Иван Бунин: Сан-Францисколук мыза

  • 07.07.2022
  • 2632

АҢГЕМЕ

Сан-Францисколук мырза — анын ысмы Неаполдо да, Каприде да эч кимдин эсинде калбаптыр — аялы, кызы менен Эски Дүйнөгө (Европа Азия, Африка - Б.Ш.) эки жылга саякаттап баратты, максаты бир гана көңүл ачып, шапар тебүү эле. Анда бардык жагынан алганда көңүл кушун көкөлөткөн эс алууга, жан жыргаткан ыракатка, сейил сапарга толук акылуумун деген ишеним бекем эле.

Мунун жөнү бар, биринчиден, ал эми бай адам, экинчиден, жаш курагы элүү сегизге келгенине карабай, камы жок бейпил жашоого эми гана киришип жаткан чагы. Кыйла оокат жайлуу деген менен буга чейинки жашоосу жөн гана күн көрмөй болуп келди, бирок ошентсе да келечектен үмүтүн түк үзгөн эмес. Ал тынымсыз иштечү – мунун кандай экенин ал жумушка жалдап келчү миңдеген кытайлар жакшы билишет! Анан эле бир күнү караса тоону томкоргондой иштерди жасап салыптыр, ошентип жүрүп өзү бир кезде өрнөк туткандардын даражасына дээрлик теңешип калган экен, андыктан эс алайын деп чечти. Эл катарына кошулган адамдар жыргал жашоонун лаззатын Европага, Индияга, Египтке саякаттап келүүдөн баштаганды адатка айлантышкан эле. Бул да ошентмек болду.

Арийне, муну менен ал биринчи кезекте узак жылдардан бери бели бүгүлбөй тоңкочук атып иштеген эмгеги үчүн өзүн өзү сыйлап, чери жазыла эс алмакчы, бирок ага кошо кызы менен аялын да кубантып коюуну туура көрдү. Аялы өзгөчө сезимталдыгы менен айырмаланган ургаачы болбосо да бардык улгайган америкалык байбичелер сыяктуу эле саякаттаганды жанынан артык көрчү.

Ал эми күлгүн курагы да өтүп бараткан, анүстүнө анча-мынча сыркоолоп да жүргөн кызына мындай саякат табылгыс нерсе эле: бул анын ден соолугуна канчалык пайдалуу экенин айтпаган күндө да, ким билет, саякат учурунда балким анын бактысын ачар кандайдыр бир жышааналуу жолугушуу болуп калгысы да бардыр? Андай бат эле да, кээде үстөлдөгү журналдарды барактап отурасың, бир маалда карай салсаң эле жаныңда кычыраган миллиардер отурган болот. Саякаттын багытын сан-францисколук мырза абдан кенен кылып түзгөн. Декабрь, январда ал Түштүк Италиянын мээримдүү күнүнө магдырап, байыркы эстеликтерге, тарантелла бийине, тентиген дейди ырчылардын серенадасына ыракаттанып, анан да анын курагындагы адамдар өзгөчө кылдаттык менен сезген – бекер болбосо да неополитандык жаш кыздардын сүйүүсүнөн татып көргөнгө куштар эле. Карнавалды болсо Ниццеде, Монте-Карлодо өткөрмөк, анткени ошол тапта ал жакка коомдун каймактары чогулат да баш оту менен машине, парус жарыштырмайга кирип кетишет, бир даары рулетка ойнуна, башкалары утурумдук сүйүүлөргө ыктаса, дагы бирөөлөрү көгүчкөн атканга куштарланат. Баарынан да көгүчкөндөр көлбүгөн деңиз түспөл жыбыраган көк гүлдөрдүн фонунда жапжашыл майсаңдагы бактардын арасынан бапырап учканы эми бир ажайып кооз дейсиң, анан эле ок тийгендери апакай томолок таш сыңары топулдап кулап атканы.

Марттын башында Флоренцияга бир тийип, андан ары Miserere (жаратканга жалбаруу ыры -Б.Ш.) угуу үчүн кудайы пейил Римге бармак ою бар, анын планында Венеция, Париж, Севильядагы бука уруштарын көрүү бар эле, Англиянын аралдарында сууга түшүп, кайтаар жолдо Афина, Константинопол, Палестина жана Мисир, алтургай Японияга да кайрыла кетмек...

Адегенде баары ойдогудай башталды. Ноябр этеги болчу, тээ Гибралтарга чейин бирде суу кардын уйгу-туйгу борошосунда, бирде муз мунарыктын арасында болсо да, бирок аман-эсен сүзүп барышты. Быкылдаган жүргүнчү көп, пароход — атагы таш жарган «Атлантидада» — бардык ыңгайлуулуктары белен килейген отелге окшош эле, түнкү бары, чыгыш мончолору, алтургай, өз гезити да бар, — жашоо бир калыпта агып атты. Элдин баары салмактуу толкуган оор бозомук-жашыл тумандуу суу үстүнөн кунарсыз жарык үрүл-бүрүл көз жара баштаганда коридорлорду башына көтөргөн кескин добуштардан улам таң заардан эле ойгонот. Жумшак бакта пижамаларын жамынып алышып, кофе, шоколад, какао ичишет. Анан ваннага отурушат, маанай көтөрүп, тамакка табит ойготуш үчүн гимнастика жасашат, жуунуп-таранып алган соң эртең мененки биринчи тамакка жөнөшөт. Анан саат он бирге чейин океандын муздак таза абасынан кере-кере дем алып палубада ары-бери баса сейилдеш керек болот же тамакка ыштааны ойгото турган шеффльборд жана башка оюндарды ойноо керек. Саат он бирде бутерброд жеп, сорпо ичип шам-шум кылышат да жайбаракат гезит окуп, экинчи тамакты күтүшөт, ал кыйла аш болумдуу да, түрү да көп.

Андан кийинки эки саат кайра эле эс алмай; палубалардын баарына жайнаган узун камыш креслолор коюлган, анда жеңил шалчаны жамынган жүргүнчүлөр буттарын суна жатып алышып, булуттуу асманды же борт сыртынан шарпылдаган толкундун көбүктүү дөбөчөлөрүн карап магдырай үргүлөп жатышат. Саат жебеси бешке кыңайганда абдан сергип, маанайы көтөрүлгөн немелер таттуу печени менен жыты буркураган коюу демделген чай ичишет.

Сонундун баары саат жетиге жеткенде башталат, туш-тушка шаңдуу добуштар тарап, сейил саякаттын туу чокусу эсептелген шаан-шөкөттүн башталары кабар кылынат... Так ушул учурда сан-францисколук мырза кийингени өзүнүн бай каютасына жөнөйт... Көзгө сайгыс караңгы кечтерде «Атлантида» кабаттары жыбыраган сансыз оттуу көздөрү менен алыстан жаркырап, ашканада, идиш-аяк жууган жерде, кеме түбүндөгү түркүн шарап сакталган ородо иштеп жаткандарга сан жетпейт. Дубалдын арт жагындагы чайпалган оор океан үрөй учургудай эле, бирок аны элес алган да, ойлогон да жан жок, анткени мындагы элдин баары анын качан караба, уйкусурап жүргөндөй көрүнгөн, алпамыштай алп, салмактуу, алтын белгилер бастыра тигилген мундирин кийгенде заңкайган моло таштай көрүнгөн, өзүнүн сырдуу бөлмөсүнөн эл көзүнө сейрек чыкчу корабль капитаны - сары кишинин бийлигине баш иерине бөркүндөй ишенчү.

Кеменин тумшук жагындагы мамыга бекитилген сирена жаагы басылбай чарылдаганы менен анын маанай чөгөргөн ачуу, жагымсыз доошун тамакка келгендердин баары эле уга бербейт, анткени аны кош жарыктуу, шаңы дуулдаган, фрак, смокингчен эркектер менен төшү ачык айымдар, сымбаты келишкен малайлар менен сылык сыпаа кызматчылар толгон кенен залда уккулуктуу, тынымсыз ойногон мыкты кыл оркестрдин үнү басып жатты. Баса, кызматчылардын ичинен шарапка буйрутма кабыл алгандардын бирөөсү тимеле лорд-мэрдей болуп мойнуна колтойгон чынжыр да илип алыптыр.

Смокинг менен крахмалданган ич кийим сан-францисколук мырзаны кыйла жаш көрсөтүп турду. Катымал, бастек бой, келбети көрксүз, бирок денеси чымыр мырза бул жаркыраган жайдын алтын-көөхардай кубулган жарыгында бир шише шарап, жука айнек бокалчалар коюлган үстөлдө отурду, маңдайында гианцинт гүлүнүн тармал букети бажыраят. Кыска тарашталган муруту бар саргарган жүзү моңгол түспөлдөш, оозундагы арсак-терсек тиштеринин алтын пломбусу жылтылдайт, бекем отурган кашка башы пилдин эски сөөгүндөй агарат. Абдан кымбат, бирок жаш курагына ылайыктуу кийинген келбеттүү, туурасы жайылган аялы салабаттуу да, токтоо да эле, узун бойлуу, арыкчырай, фиалканын атыр жыты урган кулпурган чачын асемдеп таранган, эриндеринде жана бир аз пудраланган далыларынын ортосу сиркектенген назик мала кызыл ысык ташкан кызы да өтө адеми, бирок жеңил-желпи, айып таккыстай ачык кийинип алыптыр.

Түшкү тамак бир саат ашуун созулду, андан кийин бал залында бий башталды, жашыраактар бийлеп, эркектер, анын ичинде сан-францисколук мырза да буттарын учкаштыра отуруп, көкүрөгүндөгү боркоктору чала аарчылган жумурткадай бажырайган кызыл кемселчен негрлер тейлеп жүргөн барда отуруп гаваналык сигаралардан бурулдатып, беттери албырып кеткичекти ликер ууртап отурушту. Дубал артында күүлдөгөн океан капкара тоодой чайпалып атты, алай-дүлөй бурганак оор шаймандардын ар кайсы көзөнөктөрүнөн уңулдай ышкырып, аны менен кошо өзүнөн өзү кайнап, көбүктүү куйруктары менен өйдө атылган тоодой, бирок борпоң толкундарга туруштук берип, аларды соко менен жирегенсип бөлө тарамдап жаткан пароходдун тула бою титиреп жатты. Туманга өлөөрчө тумчуккан сиренанын доошу басылбай дагы эле чыңырып жатканы, сөөк какшаткан суукка тоңуп, чексиз чыңалуудан жинди болуп кетчүдөй шайы оогон вахтачылар өз мунараларында серейет.

Пароход тозоктун оту куйкалагандай ысык, сууга баткан капкара түнөрүңкү курсагы ошо тозоктун акыркы тогузунчу айлампасына окшошуп, ал жакта чоктой ысык ооздору менен көмүрдүн тоодой үймөктөрүн тынымсыз жалмаган ченемсиз чоң мештер күүлдөп, аларга алоодон беттери каракөк болуп тотуккан, көз ачыштырган ачуу, ыпылас кара терге чөмүлгөн жарым жылаңач адамдар тыным албай тарсылдата көмүр ыргытып; өйдө жактагы барда болсо сөөлөттүү мырзалар буттарын кресло кырларына жайбаракат арта таштап, коньяк менен ликердон шыңгыта, ширин жыттуу түтүн толкунунда каалгып отурушту. Ал эми бий залында бары-жоктун баары жаркырап, шаттык менен жан көшүлткөн жылуулук тартуулап, кошоктошкон жуптар бирде вальска чимирилсе, бирде ийиле буралып танго бийлешип, жан жыргаткан уят-сыйытсыз муңканган музыка адамдарды болбой эле баягы ышкылуу сезимдерге түртүп, дене бойду козгоп жатканы...

Бул жаркыраган топтун арасында эски модадагы фракчан, жылма кырынган узун бойлуу кайсы бир даңкы чыккан байбача, атактуу испан жазуучусу, ааламга таанымал бир сулуу айым, анан эл тамшанып көз албай суктанган, өз бактысына жетине албаган ашыктардын жубу бар эле. Ушуларды эми карап гана отургуң келет, жигит сүйгөнү менен бийлеп жатты, алар бирине бири ушунчалык жарашып, бийлегендери да көргөн көздү суктандырчудай керемет, бирок булар пароходдун кожоюну Ллойддун ашыктарды ойнош үчүн оңой эмес акчага атайын жалданган, улам бир кеме которуп эчактан бери эле сүзүп жүргөн жасалма жуп немелер экенин кеменин капитаны гана билчү.

Гибралтарга жеткенде чайыттай ачык күн адамдардын маанайын көкөлөттү, ала-шалбырт эрте жазга окшош маал эле. «Атлантида» бортунда элдин баарын кызыктырган жаңы жүргүнчү пайда болду, ал кайсы бир азиаттык мамлекеттин өзүн эч кимге билгизбей купуя саясаттап жүргөн мураскор канзаада имиш, мындай карасаң көзгө комсоо эле бир киши, бою корто, тимеле жыгачтан чапкансып денеси да олдоксон кургактайбы, бети жалпак, жымшык көз, алтын алкактуу көз айнекчен, узун муруту өлгөн кишиникиндей тикесинен чычайганы көзгө кызыктай көрүнгөнү менен ал негизинен сылык, жупуну карапайым адам экен.

Жер ортолук деңизде сууга чагылышкан чайыттай ачык асман астында кемени утурлай куюндата учкан трамонтана шамалы ири, павлиндин куйругундай гүлдүү куунак толкундарды көтөрүп атты... Анан экинчи суткада асман бозоруп, горизонтту туман басты. Жер жакындап, Иския, Капри көрүндү, турнабайдан этектерине чакмак канттай карамтыл бозомук бирдеме чачылгансыган Неаполь даана көрүндү... Айымдар менен мырзалардын көбү жеңил жүн тондорун кийип алышты. Эзели үн катпаган, дайыма шыбыраша сүйлөшкөн, кулпурган өрүм кара чачы таманына чейин түшкөн, узун коюу кирпиктери кыздардыкындай төгүлгөн, кыйшык бут малай кытай балдар ылдыйдан жамынчы жууркандарды, кол таяктарды, чамандарды, майда буюмдар салынчу кутуларды алып чыгып атышты... Сан-Францисколук мырзанын кызы палубада канзаада менен турду, аны кечээ кечинде кудай жалгап кокустан кызга тааныштырышкан эле, кыз канзаада бирдемелерди колу менен көрсөтүп басмырт үнү менен түшүндүрүп, алысты карамыш этти. Корто бойлуу ханзаада башкалардын арасында баладай көрүндү, анда сымбат келбет дегенден ныпым эч нерсе жок эле, кебетеси да таң калаарлыктай, — көз айнеги бар, башында цилиндр-казанча, үстүндө англис пальто, сейрек мурутунун кылдары аттыкындай, жалпак бетине каратору терини каптап койгондой, анча-мынча лак шыбап да алгандайбы, — бирок кыз аны угумуш эткени менен толкунданганынан анын эмне айтканын түшүнгөн да жок, ага карата түшүнүксүз суктануу сезимининен улам түрсүл каккан жүрөгү тимеле кабынан ыргычудай дүкүлдөп жатты. Ханзаада ага баарынан башкача эле, — колдору кургак, таза терисинин астында байыркы падышанын каны чуркап турат, жадагалса, үстүндөгү тыкан жөнөкөй европалык кийими да суктанарлык бир сезим ойготуп тургансыйт.

Ал эми батиңкесинен өйдө балтырына бозгуч гетра кийип алган сан-францисколук мырзанын өзү жанында турган нооча бойлуу, дене мүчөсү келишкен, көздөрү париждик акыркы мода боюнча сурмаланган, колуна кенедей болгон жүнү жыдыган күчүктүн күмүш чынжырын кармап, анысы менен улам сүйлөшкөн атактуу сулууну утуру карайт. Өзүнчө ыңгайсызданган кызы атасынын бул жоругун байкамаксан болууга тырышты. Атасы чынында эле мырзалыгынан жазбай жолду ката жоомарттыгын көрсөтүп келатат, ошондуктан аны курсагын тойгузуп, ичирип, эртеден кечке кызматын кылып, оозунан чыкканын бажарып турган, көзүнүн кареги менен тең айланып, анын тынччылыгы менен тазалыгын коргоп, буюмдарын ташып, ага жүк ташуучуларды чакырып берип, сандыктарын мейманканага чейин жеткирип келаткандардын камкордугунан түк шек санабайт. Башынан ушундай болуп келатат, сүзүп келатканда да ошол, эми Неаполдо да так ошондой болушу керек.

Неаполь болсо улам жакындаган сайын чоңоюп келатты, үйлөмө жез аспаптарын жылтыраткан музыканттар палубага топурашып чыгып алышкан экен, анан эле элдин кулагын тундуруп салтанаттуу маршты ойноп киришти, кызматтык сый формасын кийип алган алп капитан ырайымдуу моло кудайдай өзүнүн ордуна чыкты да жүргүнчүлөргө кол булгалап саламдашты. Качан «Атлантида» жээкке жакындай адамдары кыжылдаган көп кабаттуу үйдөй болуп гаванга кирип, жерге түшөр тепкичтери калдырап баштады эле, мейманкана атмайлардын бүт ээлери, алардын алтын тасма кыргактуу картузчан жардамчылары, жайнаган соодагерлер, ышкырыкчан балакайлар менен колдоруна түстүү сүрөттөрдү тутамдап алган эңгезердей селсаяктар тыйын-тыпыр иштеп калмакка жээкке бут койгон жүргүнчүлөрдү көздөй жапырт бой урду! Биздин мырза ач жылаңач бул шордууларды дымактуу карап, өзүн анан канзааданы күтүп жаткан отелдин машинесин көздөй жөнөдү, ач кенедей жабышкан немелерге бирде англисче, бирде италиянча зиркилдей: Go away! Via! (тургула ары!) деп коюп баратты.

Неапольдогу жашоо ошол замат эле белгиленген тартиптеги нукка түштү. Таң эртең менен али жарык түшө элек ашканада тамактанмай, төбөдө кабагы бүркөк асман, кире бериштеги гиддердин топураган тобу, анан ырайы ачылып келаткан жылуу, мала кызыл күндүн алгачкы шоолалары жылмаят, бийик асма балкондон этектери жаркыраган таңкы бууга оролгон Везувий, закым боло титиреген акак күмүш түстүү булуң жана горизонттогу Капринин ичке чийими, ылдыйда, жээк бойлой чуркап жүргөндөр, эки дөңгөлөктүү арабага чегилген коделектер жана дүңкүлдөгөн обу жок музыка астында сергек кадам таштап бараткан жоокерчелер көрүнөт. Анан чыгып машинеге түшүп алып бийик, терезеси көп үйлөрдү аралап адамдар кыжылдаган тар, нымдуу көчөлөр менен жайбаракат жөнөмөй, тимеле апакай кар менен жарытылгандай зымылдаган таптаза, жагымдуу, бирок кишини эриктирген музейлерди же муздак, мом жыттанган чиркөөлөрдү көрүп кете бермей. Алардын баары эле окшош, оор тери парда менен жабылган кире бериши каадалуу заңкаят, ичинде болсо өлүмтүк боштук, жымжырт, жети шамдуу жарыктын торчо саймалар менен кооздолгон төрүнө жеткенде өңү кызгылтым тарткан үлдүрөгөн оттору, капкара жыгач отургучтардын арасында темселеп жалгыз жүргөн кемпир, таман астында сыйгаланган жылма табыт карапалар, анан сөзсүз кайсы бир атактуунун тарткан «Айкашка жыгачтан түшүрүү» деген сүрөтү турган болот.

Саат туура бирде Сан-Мартино тоосунда экинчи нанүштө берилет, түш оой ал жакка эң биринчи сорттогу адамдар арбын чогулат, бир жолу так ошоерде сан-францисколук мырзанын кызы аз жерден эсинен танып кала жаздады. Ал гезиттен Римде жүрөт деп окуган баягы канзаада көзүнө ушул жерде, залда отургандай көрүнгөн, саат беште отелдеги абдан жасалгаланган, жумшак килемдер менен жалбырттап күйгөн каминдердин ысык табы уруп турган салондо чай ичилет. Андан ары да тамакка даярдык көрмөй, кайрадан бүт кабаттарга гонгдун күчтүү, өкүмдар кагылганы угулат да караандары сансыз күзгүлөрдөн кылактаган, ачык төш айымдардын тизмеги жибек көйнөктөрүн шуудурата тепкичтен тепкичке агылып жөнөп берет, адамдарды кайрадан ашкананын меймандос, кенен ачылган эшиктери, эстрададагы кызыл күрмөчөн музыканттар менен шумдуктай чеберчилик менен тарелкаларга коюу мала кызыл сорпону куюп берип аткан метрдотелдин жанында топураган кара малайлардын тобу тосуп алат...

Түркүн дүйүм даам да жайнайт, шараптын, минералдык суулардын, татуулардын, мөмө-жемиштин көптүгүнөн баш айланат, мындай тамакка күптү болуп калгыча ныктап тоюп алгандар ушунчалык дейсиң, тээ түнкү саат он бирде тейлеген кызматчы малайлар улам бир номурду кыдырып, коноктордун ашказандарын ойготуп, жандандыруу үчүн жылуу кайнак суу куюлган каучук мүшөкчөлөрдү таратып чыгышат.

Жаман жери, декабрь ойдогудай болбоду: мейманкана ээлеринин кимиси менен аба ырайы туурасында кеп козгобо, баары эле күнөөлүүдөй ийин куушуруп, алардын күңкүлдөгөнүнө караганда муну булар жылда эле кайталап келишсе да, эзели мындай болбогон имиш, кай жакты караба, бардык жерде аба ырайы ушинтип «жинди» болуп аткан имиш. Ривьерада болуп көрбөгөндөй бурганактар менен нөшөр көз ачырбай турса, Афинага кар жаап салыптыр, Этнаны да кар каптап, түңкүсүн гана көрүнөт дешет, Палермодон болсо сууктан сактанган туристтер качып атышкан экен... Эртең менен кылайып чыккан күнгө деле ишенип болбойт: чак түшкө жеткенде эле асмандын кабагы бозоруп, шыбыргактап жаан жааганы барган сайын күчөп, муздап чыгат. Ошондо отелдин кире беришиндеги пальмалар кыңылтыр түнүкөдөй жылтырап, шаар ыпыластанып, тарып кеткендей, музейлер бири бирине коёндой окшош сезилет, чапандарынын эки өңүрү шамалга канаттай калдактаган резиңке өтүкчөн толмоч мыйтык арабакечтердин сигараларынын сасык жытынан жүрөк айланат, алардын араң баскан, мойну арык өлөсөлүү чобурларга ыкчам опурула камчы салгандары да обу жок жасалмадай көрүнөт, трамвайдын рельсин шыпыра баскан синьорлордун батиңкелерин карачы, ал эми жаан астында чалчыкты чалпылдата баскан жылаңбаш кара чач аялдардын буттары тимеле эргежээлдикиндей. Көбүктөнгөн деңиз жээгинен мурунга урган ным менен балыктын саңырсыган жытын айтып да кереги жоктур.

Сан-Францисколук мырза менен байбичесинин күн сайын таң эртенден чукчуңдашып урушканы көбөйдү, алардын кызы өңү бирде купкуу болуп баш оорудан кыйналса, анан эле бир күнү кабагы кайрадан жарк ачылып, теребелге суктанып, ошол учурда ал бөтөнчө сулуу, сүйкүмдүү. Анын түшүнүксүз бүдөмүк сезимдерин жанагы өңү серт, тенинде башкача асыл баа кан чуркап турган адам менен жолугушуусу удургутуп кеткени андан бетер сонун эле, кыз баланын жан дүйнөсүнө эркектин акчасыбы, атак-даңкыбы же тегинин түптүүлүгү бүлүк салабы, анын деги мааниси канчалык...

Элдин айтымында Соррентодобу же Капридеби, жылуураак, күнөстүү да имиш, ал жакта лимондор гүлдөйт дейт, адамдары да сыпайы сылык, шарабы да накта ачытылган дешет. Муну уккан сан-францисколук мырзанын бүлөсү болгон сандыктарын жүктөп алып Каприге кетмей болушту, ал жактан Тиверийдин сарайларынын ордунда калган таштардан басышмак, Көгүлтүр Үңкүрдүн жомоктогудай төрлөрүн кыдырып, Рождество майрамынын алдынан бир айдан бери арал кезип, дева Марияны даңктап ырдаган абруциялык чоорчулардын күүлөрүн тыңшашмак да анан Соррентого келип жайгашышмак. Сан-Францисколук бүлөнүн эсинде калган! -  кетер күнү  эртең менен күндүн көзү таптакыр көрүнгөн жок. Оор туман Везувийдин этектерине чейин ныгыра баса каптап, коргошун түспөл деңиздин термелген толкундарынын так үстүндө салаңдап асылып турду. Капри аралы дегеле табийгатта болбогондой дээрлик көрүнбөдү. Аны көздөй сүзүп бараткан чакан пароходчо улам бир капталына оой катуу чайпалып бараткандыктан сан-францисколук бүлө буттарын шалчалар менен ороп, көөнү айлангандыктан көздөрүн чылк жумган бойдон пароходчонун кунарсыз кают-компаниясынын дивандандарында сулк жаткан бойдон баратышты.

Өзү ошентип  ойлогонуна караганда миссис байбиче баарынан көп азап тартты: бир нече жолу катуу окшуду, өлүп калам го деген. Чылапчынын көтөрө чуркап келген малай аял узак жылдардан бери ысыкпы, суук болобу, мындай толкундарда чайпалып жүрө берип көнүп да бүткөн. Сакалдуу айымдын бул абалына күлүп гана жатты. Өңү дакидей кубарган байбиче болсо лимондун бир үзүмүн оозуна тиштеп алган. Кенен пальточон, башында килейген картузу бар чалкасынан жаткан мырза болсо жетер жеткичекти карышкан жаагын жазбай барат. Бети каракөк тартып, муруттары агарып кеткендей, башынын да зыңылдап ооруганы басылбайт, анткени акыркы күндөрү маанай чөгөргөн аба ырайынан улам кечиндеси көбүрөк ичип, аңдыганы эле жакын ортодогу бирди-жарым сойкуканалар болуп калган. Жаан болсо шалдыраган айнектерге чаба жаап, андан ылдый аккан суу дивандарга сарыга таамп жатты, уңулдаган шамал мачталарды кычыратып, түрүлө күүлөнүп келген толкундан улам пароходчону таптакыр эле капталына жантайта оодарып, болгон буюмдун баары калдырап жерге чачылды. Кастелламардагы, Соррентодогу аялдамаларда кыйла жеңил боло калганы менен абал ал жакта да опурталдуу. Жээк жарлары, бак-шагы, мала кызыл жана ак отелдери, түтүндүү, тармал жашыл тоолору менен кошо терезенин ары жагынан тимеле селкинчек тепкенсип, бир өйдө, бир төмөн секирет. Кайыктар дубалдарга каңк урунуп, муздак ным шамал эшиктерди тытмалап согот. «Royal» мейманкансынын желеги илинген чайпалган баркадан жүргүнчүлөрдү тынымсыз чакырган чулдур тил баланын дегеле жаагы басылсачы. Туура да, ошондо өзүн таптакыр эле абышка сезген сан-францисколук мырза италияндыктар деп аталмыш сарымсак жыттанган ачкөз көр пендеделер туурасында жини келип да, маанайы чөгүп да ойлоп кетти.

Бир жолу аялдамага токтогон учурда ал көзүн ачты да дивандан башын көтөрүп салаңдаган аска астынан так жээктеги көрксүз, кунары качкан, тышы көгөргөн, бири бирине минишип кайыктардын, чапырак-чүпүрөктөрдүн, темир челектер менен күрөң торлорго аралашкан бир нече алачыктай үйлөрдү көрдү. Бул мырза ыракаттана бир көрсөм деп дегдеп келген чыныгы Италия эле, ошонусун эстеди да ошол замат шаабайы сууду... Анан акыры иңир киргенде этектери кызыл оттор менен көзөлгөндөй аралдын калдайган карааны жакындады, шамал бир бастап, жыты да жагымдуу боло түштү, кыйла жоошуп калган, кара майдай жыбыраган толкундардан пристандын фонарларынан түшкөн алтын түспөл жылаандардай ийрелеңдеген сызыктар тарап жатты.

Ошол оокумда калдыраган якорь шалк эте сууга түштү да, туш-туштан чаңыра кыйкырган кайыкчылардын дооштору угулду, ошондо гана баарынын санаасы тынчып, кают-компаниялар ого бетер жапжарык болуп, адамдардын тамак жегиси, ичкилери, тамеки тарткысы, кыймылдагысы келди. Он мүнөттөн кийин сан-францисколук мырза катын-баласы менен чоң баркага түштү, он беш мүнөттөн соң жээктеги таштарга бут койду, андан кийин зыңылдаган жапжарык вагончого отуруп өйдөгө кетишти. Италияда жер жаандан кийин бөтөнчө таттуу жыттанат, жадагалса, анын ар бир аралынын да өзгөчө жыты бардай! Капри аралы бул кечте нымдуу жана караңгы. Бирок азыр бир мүнөткө жанданып, анча-мынча жеринде жарык пайда болду. Тоонун башындагы фюникулердун жанында сан-францисколук мырзаны татыктуу тосууга милдеткер адамдар топурап турушту. Көңүл бурууга татыксыз башка келгиндер да – сакал муруттары бапыйган, үстү башы кир, көз айнек тагынган, эски пальтолорунун жакасын өйдө көтөрүп алган орустар, анан буттары узун, баштары топтомолок, тироль костюмчан, ийиндерине баштык артынган, эч кимдин кызматына муктаж эмес, чыгаша кылгысы келбеген, кессең кан чыкпаган сараң немис өспүрүмдөрү бар эле.

Булардан өзүн оолак кармаган сан-францисколук мырза ошол замат байкалды. Ага жана анын айымдарына кайыктан түшкөнгө шаша-буша жардам кылышты, жол көрсөтүп, алдыга чуркашты, аларды кайрадан балакайлар менен төбөлөрүнө кадыресе туристтердин сандыктары менен чамадандарын көтөрчү каприлик семиз катындар тегеректеп алышкан. Кичинекей, жыгач отургучтар тизилген, так эле операныкына окшош, төбөсүн нымдуу шамалга чайпалган электр шары жарытып турган аянтча менен тыкылдай басып баратышты, чымчыктардай чуру-чуу түшө ары-бери чымын куюн түшкөн балакайлардын тобу жүрөт бутка аралашып. Булардын ортосунда сахнада бараткансыган сан-францисколук мырза үйлөр менен чырмалышкан кайсы бир орто кылымдагы арканы көздөй жөнөдү, артында өр таяна кеткен жолчо түз эле капкара асмандагы көгүш жылдыздары бет маңдайдан, төбөдөн жыбыраган отелдин жаркыраган кире бериш жагына алып барат. Мунун баары Сан-Францискодон келген коноктордун урматына даярдалгандай, алардын шарапаты менен Жер Ортолук деңизинин аскалуу аралындагы таштан салынган нымдуу шаарчага жан киргендей болду, мырзанын үй-бүлөсүнүн келиши отелдин кожоюнун ушунчалык бакты таалайга батырды дейсиң, үчөө кире бериштен аттаары менен эле аларды гана күтүп тургандай, мейманаканын бардык кабатындагыларды түшкү тамакка чакырган кытайдын нагарасы заң урулду.

Аларды утурлай ийиле тосуп чыккан отелдин кожоюну сымбаттуу келбетине жарашыктуу кийинип алган сылык жаш жигит сан-францисколук мырзаны саамга таң калтырды. Мырза күтүлбөгөн жерден бул жигитти өткөн түнү түшүндө көргөнүн эстей койду, ооба, чалды-куйду түшкөн түштөрүнүн арасынан ал чачын күзгүдөй жылтырата тарап алган так ушундай жентельменди көргөн. Эси оогонунан аз жерден токтоп, туруп да кала жаздады. Бирок анын жан дүйнөсүндө мистикалык сезимдерге эчактан бери бүдүрдөй да орун жок, таң калганы ошол замат тарады. Болгону түшүнүн мындай таң калаарлыктай дал келишкени туурасында аялы менен кызына тамаша иретинде гана айтып тим болду. Бирок сарсанаа болгон кызы болбой эле ага тикирейе карады, анын күтпөгөн жерден жүрөгү кысылып, караңгы, чоочун бул аралдагы жалгыздык сезиминен үрөйү учту.

Каприден жаңы эле кайсы бир мартабалуу конок — Рейс XVII жөнөп кеткен экен, Сан-Францискодон келген меймандарды так ошол кадырлуу адам жаткан жерге жайгаштырышты. Кызматчы кылып эң сулуу, эң чапчаң кыймылдаган, бели ичке белгиялык кыз менен кашы-көзү капкара, каректеринен от чачырагансыган жаш сициялык жигитти, анан элпектиги жанда жок коридор кызматчысы, бою бастек, эткээл, мындай төрөлөрдүн далайын көргөн Луиджи деген немени бекитишти. Бир мүнөт өтпөй эле сан-францисколук мырзанын эшигин акырын черткен француз кызматчы келген төрөлөр тамак ичеби деп баш бакты, оң жооп алаарынан түк шектенбеген неме дароо бүгүнкү тамакка лангуст, ростбиф, спаржа, фазан жана башка даамдар барын айтмак. Пол сан-францисколук мырзанын таманы астында дагы эле чайпалды, – жанагы чалдыбары чыккан италиялык пароходчо аны абдан эзип таштаган экен, ошентсе да кызматчы эшикти ачып киргенде аңкайып ачыла түшкөн, тээ арыдагы ашкана менен бактагы суу болгон гүлдөрдүн жыты келген терезени олдоксон жапты да тамакка барышарын, бирок аларга коюла турган үстөл эшиктен алыс, залдын тээ төр жагына коюлушу керектигин, анан да жергиликтүү шараптан гана ичишерин шашпай эскертти. Анын ар бир айтканын ынтаа коюп уккан кызматчы башын ийкеңдете сан-францисколук мырзанын оозунан чыккан каалоосунун баары кыйшаюусуз, сөзсүз аткарыларын тастыктады. Угуп бүтүп анан ал башын ийди да:

— Болдубу, сэр? – деп сылык сурады. Ыңгырангансыган «yes» («ооба») деген жоопту алгандан кийин бүгүн кире бериштеги кенен жайда бүткүл Италияга, «Туристтердин ааламына» таанымал Кармелла менен Жузеппе тарантелла бийлешерин кошумчалады.— Мен аларды открыткадан көргөнмүн, — деди сан-францисколук мырза жөн эле кайдыгер үнү менен. — Баса, жанагы Жузеппе деген анын күйөөсүбү?

— Жо, аталаш агасы, сэр, — жооп узатты кызматчы.

Мырза бир азга ойлоно түштү, бирок эч нерсе дебей, кызматчыга бара бер дегендей баш чайкап кетирди. Анан ордунан турду да кудум үйлөнө тургансып даярдана баштады. Бүт жакты жаркырата жарыкты күйгүзүп, болгон күзгүлөрдүн баарын, эмеректерди жана оозу ачылган сандыктарды жаркырап кубулган нур менен жарыкка толтурду. Дааратканага кирди да жышына жуунуп, кырына баштады, улам коңгуроо кагып коёт, ошол эле маалда тияктагы бөлмөдөн кызы менен аялы да улам чалып, кызматчыларды ары-бери тызылдата чуркатышты. Кызыл алжапкычын тартынып алган Луиджи бардык эле семиз адамдарга мүнөздүү ыкчамдык менен кыймылдап, өңү башын тырыштырып жанынан колдоруна чака көтөрүп ары-бери чуркап өткөн кызматчы катындарды боорун эзе күлдүрүп, майпалаңдап улам бир коңгуроого чуркап барып эшикти черте, эчактан бери көнүп бүткөн, күлкүнү келтирген жасалма сыпаачылык менен:

— Ha sonato, signore? (Чалдыңыз беле, синьор?) – деп келесоолоно сурап жатты.

Эшиктин ары жагынан болсо:

— Yes, come in... (ооба, кириңиз) – деген басмырт колдураган, саал капалуу сылык үн чыгып атты.

Өзү үчүн абдан жышааналуу болгон ушул кечте сан-францисколук мырза эмнени ойлоду экен? Анын узун жолдо эзиле чайкалып келген бардык адамдардай эле абдан тамак ичкиси келди. Ыракаттана ысык сорпонун алгачкы кашыгын, шараптын алгачкы ууртамын эңсеп, алтургай, кадыресе жуунуп тарангандан оюна башка эч нерсе кирбей, толкунданып да турду. Сакалын кырынып, жуунуп бүткөн соң бир нече жасалма тиштерин жакшылап ордуна кийгизди, күзгүнүн маңдайына туруп күмүш саптуу шоткесин суулап, күрөң-саргыл кашка башындагы бирин-серин күмүш түспөл чачын иреттеп жыйды. Картаң денесинин күчтөп жеген тамактан улам толуп бараткан белин жибек оромол менен таңды, казтаман бутуна болсо кара жибек байпактын үстүнөн балга кийчү туфлийин кийди, отура калып жибек тартынчык менен өйдө тартып алган шымы менен көкүрөгү чытыраган кардай апакай көйнөгүн оңдоду. Жылтырак манжетин топчулап, кыкыйткан катуу жакасы менен мойнунун ортосундагы топчуну тешигине кийире албай кыйналды. Пол дагы эле таман астында чайпалып, манжасынын учу ооруп да чыкты, кокосунун астындагы жылтырак топчу былбыраган терисин бекем кыса оорутуп, бирок ага карабай бети көгөрүп чыкса да кыкыйта кыскан тар жакасын акыры эптеп топчулап, өзүнүн элеси бир нече болуп чагылышкан күзгүнүн маңдайына отурду.

— О, бул азап экен го! — деп ийнинде бекем отурган кашка башын ылдый ийе күбүрөндү, эмне азап экенин ойлогусу келген жок, анан көнгөн адатына салып кунт коё өзүнүн мыртыйган катуу манжаларын, андагы ири, томпойгон мала кызыл тырмактарын карап, бирдемеге көзү анык жеткенсип дагы бир жолу: — Бул азап экен да, - деп кайталап койду...

Дал ушул маалда бутпарастардын сарайындагыдай бүт үйдү башына көтөргөн экинчи гонгдун заңк урулган доошу угулду. Ордунан шап тура калган сан-францисколук мырза галстугун кыкыйта дагы тартынды, манжетин оңдоп, курсагын төшү ачык чыптамасы менен топчуланды, смокингин кийип, өзүн дагы бир жолу күзгүдөн жакшылап сынай карады... Баса, жанагы көздөрү ойноктогон, кызыл-тазыл кийинген мулат өңдүү каратору Кармелла деген укмуш бийлесе керек деп ойлоп койду. Анан сергек басып бөлмөсүнөн чыкты да килем менен баса аялынын бөлмөсүнө жакын барып качан чыгаарын сурады. Аяктан:

— Беш мүнөт! — деген кызынын куунак добушу шыңк этти.

— Эң сонун, — деди сан-францисколук мырза. Деди да шашпай коридор менен басып, китепкана кайда экенин билүү үчүн кызыл килем төшөлгөн тепкич менен ылдый түштү. Маңдайынан чыккан кызматчылар иймене четке чыга дубалга ыктай калып жатышты, ал болсо аларды таптакыр сезбегенсип кете берди. Тамактан кечиктим деген окшойт, астында бүкчүйгөн, чачтары сүттөй ак, бирок көкүрөгү ачык, боз жибек көйнөкчөн кемпир тооктой тыпылдай басып жанталашып бараткан экен, мырза дароо эле андан озуп кетти. Элдин баары небак чогулуп тамакка кирген ашкананын айнек эшиктеринин жанындагы сигаралар менен египеттик папиростордун кутулары үйүлгөн үстөлчөнүн жанына токтоп, колтойгон сигарадан бирди алды да чөнтөгүнөн үч лира акча чыгарып үстөлгө таштады. Кышкы верандага чыгып ачык терезге карады: караңгылыктан салкын мелүүн аба мурдуна урду, бутактары жылдыздарга чачыла тарбайган карт пальманын учу көрүнгөнсүдү. Тээ алыстан деңиздин шарпылдаган добушу кулагына угулду... Жанга жайлуу, жарыгы үстөлдөрдүн бетине гана түшкөн, окуй турган чоң бөлмөдө гезиттерди шуудуратып бир ак чач немис отурган экен, күмүш алкактуу тегерек көз айнек таккан кебетеси кудум эле Ибсенге окшош, көздөрүн да бирдемеге таң калгансып тимеле чанагынан чыкчудай бакырайтып алыптыр. Сан-Францисколук мырза аны кайдыгер карады да, бурчтагы төбөсү жашыл калпакчан чырак астындагы терең, жумшак кайыш креслого отурду. Тегерек көз айнегин тагынып, кысып турган жакасынан тамагын бошото башын чулгап, гезит бетине үңүлгөн бойдон көрүнбөй калды. Бир нече макалалардын аталыштарына көз жүгүртүп, эзели токтобос балкан согушу туурасындагы бир нече саптарды окуду, көнүмүш адаты боюнча гезит бетин оодарды, анан эле бир оокумда саптар секирип, чачыраган айнектей жалт-жулт дей түштү, көзү ымыр-чымыр, мойну тартыла чыңалып, көздөрү аңтарылды, мурдунан көз айнеги ыргыды...

Алдыга жүткүнүп аба жутайын деди эле, жандалбас кыркырап ийди. Ылдыйкы ээги салаңдап, алтын пломбусу ачылган оозунун ичин жарытып турду, башы ийнине кыйшая, ары-бери чулгана берди, көйнөгүнүн астындагы көкүрөгү кутудай томпоюп чыгып, такасы килемди иле шыпырган бойдон бирөө менен күрөшүп аткансып ийрелеңдеген денеси полго кулады. Ошол жерде жанагы немис болбогондо мейманканадагы бул жагымсыз окуяны ошол замат басты-басты кылып коюшмак. Сан-Францисколук мырзаны эки бутунан сүйрөп көздөн далдаа арткы эшиктер менен сүйрөп чыгарышмак, анын эмне болуп кеткенин, кандай кырсыкка кабылганын коноктордун ичинен бир да жан билмек эмес. Бирок жанагы немис калаймакан ызы-чуу салса болобу, эси оогон неме бакырган бойдон окуу жайынан атып чыгып, үйдү, ашкананы башына үч көтөрдү. Көптөр тамак ичкен жеринен тура калышты, дагы бир топтору өңдөрү кубарып окуучу бөлмөнү көздөй чуркашты. «Ой эмне, эмне болуп кетти?!» - кабатыр суроолор түркүн тилде жаңырды, бирок жарытылуу бирдеме айткан, окуянын чоо жайын түшүндүргөн эч ким болбоду, анткени адамдардын табияты ушундай жаралган, өлүм дегенди жаңы көргөнсүп ооздору ачыла, деле бирөө өлдү дегенге ишенчү түрлөрү жок. Кожоюн ары-бери кымгуут түшө чуркагандардын улам бирөөсүн кармап, анчалык корко турган деле эч нерсе болбогонун, Сан-Францискодон келген бир мырза гана анча-мынча эсин жоготконун түшүндүрүүгө  аракеттенип жатты... Бирок аны эч ким уккан жок, малайлар менен коридор кызматчылары жанагы мырзанын галстугун, чыптамасын, бырышкан смокингин, анан да эмнегедир кара жибек байпакчан казтаман бутунан балга кийген туфлийсин чечип атышканын үрөйлөрү уча жардана карап турушту. Ал дагы эле диртилдеп атты.

Капысынан баса калган шум ажалга эзели моюн сунгусу келбегендей өлүм менен жанталаша кармашып жатты. Башын ары-бери кейкеңдете чулгап, союлган немедей киркиреп, көздөрү мастыкынан бетер аңтарылып кеткен эле... Аны шаша-буша ылдыйкы коридордун аркы башындагы тар, эң начар, ным жана суук кырк үчүнчү номурга көтөрүп кирип, керебетке жаткырышканда корсет тиреген көкүрөгү ачык, чачтары жайылган кызы чуркап келди, анын артынан түшкү тамакка жасана кийинген, жүрөгү түшкөнүнөн оозу томолок ачылган аялы жете келди... Так ушул учурда ал башын ары-бери чулгаганын токтотту. Чейрек саат ичинде мейманканадагы абал жөнгө салынып, баары тынчыды.

Бирок жакшы башталган кеч ойдо жок жерден бузулду. Бирөөлөр артка кайтып калган тамагын унчукпай жеп кирди, баарынын маанайы пас, таарынгандай түрү бар эле, ал ортодо кожоюн күнөөлүүдөй түр менен ийин куушура улам ар кимдин жанына барып, болгон иштин «абдан жагымсыз экенин» түшүнөрүн, ал мындан ары мындайды болтурбоо үчүн «колунан келгендин баарын жасарын» убада кылып жатты. Тарантелла бийин кийинкиге жылдырууга туура келди, артыкбаш жарыктын баарын өчүрүп, коноктордун басымдуу бөлүгү шаарга, пийво ичкени сейилдеп кетишти, мейманкана чымын учса угулгудай тынчып, алтургай, вестиюблдеги сааттын чыкылдаганы угулуп турду, кайсы бир бурчта капаста илинген тотукуштун бирдемени күңкүлдөгөнү угулуп, анан көп өтпөй ал да чалкасынан түшүп эки бутун асманга тырайта уктап кетти окшойт. Сан-Францисколук мырзаны болсо денени сайгылаган жүн жууркандардын астында арзан темир керебетке жаткырышты. Төбөдөн үлдүрөгөн гана бир чырактын алсыз жарыгы анын бетине тийип турду. Муз салынган баштык анын нымдашкан муздак маңдайынын үстүндө салаңдап тамчылап турат. Анын көгөрүп чыккан өлүү жүзү акырындап муздап, алтын чагылышкан ачылган оозунан чыккан киркиреген доош барган сайын азайып баратканы. Бул киркиреген сан-францисколук мырза эмес, ал эми жок болчу,  таптакыр башка бирөө эле. Башка эмне кыла алышмак, аялы, кызы, доктор, кызматчы төртөө андан көз албай карап гана турушту. Анан бир оокумда баары жанатан бери күтүп корккон иш болду – киркиреген доош биротоло үзүлдү. Баарынын көз алдында маркумдун өңү акырындык менен кубарып барып анан жазылып, жарыша баштады...

Ушул маалда мейманкана кожоюну кирип келди. «Già é morto» (жаны үзүлдү), — деп шыбырады ага доктор. Кожоюн кайдыгер гана ийнин куушурду. Жашы жаагынан ылдый куюлуп, үнсүз азага баткан миссис ага жакындап, маркумду эми бөлмөсүнө алып барса болобу деп иймене сурады.

— О жогуңуз, мадам, — шашыла, бирок эми эч бир сыпайычылыгы жок, анан да баштагыдай англисче эмес, французча жооп айтып каршы болду кожоюн, эми ага Сан-Францискодон келгендер анын кассасына калтырар жарыбаган тыйын-тыпырдын таптакыр кызыгы жок эле. — Бул таптакыр мүмкүн эмес, мадам, — деди ал, анан түшүнүктүү болушу үчүн дагы минтип кошумчалады: – Ал өзү нан тапкан бул жайды абдан барктайт, ошондуктан эгерде ал мадамдын каалоосун орундатар болсо, анда бул дароо бүткүл Каприге дүңк этет да туристтер оолактап качып, бул мейманканага таптакыр келбей коёт, – деди.

Аны жанатан бери таң кала караган мисс, үстөлгө отурду да бет аарчысы менен оозун баса эчкирип жиберди. Бирок көз жашы дароо эле кургап, кайратына келгенсип бети албырды. Аял эми үнүн көтөрө өз тилинде азыр айтканын кайра талап кыла баштады, аларга болгон баштапкы сый-урмат эчак жоголгонун элес алган жок. Кожоюн суру бузула түшсө да айымдын оозун сылык гана жапты. Эгерде мадамга мейманка тартиби жакпаса, анда ал аларды түк кармабайт; маркумдун сөөгүн таң заарда алып чыгып кетүү керек, полицияга да кабар берилген, алардын өкүлү азыр жетип келип керектүү жол-жобосун аткарарын ныгыра сүйлөдү... Мадам Каприде жок дегенде кадимки эле жөнөкөй даяр табыт тапса болор бекен дейби? Тилекке каршы, мунун эч бир ылаажы жок, эч ким жасап да үлгүрбөйт. Мадам ошондуктан башка жолун табыш керек... Мисалы, мейманканага англис суусу салынган чоң узун жашиктер турат. Ошонун тактайларын алса болот деди кожоюн...

Түнчүндө мейманкана тегиз мемиреп уйкуда эле. Кырк үчүнчү номурдун бийик таш коргондон астындагы куураган банан өскөн бактын төрүн караган терезесин ачып коюшту, жарыкты өчүрүп, эшикти ачкычка жаап салып кетип калышты. Маркум караңгыда жалгыз калды, анын жүзүнө көгүш жылдыздардын шаңгалат жарыгы түшүп турду, кайсы бир жерде, бак ичинде же дубалдабы, саратан бейкапар чырылдап жатты...  Жарыгы үлдүрөгөн коридордун терезесинде эки кызматчы аял бирдеме тигип отурушту. Колунда толтура көйнөк көтөргөн Луиджи кирип келди.

— Pronto? (Даярбы?) — абдан сарсанаа болгонсуп катуу шыбырай сурады көзү менен коридордун этегиндеги маркум жаткан эшикти көрсөтө. Анан бош колу менен ошоякты жаңсай шилтеп: – Partenza! (Жөнөдү!) – деп поезд узатып жаткандай шыбырай кыйкырды, - поезд станциядан жылганда Италияда ушинтип кыйкырат. Терезде отурган эки кызматчы аял боорлору эзиле үн чыгарбай бүлкүлдөп, бири биринин ийнине жөлөнө күлүп калышты. Ойрон Луиджи обу жоктоно бутунун учу менен жеңил секирип эшиктин жанына барды да акырын чертти, башын бир жагына кыйшайта ызаат кыла акырын:

— Íà sonato, signore? (Чалдыңыз беле, синьор?). – Анан тамагын жасай ылдыйкы ээгин алдыга сунуп, тияктан жооп бергенсип колдураган доошу менен өзүнө өзү:— Yes, come in... (ооба, кириңиз) – деди. Берки аялдар боор тырмап калышты.

Таң жарышканы кырк үчүнчү номурдун терезеси агарып, нымдуу шамал банандын жалбырактарын шуудуратып, таңкы көк асман шаңкайып, Капри аралына алгачкы нурларын чача аралды. Монте-Соляронун даана көрүнгөн чокуларын Италиянын алыстагы көпкөк тоолорунун артынан көтөрүлгөн күндүн алтын нурлары тегиз боёп, аралдагы туристтер басчу жөлөк жолчолорду оңдогон кыш кыноочулар жаңыдан жумушуна кол урган кезде, кырк үчүнчү номурга сода кошулган суунун узун жашигин алып келишти. Бир нече убакыттан кийин жашик оорлошуп чыга келди, аны Капринин жантайыштарынан жол боюндагы жүзүмзарларды аралай бирде өйдө, бирде ылдый ийрелеңдеген бойдон улам ылдыйлап отуруп, тээ деңизге чейин кеткен ак шоссе жол менен жалгыз ат чегилген арабага жүктөп жөнөгөн арабакечтин тизесине такалып оорутту. Тыржыйган, көздөрү кыпкызыл, түнү менен тратториядан (чакан италиян рестораны) өлө ичип, сөөк атмай ойноп чыккандыктан башы зыңылдап ооруган эски кастүмчөн арабакеч атын чапкылап, уруп салып барат. Ал кечээ түнү жанында сокур тыйынына чейин уттуруп жибергенине кападар, ошондуктан унчукпай дулдуюп, жолу болбогон өзүн сөгүп баратты. Бирок деңиз жээгиндеги кашкайган таңдын абасы таза, адамдын көөнүн ачат, ооруган башын басып, бат эле баягы жайдары калыбына кайтарат. Анан калса арабакечти соороткон нерсе – жансыз башын шылкылдатып артындагы жашикте келаткан кайсы бир сан-францисколук мырзадан түшкөн күтүүсүз тыйын акы эле. Неаполитан кысыгын назик коюу көгүш нур каптап турду, тээ ылдыйда коңуз сыяктуу көрүнгөн чакан пароходчо акыркы гудогун берип, анын доошу ар бир ташы, бурулушу дапдаана көрүнгөн бүт аралга жайылып, дымыккан аралда таптакыр аба жоктой эле. Ошол тапта машине менен түнү бою уктабай ыйлаган көздөрү шишик сан-францисколук мырзанын аялы менен кызы да пристанга жетип келишти. Он мүнөттөн соң пароходчо сууну шарпылдата жирей сан-францисколук үй-бүлөнү Каприден Соррентого, андан ары Кастелламареге биротоло алып жөнөдү...

Арал кайрадан бейкуттукка чөмүлүп тынчыды. Уламышка ылайык, мындан эки миң жыл мурда бул аралда өзүнүн жан кумарын кандырган жагынан кишинин оюна келгис ыпылас жоруктары менен атагы чыккан ырайымсыз, миллиондогон адамдарды бийлеп, өзүнүн чектен чыккан карамүртөздүгү менен азапка салган бир адам жашаган имиш. Адамзат ошонун атын түбөлүккө эстеп калып, эми ошол неме жашаган аралдагы таш үйгө зыяраттап келгени адатка айланыптыр. Мына ушул керемет таңда Каприге так мына ушул максат менен келгендер али мейманканада уктап жатканда кызыл токумчан кодолектерди мейманкананын жанына жетелеп келе башташты. Эми алардын баары уйкудан ойгонуп, курсактарын жакшылап тойгузган картаң жаш америкалык, немис жана англичан эркек аялдарды отургузуп, таштак жолчолор менен тоого, Монте-Тиберионун тээ чокусуна чуркашат. Тамырлары көпкөн тарамыш колдоруна таяк кармаган каприлик кедей кемпирлер бул кодолектерди артынан түшүп айдап барышмакчы. Алар менен чогуу бармак болгон Сан-Францискодон келген, бирок жок жерден каза болуп, баарынын жүрөктөрүн түшүргөн абышканы Неаполго жөнөтүлгөнүн угуп санаалары тынган саякатчылар али катуу уйкуда эле, арал тынч, шаардагы дүкөндөр ачыла да элек. Болгону ортолук аянтта балык жана көк-сөк саткан жалгыз чакан базарча иштеп атты. Ал жерде жалаң карапайым адамдар, арасында бүткүл Италияга атагы чыккан узун бойлуу кайыкчы, кезинде ой-тоого уруна дуулдап шапар тээп, далай ургаачыны куруткан аягы суюк, анан да нечендеген сүрөтчүгө модель болуп да кызмат кылган эркектин сулуусу Лоренцо абышка да бар эле. Ал түндө кармап келген эки омар балыгын ит бекер эле сатып ийген.

Баса, андай балыктын далайы Сан-Францискодон келген мырзанын үй-бүлөсү жашаган мейманкананын ашканасындагы ашпоздордун этектеринде бултуңдап жүрбөдү беле, эми жылдыр-жулдур кийимчен, башына кыйшайта кийген кызыл жүн топучан Лоренцо карыя чопо мүштөгүн соруп коюп, падышадан бетер жан-жагына каадалана көз чаптыра кечке жайбаракат жүрө берсе болот. Монте-Соляронун тик түшкөн жарынан, аскадагы кесилип чегилген байыркы финикиялыктардын таш жолунун тепкичтери менен Анакапри тараптан эки тоолук түшүп келатты. Бирөөсүндө кайыш терисинин астында эчкинин тыбыты менен капталган эки чоорлуу волынка, экинчисинде жыгач цевница (орус, украиндердин байыркы үйлөмө аспабы) өңдөгөн бирдеме бар. Алар түшүп келатышты, тамандарынын астында көргөн көздү кубанткан кооз, күнөстүү бүтүндөй ажайып өлкө жайкалып жатты.

Аралдын таштак урчуктары, аралды кучагына чүмкөп алган жомоктогудай көгүш мейкиндик, чыгышты көздөй таң эртеңден деңиз үстүнөн күмүштөй кубула жылтылдай көтөрүлгөн буу, көздү уялтып барган сайын табы куйкалап келаткан күн, Италиянын туман чулгаган асман ыраң алыс жакын тоолору баары алардын буту астында жатты, табийгаттын бул керемет кооздугун сөз менен айтып жеткиргенге адам сөзү алсыздык кылар. Жарым жолго жеткенде алар кадамын басаңдатышты: жол үстүндөгү Монте-Соляронун аскалуу дубалын оюп кирип кеткен үңкүрдүн ооз жагында күн нуруна малына чагылышкан апакай гипс кийимчен, башында бороон-чапкындан коргогон алтын түспөл ханыша таажычан, көздөрү үч ирет бата алган уулунун түбөлүк колдоочулары менен бактылуу шайыктары турган көккө тигилген ыйбаа жана мээрбан бүбү Мариям турду. Алар баш кийимин шыпырышты да ошол замат ооздорунан күнгө, таңга, бул оомал-төкмөл дүйнөдөгү азап чеккендердин колдоочусу аруу бүбү энеге жана анын алыскы Иуда жергесинин Вифлееминдеги үңкүрүңдө койчунун кембагал турагында жатынынан түшкөн уулуна болгон баёо, ыйбаа - шаттуу салават алкоолор куюлуп кетти...

Сапар маалында капылет акка моюн сунган сан-францисколук абышканын сөөгү үйүнө, кабырга барып жатмакка Американын жээктерине кайтып баратты. Көрбөгөн кордукту көрүп, адамдардын кайдыгерлигинин азабын куп тартып, улам бир порттон портко которулуп, акыры өзүн кечээ жакында эле урмат-сый менен Европага жеткирген баягы атактуу кораблге кайрадан туш болду. Эми аны тирүүлөрдөн бекитип салышты — чакыч шыбалган табытка салып туруп тереңдеги караңгы трюмга түшүрүп коюшкан. Корабль кайрадан өзүнүн узак деңиз сапарына чыкты.

Түнкүсүн ал Капринин аралдарын кыйгап өттү, аралдан туруп карагандарга анын карарган деңизден бир көрүнүп бир көрүнбөй калган оттору муңдуу эле. Бул түнү да оттору жаркыраган кораблде адамдар кыжылдаган шөкөтү артык бал өтүп жатты. Баягыдай эле ээ жаа бербеген бороонду аралап, көңүл чөгөрө гүүлдөгөн океандан тарамданып аткан тоодой күмүш көбүктөрдүн үстүнөн чайпалып бараткан кораблде үлпөт кече экинчи да, үчүнчү да күнү улана бермек. Карлуу борошодон улам кораблден сан жеткис жыбыраган оттуу көздөрү Гибралтардын аскаларынан баары жоктун баарын байкаган Желмогузга араңдан зорго көрүнүп жатты.

Желмогуз аска таштай зор болгону менен бирок карт жүрөктүү Жаңы Адамдын дымагы менен курулган көп кабаттуу, жайнаган морулуу корабль да андан кем калышпас эле. Көз ачырбаган борошо анын кардан апакай болгон тулку боюн канчалык чапкылабасын ал бекем, тоготпос жана үрөй учурарлык зор болчу. Анын чатырынын кар куюндап сапырылган тээ төбөсүндө жарыгы араң бүлбүлдөгөн жалгыз бөлмө көзгө урунду.

Анда кораблдеги тырс эткен дабышты тыңшап, санаасы тынчыбаган баягы молоташ өңдөгөн айдоочусу бүт кемеге көз салып коюп жамбаштап жатканы. Ал бороонго тумчуккан сиренанын улуп-уңшуп, жанды кашайта чарылдаганын тыңшап келатат, бирок ары жагында эмне болуп атканы белгисиз, күдүктөнгөн көңүлүн брондолгон каютанын жакындыгы гана сооротуп, ал жакта бир туруп күүлдөгөн сырдуу добуш угулса, бир туруп башына темир алкак кийип алган кубакай өң телеграфисттин айланасына чачырап жарылып жаткан көгүш оттордун чытыраганы угулат.

Айбаттуу «Атлантиданын» тээ түпкү курсагында болот шаймандар күңүрт жылтылдайт, бууга ышкырган эбегейсиз алп мештердин, сан жеткис башка машиналардын ысык суу менен май бүрккөнү, кораблди кыймылга келтирген тозоку от жагуучу мештер үрөй учургудай баркылдап кайнап, болгон күчтү баш аягы көрүнбөгөн жер астына, жарыгы араң жылтыраган тегерек узун тоннелге жеткирип, ал жакта өзүнүн майланышкан жатагында кынтыксыз кыймылы менен адам жанын сууруп алчудай, тоннелге чубалжып жатып алган тирүү нак желмогуздун кекиртеги өңдөнгөн килейген вал жайбаракат айланып атканы.

Ал эми «Атлантиданын» ортосундагы ашканалар менен бал өтчү жайлар жаркыраган нурга балкып, жасана кийинген адамдардын опур-топурунан дуулдап, аңкыган жыпар жыттуу жаңы гүлдөр бажырайып, кыл аспаптардын оркестри ойноп жатты. Түркүн түс адамдардын шаңдуу тобунда, нур чачкан оттордун, шуудураган жибектердин, брилианттардын, айымдардын жылаңач ийиндеринин арасында кээде байкабай кетип бири бири менен түртүшүп кеткен жалданма ашыктардын чыбыктай ийкемдүү жубу: чачы жөнөкөй асемделген, кирпиктери төгүлүп, айыптуу көз карашы кылгырган жупуну мүнөз кыз менен кара чачтарын башына чаптап алгандай нооча бойлуу, пудраланган бети купкуу, жылтырата лакталган бут кийимчен, этеги узун ичке фракчан жигит – килейген сүлүк куртка окшогон келбети келишкен азамат экөө аргасыз кыйноо тарта буралып бийлеп жүрүштү.

Бирок бул жуптун уят-сыйытсыз муңдуу музыка астындагы жыргалдуу азапка баткан жасалма бийден небак тажап бүткөнүн да, анан тээ ылдыйда, капкараңгы трюм түбүндө, көзгө сайгыс караңгылыкты, океанды, бороонду кыйнала жиреп бараткан оор кеменин зулмат жана ысык кучагынын бир бурчунда ким жатканын да бир жан билген жок...

Октябрь, 1915

Кыргызчалаган Бахтияр ШАМАТОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз