Игорь Ильинский: Горький менен Буниндин достукка жамынган кастыгы

  • 07.10.2021
  • 4143

Горький менен Бунин бири-бирин байланыштырган жылдар жөнүндө дайыма эстеп жүрүшкөн. “Эмнеси болсо да, кымбаттуу Алексей Максимович, мен Сизди дайым жакшы көрөм” – И.Бунин. Каприде Горькийге белекке берилген китептеги жазуу. “Сүйүктүү жазуучум жана досум Иван Алексеевич Бунинге” – А.Пешков, 2-апрель, 1917-жыл, Петроград.

Буниндин жашоосун жана чыгармачылыгын изилдеп жатып: “Бунин менен Горькийдин достугун эмнелер байланыштырып турган, ал чын ниеттен чыккан достук беле же анткорлукпу?” деген суроону бербей коюуга мүмкүн эмес. Кантсе да бул достук 1899-жылдын жазында башталып, 1917-жылдын апрелинде бүткөн...

Горький жазуучулар чөйрөсүндө Буниндин пайда болгонун дароо эле байкаган, бирок аны өзүнө жакындатууга шашкан эмес, кантсе да күмөнсүп турган. 1899-жылдын 26-апрелинде Чеховго жазган катында мындай дейт: “... Буниндин аңгемелерин окуй баштадым. Кээде ал жакшы эле жазгансыйт, бирок анын Сизди туурап жазарын байкадыңызбы? “Кыялкеч” аңгемеси менимче, түздөн-түз Сизге таасирленип жазылган, бирок бул жакшы эмес. Мопассан менен Сизди тууроого болбойт. Бирок Бунинде табигатты абдан кылдат сезүү жана баамчылдык бар. Ырлары да жакшы – баёо, бала мүнөз жана балдарга абдан жага турган ырлар...”

Ошентип Бунин Ялтага келип, жээк бойлоп баратты. Капысынан алдынан Чехов чыкты, жазуучунун жанында узун бойлуу, үнү күркүрөп чыккан адам бар экен. Чехов аны Бунинге тааныштырды: “Таанышып алгыла, Горький”. Муну капысынан кездешүү деп атоого да болор, а балким ушундай болууга тийиш эле. Эмнеге жана ким тарабынан? Ошол эле Буниндин өзү бул мезгилде классик жазуучуга айланып, Горький менен бир катарда турган Чеховдон Горький менен тааныштырууну суранган болуу керек. Бунин экөөсүн тең улуу жазуучулар деп урматтаган.

Ошол кезде Буниндин өзү ким эле? Анда ал көпчүлүккө таанылууну, атак-даңкты эми гана эңсеп баштаган, окурмандарга белгилүү болуп калган бир нече повесттер менен аңгемелердин автору эле. Аны кимдер бул жолдо жактырган жана мактоо сөздөрүн айтып колдогон? Алар Чехов, Куприн, атүгүл Буниндин талантын: “... Атүгүл Тургенев да жаза албагандай жазат, мен жөнүндө болсо айтып да кереги жок” деп белгилеген Лев Толстойлор эле. Ошентсе да окурман калкынын эң сүйүктүү автору – Горький болгон. Анын достук колу Бунинге баарынан зарыл болгон.

Мына ошол Горький бет алдында турат.

Буниндин ар кайсыл жылдарда Горькийге жазган каттары сылыктыктын үлгүсү: “Сиздин эркиңиздей болсун...”, “Сизди жакын арада көрөмүн деген үмүттөмүн”, “Кымбаттуу досум, Сизди бекем кысып өбүүгө уруксат этиңиз. Сиз мен жазып жатканда ойлонгон жана колдоп-кубаттоосун ушунчалык самаган азгантай адамдардын бирисиз”, “...Сизди бекем жана мээрим менен кучагыма кысамын! Сиздин Ив. Бунин. 16-07.1912”.

1913-жылдын 1-апрелинде Бунинге жазган катында Вера Николаевна мындай дейт: “Өткөн аптада (Каприде) Горькийлердин үйүнө 5 жолу кечки тамакка бардык! Алардын өз ара мамилелери абдан назик! Алардыкында калуубузду сунушташты”. “1912-жылдын 12-августу. Сиздин мага арнап аңгеме жазуу жөнүндөгү убадаңызга канчалык кубанганымды айтып отуруунун кажети жоктур, ыракмат, кымбаттуум. Сизге да ошондой эле мээрим менен жооп кайтарам”. Бул сөздөр 1912, 1913 жана 1915-жылдарда айтылган...

Буниндин агасы Юлийге таанышуудан болгону бир жарым жыл өткөндөн кийин жазганын көрөлү: “Кызыл канатка келчү болсок, өзүм иштей алаар тынч-ынак жашоомду таштап ага баруу зарылдыгы, айтаар сөз жок болсо да сүйлөө зарылдыгынан азап тартуум, жок достукту бардай кылуу, мунун баары мени өзүм күткөндөн да көбүрөк тынчсыздантат. Жолугушуубуз да жакшы башталган эмес: жүрөгүм бул достуктун “жигерине” чек коюларын сезген, так ошондой болуп чыкты. Биз эч качан Капридегидей жасалма жана бири-бирибизди кыртышыбыз сүйбөй учурашкан эмеспиз”.

Арийне, Бунин Горький менен таанышкан алгачкы күнүн кандай сүрөттөгөнү мындан да кызыктуураак. Бул күндү сүрөттөп жатып Бунин өзүн “баш каарман” катары көрсөтө албаса, башкача айтканда, өз пайдасына иштебесе, Бунин Бунин болмок эмес. Анын пикири боюнча, бул күн Бунин үчүн эмес, атактуу Горький үчүн кубанычтуу күн болгон. “Горький” деген макаласында Бунин мындай деп жазат: “...Ошол эле күнү биздин ортобузда достук жакындашуу сыяктуу, ал тараптан атүгүл, кандайдыр ылым санаган жана мага тартынчаактык менен суктанган сыяктуу сезимдер болду:

- Сиз деген дүйнөгө Пушкин менен Толстойду берген ак сөөктөр маданиятынын акыркы жазуучусу болосуз да. - Ошол эле күнү, Чехов арабакеч жалдап Аутхусуна кеткен маалда Горький Виноградный көчөсүндөгү батирине баш багууга чакырды... Ал жерде Горький кийинчерээк мага жүз жолу айткан, Ялтада айтып баштаган сөздөрүн улады:

- Түшүнөсүзбү, сиз деген чыныгы жазуучусуз да – бул баарынан мурда, сизде орус адабиятынын көркөм искусство мурасынын каныңызда бардыгынан улам. Жаңы окурман сөзсүз түрдө бул маданияттан үйрөнүүсү, аны болушунча кадырлап-сыйлоосу керек, - ошондо гана сизден бир натыйжа чыгат!”

Бунин ушундай дейт. Бирок Горький муну айтты беле?  Табышмак.

Анткени ошол эле “Горький” аттуу макалада, ошол эле Бунин минтип жазат: “Аны менен алгач жолугушкан учурда анын даңкы бүт Россияга тараган. Андан кийин бул даңк ого бетер жайылды. Орус интеллигенциясы анын жазгандарынан акылдан азчудай болуп жатышты, мунун эмнеден экени да түшүнүктүү. Бул орус төңкөрүшчүлдүгүнүн болуп көрбөгөндөй жогорулоо мезгили жана Горькийдин бул көрүнүшкө абдан шайкеш келери аз келгенсип, ошол убакта “большевиктер” менен кийинчерээк пайда болгон марксисттердин ортосунда кызуу күрөш жүрүп жаткан, ал эми Горький мужукту жер менен жексен кылып, марксисттер төңкөрүшчүл пландары менен үмүттөрүнө туу кылып көтөргөн “Челкашты” (Горькийдин алгачкы аңгемеси) даңктап чыкты. Ошентип, Горькийдин ар бир жаңы чыгармасы ошол замат бүткүлроссиялык окуяга айланып жатты. Горькийдин өзү да, жашоо образы да, адамдарга мамилеси да улам өзгөрүп турду. Эми анын Нижный Новгороддо заңгыраган жер тамы, Петербургда чоң батири бар, Москвага, Крымга ат тезегин кургатпай каттап, “Жаңы жашоо” журналын жетектеп, “Билим” басмасын түптөй баштады... Ал эми Көркөм театр үчүн жаза баштады... актриса Книпперге өзүнүн китептеринде, мисалы, мындай деп жазды:

- Бул китепти, Ольга Леонардовна, Сиз үчүн жүрөк кабым менен мукабалап берер элем!

Ал адегенде Андреевди, андан кийин Скиталецти элге тааныштырып, өзүнө имерди”.

Горький Бунинди да өзүнө имерди, бул тууралуу Бунин каттары менен күндөлүктөрүндө жазды.

“Мен үчүн баарынын борбору болгон адам, - деп жазат Бунин, - мени өзүнүн жагымдуу таасири менен арбап алды. Анын адаттан тыш келбетинде, жүзүндө, о тамгасын баса айтуусунда, жаңсап сүйлөгөнүндө, сөзгө берилип кеткенде муштумун түйгөн жаркын, баланыкындай күлкүсүндө, мезгил-мезгили менен катаал түнөргөн жүзүндө, күлкүлүү, күчтүү, таасирдүү, образдуу кебинде кандайдыр бир жылуу-жумшактык жана келишимдүүлүк жылт эте калат жана анын бүкчүгүй келбетине карабастан, өзгөчөлүү кыймыл жана тышкы сулуулук бар эле. Мен көп учурда анын жаңсап сүйлөгөнүнө же турган турпатына суктанып жатканымды сезер элем”.

Буга караганда, Горький Бунинге көпкө чейин көз кырын салган.

1901-жылдын октябрь айынын ортолорунда К.Пятницкийге жазган катында Горький мындай дейт: “... Иван Бунин аңгемелерин “Билимге” жарыялоону сунуштайт. 31 аңгемеси бар экен. Анын буга чейин жарык көргөн “Дүйнө четине” китеби өзүнүн айтуусунда сатылып кетиптир. Жаңы жыйнагы, божомолумда, тезирээк таркайт, анткени Бунинди көбүрөк таанып калышты. Ал которгон “Гавайат тууралуу ырлар” 2-басылышта чыгып жатат. Адабий көз караштан алганда ал – сүрөткер жана бир топ күчтүү сүрөткер. Ал Евгенийдин өз жүзү бардыгына, ал эми Буниндин жүзү тумандуулугуна карабастан, Евгений Николаевден алда канча өйдө. Мен Бунинди “Билимде” жарыялоого макулмун...”

1901-жылдын 24-ноябрында Горький кайрадан К.Пятницкийге жазууда: “... Буниндин кайрадан “Чаяндар” тобунда пайда болорун, альманах түзүү ниети да бардыгын уктум. Чынын айтсам, буга кубанган жерим жок. “Билимдин” энбелгисин кайдыгер адамдардын чыгармаларына коюусунун кажети барбы? “Антоновдук алмалар” сонун жыттанат, ооба! – бирок алар таптакыр демократия жыттанбайт – чын эмеспи? Буга төмөнкүлөр кошумча: мен “Аганы” жазып бүткөндө, алардын аттарын атабаган күндө да, Бунин жана башка көптөрү мага нааразы болушат. Алар атүгүл, мага каршы чыгуулары мүмкүн, анткени менин бул көгүчкөндөрдүн куйругун басуу ниетим бар... Эх, Бунин! Каалагың да, сайылгың да келет, сулуулук сыздап, акыл-эс да каршы! Менин боорукер жана акылдуу досум, чечүүчү сөзүңүздү айтыңыз. “Гавайатка” каршы сөзүм жок, бирок аңгемелер оңтойсуздантат...”

Буга карабастан, журналдарга алгач жарыялана баштаган күндөн тартып сынчылардын көз кырында болгон Бунин көп жылдар бою “көпчүлүктүн сүймөнчүктөрү” болушкан Горький, Скиталец, Юшкевич жана Леонид Андреевдин көлөкөсүндө калып келген.

Шексиз түрдө, мунун баары Буниндин маанайын чөгөргөн, өзүнө берген бийик баасын басынткан. Анан калса, Бунин менен Горький дайыма эки башка идеологиялык өңүттө турушкан. Горький толугу менен “пролетардык жазуучу” деп эсептелген, кайсы бир жылдары большевисттик фракциянын ири демөөрчүсү да болгон. Бунин Горькийдин Ленин менен жакын мамиледе болгонун, Лениндин Горькийдин Капридеги үйүндө эки ирет мейман болгонун, Горькийдин РСДРПНын Лондондогу V съездине делегат болуп шайланганын жана падышалык бийликке оппозицияда экенин да билген. Горький прозадагы поэма болгон “Бороончу” чыгармасында түздөн-түз: “Бороон улам катуу соксун!” деген чакырык таштайт.

Мунун баарын билген Бунин 1916-жылдын 22-мартында күндөлүгүнө мындай деп жазат: “... Ал эми бул элди акмактардай экиге бөлүү: бир жагында жырткычтар, элди эзүүчүлөр, кулдар, падыша нөкөрлөрү, өкмөт жана городовойлор (полиция кызматкерлери), ар-намыс, абийирден куржалак адамдар, экинчи жагында – нукура эл, мужуктар, “таза, ыйык, кудайга ишенген, эмгекчилдер жана унчукпастар”. Хвостов, Горемыкин, городовойлор бул эл эмес. Эмнеге? Ал эми элди уятсыздык менен талап-тоногон станция башчылары, телеграфисттер – эмне, булар да элби? Жок. Эл өкмөттү өзү түзөт жана жеке бийликке шылтабай ак кой. Арийне, мына ушунун өзү орус эли үчүн башкаруунун эң мыкты жолу, бекеринен бул жол үч жүз жыл бою сакталып турду дейсиңби?”

Бирок өзү эч нерсе болбогондой, Горький, Чехов, Андреев менен Скиталецтин адабий тобунда кала берген. Эмне үчүн?

Мунун сыры оңой: керт баштын кызыкчылыгы. Горький калем акы төлөө саясатында төңкөрүш жасап, “Билим” басмаканасы 40 миң белгиден турган автордук барак үчүн 300 рубль төлөгөн (XX кылымдын башында ыстыкан арак 3 тыйын, нан 2 тыйын, 16 кг ун 30 тыйын турган). Мыкты калем акыдан тышкары, Горький ай сайын аванс түрүндө төлөнүүчү калем акыны киргизген. Мындай болгондо жазуучулар штаттагы кызматкерлер сыяктуу басмаканадан эмгек акысын алып турушкан, Россияда ал учурда бул болуп көрбөгөндөй жаңылык болгон. “Билим” басмасы ай сайын Бунин, Серафимович, Скиталец сыяктуу 10го жакын жазуучуларга аванс акы төлөп турган. Россиялык китеп басып чыгаруу иши үчүн “Билим” басмаканасынын автордук укук тууралуу расмий мыйзамдар чыга электе жазуучуларга чет элдик басмаканалардан калем акы өндүрүп берүүсү жаңылык болгон, бул чет элдик котормочулар менен басмаканаларга адабий чыгармалар Россияда басылып чыга электе жиберип туруу жолу аркылуу жетишилген.

1905-жылдын декабрынан тартып Горькийдин демилгеси боюнча чет мамлекеттерде орус авторлору үчүн атайын китеп басып чыгаруучу басмакана уюштурулган, Горький уюштуруучулардын бири болгон. Горький жетектеген “Билим” басмаканасында жазуучуларды материалдык жактан камсыздоо эң мыкты деңгээлде болгон.

Дүйнөлүк даңкы бар Горькийге жакын болуу жана аванс түрүндөгү буга чейин болуп көрбөгөн материалдык колдоо, ошондой эле эң жакшы калем акы Бунин менен Горькийдин достугунун эң башкы сыры болгон.

Мындан сырткары, адабий эмгектерди жайылтуу системи “Билим” басмаканасында  “Чаян” басмаканасына караганда мыктыраак жөнгө салынган, бул китеп сатууга таасирин тийгизген: Буниндин “Биринчи том. Аңгемелер” жыйнагы үч жылдын ичинде (1902, 1903, 1904-ж.ж.) үч жолу басылып чыккан, бул Бунин үчүн мурда атүгүл кыялдана да албаган иш болгон. Бунин 1936-жылы минтип жазат: “Биз Петербургда, Москвада, Крымда жолугушуп турдук, ортобузда өз ара иштерибиз да болду: адегенде мен анын “Жаңы Турмуш” журналы менен кызматташтым, андан кийин алгачкы китептеримди анын “Билим” басмаканасынан басып чыгара баштадым, “Билим жыйнактарына” да жарыяланып жүрдүм”. Буниндин китептери жүз миңдеген нускада сатылып турду, мунун баарына китептердин “Билим” басмаканасынан чыкканы да себепкер болгон. Бул басмакана жазуучулардын калем акысын асмандаткан. Жазуучулар “Билим жыйнактарынан” бирөө 300дөн, дагы бири 400, дагы бирөөлөрү атүгүл барагына 500дөн, Бунин болсо 1000 рублдан калем акы ала турган. “Билим” басмаканасы менен кызматташуу Буниндин чыгармачылыгында чечүүчү мааниге ээ болгон: анын чыгармалары “демократиялык коомчулукта” зор ийгиликке ээ болгон басмадан чыккан жыйнактарда такай жарыяланып, акыры барып көпчүлүккө таанымал болду.

Бирок Горький да, кыязы, Бунин өзүнүн идеологиялык көз караштарын өзгөртөт деп үмүт кылган болуу керек. Бунинтаануучулар жазышкандай, ал “көп эле жолу анын саясий кайдыгерлигине нааразы болчу жана качан болсо ага “өзүнүн жылтылдабаган күмүш сыяктуу көркөм талантын” курчутууга жана аны “керектүү жерге саюуга” чакыра турган.

Андыктан дал ошол Горькийдин өзү “Кыштак” повести жарык көргөндөн кийин ага эң мыкты деген баасын берген. Бунинге сынчылар жабалактап асылганга чейин, 1910-жылдын 23-ноябрында жазган мактоо катында ал авторго жалаң мактоо сөздөрүн гана айтпастан, китептин тагдыры оор болорун да божомолдогон... “Кыштактын” аяк жагын мен толкундануу жана сиз үчүн кубануу, чоң кубануу менен окуп чыктым, арийне Сиз эң мыкты чыгарма жазыпсыз, - деп жазган Горький. – Бул – мен үчүн шексиз нерсе. ...Менин “Кыштак” тууралуу сөздөрүмдү көбүртүп айтылган деп эсептебеңиз, бул мындай эмес. Москвалык жана петербургдук журналдарга сын макала жазышкан бардык Иван Эстебеймдер менен Билбеймдер “Кыштакты” баалай алышпайт, анын маңызын да, формасын да түшүнүшпөйт. Анда катылган коркунуч иш жүзүндө солчулдар үчүн да, оңчулдар үчүн да түшүнүксүз, бул коркунучту эч ким байкабайт. Бирок, таңыркап дал болуу менен абдырап калуубуз өтүп кеткенде, адепсиз бейбаштыктан айыкканыбызда, бул ушундай болуусу керек, ансыз биз жок болобуз! – мына ошондо олуттуу адамдар мындай деп айтышат: “Өзүнүн эң мыкты көркөмдүк баалуулугунан тышкары, Буниндин “Кыштагы” кыйраган жана алсыраган орус коомун мужук жөнүндө да, эл жөнүндө да эмес, эң олуттуу маселе болгон Россиянын бар болуу же жок болуусу тууралуу ойлонууга мажбур кылган. Биз али Россия жөнүндө бир бүтүн катары ойлоно элекпиз, бул чыгарма бизге мекенге бир бүтүндүк катары карап, тарыхый ой жүгүртүү зарылдыгын көрсөттү”.

Бирок Горький “Кыштак” чыгармасына жазган пикирин чын ыкластан жазбагандай сезилет. Ал кокусунан эле Бунин акыры “туура жолго” түшүптүр деп ойлогон сыяктуу, анткени сенин ата-бабаңды жана сенин өзүңдү багып келаткан мужуктар менен аялдар жөнүндө мынчалык жаман ойду жазуу үчүн, ак сөөктөргө таандык абийириңден түп орду менен баш тартуу керек.

Бирок мындай болгон жок.

Мына ошондо Горький ылайыктуу шылтоо таап, өзүнүн “Кыштак” жана “Орус эли” чыгармаларын мактап жазган пикирин артка кайтарып алууну чечет.

Н.А.Пушешников (Буниндин тууганы) күндөлүгүнө жазууда: “1912-жыл, 1-январь. Саат үчкө чейин Горькийдикинде болдук. Жаңы жыл тостук. И.А. өйдөдө, Горькийдин иш бөлмөсүндө өзүнүн “Шаңдуу короо” аңгемесин окуп жатты. Аңгеме Горькийге жаккан жок, ал бөлмөдө кыйгачынан кадам таштап, бармактарына түкүрүп, муруттарын чыйратып жатты. Кээде: “ооба, ооба...” деп коёт”. И.А. аңгемесин окуп бүткөндө ал эчтеке деген жок, унчукпастан ал эмне дейт экен деп күтүп жатышкан башкалар эмне дешер экен дегенсип басып жүрдү. Эч ким унчукпаганын көрүп, мындай деди:

- Кээ бир жерлериңиз начар, эмне десем... Адамдарыңыз кандайдыр бир... Булар орус  адамдары эмес. Мен Орлов губерниясын билбеймин, ал жакта болгон жокмун, бирок сиз эле эмес, башкалар да кара топурактуу аймак жөнүндө сиз сыяктуу кеп кылышат. Мына Түндүктү караңыз: ал жакта башкача. Эмне деген мыкты адамдар болушкан! Алардын аттарын атап бере алам: Стефан Пермскийди айталы... үлкөн! Же Трифон Верхотурскийди алалы! Эмне? Нил Сор-ский...

- Коюңуз, Алексей Максимович. Башкасын койгондо да, көрүнүктүү адамдар боюнча эч кимден калышпайбыз... Сиз бизди урушпаңыз – (тамаша аралаш). Биз да жөн эмеспиз, мен дагы аттарын атай алам. Киреевдер, Тургеневдер, Феттер, Тютчевдер жана Полонскийлер... Лев Николаевич да алыс эмес.

- Ооба, бирок ал жакта адамдар башкача, алар эч кимден эчтеке өздөштүрүп отурбастан эл ичинен, түпкүрдөн чыгышкан, анан калса өздөштүрөр да нерсе болгон эмес... Идеялык, элдик кыймыл силерден кыйгап өттү. Бул ушундай. Факты. Ал эми Гоголго келсек, анда аны Киреевдер, Тургеневдер жана Феттер кызыктырган эмес. Ал мындайларды байкаган эмес. Адамдардын арасынан да кимдерди байкаган... Ал эми Лев Николаевичтен элди көрбөйсүң. Ооба, көрбөйсүң. Платон Каратаев биздин арабыздан чыкпайт. Орус тарыхында, эгер кааласаңыз, башка каармандар бар”.

Бул жолу Горький экөөнүн ортосундагы мамиле анчалык жылуу жана ишенимдүү эмес болчу; Буниндин өзү муну “салкын-сылык жана оор достук” катары сүрөттөйт.

Буниндин 1936-жылдагы А.М.Горькийдин дүйнөдөн кайтышына карата макала-эпитафиясы мындай сөздөр менен башталат: “Бизди Горький менен бириктирип турган таң каларлык достуктун башталышы кызыктай, таң каларлыктыгынын себеби, бизди дээрлик жыйырма жыл бою ынак достор катары эсептешти, ал эми чындыгында болсо биз дос эмес  элек... Эми болсо, жыйырма жыл бою душмандашуу үчүн бир дагы жеке себеп болбогон адамым мен үчүн узак мезгил бою үрөйүмдү учурган, кыжырымды келтирген душманым болуп чыкты. Мезгилдин өтүшү менен бул сезимдер өчүп, мен үчүн ал эми болбогон сыяктуу болуп калды”.

1951-жылдын 10-июнунда Бунин күндөлүгүнө мындай деп жазат: “Мен азыр эле биринчи жолу Горькийдин “Менин университеттерим” чыгармасын окуп бүттүм. Бул бир жалганчылыгы, көйрөңдүгү, уятсыздыгы жагынан бүтүндөй орус адабиятынан тең келер нерсе жок,  үрөй учурарлык – апыртып жаткан жокмун!”

ХХ кылымдын эки улуу жазуучусунун бири-бирине берген кызыктуу мүнөздөмөлөрүн келтире кетсем.

20-жылдардын ортосунда Бунин блокноттун барагына мындай деп жазат:

“Таланттуу орус сүрөткери, ар бир сөзгө жан киргизген билерман, ал – кызыксыз, “мээримсиз” адам, адамдарды акылы менен сүйөт, күлкү келерликтей сарамжал. Өз баасын билет, атүгүл бир аз кекирейме, даңкты сүйөт, жакындарына чыргоо мамиле кылат, аларды аяп олтурбастан пайдаланат. Ал тууралуу канча кызыктуу нерселерди айтууга болот!”

Өз кезегинде Бунин да дээрлик ошол эле мезгилде Горький жөнүндө тамаша-какшыгы аралаш кызыктуу кеп салат:

“Горький жөнүндө бул канчалык таң калыштуу болбосун, алиге чейин эч ким так билбейт. Бул адамдын тагдыры жомок сыяктуу. Ээси үчүн саясий гана эмес, бардык жактан укмуштуудай бактылуу кокустуктарга негизделген дээрлик кырк жылдык дүйнөлүк атак-даңк. Албетте, талант, бирок алиге чейин “Шумкар жөнүндө ырды” (ыр кантип “жыландын бийик тоого жөрмөлөп чыгып, анда жатып алганы”, андан кийин уулуу жылан болбосо да, эмне үчүндүр ошол убакта тоодо болуп калган шумкарды өлтүрө чакканы тууралуу) жазган адамдын кандай талант экенин айтып берген адам жок”.

1952-жылдын 22-декабрында Г.Адамович М.Алдановго жазган катында мындай деп белгилейт: “Кечээ Буниндикинде болдум. Иван Алексеевич күздөгүгө караганда кыйла тың жана менин көзүмчө Горькийдин кайсы бир китептеги сүрөтүнө мындай деп жазды: “тактай сүргүч, ууру, киши өлтүргүч”.

 2017-жылдын июнь айында Бунин дээрлик отуз үч жыл жашаган Франциянын Грассе шаарында орус өкмөтү орус классигине эстелик койдурду.

Ошол эле жылдын ошол эле айында Белорус вокзалындагы аянтка улуу орус жазуучусу, драматург жана акын А.М.Горькийдин эстелигин мурдагы ордуна кайтып коюшту. 

Игорь ИЛЬИНСКИЙ “Литературная газета” https://lgz.ru/article/-13-6637-28-03-2018/gorkiy-i-bunin-druzya-vragi/

Которгон Назгүл ОСМОНОВА

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз