Жорж Гордон Байрон: Эмне болсоң ошо бол, кошоматчы ит болбо!

ҮЛПӨТ
Кана каркыт, колго толо кармаган? —
Качантадан суусун мынча канбаган,
О, ичели! — Ким ичпеген айлуу түн,
От алган соң ким жарашып албаган!
Калп бардыгы: бирин-бири кыстаган,
Калыс сенсиң, шуулдаган стакан!

А үлпөттө көптү көрдүм ашынган,
Арам көздөн адал көздү жашырган.
Сүйдүм мен да! — О, ким сүйүп көрбөгөн?
Сүйө билип асылкечке баш ургам.
Өөп жатып ким күйбөгөн жалынга,
Өзөлөнүп курман кылган жанын да!

Ал жылдарда достук күтүп жаш кыял,
Ант ичиштик жан кумарын мас кылар.
Дос да күттүм! — Ким күтпөгөн достук ал?
Доор өттү досту кээде кас кылар.
Ал достукту ким далилдейт эскерип,
Алтын шарап, ак болорбу, сенчелик!

Чанат бизди чаңкап сүйгөн жылдыз да,
Чаңкаганда — ал айныган бир кыз да!
Бир сен гана өзгөрбөйсүң, каркытым,
Биз карыйбыз! — Ким карыбайт турмушта?
Жаштыгына ким сенчелик мактанат,
Миң жылдарда күчү кайтпас бал-шарап?

Адал сүйүп жүрөгүнө түйгөнүн,
Атаандаштар алды бакыт гүлдөрүн:
Биз кызгандык! — Ким кызганбайт сүйгөнүн?
Бир өзүңдө таразасы дүйнөнүн.
Бокал, сенден бакыт тапса, кыязы —
Бардык көкжал тагдырына ыраазы.

Жылдар менен кимдер жылып кетпеген,
Кыздар кетет жүрөктөрдү өрттөгөн.
Каркыттагы акыйкатка акыры,
Биз жетебиз! — Кимдер ага жетпеген?
Ичмейинче ички сырың айтылгыс,
Идиштеги жаркыраган — ал жылдыз!

Шарт ачылат жан сандыкта жатса да,
Шаттык өчүп, өң алмашат башкага.
Ким өзгөрбөйт толо жуткан азаптан?
Алтын үмүт калат бүрүн какса да.
Жан сандыкка салынгыча түбөлүк,
Каркыттагы жыргал доорун сүрөлүк!

Түбөлүккө жүзүм бышып турат да —
Тирүүлүктөн биз айрылган убакта.
Биз өлөбүз! — Бирок ким бар өлбөгөн?
Бизди узатып шарап урмат кылат да —
Кабыл алып көктө Зевс[1] олтурат,
Кагыштырып ал да каркыт толтурат!

ЖАШ ДОСУМА
Ал жылдарда ынак элек бактылуу,
Андан бери өттү убакыт өмүрдөн.
Ал достукту балалыктын актыгы —
Ажырагыс кылган өңдүү көрүнгөн.

Сен билесиң, билем досум, мен дагы,
Сеп алдырбас көр-оокаттын айынан —
Эч кыйышпас сапатыбыз эң баалуу,
Эскерилбей эстен чыкты дайыма.

Жеңил ойлуу жүрөктүн бар түркүмү,
Же болбосо жаштыктан же боштуктан —
Көп айлардын айларында бир күнү,
Көп курбулар айнып калат достуктан.

Аянычтуу болсо дагы канчалык,
Ага кейип турбас элем анчалык:

Жаза баскан айбың эмес ал сенин,
Жаралышың бошоң болсо, кантемин?

Азоо деңиз ташып кайра тартылат,
Адамдар да кээде төмөн-жогору.
Жатып калса коркунучтан калтырап,
Жаш жүрөккө ишенүүгө болобу?

Бирге өстүк кол кармашып, достошуп,
Бирге көрүп балалыктын бактысын.
Такыр кеттик сен да мен да коштошуп,
Таттык эле жазгы өмүрдүн таттуусун.

Жалган коом таасиринде сандалып,
Жаштык өттү, достуктан да айрылдык.
Коом бузат, адам өтөт алданып,
Кошо кеткен ак тилекке кайгырдык.

Бирок мага унутулгус а жылдар,
Бизди бийлик коркутканда калп эле,
Көзүбүздөн чыгып чындык жалындар,
Көңүлдөгү ойду айтчубуз шарт эле.

А жашыбыз калган кезде ортолоп,
Алдагандан олжо таптык эми биз:
Өнсө пайда, өткүрлүктү ноктолоп,
Өчтү сүйүү, өлдү кыял-демибиз.

Өзүбүздөй акмактарды кайталап,
Өнөр көргөн күнөөбүздөн биз өлдүк.
Баркын сатып, достук атын майдалап,
Башы байпак наадандарга ишендик.

Азырынча шыбагабыз ушундай,
Андан ары кандай болот, досторум?
Же турмушта ошолордой бузулбай,
Жеңебизби машкеликтин тоскоолун?

Тагдыр мени таштаса да талаага,
Тайманбаган өз күчүмө ишенем.
Кешпири жок мага коом, адам да,
Кечким келсе кечип кетем тизеден.

А сен досум, чындыкка жан оорутпай,
Аз болсо да жашагың бар жаркырап:
Түндө чыккан кооз канат коңуздай,
Күндүз жаткан ал чындыктан калтырап.

Опкоктордон сөөк жеген май тамак,
Обору чоң мителерди кайталап,
(Кулдук уруп кирсе — король залына
Купулуна толо турган жай табат).

Арбытасың арсыздыкты анда да,
Ал жаркырак коңуздардын коому да.
Текке кетет жаның талып сандала,
Теңирсиген текеберлер тобунда.

Көрсөтөсүң айымдардан айымга,
Көшөкөрлүү, жасакерлүү күлгөндү.
Чымын өңдүү бал сором деп жайында,
Чычып салып булгагандай гүлдөрдү.

Ай-периге ашык болуп наздануу,
Айтчы досум, кантип сага жарашат?
Дырылдаган кооз коңуз саздагы,
Кубулса да жийиркентип каратат.

Кайсарларды жандап жүрсөң дос болуп,
Кандай адам катарына коштурат?
Кошоматың машакатка коштолуп,
Кошо жүрсө кантип сени дос кылат?

Арылууга арам шакмар жашоодон
Арга таап түшсөң боло түз жолго.
Бир айтарым: эмне болсоң ошо бол,
Бирок досум, кошоматчы ит болбо!

КЕЧИР, ЖАНЫМ!
Кечир, жаным! Тагдыр бөлсө кантели? —
Кезикпейли, биротоло кетели.
Жек көрсөң да кек санашпай өтөлү,
Жеңил бекен жүрөккө аны көтөрүү?

Бар сезимиң аябас да багынбас,
Ал сезимиң кайра мага кабылбас,
Башың жөлөп көкүрөгүмө, уктаган
— Балдай уйкуң кайталанбас, табылбас.

Көрөр болсоң эт жүрөктү тең бөлүп,
Көрөт элең сезим кимди сезгенин.
Анда сөзсүз аямаксың сен көрүп,
А канчалык ашыклык дарт эзгенин.

Катаал сокку, каргышыңы, кайгыңы,
Кабыл кылам, көңүлүңө көз салам.
Өзгөлөргө айталамбы айбымы? —
Өзүмдү жейт өзүм тапкан өз санаам.

Мен күнөөмү берем сага тузактап,
Мейли бирден кескилегин бычактап,
Өз колуңан кыяр белең өлүмгө —
Өпкөн жанды, көргөн жанды кучактап?

Жаным, ишен! Сени имерип ким өптү? —
Ал кумарды жылдар гана муздатат.
Ажыратпайм жүрөгүңөн жүрөктү,
Ак дилимде ууз сүйүү бир жатат.

А сенде да болсо керек ал санаа,
Ашыклык дарт мени белден бек басат,
Өмүр сүрүп бирге жашап калбаган,
Өкүнүчтүү өлбөс сезим жеп жатат.

Адам өлсө аза күтүп коймокпуз,
Андай муңга азыр терең батабыз,
Тирүү туруп экөөбүз тең бойдокпуз,
Түндү узатып, күндү узатып жатабыз.

Жалынганда кызымды өөп өпкөлөп,
Жазылар дейм энесинин капасы,
Айттың экен мен жөнүндө эмне деп,
Азыр анын жалгыз жашайт атасы.

Кадалганда чүрпөм сенин көзүңө,
Кайгы менен өткөрөсүң санааңды,
Эскере жүр, бакыт тилеп өзүңө,
Ак сүйүүдөн жыргал тапкан адамды.

Секетимдин түспөлүнүн бир жери,
Сен таштаган атасына окшосо —
Селт дей түшөр жүрөгүңдүн ирмеми,
Ошол ирмем мени кошо козгосо —

Айбым менин адам билбей басылмак,
Ал күнөөгө акылсыздык күнөөлүү,
Өчкөн үмүт түк үзүлбөй закымдап,
Өзүң менен кошо жашап жүрөбү?!

Башкага эмес сага гана эригем,
Багынбаган жаным сага багынды,
Ак жолуман алдырган соң сени мен —
Алдырдым да жандүйнөмдү, жанымды.

Бүттү баары, бүттү сонун касиет,
Бүттү, бүттү! Тилим катып тим болот.
А бирок да жүрөк кимге баш иет,
Ага каскак, ага тоскоол ким коёт?

Кечир, жаным! Кечир, сенден ажырап —
Ажырадым алдыдагы бакыттан.
Жүрөк өлгөн, калды денем кагырап,
Эки өлөбү эки келбес асыл жан?!

Которгон Эрнис ТУРСУНОВ

[1] Зевс – шарап Кудайы, үлпөт ээси.

Комментарий калтырыңыз