Өмүркул Кулумбаевдин учкул саптарында уюган ойлор

  • 08.04.2020
  • 4696

Зили кара – агарбайт,
Иттен жолборс жаралбайт.

*     *     *

Капысынан таап алып бактысын,
Кул да минген хандар минген тактысын.

*     *     *

Жылдырбай жалгандыкты байлаганга,
Бир гана чындык деген мамы керек.

*     *     *

Кайып болуп келдиң адам дүйнөгө,
Кайта кандай кетээр жолуң табышмак!

*     *     *

Көкөлөп оболобойт куштун баары,
Кыраанды тебиш үчүн кыраан керек.

*     *     *

Жамандыкты кылган болсо ким демек,
Өз башына ал айланып бир келет.

*     *     *

Бирөөгө мылтык атсаң башын аттап,
Сага да мылтык атаар кегин сактап...

*     *     *

Келип дөөлөт, атак турса, бак карап,
Кошоматчың кошо курат салтанат.

*     *     *

Оомат кетсе, оолакташып ошолор,
Ортосуна мыктылардын от жагат.

*     *     *

Адамдын – адам бактысы,
Адамдар – акыл ачкычы.

*     *     *

Адамга арка-бел болот,
Адамдын гана жакшысы!

*     *     *

Адамдар нени ойлобойт,
Оюна акыл бойлобойт.

*     *     *

Акылман адам бир гана
От менен такыр ойнобойт.

*     *     *

Тоолуктар беттешсе алдырбайт,
Тоолуктар сүйлөбөйт утуру.

*     *     *

Түндүгүнө тууган Айды байланып,
Көгүчкөндүн уясындай бөйтөгөй,
Боз үй турат астында Жер айланып

*     *     *

Алым келсе Ата-Журтум көтөрөм,
Боз үйүңө бу дүйнөнүн түндүгүн!

*     *     *

Теңтайлашып таалай менен олтурам,
Түбөлүккө өлбөстүктүн камын жеп.

*     *     *

Эненин тилин чангандар,
Эл, Журтсуз өтөт дүйнөдөн.

Акындын канаттуу саптарын топтогон Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз