Максим Горький: Филипп Васильевичтин сөзү

  • 31.03.2020
  • 3712

АҢГЕМЕ

... Мен шаардык бактын жыгачтарынын алдындагы скамейкада отургам; үстү жагымдагы карарган суу бутактарды шамал ачуулана силкип, андагы эң акыркы жалбырактарды жулуп алат да, ылдыйдагы ылайлуу чоң сууга улам учуруп кетип, ал суунун муздак нымдуу илеби асманды карай көтөрүлүп жатат.

Суудан аркы солуп жаткан жупжумшак сары чөптөрдүн ортосунда кичинекей көл жылтырап, андагы суу күзгү күңүрт асманды өз бетинде түнөрүңкү чагылдырат; бозоргон ай асманда араң эле көрүнүп, күн токойдон аркы караңгы туңгуюкка капкачан кирип, көк-сур булуттун ортосундагы кечки кыпкызыл тилкелүү шоола тар капчыгайдагы жалындуу агынга окшойт.

- Мага токочтук тыйын бериңизчи!— деди кийми начар, узун бойлуу жаш жигит; дарактардын шуулдашы анын баскан дабышын жаап калып, ал жигит жаныма келгенин мен уккан эмес экем.

Башын шылкыйта кармап, өзү бир кадам артка чегинип, бирок калпагын алган жок. Мен унчукпастан колумду чөнтөгүмө салдым.

- Аз эле бериңиз!— деп ал шашып эскертип, менменсине башты жогору көтөрдү.— Мени сиз тилемчи деп турасызбы? Жок, жөн гана жумушсуз кишимин... Аябай ачкамын... Ишенесизби ушуга?

— Ишенем,— дедим мен.

Өзүнүн бет сөөгү чоң, жазы мандайынын астындагы чанагына терең кирип бакырайган көгүш көзү бар.

Же сууктан, же уялганынан калтыраганы билинбеген узун колу менен акчаны алып, кабагын түйө:

- Ыракмат,— деп күңк этип койду.

Мен ордуман туруп кошо бастым да, бул жигиттин жөнүн билүүгө кызыгып:

- Сизге мындан да чоңурак пайдам тийбес бекен?— деп сурадым.

- Эмесе иш таап бериңиз! Колуңуздан келеби ушул?— деди жигит, шаша сүйлөп.

- Аракет кылып көрөйүн...

- Кишиден сурап жүрүү мага эң эле кыйын жана уят... Мен иштесем дейм!

- Атыңыз ким?

- Платон Багров... Билсеңиз, мен дыйкандын тукумунан, селолук мектепти бүтүргөм, өзүм жакшы окуп, мугалим аял абдан жакшы көрчү... Мени гимназияга өткөрүш үчүн помещица-кемпирди эптеп кепке келтирген да дал ошол мугалим аял...

Жигиттин көзүнүн асты жагында карарган чоң-чоң темгилдер пайда болуп, коңкогой мурду сууктан кызарып чыгып, бул азыр эки колун шымынын чөнтөгүнө салып, ичиркене ийнин улам кагып, үңкүйө басып келатат. Алкымына чейин топчуланган жука күрмөсү, такасы кемирилген узун конч өтүгү, уйпаланып бүткөн эски калпагы буга куду эле шарманшиктин кейпин берет. Сүйлөгөндө эч кандай кайгы-капасыз жай гана сүйлөп, анын маанисин өз ичинде текшере келаткан кишиче өз сөзүн өзү кунт коюп угуп да тургансыйт.

- Гимназияда төрт жыл болдум; экинчи класста окуп жүргөн кезимде энем өлдү - ээн талаада адашып кетип, суукка тоңуп калыптыр; атам андан да мурунурак өлгөн; төртүнчү класска чыкканымда баякы помешица өлдү... Анын мурасын алып калгандар мен гимназияда окуганым үчүн тийиштүү акчаны төлөбөй коюшуп, акыры окуудан чыгып кетүүгө туура келди... Ошону менен менин билим алышым биротоло бүттү...

Бейтааныш аял бизди кууп жетип, тигини түртүп өткөндө жигит башын көтөрө калып, аялга жалт карап алып, калпагына колун тийгизип:

- Кечириңиз!— деп күңкүлдөп койду.

Аял буга карабастан кете берди. Жигит эриндерин бекем кымтып, анан жылмая күлүп:

- Калк ушинтип бирин бири түрткүлөп көнүп алганын көр... түртүп өтүү — булар үчүн эч нерсе эмес сыяктуу...— деди.

Биз трактирге кирип тамекинин ышы баскан кичине бөлмөнүн бурчундагы столдон орун алдык; мен өзүмө пиво сурап, жигит тамактын келишин күтө, эки жагына улам көз жиберип, мага акырын гана сүйлөп отурду:

- Биринчи мезгилде мен гимназияда кароолчу болуп иштеген кишинин үйүндө турдум; анан ал бакалея дүкөнүнө кол бала кылып орноштурду, бирок кожоюнум урушчаак болгондуктан чыгып кеттим...

Официант столго тарелкедеги токочту койду. Платон бир кесим нанды ошол замат колуна алып, бирок колу кандайдыр калтырай түшүп, өзү мага жалт карап, токочун кайра ордуна коюп, башын салаңдаткан бойдон сөзүн улантты:

- Анда мен он төрт жашта болчумун, азыр он тогузга чыктым, эми эки жылдан кийин солдатка кетишим керек. Так ушул беш жылдын ортосунда мен эң эле көптү көрдүм, далай шаарларда болдум, водопроводчикте, багбандын колунда кызмат кылдым, түштүк газеттердин бириндеги редакцияда газет ташыдым, Азов деңизинде балык ууладым, Каспиге да бардым — көрбөгөн азабым калган жок! Бардыгын карап, ойлонуп отурсам, турмуш өзү жаман түзүлгөн экен!

Официант киргилт жана жыты буруксуган нерсени мискиге көтөрүп келди. Платон абаны өз ичине суктана бекем тартып, мискини өзүнө карай кош колдоп жылдырып, сөзүн үзбөстөн шорпону тарелкеге куя баштады.

- Китепти эң эле жакшы көрүп окуйм, тапкан акчамдын үчтөн бирин китепке жумшачу тартипти колдонуп койгом... Окуп бүткөн соң, албетте, сатып жиберем... анткеним өтө аянычтуу, бирок өзүң менеп бирге кантип көтөрүп жүрөсүң... Бир шаарда узак турууну эч каалабайм... колдон келишинче көбүрөк көрүп, билимдүү киши болсом дейм...

- Билимдүү болуу — эң эле сонун үмүт, ал эми менин билишимде, бул иш үчүн бир орундан жылбай узак отуруш керек. Бирок сиз оболу тамакты ичиңиз...— дедим алдындагы аштын жытына жигиттин таноосу дердейип баратканын байкап... Жигит жылмая күлүп, курсагы ачтыктан тамакка сугу өткөнүн менден калп эле жашырымыш болуп жей баштады.

Бул жигиттин өз жашына ылайык келбес сыяктанса да, эң эле салмактуу жана каңдайдыр эби менен айтылгансыган жөнөкөй сөзүн угуп отуруу бир аз таң каларлык көрүндү. Сөздү таап сүйлөгөн кишидей кылып, анын үстүнө менин алдымда өзүн интеллигент катары көрсөтүшкө шашып жатканы байкалып турду... Бул эми тамакты кадимкидей лапылдата сугунганын байкаган соң, менден уялбай эмин-эркин жесин деп, мен көзүмдү бөлөк жакка алып, бөлмөнүп ичин карай баштадым.

Мындагы экинчи бурчта шапкесин желкесине жылдырып койгон кандайдыр телеграфист отуруптур. Ал столго салмагын сала оор өбөктөп, өз алдындагы жарым бөтөлкө аракка үтүрөйө карап отурат. Үстү жагында чоң-чоң кара чымындар айланып учуп, мазени кетирген ызылдак нааразы табышты абага толтуруп, терезедеги гүлдөрдүн чаңдуу жалбырагына чалынып, айнекке улам урунуп, дүңк эте калышат. Бөлмө ичи тамеки, ачыган капуста, герань гүлү, арак жыттанат...

Бетин чала-була сепкил баскан, узун бойлуу киши кирип келип, телеграфисттин тике маңдайына отурар замат рюмкага арак куюп, унчукпастан ичти да, мурутун жакшылап шимигенден кийин корулдап сүйлөп:

- Алың кандай?— деп сурады.

Телеграфист чалкалай калып, алаканы менен столду шалп эттире чаап:

- Мен бүгүн айнекти гана талкалай берчү абалда отурам,— деди.

- Даттанып көр!— деп сары киши арактан дагы куйду.

- Аны эми шайтан алсын! Даттангандар толуп жатат... бирок уккан ким бар?

Платон бырс күлүп, мага карап акырын гана сүйлөдү:

- Мен өзүм ичкилик ичпейм, бирок трактирде отурууну өтө жакшы көрөм... кызык мында! Ар качан бир бөтөнчө сөздү укпай койбойсуң...

- Мунун баары жарабаган балит нерсе,— дедим.— Эгер сиз китепти жакшы көрсөңүз, окуй бериңиз. Анткени баалуу нерселерди трактирге караганда, китептен көбүрөк табат эмессизби!

- Мунуңуз ырас! — деп жигит эмнегедир тарткынчыктап барып макул болуп, бир аз үнсүз тургандан кийин:— Кээде ошол китептен окуган ой-пикирди мындагы жарабас сөздөрдөн да угуп ойлоно каласың... Ошондо китепке көбүрөк ишенип, кишилер да жакшырак... акылдуурак сыяктуу сезиле баштайт...

- Сизге тааныш интеллигенттер болду беле?— деп сурадым.

- Редакцияда иштеп жүргөн кезимде болгон... Андагы кызматчылар мага абдан жакшы мамиле кылышып... китепти үзбөй берип турушчу... Анын үстүнө Ростовдо дагы бирөө менен тааныштым, ал жыгач уста, бирок анык билимдүү, өзүнчө китепкана күткөн киши болчу.

Платон тамакка тойгондо мас боло магдырап, көзү коюулжун тартып, кебетеси, уйкусу келе баштагансыды. Мен ордуман туруп, өзүмдүн адресимди берип, эртеңден калбай мага барууну эскертип, колумду сундум. Жигит мени кыса кармап, башын сермеп:

- Ыракмат!— деген гана сөздү айтты.

Бул кылган жакшылыгым үчүн жигит чындап ыраазы болгонун байкаган жокмун, мен анын аябай алкаганын күтпөсөм да, бирок мынчалык суз же ошондой салкын жообу мага, албетте, жакпай калды. Бири-бирибиз үчүн өз ара берген жардамыбызды баарыбыз баалай билишибиз керек, жалпы турмушта бул өтө зарыл...

Мен көчөгө чыксам, караңгы кирип калыптыр. Жаркыраган фонарлар караңгыда тизмектеше узак кетип, шамал согуп, көчөдөгү от улам силкине калат...

«Жука күрмөсү менен үшүп бараткан чыгар»— деп ойлодум Платон Багров жөнүндө.

Платон үчүн мен өзүмө тааныш профессордун короосун шыпыра турган кызмат таап бердим; ал өзү университетте сабак беришин мындан бир нече жыл мурун таштап коюп, эми буудайдын кандайдыр зыянкечин изилдеп, үйүндө тынч отурган сонун абышка.

Жайкысын эски липа жыгачтары, акация, сирендин жашыл жалбырактары туш-тушун жыш каптаган, шаар четиндеги анын кичине гана татынакай үйү жашыл деңиздеги меймандос тынч аралдай көрүнөт.

Профессордун эч нерседен кам санабаган, эрке, күлкүсү катуу, мүнөзү шайыр, көк көз, бою кичине кызы бар. Ал роялда түзүк ойноп, сүрөт тартып, көркөм китептерди окуп, ар качан ак көйнөк кийип, кайыңга кабыгы жарашкандай, анысы өзүнө абдан жарашат. Өзүнө окшогон татынакай курбу-курдаштары үздүксүз курчап, студенттер да буга көп келет. Кеч кирген сайын булардын үйү уу-чууга толуп, кээде шаттык каптайт; ойношуп, талаш-тартыш баштап, ыр окушуп, бийлешип жатканда кары профессор аппак сакалын сылап, бир бурчта отура берет.

Мен да бул үйгө көп келип, Платонду көрө жүрдүм. Эми мунун эки бети толмоч тартып, көзүнүн астындагы тегерек темгилдер жоголуп, өзү калың кара фуфайка, кара шаравар, узун конч өтүк кийип алган. Так ушул бөтөн түрдөгү кийими менен өзүн эл көзүнө көрсөтөйүн деп ойлойт окшойт. Бою бийик, сөөктүү Платондун кыймылы да колдогойроок. Кыскарак кара чачы бир аз тармалданып, көзү ойлуу жана сабырдуу карап, сөөгү чоң бетинде кандайдыр олуттуулук бар.

Платон мага үнсүз жүгүнүп гана салам берип, кожоюндардын көзүнчө мени менен эч сүйлөшпөйт, эгер сүйлөшчү болсо мени да, өзүн да оңтойсуз абалга кийрип саларын, кыязы, сезет окшойт. Бирок короодо экөөбүз ээн кезиге калган сайын мен ага колумду сунуп, анан өз ара сүйлөшө баштайбыз.

- Кана, сизге бул жер жагып жатабы, Платон?

- Түзүк!— дейт ал ак көңүл түрдө сүйлөп.— Бош убактым аз, бирок ошондо да китеп окуй алам... Ар нерсени көрүү, сезүү, иштөө, ойлоо — анык турмуш ушул эмеспи! Туурабы?

- Ооба, ооба!— дейм анын жандана сүйлөгөнүнө кызыгып.— Баарыдан да жакшы китептерди көбүрөк окуңуз... Эми сиздин... кожоюндарыңыз кандай?

- Жакшы кишилер окшойт... үй кызматчысына орой айтышпайт... Муну чанда гана угасың... Кызы кызык неме! Жүгүрөт, чыңырат, ойкоштойт, — бирок, бапестеп баккан торопой сыңары, ар качан таптаза.

Лидия Алексеевна жөнүндө Платондун бул пикири мага жакпады,— өз кожоюндары жөнүндө үй кызматчылары тескери пикирде болушу башынан маалим, бирок өз хозяйкасына ушундай мамиле кылуу менен казан жуугуч катындын катарына кирип калып жатканын; чала-була интеллигент киши — Платон билиши керек эле. Бул оюм тууралуу эч сөз айткан жокмун, ал эми Платон болсо жылмая күлүп, сөзүн дагы улантты:

- Өзү жакшы кыз! Боорукер, ыгы жок назданса да, кишиге жакшы мамиле кылат... кээде өзүнүн кызматчы кызына кыйкыра баштап, бирок аны катуу ыза кылбастан, бала кыялданып гана ошентет...

- Бул кыз сизден бир гана жаш кичүү,— дедим...

- Кеп анда эмес!— деп Платон эч камырабай жооп берди.— Жыл ар кыл болот... өткөн убактын көргөн-билгениңдин сан менен сапатын кошуп өлчөш керек... А бул кыз эмнени көрүп, эмнени билди?

Платон өз турмушундагы тажрыйбасы менен көп мактанып, мунусу мени тажатып жиберди. Анын үстүнө мен буга ишенбей коё турган жөнүм да бар: Лидия Алексеевна муну жандап өтүп бараткан кезде калп эле шашкалактап, колун көтөрө калпагын кармамыш болгонун нечен байкагам; ошондо башын жерге жеткире ийип, эң эле узун бою кызды коркутуп коёбу дегенсип, кандайдыр кызык түрдө белин опсуз бүгүп туруп калат,—  өз хозяйкасына караганда бул укмуштай чоң жана эби-сыны жок дардайып турчу. Жигиттин мынчалык баш ийишиндеги маанини түшүнбөймүн, бирок мунун калп эле ашыра чаап ошентип жатканын Лидия байкап калган экен. Бул белгилүү нерсе: душман көзү ар качан эң сонун көрөт; аялдын көзү да эркектеги кем-кетикти башканын баарынан батырак байкайт...

Көңүлү куунак кыз жигитке сүйкүмдүү күлүмсүрөп, кээде буга карай бир-эки ооз сөз да айтып өтөт; бир жолу бул отун жарып жатканда, ал тургай «чарчаган жоксуңбу?» деп сурап да койду. Минтиштин кереги жок эле.

Кызга мен:

- Бул өзүнө өзү эң эле ашыра ишенип алган жигит... өзүн бөтөнчө жаралгандай көрүп, мунун башында кандай ойлор бар экенин кудай гана билер!— деп эскерттим.

Кыз менин бул сөзүмө эч көңүл бурган жок...

- Кандайдыр кызык неме!— деди кыз, ойлуу түрдө жылмайып күлүп.— Опсуз зоңкоюп... кухняда отуруп алып, ар кыл кыялды терең жүгүртөт... а тигилер муну шылдың кылып күлө да беришет...

- Үйдөгү кызматчы кыздарга көңүл салбай, же дарбаза түбүндө чемичке чакпай, жалаң китеп окуганы үчүн малайлардын бири Платонду макоо атаганын Лидия мага айтып берди. Ашмачы аялдар менен үй кызматчыларына мунун жүрүш-турушу короо шыпыргыч катары эмес, кандайдыр жат көрүнүп, өзү түшүнүксүз сөздөрдү эң эле көп сүйлөп, кухняда иштегендердин баарынын кыжырын козгойт экен.

- Эмесе мугалимдик сыноодон өтүп, окутуучу болуп сыртка кет деген кеңешти бериш керек,— дедим мен.

- Мунуңуз ырас... ушинткени өзүнө жакшы,— деп Лидия Алексеевна макул болду.

Так ушул күндөн тартып бул кыз Платонго көңүлдү көбүрөк бура баштаган окшойт: албетте, бөлөкчө кийинип алып, бул жерде короо шыпырып жүргөн жомоктогу шахзааданын чыныгы бетин ачайын деп эмес, мына ошол короо шыпыргычтын сезими, ой-пикири кандай экенин жөн гана билүүгө кызыккандыктан ушуну кылды.

Жаз башталып, чар каргалар учуп келип, эски липа жыгачтарында, үйлөрдүн чатыры үстүндө күнү бою алардын чарылдаган үнү эч басылбайт.

Платон кандайдыр эми адам таң каларлык түрдө карап, көзүн өз бет алдындагы нерсеге эмес, андан аркы ыраак жерге жиберип, дал ошол көзү аркылуу эмненидир көшөрө издегенсип, бирок аны таппай аң-таң боло чанагынан чыга жаздап, муңканычтуу жылмыңдап турганын даана байкадым. Бул азыр көп сүйлөбөй, кыймылдашы да эмне кыларын билбеген кишинин элесин берет... Бир жолу апрель айынын мемиреген кечтеринин биринде менин соңуман дарбазаны жаап, өзү акырын гана сүйлөп:

- Эртең сизге барсам болор бекен?— деди.

- Болбогондочу,— дедим.— Кечки саат беш менен алтынын ортосунда... Кошуңуз эми! Беш менен алтынын ортосунда келиңиз...

Платон мен айткан убактын дал өзүндө келди; дайыма кийчү фуфайкасы менен келип, уялгандай күлүмсүрөп, столго жакын оор салмак менен отуруп калды.

Мен анын окуган китептери жөнүндө сөз баштап, бирок бул Платондун өзүн кызыктырган жок окшойт: суроого көңүлсүбөй, чаржайыт жооп берип, эки көзү менин башыман же бетимен ары кайдадыр бөлөк жакта болду. Мунун сөөктөрү чоң бетине кайгынын элеси эч бир жарашпайт экен.

Бир кезде:

- Мен ыр жаза баштадым!— деди да, уялгандай мени жалт карап: - Балким, сиздин күлкүңүз келер?— деди.

- Жок, эч кандай күлкүм келбейт! Ырыңызды мага окуп бериңизчи... мүмкүнбү?

Платондун көздөрү муңайым күлүмсүрөп, чыканагын столго коюп, чачы үрпөйгөн башын ылдый эңкейтип, күңүрт үнү менен сөздү үзө сүйлөп, минтип айты:

Түн кирди. Терезеде мен отурам.
Бак уктады, капкараңгы тынчтык баскан.
Мен ошол караңгыга көз жиберем,
Өз жүрөгүм суроо сурайт эриксизден:
Неге мынча кыйналып, азап чегем?
Неге чегем?

Ырынан тамеки, өтүгүнөн кара май жыттанып турду; фуфайкасынын чыканагы кырылып, жакасындагы топчусу жок экен, мен андан Платондун моюн тамырлары катуу кагып жатканын көрүп отурдум. Өзү столдон көзүн албай дагы окуду:

Жүрөгүм эч бир жерден тынчтык таппайт,
Караңгылык айлананы түгөл каптайт...
Жер уктап, нымдуу аба үстөн басып,
Менин гана жүрөгүм согот шашып —
Бул жүрөгүм ар качан неге күлөт?
Неге күлөт?

Платон унчукпай калып, башын өйдө көтөрүп, жооп күткөндөй кашы кошо көтөрүлдү:

- Кандай экен?

Жигиттин лирикасын мен тамашага айланткым келди.

- Жакшы эмес!— дедим бырс күлүп.— Жүрөгүңүз экөөндө тең же ыйлашы керек, же күлүшү керек... Ырыңыз дагы барбы?

- Бар,— Платон башын кайрадан эңкейтип, жай гана окуй баштады:

Кош эми! Жаныма кайгы батты...
Кайрадан мурдакыдай жалгыз калдым,
'Гүнт караңгы турмушумду кайра жапты,
Кош бол, менин күйүп турган жылдызым!..
Кош бол!

Кош эми. Кемеге мен жалгыз түштүм,
Мен азыр кайгыланып, капа чектим;
Ак чардактар айланып оюн салат,
Тилкеленген ак толкун көбүк чачат,—
— Мына ошол баарыңар да кошкула эми,
Кошкула эми!

Мунун күңүрт үнү бир гана калыпта чыгып, өлүктүн жаназасын окугандай угулуп турду. Анан унчукпастан мага жалт карап, күрсүнүп алгандан кийин дагы улантты:

Алыста мен үчүн чоң азап турат,
Жанымды кайгы курту мүлжүп жатат,
Ак көбүктүү толкун азыр улуп-уңшуйт,
Бирок деңиз өз суусун түгөл жумшап,
Жүрөгүмөн сени жууп кетире албайт!..
Кош бол!

Платон ырын токтотуп, былк этпестен отуруп калды. Буга эмне жардам кыларымды билбей, мен анык онтойсуз абалга кирдим. Акыры ойлонуп туруп, мындагы керексиз нерсени кадимки хирург сыңары чарт кесмек болуп:

- Бирөөнү сүйүп калдыңызбы?— дедим.

- О-оба.

- Ал ким? Үй кызматчысы Феклушабы?

Жигит аң-таң боло кашын көтөрүп:

- Лидия Алексеевна...— деди.

Албетте, мен муну билип жүргөм, бирок жигит өзү түз эле айта салат деп ойлогон эмесмин, анын үстүнө ушунун өз оозунан уккум да келген эмес. Эми бул кеп мен үчүн жаман, эң эле күлкү келерлик болуп турду.

- Бери караңызчы, чырагым, — дедим колдон келишинче чындап жана сүйкүмдүү сүйлөп,— мунуңуз анык кызык кеп экенин байкасаңыз боло!

- Кызыкпы?- жигит таң калгандай көздөрү бакырая түштү.

- Ооба! Мен сизге чындап айтуудан кыйналып отурам...

- Эмнеге?

- Өзүңүз ойлонуп көрүңүзчү: сиз азыр он тогуз жашта... бир аз көргөн-билгениңиз бар, бирок сиз ал кызга кантип тең болосуз? Кыз билимдүү, эң эле назик турмушка көнгөн... олдоксон нерсенин бардыгы башынан жат, бирок кеп жалаң ушунда эмес, сиз менен ал бири-бириңерге таптакыр эп келишпегениңерде... Сиз макоо киши эмессиз, ошондуктан муну өзүңүз да байкашыңыз керек...

- А мен сезген жерим жок,— деп Платон акырын, бирок көшөрө сүйлөп, анан ошол эле калыпта: - Мен эмне, киши эмес бекем?— деп сурады.

Мен ийнимди куушуруп, ар түркүн сөздү дагы айта баштадым, жигит мага көгөрө карап, мен ошондо өз сөзүм эч кандай таасир кылбаганын байкадым.

- Кептин ачыгын айтсак, Лидия Алексеевна мени сүйөт...— дедим да, акыры Платондон алысырак басып кеттим.

Платон жай гана ордунан туруп, эриндерин бекем кымтып, мага кол берүүнү унутуп, үңкүйгөн бойдон чыгып кетти...

Мен анын артынан карап, дал ушул кызык, бирок чатак ишке өзүм да чындап киришүүм керек экенин сездим...

*      *     *

Эртеси кечке жуук мен Лидия Алексеевнага барып, анын күлкүсүн келтирбес үчүн өтө сактык менен, бирок өктөм сүйлөп: “Сиз өзүңүздүн короо шыпыргычыңызга көңүл бурууну таптакыр токтотуп салсаңыз — ошол жакшыдыр” деген сөздү айттым.

- Неге?— деди кыз аң-таң боло.— Бул жигит менен сүйлөшө калуу өтө кызык. Мунун кай бир сөздөрү, орой экенине карабастан, ушунчалык таасирдүү угулат... карапайым кишилердин турмушун ушунчалык ачык сүрөттөйт... Ал эми мен эмне үчүн сүйлөшпөй коём?

Айлам кеткен соң Платондун сүйүп калышын ачык айтып, эркектин биринчи сүйүшү — мейли кандай да болсо, анын жүрөгүндө бекем орной турганын эскерттим... Кыз жийиркене силкинип, аябай таң калгандыктан көздөрү тептегерек боло түштү да, эки бети кызарып, өзү ызасы менен уятына чыдабай үй ичинде аркы-терки баса баштады.

- Ушуну кантип айтты!— деп кыз эмне кыларын билбей кыйкыра сүйлөдү,— Платонбу? Анын колун кара тер баскан... колу да, кулагы да кыпкызыл... Бирок мен өзүм неге байкабадым? Мына кызык жигит? Бир жагынан боорум ооруйт... Жакшы эмес бул... Ыр жазыптыр дейсизби?

- Ал тургай түзүк жазган,— дедим.

- Ушуну өзүм кантип байкабадым? Ырас эле кызык эмеспи... карапайым жигит ашык болуптур... мына кызык! Ах, кудайым-ай! Муну эми эмне кылабыз, Филипп Васильевич? Бул орундан чыгарып жибериш керек да?

- Бирок азыр эмес!—дедим.— Ансыз да жөнү табылып турган соң, бирөөнү кордоонун эмне кереги бар?.. Бул орундан чыгарып жибериш зарыл экени, албетте, чын... бирок муну шака-шук эмес, акырындык менен иштеш керек...

- Ошондо да мен мунун жазган ырын карап көрсөм бейм,— деди кыз ойлуу түрдө.

Лидочканын балалык жеңил мүнөзүн эстен такыр чыгарып коюп, буга ушул кеңешти бергеним үчүн кийинчирек өзүм аябай өкүндүм.

Эртеси мен шаардан бөлөк жакка кетип, анан эки-үч күндөн кийин келер замат, короо шыпыргыч хозяйка кызга ашык болуп калганын мындагылардын баары укканын билдим. Кийин байкасам, эң кызык, чынын айтканда — анык каарына алган чатак башталыптыр.

- Платон!—деп чакырды Лидочка.

Ал кирип келди.

- Сиз мени сүйгөнүңүз чынбы?— деп сурады кыз сүйкүмдүү түрдө.

- Ооба.

- Абданбы?

- Ооба.

- Эгер... сизди мен эмне кыл десем да кылат эмессизби, Платон?— деди кыз, мунун сөөгү чоң бетине санаага бериле карап, сыр каткандай акырын гана сүйлөп.

- Албетте!— короо шыпыргыч бекем ишене жооп берди.

- Эгер ушунуңуз чын болсо, менин асыл Платонум...— деди кыз салтанат курган түрдө күлүмсүрөп...

Анан ошол замат өңү түнөрө, анын үстүнө терең үшкүрүп, өз сөзүн аяктап: - Эмесе самоор коюңуз, — деди.

Платон чыгып кетип, самоор коёт, ошондо мунун бет сөөгү ого бетер чуштуюп, көздөрү чанагына эң эле терең кире калат.

Кээде кыз Платондун канчалык сүйгөнүн сурап отуруп, акыры өзүнүн ылайга баткан калошун жуудуруп алат, же колуна кагаз жазып берип, курбу-курдаштарын чакыртат, кептин кыскасы, эмнеге жумшаса да, мунун сүйүшү жөнүндө сөз козгобой койбойт.

Кечкисин коноктор чогулган кезде кыз Платонду чакырып ырын окутат; ошондо бул эч кимге карабастан, башын ылдый салып окуй берет. Муну анан мактай башташат, а бул улам жүгүнүп, бети таштай каткан калыбын жазбайт. Кыз мунун көзү алдында конокторго минтип айтат:

- Ырлары жаман эмес бейм... чын го бул? Кээде мындан да жаман ырлар басмага басылып жатат. Булар эби менен болбосо да, чын жүрөктөн чыккан... акын ырас эле ашык болуп, бирок бул бекер үмүт экени мага маалим! Мунун бактына каршы сословиелик эски тартип жана бул: мактап ырдаган сулуунун суук жүрөгү жол тосуп турат...

Менин оюмча, кыз жигитке жөнү жок олдоксон мамиле кылып, бекеринен кыйнап жүрдү... Жигиттин сүйүп калышы кызды катуу намыстантып, ошол үчүн бул берки байкуштан өч алып жаткансыды. Бирок башкалары да Платонду жакшы көрүп жүргөн жери жок. Картаң профессор эң эле мейримдүү, анык акылман катары курт-кумурскадан өйдө жакшы көргөн киши, бирок жигитти тамаша кылган кезде мунун өзү да жыргай түшкөнсүйт.

- Бери караңызчы, акын!— дейт абышка.— Сизден абдан өтүнүп сурарым: ашкөк өнчүү жерге кыкты өтө көп төкпөңүз! Сизге муну далай айттым, а сиз ар дайым унутуп коёсуз... Иш ушинтип жаман жагына айлана берсе, акыры мен ашкөксүз калышым мүмкүн... Бирок мен эч капаланбайм, анткени сиздин ал-жыйыңызды билип турам... Сиз Аркадияга кызыгып жүрөсүз... Эмне экен! Закондуу иш: киши бала кезинде кызылча же скарлатина менен ооруйт, жигит болгондо бирөөнү сүйөт, ыр жазат, эрдик кылууну эңсейт... убактыны бошко кетирүүнүн турмушка пайдасы жок... бирок ошондо да бул карынын эстүүлүгүнөн өйдөлүк кылат!

Профессор сөздү ар качан чоюп сүйлөп, чечендиги кишини зериктирип жиберсе да, ушуну өзү жакшы көрөт.

Кызматчы аял да шылдың кылып, мунун шылдыңы, жөнөкөй жана ороюрак чыгат. Кыязы, мыскыл кептин баары көздөгөн жерине түз тиет окшойт, себеби ал апачык көрүнүп турат. Бирок мыскылдын жөнүн баарыдан да көбүрөк тапкан Лидочка болот,— муну мен жашыра албайм,, ошону менен катар, албетте, жактыра да албайм.

Кечкисин айдын жарыгы алдында кыз ачык терезенин түбүндө татынакай кейпи менен ойго чөмүлгөндөй отуруп:

- Жакшы болот, жиберем!

Чөнтөк дептеримди алып, мен ага жыгач устасынын адресин жаздым, а берки былк этпестен жата берди. Көкүрөгү гана күңүрт кырылдап, көзүнүн ордундагы карарган чоң-чоң тактар мунун өңүн өлүккө окшотуп турду.

Мен буга үнсүз карап, же кете албай, же кетпей коё албай, анык оңтойсуз абалда болдум.

Акыры Платон көзүн ачып:

- Кетиңиз! — деп шыбырады.

- Кошуңуз эми! — дедим.

Платон колун гана кыймылдатып жооп кайтарды.

Ичти ачыштырган жанга жагымсыз сезим менен палатада кыбырап басып, коридорго чыга бергенимде Платон киркиреп сүйлөп:

- Сестра... менин үстүмө эч кимди кийирбеңиз.. —дегенин уктум.

Кыязы, эми Лидочка келет деп ойлогон окшойт.

Платон ошол түнү өлүп калды.

... Мен анын тапшырмасын аткарып, калтырган китептеринин баарын Ростовго жөнөттүм; ыр жазылган дептерлерди мешке өрттөп салыптыр,— муну мага үй кызматчысы айтты, бирок китептердин арасында каршы-терши чийилген почта кагазы жүрүптүр, анын бетине шашып-бушуп жаза салган мына мындай сөз бар экен:

«Мен турмуштун эң этегинен, анын бийик кырында турган силерди карай акырындап узак көтөрүлүп, басып өткөн жолумда бүт, армандуу жерге бараткан тыңчы катары, бардыгын аңдый карап жүрдүм...»

Платон жөнүндө эскерме болсун үчүн ошол кагазды өзүм алгам; жакында столумду аңтарып жатып, колума урунар замат жигитти кайрадан эстеп... ал тууралуу айтканым ушул.

Которгон К.ЭШМАНБЕТОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз