Реваз Мишвеладзе: Күтүүдөн чарчагандар

  • 08.07.2022
  • 3081

Көңдөй дилди көтөргөн новеллалар

1987-жылы журналистикага өтпөй калып, шөмтүрөп үйгө баратып, китеп дүкөнгө кирип калдым. Жаңы китептер түшө элек экен. Карасам, мен билбеген автордун китеби турат: “Реваз Мишвеладзе. Уставшие от ожидания”. Жалаң новеллалар экен. 2 сом 10 тыйынга сатып алдым. Агезде грузин жазуучуларынан Нодар Думбадзе менен гана тааныш элем. Балконго жатып алып, окуп атам, окуп атам...

Турмуштагы жөнөкөй окуялар, өтө жөнөкөй тили арбап алды. Ригада окуп жүргөндө, грузин курсташым Зурабдан: “Реваз Мишвеладзе кандай жазуучу?” деп сурап калдым. “О, аны бир гана грузин тилинде окуш керек, орусча котормолору көп жакпайт” деп койду... Мишвеладзенин башка китептерин окубадым, тилекке каршы, колума тийбеди. Бирок ал бир нече новеллалары менен эле менин сүйүктүү жазуучуларымдын бирине айланды.

Кээде жандүйнөңдү боштук, коңултактык ээлеген учурлар болот. Эч нерсеге көңүл чаппай, эмне кыларыңды билбей каласың. Ошентип жерге жата кетип, шыпты карап жатып, колумду баш жагыма алып барсам, баш жагымда жыйылып турган китептирдин бири колума тийди. Алсам, “Уставшие от ожидания”. Бул китепти көргөндө, 17 жашымдагы алгачкы таасирим көкүрөктү өрдөп өткөндй болду. Колума калем, дептер алып, жерге жатып алып, ушул новелласын которо баштадым. 40 мүнөтүм кетти. Кандай которсом, ошол бойдон калтырдым, өзгөрткүм, оңдоп-түзөгүм келбеди. Эң башкысы, жандүйнөмдү ээлеген боштук жоголду. Мишвеладзени новеллары ушундай. Кишини тирилтип жиберет. Сезим кытыгылайт. Ойлонууга жем таштайт...

Эрнис АСЕК уулу

НОВЕЛЛА

Эмне, адамзат сүйүүдөн тажап бүтүп, сүйүү, махабат, ашыктык деген улуу сезимди классиктер ойлоп таап, ХХ кылымга чейин гана ишенип келген дейсиңби? Ромео менен Жульеттанын сүйүүсүнө айылдыктар гана ишенет, болгондо да мектеп курактагылар деп эсептейсиңби? Биздин ядерлик кылымда жашоодогу жалгыз сүйүү жөнүндө айтууга болбойт дегендей кылып жатасың, ээ? Сүйүү деп атаганыбыз – болгону убактылуу кызыгуу, бул көбөйүү инстинкт менен келген сезим, андан артык боло албайт деп турусуңбу? Мен сени менен талашып-тартышайын деген оюм жок, силер окумуштуулар, өз мисалдарыңар менен мага окшогон кемчентойлорду бир жакка жетелеп барып таштайсыңар, анан кыйын болсоң, ал жактан кайта турган жолду таап жат.

Сенин бул “теорияңдан” улам сага бир окуяны айтып берейин. Нан урсун, үч балам менен деле карганып берейин, бир ашыкча сөз кошсом майнике болоюн, ашыкча эч нерсе ойлоп таппайм (мындан да сонун нерсе ойлоп тапса болот). Мен айтып берейин, жыйынтыгын өзүң чыгар. Эгерде сенде адамдын жүрөгү соксо, бардыгын түшүнөсүң, жокпу – анда бул окуя сага жок дегенде кызык болот. Бул сүйүү, чынын айтсам, мени сындырып койду, өмүрүм эки эсе кыскарды окшойт.

Мектепте мени менен бир кыз окучу, аты Шорена эле. Фамилиясын айтпай эле коёюн, менимче, атын атап жатып күнөөгө батып жатат окшойм.

Сенин “теорияң” болбосо, муну бир кишиге да сөз кылбайт элем. Адамдын тээ түпкүрүндө бир жашыруун сыр катылып турушу керек экен, аны жан кишиге айтып да кереги жок, ошондо аны таза, тунук сактай аласың. Арык, көз айнекчен кичинекей кыз болчу. Мындай кыздардын көздөрү кандай экенин да байкай албай каласың. Биз 7-класстан баштап чогуу окудук, эсиңдеби, балдар менен кыздар мектептери кошулбады беле? Ошондо Шорена экинчи кыздар мектебинен бизге өткөн. Атасы жок болчу, энеси нооту-кездеме комбинатында инженер болуп иштечү. Шоренадан эки жаш улуу байкеси бар эле (азыр ал врач). Карындашынын жанынан чыкчу эмес. Бизде алты сабак болуп, анда беш сабак болуп калган күндөрү мектептин алдында тепкичте күтүп олтурар эле.

Эсимде, биз класстан күлө берчүбүз: “Ой, бир сулуу болсо болбой калмак экен. Бул “очкарик” кыздын кимге кереги бар эле, аны кайтарып тимеле” дечүбүз. Келесообуз да, байкеси менен карындашы чогуу баратканына эмне жетсин, агезде аны биз кайдан билели.

Азыр, ушунча өмүр сүргөндөн кийин, ойлоп көрсөм, башкаларга салыштырмалуу Шорена мага көп көңүл бурчу экен. Экскурсияга баратканда, автобустан дайыма жаныма отуруп алчу, каникул башталганда, дайыма биринчилерден болуп телефон чалып, каякка барарымды, качан келеримди сурачу. Балдар менен мушташып кеткенде, дайыма мага болуша турган, үй тапшырмасын эң биринчи мага көчүрүп берчү, текшерүү иш болгондо, “шпаргалка” бере калчу (мага керекпи, кереги жокпу, маанилүү деле болбосо керек). Мага ушунча көңүл бурганын жактырчу эмесмин, атүгүл, кыжырданып кетер элем.

9-класстан короздоно баштадык, башка класстын кыздарына (сөзсүз башка кыздарга) көз салып калган кезибиз, бир күнү Шорена чапкенедей жабышты: “Кимди сүйөсүң? Кат жазсаң (ал кезде сүйүүлөрдү кат аркылуу билдирчү эмес белек), алып барып берейин” деп кирсе боло. Жиним келип: “Мага почточунун кереги жок!” деп салдым. Мага эч ким жакчу эмес, тескерисинче, тээ көкүрөктүн түпкүрүндө кыздарды жек көрчүмүн, алардын жанында өзүмдү ыңгайсыз сезип, өзүмө батпай кетчүмүн.

Арадан үч жыл өттү. Бүтүрүү кечесине Шорена узун көк көйнөкчөн келди. Дегеле баардык кыздар согончугуна жеткен узун көйнөкчөн келип, баардыгы заматтын ортосунда чоңоюп кетишкендей көрүнгөн, биз болсо баягы эле оюнкараак балдар бойдон элек. Кыздар эски кинолордогу бийкечтерге окшошуп турушту. Таң атканча жайылган дасторкон үстүндө олтуруп зеригип кеттик, мугалимдер бизге көңүл да бурушпады, өздөрү менен өздөрү эле. Тамада кызый түшүп, завучту (чолок Шалва Сарджвеладзе, тарых сабагынан берчү, байкуш былтыр каза болду) “интриган” деп салып, ызы-чуу болуп барып араң токтогон.

Таңкы алтыда Шорена (албетте, жанымда олтурган болчу) кулагыма: “Жүрү, кетип калабыз” деп шыбырады. Мен таңгалып карап калыпмын, бирок унчукпай артынан жөнөдүм.

Ал мени колтуктап алып, тынбай бир нерселерди эле сүйлөп келатты. Анын мындай көп сүйлөгөнүн көргөн эмесмин. Ниношвили көчөсү ушунчалык тынч экен, баскан дабышыбыз жаңырып баратты. Ак көпүрөгө келгенде, жаан жаай баштады, бирок биз Ухимерионини карап тура бердик. Төмөндө Риони суусу шаркырап турду. “Гоги...- Шоренанын үнү каргылданып, бир нерсе айткысы келип, бирок мукактанып токтоп калды да, көпүрөнүн кырына отура кетип: – Мага узун көйнөк жарашат бекен?” деп калды. Мен баш ийкедим. “Чын эле жарашат бекен? Же жөн эле айттыңбы?” – деп туруп эле ыйлап жиберсе болобу. Көпүрөдөн түшүп кетет экен деп чочуп барып эки ийнинен кармап калдым. “Тып” басылды да, көпүрөнүн кырынан түшүп, мени “жалт” карады. “Жиндисиң, ээ, Гоги?” деп күлүп койду. Мектепке кайта барсак, бардыгы бийлеп жатышыптыр, мугалимдер да (мугалимдер тимеле каадалуу бийлешет экен). Биз сыртка качып барып келгенибизди бардыгы билип турду. Оо, биздин Кутаисиде ушак дегенде жата калышат да.

Кийин жолубуз айры кетти. Мен, өзүң билгендей, Тбилиси университетине өттүм. Шоренаны апасы жанынан чыгаргысы келбей, Политех институтунун Кутаисидеги филиалына өттү, жеңил өнөр жай факультетине. Мен Кутаисиге көп барбай калдым, журналистика факультетин билесиң да: бир туруп жайкы практика, бир туруп дың жерге жумушка кетебиз... Бирок сага айтып коёюн, Кутаисиге барган сайын дароо Шоренага чалчумун, “барам, жолугам” деп коюп, убакыт болбой, кайра кетип калып жүрдүм. Анан кетерде телефон чалсам, көңүлсүз жооп берчү. “Эмнеге маанайың пас?” дечүмүн мен. “Жок, жакшы эле” деп койчу. Көрсө, ал учурда көзүнөн жаш куюлуп турганын мен кайдан билейин. Мен эч нерсе билбейм, мен эч нерсе сезбейм. Айтчы, эмнеге кээде биз ушундай эч нерсе сезбей-туйбай калабыз, эмнеге көзүбүз сокур болуп калат, ыя?

Бир жолу (анда мен 5-курста элем) Кутаисиге кышкы каникулга барып калдым, дароо апасы чалып, “Шорена ооруп жатат, келип кетчи” деп калды. Бөлмөсүнө кирсем, төшөккө оронуп дубалды карап жатыптыр. Апасы баш жагына отуруп: “Кызым, Гоги келди” деп шыбырады. Ошондо Шорена жууркан менен башын оронду да, түйүлдүктөй түйүлүп жатып алды. Суук тийип, ооруганына жыйырма күн болуп, этинин ысыганы басылбай жатыптыр. Ошентип бүрүшүп жата берди, мен кетейин деп камданып калсам, жуурканынын арасынан колун сунуп, жумшак алаканымды бекем кысты. Ошондогу манжаларын азыр да сезип турам.

Ошол. Андан бери 20 жыл өттү. Шоренаны ошол бойдон көргөн жокмун. Турмуш бизди чилдей таратып, классташтар ким кайда кеткенин билбей калдык. Былтыр мектепти бүтүркөнүбүздүн 20 жылдыгына чогулабыз деп жатып, чогула албай калдык. 20 жаштан 40 жашка чейин убакыт өтө тездик менен өтөт экен. Үй-бүлөлүү болосуң, өмүрүңдү кураштырасың, бир нерселер менен алек болосуң, жинденесиң, сүйүнөсүң, баш көтөрүп, эки жагыңды караганга убакыт таппайсың.

Өткөн бейшембиде, Вака паркынан классташ кызым Нани Бешкенадзеге жолугуп калдым. Ал эптеп-септеп жатып балмуздак саткан дүкөндөн эркек балдарын сүйрөп келатыптыр (күйөөгө кеч чыккан окшойт). “Ангинадан кутула албай отурсак, кайра балмуздак сурашат ушинтип! Сазайды берип жатышат” деп күлдү. Нани эч өзгөрпөптүр, ошондой эле сүйкүмдүү, шайыр. “Ай-иий, жолукканыбыз жакшы болбодубу! - деди ал сүйүнө – Мен сени качантан бери издеп жүрбөйүмбү?!”.

Аны карап, ойлоп коём: “Кудайга шүгүр, балдары кичине экен, институтка өтүшпөйт. Анан мен буга эмнеге керек болуп калдым?”

“Шорена эсиңдеби?”- деди ал. “Албетте, эсимде” – “Аал азыр Тбилисиде жашайт, билесиңби?” – “Жок” – таңгалдым мен. Мен аны мурдагыдай эле Кутаисиде жашайт, үй-бүлө курган, бактылуу деп ойлопмун. “Эх, сен... – деди Нони жактырбагандай, - Эркектер аман эле болгула, баарыңар окшошсуңар, баарыңар сокурсуңар! Шорена сен үчүн эмне гана кылган жок. Бирок бир да эркек татыктуу эмес”. – “Ой, эмне болду? Эмне болуп кетти? Акылың ордуңдабы?” десем, “Шорена мобул даректе жашайт, колдон келсе барып кой”, – деп колума кагаз карматып, балмуздакка чуркап кеткен балдарынын артынан жөнөдү.

Кечинде лекциям бар болчу. Түнкү ондо бошоп, баягы дарекке жөнөдүм. Тыкылдаттым. Эшик дароо ачылды. “Бул ким?” деп көзөнөктү карап, адеттегидей сураган да жок. Кудум Шорена мени күтүп, эшиктин түбүндө тургандай сезилди. Мени “жалт” карады да, ийиндери түшүп, дубалга жөлөнө кетти. Бир сөз да айтпады. Жүзү да өзгөрбөдү. Күнүмдүк көрүнүш сыяктуу. Кудум мен кошунаныкына шахмат ойноп кирип чыккандай.

Эми сага эмне көрүп, эмне сезгенимди айтып берейин. Чынымды айтсам, азыр өмүрүмдөгү эң толкунданткан, эң кымбат мүнөттөрдү бирөөгө айтып жатканыма жаман болуп турам. Болгону бу өмүрдө укмуштуудай аялдар бар экенине сенин да көзүң жетсин деп жатам. Мындай аялдарга миң мертебе таазим! Бул жөн эле бийик сөздөр эмес, мени туура түшүн. Мен сени адашкан ойлоруңдан кайттыргым келбесе, бул сырымды айтмак эмесмин. Бул сырга бир гана Шорена татыктуу. Бирок сенин айткандарыңды эстеп алып, сенин түшүнөрүңө да ишенбей турам. Кээ бир нерселерди талкуулаганда, талашып-тартышканда, өз жыпар жытын, өз өң-түсүн, тазалыгын, аруулугун жоготот. Таңгалганым, эй, кантип жазуучулар тээ жүрөгүндөгү эң кымбат сырларды окурман сотуна коё алышат?

Шорена шашпай, акырын, жай сүйлөп жатты. Ал токтоп калганда, мен жардамга келип, жапжалгыз сөзүмдү “Айта бер, суранам, айта бер...” деп жаттым. Ал болсо бажырайган көздөрү менен мени карап, эки колун бооруна кайчылаштыра ийиндерин кармалап, шашпай сөзүн улантып жатты. Анын айткандарынын баарын сага жеткире албайм. Бирок мен баарын түшүнүп турдум. Шорена мен жөнүндө баарын билет экен: кантип жашадым, эмне кылдым, эмне жөнүндө кыялдандым, кандай күйөөмүн, кандай атамын, досторум ким, кимди жакшы көрөм, кимди душман санайм, качан эмне менен ооруганмын, эмне мени сүйүнтөт, эмне мени күйүнтөт – бардыгын билет экен. Бирок анын сөзүндө “Көрдүңбү, мен кандаймын? Сага болгон сүйүү үчүн өз жанымдан кечип койгонмун” деген өкүнүүнү да, текеберликти да сезбедим. Сокур сүйүү... Элестет, ал мени менен жөн гана сүйлөшүп жатты.

Ушунча жыл көрүшпөгөнүбүз билинбей, күндө көрүп жүргөндөй: “Эсиңе кел, операцияга жат, өзүңдү кара, сен үй-бүлөңдүн тирегисиң, азыр аялыңа, балдарыңа керексиң” деп жатты. Өзү жөнүндө бир сөз айтпады. Эки жагымды карасам, дубалда менин сүрөттөрүм илинип турат – ушуларды айтып, атүгүл сенден да уялып турам, ушунчалык өзүмө жиним келди десең: эмнеге, эмне үчүн мендей жаш эмес, чачы түшүп бараткан, курсагы чыккан кишиге мынчалык назик мамиле жасайт?!

Мен отургучта кадалып калгандай көпкө отурдум. Бирок кетиш керек эле. Шорена аны илгертпей түшүнүп, ордунан турду. Ошондогу шөмтүрөгөн кебетемди көрсөң - өлүп кала жаздадым! “Сен өзгөрбөпсүң - дедим мен – Өзүңдү ойлосоң боло... өлөөр өлгөнчө жалгыз каласыңбы?”. Дагы бир нерселерди дабдырагандай болдум. Шорена эшиктин алдында турду, колдору ылдый түшүп, башын бийик көтөрүп.

Ал түнү үйгө бара албадым. Үйдөн жаным жай алмак эмес. Шаар ичинде бир топко чейин басып жүрдүм. Карасам, Сололакиге (Тблисидеги эски райондордун бири) келип калыпмын. Ал жакта Давиташвили көчөсүнүн баш жагында бир жаш жесир аял жашачу. Түн оокумда келгениме таңгалып, жадырап-жайнап тосуп алды. Ары чуркап, бери чуркап, бутумду жууганга ысык суу даярдап, ар кайсыны сөз кылып, учуп-күйүп эле жатты. Бир нече убакытка өзүмдү унутуп койдум. Анткени бул үйдө мен өзүмдү күнөөлүү сезбейм. Бардыгы кадыресе, жөнөкөй сезилет.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз