Бери караң: Иммунитетти кантип көтөрүү керек?

  • 13.01.2024
  • 8569

Иммунитет – таң калыштуу нерсе. Бардыгы анын аябагандай маанилүү экендигин билишет. Кимдир-бирөөлөр аны ичегинин бир жеринде деп ишенишет (жарыяларга рахмат). Дагы бири аны лимфо түйүндөр менен байланыштырат. Дагы бири көзүн ирмебей туруп иммуналык система – бул Гётенин “Фаустынан” да күчтүү нерсе деп далилдейт жана анын  айтканы чындыкка жакын десек да болот.

Бирок, иммунитетке ким кандай мамиле кылбасын, ал жөнүндө эмне деп ойлонбосун, баары тең аны чыңап, жогорулатыш керектигине макул.

Иммунитеттин негизги сыры, ал кандайдыр бир орган эмес, анын толук бир система экендигинде. Иммунитет айталык, жүрөк-кан тамыр системасынан бир топ татаал. Ал клетканын деңгээлинде иштейт.

Бул же тигил таблетка иммунитетти сөзсүз чыңайт, оңойт деп далилдеген бир дагы изилдөөлөр жок. Ошондой болсо да көп жылдык тажырыйба сергек жашоо иммунитеттин жакшы абалда болушуна таасири чоң экендигин көрсөтөт. Сергек жашоо деген эмне? Анда эмесе анын айрым зериктирме эрежелерине токтоло кетели:

1. Тамеки тарпа

Тамеки тарткан адамдын оозунда иммундук системаны талкалай турган уулануунун эң коркунучтуу булагын жаратат. Тамеки тарткандар адамдар ар кандай ооруларга, анын ичинен туберкулёз жана башка өпкө, жүрөк ооруларына кабылуу коркунучу, тамеки чекпегендерге караганда бир топ жогору. Аны айтып олтурса кеп жетпейт, башкасын айтпаганда да тамеки тарткандардын арасында рак менен ооругандардын саны бир топ арбын, анткени тамеки иммунитетке каршы иштейт. Иммунитиңди көтөргүң келеби – тамекини ташта.

2. Ичкилик ичпе (жок дегенде ченеми менен ич)

Көп сандаган изилдөөлөр көрсөткөндөй; алкоголь шишикке каршы иммунитетти басаңдатып, жоон ичеги менен боордун рак оорусуна чалдыгуусуна себепкер болот.

Кыскасын айтканда, рак болгуңар келбейби – алкоголь ичимдиктерин ичпегиле, антпесеңер шишикке каршы иммунитетерди жок кылып аласыңар.

3. Жашылча жемиштерди көп жегиле

Эгерде ичкиликти, тамекини таштасаңыз, анда эми жашылча жемиштерди көп жегиле. Албетте, мындай сөздү уккуңар келбестир, болгондо сөз да кайдагы бир табылбаган годжи же топиаки деген жемиштерди эмес, колго тийген бардык мөмө-жемиштер жөнүндө айтылып жатса. Сарымсак, имбирь жана лимон баары жарайт. Болгону, бул жемиштердин өзүн гана жей бербестен, күнүмдүк жеп жүргөн тамагыбызга, этке аралаштырып жегенибиз оң.

4. Уктоо

Иммунитетти көтөрүүнүн эң мыкты, сыналган ыкмасы – бул уйкуну кандыра уктоо. Эгерде тамагыңыз тез-тез ооруса, мурдуңуз куюлуп жүрсө, демек,  өз убагында убактайсыз.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй туура уктап, уйкусун кандыра уктаган адамдар ар түрдүү эмдөөлөрдү да жакшы көтөрөт.

5. Спортко катышкыла

Спорт дароо бир нече багытта жардам берет. Биринчиден, спортсмендер чынында эле аз оорушат, экинчиден, спортко катышкандар режимди, анын ичинде уйку режимин туура сакташат, үчүнчүдөн, семиртпейт. Бул жерде ашык салмактын эмне тиешеси бар? Анткени, бул иммунитетти начарлаткан дагы бир фактор.

6. Салмагыңарды нормадан ашырбагыла

Иштин баары май ткандары жөн эле курсагыңда салаңдап, кыймылдасаң силкилдеп жата бербейт. Ал гормондорду бөлүп чыгарат. Көп эмес бир аз эле гормон. Бирок, ошол эле организмдеги сезгенген ооруларды пайда кылганга жетиштүү. Башкача айтканда, ашыкча салмак иммунитетке көрүнбөгөн, бирок сезилерлик сокку уруп турат. Ресурстар сырткы күчтөр менен кармашканы аз келгенсип организмдин өзү менен да күрөшкөнгө мажбур.

7. Сабырдуу бол

Кантип сабыр кылып, мээңерди сактап калуу жөнүндө интернеттен толгон токой кеңештерди тапсаңыз болот. Ошондуктан ачууңуз келе баштаса жаңы материалдардын бирин окуп тынчтаныңыз жана иммунитетти сактап калдым деп коюңуз. А тамашасы жок, олуттуу айта турган болсок, стресстин гормондору чындыгында эле иммунитетке оңбогондой сокку. Ошондуктан сабырдуу болуп, “менин балакетимди алышсын!”— деп кол шилтеп басып кеткенден жакшысы жок. Бул иммунитетти сактоонун жакшы ыкмаларынын бири.

8. Инфекция жуктуруп алгандан сак болуңуз

Бул иммунитетти көтөрбөсө да, аны сактап калганга жардам кылат. Мисалы, гриппке каршы эмдөө алып коюу, колду самындап жууп, бөлмөнү желдетүү, тишти убагында дарылатуу, сапаты күмөн санаткан тамак-ашты сатып албоо – мына ушул нерселерди так аткаруу эле бул максатка жетүүнүн эң жөнөкөй жолдору.

Эмне кылсаңыз да колуңуздан келишинче иммунитетиңизди бактериялык жана вирустук чабуулдардан сактаңыз.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз