Хуршида Абдуллаева: Көкүлүңдү ким кести?

  • 22.06.2022
  • 2542

Өзбекчеден которгон Клара Кудайбергенова

Жайдын жылуу түндөрүнүн бири. Кыштак түн койнунда мемиреп тынч. Иттердин үргөндөрү угулат. Чегирткелердин чыркылдаганын тыңдаганча, денесинин баары көзгө айланып, эки короону бөлүп турган бак ичиндеги арыктын четинде отурган жигит акырын ордунан тура калды. Коңшу үйдөн чыгып, аны көздөй келе жаткан кызды көрүп, энтигип, угулар угулбас: “Ушуга шүгүр!” - деп койду. Убакыт кеч болгону үчүн сүйгөнүнүн кечиккенин миң бир себептерге жоруп отурган. Кыз андан эки-үч кадам калганда токтой калып учурашты.

- Сарви, - деп шыбырады жигит жооп иретинде:

- Акыры келдиң! Сен чыкпай каласыңбы деп корктум...

Кыз жер карап үшкүрдү:

- Конокторду таштап чыга албадым, Мардон ака!

Жигит кабагын түйдү. Ал коноктордун ким экенин билди окшойт, каалабагандай сурады:

- Ким келди, жанагы ошол тоолук туугандарыңбы?

Кыз баш ийкеди. Анан күтүүсүздөн ыйлап жиберди. Жигит кара каштарын жыйрып жерди тиктеп, ойго чөмүлүп, кызды сооротуп да койгон жок. Сарви ыйлап, көкүрөгүн бир аз бошотту да, айласыз үн менен:

- Акыркы жолугушуубуз болсун, Мардон ака, пайда жок, агаларым атамды көндүрүштү. Жеңем бүгүн келиптир атам ал кишини кыя албай макул болуп, жуучуларды ыраазы кылып жөнөттү...

- Кудалаштыбы? - деди калтыраган жигит апкаарыган үнү менен.

- Кутулуу жокпу, Сарви? Кийинчерээк баары билген! Алар унчукпай карап туруштубу?

Сарви дагы ыйлай баштады. Кантсе да агалары апасынын оюн карабайт. Жок, азыр эч нерсе кыла албайт. Үч ай мурун Мардондон келген жуучуларды улуу агасы кайра кайтарган, кембагалга кыз бербей тургандыгын айтып, кошуналарды капа кылуудан тартынышкан эмес. Эмнеси болсо да өжөр Мардон Сарвиден көңүлү  калбай, үч күндө бир бактын ортосундагы талдын бутагын ылдый буруп, сүйгөнүн жолугушууга чакырар эле. Кыз да келечектеги жашоосунан үмүтүн үзгөн болсо да, жигитинен кете албайт, жүрөгү талпына берди. Үйүндөгүлөр уктагандан кийин арык жээгине ашыгына чуркачу.

Жигит көпкө ойлонду да, үшкүрүнүп ордунан туруп кызды карады.

- Чарасы жок дейсиңби, Сарви? Бар, кабатыр болбо, бирок үмүтүңдү эч үзбө, кудайдан сура, гүлүм! Мен аларды көндүрүүнүн жолун сөзсүз табам.

- Кандай жолун, Мардон ака? - деди Сарви жини келип.

- Дагы качабыз деп жатасызбы? Жок, мен буга макул эмесмин, мен атама каршы чыга албайм. Айтпаңыз дедим эле сизге...

- Жок жаным, мен антип айтпайм. Тынчтан, мен башка жол таптым, бүгүн ишке ашырам, - деди жигит көзүн жалдыратып.

Сарви түшүнө албай сүйүктүү жигитин телмире тиктеди. Мардон анын кирсиз, аруу жүзүн карап, кыялынан өткөздү: «Жок, Мардон сени оңою менен бирөөгө берип койбойт. Мына карасаң, баары бир биз жеңебиз”. Ал муңайым жылмайып, сүйгөнүн сооротуп:

- Барагой Сарви, демиңди басып, эч нерсени ойлонбой эс ал, бул жагын мага кой...

Убакыт түн ортосунан жылып, горизонттун бир чети бир аз өчө баштады. Ички короонун ортосундагы сөөрүгө бир элес акырын жакындап келди. Анын үстүндө үч аял тынч уктап жаткан. Эжеси менен апасынын ортосунда жаткан Сарвинин ай жүзүн бир саамга тиктеп турган элес кыздын жаздык үстүндө чыйралган, кылдат өрүлгөн чачына астейдил карады. Анан экинчи колундагы курч бычак асмандан тийген жарым айдын алсыз жарыгында, четтеги керебетте жаркырап тургансыды...

Мардон апасынын шашылыш үнүнөн ойгонду.

- Бол балам, күн чыкты! Мал ачка калбасын, талаага чыгыш керек. Чайыңды эчак эле даярдап койгом...

Жигит ордунан ыргып турду. Капысынан бир нерсе эсине түшкөн кишидей бакчаны көздөй шашылды. Эриндерин малып, бети-колун чайкап, кошуна короого карады. Азырынча тынччылык менимче деп ойлоду ал мыйыгынан жылмайып. Эми алар эмне кылар экен?

Ошондуктан сөөрүгө ыраазы жана токтоо кайтты. Бибисара жеңе уулунун эртең менен кубанганын көрүп сүйүнүп, себебин текшерип отурбады. Кудалашууга барып куру кайткандан бери ич этин жеп, баласынын алдында өзүн күнөөлүү сезди. Эне менен бала бирге отуруп чай ичип, анан Мардон талаага аттанып кетти. Атка арабаны чекти да минип баратып Сарвинин үйүнө кулак түрдү, жымжырттык. Жигиттин чыдамы кетип, жүрөгү дүкүлдөдү. Ал сабыры чыдабай, жүрөгү опкоолжуп кеткенин сезди! Атка камчы басты...

Күн түштөн ооду. Акыры ал күткөн көз ирмемдер келди. Кошунасы Сулувой келиндикинен элек сурап чыккан Бибисора эжеке жаңы маалымат менен келди:

- Тобо, тобоо дейм! Бүгүн кечинде Сарвинин чачын бирөө кесип кетиптир, Мардон! Агалары ачууланып, кыз байкушка катуу тийип, ал бечара эмне кыларын билбей, титиреп ыйлап жатты. Ким болду экен? Ким болсо да эски адатын билген адам кылгандыр...

Мардон отурган калыбында энтигип үшкүрүндү...

Кечиндеси. Сарви үйүндө тизесин кучактап капалуу отурат. Ийинин толтуруп турган кырк өрүм олоң чачы эки эсеге кыскарганын эртең менен өзү да, башкалар да сезген жок. Чайдан кийин жеңеси экөө суу ысытып, кир жуушту. Анан баштарын жуушту. Сарви апасына чачын тарата баштаганда кыркылган өрүмдөрүн көрүп, Хасият Биби эси ооп кала жаздады.

- Оой, мен өлүп калайын, Сарви, бул эмнеси? Чачың эмнеге мындай? Же өзүң кестиңби, жашабагыр?

Сарви адегенде апасынын айтканын түшүнбөй таң калып, сыртка чуркап чыккан келини да кыйкырып жатканда үйгө шашып кирип күзгүгө каранды. Эки өрүм чачы түбүнөн кесилген, кыздын кыска чачтары анын чырайын бузуп, сулуулугуна көрк кошпой калган.

Үй бир заматта астын-үстүн болду. Окуяны билген агалары дароо кызга атырылышты. Апасы аралашпаганда балким Сарвини дароо өлтүрүп коюшмак. Адегенде өзүң кесиптирсиң дешти, бирок Сарви ыйлап, карганганда алар муну ким жасаган болушу мүмкүн экенин боолголой башташты. Балээге калган дагы эле Сарви болду.

- Кимге убадалашып кестирдиң, тентек? Кана айтчы, мен барып бычак менен быт-чытын чыгарам! - деп өзгөчө бир туугандары коркутуп-үркүттү. Хасият бибинин жүрөгү кармап калды. А карыган атасы уялганынан эч кимге эч нерсе айта албайт. Уулдар, келиндер эми эмне болот? - деп таң калышты. Чындыгында чачын кырккан адам ким болсо, Сарви эми ага турмушка чыгуусу шарт.

Акыры атанын осуяты бир туугандарын басып турду:

- Демек, күткөндөн башка арга жок, күнөөлүү баары бир келип өзүн таанытар. Ал үшкүрүнүп кызын карады: - Тагдыр – бешенең билет эми кызым, даяр тур! Алдыда ким деген адамды табабыз.

Сарви колу менен бетин жаап, үшкүрүнүп жүзүн үйгө бурду. Артынан кирип келген жеңеси аны сооротту. Өрүлгөн майда чачтарын кайрадан чогултуп, экиге бөлүп өрдү. Ушуну менен келин бул көйгөйдү оңдодум дегендей кылып койду.

Дарбаза тыкылдады. Атасы күтүп турганда ордунан секирген ортончу уулун токтотуп, өзү дарбазаны көздөй басты. Миң бир хадис ичинде отурган аялы, келиндери менен уулдарынын жүзүн карабаганга аракет кылып, дарбазаны ачты. Сыртта Мардон эки өрүм чачты кармаган бойдон туруптур...

Бир айдан кийин ушул көчөдө той болду. Жар-жардын үнү басылып, ар ким өз үйлөрүнө тарап кетишти. Он төрт күн бою толуп турган айдын жарыгында турган бөлмө күйөө менен колуктунун шыбырашына толду:

- Мен ошондо аябай корктум, эмнеге эскерткен жоксуң, Мардон ака?

- Айтсам, түндө мынчалык бат уктамак эмессиң...

- Адашып кетип, эжемдин чачын кыркып алсаңчы?

- Жаңылган жокмун, сени караңгыда тапсам да тааный алат болчумун, ошондо айдын шооласы түшүп турган эле. Башкасын кой, бул биздин акыркы чарабыз болчу. Эгер атаңа жакпаса, анда кыйын болмок...

- Муну кантип ойлоп таптыңыз?

- Чоң атам чоң апама ушинтип үйлөнгөн экен...

- Жакшы айткан экен...

- Жакшы, бул адат бар экен...

Автор тууралуу: Хуршида Абдуллаева 1979-жылы Өзбекстандын Кашкадарыя облусунда туулган. Карши мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, көп жылдар билим берүү тармагында иштеп, кийин журналистикага өтүп, облустук телерадиокомпанияда, гезитте иштеген. 2008-жылы анын биринчи китеби "Бахт бекати" ("Токто бакыт") деген ат менен жарык көргөн. Анан бир нече жыйнактарга, гезит-журналдарга да ырлары, аңгемелери чыккан.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз