АҢГЕМЕ
Башка курбуларым өңдүү эле, алгачкы сүйүүмдү мен, болочоктогу махабатыма бирден-бир негиз болот деп ойлодум. Бирок ал сүйүүмдүн өмүрү өтө кыска болду. Өз кезегин башкага берип, алмашып кетти. Ал эми, анын калдык учкундары болсо, кез-кез жылт-жулт этип, азырка чейин көзүмө көрүнө калып жүрөт. Мен кетип, алыскы шаарда окудум. Мына эми, бир нече жыл өткөн соң кайра келип отурам. Көңүлүм тартканы үчүн, өзүм билим алган орто мектепке атайын бардым. Классыма кирдим. Бардыгы өзгөргөн, бардыгы жаңы адамдар менен толгон. Өз кезинде, асиресе кечинде мектептин, үчүнчү кабатына чыгып, аяк-быякты карап отурууну жакшы көрүүчү элем.
Ал жерден шаардын көп жерлери көрүнөт. Сай боюнун көк көпүрөсү, беш кабат ун заводу, электр станциясы... Үчүнчү кабатта, тышка каратып орнотулган чоң жыгач саат бар. Ал жүрбөйт. Анын циферблатына: «Мен эмнегедир азыр катуу ойлонуп отурам!» деп кызыл карандаш менен жазып койгон экенмин. Аны таанып, таптым да узактан-узак карап турдум. Өз кезинде мени ээлеген ошол туруксуз ойлор, азыр да жүрөгүмдө тутанып кеткенсиди. Мектептен көчөгө чыктым. Менин биринчи сүйүүмдүн ээси Жамила эсиме тушкөн эле. Эх, ал кезде, эң жакшы көргөн бир кишим ошол эмес беле! Экөөбүз бири-бирибизди көрбөй тура алычу эмеспиз. Эми ойлосом бирибиз үчүн бирибиз жаныбызды тигип койгон экенбиз.
Экөөбүз караңгы түндөрү көчө бойлоп, акырын басчубуз. Ортобузда эч кандай сөз болбосо да, жөн эле унчукпай басып жүргөнүбүздүн өзү канчалык терең сезим ойготкондугун азыр сиздерге айтып бере албаймын.
Бир күнү мен атайын барып, Жамиланы тар көчөнүн оозундагы көпүрө үстүнөн кезиктирдим. Алардын үйү ошол тар көчөдө болучу. Мен үчүн ошол тар көчө, дүйнөдөгү эң кооз көчөлөрдөн кем сезилүүчү эмес. Жамила инисин ойнотуп отурган экен. Бир аз убакыт өткөндөн кийин жаныбызга Жамилага союп-каптап койгондой окшош, кичине кыз келди. Анын таралбаган чачы саксайып турат. Ал мурдун көнүмүш тартып койду да, ортобузда отурган кичине инисин эркелете баштады.
– Бул кимдин кызы?
– Бул менин сиңдим – Райе.
– Райе, жакшы ат экен. Карачы, сага окшоштугун, чоңойсо сенден ажыратып алгыс болот.
– Мен буган абдан окшоймунбу? – деди Жамила. Ал Райенин чүрүшкөн, сүйкүмдүү өңүнө карап турду.
– Таң калгыдай окшошсуңар...
Райе кичине инисин алды да, биздин жаныбыздан кетип калды. Ал үчүн ушундай иштөө ылайык келет өңдөндү.
Жамила экөөбүз ак теректер бийик өскөн көчөнү бойлоп жай бастык. Мен дүйнөдөгү бардык нерсеге ыраазы элем. Менин жанымда өмүрүмдүн гүлү, махабатымдын чырагы Жамилашым кетип бара жатат. Мен тегеректеги бардык нерселерге – тамдарга, ал түгүл, суу агып жаткан арыктарга да жылмая карагым келет. Учуру келип козголо кеткен мындай сезимдерди бардык күч-кубатым менен калкалап, аярдап өстүрүүнү көздөчүмүн. Ошол кечте жаңы фильмдер жок болучу. Бирок биздин ушул жүрүшүбүздүн өзү ар кандай фильмден артык эле. Биз кечки саат сегиздерде тууралап, эс алуу багына келдик. Бакта жуп-жубу менен жүргөн кыз, жигиттер көп. Алардын да сүйүүсү – махабаты бар чыгар, бирок Жамила экөөбүздүн сүйүүбүз баарыныкынан артык, баарыныкынан ысык... Биз ак чечек жыгачынын түбүнө орнотулган эки кишилик орундукка келип отурдук.
Акырындап каш карая баштады. Алыскы асманда бирлеп-жарымдап жылдыздар көрүндү. Бактын сейил куруучулары улам азая берди. Тосмо менен курчалган Модэн, Саблал гүлдөрү күңүрт көрүнүүдө. Кеч киргенде гана чечек атуучу «Намазшам гүлдөрү» өңдүү, караңгы түшкөн сайын бизде да лаззаттуу сезимдер жандана баштады. Жамила мага өтө эле чукул отурду. Көйнөктөрүбүз жолтоо болбогондо биздин денелерибиз эбак эрип кетмек. Бул, бир унутулгус минуталар менен эсимен түбөлүккө чыкпас!
Ал кезде мен иштин мүлдө башка болуп кетээрин ойлобогон экемин. Ошол кечтен кийин он күн өтүп, ичкериге барып окуй турганымды уктум. Бул кабар мен үчүн зор кубаныч эле. Албетте, мен өз өмүрүмдөгү бардык жакшылык менен жамандыктарга орток болуучу, болочок жолдошум Жамилага бул кабарды жеткизүүгө ашыктым. Бирок ал мурда эле уккан экен. Ошон үчүн болсо керек, мени эч качан да кезиктирип көрбөгөн кандайдыр бир мелүүн мамиле менен тосуп алганын байкадым.
– Жамила, мен ошол жакшы окуудан калбайын. Бул биз үчүн, экөөбүз үчүн...
– Билем, ал жагын үгүттөбөй эле кой, – деп койду Жамила. Анын мага адаттагыдай болбой калганын үнүнөн да ачык байкоого болор эле.
– Эмне болсо да өз пикириңди ачык айткын да.
– Жакшы, Барып окуп кел. Беш жылдан кийин кайра келесиң!
– Ооба, канча жыл болсо да жогорку билимдүү болуп чыксам деген ак тилек да. Орто билим эмне болот? Өзүң ойлочу, биз али жашпыз. Дагы беш жылдан кийин сен жыйырма үчкө чыгасың, мен болсом жыйырма жети жашка толом...
Жамила жакшы жооп бере албады. Анын буулуккан ички дүйнөсү тышына чыкпаган бойдон калып калды. Ичкериге жүрүп кеткиче аны менен бир нече жолу жолуктум, бирок ал жөнүндө бир ооз сөз ачпады. Мен ишти майдалап, көбүрөк кыстап жиберсем: «Сүйбөсөм ушул караңгыда сени ээрчип эмне кылам?» дейт да маекти бүтүрөт.
Мына ошондон бери алты жыл өттү. Мен алыста институт бүтүрдүм. Бирок Жамила мени күтө албады. Ал үчүн сүйүү деген ошол алты жыл ичинде эле бууга айланды. Ал өзүн да алты жыл ичинде өлүп-түгөнүп, топуракка айланып бүтчүдөй сезди. Сүйгөн кишиден ажыроо – бул айтууга гана оңой, бирок анын кусалыгы кишини кээде, бардык жагынан жеңип чыгып, акылдан да тайдырат! Мен ушундай оор минуталарды окуу үстүндө башымдан кечирдим. Студенттик өмүрүм ичинде көз ирмебей өткөргөн узак түндөрүм көп болду. Ошондо да Жамиланы кыйып, унутуп кете алган жокмун. Ал көңүлүмөн эч чыкпаган. Жамила башка бирөө менен турмуш курмак болуп, кайра айнышканын жолдошторуман угуп, үзүлбөгөн үмүтүм менен жатакта жалгыз отуруп алып ага мындай кат жаздым:
«Сүйүктүү, Жамилаш! Мен азыр колума калемимди алып, бир жагынан өткөн күндөрдү эскерем, бир жагынан ошол эстегендеримди кагаз бетине түшүрүп жатам. Бир замандарда мен өзүмө дос издеп жүрүп кандайдыр сени жакшы көрүп калдым. Кызык, сен да мени жаныңдай жакшы көрүп калдың, ырас, ал кезде экөөбүз тең жаш элек! Мен ошол кезде сенин эң жакын кишиң болчумун, ырас эмеспи, Жамилаш?
Мына ошол кездерде маа жазган каттарың азыр да менин алдымда турат. Менин бечара жүрөгүмдү ошончолук толкундата алган төмөнкү сөздөрүңдү окуп көрчү: «Менин жүрөгүм сизге гана таандык! Ал сизге махабат байлаган, сизге адал болуумду буюрат. Сиз муну билип коюнуз. Сиз айткандай сүйүү деген ушул деп, бир-бирибиз менен жөн гана сүйлөшүп жүргөн экенбиз. Азыр, азыр болсо башкача! Бизге каршылык кылган ар кандай ишке мен бардык күчүм менен каршы турам. Сизди эч качан унутпай турган...»
Карандаш менен жазылган дагы бир катың мында турат. Бул катта өзүңдүн сүйүү сезимиң ырга айланган. Арийне, бул ыр деңгээлине көтөрүлө албаса да, маа ал канчалык таасир кылганын айтуу кыйын. Дүйнөнүн касиеттүү акындары да мынчалык жүрөгүмдү козгой алмак эмес! Ал ырыңды көчүрүп жазбай эле коёюн, бирок Жамилаш, ушундай сөздөрдү өз өмүрүңдө биринчи жолу мага айткандыгыңа эч кандай күмөнүм жок. Ошон үчүн болсо керек, сенин мага арнап жазган ар бир сөзүң эмгиче көңүлүмдө сакталып жүрөт. Жамилаш, эсиңде бардыр, бир кезде бир жуп эр-аялдын бирөө мурда өлөрүн айтканыбызда, экөөбүз тең табиятка нааразы болгон элек. Ошол кезде тирүү ажыроо биздин каршы тура турган эң чоң душманыбыз эле. Мына эми, байкап отурсаң, иш сен экөөбүздүн ойлогонубуздан мүлдө башка болуп чыкты. Өз кезинде мен өзүмдүн жеке турмушум жөнүндө ойлоно келип кубанчумун. Ал кезде экөөбүз мындай эмес элек, кийинки күндөрү мен ошол сезимдерди канчалык сагындым!
Жамилаш, мен сени мурдакыдай эле жакшы көрөм. Ортодо болгон иштерди ойлонбоймун. Сен буга ишенип кой. Мен ушул сөздөрдү чын жүрөгүмдөн чыгарып жазып отурам. Мен эми эки жылдан кийин окууну бүтөм. Өзүм барарым менен дароо той кылабыз, эски досторду чакырабыз, кандай гана ынак жашаар элек. Экөөбүздүн болочогубуз менин көзүмө көрүнүп турат. Кеп сенде, эгер мени чын сүйгөн болсоң, анда мени күт!
Сенин: ...»
Катты да салдым. Жакшы үмүттөр менен өзүмдү сооротуп да жүрдүм. Бирок күндөр, айлар, а түгүл, жыл айланды. Жамила бир ооз жооп жазбады. Менин келээриме бир жыл калганда турмушка чыкканын уктум. Мына бүгүн өзүмдү кокусунан азапка салып алдым. Өзүм окуган орто мектепти көрүп чыкканымдан кийин, көчөлөрдү айланып жүрүп, менин опосуз сүйгөнүм Жамиланын көчөсүнө бардым. Баякы тар көчө оозундагы тааныш көпүрөгө жакындаганымда, жашы он жетилерге келип калган кыз бир кичине баланы ойнотуп отурганын көрдүм. Менин бүткөн боюм чымырап кетти. Бул отурган менин Жамиламдын өзү го!
Мен кыздын жанына кандай келип калганымды сезбей да калдым.
– Саламатсызбы, кечириңиз, мен сизден бир сөз сурамакчы элем. Сиздин атыңыз ким?
– Райе.
– О... Ошо Райе сен белен?
Райе жооп бербеди. Ал кичине баланы оңдоп көтөрүп, дагы эмне дээр экен деп мени карап турду. О, дүйнө! Так эле өзү! Мен анын көздөрүнөн, ээрдинен, чачтарынан – мен үчүн бүгүнкү күнгө чейин өтө бир кымбат болгон алгачкы сүйүүмдүн, мени толкундатуучу сыйкырлуу сүйкүмдөрүн издеп, биринен кийин бирин таап жаткам. Мындан кийин мүлдө кездешпей турган ушул бир көрүнүшкө өзүм ичимен катуу ыраазы элем. Анын жанында үзүрлөнүп отургум келди, узак сүйлөшкүм келди.
– Райе, сен мени тааныйсыңбы?
– Жок.
– Мен сени билем...
– Таң, – деди Райе.
– Ал менин жаныман кетүүгө камданып, баланы дагы оңдоп көтөрдү.
– «Райе, сен менин жаныман кетпе, азыр, балким, сага окшогон кичине саксайган кыз келип, баланы алып кетээр. Экөөбүз бакка баралы. Анан менин түбөлүккө эсимен чыкпай жүргөн, өзүм сагына кусаланган ошол бир лаззаттуу минуталарды мага кайрадан келтир...» дейм ичимен.
– Бирок Райе менин жаныман акырын козголду да кетип калды. Амал жок, мен анын ары кетип бараткан тулкусунан дагы бирдемелерди издеп, карай бердим.
Жамила да кокус ушундай кезигип калганда, инисин үйгө алып киргенимде так эле Райе өңдөнүп чайкалып, мага эркелей басуучу. Бирок Жамилашым улам артынан бурулуп карап коючу эле. Азыр кудум Жамила өңдөнүп басканы менен Райе бурулуп артын бир дагы карап койгону жок. Ал өзүнүн дарбазасына улам жакындай берди.
Мен анын кайрылып бир карап коюшун чын жүрөгүмдөн тилеп, отура берипмин!
Райе дарбазасынын алдына барганда атайын, бирок таң калууга караганда, жатсыраган кебете менен кайрылып бир карады. Менин үмүткөр жүрөгүм булкуп өттү. «Бир карады го, акыры!» деп ойлодум мен. Бирок өзүм менен кошо жашап келе жаткан алгачкы сүйүүмдү мынчалык ойготуп алуудан ар качан чочулаар элем...