир болгон жеңил авто-унаалар менен жүк ташуучу авто-унаалардын баш-аягы көрүнбөгөн катарына кошулуп, Киевдин борбордук тарабын карай кең жолдо сантиметр сантиметрлеп жөргөлөп бараттык. Жолду жээктей тумандан араң көрүнгөн, чылым жана уюлдук телефондорду жарнамалаган килейген баннерлер илинип турат. Бир топ авто-унаалар киши басчу жолго чейин чыгып алып, жарык берчү карагайлардан жыландай буйтап баратышты. Чоң жол тандабастар болсо көзү көргөн ачык жерге, таптаза эле жолдун кир четине чыгып алышты.

Таняга кезек эң акыркылардан болуп жетти, ага чейин операция жасаганга болбой турган бир топ бейтаптарды кабыл алдым. Таня ал кезде он бир жашта болчу. Ал бөлмөгө кыбырап басып кирди (апасы сүйөп кирди). Чийилип калган сүрөттөн бир жылдан ашык убакыт бою өскөн чоң шишик көрүндү. Мындай чоң шишикти карьерам боюнча көргөн эмесмин. Кыздын апасы Катя экөө румын чек арасына жакын украин шаарчасы Городок деген жерден келишкен экен. Таня узун буттуу кулундай көрктүү кыймылдаган, чачы кыска кесилген, маңдайында көкүлү бар татынакай кыз болчу. Уялчаак, бир жак оозуна кыйшайган жылмаюсу бар эле, күлүшүнүн кыйшыгы башындагы шишиктен улам бет булчуңдарынын жарым-жартылай шал болушунан пайда болгон. Москвада да, Киевде да шишикке операция жасаганга болбойт деген бүтүм чыгарышкан, эртеби-кечпи, ал шишик бул кыздын өмүрүн алып тынары белгилүү болчу.

Башка бирөөнүн өмүрүн сактап калууга туруштук бере албаган сыяктуу эле, ал адамга анын өмүрүн сактап калууга күчүңдүн жетпесин айтуу да оор, айрыкча бейтап айласы куруган ата-энеси менен келген кичинекей бала болсо. Ал эми өзүңдүн алсыз экениңе толук ишенбесең, көйгөй андан бетер татаалдашат.

Дарыгерлерди, алар дайыма туш болгон адамдардын кыйналуусу менен өлүмү эмес, белгисиздик кыйнарын медицинага тиешеси жок адамдар биле беришпесе керек. Эгер жардам бере албастыгыңды анык билсең, ал бейтаптын өлүмүнө жол берүү анчалык кыйын эмес. Жакшы дарыгер албетте, боору ооруйт, бирок мындай кырдаалда баары түшүнүктүү. Жашоо деген ушундай, баарыбыз эртеби-кечпи өлөбүз.

Ал эми кыйынчылыктар, жардам бере аласыңбы же жокпу, аракет кылып көрүш керекпи же жокпу билбеген учурда жаралат. Танянын шишиги чындап эле мен көргөн шишиктерден кыйла чоң болчу. Шишиктин түбү кайырдуу экендиги белгилүү, аны теориялык жактан караганда кесип, тазаласам болот, бирок буга чейин бир да жолу жаш баланын мээсинен мынчалык чоң шишикти кесип көргөн эмесмин, атүгүл мындай операцияны жасагандарды да уккан эмесмин. Операция ийгиликтүү болбогон учурда дарыгерлер бири бирин көп учурда акылдуу болуш оңой деп сооротушат. Мен ошондо Таняны Украинада эле калтырып коюшум керек болчу. Апасына кызды кайра Городокко алып кетишин айтышым керек болчу. Бирок анын ордуна Таняны Лондонго алып келдим. Ошол жылы Таня менен Людмила Лондонго келишти. Мен аларды Хитроу аба майданынан тосуп алып, жакындары менен кошо биздин ооруканага алып келүүлөрүн уюштурдум. Ошондо алар менен ушул жерден жолукканыма өзүмдү кандай маанилүү жана сыймыктуу сездим! Эки операцияны тең мени менен Украинага көп барган кесиптешим жана жакын досум Ричард Хэтвиллд менен чогуу жасадым.

Людмилага жасалган операция сегиз саатка созулуп, укмуштуудай ийгилик менен жыйынтыкталды. Таняга эки жолу операция жасадым. Алгачкысы он саат ичинде жасалды, андан соң он эки саатка созулган экинчи операция зарыл болду. Эки операция тең опурталдуу кан жоготууга дуушар болду. Биринчи эле жасалган операция учурунда кыз организминде жүрүп жаткан кандан төрт эсе көп кан жоготту, анткен менен шишиктин чоң бөлүгү ошол бойдон козголбоду. Шишиктин калган бөлүгүн тазалоого багытталган экинчи операция ийгиликсиз болду. Таня инсульт алды.

Ал Украинага кайтып барганга абалы турукташканча ооруканада жарым жыл жатты. Мен кыз менен апасы экөөнү Гатвик аба майданына жеткирдим, мага Гейл күйөөсү экөө жардам беришти. Биз учакка отурууга карай кеткен кире бериштен токтодук. Танянын апасы экөөбүз бири-бирибизди көз ирмебей тиктештик: ал айласы куруган аянычтуу көздөрү менен, мен болсо кайгылуу көздөрүм менен. Биз кучакташтык, экөөбүздүн тең көздөрүбүз жашка толгон. Кызы отурган майыптар коляскасын кире бериш жакка түртүп жөнөгөн аял токтой калып, кайра жүгүрүп келип мени кучактады. Алар: үн-сөзсүз колу-буту майышып отурган кызын сүйрөгөн Катя менен украиналык дарыгер Дмитрий ошентти. Аларды кандай келечек күтүп турганын Катя менден жакшы түшүнсө керек.

Таня үйүнө кайтып баргандан кийин он сегиз айдан соң көз жумду. Ал болгону он эки жашта болчу. Жалгыз гана бир ийгиликтүү операциянын ордуна Таня, опурталдуу ырбап кетүү коштолгон, көп сандаган хирургиялык кийлигишүүлөргө кабылды (медицинада ырбап кетүүлөргө алдын ала пландалбаган баардык сценарийлер кирет). Бир жуманын ордуна ал ооруканада алты ай жатты, эң жаман алты ай. Акыр аягы Украинага кайтып барды, бирок Англияга келерден мурдагы абалынан да оор абалда кайтып барды.

Мен анын кантип, кандай кырдаалда көз жумганын билбейм. Кайтыш болгонун Игордон кокустан угуп калдым. Мен ага мээсиндеги шишиги бар башка бейтапты талкуулоо үчүн Лондондон чалдым. Сөз арасынан бир аз кабатырланып Таня жөнүндө сурадым.

– Аа, албы, өлүп калган, - үнүнө караганда анын тагдырына анчейин деле кызыкдар болбогондой.

Катя менен Таня эмнелерди башынан өткөргөнүн, Танянын өмүрүн сактап калууга күрөшкөн биз эмнелерди башыбыздан өткөргөнүбүздү ойлодум. Маанайым түшүп, бирок Игорь англисче жакшы билчү эмес, ошондуктан аны туура эмес түшүнүшүм да ыктымал.

Таняны акыркы жолу Киевге болгон кезектеги иш сапарымда көргөм. Катя кызын Городоктон мага көрсөтүү үчүн алып келген эле. Таня бирөөнүн жөлөгү менен акырындап басыптыр, бирок аябай алсыз, кыйшайган күлүшү болсо кайра кайтып келген. Операциядан кийин бир нече ай Танянын бети толугу менен шал болуп калган. Мындан улам сүйлөй алчу эмес, бети болсо бир да эмоцияны өткөрбөгөн бет каптай болуп, кээде гана кыймылсыз жаагынан ачуу жаш тамып кетчү.

Түрү бузулган же бети шал болгон адамдарга кол шилтеп коюу канчалык оңой экени, дудук бет капты элестеткен жүз башкалардыкындай эле терең сезимдерди жашырарын унутуп коюу канчалык оңой экени өкүнүчтүү. Таняга операция жасалгандан кийин бир жыл өткөн соң деле ал мурдагыдай сүйлөй же тамакты жута алчу эмес, бирок кекиртегине сайылган түтүгү жок дем алып калган. Катя Лондондо кызынын жанында алты ай бою жатты, анан кетерде Гатвик аба майданынан коштошуп жатканда кийинки келишимде мага сөзсүз белек камдап коюуга убада берген. Бул жолу ал Таняны гана эмес, бир чоң чемоданды да көтөрө келиптир. Ичинде менин урматыма союлган чочкодон жасалган ондогон узун колбасалар бар экен.

Ошондон бир нече айдан кийин Таня көз жумду. Ал ичи толгон шунттан улам көз жумса керек. Экинчи катастрофалык операциядан кийин анын башына дренаж түтүгүн орнотком. Түтүк оңой эле толуп калышы ыктымал болчу, натыйжада баш сөөктүн ичиндеги басым дароо көтөрүлөт. Кыз заманбап ооруканалардан алыс жашагандыктан бул көйгөйдү чечүү мүмкүн эмес эле.

Мен ага эмне болгонун эч качан так биле албайм, ошондой эле аны Украинанын жакыр түпкүрүнөн бир нече айга сууруп алып, ийгиликсиз операция жасап туура кылдымбы же жокпу, аны да билейм. Таня көз жумгандан кийинки алгачкы жылдарда Катя мага Жаңы жылдык куттуктоо каттарын жөнөтүп турду, алар мага январдын аягында жетчү. Мен аларды заводдой чоң ооруканадан орун алган иш бөлмөмдөгү жазуу үстөлүмө салып чогулттум. Аларды Танянын кайгылуу элесине, өз амбицияларыма жана жолум болбогон ийгиликсиз учурума арнап бир нече жума бою сактап жүрдүм.

*     *     *

Таня көз жумгандан кийин бир нече жылдан соң Украинадагы ишим боюнча даректүү тасма тартылмай болду, мен Катяга да кайрыла кетүүнү сунуштадым. Тартуучу топ менен биргеликте Киев менен Городокту ажыратып турган төрт жүз чакырым жолду басып өттүк. Кыштын аягы. Көчөдө тартылчу иштердин көп бөлүгү минус он жети градуста, терең күрткүлөрдүн ортосунда тартылды, бирок батышты карай жылган сайын кар акырындап азайып, жаз жыттана баштады, анткен менен көлдөр менен суулардын бетин дагы деле калың катмардагы муз каптап, адатта ал муздун үстүнөн кайырмакчан балыкчыларды көрүүгө болот. Катя менен кайрадан жолуккум келди: алар Таня экөө Лондондо жашаган алты айда ортобуздагы тилдик ажырымга карабастан жакын элек. Өзүмдү Танянын өлүмүнө күнөөлөгөнүмдү токтотпогондуктан кабатырланып жүргөм.

Городок шаарчасы башка батыш украиналык шаарлардай эле киши жок аңгырап, жакыр көрүнчү. Советтер Союзу таркагандан кийин экономикасы талкаланып, жаштардын көбү кеткен. Бул жерде да Украинанын дээрлик баардык жеринен кездешчү кароосуз калган кызыл кочкул түстөгү заводдордун имараттары турат, тегеректе бүт эле таштанды, талкаланып, сынган техника. Катя короосу кир кичинекей кирпич үйдө жашайт экен, биз келгенде ал менден бетер толкунданып, тынчсызданды, анан албетте, менин келишиме кубанды. Көлчүк менен ылайлардан басып өтүп, үйгө кирдик, ал жерден бизге даярдап коюшкан чоң дасторконго үй-бүлөсү менен чогуу отурдук. Тартуу иштери башталды. Мен катуу толкундангандыктан араң сүйлөп, атүгүл Катяны капа кылып көп тамак да жей алган жокмун. Украиналыктардын салтына айланган арак куюлган стакандарды кагыштырып, тост айтуу каадасын, такалып жатып аткардым.

Эртеси Катянын үйүнөн бир нече миль алыстыктагы токойдун жанындагы Танянын мүрзөсүнө бардык. Эки тарабында сейрек жылаңач бак-дарактар өскөн жол менен баратып, эскилиги жеткен бир нече кыштактан өттүк. Алардын ар биринде көк муз каптаган көлмө бар эле, жээгинде өрдөк-каздар. Православдык көрүстөн - таң калычтуу жай. Бул жердеги көрүстөндөр ондогон ачык түстөгү жасалма гүлдөр менен кооздолгон, ал эми мүрзө таштарында алардын алдына көмүлгөн адамдардын айнектелген сүрөттөрү же ташка чегилген портреттери сөзсүз болот. Бул жерде өкүм сүргөн идеалдуу тартип көрүстөнгө бараткан жолдогу эскилиги жеткен үйлөргө таптакыр туура келчү эмес.

Танянын көрүстөнүндө бетине кыздын сүрөтү чегилген эки метрлик таш туруптур, албетте, батыштын кишиси үчүн кызыктай көрүнүш, бирок жакшынакай экен. Күн тийип турду, жасалма гүлдөр мээлүүн соккон шамалга желбиреп, ал эми кошуна кыштактан тооктордун кукулуктаган үндөрү угулуп жатты. Кар дээрлик эрип, бир гана биз көрүстөнгө чейин басып келген айдоо жеринин үстүндө ак сызыктар жатат. Чар тараптан куштардын сайраганы угулду. Тартуучу топ жабдыктарын даярдаганча көрүстөндөгү таштар менен алардын бетине чегилген жүздөрдү карап чыктым. Бул жерде көмүлгөндөрдүн көпчүлүгү эң оор замандын тушунда жашашкан; 1920-жылдардагы жарандык согуш, 1930-жылдардагы ачарчылык, сталиндик репрессия доору, сүрөттөөгө мүмкүн болбогон апааттуу Экинчи дүйнөлүк согуш. Жок дегенде Украина калкынын төрттөн бир бөлүгү кыйноо менен өлтүрүлгөн. Бул адамдардан ошол жылдары эмнелерди башынан өткөргөнүн, тирүү калуу үчүн кандай компромисске барууга мажбур болушканын сурагым келди. Алар мени: "Биз өлүкпүз. Сен азырынча тирүүсүң. Анан сен убактыңдын калганын кандай кылайын деп жатасың?" деп айткылары келгендей карашты.

Игорь экөөбүздүн ишибиз тууралуу тартылган тасма чоң ийгиликтерди багындырды. Ал дүйнө боюнча көрсөтүлдү, бир топ сыйлыктарга ээ болду. Тасма соңунда мен Танянын көрүстөнүндө турган жери бар. Ал жерден кайгырып турганым көрүнөт. Бирок кыздын өлүмүнө гана эмес, анын жанынан оруна алган атасынын көрүстөнүн көргөнүм үчүн (муну көпчүлүк көрүүчүлөр эч качан билбейт) катуу кайгыргам. Буга чейин бир нече ай мурда Танянын атасы, Катя экөө таптакыр жакыр болуп калышкандыктан, айыл чарба жумуштарында иштеп акча табуу үчүн Польшага кетет. Ал миң доллар иштеп таап, Жаңы жылда үйүнө кетүүгө камынып жатканда, бирок анын өлүгүн табышкан. Акча жоголуп кеткен. Мен Катя менен Таня үчүн гана эмес, күйөөсүнүн өлүмүнөн улам да кезикким келген эле. Украинадагы жашоо – татаал нерсе.

22. Тирозинкиназа

Бир топ клеткалык функцияларды бөгөттөгөн же активдештирген фермент; тирозинкиназа ингибиторлору (ИТК) аталган активдүүлүгүн төмөндөтчү дары-дармектер рактын көптөгөн түрлөрүн дарылоодо колдонулат.

– Бизде кворум барбы? – деди төрага.

Тез эсепке алынып отургандар барын көрсөткөндөн кийин жыйын башталды. Бир катар тамашаларды узаткан төрага күн тартибине өттү.

– Бизде, бул жерде бүгүнкү талкууланчу технологияны колдоого алган топтун өкүлдөрү, бейтаптар отурат, - деди чачтарын ак басып, улгайган үч карыяны карап, алар жаңы технологиянын натыйжалуулугун баалоо боюнча комитеттин жанында, квадрат үстөлдүн бир тарабында отурушкан. – Кош келиңиздер! – Төрага ыраазы болгондой жылмайды.

Андан соң бейтаптардын жанында отурган олуттуу эки кишини көрсөттү.

– А бул жердегилер клиникалык эксперттер. Ошондой эле бүгүн биз карай турган ракка каршы дарыны чыгарган компаниянын өкүлдөрү да отурушат.

Акыркы сүйлөмдү айтып жатып үнүн бир аз формалдаштырып, расмий тонго өзгөртүп, алдында, жерде кагаздар салынган чоң кутулар турган, бири-биринен айырмаланбаган, кара костюмчан эки кишини карады. Алар артыбызда, бир-эки метрдей алыстыкта, үстөлгө жетпеген аралыкта отурушкан.

– Мистер Марш, клиникалык изилдөөлөр боюнча биздин башкы адис, сиздерге бул дарынын натыйжалуулугу тууралуу айтып берет, бирок менимче, алгач колдоого алган топтун бейтаптарына сөз берсек туура болот.

Үч карыянын бири бир аз толкунданып, тамагын кырып жасап, кайгырган түрү менен окуясын айтып баштады.

– Эки жыл мурда мага рак диагнозун коюушкан, бирок азыр менде бул оорунун алсыз түрү бар (ремиссия). Бирок эртеби-кечпи бул илдет баары бир кайра пайда болорун айтышты, ошондо дарылоонун жалгыз ыкмасы бүгүн сиздер карап жаткан дары...

Комитет тыптынч угуп отурушту. Бейтап өз баянын таптакыр тааныбаган кишилерге тартынбай айтып жатканына суктанбай коюу мүмкүн эмес эле. Ал ушундай эле оору менен жабыркаган бейтаптар үчүн колдоо көрсөтүү тобун уюштурганын айтып берди.

– Башында биз отуз алты болчубуз, азыр онтогуз гана калдык. Сиздерден өтүнүп кетер элем, - деди айласы түгөнгөндөй, - бул дарыны карап жаткан учурда жашоонун баалуу белек экенин жана ар бир күн эсептелип жатканын эсиңиздерден чыгарбасаңыздар...

Кийинки карыя рактан көз жумган аялын айтып берди. Аялы канчалык кыйналганын, өмүрүнүн акыркы айлары кандай жаман кыйынчылык менен өткөнүн сүрөттөдү. Үчүнчү бейтап болсо алдында жаткан дипломатты ачып, топтошкон бир топ кагаздарды алып чыкты. Анын чечкиндүүлүк менен ишке киришкени айкын көрүнүп турду.

– Азыр сиздердин алдыңыздарда турушума, - деп сөз баштады, - мениимче, дал ушул дары гана себепкер. Мага диагнозду он эки жыл мурда коюшкан, ал эми өзүңүздөр билгендей мындай ооруга чалдыккандар алгачкы беш жылда эле көз жумат. Дарыгерлер мага эч нерсе сунуштай алышкан жок, ошондуктан өз алдымча бул дары тууралуу изилдеп, анан Америкага бардым, ал жактан жаңы дарылардын клиникалык сыноосуна катыштым. Мага сыналган акыркы дары, азыр сиздердин алдыңыздарда турган дары. Мен муну сегиз жыл мурун ичип баштагам. Биздин саламаттыкты сактоо кызматы мага бул дарыны берүүдөн баш тартып жатышат. Азыркы учурда ага үч жүз миң фунт стерлинг кетти, өз чөнтөгүмдөн. Жолдоштор... – ал отургандардын баарын карап чыкты, - сиздер мени статистикалык бир көрсөткүч катары гана карабайсыздар деген үмүтүм бар.

Бир азга унчукпай күтүп отургандан кийин төрага мага бурулду:

– Азыр мистер Марш каралып жаткан препараттын таасирдүүлүгү боюнча айтып берет.

Ал мага маңдайындагы ноутбукту жылдырды.

Мен эки жыл мурда Улуу Британиядагы Ден соолук жана клиникалык жакшыртуу улуттук институтуна (NICE) жардам берүү үчүн чакырылгам. Медициналык журналдардын биринен жаңы технологиялардын таасирдүүлүгүн баалоо боюнча Комитетке кирүүнү каалаган улук хирург талап кылынганын көрүп калдым. Мен "технология" десе микроскоп жана хирургиялык шаймандар сыяктуу кызыктуу бир нерсе го деп ойлоптурмун, тилекке каршы, дарылар жөнүндө сөз экен. Бүтүндөй медициналык карьерам боюнча кулап калган жалгыз сынак фармакология болчу. Массалык маалымат каражаттары NICEты таш боор бюрократтардан турат деп күнөөлөгөндү жакшы көрөт, ал эми америкалык оңчул саясатчылар аны "Өлүм комитети" аташат. Бул таптакыр негизсиз айыптоо. Мен комитеттин жаңы дарылардын таасирдүүлүгүн баалап, аны Саламаттык сактоо улуттук кызматында колдонууга болобу, жокпу, чечим чыгарган процесс менен таанышкандан кийин аларга андан бетер суктандым. Айына бир жолу комитеттин штаб-квартирасы жайгашкан Манчестерге чейин поёздге отурам, ал жердеги чогулуш эртең менен кечке чейин жүрөт. Комитет мүчөлөрү кезек менен препаратка тиешелүү фактыларды айтып беришет. Бул жолу кезек менде болчу.

Мен сүйлөп жатканда бөлмөдөгү төрт дубалдын үчөөндө проёктор чагылдырган презентациянын слайддары биринин артынан бири чыгып жатты. Слайддар формасы жагынан ак фонго жазылган көк жазуулар, мазмуну жагынан тизмектелген фактылар, сандар, химиотерапияда колдонулган дарылардын айтууга кыйын узун аталыштары, аларды окуганда мен дагы такалып жаттым, булардын баары зериктирме болчу. Мен презентацияны жыйынга бир-эки күн калганда NICEтын жардамы менен аябай шашып жасагам. Комитеттин отуруму кеңири коомго ачык болгондуктан, адатта мен медицина боюнча лекцияларга кошуп койгон, интернеттен табылган тамашалар менен сүрөттөр жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес эле. Презентация он мүнөттөй созулду.

– Менин корутундум мындай, - дедим акыркы слайдка кезек жеткенде, - бул ИТК конкреттүү бир рактын түрүндө гана таасирдүү, тагыраак айтканда, бейтаптардын депрессиясы деңгээлин төмөндөтөт, бирок бул кыйыр жана субъективдүү жыйынтык. Клиникалык сыноонун негизине гана таянып, бул препаратты бейтаптын өмүрүн узартып, жашоосун жакшыртат деп бир түрдүү бүтүм чыгарууга болбойт. Сыноо жүрүшүндө бир топ бейтаптар көз жумган, ал эми жашоону жакшырткан маалыматтар болсо жокко эсе.

Ушундан кийин кофе ичүүгө он мүнөттүк тыныгуу жарыяланды. Мен төраганын жанына барып, эки жума мурда Украинага барганымды, ал жакта жаңы дарылардын клиникалык сыноосу кирешелүү иш экенин айттым. Көптөгөн ооруканалар ири фармацевтикалык компаниялар өткөргөн сыноолорго катышат, анан мага айтышкандай, бир эле бейтапты дароо бир нече сыноого тартышат, себеби ар бир тартылган бейтап үчүн дарыгерге акча төлөнөт. Эгер чындап ошондой болсо, анда чыгарылган жыйынтыктардын дээрлик мааниси жок дедим. Төрага айткандарымды жоопсуз калтырууну туура көрдү.

Кийинки болуп медициналык статистик сөз сүйлөдү, ал жаңы препараттын рентабелдүүлүгү тууралуу меселени көтөрдү, башкача айтканда, рак оорусунан өлүм алдында жаткан бейтаптар үчүн сөз болгон дарынын пайдасы ага сарпталган акчаны актоосу тууралуу айтты. Статистик акылдуу слайддарын айтып бүткөнчө такалып, какап-чакады. Анын презентациясы өзүнө графиктердин, таблицалардын жана ушул маселе үчүн акыркы жылдары иштелип чыккан ар түрдүү экономикалык моделдердин жардамы менен даярдалган кыскартууларды камтыды. Мен бир аз ойлондум да, анан менден жакшыраак түшүнгөн бирөө жарым болуп жатабы деген ой менен акырын тегерегимдегилерге көз жүгүрттүм. Эч ким билдирген жок, баардыгы бир калыптагы жүздөрү менен улам алмашкан слайддарды тиктеп отурушту.

Мындай экономикалык баа берүү учурунда, бейтаптар дарынын жардамы менен утуп жаткан өмүрдү узартуунун потенциалдуу мөөнөтү, ошол кошумча айлардагы жана жылдардагы жашоо сапаты потенциалдуу түрдө өтө эле төмөн болуп калуу ыктымалдуулугуна карата жөнгө салынат. Көпчүлүк өлүм алдындагы бейтаптардын, мисалы, өпкө рагына чалдыккандардын абалы өтө начар: аларды дем жетпөө, кан жөтөлүү, өлүмдөн коркуу сезимдери кыйнайт. Эгер бейтап дагы бир жылга узак жашаса (мындай илдетке чалдыккандар үчүн, айрыкча метастаз болсо, анда чанда кездешет) жана ал убакыт ичинде анын ден соолугунун абалы канааттандырарлык болсо, анда бул бир жылдын шарттуу маанисине туура келет. Ден соолугу начар болсо мааниси ошого жараша төмөндөйт. Бул жерде "сапатка ылайыкташтырылып узартылган өмүр" деген сыяктуу параметр колдонулат, ал эми анын так мааниси атайын ыкмалардын жардамы менен эсептелет. Теорияда алар өлүм алдында жаткан бейтаптардан алынгандардын, өздөрүнүн жашоо сапатына баа берген сурамжылоону камтышы керек, бирок иш жүзүндө муну жасоо кыйын, себеби ал бейтаптарга жакындап келе жаткан өлүмдү ачык айтууга туура келет. Ошол үчүн мындай темалардан бейтаптын да, дарыгердин да качуусу таң калычтуу эмес. Анын ордуна ден соолугу жайында адамдарга алар өздөрүн өлүм алдында жаткандай, кан жөтөлүп же катуу оорудан жабыркагандай элестетип, андан соң жашоо сапаты бул учурда канчалык деңгээлде төмөндөмөк экенине баа берүүлөрүн сунушташат. Алардын жооптору ракка каршы жаңы дарынын жардамы менен узартылган өмүрдүн сапатын аныктоого колдонулат. Мындай эсептөөлөрдү жүргүзүү үчүн ар кандай ыкмалар бар. Алардын бири оюн теориясы менен карым-катышта болгон стандарттык тобокелчиликке негизделген. Аны улуу математик фон Нейман сунуштаган (бул жөнүндө айтып кетүү маанилүү деп ойлойм), ал өз кезегинде кансыз согуш мезгилинде оюн теориясына таянып, Советтер Союзуна алдын ала эскертүүчү ядролук сокку узатууну сунуштаган. Ушул жерден стандарттык тобокелчилик ыкмасы – адамдардын өмүрү көзкаранды болгон чечимди кабыл алуу үчүн сөзсүз зарыл ыкма деген жыйынтык чыгарса болот.

Жогорудагы эсептөөлөрдүн аныкталбаган белгисиз жагдайларын дагы өлчөө кажет, бул учурда тапшырма андан бетер татаалдашат. Бирок кандай болсо дагы акыры кошумча чыгымдардын эффективдүүлүк коэффициенти аныкталып жатпайбы, ал бир өмүрдүн жаңы дарынын жардамы менен узартылган бир жылдык баасы азыркы учурдагы башка препараттарга салыштырмалуу канча экенин көрсөтөт. Эгер сумма 30 000 фунт стерлингди ашса, анда Ден соолук жана клиникалык жакшыртуу улуттук институту бул препаратты Саламаттык сактоо улуттук кызматында колдонууга уруксат бербейт, бирок кээде гана рактын сейрек кездешчү түрү менен ооруган бейтаптарга колдонууга жол берилет. Институт ар бир жолу препаратты тастыктоодон баш тарткан учурда бейтаптардын укугун коргогон ассоциация жана фармацевтикалык компаниялардан протесттер болуп турат. Телеберүүлөрдө ар кандай кыйноодогу оору менен өлүм алдында жаткан бейтаптар тууралуу жана институт менен саламаттык сактоо кызматын аларды дарылоодон баш тартты деп күнөөлөгөн сюжеттер пайда болот. Ошондо институтту "Өлүм комитети" деп атай башташат.

"Өлүм комитетинин" таш боор мүчөсүнө эмес, маңдай тери менен иштеген күжүрмөн кызматкерге окшогон медициналык статистик акылдуу слайддарына эптеп түшүндүрмө берүүнү улантты. Анын айткандарында түшүнүксүз аббревиатуралардан башка эч нерсе жоктой көрүндү, ошондон улам мен жанымда отурган кичипейил аналитиктен алардын айрымдарын чечмелеп берүүсүн сурандым. Доклад бүткөндөн кийин төрага чакырылган эксперттерге сөз берди, ал эми комитет мүчөлөрү суроо узатканга өтүштү.

– Биз бул препараттын пайдалуулугун кандай жол менен баалайбыз, эгер сыноо жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө бейтаптардын узартылган өмүрү тууралуу кургак статистикадан башка алардын кандай жашаганы тууралуу эч нерсе жок болсо? – дедим.

Жыйында көзкарандысыз эксперт катары чакырылган сакалдуу, олуттуу профессор-онколог отурган.

– Эгер өндүрүүчүдөн берилген документтерге көз жүгүртсөңүз, - деп акырын сөз баштады, мен анын үнүн араң уктум, - анда жашоо сапаты боюнча маалыматтар бир жөнөкөй себеп менен толук чогултулган эмес. Изилдөө жүргүзгөн дарыгерлер бул тема боюнча бейтаптарды сурамжылоо алардын өмүрүнө терс таасир тийгизет деген бүтүмгө келишкен. Бул химиотерапевтикалык ыкмаларды изилдөөдөгү типтүү көйгөй: өлүм алдында жаткан бейтапка сурамжылоону толтуртуу өтө кыйын. Анын ордуна салттуу ыкмаларды колдонууга туура келет. Бирок азыркы сөз болуп жаткан препарат – ушул рактын конкреттүү түрүнө каршы арналган химиотерапевтикалык каражаттардын ичинен дээрлик бир дагы терс таасири жок препарат экенин эске алуу зарыл.

Ал өлүм алдында жаткан бейтаптарды дарылоо кандай кыйын экенин, колунда натыйжалуу дарылоо ыкмалары аз экенин таасирдүү айтып берип баштады.

– Ушул препаратты колдонууга мүмкүнчүлүгүбүздүн болушун каалайт элек, - сөзүн бүтүрдү.

– Анын баасына карабай элеби? – деди төрага, ага өлүм соккусун узатып.

Бул жаман суроого эксперт жооп таба алган жок.

Талкуу соңуна жеткен соң, колдоо көрсөтүү тобундагы бейтаптарды, эксперттерди жана сырттан келген байкоочуларды тышка чыгып турууларын өтүнүштү, андан кийин аталган препаратты Саламаттык сактоо кызматына колдонууга берүү керекпи же жокпу, акыркы чечим чыгарылар отурумдун экинчи бөлүгү башталды.

"Бул препараттын жалгыз артыкчылыгы өлүм алдындагы бейтаптарга үмүт берүү экенин түшүнөсүздөрбү? Жанагы статистикалык катачылыктардын бири болор үмүттү, орточо мааниден узак жашоого болгон үмүттү бергениңерди билесиңерби? Ал эми үмүттүн пайдасын кантип баалайбыз?" деп практикалык экономисттер менен медиктерден сурагым келди. Бирок батына алган жокмун.

Мен оттой жанган курч тил менен сөз сүйлөсөм болмок. Ичер суусу түгөнгөн адамдар менен сүйлөшүүгө көп убакыт короттум, натыйжада адамга өлүм диагнозун койгондо баары кандайча тез өзгөрүп кетерин дени карды соо адам, анын ичинде мен да аңдап билбей турганыбызды түшүндүм. Өлүм алдындагы адам үмүт канчалык борпоң, канчалык көзгө көрүнбөгөн үлбүрөк болбосун, дарыгерлердин көпчүлүгү караңгылыкта карманган жалгыз жарыктын бүлбүлү сымал бул үмүттү тартып алгылары келгенине карабастан мындай бейтаптар баары бир үмүттү коё бергиси келишпей турганын биле албайбыз. Көпчүлүк бейтаптарда, психитарлар атаган диссоциация абалы пайда болот, мында дарыгер бейтап менен сүйлөшүүдө эки киши менен сүйлөшкөндөй болот: бири өлө турганын эң сонун билсе, экинчиси балким жашап кетем деп үмүттөнгөн адам. Өзүм бул өзгөчөлүктү апам акыркы күндөрүн жашаган учурда байкагам. Өлүм алдында адам, экономисттер тарткан моделдей - рационалдуу керектөөчү болбойт (эч качан болбосо керек).

Үмүт баасыз. Альтуристтер эмес, бизнесмендер башкарган фармацевтикалык компаниялар бул нерсени жакшы түшүнөт, ошондуктан өздөрүнүн өндүрүшүнө тиешелүү бааны коюшат. Жаңы технологиялардын натыйжалуулугун баалоо боюнча комитеттин (а бул болгону NICEтын бир бөлүмү) милдети фармацевтикалык компаниянын койгон баа саясатына каршы аракеттенүү. Бул максат албетте, суктанууга татыктуу. Бирок каралып жаткан препараттын баасы үчүн күмөн жараткан ыкма колдонулуп, дээрлик абсурддук деңгээлде; анан мен отурган бул адамдар өлүм алдындагы бейтаптарды дарылоо кандай иллюзия жана көйгөйлөр менен байланышканын, мындай дарылардын чыныгы наркы – бейтаптар орто эсеп менен бештен ашык ай жашап кетет делген статистикалык ыктымалдуулук эмес – бул үмүт экенин отургандар түшүнөт бекен деп ойлодум.

Бул ойлорду ичимде калтырдым. Себеби ири фармацевтикалык компаниялардын баа саясатына катуу каршы туруу керектигине бекем ишенем. Талкуу уланып жатты.

– Бирок МС өзүнө БСАны камтыбай жатпайбы! – деди өтө тынчсызданган жаш экономист. – Эгер пикиримди билгиңиздер келсе анда бул өтүнүчтү жокко чыгаруу керек...

– Ал анык былжырлуу сезгенген анусту айткан жокпу? – дедим жалпак тамашамды кармай албай, жанымда отурган кошунама.

– Жок, -деди ал. – Болжолдуу сенситивдик анализди айтат.

– Менде дайыма БСАмда көйгөй бар, - деди төрага. – Бирок четке кагуу маанилүү роль ойнойт, ал эми коэффиценттин болжолдуу эң аз мааниси – 150 000 фунт стерлингди түзөт. Анткен менен бул учурда EOLду колдонуу менен деле препаратты чыгарышат дегенге эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Жылына бир бейтапка туура келген 40 000 фунт менен рентабелдүүлүк жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес.

Кантсе да акыркы аббревиатруа мага тааныш эле. End of Life –жакында эле саламаттык сактоо кызматы рактын сейрек түрү менен жабыркаган чакан бейтаптардын тобуна кымбат баалуу дарыны колдонууга уруксат берүүгө мажбурланган компромисстин аталышы ушундай болчу.

Андан аркы талкуу ушундай эле түрдө жүрдү. Комитет мүчөлөрүнүн жарымы экономикалык анализдин табышмактуу тилинде ишенимдүүлүк менен берилип сүйлөп, ошол учурда экинчи жарымы түшүнгөндөй баш ийкешти.

Кантип эле алар эмне жөнүндө айтылганын түшүнсүн. Мен өзүмдүн түркөйлүгүмдөн уялдым.

Акыры төрага баардык комитет мүчөлөрүн кыдыра көз жүгүрттү.

– Биз макул эмес өкүм чыгарганга даярбыз деп ойлойм.

Чындыгында бул нерсе комитеттин сунушу коомдук кароого чыгарылат дегенди түшүндүрөт, ал эми баардык кызыкдар тараптар: бейтаптардын укугун коргоо ассоциациясы, өндүрүүчүлөр, дарыгерлер – акыркы чечим чыкканга чейин бул боюнча өз пикирлерин айта алышат. Ден соолук жана клиникалык жакшыртуу улуттук институту ишмердүүлүгү максималдуу түрдө ачык болушу үчүн талкууга анын аброю көзкаранды баардык "оюнчулар" катышуусу үчүн болгон күч аракетин жумшайт. Дарыны өндүргөн фармацевтикалык компания баары бир дарынын баасын төмөндөтөт деген мүмкүнчүлүк дайыма болот.

Лондонго чейин поёздге отуруп, кечки саат жетиде Юстон вокзалына жеттим. Январдын күүгүмүндө Ватерлоо вокзалына чейин эки миль аралыкты жөө бастым. Жүздөгөн кишилер менен катар эле смоладай капкара Темза суусунун үстүндөгү көпүрөдөн өтүп баратып, анын эки тарабында миллиондогон түнкү жарыктар менен айдыңдатылган ак кар баскан жакшынакай кечки шаарга көз чаптырдым. Аз убакытка, бир нече саатка өмүрүмдүн көп бөлүгүн өткөргөн оору, илдет, өлүм дүйнөсүнөн арылуу жагымдуу болчу.

23. Олигодендроглиома

Борбордук нерв системасындагы шишик.

Дем алыш күндүн кечи болчу, кийинки күнү мээ шишигине жасалчу үч операция күтүп турган. Жай өсүп келе жаткан менингиомасы бар мен курактуу аялга, олигодендроглиомасы бар жаш дарыгерге (мен ага бир нече жыл мурда операция жасагам, бирок шишик кайрадан пайда болуп, эми да операцияга муктаж, ал экөөбүз бул шишик анын өмүрүн алып тынарын жакшы билчүбүз), анан дагы бир бейтапка мен өзүм да көрө элек "Тез жардам" кызматы менен жеткирилген. Велосипедимди таштанды салынчу контейнерлердин жанындагы медайымдар адатта тамеки чеккен жердеги оорукананын жер төлөсүнүн эшигинин оозуна тээп бардым. Эшиктин кулпу дайымкыдай эле бузук болгондуктан жүк ташуучу лифт аркылуу имаратка велосипедим менен кирип, аны операция жасоочу бөлмөнүн киши кирбеген жерине коюп, бейтаптарды кыдырсам болот. Алгач эле менингиомасы бар бейтапты көрүү үчүн аялдар жаткан бөлүмдөн баштадым. Коридордон көп жылдан бери тааныш улук медайымдардын бирине кезиктим. Ал пальточон экен, нөөмөтү бүтүп үйүнө баратса керек. Ал көз жашын араң токтотуптур.

Мен анын колунан кармадым.

– Бул чарасыздык! – деди ыйламсырай. – Бизде персоналдар таптакыр жетишпейт. Табылган жалгыз жол эле агенттиктерден алынган медайымдар, алардын пайдасынан зыяны көп. Ооруканада жаман карашат деп жаңылыктардан чыгарышат. А биздин колубуздан эмне келет?

Медайымдар постунун жанында илинген ак тактайчаны карадым, ал жерде бөлүмдөгү бейтаптардын баардык тизмеси боло турган. Бирок орун жетишпегендиктен бейтаптарды бир бөлмөдөн башка бөлмөгө которо беришет, ошондуктан бул тактайда актуалдуу маалымат кээде гана илинет, конкреттүү бир кишини табуу көп учурда оңой эмес. Менин бейтабымдын аты-жөнүн тизмеден тапкан жокмун. Жанымдагы медайымдар катуу сүйлөшүп жатышкан, укканым боюнча алардын сөзү бейтаптарга тиешелүү эмес.

– Эртең операция жасалар бейтап, миссис Коудрей каякта? – дедим.

Агенттиктерден келген убактылуу медайымдардын бири мени сыдыра карады да, бейтаптардын тизмеси жазылган кагазды чөнтөгүнөн алып чыкты. Аны ишенимсиз карап, бир нерселерди күңкүлдөп ийин куушурду.

– Башчыңар ким? – дедим.

– Крис.

– Ал каякта?

– Азыр ал тыныгууда.

– Миссис Коудрей каякта экенин болжолдогон оюңар барбы?

– Жок. – Ал кайра ийин куушурду.

Ошондон кийин эркектер жаткан бөлүмгө кеттим, ал жакта бир нече каптал бөлмөлөр бар, кээде ал жерге бейтаптарды жайгаштырышат. Мен ал жактан тааныш медайымды көрүп жеңилдедим. Көпчүлүк филиппиндик медайымдар сыяктуу (биздин ооруканада мындай медайымдар аз эмес) бул медайымдын да кичипейилдиги, бейтаптарга болгон жылуу мамилеси баардык мактоолордон жогору турат.

 –А, Гильберт! – акыры тааныш жүздү көргөнүмө кубанып айттым. – Менингиомасы бар бейтабым ушул жердеби? Ага эртең операция жасалышы керек эле.

– Кечиресиз мистер Марш, бирок ал бул жерде эмес. Бул жерде эки эркек бейтап гана бар. Балким неврология бөлүмүнөн карап көрөсүз?

Мен анын кеңешин угуп, неврология бөлүмүнө жөнөдүм. Жакында эле оорукана жетекчилиги өзүнө гана белгилүү себептер менен нейрохирургиялык бөлүмдүн аялдар бөлүгүн инсульт менен жабыркаган бейтаптардын бөлүмүнө айланткан, ошол себептен биздин бейтаптарды бир кабат жогорудагы неврология бөлүмүнө которушкан. Тепкич менен көтөрүлдүм, эшик жабык экен. Ача турган магниттик картамды үйгө унутуп калыптырмын, андыктан чалууга туура келди. Эшик ачылганча көпкө күттүм. Кире бергенде эле сары дубалдуу коридор башталды, анын бир тарабында бейтаптардын бөлмөлөрү, ар биринде мал короодогу жанаша салынган уй байлоочу жайлардай бири-бирине жабыштырылган алтыдан койка бар.

– Эртең операция жасалар бейтабым кокустан силерде эмеспи? - медайымдар отурган посттогу узун бойлуу эркек медкызматкерден үмүттүү сурадым.

Ал мени шектүү карады.

– Мен мистер Марш, улук нейрохирург, - дедим өзүмдүн ооруканамда өзүмдү тааныбай жаткандарына жиним келип.

– Улук медайым Бернадет билиши керек. Ал азыр бейтап менен душ бөлмөсүндө, - деди жайбаракат.

Ошентип, ак резина өтүк кийип, полиэтилен алжапкыч тагынган Бернадет чыгырык менен баскан, бүкүрөйүп, майышкан кары бейтап менен душ бөлмөсүнөн чыкканча күттүм.

– А, мистер Марш! – деп жылмайды. – Сиз кайрадан бейтаптарыңызга мергенчиликке чыктыңызбы? Бүгүн бизде сиздин олжоңуз жок.

– Бул болбогон акылсыздык. Дегеле эмне үчүн бул ишти мен кылып жүрөм. Мен жыйырма мүнөтүмдү өлтүрдүм, эмнеге? Акырында жалгыз бир бейтапты таппай калуу үчүнбү? Балким ал бүгүн келген эместир.

Бернадет боору ооругандай жылмайды.

Экинчи бейтап, кесиби боюнча дарыгер, аялдар менен эркектердин бөлүмүнүн ортосундагы балкондогу үстөлдө ноутбук менен иштеп отуруптур.

Он жыл мурун курулган имараттын бул канаты башында мындан чоң болсо керек эле. Аны өз кезегинде өкмөт колдоого алып, жеке каржылык демилгенин акчасына курушкан, ошондуктан адатта мындай курулуштар кызыксыз болуп калат. Мындан тышкары курулушка тыйындар эле кеткен. Практика көрсөткөндөй, бул коомдук орто деңгээлдеги имараттарды тургузуунун эң кымбат жолу. Атүгүл айрымдар муну жеке каржылык экономикалык кылмыш деп эсептешет, бирок ага жооп берер эч ким болбойт. Эми анын карызга берилип кеткен облигациялар, кредиттик дефолттогу своптор жана башка бизди кыйроонун босогосуна алып келген каржылык махинациялардай эле карызга баткан маданияттын өнүмү болуп калганы таң калычтуу эмес.

Архитектуралык долбоордо каралган имараттын көпчүлүк бөлүктөрүнөн акырында баш тартууга туура келген, ошондуктан бул бөлүмдө адаттан тыш чоң балкондор пайда болгон. Алар бейтаптарга кооздук тартуулашмак, бирок жетекчилик өз өмүрүнө кол салуунун саны көбөйөт деп корккондуктан, бейтаптар менен кызматкерлерге балконго чыгууга тыюу салган. Анын айнек эшиктери дайыма бек турат. Бул балкондорду "өзүн өзү өлтүргүчтөрдөн" коргоо максатында айнектен тосмо жасатуу үчүн агитатциондук кампанияга кайрылып, каражат топтоого бир нече жыл коротууга туура келди (ал акчалар кийин имарат куруп, ага ээлик кылган жеке фирманын чөнтөгүнө түшкөн). Ошондон кийин мен тосулган территорияга чакан бала бакча курдум. Ал жер бейтаптардын арасында да, кызматкерлердин арасында да атактуу, сүймөнчүктүү жайга айланды. Жайдын ачык күндөрүндө бейтап бөлмөлөрү дээрлик бош, баардык бейтаптар жакындары менен бирге пляждык чатырлар, жашыл бакчалар менен курчалган балкондо эс алышчу.

Кырктын кырын жакында эле ашкан бейтап хирург-офтальмолог болуп иштечү. Бул ак көңүл жана жапалдаш бойлуу эркек (хирург-офтальмологдор көп учурда ушундай) өз курагынан жаш көрүнөт. Анын үч кичинекей баласы барын билчүмүн. Ал түндүктө иштечү, бирок өзү иштеген жерден алыс жерден дарыланууну чечкен. Беш жыл мурда бир жолку эпилепсиялык жыгылууга дуушар болгон, мээнин томографиясы каракуш мээ бөлүгүнүн оң жагынан шишикти көрсөткөн. Мен шишиктин көп бөлүгүн тазаладым, бирок лабораториялык анализдер ал шишиктин кайра кайталанчу түрүнө кирерин, залалдуу шишикке айланарын аныктаган. Бейтап операциядан кийин түзүк абалга келди, бирок жумушуна ишенимдүү кайтып баруу үчүн убакыт жумшалды. Ал шишик кайра пайда болорун билген, бирок экөөбүз тең жакында эмес деп үмүттөнгөнбүз. Биринчи операциядан кийин бул киши нурдантуу терапиясынан өткөн, абалы жакшы болчу, диспансердик байкоонун алкагында жасалган кезектеги томография шишик кайрадан өсүп жатканын жана залалдуу шишикке окшошуп баратканын көрсөткөн. Хирургиялык кийлигишүү теориялык жактан өмүрүн узартат, бирок беш жылдан ашырбайт.

Мен бейтаптын жанына отурдум. Ал ноутбуктан баш көтөрүп мени карады.

– Мына ошентип биз кайрадан жолуктук, - деди муңайым жылмайып.

– Эми бул өтө чоң эмес шишик, - дедим.

– Шишикти дарылоо мүмкүн эместигин билем, - деди ал ачууга муунуп. – Бирок сиз аны болушунча таза кесип саласыз да, туурабы? Бул кургур, - ал колу менен башын көрсөттү, - мени акырындап өлтүрмөй болду.

– Албетте, - дедим, маалымат макулдук формасын алдына коюп.

Баардык бейтаптар сыяктуу эле документти шектүү көздөрү менен сыдыра карап, көрсөтүлгөн жерге колун чиймеледи. Бир нече жума мурда амбулатордук бөлүмдөн жолугуп, операция тууралуу сүйлөшкөнбүз. Экөөбүз тең аны эмне күтүп турганын жакшы билгендиктен азыр бир нерсе кошумчалоонун мааниси жок болчу. Дарыгерлер бири-бирин белгилүү өлчөмдөгү кунарсыз тилектештик менен дарылашат. Адаттагы обочолонуу бузулат, ошондуктан ачуу чындыкты жаап-жашыруунун кереги жок. Дарыгер бейтапка айланганда кесиптештери ката кетириши ыктымал экенин түшүнөт, ошондуктан өлүмгө дуушар кылчу ооруга чалдыкканда алдыда эмне күткөнүн иллюзия менен элестетип күтпөйт. Ал баары мүмкүн, сыйкырдуу, укмуш нерсе болбой турганын билет.

Эгер менин мээмди акырындык менен залалдуу шишик жеп жатканын билсем кандай сезимде болмокмун же эмнени ойломокмун – элестете албайм.

– Сизге эртең биринчи операция жасалат, - дедим креслону артка түртүп, үстөлдөн өйдө болуп. – Саат сегиз отузда.

*     *     *

Мындан үч күн мурда ординаторлор кырктан ашкан ичимдикке берилген бейтапты кабыл алышкан. Аны өз үйүнөн полдо жаткан жеринен табышкан, ал денесинин сол капталын шал кылган соккудан улам жыгылган. Биз бул учурду эртең мененки чогулушта, аракечтер менен наркомандар жөнүндө сөз болгондо хирургдар сүйгөн заардуу манера менен талкууладык. Бирок мындай адамдарга киши катарында көрбөгөндөй мамиле кылабыз дегенге жатпайт. Болгону, эгер ойлоп көрсөң, адам өзүнүн бул абалына өзү күнөөлүү, ошондуктан мындай учурда аларга болгон оор тилектештиктен кутулуу оңой.

Мээнин томограммасы мээге кан куюлуп кеткен глиобластоманы көрсөттү.

– Стероиддерди колдонуп көргүлө, балким абалын турукташтырат. Анан жакындарын же досторун күтөлү, - дедим.

– Аялы жакында эле үйүнөн кууп жиберген, - деди бул бейтапты тааныштырган ординатор. – Аракечтигинен улам.

– Аялын урчу бекен? – деди кимдир-бирөө.

– Билбейм.

Бөлмөсүнө киргенимде бейтап керебетте жатыптыр. Стероиддин жардамы менен шалдыгы бир аз тараптыр. Бул бейтап менден бир аз жаш, ашыкча салмактуу, бети кызарып шишиген, узун, уйпаланган ак баскан чачтуу киши экен. Мен анын жанына, керебетке барып отурууга өзүмдү мажбурладым. Алдыбызда күткөн сүйлөшүүнү баштагым келбеди. Бейтаптын маңдайында турганда зарыл суроолорду тез-тезден берген жеңил.

– Мистер Мэйхью, - дедим. – Мен мистер Марш болом, улук нейрохирург. Эмне үчүн бул жерде экениңизди билесизби?

– Беш киши беш башка айтышты, - деди айласы куругандай. – Мен билбейм...

Анын үнү шал болгон тарабынан улам жакшы угулбады, сол бети кыйшайып калыптыр.

– Эсиңизде эмнелер сакталып калды?

– Менин башымда шишик бар.

– Тилекке каршы, ошондой.

– Меники ракпы?

Мындай сүйлөшүүнүн көпчүлүгүндө ушундай опурталдуу суроолор сөзсүз болот. А мен узакка созулган, кыйнаган сүйлөшүүгө даярмынбы? Же белгисиз фразалар, эвфемизмдер жана медициналык жаргондор менен кутулуп, бейтаптын оорусу менен кайгы сазына соруп кеткенче тезинен чыгып кетсемби, – чечишим зарыл болчу.

– Тилекке каршы, ооба.

– Мен өлөмбү? – ал коркунучтун белгиси менен кыйкырды. – Канча өмүрүм калды?

Бейтап ыйлап баштады.

– Балким, он эки айга жакын өмүрүңүз калды... – айтаарын айтып алып, ал өзүн кармана албаган абалынан коркуп, өкүндүм. Мага бул жакын келген өлүмдөн кокустан чыга калган, семиз, аракечтик менен жабыркаган, байкуш адамды сооротуу кыйын болду. Ошондо өзүмдү оңтойсуз алып жүргөнүмдү, ылайыксыз мамиле жасаганымды билем.

– Мен он эки айдан кийин өлөм!

– Эми, мен "балким" деп айттым. Дайыма үмүт деген болот.

– Бирок сиз менин өлөрүмдү билесиз да, туурабы? Сиз улук дарыгерсиз, туурабы. Мен өлөм!

– Эми, мен токсон пайыз гана билем. Бирок биз... – Мен полиция кызматкерлери, саясатчылар, дарыгерлер жакшы көргөн көптүк санга өттүм, себеби ал жеке жоопкерчиликтен кутултат. Биринчи жактын жекелик санында сүйлөгөн кишини оор жүктөн бошотот. – Биз операция жасап, сизге жардам бергенге аракет кылабыз.

Ал ыйлагандан ыйлай берди.

– Жакындарыңыз барбы? – жообун билсем деле сурадым.

– Мен жалгызмын, - деди ый аралаш.

– Балдарыңыз?

– Бар.

– Кантип эле алар сизди минтип катуу ооруп калганыңызда да көргүсү келбесин? – деп алып, кайра өкүндүм.

– Көргүсү келишпейт. – Ал кайрадан көз жашын көлдөттү.

Ал ыйлап бүтүп, өзүнө келгенче отурдум, анан бир канча мүнөткө унчукпастан отурдук.

– Демек сиз таптакыр жалгыз экенсиз да? – дедим.

– Ооба.. Билесизби, мен мурда ооруканада иштечүмүн. Мен ушул жерден өлөм да, туурабы? Шайтан алгыр десе... Азыр баарынан мурда каалаганым – чылым тарткым келип жатат. Сиз азыр эле менин өлөрүмдү айттыңыз. Мен тамеки чекким келип жатат.

Ал соо колун оозуна алып барып, ушул нерседен бүт өмүрү көзкаранды немедей тамеки соруп жаткандай оозун чормойто жалооруган көздөрү менен тиктеди.

– Сиз медайымдардан сурашыңыз керек: бул жерде эч кимге тамеки чегүүгө уруксат берилбейт, - дедим "Тамеки чегүүгө болбойт" деп оорукананын баардык жеринде чоң плакаттарда илинген белгилерди элестетип. Ошондой эле "ТАШТА!" деп кызыл-кара жазуу менен кире бериште да илинип турат эмеспи.

– Мен барып медайымдар менен сүйлөшүп көрөйүн, - дедим.

Бир медайымды таап ага кечирим сураган үн менен айттым:

– Мен азыр эле байкуш мистер Мэйхьюга көз жума турганын айттым. Ал өлөөрчө тамеки чеккиси келип жатат. Сиз жардам бере аласызбы?

Ал унчукпастан башын ийкеди.

Бир аздан кийин бөлүмдүн коридору менен өтүп баратып эки медайым бейтапты майыптардын отургучуна отургузуп жатканын көрдүм. Аны керебеттен көтөргөндө, ал токтобой кыйкырып жатты:

– Мага азыр эле өлө турганымды айтышты. Мен өлөм... Мен өлгүм келбейт!

Шал болгон адам тамеки чегип алуусу үчүн аны отургучка отургузуп, сүйрөп алып бара турган ооруканада жашыруун жер бар болсо керек. Биздин медайымдар кичине болсо да жүрөгүндөгү боорукерлик менен эстүү ой жүгүртүүнү жоготпогонуна сүйүндүм.

*     *     *

Үч жыл мурда чатырымдын үстүндөгү мансарданы кургам. Ал жерге эңкейтилген кичине терезелерди салгам, андан тышкары үйдүн арткы бетиндеги чатырында өтө бийик эмес тосмолор менен курчалган, жабык балконго чыгаруучу француз терезесин орнотком. Бул жерге бир отургуч менен бир нече отургузулган гүлдөр батат, андыктан жайдын кечинде жумуштан келген соң ушул жерде отурганды жактырам. Ооруканадан келип, бир бокал Жин-тоник менен балконго ыңгайлаша отурдум, ал жерден Лондондун түштүк бөлүгүнө тиешелүү типтүү көрүнүш ачык көрүнөт. Түтүн чыгарчу чоң түтүктөр, үйлөрдүн шифер чатырлары, бак-дарактардын алыска созулган катар тизмеги. Устаканамдын так маңдайында батып бараткан күндүн шооласына чагылышып, бакчадагы дарактардын үстүндө учуп жүргөн чымчыктарды карап бейтаптарымды ойлойм. Кесиптешимди, жаңы эле өлүм өкүмүн чыгарган кишини ойлоп отурдум. Ал кишинин кантип эле мындан ары үйүнө кайтып барбай, андан баш тарткан жакындары кантип ага экинчи келбей турушканын, ал кантип эле тааныбаган чоочун адамдардын кароосунда бул дүйнөдөн бөтөн бир бөлмөдөн көз жумганын кантип аңдады экен деген ойго чөмүлдүм. Мен аны таштап кеткенимди ойлондум, андан башка не кыла алмакмын? Күн батып, мен болсо кошуна чатырдын үстүндө чыйырчыктын тыпырап, жөрмөлөп баратканын уктум.

Кийинки күнү мен жасаган үч операция жөнөкөй болуп чыкты. Айтмакчы, менингиомасы бар аял ошол күнү башка бир бейтап бөлмөсүндө баары бир жаткан экен. Бир нече күн өткөндөн кийин аракечтик менен жабыркаган мистер Мэйхьюну менин бөлүмүмдөн которушканда аны имараттын башкы оозунан кирип баратканын алыстан көрдүм. Медайым майыптар отургучунда аны сүйрөп алыптыр. Ал мага соо колун булгалады, бирок анын учурашканы же биротоло коштошкону белгисиз болчу. Ошондон кийин ал кишини көргөн жокмун.

24. Гиперпатия

Катып калган дененин бир бөлүгүндөгү күтүлбөгөн катуу оору.

Мен тепкичтен жыгылып, бутумду сындырганда жай мезгили болчу. Куйкалаган ысык чилде чыгып кеткен. Эртең менен эрте көпкө созулбаган күн күркүрөп өттү. Уктап жаткан шаар үстүндө жаркырап чагылган күндүн күркүрөгөн үнүн тыңшап төшөктө жаттым. Бир күн мурда гипсти чечишкен. Анын ордуна бутума "Жылдыздар согушундагы" империялык чабуулчудан тартып алгандай үйлөтүлгөн, жармаштырма боосу бар ботинке кийгизип коюшкан. Ал бут кийим ыңгайсыз болчу, эми өзүм баса алам, аны кечкисин чечип коём. Көп убакыттан бери гипс катмары каптаган бутуңду кайра көрүү башкача болчу. Жамгырды тыңшап, төшөктө жатып кайрадан достошуп жаткандай бутумду сылап, тырмадым. Бутум шишип, күлгүн түстө болгондуктан өз бутумдай сезилген жок. Заманбап неврологиялык изилдөөлөр буттан айрылганда же кыймылсыз кармап жүргөн учурда ошол бөлүккө жооп берген мээ чыңалуусун азайтып, милдетин өзгөртөрүн көрсөткөн. Бутумдун мага тиешеси жок көрүнгөнү ошол нейропластика аталган көрүнүштүн себептеринен болсо керек, нейропластикалык көрүнүш - мээнин дайыма функционалдык конфигурациясын өзгөртүп турарын түшүндүрөт.

Бир айлык эс алуудан кийин кайрадан жаныман өткөн кишилерге бутумдагы "чабуулчунун" ботинкесин сыймыктануу менен көрсөтүп, жумушка велосипед менен бара баштадым. Ишке бейшембиде чыктым. Ал күнү амбулатордук бейтаптарды кабыл алмакмын, андыктан чогулуштан кийин клиникага барышым керек эле.

Бул жолу да чогулушта отурган ординаторлордун арасында жаңы келгендер бар экен, алардын ичинен бир дагы тааныш жүздү көргөн жокмун. Алардын бири алгачкы бейтапты тааныштырып жатты.

– Өткөн түнү бир гана бейтап келип түштү, - деди ал монитордогу рентген сүрөттү карап. – Айта турган кызыктуу деле эч нерсе жок.

Ординатор аудиторияга аркасын салып, отургучка чалкалап отурган. Көрүнүшүнө караганда ал кыйын көрүнгүсү келди окшойт, бирок ал эпсиз өспүрүмдү элестетип турду.

– Эч качан минтип айтпаңыз! – дедим. – Айтмакчы, сиз ким болосуз? Жана чоңойгондо ким болгуңуз келет? – жаңы келген стажёрлорго мен берген стандарттык суроолор.

– Хирург-ортопед, - деди.

– Түз отуруп, сүйлөп жатканда көзүбүздү карап айтыңыз, - дедим жигитке. Анан медициналык карьера көп жагынан өзүн жана өз бейтаптарын мындай учурда канчалык жакшы деңгээлде тааныштырарынан көзкаранды экенин түшүндүрдүм.

Улук ординаторлорго бурулуп мага макул же макул эместиктерин сурадым. Алар кичипейлилдик менен баш ийкей күлүштү. Эсине келе түшкөн стажёрго жаңы келип түшкөн бейтап тууралуу маалымат берүүсүн айттым.

Кичине тартынып, ал биздин жүзүбүзгө бурулду.

– Бул жетимиш эки жаштагы аял, үйүнөн эсин жоготуп кулаган.

Клавиатураны бир аз колу менен сыйкырлап болуп дубалга мээнин сүрөттөрүн чыгарды.

– Токтой туруңуз! – дедим сөзүн бөлүп. – Келиңиз, сүрөттү кароодон мурун алгач бейтап тууралуу сүйлөшөлү. Бейтаптын илдет бейнеси тууралуу эмне билебиз? Мурда абалы кандай эле? Башкалардын жардамына муктаж болгонбу? Кандай кырдаалда эсин жоготкон?

– Көрүнүшкө карай турган болсок, ал жалгыз жашаган, өз оокатын өзү камсыз кылып, өз алдынча кыймыл-аракетти ишке ашырган.

– Тамакты да өзү даярдачу бекен? – дедим моюн бербей. – Балким ал электр толкундуу меш сымал өзү тазаланып калар? Жамбашын өзү аарчычу бекен? Түзүк эле тил менен айтпайсызбы, менеджердей болбой. Сиз аны караган эч ким жогун, башкалардын жардамысыз өзү басарын айткыңыз келип жатабы?

– Ооба.

– Анан эмне болуптур ошондо?

– Кызы аны көргөнгө келгенде, апасын жерде жаткан жеринен тапкан. Ал жерде канча жатканы жакшы белгисиз.

– Орто жаштан өткөн калктын ичинде эс жоготуунун дифференциалдык диагностикасы кандай?

Стажёр бул абалдын бир топ себептерин санап берди.

– Глазго кома шкаласы боюнча берилген баа кандай?

– Беш.

– Санды айтпай эле коюңуз. Ал эч нерсени түшүндүрбөйт. Бейтаптын учурдагы абалы кандай?

– Ооруга көздөрү реакция берген жок, эч кандай үн жана рефлекстер байкалган жок.

– Жакшы, - дедим. – Анын акыбалын элестете алдым. Өткөн түнү аны текшергениңизде неврологиялык бузулууларды байкадыңыз беле?

Ал айласы түгөнгөндөй карады.

– Мен текшерген эмесмин.

– Анда кома шкаласы менен канча балл экенин кантип билдиңиз?

– Мага жергиликтүү ооруканадагы дарыгер айткан... – Анын үнү дирилдеп чыкты.

– Аны өз алдынча дагы текшерип чыгыш керек болчу. Бирок, - узатылган соккуну бир аз жумшартуу үчүн кошумчаладым, - сиз бул жерде бир нерсе үйрөнүү үчүн жүрөсүз.

Жаңы келгендерди ийлеген "ритуалдык ашкерелеп табалоодон" ыракат алган улук ординаторлорго бурулдум.

– Кечээ кечинде ким нөөмөттө эле?

Алты жылдык практикасы соңуна чыгып калган улук ординаторлордун бири Дэвид кечээги түнкү шашылышта өзү алекетенгенин айтты.

– Анын сол тараптуу гемиплегиясы бар болчу, - деди, - андан тышкары моюн булчуңдарынан өтө чоң эмес карышуулар байкалган.

– Текшерүү учурунда дагы кандай субарахноидалдык кан куюлуунун белгилерине көңүл буруш керек?

– Балким, көзгө субгиалоиддик кан куюлуу.

– Аныкы бар беле?

– Мен текшерген эмесмин. Биздин офтальмоскоп жоголуп кетип...

Биздин алдыбызга бейтаптын мээсинин сүрөтү чыкты.

– Энеңди урайын! – сүрөттү көрөрүм менен кыйкырдым. – Аны кабыл алууга эмнеге макул болдуңар, шайтан алгырдыкы. Жарым шарынын баарына кан куюлган турбайбы, ал жетимиш эки жашта комада жатат, биз аны дарылабайбыз да, туурабы?

– Көрдүңүзбү, мистер Марш, - деди Дэвид күнөөлүү үн менен, - аны жөнөткөн оорукана ал алтымыш эки жашта дешкен. Бул бейтап университетте лектор болуп иштечү. Кызы айткандай, ал абдан акылдуу аял.

– Эми мындан ары акылдуу боло албайт, - деди кесиптештеримдин бири.

– Кандай болсо дагы, - деди Дэвид, - бизде бош орундар бар, администратор бизге башка бөлүмдөрдөн бейтаптарды жаткырууга аракет кылган...

Дагы башка жаңы түшкөн бейтаптар барбы деп сурадым.

– Меланомасы бар аялды онколог жөнөттү. – Улук ординаторлордун бири Том тажрыйбасыз жаңы стажёрдун ордун алмаштыруу үчүн үстөлгө жакын барды.

Ал дубалга операция жасоого мүмкүн болбогон, ойку-кайкы эки шишикти чагылдырган мээнин томограммасын чыгарды. Мээдеги көпчүлүк шишиктер негизинен экинчи жолку болот, башкача айтканда, метастазалар менен кайталанат. Алар башка органдардагы рактын ар кандай түрлөрүнөн улам келип чыгат, мисалы көкүрөк, өпкө рагы же азыркы учурдагыдай тери рагынан пайда болот. Алардын пайда болушу бүтүп бараткан өмүрдөн кабар берет, бирок кээде операция аркылуу өлүмдү бир жылга же ошого жакын убакытка жылдырууга болот.

– Коштомо кат бул бейтаптын жумасына 140 порция ичимдик ичээрин белгилеген, - деди Том.

Биринчи катарда отурган ординатор кыздардын бири эсептеп жиберди.

– Ошондо күнүгө эки бөтөлкө ичет бекен, - деди таңыркай.

– Он сегиз ай мурда мээсиндеги шишикти башка ооруканадан тазалашкан, - деди Том. – Андан кийин нурдантуу терапия курсун өткөрүшкөн. Онкологдор бизден биопсия жасашыбызды каалап жатышат.

Аларга эмне деп жооп бергенин сурадым.

– Мен аларга бул шишикке операция жасоого болбостугун, биопсиянын зарылчылыгы жогун айттым. Бул меланоманын метастазлары экени айкын көрүнүп турат. Алар деле ушундайча өлүмдүн так диагнозун коюшса болот.

– Мага бул позитивдүү кадам жагат, - деди жанымда отурган кесиптешим. – Ошондо биз онкологдорго өткөрүп беребизби?

– Ичкенин уланта берсин! – арткы жакта отурган бирөө кубанычтуу кыйкырды.

Башка бейтаптар жок болчу. Баарыбыз сүрөттөрдү кароо бөлмөсүнөн чыгып, күнүмдүк иштерибиз менен тарап кеттик.

Диктофонду алуу үчүн иш бөлмөмө баш бактым.

– Галстукту чечкенди унутпаңыз! – деп кыйкырды өзүнүн иш бөлмөсүндө отурган Гейл.

Мен улук дарыгер болгондон бери жетинчи болуп алмашкан башкы дарыгер Саламаттык сактоо улуттук кызматында кабыл алынган жыйырма эки беттен турган кийим кодексине өтө катуу көңул бөлүп, атүгүл бизди, кесиптештерибизди жакындан тартып, галстук жана кол саат тагынып жүргөнүбүз үчүн тартип жазасы менен коркутуп баштаган. Улук дарыгерлердин галстук менен сааттары ооруканада жугуштуу оору таратат дегенге эч кандай негиз жок. Бирок башкы дарыгер бул маселеге ушунчалык олуттуу карагандыктан өзү кошо медкызматкердин кийимин кийип, биз бейтаптардын бөлмөсүн кыдырып чыкканча артыбыздан ээрчип алчу болду. Биз менен сүйлөшкөндөн баш тартканы менен ийне-жибине чейин эскертүүлөрдү берди.

– Анан саатты дагы! – деди Гейл күлүп, мен эшиктен чыгып баратканда.

Амбулатордук бейтаптар биринчи кабаттагы терезеси жок бөлмөдө күтүп отурушат. Өлүмтүктөй жымжырттыкта отурган бейтаптар абдан көп, себеби борбордук амбулатордук бөлүмдө бейтап кабыл алган ар түрдүү адистер бар. Бул жер бир караган кишиге эмгек биржасын эле элестетет, болгону простатит, паркинсон оорусу, былжырлуу жоон ичегинин сезгениши сыяктуу дагы башка жагымсыз оорулар тууралуу маалымат берген кагаздар илинген журналдык текче менен гана айырмаланат. Бул жерде дагы эки абстрактуу картина бар; бирөө күлгүн, экинчиси лимон-жашыл түстө. Бул сүрөттөрдү бир топ жыл мурда жаңы оорукананын расмий ачылышында королдук үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири келгенде искусство боюнча ооруканадагы консультант, булгаары шым кийген, энергиялуу аял илген.

Мени кабыл алуу бөлүмүнүн оозуна чейин узата тиктеген бейтаптардын жанынан өттүм. Бөлмөгө кирерим менен көзүмө биринчи урунганы – илдет бейнелеринен тургузулган вавилон мунарасы болду (алардын жыйылган бийиктиги эч качан жарым метрден төмөн болбойт). Ал мунара көп сандаган кагаздардан, четтери тытылган ар түстөгү папкалардан курулган. Мен бул папкалардан бейтаптын туулганы тууралуу маалыматтарды табам, а жолум болуп калса гинекологиялык, дерматологиялык же кардиологиялык ооруларын да табам, бирок эч качан бейтапты качан операция кылганым, тазаланган шишиктин анализ жыйынтыктарын таба албайсың. Тажрыйба көрсөткөндөй, бейтаптын өзүнөн сураган эң ылдам. Саламаттык сактоо улуттук кызматы медициналык жазууларды дайыма кайтарып, издеп, бир орундан экинчи орунга которуу үчүн абдан көп кызматкерди бөлүүгө мажбур. Тактай кетсек, алардын көпчүлүк бөлүгү бейтаптын ооруканага мурдагы келишинде ичегисин, табарсыгын бошоткондугу тууралуу маалыматтар жазылган, эч кимге кызыксыз, керексиз таблицалар турат. Мамлекеттик ооруканаларда күн сайын бир кабаттан экинчи кабатка буга окшогон жазуулардын тонналаган түрүн ташыса керек, эмнегедир алар архивде сакталат, мындай кызыктай ритуалды ойлогондо бейтаптардын ажаатканага барышын текшерип, артынан түшүп алган тезекчи коңуз эсиңе түшөт.

Амбулатордук бөлүмдүн кадыресе турмушу өтө опурталдуу учурлар менен айкалышат. Дал ушул жерде операция жасалгандан кийин бир жума же бир ай өткөн бейтаптарды, мага жөнөтүшкөн жаңы бейтаптарды, көп жылдан бери менин көзөмөлүмдө болгон бейтаптарды кабыл алам. Алар адаттагыдай эле кийимдер менен келет, мен дагы аларды өзүмдөй эле кабыл алам. Алар азырынча ооруканага кабыл алынганда баш ийүүгө мажбур, туткундалган чымчыктар сыяктуу же камакка алынган кылмышкердей колуна браслет тагылып, жаш балдардай түнкү көйнөк кийгизип керебетке жаткырылган стационардык бейтаптар боло элек. Бейтаптарды кабыл алууда сырттан келгендерге кирүүгө жол бербейм. Бир да студентти, стажёрду же медайымды, бир гана бейтап жана анын жакындары кире алат. Көпчүлүк бейтаптардан жай өсүп келе жаткан мээсиндеги шишик аныкталган, алар ушунчалык терең жайгашкандыктан операция жасоого болбойт, аларга нурдантуу менен дарылоо же химиотерапия сунушталат. Алар жылына бир жолу мага келип шишиктин өзгөрүп, өзгөрбөгөнүн билүү үчүн кезектеги томографиясын жасатып кетишет. Алардын кунарсыз, түнөргөн күтүү залында, эң жаман кабардан коркуп, менин өкүмүмдү күтүп отурууга мажбур экенин билем. Кээде аларды эч нерсе деле өзгөргөн эмес деп тынчтандырып койсом болот, бирок кээде сүрөттөр чоңоюп кеткен шишикти көрсөтөт. Өлүм бул адамдардын буттарынан түшпөй ээрчип алат, мен аны жашырууга же жок дегенде аларга жакындаган капкара караанын көрсөтпөй катууга аракет кылам. Сөздөрүмдү кылдат жана өтө дыкаттык менен тандап айтууга туура келет.

Нейрохирургия мээни гана эмес, жүлүндү да дарылоо менен алектенет, ошондуктан айрым бейтаптар менен кээде гана операция жасоо талап кылынган белдин оорулары жөнүндө сүйлөшөм. Дагы бир бейтаптар менен баш мээсиндеги көйгөйлөрдү сөз кылууга туура келет, ага өмүрү акырына чыгып келе жатканын же мээсине жасалчу үрөй учурган операция күтүп турганын айтууга мажбур болом, ошол эле учурда дагы бирөөнө өзүмдү боорукердигимди көрсөтүүгө мажбурлап, ага белдеги оору анчалык деле опурталдуу эместигин түшүндүрөм, ошентсе да жашоо баары бир татыктуу нерсе. Мындай баарлашуулардын бири мага ыракат тартууласа, экинчиси абсурддук чекке жетет, а үчүнчүсү таптакыр эле жүрөгүмдү оорутуп, кыйноого кептейт. Бирок бул жерден тажап кетүү мүмкүн эмес.

Жыйылган кагаздарды айласыз карап, компьютерди күйгүзүп, ордума отурдум. Андан кийин бүгүнкү бейтаптардын тизмесин карап, кимиси келип, кимиси келбегенин текшерүү үчүн каттоочу жайга бардым. Көргөнүм эле бир нече актай кагаздар болду. Каттоого алган кызматкерден бейтаптарымдын тизмесин сурадым. Ал бир аз тартынчыктай актай кагаздардын биринин артын каратты. Менин кабыл алуумду күткөн бейтаптардын аты-жөнү ошол жерде жашырылып туруптур.

– Амбулатордук бейтаптарды кабыл алуу боюнча жетекчилик купуялуулукту сактоо үчүн бейтаптардын аты-жөнүн көпчүлүк алдына чыгарбашыбыз керектигин айтты, - деди. – Тиешелүү тапшырма берилген. Бизге аны аткарууну айтышты.

Мен тизмедеги биринчи бейтаптын аты-жөнүн айтып кыйкырдым да, кабыл алуума келип отургандарды кыдыра тиктедим. Эки кары кишинин коштоосундагы жаш жигит ордунан шашып турду, үчөө тең катуу тынчсызданып, кичипейил көрүнүштү, бул жүрүм-турум дарыгерге келген баардык бейтаптарга тиешелүү эмеспи.

– Мындай купуялуулук сизге кандай, жактыбы? – дедим тажрыйбасыз каттоочу кызга. –Балким тери-венерологиялык клиникалардагыдай баардык бейтаптарга номер илип коёбуз?

Мен катточу жайдын текчесинен бурулдум.

– Менин атым Генри Марш, - деп алсыз жана ачуулуу бюрократиянын курмандыгындай эмес, кайра боорукер, кичипейил хирургга айланып, жаныма келген жаш жигитке өзүмдү тааныштырдым. – Мени менен жүрүңүздөр.

Биз бейтаптын кары ата-энеси менен бирге кабыл алчу бөлмөгө кирдик. Бир нече жума мурун бул жаш полиция кызматкери жашоосун түп тамырынан өзгөрткөн эпилепсиялык эсин жоготууга туш болгон. Бейтапты жергиликтүү "Тез жардам" бөлүмүнө жеткиришкен, ал жерден томография жасалып, шишиги аныкталган. Ал эсин жоготкондон кийин тез арада кайра өзүнө келип, айыккан, шишик кичинекей болгондуктан ага регионалдык нейрохирургия борборуна багыттама жазып, үйүнө жөнөтүшкөн. Багыттама жазылган кат мага келип жеткенче бир канча убакыт өткөн. Ал эми мени менен жолугушуу үчүн эки жума күтүүгө туура келди, жашайбы же жашабайбы – билүүсү үчүн эки жума күттү, себеби жергиликтүү дарыгерлер шишикти жакшы билбегендиктен так айта алышкан эмес.

– Отуруңуздар, - дедим, жыйылган кагазадр менен жай иштеген компьютер турган жазуу үстөлүмдүн бет маңдайындагы үч отургучту көрсөтүп.

Эсин жоготуп жыгылганы тууралуу ата-энеси менен бейтаптын өзүнөн кыскача сурадым. Эпилепсиялык эсин жоготуу учурунда болор көрүнүшкө туш болгон апасы бейтаптан да катуу коркуп кеткен.

– Мен уулум өлүп баратат ко деп ойлодум, - деди. – Ал ошол учурда дем албай калды, жүзү көгөрүп, бирок "Тез жардам" келери менен жакшы болуп кетти.

– Мен ооруканадан көзүмдү ачканымды гана билем. Андан соң томограммага тартышты, - деди бейтап. – Ошондон бери эң жаман нерсеге даярданып жатам.

Анын жүзүнөн өмүрүн сактап каларыма болгон айласыз үмүттөнүү менен "а балким сактай албай калсачы" деген коркунуч байкалып турду.

– Келиңиздер, анда сүрөттөрдү карап көрөлү, - дедим.

Мындан эки күн мурун бул сүрөттү карагам, бирок күн сайын алдымда ушунчалык көп сүрөттөр келип түшкөндүктөн, адашып калбаш үчүн аларды кабыл алуу учурунда дагы карап чыгам.

– Бул бир аз убакытты алышы мүмкүн, - дедим. – Баардык сүрөттөр сиздин жергиликтүү ооруканаңыздардын компьютердик байланышында турат, алар сырткы каналдар аркылуу биздин системага байланышкан...

Сүйлөп жатып керектүү ооруканалык байланышты издедим, аны таап басканымда сыр сөз жазуу талап кылынды. Күн сайын колдонууга туура келген сыр сөздөр көп болгондуктан эсимен чыгып жатты. Системага кире албай беш мүнөт убараландым. Жигит менен анын ата-энеси ар бир кыймылымды карап, мен айта турган өкүмдү күтүп канчалык толкунданып, кабатыр болушканын жакшы түшүнүп жаттым.

– Мурда баары жөнөкөй болчу. – Мен үшкүрүнүп алып компьютердин мониторун көрсөттүм. Сүрөттү алып чыгып, негатоскопко коюш үчүн отуз секунд гана кетчү. Мен эсимде болгон баардык сыр сөздөрдү жазып көрдүм.

Өткөн жумада он эки бейтаптын төртөөсүн сүрөттөрүн карай албай үйүнө жөнөткөнүмдү, натыйжада алар дагы, мен дагы жөн эле убакыт коротконубузду айтсам, булар андан бетер кабатыр болушмак.

– Биздин полицияда да ушундай, - деди жигит. – Азыр баары компьютерлешкен заман, бизге дагы кандай кылыш керектигин дайыма айтышат, бирок баары эле мурдагыдай жакшы иштей бербейт...

Мен Гейлге чалдым, бирок ал дагы бул көйгөйдү чече алган жок. Ал мага рентгенологиялык бөлүмдүн телефон номерин берди, бирок ал жакка чалганымда автоматтык жооп берүүчүгө түштүм.

– Кечирим сурайм, - дедим бейтап менен анын ата-энесине. – Жогору чыгып, жардам таап келгенге аракет кылбасам болбойт.

Залда күтүп отурган узун кезектин жанынан шашып өтүп, рентгенологиялык бөлүмгө чейинки эки кабаттык тепкич менен жүгүрүп чыктым. Колуңду жууганга чакырган жагымсыз үндү угуп лифтке түшкөнчө, тепкич менен тезирээк жетесиң.

– Кэролайн кана? – деп кыйкырдым кире бериштеги сурап-билүү жерине.

– Ушул жерде жүргөн, - деген сөз аркамдан угулду, мен аны издеп жөнөдүм. Акыры Кэролайнды таптым. Ага көйгөйдү түшүндүрдүм.

– Өзүңүздүн сыр сөзүңүздү жазып көрдүңүзбү?

– Ой, баарын жазып көрдүм.

– Анда мистер Жонсондун сыр сөзүн жазып көрүңүзчү. Адатта ошол туура келет. "Ары тургулачы 45". Ал компьютерлерди жана ага байланышкан баардык нерсени жек көрөт.

– Эмне үчүн кырк беш?

– Бул системаны бизге кырк беш жума мурун орнотушкан, ал эми сыр сөздү ай сайын алмаштырып туруш керек, - деди Кэролайн.

Мен кайра коридорду басып өтүп, тепкичтерден чуркап, кезек күткөндөрдүн жанынан шуулдап өтүп барып бөлмөгө кирдим.

– Бүгүнкү күндүн эң мыкты сыр сөзү – "Ары тургулачы 45" болуп чыкты, - дедим ыктымалдуу болгон өлүм өкүмүн күтүп отурган бейтап менен анын ата-энесине. Алар тынчсызданган абалда күлүп калышты.

Мен берилүү менен "Ары тургулачы 45" сыр сөзүн жаздым, бирок "менин укугумду текшерип" жатканын көрсөтүп, көпкө ойлонгон компьютер акыры сыр сөз таанылган жок деп чыгарды. Мен "Ары тургулачы 45" сыр сөзүн мүмкүн болгон баардык ыкмалар менен жазып көрдүм. Төмөнкү, жогорку регистр, пробел менен, пробелсиз. "Ары тургулачы 44" деп жазып көрдүм, "Ары тургулачы 46" бирок майнап чыккан жок. Мени тынчсызданган көздөрү менен карап, күтүп отурган бейтаптардын жанынан кайрадан өтүп, тепкич менен жогору жүгүрдүм. Клиника кечке чейин иштеп калгандыктан мага келген бейтаптардын саны да өсүп жатты.

Рентгенология бөлүмүнө келип, сурап-билүү жеринен Кэролайнды таап, "Ары тургулачы 45" туура келбей койгонун айттым.

– Анда, - ал үшкүрдү, - өзүм барайын. Балким сиз "Ары тургулачы" кандай туура жазыларын билбейт чыгарсыз.

Биз чогуу иш бөлмөмө түштүк.

– Бирок ойлонуп көрсөк, эми ал азыр "Ары тургулачы 47" болуп калышы да мүмкүн, - деп кошумчалады.

Кэролайн "Ары тургулачы 47" деп сыр сөздү терди. Компьютер менин укугумду текшерип, бирок чындыгында ал мистер Жонсонго тиешелүү болчу, акыры канааттанып, байланышка уруксат берди.

– Кармап койгонубуз үчүн кечирим сурайбыз. – Кэролайн күлгөн бойдон бөлмөдөн чыгып кетти.

– Мен өзүм деле ойлонсом болмок, - дедим өзүмдү акылсыз сезип.

Сүрөт жүктөлүп баштады.

Монитордо пайда болгон бейтаптын мээсинин сүрөтүнөн кичинекей ак шарикти элестеткен, мээнин сол бөлүгүн өйкөгөн аномалиялык тилке көрүндү.

– Эмесе мындай, - дедим бул жигиттин башында акыркы эки жума бою, айрыкча акыркы он беш мүнөт ичинде эмне болгонун эң жакшы түшүнүп, - ракка окшошпойт... Менимче, баары жакшы.

Ушул сөздөрдөн кийин үчөө жеңилдей түштү. Апасы уулунун колунан кармады, анан бири-бирин карап жылмайышты. Өзүм дагы катуу жеңилдедим: амбулатордук бөлүмдүн кабыл алуу бөлмөсүндө, маңдайымда отурган адамдарды көп учурда ыйлаганга жеткирем.

Аларга шишиктин залалдуу эместигин, бирок аны алып салуу үчүн операция жасаш керектигин түшүндүрдүм. Бир аз күнөөлүүдөй үн менен операциянын белгилүү бир тобокелчиликтерди алып жүрөрүн айттым. Андан соң бейтапка жана ата-энесине дем берген интонация менен дененин оң тарабынын шал болуп калуусу (инсульт учурундагыдай), сүйлөөдөн ажыроо ыктымалдыгы "беш пайыздан ашпайт" дедим. Эгер түнөргөн үн менен "бүтүндөй беш пайызды түзөт" десем анда таптакыр башкача угулмак. – Баардык операция тобокелчилик менен коштолот эмеспи, - деди бейтаптын атасы. Бул сөздү дээрлик бүт бейтаптар айтышат.

Мен макул болдум, бирок айрым тобокелчиликтер башкалардан кыйла опурталдуу экенин баса белгиледим. Нейрохирургиядагы башкы көйгөй бул – кымындай гана үзгүлтүк үрөй учурган кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Эгер операция көзөмөлдөн чыгып кетсе анда бейтап үчүн жүз пайыздык трагедияны түшүндүрөт, анткен менен мен үчүн ал ошол беш пайыздын алкагына кирип калат.

Алар айткандарыма унчукпастан баш ийкешти. Андан соң операцияга байланыштуу потенциалдуу коркунучтар, хирургиялык кийлигишүүлөр болбогон учурдагы тобокелчиликтерден кыйла аз экенин түшүндүрдүм, себеби шишик чоңоё бериши ыктымал, акырында залалдуу эмес шишиктер да өлүмгө алып келет, анткени баш сөөк жабык куту сымал, биздин башыбыздагы бош жер болсо аз.

Биз операцияга байланыштуу бир катар суроолорду талкууладык, андан соң аларды Гейлдин иш бөлмөсүнө узаттым.

Кийинки бейтап белиндеги оорудан жабыркаган жалгыз бой энени кабыл алдым. Ал буга чейин омурткасына жеке ооруканадан эки ийгиликсиз операция жасаткан.

Бул арык аялдын жүзүндө тынчсызданып, кабатырланган түрү биротоло сакталып калгандай көрүндү. Мындай көрүнүш көп учурда дайыма оорудан жабыркап, абдан кыйналган адамдарга тиешелүү. Мен реалдуу оору менен психологиялык оорунун ортосундагы айырмачылыкты бөлбөй калгам (бирок бейтаптарга бой көтөргөн айрым дарыгерлер азыркыга чейин эле ушундай). Кандай оору болбосун ал мээде жаралат, жалгыз айырмачылык аларды дарылоо ыкмасы. Тагыраак айтканда, эгер менин амбулатордук бейтаптарым туурасында айтсак, маселе алардын оорусун операция баса алабы же жокпу, кеп ошондо. Мындай оору менен жабыркагандарды дарылоонун оптималдуу жолу психологиялык жактан жардам берүү болсо керек дейм. Бирок андай жардамды мен кишилер толгон амбулатордук бөлүмдө көрсөтө турган абалда эмесмин. Кыскасы, белиндеги оорусу кыйнаган бейтаптар менен кээде мээсиндеги шишиги бар бейтаптарга караганда көпкө сүйлөшөм.

Сөз баштаганда эле бейтап ыйлап кирди.

– Мен катуу кыйналып, ооруп жатам, - деди, анын жанында отурган карыган энеси кызынын сөзүн тастыктагандай кабатырланып баш ийкеди. – Мен мындан ары минтип чыдай албайм.

Мен ооруга байланыштуу стандарттык суроолорду бердим (бул тизмени студент кезде эле жаттап бүткөм), - качан ооруп баштады, бутка таасирин тийгизип жатабы, кандай мүнөздө жана башка ушул сыяктуу суроолор. Убакыт өткөн сайын тажрыйба топтоп, бейтапты караганда эле анын эмне айтаарын билесиң. Мени менен коридордо аксап келген бул бейтаптын көз жашка жуулган жүзүн араң көргөн мен ага жардам бере албастыгымды түшүндүм. Омурткасынын сүрөттөрүн карап, нервдер үчүн орун жетиштүү экенин, ошондой эле башка ооруканадагы кесиптештеримдин орой жасаган операциясын көрдүм.

Жасалган операциянын ойдогудай болбой калышын бири-бирине каршы эки себеп менен түшүндүрсө болот: биринчиси операция тиешелүү түрдө жасалган эмес, аны кайра жасаш керек, а экинчиси хирургиялык кийлигишүү жардам бере албайт. Мунун баарын бейтап аялга түшүндүрдүм, дагы бир операция аны оорудан айыктарбасын айттым.

– Бирок мен мындан ары минтип чыдай албайм, - деди ачуусу келип. – Мен дүкөнгө бара албайм, бала карай албайм.

Аялдын көздөрүнөн кайрадан жаш тоголонуп кетти.

– Мунун баарын мага жасаганга туура келип жатат, - деп кошумчалады апасы.

Эгер азыркы учурга тиешелүү айткандарыма ишенимдүү болсом, анда унчукпастан терезеден көрүнгөн авто-унаа токтотуучу жайды, жолду, аркы беттеги көрүстөндү карабаганга аракет кылып, бейтап болгон жашын төгүп бүткөнчө күтүп отуруудан башка аргам жок. Андан кийин натыйжасыз баарлашууну аягына чыгаруу үчүн тилектештик сөздөрүмдү тандап айтышым керек. Анан эң аягында аны дарылаган дарыгердин бейтапка жардам берүүчү клиникага жөнөтүүсүн сунуштайм.

– Сиздин омурткаларыңыз жайында, - дейм адатта, сүрөттөгү омурткалар жалпысынан түзүк көрүнгөнүн эстетким келбестен (мындай көрүнүш сейрек эмес). Андан тышкары, көнүгүү жасоонун маанисин, кээде ашыкча салмактан арылуу керектигин түшүндүрөм, бирок мындай сунуштар көп учурда жакшы аткарылбайт. Бүгүнкү күндө эски учурдагыга салыштырмалуу мындай байкуш адамдарды сындап, жемелебейм. Анын ордуна ийгиликсиздикти моюнга алам, кээде мындай бейтапка операция жасаган хирургду жемелейм, айрыкча бул операция акча үчүн гана жасалса (көп учурда ошондой).

*     *     *

Андан кийин элүү жаштардагы аялга кезек жетти. Бул бейтапка пенсияга чыгып кеткенине көп болгон кесиптешим жыйырма жыл мурун мээсиндеги чоң шишикти тазалап, операция жасаган. Бейтаптын өмүрү сакталды, бирок ошондон бери бетиндеги өнөкөт оору кыйнайт. Бир дагы дарылоо ыкмасы жардам берген эмес. Бетиндеги оору операция учурунда беттин бир тарабына жооп берген сезүү нервдеринин бири үзүлүп кеткенден улам пайда болгон. Бул көйгөйдөн кутулуу мүмкүн эмес, мындай учурду хирургдар "курмандыкка чалуу" деп аташат. Натыйжада, бейтаптын тиешелүү бетинде эч нерсени сезбей катып калуу пайда болот, өтө эле жагымсыз көрүнүш, бирок көпчүлүк ага акырындык менен көнүп кетишет.

Бейтап ушунчалык узак сүйлөдү, ал көп сандагы колдонгон дары-дармектерин, дарылоо ыкмаларын айтып, ага кошумча "пайдасы жок" дарыгерлерди да жамандап өттү.

– Сиз нервди кесип салышыңыз керек, - деди. – Мен мындан ары минтип жашай албайм.

Мен ошол кесилип салынган нервден улам көйгөй жаралганын түшүндүрүүгө аракет кылдым. Адамдын колун же бутун кесип салгандан кийин деле сырткы дүйнө үчүн жок буту менен колундагы ооруну сезе берет, анын баары мээдеги импульстарга байланыштуу экенин айттым. Бейтапка анын оорусу бетинде эмес, мээсинде экенин түшүндүргөнгө аракеттендим. Бирок анын кебетесинен, бетиндеги оорусун мен олуттуу кароодон баш тартып жаткандай, илдетин оюнан чыгарып алганын ойлоп жаткандай түшүнгөн сыяктанды. Ал бөлмөдөн биринчи келгендегиден да катуу ачууланып чыгып кетти.

*     *     *

Диспансердик каттодо турган бейтаптардын арасындагы Филип аттуу кырк жаштардагы эркек бейтап кабыл алуума кайрылды. Ага он эки жыл мурда операция жасагам. Анда олигодендроглиома аталган шишиктин көп бөлүгүн алып салууга жолум болгон, бирок ал кайрадан өсүп баштаптыр. Жакында Филипп химиотерапия курсунан өткөн, бирок экөөбүз тең бул шишик акыры аны алып тынаарын билчүбүз. Бул теманы өткөн жолку жолугушууда талкуулаганбыз, ошондуктан кайра ага кайтып келүүнүн мааниси жок болчу. Филип көп жылдан бери көзөмөлүмдө болгондуктан жакындан тааныш болуп калганбыз.

– Жубайыңыз кандай? – деди кабыл алуу бөлмөсүнө кирип баратканыбызда, анан мен Филип менен өткөн жолку жолугушуубузда аялым Кейтти эпилепсиялык эсин жоготуудан улам ооруканага жаткырышканын айтып, полициядан чалышканын эстедим.

"Кабатырлануунун кереги жок", - деп полиция кызматкери эскерткен үн менен айткан эле. Мен Филипти шашылыш текшерип бүтүп, "Тез жардам" бөлүмүнө жөнөгөм. Ал жерден бетине чейин аккан кандан аялымды араң тааныгам. Кейт Уимблдонстогу соода борборлорунун биринде жүргөндө эсин жоготуп жыгылган экен, ошол учурда алдыңкы эринин катуу тиштеп алган. Бактыга жараша, олуттуу жаракаттар болгон жок, ал эми пластикалык хирургия бөлүмүндөгү кесиптеш жараатты жакшынакай кылып тигип койгон. Мен Кейтти невролог кесиптештеримдин бирине кабыл алуусуна сүйлөштүм.

Ал учурда мага оор болгон: эпилепсиялык эсин жоготуу мээдеги көп шишиктердин белгиси экенин жакшы түшүнчүмүн, андан тышкары уулумду эстеп, дарыгердик кесип, мени дагы, үй-бүлөмдү дагы бейтаптар чалдыккан оорудан сактай албастыгын эң сонун билгем. Бул ойлорумду Кейтке айткан эмесмин, ошондуктан томограмманы жөн гана формалдуулук үчүн жасатыш керек деп койгом. Кейт – биринчи класстагы антрополог, медициналык билими жок, бирок мен анын байкагычтыгына баа бербептирмин. Кийин ал түшүнүү үчүн нейрохирургия боюнча жетиштүү эле маалымат алгандыгын айтты. Мээдеги шишик көп учурда адамдарды эпилепсия менен "сыйлайт". Томография жасаганга мүмкүнчүлүк болгончо бир жума күтүүгө туура келди, ошол убакыт бою биз бири-бирибизден коркунучтарыбызды жашырып жүрө бериптирбиз. Сүрөттөр шишиктин жок экенин көрсөттү. Менин бейтаптарым дагы томография жыйынтыктарын күтүп, ушундай тозоктон өтөрүн ойлоп бул көрүнүштү жагымдуу дей албайсың, алардын айрымдары бир жумадан да көп убакыт күтүшөт эмеспи.

Филиптин бул окуяны унутпаганы жагымдуу болду, анан ага аялымдын абалы жакшы экенин айттым, эми анын эпилепсиясы көзөмөл алдында. Филип мурдагыдай эле жумасына бир нече жолу эсин жоготуп жыгылганын, аны айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратышканын айтты. Мындан улам бизнесин дагы токтотууга туура келген.

– Анткен менен химиядан жакшы эле арыктап калдым, - деди күлүп, - мен арыктап жакшыраак көрүнүп калыптырмынбы, э? Менин жүрөгүм айланып, жакшы эле кусуп жатам. Бирок тирүүмүн. Тирүү экениме бактылуумун. Албетте, бул эң башкы нерсе, бирок айдоочулук күбөлүктү да алыш керек. Менин жөлөк пулумдун көлөмү болгону жумасына алтымыш беш фунт. Буга жыргап деле жашай албайсың.

Филипти дарылаган дарыгер аны эпилепсия боюнча адиске жөнөтүшү керектигин айтаарыма сөз бердим. Бейтаптарымдын көйгөйлөрүн угуп отуруп, алардын жанында менин кыйынчылыктарым эч нерсеге татыбай калат. Ошол көйгөйлөрүмө кайгырып жатканымды ойлоп бул жолу да өзүмдөн уялдым. Башкалардын ушунчалык көп кыйынчылыктарын, ооруларын көргөндө жеке кыйынчылыктарыңа жеңил карап калсаң боло тургандай сезилет. Бирок тилекке каршы, андай болбойт.

*     *     *

Ошол күнкү кезекте акыркы болуп тригеминалдык невралгия менен жабыркаган отуз жаштан ашкан аял кирди. Мен ага өткөн жылы операция жасагам, бирок бир нече айдан кийин кайталанган илдеттен улам ал кайрадан ооруканага кайрылган. Кээде операция жардам бербейт. Мен муну элес-булас эстедим. Андан кийин эмне болгонун эстей албадым. Илдеттер бейнесин казып чыктым, бирок ал жактан пайдалуу маалымат тапкан жокмун. Ал айымдын жүзүнөн ооруган, муңайыңкы түрүн элестетип, кечирим сурачу сөзүмдү даярдап алдым. Бирок ал таптакыр башкача көрүндү. Анын жаркыраган жүзүн көрүп таң калганымды айттым.

– Операциядан кийин менде баары жакшы, - деди.

– Бирок мен оору кайра кайтып келген экен деп ойлоптурмун.

– Сиз мени экинчи жолу операция кылбадыңыз беле!

– Чын элеби? Ой, кечиресиз, бейтаптарымдын көптүгүнөн кээде ушинтип унутуп калам...

Жыйылган папкалардын арасынан аялдын илдет бейнесин сууруп чыктым. Бул бейтапка кайра дагы бир жолу операция жасалганын издеп таппадым. Калың кагаздардын арасынан күрөң бир бурч көрүндү, бул кагаздын бетин Саламаттык сактоо улуттук кызматы оңой таап алуу үчүн жакшы эле кам көргөн.

– О! – дедим. – Карасаңыз. Жасалган операция тууралуу отчётту табууга күчүм жетпесе да сизде 23-апрелде төртүнчү типтеги стул болгонун айта алам...

Бейтапка, дыкат ойлонулуп, өңү да ошого ылайыкташтырылып күрөң түскө боёлгон стулду көзөмөлгө алчу таблицаны чоң ачып көрсөттүм.

Ал документти ишенбегендей карап, каткырып күлдү.

Мен ага кийинки стулу бешинчи типте болгонун: "заңдын массасы чоң эмес жана жер жаңгак сымал тоголок кесек түрүндө" деген жазууну көрсөттүм. Анан бейтапка, анын тамак сиңирүү иши, нейрохирург катары мен үчүн баары бир экенин, бирок фонддун жетекчилиги үчүн биринчи деңгээлдеги маанилүү маселе экенин айттым.

Биз дагы таблицаны карап көпкө күлдүк. Бул бейтап менен алгачкы ирет жолукканыбызда ооруну басаңдатуучу дарылардан улам, анын көздөрү тумандашып, бозомук тартып турган, ал эми оозун ачууга жасаган ар бир аракети жан кыйнаган ооруга алып келчү. Эми ал жаркылдап күлүп отурат. Ал ордунан туруп эшикти карай жөнөдү, бирок кайра кайрылып келди да, бетимен өптү.

– Биз мындан ары эч качан көрүшпөйбүз деп үмүттөнөм, - деди.

– Сизди эң жакшы түшүнөм, - дедим.

Ыраазычылык

Бейтаптарым жана кесиптештерим бул китеп үчүн мени кечиришет деген үмүттөмүн. Мен айтып берген окуялардын баары чыныгы жашоодо болуп өткөн, бирок купуялуулукту сактоо максатында, бир топ майда жерлери өзгөртүлдү. Биз ооруп жатканда биздин кыйналуубуз түздөн-түз бизди жана биздин жакындарыбызды козгойт, аларга таасирин тийгизет, бирок дарыгер үчүн бул болгону дагы бир окуялардын бири.

Менин акылман жардамчым Жулиан Александер жана менин эң сонун редакторум Би Хемминг зор жардам көрсөтүштү. Алардын сунушу болбосо бул китеп ушунчалык жаман деңгээлде болмок. Досторум Эрика Вагнер, Паула Милн, Роман Золтовски жана байкем Лоуренс Марш менин бул китебимдин алгачкы оңдолбогон нускасын кичипейилдик менен окуп чыгышып, айрым пикирлери менен бөлүшүштү. Колдоо көрсөтүү жөндөмдүүлүгү боюнча жана бейтаптарга жасаган камкордугу боюнча алдына киши салдырбаган катчым Гейл Томпсон менен жыйырма жети жыл бою бирге иштөө бактысына ээ болдум.

Бул эмгек аялым Кейттин сүйүүсү, кеңеши жана көмөгү болбосо эч качан бүтмөк эмес. Китептин аталышын дагы өзү ойлоп тапкан жубайым Кейтке ушул эмгегим арналат.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз