Лао Цзы: Мыйзамдар, буйруктар көбөйсө, уурулар, каракчылар көбөйөт

  • 20.06.2022
  • 4153

Чындыктын үнү жагымсыз, жагымдуу сөз жалган. Адептүү адам чеченсинбейт, чеченсинген адам калпычы.

*     *     *

Хансарайдын ичи кооз болсо, талааны отоо чөп басып, кампалар бош калат. Бийлик ээлери кымбат, азем кийимдерди кийинип, курч кылычтарын көтөрүп, жөнөкөй тамак-ашка тойбой, ашыкча байлык топтошот. Мунун баарын каракчылык, ысырапкорчулук дейт.

*     *     *

Эл бийликтен коркпосо, андан да чоң бийлик келет.

*     *     *

Эгерде эл өлүмдөн коркпосо, анда эмне үчүн аларды өлүм менен коркутасыңар?

*     *     *

Кичине нерселерден улуу нерселер чыккан сыяктуу эле, дүйнөнүн бардык балээлери майда нерселерден чыгат.

*     *     *

Өткөн доорлордун башталыш жолун тааный бил, бул билим бүгүнкү күнгө адаштырбай алып келүүчү жолду көрүүгө мүмкүндүк берет.

*     *     *

Өз ойлоруңа көңүл бур – алар аракеттериңдин башталышы.

*     *     *

Сабырдуулук – адеп-ахлактык жеткилеңдиктин башталышы болгон изгиликтин биринчи кадамы.

*     *     *

Эң мыкты курал да жакшылыктын жышааны эмес.

*     *     *

Өзүнө ыраазы болгон – бай адам.

*     *     *

Өз ченемин билген адам кызматына ыраазы. Көптү билген көп сүйлөбөйт, көп сүйлөгөн эч нерсе билбейт.

*     *     *

Мыйзамдар, буйруктар көбөйсө, уурулар, каракчылар көбөйөт.

*     *     *

Оңой жетишилген макулдашууга ишенип болбойт.

*     *     *

Жогорку адептүү адамдар өздөрүн адептүү деп эсептешпейт, анткени аларда жогорку адеп-ахлак бар.

*     *     *

Көп топтогон – көп жоготот.

*     *     *

Карапайым адамдар, белгилүү адамдардын таянычы, жапыз нерселер – бийиктиктин пайдубалы. Ошондуктан өздөрүн өздөрү көтөрмөлөгөн ак сөөктөр менен бийлик ээлеринин туруму күчтүү эмес, анткени алар карапайым элди өздөрүнүн таянычы катары эсептешпейт. Бул адаштыруучу жол.

*     *     *

Туруктуулукту билбеген ызы-чуу салып, көп катачылыктарды жаратат, туруктуулукту сезүү адамды сезимтал кылат. Сезимталдык адилеттүүлүккө алып келет.

*     *     *

Каниетсиздиктен оор нерсе жок.

*     *     *

Зыяндуу умтулууларга берилип кетүүдөн өткөн кылмыш жок.

*     *     *

Душманды баалабай коюудан өткөн жаман нерсе жок.

*     *     *

Кумардан оор күнөө жок.

*     *     *

Жаңы гүлдөп жаткан өсүмдүк назик жана алсыз. Кургап калган өсүмдүк катуу жана ийкемсиз. Ушундан эле назик жана алсыз жашоого жөндөмдүү экендиги көрүнүп турат.

*     *     *

Элди билген адам акылдуу. Өзүн тааныган адам билимдүү. Элди жеңген адам күчтүү. Өзүн жеңген адам алп.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз