Иван Бунин: Сулуу

  • 17.03.2022
  • 2344

 

АҢГЕМЕ

Мамлекеттик палатанын аткаминери, улгайган жесил неме жаш, сулуу аялга, аскер жетекчисинин кызына үйлөндү. Жесил кем сөз жана оор басырыктуу келип, аял өз баасын билген неме эле. Эркек арык, узун бойлуу, тулкусу зил кеселдүүдөй, йод түстүү көз айнекчен, бир аз киркиреп сүйлөйт жана бирдемени катуураак айткысы келсе, чыйылдап кетет. Аял болсо чакан, денеси чың, кайраттуу, дайым жакшы кийинип жүрөт, үйдү абдан көңүл коюп жана чарбакерлик менен карайт, көз карашы курч. Жесил көптөгөн губерниялык аткаминерлер сыяктуу эле бардык жагынан кунарсыз адамдай сезилчү, бирок биринчи никесинде да сулуу кызга үйлөнгөн, элдин баары колун жайып, ага эмне үчүн мындай сулуулар туш келерине таңгалыша турган.

Ошентип экинчи сулуу анын биринчи никесинен туулган уулун көрөрү менен жек көрүп, аны таптакыр байкабагандай мамиле кылды. Ошондо атасы да андан коркконунан, эч качан уулу болбогондой түр көрсөттү. Табиятынан жүүнү тирүү, жароокер бала алардын көзүнчө сөз айтуудан коркчу болду, андан соң таптакыр эле чүнчүп, кудум үйдө жок сыяктуу басмырт жүрдү.

Үйлөнүү тою өтөр замат баланы атасынын уктоочу бөлмөсүнөн ашкананын жанындагы көк баркыт капталган эмеректер менен жасалгаланган чакан бөлмөгө, конок үйүндөгү диванга которушту. Бирок баланын уйкусу тынчсыз болуп, ар түнү шейшеби менен жуурканын тээп тактайга түшүрүп салчу болду. Көп өтпөй үй кызматкерине мындай деди сулуу:

- Бул эмне деген обу жок кылык? Минтип олтурса, ал дивандын баркытын бүтүндөй бүлдүрөт. Настя, мен сизге анын ыраматылык апасынын далисте турган чоң сандыгына бекитип салыңыз деген төшөнчүнү буга тактайга салып бериңиз.

Бала ошентип өзүнүн бүт ааламдагы тоголок жалгыздыгы менен өз алдынчалуу, үйдөгү нерселердин баарынан таптакыр окчун жашоодо өмүр сүрүп, жымжырт, байкалбас, коёндой окшош күндөрүн өткөрө баштады: конок үйүндөгү бурчунда момун түр менен олтуруп, грифель тактасына үйдүн сүрөтүн тартат же ыраматылык апасы тирүү кезинде сатып берген китепчесин кайталап окуйт, терезеге тигилет... Кечинде диван менен жыгач челектин ортосунда тактайга жатып уктайт. Бала төшөгүн өзү салып, эртең менен кайра өзү тырышчаактык менен жыйнайт да, тыкан бүктөп далистеги апасынын сандыгына салмакка алып барат. Ал жерде анын бар байлыгы катылган.

28-сентябрь, 1940

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз