Максим Горький: Сокурлар жөнүндөгү ыр

  • 30.05.2021
  • 3062

АҢГЕМЕ

Жайкы күндөрдүн биринде кечке жуук шаардын чет-жакасындагы ийри, кууш көчөлөрдүн эскилиги жете чирип бараткан кичинекей үйлөрүн аралап жүрүп, араккананын ачык турган эшигинен баш бакканымда андагы толуп алган элдин тынч отурганын көрө аң-таң болдум.

Полу кыйшык, потологу салаңдаган кичинекей бөлмөдөгү араккананын ичин карап, ымыртка аралаш чачы үрпөйгөн баштарды, куру жок чыт көйнөктөрдү, эски кепич салынган жылаңайлак буттарды көзүм чалары менен бурчтагы столду айлана курчап беш-алты кишинин топтошуп отурганын көрдүм. Алардын бири корулдаган жоон үн менен сүйлөп:

- Ал эми биздин жакта силердикиндей эмес, икондун алдындагы шамдай болгон түптүз теректер да бар... — деди.

Мен босогодон аттап өткөндө бир-эки киши мага көз кыйыгын салып, бирок унчукпастан тигинде сөз угулуп жаткан жакка бурулушту. Узун столдун артында отурган арак саткыч абышка мени тосо акырын ордунан турду; мен андан бир бутылка пиво сурадым...

- Биздин жак бүт эле сонун, бардыгы жакшынакай... жалаң жакырдык гана бул жерде кандай болсо так ошондой...

- Жакырдык бардык жерде бирдей...— деди кимдир бирөө.

Терезенин түбүндөгү столго отургандан кийин мындагы элди жакшылап карап, анан алардын башынан ары жанакы теректер жөнүндө сүйлөп жаткан кишинин өңүн даана көрдүм. Терек мага да жагат,— ал менменсине асманды тиреп түптүз чыгат эмеспи.

Аны аял сүйлөп жатыптыр. Чала-була масыраак экен; калың эриндеринде жакшы нерсени эстегени үчүн жыргалга батып, бирок ичи бышкан кишинин жылмая күлгөнүнүн белгиси бар. Лөкүйгөн чоң аял көкүрөгү менен столду баса жыгылып, көзүн жумуп, капалана башын чайкап сөзүн улантты:

- Адам үчүн өз жериндей жакшы жай эч кайдан табылбайт...

- Кедей үчүн кай жерде токоч болсо — ошол өз жери, — деди дагы бирөө ичке үн менен сүйлөп.

Аялдын бет маңдайында олтурган киши рюмкага арак куюп, ага жакын жылдырып койду:

- Ичип жибер!

Ал өзү бою узун, арык, башындагы кара чачы шапкадай болгон, тытык көйнөгүнүн жакасын чечип салган киши экен. Бакырайган чоң көздөрү чар тарапка алактап карап, уйпаланган коюу кара сакалын улам-улам сылап коёт. Жанында отурган кыл муруттуу бакчагай сары жигит башына кайыш байлап алыптыр,— кебетеси, нан бышыргыч окшойт. Аялдын бет алдындагы үчүнчү киши мага тааныш калайчы Нюшка өтө мас болуп калыптыр. Ал улам үргүлөп, жашылданган көзүн оор жапкан кирпиги арасынан аялга араң гана карайт. Биротоло уктап бараткан балыкка окшоп, кез-кез оозун ачып:

- Х-хохлушка...ырда! Ырдап... бер! — деп булдуруктайт.

Алардан бөлөк дагы беш-алты киши кечки ымырт менен тамекинин коюу түтүнү арасында жакшы көрүнбөйт. Бардыгы арак жана пивону үнсүз ичип, өз ордунда былк этпестен тынч отурат; кай бири анда-санда сүйлөй калып, ал сөз үйдүн бир бурчунан экинчи бурчуна тырнактай чымчык сыңары акырын гана учуп жетет.

- Ярмаркага барсаң — сокурлар ырдап жатат! Алардын ыры өтө жагымдуу! Жакшы ырдашат...— деди баякы аял.

Менин каршы жагымдагы терезенин түбүндө отурган кишинин өңү дьяконго окшойт. Узун чачы ийни менен бүкүрүрөк далысына түшүп, сары сакалы жайык желпүүрдөй боло көкүрөгүн бүт жаап турат. Калың чачтын ортосунда анын бети опсуз кичине көрүнөт. Үстүнө кийгени уйпаланып бүткөн аркасы тилик кара бешмант, бырыш менен темгил каптаган баттуу көйнөк. Чечилип кеткен галстуктун учу сакалынын астынан көрүнүп турат. Сол көзү көк-ала болуп шишип, оң көзү аялды тиктеген бойдон эч былк этпейт.

- Мен анда болгом! — деп ал күңүрт үн менен күрүлдөп сүйлөп, чоң колунун алаканы столду тарс койду. Бардыгы бурула калып, аял да башын көтөрүп, аны карай мойнун созду.

- Киевде болгом... Белая церковь... дагы ошондой шаарлардын далайында болгом... азыр алардын аты эсимде жок. Сен айткандардын бардыгын көргөм... билем. Днепр... Ай, Днеприм сенсиңби-ай!..— деп опералык хордо ырдап да тургам...

Анын үнү араккананын ичин жер астынан чыккан түрсүлдөккө толтуруп, аба менен кошо көкүрөктү каптап кирип, так ушул сурданган үмүтсүз дабыш менин да көкүрөгүмү кыса баштады.

- Менин жаныма отур, аяш, сага пиво алып берейин...

Арыкчырай кара киши ордунан туруп:

- Болбойт! Мен алып берип жатам...— деди.

- Баары бир. Сенби же менби — мейли, баары бир.

- Ырр-да, хохлуша! — деп озондоду калайчы.

Аял бир көзү көгөргөн кишиге сүйкүмдүү карап:

- Эгер ал жерде болсоңуз — билет экенсиз...— деди.

Макоонун жүрөгү сынган идишке окшош, ошондуктан эч билимди кармай албайт, аяш... Муну Сирахтын уулу Иса айткан... Ырдай аласыңбы? Мен сага жыйырма тыйын берейин.

Анын колу шымынын чөнтөгүн кайсалап, аябай, убара болду.

- Сизден бөлөк да берчүлөр бар! — деп көзү алактаган кара киши ызалана тигини жекире сүйлөдү.

- Баары бир! Бардыгы — бипбирдей... Сен, мен, бул аял... баарыбыз — Иерусалимге зыяратка бараткан эшектин талаага таштаган тезеги сыңарыбыз...

Сары мужик бул ойчулга акырая карап, чөнтөгүнөн баштыгын сууруп чыгып, аркы-терки силккенде акчасы шалдырап жатты.

- Көрдүңбү? — деп сары киши баштыгын кайра чөнтөгүнө салды.

Аял көзүн жумуп, башын чайкап, дагы сүйлөдү:

- Так азыр да көзүмө көрүнөт... Жолго жакын жерде отурушкан жерде күн баштарын куйкалап, жел чаңды жаба согот...

- Ооба. Ал эсимде!— деп көзү көгөргөн киши балка менен ургандай дүңк этти.

- Чар тараптын баарында жардашып турган эл... Тигинде сокурлар ырдап жатат...

Калтыраган катуу дабыш аялдын чоң көкүрөгүнөн кадимкидей атып чыкты:

Ай, апа-а жа-ан!

- Так өзү! — деп мурдакы опералык хорист столду тарс эттире дагы муштады.

- Сизге эскертип коёюн — каргаша болбоңуз! — деп ачуулана кыйкырды кара киши.— Мен өзүм да ырдайм. Үнүм сиз сыңары буканыкындай эмес, бирок качан да болсо туруштук беришке жарайм...

- Акмак! — деп күрс этти бука үндүү киши.— Неге ачууланасың? Сен билесиңби: макоонун сөзү — жолдо көтөргөн жүк, өзү жамандын сөзү жаман, акылдуунун асыл кеби — ичинде эмеспи...

Сары киши өз жолдошуна көзүн ымдап, чыканагы менен аны капталга түртүп, көйнөгүнүн жеңин түрө баштады, а берки арыкчырай карасы бекем тиштенип, муштумун түйдү. Бирок аркы бурчтан кимдиндир ичке үнү угулду:

- Эгер, төрөм, сиз ырас эле окумуштуу киши болсоңуз, бөлөктөрдүн жакшы отурушуна кыянат кылбаңыз... Сөзүңүз сонун, бирок сөгүп да жатасыз... эп келишпейт!

Аял көзүн ачып, терең күрсүнүп, көздү кайрадан жумду. Анан башын чалкалатып, бир колун көкүрөгүнө коюп, чоң жез трубанын дабышындай басыңкы күчтүү үн менен ырдап жиберди:

Ой, биздей шордуу сокурларга кайрылгыла,
Кантебиз, колубуздан эч иш келбейт...
Биз байкушта моминтип көз да көрбөйт...

Аракканадагы элдин баары тымып калды. Кара киши эми жай отуруп, аялдын жалкы обондуу ырына кошула колун күүлөй баштады. Сарысы өңүн мостойтуп, өз айланасына олуттуу карап, сөөмөйүн өйдө көтөрүп:

— Тш-ш-ш...— деп ышылдап койду.

Бирок мунун эч кереги жок болучу. Күнгө кактанган картаң чалдарга окшоп, бардыгы эң эле тынч отурган. Аркасы тилик бешмантчан киши мойнун созуп, аялдын үнү жакка кулагын тосуп, бүт ыкласын коё катып калды. Кечки караңгыда анын бир көзү мага абдан чоң жана көмүрдөй кара көрүнүп, экинчи — кичине көзү биротоло бериле жаркырап турган сыяктанды.

Ой-ей, же кудайдын мындагы жерин көрбөйт,
Же асманда жаркыраган күнүн көрбөйт...
Биздей байкуш сокурларды аягыла...

Ырдын обону боздоп ыйлагандай бир эле түрдүү угулат. Күүсүндө көп болсо эки гана кайруусу бар, андан ашык эмес. Алар обондо бир гана калыпта кыймылдап, ошол кыймылдан жүрөктү кайгыга батыра катуу жанчкан музыка чыгуучу узун араанын тишине окшоп орун алган.

Кудай үчүн бизге ырайым кылгыла...

Ырдын дабышында күндү көрүүгө зарлап, бирок аны эч көрө албай жан чыдагыс күйүткө батып, үмүтү өчө башын чайкап, оор онтогон кишинин элеси турат.

Ой, көз көрбөсө кайда тентип басабыз...

Аялдын үнү караңгынын туткунуна түшкөн кишинин азаптана озондошун абдан жакшы берип жатат. Ырынын сөздөрү эң эле кыска сыяктанып, жанды кейиткен күчтүү сезимди жеткире угузуш үчүн ал сөздүн ар бири чымыркана калтырап чыгат... Араккананын ичи тыптынч. Аялдын жоон үнү бөлмөнү бүт каптап, мында отурган элдин үстүнө кара майды жаба куюп, ал анан калтырап аккан бойдон ачык эшиктен аркы көчөгө кеткенсийт.

Мен башын шылкыйткан кишилерге, алардын ыр жана кечки караңгы каптаган сырт кейпине, терезеден ары асманга карап отурам. Күн батып, батыш жактагы асмандын бети кызгылт түстү жамынды. Жаңы баткан күндүн шооласы арасында канатын жайган зор кушка окшоп, сөлөкөтү өтө кызык кичине булут каалгып жүрөт. Горизонттун кочкул көшөгөсүнөн бери карарган жыгачтар даана көрүнүп, так ошол кушка окшогон булут алардын бутактарына конгону келаткан сыяктанат. Талаа ээн жана тынч гана жатат. Жерге терең кирип кеткен күн нурунун эпкини оң же сол жактан билинбей келе калып, жер бетинде жылып өтөт. Аялдын калтыраган күңүрт үнү түтүккө толгон суу сыңары, менин ичиме жык толду, кебетеси, башкалардын бардыгы да так ушул боздогон дабыш өз ичине толуп алгандай сезип отурат окшойт. Эч ким былк этпейт жана эч ким сүйлөбөйт. Өтө мас Нюшканын гана киркирек үнү бир жолу:

— Бул эмне улуп-уңшуйт?— деп күңкүлдөп койду.

Бирок мунун үнү, терең булакка түшкөн таштын дабышы чулп этип араң угулгандай, ырга чумула дайынсыз калды.

Ой, кудурети өтө күчтүү кудай-ай,
Ой, бизди неге ушунчалык куруттуң?

— деп, аял ыры менен кошо башын да ийкейт. Ал табынып жаткан сыяктанып, көкүрөгүнө койгон колунун кыймылы бөлөккө көрүнбөс болуп, өз жүрөгүндө бекем толгонгон ичке кылды черткилеп турганга окшойт.

Башына кайыш байлаган сары мужик колун суна аялдын алдына беш тыйындык чаканы кандайча коюп, анан кандайча чокунганын мен байкап отурдум.

Аял көзүн ачпастан тыйынды кайсалап таап, колуна алып, аны столго акырын уруп, кайра мурдакы ордуна койду. Сары мужик улутунуп, аз гана кыймылдап, башын кайрадан шылкыйтты.

Араккананы каптаган караңгы уламдан улам күчөшү менен бирге сокурлар жөнүндөгү ырдын дабышы кошо күчөп жатты. Бул ыр менде кандайдыр адам таң каларлык жана үрөй учарлык чоң сезимди туудурду. Мага бардыгы: көзү сокурлар да, соо кишилер да, менин өзүм да аянычтуу сезилип, өткөн өмүрүмдө эмнени көрсөм — ошонун баары үчүн ичим ачышты. Эмне жөнүндөдүр мен да ырдап жибергим келип, жерден алыс кеткен күндүн кочкул кызыл шооласы бар асманга карап, — күн кайрадан чыгар бекен? — деп корктум... Менде мындан бөлөк да укмуштуу ойлор туулду. Так ушул айтууга сөз жетпес кайгылуу ыр менин денемде калтырап, өзүм ушундан бөлөк эч нерсени укпагандай жана бул бүт айлананы чулгап алгансып, ырдын дабышы аракканадагы элдин баарынын ыйы сыяктанды.

Мына эми аялдын үнүнө мунукунан да күңүртүрөк дагы бир үн кошулду. Ал сөзүн айтпастан, дабышын акырын чыгара жалаң обонун салып, алыста күндүн күркүрөшүнө окшоп турду. Жаңы кошулган коңур үн тилкелене абаны жай аралап, бирок мындан терезенин айнектери титиреп турду; аялдын ырындагы сөздөр ушуга сүйөнүп, ушунун үстүндө өсүп, бул ага жердин кыртышы сыңары болуп берди. Эми абада эки труба гүрүлдөп,— чоңурагы обон үчүн негиз салып, кичиреги ошол обонду күйүттүү ый, кайгылуу сөз аркылуу сыртка чыгара ырдап жатты. Ырдын дабышындагы так ушул жардылык да кандайдыр жанга баткан кайгы-капанын күчүн сездирет...

Кез туюк, көкүрөк да кошо туюк,
Ыйлаш үчүн көз жашыбыз бүткөн куруп...

- О-о-о-! — деп күркүрөгөн оор дабыш абага жаңы жаңырыкты козгоду.

Муну жанагы көзүнө муштум тийген, узун чач киши ырдады. Өзү стулдан ылдый эңкейип, аялды карай мойнун созгондо чачтары жаагына түшүп, бетин бүт жаап, эч жерин көрсөтпөй калды. Галстугу мойнуна салган сыйыртмакка окшоп, анын учу жерге салаңдап турду.

- Боорукер эл, бизди аяп, бирденке бер... — деген аянычтуу дабыш аракканада дагы чыкты.

- Же-тет эми!— деп кара киши катуу кыйкырып, столду муштады.

- Унчукпа!— деди көзү көгөргөн киши, айкыра сүйлөп.

Аял бул экөөнүн кыйкырыгын, кебетеси, уккан жок окшойт. Көкүрөгүнө койгон колун тынымсыз кыймылдатып, көз ачпастан башын чайкап, дагы эле ырдайт:

Кудайга баш ийгендер, садага бер...

- О-о-о!— деген үн аялга дагы кошулду.

Мен ордуман туруп, пиво үчүн акча таштап, таптакыр караңгы кирип, демимди да кысып турган аракканадан ылдамырак баса сыртка чыксам,— көчөнүн бою жана жаңы баткан күндүн акыркы шооласы али бар жайык талаа тыптынч экен.

Салкын абадан аябай жутуп, эркин дем алып, биринчи жылдыздардын көрүнүшүн күтө асманга улам карап, жүрүп отурдум.

Мына эми, менин алдымда күндүн батышын карай ыраак кеткен түптүз чоң жол жатат; анын эки жээгин бойлото чыккан эски кайыңдар да кайгылуу сыяктанып, эмненидир тыңшап тургансыйт; алардын бир да бутагы былк этпейт. Түнкү куш абада акырын гана учуп өттү. Өткөн нерсе ойго капилес түшкөндөй бул куштун карааны капилес келип, ыраакы ымыртка кире жоголду.

Мен улам арылап, күндүн акыркы шооласы менин көз алдымда өчкөндөн өчүп, жанакы ырдын күңүрт жаңырыгы көкүрөгүмдө дагы эле келатты:

Көз туюк, көкүрөк да кошо туюк
Кете көр — кудай үчүн жардам кылып...

Которгон К.Эшманбетов

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз