Кеңешбек Асаналиевдин «Адабий айкаш» китебиндеги көөнөргүс ойлор

Өзүңдү, өзүң аркылуу дүйнөнү таанып-билүү, бул тынымсыз туруктуу кыймыл-аракет экендигин, ал кыймыл-аракет аң-сезимдүү түрдө ачык, даана көрүнгөн “алыскы жылдызга” карай умтулуу экенин мен али капарыма албаптырмын. Китепке карата болгон кумарым бир күчөп, жалындап тутанганы, бир туруп жоголуп, өчүп калганы дал ошол так ориентердин жоктугунан го.

*     *     *

Адамдын жеке сапаттарына карата берилген мүнөздөмөнү мен ыйык көрүнүш катары көрөмүн. Ал эми “ыйык нерседен” кынтык издөө “макирөө” күнөө иш  катарында сезилет.

*     *     *

Оор күндөрүн баштан өткөрүп жатса да, адам деген жакшылыктан үмүтүн үзбөй, көңүлүн чөгөрбөй, белгисиз бир нурлуу жарыкка карай тынымсыз умтулат окшобойбу. Үмүт жиби үзүлчүдөй ичкерип бараткан абалды “бечера адам” ошондо өзүнүн ички духун ойготуп, сезимин көтөрүп, түпкүрдөн өзүнөн-өзү көтөрүлүп, алысты карай алып учкан кыялды кайдан табат...

*     *     *

Адам турмушунда ар түркүн адамдар менен ар түркүн жагдайларда, ар түркүн кездешүүлөр болот. Учурунда андай кездешүүлөргө кадыресе маани бербейсиң. Өтүп кете берчү иш катарында карайсың. Кийин мезгил өтүп, дагы далай “турмуштук казанда” кайнап, кээде жыгылып, кээде туруп дегендей, анан жетилип бышыккан учуруңда өткөндү кайрадан эске түшүрүп байкап көрсөң, ошолордун арасынан күнү бүгүнкүдөй таасын элеси калган учурлар болот.

*     *     *

Ыр жазуунун элементардык техникасын үйрөнүп алсаң, кыргыз тилинде ыр жазуудан  оңой эч нерсе жок.

*     *     *

Көркөм чыгарма, адамдын жеке тагдырын түздөн-түз сүрөттөп, ички туңгуюк сырларын ача баштаганда гана улуттук адабият өзүнүн накта улуттук мартабасанына ээ боло баштайт.

*     *     *

Улуттук адабият ушул “жергиликтүү чындык” деп аталган категорияны жалпы адамзаттык наркка айландырмайын, ал кандай гана издемчил, кандай гана “эмгекчил” адабият болбосун өзүнүн калыпка салынган чегинен чыга албайт.

*     *     *

Ким өзүн күчтүү сезип, дүйнөлүк улуу маданияттын эшигин каккылай алса, ал өзүнүн менчиктүү эшигин ачып, чоң үйгө кирүүгө укук алат. (Алехо Карпентьер. Кыргызчалаган: К. Асаналиев).

*     *     *

Улуу үлгүлөрдөн үйрөнүү, бул баарынан мурда чыгармачылык атаандашуу, эрегишүү, дал ушундай гана көркөмдүк процессте улуттук жазуучу өзүндөгү потенцианы толук ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

*     *     *

Жазуучу үчүн китепкананын зарылдыгы турмуштук да, чыгармачылык да шарт. Бирок негизгиси, ким гана болбосун, ал дүйнөлүк классикпи, көркөм чыгармачылык процесс учурунда дал ошонун өзүн “жеңип” чыгууда.

*     *     *

“Чындык” деген орус тилинде эки түшүнүк менен, “правда” жана “истина” деген аныктамалар менен берилет экен. Биринчи аныктама боюнча “чындык” дегенибиз окуянын, предметтин сыртында, үстүндө, жакындан эле ачык көрүнүп турат. Аны көрүп турган ар кимдин эрдиги жетип, ал кандай гана чындык болбосун, дал өзүн өзүндөй айталабы, же “бузуп” көрүп, бузуп айтып, чындыкты жокко чыгарабы, бул ар бир жеке адамдын укугу, ар-намысы. Экинчи аныктама боюнча “чындык” көзгө көрүнбөгөн тереңдикте, алыста, ага ойлонуу негизинде, өзүнчө спецификалык ой жүгүртүүнүн негизинде гана жетишүүгө болот.

*     *     *

Качан гана турмуш чындыгын ойдон жаратылган чындык менен “жуурулуштуруп” бирдиктүү көркөмдүк гармония жаратса, эгерде ойдон жаратуу касиети чыгарманын образдык түзүлүшүн белгилеп аныктаган негизги компонентке айланса, роман ошондо гана өзүнүн имманенттүү жанрдык функциясын аткара алат.

*     *     *

“Манас” эпосу, баарынан мурда, оозеки поэзиянын байыркы эстелиги.

*     *     *

Эпос – эл арасынан чыккан аты белгисиз болуп калган гений тарабынан жаралат, улам кийинки ошондой эле белгисиз генийге “жандуу түрдө” өтүп, дал ошол тартипте андан ары өркүндөйт, улам катмарланып олтурат.

*     *     *

Опонентти уга билүү, ошондой эле тиешелүү жыйынтык чыгара билүү, бул окумуштуунун жармачтыгы эмес, тескерисинче, анын күчтүүлүгү, алдында кездеше турган тоскоолдуктарды жеңип өтүүгө дайыма даярдыктуулугу. Б.Шоунун атактуу фразасы бар: Илимде бир гана “эшек бараткан жолунан бурулбайт”. (“кыргызчалаган: К. Асаналиев)

*     *     *

Бир кечкен сууну экинчи кечпейт дешет. Кечет экен. Кечкенде да эки эмес, үч кечет.

*     *     *

Адам өзү каалаган коомду, бийликти тандап ала албайт, жаралганда, көз жарып дүйнөгө келгенде “эмнеге”, “кандайга” туш келсе, ошол анын бешенесине жазылган тагдыры.

*     *     *

Менин түшүнбөгөнүм, менин кыйналганым, эмне үчүн адам өзүнө гана бир жолу берилген өмүр-жашоону өзү каалагандай жашап, өзү каалагандай аткара албайт, эмне үчүн бийлик сөзсүз түрдө адамдын жеке жашоо-турмушуна тикеден-тике кийгилишет, эмне үчүн бийликтин иеархиясында илинип жүргөндөр кызмат ордунан пайдаланып, башка бирөөлөрдүн тагдырына “балта чабышка” чейин барышат.

*     *     *

Атак-даңктан куру калганды, тагдыр өзү сактап калат. (В.В. Розанов. Кыргызчалаган: К.Асаналиев)

*     *     *

Чыгармачылык ар кимдин өзүнөн жекече түрдө, индивидуалдуу гана башталат. Бул – табийгылык, бул- тагдыр. Ар ким эмнеге жарактуу болсо, ошого жетишет. Арийне, чыгармачылык бар жерде эрегиш, атаандашуу болбой койбойт.

Топтогон Мээрим САЙДИЛКАН, “РухЭш” сайтынын “Нуска” котормочулар тобунун мүчөсү

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз