Чарли Чаплин: Мен периште болгон эмесмин, бирок ар дайым адам болууга аракет кылчумун

  • 14.06.2022
  • 2095

Кино актёр, сценарист, композитор жана кино режиссёр Чарли Чаплинди баардыгыбыз улуу куудул катары гана тааныйбыз. Бирок анын үй-бүлөгө күйүмдүү, камкор ата болгондугун, акыркы никеси Уно О Нил  жубайынан төрөлгөн Юджин О Нил аттуу кызы, адабият тармагынан Нобель сыймыгын алгандыгынан кабарыбыз жок чыгар.

Уно О Нил ага сегиз бала төрөп берген. Алардын эң кичүүсү - Чаплин 72 жашында жарык дүйнөгө келген. Балдарынын дээрлик баардыгы атасынын жолун жолдошкон. Алардын ичинен эң улуусу Жеральдина Чаплин жана кичүүсү Виктория Тьерре-Чаплин эң чоң ийгиликтерге жетишкен. Кичүү кызы Виктория, жолдошу белгилүү актер, куудул Жан-Батист Тьерре экөө “Көрүнбөс цирктин” негиздөөчүлөрү. Ал цирк кийинки заманбап цирктерге  драма, театр жана цирк каада-салттарын ичине камтыган “Жаңы цирк” уюмуна үлгү болгон. Чарли Чаплиндин неберелери Жеймс жана Аурельия Тьерре Чаплиндер  да улуу атактуу чоң атасынын жолуна түшүп цирк, театр, кино чөйрөсүндө ийгиликтерди жаратышкан. Унутулгус куудулдун улуу кызы Жеральдинеге  жазган катынын кээ бир учкул сөздөрүн төмөнкү саптардан окуй аласыздар. Ал учкул сөздөр, Умберто Эконун небересине жазган катынан кем калышпаган кеңештерди камтыйт.

* * *

Билесиңби, сен кичинекей кезиңде, сага уктап жаткан сулуунун жана эч талыкпас ажыдаардын жомокторун айтып, нечен түндөр бою сенин кашыңда отурдум? Көзүм ирмелип, сокур молдо жетелегенде ага моюн бербей күлүп “Жолобо мага, менин уйкум бул - менин кызымдын максаттары” дечү элем.

* * *

Бүгүн сенин кезегиң! Бийле! Кезегинде мен, ишпалдасы чыккан балбырак шым менен бийлеген элем. Ал эми сен кызым, шайы ханышанын кийимин кийип бийлөөдөсүң. Бул бийиң менен сени дүңгүрөгөн алкыштар, кол чабуулар көкөлөтүп көккө көтөрөт. Уч! Оболоп уч! Бирок жерге кайра конгун! Сен жердеги адамдардын да жашоосун көрүшүң керек. Сай сөөктү сыздаткан суукта, ачкадан калчылдап бийлеген көчө бийчилеринин жашоосунан да кабардар болушуң керек.

* * *

Сенин Жеральдина деген атыңды менин Чаплин деген фамилям өмүр бою коштоп турат. Ушул ысым менен мен кырк жыл бою жер жүзүндөгү адамдарга күлкү тартууладым. Бирок бул жашоодо өзүм алардын күлкүсүнөн да көп ыйладым. Жеральдина, бул дүйнө жалгыз эле бий менен музыкадан куралган эмес! Түн ичинде заңгыраган залдан чыгып баратып, беделдүү бай күйөрмандарыңдын аттарын эсиңе сактап кала албашың мүмкүн. Бирок кызым, сени жеткирип бараткан такси айдоочусунун жубайынын ал-акыбалын сураганды унутпагын. Эгерде ал кош бойлуу болуп, болочок баласынын жалаягына жетиштүү каражаты жоктугун туюп калган болсоң,  сөзсүз түрдө  анын чөнтөгүнө акча салып койгун.

* * *

Күндөрдүн бир жаркыраган күнүндө, жакшынакай бир ханзааданын келбетине арбаласың. Так ушул күндөн баштап сен тажрыйбасы жок дарчыга айланасың, ал эми тажрыйбасы жоктор ар дайым кулайт. Жүрөгүңдү эч убакта акчага да, алтынга да сатпа. Эң чоң баалуу алмаз ташы бул – кун экендигин билип жүр. Бактыбызга жараша, ал баардыгыбызга ар дайым тегиз нурун чачып турат.

* * *

Кээде күзгүдөн өзүңдү карап турсаң, күзгүдөн менин түспөлүмдү байкайсың. Сенин кан тамырыңда менин каным айланат. Качандыр бир убакта менин кан тамырыман кан айланбай сууп калганда, атаң Чарлини, эч убакта унутпай, эсиңе сактап жүрүшүңдү каалайм. Мен периште болгон эмесмин, бирок ар дайым адам болууга аракет кылчумун. Сен да аракет кыл!

Которгон Бактыгүл ИМАНБЕК кызы

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз